diff --git "a/Files/merged.txt" "b/Files/merged.txt" new file mode 100644--- /dev/null +++ "b/Files/merged.txt" @@ -0,0 +1,19894 @@ +Кичинекей станциянын күңүрт бүлбүлдөгөн жападан жалгыз фонарына шамал айдаган жалбырактар биринен сала бири шайтан көпөлөктөй урунуп, жанжанынан учуп өтүшөт да, караңгыда көздөн кайым болушат. +Бул түнү теректер жалбырак күбүп жатты. +Шамал урганда ийиле калып, кайра түзөлүп, шамдай тирелишкен калың теректердин кылда учунан түп тамырына чейин бүткөн бойлору дүрүлдөгөнсүйт, баары тегиз деңизде чайпалып шуулдап, башка түшкөн алда кандай оор муңду бирине-бири жөлөнө калып, чогуу тартып жаткандай өңдөнөт. +Капчыгай ичин жортуп удургуган муздак шамал аларды бүгүн бир эле түндө жылаңачтачу түрү бар. +Кара-Тоонун капчыгайын коюу караңгылык баскан. +Ушул зор капчыгайдын этегиндеги алакандай бир жерге жайгашкан чакан станциянын айланасы ого бетер караңгы, көзгө сайсаң көрүнгүс. +Станциядан поезддер нары-бери өткөндө гана сулк жаткан түн, жарыктан чочуп ойгонгондой бир саамга чукуруна түшөт да, кайра ошол замат оңдоно жатып, чылк чүмкөнөт. +Поезддер өтүп кеткенден кийин бир топко чейин станцияда эч жан жоктой ээн тынчтык өкүм сүрөт. +Бул күздө эшелондор биринин артынан бири батышты көздөй тынбай өтүп жатты. +Мына азыр да станцияга чукулдай берип, алыстан чарчап келаткан вагондор ушерге жеткенче үргүлөй түшүшкөнсүп, бирине-бири каңгыр-куңгур кагыша калып токтоду. +Жерге эч ким түшкөн жок. +«Бул кайсы станция?» – деп эч ким кыйкырып сураган да жок: ыраакка жол тарткан эшелон ичи бутун серппей сулк уйкуда көрүнөт, өтүгүн тарпылдатып, фонарын ала жүгүргөн станциянын дежурныйы нары паровозду көздөй чуркап өткөндө гана, арттагы вагондордун биринен мылтыкчан бирөө сыртка башбага калды. +Сыртта, тааныш капчыгайда, адаттагыдай түнкү шамал дуулдап уруп турган экен. +Станциянын жепирейген үйлөрү бар жалгыз чолок көчөсүнүн нары жагында, терең аң менен аккан суунун купуя күңгүрөнгөнү кулакка илешет. +Жүрөктү кайгырткандай шуулдап, теректер жалбырак күбүп жатат. +Башбаккан неме караңгыда бирөөнү аңдыгандай үңүлүп, теректердин шуулдаганын бир топко козголбой шектүү тыңшап турду. +Жалбырактын бири дилдиреп учуп келип, муздак алакандай беттен сылап өттү эле, ал ичиркенгендей чочуп кетти, күңүрт вагондун ичин кылчайып жалт карады да, кайра сыртка башбакты: эшелон боюнда эч ким көрүнбөйт; айлана-тегерек капкараңгы. +Мылтыкчан акырын вагондон секирип түштү да, шырп алдырбай арыктын кашатындагы бадалга жетип, далдаланып, боортоктоп жата калды. +Аңгыча «Чур-р-р» – этип ышкырык чыкты. +Мылтыкчан киши тура жүгүрмөк болуп, ынтылып барып токтоду, башын көтөрбөй тым болду: дежурный ышкырык берип эшелонду жөнөткөнүн түшүндү окшойт. +Мемиреп тынчый түшкөн вагондор бирин бири ойготкондой силкинишип, поезд ордунан козголду. +Эшелон көпүрөдөн шакылдап-шукулдап өтүп, тээ тешкен тоого, туннелге жакындап, артындагы мөлтүлдөп кызарган оту көрүнбөй каларда паровоз жана суу ��лып, аз да болсо тыныгып кеткен кичинекей станция менен коштошуп жаткансып, алптарчасынан баардык булкунган күчү менен бир бакырды. +Узакка созулган жаңырык аскадан-аскага урунуп, абаны солкулдатып, теректерге түнөгөн таандарды уйкусунан чочутту. +Жаңырык басылып, чуулдай түшкөн таандар тынчып, бу чөлкөмдү кайрадан жымжырттык басты. +Ошондо гана жанагы поездден түшүп калып, бадал түбүндө бекинип жаткан киши суунун астынан чумкуп чыга калгандай абадан кере-кере жутуп, энтиге дем алды. +Эшелон улам ары узаган сайын, дөңгөлөктөрдүн темир жолго тыкылдап урунган дабышы да бастагандан бастап, акыры угулбай калды. +Бул түнү теректер жалбырак күбүп жатты. +Кара-Тоонун капчыгайында түн караңгы. +Төрөгөндөн бери Сейденин уйкусу куштун уйкусундай сергек. +Азыр да ал жүлүндөй биликтин жарыгында баланын астын кайра кургактап, бешикке өбөктөп, эмчек эмизип, уктабай отурат. +Төрдө, жууркандын сыртынан чапан-чупанды калың жамынып, кайненеси жатат. +Кемпирдин карылыгы жеткен, жөтөлгөндө өпкө койдой онтойт, алы жок, бассатурса сыйынганы жалгыз кудай. +«Яа, жараткан, өзүңө тапшырдым!» – деп азыр түшүндө да булдурап сүйлөп коёт. +Анткени менен, Сейде колхоздун жумушуна кеткенде эптеп бала бакканга жарап жатат – мунусуна да шүгүр. +Кантсин анан байкуш, баланы катындар иштеген жерге көтөрүп барганда көкүрөгү кышылдап энтиккенине, чарчаганына да ыраазы: жалгыз келининин туңгучу оңойбу! +Түн ортосу небак ооп кеткен, бирок уйку келбейт. +Кайдан келсин, замананын мындай болуп кетерин ким билиптир. +Согуш, деле бир журттун түшүнө кирип көрбөгөн алаамат согуш жүрүп жатат. +«Герман», «фашист» «повестка» деген угуп көрө элек сөздөр чыкты. +Айылда күнүгө ызы-чуу, күнүгө баштыктарын жонуна асып: «Кош! +Кайыр кош! +Ыйлабагыла!» – деп, тебетейлерин көзүнө баса кийишкен эркектер топ-тобу менен аскерге кетип жатышат. +Арабалар узап кеткенче дөңсөөдө турган катын-калач тымызын ыйлап, анан сумсая тартып, унчугушпай үйлөрүнө таркашат. +Замана эмне болот, кандай болот? +Кеткендердин кайра келери болор бекен? +Өткөн жайда чабандын кызы Сейде ушул айылга келин болуп келгенде, бул там салынып бүтө элек эле. +Төрт кез дубалы тургузулуп, үстү жабылганы болбосо, жумуштун эң кыйыны – кара шыбак, кум шыбагы баштала элек болучу. +Буларды алар колхоздун жумушунан бошогон убактарда, ара-чолодо иштешти. +Мүмкүн, Сейденин бактысы да ошондо ушул сыяктуу ара-чоло ачылып келди бекен. +Ал күйөөсү экөө тамдын артында ылай тебелеп жүргөндөй жыргал кез дагы бир келер болсочу. +Арыктан билектей жылымчы сууну бери буруп коюп, өздөрү топурак менен саманды кетмендеп аралаштырып, жоон санга чейин түрүнүп алып, ылай тебелеп жүргөндө, күйөөсү аны кайра-кайра толмоч колунан кыса кармап, билмексен болуп ылайдын астынан бутун баса коюп тийишип, экөө алышып ойной кеткенде, Сейде кара-күчкө чурмуя түшүп: – Койчу эми, болду, ба��а болуп кетесиң да,– деп коёр эле. +Бирок кайра эле өзү күйөөсүнө эркелеп, мойнунан кучактап, кыткылыктап күлчү. +– Ии, бетиңди карачы, туташ ылай! +Кебетең кантет! +– Сен өзүңчү, элден мурун өзүңдү карачы! +Ушинткенде жерде жаткан кемселинин чөнтөгүнөн Сейде ар качан кичинекей таш күзгүнү ала коюп, күйөөсүнө көрсөтпөй тетири бурулуп карана турган. +Өзүнүн ылай чачыраган албырган бетин көрүп, ошого ыраазы – жаш балача сүйүнүп күлөр эле. +Бетке чачыраган ылай да кеппи! +Чачырай берсин, андан кишинин сулуулугу кемийт беле! +Кечинде агын сууга жуунуп, сыртка, өрүктүн түбүнө төшөккө жаткан кезде салкындаган денесинен өзгөчө бир таза жыт уруп, көңүлү куштай көкөлөп, күйөөсүнө сунала бой салып, кандайдыр бир толукшуп турганын өзү да сезе турган. +Ошондогу алар эшикке жаткан түндөр да башкача беле, кандай. +Асмандын бир четин ээлечүдөй заңгыраган бийик тоо кыркаларынын арсак-терсек чокуларындагы мөңгүлөр жайнаган жылдыздар астында ак седептей күңүрт жылтылдап көз алдыда турар эле. +Тоодон соккон коңур сыдырым бетибашын аймалап, желпип тургандай көрүнчү. +Арыктын ары жагындагы орто орум беденин арасынан түнкүгө ташталган суу шылдыр-шулдур булдуруктап, анда-санда бытпылдыктап бөдөнө үн салар эле. +Алыштын башындагы жалбыздан келген буркураган жытты айт. +Күйөөсүнө ыктай берип, колун жумшак кыймыл менен мойнуна арта салып, эркелер эле. +Түнү менен канча жакшы тилек, илгери үмүт, ниет кылынар эле: тамташты салып бүтүшсө, бирин-эки мал күтүп, турмушту оңошсо, анан Сейденин төркүндөрүнө барып, алардын астына түшүшсө. +Турмуштун рахаты эмнеде экенин Сейде ошондо билип калды. +Экөө тең жаш, булчуңдары күчкө толгон, бири биринен бир карыш алыстагысы жок, бири-бирине имерилишет да турат. +Өз колдору менен жай салып, эл катары түтүн булатып, очоктуу бүлө санына кошулушкан. +Анда күндүн кандай өтүбатканы да билинчү эмес. +Тамдын кара шыбагы аяктаарда согуш чыкты. +Ошол ошо болду, көп узабай жигиттер аскерге жөнөй беришти. +Мурункунун баары түш катары эле өтүп кетти. +Коштошкондогу жүрөктү ачыштырган күйүт али да күнү бүгүнкүдөй көкүрөгүндө турат. +Айылдын четине узатып чыкканда көпчүлүктөн тартынып, Сейде оюндагыдай кучакташып коштошо албады. +Алар бири-бирине кол сунуп, ушу менен кете беришти. +Жөнөөчүлөр тигиндей узай түшкөндө гана, Сейде уятын коюп, күйөөсүн акыркы жолу кучактабай, өпкүлөбөй калганына, ичимде бала калды окшойт деген бүдөмүк кубанычын айтып жетише албаганына катуу кейиди. +Ошол өкүнүчтүү арман, орундалбаган тилек, таркабаган чер ошондон бери жүрөктүн башына кандай уюп, таштай салмактанат. +Билик араң эле бүлбүлдөйт. +Бала эмчекти оозунан чыгаргысы келбей, уйку-соодо бир-эки чопулдатып коюп жатат. +Бешикке эңкейген бойдон Сейде ой-санаага чөгүп, кыялында өткөн күндөрү чабыттап жүрөт. +Сырттан терезени бирөө черткендей болду. +Көзү илине түшкөн экен. +Сейде ба��ын чулгуп алып, тыңшай калды. +Терезе жана бир жолу акырын, аяр чертилди. +Баласынын оозунан эмчекти чыгарып, Сейде өйдө болуп, терезеге шырп алдырбай жакындады. +Көйнөгүнүн жакасын топчулай берип, айнекке үңүлдү. +Жапыс терезенин сырт жагы капкараңгы, эчтеке көрүнбөйт. +Сейде ичиркене бир силкинип алды эле, чачпагы шылдыр этип, желбегей жамынган чапаны жерге шыпырылып түштү. +– Ким бу? +– деди Сейде көңүлү тынчыбай. +– Менмин. +Эшикти ач, Сейде! +– деп үнүн бас чыгарып, чыдамсыздана айтты эшиктеги киши. +– Мен деген ким? +– деди Сейде ого бетер кооптонуп. +Терезеден четке жылып, дал болуп туруп калды. +– Ой, бул менмин. +Сейде, ач, ач, эшикти! +Сейде терезеге дагы кадала калды да, бир убакта башын мыкчып, эшикти көздөй атырылып жүгүрдү. +Оозгу караңгы тамда шашкалактап илгичти таба албай сыйпалап, анан эшикти шарт ачып жиберип, астында турган немени үн катпай, мойнунан асыла кучактады. +– Энемдин баласы! +Энемдин баласы! +– деди ал кысталып шыбыраган үн менен, анан чыдай албай кетип, «Ысмайыл» – деп өз атынан айтып, кубанганынан балактап ыйлап жиберди. +Кудай мындай бербеспи, кудай берет деген ушу: аскерге кеткен күйөөсү аман-эсен кирип келбедиби! +Мына, оозунан махорка жыттанып турбайбы. +Боз шинелинин жакасы өгөөдөй катуу экен. +Бир нерседен корккондой Ысмайылдын денеси калчылдап, калтыраган колдору менен туш келди сылагылады. +– Тигиндей ичкери кирип туралы! +– деди ал шыбырап. +Сейдени босогодон нары тамдын ичине белинен кармап көтөрүп кирди. +– Яа! +– Сейде эми эсине келгенсиди. +– Ии, мен куруюн, энеме сүйүнчү!. +– Чш! +– Ысмайыл аны колунан кармай калды. +– Шашпа, үйдө ким бар? +– Өзүбүз эле, уулуң бешикте! +– Коё тур, жүрөгүмдү басып алайын! +Коё тур! +– Кой, энем таарынат. +– Коё тур, Сейде! +Дагы эле көргөн көзүнө ишенбегендей, Сейде Ысмайылга артылып, мойнунан бекем кучактады. +Караңгыда алар биринин жүзүн бири көргөн жок, бирок көргөн-көрбөгөндө эмне, кийиздей калың шинелдин астынан Ысмайылдын жүрөгү ичтеги баладай туйлап, лакылдата урганын Сейде ансыз да сезип турду. +Күйөөсүнүн ысык-суукка туурулган, берчтей катуу эриндерин түшүндө эмес, өңүндө өпкүлөп жатты. +– Качан келдиң? +Такыр бошондуңбу – деди эсин жыйган Сейде. +Өзүнчө эле боюн токтото албай энтигип турган Ысмайылдын иреңи түнөрө түшүп, шашып айтты: – Жана стансадан түштүм. +Тура тур, мен азыр. +Ал эшикке ашыгып чыгып кетти да, сарайга уурданып кирип, дароо эле кайра тартты. +Колуна кармай келаткан мылтыгын сырткы үйдөгү куурайдын астына сундуруп жиберди. +– Ал эмне? +– деди Сейде. +– Үйгө эле алып кирбейсиңби? +– Акырын! +Унчукпа! +– А эмнеге? +– деди Сейде капыстан таң калып. +Ысмайыл жооп берген жок. +Сейдени колунан тартып: – Жүр, баламды көрсөт! +– деди. +* * * Күнүгө тээ ээн жаткан жылгын аралаш чийлүү коктулар тараптан иңир ченде Сейде отун көтөрүп келет. +Сайдан-сайга, өрдөн-өргө, бир өйдө, бир төмөн жүрүп отуру��, айылдын үстүндөгү кашатка жеткенде шашпай дем алат. +Көкүрөктү кысып, этке өтүп келаткан колтурмачты бошотуп, терин шыпырып, денесин жая таңгакка чалкалап, бир топко козголбойт. +Төмөн, көчөдө арабалар калдырап, ары-бери бастырган кишилердин үндөрү угулат. +Кээде жел менен кошо түтүндүн, түтүн аралаш өткөрө куурулган жүгөрүнүн жыты келет. +Бул жолу Сейде жарыгыдай дем алган да жок. +Тээ ылдыйдан паровоздун кыйкырыгы жаңырып, капчыгайды көздөй күчүркөнө өрмөлөп жүрүп бара жаткан поезддин чубалган карааны бир азга көрүнө калды. +Паровоздун үнүн укканда эле Сейде шак өйдө болуп, эки жагын каранып, шашып колтурмачын тартты. +Өгүнү Ысмайылдын эшелондон түшүп калып, түндөп качып келгени азыр жүрөктү болк эттирип, паровоздун чаңырыгы көңүлдү иренжитип өттү. +Көчөгө жакындай берерде Сейде эч ким жолукпаса экен деп тиледи. +«Айлуу түндөр эртерээк эле өтүп кетсечи!» – деп жатты ал ичинен. +Анда ал шек алдырбас эле, Ысмайылга тамак-аш жеткирүү үчүн күнүгө отунга бара бербес эле. +Катындар отундуу жерге бизди да ээрчитип барсаң дегенде, Сейде унчукпайт. +Ээрчитип барчу жерби! +Кудай сактайгөр, кокус бир нерсенин четин билип калып, кадик санап калышпаса экен. +Ысмайылдын бекинген жери ошол жакта. +Күндүздөрү үңкүрдө жатып, айсыз караңгы түндөрдө уурданып үйгө келет. +Ал үйгө келгенде терезелерди туюктап, эшикти илип коюп отурушат. +Каргаша кайдан дешке болобу, Сейде коңулдун астынан атайын ороо казып, анын үстүн билгизбей чий, кийиз менен жаап, даярдап койгон. +Алар мына ушинтип күн көрүүдө. +Кемпирдин кулагы катуу, сырттан болор-болбос үндү каңырыш угуп, өзүнчө чочулай берет, кызыл жээк, нуру өчкөн көздөрү менен уулун аягансып, кейиштүү карап: «Ай, балам, байкуш балам!» – дегендей уурдана үшкүрүп, ыйламсырайт. +Ысмайыл кээде гана айылда эмне кеп бар деп сурап койгону болбосо, көбүнчө унчукпай, ындыны өчкөн кишидей үңкүйүп, үч айлык, эчтекени түшүнө элек баласын алдына алып, казанды качан кайнар экен дегендей кыжырлануу менен тиктеп коюп отурат. +Тамагын эртерээк берип аны кайра жөнөтүш керек, жерге жарык киргенче ордуна жеткендей болсун. +Очоктун башында күйпөлөңдөп, күйөөсүн алдыртан жал-жал карап, Сейде өзүнчө ар кайсыны ойлойт. +Ал Ысмайылды аяйт, андан айрылып, жетим-жесир болуп калабызбы деп коркот. +Жарык көрбөй үңкүрдө жата бергендиктен Ысмайылдын иреңи шишиңки, жаактарында сакалы тикенектей дүрдүйүп өскөн. +Көзү бирде кылмыштуудай жалтаңдап, бирде жанкечтилик менен эки жакты окурая чалып, заардуу тиктейт. +Карап отуруп кишинин эси чыгат. +Баягыда, өткөн жылкы жайда, Ысмайыл ушундай беле? +Күнгө күйгөн, турнадай тарамыштуу денесин тер басып жылтылдап, жылаңачтанып алып кечке жанын таштап иштеп, качан болсо жайдары жүрчү эмес беле. +Анда Сейде экөө ойноп-күлүп там салып жатышпадыбы. +Ошондо эртең турмуш кандай болот деген кимдин оюнда бар эле,– баардыгы өз орду мен��н келаткандай болду эле, эл сыяктуу эле: колхозго эмгектенип иштеш керек, ынтымактуу болуш керек, балалуу-чакалуу болуп, аларды чоңойтуп өстүрүү керек. +– деп тилек кылышчу. +«Тамды бүтүп алсак, чарбакты тегерете дубал уруп койсом, болду да, тиричилигибизди беймарал жасай беребиз, эч кимге кор болбойбуз!» – дей турган Ысмайыл. +Эми ал – качкын. +Эми ал өз үйүнө ачык келе албайт, түн жамынып, уурданып келет, келгенде да өз үй, өлөң төшөгү эмес, башка бир чоочун жерде отургансып батпай, катуу сүйлөшкөндөн коркуп, шыбырап сүйлөшөт. +Сейде ушуларды көрүп, билип отурса да көңүлгө алгысы келбейт. +Күйөөсү түнүчүндө келип, маңдайында баласын алып отурганда ал бардыгын унуткарып, аз да болсо чындап бактылуу болгусу келет. +«Мейли, качкын болсо качкындыр, алтын башы аман болсо болду! +– деп, камыр жууруп жатып өзүн өзү жооткотот. +– Эркек деген кандай кылса өзү билет. +«Ар кимге өз жаны кымбат, бул кыргында башын калкалаган эле тирүү калат!» – деп, өзү айтып отурбайбы. +Анан мен ага эмне демек элем, жүрөк этим менен тең болуп калган адамды жамандыкка кантип кыям. +«Түшүмө кирбеген, ата-бабам көрбөгөн кайдагы жердин түбүндөгү фронтко барып, жалгыз мен жоо чаап берет белем, атасынын көрү, бир күндүк өмүрүм болсо да ушул жерде жүрүп өтөм, өз башымды өзүм окко тосор алым жок!» – дейт. +Айткандай эле жалгыз Ысмайыл менен иш бүтөбү? +Эч кимге кылдай зыяны жок, качса өз башын сактап качып жүрөр. +Андан өкүматтын казнасы кемип кетпес. +Кудай колдосо, эптеп кыштан чыксак, жай алды менен ашуу ачылганда Чаткалга кетебиз дейт. +Анда Ысмайылдын «чоң жылаанда» ооп кеткен таякелери бар. +Ал жерде сен кайдан келдиң, эмне болгон эмесиң, аны менен эч кимдин иши жок дейт. +Чаткалга эмес, андан нары болсо да мейли, Ысмайыл жанымда турганда баарына макулмун. +Андан көрө аман-эсен кыштан чыксак экен. +Үйдө жүгөрү аз, кыш ортосуна араң жетет. +Элдин турмушу да мурункудай эмес, баары эле биздей өп-чап оокат кылыбатат, баарынын эле жазга жетер-жетпес эгиндери турат.» Ар күнү таңда жер-сууну бүт аппак бубак басып, суук күндөн күнгө күч алууда. +Тоо арасына тумандуу кыш кирип келди. +Согуш болсо күчөгөндөн күчөп, жакында басылар түрү жок. +Дале аскерге жөнөп жаткан эл. +Бул жолу өңкөй он сегиз, он тогуздагы бетинен түгү түшө элек балдар жөнөп жатты. +– Ботом, кечээги эле жылаңайлак балдар эле, бат эле бой салып, эми карабайсыңбы, же жаштыктын ыратын көрбөй, же дүйнөнүн ыраатын көрбөй кетип бара жатышат! +А, оңбогон герман оңбосун, ажалың жетпеди го сенин! +– деп, кемпир-чалдар таяктарын сүйрөй бүкчүңдөшүп бозо ичилип жаткан тамдын жанында чегилүү арабалар турган жерге жыйналып жатышты. +Бозокордун үйүнөн балдардын акыркы жолу кыз-келиндер менен чогулуп, муң менен, мастык менен, жүрөктү элжирете толкундаткан кандайдыр өжөрлүү кайрат менен ырдагандары угулат. +– А-а, секетиң кетейиндер, үнүңөрдү кайра угар күн да бат эле келгиси бардыр,– дешип кемпирлер жашын сыгат. +Сейде да жородо отурган. +Жанараак анын жакын кайниси Жумабай кызымтал болуп келди: – Жүр, жеңе, атайы бозо сүздүрүп койдук эле, ошол жерден коштошуп, жөнөмөй болдук, жүр. +Сейде Ысмайылга жеткирүү үчүн жаргылчакка талкан тартып отурат эле. +Баланын көңүлүн калтыргысы келбей, эмне дээрин билбеди. +– Мен силерди көчөдөн эле узатайын, айланайын, менин барганым уятко. +– Эмнеси уят, жүр, жеңе! +Ысмайыл акем үчүн жүр, ал согуштун кызыл чогунда жүргөндүр, фронттон жолугуп калсам, жеңем узатты эле деп барайын. +Бизди жеңип келсин десең жүр, өз колуң менен атказ. +Мен эмне, башкалардан кем бекем, же кудай мени жеңеден айтпаптырбы. +Анын бул сөзүнөн Сейде апкаарый түшүп, жооп бере албады. +Сейденин кызарып кеткенин Жумабай да байкады: – Ии, кандай экенсиң, жеңе, уялдыңбы? +Жүр эмесе, кеттик! +Азыр да өйдө карай албай, өзүн ушул элдин астында айыптуу сезгенсип, чоочун немедей жоолугу менен оозун катып, Сейде унчукпай отурду. +Мына бул бүгүн-эртең ажал менен бетме-бет келчү балдардын сыр алдырбай, күү-күү бажылдашып, ырдап отургандары анын көңүлүн айрыкча козгоп, ичин жылытып, кандайдыр буларга боордоштук, жакындык сезимин күчөттү. +Киши кишинин баркын көбүнчө айрыларда билет турбайбы! +Алар өз башынын эмес, мында калып жаткан журттун эсендигин тилегендерин укканда булар үчүн жаныңды курманга чапкың келет. +Тигине, бозого кызара тамылжып, дале бала эле бойдон эпсиз калдаңдаган Жумабай кесени колго алып өйдө турду. +Анын бир тууган агасы ырчы Мырзакул сол колунан ажырап, жакында фронттон келген. +Ал азыр айылда сельсовет. +Мырзакулдун ырын майда балдарга чейин көчөдө какылдап ырдап жүргөндөрүн уксаң, сай-сөөгүң сыздап, көзүңдөн жаш агат. +Жумабай да агасынын ырын, агасынын обонуна салып, созолонто ырдады: «.Эй-и-и!. +Алтымыш вагон бир чиркеп, Алып учкан паровоз, Айылымдан кетип баратам, Агайын тууган, кайыр кош! +Жетимиш вагон бир чиркеп, Желип учкан паровоз. +Жеримден кетип баратам, Жеңе-желпи, кайыр кош!» – Бау, жигит болсо сендей болсун! +– деп отургандар аны жамы сүрөштү,– сени жеңелериңден айырган душман колуңдан өлсүн! +Жумабай башын өйдө силкип, кайратка толуп, бир заматтын ортосунда эр жеткендей, жүзүнөн жоокердин сүрү байкалды. +Терезеден көрүнгөн чокулардан көзүн албай, тууган жер, өнүп-өскөн айыл эми бир эле сааттан кийин алыста каларын көз алдына элестеткендей муңдана калып, ырын улантты: «Эй-и-и!. +Арысты көздөй биз кеттик, Ала-Тоо сага сырт салып. +Арылбайт экен далайга Ак-ала болуп курчалып!.» Ойго батып отурган Сейде бул учурда баардыгын эстен чыгарып, тиги тешкен тоодон нары жайылып кеткен казактын боз-чаңгыл даркан талаасында, түтүндү алак-булак жерге таштап, күпүлдөтө жүрүп бара жаткан поездде вагондордун эшигине тыгылып, алыстан көздөрү чачырап, улам көрүнбөй мунарыкка төнүп бара жаткан Ала-Тоого кош айтып, кол булгалаган балдарды көргөнсүп жатты. +Ошондо ал өзү да поездди жандай жүгүргөнсүп, анан жетпей артта калып, каңгырап, зым карагайга сүйөнүп туруп калгансыды. +Ал эмес зым карагай, темир комуз сыяктуу, «ботойду» боздогону кулакка угулгансып жатты. +Ырга жан дүйнөсү менен бериле түшкөн Сейде башын акырын өйдө көтөрүп, отурган-тургандарды айландыра карады. +Айылдын сыртына ажыдаар келгенсип, ушул жерге чогулган жаштар, ошол жомоктогудай оп тарткан ажыдаар менен кармашууга камынгансып, эл менен коштошуп, ыйлаганы ыйлап, күлгөнү күлүп, бирок жалпыга келген кыйынды сен, мен дебей, бир ынтымакта бет алып, акыркы жолу ойноп-күлүп, биринебири жакшылык тилеп жаткандары Сейденин жүрөгүн ысытып, көңүлүн чалкытты. +Колунан келсе ушуларды көкүрөгүн тосуп коргоп калбас беле. +Кыялында ал азыр тура калып: «Силердей балдардан садага кетейин! +Күлгүндөй чагыңарда эл-журттан ажырап, боздоп кетип бара жатасыңар! +Мени коё бергилечи, силер үчүн мен эле барайын, мен эле өлүп берейин!» – дегиси бар. +Бирок ошол замат Ысмайылга талкан тартып жеткириш керек экени ойго кылт этти. +Ысыган көңүлү муздай түштү, көңүлү бузулуп, Сейде дагы да башын ылдый салды. +Балдар эшикке чыкканда арабалардын жанында күтүп турган эл дуу чайпалып козголо түштү. +Буурул сакал, уркуйган кызыл беттүү жылкычы Барпы эл ичинен бери бастыра берип: – Кана, айланайын эл-журт, бата берели! +– деп ыйлап жиберчүдөй кардыгып дирилдеген үн менен ат үстүнөн кайрылды да, тизгинин каруусуна иле салып, эң алды өзү калчылдаган бүкүр колдорун жазды. +– Оомийин! +Арбак-кудай колдосун, жеңип келгиле! +– Барпы дагы бир нерсе айтмак болду эле, бирок чамасы келбеди. +Ат жалына жата калып, күржүйгөн ийиндерин солк-солк эттире айылдын сыртына чаап кетти. +Улуу-кичүү турганда көз жашын көрсөтпөйүн деди окшойт. +Ызы-чуунун ортосунда арабалар бат эле узап кетип, тумандан көрүнбөй калды. +Бирок далайга чейин тоңголок жолдо дөңгөлөктөр калдырап, мындай чыгып алгандан кийин, баятан камыгып бук болгон балдардын: «.Жеримден кетип баратам, Жеңеле-желпи кайыр кош!.»– дегендери катындарды өксүтүп ыйлатты. +«Булардын кимиси кайра келип, кимиси келбей калар экен!» – деген суроо ар кимдин оюнда турду. +Томсоргон тынчтыкта телмирген элди көрүп, Сейде кудайга жалынып, өзүнчө тооба кылды. +«Кесир-кусур болбосун, күйөөм үйгө жолой албай качып жүрөт дебейинчи. +Иши кылып эле жанын аман сактап жүрсө болгону.» Айыл тынчыганда койнуна баштыктагы талкан менен кошо эки көмөч каткан Сейде орок, жибин алып, сырттап отунга кетти. +Туман чалган адырлуу, бөксөлүү коктуларда кулакмурдун кескендей тынчтык, «как» деген карга, «кук» деген кузгун жок. +Түп-түп болуп калың чыккан дүпкүр чийлердин башын сыдырып, шамал гана жыланчасынан тигинден-мындан ызылдап ышкырат. +Туманда элтеңдеген аял өзүнүн эң жакын, эң ысык көргөн кишисине шашып кетип бара жатты. +Жакындан бери почточу Курман көчөнүн бери башындагы эки үйгө жолобой, шашылган болуп четтеп чабат. +Аны көрө калган Тотой кат келбесине көзү жетсе да, сокуда жанчып жаткан машагын таштай коюп, тигинин артынан тарамыштуу, арык колун булгалап, дирилдеген үн менен кыйкырат: – Айи, почточу аке, бизге кат барбы? +Ошол замат нары күнөстө коргон таш куруп ойноп жаткан Тотойдун үч баласы шамыраңдашып, кыйкырышып, биринен бири озо, тызылдап жүгүрүп жөнөшөт. +– Ана Курмакем! +Тигине! +– Атамдын каты! +– Атамдан кат келди! +Почточу чал буйдала калып, антип-минтип жооп кайтарганча тигилер жетип келген болот. +Тизгинден, үзөнгү боолордон кармашып, жамыраган козулардай кулак тундурат: – Кана атамдын каты? +– Мен алам! +– Жок, мен, мен Курмаке! +Мага бер! +– Ой, жоо алгырлар ой, кат жок эмес беле! +О, кокуй-оой! +– дейт шашып кетип Курман. +– Билбей эле кыйкыра бересиңер да! +Балдар унчукпай, таарынган өңдүү энтиге дем алышып, же кетпей, же койбой, дале бир нерсе күткөнсүп, ишенбей туруп калганына Курмандын ачуусу да келет, жаны да ачыйт. +– Алда, айланайындар ай, катты жашырып койду дейсиңерби? +– дейт да, ишенбесеңер мына өзүңөр көргүлө дегенчелик кылып, колун койнуна салып көрсөтөт. +– Жок, мынакей! +Менин колумда болсо силерди жалдыратпай, күнүгө үч убак кат жаздырып турат элем го. +Келсе кана! +Бүгүн жок экен, унчукпай ойной бергиле, куда кааласа, эмки базарда алып келем: мен ошондой түш көрдүм, келип калары бардыр. +Жүргүлө эми. +Баса, Сейдеге да айтып койгула, ага да эмки базарда алып келем, бүгүн жок. +Тигиндей бастыра берип, чал өзүнчө күбүрөнөт: – Картайганда бала-чакага шүмшүк көрүнүп да бүттүм. +Мындан көрө кетмен чаап, талаада жүргөнүм тынч эмес беле! +– Аңгыча байкабай калып, аты көнүмүш боюнча дагы бир үйгө кайрыла берерде, тизгинди бура тартып, мүдүрүлгөн атты моюнга камчы менен чабат. +– Тигини! +О, туягың жер баспай калгыр! +Ырысы жок мал ушундай болот!. +Кат келсе өзүм эле чаап барбаймынбы! +Сейде отун көтөрүп келгенде анын астынан дайыма атасынын эски купайкесин сүйрөлтө кийген, маңдай тиши ырсайып кетик, Тотойдун борбойгон ортончу баласы – Асантай чыгат. +Дүйнөнүн эч кандай куулук шумдугу менен иши жок, кишини ишенимдүү карайт: – Сейде жеңе, Ысмакемден кат жок, бизге да жок. +Курмакем эмки базарда алып келем деди! +Ал түш көрүптүр! +– дейт ал борбоюп, Сейде үчүн анын бул жөнөкөй сөздөрү канчалык оор тиерин бала кайдан билет. +Баятан кокту-колотто жол басып, моюн бербей тың эле көтөрүп келген таңгагы бул учурда зылдай салмактана калып, эшик алдына беш-алты кадам калган жерде кубаттан тайып, ал дубалды кармана теңселип, зыңгырап уюй түшкөн жонундагы отунду жерге тикесинен таштап жиберет: «Кудай ай, эч болбосо ушул балдардын атасынан амандык кабар келсечи!» – деп ойлойт Сейде жаактарына жармашкан чачын өйдө сылап коюуга чамасы келбей, дубалга шалдая жөлөнүп. +Тотойдун балдарына кат келсе эмне үчүндүр өзүнүн жаны жеңилдей калчудай болуп жүрдү. +Түнкүсүн кээде Асантайдын ушул сөздөрүн эскерип, Сейденин үрөйү учат, ал көптөн бери «Ысмайылдан кат алып келдиңизби?» – деп Курмандан сурай элек. +Ысмайыл болсо почточуну көргөн жерден сурап коюп жүр деп эскертет. +Сейде сурайын эле дейт, бирок ошого оозу барбайт, эмки жолу сурармын деп өзүн алдайт. +Тотойдун үйү жанаша жерде. +Бая күнү айылда эл аягы басылып калганда, Сейде түндөп Ысмайылдын кирин жууду. +Таң атканча уктабай отко кактап кургатып, эртең менен эрте суу апкелмекке сыртка чыкты. +Эшиктен аттаганда эле кар калың жаап салганын көрүп, эмнегедир өзүнчө жыйрыла түштү, көзү тунарып, көңүлү айланды. +«Кокуй, кашайгырдыкы, боюма бүтүп калганбы? +– деген ойго кетип, чочуганынан колундагы чакасын жерге түшүрүп жиберди. +– Кудай сакта, эл көрсө эмне дейт? +Ичтегиси кайдан дебейби? +Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес эле, түнү менен уктабагандыкы го!» – деп кайра өзүн жооткотту. +Бул ойду эми жанына жуутпай, ойлобоско тырышты. +«Андан көрө Ысмайыл кантип жатты экен? +– Жүрөгү да шуу этип, сыздай кетти. +– Мына кыш да түштү, бороон чапкын да келет, ээн талаа, үңкүрдө кантет эми?» Ооба, кыш эми биротоло кылычын кындан сууруп келди. +Кечээ эле жер бети кара эле, бүгүн күнгөй-тескей дебей тегиз кар жамынып, тоо боорлоп ак боз киргилт туман илең-салаң илкийт. +Арык боюндагы кырчын талдар шыйрагы көгөргөн балдардай үшүп, муз камаган арыктын үстүнө ийилишип, бутактары салаңдаган. +Түрмөктөлгөн коюу булуттар бир калыпта уюп, асман ылдый чөгүп, дүйнө кичирип, тарыган сыяктуу, түнү менен жаагандан калган кар азыр анда-санда себелеп, кээде чочугандай шамал дүрбүп коёт. +Айыл тынч. +Суукка эч кимдин чыккысы жок. +Үйдөгү чоң алакийизди Ысмайылга жеткирип берүүнүн амалын ойлоп, чакаларын көтөргөн Сейде кар кечип кете берди. +Астында сайды көздөй бирөөнүн өткөн изин көрүп, бул ким болду экен дегенче болбой, нары жактан суу көтөргөн Тотой чыкты. +Бутунда чоң өтүк, өзү илмийип арык, ичке, чапанын жип менен эркекче бекем тарта курчаган. +Сейдени көрүп, чакаларды жерге койду да, көгөргөн арык колун укалап, туруп калды. +– Сен эмне, түнү менен уктаган эмессиң го, көзүң киртийип, ирениң жаман? +– Башым ооруп турат! +– деп койду Сейде. +Анан шашып кетип кошумчалады: – Уктагандай эле болдум, уктабаганда түндө эмне кылмак элем? +– Бул сөздөрдү айтарын айтып алып, ансайын эси чыкты: «Балким Тотой түндө көчөгө чыккан болсо, менин кир жууганымды билип жүрбөсүн. +Азыр сурап калса эмне дейм?» – Уулум түнү менен какылдап ыйлап чыкты, ошого кыйналып калганмын го,– деди Сейде алдын алып. +Ошондой го деген кишиче Тотой башын ийкеп койду: – Сен да мендей жалгыз бойсуң? +Кемпириң очоктун жанынан чыкпайт, эптеп жаман немеңди багып турса болду го, төркүнүң да малда, алыс! +Тотой унчукпай калып, солгун турган Сейдени карап, ойлуу үшкүрүндү. +Сейдени аяп, аялдарча ичт��н түшүнүп, боору ооруду окшойт. +Керээли кечке үч баланы багам менен убараланып, чая болгон Тотойдун көздөрү адамды дайым сүрдүү тиктечү эле, азыр анын жүзү жумшак тартып, жүрөктү сыздаткандай мээрим менен караганы Сейденин ичин жылытты: «Ии, кыз кезинде Тотой абдан сулуу болгон көрүнөт. +Асантайдын жоодураган көзү энесин тарткан турбайбы! +Ушуну байкаган эмес экем да!» – деди ал ичинен. +Тотой Сейдени карап капалуу шыпшынып койду: – Кат келбейт деп муңканасың го. +Шорубуз бар экен, кантели! +Мен үч бала менен калып отурсам, сен тийгениңе жарым жыл болбой, оозуңдан алдыргандай умсунуп олтуруп калдың. +Төрөгөн балаңды атасы көрбөсө. +Ээ, эмнесин айтасың. +Баарысы да мейли. +кат жок!. +Ушуну ойлонсом, колум шалдаят. +Мына, кыш да кирип келди, балдарым жылаңач, эки кап жүгөрү калды, ал эмне болот! +– көзүнө имериле түшкөн жашын, Тотой ачуулангандай кагып таштап, чакаларын ала салып, басып кетти. +Сейде Тотойдун артынан карап, ага эмне дээрин билбеди. +Адамгерчилиги тоодой ушул кичинекей арык аялдын боорукердиги да, кайраты да, боштугу да жанга жылуу тийди, бир чети өзү билбей «сен да мендейсиң» деп кандайдыр айыптап кеткенсиди. +Өзүнүн бул туюк сезимдерине Сейде жооп таба албай: «Эми мен кантейин, ар ким бешенесине жазганын көрөт да! +Балдарынын багы болсо атасы кайтып келер.» – деп жатты. +Тотойдун күйөөсү Байдалы колхоз колхоз болгондон бери өнө бою сугат жагында жүрчү. +Кечинде жумуштан кайтып келе жатып Сейде Байдалы кошунасынын эгин сугарып жүргөнүн көрөр эле. +Тизеден өйдө түрүнүп алып, дөө турпаттуу москоол Байдалы андан-мындан бир аттап, суу жайып жүргөндө, батып бара жаткан күндүн кочкул нуру көлкүгөн эгиндердин үстү-үстүнөн от ойнотуп, Байдалынын колундагы сарт кетмен ар бир керилип чапкан сайын күзгүдөй жарк-журк этип чагылышчу. +Айылдагылар Байдалыны: «Дыйкан бабам даарып кеткен – жолу түшүмдүү, колу берекелүү!» – деше турган. +Оргуштап аккан арыктан аялдар этегин кыстарышып, кол кармашып кечкенде Байдалы нары жакта туруп, өзүнчө эле жыргап каткырар эле: – Ой, чырылдаган чийме каштар, албарстынын көчүндөй болбой коркпой кече бергиле! +Бирин-экин, агып кетсеңер, акыры менин колума тиесиңер: эркелетип коём! +Анда теңтуш аялдар: – Ой, эркелетпей эмирен кал, арыгың аңдап кеткир! +Демейде эркелетпеген, агып барганда эркелетет белең! +– деп заңкылдашчу. +Байдалы ага ансайын жыргап, талааны жаңырта каткырып күлөр эле. +Анан алыстап барып кайрылсаң иңир жайылган көгүш талаада Байдалынын карааны эле көрүнчү. +Кетменди ийнине салып, жер кыдырып, сапар жүргөн жомоктогу баатырдай, ала-була калган жерлерди карап жүргөн Байдалы улам алыстап отуруп көрүнбөй калчу. +Арыктагы суу сыяктуу Байдалынын мүнөзү дагы арылдаган шар мүнөз. +Кээде Сейде алардыкына кире калчу. +Бир нерсеге урушуп, ошондон улам кыргыч менен казандын түбүн оюп жиберчүдөй чыйкылдата кырган Тотойго нары жакта балдарга оюнчук жасап берип отурган Байдалы айтар эле: – Ээ, байбиче, ачууңду кой, бакандай үч уул төрөп бердиң, андан башка мага байлык-дөөлөттүн кереги эмне?! +Үстүңдө там бар, эл катары тамак-аш, кийимкече таап турсам болду да! +– дей турган. +Аскерге кеткенден бери Байдалыдан байма-бай кат келип турчу эле, бир топтон бери кабар жок. +Ысмайылдан да, Байдалыдан да кат үзүлүп, Сейде менен Тотойдукуна почточу Курман кур кол бастырып келе албай жүргөн себеби ошол. +Жарыктык абышка мойнундагы карызын төлөй албай качып жүргөнсүп, кашаң атын үстү-үстүнө теминип, өтө чаап кеткенден баштап, Мырзакул сельсовет бул эки үйгө көп келчү болуп кетти. +Ушунун өзү Сейдени коркутуп жүрөт. +Мүмкүн, Мырзакул Ысмайыл тууганынын качып келгенин сезип калгандыр. +Андай дейин десе, Мырзакулдун шек санагандай түрү байкалбайт. +Ушул күнгө чейин Ысмайылдын аскерден качып, жашынып жүргөнүн айылда эч бир жан адам билбейт. +Ысмайыл абдан сак. +– Сейде, эл бузулуп турат, тырс этип оозуңдан чыгарып жүрбө. +Башка эмес, атам тирилип чыга келсе да унчукпа. +Уктуңбу! +– деп дайым кулакка куят. +Мырзакул нары өтүп, бери өткөндө, жумуштаган сыяктуу кезек-кезек бул эки үйгө кайрыла кетет. +Абалы Тотойдукуна бастырып келип: – Ой, Тотой! +Барсыңбы? +– дейт ал ат үстүнөн. +Аскерге кете элек экенинде Мырзакул тебетейин кырданта кийген, кара мурут, күлүңдөгөн сулууча жигит эле. +Айылдын чечени, үнү шаңкылдаган ырчысы болчу. +Бир колунан ажырап, фронттон жарадар болуп келгени ал мурункудай эмес. +Сөздү кесе сүйлөп, ачуусу чукул. +Добул урганда бир жагына кыйшайып сынган дарактай анын бир жак ийни саал төмөн шыпырылып, сымбатын бөлөкчө кылып салган, жаактары шылынып, бет чүкөлөрү оркоюп чыккан өңү темирдей катуу сыяктанат. +Башта комуз чертип шайыр ырдачу эле, эми бош калган жеңин куруна кыстарып, кызып кетип байкабай калганда, соо колу менен комуздун кылын чертип жаткансып, ийини мултуңдап калат, кардыккан коңур үнүн бирде ойго чөктүрүп созолонто, бирде каардангандай бийик толгоп, фронтто жүргөндөгү баштан өткөнкеткенди ырдайт. +Мырзакул Тотойдун короосуна бастырып келгенде, нары эшик алдында сыр алдырбай бир нерсе менен убараланган Сейдени да ээр үстүнөн дубалдан артыла берип дабыштап коёт: – Сейде, жаман уул чоңоюп жатабы? +Үйдөгү тамекиңден бир попурос ороп келе салчы! +Жумушуңду анан бүтүрөсүң, кел бери. +Кат алдыңарбы деп Мырзакул алардан сурабайт. +Айылда кимге кат келгенин, кимге жок экенин, ал кат алуучулардан мурда биле турган, анткени келген почтону алды менен өзү текшерчү. +Ошондой экенин билсе да, Сейде Мырзакулдун үнүн уккан сайын кыпылдап эси чыгат. +Ысмайылдан кат барбы же жокпу деп ырымга бир ооз сурабаганы Сейде үчүн шектүү. +Демек, Мырзакулдун кадик санаган жери бар. +Айтор, анын унчукпаганы бекер эместей. +Жайында камдап койгон тамекинин жалбырактарын ушалап, чокко күйгүзүп, сыр билдирбес үчүн өзүн-өзү кайраттандырып Сейде Тотойдукуна барганда Мырзакул аттан түшүп, түтүндү сагынгандай ар дайым бурулдата соруп, жай эле оюна келген кепти козгогон өңдүү сүйлөйт. +– Сен тамекинин мыктысын камдап койгон экенсиң, Сейде! +– деп мактап койду ал бир жолу. +– Ысмайылга ушундан посылка салгын, түнөргөн кургур бир соруп, Таласты эстесин. +– Жиберем го,– деди Сейде кепке такалгандай мукактана түшүп. +Сөздү кайдыгер улантыш үчүн дагы бир нерселерди кошуп айтыш керек эле, бирок сүйлөөгө эптүү эчтеке таппай, Сейде эрдин тиштеди. +Мырзакул анысын сезе койду го деген ойдон жүрөгү муз болуп, бети ого бетер ысыды. +Акыры айласы куруп, түтүнгө чакагандай, жөтөлүмүш болду: – Ии, түтүндүн ачуусунай, эркектер ушунун эмнесин жакшы көрөт. +Муну айтарын айтып алып, өзү түнү менен кыйналып уктаган жок: «Орундуу айттымбы, же билдирип койдумбу? +А, кудай, өзүң сакта! +Деги үнүмдү дирилдетпей, бетимди кызартпайын эле деймин, анан эле шал баскандай тилим күрмөөгө келбей калат. +Чын эле ал сезип калды бекен? +Кап, өзүмдөн эле кетти. +Жүрөк жок менде, коёндукундай да жүрөк жок! +– деп өзүн жекирди ошондо. +– Баса, баселке салгын дегени кандай? +Чын пейли менен айттыбы же сынаганыбы?.» Экинчи бир жолу Мырзакул арыктын кашатындагы кыдырата тигилген талдарды карап коюп, Тотойду жемеледи: – Байдакем талдарын жылда бутап турчу эле, быйыл бутаган эмес экенсиңер. +Чоңуң аяптоор ишке жарап калбадыбы, отун болот, бутап алгыла, талдын бою өспөй калат. +Ал бир түккө турбас сөздү айткансып, Тотой ага ачуулана кетти: – Бою өскөндө кимге тирек болмок эле? +Өзү жок болсо тал эмес, башкасы көзгө көрүнбөй жаның караят. +Колхоздун жумушун да бүтүр, машак терип балдарыңды да бак! +Мына, эки үйүбүз окшошуп, же өлүү, же тирүү даректери жок отурабыз! +– Эрдин тиштегилеп, тескери карады. +– Талды айтат. +Сейде ошондо тимеле жерге кирип кетчүдөй заманасы куурула түштү. +Себеби Мырзакул азыр бетке чаап эле: «Сен, Тотой, өзүңдү Сейде менен теңештирбе – анын Ысмайылы алда качан эле аскерден качып, ушул жерде бекинип жүрөт!» – деп айтат го деп күттү. +Эми качан айтат деп жалдырап тигинин оозун тиктеп туруп калды. +Бирок Мырзакул анткен жок. +– Андай дебе,– деди ал Тотойго жай гана. +– Билгиң келсе, талдын өзү эмес, көлөкөсү да керек болот али. +– Анан ал ойлоно калып, эмнегедир ачуулангандай коржойгон мойну кызара түштү. +Көптөн бери айтам деп жүрөгүн өйкөгөн сөздү ичине батыралбагансып бакырды. +– Кат кечигип калса эле аялдык кылып аны-мунуну ойлой берет экенсиңер да! +Андан көрө алдагы тамдын башындагы жүгөрү бакалды оңдоп жыйгыла, жазга жетпей чирийт аның! +Жалгыз уюңдан сүт чыкпай балдарды кезээртейин дейсиңби! +Балдар агы жок калчу болсо башыңарды жулуп алам, билип койгула аны! +Ушундайды Сейде экөөңөр эле иштеп койбойсуңарбы? +Экөөңөр биригип, бир эркекче жоксуңарбы? +Орус келиндер фронтто окопто жатып алып, душ��анга ок атып жүрөт, силер үйдө отуруп кат жок деп бышактайсыңар!. +Тотой бозоргон бойдон унчуккан жок. +Сейде болсо аны бирөө тилинен тарткандай: – Биз ал жумуштарды бүгүн эле бүтүрөбүз, бакалды да жыябыз, талдарды да бутайбыз! +– деп жибергенин өзү да билбей калды. +Мүмкүн, ал ушул жерден өтө эле элпектенип, шек туудура тургандай жеңилдик кылып койдубу, бирок бул сөздөрдү Сейде чын пейили менен айтты. +Бир жагы,– козголгон кепти алыстатып, башка жакка алаксыткысы келсе, бир жагы,– ырас эле Тотой экөөлөп эле жасап койчу нерсени жасашпаганына катуу уялды. +Мырзакул болсо башка эчтеке айткан жок. +Бетинен каны качып, түктүйгөн бойдон ал негедир өтө таңдана Сейдени тик карады, кыязы, ага ыраазы болгондой туюлду. +Анан атына минди да, бастырып кетти. +Ошол күнү Тотойлорго жардам берип жатып Сейде бөтөнчө бир бактылуу болду. +Алда кандай айыбынан актанып, самаган тилегине жеткендей көңүлү ачылып, бир азга болсо да жүрөгү жай алды. +Анын турмушунда мындай кубанычтуу жарык учурлар көптөн бери болгон жок эле. +Колуна тийген жумушту азыр эле нарыбери иштеп бүтүргүсү келип, күчүнө күч кошулуп, толкуду. +Жардамдашканынан тоскоолу көп Тотойдун балдары да Сейденин көзүнө алда немедей ысык көрүндү. +Аларды ал ооз учунан эле ары тур, бери тур дегени болбосо, кошо ойноп, кошо ырдагысы келди. +Бирок ошондо Мырзакулдун жанагы түшүнүксүз көз карашын ар бир эстеген сайын Сейденин колу шалдайып, чекесинен муздак тер чыгып кетип жатты. +«Ал эмне үчүн мени минтип карады! +Бир билгени барбы, же мага ошентип көрүнүп жатабы?» Мырзакул ушинтип келген сайын Сейдеде жан жок. +«Ысмайыл кайда? +Кайда бекитип жүрөсүң аны?» – деп качан сурар экен дегенде жүрөгү дикилдейт. +Ал аны тике карай албай көзүн катып, дагы эмне дээр экен, эмне айтар экен деп эле күтөт. +Мырзакул кеткенде коркконунан акактап суусаган Сейде үйүнө жүгүрүп келип, тишине-тиши тийбей жатса да, бир ожоо муздак суу жутуп жиберип, ошондо гана жеңилдене дем алат: «Жо-ок», ал билбейт окшойт, ооба билбейт! +– деп, көңүлүнө жөлөк издеп, далбасалайт. +– Эч ким билбейт! +Ысмайыл жөнүн сынап, чекмелеп жүргөн болсо, ушинтет беле! +Жайынча эле анымуну сураштырып кетпедиби. +Ооба, ал билбейт, бир эмес, миң аңдып келсин, мен эч кимге билгизбейм! +Башка эл карандай башы аман келсе экен деп, зар какшап кудайдан тилегенде менин маңдайыма сыйбай отурган эрим барбы!. +Кудай мени өзү сактап алсын деп Ысмайылды келтирип отурат.» Чилде өзгөчө ызгаардуу түштү. +Бир апта бою шамал уйгу-туйгу түшүп, бошоң кардын баарын күпүйгөн күрткүгө айлантты, аяз камаган чыйырлар темирдей «зыңзың» этип нык кычырайт. +Суук менен кошо турмуш дагы күн өткөн сайын оор тартып, кыйындап жатты. +Сейденин беш-алты тоогу сырткы үйүнө камалып, бурчта үрпөйүшүп, бирине-бири ыктап эшикке чыкпайт. +Алар жапа тарткандай көздөрүнүн теңин акчелдетип, жалгыз аяктап, кишини муңдуу карашат. +Тоокко да жем керек, бирок айла канча! +Мештин артындагы таар каптагы жүгөрү ар бир нукум сайын азайган аялуу сары майдай болуп күндөн-күнгө кемип бара жаткандыктан аны үнөмдөйм деп, Сейде күздөн бери эле тегирменге барууну койгон. +Тегирменге калаа бериш керек, андан көрө жаргылчакка тартып алган жакшы эмеспи. +Колхоздун жумушуна чыккан күндөрү Сейдеде күнү да, түнү да тыным жок. +Күндүз иштеп келип, түнү менен жаргылчак тартат. +Чор баскан алакандар дуулдап, такай эңкейип олтургандыктан далыдан төмөн бүт дене уюп, биликтин жарыгы мунарыктап, көз караңгылайт. +Бирок Сейде отурганы отурган. +Ысмайылга оокат керек. +Майдасын элеп, бир гана кочуштайын баласынын буламыгына алып коюп, калган ундун баарынан Ысмайылга нан бышырат, ирисин болсо көжө кылып, кемпир экөө ичет. +Ушинтип, күнүнкү оокатты күнүгө өлчөп-ченеп, жайга жетүүнүн далбасы. +Анан тоокко жем кайдан! +Жаз чыкканда балама жумуртка болсун деп багып жүрчү эле, ансыз да жазга калар эмес. +Эт жок. +Ысмайыл түндөп үйгө келген сайын, бир-бирден союп берет. +Колунда болсо, андан чоңун деле союп берип отурса кана! +Ысмайылдан алжанын аяйбы! +Тапкан-тергенинин баарын оозуна кармап: «Ысмайыл ичсин, Ысмайыл жесин, өзүбүз болсок үйдө эмеспизби, суу ичсек да эптеп турарбыз!» – деп ойлойт. +Ошентсе да Ысмайылды көргөндө, ичкени аш болбой, Сейде кан жутат. +Шинелинин сыртынан, өңүрлүү жагал-жугал көгөргөн тонду күпчүйө кийип, оозу-башын тумчулап, тентиген мусапырдай кир басып, ыш жыттанып, биттеп келет. +Кирин арытып, жамакжаскагын бүтүрүп отурган Сейде Ысмайылдан жалооруп көзүн түшүрбөй: «А байкушум, кыштын суугунда киши көрбөй, жан көрбөй, үңкүрдө жата берип эмне болор экенсиң? +Үйдө болсоң го, үстүңө чаң жугузбайт элем!» – деп кейийт оюнда. +Ысмайылдын суукка карарган бети кийиздей дулдуюп, кабагы ачылбайт. +Колу кыска, болбосо ал бүт дүйнөнү өрттөп, өзүнүн ушул азаптуу жүрүшү үчүн өч алат эле. +Жапан тиктеген көзү кызарып, заарга толот да турат. +Анын көңүлүн жумшартайын дегендей, Сейде үстүнө үйүрүлүп, аны-муну сүйлөп берип, жаны калбайт. +«Эрди-катын жамандык-жакшылыкта деген,– деп ойлойт Сейде. +– Башка эмне түшпөсүн, баарын көтөрөм! +Ысмайылым эле аман турса болду. +Калганы кеп эмес, кудай сактасын, өлүп бара жатсам да жаман катын атыгып, эч кимге сыр алдырбайм. +Тотой эмне! +Тырмактай үч баласы менен күйөөсүнүн өлүүтирүү дарегин билбей, жүгөрү аталаны кашыктап бөлүштүрүп, ал деле тиштенип, эч кимге сыр алдырбайт.» + +Мурдагы күнү Сейде тамеки сарайда иштеп, кайтып келе жатканда, артынан Мырзакул жете келди: – Ой, Сейде, токтой тур! +– деди ал. +Анын бул айтканында шектүү эчтеке угулган деле жок. +Бирок дайым жүрөгүнүн башына коркунуч алып жүргөн Сейденин оюна ар неме кетип, дирилдеген эрдин көрсөтпөш үчүн оозун жоолугу менен тумчулай салды. +Мырзакул жанына бастырып келди да, ага өтө маанилүү кеби бардай эңкее берип, көзүнө тике карады. +«О, кудай, билип калган го бул!» – деген шумдуктуу ой Сейденин үрөйүн учурду. +«Айт эми, эмне айтканы турасың? +Айт! +– деп кыйкырып жибере жаздады. +Өчөшкөнсүп Мырзакул ошондо ар бир сөзүн салмактап, жай сүйлөп турбадыбы! +– Сага тууганча айтып коёр кеп бар эле, Сейде,– деди ал. +– Кандай кеп? +– Сейде ушуну айтканы менен өзүнүн үнүн уккан жок. +Бул сөздөрдү угуза айтканын, же ичинен ойлогонун билбей да калды. +– Ой, сага эмне болду, ой! +– деп Мырзакул чочуп кетти. +Ал эмес, өзүнүн олдоксон сүйлөгөнүнөн уялып да кетти. +Чын эле ушинткен да болобу: аял көптөн бери күйөөсүнөн кат-кабар албаса, анан кантет эле, иреңи тим эле бозоро түшпөдүбү? +– Ой, Сейде, оюңа эчтеке албай эле кой, эчтеке деле болгон жок,– деди Мырзакул. +Айтарым эле ушул: эртең кампадан аскерге кеткендердин бала-чакасына азыраак эгин бөлүштүрүп беребиз. +Бир тобу тизмеге илинбей калды. +Сен да жоксуң. +Эстүү жан эмессиңби, таарынып жүрбө. +Тотойго окшогон көп балалууларга эле эптеп беш-он килден жеткирдик. +Эртең чырлашпагыла. +Колдо жок, болбосо баарыңарга берсек кана. +Ушуну сага атайы айтып коёюн дегеним. +Сейденин жүрөгү ордуна келе түштү. +– Эмнеге таарынмак элем! +– деп тескерисинче, өзүнүн эгин албай калганына эмне үчүндүр сүйүнүп кетти. +«Мага керек эмес, ошо Тотойго окшогон жашаялметке бергиле, мен өзүм эле эптеп оокат кылам!» – дейин деди эле, бирок ошого батына албай, мукактанып, сүйлөй албады. +Мырзакул мунусун өз оюнда башкача түшүнгөн окшойт: – Сен жаман көрбө, Сейде, ии де! +Бери кара! +Эмкиде бир нерсе болуп калса сөзсүз сага да беребиз. +Кемпирге да ушинтип айтып кой. +Мырзакул сельсовет болгондо пайдасы эмне деп сүйлөнүп жүрбөсүн. +Туугандыктын жөнүн мен да билем, бирок айылды өзүң көрүп турасың го. +Мырзакул унчукпай калып, айылдын кар баскан жепирейген тамдарын айландыра карап, атын бастыра берип, кайра токтотту. +Ал азыр Сейдеге дагы бир нерсени айтмак болуп камданды, бирок ошого оңдуу даай албады. +Мырзакулдун азыркы көз карашы баягыда бир Тотойдун короосундагыдай Сейдени таң калтырып, тынчын алды. +Ооба, Сейде эми анык түшүндү. +Анын балбылдаган назик тиктеген көздөрү Сейдени эркелете карап: «Айтпасам да түшүнөрсүң, мен сага ишенем. +Дайым ишенем. +Сен жакшысың, абдан жакшысың. +Мен сени сүйөм, билсең, көптөн бери сүйөм!» – дегенсип турду. +Күтпөгөн жерден мындай туюк сырдын ачылышы өз алдынан коркуп, иреңи кубарып турган Сейдени дал кылды. +Көзү бакырайып, башын өйдө көтөргөн Сейде ушул турушунда эң бир сулуу, эң бир сонун көрүндү. +– Болуптур, мен үйгө барайын! +– деди ал, үнүн акырын чыгарганы менен кесе айтып. +– Коё тур! +– дагы эле батына албаган Мырзакул кантер айласын таппай кыйналды. +Жөнөй тургансып, тизгинди колуна алды да кайра жөн койду. +– Коё тур, Сейде! +– деди ал кайтара. +– Эгер балаңдын буламыгынан кысталып калсаң, эсиңде болсун, уялбай ачыгын айт. +Мына бул үстүмдөгү шинелимди сатсам да буламыктык таап берермин!. +Унчукпай эле башын ийкеп турган Сейде бир жагы Мырзакулга чын пейли менен ыраазы болуп, бир жагы ага чочугандай жалт карап: «Мен корком сенден! +Тийбе мага! +Антип караба, мен сенден корком!» деп көзү менен айтып жатты. +Мырзакул аны түшүндү окшойт. +Балбылдаган кареги муздап өчө баштады. +Анан ал мостоё калып, экөөнүн ортосунда эчтеке болбогонсуп, кадимки калыбына келип, жай гана айтты: – Бар эми, балаң ыйлап жаткандыр. +Сейде ошо жерден кача тургандай шашылып жөнөдү. +Эгерде уят болбосо, көчө менен жүгүрүп да кетер беле. +Нарыраак барганда ал артын жалт карады да, тигиндей өтө түшүп, дагы кайрылып карады. +Мырзакул башын жерге салып, суунун жээги менен атты өз эркине коюп жай гана бастырып бара жаткан экен. +Шинелинин жакасын өйдө көтөрүп алгандыктанбы, азыр артынан караганда анын капалуудай бүкүрөйүп чөккөнү, майып колунун далысы уркуюп чыгып турганы күндөгүдөн бөтөнчө көзгө урунду. +«Үстүмдөгү шинелимди сатам дейт тура». +Өзүң үшүп эле жүрөсүң го. +күндүн суугу бу болсо! +– деп шыбырады Сейде. +Ошондо эч убакытта болуп көрбөгөн бир кызганычтуу сезим тула боюн ысык толкундай каптап, Сейденин каңырыгын түтөттү. +Азыр ал Мырзакулдун артынан жүгүрүп баргысы келип, андан кечирим суранып, аны жылуу сөзү менен эркелеткиси келди. +Өпкө-боорумду чабайын-ай, менин эмнеме кызыктың? +Нечен кырчындай болгон кыздар деле айылда толуп жүрбөйбү. +Өз күйөөм жанымда жүргөнүн билбейт турбайсыңбы!. +Көзүнө жаш толгон Сейденин ою быт-чыт болду, капыстан оттой каптаган сезим жүрөгүн лакылдатты. +Чыкыроон суукта аптыга дем алган Сейде үйүнө жетержеткенче улам токтой калып, артына кылчактап, дирилдеген ээрдин жоолугу менен кымтылап жатты. +Кечээ айылды кара кабар аралады. +Тамеки сарайда иштеген катындар ал суук кабарды угушуп, үрөйлөрү учуп отурушкан, аңгыча чоң таңгак тамеки колдошуп келе жаткан Тотойду көргөндө, баары бүркөлүп төмөн карашты. +Ал өтүп кеткенде артынан: – А-а, шордуу, шордуу! +– деп үшкүрүшүп, жеңдери менен көздөрүн көрсөтпөй сүртүп, үнсүз ыйлашты. +Жакында эле кара кагаз алып күйөөсүнөн айрылып, бетин тытып аза күткөн, тытылган бетинин тагы али да салаа-салаа боюнча жүргөн кара жоолукчан катын кысылган демине чыдабай, шолоктоп үңкүлдөдү: – Ырысы жок жетимдер, убалыңар германдын башына жетсин!. +Тотойдун күйөөсү Байдалы Сталинградда курман болду деп кагаз келген. +Кийинки убакытта, атка өбөктөгөн эркектердин: «Боорумай, боорумай, боорумай!» – деген өкүрүктөрү айылдын тиги четинен да, бул четинен да угулуп, бетин жошоодой айра тыткан катындар босогодон тескери карап: — «.Күмүштөн эле жү-үгөнүң-аа-а, Анан арыстан эле жү-рөгүң-а-а-а. +Жүгөнүң калды катылбай-а-а, Караны салдым башымай-а-а, Анан душманды чаптың тайманбай-а-а-а. +О-о-о-х-а! +Э-э-ээй!» – дешип дабышы түгөнгөнчө киркиреп, түн ортосуна чейин кошок айтуусу көбөйдү. +Булар��ы ар бир уккан сайын айылдын күйүт-муңун жүрөгү менен кошо бөлүшкөн Сейде өз алдынан коркуп, ыйлаган элдин көзүнө көрүнгүсү келбегендей бүжүрөп, катындардын артына далдаланат. +Мындай күндөрү Сейде темир жолдун ээн жагына качып барып, дайыма «ботойду» боздогон зым карагайды кучактап, эч кимге көрүнбөй өзү жалгыз кошок айткысы келет. +Мына эми Тотойдун да үйүн өкүрүк басып, ал дагы бетин канжалата тырмап, анын каргадай балдары эркек тана болуп, тамдын сыртында таяк сүйөнүп: «Атамо-ой, эсил кайран атама-ой!» – дешип чыркырашат. +Байкуш Тотой башына каран түн түшкөнүн али билбейт. +Байдалыны өлдү деген кагаз Мырзакулдун жанында. +Ал кагаз менен кошо колхоздун наамына полктун командиринен кат да келген. +Биздин аскерлер чабуул коюп баратып, душмандын мина орнотуп тосуп койгон тикенектүү зым торунан өтө албай, Волганын жээгине камалып калат. +Ошондо мина менен байланышкан зымга эч ким жакындап батына албай, аскерлер жаандай октон бири калбай кырыларында, Байдалы өзү жүгүрүп барып зымдын үстүнө жыгылыптыр. +Миналар жарылганда аскерлер чабуул коюп, душманды кууп чыккан экен. +Мырзакулдун үйүнө чогулган аксакалдар бул катты угушуп, айылдашына аза күткөндөй бир топко үн чыгарбай отурушту. +Анан почточу Курман тебетейин көзүнө түшүрүп үшкүрдү: – Ии-эх, кайран жигит, кайран жигит! +Билбей жүргөн экенбиз, жүрөгүндө түгү бар тура! +Сугатка туулган дыйкан эле. +Байдалынын колу тийген эгиндер береке төкчү эле. +Нары өтүп, бери өткөндө, балдары этектеп алып, кат барбы дегенде, эмки базарда алып келем деп, сооротуп койчу элем. +Көрсө ушундай болгон экен да, кудайдын жазмышы экен да. +Жа, эми амал канча, баатырдын жоодон өлгөнү – элине шыпаа. +Бул беш-алты карыны чогултуп алып, Мырзакул Байдалынын жөнүн үй-бүлөсүнө кандай кылып угузабыз деген акыл салды. +«Өлдү деген кагазы келсе айла барбы. +Бирок азыркы жаманчылыкта аялы бел байлап, балдарын оозуна тиштеп, ач өлтүрбөй багып отурганда, Байдалы курман болуптур деп кантип айтабыз. +Өзү араң турган немени ого бетер чөгөрүп салбайбызбы. +Тотой кайраттан тайса, балдары эмне болот. +Кой, Мырзакул, азыр айталбайбыз мындайды, дитибиз барбайт. +Бышыкчылык келсин, эл тоюнсун, анан күздө жалпы журт болуп, аш-суусун берип, айлыбыздан чыккан баатыр эле деп, ошондо урматтап угузалы.» Карылардын бул акылын айылдагы көпчүлүк да макул тапты. +Жана тамеки сарайда аялдардын эчтеке билбей жүргөн Тотойду аяп, ыйлап жаткан себеби да ошол. +Түндө адаттагыдай Ысмайыл үйгө келгенде Сейде ага Байдалы кошунасынын кабарын айтып берди. +Ысмайыл түнөрүп унчукпай укту да, өзүнчө күңк этип, ийнин кагып койду. +«Яа, ошондой бекен?» – дегениби? +Болбосо: «Өлсө өлгөн чыгар. +Окко башыңды тоссоң соо каласыңбы. +Мен эмне, кара башымды бекер ала качып жүрөмбү! +Акмак болбосо минага барып эмне боюн таштайт? +Андан кандай пайда тапты? +Өлдү да калды!» – дегениби. +Айтор, ал алдыртан табалагансыппы, ууртун бүлк эттире тартып алды. +Анан астындагы чоң аяк көжөнү кулкулдата шимирип жиберип, тойбогондой буркуя калып: – Дагы барбы? +– деди. +Ысмайылдын күңк этип түнөргөнүн анча түшүнбөй калган Сейде аны өз ичинде актап койду: «Чыкыраган чилдеде бирде ач, бирде ток, өз жаны менен алек да. +Анан эмне демек эле. +Же тамактын ырааты болбосо.» Ысмайылды узатып жибергенден кийин Сейде көпкө чейин уктай албай жатты. +Эшикте шамал жаланып, кар учкунун тырсылдатып терезеге ургулап өтөт. +Суукка тоңгон ит тээ айылдын четинен «каңк-каңк» этип ыйламсырап үрүп койду да, анан «Су-у-ук! +У-у-у-у! +Су-у-уук!» – дегендей улуду. +Сейденин бүткөн бою дүрүлдөп, ушул кезде кар баскан ээн талаа, эрме чөлдө борошого аралашып, шамалга үн алыша ышкырган калың чийдин арасында үңкүрүнө кетип бара жаткан Ысмайылды көзүнө элестетип, чыдабай төшөгүнө шоңшоюп отура калды. +Аңгыча баласы ыйлап, аны эмизгенден кийин бир топко кыйналып жатып, анан уктап кетти. +Бирок түшүнө да Ысмайыл кирди. +Сейде жаңы келин болуп келип, Ысмайыл экөө там салып жаткан экен. +Белине дейре жылаңач, күнгө күйгөн денеси жылтылдаган Ысмайыл Сейдени кучактап алып төшүнө кысты. +Караса, үстүндө солдат кийими бар. +Ысмайыл аскерден жаңы келип турган экен. +Сейде аябай сүйүнүп кетти. +Бул көрүнүш куду эле өңүндөгүсүндөй болду. +Ысмайыл аны өрттөнгөндөй ысык эриндери менен өпкүлөп, бүлбүлдөп күйүп турган кара чыракты «уф» – деп бир үйлөгөндө өчүрдү. +Жандын түйүнү чечилгендей, денеси чымыраган Сейде: «Сагындым. +сагындым»!. +– деп кулагына шыбырап жатты. +Аңгыча болбой ышкырып куюн келди да, Ысмайыл көрүнбөй калды. +Сейде анын артынан кыйкырып жүгүрдү. +Караса, үңкүрдө отурат, айлана кар. +Ысмайыл тооктун этин үзүп-жулкуп, сөөгү менен бычырата чайнап, Сейдеден тамак кызгангандай оңурая тиктейт. +Сейде жанына келип, айтайын деп айта албай ичинен ойлонот. +«Эмне эле мынча ачыгып калгансың? +Барына канаат кылсаңчы, мынчалык арааның ачпасаңчы, Ысмайыл!». +Ошол убакытта нары жактан кыйкырык, сүрөөн чыгып, калың аскердин астында мылтыгын найзадай сундуруп айкырып келе жаткан Байдалы тикенектүү зымдын үстүнө боюн таштайт. +Күн күркүрөп, топурак асманга бүркүлүп, калың аскер Байдалынын денесин колго алып, алдыга утурлай жүгүрүшөт. +Сейде коркуп кетип, үңкүрдүн оозун далдалап тура калат. +Эртең менен Сейденикине почточу Курман чаап келди. +Сельсоветтин чабарманы да ушул киши болучу. +Тондун этектери эки жакка кетип, кандайдыр бир нерседен үрпөйүп кооптонгон түрү бар. +Ат үстүнөн эңкее берип, ал эшикти камчы сап менен ургулады!. +– Сейде, райондон инкүү келип, сени кеңсаларга тез келсин деп чакырып жатат! +Тур, жөнө!. +Эшикке жүгүрүп чыккан Сейде эмнеге чакырып жатат деп сураган да жок. +Курмандын чаап келгенин көргөндө эле жүрөгү шуу деп, бардыгын түшүндү. +Сейде оозун ачып кыйкырбаганы менен, «Айланайын Ысмайыл, эми кантебиз!» – деп ичтен чыңырып кыйкырды. +Нары жактан кудуңдап жүгүрүп келген Асантай Курман кат алып келди деп ойлогонбу: – Ысмайылдан кат келди, Сейде жеңе! +Сүйүнчү! +– деп иреңи бопбоз Сейдени көрө салып, кубанычтуу кыйкырыгы тамагына тыгылды. +Ал жаман купайкесин кымтып-кымтып коюп, айыптуу немедей делдейип туруп калды. +– Алда, шордуу балам ай! +– деди Курман. +Анын сөзү же балага, же Сейдеге тийиштүү болдубу, ким билет атына камчы урду да, чаап кетти. +Сельсоветтин кеңсаларына кандай жеткенин Сейде билген жок. +Денеси өлүп, калчылдаган колу менен эшикти ачып киргенде, айткандай эле тапанча асынган шинелчен киши отуруптур. +Анын ирең-башын көрүүгө Сейденин чамасы болбоду, көзү тунарып, бутунун астында жер көчүп бара жаткандай туюлду. +Көкүрөктө «Ысмайылдан эми айрылат экем!» – деген бир гана ой турду. +Арада ал оюн бөлүп, экинчи бир андан күчтүү ой пайда болду: «Бербейм Ысмайылды, бербейм!» + +Ушул экинчи ою калган күдүк ойлордун баарын сүрүп чыккансыды. +Ал: «Бербейм Ысмайылды! +Бербейм!» деп, өзүнө өзү шерт берип жаткандай ичинен кайталады. +– Отуруңуз! +– деди НКВДнын уполномочуну. +Сейде уккан жок. +– Отуруңуз! +– деп экинчи жолу айтылганда, ал отургучту сокур кишидей сыйпалап барып, четине коомай отурду. +НКВДнын кызматкери токтоолук менен наркы-беркини сураштырып, айткандарын кагазга жазып алып, бир топко өзүнчө ойлонуп отурду да, анан Ысмайылдын фронтко кетип бара жатканда эшелондон беш атары менен түшүп калып, качып кеткенин айтты. +– Кайда азыр күйөөңүз? +– Билбейм, мен эчтеке билбейм! +– деди Сейде. +– Сиз антпеңиз, аяш, ал баары бир качып эч жакка кутула албайт, акыры колго түшөт. +Андан көрө күйөөңүзгө, өзүңүзгө жакшылык кааласаңыз, ачыгын айтыңыз, өз эрки менен ачыкка чыксын. +Сиз ушул жагынан жардам бериңиз. +– Билбейм, мен эчтеке билбейм! +Аскерге алып кеткен өзүңөр, качкан-койгонун эчтекесин билбейм. +Ал эмне гана сурабасын Сейде билбейм деп, ичинен: «Кудай кошкон жарымды өлүмгө түртүп, мен өзүмө өзүм душман белем! +Башымды жулуп алгыла, өлүм бар, эчтеке айтпайм! +!» – деп билбеймге салып, көгөрүп отура берди. +Сурак бүтүп, Сейде коркуп алсыраганынан жыгыла жаздап, чымыркана басып эшиктен чыгып келе жатканда, нары жактан атын байлап коюп, бери кирип келе жаткан Мырзакул учурады. +Тамекинин калдыгын чымчый соруп, шашып келе жаткан экен. +Деги бүгүн анын түрү башкача. +Сакалы жыш көгөргөн жаактары ого бетер ары шимирилип, эти качкан сенек ийни эскирген шинелдин далысынан ого бетер оркоюп чыккансыйт, тебетейинин астынан тиктеген көздөрү жаны кыйналып тургандай ойлуу да, каардуу. +Сейдени көргөндө токтой калып, жеп ийчүдөй тике карады. +– Айттыңбы? +– деди ал эшик жакка колун жаңсап. +– Эмнени айтмак элем! +Мен эчтеке билбейм! +– деди Сейде ага да. +– Ко-ош, ошондой де! +– Мырзакул кейигендей унчукпай калды, тамекисин жерге таштап, өтүгүнүн таманы менен сүргү��өп өчүрдү да бек-бек сүйлөдү: – Адамдын кандай экендиги мына ушундай жамандыкта билинет экен! +Айтпай сен аны каякка алып барат экенсиң? +Намыс деген барбы? +Дөөлөттүн уругунан таркаган эркек тана бирибиз да калбай жөнөдүк, жамандыкта да, жакшылыкта да кудай элдин катарынан калтырбасын деп. +Ушуну сен түшүнөсүңбү, ыя? +Кеч боло электе Ысмайылды ачыкка чыгар, барсын ал да эл барган жерге! +Баятан жүрөгү карайып, жан далбастаган Сейде Мырзакулга тайманбай жулкунду: – Түшүнгөндө эмне? +Качса качып кеткен чыгар, мен аны билбейм! +Ар кимге өз жаны кымбат, кара башын сактаса сактап жүргөн чыгар, ага эмне мынча тарланасың?. +Жолуңду кыя өткөн жок элек го, же элдин баарын эле өзүңдөй майып болуп келсин дейсиңби?. +Өзгөчө ыйык санаган нерсесин бирөө отко таштап ийгендей Мырзакулдун иреңи бопбоз болуп, чолок колунун мултугу сороң эте түштү эле, шинелдин жеңи чөнтөгүнөн суурулуп кетти. +– Мен. +Ысмайылдан. +жамандыгымдан. +ушинтип к-келген экем да! +– деди ал ар бир сөздү ныгыра айтып, кекечтенип. +Ошо жерден артына чегине калып, колундагы өрмө камчы менен Сейдени моюндан ары үстү-үстүнө тартып-тартып жиберди. +Сейде үн чыгарган жок, жалтанган да жок. +Кулактын түбүнөн ышкыра өтүп жаткан камчыны байкабагансып, ошол учурда да Мырзакулдун соо колу менен кошо берки ийнинен чолок колу да жең ичинен мултуңдап жулкунганын, сыйкырлангансып, көз айрыбай карап турду. +Экинчи бир көргөнү: Мырзакул камчыны тизесине салып сындырайын деди, анда да чолок колу мултуң-мултуң этип, жең ичинде жулунуп жатты. +Бирок бул аракетинен эчтеке чыкпаган соң, камчыны тамдын төбөсүнө ыргытып жиберип, өзү бет алган жагына, арыкты арык дебей, күрткүлөрдөн аттап-буттап, чеңгелине мыкчыган шинелинин сыңар жеңин ок тийген жаратына баскандай жүрөгүнө басып, бет алды жөнөп берди. +Анын коржогой желкеси кержең-кержең этип, артына асылган фронттон берки эски сумкасы жамбашына шалп-шалп урунуп баратты. +Мырзакул жулкуна басып жөнөгөндө артынан нес болуп карап турган Сейденин мойну ысый түштү. +Камчынын уусун ал эми сезди. +Кара түтүндөй каптап келген ыза жүрөгүн өрттөп, кыйкырып ыйлап жибере сактады. +Көчөдө ал бет алдынан урган борошону да, жанынан өтө чапкан кишилерди да сезбеди, ээн талаада каңгырап кетип бара жаткандай баратты. +Сыйрылган мойну дуулдап, эрдин кесе тиштенген, мисирейип, эки жакты карабайт. +Биринен бири ачуу, ызалуу ойлор намысын өрттөйт: «Урду, сабады, шерменде кылды! +Ысмайылга айтам, өч алсын!» – деди ичинен. +Кайра өзүнөн өзү соолукту. +«Жок, айтпайм. +Айтууга болбойт, Ысмайыл кармалып калат, – деди кайра. +Унчукпайм, жүрөккө түйүп коём, бир күнү ага да кезек келер. +Тууган – душман деген ушу да! +Тууганынын баш корголоп жүргөнүн көрө албайт. +Ысмайыл аман туруп, кыш чыксак, ашуу ачылары менен Чаткалга кетебиз. +Анда эч кимден жашынбай, корунбай эл катары турабыз. +Мырзакулдун бетин экинчи карабас��ын!.» Үйгө кирип келип, Сейде бешик терметип отурган кайненесин кучактап жыгылды да, үн чыгарбай, бейнаалат кемпирдин арык тизелерине маңдайын жөлөп, баятан жыйналган ызасына эрк берип, өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлады: – Эне, Мырзакул мени урду! +Айланайын эне, Мырзакул мени урду!. +Бетинен сала-сала кеткен жаш алкымын нымшытып, ал көпкө үн салып өксүдү. +Ошондой ый арасынан алыстан угулган кайненесинин муңканган үнү угулуп жатты: – Айланайын, секетиң кетейин балам, жаным курман сага. +Ишенгенибиз эле сенсиң! +Тирегибиз да, медерибиз да сенсиң! +Баардыгын билип, баардыгын көрүп отурам. +Тиги дүйнө, бул дүйнөдө да ыраазымын. +Ушул жолку кордукту да ачуу чайнап көтөрүп кой эми, кантели. +Мырзакулга болсо, арбак-кудай бардыр, түп атабызды унутуп, туугандыктан кечкен экен да. +Ысмайылдын келерин билген Сейде аны түн ортосунда айылдын четинен тосуп алды. +Бул жолу Ысмайыл айылга кайрылбай, кайра тартты. +Кыш чыгарга жакындаганда элдин көбүнүн азыктүлүгү түгөндү. +Айыл арасында: «Эми уйлар тууп, акка жетсек, анан арпа дүмбүл, анан бышыкчылыкка да илинер элек!» – деген эле сөздөр. +Бирок ага чейин кайда, далай заман бар эмеспи. +Сейдеге да бу көртириликтин эң оор күндөрү келди. +Аялы Мырзакул менен кагышкандан кийин Ысмайыл сак болуп үңкүрдөн чыкпай, үйгө келгенин да койду. +Тапкан-ташыганын койнуна катып, ыгы келсе күндүз отунга барганда, болбосо түндөп ага Сейде өзү барат. +Ал дагы эчтеке эмес, баары келишип тургансып Ысмайылдын арааны ачылып берсе болобу. +Аны көрүп Сейденин зээни кейийт. +Канча ичсе да тойбой, Ысмайылдын көзүндө заар турат: – Үйдө дагы эгин-тегин калдыбы, же үңкүрдө жатып, акыры ачтан өлөмбү, жашырба, чыныңды айт! +– дейт ал. +– Бар, антип айтпачы! +Жаның аман болсун, оокат табылар. +Эртеси таң азандан туруп, Сейде былтыркы кырмандардын ордуна жөнөйт. +Аерден ала келген таарын жайып салып, керээли-кечке топон сапырат. +Ошондо былтыр жоруптап таштаган пырдын арасынан биринсерин чүрүшкөн майда дан түшөт. +Кечке бир чөйчөк түшсө, аны жаргылчакка тартып, Ысмайылга нан бышырат. +Ушинтип кайсы убакытка чейин тиричилик өтөрүн ким билет. +Сейденин ишенгени эле колундагы жалгыз кунаажыны, ал тууса, Ысмайылга сүт болор эле, май болор эле! +Ысмайыл! +Ысмайыл!. +Качан болсо күңгүрөнүп, түнөргөндөн түнөрүп, бу дүйнөнүн баарын-баарын жек көргөндөй, эчтекеге жылуу сөзү, жакшы тилеги жок. +Анын ойлогону эмне, максаты кайсы – сыртына чыкпайт. +Ашуунун ачыларына канча убакыт калды деп күн санайт. +Сүйлөгөн сөзү ошол. +Анан ойлогону тамак. +Эт дегенде оозуна кара суу келет. +– Суугум ашынып кетти! +Суугум ашынып кетти! +– дейт ал туруп-туруп. +Ушул сөздөрдү айтканда анын оюна алда кандай бирдеме келгенсип, үңүрөйгөн көзүнүн тереңинде от чагыла түшөт, көпкө мостоюп унчукпайт. +Эмне ойлойт болду экен ошондо? +Ушинтип үңкүрдө жата берип, жинди болуп кетеби деп Сейде коркот. +«Эми кан��ай кылам» – дейт, ал убайым жеп. +Баласын сагынып жаткандыр деген ой менен Сейде бир күнү баланы таза киринтип, көйнөк, ороолорун жууп, айылдагыларга төркүнүмө барам демиш болуп, баланы үңкүргө көтөрүп барды. +Ата менен баладан көзүн түшүрбөй, четте унчукпай эргип, өзүнчө бир бактылуу болуп отурду. +Бир күн өткөрүп, кайра айылга келди. +Жаз быйыл эрте чыгаардай,– аз да болсо жышааны бар. +Кар бети эскилиги жеткен курмушудай туш-туштан ала-телек жыртылып, тыноо алган аңыздар аздап буулана баштады. +Өрөөн үстүнөн мээлүүн шамал жүрүп, аба жылымыктап, күрткүлөрдүн астын оюп, шылдыршулдур этип суу акканы угулуп калды. +Бирок кыштын каары кете баштаганы менен кээри турат. +Бүгүн күн ачык. +Сейде адатынча эски кырманда топон чогултуп, сапырып жатат. +Элден мурун топонду капка салат, анан өйдөрөөк шамалдуу жерге алып барат да, жел атасын ышкырып чакырып, ыгы менен абага чачат. +Кум ичинен алтын издегендей кеп. +Бирок Сейде мындан жадабайт. +Кандай болбосун Ысмайылды жайга чейин багып чыгыш керек. +Анан кудай тилекке жеткирсе, ашуу ачылар. +Жаздын билинер-билинбес болсо да илеби сезилип, адамды бир түрлүү жыргаткандай сеңгиретет. +Ошондон улам Сейде токтой калып, өзүнчө бир сонун кыялга батат. +Ушинткенде тамак тилеп карарган өзөктүн үзө тартканы да унутулуп калчудай сезилет. +Анын кыялданганы – келечек. +Тээтиги алыскы кар баскан мөңгүлүү кырарканын наркы жагында Чаткал жатат. +Эмне үчүндүр Чаткал анын оюнда жомоктогудай жер болуп көрүнөт. +Жайы-кышы жайкалган көк шибер, суу боюнда тизилген аппак боз үйлөр, кемегелерде казандар асылып, түтүн асманга булайт. +Ушундай элестейт. +Алар так ошо Чаткалга кетишет. +Аякта Ысмайылдын таякелери бар. +Ал жерде Ысмайылдын аскерден качып келгенин эч ким билбейт да, сурабайт да. +Аерде Мырзакулга окшогон жаман кишилер жок. +Ысмайыл бир короо кой алып бакса, Сейде жеңилин жерден, оорун колдон алып жардамдашпай жаны жокпу. +«Аз калды эми, жаз чыгат! +Көбүнө чыдаган, биягына чыдабайт бекем!» – деп ойлойт Сейде, топондон бөлүп алган бир кочуш буудайды алаканына салып үйлөп. +– Кудай Ысмайылды кырсыктан сактап, тилекке жеткирсе, кунажынды сатып, ага жол азык камдап, кемпирди эшекке мингизип алып, түндөп жөнөп кетебиз!. +Илгери өрттөй күйгөн бир өткүр жигит бирөөнүн атактуу күлүгүнө көзү түшүп, ага кантип жетүүнүн амалын издеп, акыры минтип ыр чыгарган экен: Бир күнү Күлүктү ала качармын, Күсөгөн ойго жетермин! +Ак кар, көк муз бел ашып. +Чаткалга түшүп кетермин! +Сейде бул ырды айыл арасынан кээде уга калып жүргөнү менен маани берген эмес экен. +Эми ой-санаасынан Чаткал чыкпай, ал бир эңсеген, көксөгөн ажайып жерге айланып, көңүлдү бүт ээледи да калды. +Киши кийик болуп жапайыланып бараткан Ысмайылдын да карайган көңүлүнө жарык шоола түшкөнсүдү, анын да кыялы тиги ырда айтылган ак кар, көк муздун үстүнөн кайкып, Чаткалды көздөй өрөпкүп учуп, Чаткалга эртерээк жетсем дегенде эки көзү төрт боло баштады. +Ысмайылдын энеси Бексаат, өзү оорукчан, демейде эле эч кимге үн-сөзү жок неме бул кышта ого бетер жылдызы өчүп, ийиндин караңгы бир бурчунда былк этпей бүк түшүп жата берип, анда-санда гана «бу дүйнө ордундабы, жокпу» дегенсип башын сыртка чыгарып, айлананы карап коюп, кайра кирип кеткен сокур чычкан сыңары жашап жатты. +Анан, кантет, баласынын аскерден качып келгенин жан пендеге билгизбей, тилин тишине басып, кудай-кудай деп, эшик-элеңге көп чыга бербөө керектиги, көп чыга берсе коңшу-колоң деген бар, алар менен сүйлөшөрүн, келди-кетти кеп болорун, өзү тиштенип зорго отурган кемпирге андай ашыкча кеп-сөздүн кереги жоктугун, андан көрө этекти бүйрө басып шүк отуруу олжо экенин көкүрөгүндө билип-туюп отурбайбы. +Башка эмне айласы бар. +Небересин карап таңдан кечке үйдө. +Ысмайыл менен Сейдеге да азыр так ушундай сүйөк, огожо керек. +Бу кемпир болбосо кантишмек, Сейде отун апкелем деп, отундан ары кокту-колотту аралап, күйөөсү жаткан үңкүргө кеткенде баланы кимге таштамак. +Сейде Мырзакулдан таяк жегенге дейре кайненесине канча ирет безеленип: – Ысмайыл жөнүндө бирөө кокус сурап калса көзүңдөн, сөзүңдөн шек билдире көрбө, билбейм, айланайын, карыган, караңгы мен бу жарыкчылыкта эмне болубатканын кайдан билем, маңдайыбызга жазылганы ушу экен, көрүбатабыз деп кой деген кепти нечен айтты. +Аскерине алды, андан согушка алып кетти дешти, ошо менен дайны чыкпай калды, же каткабары жок, кат жазса да бизге жетпей, жолдо жоголубатабы, ким билсин, жалгыз балам эле, атадан жалгыз эле, аман коё көр деп кудайдан тилеп олтурам, аман болсо эртеби-кечпи бир күнү келип калгысы бардыр, ошого чейин чымындай жанымды тиштеп, чым-чым жаным өлбө деп темселеп жүрөм дегин, оозуңдан жаңыла көрбө, кагылайын эне, – дечү. +Андайда Бексаат кемпир «макул, макул, антпегенде кантем» дегенчелик башын ийкеңдетип калат. +Көздөрүнөн жылжып аккан жашка шалбыраган жаак эттери сууланып, өзү эле муштумдай кичинекей арык кемпир ого бетер кичирейе түшкөнсүп, ого бетер шордуу, муңдуу боло түшөт. +Муну көргөндө Сейденин жүрөгү мыкчылып, кайненесин же боор ооруп аярын билбей, же катуураак сүйлөп, кайраттандырып коёрун билбей калат. +– Кантет, ыйлап жибергени эмнеси, кой, ыйлаба, эне, кудайды карасаң! +– дейт анда ал. +– Уулуң тирүү турат го. +Качып жүрөбү, кантип жүрөт, эмнеси болсо да тирүү жүрөт го, түн жамынып болсо да үйгө келип кетип атат. +Кыйналып жүрөт, карда-жаанда дегендей үшүптоңуп, жыргап жаткан жери жок, бирок согуштан жаны тынч, аяктын азабынан көрө бул көрүп аткан күнү эмне болуп калсын, карачы, канча эл кырылып кетти. +Ысмайыл өзү айтып олтурат го эмне үчүн менин башым кайдагы бир бөтөн жерге томолонуп жатып калыш керек деп, ата-бабамдын буту баспаган, өзүм өмүрүмдө көрбөгөн бир чоочун жер үчүн эмнеге согушам, согушту ким баштаса ошо согушсун, ме�� күтүп турам, менин согушка эмне тиешем бар, чыдай турабыз, көрөбүз деп отурат. +Бу сөздөрдү Сейде ар дайым кайталап айтат, айрыкча түн кирип, айылдагы тамдардын муз тоңгон кичинекей терезелериндеги жылтыраган жарыктардын биринин артынан бири өчүп, кечте абалап үрүп жаткан иттер эми үшүп, коңул-соңул, далдоо жерге ийрилип жатып, ар бир үй-бүлө өзүнчө кобурашып, от күйгөн очокту тегеректешип, эртең мененкиге чейин, короз кыйкырып, уй мөөрөй баштаган кийинки таңга чейин ушинтип сырткы дүйнөдөн бөлүнүп отуруп калган кездерде көкүрөктү өйүгөн сөз өзүнөн өзү чыгат, ошондо айтат. +Түндүн бул маалы ар ким өзү менен өзү, ар үйбүлө өзү менен өзү болуп, тыштагы турмуштан бир түнгө кутула түшкөнсүгөн бир кез эмеспи, мындайда адамдын башына көп ой, сандаган санаа келет. +Баланы уктатып коюшкандан кийин кайнене-келин экөө кобурашып сүйлөшөт, кеп барып-келип эле эми эмне болот, эми кандай кылабызга такалат, ошондо Сейде тиги сөздөрдү кайталайт. +Бексаат келининин айтканын унчукпай, башын ийкеңдетип, анда-санда оор-оор үшкүрүп коюп угуп олтурат. +Сөз учугу да түгөнүп, эртең эмне болорун билбей, экөөнүн тең башы маң, кептин аягы баягы миң кайталанган: «эми айлабыз канча, көрө жатарбыз» дегенге келип такалганда кемпир ичиндеги кооптонуусун, коркконун жашыра албай кетет. +Кансөлсүз купкуу эриндерин кыбыратып, бирөө угуп койчудай акырын шыбырайт: – Акыры кандай болор экен, кудай-ай, көзүм жетпейт. +Сейденин да көөдөнүн күйүт каптай түшөт, бирок сыртынан билдирбешке тырышат: – Акырын кудай түз кылгысы бардыр, эне, бейчеки эле кейип-кепчип, ыйлай бербе да. +Күн жылыса, кар эрисе, жер тобурсуп, көк чыкса Ысмайылга да, бизге да кудайдын бир айтканы тургандыр,– дейт ал, көзүнө тегерене түшкөн жашын зорго кармап. +– Анан бир акыл табылар, тирүү жанбыз го, эптеп бирдеме ойлоп табарбыз. +Андан көрө айылдагылар ал жөнүндө шек билбесин де, ошоягын ойлой жүр, эне, бирөө сураса билбеймден башка сөз айтпа. +Ошо менен кеп түгөнүп, кандай айла табышаарын экөө тең билбей, экөөнүн тең санаасын тынчытпаган бир гана нерсе, мелтиреп ойлонуп отуруп калышат. +Эми күткөндөрү Ысмайыл – ал дайыма түн ортосунда келет – ошонун камын көрүп башташат; үшүп-тоңуп келген эме жылынып, тамагын ичип, таң алдында кайра айылдан чыгып кетиш керек. +Күйөөсү келер маалда Сейде үстүнө ичик кийип, эшикке чыгып, сарайдын арты ченден күтүп турат, шектүү-коогалуу эчтеме жокпу, тынччылыкпы, ошону астынан утурлай тосуп чыгып айтат, күйөөсүнүн көңүлүн жайгарыш үчүн ошентет. +Караңгылык чүмкөнгөн айлана-тегеректи үңүлө карап, шырт эткен дабышка кулагын төшөй калып, көңүлү кооптуу Сейде Ысмайылдын келишин күтүп турат, мына ушундай чакта ал ак мөңгүлүү кырка тоолордун үстүндө, аяздуу кышкы асмандын көз мелжиген бийигинде жылтылдап турган жылдыздар менен айды муңдуу карайт, жалынгандай, жардам сурагандай ошолорго тигилет, ичиндеги арманды күйүп-жанып ошолорго айтат, антпегенде кантет, кимге айтат, ошо көк теңир бетиндеги касиеттүү ай, касиеттүү жылдыздарга үнүм жетсе, алардан биердеги жашоо-тиричиликке бир таасир болор беле дейт, Ысмайыл аскерден качып келиптир дегенди кулагы чалса буларды үй-бүлөсү менен кошоктоп байлап, карга-кузгунга жем болуп өлгүлө деп Сибирге айдап жиберчүлөр жүрбөйбү, ошолордон күйөөсүн, баласын, кемпир менен өзүн сактап калар беле дейт. +«Касиетиңен айланайын Көкө Теңир,– дейт ал. +– Сен укпасаң мени ким угат. +Айың ордунда, жылдызың ордунда, бары-жогуң ордунда, сен го турасың, сага эч ким тие албайт, бирин бири куугунтуктап, бири менен бири согушуп жаткан эч ким жок. +Биз болсо согуш деген балээден мүңкүрөп, тукулжурап бүттүк. +Согуш деген кыргын экен, эл кырылат экен, кырылганга сан жетпей калат экен. +Биздин айылда эркек аттуу калбай калды, баары урушта жүрөт. +Согушасыңар дешти, кыргын саласыңар дешти, ошо менен баары дуу деп жөнөдү да кетти. +Кимдин эле окко учкусу келсин, эч кимдин өлгүсү жок, бирок жөнө дегенде жөнөп кетишти. +Бул эмнеси? +А менин күйөөм болсо адам өз башына ээ, согушамбы, коёмбу – өзүм билем деп, качып баса берди, ар башка бир өлүм экен, каерде өлгөнүмдүн айырмасы кайсы дейт. +Анысы ырас эмеспи деп биз олтурабыз. +Бирок мунун акыры кандай болот эми? +Көкө Теңир, сага жалынбаганда кимге жалынам. +Кемпир экөөбүздүн таянар таянычыбыз, туурабы. +Бала болсо али ымыркай, эмнени билет. +Анын тагдыры кандай болот? +Күйөөмө ушуну айтсам, мен эмнени көрсөм, силер да ошону көрөсүңөр дейт. +Баягы экөөбүз жаңыдан үйлөнгөндө эмне деген сөз болду эле дейт. +Жамандыкта да, жакшылыкта да бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып чогуу жүрөлү деп ант бербедик беле дейт. +Мен го ага даярмын дечи. +Бирок эртеңки күнүбүз кандай болот? +Бу улуу уруш дагы канчага созулат, элди оп тартып соруп эле жатат, соруп эле жатат. +Биз качанга дейре ушинтип жашырынып, жымырынып отурабыз, бир күнү сырыбыз ачылып калсак эмне болобуз?. +Ысмайыл байкушка да бооруң ооруйт, үйүрүнөн ажыраган бөрү кебетеленип, жапайы болуп баратат. +Жакындан бери суук тийип, күрсүлдөп жөтөлүп, кыйналып жүрөт. +Же үйдө тамак толуп турса экен, эчтеке калбай калды, ороодо урукка деп алып койгон гана картошка бар, а да өнүп баратат. +Биртке ундун чымчымын коротпой, кочуштап-ченеп, Ысмайылга гана нан жасап берип отурабыз, өзүбүзгө нан жок, өзүбүз жүгөрү атала менен эптеп күн көрөрбүз. +Колхоздогулардын канчасынын үйүндө жалам талканы жок, ачка отурат азыр. +Өлбөстүн күнүн көрүп атышат, качан жаз келет, качан уй тууп, акка жетебиз деп, көздөрү акыйып, зорго чыдап отурушат. +Капырай, илгери замандарда да кишилер ушундай шордуу, жокчулук турмушта жашашты бекен? +Билгендердин айтымында илгери деле жокчулук жакшы эле кыйначу экен элди, бирок мындай алаамат согуш болбоптур. +Кедей болсо да, колунда жок болсо да адам эч кимде��, эч нерседен качпай, жашырынбай, эркин басып жүргөнү жакшы эмеспи.» Кээде Ысмайыл эмнегедир келчү маалынан кечигип келген учурлар болот – айылдын отунун баары өчсүн, эл тегиз жатсын, кокус бирөөгө карп-курп кез келип калып жүрбөйүн деп, көпкө зарыгып отура берет да, андайда да Сейде сарайдын артында чыдап, кабагымкашым дебей күтүп, өзүнчө ойлонуп, Теңирге, ай-жылдызга жалынып, дуба айтып тура берет. +Бир маалда тээ тигинде келаткан Ысмайылдын карааны көзгө илешет, ошондо гана Сейде оор ойлордон бошонуп, утурлай басат; бети-башы тоңуп үшүгөн, бирок эмелеки самсыган санаанын баарын бир паста унутуп, күйөөсүн үйгө алып жөнөйт. +Таңга жетпей Ысмайыл кайра келген жолуна түшүп жок болот. +Бир аз убакыт болсо да бирге болушат, ошого да канимет. +Сейде күйөөсүнүн көйнөк-ыштанын жуурун го жууйт дечи, бирок кургатыш жагы кыйын,– короого жая сала албайсың. +Кокус бирөө көрүп калса эмне дейт? +Ошон үчүн жуулган кийим-кечени Бексаат отко кактап кургатат. +Улам бир жагын чокко тосуп, түндүн бир оокумуна чейин жадабай отура берет. +Бир күнү да адатындай мештин оозунда жуулган кирди алсыз колдору менен чойгулап, от бетине жая кармап, кургатып олтурган, аңгыча эле үн-сөзү жок ыйлап жиберди да, келинине мындай деди: – Сейде, сага айтам деп айталбай жүрөм. +Менин ичимде бир балээ кесел бар, айланайын, мобу ныптам уюп эле ооруйт, жаман ооруйт, күчөгөндөн күчөп баратат. +Жатсам да таш бастырып койгонсуп ооруйт, турсам да ошо. +Жакшы эле тырышып, унчукпай чыдап келдим эле, эми алым калбай баратат. +– Анан эмне айтпай жүрөсүң? +Көп болдубу? +– Сейде кайненесинин чын эле өңү өчүп, көздөрү тунарып, катуу өзгөрүлө түшкөнүн ушунчалыкка жеткенче ичтеги дарты менен унчукпай алышып келатканын эми баамдап, жаман болуп кетти. +Өзүн күнөөкөр сезди. +– Мен да байкабай эле жүрө берген турбаймбы. +Кой, аракет кылалы. +– Эмне аракет кылмак элек? +Ысмайылга айтпа. +Билбей эле койсун. +Өзүң көрүп турасың, кейип жүргөн эмени ого бетер кейитпе. +Унчукпай келгеним да ошо. +– Анан ушинтип олтура бермек белең, доктургабы, табыпкабы, түшөлү да. +– Бул дарт курусун, өзүмдүн дартым өзүм менен кошо кетет деп койчу. +Мени башка күйүт жеп жатпайбы. +Силердин күнүңөр эмне болот, качанга дейре ушинтип элдин бетин карай албай, жашырынып-жамынып жан сактайсыңар. +– кемпир колундагы чала кургаган көйнөктү мыжыга-мыжыга кармап, арык ийиндери солкулдап, ыйлап жиберди: – Киши эл менен киши да, кагылайын. +Элсиз киши жашай алабы. +Жалгыз балам элден качып-бозуп жүрсө менин жүрөгүм кантип канабайт. +Ичиңен чыкса ийри жыланга да ийигесиң, кара чечекей балама күйбөгөндө кимге күйөм. +Өзүң да эне болуп, баланын баасын билип олтурасың. +Сага айтар сөзүм бар, Сейде ук. +Ысмайылга эчтеме дечү болбо, саган гана айтып аткан кеп. +Мага сенден жакын эч ким жок, өлсөм ыраазылык батамды берип кетем, айланайын, эки дүйнөдө ыраазымын. +Чөпкө зыяныбыз ��ок, тилегибиз ак бир жүргөн пендебиз – бизди эмне кудай мындай күнгө туш кылды? +Өзүң билесиң, биердеги элге аралашып, сиңип кеткенибизге көп болду, а бирок түбү биердик эмеспиз. +Биякка келип жашап калган себебибиз да балдардын айынан болгон. +Төрөгөнүм токтобой эле чарчай бербедиби. +Байым да оорукчал эле, биякка көчүп келгенибизден кийин сыркоосу ого бетер күчөп кетти. +Көчүп келгенибизден эмне чеп чыкты деп да коём. +Үч балабызды жерге бердик. +Ысмайыл төртүнчүсү боюмда, байым айтты, кой, балдарыбыз токтобос болду, журт которуп көрөлү, тиги коңшу айылда алыскы туугандарыбыз бар, ошерге көчүп баралы деп калды. +Эми мунумду кудай аман койсо экен деп, өзүм да сарсанаа болуп жүргөн кезим. +Ушу балам үчүн жердин түбүнө да болсо баргым бар. +Ошентип көчүп келгенбиз. +Ысмайыл аман-эсен төрөлдү, эл катары маңдайыбызга жазылганды көрүп жашап калдык. +Жаман жери Байымдын сыркоосу күчөгөндөн күчөдү, ыкшып эле жөтөлөт, дарты өпкөсүндө экен. +Ысмайыл бешке чыкканда көз жуумп кете берди. +Баламды боорума басып отуруп калдым. +Кара ашынан кийин менин бир туугандарым келип, алып кетебиз деп калышты, сен аларды билбейсиң, көрө элексиң. +– Айтпадың беле, илгери Чаткалга ооп кетишкен деп бир айтпадың беле. +– И, баса, айттым беле. +Муну эч кимге оозуңан чыгара көрбө деп бир айтпадым беле. +Туугандарым нарк билген, салт билген, колунан иш келген мыкты кишилер. +Келишип, кой, сени өзүбүзгө жакыныраак алпарып алалы, биерде балаң менен жалгыз отурмак белең, али жашсың, ушу бойдон эле жалгыз бой өтүп кетмек белең, тагдырды болжоп болобу, бирөө сөз айттырып калса биерде акылдашар кишиң жок, бизге жөлөнүптаянып дегендей, жаныбызга барып жаша, калганын да көрө жатаарбыз дешти. +Мен айттым, бир боор деп минтип жан тартып отурасыңар, ыраазымын. +Силер улуу, мен кичүү, сөзүңөрдү кантип жерге таштайын. +Бирок кечээ күйөөмдү жерге жашырып, бүгүн көчө качып кеткендей болбоюн, жыл өтсүн, ашын берели, анан көрөлү. +Кел десеңер баламды жетелеп, силерге жакыныраак барайын. +Ушундай кеп болду, кагылайын Сейде, Үсөнкул, Арын – эки бир тууганым менен ушундай кеп болду. +Жыл өттү, аш бердик, ии, эми кандай кылсак деп турганымча эле элди кулакка тартмай башталды. +Бир туугандарым өздөрүнүн жаны менен алек болуп калды, ошо жылы Чаткалга көчө качып кетишти, үй-бүлөлөрү да кошо кетти. +Ошояктан орун-очок таап, ошояка эл болуп кетишти. +Чаткалдын ашуусу жайында гана бир ай ачылат, унаа мененби, жөө болобу, ашчу киши ошондо гана ашат, калган учурда аерден канаты бар эле куш учуп өтпөсө, жан киши каттай албай калат. +Кар уюлгуп, бороон жүрүп турган ашуудан өтөм деген куш да тоңуп кулап түшөр. +Туугандарым ошо ашуунун ары жагында, көздөн далдоо кетишкен. +Өзүм а жакты көргөнүм жок, көргөн-билгендерден уктум да. +Кемпир бир саамга ойго чөмүлүп, унчукпай калды. +Кычкач менен мештеги күйүп аткан көңдү чукулап, уулунун көйнөгүн о��тун табына кармай берди. +Ыйы токтогон, көздөрү кургак. +Сейде анын кан-сөөлү качып, купкуу болгон иреңин карап туруп: «Кудай, ушу энемдин жанын аман коё көр!» деп ичинен тиленип жиберди. +Кемпирдин көрүнүшү чын эле жаман, күзгү суукта жол жээгинде чала жан жаткан чегирткедей шалбырап, араң эле кыймылдайт. +«Ушуну аман коё көр, кудай,– деди Сейде дагы ичинен кайталап,– ооруса-сыктаса да башы аман болсо экен. +Кокус бирдеме болсо мен жалгыз эмне кылам.» Ушерден ага бүдөмүк бир ой келе калып, жүрөгү шуу дей түштү, аны ары улантып ойлогондон коркуп, башкага алаксыш үчүн: – Эмне деп келаттың эле, эне, ии, Чаткалды айтып атпадың беле? +– деп жиберди. +– Ошо. +Ошо менен бир туугандарым Чаткалга түшүп кетти,– деди кемпир. +– Билгендей эле кетишкен экен, биерде турушса соо калышмак эмес экен. +Тиякта аскатоолордун арасында бирөөгө бирөөнүн чоңдугу жок. +Өз башың өзүңдө, эптеп аракет кылып, мал-сал курап алсаң, – тиричилигиңдин жөнүккөнү ошо, жок, эчтемеге ынтылбай, алма быш, оозго түш деп отура берсең – өз шоруң өзүңдө, айлаң кеткенде тоодон түшүп, түздөгү өзүбектерге барасың да, анан башка эмне кыласың. +Ошентип Үсөнкул, Арын – эки бир тууганым бала-чакасы менен же бар болорбуз, же жок болорбуз деп аякка кетти, бияктагы үйлөрүн болсо өмүрү жакшылык көрбөгөн томаяк кошуналары бир паста талап-тоноп кетишти. +Ошондон жыргап кеткен деле эч кимиси болгон жок. +Аңгыча элди ачарчылык каптады. +Анын алдында эгин топтоп, мал күткөн чарбачыл кишилердин баарын кулакка тартып, айдап кетишти. +Айыл-айылдан не бир эр азаматтар жылан сыйпагандай жок болду. +Көбү тетиги Шиберине айдалып, ошондон ары дайынсыз кетишти. +А менин бир туугандарым аман калды. +Бирок ошондон кийин көрүшкөнүбүз жок. +Барган жеринде очорбачар болушуп, түзүк жашап кетишти деп уктум. +Бир жылы жайында, эсиңде бар бекен, ыстанцага базарга барбадык беле, ошондон бир аздан кийин эле согуш чыкпадыбы, ошондо мага бир иреңи капкара киши басып келип учурашпадыбы, өзү түбү ушуяктан, а да кулакка тартылат дегендердин ичинде болчу, ошо киши Үсөнкул, Аргын туугандарың аман-эсен деген кабар айтты. +Көп сүйлөшө алганыбыз жок, Ысмайыл экөөң сага жоолук карагычакты сүйлөшүп тура калдык, эки бир тууганың аман-эсен, Чаткалдын бир айылынын аксакалдары, карып калышты, бирок али тың, турмуштары жаман эмес деди. +Менден экөөнө салам айтып койгула дедим. +Балам үйлөндү, келиним бар деп, сен жөнүндө да айттым. +– Булардын баарын эмне айтып атасың, эне? +– Булардын баарын айтып атканым, өз тагдырымды ойлойм, силердин тагдыр кандай болот – аны ойлойм. +Ошондон чыгып аткан сөз. +Тагдырыбыз түзүк эле келаткандай болду эле. +Туугандарым Чаткалга кеткенде жалгыз калдым. +Кыйналсам да эптеп тирилигимди жөндөп, бирөөнүн көзүн караганым жок. +Колхоздун кай жумушун болсо да иштедим. +Баламды чоңойттум. +Трактирчи болду. +Жакшы иштеди, алган тыйыны да дурус. +Анан үйүбүзгө сен кирдиң, кагылайын. +Ошентип турмушубуз жакшы эле куралып келатпады беле, аңгыча эле согуш деген балээ чыга калды. +Калганын өзүң көрүп олтурасың. +Анан ойлобой коёмбу, ойлойм да, бу өмүр бою эле азаптан арылбай келаткыдай кимге эмне жазганым бар? +Ушундай азаптуу-тозоктуу тагдыр болобу. +Балдарым биринен сала бири чарчап, анда көз жашым көлдөтүп жүрдүмбү, эримден айрылдым, бир туугандарымды кулакка тартабыз деп, алар андан качып-тозуп, жер ооп кетти, таңда кетип, күүгүмдө келип, колхоздун көрүнгөн жумушун жасап, тыным билбей жүрдүм, эми минтип, картайып, оорудан мүңкүрөп олтурам. +Эмне жакшылык көрдүм деп ойлойм да. +Баарынан да тозогу согуш экен, айланайын. +Балам байкуш качып, башын калкалар жер таппай жүрөт, эмне дейм, тилдеймби, каргаймбы, каргагыдай согушту чыгарган ал болбосо, анын да жашагысы келет да, сенин да ичкениң ирим, кагылайын, жегениң желим, көрүпбилип олтурбайымбы, тигинтип томпоюп, томпойгон балакетин алайын, эчтеме менен иши жок балаңар жатат, анын эртең көрөрү эмне? +Же арманың бирөөгө айталбасаң, жан киши билбесин деп олтурабыз экөөбүз. +– Ушундай азапка жаралыппыз, эмне кылалык эми, эне,– деп чырактын жарыгына салып, бир табак буудайдын чарын терип олтурган Сейде оор үшкүрүп жиберди. +– Биз го жамандыр-жакшыдыр минтип жылуу үйдө олтурабыз, ушу суукта үңкүрдө тиги шордуунун көргөн күнү эмне болду? +Же от жага албаса, жаксам түтүнү бар, жарыгы бар, бирөө байкап калбасын деп андан корксо. +Өзү да бир мүнөз, унчукпаган неме, эркектер ошондой, оюндагысын оңой менен сыртка чыгара бербейт эмеспи, бая күнү мага чечилип сүйлөп берип атпайбы. +Мен муну сага айта элекмин. +Талаа менен келатып эстей калдым дейт, трактор менен эң биринчи так ошо жерди айдаган болчумун дейт. +Айдап атам дейт, айдап атам дейт, көңүлүм бир толкуйт дейт, өмүр бою эле ушинтип жер айдап, дан сээп жүрсөм деп тилек кылып коём дейт. +Эми так ошо талаадан бүжүрөгөн чычкан болуп, үстүнөн кулаалы, же капталдан түлкү баса калчудай элеңдеп корккон чычкан болуп өтпөдүмбү дейт. +Ушинтип айтпадыбы, эне. +– Ошону айтып олтурбаймбы,– деди Бексаат көйнөгүнүн этеги менен көзүнүн жашын сыгып. +– Мынчалык кудайга эмне жазганыбыз бар? +Жалгыз балам экен, эмне дейм, же сага сүйөк-таяныч болуп бере албай, минтип жаным кыйналып, ооруп олтурам, бир ныптам таш бастырып койгондой эле ооруйт да ооруйт. +Атаганат, баягы күн-түн дебей күрсүлдөп колхоздун жумушун кылган жаш кезим болсо эмне, ушинтип очорулуп отурат белем. +Баламды колума көтөрүп, канатыма отургузуп, ашуу ашып, дабан басып, Чаткалга түшүп барбайт белем, кулакка тартабыз дегенде кеткендер башын балээден калкалап эле калды го, Чаткал деген бийик тоолуу жер экен, ар ким термелесе тирилигин жасап кетет экен, термелебесе калат экен. +Эми, айланайын Сейде, эртеден берки кебимдин төркүнү ушу – экөөң да жетелешип, жай келсе, ашуу ачылса, кеткиле, Үсөнкул менен Аргын экөөн тапкыла, экөөнүн балдарын тапкыла, менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. +Мен ушерде эле болоюн. +Чаткалга түшүп кетсеңер кантет, балаңарды көтөрүп алып, ашуу ашып. +– Чын эле, эне! +– деп, сүйүнүп кетти Сейде, а да өгүнү ушуну өзүнчө бир ойлоп койду эле. +– Бирок кудайдын дагы не айтканы турат, бара көрөрбүз. +Экөө тең унчукпай калышты. +Кемпир отко кактап, көйнөк кургатып, Сейде буудайдын чарын терип, ойлонуп олтурушту. +Ошол эле түнү Ысмайыл үйгө келгенде Сейде Чаткал жөнүндөгү сөздү айтты. +Ысмайыл мындай кубанбас! +Ага алдынан тосуп турган бийик чептин бир жеринен капыстан шарт деп дарбаза ачыла түшкөндөй болду. +Энеси менен келинчеги үйдө олтуруп алып, туюктан алып чыгар бирден бир туура жолду таап алышканына таң калды. +Азаптан кутулат, эркиндикке чыгат деген ушу да! +– Капырай, муну кантип ойлоп таптыңар ыя?! +– деп жатты Ысмайыл сүйүнгөнүнөн барбалактап. +– Чаткалда чын эле көздөй таякелерим турса ыя. +Кудай берди, кудай өзү ишими оңоду! +Эми эптеп жайга жетип алсак, ашуу ачылса, бир күн эмес, бир саатты да текке кетирбеш керек. +Ушу башыма келбептир да. +Анын үстүнө өзүмдүн бир тууган таякелерим Чаткалда экенин мурда-кийин дурустап билип албапмын. +Сен да жашырып айтпай келипсиң, апа. +Кулак десе ким каягынан дагы кандай сөз чыгарып жиберет дегендирсиң. +Ошо кулак болушканы ырас болуптур. +Мына эми Чаткалдан издеп барып таап алабыз. +Кулактар дешип! +Кулактарды табышкан экен! +Чаткалга эптеп жетеличи, сурамжылап таап албай жаныбыз жокпу, табабыз – Үсөнкул, Аргын таякелеримди, чынбы, апа? +Кудай жалгап, ушундай бир туугандарың болуп калганын кара! +Ысмайылдын кубанычы ашып-ташып, «бүттү, атасынын көрү, бир азаптан кутулдум» деп көңүлү чайыттай ачылып турду. +Али эшикте кычыраган кыш турат, али алдыда ала шалбырт жаз жатат, жайга чейин кайда, али муз эрип, тоолордун жака-белинен кар кетиш керек, күкүктөп суу кирет, ашуунун белинде омбулар жукарып, жол ачылат, жүрчү көчкүлөр жүрүп, ал мезгил да өтөт, али кайда, мындай кыйын жолдун өзүнчө даярдыгы, камы көрүлүш керек, ушунун баары алдыда болчу иш, бирок Ысмайылдын көңүлү элеп-желеп болуп, жаны жай таппай калды. +Бирде тура калып, терезеге барып, Чаткал тарап ушу жактасың го деп, жылдыздуу түндө чокулары шаңкайып, асман тиреп катарлаш турган тоо кыркаларын үңүлө тиктеп, ошол үстүнөн учуп өтө албай куш канаты тоңгон аскар тоолордун ары жагында жаткан Чаткал өрөөнүн элестетет; бирде мештин оозуна кайра келип, муздап калган тамагын ичип кирет: демейде алдындагы табактан башка менен иши жок, аза күткөн адамдай үңкүйүп отурчу эле, эми такыр башка – көздөрүнүн оту жанып, үнү бек-бек чыгып, баягы илгерки өз калыбына келе түшкөнсүдү. +Ырас, анын минтип өз кыялына өзү мас болуп, жүрөгү алып-учуп турган чак узакка созулбайт, эки күндөн кийин эле үңкүрдө жатып, көңүлү зилдеп, суукту, кышты, жапайы тоо-��ашты, көзүнө эмне көрүнсө ошонун баарын ашатып сөгүп, ушундай күндө калганына жиндеп, тагдырына түкүрүп, жинине чыдабай ыйлап, жаны кашайганда, ушу кушча жокмун, ушундан көрө куш болуп калсам эмне, тоо ашып кеткенге жарайт элем го деп чындап эле өкүнүп, жанын коёрго жер таппай зили караят дечи – ошону баамдап, апасы менен аялы анын кабагы ачылып кубанганын да, кайра жаны кейип кыйналарын да түшүнүп-туюп олтурушпайбы, качкындын иши качкын, анын көргөн күнү эмне экенин экөө билип калышты, качкын киши башын сактайм деп качкан менен согуштагыдай эле артынан өлүм кубалап алат турбайбы. +Согушта душман өлтүрөм деп турса, биерде өзүбүздүкүлөр өлтүрөм деп издеп жүрөт. +Мыйзам ошол экен, эмне кыласың. +Ал эми пенделик парска бекем, жакын адамы кыйналып атканда жанын берүүгө даяр эки аял – кайнене менен келин – Ысмайылдын азабын кошо тартышпаганда кайда барат. +Экөө тең билет: эл арасы күбүр-шыбыр сөз, кыңыр иш билинбей коёбу, бирок жаманчылыкты жалпы тартып, жалпы мүңкүрөп турган эл бул эки бечарада не күнөө деп, башка учур болсо бетке чаба айта турган ачуу сөздү айтпай турат. +Эл билсе, сени аяп унчукпай турса, аны көрүп-билип турсаң, – мына ушул азап. +Баардык азаптан да эки аялдын башына түшкөн ушул азап оор. +Анан да качкын качан колго түшөт деп мыйзамдын катаал жолу күтүп турат, качкынга аёо жок, качкынга өлүм деп турат. +Муну ойлосоң жүрөк зилдейт, кирпик көзүн какпай таң атырасың. +Айла канча. +Мырзакул чолок, алыс да болсо тууган, бирок сельсовет неме, жинденип, ызаланып, Сейдени камчы менен сабады, муну да кайнене, келин – эки зайып жүрөктөрү канап, ичтери өрттөнүп турса да, унчукпай көтөрүп коюшту. +Ысмайыл деп ошентишти. +Ушунун баарын түшүнүп, билип-туюп, ушунун баарына чыдап келатышканда, Ысмайылдын башын калкалай турган бир кичинекей огожо үмүт чыга калып, үстүлөрүнөн оор жүктү ала салгандай кадыресе жеңилдей түшүштү, өздөрүнчө ушул акылды таап алганына астейдил сүйүнүштү. +Ысмайыл болсо эртең таң заардан эле сапар тартканы турушкансып, Чаткалдын ашуусун кантип ашуу керек, ошонун жайын айтып баштады. +Бексаат менен Сейде анын айткандарына ого бетер жүрөктөрү жылып, кубанып олтурушту, себеп дегенде үчөөнүн тең ой-санаасын туюктан чыгарган, үчөөнүн тең ой-санаасын эми бир тарапты көздөй, Чаткалды көздөй жетелеген амал табылды. +Бирок ичтеринде Бексаат, Сейде экөө тең бул ой лып эле ишке аша калбасын, ооз менен айтканга оңой болгон менен ак кар, көк муздуу, асман тиреген ашуудан өтүш тозок экенин, аерде канча адам көчкү астында калган, канча адам түтөккө чыдабай өлүп кала жаздаган татаал жер экенин түшүнүп олтурушту. +Чаткалга барганда эле баары ойдогудай боло калабы, аны да бир кудайдын өзү билет. +Бирок бу жагын кеп кылышпады, экөө тең сүйлөшүп алышкандай, Ысмайылдын сөзүн коштоп, макул болуп жатышты. +Айрыкча Бексаат кемпир жаны жер тартып, деми кыстыгып, зорго отурса да анысын билгизбей, баламдын биртке кубанып турган көңүлүн кирдетип албайын деп, ичинен тиштенип чыдап, жүзүнөн эчтеме байкатпай отуруп берди. +Чыдайын, уулум таңга маал үйдөн чыгып кеткенге дейре чыдайын, анан онтоп, оорум менен алышайын, ошондо буркурап бир ыйлап алайын, кудайга жалынайын, ушу баламды эми кыйнай көрбө, акылынан айрылып, жинди болуп кетпесин, айланайын Алла Таалам дейин, абалыбыз бу болуп турганда менин кеселимди күчөтпө, табып чакыртып далбастатпа, биздин үйгө киши-кара каттап, айыл-ападагылар кирип-чыга турган чак эмес дейин, уулумдун тагдыры минтип кылдын учунда турганда мен төшөккө жатып каламбы, аныңдан сактай көр кудай дейин деп отурду. +Жанды, берген кудай өзүң аларсың, пендебиз, андан качмак белек, уулум ашуусун ашып, Чаткалына жетип алсын, коё тур, жанымы оозума тиштеп отура турайын, аман-эсен кутулуп кеткенин көрүп, анан өлөйүн, барчу жайыма анан барайын, ичер суум түгөнсө айла барбы, барайын, кара башым курусун, кара башым үчүн эмес, өз балам, өз келиним экөө үчүн ушинтип суранып-тиленип атам, жараткан эгем! +– деп отурду. +Келинимден кагылайын, келинимдей келин барбы деп, ичинен Сейдени миң бир ирет алкады. +Акыйкаты да ушу – дүйнөдө ага Сейдеден өткөн кымбат адам жок. +Деле опосуз өтүп аткан өмүрдүн баш-аягын бир имере чалып карап, бу жарык дүйнөгө темселеп келип не таптым, не жакшы нерсени көрдүм деп ойлой келгенде Бексаат бечаранын көңүлүнө жарык шоола түшүрүп, жүрөгүн жылытып турган бирден бир касиет да ушу – Сейденин ага келин болуп калганы. +Эгер тагдыр ушундай жылдызы жарык, ак көрпө жайыл келинден бактысын аяса, эгер Сейде да Бексааттын кейпин кийип, өмүрү үшкүрүк, күйүт менен өтө турган болсо, анда бакыт кимге, кандай аялга берилчү нерсе? +Ал кандай барчу кишиге барбай, эл арасында сокурдай темселеп жүргөн бакыт? +Ансыз да бу жарыкчылыктын адамды эзген көйгөйү азбы. +Ушул кара тумандай самсаалаган санаа ансыз да жаны кейип жаткан кемпирди ого бетер алсыратты. +Кайдагы бир кейиштүү ойлор, убайым кудум алыс сапар тартаар алдында асман бетин бербей удургуп, чуручуу түшүп, имерилип учкан келгин куштардай бири ары кетсе, бири бери келип жатты. +«Кой, убайым жаман, тукуму соолсун, убайымга алдырбай, тынч жатайынчы дегенине болбоду, бир ыптасын келемиштей кемирип жеп келаткан оору демейде башына келбеген ойлорду ойлоого аргасыз кылып жатты. +Оору дайыма адамды өзү менен өзүн сүйлөштүрүп, эч кимге айтпаган сөздөрүн ичинен өзүнө айттыра алат эмеспи. +Бирок канчалык кыйналса да, элеттик кыргыз аялдардын эзелтен салт болуп келген чыдамкай көтөрүмчүл мүнөзү канында бар Бексаат ичинде кандай алоо күйүп жатканын сыртына билдирбеди. +Ысмайыл өзүнчө кыялданып, жай алды менен Чаткалга токтоосуз жөнөө керектигин кайра-кайра айтып, «Төртөөбүз учкашып-чиркешип эптеп ашуу ашып кетебиз. +Андан көрө жакшылап кам-чом көрүп албасак болбойт» деген кезде гана Бексаат айласыздан акырын үн катты: – Мен биерде эле калайын, балам, жол жүрөр алым турабы, өзүңөр аман-эсен тоо ашып кетсеңер кандай. +Батамды берип, амандыгыңарды тилеп, ушерде эле болоюн. +Ысмайыл безге сайгандай секирип кетти: – Ушерде калам дегени эмнеси! +Ой, апа, сен эмне деп атасың! +Сени кантип таштап кетебиз?! +Сени таштап биз эч жакка кетпейбиз. +Өз энемди таштап салып мен каякка барат экем?. +Жонума көтөрсөм да ала кетем. +– Кудай тилегиңи берсин, садагаң болоюн. +Минтип алым куруп, сыркоолоп, карылык бир жагынан шалдыратып салбаганда, жөрмөлөсөм да + + силерден калбайт элем го,– деди Бексаат баласынын көңүлүн сындырбастын амалында. +– Мага силер менен чогуу жүргөн жакшы эмей. +Бирок биз айтып атабыз, а кудай эмне деп туру. +– Олда, апам-ай, ушинтип эле убайым жей берет! +Ар нерсени ойлоп санааң тынбай жатыр, апа билип атам, бирок көп кабатырлана бербе, али кайда, дагы алдыда бир топ убакыт бар,– деди Сейде адатынча жаркылдай күлүп. +– Кудай колдоп, ага чейин жакшы болуп кетесиң. +Көрөсүң го, апа, бу сыркооң сен көр, мен көр жок болот. +Мына ошондо жолго чыгабыз. +Чаткалга жетип, бир туугандарыңды таап: «Мына, келдик, карындашыңарды алып келдик, ал аз десеңер өзүбүз биротоло кошо келдик» дей турган күн да алыс эместир. +Сейденин сөзүнө үчөө тең күлүп калды. +Сейде оору жөнүндө сөз ырбап кетпесин үчүн, кепти бура салганын кайненеси түшүндү. +Ичинен аныкын туура көрдү. +Ушинтип, бири-биринин көңүлүн улаган, сүйөмөлөгөн, биртке болсо да оор убайымдан сергиткен кобур-собур менен дагы бир түн өтүп баратты. +Айрыкча Ысмайыл өзүнчө эле толкундап, эргип кетип жатты. +Бир-эки жолу уктап аткан Амантурду көтөрүп ала коюп, бооруна кысып, бетинен сүйүп, шыбырай сүйлөдү: «Чаткалга барабыз, уулум, таякелерибизге барабыз. +Корунбай, кысынбай, эл катары жашайбыз. +Тай үйрөтүп берем, минип алып кырды кырдай чабасың. +Кокуй эле кокуй деп, артыңдан апаңдар эси чыгып кыйкыраар дейм ыя!». +Анан ал олуттуу түр менен кебин салмактуу таштап, Чаткалга кантип жол тартыш керек, ошону жай айтып чыкты. +«Албетте,– деди ал,– жайды күтөбүз, андан башка арга жок. +Жол ачылсын. +Азыр болсо бөгүп гана тынч жатыш керек, келчү учурду күтүп. +Эч шек билинбесин. +Күткөн күн келер замат, буйдалып олтурмай жок – дароо тоо беттеп жөнөп беребиз. +Жөнөгөнгө чейин баардык кам-чомду көрүп коюшубуз керек. +Ашууда али кар жаткан мезгил болот. +Атүгүл аерде катуу бороон-чапкын да болуп турат деп укчу элем. +Жылуу кийим, айрыкча бут кийим албасак болбойт. +Жөө-жалаңдап аска ташты аралап, кар кечип, муз басып өтүш үчүн бышык бут кийим кийиш керек. +Антпесек ашууда калабыз. +Анан тамак-аш. +Бир жумага жетер азык алсак болоор. +Талкандан көбүрөөк алыш кажат, эттен бышырып да, чийки да камдап, туз, отун да алыш керек. +Ашууда кайдагы отун, кар менен шамалдан башка эчтеме жок. +Кезинде мен Чаткалдын ашуусу жөнүндө неч��н кептерди уккам. +Апам туура айтат – эт болгондо да майлуу, семиз эт керек. +Чабандарды ызгаарда алып жүргөн ошо майлуу эттин кубаты да. +Ашуу ашканда кандай тамактаныш керегин ошолор билет. +Эки куржун керек. +Баардык буюм-терим, кийим-кечек, баланын ороо-чулгоосунун баарын ошо эки куржунга батырабыз. +Куржундарды эшекке жүктөйбүз. +Эшекти кайдан табабыз? +Баса, ырас эле, эшекти кайдан табабыз? +Бир эмес, эки эшек керек. +Бирине куржундарды артабыз, Экинчисин жумшактап токуп берсек, апам баланы өңөрүп кете берет. +Биз жөө басып алабыз. +Шашпа, шашпа, Сейде. +Эки эшек кайдан табылат деген жатырсыңбы? +Азыр айтам. +«Берем деген кулуна, кудай белен кылат жолуна» деп, эми эстебедимби. +Бир жолу сага айткамын, эсиңде барбы, жокпу, тээ Кой-Таштын коктусунда алты-жети эшек жүрөт деп. +Болду-болбоду кен издегендер жүк артып келишкен да, жумуштары бүткөндөн кийин эшектерди таштап, өздөрү поездге отуруп жөнөп кетишкен. +Күздөн бери ошерде жүрүшөт, же айдап кетер ээси жок, былтыркыдан калган үймөк чөп-чар, саман-суманды жалмалап, кар алдынан бетеге тээп оттоп, кыштан чыгып кетмей болушту. +Бирөө-жарым көрсө көргөндүр, бирок алардын кимге кереги бар, айылда эшек толуп атпайбы. +Ошолордун экөөсүнө туз берип, үйүр алдыра берейин. +Керек болгон күнү биерге түндөп айдап жетип келем. +Жүгүбүздү арта салып, жөнөп кетебиз. +Таңга чейин бу чөлкөмдөн алыстап кеткендей болушубуз керек. +Канчалык алыстап кетсек, ошончолук жакшы.» Аңгыча айылдын кайсы бир жеринен короз чакырды. +Ага удаалаш эле коңшулардын короздору жарыша үн созду. +Ысмайылдын кетээр маалы болду. +Ал арыдан-бери жыйналып, баласын эңилип жыттап, апасынын көңүлүн көтөрмөлөп бир-эки сөз айтып, анан эшикке чыкты. +Айлана али караңгы. +Айыл жымжырт уйкуда. +Бүт төгөрөк чөлкөм таң алдындагы суук ызгаардан ичиркенип, чылк чүмкөнүп алгандай тынч. +Кар жаачудайбы, кандай – батыш жакты капкара оор булуттар каптап, түнөрүп келатат. +Сейде күйөөсүн узатып, эшикке кошо чыкты да, короодон өтүп баратып: – Ысмайыл, эгер эртең түнү мен сени күтүп биерде турбасам – анда үйгө кирбе, дароо кетип кал,– деди. +– А эмнеге, эмне болду? +– деп Ысмайыл чочуп кетти. +– Апам катуу ооруп калган түрү бар. +Сени кабатыр болбосун деп сыр бербеди көрүнөт. +Дарылаш керек. +Табыпка көрсөтөйүн. +Антпесек болбойт. +– Алда атаңдын көрү-ая, какаганга муштаган болгонун кара. +Дарыла, Сейдеш, кыргыз табыпка. +Башка эмне айла кылабыз. +Балким чөп-чар кайнатып берсе шыпаа болуп кетээр, ыя? +Ошо менен коштошушту. +Ысмайылдын кетип баратканын Сейде көпкө карап турду. +Ана, ал көнгөн жолу менен жүрүп олтуруп, Сатымкулдун, анан Тотойдун короолорунун жанынан кыйгай өтүп, чоң арыкты көздөй бурулду да, көрүнбөй калды. +Эми байкуш жалгыз эрбеңдеп, чий баскан ээн талааны аралап өтүп, тоо таянат да, үңкүрүнө жетип, күпшүйгөн оор тонун жамынып жатат, кантет анан деп ойлоп турду Сейде. +Бирок б�� жолу анын көкүрөгүнө түшкөн бир жарык шоола – жакында Чаткалга ооп кетебиз го деген тилек көңүлүн сергитип, чыйралтып, кара тумандай санаага көп чөктүрбөй, жашоого үндөп жатты. +Сейде үйдүн босогосун аттай берип эле жүрөгү шуу дей түштү: кайненеси эс-учун жоготкон түрү бар. +Эси чыгып, эмне кыларын билбей, жетип эле чөгөлөй калып, кош колдоп көтөрүп ала койду. +Капырай, кебездей жеңил, сөөгү менен эле териси калган турбайбы, жаны эмнеге илинип жүргөн? +Зорго эле дем чыгаргансыйт. +Сейде кайненесинин көзүн карабады, көзүнө карагандан коркту, «кудай, жамандыгыңды көрсөтө көрбө!» дей ичинен жалынып жиберди. +– Апа, апа, эмне болду, көзүң аччы, каериң ооруп атат, мобу жериңби, жүгөрү ысытып басалыбы, ысыгыраак чай ичесиңби? +Эмне кылар айласын таппай, мешке чуркап барып от тутантып, көмөч казанга жүгөрүдөн салып, ысытып, анан аны ооруган жерге басмакка баштыкка салып, далбастап жаткан Сейденин башында «эми эмне кылам?» деген ой чарк айланып турду. +Мындайда эмне кылыш керек – бештен белгилүү эмеспи: айлана-тегеректеги эстүү-баштуу кишилерди чакырып, сыркоону көргөзүп, алардын акылын угуп, анан бу аймактагы белгилүү табыптардын бирин апкелүү керек. +Анда Ысмайыл кантет? +Үйдөн киши аягы үзүлбөй калса, дарылап-эмдеп табып олтурса, оорулууга «жакшысыңбы?» деп кирип-чыгыш коңшу-колоңго парс, алар эрте-кеч каттап турса. +Жок, не болгон күндө да күйөөсүн жашырып-жаап, багып туруу – Сейденин мойнундагы бирден бир милдет. +Ушуларды ойлоп Сейденин ою быт-чыт, же Ысмайылды кыя албайт, же кайненесин кыя албайт. +Эки оттун ортосунда турду. +Тиягын да ойлоду, быягын да ойлоду. +Акыры кемпирди төшөгүнө жылуу-жумшак жаткырып, ал биртке түзүк болгонсуп калгандан кийин, ичинен бир чечимге келди. +Эртең менен Сейде баласын эмизе салып, Тотойдукуна алпарды да, бир аз көз сала тургула деп дайындап коюп, өзү айылда бир бүбү чалыш кемпир бар эле, ошого жөнөдү. +Колу жеңил кемпир, анча-мынча ооруну эмдеп-домдоп айыктыра коймою бар, өткөн жылы Сейденин төрөтүн аман-эсен түшүргөн да ошо. +Үйүндө экен, «барайын, айланайын, барайын, бирак менин колуман келеби, келбейби, экөө болуп баралы» деди. +Экөө дегени – дагы бир эмчи аялды ала бармакчы болду. +Сейде үйгө келип, аларды күтө берип зарыгып бүттү. +Түшкө жуук зорго келишти. +Келген менен пайда болгон жок: олтурушту, чай ичишти, Бексааттын алын сурашты, «жөнүгүп кет, жакшы болуп кет» дешип ак ниетинен тилек айтышты, анан «бу дартты алыш биздин колдон келчүдөй эмес» дегендей шыпшынышып олтуруп калышты. +Болгондон суунун аркы өйүзүндө, Арча айылында эмчи Муса деген чоң табып чал бар, ошону апкелгиле дешти. +Сейде Тотойго кайра барды. +«Апамды да, баланы да карай тургула эми, мен эмчи Мусаны чакырып келбесем болбой калды» деп, маңдайкы айылга жөнөдү. +Тотой ак көңүл, боорукер неме эмеспи, «карап турбаганда анан!», деп, өзүнүн чиедей балдарын да көтөрүп-жетелеп алып, кемпирдин жанына келип олтурду. +Эмчи Муса үйүндө экен, Сейде ушуга катуу сүйүндү. +Кечке маал барып көрөйүн деди а киши. +Сейде дароо кайра кайтты. +Эки айыл ортосундагы суу кышында тартылып, тайыздай калган менен кече келгенде тизеден жогору чыгып, муздагы сөөктү какшатып, денени калчылдатат. +Айла жок, дагы кечип өттү. +Бутун шапа-шуп кие салып, айдөш жолдо ыкчам-ыкчам басып жөнөгөндө дене-бою жазыла түшкөнсүдү, бир аздан соң атүгүл ысып чыкты. +Жана тиги айылга баратканда да, эми кайра кайтып келатканда да Сейденин оюн онго, санаасын да санга бөлгөн нерсе ушу болду – канткенде кемпир тыныгып кетет? +Күн эмес, саат сайын ал-кубаттан кайтып баратат, абалы начар. +«О, кудуретиңден айланайын кудай, мындай коогалуу күндө турганда апамдын жанын сактай көр!» деп, кайра-кайра кудайдан тиленип-суранып жатты Сейде. +Эми айлабыз эмне болот, апам да жакын арада турчудай болбой катуу жыгылды, мен Ысмайылга кеткенде, баланы кимге таштайм, же Ысмайыл мурдагыдай үйгө кирип келалбаса. +Кандай арга кылам?!. +Акылы бир жерге токтобой, башы маң. +Кайрылып эле кудайга жалынат. +«Жараткан эгем, апамды сакайта көр, өзү туруп, өзү басып, үй ичинде кыбырап жүргөнгө жараса эле болду эле,– деп тилейт. +– Эшекти токуп берсек, мингенге жараса, кудайдын бир айткан күнүндө бири-бирибизди жетелешип, эптеп Чаткалды ашып кетсек, эч кимге кор болбой, эч кимден коркпой, эркибизче жашап кетет элек го! +«Капырай, канча киши оорусунан айыгып, сопсоо болуп эле кетип жатат, ошонун бири ушу апам болуп калса болбойбу?» – деп ойлойт. +А эгер оорусунан жөнүкпөй, ушу бойдон туралбай жатып калса, анда Чаткал кайда – сыркоо кемпирди жалгыз таштап кетишеби? +А кемпирдин жанынан чыкпай олтуруп алса, Ысмайыл кантет? +Мына аз калды – жазгы талаа жумуштары башталат, тоонун этек-белине жайылып мал чыгат, бирөөнүн болбосо бирөөнүн көзүнө чалдыгып калышы бар – анда эле иштин бүткөнү. +Тоңголок жолдо шыпылдап үйгө шашкан Сейденин көкүрөгүн ушундай кара тумандай ойлор каптап, кептелген туюктан чыгарчу жолду таппай келатты. +Эми анын жалгыз үмүтү эмчи Мусада калды. +Муса бу аймактагы атактуу дарыгер, түркүн + + чөптүн тилин билет, сүт менен да дарылайт. +«Кудай ушу эмчинин колуна касиет берип, кемпир бат эле сакайып кеткей эле, үйгө кирип-чыкканга жарап калгай эле,– деп тиледи Сейде. +– Баягыбыздай эле эч ким менен ишибиз жок, өзүбүзчө чүңкүлдөшүп оокатыбызды кылып, түнүндө Ысмайылыбызды тосуп алып, Чаткалга кандай кетебиз, болгон дүнүйөбүз көп болсо эки эшекке жүк болор, а жагын сүйлөшүп отурган күн кайра келгей эле». +Эмчи Муса айтканындай кечке жуук келди. +Абышка кокус үйдү таппай издеп калбасын деп, Сейде утурлай тосуп, үйдүн жанындагы дөңсөгө чыгып турган. +Башында түлкү тумак, эшекчен келаткан эмчини Сейде алыстан эле көрдү. +«Кудай, эми ушу эмчиден айта көр!» деп, ичинен жаратканга жалынды. +Оюнун баары эмчи Муса өзү келет дегенге биртике кубаттана түшкөн, бирок оң ныптасынын ооруганы көз ирмемге да басылбай, жаны кыйналып жаткан кемпирде. +Эмчи Муса деген иреңи кара тору, сакалы куудай, кочкор тумшуктанган чоң мурду бар, сөөк-саактуу, алибеттүү чал, адамды кунт коё теше тиктейт. +Анын эмчилик күчү да так ошо кишини кезеп өтчүдөй болгон өзгөчө көз карашында, анан да кулакка угумдуу, жагымдуу коңур үнүндө. +Сейдеге жакындай берип: – Эмне үшүп эшикте турасың, кызым, өзүм деле таап келбейт белем, Бексаат байбиченин үйү кайсы десем айтып беришет эле го,– деди ал көөдөнүнүн түпкүрүнөн чыккан жоон үнү менен. +– Үшүгөн деле жокмун, эмчи эта, сизди күтпөгөндө кимди күтөбүз, ата, келиңиз,– деди Сейде. +– И-и, кана эми, көргөз Бексаат бечараны, эмнем ооруйт дейт. +Баласы урушта жүрсө, өзү оорубатса, сууктун түрү бу болсо, ачарчылыгы быягынан, атаны түгөнгөн дүнүйө – ая. +Үйгө жакындай бергенде: – Күйөөңөн кабар келибатабы? +– деди эмчи Муса. +– Жок, көптөн бери кабар жок,– дей салды Сейде. +Капыстан берилген суроого дене-бою дүркүрөй түштү. +Чал унчуккан жок, бир аздан соң: – Согуш деген ошо да. +Айла канча. +Бирак ар ким маңдайына жазганын көрөт, кырк жыл согуш болсо да ажалсыз чымын өлбөйт деген,– деп койду. +Сейде болсо өзүнөн өзү шектенип, бу эмне дегени, балээ болуп, «Ысмайыл качып жүрөт деген каңшаар бар экен, ошо чынбы?» – деп жибереби деген капилет ой келе калып, ичинен түйүлүп, көңүлү бузула түштү. +Бирок чал башка эчтеме дебеди. +Аңгыча короого кирип барышты, Сейде эмчини колтуктап эшегинен түшүрдү да, үйгө алып кирди. +Эшикке жакындаганда эмчи Муса токтой калып, Сейдени сүрдүү теше тиктеп, мындай деди: – Кызым, кайненең ооруп, кыйналыбаткан экенсиң, баарын көрүп-билип турам. +Кудайдан шыпаа болуп, айыгып кеткиси бардыр. +Бирак, айтып койчу сөз ушу – мен көрөм, кантип дарылаш керек, аны айтам, керектүү чөптөрдү ала келдим, тиги баштыкта турат, эсиңде болсун, менин айтканымды жакшылап ук да, андан артык эч нерсе сураба, каери, эмнеси ооруйт экен дей берчү болбо, жарайбы?! +– Жарайт, ата. +Эмчи Муса эшикти ачып, босогону аттай берип, бурчта жаткан Бексаатка жылмайды: – Ой, бу кандай беймаал ооруган Бексаатсың ыя, азыр ооруй турган чакпы, кичине коё турбайсыңбы? +Кемпирдин тамашага тамаша менен жооп бере турган алы жок эле: – Жаным жай таппай, кыйналып бүттүм, Муса,– деди ал онтоп, зорго сүйлөп. +– Бир айласын таба көр. +– Азыр, азыр. +Көрөлүчү, кана. +Сейде мештин түбүндө тынч туруп турду. +«Кемпир-кесектердин, же кошуна аялдардын бирөөн биздикине жат деп чакырып келемби, эмне кылам, түнүндө жалгыз кантип отурам»,– деп ойлобатты ал. +Эми үйгө жолой албай калган Ысмайылды ойлоп, көңүлү ого бетер зилдеди. +«Байкуш апам, минтип кыйналып жатканда наяты алты-жети чакырым жерде турган жалгыз баласын көрө албайт деген эмне» деп ичинен сызып турду. +Эмчи Муса болсо күрөктөй болгон чоң колу менен Бексаатт��н арык, баланыкындай ипичке билегин кармап, тамырдын кагышынан өзүнө гана белгилүү, өзү гана кандайдыр кереметинде биле турган купуя жышаандарды издеп жаткансыды. +Тамырын кармап көргөндөн кийин кемпирдин ичин, эки ныптасын колу менен сылагылап, кээ бир жерин басып, анан ойго чөмүлө түшкөнсүдү, ар бир кыймылын тирмийе тиктеп турган Сейде эмчинин иреңи өзгөрүлө түшкөнүн шыр байкады; бу жакшы белги эмес эле. +Дени муздай түштү. +Эмчи Мусанын эчтеме айтпаганы удургуп турган жаман ойлорду ого бетер удургутту. +Кемпир да ичер суусу түгөнүп баратканын түшүндүбү, жокпу, кандай, – мелтиреп эле шыпты тиктеп калды. +Сейде болсо баягы өзүн чүнчүтүп, жеп бүткөн ойду – Ысмайыл кургурдун тагдыры эмне болот деген ойду ойлоп турду: «Үңкүрдө жаткандыр, байкушум, эмне кылып жатты экен азыр, балким апамдын оорусун ойлоп, санаасы санга бөлүнүп жатса керек, же апамдын абалы мындай деп, мен жүгүрүп барып айта албасам» деп, ичинен эзилип турду Сейде. +Баардыгынын тагдырын мойнуна алып, баардыгы үчүн кудай алдында жалынып-тиленип, баарынын кырсыгы менин башыма тийсин, ушулар аман болсун деп тиледи Сейде. +Бирок кайненесинин маңдайына жазылган тагдырдын буйругун өзгөртүш Сейденин колунан келе турган ишпи?! +Мына ушерден катуу өкүндү. +Көзүнө жаш тегерене түштү, бирок ыйлабады, тиштенип чыдап турду. +Эмчи Муса кайтмакчы болуп, сыртка чыкканда иңир кирип калган эле, шашпай эшегине минип, бирдеме айтчудай ойлоно калды да: – Эми, айланайын кызым, кемпирдин жанында такай бол, каралашар бирөө-жарым болсо чакырып ал, сыркоосу катуу, менин колуман келчүдөй эмес,– деди. +Сейде шыр түшүндү, дене-бою муздай түштү. +Аркасына бир кылчайбай, улам арылап, караңгылыкка сөңүп бараткан эмчи Мусаны узата карап, мелтиреп турду да калды. +Капыстан терезеге дуу деп бир тийген ызгаар шамалдай илгиртпей кирип келген жаманчылыктын алдында жалгыз, жападан жалгыз турганын сезди. +Келчү кырсык келди. +Келбе деп тиленсе да келди, каапыр! +Ызгаар терезеге эле тийип өтүп кетпей, үй ичин муздатты, кутун учуруп өткөндөй болду. +Тагдырыма жазылганы ушул экен, көтөрөйүн, мен көтөрбөсөм ким көтөрөт, тарткылыгым экен – тартайын, башка эмне айлам бар, деп чыйралды Сейде. +Эми апамын жанынан чыкпайын, баласы Ысмайыл үчүн да, Үсөнкул, Аргын – эки бир тууганы – булар үчүн да кемпир алдындагы пенделик парсты мен өтөйүн, кудайдын кылганы экен, тирүү жүрүп келе алышпай отурбайбы деп ойлоду Сейде. +Үйгө шашылды, өлүм келгенде адам аргасыз макул болооруна, өлүмдү адам аргасыз кабыл аларына Сейденин көзү эми жетти. +Ошол кечтен баштап Сейде кайненесинин жанынан жарым карыш да чыккан жок. +Оорунун азабынан кыйналып, алы куруп бүткөн кемпир көз алдыда өчүп баратты, энтигип, зорго дем алып, бара-бара тил-ооздон калды. +Көздөрү тунарып, жалдырап эле келинин тиктейт – бул дүйнөдөн кетеринде акыркы сөзүн, көкүрөгүндө сары майдай сактап, кийин айтам деп, атайын катып келген, башка учурда эмес, так ушу коштошордо айтайын деген акыркы сөзүн айта албай жаткан түрү бар. +Бирок айтууга кубаты жетпеди, анын үстүнө кемпирдин оор абалда жатканын угуп, көрөм деп келгендердин аягы тыйылбады. +Айылдагылар акырын кирип, кемпирдин эми мал болбосуна көздөрү жетип, кайгылуу үшкүрүшүп, кайра чыгып кетип жатышты; айрымдары айттырбай-дедирбей эле колунан келген бир табак унун, бир кашык майын, чыны-табагын, биртке отун-сотунун апкелип, короого элдин баскан-турганына таза болсун үчүн самандан ташташып, мындай учурда көрүлчү кам-чомду көрүп коюшту. +Түн кирип, келчү саат жакындап келатты. +Сейденин кашыктап улам тамчылатып берген суусу гана кемпирдин акыркы мүнөттөрүн узартып жаткансыды. +Өмүр колдон суурулуп чыгып баратканын сезип-билип жаткан Бексаат ал-кубаттан айрылганына карабай сүйлөсөм деди, бирок сүйлөй албады, ага чамасы жетпеди, ошондо айтчусун көзү менен айтып калмак болду. +Өлүм алдындагы эс-мас абалдан, акыл-эсти каптаган мунарыктан бир саамга ачыла түшкөн көз карашынан, өчүп бараткан жан-дүйнөнүн акыркы жылт дей түшкөн нурунан Сейде көп нерсени түшүндү, муну бир түшүнсө Сейде гана түшүнмөк. +Жандарында эч ким жок, экөө бир бирин тиктеп туруп, ыйлап жиберишти. +Бир тилегибиз бар эле, ошол да ишке ашпады, үчөөбүз баланы боорго кысып, Чаткалды беттейли, кулакка тартаарда жан далбас кылып, жер ооп кетип, ошондон бери киндик кан тамган жерин көрүүгө зар болуп жүрүшкөн Үсөнкул, Аргынга баралы дедик эле, эми жатындаштар бири бирин көрбөй калды, арман дүйнө, көрбөй калды, деп ыйлашты. +Жок, тилек кабыл болбоду. +Кылдырап эптеп ашууга жетсек, ашуунун этегине жеткенде, шыкама деп, кудай-арбакка сыйынып, аска-таштын арасында жылтыратып от жагып, эми Көкө Теңир колдочу болсоң колдой көр, ашуудан аман-эсен өткөрүп кой, эч кимге зыяны жок бир пендебиз, Ысмайыл уруштан качып баса бериптир, башын калкалап качып келатыр, муну ээрчип энеси менен келини – биз келатырбыз, аялдардын маңдайына жазган нерсе ушу экен – баарынын күйүтүнө күйүп, чыдай берет экен, эмне кылабыз деп кудайга сыйынып олтуруп, эптеп Чаткал ашып кетели дедик эле, ага жетпедик дешип ыйлашты. +Насип буйрубаптыр, басчу жолду баспай, иччү суудан ичпей, Чаткалдагы бир туугандарын көрбөй, алардын артынан Чаткалга неге келгенин айтпай калды кемпир. +Кирпик көзүн какпай кайненесинин жанында олтуруп таң атырды Сейде. +Кара булуттай удургуп, көңүлүн зилдеткен ойлордун арасында күйөөсүнүн айласы эми эмне болот деген коогалуу суроо да бар эле. +Капырай, энеси өлүм алдында жатса, баласы ушу чөлкөмдө жүрүп көрө албаса, же көрүнө албаса. +Бу кандай шумдук?! +Ысмайыл: «мен мындайча жашагым келет» десе, а закон деген балээси: «жок, сен андай жашабайсың» деп турса, эл да ошону колдоп турса, бу кандай?. +Күч закон тарапта, көпчүлүк тарапта, ошон үчүн Ысмайыл закондон качып жүрөт. +Ошон үчүн Чаткалга ооп кетели, эч ким билбес, эч ким тааныбас жакка жогололу дешпеди беле. +Ысмайыл адатынча өзүнө көндүм жолуна түшүп, айылды беттеп келатты. +Тоо этегиндеги жылга-жыбыттарды басып өтүп, андан кийин каксоо талаадагы чийлерди аралап жүрүп олтуруп, акыры талаанын четиндеги кашатка жете келди, биерден айыл дүпүйүп көзгө даана тартылат: оройгон морлору, жылтырап жарык күйгөн терезелери – баары көрүнүп турат. +Эми ар бир кадамды аярлап таштап, шырп эткен дабышка кулак салып, огороддордун чекеси менен абайлап, үйгө жакындай берүү керек. +Мышыктай билинбей басып, үйгө да чукулдап калды. +Бирок эмнегедир кооптоно түштү: бу эмнеси, короо тарапта карандап кишилер жүргөнсүйт, кобур-собур үн угулат. +Ал Тотойдун огородундагы теректерге далдаланып, көңүлүнө дүрбөлөң + + түшүп, алда неден шектенип туруп калды. +Дагы арагыраак басуудан айбыкты. +Жүрөгү бир нерсени туйгандай лакылдап чыкты. +Жүрөк бир жамандык болгонун сезди: Сейде бекер айтпаптыр – болду-болбоду кемпирдин ахыбалы оор. +Мына ушул ой Ысмайылдын дене-боюн дүркүрөттү, башына күргүштөп кан тээп чыкты. +Теректи апчый кармап, эмне кыларын билбей, же үнүн эркин чыгара албай онтоп жиберди. +Короодо кишилер жүрөт, үндөрү угулбайт, үйгө да кирип-чыгыбатышат. +Иш бүткөн экен. +Оюнда азыр үйгө андан-мындан бир аттап, жолдо котолоп тургандардын биягын биякка, аягын аякка түртүп, өзүнүн жапайы түрү, капыстан пайда болуусу менен элдин жүрөгүн түшүрүп, энесине учуп жеткиси келди – айланайын жараткан, балким мына азыр жаны чыккан жаткандыр – учуп жетип, апасынын муздаган колдорун өпкүлөгүсү, ушундай азапка салганы үчүн, бир да эне ушундай азап тарткан эместир, өкүнүчүн, өксүгүн буркураган ыйга чыгаргысы келди, ошол буркураган ый менен баарын тетиякта алоолоп күйүбаткан, канча элдерди, канча өлкөлөрдү куйкалап күйгүзүбаткан согуш деген желмогузуң, ошол желмогуздан качам деп мына эми көрбөгөндү көрүп, көр болуп, шордуу болуп, бечара болуп олтурган өзүн – баарын жаап, жоготуп, бу дүйнөнүн үстүндө азыр энеси менен коштошуп жаткан баланын күйүттүү гана ыйын калтыргысы келди. +Буркурап ыйлагысы келди, көз жашын жамгырдай төгүп, Сейде, байкуш ак никелүү чыдамкай жубай, аны бүк түшкөн жеринен көтөрүп алмайынча, суу болгон бетин аарчымайынча, кой эми, кой ыйлай бербе демейинче ыйлай бергиси, ошол ый менен кошо баарын унутуп, эрип жок болуп кеткиси келди – ошондо ким анын колунан кармап: «Сен согушка кетпеди белең, эмне биерде жүрөсүң?» демек?! +Жүрөктүн бул бир саамга барпырап чыккан ысык буусуна акылдын муздак илеби урду. +Акылдын муздак илеби аны жүгүртпөдү, турган ордунан жылдырбады. +Өзүн өзү сөктү, өзүн өзү жерге какты – бирок энеси өлүм астында жатса да элдин алдына азыр ушул каракчыдай кейпи менен чыгып барууга даабады. +«Апам кечирет, апам минтип колго түшүп бергенден көрө, кетип калсын, башын калк��ласын, биерге жолобосун» деп кудайдан тилейт деп, өзүн өзү сооротту Ысмайыл. +Ошон үчүн азыр дароо кетип калайын деди, бирок кете албады. +Кетмек түгүл кандайдыр бир күч аны улам үйдү карай түртүп, улам бир кадамдан жылып олтурганын өзү да байкабады. +Сарайдын түбүнө жеткенде гана эсине келе түшүп, токтоду. +Кишилердин кобур-собуру эми даана угулду. +Мына, бирөө жөтөлдү, бирөө шарп эттире суу төктү. +Аттын дүбүртү угулду. +– Көрүп чыктыңбы, Мырзакул, ахыбалы кандай? +– деди бирөө. +– Ахыбалы кыйын,– деди тиги. +Атчандын үзөңгүсү дарбазадагы бир темирге тийди окшойт, чыңк дей түштү да, анан ат дүбүртү короодон узап кетти. +Ысмайыл бу кеткен атчан Мырзакул экенин үнүнөн тааныды. +Алысыраак тууган. +Качантан бери көрө элек. +Көрүп жүргөн кезде эки колу сопсоо эле, уруштан бир колунан айрылып келиптир дейт, эми Мырзакул чолок деп коюшат экен. +Селсоветтин төрагасы болуп алыптыр. +Төрага деп! +Төрага болгону менен колу жок да, туурабы?! +Болгону эки кол болсо, анын бири жок болот деген эмне? +Ысмайыл колдон айрылгысы келген жок, башты мындай коёлу. +Ошон үчүн ушинтип азабын жеп, шорун тартып, өзүн өзү сөгүп, бирок башын сактап олтурат. +Ай атаңдын көрү-ай! +Үйгө мынча жакын келбей, биерде эмне болубатканын көрбөсө болмок. +Эми ичи эңшерилип, жүрөгү канап чыкты. +Келген жол менен кайра артка тарткандан башка арга жок. +Ал кашаттын кырынан алдыда жаткан айылга кайрылып бир караган кезде түн жарымынан ооп калган. +Айылды караңгылык эбак баскан. +Тамы кайсы, тереги кайсы – эчтемеси билинбей караңгылыкка чөгүп кеткен. +Жылтырап гана эки кичинекей терезеден жарык көрүнөт – ошо Ысмайылдын үйү. +Ошол үйдө Ысмайылдын энеси жарык дүйнө менен коштошо албай, кыйналып жатат. +Таң атпай Ысмайыл көздөн далдоо жолдорго түшүп, айылды көздөй дагы жөнөдү. +Ичиндеги кечээ күйгөн алоо кайдан өчсүн, көңүлү тынчыбай: айылга, үйгө тартат – барганда эмне кылат, эмне болубатканын кимден сурай алмак – муну деле ойлогон жок. +Айылды көздөй баратты. +Күндүн ырайы жаман, бүгүн суук катуу болчудай. +Тоо тараптан ызгаардуу шамал урубатат. +Ысмайыл тумагын баса кийип, тондун жакасын көтөрүп, ага башын катып, колдорун чөнтөккө тыгып, дугдуңдап келатты, бутунда килейген солдат өтүк, көңүлү зилдеген, ою быт-чыт, жападан жалгыз. +Кашатка жеткенде токтоду, биерден айыл даана көрүнөт эмеспи. +Бир түп бадалдын түбүнө далдаланып жатты да, айылдын ичин бир сыйра сыдыра тиктеп чыкты. +Анчалык деле эчтеме байкалбагансыйт. +Түтүнүн булатып үйлөр турат, мектептин жанында балдар чурулдап ойнобатат, аттын кишенегени, иттердин үргөнү угулат. +Анын дарт-бикири – үйүндө, үйдүн тегерегинде эмне болубатат – ошондо, бирок бу жолу да эчтемени аныктап-дааналап биле албады. +Кишилер топтолуп жаткан түрү бар, короого кирип-чыккандар көбөйгөнсүйт. +Ушундан иштин жайын баамдап-туйсаң болот дечи. +Бирок кантип аны айта аласың. +Жакыныраак барып, дааналап көрсө, балким эмне болубатканын дароо билет эле, бирок ал андай тобокелге барбады. +Ошентип бадалдын арасында не кылар айласын табалбай, иреңи кумсарып, эки көзү канталап үй тараптан өтүп, чыккан эле үнгө кулагын төшөй калып, түшкө чейин суукка тоңуп отурду да, үңкүрүнө кайтты. +Кечке маал жарадар жырткычтай ызалуу, эки жагын сактана каранып жүрүп отуруп, бадалга кайра келди. +Элдин топтолгонун, жаң-жуңдардын күчөгөнүн, кимдир бирөөнүн эчкирип ыйлаганын көрүп эле жүрөгү зыр дей түштү – болор иш болгон окшойт. +Кыясы ал үңкүрүнө кеткен учурда кемпир кете берген көрүнөт. +Эми күмөнү калган жок. +Апасынан айрылган экен. +Капыстан бирөө оор келтек менен башка чапкандай эси эңгирей түштү, көңүлү караңгылап, сулк жатып калды: бадалдын арасында бир караганга адам, бир караганга түрүү суук айбан жаткандай. +Караңгы түшөр менен Ысмайыл айылды көздөй жөнөдү, огороддордун чети менен, жалбырактары небак күбүлүп, арбайып-тарбайып турган бак-дарактарга жамынып жүрүп отуруп, кечээги теректин түбүнө жетип токтоду. +Ошерге былк этпей туруп калды. +Апасынан айрылганына эми анык көзү жетти. +Короого кемеге жасап, казан асышыптыр, от күйүп жатат. +Кобур-собур үндөр чыгат. +Мырзакул чолоктун үнүн жазбай тааныды: аны жасагыла, муну жасагыла деп, баш-көз болубаткан түрү бар. +Улам дүпүрөп атчандар келип, бирөөлөрү кайра кайтып жатышат. +Биердеги элдин ырасми боюнча сөөк эртең коюлат. +Эртең менен бу чөлкөмдөгүлөрдүн баары келип, куран окулат, бата кылынат, анан түшкө жакын өлүктү алып чыгышат. +Көрүстөн айылдын үстүндө, тоо этегиндеги тектирде, ошерге коюшат. +Андан көрө мүрзөсү казылыбатты болду бекен, а жагында жүргөн бирөө-жарым барбы, же эртең мененкиге калтырышты бекен? +Ысмайыл ушуну ойлоду. +Жер тоң, күн мурун казып койбосо, эртең менен үлгүрбөй калууга мүмкүн. +Кайра бараткан жолдо кайрылып көрө кетүү керек. +Ушинтип, не кыларын билбей шалдырап, айласы куруп, суканы учуп, өзүнөн өзү корунуп, теректин түбүндө турду. +Бир оокумда илкий басып, огороддордун чети менен көрүстөндү көздөй бет алды. +Асманда ала булут ай жарыгын калкалап, караңгыда аң-дөң билинбейт, көрүстөн тарапты болжоп жол тандабай жөнөп берди. +Бирде мүдүрүлүп, бирде буту чуңкурга кирип кетет – көзүнө улам тегерене калып жаткан ысык жаштан алды жагын абайлап кароого да будамы келбей баратты. +Баратып, адатынча көңүлү дагы зилдеп кетти: «Мен эмне болгон жанмын өзү?! +Эмне эле болубатам, кай жолдо баратам, эмнеге жашап жүрөм?» деди жинденип ичинен кайнап. +Айылдан обочороок тектирдеги бу көрүстөндү Ысмайылдын көрбөгөнүнө көп болгон экен: акыркы жолу биерге качан келгенин да эстеш кыйын. +Эсинде, согуш чыга элек кез, трактирчилердин окуусун бүтүп келгенден кийин алгач ат чалгы беришти, чөп чаап жүрдү. +Чөптү ушу көрүстөндүн тегерегинен чабышаар эле. +Түшкү тыныгууда, аттарды тушап коюп, бир кур балдар көрүс��өндүн аймагында өскөн калың чөптүн арасынан бөдөнө кармашар эле. +Эч кимдин колу, буту тийбеген түркүн чөп бир кылка жапжашыл болуп жайкалып, ар качан ичи толо бөдөнө болор эле, аларга мындан өткөн жай табылабы – мүрзөлөрдүн арасындагы чөптү чаап алышка кимдин дити бармак. +Кайран бейкут кез! +Капарсыз, кайгысыз жүргөн кайран жайкы күндөр! +Күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартыла түштү. +Чөптөрдүн буркураган жытын, калкылдап соккон желаргыны, жерде да, көктө да чулдурап тынбай сайрап, өзүнчө учуп-конуп куунак жүрүшкөн парандаларды, жайма-жай чырылдап, аптаптын күүсүн чалган чегирткелерди, төбөдө баркырап жанып турган жарыктын молдугунан анын антип балбылдап жанып турганын эч ким элес албаган жарыктык Күндү, дем алсаң көкүрөгүңү тазарткан чаңкайган таза абаны эстеди. +Ошондо арадан жылдар өтөрүн, ал моминтип кышкы түндө зиркиреп, ызадан, корунуп-коркуудан ичи бук болуп, аны ушундай ахыбалга эмне апкелсе ошонун баарына жини кайнап, жек көрүп камоого түшкөн жырткыч кебетеленип, караңгылык жамынып, көрүстөнгө келүүгө аргасыз болорун ойлоду беле? +Тектирге чыгып, айланасын карап, бу баягы өзү бөдөнө кармачу көрүстөн экенине ишенбей турду. +Жок, ошо көрүстөн. +Айдын билинер-билинбес бүдөмүк шооласы ар кай жерде дүмпүйгөн мүрзөлөрдү боолголотуп турат. +Тегеректи тегиз кар баскан. +Жан жок, жымжырт. +Ызгаар шамал гана сөөккө жетчүдөй ызылдайт. +Казып коюшкан экен! +Жаңы казылган көрдүн үйүлгөн топурагы карайып тигиндейден эле көзгө урунду. +Элден айланса болот, эл аман болсун, жаманчылыкта улуу-кичүү дебей жабыла келип, тиякта тигинтип өлүктүн зыйнатына тикесинен тик туруп, биякта минтип темирдей каткан тоң жерди казып, жайын даярдап койгонун карабайсыңбы. +Ысмайыл жаңы казылган кабырдын четине келип, үңүрөйгөн чуңкурду мелтиреп тиктеп калды. +«Эгер өзүмдү өзүм өлтүрө салсам, азыр, так ушу мүрзөнүн түбүнө өлсөм, эртең эл апам менен кошо жерге көөмп коёр беле» деп ойлоду. +Бирок, «мен уруштан качып баса бердим», эл алдына ачык чыга албай жүргөнүндөй эле, өзүн өзү өлтүрө салыш да ал үчүн оңой нерсе эмес болчу. +Эртеси эртең менен Ысмайыл айыл тарапка дагы жөнөдү. +Суук үңкүрдө таң атканча үшүп чыккан неме бетинен түгү чыгып, чыйрыгып, бүрүшүп, улам колу менен оозун жаап күрс-күрс жөтөлүп коюп, темтелеңдеп кетип баратты. +Бу жолу ал үй тарапка эмес, көрүстөндү көздөй салды. +Сөөктү койгонго катышпаса да, сырттан + + карап турмак болду. +Тегерек-чөлкөмгө абайлап назар салып, бир узун жылгачага көзү түштү; айылдын берээк четинен башталган ушу жылгача тоо этекти көздөй түз созулуп олтуруп, көрүстөнгө жакын жерден өтөт экен: ичине түшүп алса аны эч ким көрчүдөй эмес, ал болсо сөөктү алпараткан элди улам карап коюп, обочорооктон коштоп бара берчүдөй. +Ушул акылды туура көрдү да, ошердеги үйдөй чоң таштардын арасына жашырынып, айыл жакты карап отуруп калды. +Убакыт өтпөгөнсүйт. +Кечээтен бери күйбөгөн жери күл болубатып, акыры тагдырдын башка салганына баш ийгенсип калган Ысмайыл апасы менен жолуккан акыркы түндү эстеди. +Мурдаа күндүн эле аркы түнү эмес беле. +Эки күн, эки түн өтүптүр арадан. +Апасы, Сейде, өзү, уулу болуп, төртөө төрт көз түгөл отурушпады беле. +Эми качаңкы бир болуп өткөн окуя сыяктуу көрүнүп турганын кара. +«Аттиң-ай, Чаткалга түшүп кетели деген сонун ой болду эле, оозубузду ача электе тилегибиз таш капканын карачы»,– деп ичинен онтоп алды Ысмайыл, ушуга жаны ачып турду. +Эми ал ойдун баары ишке ашабы, жокпу, ишенич болбой калды,– макул, Чаткалга барышсын, а таякелерине апасынын өлгөнү, кандайча көмүлгөнү туурасында эмне деп айтып берет, мунун айтканын туура көрүшсө го бир жөн, а колдорун тескери силкишсе кандай болот. +Сөөктү алып чыгып келаткан калың топ алыстан эле көрүндү. +Атчаны бар, эшекчени бар, жөөлөрү да бар, жай келатышат, айылдын четки көчөсүнөн бери бурулуп, өр таянышты. +Алдыда катар келаткан эки аттын ээрлеринин үстүнө табыт орнотулган, сөөк кийизге оролуп, ошондо жатат. +Ушу! +Бексаат кемпирди айылдаш эл-журт акыркы сапарына узатып келатат. +Эмнени сүйлөп, эмнени кеп кылып келатышат – аны Ысмайыл кайдан угат. +Улам берилеп, Ысмайылдын жашырынып отурган жерине чукулдап калышты. +Арасында аял жок, жалаң эркектер; ырасым ушундай – аялдар көрүстөнгө барышпайт, сөөк койгондордун келишин күтүп, үйдө олтурушат. +Мына азыр, салт боюнча кемпирди жайына тапшырган соң Ысмайыл ат жалына өбөктөп, элдин астына түшүп, үйдү карай биринчи өкүрүп чаап жөнөшү керек эле, Сейде баш болгон келин-кезек, жек-жаат аялдар үй ичинен кошогун кошуп, өкүрүп келген Ысмайылды коштоп турушмак. +Мындай болбоду, мыйзам деген бар экен, ал согуштан качкан адамдын жосунун көтөрө албайт экен, эки ортодо минтип пенде өз мойнундагы пенделик парсын өтөй албай отурат. +Аңгыча эл көрүстөнгө жете келди. +Ысмайыл жылганын кырындагы ташка далдаланып, баарын даана көрүп жатты. +Баары Мырзакулдун айтканын жасабаткан түрү бар. +Мырзакул атынан түшүп, четкерээк турган аттарга байлаштыра салып, көр башына жөнөдү, эл жарыла жол берди. +Кийизге оролгон сөөктү табыттан алып, кабырдын кырына койгондон кийин молдо үн созуп, куран окуду; келген эл тегерете иймек тартып, жымжырт тунжурап, дит коё тыңдап олтуруп, аягына келгенде баары кобурап, молдону коштоп бетке бата тартышты. +Андан соң жапырт туруп, бир нече киши сөөктү көрдүн казанагына киргизип, ар ким уучтап топурак таштады, оозун бүтөгөндөн кийин, анан баары жабыла арыдан-бери мүрзөнүн үстүн шоңшойтуп, топурак үйүп жиберишти. +Ушунун баарын Ысмайыл эрдин кырча тиштеп, обочо жерден карап жатты. +Эл көрүстөндөн оолактап кетер замат бу тегеректе өзүнөн башка жан жок калган кезде ал мүрзөнү көздөй төрт аяктап, тарбалаңдап жөнөп берди. +Ирең-алеттен эчтеме жок, колдору, тизелери калчылдайт. +Үйүлгөн топуракты ылай-��ылайы менен кошо баса жыгылып, муунган, кирилдеген жапайы үн менен буулугуп, ыйлап жиберди. +Ушу кең аалам астында ушунчалык кор болуп, ызаланып, жаалы шакардай кайнаган, талаада жалгыз каңгып жүргөн карышкырдай улуп калган анын оозунан эмне деген сөздөр чыгыбатканын, кимди сөгүп, кимди каргабатканын баамдоо кыйын эле. +«Айланайын апам, берекем апам, кечир мени, кечир! +– деди ал бир кезде үнүнүн жетишинче, мас кишиче бакырып ыйлап. +– Убалың мага жетсин! +Убалың согушка жетсин! +Каргышың мага тийсин! +Каргышың согушка тийсин! +Каргышың согушка тийсин!» Капыстан оюнда бир чечимге келип жаткандай, саамга унчукпай калды да, анан жини кайнап, заарлуу: «Өчүм алам, өчүм алам, баарыңан өчүмдү алам! +Бириңди да аябайм!» – деп бакырды. +Кечинде Сейде талкан тартып жатканда үйгө Асантай от алганы кире калды. +Мойну ичкерип, борбоюп өңү азыңкы, үстүнөн атасынын эски купайкеси түшпөйт. +Тотойдун балдарынын ичинен ушул ортончусун Сейде жакшы көрөт. +Жароокер ачык. +– Сейде жеңе, апам отко жиберди! +– деди ал, супарадагы кыламык талканды телмирип карап алып. +Бала да! +Баланын мөлтүр көз карашына ким чыдасын. +Анын курсагы ачып турганын сезе койгон Сейде, эки алаканына батышынча талкан салып берди. +Талканды сугунуп, күрмөп-күрмөп жутуп алып, бала Сейдеге ыраазылыгын билдирейин дегендей агала болгон эриндерин калбыйтып, күлүңдөп койду: – Уй тууганда, апам ууз бышырып берет. +Ууз жейбиз. +Анан мен кичинекей бөбөккө да ууз алып келип берем, ээ! +Ал ууз жейби? +– Тилиңден айланайын! +– Сейде жүрөгү элжиреп, аны көзүнөн, маңдайынан өптү,– уюңар туусун, айланайын, анан жейбиз. +Бөбөгүң да жейт, тиши чыгып калбадыбы! +Энеси да, балдары да атасынын өлгөнүн билбей, дале кат күтүп жүргөнүн ойлоп, Сейде баланы аяп кетип, көңүлүн алаксытайын дегендей: – Апаң туруп жүрөт эле жакшы болуп калдыбы? +– деди. +– Бүгүн кайра башым деп жатат. +Мен мектепке барбай эле коёюн десем, болбой баргын деди, экинчи класска көчпөй калсаң, атаң келгенде урушат дейт. +– Урушпай анан, урушат, жаман окусаң. +Бала унчукпай калып, көзү жашылданып, чоң кишиче оор үшкүрдү. +– Кой, антип үшкүрбө! +– деп жиберди чочуп кеткен Сейде. +– Атаң келип калары бардыр. +Антпе. +Бала от алып кеткенден кийин Сейде шалдырап отуруп калды. +Тырмактай неменин үшкүрүгү эмне үчүндүр ага эң оор тийди. +«Жетим калганын жүрөгү сезип турат-ко, бала болсо да!» – деп ойлоду ал. +Тотой өзү деле түңүлүп жаткандыр. +Бирок сыр билдирбейт. +Кантсин анан байкуш, колунда үч жетим, жалгыз бой, оокаттары жок, кээде колхоздон берген азыраак бирдеме менен оокат кылып жатат. +Бая күнү кампадан жарым кап сулу алып келиптир, ал деле оокат да. +Кайрат кылбаса болобу. +Түңүлдүм, өлдүм деп жатып алса, балдары эмне болот. +Эми ишенгендери эле ую. +«Өлүгүңдү көрөйүн, өчөшкөнсүп быйыл мунусу да кеч тууй турган көрүнөт! +Балдарым саргарып кетти!» – деп, бая күнү сүйлөнүп жүрөт эле. +Өзү да бир топтон бери сыркоо! +Кантер экен бечаралар? +Шордуу Байдалы өзү жүгүрүп барып зымдын үстүнө боюн таштаганын карабайсыңбы? +Арылдаган ак көңүл кишиге айла жок турбайбы! +Жакшы киши эле! +Тотой ачуулуураак болгону менен ал деле жакшы неме. +Ушундай азап-тозокто ачуулуу болбой коёсуңбу. +Ээ, бешенеге жазганын көрөт да. +Ар кимдин убайымы өз башында. +Биздики болсо, ал дагы башты сактоонун далбасы. +Ысмайылды эптеп аман сактап алсам. +Чаткалга жетсек, багыбыз ачылар. +Баса, өгүнү Тотой Ысмайылдын качып жүргөнү чынбы дейт. +Мен ага эмне демек элем. +«Билбейм, качса бир жакта качып жүргөндүр. +Бизге көрүнгөн жок»,– дедим. +«Мүмкүн ушак сөз чыгар» деп коёт. +Башкалар болсо Ысмайылдын казакта жек-жааттары бар эле, ал ошол жакта бозуп жүргөн болуш керек дешет экен. +Мейли, эмне десе, ошо десин. +Мырзакулдун көзүнө илинбесек эле болгону, ал – душман, аябайт. +Башта жакшы көрчү элем, оңбогон кара ниет неме турбайбы. +Кудай, пендем десең Мырзакулдан сакта.» Баланын жанагы үшкүрүгү, анын мөлтүрөгөн аянычтуу көз карашы, кайра-кайра элестеп, Сейденин эсинен кетпей койду. +Ар кандай ойлор көңүлүн чөктүрүп, кандайдыр жамандык келерин күткөнсүп, өз алдынан эле жүрөгү опколжуп, тынчы кетти. +Эмне кыларын билбей, эшикке чыкты. +Күн бузулуп турган экен. +Небак караңгы кириптир. +Шамал күчөп, батыштан капкара булуттар калкылдап, асман бетин бербей келатат. +Тоолор көрүнбөйт. +«Кар жаайбы? +Ысмайыл кантип жатты экен?» – деген ой менен Сейде үйгө кирди. +Эртең менен эрте Сейде адатынча суу апкелгени тышка чыкты. +Күн бүркөк, лапылдата суулуу сары кар жаап жатыптыр. +– Ичикий! +– деп койду ал, мойнуна кирип кеткен кардан ичиркенип. +Чакаларын көтөрүп мындай басты эле, аңгыча Тотойлордуку жактан кыйкырып ыйлаган үндөр чыкты. +Тигинден, мындан чаап келе жаткан атчандар көрүнө калды. +«Эмне балакет болуп кетти?» – деп, чакасын таштап, Сейде да жүгүрдү. +«Байдалыны күздө угузабыз дешти эле, бирөө айтып жибердиби?» деген ой кетти. +Дубалдан бурула берип, топураган элдин түрүн көрүп, Сейде дал болуп туруп калды. +Ошол убакытта топ элдин ичинен суурулуп, башында жоолугу жок, чачтары саксайып, көзү алаңдаган Тотой сарайынын жанына ыйлап жүгүрүп барды. +– Мынакей, айланайын эл журт! +Мынакей! +Жаман кулпуну сууруп алып эле, алып кетиптир! +Кокуй, кокуй, эми шорубуз кайнабадыбы! +– Кечинде өзүң байлап, өзүң кулпу салдың беле? +– деп бирөө кыйкырды. +– Ооба, айланайындар, кулпту өзүм салгам, өзүм байлагам. +Ал эмес желинин кармап көргөм! +Төшөктө жатсам да жалгыз уйду кантип өзүм көздөбөйүн!. +Сейде бул сөздөрдүн маанисине түшүнгөндө эси ооп, турган жеринде катты. +Кечээ күнү Асантайдын борбоюп келип, атасынын эски купайкесин кымтыланып, ууз эңсеп, аны кудайдан тилеп, күтүп жүргөнү көз алдына тура калды. +Башка эчтеке ойго келбей: «Бу ким болду экен, кандай убалдан коркпогон таш боор, кандай кара ниет желмогуз? +��шундайга колу кантип барды экен!» – деген гана мээни лакылдаткан ой бетке балч-балч уруп, койнуна эрип жаткан карды сезбей Сейде тура берди. +Ана Тотойдун этегине чыркырап жармашкан балдарынын түрлөрү: кичинеси төшөктөн жаңы эле турган көрүнөт жылаңайлак чыла кечип: «Апа! +Апа!» – деп бакырат. +Тотой аны менен иши жок, ал өзү алдынан жулунат: – Байдалы үйдө болсо, бизге ууру батынабы? +Эркектин үйдө жоктугу ушу да!. +«Балага суук өтөт экен, көгөрүп кетти!» – деген ойдо Сейде барайын деп умтулду эле, нары элдин ичинен почточу Курман басып келип, баланы унчукпай карап, анан койнуна ороду да, үйүнө көтөрүп кетти. +Ал жанаша өткөндө, койнундагы баланы деми менен жылытып, сакалынан сыдырылган жашын мончоктотуп күңгүрөндү: – Силерди жерге таштабай калалы, бир бирден алып кетсек да, чоңойторбуз! +Айылдын баары дээрлик ушул жерде додолонууда. +Башта мал уурдалганда, мындай болчу эмес. +Ким уурдатпай, ким жоготпой койду эле. +Жок, бул жолу уурдалган мал гана эмес, кишилерди мында айдап келип жаткан башка ыйык сезимдер, башка адамдык + + касиеттер. +Четке чыгып алышып унчукпай түнөрүшөт: «Байдалынын жетимдерине кол тийгизген ким!.» Баятан нары-бери чалгындап чапкылап жүргөн Мырзакул, азыр жылкычы Барпы экөө чаап келишти, майып колунун жеңи албаң-дулбаң эткен Мырзакул, ат оозун жыйбай, короого куюндай атырылып кирди: – Ой, эл! +Тургула азыр, жөнөгүлө! +Аттууң аттай, жөөң жөө, сай-сайды койбой издегиле! +Жоголгон мал кеп эмес, ушуну кылган итти табалы! +– Туура айтасың, туура! +– дешти көпчүлүк. +– Ууру алыс узап кеткен жок. +Союп алган болсо, эти табылар. +Болбосо уйду эски коргондорго бекитип койгон чыгар!. +– Ооба, союп кайдан жетишсин, коргондордон издейли! +– деген кыйкырыктар чыкты. +– Жөнөгүлө кечикпей жөнөгүлө! +Короодон чыгып бара жаткан элдин ичинен Мырзакул фронттон келген беш-алты жарадар балдарды бери кайрыды: – Силер солдат эмессиңерби. +Атка минип, Жамбылга кеткен чоң жолду чалып келгиле. +– Оо, андай алыска ат кана! +– Сарайдагы аттарды мингиле! +– деди Мырзакул. +– Алар кош айдоого байланып жатат, башкарма колубузга өлүп берер! +– Оо, башкармаңды урайын! +– деп бакырып жиберди Мырзакул. +Заары бетине чыгып, чолок колу дагы да баягыдай мултуң дей түштү. +– Жөнөгүлө азыр! +Кыңк дебей, аттарды токуп мингиле! +Элдин шары менен кошо Сейде да айылдын сыртына жүгүрдү. +Мындай чыккандан кийин, бириндеп туштушка бөлүнгөн кишилерди көрүп, атка жата калып, чаап бара жаткан Мырзакулду көрүп, кулалыдай далбаңдап, түлкү тумагын баса кийген жылкычы Барпыны көрүп дүрт этип, Сейденин эси чыкты: «Ысмайылды таап алышса эмне болот?» – деген ой келе калды. +Эмне кыларын билбей, апкаарый түшкөн Сейде, ошол чийлүү коктулар тарапты көздөй жүгүрдү. +Жер алашалбырт, суулуу сары кар кийимди салмактантып, беттен эрип, моюнга шорголойт. +Көтөрөң сыяктуу суйдаң туман өйдө кете албай, боорун төшөп, айла��а иренжигендей көңүлсүз. +Ысмайыл бекинген жакты шек алдырбай, тээ алыстан имерчиктеп, күйүгүп аптыккан Сейде, уядагы балапанын киши-карадан коругансып элтең-элтең жүгүрүп, эки жагын каранат. +Ушул тарапка басып келе жаткан караандар көрүнөбү, жокпу? +«Кудай ай, өзүң сакта, өзүң сакта! +– дейт ал жакасын карманып,– эмне кылсам, кандай кылсам? +Балдарынын багына уй табылып калса эле, эл кайра айылга тартат эле. +О, айланайын кудай, ушул жетимдердин уюн кайрып бер! +Менин да балам бар, балам үчүн тилегимди кабыл кыл! +Ал дагы жетим калбасын!.» Ою миң санаага бөлүнүп, улам өйдөрөөк жерге чуркап чыгып, Сейде өзүнө-өзү орун таба албайт. +Жанагы оюнан улам, уй табылып калса элдер айылга кетер эле деген пикир аны бүт ээлеп, баардык ишенгени, баардык үмүттөнгөнү ошол болуп калды. +Бир гана айла: уйду издеш керек, табыш керек, эртерээк табыш керек. +Сейде тура жүгүрүп, сай-коктуларды тинте баштады. +Чапаны, көйнөгү тикенекке тытылып, таш-таштын түбүн карады. +Жок, мал көрүнбөйт. +Тегеректе эч кандай из жок! +Тээ тиги жерде туманда эски коргондун урандысы караят. +Уй ошол жерде бекитилген болбосун? +Жүгүр, Сейде, жаныңдын барынча жүгүр! +Бутуңдан суу өтүп, таманыңа ылай жармашып сүйрөлгөнүнө, үстүңдүн шалбыраганына караба! +Бол, тезирээк жет! +Тигини карачы, дубалдын далдасынан уйга окшогон бир нерсе көрүнөбү. +– Ооба, ооба, уйга окшойт! +Тууралжын келген карала уй эмес беле. +Ошол го! +Күтүлбөгөн сүйүнүчтөн Сейде селдее калды: «Азыр дөбөгө чуркап чыгып сүйүнчү эле, сүйүнчү деп кыйкырам, элди айылга ээрчитип кетип, уйду Тотойдун өзүнө жетелеп барып, казыгына байлап берем! +Ошол уй бекен, же көзүмө көрүнүп жатабы? +Кудай ай!». +Коргонго бир дем менен жете барган Сейде, шалдайып туруп калды. +Жанагы көрүнгөн уй эмес эле, дубалдын нары жакка оонап түшкөн урандысы экен. +Туман, ыргылжың туман жылжый түтөйт. +Сары кар былтыркы коко тикенектердин баш-башына чокморлошуп, жаңы кылтыйып келе жаткан жашаңдын мойсолоруна боржук-боржук жыйналып, аларды салмагы менен басып көмүп жатты. +Кечинде, бутун араң сүйрөп, Сейде айылга кайтканда, Тотойдун сарайынын эшиги баягы эртең мененкидей эле аңырайып, кере ачылган бойдон туруптур. +Үйдө болсо өпкө өпкөсүнө батпай күнү бою ыйлаган баласы, көзү агына айланып, ыктытып жатыптыр. +Сейденин тирсийип чыңалган эмчектерине сүт толгону менен көпкө чейин баланын оозуна салса да ийибей, сааса да сүт чыкпай койду. +Ал өзү да ушул сыяктуу, тери кургатылбай жайдакталып, түнү менен эшикке каңтарылган аттай жаагы карышып, чыйрыгып жатты. +Көңүлү эчтекеге келбей от жагылбаган, кандайдыр берекеси кеткен үйдүн бир бурчунда өзү баласы менен бүрүшүп отурушту. +Кийинчерээк баланы уйку ортодо бешикке таңды да, чечинүүгө алы келбей, Сейде бүкүлү бойдон жерге жыгылды. +Түн ичинде терезе чертилди. +Башын өйдө чулгуп, чочуп кеткен Сейде: «Сен кимсиң?» – деп кыйкырып жибере жаздап, а��ан Ысмайылдын келип калганын билип, андан бетер эси чыгып кетти: «Кокуй, айыл дүрбүп жатканда, аны кайсы кудай кашайтып айдап келди, кармалат экен!» Сейде ордунан тура жүгүрүп, шашылып эшикти ачты да, бат-бат шыбырады: – Бол эртерээк, айыл жаман! +Эшикти кайра иле коюп, караңгыда Ысмайылды ички үйгө жетеледи. +Терезелерди туюктап, билик күйгүзгөнгө болбой, Ысмайыл колуна кармап турган бир нерсесин былк эттире жерге таштаганда, чочуп кеткен Сейденин жүрөгү да болк этип, кошо үзүлүп түшкөндөй болду. +Ал эңкээ калып, жерде жаткан баштыкты сыйпалады. +Колго жумшак бир нерсе урунду. +Баштыктагы эт экен. +– Сен белең? +– деди заматта тамагы кургап, буула калган Сейде. +– Чш! +Унчукпа! +– Ысмайылдын көзү караңгыда жашыл от чалып, ал жакындап келип, бетке энтигип оор дем алды. +– Унчукпа, ишиң болбосун! +Сейде унчуккан жок. +Кимдир-бирөө аны көкүрөктөн алып, тээ тигиндей түртүп жиберген өңдүү, ал жыгыла жаздай, отурган ордунда жер таянды. +Азыр, ушул кезде, турмушундагы баардык ишенген, сүйгөнүнөн ажырап, азап, кордук тартып сактаган кишиси, анын баардык жакшы тилек, үмүттөрүн жерге тебелеп, жексен кылганда, ал ордунан тура жүгүрүп, бет алган жагына, талаа, түз, кыр дебей, чаңырып кыйкырган бойдон дүйнөдөн безип, алда кайда качып кеткиси келди. +Бирок өйдө турууга чамасы жетпейт. +Там астын-үстүн келип, кимдир бирөөнүн чексиз күйүттө солкулдап боздогону кулакты тунжураткансыйт. +– Эмне олтурасың, күйгүз биликти! +– дегенге Сейде козголгон жок. +– Ой, эмне отурасың, күйгүз дейм биликти! +– Эңкейип турган Ысмайыл жанына тизелеп жылып келген Сейдени көрдү. +– Ушул жетимдердин кешигине кол салгандан көрө, өзүбүздүн кунаажынды союп алсаң болбойт беле! +– Былжыраба! +– Ысмайыл аны ийнинен кыса кармап силкти. +– Мени үйрөткөнүңдү коюп, өзүңдү бил. +Заманаң бөрү болсо, бөрү бол! +Ушул кезде ар ким эле өзүм гана тойсом дейт! +Башкалар менен ишиң эмне экен, сен ачтан өлүп бара жатсаң да, бирөө келип казаныңа аш салып бербейт. +Алган алып, жулган жулат!. +Акмак болбо!. +Сейде сүйлөбөй жоопсуз отурганына, Ысмайылдын жини келип, оозунан, отко кактап чийки жеген түтүндүү эттин жыты каңырсып, ал аялын жакасынан бурап, киркиреди: – Эмне унчукпайсың, яа! +Эмне унчукпайсың дейм?. +Мен өзүбүздүн кунаажынды союп алсам, балабызга сүт кана, элдин балдары өзүңдүкүнөн артык болуп кеттиби яа? +Чаткалга жер ооп жетер белең, ушуну ойлойсуңбу яа? +Кетерибизге эми аз калганда, мени үңкүрдө ачтан өлсүн дейсиңби, аа! +Же башкалар сага менден артык болуп кеттиби?. +Жетишет, кышы менен калчылдап, тишимдин кирин соруп отурдум. +Мен уурдайм, мен жейм, аскерден качып келип, ачтан өлөйүн деген эмесмин! +Өлсө башка өлсүн, бирок мен жөн эле өлө калбайм!. +Сыртта жанаша көчөдөн короз кыйкырды, ага экинчи бири канат кагып, үн кошту. +Ысмайылдын кетер маалы болуп калып, ал ордунан турду да: – Көп сүйлөбөй этти салып жегиле, сөөгүн көрсөтпөй жерге көмгүлө, уктуңбу! +– деп, тамекини аптыга соруп-соруп алып, таманына өчүрүп, чыгып кетти. +Ирең-бараң таң сүрүп, үй ичи бозоруп келе жатат. +Терезе улам жарык болгон сайын, нары мештин түбүндө, бешикти кучактап отурган чачы ак-бозала аял, терезени кадала карап, бир эле жерге тигилет. +Терезенин нарыжагында эмнеси бар болду экен, ал эмнени карайт? +Эмне үчүн анын чачы бир эле түндө агарып кетти? +Чаташып, түрмөктөлгөн ойлор терезени баркырата сындырып, жерди кезип аралап, тиги кандай, бул кандай деп түшүнгүсү келет. +Ооба, мына бул кичинекей терезенин нары жагында айыл жатат, эл жатат. +Анда почточу Курман бар. +Тотой балдары менен, Мырзакул бар. +Ысмайыл да бар. +Ооба, Ысмайыл да бар. +«Бирок сен башкаларга окшобойсуң, сен башкасың, жат адамсың. +Өз элин ушундай жоо сайышканда таштап, коргологон, акыр түбү өз элине душман болот экен да. +Сени сактайм деп жүргөн экем, көрсө, ушундан сакташ керек эле.» Чийлүү коктуларды аралап, баласын көтөргөн Сейде, анын артынан ат минген Мырзакул, мылтыкчан эки солдатты ээрчитип келе жатышты. +Жана, туннелди коруган аскерлердин командири бул эки солдатка «жанаша кыштакка барып, сельсоветтин председателине качкынды кармоого жардам бересиңер» деп буйрук берген. +Сейде болсо баласын көтөрүп, ушундан нары төркүнүнө кетет. +Бул айылга ал экинчи кайтып келбейт. +Арттараак жерде келе жаткан эки солдат өздөрүнчө сүйлөп жатышты: – Уюн уурдаткан ушул аял го, кандай дейсиң? +– Ошондой болуш керек! +– А-а, анда азамат экен. +Акыры уурунун изине түшкөн экен да, бирок баласын таштабай эмнеге көтөрүп келе жатат болду экен? +– Аны ким билсин. +Деги өзү кандайдыр соо неме эмес. +Жана сельсовет атка минип, балаңды өңөрүп ал десе, унчукпай басып кетти. +Мырзакулдар баш жагы туюк аң, майда-майда булактары бар, камыштуу коктуга келгенде Сейде бурулушка токтой калды. +– Тээтиги жерде, камыштын арасында! +– деп колу менен көрсөттү. +Анан өзү купкуу болуп, алкымындагы жоолуктун түйүнүн бошото чечип отура калып, эмне кыларын билбегендей баласын эмизе кетти. +Мырзакулду ээрчиген солдаттар ошол тарапты көздөй акырын басышты. +Азырак өтүп, Мырзакул аттан түшмөкчү болду эле, нары жактан Ысмайылдын кыйкырган дабышы чыкты: – Ой, Мырзакул! +Кайт артыңа! +Мен акыры өлгөн кишимин, сени да ала жатам! +Мырзакул үзөңгүнү темине калып, ошол үн чыккан жакка кыйкырды: – Көтөр колуңду, жүзү кара! +«Тарс» этип камыштын арасынан беш атар атылганда, ордунан секирип тура калган Сейде Мырзакулдун ат мойнуна жыгылып, жалгыз колу менен жалды тутамдай кармалап, майып колу беркинисине жардамдашайын дегендей мултуң-мултуң + + этип жатып, анан акыры аттан ооп түшкөнүн көрдү. +Аңгыча таштарга бекине калган эки солдат камышты аралата ок атып калышты. +Нары жактан Ысмайылдын аткан октору ташка тийип, «чу-ии, чу-ии», этип четке кайып, кулак түбүнөн учкансып жатты. +Тынч жаткан тоо арасы беш атарлардын үндөрүнө толуп, чуулдап кетти. +Бир убакытта солдаттын бири эси чыккандай кыйкырды: – Эй, маржа, куда. +Назад, назад! +Убьет! +Баласын колуна көтөргөн бойдон Сейде туура Ысмайылды көздөй кетип бара жатыптыр. +Ал эчтекеден сестенбегендей бет алдын тайманбай түз тиктейт. +Бул учурда анын таштан чапкандай бир калыпта мостойгон кара тору жүзүндө кандайдыр ичтеги зор күч, өкүмдүү адилеттик сезилип жатты. +Анын каар менен муң-зарга толгон көзү Ысмайылды: «Чык бери! +Кел алдыма!» – дегенсип тиктейт. +Сейде ар бир кадам илгери баскан сайын шашып калган солдаттар эмне кыларын билбей: – Эй, назад! +Вернись сейчас! +Вернись! +—дейт. +Бирок Сейде кылчайып койбостон камышта жаткан Ысмайылга салмактуу басык менен жакындай берди. +Тоо ичи демин тартып, тыптынч. +Оозун басып, таштарга селээ жармашкан солдаттар да, бери жакта турууга умтулгандай, жалгыз колу менен жер чапчып, жүз төмөнүнөн жыгылган Мырзакул да, сур мөңгүлөрдү кабагына түшүрө асмандан бүркөлгөн зоокалар да, айлана дүйнөнүн баары бул учурда үн чыгарбай, ок качан атылар экен, бала көтөргөн аял качан жалп этер экен дегендей коркунучту күтүүдө. +Жок, мындай болууга мүмкүн эмес! +Ана, камыштарды шуудурата келип, Сейдени: «Кайт, артыңа кайт!» – дегендей бет алдынан шамал уруп, жоолугун учурду. +Аял аны билген жок. +Ал азыр өлүмдү көздөй эмес, адамдын бийик касиети, адилеттиги үчүн баласын керилген көкүрөгүнө кысып, башын өйдө көтөрүп, кетип бара жатты. +– Стой! +– деп солдаттын бири чыдай албай кыйкырып, ордунан тура калды. +Ал умтулуп аялдын артынан жүгүрөйүн дедиби, бирок аңгыча болбой нары камыштын арасынан боз шинели алама-жулама, бети-башын сакал баскан киши секирип чыгып, мылтыгын кош колдоп өйдө көтөрүп, аялга калчылдап жүткүндү. +Бетинен киргилт тер куюлган, капкара түнөргөн Ысмайыл Сейдеге жакындап, бетме-бет келгенде көзү алачакмактанып, мурунку Сейде эмес, кандайдыр башка, кандайдыр өзүнүн укмуштуу күчүн, өз артыкчылыгын, адалдыгын билип, жалтанып койбостон, баласын көтөрүп, чачы боз-ала, жылаңбаш аялдын маңкайып турганын көрдү. +Сейде анын көзүнө бийик жерде тургандай көрүнүп, ал өзү анын жанында кирбийгенсип, башын ийнине катып, бир нерсе айтайын деп оозун чала ачкан бойдон Сейденин жаш аралашкан көзүн бир карап, мылтыгын тээ тигиндей ташка жанчып ыргытты да, колун көтөрүп, мылтыгын сундуруп келе жаткан солдаттарга корголоду. +ЖАМИЙЛА Ар дайым бир жакка жол жүрөрдө, мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам. +Мына, эртең да айылга жөнөймүн. +Сүрөттү карап, мен андан жолума ак тилек бата алып жаткан өңдүү, аны көпкө көз айрыбай тиктейм. +Ушул күнгө чейин бул сүрөттү эч бир көргөзмөлөргө да берген жокмун, ал тургай айылдан туугандарым келгенде, көздөн далдалап бекитип коём. +Анча эле жашыргандай эмнеси бар, уяттуубу деп, кокус оюңарга кетип жүрбөсүн,– жок, бул сүрөттүн эч кандай ыксыз жайы деле жок, же болбосо, ага «көз тийип» кетет дегендей, ал бир ашкан укмуш да эмес. +Биринчи көрүшкө жөнөкөй эле кадыресе сүрөт. +Бетине тартылган жер кандай жөнөкөй болсо, сүрөт өзү дагы ошондой жөнөкөй. +Сүрөттүн тээ ички тереңинде – күзгү асмандын алабүркөк чет жакасы. +Шамал бирин-серин булуттарды бир жакка бет алдырып, алыста кылтыйган чокуларга жандатып, кыялата айдап бара жатат. +Андан берки көрүнүштө – бозоргон сары талаа, кең өзөн. +Чет-четтен чийлер ыкташып, жаан-чачындан кийин топурагы борпоң, тоборсуп карайган жолдо, катарлаш баскан эки жолоочунун изи тигинден бери чубайт. +Жолоочулар улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр дагы бир-эки кадам шилтешсе, алкактын сыртына аттап, ушундан ары кетип калчудай сезилет. +Айтмакчы, жолоочунун бири. +Бирок мен шашпайын, сөз башынан болсун. +Бул өзү кечээ эле балалык чактагы окуя. +Ата Мекендик согуш үчүнчү жылга аяк басып, Курск менен Орелдун майданында күчөп турган кези. +Анда биз, бир кур өспүрүм балдар, колхоздо араба айдап, суу сугарып, чөп чаап, айтор, согушта салгылашып жаткан эр бүлөлөрдүн оор түйшүгү биздин мойнубузда калган. +Өзгөчө эгин жыйын келгенде аптасы менен үй бетин көрбөй, күн-түн кырманда, же болбосо эгин төгүп станцияда, жолдо бозуп жүрчүбүз. +Мына ушинтип саратан талаа ороктун кызуусунан өрттөнүп турган күндөрдүн биринде, станцияга каттап жүрүп, көптөн бери үйдөгүлөрдү көрбөй, бара кетейин деп, жолдон салт арабамды кайрыдым. +Биз башынан эки үй жанаша турабыз. +Үч кез дубалы мыктап салынган, мечит жактагы дөбөчөдө турган бак-дарактуу короолор ошол биздики. +Мен чоң үйдүн баласымын. +Агаларым согушка кетип кабар жок, экөө тең үйлөнө элегинде кеткен. +Карыган атам жыгач уста, колхоздун жүрүп турган ушул тактай араба, шады араба баарысы дээрлик ошол кишинин колунан чыгып турат. +Таңдан намазын окуп, устаканасына кетет да, күн бата келет. +Үйдө апам менен карындашым бар. +Берки кичи үйдө болсо биздин жакын туугандарыбыз турат. +Жакын дегеним, ортобуздан эки-үч ата өтсө да, алар менен башынан малыбыз, жаныбыз бир. +Тээ чоң аталарыбыз бирге көчүп, бирге конуп өтө ынтымактуу турушкан экен, ошолордун салты менен биз дагы арабызды алыстатпай, кол үзгөн жокпуз. +Колхоз уюшулганда аталарыбыз короо-жайларды бир жерден жанаша тургузушуптур. +Ал гана эмес, эки суунун ортосундагы биздин Арал көчө ылгый эле бир атанын балдары. +Кийинчерээк берки үйдүн ээси дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен тестиер эки уулу калат. +Илгертен калган адат боюнча агайын-туугандар жесирдин башын байлап коёлу деп, арбак, кудайга тууралап менин атама никелештирип коюшат. +Ал үй жонунан өзүнчө түтүн болуп саналып, мал оокаты, чарбагы бөлөк болгону менен, чынында биз баарыбыз бир үй-бүлө болчубуз. +Алардын да эки уулу аскерде. +Улуусу – Садык жаңы эле келинчек алганда кетти. +Фронттобуз деп анда-с��нда алардан кат келип турат. +Кичи үйдө кичи апам менен анын келини эле калышты. +Ал экөө да эртеден керээли кечке колхоздун жумушунда. +Кичи апам,– аны айылдагылар иштерман деп коюшат, ээ бир дүйнөдө табылбаган карапайым, сонун киши да. +Түк бир бригаттар менен жаакташпай, жүр деген жагына жүрүп, берки жаш келиндер менен тең катары эле арык да чаап, суу да сугарып, кетмен колунан түшпөйт. +Анын келини Жамийла, кудай билип берген бейм, ал дагы жумушка кайраттуу, мыкты келинчек, бирок мүнөзү башкачараак. +Жамийла жеңемди мен чын ниетим менен жакшы көрчүмүн: бир жагы жеңем, бир жагы, ал менден азыраак эле улуу, тең курбу сыяктуу эле. +Ал дагы мени «кичине бала» – деп, инисиндей эркелетет. +Ушинтип эки үйдүн тең тиричилиги өзүмдүн апам менен карындашымда. +Карындашым анда секелек ойноок кыз, садагасы, анын ошондо апама жардамдашканын, мүнөзүнүн жайдарысын түк өмүр бою унутпасмын. +Эки үйдүн тең козу-улагын жайган да ошол, тезек терип, отун алган да ошол, балдарынан кабар албаган апамдын кайгы-муңун алаксыткан да ошол. +Бу биздин эки үйдүн ынтымагын, ырыс-берекесин сактаган апам, билерманы да апам, ал кишилердин арбагын сыйлап, сеники-меники дебей, эки үйдү тең адилеттүү башкарып, айылдагы эски нускалуу, кадырман байбичелердин бири. +Бизге тийиштүү кандай гана иш болбосун апамдан чечилет. +Атамды үй ээси экен деп эч кимиси кайрылчу да эмес. +«Ой, устакеңе барбай эле кой,– ал дөңгөлөк, аспаптарынан башка эчтеке менен иши жок. +Алардын эки үйүн тең билген байбичеси, ошого бар» – дешчү. +Дагы да андай-мындай иштерге, жаштыгыма карабай, мен кийлигишип кетчүмүн. +Анткени, агалар аскерге кетип, эки үйдүн бел байлар жигити деп коюшканына корсоюп, мен өзүмдү кандайдыр жоопкерчиликтүү сезем. +Апама болсо менин андайым жагат,– бышык болсун, тыкан болсун, атасынча жыгач чапкандан башканы билбей, тиричилик аласа-бересеге көнсүн дейт. +Мен арабамды чарбактын четине, көлөкөгө айдап келсем, биздин бригадир Орозмат, балдагын канжыгасына байланып алып, короонун оозунда апам менен эмнегедир кежеңдешип айтышып жатыптыр. +Жакындай келгенимде апамдын үнү угулду: – Барбайт андайыңарга! +Кудайды карап иш кылсаңарчы, аял деген качан эле араба айдачу эле? +Кой, айланайын, келинимди ошол орогуна эле тим койгула. +Ансыз да жалгыз бойлуктун азабын тартып, эки үйдүн тең түйшүгү өйдө каратпайт! +Бир базардан бери белиме жел туруп, тиги жүгөрүлөрдүн түптөрү үйүлбөй жатат! +– деп, заңкайта орогон элечектин ээк алгычын апам адатынча кайра-кайра жакасына кыстай, булкулдап жаткан экен. +Орозмат ээрде чалкалай берип, аргасы түгөнгөн кишиче онтоду: – О, кокуй-ой, жарыктык, менин төрт мүчөлүм соо болуп, колумдан келсе, өзүм эле баягыдай каптарды арабага ыргытып-ыргытып жиберип, шакылдата айдап кетпейт белем! +Ылаажы жок,– бой келиндерге араба айдаталы деп жатсак, макул деген келинди сиз тыйып салсаңыз, план толбойт: пронттун эгинин токтоосуз деп, тыяктан чоңдор үстөлдү муштагылап жемелесе, бу деги шартка түшүнсөңөр болбойбу! +Нары жактан шапалак камчыны сүйрөй баскан мени көргөндө, бригадир алда кандай ой тапкансып, сүйүнүп кетти: – Андай эле келиниңизге жолдон тентек арабакечтер тиет десеңиз, мына – кайниси турбайбы! +– деди ал, мени көрсөтүп. +– А бу иним жеңесине бирөөнү жакын жуутмак турсун, каратып да койбойт. +Андан кам санабаңыз, Сейит азамат өзү, бизди жансактатып жаткан мына ушул балдар да азыр, садагасы кетейиндер. +Апам мени көрө салып, бригадирдин сөзүн бөлүп жалынды. +– Ии, тентиген арам. +Чачың өсүп, жүдөп да калыптырсың го өзүң. +Жанагы атасы түшкүрү баланын чачын алып берүүгө да чолосу тийбейт. +Ата имиш. +– Андай болсо бүгүн чачын алдыртып, кемпир-чалга эркелеп кетсин,– деп, Орозмат жайдарыланып коштоду. +– Сейит иним, бүгүн үйгө түнөп, аттарыңды тыныктыр. +Эртең Жамийлага араба беребиз, жеңеңди кошуп алып өзүң баш бол. +Байбиче, чочубай эле коюңуз Сейит турганда. +Андан калса, жанагы «жаңы тууган» Даниярды кошуп берейин: өзүңүз билесиз, ал деги адамга зыяны жок бечара. +Өздөрүнчө үч араба – бир бригад болуп, стансага каттай беришсин, башкаларды булардын жанына кошпоюн да. +Э, Сейит, сен кандай дейсиң. +Бу апаң Жамийлага араба айдаталы деп + + жатсак, көнбөй жатат, өзүң айтчы. +Бир чети,– бригадир менин мактоомду жеткизип, бир чети,– ал менден кадыресе акыл сурап жатканга, анын үстүнө жеңем жанымда араба айдап жүрсө, кандай сонун болор эле деген балалык ой менен, мен мурчуюмуш болуп, апама айттым: – Айдай берсин, аны эмне карышкыр жейт беле! +– деп, тиги чоң арабакечтерди туурап, чырт түкүрүп, камчыны сүйрөй, жайбаракат теңселип бастым. +– Ии, күрсүлдөгөн урган, карышкыр дейби? +Кой, айланайын, сен эмнени билип коюптурсуң! +– деди апам ачуулана эреркеп. +– Э, билбей анан – эки үйдүн бел байлар жигити да! +– деп жиберди Орозмат, апам жаңы макул болуп келе жатканда айнып кетип кайра жаакташабы деген коркунуч менен жапылдап, эмне дээрин билбей, кайсалактады. +Аңгыча апам солгун үшкүрүп койду: – А-а, кудай, ушу тырмактай немебизге өмүр берегөр. +Бел байлар союлдай жигиттерибиз алда кайда; журтта калгандай эле аңкылдап калбадыкпы. +Андан аркысын мен уккан жокмун. +Тамдын бурчун камчы менен бир тартып, саамайлары сербеңдеп, кичинекей колдору менен эпилдете тезек жайып, мага кубанычтуу жылмайган карындашыма анча деле назар салбай, далисте турган чоюн кумганды эңкейте шашпай колумду жууп, колтугума аарчыдым да, дароо үйгө кирерим менен адегенде чоң кесе айранды жутуп жиберип, экинчисин терезенин түбүнө алып барып, нан туурап жедим. +Эшикте апам менен Орозмат дагы эле сүйлөшүп туруптур. +Бирок, бул жолу алар жай эле муң айтышып жаткандай өңдөндү. +Апам улам-улам ээк алгычы менен кабара түшкөн көздөрүн аарчып, тиги бир нерселерди жоотуп айтып жаткан Орозматка өзүнчө муңд��на баш ийкеп, кылгырган тумандуу көз караш менен тээ алыска-алыска, кабарсыз балдары көрүнө калчудай тиктейт. +Айтор, капаланып бошой түшкөн апам, Жамийланын араба айдашына көндү окшойт. +Бир аздан кийин бригадир ыраазы болгондой жорго байталын шарт камчыланып, чойтоңдото бастырып кетти. +Анда бул иштин аягы эмне менен бүтөрү апамдын да, менин да капарымда жок. +Жамийланын эки атты башкарып, араба айдап кетишине мен эч кандай күмөн санаган жокмун. +Ал өзү кичинесинен жылкыда жүрүп өскөн, тээ боордо, Бакайыр айлындагы жылкычынын кызы эле. +Биздин Садык дагы жылкычы болуп жүрүп, жайлоодогу малчылардын тоюнда кыз куумайга түшүп, Жамийлага жетпей калган имиш, ошондон кийин намыстанып аны ала качып келгенин уккам. +Андай эмес, экөө көңүлү менен кошулушкан деп да айтып жүрүштү абысын-ажындар. +Эмнеси болсо да, алар үч-төрт ай эле бирге туруп, анан Садык акемди аскерге алып кеткен. +Билбейм, балким жаштайынан атасы менен бирге ой-кырда жылкы айдашып, ат чапкылап жүрүп, өктөм өскөнбү, анын үстүнө, жалгыз кыз бала экен, айтор, Жамийланын жүрүш-турушунда кандайдыр кайраттуулук, эркекке таандык мүнөз бар. +Ар бир ишке шамдагай киришип, башка келиндердей башым, белим дечү эмес. +Анан өзү да бирөөгө жемин жегизбеген өжөр, айтышкан менен айтышып, тилдешкен менен тилдешип, ал тургай бир-эки жолу келиндер менен тытышканы да бар. +Жан-жакадагы жеңе-желпилер: «Э, ботом, бул кандай тыкчыңдаган келин эле! +Эшик төрдү көргөнүнө бир күн болбой жатып, тили менен тим эле буудай кууруйт!» – дегендерине апам: «Ошондою мейли! +– деп, кайра жактай кетчү. +– Келинибиз ошондой ачык-айрым, тайманбас. +Адамдын ичи-койну ачыгы эле жакшы болот,– сасыткылар кайра ошо тымпыгыйлардан чыгат». +Атам менен берки Иштерман энем го, алар деги кайната-кайнене катарында Жамийланы кагып-силкпей, жай эле чын ыкласы менен эркелетишип: «Кудай өзүнө ынсап берсин, түз жүрүп, нээтин бузбаса эле болду!» – деп коюшчу. +Өстүрүп чоңойткон төрт уулду аскерге жөнөтүп жиберип, эки үйдүн ортосунда колго кармап калган жалгыз келиндин көзүн карашабы, бирок мен апама таң калган жерим бар. +Башканы мындай коёюн, апам бирөөнүн көзүн карай турган киши эмес. +Эски салтты коё бербей, атам өзү чапкан алты канат боз үйдү ар жылы жаз чыгары менен короого тигип, арча түтөтүп кут сактап, бизди баарыбызды тектүү, катуу тарбияда өстүрүп, башынан эки үйдү бийлеп келген апама үй-бүлө анын айткан дегени менен болушу керек. +Ал эми Жамийла келери менен биздин арабызда айырмаланды. +Ырас, ал энелеринен ийменип, аларды сыйлачы, бирок айылдагы көпчүлүк келиндердей болуп, үп этпей башын жерге салып, же болбосо тескери карай көгөрүп сүйлөнбөй, өзү туура таап, айтам дегенин тартынбай айтып, ой-пикирин жашырчу эмес. +Жүйөлүү болсо апам көбүнчө аны менен макул, бирок ошондо да акыры ток этер сөздү ал оңой эле бирөөгө бере койбойт. +Менимче, апам аны мүнөзү��үн күчтүүлүгү, адилеттүүлүгү жагынан өзүнө жакын, өзүнө тең болорлук көрүп, келечекте аны эки үйдүн башын коштуруп, очоктун ырыс-берекесин сактаган өзүндөй мыкты орун басар катарында калтырып кетейин деген ою бар болсо керек. +– Аллага шүгүр, тектүү, куттуу жерденсиң балам. +Ал да болсо сенин багың, ушуну билип жүр. +Аял деген кудай этегинен айтып, үйүнө береке турса, башка эмнени тилемек эле. +Мына, жыйган-тергенибизди биз чал-кемпир кошо алып кетмек белек. +Кадыр-баркыңды сактасаң, энчиңе бак-дөөлөт сактаганың ошол, балам! +– деп, эскерте турган. +Баса, энелерди саал чочуткан бир нерсе бар эле. +Жамийла өтө эле шайырсымак, бала кыялдуу. +Кээде ал эч бир себепсизден энелерине эркелей кетсинби, же болбосо шаңкылдап каткырып жиберсинби, же көчөдөн короого кирип келе жатканда, куду эле жаш кыздарча арыктан так секирип, жүгүрүп келсинби, анан өзүнчө эле ырдап жүрөт. +Энелер Жамийланын мунусун кеп кылып, анан кайра: «Бала да, бара-бара салмак тартар» – деп коюшчу. +Ал эми мага жеңемдин ушундайы жакчу. +Ал экөөбүз алышып-күрөшүп, кубалашып да кетебиз. +Жамийла өзү шыңга бойлуураак, белдүү келин. +Эки өрүмгө батпай, дүркүрөп өскөн калың чачын кысып туруп, бир байлам ак жоолукту маңдайына кыйгачтатып, шарт буунуп алса, кызыл торусунан келген, балкылдаган тегерек жүзүнө ак жоолук эп келише калат. +Жамийла күлгөндө анын чымкый кара, сүйрүрөөк көзүндө ден соолуктун, жаштыктын ашып-ташкан күчү ойт берип, ал эмнегедир өзүнчө бой каранып, секетбайдын туздуусунан ырдап жиберет. +Айыл арасындагы жигиттер, өзгөчө фронттон кайтып келгендер Жамийлага кызыгып, тийишишип жүргөндөрүн алда нече байкагам. +Тамашаны жакшы көргөн жеңем алар менен тамашалаша берчү, бирок колу шокторду жанына көп жуутчу эмес. +Ошондой болсо да, мен өтө ичи тар элем, жеңемди кызганып, берки тийишип жаткан «бузуктарга» сыр көрсөтөйүн дегендей: «Байкагыла, мында мен, кайниси турам! +Коруп алар эч кимиси жоктой көп эле сугалактай бербегиле!» – дегенчелик кылып, алардын сөзүн бөлүп, эпсиз какшыктап, эң акыры сүзөнөөк теке-улакчасынан кыйшайып, кабактын астынан үлүрөйө тиктейм. +«Ой, алдагы жаман кантет, жеңе ушунуку беле!» – деп жигиттер күлгөндө, кудай билет, кызарып-татарганым аз келгенсип, көзүмө жаш имериле түшөт окшойт. +А мени түшүнгөн жеңем кубанычтуу күлкүсүн тыялбай, суз жылмайып: «Ишиңер болбосун, жеңе деген жерде жатыптырбы? +Жүр кеттик кайним!» – деп, тигилерди ого бетер кызыктырып бураң этип, башын өйдө чулгуп, мени менен кошо басып бара жатып, өзүнчө ыраазы болгондой да, ызалангандай да, унчукпай күлүмсүрөйт. +Мүмкүн ошондо: «Жеңе коруйт десе ушунте бересиңби, кичине бала? +Кызыксың да анан, көңүлүм бузулса, миң коругула, мен чабырдагы чымчык эмесмин да!» —деген ой кетеби ага?. +Мен дагы ошондо айыптуу немедей унчукпайм. +Бирок, аздан кийин эле жеңем кайра жазылып: «Ии, кичине бала, кызыксың да анан!» – деп, адатынча мени бооруна кысып, маңдайымдан өбөт. +Ооба, мен жеңемди эч кимге ыраа көрбөй кызганам, анын иреңдүүлүгү менен, өзүн эркин алып жүргөн мүнөзү менен ичимден сыймыктанчумун. +Билбейм эмне үчүн экенин, бирок биз өтө жакын элек, биринен-бири эчтеке жашырбас сырдаш курбулар сыяктуу элек. +Ал кезде айылдагы эркектер аз, ошондон улам кээ бир көкүрөк көтөрүп, дөгүрсүнгөн жигиттер, өзүн «мен гана» дегендей сезип, аял алар үчүн кеп эместей. +Бир жолу чөп чабыкта, улам эле жөнү жок ыржалактап, айтканым сая кетпейт дегендердин бири – биздин тууган сөрөй Осмон тийише бергендиктен, Жамийла анын сенек колун жактырбай силкип салды да, көлөкөдө отурган жеринен өйдө боло берип: – Турчу нары! +– деди. +Анан тескери карап, өзүнчө капалана үшкүрдү. +– Аңгиликтен башка колуңардан эмне келет дейсиң? +Чөп маянын түбүндө талтая жамбаштаган Осмон шилекейленген калбык ээрдин кекерлене түйрүп, бышкырды: – Тигини, мышык этке жетпей жатып сасык дейт. +Мурдуңузду чүйрүбөй эле коюңуз! +Кесирди эмне кылат экенсиң, көзүң катып өлүп эле жүрөсүң го. +Жамийла жалт бурулуп, кубара түштү: – Өлсөм өлүп жүргөндүрмүн,– кудайдын башка салганы! +Бешенебиз ушул экен – сен, акмак, андан эмне күлөсүң? +Көзүм катмак турсун миң жыл так өтсөм да, сага окшогон шүмшүккө кесиримди артканым арткан! +Акмаксың, баягыдай тынчтык замана болсо, көрөр элем ушинтип айтканыңды! +– Ошону айтам да! +Согуштун кесепетинен камчынын уусуна сугарылбай кутуруп жүрбөйсүңбү,– Осмондун көзү жүлжүйө майланышып, ал ээрдин тиштене тамшанып алды. +– Менин гана катыным болуп калсаң ээ. +Эриндери дирилдеген Жамийла Осмонду баардык күчү менен жекире карап, бир нерсе айтмакчы болуп ага умтула берди да, анан: «ушуга айткан кайран сөз» – деди окшойт, «түү» – деп, тигини көздөй жийиркеничтүү түкүрүп, жерде жаткан айрыны ийнине салып, унчукпай четке басты. +Мен бери жакта арабанын үстүнөн чөп түшүрүп жатат элем, мени көрө салып, Жамийла чукул бурулуп кетти. +Жеңем мен ошондо кандай абалда экенимди билди. +Сөз ага эмес мага тийгендей, мен ал үчүн ызаланып, намысым кайнап: «Андайларга эмне үчүн жолойсуң, алар менен эмне үчүн сүйлөшөсүң?» – деп, жеңеме жаным ачып, кейип турдум. +Ошол күнү керээли кечке Жамийланын ийилген кашы сустайып, шыңкылдаган күлкүсү тыйылып, унчукпады. +Мен шады арабаны үймөктөрдүн жанына айдап келгенде, ал мени сүйлөтпөс үчүн атайын жумушка алаксытып, ичин өрттөп жаткан ой-санаасын байкатпай, чоң үймөк чөмөлөгө айрыны ныгыра сайып, тоо омкоргондой аны бүт бойдон жерден так көтөрүп, бетине калкалай келип, улам арабага өжөрлөнө силкип таштап жатты. +Тигиндей узай берип артыма караганымда, жеңем айрынын сабын таянып, бир азга солгун туруп, ойлонуп калат да, кайра жумушка кирет. +Кеч бешимде акыркы арабага чөп басып жатып Жамийланын тиги өчүп бара жаткан күндү карап турганын байкадым. +Наркы + + өйүздө казактын боз ады�� белесинде от жагылган тандырдын оозундай алоолонуп, билинер-билинбес мелт-мелт ылдый чөгүп, жерге күүгүм чакырып, асмандагы борпоң булутчаларды кызылсур түскө боёп, талыкшып албырган күндү, Жамийла алаканын көзүнө калкалап, ошол жакта кандайдыр бир сонун көрк ачылып келе жаткансып, муңайым күлүмсүрөп карап турду. +Баятан куушурулган кашы азыр жазыла берип, жүзү жарык тартып жумшарды. +Ошондон улам ал менин айтылбаган, бирок али да жүрөгүмдү өйкөп, тилимдин учунда турган: «Андайларга эмнеге жолойсуң, алар менен эмне үчүн сүйлөшөсүң?» – деген кейиштүү суроомо жооп бергендей, мен анын эң жакын сырдаш курбусу өңдүү: – Сен жанагыны оюңа албай эле кой, кичине бала,– деп койду. +– Ушул Осмонго окшогондор да кишиби? +Дөбөттөр да ал бир. +Жамийла унчукпай калып, күндүн кылтыйып үзүлүп бара жаткан четин ойлуу карап, мага эмес, өзүнө угуза айтты: – Андайлар адамдын черин жазмак кайда. +Ал жүрөктүн түпкүрүндө жатат да. +Кудай билет, андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар?. +Мен антип-минтип арабаны кайырганча карасам Жамийла нары жакта иштеп жаткан келиндерге жүгүрүп кетип, алар менен бир нерселерди тамашалаша айтышып, кубалашып да кетиптир. +Күндүн таптаза батышын көрүп көңүлү ачылдыбы, же жумушту ойдогудай бүтүргөнүнө ыраазы болдубу, айталбайм. +Чөп баса үйүлгөн арабанын үстүндө олтуруп, буурул-ала салкын көлөкө жайылган чабынды менен жоолукчасын булгалап, кулачын кере жүгүрүп бара жаткан Жамийланы көрүп, менин да көңүлүм ачылды: «Ырас эле, Осмондун сөзү да кеппи?» – Чү, аттарым, ылдамда! +– деп, арабаны тездеттим. +Бригадир Орозмат айткандай, ал күнү мен чачымды алдыртып кетейин деп, атам устаканадан кайтканча, Садык акемдин катына жооп жаздым. +Кат жазуунун бизде өзүнчө салты боло турган. +Аскердеги агалар катты атамдын наамына жиберчү, почточу аны апамдын колуна тапшырат. +Келген каттарды окуп бериш жана жооп жазыш – ал менин милдетим. +Катты окуй электе эле анда эмнелер жазылганын мен күн мурун эле биле турганмын, анткени алардын баары эгиз козудай бирине бири окшош болучу. +Садык акем кат жазганда адегенде: «Амандык кат» – деп туруп, анан: «Андагы Таластын атыр жыттуу, салкын абасында жашаган, жандан артык көрүүчү агам Жолчубай»,– деп, атамдан баштап, анан апамды, анан Иштерман энемди айтып, ушинтип баарыбызды бир-бирден өз кезеги менен атап, жакын туугандарыбыздын аманчылыгын сурашып, эң акырында: «Жана да аялым Жамийла аман-эсен турабы?» – деп, Жамийланы бир ооз сурап өтөт. +Ата-эне, туугандар турганда аялын биринчи эскерип, катты анын наамына жазыш – жалаң эле Садык үчүн эмес, эркекмин дегендердин баарына эрөөн болобу, бирок биз ушундай эле катка көптөн-көп ыраазыбыз, айыл элинин түшүнүгүндө бул өзү салттагы иш. +Катты бир эмес эки-үч жолу окутуп алгандан кийин, апам аны казан-аяктын ысык-суугуна туурулган колуна алып, кагазды учуруп жиберчүдөй абайлай кармап, үч бурчтук кылып кайра бүктөйт. +– А-а, тумардай болгон катыңардан айланайын! +– деп коёт ал, көзүнө жаш ала үшкүрүп. +– Ата-эне, туугандар дейт тура? +Бизди коюп өзүңөрдү эле кудай сактаса болгону, биз эмне. +үйдө эмеспизби. +Мен аманмын деп бир ооз эле чийип койсоңор, ошо да бизге чоң каниет. +Анан ал дагы бир азга катты телмире тиктеп, сандыктагы кат сактоочу тулубуна салып коёт. +Эгерде ошол учурда Жамийла да үйдө болуп калса, ал дагы катты бир сыйра ичтен окуйт. +Ар убакытта кат колуна тиери менен Жамийланын бети албыра түшүп, ал аны демин токтото албай, шашылып окуй баштайт. +Бирок, улам каттын аягына жакындаган сайын, өңүндөгү оту соолуп, ийилген кашы сустая жыйналат. +Кээ бирде аягына чейин да окуп жетпей, Жамийла унчукпастан, катты убактылуу карызга алгандай, сустайган бойдон кайра энесине берет. +Кат сактоочу тулупту сандыкка бекитип жатып, келининин бозоро түшкөнүн байкаган апам, аны кайраттандырмакчы болуп жемелеп коёт: – Кабар келгенине сүйүнбөй, кайра шылкыя калат экенсиң да, балам. +Же аскерге кеткен жалгыз эле сенин күйөөң бекен? +Эл тарткан азапты эл менен кошо тарт. +Кудай кошкон жарын ким сагынбасын, сагынсаң да ичиңде болсун, ичиңе сакта. +Жамийла унчукпайт. +Унчукпаганы менен ошол учурда кежирлүү капалана карап: «Сиз түшүнбөй эле айта бересиз да!» – дегенсийт. +Садык акемдин бул жолку каты да Саратов шаарынан келиптир. +Ал анда госпиталда жаткан. +Куда кааласа, күз ортосуна карай бошоп келермин дептир. +Мурун да ушундай кабар келип биз сүйүнүп жүргөнбүз. +Атам жумуштан келгенде, чачымды тезирээк шыпыртып алдым да үйгө жатпай эле, аттарды бедеге коё берип, күндөгүдөй кырманга барып түнөдүм. +Башкармалар малды бедеге жайдырчу эмес, бирок мен, аттарым мыкты болсун деп, көздөн далда алысыраак ойдуңдагы бедеге түндөп тушап койчумун. +Эч ким аны билчү эмес. +Бул жолу арабаны кырманга чыгарып коюп барсам, мен ээлеп жүргөн ойдунда төрт ат тушалып жүрөт. +Ачуум келип, бул аттарды тээ алыска айдап салайын дедим. +Бирок, эки ат жана бригадир айткан Даниярдыкы экенин таанып, эртеңден баштап баарыбыз бир бригад болуп, станцияга кошулуп каттап жүрөбүз деген ой менен тим койдум. +Кырмандагы саманга жатайын деп келсем, Данияр дагы ушул жерде экен. +Арабанын дөңгөлөктөрүн кечки жарыкта жаңы эле майлап бүтүп, бурамаларын бекемдеп жатыптыр. +– Данике, сайдагы аттар сеникиби? +– дедим. +Ал бурула берип, жай карап койду: – Экөө меники. +– А беркилеричи? +– Жанагы Жамийла дейби. +сол келиндики. +Сенин ал жеңең беле? +– Жеңем. +– Айтпесе бүгүн түн багып бересиң деп, бригад өзү таштап кетти. +«Ии, жана аттарды айдап жибербегеним жакшы болгон экен анда»,– деп койдум оюмда. +Түн кирип, жогортон соккон сыдырым тыйылып, кырман да тынчыды. +Мен жаткан саманга Данияр да келип жатты. +Бирок, бир аздан кийин ал туруп кетип, нары суу аккан чоң сайдын тик ылдый түшкөн кашатына барып туруп алды. +Ал ошол жерде эки колун артына алып, башын саал бир жагына кыйшайта, козголбой тура берди. +Артынан карасаң Даниярдын сөлөкөтү айдын күүгүм жумшак жарыгында сомдон чыккандай арбайып, кашатта жалгызсырайт. +Мемиреп жуушаган түнкү тынчтыктын уйкусун бөлүп, ушул кезде улам күч алып, бөгөлгөн таштарга урунуп, сайда шаркырап аккан суунун шарын, же башка бир кулакка угулар-угулбас дабыштарды тыңшагансып Данияр козголбойт. +«Адатынча дагы суунун боюна барып жатайын деген экен го!» – деп, күлүп койдум мен. +Данияр биздин айылга жакында эле пайда болду. +Чөп чабык жаңы башталганда фронттон бир жарадар аскер кайтып келди деген кабарды айылдан чуркап келген бала сүйлөп берди. +Бирок, ал аскер ким экенин бала өзү да билбейт. +Айылда го белгилүү: бирөө аскерден кайтып келди дегенче болбой, жабыла учурашканы жүгүрүп барат эмеспи. +Ал эми бул жолу анын аты-жөнү дайынсыз болуп, чөп чабыктагылар ого бетер чуу түштү. +– Чоочун дейт го? +– Чоочун болсо бул айылга эмнеге келмек эле? +– Баса, ошондой де! +Ушинтип, ал ким экен, кимдин баласы экен, биздин баланча болуп жүрбөсүн, биздин түкүнчө болуп жүрбөсүн – деп, чуулдаган чөпчүлөрдүн бир тобу айылга чаап барып да келишти. +Көрсө, Данияр түпкүлүгү биздин айылдан экен. +Кишилердин айтымына караганда, ал кичинесинде тоголок жетим калып, анан ар кимдин колунда жүрүп, акыры тээ төмөн Чакмактагы казак таякелерине кетип, ошо бойдон артынан издээр, күйөөр жакын тууганы жок, элдин эсинен чыгып, унутулуп калат. +Айылдан кеткенден кийинки өмүрү жөнүндө Данияр анча деле чечилип айтып бербептир. +Бирок, азыр ойлоп карасам, анын көрбөгөн күнү, тартпаган азабы калбаса керек. +Илинер-карманары жок эбелектей баланы, турмуш бир жерден экинчи жерге айдап, сүрүп отуруп, карандай баштын жан сактоосун акмалатып, далай жерди кыдыртат. +Данияр бир топко чейин Чакмактын боз даңгыр айланасында кой кайтарып, анан бой жетип, кайнаган чөлдө канал чаап, жаңы пахта совхоздорунда пахта эгип, суу сугарып, акыры Ташкенттин жанынан Ангрен шахталарында иштеп, аскерге кетет. +Эмнеси болсо да, элдер анын кайтып келгенин туура таап: «А, бечара, туз-насиби бар экен, акыры өз элин издеп келгенин карачы! +– Ушунча жыл сыртта жүрүп өз тилибизди унутпаптыр, аздап эле казакча чалышы бар» – дешип, өз ара ыраазылыгын айтышты. +«Тулпар айланып үйүрүн табат. +Тууган жер, эл-журт деген оңойбу. +Келгениң арбакка жагар иш: мына германды жеңип, тынчтыкка жетсек, сен дагы эл катары түтүн булатып балалуу-чакалуу болорсуң» – дешкен чалдар Даниярдын жети атасына чейин сөөк сүрүштүрүп отуруп, анын кай уруудан экенин, айылдагы анча-мынча туугандары ким экенин да таап беришти. +Элдер эми аны: «Жаңы тууган Данияр» – дешчү болду. +Ортодон көп өтпөй, бир күнү шинелин ийнине арта салып, сол бутунан сылтый баскан узун бойлуу, мойну куркуйган бирөөнү бригадир Орозмат ээрчитип келди. +Өзүнчө эле чукчулдуктай бүлүнүп, жорго байталды кыдыңдата бастырган жампыгый Орозматтын жанында тиги узун бойлуу аскер, салмагын соо бутуна салып, кандайдыр демите арыштап, унчукпастан калышпай келе жатты. +Биз, чөп чапкыч машина айдаган балдар, Даниярды ошондо биринчи жолу көрдүк. +Анда жанагы бүгүлбөгөн бутунун жараты жакшы айыга элек, чалгыга жарабай, ал дагы машина айдашты. +Чынын айтайын, биз аны анча жактыра бербедик. +Себеби, Данияр киши менен көп сүйлөшчү эмес. +Сүйлөшсө да ошол убакытта башка бир, өзүнө гана белгилүү ойлорду ойлогонсуп, кишини тике карап турса да, көңүлү башка жакта экени сезилип турчу. +Ал өзүнөн өзү кыялга баткандай, маңыроо сыяктуу. +Аны байкаган кишилер: «Байкуш неме согуштан эси ооп калса керек»,– деп да жүрүштү. +Бирок, Даниярдын ушул мүнөзү, кыймылы тез иштегенине, чапчаң жүрүш-турушуна түк байланышпайт,– сыртынан карап турсаң, аны абдан курч, чечен неме го деп ойлойсуң. +Мүмкүн, жетимдиктин запкысын көп тартып, турмуш аны тез иштөөгө, бирок көп сүйлөтпөй, сырын ичке түйүп сактаганга үйрөттүбү? +Балким, ошондой болуш керек. +Тартайган, москоол боюна жараша Даниярдын бет түзүлүшү шылынып чап жаак, кабагы дайыма чарчаңкы жыйрылып, көзү бир калыпта салмактуу тиктейт. +Анын жүзүн өзгөртүп, кыймылга келтирген ийкемдүү кашы. +Кээде ал бир үн чалгансып, сестейе калганда, каш серпкендей кашы өйдө боло берип, көзү жалжылдап, бир нерсеге сүйүнгөн өңдүү болот. +Ал эмнеси экени биз үчүн түшүнүксүз. +Бул гана эмес, анын башка да кызыктары бар. +Кечке жуук, иңир чалышта аттарды + + коштоодон чыгарып, казанда кайнаган тамак качан даяр болот деп, отту тегеректеп, баарыбыз дем алып күтүп отурабыз. +Данияр болсо, жаныбыздагы Кароол дөбөгө чыгып барып, караңгы киргенче ошол жерде олтурат. +«Эмнеси бар анда, күзөт күзөтөбү?» – деп, биз күлөбүз. +Бир күнү кызыгып, мен дагы Даниярдын жанына дөбөгө чыгып отурдум. +Анча деле укмуштуу эчтеке жоктой бул жерде. +Ырас, дөбөнүн үстүнөн айлана кеңири ачылып, тоо этектеп коюлуп келе жаткан көгүш иңирде жайкы талаалар деңиз түбүнө чөккөнсүп, барган сайын куйкум көлөкө жамынат. +Данияр менин мында келгениме көңүл бурган жок. +Сыңар тизесин кучактап, тек өзүнчө кыялданып, жүзү эргиген мейримде отуруптур. +Ушул учурда ал мен укпаган, менин кулагыма жетпеген кандайдыр кереметтүү бир нерселерди тыңшап, ошого жан дили менен берилип, кулак салып отурган өңдүү туюлат. +Кээде анын кашы бийик серпилип, көзү жайнап, ичинде демиккен бир зор күч бардай, ал чыңала түшүп, сыягы азыр өйдө тура калып, кулачын жая, айланадагы көз көргөндүн баарын кучактап, көкүрөгүнө бекем кысчудай термелет. +Бир карасам жок, жөн эле чарчаган эмедей шалдырап, дем алып отурган сыяктуу. +Биздин колхоздун чөп чабындысы Күркүрөө суусунун ойдуң-буйдуңдуу чоң сайында. +Күркүрөө дегендей эле капчыгайдан күркүрөп келип, ошол ашынган бойдон жан сабалап агат. +Чөп чабынды маал, тоо ��ууларынын кирген кези. +Таштан-ташка күбүлүп, кум ойнотуп, сары көбүк тарткан суу кечтен кошула баштап, түнкүсүн анын жер дүңгүрөтүп шаркыраганынан алачыкта жатып ойгонуп кетем. +Каймагы алынган сүттөй көк ирим аба, сырттан муздак илеп чалып, бадырая толгон жылдыздар жылчыктарга шыкаалайт. +Түнкү тынчтыкта суунун агымы бөтөнчө күчтүү сезилип, алачыктын түбүнө шарпылдата толкун уруп, улам жакындап сүрүп келгендей. +Жээктен алыс болсок да алачыкты каптап алып кетеби деген коркунуч эрксизден туулат. +Жолдошторум бейкапар уйкуда, мен сыртка чыгам. +Сайдагы түн көрктүү да, коркунучтуу да. +Жээкте тушалган аттардын караандары тигинде, мында бириндеп, тынч. +Аттар баятан шүүдүрүм чөпкө тоюп, азыр кез-кез бышкырынып, тек гана магдырашат. +Ошолордун эле жанында булуңдагы бүткөн бою суу, солкулдак бадал чырпыкты ыргай жапырып, таштарды ала-сала агызган Күркүрөө эчтекеге ээ-жай бергисиз жапайы күч менен жердин астынан чыккандай күңгүрөнүп, жандуу, тилдүү немедей сүрдүү, укмуштуу күү чалат. +Аны тыңшап сүрдөйм, ичиркенем. +«Баса, Данияр кайда болду экен?» – деп ошондо эстеймин. +Ал дайыма так суунун жанындагы үймөк чөптөргө барып жата турган. +«Ал эмне түнкүсүн коркпойбу, кулагы тунбайбы? +– деген ой келет мага.– Уктап жатат болду бекен, же ойгообу? +Тооба, өзү жалгыз суу боюна барып жаткандан кандай кызык табат, эмнеси бар мунун? +Деги кызык неме. +Адамдан оолак.» Кайда болду экен деп карайм, тыңшайм, эчтеке жок. +Теребел жарык, кечит кара, жээкте толкун шыпшынат. +Сайдын тээ башында, тоонун кыры мунарыктап, жылдыздар алыста көрүнөр-көрүнбөс. +Айлына кайтып келгенине бир топ күн болсо да, ушинтип эч кимге кошулбай, ар качан жалгыз жүрүп, Данияр өзүнө жоро-жолдош күтө албады. +Бирөө менен жакындашуу, душмандашуу ага жат өңдүү, эч кимге жаман айтпайт, жакшы айтпайт. +Айыл арасында го колунан жамандык-жакшылык да келип, жыйналыш-жыйында чыгып сөз сүйлөп, аш-тойдо аксакалдар менен тең катары тизгиндешип, эл башкарышып жүргөн өкмөт жигиттер кадыр-барктуу болуп, оозго кирет. +Кыз-келиндин көзүнө түшчү да ошолор. +Ал эми Даниярга окшоп, өзүн башкалардан окчун кармап, жоош жүргөндү ишке аралашкан мыктылар анча теңине албайт, карапайымдар анын зыян-пайдасы болбогон соң: «Эптеп жансактап жүргөн бир бечара-байкуш» – деп коюшат. +Өзгөчө бизге окшогон чечек балдар чоңураак жигиттерге теңаталашып жүргөндү мыктылык көрөт эмеспи. +Биз көрүнө болбосо да, көзү жокто Даниярдын мүнөзүнө күлө турганбыз. +Ал эмес көйнөгүн сууга алып барып, өзү жууганына да күлчүбүз. +Аскерден кийип келген көйнөгү жалгыз болгондуктан, аны чала кургатып эле кийип алчу. +Бирок, бир кызык жери, Данияр момун болсо да биз ага теңаталаша албадык. +Аны улуусунтуп сыйлагандай ал менин агаларым менен курбалдаш, андайларды биз «сен» деп, өзүбүздүн наркыбызды төмөн түшүрбөйбүз. +Сүрдөй тургандай Даниярдын эч деле жери жок, антсе да анын ошол унчукпас, басмырт мүнөзүндө кандайдыр терең маани бардай, демейде шок, какшыкчыл балдар көп эле ага батына бербеди. +Анын себеби мындан да болуп кеттиби деп ойлойм. +Мен өзүм элдин көргөн-билгенин, бөтөнчө фронтто болгондорду майда-чүйдөсүнө чейин сурап, билүүгө кызыкчумун. +Суроо деген менде түгөнбөйт, ушул дартымдан «Сейит маңыз» – деп да атыгып кеттим. +Данияр келген алгачкы күндөрү андан согушта болгон окуяларды угамын го деп күтүп жүрдүм. +Бир күнү жумуштан кийин тамак ичип, отту тегеректеп жарпыбыз жазылып, тынчтанып отурганда, Даниярдан сурап калдым: – Данике, согуштан козгоп, эрмектеп бербейсиңби? +Данияр адегенде унчукпай, жаман көргөнсүп түктүйө калды. +– Согуш дейсиңби? +– деди ал жай гана, эмнегедир үнүн басаңдата түнөрүп,– согуштун түрү курусун, сендер аны билбей эле койгула! +Данияр бери жакта жаткан катуу-кутуу куурайдан чоң тутам алып, отту көсөп, тез-тез үйлөп күйгүздү да, эч кимибизди карабай, көнүмүш боюнча колдорун тапка кактап, желпилдеп күйгөн жалынга көзүн сүзүлтө тиктеп унчукпады. +Ал эмне үчүн ушинткенин ким билсин, бирок анын ушул эле айткан сөзүнөн согуш деген жомок катары эрмектеп сүйлөй турган кеп эмес, ал адамдын жүрөгүнө терең батып, айтууга өтө кыйын, оор экени сезилди. +Уялганымдан дагы жер карап калдым. +Экинчи согуш жөнүндө Даниярдан эчтеке сураган жокмун, балдар дагы ага тийишип теңаталашканын койду. +Бирок, мүнөзү түнт, адамга ыгы жок Данияр мурункудай эле жалгыз-жабык жүрүп, анын аскерден кайтып келгенинин кызыгы бат эле таркады. +Кээ бир элдер аны анчейин: «ээ бир жүргөн бирөө да!» – дегенсип көзүнө илбей, кээ бирлер ага ачык күлө сүйлөп, көпчүлүгү болсо боору ачып, «үйү-жайы жок эптеп жан сактап жүргөн бечара карып. +Колхоздун талаада берген ысык оокаты болбосо тим эле тентип эле кете турган неме. +Өзү да кудайдын боз кою!» – дешип, аяп жүрүштү. +Бара-бара элдер Даниярдын мүнөзүнө көнүгүшүп, үйрөнүп калгандыктанбы, аны кеп кылганды да койду. +Чын эле адамдын эч кимге тиешеси болбогон соң, ал көз көрүнө эле унутула берет эмеспи. +Эртеси күн чыкпай, Данияр экөөбүз аттарды кырманга алып келдик. +Аңгыча Жамийла жеңем да орокто жүргөн жеринен келип калган экен, бизди көрүп, тигинден эле кыйкырды: – Ай, кичине бала, менин аттарым кайсы, бери жетеле! +Камыттары кайсы эле? +– деп машыккан арабакечтен бетер дөңгөлөктөрдүн шалкылдагын буту менен тээп көрүп жатты. +Аттарды коштой жетелеп биз жакындап келгенде, Данияр экөөбүздүн түрүбүз кызык көрүндүбү, анткени жайдак бастырган Даниярдын кончу кенен солдат өтүгү салаңдаган узун буттарынан шыпырылып кетчүдөй бутунун башына илинип, мен болсом мүйүздөй чор болгон согончокторум менен жылаңайлак теминип келаткам, Жамийла бизди шылдыңкор карап, күлүп койду: – Оо, узунду-кыскалуу болгон кайрандар десе! +Издешпей табышкансыңар го! +Ушундан баштап эле ал бизди башкарып алган��ып: «Болгула, урушта туруш жок, эртерээк салкында жөнөй берели!» – деп, аттарды булкулдата кетенчиктетип, арабага кошо баштады. +Данияр жаныбызда жүрсө Жамийла аны кишиби, көлөкөбү дебей такыр эле көзүнө да илген жок, сүйлөшсө мени менен сүйлөшүп, бизден калышпай, нары-бери шамдагайлана аттарды чегип жатты. +Жамийланын бул кыр көрсөткөндөй чечкиндүүлүгүнөн Данияр апкаарый түшкөндөй болду. +Чекесин тырчыктырып, ал аны жактырбагандай да, таң калгандай да, түктүйө карап, сыртын салды. +Тиги анысын байкаган да жок, болгондо Данияр тараза үстүнөн каптардын бирин кучактап алып, унчукпай арабасына көтөрүп таштаганда, Жамийла аны жемелей кетти: – Ал эмнеси экен? +Ар ким эле өзүнчө далбастай береби! +Келе колуңду, колдошконду кудай колдойт! +Ай, кичине бала, чык арабага, каптарды жаткыр! +Жамийла Даниярдын колун өзү эле шап кармап, экөө колдошуп кап көтөргөндө, Данияр уялганынан каракөк болуп кызарып кетти. +Анан алар улам каптарды колдошо көтөрүп басканда, бекем кармашкан колдору чыңалышып, кап үстүнөн арта салынып, Жамийлага эңкээ берген Данияр өз алдынан эле оңтойсузданып үтүрөйүп, аны карабаска аракеттенип жатты. +Жамийла анда да иши жок, таразачы келин менен ары өтүп, бери өтүп шыңкылдашат. +Арабалар жүктөлүп бүтүп, жуп жөнөрдө гана, ал бер жакка көзүн кымтый коюп, Даниярга: – Ай, ким, Данияр белең? +Карааның эркек эмеспи, жол башта! +– деди. +Данияр бул жолу да унчукпады, чочугандай келинди бир карап, арабаны турган эле жеринен ала-сала айдады. +«Аа, шоруң кур, уялчаагын мунун!» – деп аяп койдум аны. +Жол алыс. +Жыйырма чакырымдай боз талаа менен жүрүп отуруп, төмөндө жаткан Кара-Тоонун капчыгайынан өтүп станцияга барыш керек. +Бир жакшы жери, кырмандан чыгып станцияга жеткенче жер өңүтү ылдый, аттарга бул көп жеңилдик. +Улуу-Тоонун адырлуу тескейинде орношкон айлыбыз, капчыгайга кире бергенче, качан артыңа кылчайып карабагын, тал-дарагы карайып, жогору жакта көрүнүп турат. +Темир жол капчыгайдын этегинде. +Мына ушинтип биз күнүн барып келип, эгин тартып жүрдүк. +Айылдан эртең менен чыгып, станцияга түш оой барабыз. +Жүктүү арабалардын дөңгөлөктөрү каксоо жолдо дүңгүрөп, шагыл майдаланып бычырайт. +Күн өйдөлөп, талаа ысыган сайын, аттардын сооруларынан жылга-жылга тер кетип, үйүр алып, кошо ээрчишкен чымындар чаң аралаш учуп-конот. +Саратан чаңкып, жер какшыган күндөр. +Станцияга келсең араба-көлүктөн басарга орун жок. +Тоо койнундагы алыскы колхоздордон эгинди өгүз, эшекке артып, айдап келатышкан балдар менен катындардын жондору туздуу шор, чаң баскан беттери капкара болуп күйгөн. +Шамалга кеберсиген эриндери кан кесилип, өздөрү жылаңайлак-жылаңбаш, ташыркап, чаалыгып келишет. +Заготзернонун короосу ызы-чуу, дарбазасында: «Баардык эгин – фронт үчүн!» – деп, ураан жазылган. +Сокмо дубал менен тегерете курчаган жапыс короонун сыртында, паровоз вагондорду нары-бери кагыштырып, ысык буу уруп, кумурскача тынбаган аракетте. +Өткүн жаандай шартылдап өткөн поезддер капчыгай жаңырта токтолбой зуулдашат. +Так кампанын оозуна чөгөрүлгөн төөлөр өйдө тургусу келбей, жинин бүркүп, оозун чоё ачуулуу боздошот. +Чоң + + кампанын ичи тоодой үйүлгөн эгин. +Каптарды жонго салып, тактайдан жасалган трап менен кампанын тээ төбөсүнө жете жаздай, бийик чыгып барып төгүш керек. +Кампанын ысык чыккан тунукелүү үстү темир ис берип, буудайдын чаңы абада кылкылдайт. +– Эй бала, көзүңө кара, үстүнө жеткир! +– деп, уйкусуз көздөрү кызыл эт болуп канталаган кампачы төмөндө колун кезеп сөгүнөт. +Ал эмнеге сөгүнөт? +Сөгүнбөй эле койсочу! +Алдан тайып жыгылып эле калбасак, ансыз да көтөрүп жеткиребиз го. +Биз бул эгиндин мээнетин жалаң эле ушул жерде эмес, талаанын өзүнөн, айдоого дан таштагандан баштап көтөргөнүбүз көтөргөн. +Аны жашаялмет катын-балдар жазы-жайы тынбай, тырмактап өстүрүп, азыр да ошол өрт алган саратан талаада алда качан эскилиги жетип, күнүгө жүз жолу бузулган шалдыраган комбайнды бирде жүргүзүп, бирде кайра оңдоп, комбайнер жанын уруп далбастайт. +Азыр да ошол эгин майданында орокчулар куланөөк таңдан караңгы түнгө чейин, уюп сыздаган белин жазбай, орок тартып, жерге түшкөн ар бир баш машакты кымындай балдардын колдору терүүдө. +Ошол күндөрдө биздин баардык тапкан-тергенибиз – фронттуку, ал биздин жеңиш үчүн берген тер менен каныбыз. +Али да эсимде: жаш өспүрүм мен ошондо карылуу жигиттер көтөрчү каптарды ийниме салып, каптын бир бурчун тишим менен кошо тиштеп, өйдө чыгып бара жатканда, кабыргам майышып, көзүм тунарыктайт. +Кадам сайын траптын тактайлары ийилип, кампанын чаңдуу деми өпкөнү кысат. +Нечен-нечен жолу алдан тайып, жонумдан ылдый жылбышып бара жаткан буума капты ыргытып жиберип, өзүм да траптан кошо кулап түшсөм деген ойлор кетчү. +Бирок, артымда кап көтөргөн киши бар. +Ал деле мага окшогон жаш бала же болбосо, төрөп-түшүп жүргөн аял чыгар. +Эгерде согуш болбосо, мындай оор жүктү буларга ким көтөртмөк эле? +Эркек мен эмес, аялдар ушинтип бел байлап иштегенде алсыздык кылууга акым бар беле? +Тигине алдыда Жамийла жеңем кетип бара жатат. +Этегин кыстарып, багалектерин өйдө түрүнгөн Жамийланын кара тору толмоч балтырлары булчуң түйүп, толорсук тарамыштары үзүлүп кетчүдөй чыңалган. +Жүгүн жеңилдетейин дегендей, Жамийла каптын астында бүгүлө ийилип, бат-бат басат. +Кээде гана менин күчтөн тайып бара жатканымды сезгенсип, ал токтоло калат да: – Чымыркан, кичине бала, аз калды эми! +– деп коёт. +Бирок, өзүнүн да үнү ошондо муунуп киркирейт. +Каптагы буудайды кызылдын төбөсүнө төгө салып, биз кайра тартканда алдыбыздан Данияр кезиге турган. +Адатынча эч кимге кошулбайт. +Ал унчукпастан, салмак менен бутун сылтый басат. +Биз жандаша түшкөндө, оор тарткан боюн керип, көйнөгүнүн бырыштарын жазып келе жаткан Жамийланы Данияр эңкейген калыбында кабактын астынан кыйык тиктеп өтөт. +Ал аны биринчи жолу көргөнсүп, ар дайым ушинтип карайт. +Бирок, Жамийла муну оюна да алчу эмес. +Биз бирге кошулуп иштегенден баштап, ал экөөнүн ортосундагы мамилеси ушул: Жамийла кээде анчейин тамаша үчүн тигиге үстөмдүк менен күлө сүйлөсө, кээде анын бары-жогун такыр эле унутуп салган өңдүү, эчтеке дебейт, карап да койбойт. +Бул өзү Жамийланын көңүл иши. +Көңүлү келсе жолдо келе жатып Жамийла мени: «Айда аттарды, кичине бала, кеттик!» —деп үндөп коёт да, отурган жеринен өйдө тура калып, камчыны үрөй кыйкырып, арабаны айдайт. +Мен дагы калышпайм. +Көз-ачып жумгандын ортосунда, жол баштап алдыда кетип бара жаткан Даниярды биз кууп өтөбүз. +Чаңдын баары Даниярга капталып, ал артта калат. +Бул өзү тамаша болсо да, адамдын ачуусу келе тургандай жорук. +Ошентсе да Данияр таарынчу эмес. +Чаңды буркуратып, биз жанынан өтүп бара жатсак, ал айыптуу немедей жай эле күлүмсүрөп, арабада тикесинен туруп, аттарды оңдон солго камчылап, каткырып айдаган Жамийланы унчукпастан таңыркап карайт. +Кантип жатат болду экен деп, артыма кайрыла калам: тумандай коюу чаңдын арасында да Данияр ыраазы болгондой Жамийладан көзүн түшүрчү эмес. +Анын ошол таңыркаган көз карашында жаш баланын шоктугун мейличи деп кечирген өңдүү мээрим да, ичтен тымызын күйүт чегип, эч кимге сыр айтпай, тарткан санаа да бар сезилет. +Жамийланын ушундай жоруктарын, какшыктап күлгөнүн, жадагалса аны теңине албагансып, жанында жүрсө ага карабай, сүйлөбөй коюшун Данияр эч бир көңүлүнө албаган сыяктуу, баарына чыдап бир да жолу сөз кайрыган жок. +Адегенде Даниярга менин боорум ооруп: – Жоош немени ушинте бергениң кандай, жеңе? +– деп айтсам, Жамийла: — Ай, койчу ушуну! +– деп колун шилтеп күлчү.– Бекер жүргөндөн көрө тамаша да! +Аны эмне кудай алмак беле ошондон!. +Жүрө-бара жеңемдин бул тамашасына мен да кошулдум. +Анткени Данияр Жамийлага өтө эле кадала карай турган болду. +Өзгөчө Жамийла кап көтөргөндө, ал иш арада токтой калгансып, көзүнүн кыйыгы менен аны карайт да турат. +Ар ким эле өзүнчө убараланып, жумуш менен алек болгон көпчүлүктө мунусун эч ким байкабайт деп ойлойбу, айтор, үнү кардыккан арабакечтер кыйкырышып, ат-араба тыгылышкан станциянын базар сыяктуу тополоңдуу короосунда, жалгыз эле Жамийла элден башкача жаралгансып, канчалык кыйналса да, ээн-эркин жердегидей элпек кыймылдап, жайдары күлүп, чын эле көзгө көрүнбөй койбойт экен. +Арабанын кырына тикесинен тургузулган буума капты Жамийла чалкалай берип, артынан кармаганда, бүт денеси ийиле созулуп, мойну, көкүрөгү керилип, күнгө күйгөн кара күрөң чачтын өрүмдөрү узара түшкөндөй, артына салмактантып, чала жумган кирпиктердин арасынан көздүн каректери жалт эте түшөт. +Ошондо кап көтөргөн Жамийла кампанын эшигине жеткенче, Данияр аны жанагы үңүрөйө таңыркаган көз караш менен байкатпастан карап узатат. +Бирок, мен муну байкап эле жүрдүм. +Башта анча деле көңүлгө албасам да, кийинчерээк барып Даниярдын минтип жеңеме кызыгып караганы мага жакмак турсун, намысымды келтирди: эч кимге ыраа көрбөй кызганган жеңеме, башкалар го мындай турсун, Данияр дегенди кантип эле тең көрөт элем. +«Тигини, ушунун да Жамийлада ою бар болсо керек, анан башкаларга сөз барбы! +Ой то-бо!» – деп ачуум келип кыжырланып жүрдүм. +Даниярды эми момун деп аямак турсун, аны жек көрө баштадым. +Ушундан улам мен дагы жеңеме кошулуп, аны шылдың кыла турган болдум. +Бирок, биздин бул жоруктарыбыздын аягы уяттуу болуп чыкты. +Эгин ташыган каптардын арасында таардан тигилген, жети пуддук бир чоң карала кап бар эле. +Аны ар дайым жеңем экөөлөп кампага жеткирип, жерге төкчүбүз,– анткени, бир кишинин алы келе тургандай эмес болучу. +Бир күнү кырманда арабаларды жүктөп жатып, жеңем экөөбүз жанагы карала капты Даниярдын арабасына таштап, үстүнөн башка каптар менен бастырып койдук. +Чыны, кантер экен деп, тамаша кылдык. +Ушинтип, күн чыга кырмандан жол тарттык. +Жолдо, орус кыштагында бирөөнүн багына кирип, Жамийла экөөбүз алма уурдап чыктык да, жол катары каткырып күлүп келдик: Жамийла Даниярды «тос» – демиш болуп, аны алма менен уруп келатты. +Алма түгөнгөндөн кийин, биз адатыбызча Даниярга чаң каптатып, жанынан өтө чаап, бир топ узап кеттик. +Данияр бизди капчыгайдан чыга бериште гана кууп жетти. +Темир жолдун өткүчү тосулуу экен, ачылышын күтүп турганбыз. +Бул жерден станцияга бирге келдик. +Мына ушулардын ортосунда жанагы жети пуддук кап эстен чыгып да калыптыр, оюбузда эчтеке жок, эгинди ташып бүтүүгө жакын калганбыз. +Бир убакта Жамийла мени кабыргага түртүп, Даниярды карай көзүн кысып, күлүп койду. +Данияр арабанын үстүндө турган экен. +«Муну кандай кылсам?» – дегендей жанагы чоң капты тыяк-быягынан карап, Жамийланын күлкүгө какала түшкөнүн байкай койгондо, заматта кумсарып түнөрдү,– сынап жатканыбызды түшүндү окшойт. +– Ай, неме, ыштаныңды өйдө тарт, шыпырылып калбасын! +– деди, кыткылыктап тамашалаган Жамийла. +Данияр аны жаман көзү менен акырая бир карап алды да, капты нары-бери булкуп, арабанын кырына тургуза салып, бир колу менен сүйөй берип жерге секирип түштү. +Биз «а-бу» дегенче болбой зылдай болгон капты жонуна силкий көтөрүп, эңкейген Данияр кампаны көздөй басты. +Адегенде, биз кантер экен деп, байкамаксан болуп, сыр алдырган жокпуз. +Башкалар болсо, Даниярга сыра да көңүл бурушкан жок, элдин баары кап көтөрүп жүрбөйбү, ким менен кимдин иши бар эле. +Данияр трапка жакындай келгенде, Жамийла артынан жетти: – Муну кайда алпарасың, соосуңбу, ташта ушул жерге, тамашаны түшүнбөйсүңбү? +– Тур нары! +– деп, Данияр аны кагып салды. +Шагы сынган Жамийла күлүмүш болуп эле, тиги трап менен өйдө чыга баштаган Даниярды артынан карап: – Карасаң ай, өлөрманын, көтөрүп бара жатат! +– деп, айыптуу немедей бүдөмүк күлүп, сүйлөндү. +Жамийла ошол бойдон кыткылыктап күлө эле берди, бирок барган сайын анын күлкүсү суз тартып, ал өзүн-өзү зордоп күлдүргөнгө окшоп жатты. +Данияр тигиндей барып эле, жарадар бутуна күч келип, аксай баштаганда, биз аны кандай азапка салганыбызды ошондо түшүндүк. +Даниярдын буту жарадар экенин эмне үчүн мурда ойлободук экен? +Ай, менин балалыгым ай! +Муну ойлоп чыгарган шойкон мен эмес белем! +– Кайт артыңа! +– деп жиберди Жамийла, күлкү аралаш кыйкырып. +Бирок, артка кайтууга да кеч болуп калган, Даниярга удаа кап көтөргөн кишилер чубай келди. +Мындан ары эмне болгонун эсим чыгып, өзүм да жакшы билбей калдым. +Менин бир көргөнүм эле Данияр. +Көз алдымда ошол сабадай лыкыйган чоң карала кап. +Данияр анын астында бүгүлө ийилип, трап менен өйдө чыгып бара жатат. +Жарадар бутун ал сүйрөй сылтып, ага канча күч келтирбөөгө аракеттенген менен, улам жаңыдан кадам шилтегенде ооруганына чыдай албай тиштене калып, башын чулгуйт. +Данияр жогорулаган сайын, үстүндөгү зор карала кап, жонуна минип алган жандуу немедей, аны оңдон солго теңселтип жатты. +Жеңем экөөбүздүн бул ойлобой кылган кылмышыбызга ушунчалык уялып эсим чыкканынан денем өлүп, калчылдап кеттим. +Данияр эмес кап көтөргөн мен, ошол сыздап ооруган ок тийген бут меники сыяктуу, ал теңселгенде кошо теңселгенсип, көзүм караңгылап жатты. +Тигине Данияр токтой калып, ээрдин кесе тиштеп, көзүн жумду. +Менин да башым айланып, жер көчүп бара жаткансыйт. +Бир оокумга эсим оогондой, эчтеке билбей калдым. +Кимдир бирөө билегимден карыштыра кармап, сындырып жиберчүдөй болду. +Мындай карасам Жамийла экен. +Өңү жууган чүпөрөктөй бопбоз, эриндери мурдагы күлкүнүн элесин сактаган бойдон чала ачыла берип, көзүн Даниярдан албай, телмирип калыптыр. +Биздин жаныбызга кампачы да, башкалар да жүгүрүшүп келишкен экен. +Алар да эмне болгонун + + жакшы түшүнө бербей, Даниярды карашат. +Мына Данияр жүрүп бара жатып, ылдый жылбышкан капты оңдойм деп, аны өйдө силкти эле, туруштук бере албай тизелеп жыгыла баштады. +– Ташта! +Ташта капты! +– деп кыйкырып жиберди Жамийла. +Данияр тил алган жок. +Капты алда качан эле траптын четинен кулатып жиберсе болмок, ал анда арттагыларды да коюп кетпес эле, бирок өжөрлөнүп көгөргөн Данияр аны кылбады. +Жамийланын үнүн укканда, ал кайра чымыркана калып, илгери умтулду. +Азыраак барып, дагы кетенчиктеп теңселе бергенде, кампачы жаны чыккандай бакырды: – Ташта, ташта дейм, иттин баласы! +– Ташта! +– деп, башкалар да кыйкырышты. +Данияр бул жолу да өз дегенин бербей, нарыдан бери уруна, чайпалып, алга басты. +– Ой, мунуң таштабайт, айтты дей бер! +– деди тургандардын бири, ошого көзү жеткен немедей колун шилтеп. +Жалгыз ал гана эмес, жаныбызда тургандар да, кап көтөрүп Даниярдын артынан трап менен кошо чыгып бара жаткандар да, бул иштин тегин эместигин, мында бир сыр бар экенин, Данияр кап менен кошо кулап түшпөсө эле, ал аны эч убакытта коё бербесин түшүнүштү окшойт. +Бир оокумга сөз жок, үн жок унчукпай калышты. +Кампанын сыртында эшелонду ордунан козгоп, паровоз күүлөнүп вагондорду кагыштырууда. +Өргө жүк көтөргөн аттай жата калып, Данияр траптын бийигинде. +Теңселип жыгыла баштаганда, ал токтой калып күч жыйнап, кайра алдыга утурлайт. +Даниярдын артынан келе жаткандар анын ыгына көнүп, ал токтогондо туруп калышып, ал басканда басышат. +Даниярга каралап, алар да кубаттан тайып, кара терге түшкөн. +Бирок, бири дагы аны сен деп, ооз ачып тилдеген жок. +Ашуунун тайгак жолунда бирине-бири кармашып келе жаткандай кап көтөргөндөр үнсүз тилсиз аракетте. +Эгерде бири жаза тайып учуп кетсе, башкалар да анын артынан учуп кетчүдөй сезилет. +Алардын ушул үнсүз кыймылында кандайдыр оор салмак, бир ооздон чыккан дем бар. +Даниярга удаа келе жаткан аял буту чаалыгып, жыгыларына аз, бирок ал кудайдан өзүнө эмес Даниярга кубат сурап, ал үчүн арбактарга сыйынып жаткан өңдүү ага боор ооруп карайт. +Мына эми аз эле калды, Данияр дагы чымырканса, траптын түз жерине жете бара тургандай. +Ушул учурда алдан кеткен Данияр жарадар бутун аярлаганга чамасы келбей шалактап, үстүндөгү капты коё бербесе, жыгылганы эле калды. +– Жүгүр! +Артынан, сүйөп жибер! +– деди мага Жамийла, өзү болсо Даниярды тосуп алчудай, шашканынан ага колун сунуп көтөрдү. +Мен трап менен өйдө жүгүрдүм. +Кап көтөргөндөрдүн арасынан сыгылып, көйнөгүмдү мыкка айрытып, Даниярга жете бардым. +Жонуна жүк аркалап, эңкейген калыбында Данияр колтуктун астынан мени бир карап алды. +Бетинен жыш тер куюлуп, маңдайындагы кан тамырлар жарылып кетчүдөй кабарган, көзүндө – каар менен жаш толгон. +Даниярга жардамдашайын деп умтулдум элем: – Тур нары! +– деп ал заардуу киркиреп, анан капты өйдө силкип, жанын оозуна тиштегендей, акыркы күч менен андан-мындан аттап, алдыга жүткүндү. +Шишиген салмактанган колдору шалдырап, бутун сүйрөп Данияр траптан түшкөндө, төмөндө күтүп турган эл, унчукпай тең жарыла берди. +Жалгыз гана кампачы токтоно алган жок. +Ачуусу келген бойдон Даниярга жулкунду: – Сен эмне бала, жиндеп кеттиңби, яа? +Же мен ошончо ит белем: бир ооз айтсаң, алдагы жерге эле төктүрүп салбайт белем? +Ким айтты сага ушундай каптарды көтөрсүн деп? +– Ишиң болбосун, өзүм билем,– деди Данияр жай гана, анан чырт түкүрүп коюп, арабасын көздөй басып кетти. +Жамийла артынан шыбырады: – Тамашаны түшүнбөгөн акмак? +Ушуну айтканы менен өзү башын өйдө көтөргөн жок. +Данияр аны уктубу, укпадыбы, бирок азыр кайрыла калып, бизге эмне десе да, жеңем экөөбүз анын бетин тик карай албас элек. +Айылга кайтып бара жатып, жол катары бирибиз да ооз ачып сүйлөгөн жокпуз. +Данияр үчүн бул көнүмүш иш,– ал ансыз да сөзгө сараң, ошондой болсо да бүгүнкүсү бизге катуу тийип жатты: же анын биротоло жүз карашпай таарынганы ушубу, болбосо ак көңүлдүк кылып, жанагы болгондорду алда качан унутуп да койдубу, айтор ким билсин аны? +Биздин унчукпаганыбыз го түшүнүктүү: бир чети уялгандан жер карап, бир чети – ороюраак болсо да, арам санатайы жок тамашаны Данияр чын көрүп, көңүлүнө жакын алганын жактырбай келе жаттык. +Эртең менен эгинди капка салып жатканда, Жамийла жанагы кырсыктуу карала капты алды да, буту менен басып туруп, тигиштерин эки колдоп айрып-айрып жиберди. +Бөлөк-салагы чыккан таарды ал таразачынын алдына ыргытты: – Ме, ал алдагы таарыңды! +Бригадириңе да айтып кой, экинчи мындай капты берчү болбосун! +– Ой, сен өзүң соосуңбу, бул эмнең? +– Эчтеке эмес!. +Ошонун эртесинде күндөгүдөй станцияга келип, кашкарайганда кайра айылга жол тарттык. +Данияр алдыбызда кетип бара жаткан. +Анын таарынчысы, ызасы жазылдыбы, биле алган жокпуз. +Аны билүү да кыйын эле. +Ортобузда эчтеке болбогонсуп, Данияр мурдагыдай эле бир сырдуу, токтоо мүнөз. +Болгондо, кечээ ал жараатын аябай эле кокустатып алса керек, демейдегиден катуураак аксап, өзгөчө кап көтөргөндө кыйналып жүрдү. +Ал эчтеке дебесе да, ушунун өзү, биз күнөөлүү экенибизди бассак-турсак да эске салып, көңүл оорутту. +Деги эмнеси болсо да, Данияр бир ооз тамашалап, күлүп койсо, ушуну менен баардыгы өз жайына келип, унутулуп да калат эле. +Жамийла болсо, ал дагы өз намысын бербейт, оюнда эчтеке жоктой сыр алдырбай, күлүмүш болуп, сыртынан жайдары. +Ушинткени менен нары жагында капаланып, кейиш чеккени сезилип эле турду. +Мына ушинтип, биз айылга кетип бара жаттык. +Чиркин, ошол күнкү түн бөтөнчө жаратылгансып, эң эле көрктүү болду. +Ким билбейт, жайдын толгон кезиндеги август түндөрүн! +Асмандагы жылдыздар алыста турганы менен, ар бири өңүнө чыгып, алаканга салгандай, ар бири өзүнчө нур төгүп, чет-четинен бүлбүлдөгөн күмүш кыроо чалып, асмандын тиги каптал, бу капталына жайнап, кири жок жадырап карашат. +Жылдыздар ушинтип толгондо, биз капчыгай аралап келе жатканбыз. +Аттар салкынданып, үйдү көздөй көңүлдүү жортууда. +Араба качыр-кучур дүңгүрөп, ташка тийген такалардан учкун чагылат. +Капчыгайга сырттан келе берген сыдырым талаанын алда кайсы жеринен бүрдөгөн эрмендин кермек-ачуу чаңын учуруп, аңызда шамалдап жаткан самандын билинер-билинбес коңур жытын лепилдетип, жол катары шыралжын буруксуп, ушунун баары терге жибиген камыт-шлиянын карамай жытына аралашып, адамды эңги-деңги мас кылгансыйт. +Жол үстүнө үңүлгөн аскалар кыйгач көлөкө таштап, нары сайдагы бадалдын арасында Күркүрөө жаны тынбай алдастайт. +Тээ артта калган темир жолдо поезддер көпүрөдө нары өтүп, бери өткөн сайын жаңырык ээрчитип, гудокторду алыска-алыска созолонтот. +Ушундай түндө жол жүргөн кандай жакшы! +Караңгыда термелген аттардын жондорун карап отурсаң, ушул түнкү дабыштарга кулак салып, ушул түнкү жыттарга мас болсоң кандай жыргал! +Жамийла ошондо менин алдымда кетип бара жаткан. +Тизгиндерди бош коё берип, ал эки жагына көз сала, а��ырын гана кыңылдап ырдамыш болот. +Биздин унчукпай, сүйлөбөй келе жатканыбыз анын көңүлүн басынтып жатты. +Мен аны билип эле турдум. +Чын эле ушундай түндө да унчукпай коюш болобу? +Адам деген тилдүү, жандуу болсо, анан табийгаттын ушул көрүнүшүнө жооп бербейби? +Айткандай эле, Жамийла тынч отуралган жок: акыры үнүн көтөрүп ырдап жиберди. +Менимче мунун дагы бир себеби болду го дейм, Жамийла ушинтип Даниярдын таарынчысын жазып, капасын ачмак. +Кээде адамдар бириникин бири кечиргени эле турат, бирок ошого болор-болбос болсо да алгачкы түрткү керек эмеспи. +Мүмкүн, Жамийланын оюна ушу кеттиби, иши кылып ал ынтасын коюп, ичке, шыңгыраган үн менен, көңүлдөнүп ырдады. +«Шай оромол бир байлам, Жанымда жүрсөң садагам.» деген сыяктуу секетбайлар Жамийлада толуп жатат. +Аны угуп отуруш да өзүнчө бир жакшы. +Ырдап келе жатып, Жамийла бир убакта алдыда бара жаткан Даниярга кыйкырды: – Ой, сустайган неме, ырдап койсоң болбойбу? +Жигитсиңби өзүң, же өлүксүңбү? +Данияр арабасын токтото берип, бери кайрылды да уялгандай үн менен: – Ырдай бер, Жамийла, кулак сенде! +– деп койду. +– Башка эл эмне кулагын шыпыртып салыптырбы? +– деди Жамийла кекете какшыктап.– Ырдабасаң жөн кой, бой көтөргөнүн мунун! +Анан: «сен ырдабасаң мен ырдайм» – дегендей эрегишип, кайра өзү ырдады. +Ал эмне үчүн Даниярды ырда дегенин ким билет, же ушуну менен аны сөзгө алаксытмак болдубу? +Менимче ошондой болуш керек, анткени бир аз өткөндөн кийин, Жамийла Даниярды дагы үндөдү: – Ай, Данияр, деги сен бирөөнү сүйдүң беле? +– деп, өзү эмне үчүндүр күлүп жиберди. +Данияр жооп берген жок, Жамийла да унчукпай калды. +Бир азга капчыгай ичи тынчтана түштү. +Дөңгөлөктөр гана дүңгүрөп, аттар башын чулгуп, бышкырынат. +«Ырдай турган кишини тапкан экенсиң!» – деп, күлүп койдум мен. +Жолдун туурасын кесип, шаркырап аккан сууга жеткенде, Данияр арабаны жайыраак айдап, күмүштөнгөн кечиттин таштарына такалардын чакылдап урулганын, атайын эңкейип тыңшай калды. +Анан бир убакытта «чу» – деп, аттарды желдирди да, күтпөгөн жерден: Ой, Ала-То-о-о, Ала-То-о-о, Ата-бабам өскөн жер! +— деп, араба секиргенде кошо секирип, дирилдеген үн менен ырдап жиберди. +Бирок, ошол замат уялып кетти окшойт, үнү мукактанып, чыкпай калды эле, кийинки эки сапты, ал көкүрөгүн абага толтуруп, обонун бийик көтөрүп ырдады: Ой, Ала-То-о-о, Ала-То-о-о, Ак булут калкып көчкөн жер! +Эмне болгонун билбейм, бул жерден ал дагы мүргүй түштү. +Ошол бойдон унчукпай да калды. +Ай, уялчаак киши курусун, андан көрө ырдабай эле койбойбу! +Кудай билет, бети дуулдап өрттөнүп кеткен чыгар, ал эмес, ал үчүн мен да оңтойсуздана түштүм. +Анткен менен, Даниярдын ушул эле ооз ачып ырдаганынын өзүндө кандайдыр сонун, укмуштуу обон бар экени дароо эле сезилди, үнү да мыкты көрүнүп калды. +«Тигини!» – дептирмин мен таң калып. +Жамийла болсо тимеле кыйкырып жиберди: – О, кайран неме, башта кайда элең? +Ырда эми, жөндөп ырда! +Данияр унчукпай келе берди. +Алды жакта капчыгайдын чыга бериши агарып, өрөөндөн келген жел бетке сокту. +Жана баштаган обонду Данияр дагы улантса экен деп, чыдамсыздык менен күттүм. +Бир аз өтө түшүп, ал кайра ырдаганда, мен чындап эле сүйүнүп кеттим. +Адегенде Данияр мурункудай эле үнү кысталып, батына бербей, акырын баштады. +Бирок, бара-бара үнү улам ичтен күч алып, арышын кең таштап, чабыты толгондо, капчыгай ичи баштан аяк жаңырып, алыскы аскалар Даниярдын обонун эки үч + + кайтара улантып жатты. +Анын үнү дагы да чыйралып күчөй берди. +Ошондо шаңшып созолонгон үнү гана эмес, Даниярдын обонунда болгон жалын менен чексиз мээрим адамды таң калтырып, жакасын карматты. +Ушунун өзү эмне экенин, аны эмне деп айтарымды билбедим: ырчынын көмөкөйүнөн чыккан үн беле, же болбосо андан башка, жүрөктүн өзүнөн оргуп төгүлгөн дагы бир нерсе барбы? +Ал өзү эмне, ал эмне адамдын жанын эргитип ой-кыялын ойготкон?– азыр да айта албайм. +Атаганат, колдон келсе кагазга жазып отурбай, бул укмуштуу обондун өзүн салып берсем кана. +Анын ыры сөзү жок эле үн менен обон. +Анда-санда гана бир ооз сөз айтып коюп, анан бир топко чейин жөн эле үн салып демин тартпай безеленет. +Деңиздин толкуну удургуп каптагандай, төктүрмө обон ташынып, анын сөз айтууга чамасын келтирбей жатты. +Бала болуп мен мындайды эч качан угалек элем. +Бул бир өзүнчө тубаса үн, тубаса обон. +Жүрөгү зор адамдын ой-санаасын, кубанычын, тилегин баяндаган зор обон! +Ал кыргызчага, казакчага да окшобойт, бирок тыңшап отурсаң, бул обондо байыртан бир боордош кыргыз менен казактын тандалган төл обондору ширетилип кошулгандай туюлат. +Обон, бирде, казактын уч-кыйры жок ай талаасындай кенен агымда жайкалып көйкөлсө, бирде кыргыздын зоокалуу тоолорундай бийик заңгырап, көкөлөйт. +«Капырай! +– деп жаттым мен.– Данияр ушундай экен да? +Капырай, анын мындайы кимдин оюнда бар эле?» Капчыгайды басып өтүп, жолу даңгыр, жайкалган өзөнгө чыкканда, Даниярдын ыры көкүрөк черин жазып, жаңы күч менен талпынды. +Өмүрү угуп көрбөгөн кереметтүү обондор, бирине-бири куюлушуп, биринен бири өтүп алмашууда. +Даниярга бүгүн эмне болгонун түшүнбөй жаттым. +Так ушул бүгүн, так ушул саатта айкүнү жеткендей, ичтеги бук болуп камалган баардык сырын, байлыгын Данияр мына азыр ачыкка чыгарып, алтын чачыладай төгүп берди. +Мына эми гана мен Даниярдын эмне үчүн маңыроо сыяктанып, элге күлкү болуп жүргөнүн, эмне үчүн кечкурун Кароол дөбөгө чыгып барып, өзү жалгыз кыялга батып отурганын, эмне үчүн шаркырап ташынган суунун боюна түнөп жүргөнүн, эмне үчүн кандайдыр угулар-угулбас дабыштарды тыңшагансып, ошондо кашы өйдө серпилип, көзү кубанычка толгонун, мына эми гана бир чети түшүнгөнсүдүм. +Бул адам, жүрөгүнө чоң сүйүү алып жүргөн адам! +Анын бул сүйүүсү, менин оюмча, канчалык ысык көрүп, шыгы түшкөн жалгыз бирөөгө гана арналган сүйүү эмес, кандайдыр андан да зор, андан да алп, турмуш-жашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөмү жок чоң сүйүү! +Көрсө, ал ушул сүйүүнү көкүрөгүнө сактап, өчүрбөй, ошону менен жашаган адам экен. +Эгерде андай эмес башкача болсо, эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз болсо, жаратылыш аны кандай гана таңдайы жок обончу кылбасын, ал азыр минтип ырдай албайт эле. +Даниярдын обону ушул кезде түнкү өзөндүн үстүнөн жайыла каалгып, көзү илинип, мемиреп бара жаткан кең талаанын бешигин алдейлеп терметкендей, алыска жумшак созолонуп, акырындап өчөрүндө жаңыдан безелене үн алып, талыкшып уюган жерди кайра ойготуп, уйкусун ачат. +Өзү дем берип, өзү жараткан ырчыны ойгонгон албан талаа кулак салып, тыңшап жатты. +Тигине, арык бойлой жарданып, ороо күткөн эгиндер ай жарыгында күүгүм көлөкө ойнотуп, үстү-үстүнөн көлкүлдөп ыргалат. +Жолдон окчун жерде эски тегирмендин кыркалакей теректери жалбырак дирилдетип, алда эмнени угузбай шыбырашкансыйт. +Суунун аркы маңдайында, белес-белесте кырманчылар от жагышып, эртеңки көжөсүн кайнатууда. +Тигине, кимдир бирөө алда кандай иш менен шашылып, кокту бойлой далбалаңдап, кыштакты көздөй чаап бара жатат. +Алдыда кыштактын бак-дарагы дүпүйүп, андан келген жел эзилип бышкан алманын ширесин, сото кучактап гүлдөгөн жүгөрүнүн балыр-таттуу дүмбүл жытына, короолордо жайылган тезектердин жылуу демине аралашып, аңкытат. +Данияр дагы көпкө чейин обон салып, ырдап келди. +Чалкыган август түнү аны тыңшап, обонго арбалгандай терең тынчтыкта уюп магдырады, ал түгүл аттар да арабаларды жай терметип, жай басышты. +Мына ушинтип, адамдын денесин балкыта, толукшуп ырдап келе жаткан Данияр бир убакытта үнүн бийик закымдата келип, ырын чорт токтотту да, аттарга ала-сала камчы уруп, айдап жөнөдү. +Менин оюмда Жамийла дагы анын артынан түшөт экен деп, тизгиндерин жыйып, алардын соңунан калбай утурламак болдум, бирок Жамийла козголуп да койгон жок. +Башын бир жагына кыйшайткан калыбында терең кыялга чөгүп, нес болгон сыяктуу ошол бойдон былк этпей отура берди. +Обондун абада калган учкундары дагы эле көкөлөп жүргөндөй. +Жамийла аны сыйкырланып тыңшагансыйт. +Данияр ушуну менен токтобой, бир аздан кийин көрүнбөй калды. +Биз болсок айылга жеткенче бир ооз да сүйлөшкөн жокпуз. +Анын себеби: адамдын ичтегисин сөз менен айтып берүү кээ бир учурда колдон келе бербейт го дейм. +Ушул күндөн тартып биздин турмушубузга бир түрлүү жаңы бир нерсе кошулгандай болду. +Мени дайыма алда эмнеге сонуркатып, кандайдыр жакшы сезимдер жүрөгүмө толуп, өз алдымча сүйүнтүп жүрдү. +Эртең менен кырмандан жөнөгөндөн тартып, станцияга келип, кайра жолго чыкканча, капчыгайга качан жетер экенбиз деп, кечки салкын менен төгүлгөн Даниярдын обонун угууга ынтызар болуп, чыдамым жетчү эмес. +Анын үнү, анын обону менин кулагыма сиңип, кайда бассам-турсам да артымдан калбай, кошо ээрчигенсийт. +Бул обон, күндүн мурду кылтыйып жаңы көрүнөрүндө, саманда жаткан жеримден тура калып, жылаңайлак, жылаңбаш шүүдүрүм беде менен сайдагы тушалган аттарды көздөй чуркаганымда, жүрөгүмдө күү чалып угулгандай. +Мөңгүлүү кыр аркадан төгүлгөн күн, аны билгенсип, мени карай күлүмсүрөп жаркырайт. +Күрөккө ченей сузуп, алтын жаандай чачыратып, кызыл сапырган чалдардын кыймылында да, сары-күрөң өзөндүн үстүнөн, асманда жай баракат керилип айры куйруктун каалгып учушунда да, бул обон угулат. +Ошондо мен көрүп, мен угуп, мен сезгенимдин баарында Даниярдын обону жүргөнсүйт. +Ал эми кечинде, капчыгай менен араба айдап бара жатканыбызда, мен башка бир укмуштуу дүйнөгө көчүп кеткендей болчумун. +Даниярдын ырына кулак салып, көңүлүм толкуп ыргалам. +Ошондо эне сүтү менен каныма сиңип, жаштайымдан тааныш болгон көрүнүштөр көз алдымдан чубап өтөт. +Бирде, үлбүрөгөн ак-боз булуттар көгүлтүр асманда айылдын үстүнөн жазгы көч жүргүзүп, бирде жер дүңгүрөтүп кишенешкен жылкы, үйүр-үйүрү менен жайлоого сабалап, асый чыкма айгырлар көкүлдүн астынан албууттанган от ойнотуп, үйүрүн кызгана чарк айланып, элирип азанашат. +Бирде, капталга койлор жайыла тартып, бирде, бийиктен кулаган көбүктүү шаркыратма күпүлдөп, бирде, эргиген кең талаа жайкалып, чийлердин арасына чөгүп бара жаткан күн мелтилдеп, асман менен жердин кошулган жүлүндөй жигинде жалгыз атчан күндүн артынан чапкылап, аны азыр колуна кармап алчудай жакындап барып, күн менен кошо куйкум иңирде эрип, көздөн кайым болууда. +Ой, айланайын кең талаам! +Казак боордошум жердеген, алп талаам! +Мынакей, биздин тоолорду эки жакка керип таштап, чий менен шыбакка ыргалып, көз жетпеген деңиздей көлкүп жатасың. +Ким билет сендеги жаткан күчтү! +Жарыктык, сыртыңдан карасаң, эч бир жан жоктой бозоруп жатканың жаткан. +Бирок, кечээги эле эстен кеткис жайда согуш башталып, душмандар өлкөбүзгө кол салганда, туш-туштан талаада оттор жалындап, туш-тушка чабармандар ат коюп, жоокерлер минсин деп айдаган канаттуу күлүктөр ысык чаң тумандатып, дүбүртүнөн асман чайпалды. +Ошондо аркы өйүздө токтой калган кабарчы казак, ат оозун жыя: – Аттан, кыргыз, аттан! +Жау келди! +– деп чуу коюп, саратан куюнга аралаш дагы да алда кайда чапкылаган. +Ошондо кең талаам, өзөнүм, тоолорум силкинип, өз элин атка мингизди. +Ат жалын бура тартып, жигиттер жабыла аттанганда, жер толкунуп, жоо күүсүн чалды. +Өрөөнгө батпай, миңдеген үзөңгүлөр кагышып, түмөндөгөн миң сан жоокерлер чырактай көздөрүн жалындатып, эл менен, журт менен коштошту. +Алардын алды жагында кызыл туулар желбиреп, арт жагында, – туяктан чыккан чаң менен ый аралаша, энелер, жубайлар боздошот: «Кең талаа, колдо! +Касиеттүү тууган жер, колдо! +Манас, колдо!» – О, айланайын кең талаам, тоолорум, элиме ушул күч кайратты берген касиетиңден силердин!. +Мына ушунун баардыгын Данияр обонго салып, көз алдыма сүрөт тарткандай, укмуштуу чоң дүйнөнүн көркүн ачып көрсөтөт. +«Капырай, ушунун баарын ал кайдан үйрөндү, кайдан укту экен?» – деп таң калып кызыгам. +Ошентсем да, өз эл-журтун, тууган жерин мындай сүйгөндүк, мындай өлчөмү жок сагынуу, көп жылдар бою алыста, четте жүрүп, көрүүгө зар болуп, эңсеген адамдын жүрөгүндө гана жаралып, пайда болорун өз акылымда түшүнүп да жүрдүм. +Мен үчүн Даниярдын бул обондорунда анын жер кыдырып, жол-жолдо жетимче жүргөнү да, Россиянын көп азаптуу кан майдан талааларын басып өткөндөрү да эстетилүүчү. +Мүмкүн, Ата Мекен жөнүндөгү ушул жалындуу обондор ошондо туулган чыгар. +Мындай учурларда, Даниярды угуп отуруп, астындагы боз топурак кең талаа жерди, адам баласы ушунчалык сүйгөнү үчүн, жата калып аны өз энеңдей бек кучактап, өпкүлөгүң келет. +Мына ошондо биринчи жолу менин жүрөгүмдө кандайдыр жаңы бир нерсе ойгонуп, көкүрөктү дегдеткен эңсөө кыстап, мен дагы ушул жер келбетин, жер көркүн Даниярча сезе билип, сүйө билип, мен дагы ушинтип эле айтып берсем экен деп тиледим. +Өзүм да жакшы түшүнө бербеген белгисиз алда эмненин келерин күтүп, ошого сүйүнүп да, сүрдөп да жүрдүм. +Ошол белгисиз күтүү, түшүнүксүз эңсөө чыгармачылыктын алгачкы чакырыгы экени, келечекте мен турмушту боёктор, сүрөттөр аркылуу көрсөтүүгө аракеттене турганымды анда билген эмес экенмин. +Сүрөт тартууга кичинемден эле колум эптүү эле, окуу китептериндеги сүрөттөрдү карай отуруп окшоштура тартканымда, балдар: «Ой, ит оой, куду эле өзүндөй, карачы!» – дешип мактай турган. +Мугалимдер да мектептеги дубал газетаны мага кооздотушчу. +Бирок, кийин барып, сүрөт тартууну эстен чыгарууга туура келди. +Согуш башталып, агаларым аскерге кеткенде, мен окууну таштап, өз курдуу теңтуштарым менен колхозго иштеп кеттим,– сүрөт деген кимдин оюна келсин анда. +Ал кезде сүрөтчү болуу ойдо да жок иш, бирок ошондо эле Даниярдын обондору менин кыялымды толкутуп, турмуштун көркүн сезүүгө талпынтты. +Өңүмдө эмес түштөгүдөй бул таттуу кыялга эңги-деңги берилип, дүйнөгө жаңы туулуп, көзүм жаңы ачылгансып, ушул айлана + + аймакка суктана таңыркап карадым. +Мен үчүн мунун өзү турмушумдагы чоң окуя сыяктанды. +Ал эми Жамийланын өзгөрүлгөнү эмне! +Баягы тамашакөй, шайыр мүнөз келин эмне үчүндүр жоошуй түшүп, анын мурда ойноктогон өткүр көздөрү эми ичтен муңдана, тумандуу жазгы күн сыяктуу, жылуу мээримге толуп, назик тиктейт. +Жолдо кетип бара жатканыбызда, Жамийланын жүзүнөн дайым бир ой кетпей, ээрдинде үлбүрөгөн күлкүнүн көлөкөсү адашып, ал өзү гана билген, кандайдыр жакшы бир нерсеге ичи жылыгансып, ошого сүйүнгөн өңдүү туюлат. +Кээде болсо, тескерисинче, алда эмнеден эси чыккандай, капты арабадан ийнине силкип алып, ошол бойдон ордунан козголбой туруп калат. +Оргуштана аккан суу алдынан кокус кездешкендей, ушул шок сууну кечсемби, же кечпесемби деген сыяктуу, Жамийла ошондо илгери аттагандан коркуп, дал болуп апкаарыйт. +Даниярга болсо, ал эмне үчүндүр жакын жолобой, көзүнө тик кароодон качып, сырттап жүрдү. +Жамийла ага мурункудай эле назар салбагансып, тоотпой коюуга канчалык аракеттенсе да, акыры бир жолу кырманда, айласы куругандай, Даниярга кыжырлана сүйлөндү: – Алдагы үстүңдөгү көйнөгүңдү чечсең боло! +Берчи бери, жууп берейин! +Көйнөктү сууга алып барып жууду да, жашаңга жайып коюп, өзү жанына отуруп, көйнөктүн бырыштарын жазган өңдүү, аны көпкө чейин алаканы менен акырын сылап отурду. +Кээде ал көйнөктүн тозулган ийиндерин күнгө салып, муңдана тиктеп, эмнегедир кейигенсип башын чайкап жатты. +Ушул кийинки күндөрү Жамийла бир эле жолу баягысындай шаттана каткырып, көздөрү жайнап, кадимкисиндей шаңдуу болду. +Ал күнү иштен келе жаткан жоон топ чөпчүлөр кырманга кайрыла калышты эле. +Арасындагы аскерден кайтып келген жигиттер: – Эй, байлар, буудай нанды өзүңөр эле жей бересиңерби, бизге берериңер кайсы, болбосо сууга салабыз! +– дешип, айрылары менен тап берип, тамашалап айбат кылышты. +– О-о, кайран көсөлдөр, аныңардан коркор кырманчылар бекен! +– деп, Жамийла жагалдана тура калды. +– Мына сый келген келин-кыздарды сыйларбыз, силер жөнүңөр менен болгула! +Жигиттер шылтоо табалбай эле турса керек, ого бетер күчөштү: – Андай экен кыз-келиниң менен кошо баарыңарды сууга салабыз! +Ошол замат шапа-шуп кармаша кеткен жаштар, кыйкырык сүрөө менен, бирин бири кийимчен, өтүкчөн бойдон сууга сүйрөшө баштады. +Ушул оюн-тополоң ичинен Жамийла баарынан шаңдуу кыйкырып: – Тарт, кокуй, өлбөгөн жерде калалы! +Карма! +– деп жигиттер менен шамдагайлана алышып, эч кимисине моюн бербей жатты. +Анын үстүнө ушунча кыз-келиндин ичинен жигиттер жалгыз эле Жамийланы көргөнсүп, эмне үчүндүр ар кимиси Жамийлага эле асылып, аны бегирээк кучактап, кысууга аракеттенишет. +Бир убакытта алар үчөөлөп жатып, Жамийланы жерге жыгышты да, туш-тушунан кармап, сууга алып жөнөштү. +– Өпкүн азыр, болбосо кеттиң сууга! +Өпкүн! +– дешип, жыргап каткырган жигиттер Жамийланы жээктен эңкейте беришти. +– Карма, балдар! +Ал күүлө! +Боору эзилип күлгөн Жамийла балыктай колго токтобой ийилип, келиндерди жардамга чакырып кыйкырат, бирок тигилер чый-чуй этип чыркырашып, сууга аккан жоолуктарын кармоо менен алек. +Жигиттер Жамийланы күүлөп туруп сууга ыргытканда, дуу жарылган күлкүгө суу дагы дуу жарылып, күмүштөй чачырандылар бүркүлдү. +Али да күлкүсү тыйылбаган Жамийла, суудан күлө тура калды. +Ошол чачы саксайган, суу бойдон ал мурункусунан да сулуу көрүндү. +Чыт көйнөгү эт-этине жармашып, мүчөсүн кыналап сүрөттөгөндөй, тирсейип түйүлгөн эмчектен тартып, белине чып бурала, соорусунан жылгаланып, чың булчуң сандарына оролгон. +Жамийланын аны менен иши жок, күлкүгө ыргалып, бети башынан, үстүнөн шоргологон сууну да байкабайт. +– Өпкүн азыр! +Өп! +– дешет, аны бура бастырбаган жигитт��р. +Жамийла эркелеп, акебайлап аларды өөп да жатты, бирок тигилер ага карабай аны ансайын сууга күүлөтүп ыргытышат. +Жамийлага ушунун өзү жагып жатты бейм, кайра эле тура калып, кайра эле күлкүгө боору катып, бөйрөгүн таяна жыргап күлөт. +Жаштардын бул ойнуна кырманда күлбөгөн адам жок. +Эгин сапырган чалдар күрөктөрүн таштап, ушул кезде баягы кайран жыйырма бештегидей, беттеринен күрөң бырыштары жазыла берип, көздөрүндө мурунку шайырлыктын оту жанданып, – алар да алаканын шак чаап: «О, кокуй, карма, жет! +Этектен бура тарт!» – дешип, көкбөрүдө улак тарткансып кызуулана кыйкырышып жатты. +Мен дагы кызыкка батып, аябай күлдүм. +Бул жолу жеңемди кызганып, корууну да унуткан экенмин. +Ушунча элдин ичинен күлбөгөн, унчукпаган жеке эле Данияр болду. +Аны көрө койгондо мен да тып басылдым. +Кырмандын четинде Данияр өзү жалгыз турган экен. +Алдыга жүткүнө бергендей умтулуп, түрү ал азыр жүгүрүп барып, Жамийланы жигиттердин колунан жулуп алчудай. +Өзү кол тийгизүүдөн тартынып, мүмкүн перизатындай көргөн Жамийланы, тигилер азыр минтип опоңой эле кучактап, жулмалап ойногондору Даниярдын жанына батып жатты окшойт. +Анын күйүтү да, бактысы да Жамийланын сулуулугунда болуп жатты. +Элден канчалык кызганганы менен, жаркылдап күлгөн Жамийладан көзүн албай, Данияр анын бул жоругуна кейип да, сүйүнүп да, кабактын астынан эркелете көз салып тиштенип карап турду. +Жигиттер Жамийлага туш-туштан асылып, беттерин тосуп өптүргөндө, Даниярдын иреңи кумсарып, нары басып кетүүгө аракеттенип эле жатты, бирок кетип кала албай, ордунда каткан бойдон тура берди. +Бир убакта Жамийла дагы анын карап турганын байкады окшойт, шагы сынгандай эле сустая түштү да, анысын билбей дагы эле асыла берген жигиттерди кагып салды: – Жетишет, оюн бир, тамаша эки! +– Ии, сага эмне болду? +– деп, кимдир бирөө ойной каткырып, ансайын күчөп асыла кеткенде, Жамийла аны көкүрөккө түртүп жиберди: – Эмне болгонду эмне кыласың? +Тур нары! +Анан ал жагалдана бой түзөп, Данияр жакты жалт карап алды да, бадалдын арасына көйнөгүн сыкканы жүгүрүп кетти. +Данияр менен Жамийланын ушул туюк мамилеси акыры эмне менен бүтөрү мен үчүн анда түшүнүксүз. +Чыны, аны кууп ойлоодон коркчумун, кайра өзүмдү алаксыткандай, ойлобоско тырышам. +Бирок Жамийланын Даниярдан четтеп, жолобой жүргөнү жана ошого өзү кайра кайгыланып кыйналганы эмне үчүндүр көңүлүмдү оорутуп, мени капага салчу. +Андан көрө мурункусундай эле кээде күлүп, кээде какшыктап коюп, ачык-айрым жүрсө болбойт беле? +Ошентсем да, түнкүсүн айылга кайтып бара жатып, Данияр обон салганда, алар үчүн менин ичим ушунчалык жылып, жүрөккө толгон кубаныч ушунча ташкындайт, жанагынын баары эстен чыгып, мен үчүн анда дүйнөнүн рахаты гана бар. +Капчыгайдан өтүп, өзөнгө чыкканда Жамийла ар качан арабадан түшүп, жөө басат. +Мен дагы анда арабадан түшөм – анткени, обонго эрип шашпай жөө бас��ан эң бир сонун жыргал! +Жолдун чаңы да ошондо бутка мамыктай болуп, жылаңайлак жерде эмес, асманда булут менен кетип бара жаткандай, эң бир сонун жыргал! +Адегенде жеңем экөөбүз өз-өз арабабыздын жанында басабыз. +Анан бара-бара улам Даниярга жакындай берип, так жанына барып калганыбызды өзүбүз да байкабай калчубуз. +Кандайдыр көзгө көрүнбөгөн күч адамды Даниярга жетелегендей, эрксизден жакыныраак баргың келип, ушул ырдап жаткан түнт мүнөз, унчукпас Даниярдын чын эле анык өзүбү, эгерде ал болсо, анын ушул кезде жүзү, өңү кандай экенин көргүң келет. +Көңүлү толкуп, обонго жаны балкыган Жамийла ар дайым ушинтип, жакындай барганда, өзү да билбей Даниярга акырын колун созчу. +Бирок шаңшып ырдаган Данияр аны байкачу эмес. +Анын ою, кыялы асманда көкөлөп жүргөндөй, ал кайда бир узакка көз салып, желкесин алаканы менен сүйөй, обондун агымына каалгып термелет. +Жамийланын колу ошол сунулган бойдон ылдый түшүп, арабанын кырына барып тийгенде, ал эсине келе түшкөндей селт этип, колун тарта коюп, ордунан жылбай туруп калчу. +Жолдун ортосунда селейип каткан Жамийла, ошондо жүрөктү элжиреткендей, муңга чайылган, жалынычтуу көз караш менен бир топко чейин Даниярды узата карап анан кайра артынан сендиректей келет. +Мына ушулардан улам, жеңем экөөбүздүн бирдей тынчыбызды алып, менин да, анын да көңүлүн дегдеткен түшүнүксүз сезим, чынында бирдей эле окшош сезим го деген ой кетчү мага. +Мүмкүн, ал сезим башта ар кимибизде билинбей жашыруун болгон чыгар, эми болсо анын күнү тууп, сааты жеткен өңдүү күч алып, жүрөктөрдү бийледи. +Жумушта иш менен алаксып, Жамийла анча сыр байкатчу эмес. +Ал эми, кээ бир учурда кырманда кармалып калып, азыраак эле кол бошой түшкөндө, Жамийла өзүнө орун таба албай алдастап калат. +Бошчулуктан эмне кыларын билбегендей нары басып, бери басып, эгин сапыргандардын жанына бара коюп, аларга атайын жардамдашмакчы болуп, эки-үч күрөк эгинди күч менен бийик ыргытат да, ошол замат шалдырай түшүп, күрөктү четке таштай басып кетет. +Саман маянын түбүнө көлөкөлөп отурган болот, бирок анда да ичи бышып чыдабайт: – Бери келчи, кичине бала! +– деп, жалгыз отургандан коркконсуп ар дайым мени жанына чакырып алат. +Ушинткенде жеңем мага ичтеги кандайдыр сырын ачып, капасын айтат го деп күтчүмүн. +Бирок, ал эчтеке айтчу эмес, тек гана эркелете менин башымды өзүнүн тизесине коюп, узакка кеткен көз караш менен алда кайда алыска тигилип, тикенектей тикчийген чачымды уйпалап, дирилдеген ысык алаканы менен бетимди назик сылайт. +Ошондо жеңемдин муңайым, кайгы менен санаага толгон жүзүн карап, эмне үчүндүр өзүмдү ага окшоштурам. +Анткени, анын да көкүрөгүн кандайдыр туюк эңсөө кыстап, анын да жүрөгүндө жаңы тилектер ойгонгонун ичимден сезип жүрдүм. +Менин байкоомдо, Жамийла ушундан коркуп, аны күндөн күнгө өзүнө багынткан сүйүүдөн жазгангысы келет. +Бирок, сүйүүдөн дагы танып ��еталбай анын ыгына көнүүгө мажбур. +Мен дагы ушул сыяктуу, бирде туруп,– Жамийла Даниярды сүйсө экен деп, бир туруп,– кайра сүйбөсө экен деп тилечүмүн. +Анткени, канча айткан менен Жамийла биздин үйдүн келини, менин бир туугандай агамдын аялы да. +Анан кантип эле аны бөлөккө кыяйын. +Бирок, ушуну билип эле туруп, эмне үчүндүр мен бул өңдүү ойлорду өзүмө жакын жуутпай алыс куучумун. +Мен үчүн анда, башымды Жамийланын тизесине жөлөп, анын күн жыттанган денесинин ысык илебине берилип, көздөрүндө жайылып келе жаткан туптунук жаштын мөлтүрөгөнүн кароо – дүйнөнүн эң асыл рахаты! +Андан башка мага эчтекенин кереги жоктой. +Жамийланын ошондогу сулуулугу ай! +Ичтен ой-санаа сызып, муңайым жарык тарткан жүзү адам канчалык таза экенин, ошону менен бирге канчалык татаал экенин, миң + + кыял, миң ойдун башын бириктирип, канчалык терең экенин билдиргендей. +Ал кезде мен мына ушуларды көзүм менен көрсөм да, түпкү маанисине анча түшүнө бербесем керек. +Бирок азыр, нечен күндөр өткөндөн кийин, ошондогуларды элестетип, көп учурда өзүмө суроо берем: балким, сүйүү деген – адамдын баардык сын-сыпаты толуп, аң-сезиминин эң бир жетилип турган курагы чыгар? +Ооба, жашоонун так ошол жаркыраган курагында, төкмө акынга шык келген өңдүү, адамга сүйүү келип, ага дем берип, жаңы тилек менен турмуштун жаңы багытын издетип, умтулта тургандыр? +Мүмкүн, ашыктыктын касиети так ушунда чыгар? +Андай дегеним, мен, ошондо Жамийланын жүзүнө карап, кээ бир учурда өзүм да анын толкундаганына берилгенсип, кандайдыр түшүнүксүз кубаныч менен эңсөө жүрөгүмдү болкулдатып, дегдете турган. +Ошондо ордумдан тура жүгүргүм келип, айылдын сыртындагы кең талаага жете барып, жүрөгүмдү дегдеткен ушул түшүнүксүз кубаныч менен эңсөө эмне экенин, анын дабасы эмнеде деп, жайкалган талаанын өзүнөн кыйкырып сурагым келчү. +Бул жоопту мен алда кимден күткөнсүп жүрдүм, бирок бир күнү ал өзү эле табылгандай болду. +Ал күнү биз адаттагыдай станциядан чыгып, айылга кайтып бара жаткан элек. +Асманда жылдыздар төгүлүп, түн кирип калган кез. +Айлана жымырап тынч, болгондо Даниярдын обону гана өзөндүн үстүнөн созолонуп, алыска жайылып жатты. +Жамийла экөөбүз анын артынан ээрчип келаттык. +Бул жолу эмне үчүндүр, Даниярдын обону бөтөнчө бир назик, күйүт менен жалгыздыктын арманына толуп, адамдын жүрөгүн эреркетип, муңкантты. +Көзүмө ысык жаш чайылып, тамагым жашка буулду. +Жамийла бул жолу колун Даниярга сунуп жакындай барды да, ошол бойдон арабаны карманып, башын эңкейте, ээрчип келе берди. +Анан бир убакта, Даниярдын үнү акырын басаңдап келип кайра бийик көкөлөп, түнкү талаага жаңыдан мукамдуу илебин төккөндө, Жамийла башын көтөрдү да, басып бара жатып, арабага ыргып минди. +Даниярдын жанына отура калып, козголгондон коркконсуп, колун көкүрөгүнө кыса, отурган ордуна катып калды. +Эми эмне болот дегендей туюк ой менен, жолдун четине ы��дамдап, мен алардан көзүмдү айырган жокмун. +Жамийла анын жанына отурганын Данияр билген жок окшойт, ага караган да жок, ырдаганын токтотпой уланта берди. +Бир аздан кийин Жамийланын колдору акырын жазыла берип ал Даниярга бой салып, сүйөнө калды да, башын секин гана анын ийнине койду. +Ошондо кызуу келе жаткан төкмө жорго жүрүшүнөн жаңылып, кайра ошол замат оңоло кеткен сыңарындай, обон салган Даниярдын үнү мүдүрүлө түшкөнсүп үзүлүп, кайра жаңыдан шаңшып күч алды. +Бул обон башкаларга окшобогон ашыктыктын, махабаттын жаңы обону болду! +Түн эки жакка сүрүлүп, өзөнгө жарык төгүлүп, талаанын гүлдөгөн бети ачылгандай, ушул кең талаанын ортосунан мен сүйүшкөн эки жашты көрдүм. +Алар мага назар салбаса да, мен алардан көзүмдү түшүрбөй, сыйкырланган өңдүү келаттым. +Сүйүшкөндөрдүн мени менен эмне иши болмок эле, мен эле эмес, дүйнөнүн баарын унуткандай, алар тек гана өздөрүнчө жан эргиткен обондун агымына көйкөлүп, термелип келе жатышты. +Мен аларды карап Жамийла менен Даниярды тааныбай жаттым. +Булар, мен башта көрбөгөн кандайдыр жаңы, укмуштай бактылуу кишилер эле! +Ооба, анын бири,– көзү караңгыда оттой балбылдап, эски солдат көйнөгүнүн жакасы жакжайып, талааны жаңырта шаңшып обон салган Данияр эле! +Ооба, анын бири,– Даниярга эркелеп, унчукпай бой салып отурган менин жеңем Жамийла эле! +Чексиз бакытка жеткендей, Жамийланын кирпиктерине жаш мөлтүрөп, каректери жылтылдайт. +Чын эле бакыт деген ушул эмеспи? +– ушул гимн өңдүү ааламдай обонду жараткан, жер отонуна, жарык дүйнөгө болгон зор сүйүүнү Данияр бүт бойдон төкпөй-чачпай Жамийлага берип, Жамийлага арнап жатты. +Анан бул бакыт эмей эмне? +Ошондо аларды карап, мен таң калып, алардын бактысына тилектеш болгонум ушунчалык – бир убакытта кадимки Даниярдын обондору менен келчү түшүнүксүз толкундануу жүрөгүмдү болк эттирип козгоп кетти да, көзүм ачыла түшкөндөй, эч качан күтпөгөн укмуштуу ой башыма түштү. +«Мен булардын сүрөтүн тартам!» – дедим да, алда кандай табылга тапкансып, сүйүнүп кеттим. +Бирок, ошол замат өзүмдүн оюмдан өзүм чочудум: «Менин колумдан бул иш келмек беле, эмнеге элирем?» Ичимден ушуну билип эле турсам да, жанагы укмуштуу ойго алданып, кыялдын агымын токтото албадым: «Ооба, мен буларды сүрөткө тартам, так ушундагыга окшоштурам. +Алар менин сүрөтүмдө да так ушундай бактылуу болушат!» – деп, келе жаттым мен. +Ушул кыялдарга берилип, айланамды карасам, көзүмө август түнү түркүн кубулуп жаркырап, талаа жаздын күнкүдөй гүлдөгөн өңдүү жайнады. +Мен дагы өзүмдү бактылуу сезип, ойлогон тилегиме азыр эле жетчүдөй – кайраттанып келаттым, көрсө анда бала экем, келечекте бул максатты орундатыш үчүн канча кыйынчылык тартып, канчалык эмгектене турганымды билген эмес экенмин. +Андагы менин мүдөөм: Данияр обон салып ырдаганды мен боёктор менен сүрөттөп, ошондой тоо, ошондой асман, булут, жер-сууну Данияр сыяктуу көрктөп берүүдө. +Бул ишке чоң өнөр керек экенин ойлобой эле, андагы менин кайгым: «Боёкторду кайдан табам? +Мектептен сурасамбы, ай бере койбос, өздөрүнө керек эмеспи!» – деп жүрөм. +Кептин баары эле ушунда сыяктанып, кайран балалыгым ай! +Мен ушинтип келаткан арада, Даниярдын ыры аягына жетпей, эмне үчүндүр кескин үзүлдү. +Мындай карай салсам, Жамийла Даниярды бек кучактап, бир оокумга аны жүрөгүнө кысып калган экен. +Бирок ошол эле жерден чочугандай кийин боло берди да, арабадан секирип түштү. +Данияр шашканынан тизгиндерди тартып, аттарды токтото калды. +Жамийла тескери караган бойдон, жолдун ортосунда сендиректеп турду да, бир убакта мойнун шарт кайрып, ыйлачудай дирилдеген үн менен ачуулуу айтты: – Эмне карайсың? +Эмнең бар менде? +– анан тура түшүп,– караба мени, айда арабаңды, кет! +– деди да, артта калган арабасын көздөй басты. +Мен дал болуп, оозумду ачып калган экемин, жеңем мени да жемелей кетти: – Сага эмне жок эле! +Түш арабаңа, делдейбей! +Окшошкон макоолор, кудайдын азабына гана калган экем да силер менен! +«Ой, тооба, бул эмнеси экен, жин тийгенби буга?» – деп, келе жаттым мен жолду катары. +Ал эми тереңирээк ойлой түшкөн адам Жамийланын чын эле кыйноого калганын бат эле түшүнбөйт беле: никелүү эри Саратовдогу госпиталдардын биринде жатса, жакында кайтып келем десе, анан оңойбу! +Бирок мен мындайды ойлонмок турсун, кайра Жамийлага ызам келип, аны жаман көрүп келе жаттым, ал эми Даниярдын экинчи ырдабасын билгенимде, анын обонун мындан кийин эч качан укпасымды билгенимде, кудай билет, Жамийладан жек көргөн, андан түрү суук адам мен үчүн болбойт эле. +Азыр болсо бүткөн боюм шалдырап, көңүлүм алда эмнеге иренжип, эртерээк эле кырманга жетип, саманга кулап жатсам экен деп келаттым. +Араба дагы адамды кыйнап, олку-солку секирет, тизгин колдон жылбышып, жол бүгүн өңгүл-дөңгүл. +Кырманга барганда эптеп аттардын каамыттарын чечип, аларды арабанын астына сүйрөп салууга алып келдим. +Данияр ошол түнү аттарды жайытка өзү алып барып тушаптыр. +Эртеси күнү ойгонгонумда, таң кызуу атып калган экен, ушул таң кандай таза болсо, менин да көңүлүм ушундай ачылып, жүрөгүм кубанычка толуп, алда кандай жакшылыктын келерин күткөнсүп туйлады. +Адегенде эмнеге сүйүнүп жатканымды билбей, анан кечээ күнкүнү эстеп, ого бетер сүйүнүп кеттим. +«Окшоштура алар бекем!» – деген күмөн ой муздак көлөкө сыяктуу бүткөн боюмду чыйрыктырды. +Көзүмдү жумуп элестеттим эле, кечээ күнкү көрүнүш тим эле дапдаана, азыр эле сүрөткө тарта койгондой көз алдыма келди. +Ордумдан тура жүгүрүп чоң сууга бети колумду жуудум да, сайда тушалган аттарды көздөй чуркадым. +Эртең мененки шүүдүрүм, муздак беде, туурулган балтырларымды тызылдатып, шыйрактарга чапкылады. +Бирок мен үчүн ал кеп эмес. +Кыраркадан кылтыйып келе жаткан күндү тосуп алчудай кубанычтуу кыткылыктай, жанжанымда болгондорго көз салы��, чуркап бара жаттым. +Мынакей, арыктын кашатында кодура чыккан сары баш күнкарама, алыста төгүлүп келе жаткан күндү көздөй созулуп, боюн оңдоодо. +Аны тегеректеп ак баш мыялар курчап алган, бирок жаш кодура аларга моюн бербей, күндүн шооласына алардан мурун озунуп, сары гүлдүү башын койкойтуп, күн нурун шимирет. +Мынакей, арабалар өтчү арыктан дөңгөлөктүн жибиген изи менен суу сызылып, эңкейиш бетке жайылган. +Ошол суу тийген жер менен чытырман жалбыз дүркүрөп, жыт аңкытып буруксуйт. +Олдо, айланайын тууган жерим ай! +Мен чуркасам талаадагы чабалакейлер дагы кошо жарышып, жан жанымдан зыпылдап учушат! +«Чиркин, сүрөтчү болсом, ушул эртең мененки күндү, ак ала көгүш тоолорду, эртең мененки шүүдүрүм жашыл бедени, арыктын кашатындагы сары гүлдүү кодура күнкараманы сүрөткө тартсам, кандай сонун болор эле!» Бирок кырманга кайра келгенимде, менин бул алтын кыялдарым күл сапыргандай сапырылып жок болду. +Анткени, Жамийла өткөн түнү уктабаса керек, көздөрү шишип, жаагы ичине тартылып, кабагы бүркөлүп ачылбады. +Мага ал эчтеке деген жок, караган да жок. +Бир убакытта бригадир Орозмат кырманга келип калды эле, атынан түшөр замат, Жамийла анын жанына басып барды да, учурашпай туруп, түрсөсүнөн айтты: – Арабаңызды алыңыз! +Кайда жиберсеңер мейли, бирок стансага эгин ташыбайм! +– И, сага эмне болду, Жамалтай, сайгак тийдиби? +– деди Орозмат, аны эркелете күлүмсүрөп. +– Сайгактын менде акысы жок! +Барбаймын дедим болду, айтканым айткан! +Орозматтын өңү сустая түштү: – Айтсаң айтпасаң да ушул: стансага араба айдайсың, башка кеп жок! +– деди ал балдагын калчылдатып, жерге күч менен тык коюп. +– Эгер бирөө тийген болсо айт азыр, балдакты башына ойнотом, жок андай эмес экен,– жөнө ишиңе! +Эгин меники эмес, аскердин эгини, өзүңдүн эриң да ошол жакта! +– бригадир турган жеринен шарт кайрылып, балдакты арыштата секирип, четке басып кетти. +Жамийла жооп кайтара албай эле, колундагы камчыны кармалап, кылмышы бардай кызарып туруп калды. +Бери жакта турган Даниярды көргөндө, ал ичинен билдирбей оор үшкүрүндү. +Данияр аттарын арабага кошуп жаткан. +Ал жанагы сөздөрдү укканы менен, сыр алдырган жок. +Болгондо, тескери карап, каамыт боолорду жулкуй тартып, байлап жатты. +Жамийла дагы бир аз кырмандын ортосунда жалгыз турду да, анан «эмне болсо ошо болсун» дегендей колун шилтеп таштап, арабасын көздөй басып кетти. +Ал күнү биз + + айылга күндөгүдөн эрте кайттык. +Анткени, бара жатканда да, келе жатканда да, Данияр аттарды тындырбай айдап эле жүрүп отурду. +Жамийла да кабагы тырчыгып көңүлсүз. +Мен болсом какыраган боз талааны көрүп, өзүмө ишенбей жаттым: кечээ күнкү түркүн кубулуп гүлдөгөн талааны жомоктон уккандай эле болуп калыптырмын. +Кечээ күнкү көрүнүш, кечээ күнкү Данияр менен Жамийланын арабада отургандары көз алдыма эле туруп алды. +Турмуштун эң бир жаркыраган, көрктүү учурун куш кармагандай колума кармап алгансып, ошол көрүнүш эстен кетпей, тынчымды алды. +Акыры, ойлогон максатыма жетмейинче жаным тынбады. +Кырмандагы эсепчинин бир барак актай калың кагазын уурдап алып, саман маянын артына жашынып, кагазды эгин сапырган күрөктүн үстүнө койгонумда, жүрөгүм атырылып кетчүдөй дүкүлдөп, оозума капталды. +Атам мени биринчи жолу ат үстүнө мингизгендегини туурап: – Быссымылда! +– дедим да, каламды кагазга тийгиздим. +Адегенде Даниярдын штрихтерин белгилей баштадым. +Анда бул көп мыкты да эмес жаңы үйрөнчүк штрихтер эле. +Бирок ошондо мен тарткан Даниярдын түс-келбети өзүнө окшой баштаганда, көңүлүм алып учуп эле, кайда экенимди, эмне кылып жатканымды унутуп салдым. +Ошол мен көргөн август түнү, кубулуп жайнаган кең талаа, кагаз бетине көчүп келгенсип, Даниярдын ошондой шаңшып обон салганы кулагыма угулуп жатты. +Көз алдымда солдат көйнөгүнүн жакасы кере жакжайган Данияр менен ага бой салып, ыктап отурган Жамийла. +Бул сүрөт менин алгачкы жолу өз алдымча тарткан сүрөтүм: мына арабанын кыры, мына жанаша отурган Данияр менен Жамийла, тизгиндер алдыда бош ташталып, аттардын жондору караңгыда термелет, андан нары түнкү талаа, алыскы жылдыздар. +Мунун баарын ушунчалык берилип тарткан экенмин, бир убакта эле так төбөмдөн бирөөнүн ачуулуу үнү чыкканда эсиме келдим. +Карасам Жамийла экен: – Сен эмне, тилиң дудук, кулагың дүлөй болдубу? +Көрсө, ал мени издеп жүрүптүр, шашканымдан сүрөтүмдү беките албай да калдым. +– Буудайды алда качан эле жүктөп, эт бышымдан бери кыйкырабыз, кыйкырабыз, же бир үн берсең боло. +Алдагы колуңдагы эмне? +– деп Жамийла сүрөттү менден тартып алды. +– Ой, шумдугуң кур! +Дегеле. +– деп барып, иреңи бузулуп, кагазды телмирип эле тиктеп калды. +Ай, менин ошондогу уялганым ай! +Төрт шыйрагым өлбөгөн эле жерде калды! +Жамийла сүрөттү карап турду да, бир убакытта жаш чайып, муңдана түшкөн көзүн өйдө көтөрдү: – Мага берчи муну, кичине бала! +– деди ал акырын гана. +– Мен эстеликке сактап коёюн. +Жамийла баракты эки бүктөп, койнуна салып алды. +Биз жолго чыгып, айылдан бир топ узап кеткенче, мен өз калыбыма толук келе албай жаттым. +Жүрөгүмдү терең козгогон көрүнүштү чын эле өзүнө аз да болсо окшоштуруп сүрөткө тартканым аныкпы, же бул түшпү деп күмөн санадым. +Ошентсем да, жанагы тарткан сүрөтүмө ичтен мактанып, ошого өпкөм көөп, тимеле бир укмуштуу кыялдар башымды айландырып, жакында мен боёк тапсам, толуп жаткан сүрөттөрдү тартып, мектепке илип коём деп жаттым. +Көрсө, мындай кыялдар ошол балалык чакта эле болууга мүмкүн экен. +Аны менен ишим жок, жол оңуту ылдый болгону менен, өтө эле катуу кетип бара жатканыбызды да ойлоп койбойм. +Андай дегеним, алдыда араба айдаган Даниярдан калбайлы деп эле, улам аттарды ылдамдата келе жаттык. +Кийинки кезде Данияр ар качан арабасын катуу айдап жүрө турган болду, аттары да бат эле эттен түшүп калды. +Жамийла Дан��ярга удаа келе жатты. +Жол катары ал эки жакка каранып, кээде кандайдыр айыптуу немедей, аянычтуу немедей жылмайып коёт. +Анысын көрүп, мен дагы жылмаям, менин ойлогонум: «Сүрөт тартып, жеңемдин бая күнкү ачуусун жазып, көңүлүн ачкан экенмин. +Жеңем эми Даниярды ырда десе, ал сөзсүз ырдайт. +Демек, бүгүн Даниярдын обонун тыңшап көңүл толкуп жыргаймын. +Кандай сонун жыргал, бүгүн Данияр ырдайт экен, ооба, ырдайт – ырдаса экен!» Бул жолу станцияга биз абдан эле бат келдик, бирок аттарыбыз кара терге түшүп барды. +Тараза бош экен, арабадан түшөр замат Данияр каптарды ташый баштады. +Ал кайда шашылып, эмнеге мынча капалуу болгонун ким билсин, айтор, унчукпай эле түктүйүп жүрдү. +Поезддер нары-бери өткөндө Данияр токтой калып, аларды артынан көпкө чейин узата карай, алда эмне оюна келгендей түнөрүп жатты. +Жамийланын ансайын тынчы кетип, Даниярдын оюнда эмне бар экенин билгиси келгендей, ал дагы Данияр караган жакты тигилип карап калат. +Бир убакытта Жамийла арабанын жанына барып, Даниярды өзүнө чакырды: – Бергелчи Данияр, кашка аттын такасы шалкылдап калыптыр, жулуп таштачы, кармап берейин! +Данияр аттын туягын эки тизесинин ортосуна кысып, таканы жулуп алып өйдө боло бергенде, Жамийла аны карап, акырын гана айтты: – Сен эмне эчтеке түшүнбөйсүңбү? +Же менден башка кыз-келин түгөнүп калыптырбы. +Данияр ылдый карап унчукпады. +– Болбосо мага эле оңой дейсиңби? +– деди Жамийла, үшкүрүп алып. +Даниярдын кашы селт этип өйдө боло берди да, ал Жамийланы муңайыңкы эркелете карап, бир нерсе айткандай болду, бирок мен укпай калдым, анткени атты ооздуктан кармап турат элем, ат ошондо башын силкип алды. +Данияр болсо бир нерсеге ыраазы болгондой, колундагы таканы сылап, нары четке басып кетти. +Менин таң калганым: «Жамийла айткан сөздөрдүн ага эмнеси жакты? +Мисалы, бирөөгө: «Мага эле оңой дейсиңби?» – деп бирөө үшкүрүп айтып турса, анын эмнеси жакшы?» Каптарды ташып бүтүп, биз кайра жөнөгөнү жатканда, жонунда асма кабы бар, уйпаланган эски шинелчен бир арык жарадар солдат короого кирип келди. +Ошондон бир аз эле мурун, станцияга эшелон келип токтогон. +Жанагы солдат эки жагын каранып, кубанычтуу күлүңдөп турду да, бир убакытта: – Күркүрөө айлынан ким бар? +– деп кыйкырып жиберди. +– Бул ким болуп кетти? +– деп, тааный албай жатып, анан: – Менмин Күркүрөөдөн? +– дедим. +Солдат сүйүнүп кетти: – Сен кимдин баласы элең, иничек? +Ал аңгыча болбой Жамийланы көрө салып, делдейип эле туруп калды. +– Керим, сенсиңби,– деди кубанып кеткен Жамийла. +– Ой, Жамийла карындашым! +– солдат Жамийлага жүткүнүп барып, эки колдоп учурашып калды. +Көрсө, бул Жамийланын кабырга тууганы болгон айылдашы экен. +– Мына десең, бул жерге тимеле билгендей эле кайрылып келген турбаймынбы! +– деп жаны калбай жатты,– анан, – Садыктын жанынан чыкканыма беш күн эле болбодубу, госпиталда бирге жаттык, куда кааласа ал дагы бир-эки айда үйгө кайтып калар. +Быякка жөнөрүмдө келинчегиңе кат жаз, өз колум менен өзүнө тапшырайын деп, кат жаздырып алгам. +Деги. +жакшы болбодубу, мынакей аманатың, ыйык парсымдан кутулайын! +– деп кобураган бойдон, солдат шинелинин ичинен үч бурчтук катты сууруп чыкты. +Колунан жулуп алгандай эле Жамийла катты өзүнө тартып алды да, сүйүнгөнү ушунча болдубу, же уялып кеттиби, адегенде кыпкызыл болуп албырып, анан купкуу болуп туруп калды. +Ай, жүрөк деген курусун, мына ушул учурда да Жамийла акырын гана көзүнүн кыйыгын салып Данияр жакты карады. +Жамийлага армандуу карап Данияр арабанын жанында өзү жалгыз туруптур. +Баягы кырмандагыдай же элге басып баралбай, же четке басып кетпей, жалдырап эле Жамийланы тиктеп калыптыр. +Аңгыча туш-туштан жүгүрүп келишкен кишилер солдатты тегеректеп алып, кээси тууган, кээси айылдаш чыгып, учурашып, сурашып калышты. +Жамийла айылдашына ракмат деп да айтып жетишкенче болбой, Даниярдын арабасы андан-мындан бир тийип, атырылган бойдон короодон жулунуп чыкты да, чаң уютуп жолго түштү. +– Ой, буга жин тийгенби? +Сообу? +– деп кыйкырып калышты анын артынан. +Солдатты да туугандары бир жакка ээрчитип кетишти окшойт, короонун ортосунда жеңем экөөбүз эле калыптырбыз. +Даниярдын арабасы көздөн кайым болгончо, алыста кайнаган чаңды карап турдук. +– Жүр, жеңе үйгө кетели,– дедим мен. +– Кете бер, мени эмне кыласың! +– деди Жамийла. +Мына ушинтип, биз биринчи жолу бир-бирибизден бөлүнүп, ар кимибиз өзүбүзчө жолго чыктык. +Талаа үп болуп, демигип турган экен. +Жерден көтөрүлгөн ысык тап эриндеримди кеберситип, таңдайымды кургатып жатты. +Чаңкайган асмандагы күн жерди көөрүккө салгандай эртеден бери өрттөп жатты эле, азыр кечке жуук какшыган жер бетин туздуу шор каптады. +Ошондой эле туздуу бозомук алыскы белеске түшүп, көлкүлдөгөн күн туманда чайпалгансып, мунарыктап батып бара жатты. +Белестин үстүндөгү кызыл сур булутчалардын асманда уюган кара жалын сыяктуу түрү сүрдүү. +Кээде керимселдин оор толкундары келип, аттардын таноолоруна ак шор ширетип, чаңыган жал-куйругун жайбаракат оодарыштырып, жол боюндагы шыбактардын баш-башын ыргап жылжып келет. +«Бул эмнеси, жаан болобу?» – деп жаттым мен. +Ошондо жүрөктү сыдырган жалгыздык ичимди аңкылдатып, алда эмнеден коркконсуп, аттарды тындырбай айдап отурдум. +Мен гана эмес, узун шыйрак боз тоодактар да бир нерседен чочуган өңдүү элтеңдешип, чий аралап коктуга жашынышты. +Курмушунун үзүндүлөрүндөй карайган төө жалбырактын сыныктарын шамал алда кайсы жерден жол үстүнө айдап келип жатты. +Биз жакта мындай жалбырактар болбойт, түрү бул казактын чөлүнөн келген болуш керек. +Айланада да эч бир жан жок. +Данияр көрүнбөйт. +Артта калган Жамийла да жок. +Тигине жылт этип күндүн чети жашынды. +Чаалыккан талаа тунжурап уйкуга бөлөндү. +Кырманга каш карайганда жеттим. +Кырман тынч, үп эткен шамал жок. +Даниярды чакырсам кароолчу абышка жооп берди: – Ой, ал сууга кетти, аны эмне кылат элең? +– Анан улутунуп алып өзүнчө кобурады. +– Үп болуп турганын карасаң, оо, алла, шамал жортпосо кырманда иш болмок беле, элдин баары үй-үйүнө кетишти. +Аттарды бедеге тушап коюп, кайра келе жатканда сууга кайрылдым. +Данияр адатынча тик түшкөн жардын башында отуруптур. +Артынан караганда да анын кайгыга чөгүп, армандуу отурганын билүүгө болор эле. +Сыңар тизесин кучактап, башын салаңдатып, жар астында күпүлдөгөн сууну тыңшап отуруптур. +Анын аянычтуу отурушу жүрөгүмдү мыкчып өттү. +Жанына басып баргым келип, Даниярды боорума кысып, ага өзүмдө болгон баардык жакшынакай сөздөрүмдү айтып, капасын бөлүшкүм келди. +Бирок, мен ага эмне дейт элем, аны кантип жоотот элем? +Бир топко чейин четте туруп, анан кайра кырманга бастым. +Ушундан кийин дагы көпкө уктай албай саманда жаткан жеримден асмандагы калдайып келе жаткан булуттарды карап: «Адамдын турмушу эмне үчүн мынча татаал, эмне үчүн мынча түшүнүксүз болот?» – деп, ар кайсыны ойлондум. +Жамийладан болсо дагы эле кабар жок: + + «Ал мынча эмне кечикти, кайда жүрөт?» – деп, арабанын калдыраганын угууга зар болуп, кулак түрүп жаттым. +Же уктагандай уктап кете албай, же туруп кетпей, бүткөн боюм шалдырап кыйналдым. +Үнсүз, дабышсыз чагылгандар булут аралап, жалт-жулт кубулуп жатышты. +Данияр суудан келгенде, мен уктай элек элем. +Ал эмне кыларын билбей, жол жакты кайта-кайта карап, кырманда басып жүрдү да, анан менин жаныма келип, саманга боюн таштап кулады. +«Ай, эми кетет го бир жакка, калбайт айылда! +– деп, ойлодум мен. +– Бирок бечара кайда барар эле. +Үй жайы жок мусапыр кимге керек эле? +Деги жаман болду, кантер экен эми?» Көзүм илинип бара жатканда кырманга жай келе жаткан арабанын кылдыраганы угулуп калды. +Жамийла келди окшойт? +– деп болжодум уйку аралаш. +Канча уктаганымды билбейм, бир убакта эле так кулагымдын түбүндө саман шырпылдап, бирөө басып келгендей болду. +Канат серпкендей кандайдыр бир суу нерсе бетимди сылап өттү. +Көзүмдү ачсам – Жамийла экен. +Сууга түшүп келген көрүнөт, көйнөгүн да салкындатып, сууга сыгып келиптир, өзү да бир түрлүү жагымдуу салкындыкты ээрчитип келди. +Жамийла токтой калып, эки жагын элеңдеп карады да, Даниярдын баш жагына отурду. +– Данияр, мына мен өзүм келдим! +– деди ал акырын шыбырап. +Жымжырт тынчтык, асман капталдап чагылган ылдый сойлоду. +– Сен таарындыңбы? +Катуу таарындыңбы я? +Дагы эле айлана тыптынч, нары сууда кемерленген жээк чолп этип жумшак кулады. +– Бирок, мен айыптуу белем?. +Сенде да айып жок. +Тоо кыркалап күн күркүрөдү. +Чочуп кеткен Жамийла жалт бурулуп караганда, чагылган анын жүзүн жапжарык кылып көрсөттү. +Ошол замат Жамийла Даниярды кучактап жакындай бергенде, ал аны өзүнө тартып, кучагына кысты. +Саман менен суналып Жамийла анын жанына жатты. +Акактап күйүккөн шамал талаадан жулунуп ке��ип, саманды уйгу-туйгу сапырыштырып, кырмандын четинде кыңырыла түшкөн боз үйгө бир тийип, жол менен сабалап куюндады. +Чагылгандар булуттун арасына көгүлтүр жалын ойнотуп, карагай сынгандай кургак чатырап күн күркүрөдү. +Бүт денем дүркүрөп сүйүндүм да, сүрдөдүм – күн күркүрөгөн акыркы чагылгандуу добул табигаттын сүрдүү көркүн ачып, жайдын аягын бүтүрүп келе жатты. +Мына ушул эчтекеге токтолбос күчтөй демитип, Жамийла Даниярга шыбырап жатты: – Чын эле күмөн санадыңбы, кантип эле сени бирөөгө алмаштырайын!. +Керек эмес, түштөн кийинки сүйүүсү өзүнө буюрсун! +Мейли, ким эмне десе да мен сеникимин! +Жалгызым, секетим, эч кимге сени ыраа көрбөйм!. +Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм. +Мына эми сен да мени издеп келдиң!. +Жашыл-ала көгүлтүр чагылгандар ийме-чийме сынып, жардын артына сууга түшүп жатты. +Андан-мындан тийип, саманды чаба черткилеп, жаандын алгачкы тамчылары дыбырай баштады. +– Жамийлам, жаным-калкатайым, кызыл гүлүм, Жамалтай! +– деп, Данияр кыргыз менен казакта болгон эң назик аттарды сүйгөнүнө арноодо. +– Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып сени ойлогом! +Көрсө, менин сүйгөнүм туулган жеримде тура! +Көрсө, ал сен экенсиң, Жамийлам, кызыл гүлүм! +– Бүркүтүм! +Шаңшыган бүркүтүм! +Бери болчу, көзүңдү көрсөтчү! +О, шаңшыган бүркүтүм! +Жаан күчөп келди. +Шамал учурган үйдүн үзүгү, кулаалы канат каккандай далбаңдап жулунду. +Бирде кыйгачынан, бирде тик куюлган нөшөр жерди сагынгандай үстү-үстүнө өпкүлөп, асмандын каптал-капталынан көчкү жүргөнсүп күн күркүрөдү. +Кызгалдактын жазгы өртүндөй, жалын алган чагылгандар тоо боорлоп, төш-төшкө жайнады. +Жаан күчөй берди, мен болсом саманга көмүлүп, так колтуктун астында тикилдеген жүрөктү сезип жаттым. +Ушул учурда менден бактылуу, менден таалайлуу эч ким болгон эмес чыгар. +Көптөн бери сыркоолоп бүгүн эшикке чыкканда, асманда жаркыраган күндү көргөнсүп, жер үстүндө жашоонун өзү канчалык жыргал экенин билгенсидим. +Жаан да, чагылгандардын жарыгы да, самандын астында жаткан жериме жетип жатты, бирок мен андан жүдөп жыйрылган жокмун. +Көзүм илинип бара жатып, өзүмчө эле күлүңдөп жаттым: кулагым чалган эмне болду экен,– Жамийла менен Даниярдын шыбырашканыбы, же бастап келе жаткан жаандын саманга шыртылдап тийгениби? +«Мына эми күн жаай берет, күз келет!» – деп жаттым мен өзүмчө. +Чын эле күздүн кабарчысындай болуп, нымдалган саман менен кыярган эрмендин кеч күздөгүдөй жылуу деми мурунга келип жатты. +Ал эми күзүндө биздин тагдырыбыз кандай болорун эмне үчүндүр ойлобоптурмун. +Ушул күз, эки жыл үзгүлтүктөн кийин, мен кайра мектепке бара баштадым. +Сабактан кийинки бош убакытта көп учурда баягы суу боюндагы жар үстүнө барып жүрдүм. +Кырман ал кезде аңкылдап, ээн калган. +Бул жерде мен мектептен алган боёктор менен өзүмдүн биринчи этюддарымды, сүрөтчөлөрүмдү тарттым. +Андагы сүрөтчөлөр анча деле жакшы болбосо керек, анткени, ошондо эле мага көп жакчу эмес. +«Боёкторум начар көрүнөт,– деп ойлочумун ичимден. +– Атаңдын көрү, чыныгы боёк тапсам, кандай сонун болор эле!» Ушундай дегеним менен, ошол чыныгы боёктор кандай болорун өзүм да билчү эмесмин. +Тээ кийинчерээк гана сүрөтчүлөр колдонгон тюбиктеги сыкма боёкторду биринчи жолу көрүүгө туура келди. +Боёктор го боёк болсун, бирок мугалимдердин айткандары да туура болуп жатты окшойт: сүрөтчү болуш үчүн сүрөтчүнүн өнөрүн атайлап үйрөнүш керек, анын окуусун окуш керек. +Бул акыл чеки болбогону менен, окуу жөнүндө менин үмүтүм да жок эле. +Окуу кайда: агаларым ошол бойдон дареги жок жатса, анан эки үйдүн жалгыз бел байлар жигитин энеси окууга жиберчү беле. +Муну билип, мен унчукчу да эмесмин. +Бирок ансайын окууну эстеп ичим күйчү, анын үстүнө ошол жылкы күз өзгөчө көрктүү болду. +Колдон өнөр келсе, көргөнүңдүн баарын тартсаң эле, өзүнчө сүрөт боло тургандай. +Аттигиниң, ошондогу күз ай! +Күркүрөөнүн суусу тартылып, көк кашка болуп тунган. +Суунун астында бөгөлгөн баягы казандай таштар эми сыртка чыгып, алардын үстүндө жапжашыл, сапсары тукаба өңдүү эңгилчектер оюу жүргүзгөн. +Эртең мененки үшүктө бадалдын жылаңач чыбыктары назик кызарып, жапайы терекчелер күндөн-күнгө түрдөнүп кыярууда. +Жайы менен жайлоодо түтүнгө ышталган жылкычылардын үйлөрү азыр чоң сайдын буурул тарткан чабындысында тигинде-мында карайып, ак элечек, ак көйнөк кийгендей түтүндөр чамгарактап этек-жеңин чубалжытып, той тойлогон аялдардай айылма-айыл көйкөлүшөт. +Тегеректе жылкы жайылып, бет-бетинче басып кеткен үйүрүн чогулта албай, тынчы кеткен айгырлар элтеңдешип азанашат,– жазга чейин эми ушунусу ушул: бээлер оңой менен үйүргө токтобойт. +Тоодон түшкөн мал сары сойгок жапырып, аңыз-аңызда жүрөт. +Күзгү талаанын бети изден чыбырала. +Күз ушинтип эле жакшылыгын алып туруп алган жок. +Көп кечикпей кара жел жүрдү, асмандын иреңи бузулуп, кар аралаш жаан башталды. +Аптасына көз ачырбаган жаан бир күнү басаңдап токтогондон, мен Күркүрөөнүн жээгине бардым,– нары таштак аралчада жылгын менен чычырканактын арасындагы бир түп тоо четин жалбырттап күйгөн оттой болуп, сүрөткө эле «суранып» туруп алды. +Жээкте бадалдын арасында сүрөт тартып отурат элем, кеч кирейин деп калган, бир убакытта башымды өйдө көтөрүп, наркы өйүзгө суу кечип өткөн эки кишини кокус көрө калдым. +Алар Данияр менен Жамийла экенин дароо тааныдым. +Эмне үчүндүр алардын жүздөрү чочулап сактангандай сүрдүү эле. +Данияр адатынча демите арыштап, аттаган сайын, анын топчуланбаган шинелинин этектери, эскилиги жеткен солдат өтүгүнүн кончторуна шартылдата урунуп келе жатыптыр. +Жамийла болсо, аппак жуулган жүн жоолугун салынып, үстүнө базарга кийчү кызыл-ала гүлдүү көйнөгү менен чий баркут чапанын кийип алыптыр. +Бир ��олунда көтөргөн түйүнчөгү бар, экинчи колу менен Даниярдын асма баштыгын карманып келе жатыптыр. +Экөө кезкез бир нерсени сүйлөшүп коюшат. +Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара жаткандарын түшүнгөндө, ичим тыз этип куйкалана түштү. +Тигине, ал экөө коктудан өтүп, чий аралап жөнөштү, а мен шалдайган бойдон алардын артынан карап, эмне кыларымды билбей калдым. +Үндөйүн десем, тилим таңдайыма жармашып калгандай. +Тоо кыркалап ээрчишкен булуттарга күндүн кыйыр нурлары акыркы жолу бир тийип, жерге күүгүм түштү, айлана бат эле караңгылай баштады. +Данияр менен Жамийла артына карабай темир жолдун разъездин көздөй ылдам басууда. +Алардын караандары улам алыстап отуруп, бир аздан кийин чийдин арасынан көрүнбөй калды. +Мен мына ошондо гана эсиме келдим. +– Жамийла-а-а-а! +– деп, күчүмдүн бардыгынча кыйкырдым. +Томсоргон талаанын үстүнөн: «-а-а-а!»—деген жалгыз жаңырык көпкө созолонуп, муңканып басылды. +– Жамийла-а-а! +– дедим мен, дагы бир ачуу кыйкырып, анан турган ордумдан атырылып тигилердин артынан жүгүрдүм. +Сууну суу дебей, өтүкчөн, кийимчен бойдон түз эле сууга салганымда, тызылдаткан муздак чачырандылар бетиме, бүткөн боюма жабыла берди. +Ага да карабай, дагы күчөп чуркадым. +Бир убакытта бутум бир нерсеге чалынып кетти эле, күү менен барып бет алдымдан жерге жыгылдым. +Ошол бойдон, башымды өйдө көтөрбөй, бетимди мыкчып, өксүп-өксүп ыйлап жибердим. +Астымдагы нымдуу топурак жыттанган жер, колумду, бетимди муздатып, кеч караңгысы жонума салмагын салгандай, өпкөм кысылып, чийлер менин кайгымды бөлүшүп, жан-жанымдан муңканып ышкырып жатышты. +Жана Жамийланы кыйкырган үнүм дагы эле томсоргон талаанын үстүнөн жаңыргансып, кулагымдан кетпейт. +– Жамийла, Жамийла! +– деп, жаш балача шолоктоп, мен өзүмдүн эң жакын көргөн кымбаттуу кишилерим менен коштошуп жаттым. +Мына ушунда гана, жерде ыйлап жаткан учурумда, мен өзүм дагы Жамийланы сүйгөнүмдү түшүндүм. +Ооба, балким бул балалык кездеги менин эң таза, наристе сүйүүм болгон чыгар! +Бетимди көз жашыма сууланган жеңиме катып, дагы көпкө чейин ыйладым. +Көрсө, мен ушул учурда, жеке эле Жамийлалар менен коштошпой, өзүмдүн балалык чагым менен дагы коштошуп жаткан экем. +Караңгыда темселеп үйгө келгенимде, биздин короодо дүрбөлөң түшүп, кимдир бирөөлөр ат токуп, шашылышып жатышкан экен. +Осмон зөөкүр болсо адатынча мас, колуна союл кармап, тепсетип кетчүдөй атын жулкунтуп бакырат: – Ой, мен айтпай жүрдүм белем! +Мына эми, бүт Олжобай атасына шермендечилик иш болбодубу? +Бол аттангыла, жеткен эле жерден тентиген ит, чала казакты жыга чаппасам, атым өчсүн, мейли он жыл мойнумда, бирок, көрүнгөнгө Олжобайдын катындарын талоонго бербейбиз. +Аттан + + жигиттер, кеттик! +Кайда узайт дейсиң! +Куугун кайсы жакка ат коёр экен дегенимде, жүрөгүм шуу деп, муздай түштү. +Эмне кыларымды билбей, айылдын сыртына чейин атчандардын артына�� жүгүрүп отуруп, алардын разъездди көздөй эмес, станцияга кетчү чоң жолго түшкөнүн көргөндө гана жаным тынчыды. +Анан үйгө келдим да, ыйлаганымды эч кимге көрсөтпөй, атамдын тонуна оронуп алып, чүмкөнүп жаттым. +Ушундан кийин айылда канча кеп-сөз, канча ушакайың болду. +Аялдардын баары эле Жамийланы жамандашып жатты: – Акмак да! +Болбосо ким эле өзүнүн ырысын тебелеп, тентиген мусапыр менен ээрчип кетсин! +– Ошону айт жеңе! +Эмнесине кызыкты дейм да! +Жаман шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтекеси жок эле го! +– Анан эмне, короо-короо малы бар беле! +– деп, дагы бирөө коштой чыгат. +– Үйү жок, жайы жок тентиген неме да! +Мейли, өз убалы өзүнө, тим кой өкүнүп бармагын тиштер, али. +Көрөрбүз, ошондо ал сулуусунган немени! +– Тооба, Садыктан артык эрди ал кайдан тапмак эле? +– Аны айтасың, кайненесичи? +Ошондой, пайгамбардай болгон кайненени кайдан табат экен ал! +Өз шоруна өзү түкүргөн арам, мейли! +Мүмкүн, жалгыз мен гана өзүмдүн мурунку жеңемди жамандабай, анын кылганын туура деп тапкандырмын. +Даниярдын эски шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүн мындай коюп, ал өзү ким экенин, анын ички байлыгы канчалык зор экенин, мен билбегенде ким билет. +Жамийла Данияр менен ээрчип кетип, таалайсыз болот деген кептерге мен эч бир ишенмек турсун, кайта, ал анык таалайын эми тапты деп ишенгем. +Болгондо, ушул апам үчүн катуу капа болдум. +Жамийла менен кошо анын күч-кайраты, билгичтиги кеткендей, апам өзүнөн өзү эле кайгыланып, эңшериле түштү. +Жарыктык, турмуштун агымы кээде ушинтип өзүнүн эски нугун талкалап, чукул жерден жаңы багытка бет ала тургандыгын түшүнгөн эмес окшойт. +Мисалы, чоң карылуу теректи бороон тамыры менен омкоруп кетсе, ал экинчи тура келбейт да. +Апам дагы ушул сыяктуу: мурунку күчүнөн тайганы ар бир кыймылынан байкалып калды. +Башта ал ийнесин эч кимге саптатчу эмес, намыстанып жаман көрчү. +Бир күнү үйгө кирип келсем, апам ийненин көзүн таба албай жарыкка шыкаалап, ыйлап отуруптур. +– Ме, жип өткөрүп берчи! +– деди ал ийне-жипти калчылдаган колу менен сунуп жатып. +Анан оор үшкүрүк түтөттү да, жашын сыгып жатып, өзүнчө сүйлөндү. +– А-а, шордуу келиним ай, эчтекеден эчтеке жок кор боло турган болдуң ээ. +Ушул бойдон колдо жүрсө не деген гана киши болор эле. +Кайран Жамийла. +Өзүңдү өзүң өлтүрдүң. +Чандың бизди, кеттиң. +Эмне үчүн кеттиң. +Биздин үйдө эмнеден кем болдуң элең?. +Шордуу Жамийла. +Апамдын ушинтип отурганын көрүп, сай-сөөгүм сыздап кетти. +«Жок, апа, ал шордуу эмес!» – деп кыйкырып жибере жаздап, токтодум. +Апамды кучактап алып Данияр деген кандай киши экен, мен аны кандай жакшы көргөнүмдү айтып берип, буркурап ыйлагым келди. +Бирок бул сөздөрдү мен кайсы бетим менен айтат элем: өмүрү өткөнчө апамдын көңүлүндө муң калбайт беле. +Ошентсем да, менин бул күнөөсүз «кылмышташтыгым» билинбей калган жок. +Арадан көп өтпөй Садык үйгө кайтып келди. +Чынын айтканда, сыртынан байкатпаганы менен ал абдан эле намыстанып, ич күптү болуп жүрдү. +Ырас, Осмондор менен ичкилик үстүндө отурганда оозун көптүргөнү бар: – Атасынын көрү, кетсе кеткени! +Жол-жолдо самсып жүрүп, акыры бир жерде ачтан тороёт да! +Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей. +Алтын баштуу катындан, бака баштуу эр артык. +– Аның го туура,– деп Осмон жооп бере турган. +– Бирок ошондо бир колума тийбеди да, кап: тигинисин селейте чаап, беркисин чачынан атка сүйрөтөт элем! +Алар болжолумда, түштүккө кетишти го, пахтага, болбосо, казакта тентип жүргөндүр, тигиге көнүмүш эмеспи башынан. +Эми бир таң калган жерим: ушул ишти эч ким билбейт, эч ким байкабайт, кандайча болгонун сезбей да калдык. +Жанагы бураңдаган канчыктын арамзалыгы, жигин билдирген жок, болбосо го аны! +Мындай сөздөрдү укканда каным кайнап, муштумдарым түйүлчү. +Алым келсе, ушул Осмондун бетине түкүрүп айтар элем: «Баягы чөп чабыкта болгондор эсиңден чыкпай жүргөн экен ээ. +Болбосо, анык арамза, анык бузулган зөөкүр сенсиң!» – дээр элем. +Бир күнү үйдө отуруп, мектептин дубал газетасы үчүн сүрөт тартып жатат элем, апам да мештин жанында от жагып отурган, бир убакытта эшик шарт ачылып, үйгө купкуу болуп сурданган Садык акем кирип келди. +Ал мени көздөй жулкунуп басканда, желбегей жамынган шинели жерге учуп түштү. +– Муну ким тарткан? +– деп, ал чоң барак кагазды бетиме сунду. +Кагаздагы сүрөттү көргөндө үрөйүм учту: бул менин баягы кырманда Данияр менен Жамийланы калем менен тарткан сүрөтүм экен. +Алар мени ошол учурда тике карашкандай болушту. +Олдо Жамийла ай, муну кантип таштап кетти экен? +Үйдүн бир жерине бекитип коюп, ошо бойдон унутуп калган го!. +– Мен тарткан элем! +– дедим мен. +– Булчу, бул ким өзү? +– Данияр. +– Бузукусуң сен! +— калчылдаган Садык акем сүрөттү майда-майда кылып тытты да, жерге тебелеп, эшикти шарт жаап, сыртка чыкты. +Үйдүн ичин көпкө тунжураган, сүрдүү тынчтык бийледи. +– Сен билчү белең? +— деп, сурады бир убакта апам. +– Ооба, билчүмүн. +Апам мешке жөлөнө калып мени ушундай бир кыжаалат болгон көз караш менен телмирип тиктегенде, биротоло чабар бармакты чабайын деп: – Мен алардын сүрөтүн дагы тартам! +– дедим. +Апам унчуккан жок, башын кайгылуу чайкап, төмөн түшүрдү. +Жерде тытылып жаткан сүрөттү карап, ичимди өрттөп куйкалаган ызага чыдабай жаттым,– мейли мен биздин үй-бүлө, биздин уруу үчүн «бузуку» болоюн, бирок адамдык чоң чындыкка мен кыянаттык кылган жокмун, турмуштун чоң чындыгына мен акыр-аягына чейин адилеттүү болгом. +Менин мына ушул ак ниеттүүлүгүмдү эч ким билген эмес, аны элге айтууга да болбос эле, анткени башкалар түгүл, жанымдай көргөн өз энем да мунун маанисин түшүнбөс эле. +Апам унчукпай отура берди. +Жанагы ыза болгонума көзүмө жаш имериле түшкөн окшойт, жерде чачылган сүрөттүн үзүндүлөрү айлампа сууга аккансып, каалгып жатты. +Жана Данияр менен Жамийланы сүрөттөн тирүү сыяктуу көргөн учур мээме ушунчалык кадалган экен, көз алдыма баягы август түнүндөгү гүлдөгөн талаа келип, Даниярдын от менен жалын алып шаңшыган обону кулагыма угулгансып жатты. +Жамийла менен Даниярдын ошондогусун эстеп, муңайыңкы жылмайып отурдум. +Алардын айылдан кеткендегисин эстегенде жүрөгүмө кайрат толуп, мен дагы ошолор сыяктуу өз таалайым үчүн кыйын жолго чыгууга тайманбай бел байладым. +– Мен окууга кетем! +– дедим мен апама. +– Сүрөтчү болгум келет, сүрөтчүнүн окуусуна барам, атама да ушуну айтып кой. +Бул сөздү айтканымда, апам азыр согушта жок болгон агаларымды эстеп, буркурап ыйлайтко деген ой менен, өзүмдү ошого чыдагандай кайраттандырдым. +Бирок, бакытка жараша, апам бул жолу көзүнөн таруудай жаш чыгарган жок, болгондо өтө катуу кейип айтты: – Мейлиң, барсаң өзүң бил. +Темир канат болгон соң, ар кимиңер өзүңөрчө канат шилтеп калбадыңарбы. +Биз кайдан билели, балким, силердики чындык чыгар, балким, алыска чабыттап учарсыңар. +Азыркы заман эми ушундай болбодубу. +Окууңа барсаң өзүң бил. +Балким ошол жакка барганда, сүрөт тартып чиймелеген кесип эмес экенин билерсиң. +Үйүңдү, ата-энеңди унутпа, бар сураганым ушул. +Ушул күндөн тартып кичи үй өзүнчө бөлүнүп кетти. +Мен болсом көп кечикпей окууга жөнөдүм. +Сүрөтчүлөрдүн мектебин бүтүрүп, Ленинграддагы академияга өнөрүмдү улантыш үчүн дагы окуганы барганда, мен өзүмдүн дипломдук ишимди тапшырдым. +Бул дипломдук иш – көптөн бери ниет кылып, жүрөгүмө сактап жүргөн сүрөт эле. +Албетте, силер бул сүрөттө Данияр менен Жамийла тартылганын дароо эле сезген чыгарсыңар. +Ооба, менин ал сүрөтүмдө күзгү кең талаа менен кеткен жолдо, топчуланбаган шинели жакжайып, алдыга утурлап баскан Данияр менен анын жанында асма баштыгын карманып, кубанычтуу келе жаткан Жамийла. +Алардын бет алды Данияр ырдаган учу-кыйыры жок көйкөлгөн жарык мейкиндик. +Бул жарык мейкиндикте кимдер Жамийла менен Даниярча таалайлуу болбос!. +Ырас, менин сүрөтүм баардык жагынан мыкты тартылган деп айталбасмын, чебердик бара-бара эмгек менен келет эмеспи. +Анткени менен, бул сүрөт мен үчүн дүйнөдө эң кымбаттуу зат, анткени жүрөктүн эң асыл, алгачкы жалынын мен ушул сүрөткө бергенмии. +Мына эми бир топ тажрыйбалуу болсом да, кээде иштегеним ойдогудай чыкпай калат, ошондо өз күчүмө ишенбей күмөн санаган оор учурлар болот. +Андай учурларда менин жүрөгүмдүн дабасы – сүрөттөгү Данияр менен Жамийла, алар көзүмө ушундай ысык көрүнүп, мени өзүнө тартып тургансышат. +Ошондо сүрөттү карап, Данияр менен Жамийладан көпкө көз айырбай, алар менен ой бөлүшүп, көзмө-көз сүйлөшөм: «Кайдасыңар силер азыр, кайсы жолдор менен кетип бара жатасыңар?» Биздин жерде мындай кең талаа, мындай жолдор көп: Казакстандан тартып, Алтай менен Сибирге чейин ачык мейкиндик! +Бул ачык мейкиндикти, ушул мейкиндиктей зор эмгекти сүйгөн азаматтар жаңы жерлерде, жаңы турмуш кур��у үчүн аттанышты! +Балким, силер дагы ошол жакка кеткен чыгарсыңар! +Анда сапарыңар ачык болсун!. +Жамийла, менин алтын Жамийлам, сен кеткенде, башыңды бийик көтөрүп, кылчайбай, тайманбай кең талаа менен кеткенсиң. +Азыр да ошондойсуңбу, азыр да жол баскандан талыбайсыңбы? +Же чарчаган күндөрүң болобу, жаным Жамийла? +Же өз күчүңө ишенбей, күмөн санаган күндөрүң болобу, гүлүм Жамийла. +Эгерде андай болсо алсыздыкка берилбе, Даниярды медер кылып, жөлөн! +Ошондо Данияр баягыдай сүйүү, жер, жарык дүйнө, турмуш жөнүндөгү деңиздей төгүлгөн жалындуу обонун салып берсин! +Ошондо көз алдыңда кең талаа гүлдөп, биздин август түнүндөгү чагылгандуу добул төгүп берсин! +Коркпо, Жамийла, алыс жолдон, сенин жолуң таалай жолу, андан күмөн санаба! +Жол менен баскандарды карап, мен алар менен сырдашам. +Тигине, Данияр обон салып шаңшыды, демек, ал Жамийла экөө мени жолго чакырышат. +Ооба, мен жолго чыгышым керек! +Ооба, жайкалган кең талаанын жолун басып мен өзүмдүн айлыма барам! +Туулган-өскөн жер – күч кубатым! +Мен андан жаңы түркүн боёк табам. +Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! +Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун! +БОТОГӨЗ БУЛАК Буудан жетпей арыган, Куш канаты талыган, Кырк күнчүлүк жолу бар, Кайнатылуу шору бар, Анаркай деген жер + + ошол. +(Элден) Кайнар булактан чаканын кап ортосунан суу суза бергенче ээн талааны жаңырткан ач айкырык чыкты: – Э-эй! +Академик, тумшугуңду канжалатам! +Селейе каттым. +Кулак төшөдүм. +Чынында менин атым Кемел, бирок тиги кыйкырган неме «академик» деген атка кондуруп ийди. +Тыңшасам, наркы беттеги трактордун үнү өчүптүр. +Менин тумшугумду канжалатчу ошол трактордун ээси Абакир. +Ал мага дагы өкүрүп-бакырып берет, кала берсе муштум кезеп тап берип калат. +Трактор экөө, мен жалгыз. +Ошол эки тракторго мен бу жалгыз аттуу араба менен суу да, май да, майлаар май да, дагы бар балакеттин баарын жеткирип туруш милдетим. +Тракторлор болсо, бу аймактагы жалгыз ушу булактан күн сайын алыстап баратат. +Учу-кыйырына көз жетпеген жер үстүндөгү жалгыз коштон да, коштогу жанар май куйган цистернадан да акырындап алыстап барат. +Цистернаны сүйрөтүп, тракторлорго жакындатып коймок элек, кайдан, ал да жалгыз башатка байлануу. +Тиги Абакир деген неме аны түшүнгүсү жок. +Качан болсо: «Трактор туруп калса, тумшугуңду канжалатам! +Кайдагы бир бокмурун студент сөрөйдүн айынан убактымы бошко коротоюн деп жүргөн мен жок!» – деп бакырганы бакырган. +Мен студент да эмесмин. +Институтка өтүү капарыма да кирген эмес. +Мектепти бүтөрүм менен ушу Анархайга келдим. +Бизди быякка жөнөтөр алдындагы жыйналышта (ичинде мен бармын) бизди «дың буза турган эр-азаматтар, жаңырган чөлкөмдүн тайманбас баштоочулары» деп атаган. +Эмичи? +«Академик» атка кондум. +Уят! +Аны чыгарган Абакир. +Өзүмдө да бар. +Аңкоо башым, бала кыялда��ып, оюма келгенди абайлабай айта салам. +Анан уккан журтка күлкү болом. +Бирок бу кыялкечтигиме жалаң өзүм эмес, тарых мугалимибиз Алдыяров да күнөөлүү экенин буердегилер кайдан билсин. +Өлкө тааныткыч Алдыяров? +Анын айтканын оозуму ачып уга берип, мына эми азабын тартып жүрөм. +Ошону менен бочкемди толтурбастан арабамды жылгадан айдап чыгып, жолго түштүм. +Мында жол дегендей жол деле жок. +Ушу арабамдан эле калган из. +Трактор береги карарган кең айдоо жердин этегинде турат. +Кабинасынын үстүнө чыгып алып, Абакир дале муштумун абага жаңсап, мени ашата сөгүп кыйкырып турат. +Атка камчы салдым. +Бочкедеги суу чайпалып, далыма чачырап келатат. +Ага карабай атты кубалап барам. +Быякка да суранып келген өзүм. +Кыйнаган эч ким жок эле. +Башка балдар Казакстандын гезиттерде даңазаланып жаткан кадимки дыңына кетишти. +Анархайга мен жалгыз жөнөдүм. +Буердеги иштер быйыл жазда гана башталды. +Ошол үчүн эки эле трактор иштейт. +Башчыбыз агроном Сорокин былтыр ушерге уй тилиндей тилкеге кайракы арпа айдап, тажрыйба кылып өстүрүптүр. +Түшүмү дурус болгон дешет. +Айлана талаага да ошондой болуп өсүп берсе, Анархайда кыштаган малдын тоют маселеси оңой чечилер эле дешет. +Анткен менен бу келгендер деле кылчактап иштеп жатат. +Анархайдын жайы кургак, күнү ысык. +Башка чөп эмес, темир тикен көк кезинде куурап калат. +Буерге мал кыштатчу колхоздор да азырынча башкалардын эккени эмне болор экен, байкайлы деп тарткынчыктап турат. +Ошол үчүн ээн талаада иштеген бизди салаага салып эсептеп чыкса араң жеткидей. +Эки тракторчу, эки чиркөөчү, ашпоз катын, суу ташыган мен, анан агроном Сорокин – болгону ушуларбыз. +Бу жерде биз бар экенибизди дүйнөдө жан адам билбес чыгар, дүйнөдө эмне болуп жатканын биз да билбейбиз. +Тек Сорокин гана окто-текте бир жаңылык айтып келет. +Ал атчан жакын журттагы чабандарга барып, рация аркылуу чоңдор менен жаакташат, иштин жүрүшүн кабарлайт. +Э-э-э, дың дегениң, дың коңторот дегениң казганактаган калың эл жабыла иштеген улуу жүрүш деп жүрбөдүм беле! +Ушунун баарын кылган тарых мугалимибиз Алдыяров. +Оозун ачкан окуучуларга: «Анархай деген Кордойдун бөксө тоолорунан Балхаштын калың камыштуу жээгине чейин жайылып жаткан, нечен кылымдар бою буурусун чийбеген, кетмен тийбеген, толукшуган шыбактуу айдың талаа! +Эски кишилердин айтуусуна караганда илгери адырларына жылкы үйүр-үйүрү менен сиңип жоголуп кетчү экен да, көптөн кийин көзгө чалдыкса, баары жапайы болуп калчу экен. +Анархай деген өткөн замандардын тилсиз күбөсү, жер майышкан согуш майданы болгон, көчкөн элдердин термелген бешиги болгон. +Биздин күндөрдө Анархай күтүрөгөн колхоз малына кышта жылуу кыштоосу, жайда салкын жайытына айланмак.» Айтор, ушинтип жомоктоп айта берсе, көзү ачыла элек балдар оозун ачпаганда кантмек. +Ал кезде жакшы экен, Анархайды картадан карасак алакандай жер. +Эмичи? +Таң аткандан мобу оңбогон арабаны кубалап жүргөнүм жүргөн. +Каш карайганда тырп этер алым калбай, атты араң чыгарам да, машинеге жүктөп келген таңгак чөптөн салам. +Анан Алдей апа берген тамагын эптеп ичип, боз үйгө сүйрөлүп кирем да, тарс катып уктайм. +Анархай шыбактуу жайкын талаа экени ырас. +Кыдырып жүрө берсем, көз кайкыган көркүн көрө берсем деп суктанасың, бирок убакыт жок. +Башкасы эчтеме эмес эле, Абакирге каеримен жакпай калдым, ал эмне үчүн мени жек көрөт, ушуга түшүнө албайм. +Көрөр күнүм мындай болорун мурда билсемчи. +Мен, маселен, табияттын ар кандай капилет кыйынчылыктарын көтөрүүгө макул элем. +Буерге мейманга келген жерим жок да. +Бирок бирге иштеп, бирге жүрө турган кишилер тууралуу такыр ойлобопмун. +Адам баардык жерде бирдей эле эмеспи десем керек. +Ушерге машине менен эки түнөп жеттик. +Мени менен машиненин кузовунда мобу төрт дөңгөлөк араба да келген. +Ошондо ушу арабанын айынан ушунча кордук көрөрүмдү билсемчи. +Мен чиркөөчүлүккө келбедим беле. +Жазды жаздай тракторду жандай жүрүп үйрөнүп алармын, анан өзүм трактор айдаармын деп ойлоп келбедим беле. +Райондо да мага ушинтип айтышкан. +Ушул кыял менен Анархайга жөнөп бердим да. +Келсем, чиркөөчүлөр толук экен, минтип суу ташыгыч кылып коюшту. +Ошондо эле кайра тартып кете берсем болмок экен. +Анын үстүнө, өмүрүмдө моюнчак менен жан жыгач кармап көргөн эмесмин. +Ишембиликте гана кант заводуна барып, апама жардамдашпасам, өмүрүмдө кара жумуш иштеп көрүпмүнбү. +Атам согушта өлгөн. +Атамы билбей калдым. +Мына эми өз бет алдымча турмуш аралап көргөндөгү көйүм. +Аттиң, келер замат кайра тартканда болмок! +Уялдым да. +Жыйналышта канча чуру-чуу болду эле? +Апам коё бербей тырышты, ал мени врач болсо деп жүргөн. +Мен өзүм көгөрүп болбой койбодумбу, жардам берип турам деп араң ынандырбадымбы. +Тезирээк жөнөсөк деп, чыдамым кетпедиби. +Ошентип келген мен кайра барсам элдин бетин кантип карамакмын. +Айлам кеткенде суу ташыгыч болуп кала бердим. +Ырас, азап-тозогум арабадан башталган жок. +Жолдо кузовдо туруп келатканда айлана-теребелден көз айрый албадым: мына эл оозуна жомок болгон байыркы Анархай! +Жашыл ыраң жамынган талаада жүлгөсү араң билинген кара жол менен машине зымырап келет. +Көз учунда көгүлтүр закым ойнойт. +Жер жаңы көөп, эриген кардын заги урат. +Ага аралаш буулуу абадан былтыркы куураган шыбактын түбүнөн кылтыйып чыгып келаткан жаш шыбактын кермек жыты каңылжаарды кытыгылайт. +Каршы соккон желден жазгы айдыңдын коңгуроодой шыңгыры менен тумсак тазалыгы кулак учунда зыңылдайт. +Биз көз учундагы көк жээкти кубалап келебиз, ал ансайын көк жээк жаңы адырларын ачып, алыстагандан алыстап жеткизбей кетип барат. +Ошондо мен илгерки өткөн замандын доошун уккандай болом. +Жер майышкан калың кол. +Найзалары кылкылдап, асаба-туулары желбиреп, көчмөн элдин миң-сан аскери ач айкырык, куу сүрөөн менен жер дүңгүрө�� ат коюп келет. +Көз алдыман кара чаңга көк менен жер бириккен кандуу согуш жүрүп жатты. +Кылычтар жаркылдап, жоокерлер ураан таштап кыйкырып, буудандар жер тепкилеп азынайт. +Ошол кызыл кыргын, кара сүргүндүн ичинде мен да жүрөм. +Анан согуш басылып, Анархайдын көк жайыгында жумурткадай боз үйлөр тигилди. +Бейкутчулук орноп, боз үйлөрдүн түндүгүнөн тезектин көк түтүнү асманга созолонду. +Тегеректе короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы. +Тиги четте коңгуроолору шыңгырап, каркырадай желе тартып кербен төөлөр кетип барат. +Кайдан келатканын, кайда баратканын билип болбойт. +Паровоздун созулуңку жаңырыктуу доошу мени кыялымдан ойготуп жиберди. +Жал-куйругу желге сапырылган тулпардай түтүнү вагондордун үстүнөн толкуй учуп, паровоз аркырап баратыптыр. +Алыстан мага ошондой көрүндү. +Анан поезд акырындап кичирейе берди, карайган сызыкка айланып, акырында көрүнбөй кетти. +Айталаада адашып калган разъезддин тушунан темир жолду кесип өтүп, биз нары жөнөдүк. +Мен бар сырымды кошко келген күнү эле билдирип алдым. +Жолду катар көргөн кыял-элестеримен али бошоно элек болсом керек, коштон тигиндейрээк бир дөбөдө байыркы Таш-Баба туруптур. +Кароолго койгонсуп, белчесинен жерге батып, жансыз сокур көздөрүн айталаага кадап, боз таштан сомдогон моло кылымдар кыймылсыз ушул ордунда тургандыр. +Жаан менен жел жеген оң көзү агып калгандай, кыйгач кабагы жабылуу олураят. +Таш-Бабаны көпкө айландыра карап чыктым да, үйгө келип, Сорокинден сурадым: – Сиз кандай ойлойсуз, жолдош агроном, мобу Таш-Бабаны ким койду экен? +Сорокин бир жакка аттанып жатыптыр. +– Калмактар койгон чыгар,– деп коюп жөнөп кетти. +Ошону менен тынып калсамчы. +Жо-ок! +Бирөө оозуму тырмагансып, трактористтер менен чиркегичтерге кайрылдым: – Жок, калмактар дегени анча так эмес. +Калмактар буерде он жетинчи кылымда болгон. +Тиги болсо он экинчи кылымда көр башына койгон эстелик. +Кыязы, Таш-Бабаны батышка жортуулдап бараткан моңголдор койсо керек. +Алар менен Енисейдин башынан Тянь-Шанга кыргыздар биз да келгенбиз. +Биз келгенче бу жерди кыпчактар жердеп турган. +Алардан мурун куйкул чач, көк көз адамдар жердеген. +Тарыхка андан ары сүңгүп кире берет белем, бирок трактордун жанында турган комбинезончон киши сөзүмдү бөлүп жиберди: – Эй, бала! +– деп мага кыжырлуу карады. +– Билдик сенин окумуштуу экениңди. +Үйдөн барып тавот салган шприц апкел! +Мен жүгүрүп барып апкелгеним солидол салган шприц экен. +– Эй, сен академик болбой куруп кал! +– деди алиги киши канталаган көздөрүн мага тикенектей кадап. +– Чала-моңол бизге лекция окуйсуң да, өзүң оозуң кайсы десе мурдуңу көрсөтөсүң. +Ошондон баштап «академик» аталдым да калдым. +Мына, азыр да арабаны кубалап келем, ага болбой Абакирдин жаагы басылар эмес. +Айдоо жерди малтап, сөгүнүп каршы келатат. +– Сен, бала, сыккан биттен бетер илбийсиң да! +Сени күтүп акыйып отура беребизби? +Муунтуп салайынбы, иттин баласы! +Азар болсо бир бокмурун академик кем + + болор! +Унчукпастан трактордун түбүнө айдап келдим. +Унчукканда эмне демекмин. +Трактор менин айыман туруп калганы ырас. +Кайра чиркегич Калийпанын ортого түшө калганы абийир болду: – Сабыр эт, Абакир! +Кыйкыргандан пайда жок. +Карачы, ансыз да өң-далеттен жок, байкуш бала. +– Менин калтыраган колуман чаканы алып, Калийпа радиаторго суу куюп жатты. +– Алынча тырбалаңдап жүрөт го. +Карачы, үстү-башы сыгып алма тер. +– Тер болсо кантейин! +– деп Абакир ого бетер заарланды. +– Үйүндө китебин окуп отура бербейби! +– Койчу эми,– деп Калийпа аны жоошутуу менен алек. +– Ачууң аябай чукул да. +Анткениң болбойт, Абакир. +– Мындайлардын кылыгы менен боло берсең арам өлөсүң. +Пландын аткарылганын сенден эмес, менден сурайт. +Менин түбүмө жеткен ушу макоо окумуштуу экени менен кимдин иши болот! +Менин окумуштуулугум өз башыма тийген балээ болду. +Эмнеге окудум экен? +Анан калса шорума Алдыяровдун туш болгонун карасаң. +Абакирдин жанынан тезирээк жоголгуча шашам. +Загондун наркы башында Саадабек деген дагы бир тракторчу күтүп отурат. +Жашап калган олуттуу киши, ачууланса да билгизбейт. +Артыман мотор татырады. +Абакирдин трактору ордунан жылды. +Мен жеңилдене дем алып, купайкенин ичиндеги терлүү денем бир чыйрыгып алды. +Эмне үчүн Абакир мындай тескери, ачуулуу болуп калды экен? +Карып калган жери жок, ашса отуздан ашкандыр. +Буржук бет, шадылуу кол, кармаса капкан тиштегендей кармайт, антсе да сырт кебетеси көзгө түшүмдүү. +Бирок көзү жаман, сүрдүү. +Саал эле болсо канталап чыгат, анан Абакирден жакшылык күтпө. +Жакында бир окуя болду. +Иңирде жааган жамгыр түнү менен себелеп, токтободу, жадатты, үзүк-туурдуктан сарыгып акты. +Эртеси да басылбай биротоло ак жаан болуп алды. +Үйгө амалсыз камалдык. +Бекерчиликтен башыбыз ооруду. +Агроном Сорокин гана аттанып кетти. +Анын иши жаан-чачында да токтобойт. +Мал чарбасына да жооп берет. +Ошол үчүн тыным тынчы жок, качан көрсөң ат үстүндө. +Жаан кичине басаңдаганда Саадабектин чиркегич иниси Эсиркеп менин атымы токуп минип, чабандарга кеткен. +Алдей менен Калийпа булакка сууга кеткен. +Үйдө Абакир, Саадабек, мен – үчөөбүз калганбыз. +Ар ким өз эрмегибиз менен үңкүйүп отурабыз. +Абакир сунала жамбаштап, чылым соруп жатат. +Саадабек болсо очок башында тердик төшөнүп, сөгүлгөн өтүгүн көктөп отурат. +Китебими окуп, мен бир бурчтамын. +Үй ичи ит байласа тургус. +Суу болгон туурдуктан койдун терлүү жыты каңырсыйт. +Түндүктөн анда-санда сары суу тамчылайт. +Сыртта ак жаан баягы калыбынан жазбай себелеп, көлчүк беттери майда жыбыр. +Абакир эрине эсинеп, муундарын кырсылдата керилип алды да, чылымынын калдыгын ыргытып жиберди эле, анысы кийиздин четине барып түштү. +Бат эле курмушу жыттанып кетти. +Саадабек чылымды ала салып, күлгө таштады. +– Абайласаң болбойбу,– деди ал түкүрүктөп суулаган көктү тартты. +– Ордуңан козголо албай калгансыңбы? +– Анчалык эмне болуп кетти? +– Абакир атырылчудан бетер башын жерден жулуп алды. +– Кийиз күйдү. +– Күйбөсө өрттөнүп кетсин. +Сенин дүнүйөң өрттөнүп атабы? +– Абакир кекете бырс этип койду. +– Чокоюңду көктөгөндү билсеңчи, башканы эмне кыласың. +– Кеп дүнүйөдө эмес. +Сен өз үйүңдө отурган жоксуң. +Буерде сенден башка да киши бар. +– Ошо бөтөн үйдө отурганым болуп атпайбы. +Өз үйүмдө болсом сендей неме менен сүйлөшүп койбос элем. +Түшүндүңбү, жаргак шымдуу шордуум? +Каргыш тийген бул Анархай сени менен аялың экөөңө окшогон акмактарды сүргүнгө айдай турган жер тура. +Силерге кошуп мени да кудай айдап келип отурбайбы бу жерге. +Саадабек көктү жулка тартып алды. +Колундагы шибегеси учуп кетти, артына барып түштү. +Абакирди чаары көзүнөн чыга карап, бир колунда созо кармаган көк, бир колунда өтүкчөн айбаттуу умтулду. +– Мейли, мен акмак болоюн, мени ээрчип келип, баарыбызга тамак бышырып берип жүргөн катыным да акмак болсун! +– деди таноолору кыпчылып. +– Сениңче Анархайдагы башка журттун баары сүргүндө жүргөн немелер экен го, ыя? +Аларды сүргүнгө сен айдап келдиң беле? +Кана айт, эй ит! +– деп Саадабек такасында наалы бар өтүктү кончунан кармап, атып турду. +Абакир жалт берип, тигинде жаткан токмоктой ачкычты ала койду да, урууга камданып, башын эки ийнине катты. +Менин эсим чыгып кетти. +Чын эле коркунучтуу болду. +Бирин бири өлтүрүүдөн таюу тарткыдай эмес. +– Коюңуз, Абакир байке, – деп мен арага түштүм. +– Урба! +Аба, Саадабек аба, буга теңелбеңизчи! +– Экөөнүн буттарынын арасында жүрдүм чырылдап. +Саадабек мени четке түртүп жиберди. +Экөө атырылчу илбирстей бирин бири теше тиктеп, үйдүн ичин тегерене басты. +Анан экөө тең секирди. +Абакир ачкыч менен берип келип калды эле, Саадабек эңкейе калып, ачкычты кош колдоп туурасынан кармады. +Деген менен Абакир күчтүү эле. +Саадабекти бүктөп алды. +Экөө күрөшүп, сөгүнүп, үй ичинде оонап баратышат. +Мен ыргып жетип, ачкычка жабыштым. +Араң жулуп алып, сыртка качып чыктым. +– Алдей апа-а! +Калийпа! +– деп бакырдым суудан келаткан эки катынга. +– Болгула тез! +Мушташып атат, өлтүрөт!. +Катындар чакаларын коё коюшуп, мага жүгүрдү. +Үйгө чуркап кирсек Саадабек менен Абакир жерде ооналактап жатыптыр. +Экөөн араң дегенде ажыраттык. +Алдей эрин сыртка чыгарып кетмек болду эле, Абакир Калийпанын кучагынан жулкунуп чыгып: – Шашпа, ийри такым ит! +Сени жалынтпасам элеби, сен али Абакирдин ким экенин биле элек экенсиң! +– деп жаалданды. +Бакене, катыңкы Алдей какчыңдап бет маңдайына келди да, тике карап тумшугуна айтты: – Кана, тийип көрчү! +Көзүңдү чукуп салам! +Өзүңдү өзүң тааныгыс кылам! +Саадабек сабыр менен катынын колунан тартты: – Койчу ушуну, Алдей! +Ушу да адамбы. +Ал ортодо мен сыртка чыгып, азыркы тополоңдо өзүм ыргытып жиберген ачкычты издеп таптым да, четке чыгып, Таш-Бабанын түбүнө ��өөмп салдым. +Анан отура калып, ыйлап жиберсем болобу. +Кысып келген дүлөй ызадан тула боюм калчылдап ыйладым. +Мени эч ким көргөн жок, эмне болуп кеткеними өзүм да билбедим. +Тек Таш-Баба гана менин кайгыма аргасыз күбө болгондой сокур көзүн олурайта кадап турду. +Теребел туманданып, жаанга эзилип, чарчагандай дымып жатат. +Анын атам замандан берки козголбос тынчтыгын бузган дабыш жок, мен гана көзүмү укалап, солуктап отурдум. +Ымырт киргенче отура берипмин. +Көркөмү көктү суктанткан шыбактуу талаада мен ушундайча күн көрүп жүрөм. +Жан аябай аракеттенсем да ишим али оңуна түшө албады. +Мына, азыр эле Абакирден дагы тил уктум. +Мындан ары эмне кылам, акылым жетпейт. +Бирок мүңкүрөп калайын деген ниетим жок. +Жыгылып кеткиче турган ордуңда бекем турушуң керек. +– Чү, жаныбар! +Экөөбүз муңайышка убакыт жок, жумуш көп. +Эртеси күндөгүдөн эрте турдум. +Алтүндө башыма бир ой келди: эми мени бирөө урушмак тургай катуу сөз айтпагыдай кылып, кантсем да башкача жүрүп, башкача иштебесем болбойт дедим. +Башкалардан менин эч жерим кем эмес экенин билишсин. +Эң оболу жанар май ташып, тракторлордун бактарын өзүм толтуруп койдум. +Анан радиаторлоруна суу куюп коёюн деп, бочкени калдыратып, булакка жөнөдүм. +Эми тамак ичип алсам, кайра тынбай суу ташыйм. +Азырынча ишим ойдогудай жүрүп жатты. +Ал ортодо боз чалган көк жээктин нары жагынан күн да ойгонду. +Анархайдын көз жеткис кең талаасына көрүнгүсү келбегендей көпкө чыкпай туруп алды. +Анан акырын кылтыйып мурдун көрсөттү. +Күн чыгардагы ажарланган кең талаадай ажайып көрүнүш дүйнөдө болбос! +Тамылжыган чоң деңиз жайылып кетип, ошо көгүлтүр толкундары жалданган бойдон, кээ жери жашылданып, кээ жери кыярып катып калган өңдөнөт. +О, Анархай, кең талаа! +Эмнеге үндөбөйсүң, эмнени ойлоп жатасың? +Кылымдардан бери купуя каткан кандай сырың бар, эртеңки күнүң кандай? +Суу ташыгыч гана болуп калганыма өкүнбөйм. +Мен али машинелерди жүгөндөп, бу кең талаанын көкүрөгүндө даң салып ойноормун. +Тиги турган эки трактор менен биз иштеп жүргөн бу тирилигибиз орошон иштин башталышы гана эмеспи. +Кен издөөчүлөр Анархайдын астынан агып жаткан өзөндөрдү тааптыр деп бир жерден окуганым бар. +Мүмкүн али божомол чыгар? +Канткен менен адамдар бу каткаксыган жердин суусунун кандырар, Анархайдын кең көкүрөгүн дүпүйгөн жашыл бак, ыңкыган эгин басар. +Алтын дандуу ак буудай жалына жел эркелеп ойноор күн келерине ишенем. +Арыктарынан шылдырап мөлтүр суу агар. +Бул жерге али шаарлар орноп, айыл-кыштактар жайгашар. +Келечек муундар бу жерди берекелүү Анархай деп даңазалашар. +Ошондо бир күнү мага окшогон бир бала келер, бирок ал мага окшоп таңдын атышы менен күндүн батышы ортосунда тынымсыз суу ташып, кеңкелес бирөөнүн суук тилин угуп жүрбөс. +Антсе да мен аны бактысына кызыкпаймын, себеби Анархайга алгач келген өзүм! +Арабамды токтотуп, таңкы кеңирсиген талааны тегерете карап турдум. +Ушул учурда мен өзүмө дүйнөдөгү эң бактылуу, эң күчтүү, кала берсе эң сулуу адам болуп көрүндүм. +Башыңа бак байырлап, күн кетпесин, Анархай жергеси!. +Акыры көк жээктен көтөрүлүп, ааламды жаркыратып күн чыкты. +Бу күнүм жакшы башталды. +Моторлордун үнү өчпөдү, сууну күттүрбөй ташып жеткирип жаттым. +Бирок күн батканча дагы далай убакыт бар. +Башатка кайра айланып келгенимде анын башынан бир короо козулуу кой көрдүм. +Бир кыз жайып келиптир. +Кой-козуну булактын көзүнө жолотпой агып чыккан жеринен сугарып турат. +Бу кыз кайдан пайда болду? +Кыязы тиги кош дөбөнүн нары жагындагы конуштан келген окшойт. +Аерде чабандар көп. +Кыздын жүзү мага негедир тааныш көрүндү. +Бир журналдын бетинен дал ушундай көкүлү маңдайына түшкөн вьетнам кыздын сүрөтүн көргөм. +Бу кыздын өңү тааныш сыяктанып турганы да ошондондур. +Унчугушпай телмирип, экөөбүз тиктешип калдык. +Кайдан пайда болду деп мен таң калып турсам, бу арабакеч бала кайдан пайда болду деп кыз да таң калып тургандай. +Бирок мен сыр бербей арабаман ыргып түшүп, көнүмүш кыймыл менен бочкеге суу куя баштадым. +Сууга канган койду кыз нары түртүп чыга берди. +Жаныман өтүп баратып: – Бул башаттын аты эмне экен?–деп сурады. +Өзүм ылайлаган сууну тиктеп ойлонуп калдым. +Ырас да, жалгыз булактын бир аты болуш керек го. +Антип турганымча суунун ылайы тунуп, бети мөлтүрөп, түбү булаңгырланды. +– Ботогөз! +– дедим кызга бурулуп. +– Ботогөз булак дейби? +– Кыз көкүлүн серпип таштап, жылмайып койду. +– Сонун ат экен. +Муңайым тартып, чын эле ботонун көзүндөй экен. +Экөөбүз сүйлөшүп кеттик. +Кыз менин жердешим болуп чыкты. +Атүгүл мугалимим Алдыяровду да билет экен. +Мындай ээн талаада + + жүрүп, сүйүктүү мугалимиңдин ысмын эшитүү канчалык канимет. +Кыздын өзү да ошо Алдыяровдун таасири менен келгенби деп ойлоп кеттим. +Мектепти былтыр бүтүрүптүр, азыр буерде сакманчы болуп жүрүптүр. +– Биздин кашардагы кудуктун суусу туздуу,– деди кыз. +– Ушуякта булак бар деп уктум эле. +Өзүм да көргүм келди, ширин суудан козулар да ичсин деп издеп келгем. +Козуларын өстүрүп, күзүндө оторго кошом да, өзүм университетке кирем. +– Кийинчерээк мен да окууга кирсем дейм. +Механизация жагына. +Мени биякка тракторчулукка жиберишкен, азыр анчейин убактылуу.– деп бочкени көрсөттүм. +– Башка бир суу ташыгыч келмек. +Оозуман кандайча чыгып кеткенин билбей калдым, ушунум ыксыз болуп калды. +Уялганыман бетим чымырап ысып чыкты да, бат эле кайра муздады. +– Э-эй, академик! +Тумшугуңду канжалатам! +– Абакирдин ырайымсыз үнү мени муздатты. +– Ой мен сүйлөшүп туруп калган турбаймбы. +– Ким ал?– деди кыз түшүнбөй. +– Жайынча эле,– дедим кайра кызарып. +– Суу жеткириш керек. +Кыз коюн жайып жөнөдү. +Абакир болсо трактордун кабинасына чыгып алып, аба муштап айкырып турат. +– Ой, баратам, баратам! +Жаагыңы басчы! +Бөтөн бирөөнүн көзүнчө айкырбасаң кантет! +– деп тиштене күбүрөп атты кубаладым. +Бочкедеги суу чайпалып, башыман аягыма чейин чачылып келет. +Мейли төгүлсө! +Бир тамчысы калбай төгүлсө да мейли! +Мындай кордукка эми чыдай албаймын! +Абакир кабинасынан секирип түшүп, бая күнкүсүндөй опурулду. +Мен аттын башын тарттым: – Эгер сен минтип айкыра берсең, жумушту таштап кетип калам. +Абакир оболу абдаарый түштү да, анан ышкырып коюп, мени ашата сөгүп кирди. +– Энеңди. +бокмурун академик, сенсиз да бу өрттөнүп кеткир Анархай өрттөнбөй тура берет, жер жутуп кетмек беле! +Кет кетсең, тигине жолуң! +Мунун каяшачылын, жыртык ыштан студент! +Мен арабадан ыргып түштүм, камчыны трактордон ашыра ыргытып ийип, баш оогон жакка басып кеттим. +– Токто, Кемел! +Кетпе! +Кайда барасың токто! +– деп артыман Калийпа кыйкырды. +Токтомок белем, кайра ылдамдай бастым. +– Тим кой, карааны өчсүн! +– деген Абакирдин үнү угулду. +– Ансыз да өлбөйбүз. +– Адам эмей эле айбан экенсиң, бул эмне кылганың! +– деп Калийпа жемелеп калды. +Экөө жаакташып жатканын көпкө угуп бардым. +Токтобостон кете бердим, кете бердим. +Кайда барсам баары бир да. +Айланада кыбыр эткен жан жок, дүйнөнүн төрт тарабына жол ачык. +Булактын тушунан, коштун тушунан өттүм. +Таш-Баба турган дөбөнүн түбүнөн өтүп кеттим. +Таш-Баба табалай күлүп, агып калган көзү олурая карап узатып койду да, нечен кылымдар бою турган калыбынан жазбай белчесинен жерге батып, телмирип кала берди. +Эчтеме ойлонбостон жүрүп келатам. +Ушу жерден тезирээк кетсем деген гана каалоо. +Каргыш тийген Анархайды эми желкемдин чуңкуру көрсүн. +Кыйырсыз талаа томсоруп жатат. +Ой-кыры, дөбө-жылгалары – баары бири-бирине окшош, ичиң бышып кеткидей. +Бул кунарсыз, өлүү талааны ким жаратты экен? +Кордук көрүп, жапа чеккен башым бу кермек жыты жүрөк айланткан шыбактуу сур талааны сенделе кезип эмне азап? +Каягыңы караба, мелтиреген чөл. +Тообо, бул аймактан адам эмне тапмак? +Башка жер жетишпейби?. +Таңкы кыялдарым эми болбогон кеңкелестик болуп көрүндү. +«Мына сага көркүнө куштар кылган шыбактуу кең талаа, мына сага Анархай жергеси!» – деп, алсыздыгымды, башбаанексиз бечаралыгымды, колуман эчтеме келбей басынганымды сезип, ошого өчөшүп, өзүмдү шылдыңдап келатам. +Төбөмдө түпсүз терең асман, тегерегимде кыйырына көз жеткис чөл талаа, анда бараткан купайкечен, кирзи өтүкчөн, күнгө оңуп кубарган шапкечен мен кайдан адашып туш болгонум белгисиз, жападан жалгыз, нокоттой кичинекей бир жан баратам. +Ошентип кете бердим. +Жол да жок, из да жок. +Тим эле жүрүп баратам. +«Бир жерден темир жолго чыгармын,– деп ойлойм,– анан шпал санап кете берсем, дагы бир разъездден поездге жармашармын. +Ошентем, эл-журтка, элге кетем.» Арт жагыман ат дүбүртү, бышкырганы угулганда да кылчайбадым. +Сорокин го. +Башка ким болмок эле. +Азыр жемелеген болуп, анан суранат. +Баары бир кайра кайтпаймын. +– Токто! +– деди Сорокин жайынча. +Токтодум. +Аты кара терге ��үшүптүр. +Сорокин күнгө күйгөн кубакай кашынын астындагы туздай көк көздөрүн кадап карап турду да, жан сумкасынан кыпкызыл кылып менин путевкамды алып чыкты. +Аны мен жаңы келген күнү зор сыймык менен өзүнө тапшыргам. +– Ме, муну таштап кетиш жарабайт,– деди мага сунуп. +Көз карашынан же жаман көргөнүн, же жемелеп турганын көрө албадым. +Айыптап да, аяп да турган жок. +Жумуш башы болуп, мойнунда милдети чоң күндө ар кандай күтүүсүз иштерге жолуккан, мындай шартка каныгып бүткөн адамдын сабырдуу көз карашы. +Куйкул сакал баскан чарчаңкы бетин алаканы менен укалай сүрттү да: – Эгер разъезд издесең, оңго тарта жүр, тетиги жылганы өрдө,– деп камчы суна көрсөтүп, атын буруп жөнөп кетти. +Аң-таң оозуму ачып, артынан карап калыпмын. +Урушпаганы, кайра кайт деп суранбаганы эмнеси? +Чаалыккан атын чарчаңкы минип жүргөнү кандай? +Үй-жайы, катыны, бала-бакырасы алыста, өзү болсо үй бетин көрбөй кыштыр-жайдыр эл иши деп ээн талаада чапкылап жүрөт. +Бул өзү кандай адам, аңгыраган Анархайда издегени эмне? +Артынан ээрчип, сенделе басканымы өзүм билбей калыпмын. +Кечкурун баарыбыз үйгө чогулдук. +Баарыбыз унчугушпай үңкүйүп отурдук. +Очоктогу терскен гана чартчурт күйөт, башка дабыш жок. +Баарына күнөөлүү мен. +Сөз баштала элек, бирок Сорокиндин түнөргөн түрүнө караганда бир нерсе айтчудай. +– Кана, эми эмне кылабыз? +– деди Сорокин акырында, эч кимге карабастан. +– Эмне, Анархайды топон суу каптап келатыппы? +– деп Абакир кекээрледи. +Муну уккан Саадабек унчукпастан туруп, үйдөн чыгып кетти. +Бая күнкү мушташкандан бери ал Абакир менен сүйлөшпөйт, азыр да сөзгө аралашпайын деди окшойт. +Анын иниси Эсиркеп да ордунан тура берип, кайра отурду. +Абакир аны менен да ырылдашып алган. +Мен жалынып койбогон соң бир күнү Эсиркеп экөөбүз орун алмашып, мен Саадабекке тиркегич болуп, ал суу ташып калган. +Белгилүү эмеспи, сууну кечиктирип жеткирсе керек, Абакир адатынча атырылып бир тийиптир. +Эсиркеп жемин жедире койчудан эмес, менден үч жаш улуу, мушташ десе мушка кыйын. +Абакирге эч ким жооп берген жок. +– Ойлоно турган эмнеси бар, жумушту токтоткон адам жооп берсин,– деди ал дагы. +– Кеп ким күнөөкөр, ким бейкүнөө экенин териштирүүдө эмес,– деди Сорокин аны кылчайып карап койбостон. +– Кеп бу жаш жигиттин тагдыры тууралуу. +Эми эмне иштейт? +– Тагдыр имиш! +– деп Абакир мылжыйып койду. +– Мындай академиктердин тагдыры алдагачан чечилген, колунан бок келбей куурап өтчү немелер да! +– Абакир кыжырлана кол силкип салды. +– Өзүң ойлочу, Сорокин, ушулардын колунан эмне келет? +Биз таманыбыз ташка тилинип нан таап жүргөндө булар окуу демиш болуп талтаңдап, он жыл убактысын бошко кетирди. +Буларды асыраган да биз. +Курсагы ток, кийими бүтүн болду. +Андан эмне чыкты, эмне үйрөндү? +Же машине айдай албаса, же атка моюнчак ката албаса. +Моюнчактын боосун кантип байлаганды билбейт. +Мунун түйшүгүн мен тартып жинди болупмунбу? +Окумуштуулугун урганым жок! +Дагы Таш-Бабанын тарыхын билет имиш! +Ишке келсе карайлап көзүн таппайт. +Андай болсо башкаларга кесепетин тийгизбей жоголсун! +Анан калса, Сорокин, сен да көп эле өмгөктөй бербегин! +Өнөгүм жок жалгыз өзүм иштеп жүрөм, башканы да илээндилетпейм! +Жок, ага көнбөйт экенсиңер, эртең эле менин карааныма зар болосуңар. +А жанагы айтканым айткан, мындай академиктердин баарын битче сыгып таштаар элем. +– Жетишет! +– деп Сорокин дагы бурулуп карабастан Абакирди кагып салды. +– Аны биз сенсиз да билебиз. +Кеп анда эмес. +Кана, айтчы, Кемел, өзүңүн оюң кандай? +Тапатаңдан жооп бере албадым. +Абакирдин айтканын угуп отуруп ушунун сандырагында да чындыктын үлүшү бар го деп ойлодум. +Бирок кыжырланып, заарын сөзүнө чыгарып айтып жатпайбы. +Кай жазыгыма? +Мен бир колу-буту жок мунжу бекем, же Абакир билгенди кези келгенде ала албас макоо бекем? +Же билимдин зыянын тартып жүрүпмүнбү? +Түшүнсөм буюрбасын. +Бирок Сорокинге токтоо жооп берүүгө тырыштым. +– Мен буерге тиркегич болуп иштегени келгем. +Трактор айдаганды үйрөнөйүн дегем. +Атка моюнчак катууну билип алдым го. +Аны элдин баары билет. +Ушу жумушту иштей берсе деле болот. +Бирок мен эми суу ташыгыч болбойм. +Айттым – болду. +– Бизде башка жумуш жок,– деди Сорокин. +– Анда менин кеткеним оң,– дедим. +Калийпа мени бир карап алды да, муңайым күрсүндү. +– Сууну өзүм эле ташып, ордумду сага берер элем, Кемел, бирок өзүң барбайсың да. +Мындайча жол чыгарын ойлогон эмесмин. +Кайрымдуулугубу, же Абакирдин кылыгына кынжылдыбы? +Качан болсо, Абакир оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып жатканда коомайланып, эптеп жумшартууга, аягын оңдоп кетүүгө тырышат – ошондонбу, эмнеси болсо да, Калийпа ушинтип айткан соң, ыза болуп отурган мен токтолбостон: – Барам! +– дедим. +Үй ичи жымжырт боло түштү. +Очоктогу терскен гана баягысындай тырсылдап жатты. +Баары мени аңырая карашты. +Мени жаңылыш айтып алды, азыр эле сөзүнөн кайтат деп отурушту окшойт. +Мага жакшылык каалабаган, жек көргөн адамдын уучуна өзүм барып түшкөн болуп чыктым. +Бирок мен үндөбөдүм. +Айттым – болду. +Сорокин мага күдүктөнө карады. +– Барасыңбы? +– Ооба. +– Мага баары бир,– деп Абакир очокко чыйт түкүрдү. +– Бирок эскертип коёюн, саал эле бирдеме болсо, моюнуңду жулуп алам. +– Ымырт маалда Абакирдин көздөрү шылдыңдап жаткандай, кекеткендей муздак жалтылдады. +– «Саал бирдеме болсо» эмне кыласың? +Күн мурунтан коркок билиш кылып алайын дегениң го?– Баятан бери үндөбөй отурган Эсиркеп чыдай албай кетти. +– Иштебегенде эмнеси бар экен! +Кемел менин сокомдо деле иштеген. +– Сага эмне жок. +Куюшканга кыпчылба. +Өзүбүз билебиз. +Тракторго да, жумушка да. +мен жооп берем. +– Токтот! +– деп Сорокин жактырбай Абакирди дагы какты, анан мага айтты: – Таң эртеден баштап ишке кириш. +– Ордунан туруп, эшикке жөнөдү. +– Эмесе, дем алгыла. +Бул түнү уйкум чала болду. +Абакир менен кантип иштешер экем? +Буга чейин анда-санда бир кагышып калганыбыз болбосо ортобуз окчун эле, эртеңден баштап күнү-түнү дебей анын кол алдына түшмөй болдум да. +Чиркегич болушка чыдамкайлык, көктүк керек, мен андан коркпоймун. +Арийне, талаанын ой-кырын билип, трактордун жүрүшүн басаңдатпай соконун тишин керек болсо көтөрүп, керек болсо түшүрүп туруу милдет. +Андан башка да тракторду оңдоого, + + же трактористтин башка жумушуна, иши кылып баарына жардам беришим керек. +Абакирге жазатайып сураган ачкычты эмес башкасын, же болтубу, гайкасыбы учурунда таап бере койбосоң балээ башталды дей бер. +Алдей апа да уктабай жатыптыр. +Караңгыда жылып келип, жаныма отурду да, башыман сылады. +– Ойлонуп көрсөңчү, Кемел. +Сенин теңиң эмес бул. +Кой оозунан чөп албаган момун баласың. +Жеп коёт бу сени. +Түк да жакпайсың. +– Жагынайын деген мен жок. +Жегич болсо жеп көрсүн, бүгүн көрүп жатыпмынбы. +– Өзүң билесиң го. +деги байка,– деп Алдей акырын үшкүрүп алып, ордуна кетти. +Абакир экөөбүздүн чекишибиз алгачкы эле күнү башталды. +– Уктап калып, соконун астына түшүп кетсең мен жооп бербейм! +– деп ишке чыгар алдында бир айтты. +Кайдагы уйку! +Каталык кетирбейин деп, тиктегеним эле соконун тиштери. +Соконун тишине түшүп өлөм деп корккончо, тиркегич болбой койгон жакшы. +Талтая отурган буттарымын астынан кронштейнге бекитилген тиштер жаркылдайт. +Катарынан кыйгачтап тизилип, дыңдын бууланган чым кыртышын тилип, коңторуп таштап барат. +Трактор ычкына күрүлдөп, кырдуу жалпак таманы шакылдап, шыбакты жапшыра тепсеп, токтоосуз жүрүп барат. +Абакир мени өлүү-тирүүбү деп бир кылчайып койбоду. +Күржүйгөн быжыгыр желкеси гана көрүнөт. +Ушул отурушу эле мени сынагандай, чыдап көтөрө алар бекен, же жарабайт экем деп кетип калар бекен дегендей. +Ошол үчүн, мени аргасыз кетириш үчүн ушинтип тракторун токтотпостон жүрдү окшойт. +Чаң менен ачуу түтүнгө тумчугуп, катуу темирде отуруу эмне экенин башкалар билбесе да, Абакир жакшы билет. +Мейли, мен да кайтпаймын. +Соконун рулун карыша уучтап, жан жагыма карабай, тырышкандан тырышып отурам. +Канча убакыт өтсө да лам деп ооз ачпадым, кыңкыс үн чыгарбадым. +Абакир да өчөшкөндөн өчөшүп, тракторду таштак жерге салды да, соко бороздон секирип чыгып, тиштери ташка шакылдап тийгенде жарк-журк этип от чагылат, селкилдеген ордуман мен учуп түшө жаздайм. +Ошондо да кың дебедим. +Кеч кирип, Абакир тракторун токтоткондо гана мен өлөрчө чарчаганымды сездим. +Оозу-мурдум, көз-кулагым чаң менен кумга толуптур. +Жаным жер тартат, жамбашым тийсе эле уйкуга кеткидеймин. +Бирок ордуман тап жылбастан Абакирдин буйругун күттүм. +– Тиштерин көтөр! +– деп кабинадан башбага кылчайып, кыйкырды Абакир. +Тракторду айдоодон чыгарып, моторду өчүрдү да, сокого келди. +Эңкейип, тиштерин сыйпап көрдү. +– Мокоп калыптыр, алмаштыруу керек. +Эртеменен даяр болсун! +– Макул,– дедим мен. +– Запас тиштерди таштап, тракторду сокодон бөлүп кет. +Ал унчукпастан айтканымды аткарды да, кошко кетти. +Мен артынан карап туруп, ачуум да келди, бирок суктанып да турдум. +Чарчаганы билинбей теңселе басып баратат. +Менин тырп этер алымды калтырбады, бирок өзү да тыным алган жок. +Өгүздөй иштейт экен, айбан! +Күрсүнүп алдым да, куурай чогулттум. +Соконун жанына үйүп койдум. +Түн ичинде оттун жарыгында тиштерди алмаштырбасам болбойт да. +Отун жыйнап бүткөн соң, тамактанууга жөнөдүм. +Байкуш Алдей апа, боорукер жан! +Алып койгон тамагын апыл-тапыл ашап жатканымы зээни кейий карап отурду. +Жайбаракат эс алууга чолом жок эле. +Алдейдин фонарын сурадым. +– Эмне кыласың? +– деди фонарды берип жатып. +– Керек. +Соконун тиштерин алмаштырам. +– Кудай ай, ушундай да болчу беле! +– деп Алдей Абакирге атырылып коё берди. +– Жибербеймин! +Баланы кордогон да болобу! +– Менин эмнем кетти, жибербесең кой! +– деп корс этти Абакир жатууга камданып атып. +– Киришпегин! +– деп Саадабек аялын тыйды. +– Кемелдин өз акылы бар! +– Эчтеме эмес, Кемел, биз жардамдашабыз. +Жүр, Эсиркеп! +– деп Калийпа ордунан турду. +– Кереги жок,– дедим мен. +– Жөн калгыла. +Өзүм эле бүтүрөм. +Фонарды жагып үйдөн чыктым. +Түн коюну көзгө сайса көрүнгүс. +Суу ичип алышка булакка кайрылдым. +Кайнар булактын чордону бүлкүлдөп, бетиме салкыны урду. +Фонардын жарыгына түбү күңүрт шоолаланып, коймолжуп жатат. +Чыны менен ботонун көзүндөй. +Сакманчы кыз эсиме түштү. +Баягы жолукканда жадегенде атын сурап калбапмын. +Көкүл чачы желпилдеген ал сүйкүмдүү кыз кайда болду экен азыр? +Сокого жетип, буйдалбастан ишке кириштим. +Соколорду көтөрүлгөнчө көтөрүп коюп, от жактым. +Фонардын да жардамы жакшы тийди. +Гайкаларды бурап чыгарып алып, кайра болтун бурап кийгизип, жоголуп калбасын деп шапкеме салып жатам. +Ошентип түнү менен соконун астында сойлоп жүрдүм окшойт. +Гайкаларды кайра бурап салыш баарынан кыйын болду, анын үстүнө эби келбейт. +Бара-бара от да бастай берди. +Соконун астынан сойлоп чыгам да, отко дагы куурай таштап, жата калып үйлөйм. +Канча убакыт өткөнүн билбедим, айтор, баардык тиштерди алмаштырып чыкканча тыным албадым. +Ошондон кийин темтеңдеп тракторго жеттим да, кабинанын ичине куладым. +Канталаган колдорум биресе сыздап, биресе ысып, ачышып жатты. +Эртеменен Калийпа ойготту. +Араба менен суу алып келиптир. +– Радиаторду толтуруп койдум. +Кемел, жуунуп ал, суу куюп берейин,– деди. +Абалың кандай деп сураган жок, ошого ыраазы болдум. +Бирөө эсиркегенсип боору ооруганы да кээде катуу тийет эмеспи. +Калийпа арабадан бир түйүнчөк тамак, бир шише жарма берди. +Жарманы кере жутканда чечекейим ачылды. +Бу да болсо Алдейдин берип жибергени го. +Абакир келди. +Лам дебеди, шылтоо издээр кынтык жок эле. +Унчукпастан тракторду сокого айдап келди. +Мен сокону чиркедим. +Загон бойлоп жүрүп кеттик. +Кечээгидей эмес, бүгүн сокодо ��екем отурдум. +Колуман келет экен деп калдым. +Алгачкы сыноодон абийирдүү өткөн соң аягына чейин чыдай аларыма көзүм жетип калды. +Алдыда кабинанын айнегинен кечээги эле быжыгыр желке көрүнөт. +Трактор кечегисиндей эле тыным албастан ычкына күрүлдөп, темирлери шакылдап келет. +Штурвалды карыштыра кармап, ошол көйдө мен отурам. +Чак түштө Абакир капилеттен моторду өчүрдү. +– Түш! +Дем алыш,– деди. +Трактордун көлөкөсүнө тунжурап отурдук. +Абакир сиркеси суу көтөрбөй папиросун белчесинен чайнап, комбинезонун, анан көйнөгүн чечти да, баарын астына төшөп, күнгө далысын тосуп жата кетти. +Кең далы, уй жондуу, эти майланышып күнгө жылтырайт. +Мен да күнгө кичине тооруккум келди. +Көйнөгүмдү чечип, астыма төшөп, жатайын деп жатканда Абакир уйкусурай мага башын бурду: – Далымы кашы! +Буйругум эки болбойт деген кыязда зилдей башын эки колуна жаздап жатып калды. +Мен козголбодум. +– Уктуңбу? +– деп башын көтөрбөй каарлана ыйыгын булкуп алды. +– Кашыбаймын! +– Кашыйсың дедим, кашыйсың! +– деп мага атырылып, жер таянган калыбында туруп калды. +– Кана? +Канча күтөм? +Мен эриксизден кетенчиктей бердим. +Ызама чыдабай кеттим: – Сен эмне. +мен жумушчумун! +Элдин баарын баккан мен деп төшүңү муштагылай бересиң. +Кылган ишиң эле жумушчулук болбосо, дилиңде жумушчулуктун кенедей ниети жок! +Бай болсоң жарашмак! +– Болсо болмокмун! +Менин ниетим менен ишиң болбосун! +– деп байкоостон мурдума чертип калды. +Мен ыргып туруп, муштагылап жибердим. +Абакир ушунуму гана күтүп турган белем, көптөн бери ичине толгон кыжырын күчүнө чыгарып, мени коюп калганда калпактай учуп түштүм. +Араң дегенде тизелей тура келип, ыза менен дагы умтулдум. +Мен умтулган сайын ал бир коёт. +Койгон сайын жалп этип учуп түшөм. +– Муштумдун жыты мурдуңан кеткис кылбасамбы! +Менин ниетим кандай экенин сага таанытайын! +– деп, күрсүгүй муштуму улам мага күрс-күрс тиет. +Бирок мен да тарамыштай тырыштым, улам жыга койгон сайын кайра ыргып туруп, жармаша бердим. +Колум жетсе мен аны бетке-көзгө муштап калам, ал ич-бооруму эзип, кабыргаларымды кыйратып салгансыды. +Дагы бир жолу туруп, акырын жүткүнө бердим. +Ал касапчы балта чапкандан бетер кериле калып, «Ух!» деп көк желкеме коюп калды. +Мен этбетимен бүк түштүм, бирок кың деп үн чыгарбаска эрдимди кесе тиштеп, жатып калдым. +– И, жаттыңбы, академик! +Ошентип жердин жытын бил! +– деди энтиге дем алып, жарылган эрдинин канын түкүрүп. +– Бу сага Таш-Баба тууралуу лекция окуу эмес! +Мындайда тарыхтын жардамы тийбейт. +Ошону менен ал аяк астыбызда тепселген кийимин алып, кагып-силкип, бир бугун чыгарып ыраазы болгондой шашпай кийине баштады. +Бирок бу салгылашта да мен жеңип чыкканым анын оюна келбеди. +Ырас жер тиштеп жатсам да бу менин жеңилгеним эмес болчу. +Акыйкат үчүн мушташса болорун мен эми түшүндүм. +Өзүңдү бирөө уруп жатса тартынбай аны уруш керек экенин түшүндүм. +Мен үчүн у��унун өзү жеңиш эле. +Абакир комбинезонун кийинип болгончо мен эс алып, тез кийиндим да, сокодогу ордума барып отуруп алдым. +Трактор татырап от алып, ордунан козголду. +Кабинанын айнегинен мурдагыдай эле быжыгыр желке көрүнөт, штурвалды мурдагыча карыша кармап, мен барам. +Турмушубузга анча-мынча өзгөрүш кирди. +Үрөн ташууга кош ат чегилген араба келди. +Аны менен бирге арабакеч келди. +Эми суу ташуунун жумушу жеңилдеп калды. +Үрөн себүүгө Саадабек менен Эсиркептин трактору бөлүндү. +Абакир экөөбүз мурдагыдай эле жер айдоодобуз. +Дагы бир жаңылык бар. +Эки-үч күн мурун арабага түшүп түшкү тамактан кайтып келатып, булактын башынан баягы сакманчы кызды көрүп калдым. +Арабакеч аттын башын тарта берди эле, Абакир жактырбай шаштырды: – Айда, токтобо! +Мен кызды карай жүгүрдүм. +Коюн таштап, ал да мага жүгүрдү. +Бирок мен ага жетпей токтодум. +Жумуштан кечикпес үчүн кайра тиги арабаны кууп жетишим керек. +Токтой калып: – Саламат! +– дедим. +– Саламат! +– деп кыз да токтоду. +Аны көргөнүмө кубанып турам, бирок эмне деп сүйлөшөрүмү билбейм. +– Эмнеге суу ташыбай калдыңыз, азыр кайдасыз? +– Тракторго өткөмүн,– деп мактана кыйкырдым. +– Тетиги загондобуз. +Кечириңиз, мен шашып баратам. +– Барыңыз, барыңыз,– деп кыз мага кол булгады. +Арабаны кубалап чуркап баратам. +Бир ирет артыма жалт карадым. +Кыз да менин соңуман карап, жанагы ордунда турган экен. +Араба токтободу. +Бирок ага капа болбодум. +Жаныма канат бүткөндөй. +Кыз мага кол булгаганына, жаздын даркан талаасында жүгүрүп келатканыма бактылуумун. +Куштай учуп келатам. +Мага канат бүткөндөй. +Эртеси сакманчы кыз коюн жайып, биздин загондун жанынан көрүндү. +Жакыныраактагы бир дөбөгө чыгып алып, кой-козусуна көз салып турду. +Бир мүнөткө болсо да жанына жакын баргым келди, бирок кайдан, Абакир андай жакшылыкка жаралыппы. +Мен да суранбай койдум. +Кызга кийинки жолукканда Абакир экөөбүз гүрүлдөгөн трактордун жанында турганбыз. +Абакир мотордун бирдемесин карап жаткан. +– Бу кыз эмнеге айланчыктап калды? +– деди Абакир. +– Билбейм. +– + + Аты ким экен? +– Билбедим. +– Эй, академик ай,– деп ал шылдыңдай түкүрүнүп, кызга көз ыргытты. +– Бойго жетип калган кыз экен. +Мен аны акырая карадым. +– Бар ордуңа! +– деп Абакир бурк этти. +Биз жүрүп кеттик. +Ал ортодо кыз коюн кырдан бери жайып түштү. +Жанына жетип барып, жанаша отуруп сүйлөшсөм, жадегенде желпилдеген көкүл чачын эле карап келсем дегенде эки көзүм төрт. +Аңгыча трактор токтоп калды. +Абакир кабинадан башын чыгарды. +– Рычагды бекитип, бери кел! +Мен таң калып сокодон түштүм да, Абакирге бардым. +Иш учурунда ал мени кабинага киргизчү эмес. +– Отур! +– деп ордун бошотту. +– Айдап үйрөн! +Кандай кудай жалгады муну! +Ушинтет деп ким ойлоптур. +Абакирге эмне болду, чыны менен мага ниети оңолдубу? +Бирок көп ойлонуп отурбай айтканын үйрөнүп жаттым. +– Педалды тарт. +Илинчегин кош. +Ии, ошондой. +Эми педалды акырын коё бер. +Фрикцион рычагдарын карма. +Трактор гүр-гүр этип алды да, загон бойлоп жүрүп берди. +Сүйүнгөнүмөн жүрөгүм лакылдап чыкты. +Башка эчтеме оюма келбей, дүйнөнү түгөл унуттум. +Бар ойлогонум, трактордун механизмдерин билип, айдаганды үйрөнүп алсам дейм. +Көптөн бери каалаганым ушул эмес беле! +Мына эми күчтүү трактор менин кол кыймылыма баш ийип, каз таманы менен жерди жапшырта тепсеп жүрүп барат. +Бүт көңүлүм алдымдагы тетиктерге байланып, өзүм да чырмалышкан ушул көп тетиктердин бири сыяктанып калдым. +Загондун аягынан аяптоор бурулдум. +Ырас, тиркегичим жоктугунан бурула берген жерде ала калып калды. +Ошо да сөз бекен, Анархайда жер жетпейби! +Ушундан арттырганым, трактор айдаганды үйрөнүп алсам жакшы да! +Загонду эки-үч ирет айланып чыктык. +Жүрөгүм ордуна келип, кыймылым ишенимдүү боло баштады. +– Шашпагын, академик! +– деп Абакир кулагымын түбүнө кыйкырды. +– Мен азыр келем. +Эгер бирдеме болсо, моторду өчүр. +Ал жүрүп бараткан трактордон секирип түштү да, кагынып-силкинип, үстү-боюн түзөнүп, сакманчы кызга бет алды. +Анын арам оюн мына ошондо түшүндүм. +Кандай эле мени кабинага отургузуп калды десе!. +Кыздын кашында жайбаракат сүйлөшүп турду. +Кайда шашмак. +Иши болсо жүрүп атат, трактору жакын, бирдеме болсо жүгүрүп келет. +Бу жоругу мага жакпады. +Бирок ошондо да трактор айдап жүргөнүмө корстонмун. +Кабинадан баш чыгарып, кызга кол булгагым келет, бирдеме айтып үн салсам дейм. +Каргашадай болуп Абакирдин туруп алганын карачы! +Ал эмнелерди айтып жатты экен? +Кыз эмне деп жооп берип жатты экен? +Абайласа экен кыз, Абакир менен азыр сак болбосо болбойт. +Кыз коюн айдап кеткиче бир жарым сааттай трактор айдадым. +Абакирдин кебетесинен корстончулук көрүнбөйт. +Демейки түпөйүл, топоз кебетеленип кекирейгенинен башка белги көрө албадым. +– Академик, айда өз ордуңа бар! +– деп далыга какты да, мыйыгынан күлүмсүрөп койду. +Лам дебестен трактордон секирип түшүп кеттим. +Кечээги кыз бүгүн дагы келди. +Абакир мени дагы кабинага отургузуп, өзү кызга кетти. +Сакманчы кыз эмнеге келди дейм, келбей эле койбойбу? +Тракторду токтотуп коё албайм, же өз бетим менен айдап кете берүүгө жаным тынчыбайт. +«Кантип бир белги берем кызга?» – деп кабинада алар жакты жалт-жалт карайм. +– Абакирге кездеше бергени жакшы эмес. +Бирок эки кишини сүйлөштүрбөй кантип тыйып коё аласың? +Ким менен сүйлөшөрүн ар ким өзү билиш керек да.» Бу жолу кыз тез эле кетип калды, ага мен катуу кубандым. +Коюн кубалап, улам артына кылчактап коюп, жүгүрө басып баратат. +«Кечир мени, жаркыным, – дедим мен ичимен. +– Тез кетип калганың жакшы болду. +Экөөбүз дагы кездешебиз. +Эмки жолу тракторго отуруп албай алдыңан жүгүрүп чыгам. +Азыр бара кой, беш көкүлүм. +Али атыңды да билбеймин.» Эртең кездешебиз дегеним бекер экен. +Абакир экөөбүз бири-бирибизге билдирбей кызды үч күн катары менен күттүк. +Абакир адаттагысынан ачуулуураак жүрдү. +Мен ага кайрадан жексур көрүнүп жүрдүм. +Аны жек көрөрүмдү мен да жашыра албадым. +Бу оңбогур кызды жаман сөз менен кордогон окшойт деп, жаман көз, суук сөздөн жаркынымы коргоп кала албаганыма жаным кейиди. +Колум бошой калса кызды издеп таап алып, тартынбастан эзилише сырдашууга сөз бердим өзүмө. +Ошол күндөн баштап кызга жолугууну эңсеп, көксөп жүрдүм. +Ошол күндөрдүн биринде катуу жаанда калдык. +Кайдан-жайдан чапкындап добул келди да, төгүп кирди. +Кең талааны алай-дүлөй түшүргөн мөндүр аралаш жааган өткүн эле. +Асман гүүлдөп, чаңдап жаткан жердин бетин заматта боржуктаган көлчүк басты да калды. +Бирок Абакир тракторун токтотподу, күчөп айдап, артта мөндүргө кулагын сабатып, шөмтүрөп суу болуп бараткан мени бир кылчайып карап койбоду. +Суу сиңген кыртыш мурдагыдай коңторулуп түшпөй, соконун тиштерине кептелип, какалтып жатты. +Эгер трактордун каз таманына баткак чапташып, бир ордунда жылбыша бербегенде Абакирдин токтотор түрү жок болчу. +Моторду өчүрдү да, чылымын кере соруп, кабинадагы орундугуна чалкалай отурду. +Добулдан баш калкалап, кабинадан баанек сурап жүгүрүп келет деп ойлоду окшойт мени. +Мага болсо эми баары бир болуп калган. +Жамгыр өтмө катарыма өткөн. +Коштон түшпөй өтүгүмдүн балчыгын тазалап отура бердим. +Суу тийбесин деп корголоткон нерсем жалгыз блокнотум эле. +Оюма түшкөн бирдемелерди жазып, окуган китептеримен көңүлгө жуккан үзүндүлөрүн көчүрүп алып жүрчүмүн. +Блокнотту өтүгүмүн кончуна тыктым. +Капилет башталган өткүн капилеттен токтоду. +Ошол замат түпсүз туңгуюк көк асман чайыттай ачылды. +Жаздын жоомарт жамгыры жууп өткөн даркан талаа сулууланып, жаркын сала берди. +Жердин бу көркүнөн асман да калышкысы келбегендей. +Анархайдын кыйырсыз кеңдиги мурункусунан да кеңирсип, чалкый түштү. +Асман менен Анархайды бириктирип күн желеси тартылды. +Ааламдын тиги чети менен бу четине жете ийилип, дүйнөнүн дүйүм кооз түс-боёкторун боюна сиңирип, күн желеси кыймылсыз ийилип турду. +Жүрөгүм өрөпкүп, айланта-тегерете карап турдум. +Түпсүз туңгуюк, үлбүрөк тыноодон салмаксыз көк обо, канаты көзгө илешпей дирилдеген түркүм түс асем тотудан кооз күн желеси, андан бери чалкыган даркан талаа! +Жер жылуу бууланып, кургап баратты. +Төбөдө көгүлтүр тунук абада канжардай канаттарын какпай каалгып бүркүт жүрдү. +Аны ошончо бийикке көтөргөн өзү эмес, күчтүү канаттары эмес, мобу талаанын бойго кубат, көңүлгө жигер кошор деми сыяктанды. +Ошол жигер, ошол дем мага да кошулгансыды. +Көңүлүм эргип, Анархай туурасындагы учкул кыялым канат кагып сабалап учту. +Ырас ушул турушумда жерден кубат алгандай бекем элем, жаркын кыялыма азыр эч ким көлөкө түшүрө алмак эмес, Анархайдын даркан талаасынын келечеги туурасындагы ишенимдүү элестеримди эч ким буза алмак эмес. +Мектепте дубал гезитке кээде ырым чыга калып жүргөнүм болбосо, мени�� акындыгым жок эле. +Ага болбой кончуман блокнотумду сууруп чыгып, энтелеп келген алгачкы саптарды шашып-бушуп жазып кирдим. +Кордойдун нары жагында Айдың талаа Анархай, Адамдын буту баспаган Кеңирсиген кенен жай. +Кең Анархай өлкөсү Гүл жайнаган жер болор, Эмгекке шай, ырга бай Ырыска шерик эл конор!. +Ырымын эби-сыны анча келишпей калганына караган жокмун. +Көкүрөгүмө батпай оргуштап жаткан ой-сезимдердин жүздөн бири кагазга түшпөй калганына өкүндүм. +Келечекке учкан кыялымды жеткирер көркөм сөздү кантип тапсам деп мээ катырып, ойлонуп отуруп калдым эле. +Аңгыча бирөө колуман блокнотуму жулуп кетти, карасам, Абакир. +– Күйдүм-сүйдүм деп жазып жатасыңбы? +– деп нары басып окуп баратат. +– Ыр менен кыздын башын айландырмаксың го?. +– Бергин! +– деп жиндене атырылып жетип бардым. +– Бирөөнүн жазганын окуган жакшы эмес! +– Жакшыбы, жакшы эмеспи, аны мага үйрөтпө! +Эмне жакшы экенин мен өзүм билем! +Бар ары! +– Сениби! +– деп жүгүрүп барып, трактордон отвертканы алып чыктым. +– Кутурба! +– деп Абакир айбаттанды. +– Ме, мен дагы бирдеме экен десе, кайдагы былжыр. +– Блокнотумду мага сунду да, аздан соң талаа жаңырта каткыра күлдү. +– Айдың талаа Анархай! +Кең Анархайдын өлкөсү дейт! +Ха-ха-ха! +Эй, акмак академик! +Сага окшогон куру кыял, жел өпкөлөрдү айдап келе турган экен ушерге!. +Кең Анархай өлкөсү деп тапкан сөзүн!! +Ха-ха! +Али дагы сага атаңы таанытар бу Анархай өлкөсү! +Бир эле кыш кыштап көрчү, ошондо башкача ырдап жүрбөсөң мага кел. +– Кыштаймынбы, жокпу, аны сенден сурабайм! +Мени коюп, өз камыңды ойло! +– Ойлой турган эмнеси бар экен? +– Абакир түнөрө ызырынып мага сүзө келди. +– Өз оюм өз башымда. +Каерде болбоюн акымы бирөөгө жедирбейм. +– Нары баса берди да, бирдеме эсине түшкөндөй кайра кайрылып келип, мени сүзө токтоду. +– Айтып коёюн, академик, алиги кызды оюңан чыгар, түшүңө да кирбесин. +Чалып салам! +– Аны көрө жатарбыз! +– Айтты-айтпады дебегин, эсиңде болсун. +Өзүнөн өзгөчө жашагандардын баарын жек көрүп, ачууга муунуп, заары башына чыккан ушу немени карап туруп, биресе боорум ооруду. +Шашпай туруп, мындай дедим: – Өзүң чоң эле кишисиң. +Кээде айтканың эстүү адамдын сөзү. +Бирок ал байкоостон чыгып кетеби дейм. +Адамга кыялданууга, ой ойлоого, тилек тилөөгө эч ким тыюу сала албайт, ушуну билип алсаң боло. +Адамдын айбандан айырмачылыгы да ошентип ойлоно билгени эмеспи. +Бу сөзүм кулагына кирдиби, же агып калдыбы, ким билсин, айтор үнү өчтү. +Түнөргөн бойдон тракторго барып, от алдыргычты жулка тартты. +Мотор күр-күр-р этти. +Ишибизди уланттык. +Ушу күндөн мен алиги кыялымдан ажырабадым. +Кыялымды мен кармашта жеңип алдым, эми ал кыялдын ээси өзүммүн. +Кыялым да менден адашкан жок, жатсам-турсам өзүм менен бирге. +Кечкисин эл уйкуга киргенде мен үйдөн чыгып, булакка жөнөдүм. +Булак башына жалгыз барып, жалгыз отургум келди. +Асманга жылдыз батпай, кай бир даркан талаанын четине агылып түшүп жатты. +Тегерек булактын көзү жылтыр тунук, түпсүз терең көрүнөт. +Асмандагы жылдыздар, атүгүл бүтүндөй асман ушул кичинекей чөйчөккө батып тургансыйт. +Жылдыздар булак түбүнөн көктөгүдөн бетер суктандырып жымыңдашат, сузуп алып, айланадагы караңгы түнгө алтын учкун ширенди чачкандай чачсаң болгудай. +Булактын агып чыгып жаткан оозунда жылдыздар да кошо агып кетип жатат. +Береги тунуп турган чордонунда болсо куду көктөгүдөй болуп жылтылдашат. +Аны карап отуруп, ойго чөмүлдүм: талаанын кайнар булагы адамдын жан дүйнөсүнө окшош белем, кээде адамдын да дили тазаланып, көңүлү көтөрүлүп турган чакта, кыялың алып-учуп турган чакта, жандүйнөңө бүтүндөй аалам батып турабы дейм. +Булак башында отуруп, түн жамынган талаа сырына + + чөмүлдүм, кулак түрүп, дилимди ачып коюп, мемиреген түнкү талаанын табиятын жан-дүйнөмө сиңирип отурдум, кыялым кошулуп, көз алдыма не бир ажайып элестер тартылды. +Кимге айтсам муну, ким менен сырдашсам? +Эмнеликтен экенин баамдабадым, бирок сырдашсам сырыма, толкундансам кыялыма түшүнө турган жалгыз гана алиги атын өзүм биле элек беш көкүл кыз сыяктанды. +Жалгыз ошо кыз гана дилиме дили жакын, кыялыма кыялы окшош сыяктанып туруп алды. +Же бу сезим ал кыз экөөбүз алгач ушу булактын башынан кездешип, атын Ботокөз деп бирге койгонубуздан улам козголдубу?. +Ал кыз азыр кайда болду экен, аны ойлоп отурганымды туяр бекен? +Жакында кошту бүтөбүз, ошондо ал кызды издеп таап, ушу булактын башына апкелип, Анархай өлкөсү туурасындагы кыялданганымы бүт айтып бербесем. +Жазган ырымы окуп бергеним болбос, кыз күлсө шылдың болом го, Анархайдын келечегин кандайча элестеткеними кара сөз менен эле айтып бербесем. +Кетүүгө туруп атып, жылдыз жабалактап жайнаган асманды дагы бир жолу чалкалай карадым. +Көзүм көргөнүнө көңүлүм сүйүнөт. +Ал эми нараактагы дөбөдө карайып Таш-Баба турат. +Сокур көздөрү алысты телмире тиктеп, баардыгына кайдыгер, дүнүйөкапар кебетесин жазбай турган элесин көз алдыма даана келтирдим. +Толукшуп ай чыкты. +Ошондо мен айдоонун наркы жээгин жакалай жылжып келаткан үркүнчөк эки караанды көрдүм. +Көрсө, жейрендер экен. +Кайда баратышат? +Сууга келаткан го. +Эки жейрен айдоонун дал мизине келип, жер май менен темир жыттанган, баштагыдай болбой коңторулуп жаткан айдоону басуудан чочулап туруп калышты. +Ай шооласына жондору күмүштөнүп, жейрендер кулак серейте элеңдеген калыбында көпкө турушту. +Кураны бутактаган кичине мүйүзү бар, телкиси жапысыраак – экөөнүн тең алакандай көздөрү ай нуруна чагылышып, жалт-жулт этет. +Телкиси куранга ыктап, кичинекей жеңил башын сак көтөрүп турат. +Селейишип катып турган ушу калыбында ал экөө: «Бу талаага эмне болгон? +Эски жолубуз кайда жоголгон? +Бу жерди коңторуп таштаган кандай күч?» – деп жатышкансыйт. +Жейрендер айдоону кечип өтө албады, даабады. +Кайра бурулушту да, соорулары ай шоо��асына күңүрт муңайым жылтылдап, шыбыртсыз басып кете беришти. +Алар чочубай жөн кетсин деп, мен дагы бир аз отурдум. +Анан үйгө келип, караңгыда ордумду сыйпалап таап, көпкө уктай албай чакыйып жаттым. +Ошондо аргасыздан шыбыш сөз уктум. +Абакир менен Калийпа бир төшөктө жатыптыр. +Мурда деле ушинтип жатып жүрүшкөнбү, анысын билбейт экем. +Калийпа бирдемелерди бышактай күңкүлдөп жатат, сөз ажырым угулбайт. +– Болду эми, жетишет,– деди Абакир уйкусурап. +– Чыдай тур, жакында шаарга барабыз, ошондо алдырып салабыз. +Көп болсо эки-үч күн жатып чыгасың да. +Куру-бекер ыйлай бересиңби. +Калийпа капалана жооп катты: – Мен ага ыйлап жаткан жокмун. +Сендей адамды неге сүйүп калдым деп, ошого өзүмү өзүм жектеп жатам. +Деги сенин эмнеңи жактырып калдым экен?. +Же бир адамга кылган жакшылыгың болсочу. +Ошонуңа карабай иттен бетер ээрчип алганыма жаным кашаят. +– Кийин өкүнбөйсүң. +Жумушту бүтөлү, анан өзүм алып кетем сени. +– Жок, өкүнөрүм бышык. +Өмүр бою өкүнүп жүрүп өтөрүмү өзүм деле билип жүрөм. +Ошондо деле болбой сени ээрчип кетем го. +Кантип сенсиз жалгыз калам. +– Акырын сүйлөчү, эй! +Берээк жат. +Бая эле ушинтпейсиңби. +Жаздыкты бүт суу кылып. +Мен чүмкөнүп алдым. +Жаркын көңүлүмдү капаланткан бу сөздөрдү укпай эртерээк уктап кетсем экен деп, тумчулана жаттым. +Мезгил өткөн сайын күн катуулап ысыды. +Сорокин да тез-тез келе турган болду. +Айдоону шаштырбаса болор эмес, күн өткөн сайын жер кургап баратат. +Дагы беш күн айдай турган жер калды, үрөн сепчүлөргө да ошончо убакыт керек. +Сорокиндин айтуусу боюнча күзүндө келип тоңдурма оодарат экенбиз. +Эмки жаздан баштап көп трактор апкелип, РТС орното турган көрүнөт. +Сорокиндин жумуштарынын баары эсептелүү. +Талааны чарк айланып, жыбыт-жылгасынан бери кыдырып жүрө берет. +Бул талаанын ою менен кырын ал тим эле карап жүргөн жери жок, алакандай жерине чейин эсептеп, баалап чыккан киши. +Кышы катуу жылдары Анархайдагы малга жем-чөптү машинелеп, самолёттоп ташып жатышпайбы. +Аны тыя турган мезгил жетти дейт Сорокин. +Кантип тыяр айласын өзү билет. +Абакир экөөбүз түн ортосуна чейин жер айдадык. +Талаага түнөп, таң эрте кайрадан ишке кириштик. +Жумуштун оорлугу ошончолук, Абакир мени мазактоого да шайманы келбей калды. +Менин бар-жогумду мүлдө унутуп калгандай такыр назар салбайт. +Ошондо да түнөргөн көзүнүн тереңинде мага деген өчөштүк жини жашырынып кайнап тургандай. +Сорокин эмгек акыбызды апкелди. +Абакир акчасын кайта-кайта санап, күдүктөнө тунжурап, анан барып ведомостко кол койду. +– Ой, бу жердин чөлдүгүнө, алыстыгына – баарына төлөгөнү ушул элеби? +Биз үндөгөн жокпуз. +Мен өз милдетимди аткарып жүрө бердим. +Өз кыялым өзүм менен: кош бүтүп, тиги кырдын нары жагындагы чабандардын кошуна барар күнүмдү, аерден беш көкүл кызды таап алар күндү кыялданам. +Ошол күндөрү биз жаңы загонго түштүк. +Өзүңө жаккан иш болсо ар качан жаңысынан б��штап турган ырахат. +Мектепте окуп жүргөндө да ар качан жаңы дептердин жаңы жолунан баштап жазганды жакшы көрөр элем. +Таң эрте тура калып, жаңы кардын из түшпөгөн жеринен жаңы жол салып басканды жакшы көрөр элем. +Көктөмдө тоо боорун кыдырып, али эч кимдин көзү чалбаган жаңы кызгалдактарды тергенди жакшы көрөр элем. +Ушунун баарында жаңыга умтулткан, азгырган күч бардай. +Мына бу Анархайда да соконун тиши тилбеген дыңды бузуп, жаңы бороз салуу жаңы дептердин жаңы жолундай, жан баспаган жаңы кардагы жаңы издей, жан көрбөгөн жаңы кызгалдактай көңүл толкутту. +Коштун үстүндө соконун жылтылдаган тиштери дыңды кантип чытырата тилип баратканын карап бараткан элем. +Кара күрөң дың каш кулак жондонуп каңтарылып калып жатты. +Аңгыча четки тиштин астынан толкунда жылт көрүнүп, кайра жылт жоголгон балык сымал бирдеме күзгүдөй тишке оттой жарк чагылышып, кайра бороз астына жылт кирип кетти. +Дароо коштон секирип түшүп, ошол жерге жеттим да, калың чымдын астынан сүмбөдөй сүйрү келген сары темир сууруп чыктым. +Эмне болсо да кооз экен, кубанганыман Абакирге кыйкырдым: – Алтын! +Абакир дабышымы угуп тракторду токтотту да, секирип түштү. +– Эмне таптым дейсиң? +– Алтын! +Карачы, Абакир, алтын, алтын! +Абакир мени көздөй оболу шашпай басты да, анан аптыгып жетип келди. +Колумдагы жаркылдаган нерсени суна бердим. +– Кана? +– Ал табылганы алып, ишене бербей айланта карады да, жеңине сүрттү. +– Ушерге, эмне алтынды бирөө таштап кетти дейсиңби,– деп кошкайдыгер сүйлөп турду, бирок улам караган сайын кокустан баскан коркунучка апкаарып, үнү каргылдана берди. +– Кайдан боло койсун. +– Табылганын жонундагы быдыр арасына турган топуракты тырмактап чукуп, күчүркөнө мыйыгынан күлүмсүрөгөн болду да, мени тике карабастан, нааразы болгондой кайрып берди. +– А эгер алтын болсочу!—деп мен табылгамы жактадым. +– Карачы салмагын, сегиз жүз граммдай бар. +Он экинчи кылымда бул жерлерде моңголдор турган. +Буерге келер алдында алар Кытайды чаап, көп алтын олжолоп келишкен. +Бу деле ошол кезден калып калышы ыктымал. +Табылган чын эле алтын болуп калса деп, негедир Абакирдин көзүнчө тапканым алтын болуп калышын каалап, тарыхты ошол үчүн айттым. +Ушу каалоого азгырылып, кыялым алып учту, сөзүмүн актыгына өзүмү да, аң-таң калган Абакирди да ишендире бердим: – Жер алдында мунун канча жатканын билесиңби? +Башка металл болсо алдагачан чирип калмак, бу таза алтын болгондугунан ушу кезге чейин сакталып жатыптыр. +Анархайдын бетинде бир кездерде нечендеген көчмөн калктар жоолашып, салгылашып өткөн. +Ал кездеги хандардын кылычтарынын туткасы таза чулу алтындан жасалчу. +Мына, карачы бу да туткага окшоп турат. +Кармап көрчү, туткага ылайыктуусун! +Абакир кайра алып, кармалап көрдү, салмактап көрдү. +– Алтынбы – жокпу, аны билген кишилерге көрсөтүп анан айталы! +– деп ал табылганы чөнтөгүнө салып алды. +– Кош��ун үстүнөн түшүрүп аласың, менде болсун. +– Мейлиң,– дедим. +Салмактанган чөнтөгүн сылагылап, Абакир тракторуна жөнөдү. +Андан ары жүрдүк. +Табылгамы Алдияров агайга алпарып көрсөтсөм деп ойлоп келем. +Агайдын түзгөн музейчесинде мындай тарыхый табылгалар көп. +Муну көрүп, тарыхын узун сабак кызык кеп кылып айтып берет. +Анан чарчасам керек, табылгамы да унутуп коюпмун. +Трактордун улкуп-жулкуп жүргөнү чарчатты баарынан. +Бирде акырындап жылжып калат, бирде мотордун үнү кулакты тундуруп, тапатаңдан атырылып кетет. +Абакирдин бу жоругу таң калтырды. +Трактордон чыккан кара түтүн айдоону каптап, дем кысып, соконун астын жойлоп, коңторулган бороз менен кошо көмүлүп баратат. +Керээли кечке ушинтип иштедик. +Күн батып кетти, бирок каш карая элек. +Абакир бир нече жолу кабинадан мага кылчактады, караганы түшүнүксүз. +Бир маалда тракторду токтотту. +– Бери кел!– деди кол булгап. +Мен барып кабинага түштүм. +Абакир өң-далеттен кетип купкуу, тике карабай көздөрү жалтактайт. +Маңдайында исиркектеген терин арчып, мотордун доошун баса кыйкырды: – Кыйкыра берип чарчадым. +Барып рычагыңды бекемде да, кайра келип сен айдачы. +Негедир жаным кыйналып турат, кечки салкынга кичине басайынчы, жакшы болуп калар. +– Бар, бар,– дедим мен. +Мен кошко барып, кайра келгиче Абакир трактордон түшүп калган экен. +Кебетеси кетип, шүмүрөйө түшүптүр. +Үңкүйүп четке сүйрөлө басты. +«Чыны менен катуу ооруп калган го. +Ичи ооруп атса керек, бүрүшө түшүптүр», – деп ойлодум да, тракторду ордунан козгодум. +Трактор чирене тартып, бир калыпта жүрүп келет. +Аны жүргүзүп башкарып келаткан мен. +Бу жолу да жакшылап айдоого тырышып адатымча толкундап алдым. +Загондун этегине жетип, кайра кайрылдым. +Иңир кирип, талаа салкын тартты. +«Эми эки айлангандан кийин фарын күйгүзсөм болот»,– дедим өзүмө ичимен. +Бет алдымы түз карап барам. +Ал жактагы апай бетти боорлоп бирөө шыпылдап кетип баратты. +Кайкы белге чыкты да, токтоосуз нары түшүп, көрүнбөй кетти. +Далысын гана көрүп калдым. +Абакир экен. +Ага эмне болгон? +Кайда жүгүрүп баратат? +Бирдеме көргөн го. +Загондун орто ченине жетип, кабинадан суурулуп тура карадым. +Абакир көрүнбөдү. +Кайда житип кетти? +Ооруп турбады беле? +Кызык. +Тракторду токтотуп, моторун жайлатып койдум. +– Абаки-р! +Абаки-ир! +Ал үн катпады. +Моторду биротоло өчүрдүм да, дагы кыйкырдым: – Абаки-ир! +Кайдасың, жооп бер! +Ала күүгүм + + басып турган чыбырдын үстү тунжурап селт этпеди. +Кыйналып жатпасын? +Ичи ооруганга үч бүктөлүп, боордо ооналактап жер сүзүп жаткандай элестеди мага. +Трактордон секирип түшүп, ошо тарапка чуркадым. +Кырды ашып, нары карадым, бери карадым, жан көрүнбөйт. +Дөбөчөгө жүгүрүп чыгып карасам, те төмөнкү түздө кетип бараткан Абакирдин карааны көрүндү. +Алыс кетип калыптыр. +– Абакир! +Кайда барасың? +– деп ай талааны жаңырттым. +Абакир кылчайып койбоду, аздан соң жер соргонсуп таптакыр көрүнбөй кетти. +Дагы бир аз карап турдум да, түңүлүп кайра тарттым. +Батып кеткен күндүн солгун нурлары акырындап өчүп баратты. +Ой менен кырды бүркөө кабак ирешире басты. +Биресе таңыркап, биресе эчтемени түшүнө албай келе жаттым. +Азыр мага мобу муңайым тунжураган тынчтык да жат көрүндү. +Айлана талаа менин ар бир кадамымды аңдып, шыбыртыма кулак төшөп, ойлогон ойлорумду билип жаткандай. +Ойлогон ойлорум болсо, Абакир: илгери замандарда бу жерлерде эмнелер болуп өткөнүн айтсам, мага күлдү эле. +Анан алиги табылганы алтын деп, кылычтын алтын туткасы деп койсом акылынан адаштыбы?. +Бирок мындайлар акылынан адашпайт. +Качууга алдагачан даярданып жүргөн неме көрүнөт. +Кээде өзү да кетем деп Сорокинди, Калийпаны, кала берсе баарыбызды коркутчу эмес беле. +Биз корктук беле, сурандык беле, аны менен иши жок болчу. +Баарыбызды жек көрүп, атүгүл бир жолу мушташ чыгарганычы. +Анын үстүнө боюна бүтүп калган Калийпадан кутулгусу келди да. +Айлык акчасын аларын алды. +Акыры житип жоголмок тура. +Бүгүн гана бир күн бекер иштеп берди. +Алиги табылга алтын болуп калгысы бардыр деп, бекер иштеген бир күндүк эмгегинен кечкени тура мунусу. +Менин ойлорумду Калийпанын үнү бузду: – Абаки-ир! +Кемел! +Кайдасыңар? +Түнкү ишке деп суу апкелген экен. +– Кайда жоголуп кеткенсиңер? +– деп элеңдей алдыман чыкты. +– Эсим чыкканычы. +Күтүп турам, турам, тракторуңар турат, өзүңөр жок. +Эмне демекмин ага? +Чынын айттым: – Абакир кетип калды. +Жумушту таштап кетти. +– Эмне дейсиң. +Абакир. +эмне үчүн? +– деп мукактанды. +– Билбейм. +– Биротоло кеттиби? +– Биротоло. +Алтын тууралуу унчукпадым, Абакир үчүн өзүм уялып турдум. +– Кетип калды дечи? +– Калийпа нес боло бир аз турду да, арабадагы бидонду жулкуп алып, жерге күрс койду. +– Эмнеме суу ташып жүрөм мен? +– деп өз алдынча сүйлөндү. +Мен бидонду алып, радиаторго суу куя баштадым. +Калийпа кабинага чекесин таяп алып, буркурап ыйлап жиберди. +Шаштым кетти, эмне деп жубатарымды билбедим. +– Кайра келип калар, балким,– деп ооз учуман булдурадым. +– Аны жоктоп жаткан мен жок! +– деп кабинадан башын жулуп алып, жаш чайыган жүзүн мага бурду. +– Ишенип жүрбөдүм беле, үмүттөнүп жүрбөдүм беле! +Ишенген кишим ошо беле? +Үмүтүм ошо беле?—деп жаны кашая чырылдаганда тынып жаткан талаа тынчтыгы камчы тийгендей силкинип жиберди. +– Иштерман жигит деп жүрбөйүмбү, кара мүртөз таш боорлугу калар деп жүрбөйүмбү. +Муз жүрөгүн ак пейлим, ысык сүйүүм менен эритип алармын дебедим беле. +Эми кылганы ушубу? +Эмнесин айтайын. +Адам турмак айбан ат да башкарганыңдай басып, иштеп жүрбөйбү. +Айбандан адамдын айырмасы – жан-дили бар эмеспи. +Жан-дили болсо башканын үмүт-тилегин сезбейби, аябайбы. +Ошондо эмгегинин акыбети кайтып, үзүрү ырыс болбойбу. +Абакирчи? +Ушунун бирине да түшүнбөй кетпедиби. +Келгенде кандай болсо, ошо бойдон кете берди. +Күйгүзүп кетти го мени, күйгөнүмү ким түшүнө��!. +Мен унчуга албай өзүмчө капа болуп турдум. +Калийпага жаным ачыды. +Абакирдей немени кандайча сүйгөнүн гана түшүнбөйм. +Аттиң, Калийпаны таштап кетип, кандай асыл казынадан, ырыс-таалайынан айрылган Абакир билсе, түшүнсө. +о, анда ал кышкы бороондо ач калган ач бөрүдөй улубас беле! +Калийпа башка эчтеме дебестен арабасын айдап кетип калды. +Анархайдын айдың талаасы мемиреп уктап жатты. +Алдагайдан зыңылдап шыбак башын үркүткөн паровоз үнү угулду. +Балким ушу поездге жабышып Абакир кетип бараткандыр. +Жоголсоң жогол, наалаты, жолуң ошол! +Сенсиз Анархай куруп калбас, сенсиз көрөр күнүбүз башка, сен жок болсоң мөгдөп калар биз эмес! +Кайра аны эсиме алгым келбеди. +Жумуштун камын көрүш керек. +Көпкө убараланып жатып, тракторду араң от алдырдым. +Татыраган ачуу доошко түн үркүп ойгонгондой болду. +Кабинага түшүп, фараны жандырдым. +Эми бу жумушка жооп берчү мен. +Түндү жиреп баратып, беш көкүл кыз эсиме түштү. +Учкул кыялымдай аруу жаркыным, азыр жанымда болсо кана. +Бу жапайы Анархайга эртең гүл жайнап, ырыска шерик эл конорун жомоктоп айтып берер элем. +Жаркыным Анархай өлкөсүнүн келечегине, менин жомогума ишенмек. +ДЕЛБИРИМ Пролог ордуна Кесибим журналист болгон соң үйгө байыс албай кыргыз жергесин кыдырып жүргөнүм жүргөн. +Ошондой бир жолу Нарында жүргөн элем, Фрунзеге редакциядан чукул чакырып калышты. +Автостанцияга жетип келсем, автобус менин алдымда эле жүрүп кетиптир. +Кийинкиси беш сааттан соң жөнөйт экен. +Жол улаш бир машинеге түшүп кетиштен башка ылаажы калбады. +Жүгүрүп шаардын этегиндеги кара жолго чыктым. +Жолдун бурулушундагы бензоколонкада жүк машине туруптур. +Шофер жаңы эле май куюп бүтүп, бензобактын капкагын толгоп жаап жатыптыр. +Кубанып кеттим. +Кабинанын айнегинде Балыкчы автобазасынын белгиси бар экен. +Аерге жетсем, андан нары Фрунзеге машине байма-бай каттап турат эмеспи. +– Сиз азыр жөнөйсүзбү? +Мени Балыкчыга чейин ала кетиңизчи! +– деп өтүндүм шофердон. +Шофер кылчайып бир карап алды да, моюн толгоп кетти. +– Жок, агай, ала албайм. +– Антпесеңиз. +Фрунзеге шашылыш чакыртыптыр. +Шофер дагы бир жолу түксүйө карап койду. +– Түшүнүп атам, бирок капа болбоңуз, агай. +Жан баласын албаймын. +Таңыркап туруп калдым. +Кабинасы бош эле экен, ала кетсе эмне болмок? +– Журналист элем. +Шашып баратам. +Канча болсо төлөйүн. +– Кеп акчада эмес, агай! +– Шофер корс этти да, дөңгөлөктү бир тепти. +– Башка учурда бекер алып кетейин. +Бу жолу. +болбойт. +Капа болбоңуз. +Дагы далай машине өтөт, бирөөнө түшүп кетерсиз. +Мен алып кете албайм. +Жолдон ала кетчү бирөөсү бар го деген ой кетти. +– Кузовуна деле. +– Болбойт. +Кечирип коюңуз, агай. +Шофер саатын карады да, жөнөөгө шашты. +Айлам түгөнгөндөн кийин ийин куушуруп, бензин куюучу москоол орус катынды таңыркай тиктедим. +Ал баятан бери терезесинен бизди телмире карап отурган. +Мага башын чайкады, кантесиз, тынчын албаңыз д��генсиди. +Таң. +Шофер кабинасына отуруп, тутанбаган папиросун тиштеди да, моторун от алдырды. +Отуздар чамасындагы күржүгүй далы, узун бойлуу жигит экен. +Рулдун алкагын аткый кармаган шадылуу колдору, кабагы салаңдаган чарчаңкы көздөрү али күнгө көз алдымда турат. +Чү дээр алдында алаканы менен бетин бир сүртүп алды да, оор күрсүнүп, алдыдагы тоо боорлоп кеткен жолду олурая карап койду. +Машине жүрүп берди. +Бензин куюучу катын будкасынан чыкты. +Сыягы мени жубаткысы келди бейм: – Иренжибеңиз, азыр сиз да кетесиз,– деди. +Мен унчукпадым. +– Кусалыкка жабыркап жүрөт алиги байкуш. +Айтса, узун сөз. +Бир кезде ушул базада турчу. +Бензин куюучу катындын сөзүн аягына чейин уга албадым. +Жол улаш «Победа» чыгып калды. +Алиги жүк машинени биз Долондун этегинен араң кууп жеттик, жүк машине катуу жүрүп баратыптыр. +Тянь-Шандын жолуна канык болгон шоферлорго да мынчалык катуу жүрүш опурталдуу эле. +Катуу бараткан күүсүн басаңдатпастан боор талашкан кыя жолдун чукул бурулуштарынан шарт-шурт бурулуп, салаңдаган аска таштардын астынан күркүрөп өтүп, бирде кайкыга чыга калса, кайра көрүнбөй түшүп кетип, брезенти далбактап бортун чапкылап кайра чыга калып, машине алдыбызда баратты. +Канткен менен «Победа» жеңилдигин кылды. +Акырындап басып өтө бердик. +Өлөр-тирилерине карабай арылдаткан бу кандай неме деп мен карап өттүм. +Аңгычакты жамгыр аралаш мөндүр төгүп жиберди. +Айнекке чаба жааган жамгырдын пардасынан шофердун сустайган жүзүн көрүп өттүм. +Папиросун капшыра тиштеп, колу тыным билбей рулду аркы-терки тегеретет. +Кабинада да, кузовунда да жан адам жок. +Ошол ошо болду. +Нарындан келген соң көп өтпөй мени Ош областына жөнөтүштү. +Журналисттин жаны жай алмакпы, дамаамат ашыгып жүргөнү жүргөн. +Мен вокзалга так поезд жүрө берерде араң жетип бардым. +Ашыгып купеге кирдим. +Терезени тиктеп отурган жүргүнчүнү обол элес албапмын. +Поезд күүлөнүп жүрүп берди, тиги жүргүнчү анда да бери бурулуп отурбады. +Ошондон улам көңүлүм түштү. +Радиодон комуз чертилип жатты. +Кадимки тааныш күү. +Негедир бу күүнү укканда мен кечкурун ээн талаада жай бастырып келаткан жалгыз атчанды элестетем. +Жол алыс, ээн талаа, кыңылдап ырдап жүрүп отурса жүрөктөгү чер козголот. +Даңгыр жолдон аттын гана дүбүртү бир калыпта угулуп, ойлогон оюң, учкан кыялың бузулбайт. +Үч кыл бирден терилип, комуз күүсү бир калыпта шылдыраган мөлтүр суунун, ат дүбүртүн кайталагансыйт, адырмактын артына батып бараткан күндүн капалыгын айткансып сезим сыздатат, күүгүмдөгү салкын желаргыдай кайра көңүл сергитет. +Жалгыз атчан жүрөк сырын кыңылдап ырдап барат, күүгүмдөгү буурулданган эгин талаа, кашкайган сызма жол коштоп үн салып жаткансыйт. +Азыр поезд менен бараткан жолдон илгери жалгыз атчан жолоочулар нечен ирет өткөндүр. +Тигинтип кызарып батып бараткан күндү, талаанын бетине күүгүм түшсө да тамылжып кызарып турган тиги тоо чокуларындагы мөңгүнүн өңүн, аздан соң тамылжыган ал өң да өчөрүн, өзү болсо узак жолдо шашпай бара жатканын ырдап өткөндүр. +Терезе сыртынан жолду катар бирде дүпүйгөн бак, бирде буржуктанган жүзүмдүктөр, бирде кочкул жашыл түстөнүп күдүрөйө өскөн жүгөрү талаалары өтүп барат. +Кош ат чеккен араба туура жол менен жолго жакындап келатат. +Жаңы чабылган беде салып алыптыр. +Араба шлагбаумга такала келип токтоду. +Ийнинде оңуп кеткен жыртык майкечен, тизесинен өөдө түрүлүү шымчан, жүзү күнгө тотуккан тестиер бала поездди жалдырай тиктеп, тиштерин кашкайта жылмайып турат. +Кимдир бирөөгө кол булгап да койду. +Комуз күүсүнүн ыргагы поезддин жүрүшүнө жалгашып баратты. +Ат дүбүртүнүн ордуна поезддин дөңгөлөктөрү бир калыпта шакылдайт. +Алиги жигит терезе түбүндөгү столчого чыканактап, менден далдалагандай жаагын таянып, жанагы калыбын жазбай сыртты телмире тиктеп келатат. +Бул отурушунда ал дагы жалгыз атчан жолоочунун ырын ырдап келаткансыйт. +Өз оюна сүңгүп кирип кеткендей, жанында киши бар-жогу менен иши жок. +Бирдемеден улам капалуубу, же кыялданып отурганы + + ушундайбы, айтор өлүмсүк шамдай өңү муңайып, ичтеги кайгынын көлөкөсү жаап тургандай. +Карап отуруп, мен бүшүркөй баштадым. +Кайдан көрдүм эле? +Шадылуу колдору да негедир тааныш. +Мына ошондо эсиме келди: бу баягы мени салбай кеткен шофер эмеспи. +Ушуну менен өзүм да тынчыдым. +Дагы бир жумушу менен бараткан жандыр да деп, жолго ала чыккан китебиме үңүлдүм. +Сураштырып отурамбы. +Анын үстүнө мени эле эстеп жүрөт дейсиңби. +Жолоочу шофердун жолуктурбаган кишиси болобу. +Ошентип ар кимибиз өз оюбуз менен бир топко жүрдүк. +Сырт күүгүмдөнө баштады. +Тиги жигит бир маалда чылым чекмекчи болду. +Папирос алып чыкты да, ширеңке чагар алдында оор күрсүнүп койду. +Анан башын көтөрүп мени көрө сала таңыркай тиктеп алып, кызарып кетти. +Тааный койду. +– Саламатсызбы, агай! +– деди күнөөлүүдөй күлүмсүрөп. +Алик алып, кол бердим. +– Алыска баратасызбы? +– Алыска! +– Ал тамекинин түтүнүн жай үйлөдү да, ойлоно калып унчукту: – Памирге баратам. +– Памиргеби? +Анда жолубуз бир экен. +Мен Ошко баратам. +Отпускабы, же иш которуппу? +– Ошол өңдүү. +Чегесизби? +Экөөбүз тең түтүн буркуратып, унчугушпадык. +Сүйлөшөр сөз деле жок сыяктанды. +Жигит кайрадан оюна чөмүлүп кетти. +Башын салаңдатып, поезддин термегенине жараша термелип отурду. +Башта көргөнүмөн алдаганча өзгөрүп кеткен сыяктанат. +Жаагы шылынып азып калыптыр, маңдайына үч катар бырыш түшүптүр. +Жыйрылган кабагы жүзүнө күңүрт көлөкө түшүрүп тургансыйт. +Бир маалда жигит мени карап, күлүмсүрөй күрсүнүп койду. +– Баягыда сиз мага капа болуп калдыңыз окшойт ээ, агай? +– Качан, эсимде жок. +– Мен аны коомайланткым келбеди. +Бирок, ал мени кадала тиктеп, чын ниетинен кейигендей көрүндү. +Мен эстедим. +– А, Нарында жолуккандабы? +Эсимен да чыгып кетиптир. +Ошо да сөз бекен. +Жолдо жүргөндө эмнелер болбойт. +Сиз дагы эле эстеп жүргөн турбайсызбы. +– Башка учур болсо балким унутуп калат белем. +Бирок ал күндү унута албайм. +– Эмне болду эле? +Авария эмеспи? +– Кандай десем. +авария эмес, башка иш эле. +– деп оозуна сөз келбеди, анан күлүп калды, мага карап күчкө күлгөндөй көрүндү. +– Азыр машинечен болсом кайда алпар десеңиз да жеткирет элем. +Бирок өзүм жүргүнчү болуп баратпайымбы. +– Эчтеме эмес. +Ат баспаймын деген жерин үч басат, дагы жолугуп калгыбыз бардыр. +– Аныңыз туура. +Эми жолуксак кабинага өзүм сүйрөп киргизем. +– Анда убадалаштык, – деп мен тамашаладым. +– Убадам ушул,– деп жигиттин да көңүлү ачылды. +– Деги анда эмнеликтен албай кеттиңиз? +– Эмнеликтен дейсизби? +– деп ал кайра түнөрүңкү тартты. +Кабагы салаңдап алдын тиктеп, папиросун үстөккө-босток сорду. +Оңтойсуз суроо берип алганыма өкүндүм да, сөз жаңыртыштын амалын таппай отурдум. +Жигит папиросунун түбүн күл түшүргүчкө баса өчүрдү да, күчүркөнө тилге келди: – Ала албагам. +Уулумду ойнотмок элем. +ал мени күтүп турган. +– Уулум дейсизби? +Нечеде, уулуңуз чоңбу? +– Жок! +– Жигит күлүмсүрөй көзү жайнады. +– Тентек али, бешке жаңы чыкты. +– Ошондо ал жолдо күтүп турган беле? +– Ашуудан күтмөк. +– Кандайча? +– Мен түшүнө албадым, уулу кандайча ашууда жүрөт? +– Кандай десем. +Түшүнөсүзбү. +Мындай болгон эле. +Толкунданганын басышка ал кайрадан чылым чекти. +Анан мени тик карап, сөзгө кирди. +Өз тагдырын баяндаган шофердун аңгемесин мен ушинтип уктум. +Мурда бул окуяларын эч кимге айтпаганы көрүнүп турду. +Ичтеги сырын туш келди айта бербеген бир мүнөз жигит экенин мен ушунда билдим. +Бирок, азыр айтып отурган окуяларын жан адамга айтып бугун чыгарып албай жашырып жүрүү кыйын болмок. +Алдыда убакыт көп, поезд Ошко чейин дагы эки сутке жол жүрөт. +Андыктан мен баянчыны шаштырбадым, туурадан суроо катып сөзүн бөлбөдүм. +Баштан мурун кечирген окуясын кайрадан аралап жүргөнсүп, адам өз эрки менен эскерип отурушуна не жетсин. +Анан калса бөтөнчө окуя болуптур, кызыгып, толкундап, сөзүн бөлүп жибериштен карманып араң уктум. +Кийин журналисттик кесибимдин аркасы менен бу шофердун тагдырына байланыштуу дагы кошумча аңгемелерди уктум. +Анын баарын чогултуп, толуктап, аттарын өзгөртүп кайра иштеп чыкмакчы да болгом. +Бирок ойлоп отуруп, кандай уксам ошо бойдон калтырууну туура көрдүм. +Ушунум туура болду өңдөнөт. +Эмесе повесттин каармандарынын башынан өткөргөн окуяларын өз ооздорунан уккула. +ШОФЕРДУН БАЯНЫ .Ойдо жок иш күтпөгөн жерден башталат. +Аскерден жаңы келгем. +Моторлуу бөлүктө кызмат өтөп, шофер болуп жүргөм. +Өзүм балдар үйүндө чоңойгом. +Алыбек Жантурин деген досум менден бир жыл мурун аскерден бошонуп кетти эле, Балыкчынын автобазасында иштеп жатыптыр. +Башка барар жагым болбогон соң мен да аны издеп жөнөдүм. +Алыбек экөөбүздүн эңсегенибиз да Тянь-Шань менен Памир боло турган. +Мени жа��шы кабыл алышты. +Жатакана беришти. +Жапжаңы ЗИЛ машине беришти, майышкан бир жери жок. +Чынымды айтайын мен да машинени адамдан кем көрбөдүм. +Мотору да күчтүү. +Бир мыкты чыкканы туш келген экен, жакшы асырап жүрдүм. +Ырас, жүктү ашкере көп ала бербейбиз. +Тянь-Шандын жолу деген кандай, дүйнөдөгү бийик тоолуу автотрассалардын бири. +Тегиз жер көрбөйсүң, дамаамат капчыгай өрдөп, ашуу ашып, бел басып, аска-зоонун боорун тырмалап жүргөнүң жүргөн. +Тоо арасынын жыбыт-жылгаларынын баары эле булак-башат дечи, ошондо да дайыма жаныбызга суу ала жүрчүбүз. +Кузовдун алдыңкы бурчуна кадалган жыгачты байкаган чыгарсыз. +Ошого илинүү камерада дайыма суу боло турган. +Анткени, кыя жолдо мотор ысып кетет. +Аның болбосо радиатор эрип агып калышы мүмкүн. +Алпараткан жүгүң деле анча көп эмес, бирок жолдун тиктиги ошончолук. +Оболу мен да канткенде көбүрөөк жүк артынышка болор эле деп баш катыргам. +Бирок, калып алган жобону кантип өзгөртмөксүң. +Тоо деген тоо да. +Өз ишиме өзүм ыраазымын. +Жүргөн жерим да көңүлүмө толот. +Автобаза так Ысык-Көлдүн мизинде. +Чет элден келген туристтер көлдүн жакасында селейип туруп калышканда мен: мына, биздин Ысык-Көл ушундай! +Мындайды кайдан табасыңар! +– деп корстон болуп өтөм. +Алгачкы күндөрү тек бир нерсеге көңүлүм иренжип жүрдү. +Жаз – жарыш, колхоздор күрдөөлдүү ишине күчөнө киришкен мезгил. +Бирок, техника жетишпейт. +Ошол үчүн биздин автобазадагы машинелердин бир азын колхоздорго кол кабышка жиберип турат. +Жаңыдан алынган шоферлордун шору. +Кан жолго чыгышка даярданып калган сайын андан алып, айыл-айылга айдап жиберет. +Ырас, колхоз жумушу да маанилүү, керектүү экенине акылым жетип турат, бирок, кан жолдон калганыма ичим ачышат, анын үстүнө машинеме боорум ооруйт. +Айылдын кара жолунда кара баткакка тыгылып, өңгүл-дөңгүлдө өпкө-жүрөгүң аралаша секириктеп жүргөндө тетиктери чачылып кеткидей. +Ал жолдордун бетин кудай көрсөтпөсүн. +Ошентип, бир күнү уй сарайга деген шиферди жүктөп, бир колхозго бараткам. +Айыл тоо этегинде, ага чейин жол бөксөлөп бара берет. +Жакшы эле бараткам. +Жол тоорсуп калыптыр. +Айылга жакын калган. +Мына ошерде бир кичинекей эле арыкка тыгылып туруп калдым. +Эрте жаздан бери жолдун тамтыгын чыгарып салышкан экен, баткактуу жерине төө батса таппайсың. +Ары-бери жүткүнтө айдап көрдүм, чыгар эмес. +Кайра сормо баткак машинени ого бетер соруп барат. +Анын үстүнө, кыжырланып атып рулду катуу толгоп алган экем, дөңгөлөк бурулбай калды. +Машиненин астына сойлобосо болор эмес. +Ошентип жатам, асман-жерим адам баткыс тар болуп. +Чекемен аккан тер кулагыма сарыгат, ансайын жолду тилдейм. +Бир маалда бирөөнүн келаткан шыбырты угулду. +Машиненин астындагы мага резина өтүк гана көрүндү. +Эки өтүк келип, туруп калды. +Эмне, буер ага цирк бекен, эмнеге кызыгып туруп калды деп жиним келди. +– Өпкөдөн баскансып эмне туруп калдың, өтүп кете бербейсиңби! +– деп корс эттим машиненин астынан. +Көз кыйыгым менен өтүктөн өөдө, тизе ылдый кыкка булганган көйнөктүн этегин көрдүм. +Айылга жеткирип кой дечү кемпирлердин бири го дедим кыязымда. +– Кете бер, чоң эне! +– дедим мен. +– Менин жумушум көп али, чыдап күтө албассың. +– Мен чоң эне эмесмин,– деди анда тиги. +Үнүндө кысынгандык бар, бирок кермек какшыгы да сезилди. +– Анда кимсиң? +– дедим. +– Кызмын. +– Кызмын? +– деп өтүгүн дагы бир карап алдым да, оюнга чаптырдым. +– Сулуу кызсыңбы? +Эки өтүк тыбырап алды да, кетүүгө ыңгайлангандай четтей басты. +Ошондо мен ашыгып машиненин астынан сойлоп чыктым. +Карасам, маңдайымда тал чыбыктай буралган кыз турат. +Башында кызыл жоолук, кабагы түйүңкү. +Ийнине салынган чоң кемсел, кыязы, атасыныкы окшойт. +Үн-сөзсүз телмире тиктейт. +Өзүм бети-башыман бери баткак болуп жерде отурганымды унутуп да коюпмун. +– Ырас, сулуу дегенчелик сулуу экенсиң, – деп мен жымыйып койдум. +Кыз чынында сулуу экен. +– Туфли болсо гана! +– деп тамашаладым ордуман туруп жатып. +Кыз терс бурулду да, кылчайбастан жөнөп берди. +Бул эмнеси? +Таарынтып алдымбы? +Мен коомайлана түштүм. +Кууп жетишке жүткүнө берип, кайра аспаптарымды жыйнай салдым да, машинеге миндим. +Алды-артына күүлөнтүп, мотордун жанын чыгара бастым. +Бирок машине суурулуп чыгар эмес. +Кыз болсо алыстагандан алыстап кетип барат. +Кимге багыштаганымды өзүм билбей, баткак чачып чимирилген дөңгөлөктөргө эңиле карап кыйкырдым: – Коё бер! +Коё бер дейм! +Акселераторду житире бастым. +Машине өпкө кагып онтоп ыйлап, алдыга жылжый берди, дөңгөлөктөр тыгылган чуңкурунан баткак тиштеп суурула берди. +Бир маалда кыраңга чыга түштүм. +Ошондогу кубанганым! +Жол улай зуу койдум да, жүзүмдөгү ылайды аарчынып, чачымды сыладым. +Кызга жанаша берип, тык токтоттум, отурган ордумда сунала берип, каалганы шарт ачтым: – Отуруңуз! +– деп колумду сунуп турдум. +Кыз токтоор ою жок, кете берди. +Мына балээ! +Кежигемди кашып отуруп калдым, анан дагы кууп жеттим. +Бу жолу кечирим сурап өтүндүм: – Ачууланбаңыз. +Мен анчейин эле. +Түшүңүз эми, келиңиз! +Кыз бу жолу да жооп бербеди, кылчайбады. +Ошондо кыздын алдын торой туура токтоттум да, кабинадан ыргып түшүп, машиненин тумшугун айлана чуркап барып, каалганы ачтым, колумду албай туруп бердим. +Кыз сестене тиктеп, жакындай басты. +Ач кенедей асылган кандай неме дегендир. +Мен унчукпадым, күтүп турдум. +Мени аядыбы, же башка бир ой ойлодубу, кыз башын чайкады, унчукпастан кабинага түштү. +Жүрүп кеттик. +Сөздү кандай баштасам деп үнсүз келем. +Далай кыз менен таанышып, сүйлөшүп көргөн жан элем, бу жолу оозуман сөзүм качты. +Бул эмне болгонум? +Рулду арыбери айландырып, көз кыйыгымы таштап коём. +Бир тал чачы толгонуп алкымына түшүп + + турат. +Кемсели ийнинен жылбышып чыканагында. +Кыз өзү мага тийип албайын дегенсип боюн качырып отурат. +Көзү бет алдын суз карайт, бирок өзү жароокер өңдөнөт. +Кабагын түйөйүн десе деле болбой маңдайы жарык. +Бир маалда мени кыңая карады. +Көздөрүбүз чагылыша калды. +Кыз жылмайып койду. +Ошондо барып оозума сөз келди: – Жана машиненин жанына келип эмнеге токтоп калдыңыз? +– дедим тапкан сөзүм ушу болуп. +– Сизге жардам берейин дедим эле. +– Жардам берейин деп? +– күлүп жиберипмин. +– Чын эле жардам бердиңиз. +Сиз болбогондо каш карайганча жатмак экем ошерде. +Сиз ар дайым ушу жол менен өтөсүзбү? +– Ооба. +Уй фермада иштейм. +– Анда ырас болгон тура! +– деп мен кубанып кеттим, кайра жымсалдоого ашыктым. +– Жолуңар жакшы экен! +Айтып бүткүчө машине бир уңкулдап секирип өттү эле, кыз экөөбүздун ийиндерибиз тийише түштү. +Мен ики деп ийип, кызарып-татарып көзүмү ала качтым, кыз күлүп калды. +Аны көрүп чыдай албай мен да каткырдым. +– Мен дагы бу колхозуңарга барбайын деп кыжылдашып жүрбөйүмбү базада! +– дедим күлкү аралаш. +– Жолдон сиздей жардамчы учуратарымды кайдан билейин. +Ай, Илияс! +Илияс! +– деп өзүмдү өзүм жекирип алып, кайра айттым: – Илияс деп өзүмдү айтып атам. +– Менин атым Асел. +– деди кыз. +Айылга жакындап калдык. +Жол да оңолуп берди. +Газды басып-басып алдым. +Терезеден шамал аркырап, Аселдин бир байлам жоолугун башынан талаша желпип, чачын желбиретет. +Үн-сөзсүз бараттык. +Экөөбүздүн тең көңүлүбүз ачылды. +Мындан бир саат эле мурун дайынын билмек тургай көрөмүн деп ойлобогон жан эми минтип анда-санда чыканактарыбыз тийише катар отуруп баратсак, мындан ары аны гана ойлогуң келип, көкүрөк өрөпкүп, машинени да аркырата айдайт экенсиң. +Асел кандай ойдо баратканын ким билсин, бирок көзү жалжылдап, жүзү жаркын. +Ушинтип токтобостон, ажырашпастан чексиз бир жакка кете берсек. +Бирок айыл аралап калганбыз. +Аңгыча Асел капилет шашып калды: – Токтотуңуз, мен түшөйүн! +Мен тормоз бастым. +– Келип калдыңызбы? +Ушерде турасызбы? +– Жок,– деп кыз оңтойсуздана шашты. +– Бирок, ушерден эле түшүп калайын. +– Коюңуз! +Үйүңүздүн дал түбүнө алпарам! +– деп кыз каяша айткыча андан ары айдадым. +– Болду, мына келдик, – деди Асел акыры. +– Рахмат! +– Эчтеме эмес! +– Анан тамаша-чынга чаптырып кошуп койдум. +– Эртең жанагы жерге дагы тыгылып калсам жардамга келесизби? +Кыз кылчайып жооп бергиче болбоду, дарбазанын кичинекей каалгасы ачылды да, бирдемеге алактаган катамал аял чыга келди. +– Кокуй, Асел! +– деп балбалактады. +– Мынча кечигип кайда жүрөсүң? +– Анан күйпөлөктөй күбүрөдү. +– Бол тезирээк кийине кой, куда-кудагыйлар келип отурат. +Асел кысына түштү. +Ийниндеги кемсели шыпырылып кетти эле, аны ала коюп, апасынын артынан шылкыя басып жөнөдү. +Каалгага жете бергенде бир кылчайып жалт карады. +Аңгыча каалга да шарт жабылды. +Сыртта байлануу турган токулгалуу аттарды мен эми байкадым, тери кургабаптыр, кыязы, алыстан келген окшобойбу. +Рулга таяна моюн созсом, очок башында, самоор тегерегинде карбаластап аялдар жүрөт. +Бастырманын астында эки киши кой союп жатат. +Кудаларга даярдап жаткан сый белем. +Дендароо болгон мен эсими жыйдым да, жүгүмдү түшүрүүгө жүрүп кеттим. +Кечкурун автобазага кайтып келдим. +Машинени жууп, гаражга киргиздим. +Негедир дагы нары жак, бери жагын карагылап жүрө бердим. +Бүгүнкү окуя негедир мынчалык тынчымы кетиргенин өзүм түшүнө албайм. +Жолду катар өзүмдү өзүм урушуп келгем: «Сага эмне керек? +Кандай немесиң? +Ал сенин кимиң эле? +Колуктуң беле, же карындашың беле? +Бар болгону жолдон жолугуп, үйүнө жеткирип койгонуңбу? +Сүйүүгө эзилишип, убадалашып келгендей эмне күйүнөсүң? +Ал кыз балким сени ойлоп да койбос чыгар! +Тим эле сен деп сыздап калгансып. +Бир жолбун шофер экенсиң, сендейлер самсып жүрөт. +Ал кыздын антташып койгон жери бар окшободубу. +Сен ким экенсиң? +Кудалары келиптир, эми бир күнү үлпөт тою болот. +Анда сенин тиешең эмне? +Жаныңды куру кыйнабай кол шилтеп басып кете бер да? +Машинеңди аркыратып айдап жүрө бер!.» Бирок канчалык чымырканып кол шилтесем да Аселди унута албай койдум, балээ ушу болду. +Эми машиненин тегерегинде кыла турган иш деле калбады. +Жатаканага кетсемби? +Жаткан жайыбыз шаңдуу, көңүлдүү, кызыл бурчубуз бар. +Бирок, мен бүгүн жалгыз болгум келип турду. +Колуму желкеме жазданып, машиненин бир канатына кыйшайдым. +Тигинде машине койчу чуңкурда Жантай бирдеме кылып жүрөт. +Арабызда ушундай бир шофер бар эле. +Ал чуңкурдан мойнун созуп, мага тамаша ыргытты: – И жигит, ойлонуп калыпсың? +Ойлонгон оюңа жол болсун? +– Акча табыштын жолун ойлоп жатам! +– дедим мен кыжырлана. +Жаман көрчү элем аны. +Кесип алса кан чыкпаган сараң эле. +Анан калса башканын жакшылыгын көрө албаган ичи тар, куу каптал митаам неме. +Башкаларга окшоп жатаканага да жатпайт, бир аялдын үйүндө жүрөт. +Ошого күч күйөө болуп кирип алат имиш дешкен. +Андан таюу тартпаган неме. +Бекер оокат, даяр там. +Мен терс толгонуп кеттим. +Короодо машине жуугучтун жанында биздин балдар ызы-чуу түшүп жатышат. +Бири кабинасына чыгып алып, кезек күтүп турган беркилерге брандспойттон суу аттырып жатат. +Каткырык-күлкү базаны жаңыртат. +Суу катуу атылат, тийсе теңселте коёт. +Тиги жигитти кабинадан сүйрөп түшүүгө ыкыс бергендерди көкүрөк-жонго урдуруп, баш кийимдерин учура коюп жатат. +Өзү каткырып күлүп, бийлеп турат. +Аңгыча суу катуу тээп, асманга чачырады, күн нуруна желеленип алыс ийилип түшүп жатты. +Карасам ошоякта биздин диспетчер Кадийча туруптур. +Атылган суу анын башынан ары ашып түшүп, келин нурга бөлөнүп турат. +Кадийчаны оңой-олтоң шаштыра албайсың. +Наркын коё бербеген немеге жакындап шынаарлаш да кыйын. +Мына азыр да кебелип койбойт. +Тие албайсың, начарсың дегенсийт. +Өкчөлүү өтүкчөн бутун серпе таштап коюп, чачын түрүп турат. +Күлүп турат. +Күмүштөнгөн майда тамчылар төбөсүнөн себеленет. +Тегеректеги балдар каткыра күлүп, суу чачкан жигитти шыкактап жатышат: – Соорусун бир жууп койчу! +��� Бир чаптырып ал! +– Кадийча, сак бол! +Бирок жигит батына албай сууну ары-бери үстүнөн ашыра аттырып турду. +Анын ордунда мен болсом, башынан ылдый жаба чачат элем. +Кадийча да мага эчтеме демек эмес. +Күлүп тим болмок. +Муну мактанып айтып отурган жерим жок. +Бу келин мени башкалардан өнтөлөй жүрчү. +Мени менен сүйлөшкөндө жумшарып, назданып турат. +Тамаша айтып, чачынан сылап өтсөм жага бербей калат. +Экөөбүз ар дайым бирдемеден улам кызаңдашып, талашып айтыша кетебиз, бирок меники натуура болсо да ийигип жөнүмө көнүп берет, мага ушунусу жакчу. +Кээде киного алпарып, кайра үйүнө узатып коём. +Акыры жатаканага барчу жол деле ошол. +Диспетчерлик бөлмөсүнө мен сүзө кирип бара берем, башкаларды жолотпойт, көзөнөктөн гана сүйлөштүрөт. +Бирок азыр Кадийча менен шынаарлашар көңүлүм жок эле. +Мейли, ойной беришсин. +Кадийча чачын түрүп бүттү да: – Тамаша экөө, оюн бир. +Болду! +– деп буюра сүйлөдү. +– Койдум анда, жолдош диспетчер! +– деп тиги жигит таазим этти. +Аңгыча даяр турган балдар аны кабинадан сүйрөп кетишти. +Кадийча бизди бет алып басты. +Жантайдын машинесинин жанына келип, алда кимди издегендей болду. +Мени байкаган жок, ортодо бөлмө бөлгөн тор бар эле. +Жантай чуңкурдан мойнун созду: – Саламатсыңбы, сулуум! +– А, Жантайсыңбы. +Жантай көзү өтүп анын балтырын суктана карап калды эле, Кадийча иренжип ийнин какты. +– Көзүң тийбесиң – деп өтүгүнүн тумшугу менен тигинин ээгин кагып койду. +Башка бирөө болсо өлбөгөн төрт шыйрагы калар эле, тиги болсо перизатка өптүргөндөн бетер жалжая күлүп, чуңкуруна кирип кетти. +Берээк баса түшүп Кадийча мени көрдү. +– Ии, жатыпсың, Илияс! +– Мамыктын үстүндө эс алып. +Кадийча торго жармашып кадала карады да, акырын айтты: – Диспетчер бөлмөсүнө келип кетчи. +– Мейли. +Кадийча кетти. +Мен да туруп, жөнөмөк болдум эле Жантай чуңкурунан дагы моюн созду. +– Келишимдүү катын ээ! +– деп мага көз кысты. +– Бирок сенин теңиң эмес! +Муну уккан Жантай итиреңдеп мушташа кетеби деп ойлодум эле. +Мен өзүм мушташканды жаман көрөм. +Бирок, азыр жаным жай таппай турган чакта аянбайт болчумун. +Жантай болсо кумсарып койбоду. +– Болуптур, – деп булдурады. +– Тирүү болсок көрө жатарбыз. +Диспетчер бөлмөсүнө кирсем жан адам жок. +Бул эмнеси? +Өзү кайда житип кетти? +Мен кайра бурула берген жерде Кадийча экөөбүз төш тиреше түштүк. +Ал далысын эшикке жөлөп, кайкая турган экен. +Кирпик астынан көздөрү күйүп-жанат. +Ысык таноосу бетиме алоо болуп тийди. +Мен кармана албай жүткүнө бердим да, кайра боюмду тарттым. +Кызык, ошол саамда Аселге опосуздук кылып жаткансып кеттим. +– Эмнеге чакырдың? +– дедим иренжигендей. +Кадийча калыбын жазбай, унчукпай турду. +– Айтпайсыңбы?. +– дедим чыдамым кетип. +– Билбей турасыңбы? +– деди ал үнү ызалуу дирилдеп. +– Башка бирөөнү таап алгансың го дейм? +Бизди деги эле көзүңө илбейсиң. +Шашып калдым. +Бу мени эмнеге күнөөлөйт? +Кайдан билип ала ��ойду? +Аңгыча терезенин капкагы ачылып, Жантайдын башы көрүндү. +Көздөрү табалагандай ойноктоп, жүзүндө митаам күлкү. +– Мынаңыз, жолдош диспетчер! +– деп ал Кадийчага кагаз сунду. +Кадийча аны ачуулана жалт карап алды да, мага зааркана сүйлөдү: – Сенин жол кагазыңды артыңан бирөө алпарып берет дейсиңби! +Же киши чаптырып чакыртабызбы? +Анан мени мындай түртүп салып, столуна барды. +– Ме! +– деп сунду мага жол кагазды. +Мен алдым. +Карасам, эртең да жанагы колхозго жүк ташып барат экем. +Жүрөгүм муздай түштү: Аселдин абалы жанагы болсо, мен кайсы бетим менен барам?. +Ал болбогон күндө эмне үчүн мен эле бара беришим керек колхозго? +Мени эле кубалай беришеби колхозго? +Жаным чыгып кетти. +– Дагы колхозгобу? +Мен эмне, бок ташууга жалданыпмынбы?! +Барбайм! +– Жол кагазды столго ыргыттым. +– Бүгүн баткакка оонаганым да жетет, башкалар барсын!. +– Кыйкырба! +Нарядың бир жумага жазылган. +Керек болсо дагы узартып коёт,– деп Кадийча да ачуулана чаңырды. +Мен кайра бастай түштүм. +– Барбайм,– дедим кайталап. +Кадийча да адатынча тез жумшарды. +– Болуптур. +Чоңдор менен сүйлөшүп көрөйүн, – деп столдо жаткан жол кагазды алды. +«Барбай турган болдум,– дедим ичимен,– бирок Аселди да экинчи көрбөй турган болдум». +Муну ойлоп алып, кайра кыйнала баштадым. +Өмүр бою өкүнүп жүрүп өтөрүм кадиксиз сезилди. +Кой, барса барайын деген ой келди. +– Болуптур, келе бери! +– Жол кагазды Кадийчанын колунан жулуп алдым. +Терезеден башын + + салаңдатып турган Жантай бырс күлдү: – Айылдагы менин чоң энеме салам айта бар!. +Мен үндөбөдүм. +Тумшугун талкалай койсо болор эле!. +Эшикти шарт жаптым да, жатаканага кетип калдым. +Эртеси жолду катар издей карап бара берип көзүм тешилди. +Кайда болду экен? +Тал чыбыктай буралган кымча бел кыз каерден көрүнөр экен? +Кызыл жоолук делбирим. +Кырга чыккан ак кайыңым! +Мейли, бутуңда резинка өтүк, ийиниңде атаңын кемсели болсо, мейли. +Кандай кыз экениң өзүм көрүп турбайымбы! +Козгоп кеттиң жүрөгүмдү, делбирим, жанымдын тынчын буздуң! +Алактап жан-жагымды карап бара бердим, эч жерден көрүнбөдү. +Айылга да жеттим, көчө бойлой карап баратам. +Жок! +Мына анын короосу. +Машинени токтоттум. +Балким үйүндө болбосун? +Бирок кантип чакырам, эмне дейм? +Кайра жолугушууну тагдыр жазбаган экен да. +Жүк түшүргөн жайга бардым. +Жүктү түшүрүп жатып да, кайра кайткан жолдо жолугуп калбасын деп үмүтүм жылуу. +Кайтып келатып да жолукпады. +Жолдон фермасына кайрылдым. +Фермасы айылдан алыс кайырмада. +Бир кыздан сурадым. +Бүгүн ишке келген жок деди. +«Демек мага жол боюнан жолугуп калбас үчүн атайы чыкпай калган экен го»,– деген ойго уугуп, көңүлүм чөктү. +Автобазага ындыным өчүп кайттым. +Кийинки күнү дагы жолго чыктым. +Бара жатам. +Бүгүн кечээгидей дегдебедим. +Чынында эле мен ага ким элем? +Кудалашкан жери бар кыздын тынчын алып мага эмне жок? +Бирок ушинтип эле бир жолугуп алып жок болобузбу деген о��го ишене албайм. +Айылдарда азыркыга чейин деле кыздын макулдугун албай кудалашып берип жатпайбы. +Гезиттен канча окубадым. +Андай болгон күндө пайда эмне? +Жоо кеткен соң кылычыңды бокко чап. +Макулбу, жокпу, узатып жиберген соң кайра келер кыз жок, таш түшкөн жеринде оор, бузулган өмүр кайра калыбына келбейт. +Ушундай ойлор башымда чар көпөлөк айланып баратты. +Жаздын толуп турган кези. +Боор-боордо кызгалдак жайнап гүлдөгөн чак. +Ушу кооз гүлдөрдү бала күнүмөн жакшы көрөм. +Жылаңаяк жүгүрүп жүрүп бир кучак гүл терип, Аселге алпарып берер болсом ээ! +Бирок, кайда, ал эми учту кетти. +Аңгыча көргөн көзүмө өзүм ишене албадым. +Жолдун боюндагы бир таштын үстүндө, мурдагы күнү мен тыгылган тушта Асел отурат. +Куду бирөөнү күтүп отургандай. +Мен учуп жеттим. +Асел чоочуп кетти, карбаластап башынан жоолугун жулуп алды. +Бүгүн Аселдин кийгени татынакай көйнөк, өкчөлүү туфли. +Бараткан жолунун алысын кара да, өкчөсү бийик туфлисин көр. +Дароо машинени токтоттум, жүрөгүм лакылдап оозума тыгылды. +– Саламатсыңбы, Асел! +– Саламатсызбы! +– деди ал акырын. +Мен кабинага түшүрүүгө жардамдашайын десем ал жай толгонуп жол бойлото баса берди. +Мен да машинени жандай айдап, ал түшөр эшикти ачып койдум. +Ал жол бойлоп, мен руль кармап, ушинтип бара бердик. +Экөөбүздө тең үн жок. +Эмне дейм? +Акыры кыз суроо катты: – Кечээ фермага бардыңызбы? +– Ооба, эмнеси бар экен? +– Жөн эле. +Барбай эле койгонуңуз жөн. +– Сизди көрөйүн дегем. +Асел унчукпады. +Менин оюмда кечээги кудалыктын жайын билүү. +Сурайын десем, оозум барбайт, корком. +Оюм туура чыгып калабы деп корком. +Асел мени бурула карады. +– Ырас эле ошондойбу? +Асел башын ийкеди. +Руль колуман чыгып кетиптир. +– Той качан? +– деп сурадым. +– Жакында,– деди ал акырын гана. +Ызама чыдабай машинени кутурта айдап, көз көргөн жакка жөнөгүм келип кетти. +Бирок ылдамдыктын ордуна сцеплениени басып алган экем, машине күркүрөп коё берди эле, Асел чоочуганынан четке ыргып кетти. +Кечирим да сурабадым. +Антер чак эмес эле. +– Анда эми көрүшпөйт экенбиз да? +– Билбейм. +Көрүшпөгөнүбүз эле дурус го. +– Жок, мен баары бир. +эмне десең ошо де, мен баары бир сени издей берем! +Кайра унчугушпай калдык. +Балким экөөбүздүн тең оюбуз бир болгондур, бирок бөлөк жүрүп келаттык. +Ортобузда дубал тургансыды. +Дубалды эки жактан сыйпалап, мен ага жете албайм, ал келип кабинама түшө албайт. +– Асел! +– дедим мен аргасыздан. +– Менден качпай жүрчү. +Жолтоо болбойм. +Сизди гана алыстан көрүп жүрсөм болду мага. +Макулбу? +– Билбейм, балким. +– Түшүңүз, Асел. +– Жок. +Жөнөй бериңиз. +Айыл жакын калды. +Экөөбүз андан кийин да жолугуп жүрдүк. +Капыстан кезиккендей дал ошол жол боюнан жолугабыз. +Алиги күнкүдөй болуп, ал жол бойлоп басат, мен кабинада кыбырайм. +Ичим күйөт, арга жок. +Кудалаган күйөөсүнүн жөн-жайын сурабадым. +Оңтою келбеди, анын үстүнө, коомайландым. +Бирок кыздын сөзүнүн кыябына карасам, алыскы таякелеринен окшойт. +Тоодо токойчу көрүнөт. +Жек-жаат эки тарап илгертен бери маал-маалы менен сөөк жаңыртып келатышкан сыяктуу. +Ошол үчүн кыздын ата-энеси Аселди бөтөн бирөөгө кетет деп үч уктаса түшүнө кирбейт экен. +Андай болгон соң менин атымды атап кажаты жок тура. +Мен ким элем? +Каңгып жүргөн бир шоопур. +Өзгөнү коюп, өзүм ооз ача алмакмынбы? +Ал күндөрү Асел түнт болуп кетти. +Убайым тартып, ойго басынып жүрдү. +Менин да күдөрүм үзүлгөн. +Тагдыры чечилип калган кыз менен жолугуша берүүнүн пайдасы жок эле. +Экөөбүз тең жаш балдардан бетер ал тууралуу сүйлөшпөйбүз, бирок жолугушпай чыдай албайбыз. +Көрүшпөсөк жашай албачудай болуп кеттик. +Ошентип, беш күн өттү. +Соңку күнү мен автобазада жолго камынып жаткам. +Диспетчерге чакырып калышты. +– Кудайың берди! +– деп Кадийча жаркылдап тосуп алды. +– Сени Долондун жолуна которушту. +Селейе түшүпмүн. +Долондун кан жолунда нечен жүргөм. +Бирок, кийинки күндөрү айылга каттап калгандан бери мен мындан ары дайым ушул жолдо гана жүрчүдөй болуп алыпмын. +Долондун жолу узак жол, бир каттап келгениң бир нече күн. +Анда Аселге кантип жолуктум? +Же эскертип кетсемчи. +– Ии, иренжий түштүңбү? +– деп Кадийча байкай койду. +– Колхоздогу жумуш кантет? +– деп карбаластадым. +– Аердеги иштер али бүтө элек. +Кадийча таңыркай ийин куушурду. +– Баягы күнү барбаймын деп кыйкырган ким эле? +Ачуум келе түштү. +– Анын эмнеси бар экен? +– деп орундукка шалак отуруп, эмне кыларымды билбей шылкыйып калдым. +Жүгүрө басып Жантай келди. +Көрсө менин ордума колхозго аны жөнөтүп жатышыптыр. +Жантай моюн толгоор деп күтүп калдым. +Кара жолдо иштеп тапканың ченелүү эле болот. +Жантай ага бара койбос. +Бирок Жантай жол кагазды алып алды да: – Сен жердин түбүнө жиберсең да бара берем, Кадийча. +Азыр айылда козу бышып калбадыбы, бирин бөктөрө келсем кантет, ыя? +– деп ырсалаңдап койду. +Анан менин отурганымы көрүп купшуңдады: – Кечирип койгула, жолто болгон жокмунбу? +– Жоголчу ары! +– деп башымды көтөрбөй ызырындым. +– Өзүң эмне отурасың, Илияс? +– деди Кадийча ийинимен түртүп. +– Колхозго барышым керек, Кадийча, мени жиберчи. +– Дени-кардың сообу деги? +Наряд жок, мен кантип жиберем,– деди да жүзүмө үңүлө тиктеди. +– Эмне эле колхоз деп калгансың? +Мен үн дебедим. +Унчукпай чыктым да, гаражга бет алдым. +Жантай мазактагандай көз кысып, машинесин жаныман айдап өттү, коюп кете жаздады. +Машинемин жанында күймөлөнүп жүрүп алдым. +Ашыкпадым. +Бирок эчтеке ойлоп таппадым. +Акыры жүк салчу станцияга айдап жөнөдүм. +Кезек аз экен. +Жолдошторум чылым чегүүгө чакырса да түшпөдүм. +Көзүм жумулуу, оюм чалды-куйду. +Асел жол боюнда бекерге зарыгып күтүп турарын элестетем. +Бир күн өтөр, эки күн өтөр, үч күн. +Эмне деген ойдо калат? +Коркуп качып кетти дээр бекен? +Кезек жакындай берди. +Тигине, алдымдагы машинени жүктөп жатат. +Андан кийин кран астына мен турам. +«Кечир, Асел! +– дедим ичимен. +– Кечир, делбирим! +Айта албай кетип баратам». +Ошондо бир ой кылт этти: баятан бери жетип барып, айтып деле келбейт белем! +Жолго бир-эки саат кечигип чыксам бирдеме бүлүнүп кетеби? +Чоңдорго кийин деле айтып түшүндүрүп койбойт белем. +Түшүнүшөр да. +Түшүнбөсө урушаар. +Көп болсо сөгүш берер, же жумушунан кууп чыгар. +Баятан бери эмне ушинтпедим?. +Бартобокел, кеттим!» Кийин чегинмек болуп от алдырдым. +Бирок артым толгон машине. +Аңгыча алдымдагы машине жүгүн алып, жылжып жөнөдү. +Эмки кезек меники. +Абдырап калдым. +– Турбайсыңбы, эй, Илияс! +– деп кыйкырды кранчы. +Машинем жылжып кран астына турду. +Крандын жебеси жүгүн салаңдатып үстүмө келди. +Бүттү! +Курудум! +Жооптуу жүк менен кыя кете албайсың. +Баятан бери эмне оюма келбеди? +Кап! +Жүк жөнөткүч документтерин алып келди. +Бурулуп арткы терезеден карасам, салаңдаган чоң контейнер кузовума түшүп келатат. +Мына түшө турган болду. +Мына ушунда ач айкырык салдым: – Сактан! +Машинем контейнердин дал астынан ыргып чыкты. +Моторун өчүргөн эмесмин. +Артыман кыйкырган үндөр, ызы-чуу, сөгүнгөн сөздөр даңкан өңдүү чачырап кала берди. +Жыйылган тактайларды, үймөк-үймөк көмүрлөрдү чымын-куюн болуп аралап өттүм. +Көзүм чекирейип, рулга жабыштым. +Машине андан-мындан бир секирет. +Мындайга көнбөдүк беле. +Көп өтпөй Жантайды кууп жеттим. +Ал кабинадан башын чыгара мени көрүп алып, көзү алайды. +Жол бер десем, айбанды кара, атайылап жол бошотпойт. +Ойт берип жолдон чыктым да жээк-талаа менен айдадым. +Жантай да ылдамдады. +Озуп өтөйүн десем, катар жүрүп алды. +Ошентип, ал кашка жол менен, мен дың жээк менен жарышып барабыз. +Улам ыкшыя тиктешип, тилдешип баратабыз. +– Ой, сен кайда? +Эмнеге? +– деп кыйкырат. +Мен муштум кезейм. +Канткен менен ал жүктүү, менин машинем бош эле да, жүрө түшүп, жолго чыктым да, зымыраган бойдон узап кеттим. +Бирок Аселди таппадым. +Айылга жетип, короосунун тушуна токтодум. +Жөө жүгүрүп келгенсип энтигем. +Сыртта да, короосунда да жан көрүнбөйт. +Мамыда гана жалгыз ат байланып турат. +Эмне кылсам? +Машинени көрүп, сыртка чыгар деп, күтмөй болдум. +Капотту ачып коюп, бирдеме оңдоп жаткан таризде моторго үңүлүп, өзүм дарбазаны жал-жал карайм. +Аздан соң каалга ачылып Аселдин апасы менен эткелинен келген бир сакалдуу киши чыкты. +Кийгени эки кабат: астында баркыт чапан, үстүндө сур чепкен. +Жүзү майланышып кызылы төгүлүп турат, чайга аябай канган көрүнөт. +Ынтыга дем алып, жылан боор камчыны салаңдата кармап келет. +Аселдин апасы ал кишини колтуктап аттантты. +– Куда, биз ыраазыбыз сизге. +Биз жактан болсо кам санабаңыз,– деди Аселдин апасы. +– Боор эт менен тең кызыбыздан эмнени аяйлы. +Кудайга шүгүр, колубуз куру эмес. +– Ээ, кудагый ырыс алды ынтымак,– деди куда ээрге оңдонуп отуруп жатып. +– Кудай балдардын жанын аман кылсын. +Жыйган-тергенибиздин баары ошо балдарга деген дүнүйө эмеспи. +Өзүбүз болсо илгертен бери жек жаатпыз. +Кана эмесе, аман-эсен тургула. +Ошентип жума күнгө макулдаштык ээ? +– Ооба, ооба, жума күнү. +Кудайдын улуу күнү экен. +Жолуңар шыдыр болсун. +Кудагыйга + + салам айтып коюңуз. +«Жумасы эмне? +– деп ойлодум. +– бүгүн кайсы күн? +Шаршемби эмеспи. +Чыны менен жума күнү алып кетишмекпи?. +Ай ушу салтыңар менен кургула, качанга чейин жаштардын бактысын кыя берет!» Тиги киши тоону бет алып желе-жорто жүрүп кетти. +Ал узап кеткенче Аселдин апасы артынан карап турду. +Анан мага бурулуп, жаман көзү менен акшыя карады. +– Сен, бала, эмне эле бу тегерекке үйүр болуп алдың? +Буер сага кербен сарай эмес. +Буерге токточу болбогун. +Жөнө, өз жолуңа түш. +Уктуңбу, сага айтып атам. +Демек, байкап калган экен да. +– Машинем сынып калды! +– деп бурк эттим капоттун астына белиме чейин сүңүлө батып. +Өзүм ойлоп турам: «Жок, Аселди көрмөйүн мен эми кете койбойм». +Апасы ушинтип сүйлөнүп турду да, кирип кетти. +Мен тепкичке отуруп чылым чектим. +Алдагайдан жүгүрүп маңдайыма бир кичинекей кыз келе калды. +Машинени тегерене оромпай тээп ойноп жүрөт. +Аселге окшоп кетет. +Сиңдисиби дейм. +– Асел кетип калган! +– деп коёт улам сексеңдеп секирип жүрүп. +– Кайда? +– деп кызды кармап алдым. +– Кайда кетти эле? +– Мен кайдан билейин. +Коё бер! +– деп бошонуп алды да, тилин көрсөтүп качып кетти. +Мен капотту жаптым, кабинага отурдум. +Каякка барсам, каерден издесем? +Кайтар маал да болуп калды. +Жолдо жүрдүм кыбырап, талаага чыктым дайынсыз. +Кайра жолго түштүм. +Бир арыктын кечитинен өтүп токтодум. +Эмне кылышты билбей башым катты. +Жерге түшүп, сунала жата кеттим. +Башым маң. +Же Аселден жок, же рейстен жок. +Көзүмө эчтеме көрүнбөй, кулагыма эчтеме угулбай ың-жыңдын ичинде көзүмдү жумуп жаттым. +Ушинтип канча жатканымы билбейм, бир оокумда көзүмдү ачып, баш көтөрүп кыйшая карасам машиненин нары жагында туфличен бут турат! +Асел! +Жазбай тааныдым. +Сүйүнгөнүмөн жүрөгүм лакылдап чыкты. +Тизелей калып, андан өөдө тура албадым. +Дал баягы алгач жолуккан жер! +Дагы ошерден жолукканыбызды кара! +– Өтө бериңиз, кете бериңиз, чоң эне! +– дедим туфлиге. +– Мен чоң эне эмесмин! +– деп, Асел да тамашаны улады. +– Анда кимсиң? +– Кызмын? +– Сулуусуңбу? +– Өзүң көрүп баала! +Анан экөөбүз тең күлүп жибердик. +Мен ыргып тура жүгүрдүм. +Асел мага чуркады. +Бетме бет келип туруп калдык. +– Нагыз сулуусуң! +– дедим элжиреп. +Асел болсо шамал термелткен жаш кайыңдай буралып маңдайымда турат. +Тал чыбыктай ийилип, чолок жең көйнөкчөн, колтугунда эки китеби бар. +– Менин буерде экенимди кантип билдиң? +– Китепканадан келаткам. +Карасам жолдо сенин машинеңдин изи жатат. +– Койчу? +Мунусу мага «сүйөм» деп айткан сөзүнөн да артык эле. +Машинемдин изин кууп издегени мени ойлоп, мени жакшы көргөнү эмеспи! +– Анан жүгүрүп бери жөнөдүм. +Билбейм, негедир сен ушерде күтүп жатат го деп ойлодум! +Колунан алдым: – Отурчу, Асел, бир ойноп келели. +Ал көңүлдөнө макул болду. +Бу көргөнүм баягы Асел эмес. +Өзүмдү да тааный албай калдым. +Баардык убайым, сарсанаа уф дегендей жок болду. +Бу дүйнөдө ошо тапта экөөбүз гана, экөөбүздүн бактыбыз гана, ага күбө болуп, үстүбүздө көк асман, алдыбызда даңгыр жол болду. +Кабинаны ачып, Аселди өзүм отургуздум да, өзүм рулду алып, жөнөп бердик. +Жөн эле алдыбызда чубалып жаткан жол менен, кайда барарыбыз дайынсыз, жөнөп бердик. +Кайда баруунун биз үчүн мааниси жок эле. +Жанаша отурганыбыз, кээде көз карашыбыз тийишип, кээде колдорубуз тийишип баратканы гана жетиштүү болду. +Асел башымдагы шапкеми оңдоп кийгизди. +Бу солдат шапкеми эки жылдан бери түшүрбөй келаткам. +– Ушундайы жарашат экен,– деди да, назданып ийниме жөлөндү. +Машине ээн жолдо куштай учуп баратты. +Дүйнө чарк имерилип, баары бизди утурлай жүгүрдү. +Тал-теректер саналбай, андан чыксак ээн талаа, наркы тоолор кошо жарышты. +Беттен арылдап шамал уруп, асманда жаркыраган күн, жерде каткыра күлгөн биз, жаш шыбак менен кызгалдактын жыты аңкып абага толуп, биз көкүрөк кере жутабыз. +Эски күмбөздө отурган кулаалы ордунан чоочуп учуп, жер сыдыра жарыша салпылдады. +Ал да калып калды. +Жолдо бараткан эки атчан ойт берип четке чыгышты да, кошо чабышты. +Кыйкырып келатышты: – Ээй, токто! +– Аттарын камчыланып кыйкыра чабышты. +Алардын ким экенин мен кайдан тааныйын. +Тааныса Асел тааныгандыр. +Бир маалда алар да чаңга аралашып кала беришти. +Алдыдан бир араба жол бошотуп четке чыга берди. +Кыз-жигит экөө экен, тура калышып, ийин арта кучакташкан калыбында бизге кол булгалап калышты. +– Ырахмат! +– деп кыйкырдым мен аларга кабинадан. +Талаадагы кара жол түгөндү, дөңгөлөк астынан шыркыраган асфальтка чыктык. +Бет алдыдан мелтиреп көл көрүндү. +Машинени жолдон буруп, дың талаа менен түз эле көлгө салдым. +Шыраалжын чөптөрдү аралай чаап жээкке жеткиче шаштым. +Жетип жаркабак жээкке токтоттум. +Кыргызымдын кылымдардан берки түгөнгүс ыры болуп келаткан жарыктык Ысык-Көл жаткан экен көлбүп коюп. +Ак чалгын көк толкундар жабалактап бирин бири кубалап келип, сары кумдуу жээкке жабылат. +Күн тоону ашып баратканга ал жээктеги келбети тамылжып турат. +Көлдүн наркы бетиндеги көгүлтүр мунарыктан тоолордун карааны көрүнөт. +Төбөсүн боз чалып, булуттуу сыяктанат. +– Асел, ак кууларды карачы! +Ак куулар көлдө кеч күздө келип, кыштап кетет эмеспи. +Жазында келген ак кууларды көргөндөр да чанда бирде жолугат. +Жазда келген ак куу жакшылыкка дешет. +Кечкурун мелтиреген көл бетинен каалгып учкан ак куулардын тобу кайтып баратты. +Канаттарын жазган бойдон анда-санда бир кагып, толкуй учуп баратты. +Көлгө жабыла барып конгондо канаттарын каккыласа ак чалгынданган толкундар жыбырап тарап баратты. +Анан кайра учушту. +Кайкып түнөк булуңуна бурулуп кетишти. +Асел экөөбүз кабинадан чыкпай карап, үнсүз отурдук. +Бүтүмүбүз бүтүп калгандан бетер бир маалда ме�� айттым: – Тээтиги жээктеги шыптары көрүнгөн тамдарды карагын, ошол биздин автобаза. +Бу болсо,– деп кабинаны айландыра көрсөттүм,– бу болсо экөөбүздүн үйүбүз. +Күлүп жибердим. +Чынында алпарып киргизээр үйүм жок да. +Асел көзүмө көзүн кадай элжиреп тиктеди да, көкүрөгүмө боюн таштап, кучактап алып, ыйлап да, күлүп да жиберди. +– Жаным менин, сүйүктүүм! +Үй-жайдын мага кереги жок. +Ата-энем гана бир кезде түшүнүшүп, кечиришсе экен. +Өмүр бою кечиргис кылып сындырып кеттим аларды. +Билем го. +Бирок менин айыбым кайсы?. +Каш карайып кетти. +Асманды каптаган булут көл бетин ныгырылып басып келди. +Көл каралжын тартып, тынып турду. +Тоо башына электр ширеткич отуруп алып, тынбай иштеп жаткандай жарк-журк эте баштады. +Добул келаткансыйт. +Алиги ак куулар да бараткан узак жолунан көлгө кайрылып калганы ушундан белем. +Күн бузуларын билген тура. +Асман тарс жарылып, күн күркүрөдү. +Дем кысып аба тумчуга түшүп, анан бороондун эпкини келди да, алай-дүлөй жамгыр шатырата куюп жиберди. +Тынып турган көл чабалактай түшүп, аздан соң оор толкундар жээкке күр-шар уруна баштады. +Быйылкы жазда алгач күн күркүрөгөнү ушул эле. +Асел экөөбүздүн да алгачкы түнүбүз ушул эле. +Кабинанын үстү дыбырап, айнектеринен чууруп жаан суусу салаа-салаа. +Түнөргөн көлгө чагылган келип сайылып өчүп жатты. +Асел экөөбүз кыналыша кучакташып, шыбырашып сүйлөшүп отурдук. +Коркконунанбы, үшүгөнбү, Асел калчылдайт. +Кемселими жаап, боорума тарта бекемирээк кучактадым, ошого өзүмдү алдаганча алибеттүү болуп кеткендей сездим. +Дилимде мынчалык назик мээр бар экенин билбегем, бирөөнү коруп, боорум ушунчалык эзилерин билбегем. +«Сени эч качан, эч кимге кор кылбайм, делбирим!.» – деп кулагына шыбырайм. +Капилеттен башталган добул капилеттен токтоду. +Бирок жамгыр дале себелеп, толкуп алган көл дале тынчый албай жатты. +Ал кездеги көзгө басар мүлкүм – кичинекей радиоприемнигим бар эле. +Аны иштетип кулагын толгодум. +Бир толкундан музыка кармадым. +Азыр күнү бүгүнкүдөй эсимде, шаардагы театрдан «Чолпон» балетин алып берип жаткан экен. +Кабат-кабат тоолордун ары жагындагы музыка келип, биздин кабинага толуп чыкты. +Ошол балетте баяндалган күчтүү сүйүү сыяктуу күчтүү да, назик да музыка төгүлдү. +Зал дүркүрөп кол чаап, аткаруучулардын атын атап чакырган үндөр угулат. +Бийчи кыздардын аяк астына гүл ыргытып жатышты окшойт. +Бирок театрдагылардын толкундангандары, жан эргип кубангандары баары бир толкуган көл жээгиндеги кабинанын ичиндеги биздин толкундап, жүрөк өрөпкүп кубанганыбызга жете албады го деп ойлойм. +Ошол балет биздин сүйүүнүн баянын айткан өңдөндү. +Бактысын, махабатын издеп чыккан Чолпон деген кыздын тагдыры биздин эки жүрөктү термелтип жатты. +Менин Чолпонум жанымда кучагымда отурду. +Түн ортосу ченде Асел менин көкүрөгүмү жазданган бойдон уйкуга кетти. +Мен көпкө тынчый албадым. +Аселимдин жүзүн с��лап, күңгүрөнө оор дем алып жаткан көлдүн доошун тыңшап отурдум. +Таң эрте автобазага келдик. +Аябай эле тил уктум. +Анан болгон окуянын жөн-жайын уккан соң кечиришти. +Кийин крандын астынан мен кантип суурулуп качканымы эскеришип, жигиттер көпкө күлүп жүрүштү. +Эми Долондун кан жолуна чыктым. +Аселди кошо ала кетмей болдум. +Жолдо Алыбек Жантурин деген досум бар эле, ошонукуна киргизип кетермин деп ойлодум. +Ал Нарындын кашындагы базада туруучу. +Чек арадан алыс эмес, алардыкына мен көп кайрылам. +Аялы да жакшы киши. +Ошентип жөнөп калдык. +Эң оболу жолдогу бир дүкөндөн Аселге кийим-кечек сатып алдык. +Ал жалаң көйнөкчөн келбеди беле. +Баарынан да гүлдүү чоң шалы жоолук сатып алдык. +Жаңы келген келиндин шааниси эмеспи. +Жолдон аксакал шоферубуз Урмат аке жолукту. +Алыстан оропара келатканда эле токто деп белги берди. +Токтоп, кабинадан чыгып учураштым. +– Ассалоому алейкум, Урмат аке! +– Алейким салам, Илияс. +Куш боо бек болсун! +– деп мага куттуу болсун айтты. +– Көшөгөңөр көгөрсүн, балабакыралуу болгула! +– Рахмат! +Кайдан билдиңиз, Урмат аке? +– деп таң калдым. +– Ээ балам, жакшы кабар жерде калмакпы. +Ушу кан жолдун баш-аягы бүт сөз кылганы эле силер. +– Эхе!. +– Мурункудан бетер таң калдым. +Ошентип, жол мизинде сүйлөшүп турабыз. +Урмат аке машинеге жакындаган да жок, Асел тарапты караган да жок. +Асел эстей койгону жакшы болуптур, шалы жоолугун көзүнө түшүрө салына койду эле, мына ошондо Урмат аке ыраазы боло күлүмсүрөдү. +– А жөн билги келин экен! +– деди. +– Тилегиңе жет, балам. +Сен эми автобазадагы улуулар баарыбыздын келинибиз болосуң. +Мына эмесе, Илияс, келиндин көрүндүгүн өзүңө эле берейин, – деп мага акча сунду. +Алдым, албасам аксакал киши кейип калбайбы. +Кош айтышып жөнөп кеттик. +Асел башынан жоолугун түшүрбөйт. +Каадалуу + + үйдө көшөгөнүн артында отургансып кабинанын ичинде тааныш шоопур жолуккан сайын жоолугун көзүнөн ылдый түшүрүп жүгүнгөн ишааратын жасайт. +Анан экөөбүз ээн калганда каткырып күлөбүз. +Боюнан ылдый төгүлгөн жоолугун салынса Асел мага ого бетер сулуу көрүнөт. +– Автобазага келин болгон колуктум, ач көзүңдү, мени бир өөп койчу,– дейм. +– Кой, аксакалдар көрүп койсо уят, – дейт Асел. +Ошентет да, күлүп келип уурданып бетимен өөп калат. +Ушу жолубуз бир укмуш болду. +Автобазанын шоферлору жолуккан сайын токтотуша берди, куттуктап, жакшы тилектерин айтып жатышты. +Бирдаары жолдон кучак-кучак кылып терип келаткан гүлдөрүн беришти, бирдаары белек-бечкек камдай келатыптыр. +Дагы кимдеринин оюна келгенин билбейм, кыязы орус жолдоштордун ойлоп тапканы го, алардын айыл-кыштактарында үйлөнүү үлпөтү болгондо кыз-күйөө түшкөн унааны кооздоп алат эмеспи. +Бир маалда биздин машине түркүн-түс кызыл-тазыл ленталар, гүлдөр менен кооздолду да калды. +Машине көркүнө чыгып, алыстан эле көз жоосун ала көрүнүп баратты окшойт. +Асел экөөбүз бактыбызга жыргап жү��үп отурдук. +Мен досторума сыймыктанып бараттым. +Достун достугу башка жамандык түшкөндө билинет дешет, менимче жакшылыкта да билинет. +Алыбек Жантурин жан досум жолдон өзү жолукту. +Ал менден эки жаш улуу эле. +Быжыгырынан келген чоң баш жигит. +Өзү токтоо, салмактуу, анан мыкты шофер. +Базада кадыр-баркы чоң. +Профкомго шайлашкан. +Эмне дээр экен деп турам. +Алыбек унчукпастан машинени карап, пай-пай дегенчелик башын чайкап, анан Аселге келди, кол алышып учурашты да, куттуктоосун айтты. +– Кана, жол кагазыңды апкел,– деди. +Мен таңыркай түшүп, кагазды сундум. +Алыбек авторучкасын алды да жол кагаздын бетине бадырайта: «Үлпөт рейси, № 167!» деп жазып салса болобу. +Жүз алтымыш жети дегени – жол кагаздын номуру. +– Ой, кантесиң, бу деген документ эмеспи,– дептирмин. +– Тарыхта сакталып калсын! +– деп ал күлүп койду. +– Бухгалтерияда отургандар киши эмес дейсиңби? +Эми келе колуңду! +– деп мени бек кучактап өптү. +Экөөбүз каткыра күлдүк. +Анан машине-машинебизге баса бердик эле, Алыбек кайра токтотту. +– Каерде турмай болдуңар? +Мен эки колуму жайдым. +– Мына биздин үйүбүз! +– деп машинени көрсөттүм. +– Кабинадабы? +Балдарыңарды да ушерде багасыңарбы?. +Эмесе мындай. +Бу бекет базадагы биздин үйгө киргиле. +Мен чоңдор менен сүйлөшөм да, биз өз үйүбүзгө көчүп кетебиз. +– Ал тамың бүтө элек да? +– Алыбек Балыкчыга там салып жаткан, автобазага жакын эле жерде. +Колум бошто мен да барып жардамдашып турчумун. +– Эчтеке эмес. +Бүтөр жери аз калды. +Мындан көбүнө үмтөтпө, өзүң билесиң, азыр үй маселеси кыйын. +– Ой, ушунуңа рахмат. +Мындан артыгыңдын бизге кереги да жок. +Аселди сеникине убактылуу эле коё турайын десем, үйүңү бүт бошотуп бергениң оңой бекен. +– Эмесе ушул үйгө тургула. +Кайра кайтып келатканыңда мени ушерден күтүп тур. +Ошондо катындарыбыз менен бирге кеңешип чечебиз! +– деп Асел жакка баш ийкей көз кысып койду. +– Ырас, эми катындарыбыз менен акылдашпасак болбойт. +– Үлпөт сапарыңар куттуу болсун – деп Алыбек артыбыздан кыйкырып калды. +Укмуш ээ! +Бу сапарыбыз акыйкатта да үлпөт сапар болду. +Болгондо кандай! +Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ырас. +Ушинтип биринин артынан бири жакшылык менен бүтүп, көңүлүбүз куунак келатканда бир гана жолугушуу кичине иренжитип кетти. +Бир бурулушта алдыбыздан Жантайдын машинеси чыкты. +Ал жалгыз эмес, жанында Кадийча бар экен. +Жантай кол булгап калды. +Мен тык токтоттум. +Эки машине капталдаш токтоду. +Жантай терезеден башын чыгарды. +– Үлпөттөп жүргөнсүп мынча эмне кооздоп алгансың? +– Үлпөттүн дал өзү! +– Койчу? +– Ишенбегендей Кадийчага кылчайып койду. +– А биз сени издеп жүрбөйлүбү,– деп оозунан бу сөз чыгып кетти. +Кадийча отурган калыбында бозоруп, дел болуп кыймылдабады. +– Саламатсыңбы, Кадийча, – деп мен учураштым. +Ал араң башын ийкеди. +– Жаныңдагы колуктуң тура анда? +– деди Жантай эми эсине келгенсип. +– Жок, аялым,– де�� мен Аселди ийинден кучактадым. +– Баракелде! +– Же кубанарын, же не кыларын билбей Жантайдын көздөрү бакырайды. +– Андай болсо куттуктайм, чын жүрөктөн куттуктайм. +– Рахмат! +Жантай арамза жылмайды. +– Эпчилсиң ээ! +Калыңсыз ала качтыңбы? +– Акмаксың да! +– деп жибердим машинени козгой берип. +– Айда машинеңди! +Ушундай оңбогон немелер болот. +Өзүнүн ит терисин өз башына каптаса болор эле. +Баратып кабинадан баш чыгарып кылчайсам Жантай машиненин жанында жаагын укалап Кадийчага бирдеме деп урушуп, муштумун кезеп жатыптыр. +Кадийча болсо жолдон чыгып талаалап чуркап баратат. +Дагы чуркай түштү да, жүзтөмөнүнөн кулап, эки колу менен башын мыкчып жатып калды. +Экөөнүн ортосунда эмне болгонун билбейм, бирок негедир Кадийчаны аяп кеттим, өзүмдө бир күнөө бардай сездим. +Аселге эчтеме дебедим. +Куунак көңүлүн бузгум келбеди. +Бир жумадан кийин Асел экөөбүз бекет базадагы Алыбектин үйүнө келип кирдик. +Чакан үй, оозгу бөлмөсү, анан дагы эки бөлмө. +Мындай үйлөр аерде бир топ бар. +Үй-бүлөлүү шоферлор, май куяр пункттун жумушчулары турат. +Бирок жакшы конуш, жол жээги, Нарын да алыс эмес. +Канткен менен областтын борбору да, киного, дүкөнгө барып турганга оңтой. +Ооруканасы бар. +Дагы бир жакшы жери, бу бекет база кан жолдун ортосу, рейстин көпчүлүгү Балыкчы менен Атбашынын ортосу. +Жолдо чарчасаң үйгө түнөп өтсө да болот, кадыресе эс алып каласың. +Аселди күн сайын көрүп өтөм. +Жолдо бир жерде кармалып калсам да, түн жарымы болсун, үйгө жетем. +Мен келмейинче Асел да уктабайт, чыдамы тайып күтүп отура берет. +Үйүбүзгө көр-жер ала баштадык. +Иши кылып жашоо турмушубуз өз жолуна түшүп баратты. +Кеңешип отуруп, Асел да иштемей болду. +Өзү иштейм деп болбойт. +Айылда өскөн кыз, иштеп көнгөн, үйдө отура берип бук болбойбу. +Бирок аңгыча кубанычыбызга боюна бүтүп, отуруп калды. +.Асел төрөгөн күнү мен Атбашыдан рейстен кайтып келаткам. +Токтоно албай шашып келаткам. +Асел Нарындагы төрөт үйдө болчу. +Келсем – уул төрөптүр! +Албетте, үстүнө киргизбей коюшту. +Машинеге миндим да тоо аралата бир куудум дейсиң. +Кыштын күнү эле. +Айланам кар, аска-зоо. +Көзүм алачакмактап, өзүмө өзүм ээ боло албайм. +Долондун белине чыктым. +Бийик эмеспи, булут бут астында калат. +Машинеден ыргып түштүм да, абадан кере жутуп, бүт дүйнөгө айгай салдым: – Э-эй, тоолор! +Мен уулдуу болдум! +Тоолор бир силкинип алгандай болду назарымда. +Алар менин сөзүмдү кайталап, жаңырык капчыгайдан капчыгайга тарады. +Уулубуздун атын Самат койдук. +Мен койдум. +Эки сөзүбүздүн бири Самат: Самат түрпүлөндү, Самат күлүп калды, Самат тиш жарды. +Туңгучун көргөн жаш жубайлардын баары эле ушундай го дейм?. +Ынтымакта катуу турдук, бири-бирибизди эт-жүрөгүбүздөн эзилишип жакшы көрөбүз. +Менин шорум кийин кайнады. +Бу балээ кайдан жабышканын азыр да ажырата биле албай башым маң. +Баары астын-үстүн болду да калды. +Ырас, азыр көп эле нерсесин түшүн��үм го, бирок түштөн кийин түшүнгөндөн не пайда. +Бу киши менен кокусунан жолдон жолуктук да, кайра дагы нечен ирет жолугушарыбызды ал да, мен да билбестен ажырашып кете бердик. +Бирок анын кыпындай да күнөөсү жок. +Кеч күз эле. +Мен жолго чыккам. +Күн түнөрүп турган. +Биресе кар жааса, биресе жамгыр жаап, анан кайра шыбыргактап турган. +Боор-боорго жабышып жылган сасык туман. +Машиненин айнеги тердеп, жолду катар шыпыргычын шыпыртып жүрүп отурдум. +Тоо аралап, Долондун түбүнө жеткидей болуп калгам. +Э, Долондун кай жоругун айтасың. +Теңир-Тоонун ашуу бербес алпы го! +Дамаамат жүргөн биздин жолдун эң кыйыны ушул. +Кыялаган жол жыландай ийрелеңдеп туу жонго чыгат да, ийрелеңдеп кайра түнөргөн түпкүргө түшөт. +Долонго тагдырым танапташ. +Кыя жол менен булут тепсетип, жер тиштеп, моторду улуп-уңшуп ыйлатып жүрүп отурасың. +Бирде чалкалап асман тиктеп айдасаң, бирде рулду баса жыгылып ылдый кулайсың. +Ашуунун белиндеги күндүн кыялы куду кирген бууранын кыялындай: жайбы, кышпы, Долонго баары бир, көз ачып-жумгуча же мөндүр сабап кетет, же кыяндап өткүн өтөт, же борошолоп ак бороон буюктурат. +Биздин Долон ушундай!. +Бирок биз, теңир тоолуктар көнүп калганбыз, керек болсо түндөп деле ашып кете беребиз. +Кыйынчылыгы менен опурталдарын мен азыр эстеп отурбайымбы, иштеп жүргөн ал кезде ойлонууга чоло жок. +Долонго жакын бир капчыгайдан жүк машинени кууп жеттим. +Азыр да эсимде, ГАЗ-51 болчу. +Мен кууп жетпедим, өзү токтоп туруптур. +Эки киши моторду чукулап турат. +Бири шашпай жолдун ортосуна чыкты да, кол көтөрдү. +Мен токтодум. +Төбөсү чүмкөмө суу болгон плащчан алиги киши кашыма келди. +Жашы кыркты чамалап калган. +Кыскарта алган буурул мурутчан, жүзү тунжураңкы, көз карашы токтоо. +– Жол участогуна жеткирип койчу, жигит,– деди мага. +– Трактор апкелбесе мотор от албай койду. +– Түшкүлө, ала барайын. +А балким бир айласы табылбасын? +– деп мен кабинадан түштүм. +– Айласы болсо эмгиче табат элек го, – деди шофер капотту жаап. +Байкуш неме көк тумшук болуп үшүптүр, калч-калч этет бүрүшүп. +Айлана-тегерегиндеги тоолорду сүрдөнө карайт, кыязы жергиликтүү эмес, ичкери борбордон келген шофер окшойт. +Жол участогуна Фрунзеден бирдеме жүк апкелатышкан көрүнөт. +Эмне кылса болот? +Бир тентек ой келди. +Оболу ашуунун белин бир карап алдым. +Асман түнөрүп, булуттар төмөн салаңдай каалгып калыптыр. +Ага карабай тобокел дедим ичимен. +Укмуш амал ойлоп тапкан мен жок, бирок чабуулга кирчү жоокердей болуп өрөпкүп кеттим. +– Тормозуң жайындабы? +– сурадым шофердон. +– Кызык. +Тормозу жок да жол жүрчү беле. +Мотор иттенип жатат дебедимби. +– Тросуң барбы? +– Бар, эмне экен? +– Апкел бери. +Мага чиркел. +Экөө тең мени алая карап, орундарынан жылбайт. +– Дени-кардың сообу сенин? +– деди шофер. +Ушундай мүнөзүм бар. +Жакшы-жаман экенин билбейм, бирок башыма бир ой кирсе өлсөм да аткарам. +– Айткандан кийин чиркелсеңч��, дос! +Мына шоопурлук сөзүм, сүйрөп жеткирем. +Бирок шофер колун силкип салды. +– Койсоңчу болбогон сөздү. +Ушул жолдо да чиркелишип жүрчү беле. +Ошону билбейсиңби. +Жолуң болсун. +Жалдырап сураганымы бербей умсунтуп койгондон бетер ызама буулуп кеттим. +– Эй, көлөкөсүнөн корккон макоо эшек. +Жол мастерин чакырдым. +Анын жол мастери экенин кийин билдим. +Ал мени карап турду да, тиги шоферго айтты: – Апкел тросуңду. +Тигинин эси чыгып кетти: – Байтемир аке, өзүңүз жооп бересиз. +– Баарыбыз тең жооп беребиз! +– + + деп ал кесе айтты. +Мунусу мага жагып калды. +Мындай кишини бат эле сыйлап каласың. +Ошентип чиркелишип жөнөп калдык. +Оболу жакшы бараттык. +Бирок, тик боорду кыялай бергенде мотор ыйлай баштады. +Мен ого бетер өчөштүм, ыйла-ыйлаба сага сүйрөтүп чыгам дедим. +Кыя жол канчалык кыйын болбосун баары бир машинеде артык күч каларын мурда жалгыз өтүп жүргөндө көп байкачумун. +Жүктү бизге чактап артчу. +Азыр аны ойлоп отурганым жок. +Эрегишке түшкөнсүп, бүткөн боюмду долу күч бийлеп алды. +Эмне болсо да айтканымы аткаруу, тигилерге жардам көрсөтүп, машинесин жетер жерине жеткирип таштайын дегенден башка ой жок. +Бирок аным оңойго турбады. +Машинем ычкынып, калч-калч этип араң барат. +Айнекке жабышкак кир суу жабышып, шыпыргыч тазалап үлгүрө албайт. +Кайдан-жайдан келген калың булут дөңгөлөккө оролуп, будаат болуп алдыман сойлоп өтүп жатат. +Бурулуштар чукул тартып, тикелене берди. +Бу түйшүктү өз башыма кайдан тилеп алдым эле деп, ичимен кайра өзүмө ачууланам, бу кишилерди майып кылып албасам экен дейм. +Машинеден мурун өзүм кыйналдым. +Шапке, купайке, кемсел, свитер дебей үстүмдөгү кийимимди сыйрып салдым. +Жалаң көйнөкчөн айдап баратам, мончодо отургандан бетер жонуман буу чыгат. +Машиненин өз салмагы оор, тик жолдо сүйрөгөнү бу болсо оңой бекен. +Байтемир жанымда бут тепкичте туруп келатканы караан болду. +Улам жол көрсөтүп, кеңеш берип, мага үн салат, артымдагы шоферго кол жаңсагылайт. +Тик кыялап жөнөгөнүбүздө бир жерден коркуп секирип түшүп кетер бекен дедим эле, былк этпеди. +Кабинага жармашып, учар бүркүтчө окторулуп келет. +Жүзүн карасам таштан чегип койгонсуп токтоо, жаак ылдый, муруту ылдый суу шорголойт. +Аны көрүп мен кубат алып келатам. +Алдыбызда дагы бир көтөрүлөр өр калды эле, аны ашсак жеткенибиз. +Аңгыча Байтемир айнекке эңкейе калды: – Абайла, алдыда машина келатат! +Оңго сал! +Жолдун оң тарабын кылаалай салдым. +Жогортон Жантайдын машинеси түшүп келаткан экен. +Жол жүрүү коопсуздугу боюнча инженерибиз бар, болду-болбоду Жантай ага жеткирип барат деп, денем дүркүрөй түштү. +Ал жакын кирип келди. +Эки колдоп рулду өбөктөп, көзүнүн төбөсү менен жолду акшыя тиктеп келаткан экен. +Жөөлөшчүдөй болуп жакын өттүк. +Түлкү тумак Жантай жалт бир карап алып, жактырбай башын чайкап кетти. +«Мейли», – дедим ичимен,– тилиң кычышса айта бер». +Белге чыктык. +Эми тик ылдый кую��уп түшүп, анан, тегиздей бир аз жүргөн соң жол участогуна бурулабыз. +Акыры жеткирдим. +Моторду өчүрүп салсам да эчтеме укпайм. +Менин кулагым тунбай эле табият өзү дүлөй болуп калгансыды. +Зың деген үн угулбайт. +Кабинадан сүйрөлүп түшүп, тепкичке отурдум. +Тоо башында аба суук, демим кыстыгып баратат. +Байтемир жүгүрүп келип купайкеми жапты, шапкеми кийгизди. +Өң алеттен кеткен тиги шофер да сүйрөлө басып жаныма келди. +Унчукпайт. +Маңдайыма жүйүр отуруп, мага сигарет сунду. +Алсам, колум калтырайт. +Баарыбыз чылым чегип, кичине эсибизди жыйдык. +Жанагы долу жиним дагы ойгонду белем, бир маалда: – Ха! +Көрдүңбү! +– деп тиги шоферду ийинге бир салсам ал байкуш очорулуп отуруп калса болобу. +Анан, үчөөбүз тең тура калып бири бирибизди муштагылап, түрткүлөп, кутуруп кеттик. +Кубангандан бирдемелерди айкырып жаттык. +Кичине дем алып, дагы чылым чектик. +Мен кийинип, саатымы карасам, кеч болуп калыптыр. +– Кой, мен кеттим! +– дедим. +Байтемир кабагын чытыды. +– Жарабайт. +Үйгө кирип, мейман бол. +Мен болсо, убактымын баарын коротуп алыпмын. +– Ыракмат! +Айла жок. +Үйгө бир кайрылып өтпөсөм, чырымтал баласы менен аялым күтүп отурат. +– Калсаңчы. +Шайтан мойнун сындыралы,– деп тиги жаңы тааныш шоферум да кыйылат. +– Кой,– деди Байтемир аны тыйып. +– Аялы күтүп отурса, болбойт. +Атың ким? +– Илияс. +– Бара кой, Илияс! +Бир ажат ачтың, ыракмат. +Байтемир машинемин тепкичине туруп алып, чоң жолго чейин узатып келди да, унчукпастан колуму кысып, секирип түшүп калды. +Коого кирип баратып, кабинадан баш бага бир кылчайсам, Байтемир тумагын колуна мыкчый кармаган калыбында башын шылкыйтып жанагы калган ордунда дагы эле туруптур. +Бар болгону ушу болду. +Бирок мага тегин өтпөдү. +Суукка катуу урунган экем. +Үйгө жетип да элес албадым. +Болгон ишти ийне-жибине чейин саймедиретип Аселге айта берчү эмесмин. +Жолдо бирөөлөргө жардам берем деп кармалып калдым дедим да койдум. +Бирок Аселден сыр катпайм. +Бүгүнкү окуяны толук айтпаганым, ансыз да мени зарыгып күтүп, санааркап отурган неменин тынчын албайын дегеним. +Өзүм да экинчи мындай айбанчылыкка барбас болуп отургам. +Бир жолу Долон менен эрегишип көрдүм, жетишет. +Эгер ооруп жатып калбаганымда, балким, ал кылганымды эртеси эле унутуп калмакмын. +Тамакты ичип-ичпей куладым. +Жөөлүп жаттым окшойт, билбейм, айтор машине сүйрөп Долондун боорунда жан талашып келатканым уйку-соонун арасында көзүмө көрүнө берди. +Башым айланып, жер көчөт. +Ысык борошо бетими алоо чапкандай күйгүзөт. +Дем алар аба жок тумчугуп барам. +Колумдагы руль камырдан жасалгансып бурайын десем, былжырап колума жабышат. +Бет алдыдагы ашуунун жетер чеги көрүнбөйт, асманга барып такалып турат. +Машинемин тумшугу тик асманды карап мотор ыйлайт, бир маалда төмөн карай учуп кетем. +Бу, көрсө, оорунун ашуусу белем. +Үч күндөн кийин араң эсиме келдим, акырындап оңоло баштадым. +Дагы эки күн ж��ткан соң көңүлүм сергип, турмакчы болдум. +Бирок, Асел тургузбай койду, кайра жаткызды. +Баам салып карасам, байкушум, мен оорубай эле ал ооругандай. +Баягы Асел жок, азып кетиптир, көзүнүн асты көк шишимик тартып, араң эле кыбырап жүрөт. +Кой, дедим, минтип жата бергеним болбойт. +Асел эс алсын. +Төшөктөн туруп, кийине баштадым. +– Асел! +– дедим акырын, уулубуз уктап жаткан,– Саматты коңшуларга таштай тур, экөөбүз киного барып келели. +Ал керебеттин жанына жүгүрүп келип, мени жаздыкка жыкты да, алгач көрүп тургансып алая карады. +Ыйлабайын десе да кирпиги нымдалышып, эриндери кемшеңдеп кетти. +Анан көкүрөгүмө бетин баскан бойдон солуктап ыйлап жиберди. +– Ой, эмне болду, Асел? +Сен эмне?. +– деп мен шашып калдым. +– Кичине тумоолоп калыпмын, анын эмнеси бар. +Кайра сенин кашыңда болуп, Самат менен кумардан чыга ойноп албадымбы. +– Уулубуз эмгектеп жүргөн, кичине таканчыктайын деген аракети бер. +Деги кылыгы кызык кези. +– Билесиңби, мен дагы ушинтип ооруп жата турсамбы дейм. +– Койчу суук сөзүңдү! +Ооруба! +– деп Асел жаш аралаш жемелемиш болду. +Байкушум, мен ооруп жатканда аябай эси чыккан тура. +Ал ортодо уулум ойгонуп калды. +Асел аны жылуу бойдон койнума апкелип салды. +Үчөөбүз керебетте жатып алып, оюнга кирдик. +Самат жөрмөлөп бир мени, бир апасын тепсеп аймалайт. +Куду мамалактын өзү. +Э, ал бир майрам болду да! +– Мына, көрдүңбү, мындан артык ырахат барбы! +– дейм. +– А сен жатпа дейсиң. +Жакында ата-энеңе барабыз, кечирбей кантип коюшат. +Саматыбызды көргөндө эле элжиреп кетишпейби. +Ырас, аз айып, көп күнөөбүздү моюнга алып, бир баруу ойдо жүргөн. +Кайын журтум кызына топурак түйүп бергидей таарынычта. +Атүгүл, Нарынга каттаган бир кишиден айттырып жиберишиптир, көзүбүзгө көрүнбөсүн, өлсөк да келбесин деп. +Ошентип, бизди көрөйүн деген көздөрү жок. +Бирок, барып алдыларына жыгылсак, күнөөбүздү кечирер деген үмүт бар. +Ал үчүн отпуск алып, жол камын көрүш керек. +Куру кол бармак белек, кемпир-чалга кийим-кече алыш керек. +Ошентип, жүргөнчөктү кыш түшүп калды. +ТеңирТоонун кышы катуу, кар боройлоп, ак бороону көз ачырбай жүдөтөт. +Шоферлордун түйшүгү арбыйт, жолчулардыкы андан бетер. +Алардын күндө алышканы көчкү. +Көчкү жүрөр шектүү жерлерден озунуп көчкү жүргүзүп, жолду тазалап турушат. +Ырас, ал жылкы кыш анчалык катаал болбоду. +Же шоферлуктун машакаты менен жүрүп мен анча баа бербей калгандырмын. +Иши кылып, автобазага кошумча тапшырма жүктөлдү. +Чынын айтканда аны чыгарган шоферлор өздөрү, озунуп чыккан мен. +Аныма азыр да өкүнбөймүн. +Туура эле болчу. +Бирок балээнин баары ошондон башталды. +Ал мындай болду. +Бир күнү кечкурун автобазага кайтып келаткам. +Алыбек Жантуриндин аялына алпарып бер деп, Асел мага бир түйүнчөк берген. +Жолдон кайрылдым. +Алыбектин аялы чыкты. +Түйүнчөктү берип жатып: – Алыбек кайда? +– деп сурадым. +– Кайда болмок эле. +Жүк түшүрчү станцияда. +Элдин баары ошерде имиш. +Эшелондор келип калыптыр дейт. +Мен да ошоякка чу койдум. +Эмне болуп жатканын билгим келди. +Станция капчыгайдан көлгө чыга бериште. +Темир жолдун түгөнгөн жери. +Түн кирип калган. +Капчыгайдан чыккан шамал улам күч алып, карагай башындагы фонарлардын жанын койбой, жер бетинде кар тозоңун ызылдата кубалап жатты. +Вагон сорттогон паровоздор аркы-терки жүрүп турат. +Четки жолдо жебесин соймоңдоткон кран платформадан жүк түшүрүп жатат. +Тунуке каптап, зым менен чырмалган ящиктер – мунун баары Атбашы ГЭСинин курулушуна. +Чоң курулуштун жүгү да көп болот. +Чогулган машине көп, бирок, жүк жүктөгөн бирөө жок. +Баары бирдеме күткөндөй. +Шоферлор бири кабинасында, бири тепкичинде, бири ящиктерге жөлөнүп, ар кимиси ар жерде. +Менин саламымы жарытып эч ким деле алик алган жок. +Тунжурап чылым буркуратышат. +Четте Алыбек туруптур. +Ага бардым. +– Буерде эмне болуп жатыры? +Телеграмма келди дейби? +– Ооба. +Станцияны мөөнөтүнөн мурда коё беребиз дешет. +– Коё берсе коё беришет да. +– Кептин баары бизде болуп турат. +Карачы, темир жолду бойлото канча жүк түшүрүп салышты. +Дагы келет. +Мунун баарын качан ташып бүтөбүз? +Тыяктагылар болсо, бизге ишенип, күтүп отурушат. +Алар үчүн ар бир күн кымбат!. +– Аны мага эмне айтасың? +Менин тиешем кайсы? +– Тиешем кайсы дегениң кандай? +Сен эмне, башка мамлекеттин кишисисиңби? +Же мойнубузга түшкөн милдеттин маанисин билбей турасыңбы? +– Сен соо эмессиң го! +– дедим да четке басып кеттим. +Ушул учурда автобазанын начальниги Аманжолов келип калды. +Чылымын бир шофердон тамызып алды да, элди тегерете карады. +– Ахыбал ушундай, жолдоштор,– деди ал. +– Министерство менен сүйлөшүп көрөм, балким, жардам берер. +Бирок, ишенип отура бергенде болбойт. +Эмне кылышты билбей менин да башым катып турат. +– Мындай учурда бирдеме ойлоп таба коюш да кыйын, жолдош Аманжолов, – деген үн чыкты. +– Жүктөр көлөмдүү экен, кузовго эки-үчү гана батат. +Күндүр-түндүр ташысак да жазга чейин бүтпөйт. +– Кептин баары ошондо болуп жатат, – деди Аманжолов, – бирок, ташып бүтүрүш зарыл. +Бүгүнчө үй-үйүңөргө тарагыла да кабыргаңар менен кеңешип келгиле. +Ошентти да ал «газигине» түшүп, жөнөп кетти. +Бирок, шоферлордун бири да ордунан козголбоду. +Караңгы бурч жактан бирөө күркүрөгөн үнү менен кыжынып калды өзүнчө: – Болбогон сөз! +Ала койдун териси алты адамга тон чыкпайт. +Башынан ойлонуш керек болчу! +– деди да чылымын өчүрүп, машинесине басып кетти. +Аны башка бирөө колдоду. +Качан болсо ушу,– деди ал,– жан алкымга келгенде биз керекпиз, айланайын шоопурлар, куткарбасаңар болбой калды деп жалынып-жалбарып турушат. +Башкалар аны төө бастыга алды: – Айтсаң ойлоп айт, Ысмайыл, болбосо, кыпчылба! +Мен талашка кошулбадым. +Бир маалда баягы ашуудан машине сүйрөп чыкканым эске кылт этти. +Адатымча чыдай албай кеттим. +– Баш катыргандай эмнеси бар! +– деп ортого кыйкырып чык��ым. +– Прицеп чиркеш керек! +Эч ким былк этпеди. +Кээ бирөөлөр көз кыйыгын салып да койбоду. +Акмактын оюна эмне кирбейт дегендей кылышты. +– Баракелде! +– деп Жантай ышкырып койду. +Аны үнүнөн тааныдым. +Эки жагымды элеңдеп карап турам, болгон окуяны айтып берейин деп турам. +Эңгезердей бирөө ящиктен түштү да колкабын кашындагы жигитке кармата коюп, мага келди. +Жакаман уучтай кармап, тумшук тийиштире тартты: – Ах дечи! +– Ах-х! +– дедим бетине үйлөп. +– Сопсоо! +– деп таң калды ал жакамды коё берип. +– Анда, акмак! +– деди жолдошу. +Анан, экөө машиналарына барып минди да, айдап кетишти. +Өмүрүмдө мындай шылдың болгон эмесмин. +Өлбөгөн төрт шыйрагым турду ошерде. +– Коё турсаңар! +Кетпегиле! +– деп шоферлордун арасында чебелектедим. +– Чын айтам. +Прицеп алса болот. +Шоферлордун арасында бир улгайганыбыз бар эле, ошол киши жаныма капалана басып келди: – Мен ушу жолдордо машине айдап жүргөн кезде сен нанды «нана», этти «быпый» деп жүрчүсүң балам. +Тянь-Шань сага бий бийлөөчү аянт эмес. +Элге мазак болбосоңчу. +Эл күлүп өз машиналарына тарай баштады. +Ошондо мен чыдай албай станцияны башыма көтөрө кыйкырдым: – Шофер эмей эле силер катын экенсиңер! +Өз башыма дагы балээ тилеп алдым. +Тарап бараткандар токтой калды да кайра баары жапырт мага атырылды. +– Сен акмак! +Башкалардын өмүрү сага оюнчукпу, ыя?! +– Новатор имиш! +Өзгөчөлөнүп сыйлык алгың барбы?! +– деп Жантай ого бетер көкүтүп жүрөт. +Баары чуру-чуу түшүп, мени ящиктерге матап келишти. +Тытып кетеби деп, жерден тактай ала койдум. +– Эй, тургула мындай! +– деп бирөө катуу ышкырды да элди жиреп кирип келди. +Алыбек экен. +– Тынч! +– деп барк этти. +– Айт, Илияс, жөндөп айт! +Тез айт! +– Айта турган эмнеси бар! +– деп мен энтигип турдум. +Топчумун баарын үзүп салышыптыр. +– Ашууга өзүм машине чиркеп алып чыккам, жол участогуна. +Жүгүм менен жүктүү машинени сүйрөп чыккам. +Айтса, ушул. +Шоферлор ишене албай турду. +– Анан, сүйрөп чыктыңбы? +– Ооба. +Долондон ашырып, жолчуларга жеткиргем. +– Ой ит оой! +– бирөө таңданды. +– Жанын жейт! +– деди башка бирөө. +– Жанын жебесе, мына, Жантай айтсын. +Өзү көргөн. +Эй, Жантай, кайдасың? +Айтчы! +Эсиңдеби, кыя жолдо жолукпадык беле?. +Бирок, Жантайдан дайын жок. +Жер жутуп кеткендей. +Аны кудай алсын. +Көпчүлүк дуулдай баштады. +Мени жактагандар да чыкты. +Бирок, ортодон бирөө баарын айнытты да койду. +– Курулай былжырап эмне, – деп жактырбай түнөрө сүйлөдү ал. +– Бирөө бир жолу өткөн экен, болсо болор. +Эмнелер болбойт. +Биз бала эмеспиз. +Биздин жолдо прицеп тартып жүрүүгө тыюу салынган. +Эч ким уруксат бере албайт. +Коопсуздук инженерине айтып көрчү ушу сөзүңдү, эмнесин көрсөтөр экен. +Силердин айыңардан ал суракка түшө албайт. +сөз бүттүбү? +Анда ошол! +– Сен законуңу коё турчу! +– деп башка бирөө чыкты. +– Уруксат бере албайт дегениң кандай? +Мына, Иван Степановичтин көзү турат, отузунчу жылдары полуторка менен ошол ашууну биринчи ашкан. +Анда буга да эч ким уруксат берген эмес. +Өзү кеткен. +Мына өзү эле айтсын. +– Андай болгон, – деди Иван Степанович. +– Бирок, шегим бар бул ишиңерге. +Долондон жайында прицеп сүйрөп ашуу опурталдуу, азыр болсо кыштын кыраан кези. +Баятан бери унчукпай турган Алыбек сүйлөдү: – Талашты койгула. +Мурда болбогон иш, бирок ойлонуп көрүү керек. +Илияс, сен да алабармансың. +Сага окшоп эле келе прицеп, жөнөдүм деген жарабайт. +Баарын таразалап, ойлонуп, кеңешип, сынап көрүш керек. +Куру сөзүң далил эмес. +– Өзүм далилдейм! +– дедим мен жанданып. +– Силер ойлонуп, таразалап отургуча мен далилдеп берем. +Ошондо ишенесиңер! +Ар кимдин бир мүнөзү бар. +Сабырлуу болгон жакшы го, бирок дайым эле кармана албайсың да. +Эки колум рулда. +Бирок машине айдап баратамбы, бараткан жолум жолбу, сезбейм. +Ачуу ыза менен көшөргөн көктүгүм боюмду бийлеп алган. +Жок, мен силерге баары бир далилдейм. +Адам сөзүнө ишенбейт деген, адамды шылдыңдаган кандай экенин көрсөтөм силерге. +Жалтайлап, сактана бергениңди да көрсөтөм. +Алыбекти да жигит деп. +Ойлонуш керек, даярданыш, сынаш керек деп. +Акылдуусунуп, токтоосунуп! +Урдум токтоолугуңду! +Айттымбы, болду, ошондо өзүңөр ит болорсунар! +Карап тургула! +Машинени гаражга коёрун коюп, бирок, айланчыктап бир топ жүрдүм. +Сыртым тынч көрүнсө да ачуум ичке толуп, жазыла албайм. +Ойлогонум эле ошол, прицепти чиркеп алып, ашууга бет алуу. +Эмне болсо да антпесем болбой калды. +Бирок, прицепти мага ким берет? +Ушул ойдун кыжаалаты менен короодо жүрө бердим. +Түн бир убак. +Диспетчердин гана терезеси жарык болуп турду. +Токтой калдым: диспетчер бар эмеспи! +Анын колунан баары келбейби! +Бүгүн Кадича дежур болуш керек. +Эң сонун! +Ал менин айтканыман чыкпайт. +Деги мен кылмыш кылып жаткан жерим жок го. +Пайдалуу иштин өтөсүнө чыгайын деген эле ой! +Диспетчердин бөлмөсүнө жакын келип бирдеме эсиме түштү: көптөн бери ичкери киргенди койгон экем, эл катары терезеден гана жол кагазымды алып кетип жүрөм. +Тайсалдап токтоп калдым. +Аңгыча эшик ачылды. +Босогодо Кадийча өзү туруптур. +– Мен сага келдим, Кадийча. +Ордуңан тапканым жакшы болбодубу. +– Кеткени жаттым эле. +– Жүр анда, үйүңө узатып коёюн. +Кадийча таңыркай кашын керди да күмөндөнө карап туруп, анан күлүп жиберди. +– Жүр. +Сыртка чыктык. +Түн караңгы. +Көл шарпылдап, суук шамал уруп турду. +Кадийча колтуктап басып, шамалдан ыктай мага жабышты. +– Үшүдүңбү? +– Сенин жаныңда үшүбөйм,– деп тамашалап койду. +– Эртең кайсы учурда иштейсиң, Кадийча? +– Экинчи сменада. +Эмне экен? +– Бир иш болуп калды. +Өтө маанилүү иш. +Сенин гана колуңан келет. +Айтсам, оболу ал уккусу да келбеди, мен болбой көшөрө бердим. +Экөөбүз бурчта фонардын түбүндө турабыз. +– Ай, Илияс ай! +– деп жиберди Кадийча көзүмө күлө тиктеп. +– Куру бекер убара болбосоңчу бул ишке. +Баары бир менин айтканымы аткарарын билип калдым. +Колдон алдым: – Ма��а ишене бер! +Кадырың жан болсун. +Эмесе сүйлөштүкпү? +Ал күрсүнүп алды: – Болуптур, сага амал барбы! +– деп башын ийкеди. +Мен баамсыз ийининен капшыра кучактадым. +– Жигит болуп туулсаң болмок, Кадийча! +Болуптур, эртең көрүшкөнчө! +– деп колун бек кыстым. +– Кечке чейин керектүү кагаздарды даярдап кой, ээ? +– Ашыкпа! +– деди Кадийча колуму коё бербей. +Анан толгоно берди. +– Бар эмесе. +бүгүн жатаканага түнөйсүңбү? +– Ооба. +– Ыйманда жат. +Эртеси техосмотр жүрдү. +Инспекторлор ар качантан бир качан кысталышта келет. +Быякта иш кычап жатса, алар маалкатып баарын текшерип, актыдан акты жазышып, элдин мазесин кетирди. +Өз машинем тың экенин жакшы билем. +Ошондо да Кадийчанын ишке келишин күтүп, тигилерден чет болдум, ремонттогонсуп күймөнүп жүрө бердим. +Мени менен эч ким сүйлөшпөдү, кечээ күнкүнү эскеришпеди. +Анын себеби, баары техосмотрдан эртерээк өтүп, жоготкон убактысын кууп жетүү. +Антсе да мен ич күптүмүн. +Мен техосмотрдан түштөн кийин өттүм. +Инспекторлор кетишти. +Тегерек жымжырт боло түштү, гараж ээн калды. +Короонун төрүндө ачык асман астында прицептер турат. +Аларды кээде тегиз жолдо пайдаланышчу. +Ичинен мен өзүмө бирин тандап койдум. +Кадимки эле төрт дөңгөлөк прицеп. +Ага эмне элдин баары ызы-чуу түшөт?. +Алдыда дагы эмнелер күтүп турганын мен анда кайдан билдим. +Жакшылап тамактанып, бир саатча уктап алайын деп, жатаканага жөнөдүм. +Жол кыйын. +Бирок баары бир уктай албадым. +Ооналактап жатып-жатып, күүгүм талаш кайра автобазага келдим. +Кадийча ордунда экен. +Баарын даярдап коюптур. +Жол кагазды алдым да, гаражга жүгүрдүм. +«Эми силердиби». +Машинени буруп, прицепке апкелдим. +Моторду өчүрбөй сыртка чыгып, тегерегимди карадым. +Ремонт мастерскаясындагы станоктордун шакылдагы менен жээкте көлдүн шарпылдаганы гана угулат. +Жанымдагы машиненин мотору дүрсүл какса менин да жүрөгүм кошо түрсүлдөйт. +Чылым чегейин деп, кайра папиросту ыргытып салдым. +Анан чегермин. +Дарбазадан чыгып баратканда кароолчу токтотту. +– Токто, кайда? +– Жүктөнүшкө, аксакал, – дедим камаарабагансып. +– Мына пропускуңуз. +Абышка кагазга үңүлүп, фонардын жарыгында эчтемени ажыратып окуй албай жатты. +– Кармабаңыз, аксакал! +– деп чыдамсызданган болдум. +– Иш токтоп калды. +Жүктү жолтоосу жок жүктөттүм. +Кузовума эки орун, прицепке эки орун. +Эч ким эчтеке дебегенине өзүм таң калдым. +Анан чоң жолго чыккан соң гана чылым тарттым. +Оңдонуп отуруп, фарды жагып, газды басып-басып алдым. +Жол үстүндөгү караңгылык чайналып алдыман буйтай качып баратты. +Машиненин жүрүшү жеңил, арттагы прицептин оордугу сезилбейт. +Ырас, бурулуш жерлерде гана куйругум четке бултаңдай түшүп баратты. +Кайра жолго түздөш кыйыныраак өңдөндү. +Бирок анын баары көнбөгөндүктөн. +Көнүп алыш оңой. +«Кайдасың Долон! +Кайдасың Атбашы!» деп өзүмчө кыйкырып алдым да, байгеден суурулуп чыккан чабандестен бетер рулга эңкейип, а��дыга шукшурулдум. +Жол тегизде убакыт утуп алайын дегеним. +Түн ортосу ченде Долон менен алышуу бар. +Бир топко эсебимден озуп бараттым. +Бирок тоо аралай бергенден баштап абайлашка туура келди. +Мотор жакшы эле тартып баратты, анда кеп жок. +Жүрүшүмдү кашаңдаткан тоо ичиндеги бирде өр, бирде эңиш жерлер болду. +Айрыкча, ылдый түшкөн жерлерде прицеп бултаңдап жолдон четтеп, машинени да жолдон тайдырып, убара кыла берди. +Улам ылдамдыгын өзгөртөм, тормоз берем, нары бурам, бери бурам. +Оболу мунун баарын көңүлгө албадым, алгым келбеди. +Бирок барган сайын кыжырымы келтирип, тынчымы кетире берди. +Тоо арасында канча өр, канча эңиш бар ким эсептептир. +Антсе да дымагым азая элек. +Келе коёр коркунуч деле жок, болгону барган сайын чарчагансый бердим. +«Эчтеме эмес,– деп өзүмдү өзүм кубаттадым. +– Ашуунун түбүнө кичине эс алып алам. +Анан чыгып кетебиз!» + + Баягы күздө машине сүйрөп чыккандагыга караганда азыр эмне кыйыныраак болуп баратканын мен түшүнө бербедим. +Долон жакын калды. +Фардын шооласы капчыгайдын түнөргөн кара аскаларына соймоңдоп барып – жабыша калып жатат. +Жар таштар кардан жака жамынган. +Зампарлап кар жаап келди. +«А балким, жогортон жел үйлөп жаткандыр», дедим ичимен. +Жылымчы зампарлар айнекке жабышып, ылдый эрип кетип жатат. +Демек, көктөн эле жаап жатканы. +«Башкасы жетишип ушул эле калды эле!.» деп ызырындым. +Шыпыргычты иштетип койдум. +Ашуунун түнкү кыялары башталды. +Мотор кулакка тааныш ыйын баштады. +Уңулдаган доошу караңгы жолдо жаңыра албай боорго сиңип кетип жатты. +Ылдый түшө бергенде мотордун доошу өзгөрүп, машиненин көчүгү бултаңдай түшөт. +Прицеп арттан түртүп келатканын далым сезет. +Чиркелиштин ашташындагы темирлер чыйкылдап, кулак-мээни көзөйт. +Дөңгөлөктөр тормозго бой бербей, эрип жааган сыйгалак карда аркы-терки жылбышат. +Машине сүрдүгүп барып жолго тууралана токтоп калды. +Эптеп тумшугун оңдоп бурдум да, токтоттум. +Алсырап отуруп калдым. +Жарыкты да, моторду да өчүрдүм. +Колдорум талып сенейип калыптыр. +Чалкалай отурганымда кышылдай дем алып жатканымды туйдум. +Бир аз дем алып отурдум, анан чылым чектим. +Айлана-тегерек көзгө сайса көрүнгүс, долу түн. +Кабинанын жылчыктарынан гана шамалдын ышкырган үнү угулат. +Эми дагы жүргөндө алдыда эмне болорун элестетүүдөн корком. +Мына ушерден баштап кыя жол тикеленип кетет. +Мотор менен эле колдун шору. +Бирок кар лапылдап жатат, ойлонуп отурар чак эмес. +Моторду от алдырдым. +Машине ынтыга козголуп, жер тырмалай өргө жылды. +Жаагым карышканча тиштенип, кыядан кыяга, бурулуштан бурулушка жармашып баратам. +Мына, кыя да бүттү. +Эми тик ылдый куюлган түз жол. +Анан, апайтөштөн кеткен өр талаш да, ага жеткенден кийин эле жол участогу. +Андан нары ашуунун акыркы айласы гана калат. +Ылдыйга араң түштүм. +Төрт километрче келген түз эңкейиш жолдо машинени күүлөнтө айдадым да ошол күүсү менен наркы апайт��шкө жабыштым. +Бирок күүм көпкө жетпеди. +Машине кашаңдап баратат. +Экинчи, анан, биринчи ылдамдыкка салдым. +Рулду бек кармап, чалкалай отурдум. +Булуттардын арасынан жылдыздар жарк-журк көрүнө түштү. +Андан ары жыла албай калдым. +Дөңгөлөктөр бир ордунда чимирилип, жолдон четке жылбышып барат. +Акселераторду түбүнө жеткире бастым. +– Дагы! +Дагы кичине! +Чыда! +– деп чыдай албай кыйкырып жибердим, Уңулдап ыйлап бараткан мотор бир маалда онтоп ийип, калчылдап барып үзүлдү. +Машине артка жылбышып жөнөдү. +Тормозду басып атам, токтоор эмес. +Прицептин салмагы менен тартылып кете берди. +Аскага карс урунду да, токтоп калды. +Айлана жымжырт боло түштү. +Мен эшикти түртүп ачып, кылчая карасам, ойлогондой эле болуптур. +Прицеп кюветке түшүп калыптыр. +Кудай урган экен! +Эсим чыгып кетсе керек, машинени от алдырып алдыга жулкунттум. +Дөңгөлөктөр чимирилип, машине жакшы эле чымырканды, бирок ордунан жылган жок. +Ыргып түшүп, прицепке жүгүрүп бардым. +Дөңгөлөктөрү кюветке батып калыптыр. +Эмне кылам? +Оюма эчтеме келбей, бар күчүм менен прицепти итердим. +Ага болорбу. +Астына кирип, жонго салып башым зыңылдап ооруганча көтөрдүм. +Буга болорбу. +Анан, алдан тайып жол жээгине жүзтөмөнүмөн күп эттим да ызама чыдабай ылай аралаш карды эки колдоп шилеп боорума тартып, ыйлап жибердим. +Бир топтон соң туруп, теңселе басып барып, машиненин тепкичине отурдум. +Алыстан мотордун үнү угулду. +Балбылдаган эки көз апайтөш жолдо ылдыйлап келатат. +Ал шофер ким экенин, жети түндө аны кайсы шайтан кайда айдап баратканын ким билсин, бирок, мен колго түшчү ууру сыяктанып коркуп кеттим. +Алактап прицепке жеттим да чиркелишкен жериндеги сырганы чыгарып таштап, прицепти таштап, машинемин өзүн жогору айдап жөнөдүм. +Алдагандай бөөдө коркунуч боюмду бийлеп алды. +Прицеп артыман кууп келаткансып, азыр кууп жетип желкеме чап жабыша тургансып, далым муздак дирилдейт. +Машинени жин ургандай айдадым. +Бу жолду жатка билип калганыман гана аласалып кетпедим окшойт. +Таңга маал бекет базага жеттим. +Ошо жин ургандай калыбымда үйүмдүн эшигин эки муштумум менен тарсылдата урдум. +Эшик ачылды, Аселди бир карап койбостон шатала баткак кейпим менен үйгө жулунуп кирдим. +Энтигип барып, жумшак бирдемеге отура кеттим. +Ал жуулган кир экен. +Папирос издеп чөнтөгүмө кол салдым эле машинени от алдырар ачкычы урунду. +Аны ыргыта урдум да, башымды салаңдатып, ал-күчтөн ажыраган, үстү-башыман бери баткак болгон кейпимде уңкуюп отуруп калыпмын. +Жылаңаяк Аселдин буттары стол түбүндө тыбырайт. +Бирок мен эмне демекмин? +Асел жерде жаткан ачкычты алып, столго койду. +– Жуунасыңбы? +Суу жылытып отурам,– деди ал акырын. +Мен башымды араң көтөрдүм. +Назик колдорун көкүрөгүнө басып жалаң көйнөкчөн Асел титиреп маңдайымда турат. +Көздөрү алайып, мага боору ооруп, чочулай тиктейт. +– Ашууга прицепти кулатып келдим,– дедим өз үнүмү өзүм тааныбай. +– Кайсы прицеп? +– Темир, көк, 02-38! +Кайсы экенинин сага айырмасы канча? +– деп бакырып алдым. +– Уурдап келаткам аны! +Уурдап! +Асел оозун ачкан бойдон керебетке отуруп калды. +– Эмне үчүн? +– Эмне үчүнүң эмне? +– Түшүнбөгөнүнө ого бетер жиним келди. +– Ашуудан прицеп сүйрөп өткүм келген. +Түшүндүңбү? +Айтканымды далилдейин дегем. +Мына эми күйүп отурам!. +Мен кайрадан башымы мыкчып калдым. +Бир топко экөөбүз тең унчугушпадык. +Бир убакта Асел шарт турду да, кийине баштады. +– Эмне отурасың? +– деп заарлана айтты. +– Анан эмне кылам? +– деп булдурадым. +– Автобазага кайтып бар! +– Эмне дейт? +Прицепти таштаппы? +– Барып айткын. +– Сага эмне? +– деп бакырып алып, үй ичинде аркы-терки баса кеттим. +– Прицепти кайра сүйрөтүп кайсы бетим менен барам? +Ит болдум, куш болдум, ушул ишке туш болдум, кечирип койгула деп барамбы? +Бутуна жыгылып жалынамбы? +Жо-жок! +Эмне кылса ошо кылышсын. +Урганым жок! +Менин бакылдаганыман улам керебетте уктап жаткан Самат ойгонуп кетти. +Ыйлап калды. +Асел колуна алса, ого бетер күчөп ыйлады. +– Бок жүрөк экенсиң! +– деди Асел. +Акырын айтса да катуу айтты. +– Эмне-е? +– Токтоно албай муштум кезеп жетип барып, бирок, ура албадым. +Аселдин таң кала алая караганы токтотту. +Анын карегинен өзүмдүн суук үрөйүмдү көрдүм. +Четке булкуп салдым да эшикти шарт жаап чыгып кеттим. +Таң агарып калыптыр. +Жарыкка чыкканда түндөгү окуя ого бетер маскаралык, орду толбос өкүнүч болуп желкемен басты. +Бу машинедеги жүктү жетер жерине жеткирейин, андан нары эмне болсо ошо болор. +Оюма ушу келди. +Кайра кайтып келатканда үйгө бурулган жокмун. +Асел менен урушуп алганыман эмес, жан адамга көрүнгүм келбеди. +Башкалар кантерин билбейм, бирок, мен өзүм мындай учурларда кишилерден качып, өз кайгымды өзүм тартканды туура көрөм. +Башка бирөөнүн башын оорутуп эмне. +Колуңан келсе, ачууң таркап, өкүнүчүн басылганча өзүңчө кыйнал. +Жолдо келатып, жүргүнчүлөрдүн түнөк үйүнө түнөп өттүм. +Ашууда прицепти издеп жүрүпмүн түшүмдө. +Түш эмей эле кыйноо. +Изи жатат, прицеп жок. +Ары-бери далбастап, сурамжылап жан алакетке түшөм. +Кайра кайтып келатканымда прицеп чын эле ордунда жок экен. +Кийин билдим: Алыбек автобазага сүйрөтүп кетиптир. +Прицептин артынан эртеси автобазага мен да келдим сандалып. +Кабинадагы күзгүдөн көрсөм, өңүм азып, карайып кетипмин. +Өзүмү тааныбай калдым. +Автобазада кадимки шоферлордун тиричилиги жүрүп жатыптыр. +Тек мен гана башка жактан келген жат бирөөдөймүн. +Дарбазага кооптонуп келип, акырын кирдим да, гараждын оолагыраак түпкүрүнө айдап барып, бир бурчуна токтоттум. +Кабинадан да дароо чыга албадым, эки тарабыма байкоо салып, жүрөксүп отурдум. +Тургандардын баары мени карап калышты. +Атаң көрү, азыр баш ооп, көз көргөн жакка айдап кетип калар болсом! +Бирок, кайда кетем? +Кабинадан чыктым акыры. +Бар күчүмү жыйнап, короону как жара диспетчер жакка бастым. +Калба��т эле болоюн дейм, бирок кылмышкер аскер сап алдынан өткөндөй калтылдайм. +Баары артыман тиктеп турушканын сезип, желкем дирилдейт. +Эч ким чакырбады, эч ким учурашпады. +Алардын ордунда болсом, балким, мен деле ошентмекмин го. +Тамандырыктан чалынып кеттим. +Кадийчаны уятка калтырдым ээ деген ойго жүрөгүм да солк этип чалынып алды. +Далистин төрүнө «Чагылганды» илип коюшуптур. +«Маскаралык» деп чоң-чоң тамгалар менен бадырайта жазыптыр да этегине тоого таштап кеткен прицепти тартып коюшуптур. +Бетим чымырап, бурулуп кеттим. +Жаакка чапкандай эле болдум. +Диспетчердин үстүнө кирдим. +Кадийча телефон менен сүйлөшүп отуруптур. +Мени көрүп трубканы илип койду. +– Ме! +– деп каргашалуу жол кагазды столго таштадым. +Кадийча жалооруй карап калды. +Чаңырып, ыйлап жаңжал салбаса эле болгону деп турам. +«Башка жерде сал жанжалың болсо, буерде антпе!» – деп суранып турам оюмда. +Кадийча оюмду түшүндү, эчтеме айтпады. +– Ызы-чуу болдубу? +– деп сурадым акырын. +Кадийча башын ийкеди. +– Мейли! +– дедим тиштенип, ага кайрат бергенсип. +– Сени трассадан алып салышты, – деди. +– Таптакырбы? +– Таптакыр алып, ремонтко отургузуп коёлу деди эле. +жигиттер арачыга түшө калышты. +Азырынча жергиликтүү рейстерге гана чектеп коюшту. +Начальникке кир, издеткен болчу. +– Кирбейм! +Менсиз, өздөрү чечсин! +Өкүнөр жерим жок. +Сыртка чыктым. +Далис менен шылкыя бастым. +Бирөө каршы келаткан. +Жантайлап өтүп кетейин десем, Алыбек экен, жолумду тороп туруп алды. +– Жок, токтой тур! +– деп ал мени бурчка камады. +Теше тиктеп, ызырына күбүрөдү. +– Ии, баатыр, далилдегениң ушубу? +Далилдегениң ушубу дейм, иттин баласы! +– Болбоду, кантейин! +– деп күңк эттим. +– Былжырапсың! +Өзүнчө көзгө көрүнөйүн дегенсиң. +Керт башыңдын даңкын ойлогонсуң да! +Мына эми жакшынакай ишти бүлдүрдүң. +Прицеп сүйрөтсө болот деп эми элди көндүрүп көрчү! +Заары башына чыккан айбан! +Бу сөздөрдү угуп башка бирөө ойлонуп калат беле, бирок, мага азыр баары бир болуп калган. +Өз ызалыгыман башка эчтеме сезбедим, түшүнбөдүм. +Керт башымын даңкын ойлопмун, бу натура да. +Калп экенин өзүм билем. +– Тур биякка! +– Алыбекти четке түртүп салдым. +– Сенсиз да жети өмүрүм жерге кирип туру! +Оозго чыктым. +Ызгаар шамал короодогу кар тозоңун удургута айдап турган экен. +Өткөн-кеткендер мени акырая карап өтүшөт. +Өлмөк белем, эки муштумуму шымымын эки чөнтөгүнө тумпуйта салып, сыртка жөнөдүм. +Чалчык-чалчык суу бетине тоңгон муз бут астымда качырап сынат. +Бутума бир бош банке урунду. +Аны дарбазадан + + ашыра тептим да, өзүм артынан чыга жөнөдүм. +Кечке чейин көчөдөн көчөгө, пристанда сандалып басып жүрдүм. +Жээктеги баржаларды чайпап, көл толкуп турган экен. +Бир маалда чайханада отурдум. +Маңдайыма саал бөксөргөн бир шише арак, анан дагы тарелкада кайсы бир ачуу басма. +Биринчи стаканды тартып жиберип, кеңгирей түшүп отурган чагым. +– Жылдызың жерге түшүп калыптыр да, жигит? +– деген мээримдүү, саал ойноктогон үн угулду жаныман. +Башымды араң көтөрүп карасам Кадийча экен. +– Эмне, жалгыз иче албай отурасыңбы? +– деп жылмая жаныма отурду. +– Кел анда экөөлөп ичели. +Өзү арактан эки стаканга куйду да, бирин мага жылдырды. +– Ал! +– Экөөбүз атайы көңүл ачып кетүүгө убадалашып келгенсип ойсоңдой каш кагып, көз кысып койду. +– Табаң канып атабы? +– дедим мен нааразыланып. +– Кайгыргандай эмне? +Сен жанымда турганда, Илияс, мага эчтеме сөз эмес. +Мен сени бек жигит го дечи элем. +Э, кайда калбаган кайран жан! +– Акырын шыңк күлүп, жакындай отурду да, назданган кара көздөрүн көзүмөн албай стакан кагышты. +Ичип жибердик. +Мен чылым чектим. +Кичине жеңилдей түшкөнсүдүм, бүгүн биринчи жолу ууртум тартылып жылмаюу кирди жүзүмө. +– Жарайсың, Кадийча! +– деп колун кыстым. +Анан экөөбүз эшикке чыктык. +Түн кирип калган экен. +Көлдөн урган тентек шамал бак-дарактарды жулмалап жатты. +Мен теңселип калган экем. +Кадийча колтуктап, мээрим төгө жакамды көтөрүп, жөлөп баратты. +– Сенин алдыңда күнөөлүү болуп калдым, Кадийча! +– дедим мен чын ыкласымдан ыраазылыгымды билдирип, күнөөмдү ачык айтып. +– Бирок, эсиңде болсун, сени чекеге черттирбейм. +Өзүм жооп берем. +– Койчу ошону, жаным, унутчу! +Тынчың жок немесиң да. +Алдас уруп жулунуп эле жүргөнүң, карап туруп боорум ооруйт. +Мен да сендей болчумун. +Өмүр чиркин бир ордунда турабы. +Кызыгы болсо алып кал. +Тагдыр менен ойноп болобу. +– Муну ар кандай түшүнсө болот. +– Каршы чыктым да кайра ойлонуп калдым. +– А балким, сенин айтканың да туура чыгар. +Кадийчанын үйүнө жеттик. +Ал көптөн бери жалгыз турчу. +Эри менен ажырашып кеткен. +– Мына мен жеттим,– деди ал. +Мен кыйылып туруп калдым. +Кийинки окуялар Кадийча экөөбүзду кандайчадыр байланыштырып койгонсуду. +Анын үстүнө, жатаканага баргым да келбей турду. +Чындык деген жакшы го, бирок, кээде бетке чаап турганда четтеп жүргүң келет. +– Эмне ойлонуп калдың, жаным? +Чарчадыңбы? +Алыссынып турасыңбы барар жериңди? +– Эчтеме эмес, эптеп жетип алармын. +Ал колуман алды. +– И-и, тоңуп калыпсың го! +Коё тур, жылытып берейин! +– деп Кадийча пальтосун ачып, колуму колтугуна катып, бооруна кыса кучактап алды. +Колуму тартып ала албадым. +Оттой ысык назына түтүп бергидей эмесмин. +Алаканымын астынан жүрөгү түкүлдөйт. +Мас болсом да эс-акылым ордунда. +Акырын колуму тартып алдым. +– Кеттиңби? +– деди Кадийча. +– Ооба. +– Кош бол анда! +– Кадийча күрсүнүп алып, жалт бурула каалгасын көздөй басып кетти. +Караңгыда каалга шырк жабылды. +Мен да бурулуп кичине баса түшүп, кайра токтодум. +Кайра каалганын түбүнө кантип жеткеними өзүм байкабай калыпмын. +Кадийча күтүп турган экен. +Мойнума асыла кучактап, эриндеримен өпкүлөп жиберди. +– Келдиңби? +– деп ысык шыбырады да, колуман алып, үйүнө жетелеп киргизип кетти. +Түндө ойгонуп алып, каерде экеними биле албай көпкө жаттым. +Башым сынып ооруйт. +Экөөбүз бир төшөктө жатыппыз. +Жылаңач денеси жыпжылуу болуп, Кадийча жабышып боорумда. +Тыноосу бир калыпта. +Акырын туруп кетмек болдум. +Кичине козголгонумча көзү жумулуу Кадийча чырмала кучактап алды. +– Кетпечи! +– деди акырын. +Анан, башын көтөрө караңгыда көзүмө үңүлө карап, көкүрөгүмө артыла жатып, энтиге сүйлөдү: – Эми сенсиз күнүм жок. +Мендиксиң сен! +Баштатан эле мендик болчусуң. +Каалаганым сен. +Сүйүүң гана керек, башка эчтеменин кереги жок, Илияс!. +Бирок, мен да эми сенден калбаймын, түшүндүңбү, калбаймын!. +Кадийча ыйлап жиберди, көз жашы менин бетиме таамп жатты. +Мен кете албадым. +Таңга жуук араң көзүбүз илинди. +Ойгонсом таң атып калыптыр. +Мен шашып кийиндим. +Кандайдыр жат, муздак сезим жүрөгүмдү мыкчып турду. +Чолок тонумду кие сыртка жөнөдүм, каалганы шырп билдирбей ачып, булт этип көчөгө чыктым. +Алактап жанжагымды карасам, башында кызыл түлкү тумагы бар бирөө дубалдын бурчунан бери чыга келди. +Жумушка бараткан Жантай экен. +Атарга огум болбоду. +Ал ушу тегеректе эле турчу. +Экөөбүз тең селейип туруп калдык. +Анан, мен таанымаксан болуп шарт бурулдум да, автобазага жөнөдүм. +Жантай кара күчкө жөтөлүмүш болуп койду. +Кар кырчылдата басканы артыман угулуп келатты, же жете келбейт, же калып калбайт. +Ошентип, ээрчишип отуруп автобазага жеттик. +Гаражга барбай, түз эле кеңсеге бет алдым. +Башкы инженердин кабинетинде адатынча эртең мененки беш мүнөттүк чогулуш жүрүп жатыптыр, гүүлдөп үндөр угулат. +Азыр түз эле кирип барып, бир терезенин кырына отуруп, бутту бутка арта салып коюп, чылым чекким келди, шоферлордун адаттагы ачуусу жок кыжылдашканын уккум келди. +Жолдоштордун арасындагы көнүмүш учурумду мен ушунча каалайм деп эч качан ойлогон эмесмин. +Бирок, кире албадым. +Коркконуман эмес. +Дагы эле кечээгимдей итче жиним кайнап, натууралык кылсам да болбой кекирейип жүргөм. +Кадийчанын койнунда түнөп чыкканым жүрөгүмдү дүрбөлөңгө салды, ошондон коомайландым. +Анын үстүнө, эл менин жоругумду али унута элек окшойт, ичкериде мен тууралуу сөз болуп жатканын туйдум. +Бирөө бакылдады: – Бул кандай ээн баштык! +Сотко бериш керек, силер болсо маңдайынан сылап отурасыңар! +Анын ою туура деп дагы бирөө ушерде уялбай жактап коёт. +Прицепти ээн тоого таштап кеткенин кантесиңер?. +Анын сөзүн башка бирөө жула качты: – Туура айтат! +Андай эрдемсингендердин далайын көргөнбүз. +Башкалардан акылдуусунуп. +Эл кол чаап, ага өнтөлөп сыйлык берсе ээ!. +Мына, эрдемсиген немеңер мыш болду да калды! +Көпчүлүк талаша кетти. +Мен чыгып жөнөдүм. +Алардын сөзүн тыңшамак белем. +Эл да тараган белем, артыман кажы-кужу үндөрдү угуп, ылдамдай бастым. +Жигиттер дале дуулдап келатышты. +Алыбек бирөөгө жан-алы калбай далилдеп келатат. +– Өз базабызда эле прицептерге тормоз жасап алабыз. +Анын эмнеси кыйын, компрессордон шланг созуп барып, дөңгөлөктөргө колодка кийгизип коёбуз, болду!. +– Анан, мени көрө койду окшойт. +– Тетиги Илияспы? +Эй, Илияс, токточу! +Мен токтобой гаражга кете бердим. +Алыбек артыман кууп жетип, ийинимен булка тартты. +– Ох, билесиңби, көпчүлүктү араң көндүрдүм окшойт. +Даярдан, Илияс! +Мага өнөк болосуң. +Прицеп сүйрөтүп чыгып, сынап көрөбүз. +Ачуум келип кетти. +Жолу болбогон жолдошуңду өзүңө чиркеп алып, эл сөзүнөн куткарайын деген экенсиң го! +Өнөк кылып алат имиш! +Ийинимдеги колун кагып жибердим. +– Прицеп экөөңдү тең урдум! +– Сен эмне жиндейсиң эй? +Өзүң бүлдүрүп алып, эми. +Баса, унутуп калган турбайымбы. +Володька Ширяев жолуктубу? +– Жок, эмне экен? +– Эмне экен. +Кайда жоголуп жүрөсүң. +Асел жол боюнда күтүп жүрөт дейт, өткөн-кеткен биздин шоферлордон сурамжылап, тынчы кетип жатса керек. +А сен. +кыз боозуп, энесин коркутат болуп! +Көзүм тунара түштү. +Жаным кашайып, жердин катуулугунан гана калдым. +Алыбек болсо улам жеңимен тарткылап, прицепке бирдемелерди жасай турганын какшап жатат, эчтемесин түшүнгөн жокмун. +Тигиндейрээкте мылжыңдап карап Жантай турду. +– Кетчи ары! +– деп колумду жулкуп алдым. +– Эми эмне кыл дейсиң. +Жетишет. +Бере бер, берер сотуңа. +Прицеп-мрицебиңдин кереги жок. +Эч кимге өнөк да боло албайт экем. +Болдубу? +Алыбек жаак эттери диртилдеп, түксүйө түштү. +– Өзүң баштап, өзүң баарын бүлдүрүп салып, эми чыга качтыңбы? +Ушундайбы? +– Кандай десең, ошондой де! +Машинеме бардым. +Колдорум калтырап, эмне кыларымды билбейм. +Эч себепсиз машиненин астындагы чуңкурга түштүм. +Чуңкурдун капталына калаган кирпичке маңдайымды бастым. +– Илияс, бери карачы! +– деп үстүмөн бирөө күңк этти. +Дагы кимиси болуп кетти деп, башымы көтөрсөм, чычкан аңдыган кулаалыдай далбайып, кытмыр көздөрүн кымыңдатып коюп, чуңкурдун кырында Жантай отурат. +– Ырас гана кылдың да! +– Кимди? +– Алыбекти. +Активист имиш. +Тишине таш тийгендей болду. +Анан калса жаңычылдыгын кантесиң! +– Сенин ишиң эмне? +– Ишим ошол. +Өзүң деле түшүнгүдөй болбодуңбу, бизге прицептин кереги жок. +Билебиз го: бирөө эле норманы көбөйтүп, жүрүштү азайтса, баарыңар ошого теңелгиле деп кыйноого алышмак. +Аралык менен жүккө төлөй турган акчаны да кесип коюшат. +Өз ырыскыбызды өзүбүз кыйып, эмне, бизге жин тийиптирби? +Бир күн макталып, миң күн азабын тартасың. +Биз сага ачууланбайбыз, ушу калыбыңан жазба. +– Биз дегениң ким? +– деп, кара күчкө токтоо сурадым. +– Биз дегениң сен өзүңсүңбү? +– Жалгыз эле мен бекем,– деп Жантай бирдеме сезген чычкандай көздөрүн кыбыңдатып калды. +– Былжырапсың, көркоо ит! +Дал сен үчүн прицеп менен жүрөм. +Жаным чыгып кетсе да көрсөтөм сага. +Жогол азыр көзүмө көрүнбөй. +Сага эле калгандабы, карап тур! +– Эй, эй, оозуңа карап сүйлө! +– деп Жантай кайра арр этти. +– Сенин да периште экениңди билебиз. +Көрсөң! +Бирок аны мен кеп кылган жерим жок, ойноор кезде ойноп ал, короп атты беле! +– У энеңди!. +– деп кармана албай кулак түпкө коюп калдым. +Ал отурган о��дунда чалкасынан кетти. +Тумагы башынан учуп, андан ары тоголонду. +Мен чуңкурдан ыргып чыгып, дагы атырылдым. +Бирок Жантай четке кача берип, гаражды башына көтөрө бакырды. +– Хулиган! +Бандит! +Мушташасыңбы? +Кутурган экенсиң. +Сенин мойнуңду толгоп алар күч жок дейсиңби? +Ачууңду менден чыгарайын деген экенсиң го?. +Тегеректегилер жүгүрүп келишти. +Алыбек да жетип келди. +– Эмне болуп кетти? +Эмнеге урдуң? +– Чындыкты көзүнө айтсам. +– деп Жантай тажаалдана кетти. +– Прицепти уурдап кеткен өзү, ашуунун белине жыгып кеткен өзү, баарын булгап-бүлдүргөн да өзү, анан, башкалар итчилигин бетине айтып, оңго айдайын десе, кол көтөрөт! +Ашыккан даңкка жетпей калганына ичи күйүп жатпайбы!. +Алыбек тике маңдай келди. +Кумсарып, ачуусунан үнү буулат: – Ит экенсиң! +– деди көкүрөктөн түртүп. +– Кутурган экенсиң! +Ашуудагы кылыгыңдын өчүн алмаксың го? +Болуптур, сенсиз да бүтүрөбүз!. +Мен лам дебедим. +Тим гана калчылдап туруп бердим. +Жантайдын каратып туруп калп айтканына тилим байланып калды. +Жолдошторум олурая карап турушту. +Кетиш керек. +кетиш. +– башка ой келбеди. +Машинеме ыргып миндим да, дуулдаткан боюнча автобазадан атып чыгып кеттим. +Жолдо келатып ичип алдым. +Бир дүкөнгө кирип жутуп + + чыксам, күчү жетпеди, дагы бир жерден токтоп, бир стаканды тартып алдым. +Анан, дүйнө чааралакей болду да кетти. +Жол четиндеги белгилер, көпүрөлөр, каршы келаткан машинелер. +баары көзгө илешпей зуу-зуу этет. +Көңүлүм ачылды. +«Эй! +– Бузулбаса талкаланып кетсин баары! +Сага эмне жетпейт, машинеңди кубалап жүрө бер! +Кадийча эмне. +башкалардан эмнеси кем? +Жаш десең, жаш, сулуу десең, сулуу. +Мен дегенде жанын аябайт. +Ошону да билбей. +акмак экемин го.» Үйгө кечинде жеттим. +Эшик алдында теңселип турам. +Бир жеңи гана кийилген чолок тонум салбырап кеткен. +Кээде рулду кармоого оңтойлуу болсун деп, оң жеңими чечип салчумун. +Ошентсем керек. +Бала күнүмдө чикилик чаап жүргөн кезден бери калбайт ушул адатым. +Асел умтула жүгүрүп келди: – Ай, эмне болгонсуң, Илияс? +– Анан байкай койду окшойт. +– Эмне турасың? +Чарчап, тоңуп бүтүпсүң го? +Чечин! +Жардамдашайын деди эле, мен унчукпай итерип салдым. +Уятымды оройлук менен жаппаска айлам жок. +Мүдүрүлүп-чалынып үйгө кирдим, жолдо бирдемени калдырата тээп алдым да барып стулга күп отурдум. +– Бирдеме болдубу, Илияс? +– деп Асел мени мас көзүмө үңүлө карап, түшүнө албай жатты. +– Сен эмне, билбейсиңби? +– Тик багып карай албай башым шылк этти. +Асел качан көр жемеге алып, тагдырына наалат айтып ыйлактай баштаар экен деп күтүп отурдум. +Бирок ал үн катпады, жанымда бары-жогу билинбеди. +Акырын баш көтөрдүм, Асел мага далысын салып, терезеде туруптур. +Көзүн көрө албасам да ыйлап турганын туюндум. +Жүрөгүм мыкчылып, аяп кеттим. +– Асел, билесиңби, сага айтайын деп. +– Тайсалдап сөз баштап келатып, токтоп калдым. +Айтууга даай албадым. +Айтканым өлтүрө чапкан менен барабар болмок. +Аядым, бирок айтсам да болмок экен. +– Быйыл биз сенин ата-энеңе бара албайбыз го, – деп сөздү башкага буруп жибердим. +– Кийинчерээк барабыз. +Азыр чама болбой калды. +– Шаштырып жаткан мен жок го. +– деп Асел көзүнүн жашын сүртүнүп, кашыма келди. +– Азыр ага капаланбай эле койчу, Илияс. +Сааты чыкканда болор. +А көрө өз жайыңды ойлочу. +Кийинки күндөрү башкача болуп кеттиң. +Эмнеге өзгөрүп кеттиң, Илияс? +– Болуптур! +– Өзүмүн жалтактыгыма келген ачууму андан чыгарып, сөзүн бөлүп салдым. +– Чарчадым, уктайм. +Бир күндөн кийин кайтып келатып, ашуунун аркы бетинен Алыбекке жолуктум. +Прицеп тартып келатыптыр. +Долон жеңилген экен. +Мени көрө сала кабинасын ачып, кол булгады. +Мен жайлата айдадым. +Алыбек жолго түштү, көңүлү көтөрүңкү, жүзү жарык. +– Салам, Илияс! +Кел, чылым чегели! +– деп кыйкырды. +Мен тормоз бердим. +Кабинасында дагы бир боз бала отурат, жардамчы шоферу. +Машиненин дөңгөлөгүнө чынжыр орошуптур. +Прицепке пневматикалык тормоз орнотуптур. +Аны дароо эле байкадым. +Мен кайра жүрүп кеттим. +Ичим күйдү белем. +Таапсың, жакшы болуптур. +Бирок мага тийбе! +– Токто, эй! +– деп Алыбек артыман чуркады. +– Ой, Илияс, токто, сөз бар! +Ай иттин баласы, дале баягы бойдонсуңбу?. +Мейлиң, өзүң бил. +Машинени катуу айдадым. +Кыйкырсаң кыйкыра бер, экөөбүздун ортобузда сөз жок. +Менин чарбам күйүп кеткен. +Алыбек жан досум эле. +Бекер айрылдым. +Чынында акыйкат аныкы болчу. +Эми түшүнүп отурбайымбы. +Бирок, анда ичим күйгөнү ырас. +Мен жан талашып, өлүп-талып жетпей калган максатка ал опоңой гана жетип алганына ичим күйгөн. +Алыбек байсалдуу, акылдуу жигит эле. +Мага окшоп ал ашууга ээнбаштанып жалгыз жулунмак эмес. +Жанына өнөк алып, туура кылган. +Тегиз жерде берки бала айдаса, эс алып алган Алыбек ашууну оңой ашпайбы. +Ашуу ашарда мотордун күчү, колдун каруусу, акылдын токтоолугу керек. +Анын үстүнө жанында өнөгүң баратса, улам алмашып айдап, жол да эки эсе кыскарат. +Алыбек анын баарын ойлоп чыккан. +Прицепке тормоз орноткон. +Кадимки эле чынжырды дөңгөлөккө орогонучу. +Дегинкиси, ал алактабай ашууну акыл менен жеңди. +Өзгөчөлөнгүсү келбеди. +Алыбектен кийин прицеп сүйрөткөн машинелер көбөйдү. +Ар кандай иште баштап берүү маанилүү да. +Ал учурда башка автобазадан да машинелер келип, унаа көбөйдү да калды. +Тянь-Шандын кан жолу бир жарым жума машинелердин дөңгөлөктөрү астында дүңгүрөп турду. +ГЭСтин суроосун аткаруу канчалык кыйын болсо да аткарышты. +Мен да иштеп жүрдүм. +Анын баарын мен азыр жайбаракат айтып отурам. +Көп жыл өттү, көтөрүлгөн чаң басылды дегендей. +Ал күндөрү болсо жин ургандай жүрүпмүн. +Бир мүдүрүлүп алган соң кыйын экен. +Анын баарын бир башынан айтайын. +Алыбекке жолуккандан кийин автобазага кеч келдим. +Жатаканага баратып, дагы бир жолу чайханага бурулдум. +Ушу күндөрү кызык болуп кеткем. +Эс-учуман танганча ичип, болгон иштерди бүт унуткум келген. +Көп эле ичтим, бирок, арактын таасири жетпеди. +Чайханадан эс алып чыкпай эле, кайра кыжырланып, капаланып чыктым. +Караңгы түндө көчө аралап бир аз бастым да ойлонбостон эле Кадийчага жөнөдүм. +Ал да мени күтүп отуруптур. +Ошол ошо болду, анан кете берди. +Ошентип, эки бирдей оттун ортосуна түштүм. +Күндүз жумуштамын. +Автобазага кеч кайткан күнү ар дайым Кадийчаныкындамын. +Мени бирдеме ошоякка тартат да турат. +Кадийчанын жанында болуу мага тынчыраак, жайлуураак. +Журт көзүнөн, ачуу чындыктан, өзүмдөн качканда Кадийчанын коюунуна барып пааналайм. +Кадийча мени сүйөт, түшүнөт деп ойлойм. +Өз үйүмө кайрылганда кеткиче шашып турам. +Аселим, алда байкуш Аселим! +Ишенчээктиги, дилинин аруулугу менен мени үйдөн кубалап жатканын билсе го. +Ага тең боло албай жатканымды, анын мага кылган камкордугун актай албай жатканымды мен өзүм моюнга алгым келбеди, алдагым келбеди. +Нечен жолу үйгө мас болуп келдим. +Асел жадегенде урушуп койсо боло. +Ал эмнеси, чабалдыгыбы, жумшактыгыбы, же боору ооруганданбы, же акыры оңолот деп мага ишенгениненби, ушул убакка чейин түшүнө албайм. +Ырас, акыры бир күнү өзү эсине келет, бу запкысын силкип таштап, баштагысындай болот деп ал ишенип жүрдү мага. +Бирок, андан көрө урушуп, мени зордоп токтотуп калса го, атаганат. +Ичимдегини бүт айттырса го!. +А балким, мен тартып жүргөн азап жалаң гана иштеги чыр эмес экенин Асел билсе, жооп талап кылып көгөрөт беле?. +Ичимде бороон жүрүп жатканын ал а кезде туйбады. +Мен болсом аны аяп, сырымды айтууну күндө эртеңге калтырып жүрө бердим. +Күндө эртеси кайра эле аны аяп, ортобуздагы сүйүүбүздү, үй-бүлөмдү аяп, айтпай кетем. +Акыркы жолу жолукканда Асел мени кубанычтуу тосуп алды. +Жүзү жадырап, көзү жайнап, көңүлү чак. +Чолок тончон, өтүкчөнүмө карабай төркү бөлмөгө сүйрөп кирди. +– Карачы, Илияс! +Биздин Саматтай туруп калды! +– Ыя! +Кайда жүрөт? +– Тигине, столдун астын кара. +– Баспай эле сойлоп жүрбөйбү. +– Азыр көрөсүң! +Кана, уулум, атаңа көрсөтчү тайтайыңды! +Бери кел, келе гой, Самат! +Түшүндүбү, жокпу, иши кылып Самат столдун астынан эмгектеп чыкты. +Анан, керебеттин бутун кармап, кадыресе турду. +Калтаңдап эптеп турду, ырсалаңдап күлүп турду, отура калбаска аракет кылып чымырканып турду. +Анан, ошо чымыркана күлгөн боюнча полго дүп отура калды. +Жетип барып эки алаканым менен жерден сузуп алдым да боорума кыстым, ууз-туңгак жыттанган назик жытынан шоркурата жыттап өптүм. +О, ал жыт азыр да каңылжаарымдан кетпейт. +Баланын жыты, Аселдин жыты. +– Тумчуктурасың эми, Илияс, абайласаң! +– Асел уулун колуна алды. +– Ии, чын бекен? +Чечин. +Жакында уулум чоң жигит болуп калат, ошондо апасы да иштей баштайт. +Жакшылык тилесек, баары жакшылык менен бүтөт, ушундайбы, уулум? +А сен болсоң, – Асел мени муңайым күлүмсүрөй карады. +Мен орундукка отуруп калдым. +Көптөн бери көкүрөгүнө толгон бугун Асел ушул сөз менен айтканын түшүндүм. +Бул сөзүндө ж��ме да, өтүнүч да, үмүт да бар эле. +Мен айтар сөзүмдү айтсам, азыр айтышым керек эле же токтолбостон кетишим керек эле. +Кантип айтам? +Андан көрө кеткен жакшы. +Аселдин оюнда азыр эчтеме жок, көңүлү чак, эчтемеден шеги жок. +Мен ордуман турдум. +– Мен жөнөдүм. +– Кайда барасың? +– деп Асел чочуп кетти. +– Бүгүн да үйгө түнөбөйсүңбү? +Жок дегенде чай ичсең боло? +– Чоло жок. +Жөнөбөсөм болбойт,– деп булдурадым. +Өзүң билесиң, азыр иш кычап турган кези. +Жок, мени үйдөн кубалаган иш эмес эле. +Рейске эртең эрте менен гана чыкмакмын. +Кабинага кирип, шылк отурдум да, ич күйүтүмө чыдабай онтоп жибердим. +Ачкычты көнүмүш тешигине сала албай убара болгонумчу. +Анан жолго буруп чыктым да, артымдагы үйлөрдүн терезелериндеги жарык көрүнбөй калгыча токтобой жүрүп отурдум. +Капчыгайга кирген жердеги көпүрөдөн өткөндө машинени жолдон чыгарып, бадалдын ичине айдап кирдим да токтотуп, жарыгын өчүрдүм. +Ушерге түнөмөкчү болдум. +Папирос алып чыгып, тамызайын десем, ширеңкемде бир гана чий калыптыр. +Чырк этти да өчүп калды. +Папиросун да, ширеңкесин да терезеден ыргыттым, чолок тонумун жакасына башымы катып, орундукка бүрүшүп жата кеттим. +Айдын күңүрт шооласы карайган тоолордун жонун муздак жалайт. +Капчыгайдын кара шамалы ышкырып, кыңая ачык турган кабинанын каалгасын кыйчылдатат. +Ишимдеги жолдошторуман, үйүмөн, элден айрылып жалгыз калганымдын кусалыгын эт-жүрөгүм мынчалык оор сезген эмес. +Мындан ары минтип жашоо болбосуна көзүм жетти. +Автобазага барар замат Кадийчага баарын түшүндүрүп, ортобузда болгон ишти унутууга шерт кылып, кечирим суроону бүтүм кылдым. +Ушинткеним адилетчилик, акыйкатчылык болчудай. +Бирок, турмуштун бүтүмү башка экен. +Андай болот деп ойлосом оюма, күтсөм күдөрүмө кирген эмес эле. +Бир күндөн кийин кайрылып бекет базадагы үйүмө келдим. +Эшик ачык турат, үйдө эч ким жок. +Асел отунсууга чыгып кеткен го деп ойлодум оболу. +Тегерете карасам, үй ичи астын-үстүн түшкөн. +От жагылбаган кара мештен келген муздак илеп үй ичин көрдүн ичиндей суук көрсөттү. +Саматтын керебетин барып карасам, бош. +– Асел! +– деп чыга шыбырадым, «Асел» деп шыбырады муздак дубалдар. +Атырылып эшикке чуркадым. +– Асел! +Эч жооп болбоду. +Коңшуларга жүгүрүп кирдим, бензоколонкага жүгүрүп бардым, эч ким жөндөп билбейт. +Билгендери: кечээ күнү Асел уулун коңшуларга таштап коюп, бир жакка барып келген, кеч келген, дешти. +«Кеткен экен да, билип алган экен да!» – деген ой бүткөн боюмду шыргалаң куйгандай муздак титиретип жиберди. +Шорго малынган ошол күнүмдөгүдөй болуп ТеңирТоону аралата машинени мен эч качан анчалык кубалаган эместирмин. +Тиги бурулуштан, же наркы капчыгайдан, же нараак жолдон кууп жетермин деп, дайынсыз үмүт кубалады мени. +Алдымда бараткан машине болсо, шукшурулган бүркүттөн бетер баса калам, анан, + + жайлатып катар айдап, кабинасынын ичин, кузовун аңтара карайм да жок экени�� көргөн соң, суурулуп андан озом. +Ошентип, токтолбостон үч саат куудум. +Акыры радиаторумдагы суу кайнап чыкты. +Токтотуп, кабинадан ыргып түштүм да радиаторго кочуштап кар чачтым, суу апкелип чачтым. +Радиатордон калың буу көтөрүлүп, машине зоруккан аттан бетер өпкө кагып турду. +Жаңы эле рулга отуруп жатсам, бет алдыман прицеп сүйрөткөн Алыбектин машинеси көрүндү. +Кубанып кеттим. +Экөөбүз араздашып жүрсөк да, эгер Асел алардын үйүнө барган болсо, айтар дедим. +Жолго жүгүрүп чыгып, кол көтөрдүм. +– Токто, токто, Алыбек! +Айдап бараткан өнөк баласы Алыбекке бурулуп суроолуу карады. +Алыбек кабагын чытып, толгонуп кетти. +Машине зуу деп жаныман өтө берди. +Жол боюнда бүткөн боюм бүт кар, колумду серейте көтөргөн бойдон туруп калдым. +Анан, бетими арчыдым. +Кантейин, келме кезек деген ушул. +Бирок, мен азыр Алыбекке таарынар чагым эмес эле. +Демек, Асел алардыкына барган эмес экен. +Иш кыйындай баштады. +Башка барар жери жок эле, демек, айылга, төркүнүнө кетип калган экен да. +Үйүнө кантип кирип, эмне жооп айтты экен? +Ата-энеси маскара болуп кайтып келген кызын кантип тосуп алышты экен? +Жалгыз өзү, көтөргөн баласы, каруусуна илген түйүнчөгү бар. +О, шордуу!. +Токтоосуз айылга барыш калды. +Тезинен жүктү түшүрдүм да машинени көчөгө коё коюп, диспетчерге жүгүрдүм. +Документтерди таштап кетиш керек эле. +Өтө берип бөлмөдөн Жантайга оропара келдим. +Ошондогу анын мыскылдуу мылжыңдаганын! +Көзөнөк терезеден баш багып, жол кагазды столго таштаганымда Кадийча элейе карап калыптыр. +Менин кебетем укмуш болсо керек. +Кадийча биресе чоочулап, биресе күнөөлүү тиктей берди. +– Тезирээк кабыл ал! +– дедим. +– Бирдеме болдубу? +– Үйдө жок. +Асел кетип калыптыр. +– Койчу, ай! +– Кадийча ордунан кумсара туруп, эрдин тиштеди. +– Кечир, кечир, мени, Илияс! +Ушунун баарын мен. +мен. +– Эмне «мен»?. +Жөндөп айт, баарын айт! +– деп мен эшикти ачып кирип бардым. +– Кандайча болуп кеткенин өзүм да билбей калдым. +Кечээ вахтер терезени кагат. +Бир кыз келиптир, сага жолугайын деп атат дейт. +Аселди дароо эле тааныдым. +Телмире тиктеп турду да: «Ошол ыраспы»? +– деди. +Эмне болгонумду билбейм, өчөшкөнсүп: «Ырас, ошондой. +Баары чын. +Ал мендик. +Ал азыр мени менен!» – депмин. +Ал терезеден шарт бурулуп кете берди. +Мен стол кучактап жыгылып, жиндиден бетер: «Ал мендик! +Мендик!» – деп ыйлай бердим. +Башка көрө албадым. +Кечир мени! +– Коё турчу, Асел кайдан билип алыптыр? +– Баарын кылган Жантай. +Мени да келип коркутуп кеткен. +Жантайдын ким экендигин билбейсиңби? +Сен бар, Илияс, Аселди тап. +Мен эми силерге жолтоо болбойм, бир жакка куруйм. +Кар баскан талаада бараттым. +Жер тоңголок. +Шамал кыраң жердин карын арыкка киргизе кууп, таптап салган, кумсарган жердин бети менен камгакты далбактата кууп жүрөт. +Алыстан шамалга туурулган айылдын тамдары, кара жалбырагынан ажыраган бак-дарак көрүндү. +Кечке жуук айылга кирип бардым. +Тааныш короонун тушуна токтоп, энтиккеними басып алууга папирос чектим. +Аны бат эле кайра өчүрүп, сигнал бердим. +Бирок, Аселдин ордуна ичигин жамынып апасы чыкты. +Мен тепкичке түшүп, сыпайы саламдаштым: – Арбаңыз, апа! +– Ии, бу шүмшүйүп келген сен белең? +– деди апасы түксүйө тиктеп. +– Кыларын кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми мени апа деп турганын кара! +Жогол көзүмө көрүнбөй. +Сандалган өлүгүңдү көрөйүн, алмончоктой баламды азгырып, эми уялбай келип турганын көр! +Дагы тиктеп коёт, о тикчийген көзүң менен жерге кир! +Жадыраган турмушубузду бүкөн-байран кылдың го, жакшылык көрбөгүр!. +Кемпир мага ооз ачтырбады. +Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты. +Анын үнүнө коңшу-колоң, балабакыра чогула баштады. +– Жогол дейм көзүмөн, болбосо, азыр элди чакыртып, териңди тескери сыйрытам! +Каргышым соо койбосун сени, ылайым! +Көзүм көрбөгөнүм сен болсун! +– деп жаалданган кемпир ичигин ийининен силкип таштап, мага атырылды. +Кабинага отуруп, айдабастан башка чара калбады. +Асел чыгып көргүсү келбеген соң, кетиш гана калды. +Машинени таяк менен сабап, балдар ташка ала баштады. +Ошентип, айылдан узатып чыгышты. +Ал түнү көлдү жээктей басып көпкө жүрдүм. +Көл буркан-шаркан түшүп, айдын жарыгына ала көлөкө болуп жатты. +О, Ысык-Көл, сен ал түнү сурданып, суук болдуң. +Мен жээкте көмкөрүп салган кайыкта отурдум. +Толкундар албууттана жайык жээкти жаба берип, өтүгүмдүн кончун орой калат да оор үшкүрүнүп кайра тартат. +.Бирөө жаныма келип, колун айарлай менин ийиниме койду. +Кадийча экен. +Көп өтпөй Кадийча экөөбүз Фрунзеге кетип калдык. +Анархай талаасынын жайытын изилдей турган экспедицияга орноштук. +Мен шофер болдум, Кадийча жумушчу болду. +Ошентип, жаңы турмуш башталды. +Экспедиция менен биз Анархайдын түпкүрүнө, Балхаштын жээгине кеттик. +Өткөн турмуштан кол үзгөн соң биротоло үзүлсүн дедим. +Алгачкы мезгилде ич куйкалаган кусалыгымды иш менен басып, иш менен алаксытып жүрдүм. +Иш көп болчу. +Үч жарым жылдын ичинде Анархайдын тиги четине да, бу четине да чыктык. +Канча кудук казбадык, канча жол салбадык, канча кашар курбадык. +Азыр Анархай мурдагысындай чак түштө адаштырган дөбө-дөңдүү, шыбактуу уч-кыйырсыз ээн талаа эмес. +Малчылар жай алды. +Маданий борборлору, короо-жайлары бар. +Эгин эгип, чөп чабышат. +Ырас, Анархайда али да болсо жумуш көп. +Асыресе, биздин шофер журтубузга жумуш табылбай калчу беле. +Бирок, мен кайра кеттим. +Үйрөнбөгөн жерде жатыркагандан эмес. +Көнүп кетиш оңой эле. +Кадийча экөөбүз кыйынчылыктан коркчу эмеспиз, жакшы турдук, сый-урматта жашадык. +Бирок, сый-урматтын жөнү бир бөлөк, сүйүүнүн жөнү башкача экен. +Эки жубайдын бири сүйүп, экинчиси сүйбөсө, анын эмнеси жашоо. +Башкалар да мендейби, же мен эле ошондой жаралгамбы, айтор, бирдеме кемчил сыяктанып жүрө берди. +Ал кемчилигимди ишим да, жакшы мамиле, мээрим да, сүйгөн аялымдын көңүлү да толтура албады. +Аселди дагы бир жолу издеп чыкпай, аны кайрып апкелишке дагы бир жолу аракет кылбай кете бергениме жаным кейичү болдум. +Анархайда өткөн соңку жылда Аселди да, Саматты да катуу сагындым. +Түнкүсүн уйкумдан айрылдым. +Калтаңдап жаңыдан тай турган Саматымдын элеси көз алдыма келе берет. +Анын буруксуган назик жыты өмүр бою көөдөнүмө сиңип калгандай. +Чыдай алар эмесмин, Теңир-Тоонун адыр-жондоруна, чалкыган Ысык-Көлүмө, алгачкы жана акыркы сүйүүмү тапкан адыр этегиндеги талаага тартылып туруп алдым. +Кадийча сезип жүрдү мунун баарын, бирок, мага күнөө жаап, ыйлактаган жок. +Бирге жашай албасыбызга акыры экөөбүздүн тең көзүбүз жетти. +Ошол жылы Анархайга жаз эрте келди. +Кар бат жукарып, дөбөлөрдүн чокулары карайып, күңгөй беттер жашыл ыраң жамынды. +Жылуулук менен нымды соруп, талаага жан кирип келатты. +Бирок, түнкүсүн аба чыкыроон, асманда жылдыздар чыйрыгат. +Бургулоо мунарынын түбүндөгү чатырда жатчубуз. +Уйку качкан. +Алда кайдан талаанын тынчтыгын бузуп, паровоздун доошу угулду. +Бу тегеректе темир жол жок, бизге кантип жеткенин билбейм. +Темир жолго чейин жарым күндүк жол. +Же мага ошондой угулдубу, билбейм. +Эмнеси болсо да солуктап жаткан жүрөгүмдү жулкунтуп, туйлатып кетти. +Өрөпкүп жолду эңсеп туруп алдым. +– Мен кетпесем болбойт, Кадийча,– дедим. +– Мейлиң, Илияс. +Ар кимибиз өз жөнүбүз менен бололу,– деди ал. +Ошентип, экөөбүз ажыраштык. +Кадийча түндүк Казакстандагы дың жерге кетти. +Жолуң болсун, багың ачылсын деп чын ыкластан тиледим. +Өздөрү билбей издешкен кишиси бардыр, тагдыр экөөн туш кылса ажап эмес. +Кыз тийген күйөөсүнөн багы ачылбады, мени менен турмушу болбоду. +Эми таап калгысы бардыр. +Чыныгы сүйүү деген эмне экенин, бирөөгө сүйүктүү болуу, бирөөнү жаныңдан артык сүйүү деген эмне экенин билбесем, мен деле Кадийча менен ысык жашай бермекмин го. +Бул өзү адам айтып түшүндүрө алгыс нерсе экен. +Кадийчаны полустанокко алпарып, поездге түшүрдүм. +Вагон менен жарышып, бир далайга жүгүрдүм. +«Жолуң ачылсын, Кадийча, жаман ойдо кетпегин!.» – деп өзүмчө күбүрөдүм акырында. +Каркыралар желе тартып, түштүккө учуп баратышты, мен болсом Теңир-Тоому бет алып, түндүккө жөнөдүм. +Келерим менен эч аялдабастан түз эле айылга жөнөдүм. +Жол улаш машиненин кузовунда баратам. +Анда эмне болот деп ойлогум келбейт. +Сүрдөп да, кубанып да баратам. +Асел экөөбүз алгач жолуккан жолдо баратам. +Жол азыр баштагыдай кара жол эмес, таш жол болуптур. +Көпүрөлөрү бетондолуп, жол жээгине белгилер коюлуптур. +Мурдагы кара жол өзгөрүп кеткенине ичим ачышкансып баратам. +Менин машинем тыгылган арыкты тааныбай калыпмын. +Асел отурган жол жээгиндеги корум таш ордунда жок. +Айылга жуук кирип барган жерде кабинанын төбөсүн кагып токтоттум. +– Эмне болду? +– деди шофер башын чыгарып. +– Токтот, түшөм. +– Талаагабы? +Коё тур, азыр жетебиз. +– Рахмат! +Аз эле калды,– деп секирип түштүм. +– Жөө эле ж��тип алам, – деп акча сундум. +– Жөн кой. +Өз кишибизден албайбыз. +– Алсаңчы, менин чекеме жазып коюптурбу. +– Баскан-турганыңан билип турам. +– Андай болсо болуптур. +Жолуң болсун. +Машине кетти. +Мен эс-акылымы жыя албай жол үстүндө тура бердим. +Сигаретаны оозума алпарсам, колум калтырайт. +Эки-үч сордум да, жолго таштап, тебелеп салдым. +«Мына, келерин келдим», – деп өзүмчө күбүрөдүм. +Жүрөгүм тарсылдап, кулагым зыңылдайт, бирөө балкалап башка салып жаткансыйт. +Айыл кадыресе өзгөрүп кетиптир. +Шифер жабылган жаңы тамдар көбөйүп, этеги жайылыптыр. +Көчө бойлой зым карагайлар орноп, колхоз башкармасынын түбүндөгү карагай башында радио сүйлөп турат. +Мектебине жүгүрүп балдар баратат. +Эс тарткан өспүрүмдөр каада күтүп, мугалими менен сүйлөшүп каадалуу басат. +Баягы мени ташка алып кубалашкан мадыра баштар ушулардын ичинде бараткандыр. +Убакыттын өткөнүн карачы. +Мен ашыга бастым. +Мына, талы бийик өскөн, дубал курчаган тааныш короо. +Демимди басып, токтоп калдым. +Анан, оюм дүрбөлөңдөп, бүткөн боюм муздап, каалганы барып кактым. +Колуна портфель алган кичинекей кыз жүгүрүп чыкты. +Баягыда тилин көрсөткөн кыз. +Мектебине шашып бараткан экен. +Мени таңыркай карап калды. +– Үйдө эч ким жок,– деди анан. +– Эч ким жокпу? +– Жок. +Апам лесхозго мейманга кеткен. +Атам тракторго суу ташыйт. +– Аселчи? +Ал кайда? +– дедим апкаарып, тамагым кургап. +– Асел эжеми айтасызбы?– деп таң калды кыз. +– Эжем алдагачан кетип калган. +– Ошо бойдон такыр келген жокпу? +– Келип турат, жыл + + сайын жездем экөө келип турат. +Апам айтат, жездем жакшы киши дейт. +Башка эчтеме сурабадым. +Кыз мектебине чуркап кетти, мен кайра тарттым. +Бу кабар жаныма катуу батты. +Кимге чыкса да, качан чыкса да эми мага баары бир болуп калды. +Билгенде эмне? +Асел башка бирөөгө тийип кетет деп мен такыр ойлобопмун. +Ал боло турган иш эмес беле. +Мени качан келет деп ушунча жыл тирүүлөй жесир болуп отура бермек беле. +Машине күтпөй жол менен кете бердим. +Ырас, жол жаңырган экен, шагыл төшөлүп, бекем тапталыптыр. +Талаа гана баштагысындай, айдоо жери карарып, аңыздары кубарып жатат. +Бир чети тоого асылып, бир чети коого барып чорт үзүлөт. +Кары жаңы кетип, жылаңачтанып, тердеп жатат. +Кайдандыр жаздык айдап жүргөн тракторлордун дабышы чыгат. +Райборборго түндө жеттим. +Эртеси автобазага эле барбасам болбойт дедим. +Болору болду, баары бүттү. +Жашоо керек, иштөө керек, андан нары кудайдын айтканы болор. +Тянь-Шандын кан жолу машинелердин астында кадимкисиндей гүүлдөп жаткан экен. +Убап-чубаган машинелер, менин издегеним автобазаныкы. +Акыры бирөөнө кол көтөрдүм. +Машине күүсү менен өтө чыкты да, сүрдүгө токтоду. +Чемоданымды ала шаштым, шофер кабинасынан чыга келди. +Карасам, аскерде бир жүргөн Эрмек. +Аякта шоферлукту менден үйрөнгөн. +Боз баш бала эле. +Бүшүркөп тааный албай, күлүмсүрөп турду. +– Тааныбай турасыңбы? +– Сержант Илияс!. +Илияс Алабаев эмессизби?– деди эстей коюп. +– Ошол өзү! +– деп күлдүм, бирок, көңүлүм сыздады: эл тааныбай калыптыр, аябай эле өзгөргөн экем да! +Жөнөп кеттик. +Ардеменин башын бир сүйлөштүк, аскерди эскердик. +Менин турмушуму сурабаса экен деп заарканып баратам. +Эрмек билбейт окшойт, сурабады. +Көңүлүм тынчыды. +– Аскерден качан келдиң эле? +– Иштегениме эки жыл болуп калды. +– Алыбек Жантурин кайда? +– Билбейм. +Мен ишке келгенде ал жок экен. +Памирдеги бир автобазада башкы механик болуп иштейт деп сөз кылып жатышканын уккам. +«Жарайсың, Алыбек! +Азаматсың, досум! +Башынан эле мыкты жигит болчусуң?» – деп ичимен кубанып калдым. +Акыры көздөгөнүнө жеткен экен. +Ал аскерде жүргөндө эле автожол техникумунда сырттан окучу, институтту да сырттан бүтөм деп жүргөн. +– Начальнигиңер Аманжоловбу? +– Жок, жаңы. +Аманжолов министерствого көтөрүлүп кеткен. +– Мени ишке алар бекен, кандай дейсиң? +– Сени албаганда кимди алат! +Мыкты шоферсуң. +Аскерде эле макталып жатчу эмес белең. +– Бир кезде болчумун,– дедим өзүмчө кейип. +– Жантай дегенди билесиңби? +– Бизде андай неме жок. +Уккан эмесмин. +«Автобазада өзгөрүш көп экен го.» – деп ойлодум, анан дагы сурадым: – Ашуудан прицеп менен өтүп жүрөсүңөрбү? +– Өтпөгөндө эмнеси бар экен,– деди Эрмек. +– Жүккө жараша. +Керек болгондо чиркеп алып кете беребиз. +Азыркы машинелер күчтүү чыга баштабадыбы. +Ошо прицеп чиркештин азабын мен канча тартканымды бу кайдан билсин. +Ошентип, автобазама кайра келдим. +Алгачкы күнү Эрмек үйүнө чакырды. +Жакшы күттү. +Аман-эсен жолугушканга деп, ичкилик сунду. +Оозума албаганыма көп болгон, ичпедим. +Автобазада жакшы тосуп алышты. +Жумушка кирип, жатаканадан орун алдым. +Жай-күйүмдү мурунтан билген жолдоштор ардемени сурагылап маземди албаганына миң мертебе ыраазымын. +Четте жүрүп келип, кайра көнгөн жумушумду ак пейил, адал ниет менен иштеп жүргөнүмдү көрүп турушат. +Өткөндү козгоп эмне кылат? +Өзүм да баарын биротоло унутууга тырыштым. +Баягыда үй-бүлөм менен бир турган жайдан буйтап өтөм. +Жан-жагыма кылчайбайм. +Бензоколонкага да кайрылбайм. +Бирок, кайда качып кутулмакмын. +Акыры барып тутулдум. +Иштегениме бир топ болгон. +Жаңы машинеге жатыгып, моторунун сырын билип калгам. +Иши кылып жумушумду беш колдой билип алгам. +Ошол күнү рейстен кайтып келаткам. +Оюмда эчтеме жок. +Чылымымы чегип, бир калыпта келаткам. +Айлана-тегерегиме көз салам. +Жер-дүйнө жаздын күнүнө магдырап жатат. +Малчылар жаздоого чыгып, кээ коктуларда боз үй көрүнөт. +Чамгарактап түтүн созолонуп, береги жол боюнда кой жайылып жатат. +Айгыр азынап, үйүр кайрып жүрөт. +Бала кезим эске түшүп, ичим ачышкансыйт. +Анан, көлгө чыга берип селт эте түштүм: көлдө ак куулар жүрүптүр! +Ысык-Көлгө жазда келген ак кууларды өмүрүмдө экинчи жолу көрүшүм. +Көпкөк мелтиреген көл бетинде аппак болгон жарыктыктар көңүлүмдү удургутуп жиберишти, жолдон чыгып, ��ың талаа менен түптүз көлгө айдаганымды өзүм билбей калыпмын. +О, кайран Ысык-Көл! +Ысык-Көлүм – өмүр бою ырдалып бүтпөс ырым!. +Дал ушул жар кабактын боюнда Аселди кучактап турган күндү кайра эстедим! +Баары дал ошол күнкүдөй: ак чалгындуу көк толкундар кубалашып келип, сары жээкке жаба берип жатат. +Тоо артына күн батып, наркы жээктин тоолору тамылжып мунарланат. +Ак куулар кыйкуу салып көл үстүндө айлана кайып, кайрадан көлгө конгондо ак көбүк чачыратып, алкак-алкак толкундарды таратат. +Баары дал ошол күнкүдөй. +Бир гана Аселим жок жанымда. +Кайдасың сен, кызыл жоолук делбирим? +Жээкте көпкө турдум. +Анан, автобазага келдим да, токтоно албадым. +жанымды кыйнаган эски кайгыны басайын деп, чайханага кирдим. +Аерден кеч чыктым. +Асманды кара булут биротоло каптап алыптыр. +Боомдон чыккан шамал тал-теректи жерге жеткире ийип, зым карагайлардын башында зуңулдап ыйлап, кум-таш аралаштыра бетке чабат. +Көл күрүлдөй толкуп, оор онтоп жатат. +Жатаканага араң жетип, чечинбестен куладым. +Эртеси эртең менен башымды көтөрө албай калыпмын, сынып ооруйт. +Сыртта кар аралаш жүдөткөн жамгыр жаап турат. +Ишке чыккым келбей үч сааттай жаттым. +Иш да көңүл иренжитет. +Бирок, акыры уялдым, ишке кеттим. +Машинем илбип келет. +Машине эмес, өзүм илбип калыпмын. +Анын үстүнө, күн да минтип көз ачырбай турат. +Каршы жолуккан машинелердин үстүндө жуккан кар бар, демек, ашууга кар жааган экен. +Мейли, кар жаамактан бороону соксун, коркор жерим жок, акыры башта бир өлүм. +Көңүлүм жаман түнөрүп бараткан элем. +Маңдайымдагы күзгүдөн карансам, сакалым өскөн, оорудан жаңы тургансып шишип-көөп алгам, өз өңүмөн жипкирдим. +Жолдо бир жерден шам-шум этип алсам болор эле, эртеден бери наар ала элекмин, бирок, көңүлүм чаппайт, ичким келип баратат. +Бир жолу тайсаң, кайра оңолуш кыйын экени белгилүү эмеспи. +Закусочныйга токтодум. +Биринчи стакандан кийин кичине оңолгонсуп калдым. +Машинем да көңүлдүүрөөк жүргөнсүйт. +Анан дагы бир жерге токтоп, жүз граммды согуп алдым. +Анан, дагы ичтим. +Анан көрүп ал. +Жол зымырап, айнек шыпыргычым шакылдап эле калды. +Жүткүнө отуруп, сигаретаны чайнап барам. +Айнегиме балчык чачыратып, машинелер жаныман зуу өткөнүн гана билип калам. +Күн кечтеп баратты эле, мен да ылдамдадым. +Түнөргөн капкараңгы түн мени ашуудан кууп жетти. +Мына ошондо арактын күчү бастады. +Шалдырап, талыкшый баштадым. +Көз алдым караң-кураң этет. +Кабинанын ичи тумчуктуруп, жүрөгүм айныды. +Мынчалык эч качан катуу мас болбосом керек. +Көз ачыштырып, маңдай ылдый тер төгүлөт. +Машинеде баратпай эле алдымдагы соймоңдогон эки устун жарык шооланы минип, кайдадыр бир жакка учуп бараткансыйм. +Эки шоола менен кошо бирде эңишке түшөм, кайра аска-зоону жалмалап өр талашам, бирде бурулуш издеп аркы-терки кайсалайм. +Күчтөн тайып баратканымды сездим, бирок токтободум, анткени, рулдан колуму алсам эле машинени кайра айдай алчудай эмесмин. +Каерде баратканымы да билбейм, ашуунун бир жеринде болушум керек эле. +Ох, Долон, Долон, Теңир-Тоонун алпысың! +Оңой-олтоң жол бербейсиң! +Айрыкча, түн ичинде, төтөн, мас шоферго бүтпөс азапсың! +Машине кайсы бир өрдүн кырына ыйлап отуруп араң чыкты да тик ылдый зуулдаган бойдон кетти. +Башым айланып, түн аңтар-теңтер боло түштү. +Колдоруму башкара албай калдым. +Машине улам күүлөнгөндөн күүлөнүп ылдый кетип барат. +Анан, бир маалда күрс эткен дабыш уктум, жарык жалт-жулт этти, көзүмө эчтеме көрүнбөй калды. +Көкүрөгүмдүн түпкүрүндө гана «Авария!» деген ой акырын зырп эткендей болду. +Канча жатканымды билбейм. +Кулагыма кебез тыгып алгансып, алыстан акырын үндөр чыгат: «Кана, жарык кылчы!» Кайсы бир колдор башымды, ийиними, көкүрөгүмдү сыйпалап жатты. +«Жаны бар, мас тура»,– деди үн. +Башка үн унчукту: «Жолду бошотуш керек». +– Кана, достум, кичине жылып отур, машинени жолдон чыгарып коёлу, – деп, бир кол ийинимен акырын сүрө итерди. +Мен онтоп алып баш көтөрдүм. +Башым ылдый бетими жууп кан агып туруптур. +Түзөнө албайм, көкүрөгүмөн бирдеме мыкчып турат. +Тиги киши ширеңке чагып, жүзүмө карады. +Ишенбей калгансып, дагы ширеңке чагып, дагы карады. +– Сага эмне болгон, дос? +Бу кылганың эмне? +– деди ал караңгыда кейиштүү үн менен. +– Машине. +катуу сыныптырбы?– деп араң сурадым кан түкүрүп. +– Анча эмес. +Аскага тийип, жолго туураланып калыптыр. +– Анда, коё бергиле, азыр жөнөйм! +– Калтыраган колум менен ачкыч издеп, стартер бастым. +– Токтот! +– деп алиги киши мени капшыра кучактады. +– Жетишет бейбаштыгың! +Түш! +Түнөп ал, эртең көрө жатабыз. +Мени кабинадан сүйрөп чыгышты. +– Кемел, машинени четке чыгарып кой, анан териштирербиз! +Колуму ийинине арта салып алып, караңгыда мени кайдадыр сүйрөп жөнөдү. +Узак жүрдүк. +Анан, бир үйгө киргизди. +Оозгу бөлмөдө чырак күйүп туруптур. +Алиги киши мени орундукка отургузду да тонуму чече баштады. +Ошондо гана баш көтөрүп, жүзүнө карадым. +Тааный койдум. +Бул баягыда ашуудан машине сүйрөтүп чыкканда жолуккан жол мастери Байтемир экен. +Бетим чымырай түштү, бирок кубанып да калдым. +Кечирим сурап, ыраазылыгымды айтайын дегенче жерге дабырап кулаган отундун дабышы оюмду бөлүп кетти. +Кылчайып карап алып, акырын ордуман өөдө боло бердим. +Ооздо чачылган отундун үстүндө Асел туруптур. +Нес болуп калгандай селейе катып, алая тиктеп турат. +– Бул эмне? +– деди акырын. +«Асел!» деп бакырып ийе жаздадым. +Бакырат элем, бирок, Аселдин жылуулук сезилбеген жат көз карашы оозуму ачтырбады. +Жети өмүрүм жерге кирип, башым шылк этти. +Бөлмө ичи тунжурай түштү. +Байтемир болбосо, билбейм эмне болмогун. +Капарында эчтеме жок, мени ордума кайра отургузду. +– Коркпо, Асел,– деди ал токтоо. +– Бул шофер жигит саал жараланып калыптыр. +Жатып тыныксын. +А көрө бизге йод берчи. +– Йодбу? +– Аселдин үнү жумшарыңкы, калтаарый чыкты. +– Йодду кошуналар алды эле. +��зыр. +– Шашкан бойдон чыгып кетти. +Тиштенип, мизбакпай отурам. +Мастыгым тарап, көзүм умачтай ачылды. +Чыкыйымда гана кан тамырым жарылып кетчүдөй зырп-зырп согуп турду. +– Алды менен канды жууп салыш керек,– деп Байтемир + + чекемин айрылган жерлерин көрдү да, чака алып сыртка чыгып кетти. +Төркү бөлмөдөн жалаң көйнөкчөн, беш жашар бала баш бакты. +Көзүн ачып-жумуп, мени таңыркай тиктейт. +Көргөндө эле тааныдым, мен эмес, жүрөгүм тааныды. +– Самат! +– деп үнүм кардыгып чыгып, кол суна жүткүнө бердим. +Ошол учурда Байтемир кирип келди. +Мен негедир коркуп кеттим. +Баланы атынан атап жатканымды кулагы чалды болуш керек. +Уурулугум кармалгансып, жаман оңтойсузданып калдым. +Уятымы жашырышка маңдайымдагы жаратымды сыйпалап, дайынсыз суроо берипмин: – Сиздин уулуңузбу? +Минтип сурап эмне кереги бар эле, ушу бүгүн да бармагымды тиштенем. +– Менин уулум! +– деп Байтемир ишенимдүү, жайдары жооп берди. +Чаканы жерге койду да Саматты колуна алды. +– Менин уулум болбогондо кимдики болмок, ээ, Самат? +– деп муруту менен кытыгылап баланы алкымынан өпкүлөдү. +Байтемирдин үнүндө да, кыймылында да кыпындай калпы сезилбеди. +– Эмне уктабай жүрөсүң? +Ынтызарлыгың ай, кулунум. +Бар, төшөгүңө жата кой. +– Апам кана?– деди Самат. +– Апаң азыр келет. +Мына, келип калды. +Бар, жата кой. +Асел шашып кирди, жалт бир карап алды да Байтемирге йодду бере коюп, уулун төркү үйгө алып кирип кетти. +Байтемир сүлгүнү суулап, чекемдеги канды арчыды. +– Чыда! +– деп тамашалады йод сүйкөп жатып, анан, катаал айтты: – Ушу жоругуң үчүн йод эмес, уу менен өрттөп ийсе болор эле, мейли эми, конок турбайсыңбы. +Мына, болду, эки күндө айыгып кетет. +Асел, бизге чай бербейсиңби. +– Азыр. +Байтемир кийиздин үстүнө төшөк салды, жаздык койду. +– Кел, быякка отуруп, эс ал. +– Эчтеме эмес, рахмат. +– Отур, төшөккө отур, кысынбай өз үйүңдөй көр, – деп Байтемир болбоду. +Баары түшүмдөгүдөй. +Жүрөгүмү бирөө коё бербей мыкчып тургансыйт. +Тиштене чымырканганыман тарамыштарым үзүлө жаздайт. +Алда апам ай, мени неге төрөдүң экен?! +Асел чыгып, бизден көзүн ала кача самоорду алды да сыртка кетти. +– Азыр сага жардамдашам, Асел,– деп калды Байтемир. +Артынан жөнөмөкчү болду эле, Самат дагы жүгүрүп келди. +Анын уктай турган түрү жок. +– Сен эмне, Самат? +– деп Байтемир мээрин төгө баш чайкады. +– Байке, сен кинодон түшүп келдиңби? +– деп жакын келип, чындап эле сурады менден. +Бу сөздүн кимден чыкканын дароо түшүндүм. +Байтемир каткырып калды. +– Ай, тентегим ай! +– деп күлдү Байтемир баланын маңдайына жылып отуруп, – Ой, боорум ай. +Кенге барып кино көрүп турабыз,– деди мага кайрылып. +– Бу жалгыз калмак беле, кошо барат да. +– Ийи, кинодон түшүп келдим! +– дедим көңүлүн калтырбай. +Самат кабагын түйдү. +– Калп! +– Эмне үчүн калп? +– Чабышкан кылычың кана? +– Үйгө таштап келдим. +– Мага көрсөтөсүңбү? +Эртең көрсөтөсүңбү? +– Көрсөтөм. +Кана, бери келчи. +Атың ��им? +Самат беле? +– Самат. +Сенин атың ким, байке? +– Менинби. +– Сүйлөй албай калдым. +– Менин атым Илияс,– деп араң айттым. +– Болду эми, Самат, барып жат, түн бир убак болуп калды! +– деп Байтемир сөзгө аралашты. +– Ата, дагы кичине эле тура турайынчы, макулбу? +– деп жалынды Самат. +– Мейлиң эмесе. +– Байтемир аргасыз макул болду. +– Азыр чай апкелебиз. +Самат мага жакын келди. +Колунан кармап, сылап отурдум. +Мени тартыптыр, куду эле мен. +Колу да меникиндей, күлгөнү да мендей. +– Чоңойгондо ким болосуң? +– дедим иши кылып уулум менен сүйлөшүп отурууга. +– Шофер болом. +– Машинеге түшкөндү жакшы көрөсүңбү? +– Аябай-аябай жакшы көрөм. +Бирок, кол көтөрсөм деле эч ким түшүрбөйт. +– Мен эртең түшүрүп, ойнотоюнбу? +Түшөсүңбү? +– Түшөм. +Мен сага чүкөлөрүмөн берем! +– Бөлмөсүнө жүгүрүп кирип кетти. +Терезенин сыртында самоордун кернейинен жалындын тили соймоңдоп жатты. +Асел менен Байтемир бирдеме тууралуу сүйлөшүп турат. +Самат аркардын терисинен тиккен тулуптагы чүкөлөрүн алып келди. +– Байке, жакшы көргөнүңү ала бер! +– деп түр түс боёкко салынган байлыгын алдыма чачып салды. +Бир чүкөсүн эстеликке ала кетейин деп ойлоп, колум барбады. +Эшик ачылып, Байтемир кайнап турган самоорду көтөрүп кирди. +Артынан Асел кирди. +Ал чай демдеп, Байтемир алдыбызга тегерек стол койду, дасторкон жапты. +Самат экөөбүз чүкөлөрдү чогултуп, кайра тулупка салдык. +– Байлыгыңа мактанып жатасыңбы? +Ай, мактанчаагым! +– деп Байтемир эркелетип Саматтын кулагын кашып койду. +Самоорду алдыга коюп, чай ичип отурабыз. +Асел экөөбүз бири бирибизди эч качан билбегендейбиз. +Басмыртыраак болууга тырышып, экөөбүз тең унчукпайбыз. +Самат Байтемирдин алдында ойдолоп эркелеп жатат. +– У-у мурутуң сая берет, ата! +– дейт да өзү болбой мурутка жаагын төшөйт. +Уулумдун жанында отуруп аны «уулум» деп айта албай, ал башка бирөөнү «аталап» отурганын угуп, заманам куурулду. +Жандай сүйгөн Аселим жанымда отурат, бирок, тик багып карай албаганыма заманам куурулду. +Кантип мында келип калды экен? +Сүйүп тийди бекен? +Тигинтип мисирейип, мени таптакыр чоочун кишиден бетер сыр бербей отурса, жөнжайын кантип билмек элем. +Мени ушунчалык жек көрүп калганбы? +Байтемирчи? +Мен назилимде ким экенимди кантип туйбай койсун? +Самат экөөбүздун окшоштугубузду кантип байкабай койсун? +Баягыда ашуудан машине сүйрөтүп чыкканыбызды такыр эскербей койду го? +Чындап эле унутуп калды дейсиңби? +Баарынан да жат-жатка келгенде кыйын болду. +Мага төшөктү ушерге салышты. +Мен дубал жакка тескери бурулуп жаттым. +Чырактын билигин кичирейтип коюшту. +Асел идиш-аягын жыйнап жүрөт. +– Асел! +– деди Байтемир акырын төркү бөлмөнүн ачык эшигинен. +Асел жанына барды. +– Жууп койсоңчу. +Асел менин кан жайылган чатыраш көйнөгүмдү алып, жууй баштады. +Анан, токтото коюп, Байтемирге барганын туйдум. +– Радиаторунан сууну төгүп салдыңарбы?– деп сурады. +– Аязга тоңуп калып жүрбөсүн. +– Кемел төгүп атат болчу. +– Байтемир да күбүрөп жооп кайтарды. +– Машинеси соо эле экен. +Саал эле жери. +эртең менен оңдошуп коёбуз. +Аны мен унутуп да калыпмын. +Радиаторду, моторду ойлой турган чак эмес эле. +Асел көйнөгүмдү жууп бүттү да мештин үстүнө тартылган жипке жайып жатып, оор үшкүрүнүп алды. +Чыракты өчүрүп, кирип кетти. +Там ичине караңгылык уюп алды. +Баарыбыз тең уктабай жатканыбызды билип жаттым. +Ар кимибиз өз оюбуз менен алпуруштук. +Байтемир менин уулум менен бир керебетте. +Маал-маалы менен эркелете кобурап, ооналактаган баланын үстүн жаап жатты окшойт. +Асел анда-санда мууна үшкүрүнөт. +Жаш кылгырып жылтылдаган көздөрүн мен караңгыда көрүп жаткансыдым. +Ал эмнени ойлоп жатты, кимди ойлоп жатты, кимди ойлоп жатты? +Азыркы жаткан үчөөбүз тең Аселге байланган экенбиз. +Мен сыяктанып ал дагы экөөбүздүн башыбыздан өткөн жакшы менен жаманды териштирип ойлоп жаткандыр. +Ким билет? +Азыр Асел мен үчүн кол жетпес жерде, ойлогон оюна да оюм жетпейт. +Ушул өткөн жылдардын ичинде Асел өзгөрүп калыптыр, көздөрү да өзгөрүптүр. +Баягы нурдай таза жалтылдаган, ишенчээк көз жок. +Катаал тартыптыр. +Ошентсе деле мага баягы Асел, тал чыбыктай буралган кызыл жоолук делбирим. +Ар бир кыймылы, кирпигинин селт эткенине чейин тааныш, жүрөккө жакын. +Ошонусуна ичим күйүп-өрттөнүп, азабы жаныма батып жатты. +Жаным кашайганда жаздыктын бурчун кырча тиштеп, таң атканча кирпикти көзүм жумбадым. +Терезеден нары көктөн бирде булутка кирип, бирде чыгып тийген ай көрүнөт. +Таң эрте Асел менен Байтемир чарбасын көздөгөнү сыртка чыкканда мен да турдум. +Жөнөш керек болчу. +Бутумун учу менен басып, Саматка бардым, акырын өптүм да, шашып сыртка чыктым. +Асел таш тулгадагы чоң казанга суу ысытып отуруптур. +Байтемир жыгач жарып жатат. +Ал экөөбүз унчугушпай, чылым чегип машинеге бардык. +Көрсө машине түндө жол жээгине кашаа кылып орноткон моло таштарга урунуптур. +Экөөсү омкорулуп жатат. +Машиненин фарасы сыныптыр, тумшугу майышыптыр. +Балкалап, ломдоп жатып, эптеп оңдодук. +Андан кийинкиси кыйын болду. +Мотор тоңуп калыптыр. +Кендир чыпка күйгүзүп атып картерин жылыттык, анан эки кишилеп тутканы толгодук. +Ийинибиз тийишип, алакандарыбыз бир туткада ысыды, бирибиздин демибиз бирибиздин бетибизге тийип, бир эле иште иштеп жаттык. +А балким, бир эле ойду ойлоп жаткандырбыз ошондо. +Мотор эпке келер эмес. +Энтигип демибиз буулду. +Ушул учурда Асел эки чака ысык суу апкелди. +Сууну радиаторго куйдум. +Анан Байтемир экөөбүз кош колдоп эки-үч жолу бурадык эле мотор от алып кетти. +Мен кабинага отурдум. +Мотор какап-чакап жаткан. +Байтемир шамын текшергенге балкасын алып астына сүңгүдү. +Ушул учурда пальтосун топчуланбай далбалактап, Самат келди энтиге чуркап. +Машинени тегерене чуркады, түшүп ойноп келгиси бар. +Асел уулун кармап алды да, колунан чыгарбай кабинанын жанында ту��ду. +Бир маалда жекире, жаны ооруган аёо менен карады эле өлүп кете жаздадым, ушул азыр күнөөм үчүн башымды аябас элем, иши кылып эптеп уулум экөө кечирсе, кайра кайрылып мага келишсе болду эле. +Кабинанын ачык каалгасынан эңкейдим: – Асел! +Уулуңду ал да, түш машинеге. +Баягыдай кылып алып кетейин. +Түбөлүккө! +Түшчү! +– деп мотордун доошуна үнүмү жашыра жалбарып жибердим. +Асел эчтеке дебеди, жашылданган көздөрүн акырын ала качып, башын чайкады. +– Түшөлүчү, апа! +– деп Самат колунан тартты. +– Ойноп келеличи! +Асел Саматты жетелеп, шылкыя басып кете берди. +Самат тарткынчыктап жулунса да коё бербеди. +– Болду! +– деп кыйкырып, Байтемир капотту жапты да, аспаптарымды мага берди. +Мен жөнөп кеттим. +Кайрадан руль колумда, кайрадан баягы жол, баягы тоолор. +Эмне окуя болгону менен иши эмне, машине мени алып-учуп баратат. +Аселди, уулум экөөн ашуудан ушинтип таптым, ушинтип жолугушуп, ушинтип ажыраштык. +Жетер жериме жеткиче, кайра кайтып келгиче мен ойлоп жүрүп отурдум, бирок эчтеме ойлоп таба албадым. +Майнабы жок ойлордон чарчадым акыры. +Эми көз көргүс, кулак уккус жакка кеткенден башка арга калган жок. +Бу жерге мен батпай калдым. +Ушул бүтүмгө бек бекидим. +Ушул ой менен кайра автобазага кайтып келаттым. +Жол участогунун жанынан өтүп баратып, жолдон четтерээк жерде өзүнөн элебирээк бир кыз, бир уул бала менен ташкоргон ойноп отурган Саматты көрдүм. +Бу балдарды, балким, мурда өтүп жүргөндө деле көрүп жүргөндүрмүн. +Демек өзүм билбей күн ара уулумун жанынан өтүп жүргөн экем да. +Аны башта кайдан билдим. +Машинени токтоттум. +– Самат! +– Бир көрүп кетейинчи дедим. +Балдар мага жүгүрдү. +– Байке бизди машинеге түшүргөнү келдиңби?– деп Самат чуркап келди. +– Кичине ойнотоюнбу? +Балдар талашып кабинага түштү. +– Байкеми мен тааныйм, биздикине келген – деп мактанды Самат. +Бир аз жерге + + салып бардым. +Көңүлүм балкып, жүрөгүм элжиреп, балдардан мен жыргадым. +Анан аларды түшүрдүм. +– Эми үйгө чуркагыла! +Балдар чуркап кетти. +Саматты токтотуп калдым. +– Самат, токточу, бирдеме айтайын! +– Төбөмөн өөдө көтөрүп, өңүнө тигиле карап турдум, анан боорума кысып өптүм да, жерге түшүрдүм. +– Кылычыңды ала келдиңби, байке? +– Саматтын эсинде экен. +– Алда уулум ай, унутуп калган турбаймбы. +Эмки келгенде ала келем! +– Эми унутпайсыңбы, байке? +Биз жанагы жерде эле ойноп турабыз. +– Макул. +Бар эми, бара кой. +Автобазада жыгаччылардын устаканасынан үч жыгач кылыч жасатып, ала жүрдүм. +Балдар чын эле убадалашкан жерде экен. +Мен аларды дагы бир аз ойноттум. +Уулум, анын жолдоштору менен ушинтип ынакташтым. +Бат эле мага үйүр алып кетишти. +Мен келатканда алыстан алдымы тосо чуркашат. +– Машине, биздин машине келатат! +Мага жан кирди, киши боло баштадым. +Жол жүрсөм да көңүлүм чак. +Машинеме оор жүк эмей эле, кубаныч салып бараткандай болом. +Жол боюнда уулум күтүп жүргөнү эсимен чыкпай, жүрөгүмдү жылытып барат. +Жадегенде эки мүнөтчө кабинага түшүрүп, жаныма алып отурам. +Эми менде башка ой жок, эси-дартым уулума кечикпей жетүү. +Убактымы да ашуудан күндүз өтүүгө чектейм. +Жаз күнү жылымдап, балдар азыр көбүнесе сыртта ойношот. +Бактыма чек жок, максатым, иштеп жүргөн максатым ошо балдар үчүн сыяктанат. +Кээде гана жүрөгүм зырп эте түшөт. +Балдарды машинеге салып ойнотуп жүргөнүмдү жол участогундагылар билип калдыбы дейм. +Эгер билсе, Саматты үйдөн чыгарбай, жол боюна жибербей коёт эле го. +Ичимен Асел менен Байтемирге жалбарам, жок дегенде ушу кичинекей ырыстуу шыбагаман айрыбагыла, күн алыс бир көрүп турганыман ажыратпасаңар экен деп суранам ичимен. +Бирок акыры бир күнү ошондой эле болду. +Биринчи май жакындап калган. +Майрамдын урматына деп уулума бир белек бергим келди. +Бурамалуу оюнчук жүк машине сатып алдым. +Ошол күнү автобазада кармалып калдым эле, кечигип чыгып, аябай шашып келатам. +Ошондонбу, эмнегедир кооптонуп, себепсиз алактай бердим. +Самат бир кубанып калсын деп, мерчемдүү жерге жакындаганда оюнчукту бекиткен жеримен алып, жаныма койдум. +Өзүнүн оюнчуктары деле бир далай экен, бирок бул бөтөнчө болмок, чоңойгондо шофер болом деп жүргөн балага жолдон өткөн тааныш шофер байкеси бериптир болуп калмак. +Бирок ушу күнү Саматты жол боюнан таппадым. +Балдар утурлай чуркап чыгышты, арасында ал жок. +Кабинадан чыктым. +– Самат кана? +– Үйүндө, тумоолоп калыптыр,– деди бир бала. +– Тумоолоп? +– Жок, тумоологон жок! +– деп туура билгенине мактангандай шакылдады бир кыз. +– Апасы жибербей койду! +– Эмне үчүн? +– Билбейм. +Барбайт деп койду. +Куруган экем деп, түнөрө түштүм. +– Ме, алпарып бер,– деп оюнчук оролгон кагазды балага сундум да, кайра айныдым. +– Жок, кереги жок. +– Кайра алып, машинеме түштүм. +– Байке эмнеге бизди түшүрбөйт? +– деп сурады уул бала эжесинен. +– Байке ооруп турат,– деди кыз. +Кыз таап айтты. +Ушундан көрө, ооруп жатканым жеңил болмок. +Аселдин бу кылганы кандай? +Биротоло карарганыбы? +Канчалык жаман болсом да мага деген бир тамчы мээрими калбаганбы? +Ишене албадым. +Уулум чын эле тумоолоп калган го деп, ошого ишенгим келди. +Анткени бу кылганы Аселге окшобой турду. +Бирок, ким билсин. +Алиги балага ишенбегидей аны бирөө атайы үйрөтүп койду беле. +Өз оюма ишенип алганым ошончолук, азыр Самат эти от менен жалын болуп чабалактап жаткансыды. +Балким дары-дармек керек болуп, көлүк табылбай жатпасын, же ооруканага тезирээк жеткириш керектир? +Шаар эмес, турган жери ээн тоонун арасы. +Улам бир ойго уруна берип, жаным кыйналып кетти. +Кайра тарткан жолдо шашып келаттым. +Эмне айла колуман келерин өзүм билбей, тезирээк жетип, уулумду көргүм келди, – ушул ой шаштырды. +Же жол боюнан көрөрмүн,– муну ойлоп алып ого бетер шаштым. +Ошентип келатсам, өчөшкөнсүп бензиним түгөнүп калса болобу. +Аргасыз бекет базадагы бензоколонкага кайрылдым. +Сөзүнүн ушул жерине к��лгенде Илияс унчукпай калды. +Ысып-күйгөн бетин алаканы менен укалай сүртүп, оор күрсүндү. +Вагондун терезесин көтөрө ачып салды да, баятан бери тынымсыз чегип келаткан неме дагы чылымга кирди. +Түн ортосунан ооп калган. +Поездде ойгоо бараткан экөөбүз гана болсок керек. +Дөңгөлөктөр тынымсыз дүбүртүнөн жазбай шакылдап барат. +Терезеден сырттагы шоолалуу жай түнү бизге жарылып жол берип жатты. +Полустаноктордун оттору жылт-жулт дей түшүп, паровоз анда-санда түндү үркүтө кыйкырып алат. +– Мына ошол жерде сиз келе калдыңыз, агай. +Мен машинеге салбай койдум. +Эмнеге салбаганым эми түшүнүктүү болгон чыгар? +– Илияс ойлуу күлүмсүрөп койду. +– Сиз бензоколонкада кала бердиңиз, анан бир маалда «Победа» минип, кууп өттүңүз. +Аны көрдүм. +Мен жүрөгүм алкымыма тыгылып, ашыгып бараткам. +Бекер ашыкпапмын. +Самат жол боюнда күтүп жүрүптүр. +Машинени көрө сала, жолду кесе чуркады. +– Байке! +Шофер байке!. +Кудай жалгап, уулум сыркоодон тышкары экен. +Ошондогу кубанганымды айтпаңыз, кучагыма батпай чыкты. +Машинени токтото сала, түшө чуркадым. +– Эмне, тумоолоп калдыңбы? +– Жок, апам жибербей койгон. +Апам мени айтат, сенин машинеңе түшпөгүн дейт. +Мен ыйладым,– деп Самат арыздана кетти. +– Анда бүгүн кантип чыктың жолго? +– Атам айтты, балдарды ойнотом деген киши ойното берсин деди. +– Ошондой дечи? +– Мен шофер болом дедим. +– Сен сөзсүз болосуң, Самат, болгондо да мыкты шофер болосуң! +Мен сага эмне апкелгенимди билесиңби? +– Оюнчук машинени алып чыктым. +– Мына, карачы, бурама жүк машине, дал сага окшогон кичинекей шоферго ылайыктуу машине. +Уулум жадырай күлдү. +– Мен дайыма, дайыма сенин машинеңе түшөм ээ, байке? +– деди Самат суроолуу жалжылдай тиктеп. +– Сөзсүз, дайыма! +– деп көңүлүн колдодум. +– Жүр экөөбүз шаардагы Биринчи Май майрамына баралы. +Машинеге кызыл желекчелерден тагып кооздоп алабыз, шаар аралайбыз. +Анан сени кайра жеткирип коём. +Эмнеге антип айттым, кандай акым бар эле? +Азыр айтуу кыйын. +Баарынан да бу сөзүмө өзүм ынанып алдым. +Дагы айттым: – Эгер жактырсаң меникинде кала бересиң биротоло! +– Уулума кадыресе чоңдорго айткандай сунуш кылдым. +– Экөөбүздүн үйүбүз кабина болот. +Кайда барбайын дайым экөөбүз бир жүрөбүз. +Сенден такыр айрылбайм, эч жакка коё бербейм. +Макулсуңбу? +– Макул,– деди Самат ойлонбостон. +– Машинеде жашайбызбы? +Жүр анда, байке, жүр кеттик. +Чоң киши деле баладай болуп кеткен учур болот экен. +Самат экөөбүз кабинага түштүк. +Мен апкаарып машинени от алдырдым. +Саматтын кубанычы койнуна батпайт, эркелеп этек-жеңими тарткылайт, жумшак орундугунда секире кетет. +Жөнөй бердик. +Самат андан бетер сүйүндү, кыткылыктап күлө мага бирдемелерди божурайт, рулду, прибор тактаны көрсөтөт. +Аны көрүп мен шайырландым. +Бирок ойлой коюп, аза боюм дүр этти. +Бул эмне кылганым? +Тормоз бердим, бирок Самат ого бетер шаштырды. +– Тез айда, байке, тез-тез айда! +Баланын көңүлүн кантип калтырайын. +Газды саал бастым. +Машине күүлөнө берген жерде алдыбыздан жол тегиздеп жүргөн грейдер жолукту. +Ал кайрыла бергенде нары этекте Байтемир жүргөнүн көрдүм. +Алактап калдым. +Токтотоюн десем кеч болуп калды. +Баланы эмне үчүн мынча алыс алып кеткениме айтаар шылтоом жок. +Эңкейе бердим да, газды катуу бастым. +Байтемир чоң күрөк менен шагыл которуп тегиздеп жаткан экен, бизге көңүл бурбады. +Өткөн-кеткен машинеден көп неме жок, кайсы бирин карай бермек. +Бирок Самат көрүп калыптыр. +– Тигине атам! +Байке, атамы да алып алалычы, ыя? +Токточу, мен чакырайын! +Мен тиштенип унчукпадым. +Эми токтош болбойт, эмне дейм? +Самат корко баштады, артына кылчактап, чыңырып ыйлап жиберди. +– Атама барам! +Токто, атама барам! +Токто, кереги жок! +Апа-а!. +Бурулуштагы асканын далдасына кайрылып токтодум. +Уулуму соороткуча шаштым: – Ыйлаба, Самат, ушу да болобу! +Азыр кайра жеткирип коём! +Ыйлабачы! +Бирок коркуп калган бала уккусу жок. +– Кереги жок! +Атама барам! +Ач, кетем! +– деп каалганы тарсылдата ургулап жиберди. +– Ач дейм, атама барам! +Ач! +Соорото алсамчы, айлам кетти. +– Сен ыйлабачы, – деп жалдырадым. +– Азыр ачам, ыйлабагын эле. +Мына азыр, өзүм атаңа жетелеп барам. +Кана чык, жүр. +Самат жерге секирип түшүп, артка чуркады. +Мен кармап калдым. +– Токто. +Жашыңы аарчып ал. +Ыйлаба да. +Садагаң болоюн уулум, ыйлабачы? +Ии, машинеңи ала кетпейсиңби? +Карачы! +– Оюнчук машинени алып, ачкычын толгосом колум калтырайт. +– Карагын эле, азыр сага чуркап жетет. +Карма! +– Машине жол менен жөрмөлөп барып, чүкөдөй ташка тийди да, кюветке коңторулуп кетти. +– Кереги жок. +Албайм! +– деп Самат мурункудан бетер бакырды. +Алды-артына карабай качып жөнөдү. +Селейип туруп калыпмын. +Ачуу заар томук келип тамагыма тыгылды да, демим кыстыгып кетти. +Саматтын артынан чуркадым. +– Токточу, ыйлабачы, Самат! +Токто, мен сенин. +мен сенин. +Билесиңби! +– Бирок айтууга тилим күрмөлбөдү. +Самат качып баратты. +Артына караар эмес. +Бурулуштан көрүнбөй кетти. +Жарташка чейин чуркап барып, далдадан баланы карап турдум. +Иштеп жүргөн Байтемирге чуркап жетип, кучактап жыгылды. +Баарын көрүп турам. +Байтемир отура калып, баланы бооруна кыса кучактады, жашын аарчып, маңдайынан сүйүп, бооруна кысып турду. +Бала да анын мойнуна асылып, сыга кучактап алды. +Элеңдеп мен жакты карап коёт. +Анан Байтемир күрөгүн ийинге салып, баланы колдон жетелеп, кете берди. +Бир чоң, бир кичинекей – эки киши жолдо кол кармашып кетип баратты. +Жарташка сүйөнүп тура берипмин, шылкыйып артка тарттым. +Жыгылып жаткан оюнчук машинеге келдим. +Дөңгөлөктөрү көктү карап, оодарылып жатат. +Көзүмөн жаш чыгып кетти. +«Мына, баары бүттү!» – деп чоң машинем менен муңдашып, капотунан сыладым. +Мотордун ысык деми бетке урду. +Уулум менен эң акыркы жолукканымдын жалгыз күбөсү ушу жансыз машине да мага азыр жакын көрүндү. +Илияс ордунан туруп, тамбурга жөнөдү. +– Салкын абага дем алып келейинчи, – деди ооздон кылчайып. +Мен купеде калдым. +Таң куланөөк тартып, чыгыш жээк шоолаланып калыптыр. +Зым карагайлар булаңгыр зып-зып өтөт. +Жарыкты өчүрсө да болгудай экен. +Текчеде жаттым. +Мен билип, Илияс билбеген тарых бар эле, ошону айтсамбы, айтпасамбы деп ойлоп жаттым. +Бирок ал келбей кечиге берди. +Ошентип айтпай калдым. +Жол мастери Байтемир менен таанышканыма көп болду. +Асел менен уулу ашууда жашаарын Илияс билген кез болуш керек. +Жарыштын натыйжасын текшерүү үчүн жана тажрыйба алмашууга Кыргызстан + + жол кызматкерлеринин делегациясы Памирге барат деп жатышкан. +Ошого карата Тажикстандын республикалык газетасы мага тоодогу кыргыз жолчулары тууралуу очерк жазууну тапшырган болчу. +Белгиленген делегациянын ичинде мыкты жол мастери катары Кулов Байтемир бар экен. +Ошол Байтемир менен таанышууга мен Долонго бардым. +Барган эле жерден жолум болуп, оңой кездештик. +Ашуунун белине чыга бериште биздин автобусту колунда кызыл желекчеси бар жумушчу токтотуп калды. +Көрсө алдыбызда көчкү жүрүп, жолчулар азыр жол тазалап жаткан экен. +Мен автобустан түшүп, көчкү жүргөн жерге карай бастым. +Бульдозер карды шилеп, кургуйга түшүрүп жаткан экен. +Ал кайрыла албаган чукул жерде жумушчулар карды таптап жатышат. +Брезент плащчан, керзи өтүкчөн бир киши бульдозерге катар басып, айдоочусуна жол көрсөтүп жүрөт. +– Солураак! +Дагы бир жолу өт! +Стоп! +Артка! +Жол оңолуп бүтүп калыптыр, өтөр тилкеси таза. +Эки тараптан тең күтүп турган машинелерден шоферлор тынбай сигнал берип, тезирээк жол бер деп урушуп жатканы бар. +Тиги плащчан киши болсо кабагым-кашым дебейт, байсалын жазбай тракторду башкарып жүрөт. +Булдозерду уламдан улам айдатып, жолду аябай таптатып жатат. +«Байтемир деген болсо ушу болор. +Өз ишине мыкты экен», – деп ойлодум. +Жаңылбапмын, Байтемир Куловдун өзү болуп чыкты. +Акыры жол ачылып, машинелер каршы-терши өтүп кетишти. +– Сиз эмне калдыңыз, автобусуңуз кетип калбадыбы? +– деди Байтемир мага. +– Мен сизге келаткам. +Байтемир таң калдыбы-жокпу, билгизбеди, салабатын жазбай колуму кысты. +– Коноктун келгени – ырыс келгени. +– Сизде жумушум бар, Баке,– дедим түз эле ишими айтайын деп, – биздин жолчулар Тажикстанга барарын билерсиз? +– Уккам. +– Анда Памирге жөнөөр алдыңызда сиз менен сүйлөшүп калышым керек. +Келген максатымы айткан сайын Байтемир буурул мурутун улам чыйратып, ойго батып, кабагы салаңдай берди. +– Келгениңиз жакшы,– деди акырында,– бирок мен Памирге бара албайм. +Мен тууралуу жазып да кереги жок. +– Эмне үчүн? +Колуңуз бошобойбу? +Же үйдөн чыга албайсызбы? +– Колум бошобосо ушу жолдон бошобойт. +Өзүңүз көрүп турасыз. +– Унчукпай калды да, папирос алып чыкты. +– Үйдө болсо. +элдин үйүндөй эле тирилик. +Бирок Памирге бара албайм. +Делегациянын ичинде ага окшогон жол мастери болгону кандай маанилүү экенин түшүндүрүүгө, ишендирүүгө канча аракеттенсем да, Байтемир сыйлап угуп отурганы менен, такыр ынанбай койду. +Мен нааразы болдум, өзгөдөн өзүмө нааразы болдум. +Журналисттигим кайда калды бу жолу? +Бу кишинин ыңгайын таппадым го. +Редакциянын тапшырмасын аткарбай куру кол кетет турбайымбы. +– Болуптур анда, Баке, кечиресиз, мен кайтайын. +Дагы бир жол улаш машине чыгар. +Байтемир мени байыстуу кадала тиктеп калды да, мыйыгынан жымыйды: – Шаарлык кыргыздар ата салтын унутуп бараткан бейм. +Менин да үй-жайым бар, дасторконум жайылуу, конок төшөгүм салынуу. +Атайы мени издеп келген соң жол боюнан кайра тарткан болобу. +Түнөп алып, эртең үйдөн жөнөөрсүз. +Жүрүңүз, үйдө аялым менен уулум учурашсын сиз менен. +Азыр капа болбой токтой туруңуз, жарыкта жолду бир карап чыгайын. +Бат эле келем. +Иш ушундай. +– Коё туруңуз, Баке. +Мен да сиз менен кошо кыдырайын. +Үстүмдөгү шаардык костюмуму карап, Байтемир дагы жымыйды. +– Мени менен кошо жүргөнүңүз анча жарашпас дейм. +Барыш-келиш бир топ жер. +– Мейли. +Экөөбүз бирге бастык. +Ар бир көпүрөнүн, ар бир бурулуштун түбүнө, жар башына токтоп жүрүп отурдук. +Арийне сүйлөшө жүрдүк. +Баары эмнеден кандай башталып кеткенин өзүм байкабапмын, Байтемир кандайча мага чечилип жибергенин али күнчө билбейм. +Иши кылып, ал мага башынан өткөн таржымалын, үй-бүлөсүнүн таржымалын төкпөй-чачпай узун сабак сөз кылып айтып берди. +ЖОЛЧУНУН БАЯНЫ – Памирге эмне үчүн баргым келбегенин сурадыңыз. +Мен өзүм памирлик кыргыздардан болом, бирок минтип Тянь-Шанда туруп калдым. +Памир жолунун курулушуна каргадай кезимен баргам. +Комсомол ураан таштаганда барганбыз. +Жолду жамы журт жапа тырмак курганбыз. +Азыркыдай техника жок. +Жан аябай иштедик, айрыкча жаштар Памирге жол салыш деген эмне шумдук! +– мына ушу бизди ээликтирген. +Мен ударник болуп жүрдүм, нечен жолу сыйлык алдым. +Муну мен сөз угуна жараша айтканым. +Ошол курулушта бир кызды кезиктирдим. +Ашык болуп арзыдым. +Акыл-эстүү, кебетеси келишкен кыз болчу. +А кезде кыргыз кызы айылдан чыгып, курулушка барып иштейт деген адам ишенбес жомок эле. +Бирок ал кыз айылдан келиптир. +Салтыбыз чидерлеп, кыз тагдыры азыр деле оңой эмес. +Аны өзүңүз жакшы билесиз. +Ошентип бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк. +Жол бүтө жаздап калган. +Жабыла киришип жол сала коюш иштин бүткөнү эмес, анан жолду да багып туруш керек. +Хусаинов деген инженер жигит бар эле, ал азыр деле жол тармагында бир чоң кызматта. +Экөөбүз ынак болчубуз. +Мени курска барып окууга ошол көндүрдү. +Мен кайрылып келгенче Гүлбайра күтпөйт го, көздүү мончок жерде калмак беле деп жүрдүм. +Жок, күтүптүр. +Экөөбүз баш коштук. +Ынтымактуу жакшы турдук. +Ошол жол участогунда иштейбиз. +Тоо арасында, ашуунун белинде ээн жашаган жолчуга аял, үй-бүлө деген өзүнчө улуу журт, өмүргө шерик деп ошону айтса болот. +Аны кийин билдим. +Мен ушул ишти өмүр өткүчө деп жакшы көрүп калганыма да аялы�� себепкер болду. +Аялым кыз төрөдү, анан дагы бир кыз төрөдү. +Аңгыча согуш чыгып кетти. +Эл чубап, аскерге жөнөп жатты. +Памир жолу өткүн сабап аккан дарыяга окшоп турду ошол күндөрү. +Менин да кезегим келди. +Эрте менен үй-ичибиз жабыла жолго чыктык. +Кичине кызымды көтөрүп барам, улуусу этегимен кармап, тепеңдеп келет жанымда. +Байкуш Гүлбайрам жол кабымды көтөрүп, араң карманып келет. +Ээн тоодогу жол участогунда чиедей эки бала менен жалгыз калыш оңой бекен. +Айылдагы төркүнүнө жиберсем болбой койгон. +Эптеп күн өтөр, сени ушерден күтөлү, анын үстүнө жолго көз болгон киши да керектир деп койгон. +Жолдун боюнан аялым, балдарым менен коштоштум. +Балдар эмес Гүлбайра экөөбүз деле ал кезде бала бойдон экенбиз. +Жаңыдан гана гүлүбүз ачылып келаткан экен. +Согушта мен сапёр батальонуна туш болдум. +Согуш өткөн жолдордо биз канча көпүрө курбадык, канча өткөөл салбадык. +Эсеп жетпейт. +Дондон өттүк, Висла менен Дунайдан да өттүк. +Шыргалаң сууга тоңуп, түтүн менен от ичинде өрттөнөсүң. +Жаныңдагы эле кишилер окко учуп жатса, тырп этерге ал калбай жан кашайганда ушул ок мага неге тийбейт деп наалыйсың. +Бирок тиги алыскы чыгышта, ээн тоодо күтүп жүргөндөрдү эстегенде кайдан кубат кирерин билбейсиң, өжөрлөнүп-өчөшүп кайра турасың. +Жок, мен алыскы Памирден ушердеги бир көпүрөнүн астында өлүп калайын деп келген эмесмин. +Көпүрө бекиткен жоон зымдарды тишим менен бурап бекитип, ажалга моюн сунгуң келбейт. +Ошентип, ажалым жок экен, Берлинге жетип кайттым. +Почта баягы биз салган жолдон өтөт да, аялым тындырбай кат жазып турду. +Болгон жаңылыктарды бүт жазат, менин ордума жол мастери болуп калган, ошол ишин, жолду жазат. +Жол деген жолуң асман тиреген Памирди артылып жатса, аялымдын көргөн күнү оор эле болуп жатканын сезип-билип жүрдүм, билгенде аргам канча. +Кырк бешинчи жылдын жазынан баштап кат үзүлдү. +Фронтто эмнелер болбойт, каттары дагы бир бөлүктө адашып жүргөндүр деп өзүмдү өзүм жубатам. +Бир жолу мени полктун штабына чакырышты. +Жолдош старшина, мыкты согуштуң, мына сага ыраазылыктын белгиси деп сыйлык беришти. +Үйүңө кайт, эми сенин керегиң ошоякта тиет дешти. +Мен кубанбагандачы. +Атүгүл, телеграмма салып жибердим. +Кубанганыман эмне үчүн мени мөөнөтүмү бүтүртпөй бошотуп жатышканын ойлобопмун. +Туулуп өскөн жерге келдим, учетко турушка убакыт болор деп, жолдогу военкоматка да кайрылбадым. +Эртерээк үйгө жеткиче шаштым. +Жол улаш полуторка жолукту, ага түшүп алып Памир жолун өрдөп жүрүп бердим. +Канатым болсо учуп кетмекмин. +Аскерде туш келди чапкылап жүрүп калган жан, буерде ташбакача жылжып бараткандай болом. +Кабинаны каккылап, шофёрду шаштырдым: – Ылдамда, иничек, бу шалдырагыңдын аяр жери калбаптыр, тездет! +Үйгө баратам! +Мына жетип да калдык. +Бурулуштан кийин эле менин участогум. +Чыдай албадым. +Жүрүп бараткан машинеден ыргып түштүм да, жол кабымды ийинге арта салып, чуркадым. +Чуркап баратам, чуркап баратам, бурулуштан бурулдум. +анан эсеңгиреп туруп калдым. +Баары эле ордунда турат: тоолор деле ордунда, жол деле баягы. +Бирок менин там-ташым ордунда жок. +Тегерегимен кыбыр эткен жан көрүнбөйт. +Үйүлгөн гана таш жатат. +Биздин үй жолдон четте, тоо түбүндө эле. +Суукка ык болгону менен, кысык жер эле. +Үстүбүздөгү тик бетти карап алып, көзүм тунара түштү. +Баягы тик бет жок, көчкү жүрүп, кургуйлаган жар болуптур. +Чоң темир чеңгел беттен ылдый тырмап өткөнсүп, көчкү жолуна туш келгендин баарын шыпырып кетиптир. +Аялым кийинки катында кар калың жаады, эми жамгырлап турат деп жазыптыр болчу. +Озунуп жардырып, көчкүнү жүргүзүп салыш керек эле, бирок ал аялдын колунан келер ишпи. +Таппасаң сыйпалап кал деген дал мен болдум. +Ажал менен миң жолу бетме-бет келип, тозоктун өзүнөн тирүү келсем, мына!. +Кыймылдай албай теңселип тура бердим. +Тоо жаңырта бакырып-бакырып алгым келет, үнүм чыкпайт, дарамет жок. +Жан кетип, таш болуп катып калгансып, ичим түпөйүл тоңду да калды. +Ийинимен жол кабым гана жылбышып жерге түшкөнүн сездим. +Ал ошо түшкөн жеринде калды. +Кыздарыма, аялыма ала келаткан белек-бечкегим бар эле, аскердик көрөбай-шөрөбайды жолдо кытырак таттиге алмашып алдым эле. +Дагы бир сыйкырдуу укмуш болуп кетчүдөй эсеңгиреп тура бердим. +Анан бурулуп кайра бастым. +Мен бассам, тоолор нары-бери теңселип кетет, мени баса жыгылчудай бери жылып келатат. +Бир бакырып алдым да, качып жөнөдүм. +Кетейин! +Бу каргыш тийген жерден тезирээк жоголоюн! +Мына ошондо боздоп ыйлап, качып бараттым. +Каякка, кантип жүргөнүмү билбейм, үчүнчү күнү бир станцияга туш болдум. +Ээн талаада адашып жүргөнсүп, эл арасында каңгып жүрөм. +Бир офицер атым айтып чакырат. +Карасам, Хусаинов, аскерден бошонуп келатыптыр. +Туш болгон күнүмдү айтып бердим ага. +– Эми кайда барасың? +– дейт. +– Кайда барарымды өзүм билбейм. +– Жок,– деди ал,– кайрат кыл. +Сени минтип жалгыз сенделтпейм. +Кеттик Тянь-Шанга, барып жол салабыз, анан көрө жатарбыз. +Ошентип ушуякка келип калдым. +Алгачкы жылдары кан жолдогу көпүрөлөрдү салып жүрдүм. +Убакыт өтүп жатты, бир жерден орун-очок алыш керек болду. +Хусаинов + + ал учурда министерствого иштеп кеткен. +Биз жакка келип калганда дайыма мага жолугуп өтөт. +Жол мастерлигиңе кайра өт деген да ошол болду. +Мен даабай жүрдүм. +Жүрөгүм өлүп калыптыр. +Курулушта көпчүлүк менен билбейсиң. +Жол мастери болуп, ээн тоодо жалгыз жүрсөм дайыным эмне болот деп түпөйүлдөндүм. +Памирде башыман өткөнү эскире элек, эстен чыкпайт. +Ошону менен жашоом бүткөнсүйт, алдымда эчтеме жок сыяктанат. +Үйлөнөйүн деген ой түк жок. +Гүлбайра менен балдарымды ойлогондо башканы көргүм келбейт. +Алардын ордун толтуруп берчү жан жоктой. +Эптеп эле күн көрүүгө үйлөнгүм келбейт. +Андан көрө жалгыз жүргөнүм жакшы. +Акыры жол мастерлигине бармай болдум. +Көрөйүн, болбосо бир жакка кете бе��ермин. +Мага ушу ашуунун белиндеги участокту беришти. +Акырындап көнүп кеттим. +Ашуу эмеспи, иши көп, кол бошобойт, ошого алаксып кеттимби, билбейм. +Жан ооруткан кайгы да барабара эски дарттай болуп жымырылып унчукпай калды. +Кээ бир түндөрдө гана Памирдеги жок үйүмдүн ордуна сенек болуп турганым, жол кабым ийинимен жылбышып түшүп баратканы түшкө кирет. +Андай күндөрү таң эрте ишке кетем да, түн киргиче үйгө келбейм. +Ошентип жалгыз жүрдүм. +«Тагдырдын мага деген дагы бир жакшылыгы бар чыгар.» – деп кээде көңүлдүн тереңи козголуп калат. +Бар экен. +Кыйнап келди. +Андай болорун күтпөгөн элем. +Мындан төрт жыл чамасы мурда кошунамын энеси ооруп калды. +Өзү иштен, үй-тиричилигинен чыга албайт. +Кемпир болсо күндөн күнгө ылдыйлап баратат. +Ошондо доктурга мен алпарып келмей болдум. +Жол башкармасынан көр-жер ташыган машине келип калган эле, ошого салып алып шаарга жөнөдүм. +Догдурлар ооруканага жаткыралы десе, кемпир болбой койду, үйгө, балдарымын кашына барып өлөйүн деп. +Эрдик кылсаң сүрө кыл, мени кайра алып кет, сообума кал. +Болбосо убалыма калып жүрбө деди. +Кайра алып жөнөдүм. +Каш карайып калган. +Бекет базанын тушунан өтүп баратканбыз. +Аңгыча шофер машинесин токтотту. +– Кайда барасыз? +– деп бирөөдөн сурады. +Аялдын үнү угулду, шыбырты чыкты. +– Түшүңүз! +– деди шофер. +– Түшпөйсүзбү?– деп машинени жакын айдады. +Боорунда баласы, карысында түйүнчөгү бар келин борт түбүнө келди. +Кузовго тартып алдым да, кабинанын түбүндөгү ыктоо ордумду берип, өзүм бурчка отурдум. +Нары жөнөдүк. +Суук күч. +Ызгаар шамал сөөктөн өтүп, чучугуңа жетет. +Келиндин баласы ыйлай берди. +Термеп, сооротсо да болбойт. +Бала кыйнала турган, апасын кыйнай турган. +Кабинага отургузса болор эле, аерде оору кемпир араң баратат. +Мен келинди ийининен түрттүм: – Кана, баланы мага бериңизчи, басылып калгысы бардыр. +Өзүңүз ылдыйырак жымырылып отуруңуз, шамал тийбесин. +Баланы чолок тонума каттым, боорума кыстым. +Басылып, муруну бышылдай баштады. +Маалына жете элек наристе экен. +Сол колтугума катып отургам. +Бир маалда жүрөгүм лакылдап, ок тийген чымчыктай диртилдей кетти. +Эмнегедир толкундап сүйүнүп да, каңырыгым түтөп да отурдум: «Мен ушу бойдон эле бала көрбөй өтөмбү?» Бала болсо боорума жабышып, жүрөгүмдү жылытат. +– Уулбу? +Келин баш ийкеди. +Пальтосу жука экен, калчылдап үшүп барат. +Мен кышкысын да тонумун үстүнөн плащымы түшүрбөйм, ишибиз ошондой. +Баланы бир колума кармап, бош жеңими сундум. +– Плащты чечиңиз. +Бу кийимиңиз менен суукка урунуп каласыз. +– Жок, жөн эле коюңуз,– деп болбойт. +– Тартыңыз жеңди! +– Жадегенде шамалга огожо болор. +Келин плащыма оронду, мен этегин кымтылап койдум. +– Кичине жылындыңызбы? +– Жылындым. +– Ушунтип да жолго кеч чыгасызбы? +– Ушундай болуп калды,– деди акырын муңайым үн менен. +Ал ортодо капчыгайга кирип калганбыз. +Ушерде кенчилердин поселогу бар эле. +Баары уй��уда, терезелери караңгы. +Иттер арсылдап машине менен тең жарышты. +Келин каякка баратканы мына ушунда эсиме келиптир. +Кенчилерге келаткан го деп ойлогом. +Анткени мындан нары ашуу, анан биздин участок, башка барар элдүү жер жок. +– Сиз келип калган жоксузбу? +– деп келинден сурап, кабинаны каккыладым. +– Ашууга аз калды, андан нары машине барбайт. +– Бул кайсы жер? +– Кен. +Келаткан жериңиз буер эмеспи? +– Ийи. +Ийи, ушерге, – деп коомайлана айтты. +Анан шашып турду да, плащты берип, баласын алды. +Бала кайрадан кыңылдай баштады. +Бу келин жөн келаткан келин эмес, бир балээ болгон окшойт деп, мен негедир кадиктене калдым. +Ушу ит өлгөн суукка таштап кетебизби? +– Сиздин барар жериңиз жок көрүнөт! +– деп түз эле айттым. +– Оюңузга жаман албаңыз. +Баланы мага бериңиз! +– деп баланы колунан сууруп алдым. +– Кыйыктанбаңыз. +Биздикине түнөп алыңыз, эртең өзүңүз билиңиз. +Болду! +Кеттик! +– деп кыйкырдым шоферго. +Машина жүрдү. +Келин бетин басып, шылкыйып отурду. +Ыйлап отурдубу, ким билсин. +– Чочулабаңыз! +– дедим жоошутуп. +– Сизге жаман оюм жок. +Мен жол мастери Кулов Байтемир деген болом. +Мага ишене берсеңиз болот. +Келинди баласы менен үйүмө орноштуруп койдум. +Дагы бир бош бөлмөм бар болчу, мен ошоякка көчүп жаттым. +Көпкө уктай албадым. +Оюм он талаа. +Тынчым кетти. +Такып сурай бергенди өзүм да жаман көрөм, бирок дагы бир кереги болуп жүрбөсүн деп, анча-мынча суроо каттым. +Келин көңүлдөнбөй, чечилбей жооп берип отурду. +Адамды кайгы басканда ар бир айткан сөзүнүн артында он сөздүк айтылбаган маани калат. +Күйөөсүн таштап, үйүнөн чыгып кетиптир. +Өзүн басынттырбаган неме окшойт. +Күйүтү күчтүү болуп, муңканып отурса да, басынгысы жок. +Арийне, ар кимдин өз ыктыяры. +Бир билгени бар чыгар. +Ошентсе да, жапжаш келин экен, боорум ооруду. +Кыздай болуп тал чыбыктай буралат. +Жайчылыкта наздуу, жайдары болуу керек. +Ушундай жандын кадырына жетпей айрылып калган ким болду экен? +Түшүнсөм буюрбасын. +Бирок өздөрүнүн иши го. +Менин тиешем эмне. +Эртең бир жол улаш машинеге салып жиберермин. +Ошону менен кайыр кош. +Таң ата турдум да, жолду бир кыдырып чыгып, кайра бат эле кайтып келдим. +Конокторум эмне болуп жатты экен деп, көңүлүм тынчыбады. +Ойготуп албаска бутумун учу менен басып, оозгу бөлмөдөгү мешти жактым, самоор койдум. +Көрсө келин бая эле ойгонуп, туруп алыптыр, кетүүгө камынып жатыптыр. +Рахмат айтып коёт мага. +Чай ичмейин жибербей койдум. +Түндөгү чыргоо бала оюну чыгып калган кызык кези экен. +Аны кичине ойнотом деп өзүм да ырахатка баттым. +Чай ичип отурганда сурадым? +– Каякка бараттыңыз эле? +Келин ойлоно калып айтты: – Балыкчыга. +– Ата-энеңиз ошерде турабы? +– Жок. +Алар айылда, Тосордон нары. +– О, анда машине которуп, дагы жүрөт турбайсызбы. +Кыйналасыз го. +– Мен аякка барбайм, – деди ойлуу, анан баласын кошо сүйлөдү. +– Биз айылга бара албайбыз. +Өзүбүз күнөөлүүбүз. +Ата-энесинин тилин албай, өзү тапкан күйөөгө чыккан го деп болжодум. +Көрсө, дал ошондой болуптур. +Жолго камынды. +Баланы көтөрүп, жол боюнда суукка кайыгып тура бергенден көрө үйдө отура тургула дедим. +Машинени мен деле токтотуп берем. +Жолго жеткиче мени санаа басты. +Эмнеликтен экенин билбейм, булар эми кетишет, мен болсом кайрадан жалгыз калам деген ойдун кусалыгы жүрөгүмдү мыжыгып барды. +Оболу жол улаш машине чыкпады. +Анан бир машинеге өзүм кол көтөрбөй өткөрүп жибердим. +Кайра корктум. +Бул эмне кылганым? +Мына ошондой эки ойдун ортосунда кыйноо тарттым. +Машинелер өтүп жатты, мен өткөрө бердим. +Эмкисин токтотоюн дейм, анысы келгенде колум көтөрүлбөйт. +Бетим чымырады. +Тыякта алиги келин жакшы үмүт менен күтүп отурат. +Өзүмө жиним келет, бирок колум көтөрүлбөйт. +Жолдо аркы-терки басам. +Актанып айтар себеп издейм. +Тигинин кабинасы суук экен, айнеги жок, мунун машинеси эски экен, жанагы болсо, шофер аңырандап баратат, маспы, балакет баскыр. +Кабинасында киши бар машине өтсө баладан бетер кубанып калам. +Азыр эмес, дагы кичине, дагы беш мүнөттөй үйдө отура турушсун. +«Кайда барат? +– деп ойлойм. +– Айылга бара албайбыз деп өзү айтты. +Балыкчыга барганда баласы менен каерге баш калкалайт? +Бу кыштан чыкпай калат го. +Андан көрө меникинде кыштай бербейби. +Кичине тура турсун, акыл токтотсун, балким кайра эрине кайтар. +Же күйөөсү издеп келип калар.» Шордуу башым ай! +Жана эле ээрчите келип, салып жибербей эмнеге өз жанымды кыйнадым! +Үч саатча бир жерде басып жүрө берипмин. +Өзүмө жиним келди. +Кой, өзүн ээрчитип келип, анан машине кармайын. +Болбосо болор эмес. +Келин күтүп отуруп жадаса керек, үйдөн чыгып келатыптыр. +Уялдым, тентектик кылган баладай жалтайладым. +– Күтүп калдыңызбы? +– деген болдум. +– Жол улаш машине чыкпайт. +Чыгарын чыкты, бирок ылайыгы жок. +Кечирип коюңуз. +Оюңузга жаман албаңыз. +Кудай акы, үйгө кирип чыгыңызчы. +Суранам! +Келин таң кала муңайым тиктеди мени. +Унчукпай үйгө кайра кирди. +– Мага бооруңуз ачып жатса керек, – деди. +– Жок, андай деле эмес. +Билесизби. +Сиздин абалыңызды ойлоп корком. +Кыйын болор. +Кантип күн көрмөксүз? +– Ишке кирем. +Иштеп көнгөн жан. +– Каерге? +– Бир жерге орношормун. +Эмне болсо да кайра кайтпайм, айылга да барбайм. +Иштесем бир күн өтөр. +Унчукпадым. +Эмне демекмин? +Ызага ууккан неме оюна орноктуу эчтеме түшпөй, өчөшкөнүнөн ошентип жатат. +Босогодон бир чыккан соң кайда болсо да тартынбай кете берери бышык. +Иштеп күн көрөм дей коюш оңой. +Турмуш деген ойдой жеңил эмес. +Бирок көздөгөнүнө көгөргөн адамды кантип айнытасың. +– Болуптур, чыгалыбы? +– дедим акырын. +Турдук. +Мен баланы көтөрүп, босогого жеткенде кайра токтодум. +– Иш эле болсо бизден деле табылат,– дедим. +– Турар жай табылат, иштей бересиз. +Чыны менен, калсаңыз кантет? +Ашыкпаңыз. +Кетем десеңиз сизди эч ким кармабайт. +Ойлоп көрүңүз. +Келин оболу көнбөдү. +Бирок акырында муюп калды. +Асел уулу Самат менен ошентип биздин участокто калып калышты. +Короодо жаңы салынган жалгыз бөлмө үй бар эле, бирок анын ичи суук болчу. +Ошол үчүн болбой жатып Аселди уулу экөөн өз үйүмө киргиздим да, өзүм алиги, бөлмөгө көчүп алдым. +Жалгыз башыма жетет болчу. +Ошондон баштап турмушума өзгөрүү кирди. +Көзгө көрүнгүдөй деле өзгөрүү жок, мен баштагыдай эле жалгыз боймун. +Бирок жан кирип, адам болгонсудум. +Көптөн берки жалгыздыктан жапа чеккен кара башым эми башка киши болуп, көңүлүм жылына баштады. +Ырас, мурда деле таптакыр жалгыз эмес болчумун. +Кошуна-колоң бар, кишилер менен иштейм, аларга жардам берем, алардан жардам алам. +Бирок, баары бир жашоонун башка булуң-бурчу болот экен, ошол учурда жалгыздыгыңы билет экенсиң. +Андан эч ким алаксыта албайт экен. +Балага абдан үйүр болуп алдым. +Жол кароого чыкканда да жылуу ороп, ала кетем. +Көтөрөм да жүрөм. +Бош убактымын + + баарын анын кашында өткөрөм. +Мурда кантип жалгыз жүргөнүмү түшүнө албайм. +Коңшуларым да эстүү, жакшы кишилер эле. +Аселди да, Саматты да жакшы көрүп кетишти. +Баланы ким жаман көрсүн, а Асел болсо, ачык, кишиликтүү жан экен, баары менен бат эле ымала таап, сиңишип кетти. +Аселдин ушу мүнөзүнөнбү, айтор бала менин боор этим менен тең болуп көрүнөт. +Эмнесин жашырайын, канча тымпыйсам да өзүмөн өзүм жашыра албадым. +Аселге көңүлүм түшүп калды. +Эт-жүрөгүм элжиреп, өмүрлүккө сүйдүм. +Жалгыз жүргөн көп жылдарым, тарткан азап, көп кайгым, баардык жоготкон кымбаттарым ушу сүйүүмө эрип, сиңип кетти. +Бирок ачык айта албайм, акым жоктой. +Асел болсо күйөөсүн күтүп жүрдү. +Сыр бербесе да, аябай күтүп жүрдү. +Жол боюнда иштеп жүрсө, өткөн-кеткен машинелерди үмүттүү карап калат. +Кээде баласын көтөрүп алып, жолго чыгат да, мелтиреп көпкө отурат. +Күйөөсү ким экенин, кандай неме экенин билбейм, же сурабайм, өзү да айтпайт. +Күндөр жылып өтө берди. +Самат чоңоюп келатты. +Тынчы жок бир тентек чыкты дейсиң! +Бирөө үйрөттүбү, же өз оюна келдиби, айтор бала мени ата дей турган болду. +Көргөн жерде жөрмөлөп келип, аталап моюнума асылат. +Асел муңайым жылмайып карап калат. +Мен баланы кучактап туруп, көңүлүм эрип да кетет, каңырыгым түтөп да кетет. +Атасы эле болсом го атаганат, бирок кантейин. +Ошол жылдын жайында бир күнү жол оңдоп жатканбыз. +Машинелер адатынча өтүп атат. +Бир маалда Асел бир шоферго кыйкырып калды: – Ай, Жантай токточу! +Машина күүсү менен өтө берип токтоду. +Асел шоферго жүгүрүп барды. +Эмне сүйлөшкөнүн билбедим, бирок Аселдин: – Калп айтасың! +Ишенбейм! +Кет, жогол! +Кет дейм! +– деп чаңырганын уктум. +Машине кете берди. +Асел болсо жолду кесе чуркап, үйгө кетти. +Кыязы ыйлап кетти. +Ошондон кийин иштей алсамчы. +Бу ким болуп кетти? +Аселге эмне деди? +Оюм онго, санаам санга бөлүндү. +Чыдай албай мен да үйгө жөнөдүм. +Бирок Асел чыкпады. +Кечинде үстүнө кирдим. +– Самат кайда? +Сагындым го аны! +– Тигине,– деди Асел суз. +– Ата! +– деп Самат мага талпынды. +Баланы көтөрүп алып, эркелеттим, ойноттум, Асел унчукпайт, кападар отурат. +– Асел, эмне болду сага? +– дедим акыры. +Асел оор үшкүрдү. +– Баке, мен кетпесем болбойт,– деди ал. +– Бу жерди чанып жаткан жерим жок. +Сизге миң мертебе ыраазымын. +Бирок кетейин. +Кайда барарымды өзүм билбейм, баш оогон жакка кетейин. +Байкасам чын эле кетчүдөй. +Мен чынын айтпасам болчудай эмес. +– Кантейин, Асел, кармап калар акым жок. +Силерсиз мен деле буерге тура албайм го. +Мен да бир жакка жөнөөрмүн. +Бир жолу жер баскан үй-жайымын ордунан кеткеним бар эле. +Анын эмнесин айтайын. +Өзүң билесиң да, Асел. +Эгер сен кетип калсаң, мен үчүн бу жер да Памирдегидей эле болот. +Ойлон, Асел. +Агерим ал издеп келип калса, аны менен кетүүгө жүрөгүң тартылса, мен бөгөт турбайм. +Качан болсо жолуң ачык, Асел. +Ушуну айтып, Саматты алдым да, жолго кеттим. +Экөөбүз көпкө жүрдүк. +Бөбөгүм эчтеме менен иши жок, дүйнөкапар. +Асел кете койбоду. +Бирок эмне ойлоп, кандай бүтүмгө келгенин билбейм. +Санааркап жүрүп, ошол күндөрү өзүм түнөрө катып кеттим. +Бир күнү короого кирсем, Самат там-туң басайын деп жүрөт. +Асел сүйөп-таяп алыптыр, жыгылабы деп корккону да. +Мен карап туруп калдым. +– Баке, карачы, уулуң басып калды! +– деп Асел сүйүнчүлөдү. +Эмне деди? +Уулуң дедиби? +Колумдагы күрөктү ыргытып жиберип отура калдым да, баланы чакырдым. +– Тай-тай, тайлагым! +Келе койчу, кана өзүң басып кел, коркпо! +Самат канатын жайып, боюн таштады. +– Ата! +– деп тыпың-тыпың бут шилтеди. +Мен илип алып көкөлөтө көтөрдүм да, боорума кыстым. +– Ата деген сөзүнөн айланайын, кулунум! +Анан Аселге апкаарыбай кайрылдым! +– Асел, эртең Саматтын тушоосун кеселичи! +Балдарды жарыштырып, эл-журттун батасын алалы. +– Жарайт, Баке! +– деп Асел жадырай күлдү. +– Анда даярданалы. +Сен ала жип эшип кой. +Ошентип аттандым да, тамыр-тааныш малчыларга чаптым. +Бир жандык, кымыз апкелдим. +Эртеси кошуна-колоңдорду чакырып, тойчук бердик. +Саматты жерге коюп, эки бутун тушап, жанына кайчы койдум. +Анан балдарды жарыштырдым. +Балдар чуручуу түшүп, чуркап келишти. +Чыгып келгени тушоону кести. +– Кана, уулум, чурка эми! +Алгыла, балдар жетелеп кеткиле! +– дедим. +Балдар чуркап кетишти. +Самат алардын артынан төпөң-төпөң жөнөдү. +– О, журт! +Менин кулунум жер бетине даң салып жөнөдү! +Өмүрүндө мүдүрүлбөй жүрсүн, батаңарды бергиле! +– деп кыйкырдым. +Тургандар жабыла бата беришти. +Самат балдардын артынан бара түшүп, бир кылчайып: «Ата!» – деди да жыгылып кетти. +Асел экөөбүз тең жүгүрүп бардык. +Баланы жерден көтөрүп алсам, Асел көзү жалжылдап мага: – Баке, ниетиңе жаным курман! +– деп айтты. . Ошентип экөөбүз баш коштук. +Кышында балабызды алып, айылдагы ата-энесине барып келдик. +Таарынычка биротоло карайып алышкан экен. +Асел экөөбүз жөн-жайыбызды айтып түшүндүрдүк, кечирим сурадык. +Мен аларга болгон ишти болгондой айтып бердим. +Жээн небересин көргөн соң, анан дагы биздин келечек ынтымагыбызга деп, акыры кемпир-чалдын таарынычы тарады, Аселдин күнөөсүн кечиришти. +Мезгил билинбей өтө берди. +Самат азыр бешке чыгып калды. +Асел экөөбүз ынтымактуубуз. +Бир гана сөздү козгобойбуз, эскербейбиз. +Ал киши биз үчүн жок эсептүү, унчугушпай ушуга макулдашып алгандайбыз. +Бирок турмушта баары эле ойлогондой боло бербейт. +Кечээ жакында ошо жигит пайда болду. +Жолдо авария болуптур. +Түн ичи эле. +Мен жардамчы коңшум экөөбүз эмне болгонун билмекке жүгүрүп бардык. +Барсак, жүк машине жол жээгиндеги калканыч молого урунуптур. +Шофер жаралуу, анын үстүнө мас, эс-учун билбейт. +Тааныдым, бирок атын эстей албадым. +Мурда бир жолу бизге жардам берип, ашуудан сүйрөп чыккан эле. +Долондун ашуусу оюнчук эмес. +Мурда ашуудан машине сүйрөп чыгыптыр деген болгон эмес. +Ал жигит өжөр, көк неме экен, акыры бизди участокко жеткирген. +Анда мен аны абдан жакшы көрүп калгам, тобокелчил эр мүнөзүн жактыргам. +Кийинчерээк бир шофер прицеп сүйрөтүп келатып, ашуунун белине аз калган жерде кюветке оодарып алып, таштап кетиптир. +Ошол кызуу кандуу жигит болду бекен деп биле албай калгам. +Аз болсо көздөгөнүнө жетмек экен, бечара деп аяп калгам. +Андан соң машинелер прицеп сүйрөп, ашуу аша баштады. +Эбин тааптыр, балдар туура кылган. +Ачыгын айтсам, Асел чанып кеткен жигит ушул экенин алгач билбедим. +Бирок билсем деле ошону кылмакмын. +Үйгө апкелген жерден билдим. +Асел кучактап келаткан отуну колдон түшүп, алайып калганда эле билдим. +Бирок бирибиз да сыр бербедик. +Жаңы тааныш сыяктанып койдук. +Баарынан да мен өзүм карманбасам болмок эмес. +Экөө тил таап, кайра жарашып алабы, кайдан билейин, эгер андай болсо байкоосуз сөз менен жараларын жаңыртып, жолто болбоюн деп кармандым. +Менин тиешем да жок эле, эчтеме бүтүрө алмак эмесмин. +Бүтүрсө экөө бүтүрмөк. +Экөөнүн башынан бир өткөн мурдагы таржымал турмушу бар, экөөнүн ортосунда бала бар. +Баланы эркелетип, боорума кысып, мен керебетте жатам. +Ошол түнү эч кимибиз уктабадык, таң атканча ар кимибиз өз тагдырыбызды ойлоп жаттык. +Мен өз тагдырымды. +Асел баласын алып, кетсе кете берет. +Жолун тоспойм, башы бош. +Эмне кылышты акыл ойлоп, экөө чечсин. +Мен болсом. +Мен эмне, менин катышым жок, мен жолто болбошум керек. +Ал жигит азыр да өтүп жүрөт ушу жол менен. +Ушунча жылдан бери кайда жүргөн, эмне иш кылган, билбейм, билгенде эмне кылмакмын. +Өздөрүнүн иши. +Байтемир экөөбүз жол кыдырып бүтүп келаттык. +Күн батып бараткан. +Теңир-Тоонун көк жалтаң чокулары батып бараткан күндүн нуруна көгүлжүм-кызыл тамылжып, тунук көк асманды челип турду. +Жолдон тынбай күркүрөп машинелер өтүүдө. +– Акыры ушундай болуп чыкты,– деди Байтемир ойлуу баса түшүп. +– Мен ушул үчүн үйдөн алыс кеткеним болбойт. +Эгер Асел кетем десе, көңүлү таза кеткендей болсун, мага ачыгын айтып, баласына ак батамды алып кеткендей болсун. +Самат мага өз уулуман да ысык. +Бирок ата-энесинен ажыратып кала албайм. +Ошол үчүн аттанып үйдөн алыс чыкпайм. +Памирге төтөн бара албайм. +Баятан бери бу тарыхты да гезитиңиз үчүн деп айтып жаткан жерим жок. +Жөн эле адам менен адам сырдашпайт бекен. +ЭПИЛОГ ОРДУНА Илияс экөөбүз Оштон кош айтыштык. +Ал Памирге кетти, мен өз жолума түштүм. +– Барып Алыбекти табам. +Жаңы турмуш баштабасам болбойт! +– деп кыялдана айтты, Илияс. +– Мени куруган адам экен деп ойлобоңуз. +Мезгили келсе мен да үйлөнөрмүн. +Үйлүү-жайлуу, бала-бакыралуу болормун. +Жаңы дос, жолдош күтөрмүн. +Бирок түбөлүк жоготкондорум кайрылып келбес, орду толбос. +Аселди, аны менен бир өткөргөн өмүрүмдүн сонун кезин өлөр-өлгөнчө унута албасмын. +Илияс башын жерге салып, ойлонуп калды. +Анан дагы кошумчалады: – Быякка жөнөөр алдында көл жээгине, баягы жаркабакка бардым. +Теңир-Тоо менен, Ысык-Көл менен коштоштум. +Армандуу өмүрүмдүн күбөсү, Ысык-Көлүм, кош! +– дедим. +Сары жээк, көк айдың көлүм, ушу көркүң менен кошо ала кетсем болор эле, бирок сүйүктүү кишимин сүйүүсүн алып кете албадым, анын сыңары сени да алып кете албайм. +Кош! +Асел! +Кош, кызыл жоолук делбирим! +Кош, сүйгөнүм! +Бактылуу бол!. +БИРИНЧИ МУГАЛИМ Бул сүрөттү мен али тартып бүтөлекмин. +Анын кандай болуп чыгарын эмитен айтуу да кыйын. +Күнүгө таң заардан туруп, мурда долбоорлогон айрым вариант, сүрөтчө – этюддарды кайра баштан эки-үч сыйра карап чыгам да, таңкы тынчтыкта аркы-терки басып ойлоном. +Жок, мен али көңүлдөгүнү табалекмин, иштин баары алдыда. +Бул сүрөт азырынча ойдогу тилек, жүрөктө толкуган, кан тамырында жүгүргөн элес, үмүт, кыял гана. +Иштеп бүтпөй жатып, болочок чыгарма жөнүндө күн мурун жарыя салганды дегеле башынан жактырбайм, натуура көрөм. +Кызганчактык эмес. +Бешиктеги баланын бек болорун ким билет. +Бирок, бул жолу, өзүңөр көрүп тургандай, мен ал адатымдан танып, бүтөлек чыгармамды ортого салып, ал жөнүндө кеп айтмакмын. +Айтпаска менин айлам да жок. +Эмне үчүн дегенде, жалгыз менин гана күчүм жетердей эмес, мага түрткү берип, кыялымды ойготкон бул окуя койнума батпай, кучагыма сыйбай турат. +Мен аны сүрөт аркылуу төкпөй-чачпай элге жеткирсем деген үмүттөмүн. +Ошого көпчүлүк эл акылын айтып, тилегин кошсо экен дейм. +Ал чыгарма көптүн деминен жаралган алоо болгудай, каныңардан кан кошуп, күчүңөрдөн күч болуп бергиле. +Мен бул иш тууралуу силерге айтып берүүгө түздөн-түз милдеттүүмүн. +Биздин айыл Ак-Жар тоо этегинде, суулар шаркырап + + аккан чоң тектирде орношкон, андан ылдый, туурасынан суналган Кара-Тоого чейин – түзөң өзөн, темир жол кеткен казактын сары талаасы. +Айылдын үстүндөгү адырда, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. +Бул кош терек азыр да ошол жерде. +Качан карабагын, айылга кайсы туштан келбегин, элден мурун эле дөбөдө жанаша кыналышкан ушул бийик теректер көзгө учурайт. +Эмне үчүн экенин билбеймин, же балалык таасирдин к��чүбү, же болбосо сүрөтчүлүк кесибиме байланыштуубу, айтор, станциядан түшүп, капчыгайдан чыгып, айылды көздөй бет алганда, тээ адырда баягы кош теректер турат болду бекен деп, чыдамсыздык менен ошол тарапты акмалап караймын. +Ушунчалык алыстыктан бактар канчалык бийик болбосун көрүнөрү шектүү, бирок мен үчүн алардын сөлөкөтү ар качан байкалгандай туюлат. +Эртерээк айылыма жетип барып, эртерээк дөбөгө чыгып барып, кош терекке ийилип салам берип, кулагымдын моокусу кангыча алардын күүлөнгөн үнүн уксам деп дайым дегдеймин. +Көчөдө бак деген толуп жатат, бирок бул теректердин бир укмуштуу касиети – алар бөтөнчө үндүү, тил бүткөндөй жандуу теректер. +Түнү-күнү тынбай, качан болбосун жалбырактар дирилдеп, чайпалган чокулары айкалыша, теректер ар кандай үнгө салып шуулдайт. +Бирде – жээкке урунган эрке толкундай угулар-угулбас шапшынып, бирде – тым-тырс ойлоно калып, сагынычтуу санаага толгондой, алда эмнеге муңдана үшкүрүп, жулкунган шамал булут айдап, жаан айдап, бутактарын кайрып ийгенде, теректер бой тиреше чыңалып, «бизди жыгалбайсың» – дегендей, өжөрлөнө күүлөнүшөт. +Кийин эс тартып чоңойгондо, мен бул теректердин сырын түшүндүм. +Бийикте, туш-тарабы ачык дөбөдө тургандыктан, булар дайым шамалдын огуна туура келип, абанын ар бир кыймылына жооп кайтарып, жанагыдай тынымсыз шуулдап, бөтөнчө үндүү болгон себеби да ошол. +Анткен менен менин бул байкап тапкан балалык кыялымдын алгачкы таасирин суута албады. +Ошол кездеги сонуркаганым азыр да тарабай, мен үчүн бул теректер ушул күнгө чейин кандайдыр тегин эместей, сырдуу, жандуу сыяктанат. +Бул теректердин түбүндө менин өмүрүмдүн эң бир сыйкырдуу чагы калгандай, эстеген сайын кайра баштан эскергим келет. +Окуудан таркаган жайкы маалда биз бир топ балдар болуп, балапан алабыз деп ушул жерге келчүбүз. +Биздин чуркурашкан үнүбүзгө ыраазы болгондой, дөбөдө кериле чайпалган алп теректер дайымкысындай жалбырактарын леп-леп желпилдетип, бизди күндөн көлөкөлөп тосуп ала турган. +Ошондо биз, чор таман, чор алакан тентектер, теректерге мышыкча асылып чыга баштаганда, чуу көтөргөн таранчылар жаны калбай чырылдашар эле. +Анысына болобузбу! +Улам бутактан бутакка өйдөлөп, бир убакытта, куштар учкан бийиктиктен дүйнөнүн аймагынын ачыла калган көрүнүшүнө таң калып, баарыбыз тең үн катпай, бутак-бутакка жармашып, алабыз деген чымчыктын балапандарын да унутуп коёр элек. +Биз эң чоң имарат деп эсептеген колхоздун ат сарайы теректин башынан тепкедей эле көрүнүп, ал эми айылдан төмөн, алда кайда мунарыктаган мейкиндиктин ушунчалык зор экенине, бизден нары дагы нечен кыйыр жерлер, биздин суулардан башка дагы нечен күмүштөнгөн суулар бар экенине суктана карап, ааламдын чети ошолбу, же андан нары да ушундай асман, ушундай булут, ушундай жер барбы деп ойлоно турганбыз. +Ошол учурда көкөлөгөн жел күүсү кулакка угулуп, ага уда�� бир дабыштан шапырттаган жалбырактар, көз көрбөгөн көгүлтүр алыстыкта нечен сонундар, нечен кызыктар бар дегендей тымызын күү чалып, беттен эркелете сылар эле. +Жүрөгүм жарылып кетчүдөй дикилдеп, кош теректин шуулдаганын кыялга батып тыңшаар элем. +Көз алдыма жомоктогудай ар түркүн нерселерди келтирип, ошондо бир гана нерсени ойлобоптурмун. +Бул теректерди ким тикти, кандай тилек, кандай үмүт менен өстүрдү экен деп оюма алып койбоптурмун. +Мына ушул теректер турган жерди айылдагылар эмне үчүндүр «Дүйшөндүн мектеби» – деп койчу. +Кокус бир мал издеп калганда: «Ой, баланча, менин тору кунанымды көрдүңбү?» – десе, анда беркиси токтой калып: «Тээ жогору Дүйшөндүн мектебинде жылкы жүрөт, ошол жактан чалып көр» – деп, бастырып кете берчү. +Чоңдорду туурап, биз дагы: «Жүр кеттик Дүйшөндүн мектебине, терекке чыгабыз» – дей турганбыз. +Бир кездерде ошол дөбөнүн үстүндө мектеп болгон имиш. +Биз анын ордун да көрбөй калдык, бирок кош теректүү дөбөнүн аталышы эл оозунда мурунку бойдон келе жатат. +Бул мектептин ордун, бала чакта адырларды кыдырып, бир нече ирет издеп да көрдүм, кийинчерээк: «Эмне үчүн «Дүйшөндүн мектеби?» Ал кайсы Дүйшөн?» – деп, карыялардан сураштырсам, алар менин бул суроомо эч бир кызык жок, жок иштей, кайдыгер гана жең шилтеп коюшту: «Э, ушул эле жүргөн аксак-кой Дүйшөн. +Кечээ уруяттан кийин, тиги дөбөдө бир жаман там болор эле, Дүйшөн комсомол болдум деп ошого мектеп ачып, бала окуткан. +Мектеп дегендей да эмес болчу, тимеле бир кеп. +О анда, өзүнчө бир кызык заман эмес беле, кудай салбасын, үзөнгүгө буту илингендин баары эле бет алдынча чоң, ар ким билгенин кылчу. +Дүйшөн да ошондо оюна келгенин бир иштеп койду да. +Андан бери ал жаман тамдын топурагы калган жок, бир пайдасы – аты жок дөбө эле, «Дүйшөндүн мектеби» – болуп калды.» Дүйшөн деген кишини мен анча жакшы билген эмесмин. +Бою каркайган, бүркүт кабак, салабаттуу адам окшоду эле. +Анын үйү суунун аркы маңдайында, экинчи бригаддын көчөсүндө. +Мен айылда жүргөн кезде Дүйшөн колхоздун мурабы болуп, канжыгасына чоң кетменди байланып алып, шатектен чыгып калган өзүндөй калжайган жээрдени минип, биздин көчөдөн кээде бастырып өтө турган. +Кийин, карый түшкөндө, почтолукка өтүп кетти деп уктум. +Бирок кеп башкада. +Комсомол деген менин андагы түшүнүгүмдө – ишке да, сөзгө да курч, жалкоо-жегичтерди газетке жазып жиберчү айыл жигиттеринин чекке чыккан мыктысы. +Ал эми жанагы сакалы буурул-ала карапайым киши, кашаң атын чүчүлөгөн кебетеси менен өз заманында кандайча комсомол болуп, анан калса сабатсыз жатып, балдарды кандайча окутуп, кантип мугалим болуп жүргөнүн эч бир көз алдыма келтире албадым. +Чынын айтсам, айылдагы көп жомоктун бир жомогу го деп мен бул сөзгө анча деле ишенген жок элем. +Көрсө «Дүйшөндүн мектеби» – дегендин өзүнчө тарыхы бар экен, мен аны эч бир күтпөгөн жерден жакында гана билдим. +Өткөн күздө колхоздон мага телеграмма келди. +Эки жылдан бери биздин колхоз өз күчү менен жаңы мектеп куруп жаткан болчу. +Мектептин имараты эми салынып бүтүп, айылдагылар мени мектептин ачылышына чакырган экен. +Элимдин мындай кубанычтуу күнүндө бирге болоюн деп, дароо эле жолго чыга турган болдум. +Сүрөт тартыш үчүн айылга ал турсун үч-төрт күн мурунурак бардым. +Шаардан чакырылгандардан эми академик Сулайманованы келет деп күтүшүп жатышкан экен. +Ал киши мында бир күн – жарым күн туруп, ушундан нары поездге түшүп Москвага кетет экен дешти. +Академик Сулайманованын келерин угуп, мен абдан кубанып калдым. +Бул көпчүлүккө белгилүү илимпоз аял биздин айылдан экенин, кыз кезинде шаарга кетип, кийин окумуштуу болгонун анча-мынча угуп жүргөм. +Ал эми өзү менен шаардан тааныштым. +Мен көргөндө Алтынай Сулайманова чачына ак кирип, толмоч тартып элүүлөргө таяп калган киши экен. +Университетте кафедра башчысы болуп, философиядан лекция окуп, академияда иштеп, анан ар кандай коомчулук иштери менен чет өлкөлөргө барып келип турган айылдаш эженин жай отуруп, жай сурашууга чамасы келбей жүрдү, бирок ар бир жолуккан сайын, мейли жыйналышта, мейли кокус көчөдө кездеше калганда, биздин айылдын жалпы аманчылыгын сурап, менин чыгармачылыгым жөнүндө кыскача болсо да пикирин айтпай койчу эмес. +Мен бул кишинин жөнөкөйлүгүнө, адамгерчилигине ичим жылып, бир күнү жашырбай эле өзүнө айттым: – Эже, айыл жакка барып, эл-журт менен жолугушуп келсеңиз кантер эле? +Сизди сыртыңыздан баары эле билип сыймыктанышат экен, бирок көпчүлүгү тааныбайт. +Атактуу, окумуштуу кызыбыз айылын теңине албай, чанып жүрөбү деген сөздөр да бар. +– Аның туура, иним,– деп Алтынай Сулайманова үшкүрүп койду.– Барууга өзүм да көптөн дилгирмин. +Барбаганыма кылым болду. +Айылда анча деле жакын туугандарым жок. +Бирок эл деген тууган, элден чоң тууган болбойт. +Сөзсүз барам, колум бошой калса эле барам. +Сагындым жеримди. +Академик Сулайманова ал күнү кечигибирек келди. +Мектептин салтанаттуу ачылышына жуп анын машинеси көчөгө келип токтогондо, жыйналышка чогулган эл бүт эле астынан тосуп чыгып, тааныган-тааныбаганы да, кары-жашы дебей тегиз учурашып кол алышты. +Алтынай Сулайманова мындайды күтпөгөн болуу керек, сүйүнгөнүнөн эмне кыларын билбей, элге кол куушура ийилип жүрүп отуруп, залдагы президиумдан орун алды. +Мындай салтанаттуу жыйылыштардын нечен мамлекетте нечендерин көргөн Алтынай Сулайманова бул жолу көзүнө жаш алып отурду. +Жыйналыштын аягында пионерлер анын мойнуна кызыл жагоо тагып, гүл берип, жаңы мектептин ардак китебине анын ысмын бирден бир биринчи жазышты. +Окуучулардын шаан-шөкөттүү оюндарынан кийин, кечке жуук биз бир топ мугалимдер, айыл активдери болуп мектептин директорунун үйүндө конокто болдук. +Мында ал Алтынай Сулайманованын келгенине сүйүнүп жетине албай, аны килемдер төшөлг��н жасалгалуу төргө отургузуп, колунан келишинче урматтап, сыйлап жатышты. +Чоң дасторкондордун тегерегинде жайнап отургандар күү-күү сөз сүйлөшүп, тосттор артынан тосттор айтылып, чай ичилип жаткан кезде, колуна бир тутам газет-журналдарды кармаган жаш жигит эшиктен кирип келди да, үй ээсине он чакты телеграммаларды сунуп, кол коюп бериңиз деп кайрылды. +Мурунку окуучулардан келген куттуктоо телеграммалар катардан катарга өтүп, кимдир бирөө сөз арасында: – Ой, муну Дүйшөн абышка алып келдиби? +– деп сурап калды. +– Ооба,– деди жигит. +– Жыйналышка жеткире барайын деп жакшы эле чаап келген экен, кечигип калдым деп жатат. +– Ой, түш де аны аттан, үйгө кирсин! +– деди үй ээси колун булгап. +Жигит эшикке чыгып кеткенде, жанаша отурган Алтынай Сулайманованын өңү кубара түшүп, алда эмне эсине келгендей, менден сурап калды: – Ал, кайсы Дүйшөн, кимди айтып жатышат? +– Колхоздун почточусу, эже,– дедим мен.– Дүйшөн деген аксакалды таанычу белеңиз? +«Ооба» дегендей башын ийкеп, Алтынай Сулайманова бир нерсе айтайын дедиби, ордунан турууга умтула берди эле, аңгыча терезенин тушунан атчандын карааны дүбүрөтүп өтө чыкты да, үйгө кирип + + келген жигит: – Түшүңүз десем тиги киши болбой койду, агай,– деди. +– Элге кат таркатам деп, бастырып кетти. +– Тимгой эмесе, кете берсин,– отургандардын ичинен бирөө жактырбагандай колун шилтеди,– ал абышканын отурар жери башка. +– О, Дүйшөн дегенди билбейсиңер, ал закон менен гана жүргөн киши, кызматын аткармайын эч жакка кайрылбайт,– деди ага кошумчалап экинчиси. +«Мейли эмесе, эчтеке эмес»,– дегендей үй ээси да башын ийкеп койду. +Аңгыча болбой, төрдө отурган айыл арасындагы кадырман кишилердин бири, вино куюлган чөйчөгүн колуна алып, сөз баштап калды: – Жолдоштор, бир кездерде биз «а» – деген тамганы тааныбаган Дүйшөндүн мектебинен да окудук элек.– Ал бул сөздү таң калгандай, күлө сүйлөп, башын чайкады.– Азыр ошол эсиме түшүп жатат. +– Ой тообо десеңчи! +– Ырас, ырас! +– дешти башкалар. +– Ой, Дүйшөндүн жоругу курусун. +Ушуну да мугалим деп, окутуучу деп жүргөн экенбиз да. +Каткырган күлкүлөр бастай калганда, жанагы киши сөзүн уланта түштү: – Мына эми алдыбыз өлкөгө даңкы чыккан академик болуп, артыбыз жогорку, орто билимдүү эл болдук. +Айлыбызга бүгүн жаңы орто мектеп ачтык. +Башкасын айтпайын, замандын кандай өзгөрүлгөнү ушундан эле байкалып отурбайбы. +Кана эмесе, агайын-туугандар, биздин айылдын уул-кыздары мындан ары да илимден илимге жетилип, өз заманынын алдыңкы кишилери болушу үчүн!. +Бул сөздөрдү эл жапырт колдоду. +Жалгыз гана Алтынай Сулайманова өтө кыжаалат болгондой, эрдин тиштенип кызара түштү. +Ал чөйчөктүн четин оозуна тийгизди да, кайра ордуна койду. +Анын минтип отурганын сөзгө, күлкүгө берилип алаксыган көпчүлүк байкаган да жок. +– Сиз эмне көңүлсүз отурасыз, эже? +– дедим мен. +– Анчейин эле, иним,– Алтынай Сулайманова эки-үч кайтара саатын карап коюп, башка эчтеке айткан жок. +Ушуну менен коноктор тышка дем алганы чыкканда, Алтынай Сулайманованын элден четке бөлүнүп, тээ жогору, адырда чайпалган кош теректи тиктеп, ойлуу турганын көрүп, жанына басып бардым. +Жашынууга чукулдап, күздө талаанын сургулт четине чыгып алган күндүн кочкул нурлары бийикте турган теректердин чокуларына бирде тийип, бирде тийбей кубулуп турган экен. +– Кайран теректер, жалбырак төгүп турган кези экен, жазгысын бүрдөгөндө көрсөңөр болор эле! +– дедим мен. +– Ооба, мен да ошону ойлоп жатам,– деп, Алтынай Сулайманова башын ийкеп, шыпшынып койду.– Ар бир нерсенин жазы да, күзү да болот тура. +Анын ажары өчүп бара жаткан, болпогоюраак төгөрөк жүзүнө санаркалуу көлөкө чалышып, өткүр кара көздөрүнүн тиктеши өксүй түштү. +Бул оокумда ушул далайды билген чоң окумуштуу аялдын түрү, о качаңкы «өтүп кеткен он сегиз кайра келер болсочу» – деп, ичтен сызып, кызыл жоолук, кызыл жүздүү чагын эстеген кадимки эле жөпжөнөкөй кыргыздын аялдарына окшой кетти. +Ал дагы бир нерсе айткысы келгендей, теректерди тиктеп, унчукпай турду да, бир убакытта папирос алып күйгүздү. +– Москванын поезди биздин станциядан түнкү он бирде өтөт эмеспи? +– деди. +– Ооба, эже, он бирде өтөт. +– Эмесе мен азыр жөнөшүм керек. +– Эмне үчүн? +Сиз бир-эки күн туруп кетмек убадаңыз бар эмес беле? +Эл сизди коё бербейт, эже. +– Жок, менин зарыл жумуштарым бар. +Бүгүн кетпесем болбойт, азыр кетишим керек. +Айылдаштары жаалап, кетирбейбиз деп таарынып кыйнагандарына болбой, бышып жаткан тамакка да карабай, айтканынан кайтпай кечирим суранып жатып, Алтынай Сулайманова акыры кетмек болду. +Күн батып калган кечки убакытта, айылдаштар кейип-кепчип жатып аны машинага отургузушту. +Алтынай Сулайманованы станцияга узатып, мен да кошо жөнөп калдым. +Бул кишинин эмне үчүн мындай чукул арада, бир топ элдин көңүлүн калтырып, шашылыш жөнөшүн эч кимибиз түшүнбөй да калдык. +Эки-үч жолу мунун себебин сурайын деп барып, бирок одоно болуп калбасын деп иймендим. +Анын үстүнө ал азыр эч кимге эчтеке айтпасына да көзүм жетти. +Жол катары Алтынай Сулайманова бир ооз сүйлөбөй, өтө катуу ойлонуп, капа болуп келе жатты. +Станцияга келип, поездге түшөрүндө акыры сурадым: – Эже, бир нерсеге кейип, капа болуп келдиңиз, таарынган жериңиз барбы? +– Жок. +Антип ойлобогула. +Эмнеге таарынайын. +Таарынсам да өзүмө таарынам, өзүмдүн билбестигиме. +Оюңарга эчтеке албагыла,– деди. +–Андан көрө мага нааразы болсоңор жөнү болор. +Ушуну менен Алтынай Сулайманова Москвага жөнөп кетти. +Мен шаарга кайтып келгенден кийинки күндөрдүн биринде Алтынай Сулаймановадан ойлобогон, күтпөгөн жерден кат алдым. +Өзүнүн илимий иштери боюнча Москвада көп убакыт кармаларын жазып, андан нары катында мындай дептир: «.Кымбаттуу иним, канчалык зарыл жумуштарым болбосун, баардыгын жайлаштырып таштап, мен ушул катты жазууну туура таптым. +Эгерде ушунда айтылгандар сизди кызыктырса, анда өз чыгармачылыгыңызга пайдаланууну суранам, анткени бул мен үчүн гана эмес, биздин айылдаштар үчүн гана эмес, биздин жалпы ишке, көпчүлүккө, өзгөчө жаштар үчүн керек го деп эсептеймин. +Бул менин көп ойлордон келип чыккан пикирим. +Бул менин эл алдында жүрөгүмдү сунуп тартуу кылган сырым, андыктан муну канчалык көп адам билсе, мен ошончолук бактылуу болом, ошончолук эл алдында ыйык парзымды аткарып, ошончолук менин да кетирген күнөөм кемийт. +Эгерде жаза турган болсоңуз, мени уялат экен деп тартынбаңыз, эчтекесин жашырбай, ачыктан-ачык жазыңыз.» Мен ушул каттын негизинде мындан нары академик Сулайманованын өзүнүн атынан аңгемени уланткым келет. +.Бул иш 1924-жылы болгон. +Ооба, мен жакшы билем, так ошол жылы. +Анда азыркы биздин айылыбыз турган жерде он-он беш түтүн жатакчылар болор эле. +Анда мен он төрттөгү жетим кыз аталаш туугандардын колунда жүргөм. +Ошол жылы күздө, малдуу-жандуулар кыштоого көчүп өткөндөн кийин, биздин айылга мен башта көрбөгөн, аскер шинель кийген чоочун жигит келди. +Элден, жолдон оолак турган тоо боорундагы кичинекей кыргыз айылы үчүн бул өзүнчө бир чоң окуя болду. +А дегенде аны – аскер башчылыкта жүрүп эми айылга чоң болуп келиптир дешти, кийин туруп – жок, кокуй, бул баягы эле темир жолго тентип кеткен Таштанбектин уулу Дүйшөн деген экен, өкүмөт аны солдаттан бошотуп, мугалим кылып жиберген имиш, мектеп ачып, бала окутат имиш дешти. +Мектеп, окуу деген сөздөрдүн өздөрү эле биз үчүн анда анча да тааныш эмес, жаңы сөздөр. +Бул айтылгандар чынбы, жалганбы, эмне болот, кандай болот деген арада, айыл ортосундагы дөбөчөгө эл жыйналып келсин деген кабар айтылып калды. +«Ой, шумдугуң кур, бул дагы кандай жыйналышы эле!» – деп, сүйлөгөн акем жаман атына минип, бастырып кеткенде, артынан ээрчип, башка балдар менен кошо мен да жүгүрүп бардым. +Беш-алтоо аттуусу, калганы жөө турган кичинекей топтун ортосунда көөнө кара шинель кийген, бажырайган, кубакай жигит сүйлөп жаткан экен, биз жетип барган учурда, ээрде кыйшая тартып кулак салып турган атчандардын бири, анын сөзүн бөлүп жиберди: – Эй, балам,– деди ал аптыга сүйлөп, балдырап.– Бу сенин ата-тегиңди го билебиз: бизге окшогон кара таман. +Анан сен кайдан жүрүп молдо болдуң? +Дүйшөн артына кайрыла салып, жооп берди: – Мен молдо эмесмин, аксакал. +Мен комсомолмун. +Азыркы убакытта кат тааныгандарды мугалим дешет. +Мен аскерде жүрүп кат таанып келдим. +Менин молдолук жайым ошондой. +– А-а, бали де. +– Аның жөн экен,– демиш болушту. +– Эмесе, комсомол мени мугалимдикке дайындап, бала окуткун деп жиберди. +Мектепти силердин жардамыңар менен тээ төбөдө ээн турган жаман тамды оңдоп ачалы деген такилип бар. +Кандай дейсиңер, акылыңарды айткыла? +Баятан мышыкча сестейип, бир көзүн жумуп унчукпай ээрдин кашына өбөктөгөн Сатымкул кераяк, чырт түкүрүнүп сүйлөп койду: – Аныңды коё тур, окуунун бизге кереги эмне? +Дүйшөн кандай дээрин билбей, көзү алаңдай түштү. +– Баса, туура айтат! +– деп бер жактагылар да жабыла козголо берди. +– Биз, жер кетмендеп, жер менен эле оокат кылган дыйканбыз. +А биздин балдар окуу окуп, эл сурап, өкмөт болот беле? +Кой, айланайын, башыбызды катырба?. +Үндөр бастай түшкөндө, өңү бозоруп, дабышы калтыраган Дүйшөн элди айландыра карап: – Силер балдарды окутууга каршысыңарбы? +– деп сурады. +– А каршы болгонду сен зордойсуңбу? +Азыр элдин өз эрки, боштондукка чыкканбыз! +– деди нары жактан бир үн. +Шинелинин илгичтерин жула бере жаздап, Дүйшөн төш чөнтөгүнүн ичинен төрт бүктөлгөн кагазды сууруп чыкты да, аны колуна көрсөтө кармай кыйкырды: – Силерге жер, суу бөлүп берген кеңеш өкмөтүнүн бала окутсун деп мөөрүн баскан ушул кагазына каршы чыгасыңарбы? +Кана, кеңеш өкмөтүнүн мыйзамына ким каршы, ким? +– анын «ким» деп кыйкырган сөзү бейпил жаткан күзгү абаны атылган октой жиреп, чак деп бөксөдөгү аска ташка тийгенсиди. +Эч ким унчукпай баары тең тымтырс болушту.– Силер кедейсиңер,– деди Дүйшөн чарчагандай үнүн басаңдата сүйлөп,– биз өмүр бою эзилип, тепсенди болуп келген элбиз. +Өкүмөт бизди эми көзү ачылсын, кат таанып, билимге жетилсин деп жатат. +Мына, ошондуктан балдарды окутушубуз керек!. +Дүйшөн деми кысталып сүйлөп бүткөндө, жана анын молдолук жайын сураган долдураган киши: – Мейли эми, кылар ишиң болбосо, окутсаң окутарсың,– деп койду. +– Мен силерди жардам бергиле деп жатам. +Тээтиги байдан калган жаман аткананы оңдойлу, көпүрө салыш керек, отун керек. +– Ой, жигит, коё турчу! +– Сатымкул кераяк дагы да чырт түкүрүнүп, жумулган көзүн ымдап-ымдап алды.– Бу мектеп ачам деп кыйкырасың, үстүңдө тонуң жок, астыңда атың жок, айдап койгон жериң жок, көздөп алган малың жок, сен эмне жылкы тийип оокат кыласыңбы? +– Оокатым эптеп өтөр, өкүмөт мага маяна төлөйт. +– А мына ошондой де! +– Сатымкул жыргагандай ыржая күлүп, төшүн кайкайта ээрдин кашынан өйдө боло берди.– Сөздүн аныгы эми чыкпадыбы. +Сен ошол өкүмөттүн казынасы менен эле жумуштарыңды бүтөп, балдарды окутуп ал. +Бизди болсо кыйнаба, өз ташпишибиз башыбыздан арылбай жүрөт. +Ушуну менен Сатымкул аттын башын бура тартып бастырып кетти. +Анын артынан башкалар да тарап-тарап кетишти. +Кагазын колуна кармаган бойдон турган жеринде селдейген Дүйшөн көпкө чейин ордунан козголбой турду. +Мен анын кебетесине көз айырбай карап калган экем, жанымдан бастырып бара жаткан акем: – Ой, сен эмне кылып жүрөсүң бул жерде, тур үйгө саксайбай! +– дегенде, балдардын артынан тызылдап жөнөдүм.– Тигини кара, ушулар да жыйындын четине келчү болуп алыптыр. +Эртеси күнү сууга барган жерибизден кетмен, күрөк, балта + + көтөргөн Дүйшөндүн суудан кечип өтүп, жогору дөбөдө турган жаман тамды көздөй кеткенин көрүп калдык. +Ушундан баштап күнүгө эртең менен кара ��инелчен Дүйшөндүн карааны өйдө бир өтүп, күн батарда ылдый бир түшүп турду. +Кээде чоң таңгак саман же куурай көтөрүп ташып жатты. +Аны көргөндөр, айылда туруп, бул ким болду экен дегенчелик кылып, үзөнгүгө такандай калып, алакан астынан көз жүгүртүп кеп кылар эле: – Ой, алдагы жондо отун көтөргөн Дүйшөн – мугалим эмеспи? +– Ооба, так ошол. +– А бечара, мугалим деген кызматың деле жыргаган жумуш эмес экен го. +– Анан эмей. +Карачы, байдын токолунча жүк көтөрүп, отун алганын. +Анан ушинтип жатып дегеле чоң сүйлөгөнүнө эмне бересиң! +– Колунда мөөр басылган кагазы бар да. +Күчтүн баары ошондо. +Мугалимдин ал жерде эмне кылып жүргөнүн билүүгө кызыгып, бир күнү адырдан тезек терип келе жатып, үч-төрт кыз болуп кайрылып калдык. +Бул жаман там башта бир байдын атканасы болгон. +Кыш күрөөдө тууп калган бээлер кулундары менен ушунда багылып турган. +Кеңеш өкүмөтү чыгып, бай качып кеткен соң, аткана ээн калып, тегерегин коко-тикенек, эрмендер басып, киши каттабай калган болчу. +Дүйшөн өгүнтөн бери тикенектердин баарын түбүнөн кетмендеп чаап, тамдын шалдырап жыгылып калган каалгасын кайра эптештирип, ураган жерлерин оңдоп жүргөн экен. +Өзүбүздүн боюбуз менен тең болгон, тезек толо колтурмачтап таңылган чоң ала каптарды көтөрүп, биз ушул жерге дем алмакка отура калганда, үстү-башы ылай болуп, жеңдерин түрүнүп алган Дүйшөн тамдан чыга келди да, бизди көрүп, бетинин терин аарчый жылмая күлдү: – Ии, кыздар, келгиле. +Тезектен келе жатасыңарбы? +Биз уялганыбыздан унчукпай эле, бир бирибизди карап, кап-каптын түбүндө отурган жерибизден ооба дегенчелик баштарыбызды ийкеп койдук. +Биздин уяңдык жайыбызды дароо түшүнө койгон Дүйшөн, дагы да жылмая күлүп сүйлөдү. +– Келгениңер жакшы болбодубу, кыздар! +Мына, мектебиңер даяр десек да болот. +Азыр эле бир бурчуна меш өңдүү бир нерсе куруп бүттүм. +Көрдүңөрбү, мору да үстүнө чыгып турат. +Эми кыштык отунубузду тамдын бир жагына жыйып салабыз да, жерге самандан калыңыраак төшөп таштап, окууну баштай беребиз. +Кандай, мектепке келесиңерби, окугуңар келеби? +Кыздардын ичинен чоңурагы эле мен элем, алар унчукпай жатканынан: – Жеңем коё берсе келем,– дедим. +– А дурус. +Коё бербегенде кармап калат беле. +Атың ким сенин? +– Алтынай,– дедим мен, жыртык тиземди этегим менен жаба салып. +– Алтынай. +жакшы экен. +Сен чоңоюп калган эстүү кыз экенсиң,– деди ал, мени эркелете жалооруп карап.– Эмесе, Алтынай, сен башка балдарды да мектепке окуйлу деп ээрчиткин, макулбу? +– Макул, аке. +– Мени ага деп жүргүлө. +Мектептин ичин көргүңөр келеби? +Кирип көргүлө, кыздар, коркпогула. +– Жок, биз кетебиз, кетебиз! +– дешти кыздар. +– Мейлиңер эмесе, окууга чогуу келгенде көрөрсүңөр, бара койгула. +Мен күн баткыча отунга дагы бир сапар барып келе салайын,– деп, Дүйшөн орок, жибин алып, талаага басып кетти. +Ал кеткенде биз дагы каптарды көтөрүп алып жөнөп калдык. +Мындайыраак чыкканда, менин башыма бир ой түштү да: – Токтогула, кыздар, коё тургула,– дедим. +– Мектепке отун керек экен, тезегибизди тамдын түбүнө төгүп кетели, ичкери киргизип алсын. +– Үйгө куру кол барабызбы анан, акылдуусун мунун! +– Кайра барып дагы терип келели. +– Койчу нары, күн кечкирип бара жатат, апаларыбыз урушат,– деп, кыздар мага карабай, каптарын бөжөңдөтө көтөрүп чуркап кетишти. +Мен ошондо эмне үчүн анткенимди ушул күнгө чейин жакшы түшүнбөймүн. +Кыздар менин сөзүмө көнбөй койгонуна намыстандымбы, же болбосо тырмактайымдан шорум кайнап, кагуу-силкүү жеп көзүм каткандыктан, мени башта көрбөгөн, билбеген адамдын жүрөгүмдү жылыта эркелете карап: «сен эстүү кыз экенсиң»,– деп эки ооз сөз айтканы делебемди козгоп кеттиби, айталбаймын. +Бирок азыр ойлоп-ойлоп отуруп, менин чыныгы тагдырым, менин азаптан-тозоктон өткөн таалайым ушул бир кап тезектен башталдыбы деп да кетем. +Анткени так ушул күнү бул жоругумдун аягы эмне болот деп тартынбай бел байлап, өмүрүмдө биринчи жолу өзүм туура деп тапкан оюмду иштедим. +Айтор, жолдошторум мени таштап кеткенден кийин, мен кайра жүгүрүп отуруп Дүйшөндүн мектебине келдим да, каптагы тезекти там түбүнө төгө салып, тызылдаган бойдон адырын, кокту-колотун аралап тезек терүүгө шашылдым. +Алда кандай зор эрдик көрсөткөндөй жүрөгүм алып учуп, адегенде бет алды эле чуркап кете бердим. +Адыр үстүндө кылкылдаган күн иреңи өчкөн күзгү чийлердин сыйда көкүлүнө жалын ойнотуп, боз топурак жерди кызыл-сур түскө боёп, бирөөгө кичинекей бир жакшылык кылганымдан дикилдеген жүрөгүмдө канчалык кубаныч бар экенин билгендей, менин тытык бешмантымдын күмүш топчуларына чагылыша, жүзүмдөн, маңдайымдан эркелетип балкыган нур төгүп жатты. +Биринчи жолу өз күчүмдү сезип, менин да колумдан бир нерсе келет экен го деген ой менен, көз көргөн жер, асман, шамалга кайрылып: «Билип койгула! +Мен эми сөзсүз мектепте окуйм! +Өзүм гана эмес, башка балдарды да окууга ээрчитем!» – деп көңүлүм көтөрүлүп, сыймыктанып келе жаттым. +Ушинтип жүгүрүп бара жатып, бир убакытта эсиме келе түштүм да, жерден тезек издей баштадым. +Демейде жайнаган тезек азыр эмне үчүндүр табылбай жатты. +Элеңдеген көзүмө тезектер анда-санда гана бир көрүнүп, караңгы түшкүчө кабым толбой калат экен го деп, ого бетер шашып, ансайын эсим чыкты. +Айткандай эле, менин кабым ортолой электе күн батып, аңгыча болбой айлана да караңгылай баштады. +Мындай ээн жерде жалгыз болуп көрбөгөн элем. +Үн жок, жан жок чийлүү адырга түн канаты жайылып, мени бул жерде бир нерсе кармап калардай, капты ийниме арта таштап айылды көздөй жүгүрдүм. +Коркконумдан бакырып ыйлагым келди, балким, ыйлап да жиберер элем, бирок Дүйшөндүн жанагы айтканы эсимден чыкпай ал мени көрүп тургансып, уялганымдан чымырканып, үн чыгарбай келе жаттым. +Ала-шала тер болуп үйгө жетип келгенимде, очок боюнда от жагып отурган жеңем өйд�� тура калды. +Жеңем урушчаак, начар аял эле. +– Сен кайда жүрөсүң, ыя? +– деди ал жулунуп. +Мен жооп кайтаргыча болбой, колумдагы капты жулуп алды: – Караңгы түнгө чейин сандалып жүрүп тергениң ушубу? +– Кыздар айтып койсо керек. +– О, өлүкканаңды гана көрөйүн, шүмшүк, мектепте сенин эмнең бар экен! +Мектептен айланат бекенсиң! +– Жеңем менин кулагымды толгой кармап, желкеден нары койгулай баштады. +– Ит жетим, көк жетим, томаяк! +Бөрү баласы ит болбойт: элдин балдары үйгө ташыса, сен үйдөн ташыйсың! +Экинчи ошол жакка басып көр: шыйрагыңды ташка чагып, талпагыңды сыйрып, туз куям! +Мектепчилин мунун!. +Мен сөз да, үн да кайтарбадым. +Очоктун боюнда бүрүшүп, дабыш чыгарбай ыйлап отурдум. +Бул акмак катындын урган-сокконуна ыйлабас элем, андайга бышып бүткөнмүн, менин ыйлаганым – жеңем мени эч убакта мектепке жибербесин түшүндүм. +Ушинтип ыйлап жатып, талпакка бүк жыгылган бойдон уктап калган экем, түшүмдө: караңгы түн каптаган ээн адырда тезек терип жүргөн экенмин, бир убакытта чийдин арасынан жеңем болуп ыржайган кара катын чыга калды да, мени көздөй атырылды. +Капты көтөрүп качып жөнөдүм. +Жүрөгүм оозума тыгылып, дем бербей, бутум чөпкө оролуп, кадамым арбыбайт. +Кара катын артымдан жетип келип, мени жерге көтөрө чапты да, жулмалап тумчуктура баштады. +Ал менин колумдан кап талашып жатты. +«Бербейм, тезекти мектепке алып барам! +Коё бер мени, коё бер!» – деп чыңырып жаттым. +Ушундан эки күндөн кийин, эртең менен айыл арасында иттер үрүп, кишилердин үндөрү угулуп калды. +Көрсө Дүйшөн айылды үймө-үй кыдырып, балдарды окууга чогултуп жүргөн экен. +Анда айыл көчө эмес, ар-ар жерден орношкон бозоргон котур там. +Он чакты баланы тобу менен ээрчите жүргөн Дүйшөн тигил үйгө бир кирип, берки үйгө бир кирип аралап жүрдү. +Биздин үй эң четте болор эле. +Алкылдаган жеңем экөөбүз эшикте соку жанчып, акем темир жолдун базарына эгин алып барып сатам деп, короодо ороо ачып жаткан. +Зылдай оор сокбилекти энтигип өйдө көтөргөндө, улам көзүмдүн кыюусун салып, Дүйшөндөр жакты карап жаттым. +Алар биздин үйгө жетпей кайрылып кетеби деген коркунучта болдум. +Жеңем мени мектепке коё бербесине көзүм жетип эле турса да, алда эмнеден үмүттөнүп, эч болбосо, мугалим мында келип, менин бул жерде экенимди көрсө экен деп, чыдамсыздык менен күтүп, «келтирегөр, кудай, келтирегөр!» – деп кудайдан тиледим. +Дүйшөн менин мында экенимди биле койгон эмес чыгар, айтор, катары менен кыдырып, бизге да келип жетти. +– О, жеңе, иш илгери! +Мына, бул балдар болуп баарыбыз конокко келдик! +– деп Дүйшөн жайдары күлүп салам берди. +– Келгиле,– дегендей жеңем анын келишин жактырбай күңк этти. +Акем болсо ороо казган жеринен башын да өйдө көтөргөн жок. +– Кана эмесе, бүгүн окуу башталат. +Кызыңар нече жашта? +– деп, Дүйшөн эшикте жаткан мала ташка отуруп, балдарды тизмелеген кагазын даярдады. +Жеңем жооп кайтарбай, ачуусу менен сокбилекти күрс эткизе, аны ыкшап-ыкшап алды. +Эми эмне болот деп ичимден кыпылдап, жаным жок. +Дүйшөн мени карап, баягыдай жүрөгүмдү жылыта, күлүп койду: – Алтынай, жашың канчада? +Мен коркуп унчуккан жокмун. +– Мунун жаш-пашын эмне кыласың? +– деди алкына кайрылган жеңем. +– Буга окшогон томаяк куу жетим эмес, нанды «нана» деп жүргөн аталуу-энелүү эркелер да окубай жүрөт. +Тетиги ээрчиткен балдарды эле окутуп ал, мында ишиң болбосун. +Дүйшөн ордунан секирип тура келди. +Өңү кумсарып, бүркүт канат каштары куушурула түштү: – Бул эмне дегениңиз. +Жетим деген кудайга жазыптырбы! +Жетим кыздар окубасын деген закон бар бекен? +– Закун-пакунуң менен ишим жок. +– Байкап сүйлөңүз. +Бул кыз сизге кереги жок болсо, кеңеш өкүматына керек! +Жооп берип калып жүрбөңүз! +– Ой, сен каяктагы чоң элең? +Багып жүргөн кызымды мен билемби, же жериңден ооп тентип келген сен билесиңби? +Бул иштин аягы эмне болуп бүтөрүн кудай билсин, тек ушул учурда ородон белчесинен болуп акем чыга калды. +Ал аялынын үй башкарып, сөз баштаганын жактырчу эмес. +Өзү турганда аны кынына киргизип, сабай турган. +Бул жолу да анын ошол чорт мүнөзү кармады окшойт: – Эй, катын! +– деди ал, ородон чыга кыйкырып. +– Сен качантан бери элди башкарып, биларман болуп кеткенсиң. +Көп сүйлөбөй ишиңди кыл. +Айда, Таштанбектин баласы, чатагыңды кой, алып кет кызды мектебиңе, окутасыңбы-чокутасыңбы, айда, чатагың керек эмес, алып кет. +– Муну + + мектепке талтаңдатып коюп, сокуну ким жанчып, жаргылчакты ким тартат экен! +– деп жеңем дагы булкунду эле, акем анын оозун жып басты: – Жап жаагыңды калжырабай! +Дегеним деген, айттым бүттү!. +Мына, ушинтип жатып мен биринчи жолу мектепке бардым. +Ушундан тартып Дүйшөн күнүгө эртең менен айылды үймө-үй кыдырып, бизди мектепке алып барып жүрдү. +Биринчи күнү ал бизди жерде төшөлгөн саманга олтургузуп, колубузга бирден дептер, бирден калем, ар бирибизге атайлап жасалган кичинекей тактайдан берди да: – Муну тизеңерге коюп, кат жазасыңар,– деди. +Анан дубал бооруна жармаштырып койгон сүрөттү көрсөтүп,– мына бул киши – Ленин! +– деди. +– Биз ушул кишинин айткан, көрсөткөн жолу менен окуйбуз. +Лениндин ошондогу сүрөтү бүт өмүрүмө эсимде калды. +Кийин мен мындай сүрөттү эмне үчүндүр учурата алган жокмун. +Иреңи азыңкы Ленин ал сүрөттө жарадар колун мойнуна асып, артын жапыра кийген кепканын астынан муңайым карап, «Эчтеке эмес, балдар, силер да чоңоюп жетилесиңер. +О, силердин келечегиңер, кандай сонун келечек!» – дегендей терең ойго берилип турган эле. +Дүйшөн бул сүрөттү көптөн бери алып жүргөн болуш керек, кагазы эскирип, чет-чети жыртылып калган болучу. +Мындан башка биздин мектепте төрт эле дубал бар болчу. +– Мен силерге, балдар, арип жазууну, сөз, сан жазууну үйрөтөм,– деди эле. +– Өзүм эмнени билсем ошону окутам. +Айтканындай эле Дүйшөн билгенин аябай, ар бирибиздин үстүбүзгө үйрүлүп, калем кармоодон т��рта үйрөтүп, биз укпаган саясы сөздөргө чейин түшүндүрүп, окутууга аракеттенип жатты. +Азыр ойлосом, колунда кармаган алиппеси жок бул чала сабат, эки сөздү эптеп кошуп окуган жаш жигиттин, албетте, анда окутуунун тартиби, жол-жобосу жөнүндө эч кандай кабары да болгон эмес. +Окутат деген ушул деп өз билгениндей, өзүнүн оюна туура келгениндей окута берген. +Бирок анын ак пейлинен кылган аракети, менимче, талаага кеткен жок. +Анткени ошондо биз үчүн, айылынын четине чыгып көрбөгөн тоо койнундагы кыргыз балдары үчүн, бул мектеп деп аталган туш-туш жыртыгынан шамал ышкырып, эшигинин жылчыктарынан тээ алыстагы ак карлуу тоо чокулары көрүнгөн ышталган котур тамда кулак угуп, көз көрбөгөн укмуштуу жаңы дүйнө ачылды. +Биз ошондо эле Олуя-Ата, Ташкенттерден да чоң Москва деген Ленин жашаган шаар бар экенин, баш-аягы Таластын өрөөнүндөй деңиздерде тоодой болгон кемелер сүзүп жүргөнүн, чыракка жаккан май жердин астынан чыга турганын билгенбиз. +Эл байып, турмуш оңолгондо биздин мектеп столдор коюлган чоң ак там болоруна биз ошондо эле ишенгенбиз. +Анча-мынча арип тааныгандан кийин, «ат», «таканы» жазалбай жатып, кат жүзүндө биздин биринчи оозанган сөзүбүз – Ленин болгон. +Биздин саясы алиппебиз: «бай», «кедей», «батрак», «кеңеш» деген сөздөрдөн түзүлгөн. +Ушунун баарын бизге Дүйшөн колунан келишинче үйрөтүп, түшүндүрүп, окутуп жатты. +Дүйшөн атасы менен кошо темир жолдо иштеп жүрүп, Михаил Семенович деген карыя мугалимдин колунда эки кыш окуп жүргөнүн, аскерге баргандагысын, актар менен согушкандагысын кызыгып угар элек. +Ал эми Ленин тууралуу Дүйшөн өз көзү менен көрүп келгендей сүйлөр эле. +Эгерде анча-мынчасы ооздон-оозго өткөн элдик жомок болсо да, биз үчүн анын баары сүттөн ак чындык болчу. +Биз эч бир күмөн санабай туруп кээде сурап калар элек: «Агай, Ленинге салам бергенде кол кармаштыңыз беле?» Анда биздин мугалим башын чайкап: «Жок, балдар, жүз көрүшүп жолуга албадым»,– деп ошого өкүнүп, үшкүрө турган. +Ал ар бир айдын аягында «волуска» барам деп жөө кетип эки-үч күн жол жүрүп келчү. +Ушул арада биз аны кадимкидей сагынып калар элек. +Жанымдан артык бир тууганым келердей, жеңеме байкатпай, улам-улам төмөн жактан жол карап, мугалимдин куржун көтөргөн карааны кайсы жерден көрүнөр экен, жайдары мүнөз күлкүсүнө качан тоюп, жүрөгүмдү жылыта караган көздөрүн качан көрөр экем деп чыйпылдап күтөр элем. +Дүйшөн окуткан он чакты балдар-кыздардын ичинен чоңураагы эле мен болчумун. +Балким, ошондуктан сабакты дурусураак билгени да мен элем. +Бирок ал гана эмес, мугалимдин ар бир айткан сөзүн, көрсөткөн арип, жазууларын мен ыйык түрдө көңүлүмө алып, бүт ыкласым салып үйрөнө турганмын. +Мен үчүн андан чоң, андан артык жумуш болгон эмес. +Дүйшөндүн берген дептерин аяп, кай жерде жүрбөйүн, ороктун учу менен жерге чийип, дубал боорлоруна, кар үстүнө арип салып, сөз жазып окугам. +Өз көңүлүмдө мен үчүн Дүйшөндөн жакшы, андан билимдүү киши болгон эмес. +Бул арада антип-минтип жатып, кыш да кирип келди. +Суук түшкүчө дөбөнүн этегинде аккан таштак сууну кол кармашып кечип жүрдүк. +Кийин шыйрак какшап, майда балдар чыдагысыз болгондо, Дүйшөн аларды бирин жонуна мингизип, бирин колуна көтөрүп өтүп жүрдү. +Кишилердин ошондо караңгылыгыбы, түшүнбөстүгүбү, Дүйшөндүн мунусун шылдыңдап күлүшө турган. +Өзгөчө кыштоодогу малдуулар тегирменге ун салдырганы келгенде, жайма каптарды астыларына салып алып, чоң сары тон, түлкү тебетей кийип, куйругу чорт түйүлгөн семиз аттарды алчаңдата, ичкен бозосун карт кекирип: – Э, ботом, бул бирин көтөрүп, бирин аркалап, балапан ээрчиткен күрптөй болгон неме ким өзү? +– деп, камчысын түртө өтөр эле. +Анда экинчиси темине берип: – Атаңдын көрү, аял болсо токолдукка ала турган экен го! +– деп, туяктын астынан даңкан таштап, каткырган бойдон кетишер эле. +Ошондо тигилердин айтканына ыйлап жиберчүдөй ар бирине ичим күйүп, күчүм жетсе аларды тизгинден алып: «Биздин мугалимден айланып кеткиле. +Силер уятсыз, акмак кишилерсиңер!» – деп, бетке кыйкырсам го дегендей ызалана турганмын. +Бирок Дүйшөндүн буга арданганын көрө албадым. +Ал мындайды укмаксан болуп, сабырын салып, бизди башка сөзгө алаксытып койчу. +Көпүрө салууга жыгач жок, аттамчыктар коёлу деген акыл менен, бир күнү майда балдарды үйгө узатып жиберип, Дүйшөн экөөбүз сууга таш жыйнап, таштын үстүнө чым коюп ишке кириштик. +Азыр ойлоп карасам, ошондо айылдагылар эле эки жыгач таштап бүтүрүп койчу жумуш, бирок анда окуунун мааниси эмне экенин билбеген эл. +Дүйшөндү анчейин бир кыларга иши жок апендидей көрүшүп, чыдасаң окут, болбосо тим кой дегендей, ат кечкен жерге көпүрө салып көрбөгөн немелер өздөрүнө кереги жок болгон соң, биздин жайыбызды көңүлүнө да илишпептир. +Бирок бир нерсени ойлонушса болмок эле: эмне үчүн ушунча азап жеп, шылдың болуп, бирөөдөн артык болбосо, эч жери кем эмес, ушул жаш жигит колунан келген баардык аракетин кылып, элдин балдарын окутуп жүрдү экен? +Биз аттамчык салып жатканда кар жаап калган болчу. +Сайсөөктөн өтүп төбөгө чейин какшаткан муздак сууда казандай таштарды көтөргөн Дүйшөн кандай чыдап жүргөнүн билбейм, бир убакытта тиземдин астында тарамыш түйүлүп, же үн чыгаралбай, же өйдө болалбай көзүм бозоруп жыгылганы калган экем, Дүйшөн мени көрө салып, колундагы ташын ыргытып жиберип, мени көтөрүп жээкке жүгүрүп чыкты. +Жерде жаткан шинелине отургузуп, түйүлгөн тарамышты укалап, көгөргөн буттарымды жылуулап кымтыды. +– Кой, Алтынай садагасы, мен өзүм эле бүтүрөм азыр, отура бер. +Аттамчыктарды эптеп коюп бүткөндөн кийин, өтүгүн кийип жатып, Дүйшөн менин үрпөйгөн түрүмдү көрүп, жалооруп күлүп койду: – Жылыдыңбы, Алтынай! +Анан туруп: – Баягыда тезекти сен төгүп кеттиң белең? +– деди. +– Ооба,– дедим мен. +«Мен да ошондой ойлодум эле»,– дегендей, Дүйшөн ууртунан күлмүңдөп койду. +Ошол болор-болбос нерсени унутпай, эсине ала жүргөнүнө, мен ичимден абдан ыраазы болуп, төбөм көккө жеткендей кубандым. +Эки бетим ысып дуулдап кетти. +Дүйшөн менин сүйүнгөнүмдү сезди окшойт: – Жайнаган көзүңдөн айланайын,– деди ал мени эркелете. +– Окууга дегеле дилгирсиң. +Кап, колумдан келсе, сени чоң шаарга окутсам э-э! +Кандай киши болор элең! +– деди да, өйдө туруп, шыргалаң агыза булдураган көк-кашка суунун жээгинде, азыр да көз алдымда, эки колун желкесине алып, көкүрөгүн кере, тээ кыялап көчүп бара жаткан ала булут, ак булутка тигилип ойлонуп турду. +Эмне ойлонду экен ошондо? +Же кыялында мени чындап эле чоң шаарга алып барып окутуп койду бекен? +«Ай-и-и, кудай, Дүйшөн менин бир тууган агам болуп калсачы. +Мойнуна асылып эркелеп, көзүмдү жумуп бекем-бекем кучактап, баардык жакшы сөздөрүмдү кулагына шыбырап айтсам!» – деп тиледим эле ошондо. +Биз анын билиминен да мурун, менимче, ушундай адамгерчилигин, биз үчүн болгон илгери үмүт жакшы тилегин, бала болсок да, баалап, урматтай турганбыз. +Антпесе бизди тизеден кар кечип, кычыраган аязда, борошодо жетелешип айылдан алыс турган мектепке барасыңар деп, жаман тамда көк муштумдай көгөрүп отуруп сабак окуйсуң деп зордогон эч ким жок. +Бети-башыбыз кыроо болуп кетсе да чыдап, улам кезектешип, бирибиз мешке от жагып, буту-колду жылытып жатканда, калганыбыз баш тартпай Дүйшөндүн айтканын угуп, көрсөткөнүн үйрөнүп окуп отурчубуз. +Мына, ушундай ызгаардуу күндөрдүн биринде, кийин ойлосом январдын аяк чени экен, Дүйшөн бизди адатынча мектепке ээрчитип чыкты. +Бул жолу ал эч бир унчукпай, сүйлөбөй, сустайган каштарынын астынан бүркөлө карап, кубакай жүзү карарган темир өңдөнүп келе жатты. +Мугалимибиздин мындай болгонун эч бир көргөн эмес элек. +Алда кандай жамандык болуп кеттиби дегендей ыйба менен биз дагы, демейде чурулдап ойной кетчү балдар сестейип калдык. +Калың кар түшкөндө Дүйшөн дайым өзү жол баштап, анын артынан мен, анан башка кичирээк балдар чыйырга түшчү. +Бул жолу да дөбөгө жеткенде Дүйшөн алдыга чыгып чыйыр салды. +Кээде адамдын аркасынан карап да ичтегисин билүүгө болот. +Башына каран күн түшкөндөй эңкейип, бутун сүйрөп, кыйналып келе жатты. +Ошондогу бир көрүнүш али да эсимде: кара шинелинин астынан далысы уркуюп, башын салаңдаткан Дүйшөндүн жону, андан өйдө – Дүйшөндүн эңкейген жону сыяктуу дөбөнүн өркөчтөнгөн шамалдуу күрткүлөрү, андан да өйдө – бопбоз асман, салаңдаган жалгыз кара булут. +Мектепке кирип келгенден кийин, Дүйшөн күндөгүдөй от жаккан да жок. +– Өйдө тургула, балдар,– деди. +– Тумак, тебетейиңерди башыңардан алгыла. +– Өзү да шапкесин башынан жулуп алды. +Биз эмне болуп кетти деп түшүнгүчө болбой, Дүйшөн кардыккан, мүдүрүлгөн үн менен: – Биздин Ленин атабыз дүйнөдөн кайтыптыр, балдар,– деп угузду. +– Азыр бүткүл жерде адам баласы аза күтүп турганда, силер да ордуңардан козголбой, үн чыгарбай, тикеңерден тик туруп, мына бул сүрөттү карап тургула. +Эсиңерде калсын + + бул күн. +Там ичи көчкү баскандай жым-жырт боло түштү. +Сыртта уюлгуган шамал туш-туш тешиктен кар учуруп, ар бир кардын «шырп-шырп» этип тоголонуп түшүп жатканы угулуп турду. +Шаар-шаары менен, аймак-аймагы менен кара чүмкөнүп, жер солкулдата иштеген заводдор токтоп, талаа жаңырта жүгүрүп бара жаткан поезддер токтоп, басып бара жаткан эл токтоп, дүйнө аза күткөн күнү, эч кимге бейкапар, мектеп деп аталган жалгыз жаман кепеде мугалимибиз баш болуп, демибизди ичибизге катып, биз дагы, калың элдин кичинекей учкунунун учкуну, көңүлүбүздө Ленин менен эң жакын күйөрманы болуп коштошуп жаттык. +Ал эми биздин Ленин болсо баягысындагыдай эле: сакал-муруту өскүлөң азыңкы кебетесинде, жарадар колун мойнуна асып, артына жапыра кийген кепканын астынан бизди муңайым тиктеп: «Эчтеке эмес, балдар, силер да чоңоюп жетилесиңер. +О, силердин келечегиңер, кандай сонун келечек!» – дегендей, алыска ой жүгүртүп, бизди тирүү кишидей карап турду. +Дүйшөндүн эки көзүнөн аккан жаш жүзүнөн мөлтүлдөп сарыгып жатты. +Бир оокумдан кийин ал жашын аарчыды да, бизди карап алып: – Мен бүгүн волуска кетем, балдар. +Мен анда барып, партияга өтүүгө арыз берем. +Мен үч күн өтүп, төртүнчү күнү кайра келем,– деди. +Ошол үч күн табийгаттын эң ачуу, эң каардуу күнү болдубу бейм. +Көзү өткөн улуу кишинин жер үстүндө орду толбой, жаратылыш арман күүсүн бороонго берип, өксүгөнүн ышкырган шамалга берип, ичи ачышканын чоктой тийген аязга берип жарга урунуп, ташка урунуп эч бир тынчтаналбай чамына берди. +Биздин айылдын котур тамдары тигинден, мындан жүлүндөй түтүн булатып, буюккан улуу тоонун этегинде эл чээнге кирип кеткенсип, сыртка башбаккан киши-кара жок. +Жан жакада карышкыр күчөп, көздөлбөй калган мал-пулду күндүз эле тартып кетчү болду. +Айрыкча түн кирери менен карышкырлар айыл аралата келип, тишине тиер эчтеке табалбай, таң аткыча айланчыктап улуп жүрүштү. +Мугалимибиз качан келет деп, бул суукта үстүндө тону жок кантип келер экен деп коркуп жаттым. +Дүйшөн келер күнү жүрөгүм эле өйкөлүп сыздай берди. +Ал келем деген болжолунда келбей койчу эмес. +Кайта-кайта эшикке чыгып, карааны көрүнөр бекен деп жол карайм: ээн жаткан карлуу талаада эч бир көзгө көрүнгөн жан жок. +«Алда-а, кудай-ай, кечке калбай эртерээк эле келсечи! +Карааныңдан айланайын агайым, кайда жүрөт болду экен, бул маалда?» – деп ичимден кейип, жеңеме көрсөтпөй, кээде ыйлап-ыйлап да алдым. +– Ай, селсаяк, сен бүгүн эшикти тындырасыңбы? +Отур алдагы ордуңа, жибиңди ийри. +Балдарды үшүтмөк болдуң! +– деп жеңем мени сыртка чыгарбай отургузуп койду. +Кечке жуук болгондо Дүйшөндүн же келген, же келбегенин билалбай айлам кетти. +Ийикти эптеп эле толгоп, жибим кайра-кайра үзүлө берди. +– Сен бүгүн эмне болгонсуң? +Өлөрүңө көрүнгөнбү? +– Жеңем мени акшыя карап, кыжырланып жатты. +– Тур, андан көрө Сайкал кемпирдин ала кабын жеткирип бер,– деди. +Муну укканда мен ордумдан ыргып турдум, анткени Дүйшөн ошол Сайкал кемпирдин үйүндө жүрчү. +Абышкасы Картаңбай, кемпири Сайкал дегендердин мага таякелик жайы боло турган. +Башта мен алардын үйүнө барып, кезек-кезек жатып да калчумун. +Жеңем ушуну эсине алдыбы, же кандай кудай жалгаганын билбейм, капты колума берип жатып: – Сен бүгүн көкөйүмө аябай тийдиң. +Жаткырса, Сайкалдыкына эле түнөп кел. +Тур, көзүмө көрүнбө,– деди. +Бирде тына калып, опурула-опурула соккон шамал, дем окуган бакшыдай, ысып чыккан бетиме кар чачып, аптыктырды. +Капты колтугума кысып алып, атчан сала кеткен чыйыр менен айылдын аркы башына, «келди бекен» деп, кыпылдап жүгүрүп бара жаттым. +Келсем, жок, келбептир. +Мен шалдайып туруп калганда Сайкалдын эси чыгып кетти: – И, мынча эмне жүгүрдүң? +Аманчылыкпы? +– Жөн эле. +Кабыңарды алып келдим. +Бүгүн силердикине жатып кетейинби, тайеже? +– Жатагой, жаман чүрпөм. +Күздөн бери каттабай койдуң го. +Отко отур! +– Эт сал, кызыма, кемпир. +Дүйшөндүн да келер маалы болуп калды. +Жете келер, ат-көлүк аман болсо,– деди нары жактан күүгүм жарыкты шыкаалап, кийиз чокой үйрүп отурган Картаңбай. +Антип-минткенче иңир чалган терезелер караңгылап, түн да кирип келди. +Күзөттө турган жүрөгүм айыл арасында ит үрүп, үн чыккан сайын үркүй берип, тамакка да табитим чаппады. +Аны-муну божураган Сайкал күн кечкиртип, эл жатып, түн ортосуна кетти. +Күтө берип чарчаган соң: – Кой эми, кемпир, төшөк сал. +Бүгүн келбей калды го. +Өкмөттүн амирин билип болобу, дагы бир жумушу чыгып, кармалып калган го,– деп, Картаңбай жатууга камына кетти. +Мага төшөктү мештин артына бурчка салып беришти. +Уктай албадым. +Чал кайта-кайта күрс-күрс жөтөлүп, келме келтиргендей алда эмнелерди ичинен шыбырап, кудайлап жатты. +Бир кезде эсине бир нерсе түштүбү, өзүнчө сүйлөнүп койду: «Жаман тору кантти экен, калаада оңой менен жем-чөп да табыла койчу эмес эле.» Ал ушинтип жатып тынганда, шамал күчөдү. +Тамдын сыртынан күдүрөкөй кол сыйпалагандай, шыпты аңтара урунган шамал, шабур-шубур этип терезеден тырманып жатты. +Менин өз оюмда Дүйшөн бүгүн сөзсүз келе тургандай болуп, ээн талаа боз жолдо кантти экен деп, санаам тынбады. +Ушинтип жатып көзүм илинип кетсе керек, бир убакытта, адамдын тула бою дүркүрөгөндөй жерден аласала өйдө созолоно кеткен улуган дабыш чыкты. +Карышкыр. +Бирөө-жарым да эмес, бир топ көрүнөт. +Туштуштан үн алышып, улуп-уңшуп күчөштү. +Бирде алыстап, бирде жакындап, шамал аралаша айыл четине каңкылдап келгендей сезилип жатты. +– Бороон чакырып жатышат го! +– деди шыбыраган кемпир. +Чал унчуккан жок. +Бир аз тыңшай түшүп, чочугандай өйдө тура калды: – Жок, кемпир, булар соо эмес. +Бирөөнү кууп келе жатышат. +Адамбы, жылкыбы, айтор, камап айландырып калышты. +Булар соо эмес. +Кудай сакта, айланайын кудай, биздин Дүйшөн болуп жүрбөсүн, ал эчтекени байкачы эмес эле. +– Картаңбай караңгыда калдаңдап тонун кие турду. +– Чырак, чырак жак, кокуй. +Кудай. +Эсим чыгып калтырап мен да, кемпир да шашылып өйдө турдук. +Кемпир далбастап чырак жаккандын ортосунда, жаалап үрүп-улуп келген карышкырлар бир кезде жым болуп эле тынчтана калды. +– Жайлады иттер, жыкты! +– деген бойдон чал таягын ала сыртка атырылды эле, аңгыча болбой иттер безелене үрүп, карды кычырата жүгүрүп келген бирөө эшикти карс-карс койгулап жиберди. +Аяздуу бубакка аралашып, бетинде каны жок, купкуу Дүйшөн энтигип келип, каалгага жөлөнүп туруп калганда, көзүм караңгылап: – Аксарбашыл, аксарбашыл! +Сен белең, катыгүн! +Айланайын баабедин! +– деген чал-кемпирдин үндөрүн эле угуп калдым. +– Мылтык барбы, Каке! +– деп Дүйшөн кайра жулунду. +– Жок, кокуй мылтык жок! +Кой, кокуй! +кой! +– Чал-кемпир эки жагынан асылып чуркурап калышты. +– Эмне бар? +Бакан барбы? +– Эчтеме жок, чыкпа. +Бизди ушул жерге өлтүрүп эле чыкпасаң, чыкпайсың! +Өзүмдөн өзүм муунум бошоп, алсырап, нес болгон өңдүү мен унчукпай кайра төшөккө жаттым. +– Айылга жеткирбей камашпадыбы,– Дүйшөн, үшкүрө тартып, камчыны тигиндей ыргытты. +– Ат жолдон эле чаалыгып келе жаткан, тигилер кууп калганда берки тумшукка жетпей соругуп жыгылды. +Ошол жерден эле басып калышты. +– Кудайдын кудурети, мейли, ат болбосо сени да узатпайт болчу, кокуй! +Аксарбашыл, айланайын баабедин. +Кой, эми, чечинип коломтого жылын, отур, өтүгүңдү тартайын,– деп эле бечара Картаңбай сүйүнүп калдаңдап жатты. +– Шорпо-шилениңди жылытагой, кемпирим. +Кудай сактабадыбы!. +Алар отко жакындап отурганда, Картаңбай жеңилдене үшкүрүп койду: – Болору го болду. +Мынча эмне кеч чыктың? +– Райкомдун жыйналышы кеч бүттү, Каке, партияга өтүп келдим. +– Аның го жакшы. +Анан эртең күндүз эле келсең болбойт беле? +Же сени мылтыктап желкеге айдаган киши болбосо. +– Мен бүгүн келем деп балдарга убада бердим эле,– деди Дүйшөн. +– Эртең сабак башташым керек. +– Ок, балдарың бамыран калсын! +– деп, чочуган Картаңбайдын жаны чыгып кетти. +– Эй, тобо! +Балдарга убада бердим дейт тура! +А майып болуп калсаң эмне болор эле, ойлойсуңбу? +– Эчтеке эмес, Каке, менин ишим, кызматым ушул. +Андан көрө башканы айтыңыз: демейде жөө барып келчү элем, бул жолу сизди жалгыз атыңыздан ажыратып койдум, Каке. +– О, аты менен жерге кирсин! +– Башыңдан айлансын! +– деп жиберди Картаңбай. +Ушул жашка жетип, аты жок эле жүргөм. +Кеп эмес. +Кагылайын кеңеш турганда дагы да аттуу болормун. +– Ошону айт, абышка,– деди нары жактан ыйламсыраган Сайкал. +– Аты садага кетсин. +Тамакты ысыгында ичегой, балам. +Сүйлөөлөр бир аз токтой түштү да, Картаңбай коломтого чок шилеп жатып ойлуу айтты: – Эстүү, акылдуу эле жигитсиң. +Балдарды окутам деп жаныңды сайып жүрөсүң. +Мен ушуга түшүнбөйм. +Мынча эмне кордук тарттың? +Андан көрө бирөөгө жалданып кой кай��арсаң, оокатың тың өтөр эле го. +– Каке, туугандык жайыбыз да бар, мага күйүп айтып жаткандырсыз. +Мына ушул жаш балдар кийин сизге окшоп окуунун, билимдин кереги эмне деп түшүнбөй калса, анда сиз кагылайын деген кеңештин иши алга баспай калат. +Мен үчүн бул кордук эмес, Каке, колумдан келсе балдарга дагы да көбүрөөк билим берсем, арманым болбос эле, Ленин да айтып кетпедиби бул тууралуу. +– Ленин демекчи,– деп Картаңбай бир паска унчукпай калды. +– Ушинтип жүрүп Ленинди тирилтип алсаң кана! +Же сенден башка эл күйбөйт дейсиңби? +Кабыргабыз сөгүлүп, биздин да жүрөгүбүз түтөп жатат. +Дини буруу болсо да, саясатына туура келеби жокпу, күнүгө беш убак келме келтирип жүрөм. +Анан туруп ойлойм да, Дүйшөн, биз канчалык күйүп бышпайлы, ушул кишини жоктоп деле алалбайбыз. +Мисалы, жер үстүндө от кандай өчпөс болсо, суу кандай соолубас болсо, аба кандай түгөнбөс болсо, эл кандай арылбас болсо, так ошондой кенч киши го дейм, өзүмдүн жаман акылымда. +– Акылыңыздан айланайын, Каке,– деди Дүйшөн. +– Сөзүңүздүн калети жок: мына көзү өттү эле, баскан, турганыбыз баары эле Ленин менен болуп жатпайбы, Каке. +Алар ушинтип сүйлөшүп жатканда, адегенде түштөгүдөй болуп, дале Дүйшөндүн аман кайтканына ишене бербегендей, эсиме келалбай жаттым. +Анан бир кезде жан жыргаткан укмуштуу кубаныч ташкындаган селдей каптап, демимди аптыктырды да, сүйүнгөнүмө чыдабай жашымды төгүп, өксүп-өксүп ыйлап жибердим. +Адам минтип кубанып көргөн эмес чыгар. +Мен үчүн ошол учурда үстүмдө турган кемпир-чалдын жаман тамы да жок, сыртта борошологон түн да жок, айылдын этегинде Картаңбайдын жалгыз атын тытып жаткан карышкырлар да жок, акылым, жүрөгүм, денем сезген + + – жалаң гана көкөлөгөн асман сыяктуу чексиз, өлчөмсүз кубаныч. +Ыйлаганым угулуп калбасын деп, чүмкөнүп оозумду бастым – жашыралбадым. +– Ой, бул ким бышактаган? +– деди Дүйшөн. +– Алтынай эле, эси чыгып ыйлап жатат,– деди Сайкал. +– Алтынай? +– Дүйшөн ордунан ыргып туруп, менин баш жагыма келип, тизелеп отура калды. +– Э, Алтынай, сага эмне болду, эмнеге ыйлап жатасың? +Айтчы? +Мен эреркеп, ого бетер шолоктоп тескери карап кеттим. +– Айланайын, жайнаган көзүңдөн секет болоюн, садагаң кетейин! +– деп Дүйшөн мени көтөрүп алып, өйдө турду. +– Эмне болду сага, чоп-чоң эле кызсың, мынча эмне? +Бери карачы. +Дүйшөндүн мойнун кучактап, ансайын солкулдап, мойну-башын суу кылып, эч бир ыйымды токтото алсамчы. +– Кокуй, мунун жүрөгү түшүп калган го! +Кемпир, апаптап кой, бол! +– деп Картаңбай да тура келди. +Болкулдаган Сайкал бетиме суу бүркүп, апаптап, баары тең убараланып жатышты. +Ошондо менин жүрөгүм түшпөй эле, мен кандай бактылуу экенимди билишсе го! +Айтып берүүгө чамам жок, тил да жетпейт. +Мен тынчтанып уктап кеткиче, Дүйшөн чекемди сылап, жанымда отурду. +Кыш ооп, жаз да келди. +Нымдуу жердин саан сүт жыттанган жылуу эпкинин айдап, казактын даркан талаасынан, көзгө илешпеген зор дайрадай каалгып, көктөм жели жетип келгенде, тоо койнунда ак кар, көк муз ыдырап, таш омкоруп, аң жыртып, жаз шаңын ырдаган кыян суулар жон-жондон кулап түштү. +Менин алгачкы беш көкүл жаштык чагымдын биринчи жазы ушул болду бекен. +Жаздын көркү жылдагыдан башкачарактай туюлгансып, бөтөнчө биздин мектеп турган дөбөнүн үстүнө теребелдин чар тарабы кең ачыла берди. +Жогор жагы кырданган, көгала зоокалуу тоолордон баштап, жер кулачын кере, өйдөтөн төмөн боюн токтото албай жүгүрүп бара жаткан сымал көз чабытың канча жетсе ошончо,– жибиген, тыноо алып ойгонгон көгүлтүр булоолуу талаа, талаа артынан талаа, учу көрүнбөгөн жылтылдаган суулар. +Абаны солкулдата кишенеген жылкынын үнү алда кайдан созолоно угулуп, асманда күмүштөнгөн күрпөң булуттарды аралап желе тарткан турналар жүрөк чымырата опкоолжутуп, жер менен көктөн үн алышып, белгисиз алыс тарапка жол жүрүүгө чакырып жатышты. +Жаз келгенге күлкүбүз көбөйүп, оюнубуз көбөйүп, мектептен чыккандан айылга чейин кубалашып келчү болдук. +Муну байкаган жеңем ичи тарыгандай, жактырбай сүйлөнүп жүрдү: – Ай, шүмшүк, бой жеткениңди билбей сен эмнеңе далактайсың. +Элдин мындай кыздары эбак эле эрге чыгып, жек-жаат таап берип жатышат. +Сен болсоң мектеп деген кургурду таап алдың. +Карап тур, сенин көзүңдү гана тазалабасамбы. +Башынан кыртышы сүйбөгөн жеңемдин бул айткандарын айтыла жүрчү сөзү да дегенчелик кылып, анча деле капарыма ала бербедим. +Анан калса бой жетти дегендей: азырак боюм өсө түшкөнү гана болбосо, мен, Дүйшөн айткандай, баягы эле сексегей саргыл кыз эмесминби? +О, чындап бой жеткендеби, мен кандай сулуу кыз болор экем! +«Маңдайың ачык, Алтынай, жылдыздуусуң»,– деп Дүйшөн айтып жүрбөйбү. +Бир күнү мектептен келсем, биздин үйдө эки чоочун ат байланып туруптур. +Ээр токум, жабдыгын караганда – тоодон келгендер болуу керек. +Базарлап нары өтүп, бери өткөндө кээде тие кетишчү. +Жеңемдин өзгөчө шыңкылдаган күлкүсү босогодон эле угула берди: «Ай, жээн бала, көп кетти деп ичиң ачышпай эле койсун, таажеңеңдин баркын колго тийгенде билерсиң! +Өзүң көрөсүң го! +Хи-хи-хи!.» Ушуга карп-күрп үйгө кирип келгенимде сөздөр тыйыла түштү. +Төрдө кызара бөртүп отурган булкуйган жоон киши, казандай түлкү тебетейинин астынан мени жалт карап алып, тамагын жасап мурчуя, жөтөлүмүш болуп койду. +– И-и, кызыке, келегой, секет! +– деп жеңем жароокерлене кайрылды. +Акем менен дагы бир киши, үргүлөгөндөй баштарын шылкылдатып, «туз көзүр!» – деп, карта ойноп отурушкан экен. +Булар арак ичип, тамак жеп отурушуптур. +– Эшиктеги шорподон куюп ичегой, садагасы,– деди. +Жеңемдин минтип калптан-калп жароокерленгени мага жаккан жок. +Мунусу кандай деп, ичимден санаркай түштүм. +Бир топтон соң тигилерди аттандырып жиберип, мени кайра: «шүмшүк, томаяк» – деп киргенден кийин ии, жана тимеле мас болгон го деп, көңүлүм тынды. +Ушундан көп уза��ай, биздикине кандайдыр бир жумушу менен Сайкал кемпир келе калды эле, анда да, сыртта жүрүп, анын чочуганын угуп калдым: «О, койчу нары, ботом! +Убалына каласың!» Жеңем экөө айтыша түшкөндөй болуп, бир убакытта, кемпир эшикке чыгып бара жатып, мени ачуулуу, аялуу карап алып, жолго түштү. +Бул эмнеси деп Сайкал энеме таарынып да калдым. +Эртеси күнү мектепке Дүйшөндүн сабыры суз тартып, сыр алдырбайын дегени менен, алда эмнеге бушайман болуп жатты. +Ал мени тик кароодон жалтангансып, кабагын ачпай, бүркөлө берди. +Сабактан таркаганда, балдар менен ээрчишип бара жаткан жеримден, Дүйшөн мени токтотуп алды. +– Коё тур, Алтынай,– ал менин жаныма басып келди да, чачымдан сылап туруп айтты: – Сен эми үйүңө барбайсың, Алтынай, түшүндүңбү? +Жүрөгүм шуу этип, өгүнтөн берки сөздөрдү мен ошондо гана түшүндүм. +– Жообун мен өзүм берем,– деди Дүйшөн. +– Биздикинде жүрөсүң. +Жанымдан алыс чыкпа, уктуңбу? +Сүлдөрүм өчүп кетсе керек, Дүйшөн ээгимден өйдө көтөрүп, мени жүзүнө тик каратты: – Коркпо, Алтынай! +– деди ал, адатынча жайдары күлүмсүрөп. +– Мен турганда эчтекеден коркпо. +Мурдагыдай эле сабагыңды окуп, ойноп-күлүп жүрө бер. +Коркок жаның бар эле. +баса! +– деп, эсине бир нерсе түшкөндөй каткырып күлүп жиберди. +– Сага айтам деп унутуп жүрөм. +Баягында, эсиңде барбы, Какем таңазандан туруп алып, сага дем окутат элем деп Жайнактын бүбү кемпирин ээрчитип келиптир. +«Бүбүгө барсаң, бүк дейт, бакшыга барсаң, бак дейт – бир кара жандык тап дейт!» – деп, кууп жибердим. +Сен уктап жаткансың. +Кереги эмне бизге бүбү-бакшынын, туурабы? +Мени уят кылып койдуң деп, Какем бир базарча оңдуу сүйлөшпөй, таарынып да жүрдү. +Анткени менен кемпир экөө сонун кишилер да. +Жүр эми кеттик,– деп, Дүйшөн мени ээрчитип алып кетти. +Дүйшөндүн айтканындай эле болоюн дегеним менен, ушул сааттан тартып менин башыма оор күн түштү. +Акелерим чындаса мени сабап отуруп алып кетсе да, ким эмне дейт эле анда. +Түнү менен көз ирмебей, Картаңбайлардын үйүндө жатып минут сайын коркунучту күтүүдө болдум. +Албетте, Дүйшөн өзү да менин бул абалымды жакшы билип жатты. +Мүмкүн, менин көңүлүмдү көтөрөйүн деген ой менен, ал ушунун эртесинде мектепке эки жаш терекче алып барды. +Окуу бүткөндөн кийин Дүйшөн мени колумдан жетелеп: – Экөөбүз азыр бир иш кылабыз, Алтынай,– деди, өзүнчө сүйүнгөндөй мени күлө карап. +– Мына бул теректерди мен сага арнап алып келдим. +Ушулар жетилип чоңойгончо, сен дагы жетилип, жакшы киши болуп, көктөп бүрдөйсүң. +Менин баамымда сен чоң окумуштуу адам болосуң. +Айтты-айтпады дээрсиң, сенин таалайыңа жазылып турат, жайнаган көзүңдөн айланайыным, тал-чыбыктай солкулдак кезиң, зээниң бар, акылың тунук. +Ушул тилекке багыштап алып келдим элем, кел эми өз колубуз менен тигип коёлу. +Багың окуудан ачылсын!. +Менин боюм менен тең болгон, жаш наристе кабыктуу көгүлтүр бай терекчелер, жанаша жерден орун алып тикелей ка��ганда, адырдан жете келген жел бутак-бутагындагы жаңыдан гана ачылган кичинекей жалбырактарын жан киргизгендей, желп эткизе биринчи жолу козгоп кетти. +– Мына көрдүңбү кандай экенин! +– деди Дүйшөн, артка чегине берип карап. +– Эми тиги чоң булактан арык чыгарып коёбуз. +Мына ошондо көрөсүң: О, кандай келишкен зор теректер болор экен! +Булар дөбөнүн үстүндө туруп, келген-кеткендин баарына көрүнөт. +Анда заман да башка болот. +Аман болсок, жакшылыктын баары алдыда, Алтынай. +Сүйүнгөн-кубанганымдан, ыраазы болгонумдан эмне дээримди билбей, мен унчукпай эле Дүйшөндү карап тура бердим. +Анын ошол кубакай жүзүндөгү сүйрүрөөк келген кара көздөрү кандай сулуу, кандай таза пейилдүү экенин башта билбей жүргөндөй, анын жаңы гана тал тигип кара топурак болгон шадылуу, күчтүү колдору адамга кокус тийип кетсе кандай жагымдуу экенин мурун туйбай жүргөндөй, азыр жүрөгүмдү солкулдаткан алдакандай башкача сезим козголуп: «Дүйшөн агай, сиз ушундай болуп туулганыңыз үчүн, мен. +мен сизди кучактап өпкүм келип турат!» – деп жибере жаздап, өзүмдүн бул оюмдан өзүм чочуп, уялып кеттим. +Айтор, үстүбүз чайыттай кирсиз асман, турганыбыз жайнаган жазгы адырлар болуп, түркүн кыял, түркүн сонун үмүткө берилип жел жараткан жаздын ырайына рахаттанып турду. +Ошол учурда башыма чырмалган балакет иш да ойдон чыгып кетип, эртеңким эмне болот, эмне үчүн жеңелерим мурдагы күндөн бери мени издеп да келбейт, же мени унутуп калыштыбы, же өз эркине тим коёлу дештиби, буларды мен балалык кылып, Дүйшөн болбосо, унута бере жаздаптырмын. +Айылга жакындап келгенде, ал менин эсиме салды: – Келечегим эмне болот деп көп кайгыра бербе, Алтынай, анын да жолун табарбыз. +Бүрсүгүнү, же андан наркы күнү экөөбүз волуска барып, сенин окууң тууралуу өкүмөттөр менен сүйлөшүп келсек кантет? +Балким, сени шаарга жиберип калышар? +– Сиз кандай десеңиз, агай, кандай айтсаңыз, мен ошондой болом,– дедим мен. +Шаар деген кандай болорун көз алдыма элестете албасам да, анда барып окууну, сөзсүз, болор иштей, мен дароо эле ойлоно баштадым. +Бирде – ошого кубанып, бирде – коркуп жатып, кайра кайраттанып, кыскасы, бул иш эсимден чыкпай, ар кандайча ойлоно бердим. +Мектепте отурганда да ушул ойдо болдум. +Шаарга барып калсам кимдикинде турар экем? +Отун-суу алып, малай жүрсөм да мейли эле деп болжолдоп отурганымда, биздин жаман тамды сыртынан бастырып кетчүдөй болуп, утурлата келген үч-төрт атчандын дүбүртү угула калды. +Мугалимдин айтып берип жаткан сөзүн укпай, биз баарыбыз бирпаска кулак түрүп калдык элек, сестейе түшкөн Дүйшөн: – Балдар, көңүлүңөрдү бөлбөй, бери карап отургула,– деди. +Аңгыча болбой кыңырылган эшигибиз шарт этип ачылды да, желмогуздай күлмүңдөгөн жеңем башпакты. +Дүйшөн анын бет алдына барып тура калды: – Сиз эмне жумуш менен келдиңиз? +– Тур мындай, мен кыз узатам! +Ай, селсаяк сениби! +– деди жеңем, муштумун кезе��. +Дүйшөн ага жол берген жок: – Сиздин узатар кызыңыз бул жерде жок! +– Эмне? +Аны азыр көрө жатарбыз! +Ай, жээн бала, бери келип, сүйрөп чыккыла, бул көк бетти,– деп жеңем кол булгап койду. +Өгүнкү булкуйган түлкү тебетейдин жанында союл кармаган эки киши кошулуп, аттан түшө келишти. +Дүйшөн эшиктин оозунда турган калыбында ордунап козголбоду. +– Сен эмне тентиген ит, алып койгон катының барчылап, бирөөнүн кызын бийлейсиңби? +Тур мындай,– деп түлкү тебетей өмгөктөй берди эле, Дүйшөн каалганын эки жагына колун керип киргизбеди: – Силердин бул жерге кире турган акыңар жок, бул мектеп! +– деди ал. +– Мына, айтпадым белем, булар соо эмес, муну өзү катын кылып алган! +– деп жеңем алкына кыйкырды. +– О, мектебиңди урайын сенин! +– деп, бакырган түлкү тебетей камчысын үйрүп ура берди эле, каалгага керилип турган жеринен Дүйшөн аны ичтен нары тээп тигиндей учурду. +Ошол замат беркилер мугалимге союл уруп, эси чыккан балдар мени тегеректеп, ыйлап чыңырып жиберишти. +Карса-курстун ортосунда эшиктин бырын-чырыны чыгып кетти. +– Коё бергиле агайды! +Урбагыла! +Мына мен керек болсом! +– деп, оозго жулундум элем, кызыл-жаян Дүйшөн эшиктин сынып түшкөн тактайын ала сала, тигилерди качырып сала берди: – Качкыла балдар! +Кач, Алтынай! +– деп кыйкырды ал. +Ошол учурда союл менен сындыра чапкан колу шалак этип, өзү артка чегине калды. +Беркилер аны дубалга кептеп келип, кан жыттап өкүргөн букалардай: – Ур! +Башка чап! +Өлтүр! +Кан сийдир! +– деп жабыла токмокко алганда, тамга жеңем менен түлкү тебетей зөөкүр жулунуп киришип, чачымды мойнума ороп кыкындыра, эшикке сүйрөп чыгышты. +Буларга моюн бербей суурулуп кайрылганымда, чыңырып ыйлаган балдар туштуш жакка качышып бара жаткан эле. +Дүйшөндүн түрүн көрүп, жер жаргандай кыйкырып, мугалимиме жүткүндүм: – Айланайын, ага-ай! +Өлтүрөт экен булар! +Айланайын, агай!. +Дүйшөндүн кол кайтарууга алы келбей, бети-башынан, кийим-кечесинен тамтык калбай, жошодой кызылала кан болуп, дагы эле жыгылбай сендиректеп темселеп турган экен. +Мени жерге жыгышып, эки колумду чылбыр менен артка чырмап жатканда, союлчандар Дүйшөндү улам башка чаап, бир кезде кара кушка мээлеп уруп, жалп дегизе жерге жыгышты. +– Агай! +– деп кыйкырган оозумду баса, ээрге туурамдан арта таштап, үстүмдөн зылдай эки колу менен баса отурган түлкү тебетейге кошулуп, беркилер да аттана жөнөштү. +– Мугалим экөөңөрдүн көзүңөрдү тазаладыкпы эми, өлүкканаңды гана көрөйүн, селсаяк! +– деп, жеңем мени дале төбөгө койгулап, узатып келе жатканда, артыбыздан бир убакытта: «Алты-на-ай!» – деген кулакты тундурган ачуу кыйкырык чыкты. +Салаңдаган башымды эптеп өйдө кылып карасам, адам эси чыккандай канжалаган Дүйшөн, соо колуна таш чеңгелдеп жүгүрүп, келе жаткан экен. +Анын артынан – агайлап ыйлаган биздин окуучу балдар. +– Кызды коё бергиле, иттер! +Коё бергиле азыр! +Алтынай! +– деп, жан далбастаган Дүйш��н жакындай келгенде, берки эки союлчан, дагы да кайрылып, аны союлга алышты. +Алсыраган Дүйшөндүн ташы жаза тийип, атчандар аны бул жолу эки чапканда жыгышты. +Кара туман көзүмдү чалып, акыркы көргөнүм: чуркурап ыйлаган балдар жерде жаткан мугалимине жете келип, коркуп туруп калганы болду. +Мени кандай кылып, кайсы жерге жеткиргендерин билбеймин. +Көзүмдү ачсам – боз үйдөмүн. +Капчыгай, кечкирип калган убакыт экен, тышта эчтекеден бейкапар жылдыздар түндүктөн сагалашып, алысыраак жерде короо кайтаргандардын үндөрү угулууда. +Коломто боюнда какчыйган жыгачтай болгон, дудук кебетеленген үңүрөйгөн кара катын отуруптур. +Төрдө. +Көзүмдүн огу гана болсо. +– Эй, катын, өйдө көтөр алдагыны,– деди. +Аял менин жаныма басып келип, жыгачтай колу менен мени өйдө булкту. +– Токолуңду жөнгө келтир, болбосо сөз кыска – баары бир, карап турбаймын!. +Тигил адам өңдүү неме сыртка чыгып кетти. +Кара катын ордунан да козголуп койгон жок, сүйлөгөн да жок. +Анын эчтеке айтпаган, коломтодо өчкөн күл өңдүү томсоргон көздөрүнүн муздай көз карашы, күчүк чагынан көсөө менен башка койгуланып жүрүп, көк мээ болгон иттин телмирген көздөрүнө окшоп жатты. +Адам баласы жашаган жер үстүндө эмес, караңгы көр түбүнө түшүп кеткендей, же өлүү, же тирүү экенимди билбей отурдум. +Сайда аккан суу гана күңгүрөнө шаркырап, мага боор ооруп аягансып, таштан-ташка урунуп жатты. +О, жеңе болуп аталган жүзү кара шум катын, ылайым убалым сага жетип, төгүлгөн көз жашым, төгүлгөн дене каным тополоң сел болуп, сени тумчуктура каптаса экен! +Бул түнү мен аял болдум. +Ооба, он бешке чыкпай жатып аял болдум! +Мени зордоп аял кылган айбандын балдарынан да жаш экем. +Эки түн өтүп, үчүнчү түнүндө эс-акылымды жыйнап, өлсөм да талаада тентип жүрүп өлөйүн, куугун жетсе мугалимим Дүйшөн кармашкандай – жан чыкканча кармашып жатып өлөйүн деген ой менен бул жерден качмак болдум. +Түндүк, эшиги чылк жабылган капкараңгы үйдө, шырп алдырбай, сыйпалап жылып отуруп эшигин таптым. +Кыл аркан менен сыртынан бек чырмалып, каалга оңой менен ачылардай эмес. +Керегени көтөрүп, астынан чыгып кетейин деген аракет менен, баардык күчүм жетишинче көзүм тунарганча керегени өйдө тарттым. +Кара терге түштүм, бирок жанагыдай эле, үстүнөн аркандар менен бек бастырылган үйдүн бир жери да козголуп койгон жок. +Айлам кетип эшиктин жиптерин кыркайын деп, кесүүгө жараган темир-тесек издедим. +Колума урунган билектей жыгач казык болду, башка эчтеке таппадым. +Мейли, ушул казык менен керегенин түбүн оюп жиберип, кетейин дедим да, жерди чукулай баштадым. +Түндүн кайсы убакыт экенин ким билсин, төрдө – даркыраган коңурук, сайда – күңгүрөнө аккан суу, башка эч ким жок, мени менен эми кимдин иши болмок эле. +Мен ким? +– Токол, тепсенди токол, талпак токол, күң токол, өмүрү көзү ачылбаган шордуу токол. +Конуш таштак жерде экен, менин тапкан казыгым эчтекеге деле жарабады. +Ага болбой, жанкечтилик менен жерди тырмактап, салаалап апчып, каза бердим. +Керегенин түбүнөн эки кол сыярдай болгондо, таң ирең-бараң атып, айыл ойгонду окшойт. +Тышта иттер күрсүлдөп, кишилердин үндөрү чыгып, айлана козголду. +Бир аздан кийин дүбүрөтө айдалган жылкы, кой жөтөлүп өттү да, үйдүн жанына кимдир бирөө келип, аркандарын чечип, кийизин сыйрып баштады. +Ал менин «күндөшүм» – унчукпас кара катын экен. +Бүгүн күн чыгары менен алар бул жерден көчө чыгып, конуш жаңырта ашууну шыкап, андан нары жайлоого түшүп кетерин, кечээ бир кулагым чалганын, эми гана эстедим. +Демек, менин качышым андан бетер кыйындап, оор болот экен да. +Керегенин түбүндө отурган жеримден жылып койбой, башымды салаңдатып, шалдырап отурдум. +Кара катын өзүнүн ишин иштей берди. +Керегенин астын казып оюп жибергенимди көрсө да, ал мени эчтеке деген жок. +Деле турмуштун бардыгы ага баары бирдей, төрдө башы менен чүмкөнүп аюудай жаткан немесин, ой сен тур, көчкөнү жатабыз деп да үн чыгарбады. +Үйдүн кийиздери тегиз сыйрылып бүткөндө, темир тордой болгон кереге-ууктардын арасынан көзүмдү салсам, жан жакадагылар төөлөрүн жүктөп, өгүздөрүн жүктөп, жаң-жуң болуп көч камында жатышкан экен. +Ошол учурда сайдан үч атчан көрүнө калды. +Көч көчүргөнү келе жаткан немелер экен го деп, бир убакытта өзүмө ишенбей, көзүмдү чоң ачып карасам – Дүйшөн, анын жанына эки кызыл жакалуу милиционерлер кошулуп, туура биздин үйдү көздөй келе жатышыптыр. +Мен өйдө туралган жокмун, оозумдан үн да чыккан жок. +Сүйүнгөнүм канчалык көп болсо, өкүнүп өксүгөнүм андан көп, өлүк алдында тургандагыдай кулагым тунжурап кетти. +Бети-башы таңылган, жарадар сол колун мойнуна асынган Дүйшөн аттан секирип түшүп, эшикти жара тээп, жылаңач калган үйдүн ичине жүгүрүп кирди да, тигинин үстүндөгү жуурканды буту менен шилей түртүп, тигиндей ыргытты. +– Өйдө тур! +– деди ал. +Көзүн ушалаган зөөкүр, адегенде чамына берди эле, тапанчаларын сундуруп турган милиционерлерди көрүп, титиреп тура келди. +Дүйшөн соо колу менен аны жакасынан булкуй кармап, өзүнө жакындата, көзүнөн көзүн айрыбай, каны ичине тартылып, үнү калчылдап чыкты: – Адам кейпиндеги ит! +Бас азыр барчу жериңе барасың! +Тигил астына түшө бергенде, Дүйшөн аны дагы да булкуй тартып токтотту. +– Сен бул жаш кызды чөптөй тебелеп бүлдүрдүм, күнүн бүтүрдүм деп турасың го ичиңден. +Билип койгун, ал заманыңар өткөн, заман азыр биздики, бул кыз өлбөйт, бул кыз кайра тирилип адам болот, а сен, сенин заманың ушуну менен бүттү. +Өтүгүн коңултак кийгизип гана, эки колун артына бура байлап, милиционерлер тигини атына кондуруп, бири жетелеп, бири айдап алып жөнөгөндө, бери жактан капчыгай жаңырта чыңырган кара катындын үнү чыкты. +Ал жулунуп келип, эринин түлкү тебетейин таш менен учура коюп, бетине күл чачып, ыргытып бакырды: – Жетер элең жеттиң, кылар элең кылдың, өмүрүмдү мойсогон желмогуз, жутар элең жуттуң, өл эми! +– Балким, кырк жыл катары ооз ачпай өйдө карабай жүрүп, жүрөгүнө көл болуп чогулган арман-күйүтү, тосмону жырып кеткен агын сыяктуу, азыр сыртына тээп чыккан учуру болду бекен. +Анын бакырган кыйкырыгы аска-асканын башына жанчыла урулуп, атчандардын тыягына бир чыгып, быягына бир чыгып, жеңдеринен суурула берген тарамыштуу арык колдорун булгалап, жүгүргөн кара катын сокудай башын соксоңдото кайда катарын билбеген эринин үстүнө топурак, кум чачып, кесек ыргытып, адамдын үрөйүн учурган заардуу үн менен каргап жатты: «Баскан жериңе чөп чыкпасын! +Ылайым, өлүгүң көмүлбөй талаада калсын, сөөгүң кайра келбесин! +Карга-кузгунга жем бол, атың жер жүзүнөн өчсүн, түрүңдү экинчи көрбөйүн. +Ой, өл, өл, арам өл!» – деп келе жатып бир убакытта жинди болгон немедей, чачтарын дуулдатып, кыйкырган-өкүргөн бойдон бет алды качып жөнөдү. +Баятан чогулуп келген көчүп кетелек элдин бир тобу анын артынан кармамак болуп чаап кетишти. +Ушунун баары мага өзүнүн оор таасирин тийгизди. +Көзүм тунарыктап, эсимди жыялбай, унчукпай келе жаттым. +Дүйшөн мени атына мингизип, өзү жөө басып жетелеп алган. +Ал дагы сүйлөбөй, бинт менен таңылган башын ылдый салмактанта ойлуу келе жатты. +Бир канча убакыттан кийин, артта калган кесепеттүү капчыгай көрүнбөй калып, алдыдагылар узап кеткенде, Дүйшөн токтой калды да тегереги көк шишик болгон, кыйноо чеккен көздөрү менен мени биринчи жолу тик карады. +– Алтынай, мени кечирип кой, сени бул каргашалуу кырсыктан сактай албадым, кечиргин мени,– деди. +Анан туруп, менин колумду кармалап, катуу үшкүрүндү. +– Сен кечиргениң менен да, Алтынай, мен өзүмдү өзүм бул үчүн өмүрүм өткүчө кечирбейм. +Шолоктоп ыйлап, ат жалына жыгылдым. +Мен ыйлап бүткөнчө, Дүйшөн мени башымдан, мойнумдан сылап унчукпай турду. +– Кой эми, Алтынай, жол тарталы,– деди бир убакытта Дүйшөн. +– Турмуш ушуну менен эле токтоп туруп + + албайт да. +Же сен таптакыр эле жакшылыктан түңүлдүңбү? +Кой, айланайын, жоодураган көзүңдөн кагылайыным, кой антпе, антпегин! +Бери карачы, Алтынай, мурдагы күнү, мен волуста болгонумда, сенин окууң жөнүндө сүйлөшүп келдим. +Шаарга жиберип окутабыз дешти, уктуңбу. +Жүр эми, бастырагой. +Кээ бир убакытта адам баскан жерлерде издери өмүрү өчпөс болсочу. +Эгерде азыр, Дүйшөн экөөбүздүн тоо менен айылдын ортосунда ошол кезде басып өткөн жолубуз табылар болсо, жерге жата калып издерин өпкүлөр элем. +Мен үчүн ал тарыхый жол, мен кайра жанданып, турмушка кайра бет алып, келечегиме ишенип бел байлаган жол. +Адырларды аралап, шылдырап аккан сууга жеткенибизде Дүйшөн менин жүзүмө эркелей карап: – Аттан түшүп бети-колуңду жууп алчы,– деди. +Анан чөнтөгүнөн самын алып мага сунду. +– Ме, Алтынай, жуунгун да, баардыгын эстен чыгарып унуткун. +Мен тигиндей барып, атты откозуп турайын, чечинип алып, ушул агын сууга кирингин: көңүл ооруткан ыпылас, жаман неменин ба��рдыгы суу менен кетсин. +Экинчи эстебе. +Суудан жаңы киши, таза киши болуп чыга кел, макулбу? +Мен макул деп, айласыздан күлүп башымды ийкегенде, ал дагы күлүмсүрөп тигиндей басып кетти. +Ушундан эки күндөн кийин Дүйшөн мени жолго узатып станцияга алып келди. +Айылга калууну мен өзүм туура таппадым. +Бул окуядан кийин ал жерде жашоо мен үчүн мүмкүн эмес эле. +Эл дагы менин мунумду туура деди окшойт. +Муунчак-түйүнчөгүн көтөрө жүгүрүп ыйлашкан Сайкал энем менен Картаңбай атам гана түгүл, күйдүргү сүйлөгөн Сатымкул кераяк да айылдын четине узата чыгарышты: – Барагой эми, балам, ак жолуң ачылсын! +– деди ал. +– Коркпо, бу Дүйшөн мугалимдин айтканы менен болсоң, асти кор болбойсуң, эмнесин айтасың, ага биздин да көзүбүз жетип калды. +Мени менен Дүйшөндүн мектебинде бирге окуган балдар көпкө чейин арабанын артынан чуркашып коштошушту. +Волуста, дагы бир он чакты жетим балдар менен кошо, мени Ташкентке балдар үйүнө жиберүүнү чечишти. +Станцияга биз кечке жакын келдик. +О, айланайын капчыгайлуу, бай теректүү станциям! +Жүрөгүмдүн теңи түбөлүккө ошол жерде калды окшойт. +Жакын арада поезд келип, биздин айрыларыбызды билгендей, тобу менен шыкаалашып турган карагай бойлуу теректер, күүгүм аралата соккон шамалга ыргалышып бирине бири сүйкөнүп, алда эмнелерди шыбырашып, үшкүрүк тартып күүлөнүп турушту. +Демейде ар нерсеге кайраты бек Дүйшөн, бул жолу канчалык чымырканса да, ичтен сызып кайгырганын жашыра албады. +Ал мени кайта-кайта тигиле карап, жакамдын топчуларына чейин эркелете сылап, кыя албай турду. +– Мен сени өмүрү жанымдан алыс чыгарбас элем, Алтынай,– деди. +– Бирок менин билимим жетпейт. +Кантейин, окуунун чыныгы жолунан сени калтыралбаймын. +Мен болсом ушул жерде кармашып балдарды окута берем. +Күчүм канча жетсе, ошончо окутам. +Балким, кийин сен дагы мугалим болуп балдарды окутуп калсаң, биздин жаман мектепти эстеп күлөрсүң. +Бул арада талааны жаңыртып, оттору балбылдаган поезд көрүндү. +Станциядагы элдер жүктөрүн көтөрүп, темир жолго шыкап келишти. +– Мына эми, азыр жөнөйсүң! +– деди Дүйшөн, колумду кармап. +– Бактылуу бол. +Канатыңды жазып талпынгын, Алтынай. +Эчтемеден тайманба, чабыттап учкун, окуй бер. +Сүйлөөгө дарманым келбей, мен ыйлап эле тура бердим. +– Ыйлаба, Алтынай,– Дүйшөн менин жашымды аарчып, ошондо эсине кандай түшкөнүн билбейм: – Баягы биз тиккен терекчелерди, Алтынай, мен өзүм багып өстүрөм. +Аман болсок, кайрылып бир келсең, кандай болгонун көрөрсүң али! +– деди. +Аңгыча жарк-журк этип шарактаган поезд да келип жетти. +– Кана эми, беш көкүл чачыңдан айланайыным, бери болчу, маңдайыңдан өбөйүн! +– Дүйшөн мени бекем кучактап, чачымдан жыттап, маңдайымдан өптү. +– Ал эми, сапарың ачылсын, жоодураган көзүңдөн айланайыным. +Вагондун тепкичтерине чыгып, тигиндей барып кайрылсам, сындыра чабылган колу мойнуна асылган Дүйшөн, берки соо колун сунуп жүткүнө берди эле, поезд ордунан козголуп, жылып жөнөдү. +– Кош, Алтынай! +Кош, чырагым! +– деп кыйкырды ал. +– Кош агай, кагылайын, айланайын агай! +– дедим мен. +Вагонду жандап жүгүрүп келе жаткан Дүйшөн бир убакытта артта кала берип, станциянын капчыгайы солк эте түшкөндөй: – Алтынай! +– деп, баягыдай, бирок андай да эмес, оюнда турган алда эмнени айтпай калып, өкүнгөндөй кыйкырды. +Жүрөктүн түпкүрүнөн атырылып чыккан бул кыйкырык ушул күнгө чейин кулагымда угулуп тургансыйт. +Капчыгайды аралап, тешкен тоодон чыгып, улам күч алып ылдамдаган поезд, казактын даркан талаасы менен эркинделе күпүлдөп, мени жаңы турмушка, жаңы күрөш, жаңы эмгекке алып кетип бара жатты. +Кош, биринчи мугалимим, кош, биринчи мектебим, кош, балалык чагым, кош, жер кыртышынын астында көзү ачылбай калган тунук булак өңдүү, эч ким билбеген менин биринчи, менин наристе сүйүүм! +Дүйшөн айткан чоң шаарда, чоң мектептерде окуп, рабфакты бүтүргөндөн кийин, мени Москвага – марксизм-ленинизм институтуна жиберишти. +Мына ушул узак жылдарга созулган мезгилдин ичинде, нечен жолу окуунун кыйынчылыгынан мөгдүрөп жыгылардай болгонумда, Дүйшөндүн айткандары ар качан мага күч-кубат берип, мени кайраттандырып, шыктандырып алга сүрөдү. +Анткени, элдин бир окуганын мен эки эсе, үч эсе, беш эсе көп окуп, он эсе көп кайталап, адамдын бала чакта окуй тургандарын мен кайра баштан үйрөнүүгө мажбур болдум. +Биринчи диссертациямды Москвадан коргодум. +Мен үчүн бул чоң эмгек, чоң жеңиш болду. +Бул мезгилдин ичинде айылга кайрылып барууга чолом келбеди. +Аңгыча согуш чыгып кетти. +Кеч күздө Москвадан эвакуацияланып Фрунзеге кетип бара жатканымда, Дүйшөн узаткан станциядан түшүп калып, биз тараптагы совхоздун арабасына отуруп, айылга бардым. +О, айланайын тууган жерим ай, кан төгүлгөн кыйын учурда кайрылууга туура келди. +Айыл-кыштак көбөйүп, жолдор, көпүрөлөр салынып таанылгыстай өзгөрүлгөнүнө канчалык кубансам да, согуштун кесепетинен томсоруп келе жаттым. +Айылга жакындай бергенде, колхоздун жаңы салынган бак-дарактуу көчөлөрүнө карап, биздин мектеп турчу дөбөгө көз жүгүрткөнүмдө, демим оозума тыгылып токтоду – шынарлаган эки терек, жанаша кыналышып, дөбөдө чайпалып турушкан экен. +Дайым ичимден «агай» деп жүрчү кишини, биринчи жолу өз аты менен: «Дүйшөн» деп шыбырадым. +«Рахмат, сага Дүйшөн, сенин баардык кылган жакшылыгыңа, мени унутпай жүргөнүңө рахмат! +Жаным курман сага, мугалимим!». +Менин бетимден аккан жашты көрүп, арабакеч бала чочуп кетти: – Сизге эмне болду, эжеке? +– Анчейин, иним, тек өзүмчө. +Сен бул колхоздун элин тааныйсыңбы? +– Таанычу элем. +– Дүйшөн деген башта мугалим болуп жүрчү кишини билесиңби? +– Дүйшөн? +Ал киши аскерге кетти жакында. +Ушул арабам менен бир топ элди кошо районго өзүм жеткирип келдим. +– Аял, балдары барбы? +– Ооба, бар. +Үйү суунун тиги маңдайында. +Көчөнүн четине келгенде, мен арабадан түшүп калдым. +Кантеримди билбей ойлонуп туруп калдым. +Мен баланча элем, мени тааныйсыңарбы,– деп мындай тополоңдуу күндө үймө үй кыдырып таанышууну туура таппадым. +Дүйшөн болсо аскерге кеткен экен. +Анан калса жеңем менен акем турган жерге өмүрү басып келбеймин деп өзүмө ант бердим эле. +Адамга көп нерсени кечирүүгө болот, бирок мындай ишти, менимче, ким да болсо кечире койбос. +Ушулар менин мында келип кеткенимди билбесин да, укпасын деген ой менен көчөнү аралап айылдын сыртына чыктым да, теректер турган дөбөгө бардым. +Кайран теректер! +Арадан канча заман өткөнүн ушундан эле билүүгө болбойбу. +Саламатсыңарбы, асыл зат теректер! +Силерди элдин келечегин тилеп тиккен, багып-өстүргөн кишинин айткандарынын баары келди. +Мына эми ал эл-журтун душмандан коргош үчүн кан майданга аттанып жөнөп кетиптир. +Мынча эмне үрөйүңөр учуп – муңдана шуулдайсыңар? +Кыш келе жатат, саргарган жалбырактарыңарды шамал отоп, жылаңач калганыңарга кейип турасыңарбы? +Ооба, бороон-чапкындуу кыш да болот, бирок жаз да келет. +Кейибегиле, теректер, муңданбагыла. +Биз силерди жакшылыкка багыштап тиккенбиз. +Силер толукшуп бүрдөгөн жаздын биринде жеңиш да келер, тынчтык да келер. +Зор теректердин чайпалган чокуларынын күүсүн тыңшап мен көпкө дейре ушул жерде турдум. +Булактан келген арыкты жакында гана кимдир бирөө чаап тазалап койгон экен, суу сызыла агып, нымдалган жалбырактарды бетине көлкүтө айдап бара жатыптыр. +О, колуңдан айланайын, мугалимим!. +Жеңиш менен эсен-соо согуштан кайтып кел. +Дөбөнүн үстүнөн айылда турган жаңы мектепти көрдүм да, биздин мектепти карасам орду да жок. +Ушуну менен мен жолго чыгып, дагы бир арабага түшүп, станцияга кеттим. +Согуш болду, согуштан кийин да жылдар өтүп жатты, бирок айылга ар кандай иштерге байланыштуу экинчи кайрылып баралбай жүрдүм. +Анын себеби көп, актанайын деген жерим да жок, анткен менен элден кол үзүп, каттабаганымды чоң күнөө деп эсептеймин. +Заманым, тагдырым ошондой болдубу, турмушка кеч чыктым. +Бирок багым бар экен, жолдошум экөөбүз балалуу-чакалуу болуп, ынтымакта жакшы турабыз. +Мен азыр философия илиминин докторумун, ар кандай коомчулук милдеттерим бар. +Буларды айтып жатканым көп кырдуу күндөлүк турмуштун кызыктуу убаракерчилигинде жылдар өтүп, күн өтүп, мен эч убакта унутпас ыйык нерсени эсимден чыгарбасам да, анын таасири солгун тартып, мезгилдин куму баскан эски булак өңдүү көзү бүтөлө берген. +Аны мен кечээ жакында айылга барып ошондо гана сездим. +Жолдош окуучулар, аңгеменин аягында мен дагы бир ирет Алтынай Сулайманованын катына кайрылгым келет. +Анда мындай деген жерлери бар: «Эмне үчүн баягында айылдан тез аранын ичинде кеткендигимдин себеби сизге эми белгилүү болгон чыгар. +Мунун баарын ошондо эле отуруп элге айтып түшүндүрүп берсем да болмок эле, бирок өзүмдүн кетирген билбестигиме өтө капа болуп, өтө нааразыланып, бул бойдон Дүйшөн карыянын астына барып жүз көрүшүп, салам бералбастыгымды сезип, жана да бул иш жалаң гана бизге эле тийиштүү эмес, көпчүлүккө керек экенин түшүнүп, эртерээк жолго чыгып, эртерээк ойлорумдун баш-аягын жыйнап, өткөн-кеткенди тактап, тийиштүү сөзүмдү кат жүзүндө кабарлоону туура таптым. +Анткени ошондо жаңы мектептин кадырлуу төрүндө мен эмес, сиз да эмес, башкалар да эмес – биринчи мугалимибиз Дүйшөн аксакал отуруш керек эле. +Мектептин ачылышын ушул киши жарыялап, жана башка урмат сыйын ушул киши көрүш керек эле. +Тескерисинче, биз үлпөттүн үстүндө отурган + + кезибизде, дале болсо, ушул алтын киши куттуктоо телеграммаларды ала чаап келди. +Түшүнсөк, уят эле иш болду. +Дүйшөндүн кандай мугалим болгонун азыркы жаштар билбейт, мурункулар болсо, ажалы жетип өлгөнү бар, согушта курман болгондору бар. +Ал эми мунун баарын кабарлап айта жүрүү түздөн-түз менин милдетим эле. +Бирок, айылга каттабай жүрүп, мурункунун баардыгы унутулуп, эстен чыгып кетпесе да, алыска катылган буюмдай болуп, көмүскөдө кала берген. +Аман турсак, мен али Дүйшөн мугалимиме барып, кечирим суранып өтүнөм. +Менимче, ал киши экөөбүз бир бирибизди түшүнө турган жалпы тил табарбыз. +Кеп азыр башкада болуп жатат. +Биз кээде унутпас нерселерди унутуп, эскирбес жоо жарагын эскирди деп, аны пайдаланбай жүрөбүз. +Ушуну менен өзүбүздүн тарыхты жардылантып, жаштарды тарбиялоо ишинде көп кемчилик кетирип келе жатабыз. +Болбосо, мага окшогон менин замандаштарым, Дүйшөн сыяктуу биздин жаңы доорду орнотууда өмүрүн кыйып, жаштыгын берип, жүрөгүн жүрөк кабы менен кошо элге сууруп берген эбегейсиз эмгек, эрдик көрсөткөн, «мен мындай элем!»– деп төшүн какпаган карапайым, асыл жүрөктүү бир канча адамдар жөнүндө биз мурунтан элге жеткирип айтып жүргөн болсок, анда алар унутулуп, көз жаздымында калып, анан калса, тамашага айланып кетпес эле го! +Биз буларды сыйлабасак, өзүбүздү сыйлабаганыбыз, революциянын деми менен кылымдар аттап басып өткөн жолубузду сыйлабаганыбыз. +Азыркы кезде кээ бир жаштар коммунизм ушул бойдон көктөн түшүп келгендей чалчакташып, Совет өкмөтүнүн алгачкы тарыхы жөнүндө кеп болсо, ой коюңузчу качаңкы немелерди, анын баары айтылып бүтпөдүбү эми деп, манчыркашат. +Жок, качанкы эмес, азыр атом менен космостун доору болсо да, революция жараткан Дүйшөндөр дале биздин катарыбызда. +Коммунизм куруп жаткан азыркы жаштар үчүн Дүйшөн сыяктуу адам мисал болуп, үлгү боло албайбы? +Эгерде биз баарыбыз ошол Дүйшөндөй эле болсок, аң-сезимибиздеги коммунизм алда качанкы болор иш. +Дүйшөн мугалим болуп жүрүп, билимим аз деп өкүнөр эле. +Анысы ырас. +Бирок кээ бир азыркы жогорку билимдүү, маданияттуу мугалимдер Дүйшөн сыяктуу өз кесибин сүйүп, жүрөк жалыны менен ошого берилсе болор эле. +Анткени, мугалим деген талмудист эмес, ал кайсы доордо болбосун, дайым – революциялык тарбиячы, антпесе анын коомго берген пайдасы кем болот. +Кымбаттуу иним, сизге кат жазышымдын дагы бир максаты: айылга барып, жаңы ачылган мектептин атын «Дүйшөндүн мектеби» – деп атоону элге сунуш эткени жүрөм. +Ооба, так ушул катардагы колхозчу, азыркы убакытта почточу болуп жүргөн кишинин атынан. +Сиз дагы менин ушул сунушумду колдосоңуз экен деп суранам. +Москвада азыр саат түнкү эки болду. +Мейманкананын балконуна чыгып, бийиктен от жайнаган шаарга карап, эртерээк айылыма барып, ушул кишиге ийилип салам берип, сакалынан өпсөм экен деп тилейм». +Бул сүрөттү мен али тартып бүтөлекмин. +Анын кандай болуп чыгарын эмитен айтуу да кыйын. +Күнүгө таң заардан туруп, мурда долбоорлогон айрым вариант, сүрөтчө этюддарды кайра баштан карап чыгам да, үн катпаган таңкы тынчтыкта аркы-терки басып ойлоном. +Жок, мен али көңүлдөгүнү табалекмин, иштин баары алдыда. +Бул сүрөт азырынча ойдогу тилек гана, жүрөктө толкуган, кан тамырында жүгүргөн элес, үмүт, кыял. +Ошондой болсо да, бүтөлек чыгармамды ортого салып, силер менен кеңешип турган кезим. +Албетте, менин бул эмгегим биздин айылдын биринчи мугалими, биринчи коммунисти, азыркы убакытта почточу болуп жүргөн Дүйшөн аксакалга арналат. +Канткенде бул ташкындаган чындыкты сүрөткө, боёкко сыйгарып, канткенде анын жалындуу элесин жоготпой, канткенде ошол кездин күрөшкө толгон кармашуусун, адамдын тагдырларын азыркы күндөргө чагылыштыра көз алдыга келтирип, аны көркөм чыгарма катары канткенде элге тартуу кыла алам? +Мен бул сүрөттү тартпай коё албаймын, бирок эмне үчүн сүрөтчү болуп туулдум экен? +Бирде,– колумдан эчтеке келбестей апкаарып, заманам куурулат, бирде – тоо омкоро тургандай бел байлап: «Кана! +Эмнени тартсам? +Кандай кылсам?» – дейм. +Бала кезде эчтекесин билбей жүрүп, өзүмчө эле сыйкырлана берген айыл үстүндөгү Дүйшөн менен Алтынайдын теректерин тартсамбы? +Дөбөдө чайпалышкан кош теректер азыр да көз алдымда. +Анын бийик бутагына чыгып отурган жылаңайлак, жылаң баш, туурук беттүү тентек бала тээ алда кайда мунарыктаган мейкиндиктин көркүнө суктанып, шамал аралаган терек күүсүн тыңшоодо. +Буларды тиккен кишилер кийинки жаш муундар ушунтип терек үстүнөн аймакты кеңири көргөндөй, илимдин чокусуна чыгып, турмуштун тереңине көз чаптырсын деп тилебеди беле. +Же болбосо, «Айылдын биринчи мугалими» – деп Дүйшөн балдарды мектепке ээрчитип бара жатканда, бирин жонуна мингизип, экинчисин колуна көтөрүп, суу кечип бара жаткандагысын тартсамбы? +Же Алтынайды поездге салып, алыс сапар узатканын тартсамбы? +Койчу, ушундай эле толгон ойлор, долбоорлор, түгөнбөгөн изденүүлөр. +Булардын кайсынысына келип токтоймун, тарткан сүрөтүм кандай болот, мен али билбеймин. +Менин көзүм жетип турган бир гана нерсе бар: мен талыкпай изденем. +САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ Ата, мен сага эстелик тургузалбаймын. +Сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. +Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын. +Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. +Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагийма Айтматова, сага арнаймын. +– Амансыңбы, куттуу талаам? +– Аманчылык. +Келдиңби, Толгонай? +Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. +Чачың куудай, колуңда таяк. +– Өмүр өтүп бара жатпайбы, жер-энем, арадан дагы бир жыл өттү. +Бүгүн менин сыйынуу күнүм. +– Билем. +Келериңди күтүп жаткам, Толгонай. +Бул жолу сен баланы да ээрчите келмек эмес белең? +– Ооба. +Бирок бул сапар да жалгыз келдим. +– Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай. +– Жок, айталбадым. +– Айтор, эртеби-кечпи, акыры бир күнү ал угат да, Толгонай. +Элдин арасында оозу бош бирөө-жарым жок дейсиңби? +– Аның чын. +Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет. +Аркы-теркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү. +Бирок мен үчүн ал дагы эле чалагайым бала сыяктанат. +Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүналбай, ичи сууп калабы деп аярлайм. +Анткен менен адам чындыкты бир күнү билиш керек да. +Мен билген чындыкты, сырдашым, касиеттүү жер, сен билген чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз ал гана билбейт. +Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойлорго кабылып, кептин аныгына жеталар бекен? +Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бералар экенмин? +Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо кана. +Кийинки күндөрдө ойлогонум эле ушул, күнү-түнү ойлоном. +Кышында сыркоолоп, төшөктө жатканымда, өлүмдөн анча корккон жокмун, ажал жетсе, каяша кылбай, шыр эле жүрүп кетмекмин. +Бирок, көзүм жумулуп кетсе айтар керээзимди айтып жетишалбай, өзүм менен кошо көр астына ала кетемби деп, аябай жүрөгүм түштү. +Ал эси жок, аны кайдан билсин, демейде тентек чалыш неме мектепке да барбай калып, жанымдан чыкпай жүрдү. +Апасын тарткан күйөрман: «Эне, кай жериң ооруйт? +Суу ичесиңби, же дарыңдан берейинби, эне? +Үстүңдү жылуулап коёюнбу?» – деп эле турат. +Ушинткенде – оозум барбады, кудуретим жетпеди. +Байкушум эч кандай арамзасы жок, жеткен бир ишенчээк, дагыле наристе бойдон. +Эчтекеден күмөн санап койбойт. +Анан мен кантип айтмак элем. +Ушуну менен эле сөздүн учугун табалбай алекмин. +Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм: жөн эле айтып берчү жомок эмес экен да. +Айланып келип бир пикирге такалам: болгон чындыкты бала туура түшүнүш үчүн мен ага жалгыз гана анын тагдырын эмес, бүт заманымдын тарыхын, өткөн кеткендер жөнүндө, өзүм жөнүндө, баарына күбө болгон, касиеттүү талаам, сен жөнүндө, ал түгүл ушул кезде эчтекеден бейкапар минип ойноп жүргөн велосипеди жөнүндө айтып беришим керек. +Балким мына ошондо гана туура болор. +Турмуш баарыбызды бир түйүнгө байланыштырып, камырдай жууруп салган турбайбы: эчтекесин жашырып, эчтекесин кошумчалай албаймын. +Ал эми бала эмес, кексе киши дагы бул ишти ар кандай түшүнөр. +Көзүм тирүү турганда, ушул ыйык пар��ымдан кутулсам, өлсөм да арманым болбос эле. +– Бул айткандарың туура, Толгонай. +Сен отурчу бери ташка, бутуң оорулуу эмеспи. +Олтур, бир акылын табарбыз. +Алгачкы жолу ушунда келгениң эсиңдеби, Толгонай? +– Андан бери нечен замандар өтпөдүбү, эстей албасмын. +– Жок сен ошону эстеп көрчү, Толгонай. +Башынан түшүп эстечи. +– Эсимде жакшы калбаптыр. +Кичинемде, орок маалында ата-энем мени жетелеп келишип, чөмөлөнүн түбүнө отургузуп коюшчу эле. +– Ооба, ыйлабасын деп колуңа бир сындырым нан берип коюшчу. +– Кийин, чоңоё түшкөнүмдө, эл жайлоого көчкөндө, ушул арада эгин коруп чуркап жүрчү элем. +Анда мен тызылдап жүгүргөн, саксайган сары кыз эмес белем. +О, балалыкай, ал дагы өзүнчө кызык дооран экен! +Малдуулар тээ төмөнтөн, Сары-Жайыктын түзүнөн түп көтөрө көчүп жөнөшчү эле. +Биринин артынан бири утурлап, жайлоого, салкын төрлөргө ашыга жол жүрүшчү. +Ошондогу менин эселек чагым ай! +Үйүр-үйүрү менен сабалап, кишенешкен жылкы тебелеп кетчүдөй келе жатса, буудайдын ичинен секирип чыгып, аларды үркүтчү элем. +«Эй, жерден чыккан албарсты, сениби!» – деп, жылкычылар укуругун үйүрө кууп беришчү. +Нечен миң кой туяктары мөндүр ургандай дыбырап, ушул жол менен өтө турган. +Алардын соңунан бай айылдардын көчтөрү жүрүп, жорго минип, кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндерди көргөндө таң калып, суктана карай турганмын. +Көпкө чейин алардын артынан ээрчип жүгүрчүмүн. +Чиркин, ушундай жоолук салынып, ушундай көйнөк кийсем ээ, деп ойлочу элем. +– Ырас, Толгонай. +Сен анда жылаңайлак, жылаңбаш жатакчынын кызы элең. +Бирок андай шайыларды кийбесең да, бой жеткенде кандай сонун кыз болдуң. +Ак саргылынан келген, маңкайган, толукшуган кезиң. +Сен анда көлөкөңдү каранып басчусуң. +Өзгөчө эртең мененки көлөкөң так өзүңдөй сымбаттуу, жеңил боло турган. +– Анда мен он жетидеги курагым. +Ошол жылы орок тартып жүрүп, Субанкулга жолукпадымбы. +Субанкул Таластын жогору жагынан жалданып келбеди беле. +Азыр көзүмдү жумсам, Субанкулдун ошондогусу элестелет. +Жапжаш, он тогуз жыйырмалардагы жигит, өзү ичке көрүнгөнү менен, колдору тарамыштуу, сом темирдей салмактуу эле. +Жылаңач этине кийген таар күрмөнү дайыма желбегей жамынып жүрчү. +Жанаша жерден + + шарт-шарт орок тартып жүрсө, адамдын жүрөгү кубанат – ар кандай ишти сулуу иштеген азаматтар болот эмеспи. +Субанкул ошондой болчу. +Ал бат эле узап кетчү, мен деле орокко белдүү элем, ошентсем да артта калып калам. +Субанкул кайрылып келип, менин тешеме түшкөндө, ызалана турганмын: «Сени бирөө жардам берсин деп чакырдыбы? +Кетчи деги ийреңдебей, өзүм эле бүтүрөм!» – десем күлүп коюп, унчукпай иштей берчү. +Эмнеге арданат болдум экен ошондо? +Көрсө, эркелеп жүргөн экемин. +– Силер ошондо дайым элдин алды болуп келчү элеңер жумушка, Толгонай. +– Чын. +Эл тура электе, таң ирең-бараңда Субанкул экөөбүз ээрчишип кетчүбүз. +Ал мени бери жактан тосуп күтүп турчу. +Ошол күнд��р, ошол тамылжыган таң атуулар биздин сүйүү күндөрүбүз экен. +Биз ээрчишип келе жатканда, дүйнө башкача көрүнүп, башкача сезиле турган. +Эл-журтка нан берген айланайын, дыйкан талаам, бозоруп саргарып жатсаң да, албырган таң эртелерин деңиздей төгүлүп, кучагын жая сенчелик эргип, сенчелик жоомарттанып ким тосуп алалат! +Ошол таң эртелерин сага тең орток болуп биз тосчубуз, ошол таң эртелерин сага тең орток болуп торгой тосчу. +Көркү жупуну боз чымчык көкөлөгөн бийиктикте тыным албай канат кагып, дырпырап, томуктай болсо да, адамдын асманга учуп чыккан жүрөгү сымалы, не бир назик, не бир толукшуган күүлөрдү төктүрүп, безеленип сайрай турган. +«Ана, биздин торгой сайрады!» – деп коёр эле Субанкул. +Кызык, торгойду да биздики деп алган экенбиз. +Көмөкөйүңдөн айланайын, торгоюм. +– Ырас, Толгонай, ошол торгой силердин торгоюңар болучу. +– Эсиңдеби, жер, баягы айлуу түн? +Балким, жаратылышта экинчи андай түн болбос. +Ай жарыгында орок тартабыз деп, Субанкул экөөбүз калып калбадык белек. +Тээ карайган борчуктан манаттай болуп ай чыкканда, жылдыздар дагы асман бербей жабыла көз жарышты. +Ошондо биз уваттын четинде, Субанкулдун таар күрмөсүн төшөнүп, арыктын кашатын жазданып жатканбыз. +Ошол түнү биз өмүрлүккө шериктеш жар болуп кошулдук. +Субанкулдун чоюндай колу көкүлүмдү сылап, маңдайымды, бетимди эркелете сылаганда, кан жүгүрткөн, туйлаган жүрөгү алаканынан сезилип жатты. +Мен ага эреркеп: «Субан, кандай дейсиң, биз бактылуу болобуз, ээ» – десем, эсиңдеби, баягы айткан сөздөрү. +«Жер, суу элге тең болсо, биздин да айдоо жерибиз болсо, биз дагы эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастырсак – бак-таалай ошол. +Андан артыктын бизге кереги эмне, Токон. +Дыйкандын энчиси – сепкен эгининде» – дебеди беле. +Анын айткан сөздөрүнө эмне үчүндүр ушунчалык кубанып кетип, мойнунан бекем кучактап, туурулган эриндерин жан ынтаам менен өпкүлөдүм. +Анан биз арыктагы сууга киринип чыктык да, ордубузга келип, тек гана кол кармашып, унчукпай асманга тигилип, рахаттанып жаттык. +Үлпүлдөгөн түнкү шоокумда салкын тартып, жер, сен дагы ошондо биз менен кошулуп жыргап жаттың. +Желп-желп этип мээлүүн керимсел жүргөндө, шимүүрдүн асел жыты, шыраалжын менен эрмендин кермек жытына аралашып, аңызга жайылып, буудай арасы шуудурап, кылканына илинген ай жарыгы алтын көлдөй кубулуп чайкалып жатты. +Ошол түндү бизге жаратылыш атайлап арнады бекен? +Түн ортосунда тээ жылдыздуу төбөнү карасам, саманчынын жолу ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жаткан кези экен. +Субанкулдун айткандары эсиме түшүп, кыялымда асмандын ошол күмүш жолу менен кандайдыр бир зор дыйкан кере кучак саман көтөрүп өткөн экен го, анын мол кучагынан себеленип түшкөн дан, топон береке төгүлгөн из чубатып кеткен турбайбы. +Тилегибизге жетсек, менин да Субанкулум ушундай саман көтөргөн дыйкан болсо, кырмандын бетинен бирин��и иргеп алган саманды кучактап басканда, так ушундай береке төгүлгөн жол чубап калса деп, ойлонуп жаттым. +Жер-энем, биринчи жолу сага ошондо кайрылдым. +Эсиңдеби менин айткандарым? +– Эсимде, Толгонай. +Сен ошондо мага кайрылып, мындай дегенсиң: «Жер, жан жараткан жер, бизди көтөрүп жаткан жер, сен бизге таалай бербесең эмнеге жер болуп орнойсуң да, биз эмнеге дүйнөгө жаралабыз! +Биз сенин балдарыңбыз, жер, тилектеш болгун, ак тилегибизге жеткиргин!» – деп айткансың, Толгонай. +– Ооба, ошентип айткам. +Күн чыгарда көзүмдү ачсам, Субанкулум жанымда жок. +Ал эчак эле орок оруп жүрүптүр. +Качан турганын билбейм, тимеле кыйратып салыптыр: ачылган аңызда боо-боо түшүп жаткан эле буудай. +– «Ай, Субанкул, бул эмнең?» – десем, алаканы менен терин арчый берип: «Сени уктасын дедим элем» – деп, күлүп койду. +Мен кара күчкө эле таарына түштүм: «Кечээги айткандарың кайда, ушунуң да теңчиликпи?» Ушинтсем, орогун таштай салып, жүгүрүп келди да, мени кучактап алып, колуна көтөрүп: «Көзүңдөн айланайын, Токон, көзүңдөн болоюнум, теңбиз, мындан ары жаман-жакшынын баарына теңбиз!» Ал ошентип мени колунан түшүрбөй, эркелетип бир нерселерди айтып жатты, мен болсом кыткылыктап эле күлө бердим. +Бир убакытта карасам, мени көтөргөн бойдон Субанкул дөңсөөгө жүгүрүп чыкты да, кылтыйып баш баккан күнгө кайрылып: «Эй, күн, көрдүңбү? +Көрдүңбү, менин жубайымды! +Мына, мынакей, көрүп ал, көрүндүгүңдү бер, бергин сүйүнчүңдү аябай!» – деп кыйкырды. +Тамашасыбы, чыныбы билбейм, мен ошондо ыйлап жибердим, тек анчейин, жүрөгүмдө оргуган кубанычка аптыгып ыйладым. +– Кой, Толгонай, азыр ыйлаганың болбос. +Ал ый башка болчу, адамдын өмүрүндө ал бир гана жолу боло турган ый. +Эми эмнеге ыйлайсың? +Антпе, же тилегиңерге жетпей калдыңар беле? +Айтчы чыныңды, силерчелик ким бактылуу болду эле? +– Аның чын. +Жаңы заманда Субанкул экөөбүз эмгегибиз менен жетилдик. +Билесиң го, жаз-күз дебей кетмен колдон түшчү эмес. +Мээнетибиз кайтты – үйлүү-жайлуу болдук, мал да күттүк. +Тилегибизге жетип, үч уулдуу болдук. +Ооба, удаалаш үч уулдуу болдук. +Азыр кээде санаа чегип отуруп, ушундай бир адам ойлобос жаман ойго кетем: эмне үчүн жыл маалы өтүп эле койчо төрөй бердим экен? +Элдикиндей болуп араларынан үч-төрт жылдан өткөндө, балким, андай кырсыктан сырткары болушар беле деп да кетем. +Же туулбай коюшса деле эмне болмок эле! +О, бооруңарды жегирлер, айланып-кагылып кетейиндерим, сөзүмдү күнөө көрбөгүлө, кечиргиле, кечиргиле энеңерди! +Ичим өрттөнүп, өлүп бара жаткандагы кебим да!. +Кантейин, кантейин. +– Толгонай, эсиңе кел. +Сөзүңдү кайра алгын. +Ал балдарга шек келтирбе. +Аларды мен тырмактайынан көрүп-билип жүрдүм го. +Алардын басып кеткен издери көзгө көрүнбөгөнү менен, менин көкүрөгүмө кат болуп сакталып калган, Толгонай. +Ал үч бир тууган силердин балдарыңар экенин баягыда, Субанкул ушул жерге биринчи жолу трактор айдап келгенде билдим. +– Ооба, ооба, так ошондо Субанкул ошол жылы кышы менен суунун аркы өйүзүндөгү чоң кыштакка тракторчунун курсуна барып-келип үйрөнүп жүрдү. +Анда тракторду ким билсин. +Субанкул үйгө кечигип келгенде, кайдагы бир болбогон баланын жумушуна убараланып жүрөсүң, мурунку эле бригадирлигиң жакшы эмес беле, эл катары эле оокатыңды кылсаңчы деп, урушуп да кетер элем. +Антсем кайра күлүп койчу: «Тракторду сен оюнчук көрүп жүрөсүң го. +Шашпа али, Токон, жазында айдап келгенде билерсиң» – дээр эле. +Сырттан тоңуп келген түрүн көрүп, койчу эми деп, кайра аяп кетчүмүн. +Көрсө, Субанкул билип жүргөн экен. +Тракторчулардын окуусуна айылдан сабаттуу эч ким чыкпай калганда, Субанкул өзү мен барам, сабатсыздыгымды да жоём деп, бригадирликтен бошонуп алган. +Ал кезде Касым менен Майсалбек мектепке окуп калган болчу, мугалим ошолор. +Кечинде үй-ичибиз менен алекпиз. +Субанкул жерге боортоктоп жатып алып, жазуусун үйрөнгөндө, үч уулу үч жагынан ыкташып, ата минтип жаз, калемди минтип карма, колуңду калтыратпа, түз жаз,– деп кужулдашып жатар эле. +Кетмен чапкандан бетер Субанкул кара терге түшүп кете турган. +Чыдай албай күлкүм келчү: «Койсоңорчу, балдар, атаңарды жүдөтпөй, молдо кылмак белеңер аны. +Субанкул, жаныңды мынча кыйнабай, же молдолукту, же тракторду үйрөнсөңчү!» – десем, үшкүрүп жиберчү: «Сеники өттү го. +Тракторду үйрөнүш үчүн анча-мынча молдолук керек турбайбы. +Тамаша кылбачы!» Айтор, ушинтип жүрүп, акыры көздөгөнүнө жетти. +Эрте жазда топурак тоборсуп көпчүй келгенде, айылдын сыртында күркүрөгөн дабыш чыгып, алда-кайдан үрккөн жылкы көчөнү как жара, таноолорунан бышкырышып, тобу менен дүрбүп өттү. +Бул эмне болуп кетти деп эшикке чуркап чыксам, чарбактарды этектеп трактор келе жаткан экен. +Капкара чоюн машина түтүнүн бурулдатып, арбайган дөңгөлөктөрү менен жер чапчып, улам көчөгө жакындап, дүрүлдөп келе берди. +Анын жанында жүргөн элди көрсөң, кары-жашы дебей, бүт айыл чуулдап, чапкылашып жүрүшөт. +Эл менен кошо мен дагы жүгүрүп жеттим. +Карасам үч уулум үчөө тең бирин-бири карманышып, трактор айдаган атасынын жанында келе жатышат. +Түрлөрүн көрсөң жоо сайып келгендей, көздөрү чырактай жайнап, жүздөрүнөн нур төгүлөт. +Деги бир ыраазы болуп, дегдеңдеп мактанып келе жатышкан экен. +Алар ошол күнү эртең менен эле көпүрөгө чуркап кетишкен болчу, көрсө ал чунактар трактор тоскону кетишиптир, мага да айтышпайт, жибербей коёбу дешсе керек. +Балдар үчүн эсим чыгып, алда эмне болуп кетеби деп: – Касым, Майсалбек, Жайнак, силердиби! +Түшкүлө! +– деп кыйкырсам, трактордун дүрүлдөгөнүнөн өз үнүмдү өзүм укпай калдым. +Субанкул менин эмне дегенимди түшүндү окшойт, коркпо дегенчелик күлмүңдөп, колун булгап койду. +Ал дагы кубанычы маңдайына батпай, сыймыктанып келе жатыптыр. +Субанкул ошондо жапжаш эле экен, кара мурут жигит чагы. +Ботом, балдардын атасына ушунчалык окшош эке��дигин ошондо көрсөм болобу. +Тимеле төртөө тең бир тууган дээрлик. +Өзгөчө Касым менен Майсалбек куду эле Субанкулдун өзү, куюп койгондой айныбайт. +Кичүүм, Жайнагым болсо, мага окшошураак сары тултук эмес беле. +Трактор ошо бойдон айылга токтобой, түз эле сыртка чыгып кетти. +Баарыбыз тең аттуу, жөө болуп, калбай ээрчип келе жатабыз, кызыкканыбыз – жерди кантип айдаар экен? +Соконун үч катар тиштери кыртышка сүңгүп кирип, жердин тереңинен толкун айдагандай, айгыржал чымдарды жапыра оодарып жүрүп кеткенде, элдин баары чуулдап, «бали-бали!» – дешип, кетенчиктеп кошкурган аттарды камчыга ала дагы да трактордун артынан дүрбүп жөнөп калышты. +Эмне болуп көпчүлүктөн бөлүнүп калганымды билбейм, бир убакытта карасам, жалгыз өзүм эле калыптырмын. +Трактор узагандан узап бара жатты, а мен болсом тек гана артынан карап жалдырап туруптурмун. +Бирок, ошондо жер үстүндө + + менден бактылуу эч ким болгон эмес чыгар! +Сүйүнчүм экиге бөлүнүп: же Субанкулдун айылга биринчи жолу трактор айдап келгенине сүйүнөрүмдү билбей, же уландарымдын ушинтип көзгө көрүнүп, жетилип калгандарына сүйүнөрүмдү билбей, жалына бердим: «Жанаша турган карааныңардан айланайындарым! +Ылайым атаңардай эле киши болсоңор, ыраазымын, ыраазымын ошондо тагдырыма!» – деп турдум. +– Ооба, Толгонай, эне болуп, энелик үзүрдүн эң сонун мезгили сен үчүн ошондо башталган. +Сен анда баралыңа жетип, толуп турган күчтүү аялсың. +Жумушту да жаштардан калышпай, кыйын иштечү элең. +– Ден соолук болсо, иштегенге эмне жетсин. +Андан калса, чын эле телегейим тегиз болгон экен. +Бирге өскөн теректердей болушуп уулдарым эр жетип, ар кимиси өз жолдорун жолдоп калышкан. +Касым атасынан үлгү алдыбы, трактор айдайм деп жүрүп, трактор айдап, анан комбайнчылыкты үйрөнүп чыкты. +Бир жай комбайнда штурвальный болуп, тээ аркы өйүздөгү «Кайыңды» колхозунда иштеп жүрдү. +Кийинки жылы кайра өзүбүздүн айылга комбайнчы болуп дайындалып келген. +Эне кургурга балдарынын баары бирдей ысык эмеспи. +Ошентсе да, ортончум, Майсалбегим менен көбүрөөк сыймыктанар элем. +Мүмкүн, сагынып жүргөндүктөн болуш керек: уясынан эрте учкан балапандай, Майсалбегим үйдөн эрте кетпедиби. +Ал башынан эле мектепте жакшы окучу эмес беле. +Ии, китепке өчүн ай, китеп дегенде жантыгынан жата калар эле. +Ушинтип жүрүп, мектепти бүтүрөр замат, мугалимдик окууга, шаарга кетпедиби. +Берки кичүүм, Жайнак болсо, өтө бир шайыр, ачыкайрым жигит болуп өстү. +Үйгө токтоо деген жок эле го анда. +Комсомолдун секретарымын деп, жаштар кайда болсо ошондо: жыйналыш, оюн, ыр, кереге газет – ошолор менен эле алек. +Кээде жиним келип: «Эй, безарман, кыягыңды, төшөнчүңдү алып, биротоло колхоздун мекемесине көчүп кирип алсаңчы. +Үй-жайдын сага кереги деле жок турбайбы!» – десем, Субанкул уулуна болуша кетер эле. +«Ачуу этпе, апасы, көпчүлүктүн жумушу. +Анчейин жүргөн болсо мен деле тизгинин тартып коёр элем» – дей турган. +Субанкул ал кезде бригадирлик жумушуна кайра келген болучу. +Тракторду анда жаштар айдап калышпады беле. +Баса, көп кечикпей келиндүү да болдук! +Касым Кайыңдыда жүргөндө, бир-бирине көңүлдөрү туура келип калса керек, Алиманды ошол жактан алып келбедиби. +Өңдүү-түстүү, бели буралган жаш кыз экен, адегенде эле ичим жылып, өз баламдай көрүп калдым. +Келин эстүү болсо, өз бала эмей эмне, айырмасы кайсы. +Чынын айтыш керек, келиним жаман чыккан жок. +Ошонун өзү да үй-бүлөдө чоң ырыскы эмеспи. +Азыр ойлоп карасам, адамдын башына чын дөөлөт келгенде, шатырата төккөн жайкы жаандай эмес, адамдын өз аракетинен, турмушка, элге кылган мамилесинен, бирине-бири жалганып, өнүп-өөрчүп, таалай болуп аталып келет экен го. +Ошентип тапкан таалай кымбат турбайбы. +Өз каныңдай төгүлсө, жан берген менен барабар экен. +Алиман келген жылы – унутулгус жыл, эстен кеткис жай болду. +Ошол жылы эгиндер эң эле эрте бышпадыбы. +Сайдагы чоң суу дагы жылдагыдан эрте кирди. +Тоого эки-үч күн катары менен жамгыр нөшөрлөп, мөңгүлөр тез эрип кетти окшойт: дайранын иреңи бузулуп, адегенде эле топон суудай ташкындап, каптап келди. +Эчактан турган эски аралдарды бир эле түндө жалмап, жууп кетсе болобу. +Анткен менен аба ырайы оңуна алып, бир тегиз ысып турду. +Тактадан өткөн эгиндер улам саргара бөртүп, жер бетин бербей, алыскы кыйырда асман менен чектелип, бышып жатты. +Кол орок тарткан биз ошондо эле ишке киришип калганбыз. +Комбайн жүрчү жолду ачып, аңыздардын тегерегин оруп жүрдүк. +«Эми келиниң менен кошо жарышпай эле, үйгө жыргап отурсаң болбойбу!» – дегендер да жок эмес эле. +Андай сөздөргө мен терикчү эмесмин, колдон келсе, көпчүлүктөн калышпай иштегенге эмне жетсин. +Келиним экөөбүз бирдей эле орок оруп жүрдүк. +Ошондо байкаганым алиге көңүлдөн чыкпайт. +Аңыздын четинде апапакай, кызгылтым бүр ачып өскөн гүлкайырларды Алиман жыйнап алып, бир убакытта, менден уялгансып, буудай арасы менен унчукпай кетип бара жатат. +Бул эмнеси, колундагысын эмне кылар экен деп турсам, жол боюнда турган комбайндын жанына жетип барды да, гүлдестесин тепкичине коё салып, кайра жүгүрүп келди. +Комбайнда киши-кара да жок болчу. +Касым бир жакка кеткен. +Эртең-бүрсүгүнү чабыкка киришебиз деп, комбайнын оңдоп даярдап койгон эле. +Алимандын мунусуна ичим элжиреп, куда кааласа бул экөө жакшы жубай болушат экен деп, келиниме ыраазы болуп калдым. +Алимандын ошондогу түрү али да көз алдымда: кызыл жоолук, ак көйнөк, кичинекей кара чыптамасы менен, колунда кармаганы гүлкайыр, өзү кара-торусунан келген, көздөрү моймолжуп бакырайган сулуу келинчек эмес беле. +А-а, кайран келиним! +Гүл сүйгөн келиним. +Өзү деги гүл дегенге жакын эле, эрте жазда байчечекти кар астынан да таап келе турган. +Баса, эмнени айтып келе жатат элем. +Ии, ошонун эртесинде орок башталып калбадыбы. +Жыйын-теримдин биринчи күнү өзүнчө эле май��ам эмеспи. +Ушунча болуп, ал күнү кабагы суз адамды көрө албадым. +Майрам деп ал күнү эч ким айтпаса да, кандайдыр ар кимдин үнү да шаңдуу, өзү да шаңдуу, айдаган арабасы, минген аты, кылган жумушу – баары тең шаңдуу. +Чынын айтканда, орок түшкөн биринчи күнү эч ким деле иштеп кыйратпайт. +Ал күнү күлкү, оюн, куудул сөздөн кол бошобойт окшойт. +Өзгөчө, орокчулардын арасы кызык болор эле, анда көбүнчө жаштар, кыз-келиндер эмеспи. +Тамаша ошолордо. +МТСтен сыйлыкка алган велосипедин минип, эртең менен Касым комбайнын көздөй кетип бара жатат эле, бир топ өктөм келиндер аны жолдон кармап алышты. +«Сен эмне үчүн велосипедиңен түшө калып бизге салам бербейсиң? +Сен көпкөн экенсиң! +Орокчуларды көзгө илбей калган экенсиң» – дешип, Касымды туш-тушунан жаалашып, аны Алиманга жүгүнтүшсө болобу. +Касым аны менен гана кутулган жок. +«Кулдугум бар! +Кулдугум бар!» – дегенине болбой, сен эми бизди велосипедиңе өңөрүп, тигил орустун кыздарындай алып жүргүн дешип, бирин-бири велосипедге көтөрө мингизишип, артынан кыйкырык, сүрөөн менен кошо жүгүрүшүп, Касымды аябай убара кылышты. +Анда да велосипедде жөн отурушпай ойдолошуп: «Кокуй, апамдын баласы, өлдүм эле өлдүм, жыгылдым, кокуй!» – дешсе, беркилери кыраан катып: «Өлсөң өл, өлсөң да мойнунан кучактай жыгыл!» – дешип, талааны жаңырта күлүшөт. +Ошентип отуруп Касымдын шайын кетиришти. +Ал өзү да күлкүгө мас болуп, эми болду го,– деп улам бирин өңөрүп келсе, анда дагы бирөө жагалдана асылып: «И, менин элден эмнем кем экен? +Мурдум бучук, көзүм кыйшык бекен?» – дешип кыйнашат. +Койчу, акыры Касымдын да жини келди: «Ой, силер кутуруп кеткенсиңерби? +Ач кенедей жабышасыңар да! +Болду эми. +Тамаша кылганы келдиңерби, же жумуш иштейсиңерби?» Шойкон келиндер анда да сөз беришпейт го: «Тигини! +Жумушту сен иштейсиң, өкүмөт комбайнды эмнеге чыгарган экен!» – дешет. +Жаштар гана эмес, нары жакта туруп, бул тамашага биз да аябай кандык, күлүп боорубуз жок. +Ошондогу асмандын ыраңы ай! +Ошондогу күндүн жаркырашы ай, ошондогу эгиндин дандуусу ай, ошондогу элдин күлкүсү ай! +– Ооба, ооба, Толгонай. +Ал күнү так ушундай болгон. +Сен ал күнү таалай дегенди дагы да тереңирээк түшүнүп, мага сырыңды айткансың, Толгонай. +– Мен азыр да ошону айтмакмын. +Мен азыр да ал түшүнүгүмдөн кайтпаймын. +Мен азыр да ал күнкүнү түгөнгүс жомоктой айтам. +Аздан кийин орокчулар жумушуна киришип, аңызда иш кызып, саратан чырылдап, күн кайнады. +Бирок эртең мененкиден калган кубаныч улам жүрөктө талпынып, көңүлүмдү өстүрүп, салкын желдей сергитип турду. +Ошол күнү болгондун баарысы мен үчүн болгондой, атайлап таалайыма жасалгандай сезилип жатты. +Көзүм көргөн, кулагым уккандын баардыгы дүйнөнүн, жашоонун көркүн ачып рахаттандырды. +Шыңгыраган ороктор, шуудурап жыгылган буудайлар, жагымдуу үн алышып жатса, нары жакта Касымдын комбайны, кирген суудай күркүрөп, «Оп майданын» жаңычасын ырдагандай, эгинди жапырып чаап жатты. +Комбайнда турган Касым, шаркыратмадай куюлган буудайга алакандарын тосуп, толо кочуш данды бетине алып келип жыттаганда, өзүм да семире түштүм: жарыктык дандын жытындай асыл жыт эмнеде болсун! +– «Э-эй, арабакеч, бол эрте! +– деп, Касым тоонун башынан үн салгандай кыйкырды эле, тактай араба жетип келип, комбайн токтой калганда, Алиман: «Суусун жеткире коёюнчу!» – деп карапаны алып, Касымга жүгүрдү. +Аңызды аралап, кызыл жоолук, ак көйнөк Алиман чуркап бара жатканда, колунда кармаганы карапа эмес, жүрөгүн тартуу кылып көтөрүп бара жаткандай, сүйгөн жарына берилгендик анын бүт кыймылынан көрүнүп турду. +«Баса, Субанкул да суусаган чыгар» – деген ой менен, жан-жакамы карасам, көрүнбөйт. +Кайдан көрүнсүн, орок башталары менен бригадирде тыным болчу беле. +Эртеден кечке аттан түшпөй, талаада чапкылап жүргөнү жүргөн да. +Кечке жуук орокчуларга деген жаңы буудайдын наны да даяр болду. +Жаңы нандан эң биринчи иретте орокчулар ооз тийиш илгертен салт эмеспи. +Ал нанды өгүнү биз аңыздардын четинен оргон боолорду токмоктоп даярдашкан болчу. +Жаңы буудайдын нанынан ооз тийгенде, ар качан касиеттүү даам татыгандай болом, өңү кара болгону менен, камыры суюк жуурулгандай, жаңы нан анча-мынча жашыгыраак болгону менен анын дүмбүл даамына, күн, жер, түтүн жыттанган жытына эмне тең келсин! +Карды ачкан орокчулар арыктын боюна жыйналып келишкенде, күн эгиндин үстүнө кочкул от ойнотуп, ылдый түшүп келген болчу. +Ал күнкү жарык кеч көпкө чейин иңирге жол бербечүдөй болуп турду. +Биз үй-бүлөбүз менен алачыктын сыртынан орун алдык. +Субанкул ана-мына жетип келмек эле, Жайнак болсо адатынча дагы жок, агасынын велосипедин минип, кызыл үйгө баракча илмекчимин деп шашып кеткен. +Алиман жоолугун жерге жая салып, үйдөн алып келген алмаларды чачып таштады да, кеселерге ачыма куйду. +Арыктагы сууга колун жууп, комбайнын токтоткон Касым да келип отурду. +Чарчаңкы кыймыл менен нан туурап жатып ал: «Ысык эле бойдон экен. +Ал, апа, жаңы буудайдын нанынан биринчи ооз тийгин»,– деди. +– Быссымылда,– деп, нандан алдым да, чайнап жатып, кандайдыр бир жаңы даам, жаңы жыт сездим. +Ал жыт – комбайнчынын колунун жыты эле – саман, кара май, темир жыттанган колдордун жыты. +Нандын ар бир туурамы ушундай керосин жыттанып жатты, бирок андай таттуу нан жеп көрбөгөн элем, анткени, ал нанды уулумдун эмгекчил колдору туурап берген, анткени, ал нан көпчүлүктүн, ушул жанаша отурган + + элдин тапкан наны эле. +Ошол учурда мен эне деген эмне экенин, анын таалайы, мисалы, буудайдын өнүп чыккан сабагы болсо – түп тамыры жер менен байланышкандай, элдин, көпчүлүктүн бак-таалайынан ажырагыс экенин ойлондум. +Ооба, мен азыр да ушул ойдо бекмин. +Мейли, керт башыма эмнелер түшпөдү. +Эл-журт бар экен – турмуш да бар. +Айтор, Субанкулду күтүп отургуча кеч кирип кетти. +Жаштар тигиндей суу боюна ба��ышып, жар үстүнө алоолонгон от жагышып, ырдап жатышты. +Алардын ичинде кыяк тартып, үн созгон Жайнактын добушу кулакка тааныш да: «Үнүңдөн болоюнум, жаш чагыңда ырдай бер, теңтуштар менен салган обон пейилди тазартып, адамды адамга жакындатат эмеспи» – деп угуп отурдум. +Энемин да, ошол саатта да ойлогонум – балдар, алардын келечеги. +Касым го – өзүнчө болуп калды,– деп ичимден түгөлдөп жаттым, жаз чыгары менен келинчеги экөө бөлүнүп, үй-жай күтүп кетишет. +Иштермандыгы – дал эле атасынын өзү, караңгы түшсө да, комбайн, трактордун чырактарын балбылдатып, дале талаада эгин чаап жүрөт. +Алиман да жанында, иш арада бир минут бирге болушса да, кымбат эмеспи. +Майсалбегимди ойлогондо, сагынганымдан жашый түштүм. +Өткөн жумада кат жазып жибериптир, быйылкы жайда үйгө келалбасмын, пионер лагерине жетекчи болуп Ысык-Көлгө жөнөп жатам деген болчу. +Мейли, сүйгөн иши ошол экен, кайда жүрсө да, аман болсун деп тилеп жаттым. +Субанкул келип тамактанды да, түндөп айылга кеттик. +Эртең менен мал-пулду көздөш керек эле, кечкисин го кошунам Айшага дайындап кеткем. +Ал бечара оорукчан эмес беле, бир күнү оору, бир күн соо – жумушка чыгалбай кала турган. +Биз атка учкашып, бастырып келе жатканда, түн мемиреп, талаа бейкут жаткан кези эле. +Желе-жорто жүргөн сыдырым, караңгыда шабыр-шубур этип, куурай баштарын жалмалап, ай шооласын кулпунта, чайпалган эгин үстүнө кыймыл жаратып, көлөкө ойнотуп жатты. +Чарчаган жер уйкуга кетип, анын бешигин терметкендей, сайда ташкындаган суу алыстан шаркырап, буудайдын арасында чегирткелер үн алышып турушту. +Табигаттын бул тынчтанган чагы кандайдыр бир өткөн-кеткенди эске салчудай, алда эмнелерди эңсетип, жүрөктү зарыктырды. +Субанкулдун курун карманып, учкашып келе жатат элем. +Ал мени алдыга отур десе болбой, дайыма ушинтип учкашып жүргөндү жакшы көрөр элем. +Кээде үргүлөп кетип, кээде темине бастырып келе жаткан Субанкул унчукпаганы менен, анын ошентип сүйлөбөгөнү да, ээрде чарчап отурганы да – жаныма кымбат. +«А-а, байкушум, акырындап карып келе жатабыз го. +Мейли эми өмүрдү текке өткөргөн жокпуз окшойт. +Мезгил деген – экөөбүз кечээ эле кошулгандай болдук эле, карачы канча заман өттү. +Ошентсе да, турмуш дале кызык, дале толуп жаткан үмүт түгөнбөйт» – деп ойлонуп келе жатып, башымды өйдө көтөрүп, асманга караганымда, жүрөгүм селт эте түштү: Саманчынын жолу куду баягыдай болуп, ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жаткан экен. +Чын эле, бүгүнкү жылдыздуу төбөдө кандайдыр бир алп дыйкан кырмандан толо кучак саман көтөрүп өткөнсүп, себеленип чууруп калгандай, топон көзгө даана көрүндү. +Ал түгүл, чачылып калган саманга жел тийгенсип, жылдызданган майда учкундар жылт-жулт этип копшолуп, оодарылып жатты. +«Ой, тооба!» – деп жакамды кармандым. +Баягы түн, баягы жаштык кез кылт этип, эске түштү. +Көрсө, ошондо тилеген, самагандын баары келген турб��йбы! +Ооба, жер-суу элдин энчисине тийип, эл катары биз дагы кош айдап, эгин сээп, кырман бастырып тилегибизге жетип турбайбызбы. +Заман минтип өзгөрүлүп, жаңы турмуш минтип келерин анда ким билсин, айтор, ак тилек кандайдыр болбосун көптүн тилегине үзөнгүлөшүп, жерде калбайт экен го дедим мен ичимден. +Ушундай ойлорго берилип, эргип унчукпай келе жатканымда, Субанкул артын жалт карай: «Сен эмне уктап калдыңбы, Толгонай? +Унчукпай эле келе жатасың,– деди. +– Мен да бүгүн аябай чарчадым. +Азыр үйгө жетебиз. +Же жаңы көчөгө кайрыла кетелиби?», «Кайрыла кетели»,– дедим мен. +Жаңы көчө дегенибиз айылга кире бериш жол боюнда эле го. +Көчө деле жок болчу анда, там салуучу жаштарга деп, ошол жылы көктөмдө жаңыдан эле жер берилген. +Касым менен Алиман да жаңы көчөнүн баш жагынан чарбак алышпады беле. +Кирпичтерин жаздап-жайлап үчөөлөп куюп камдап, аларды кургатып жаткан болучу, жер пайы орнотор жайын да казып коюшкан, өткөн аптада эки күн сайдан таш терип, тамдын ордуна ташып келишкен эле. +Биз ошону көрмөккө кайрылып калдык, анткени – мындан нары орок маалында оңой менен күндүзү кол бошобойт эмеспи. +Үйүлүп жаткан чоң дөбө таштарды көрүп, Субанкул балдардын иштегендерине ыраазы болду: «Кош де, апасы, таш мол жетет экен, сарайлык таш артып да калар,– деди ал.– Жыйын-теримди бүтүргөндөн кийин, жабыла дубалын тургузуп, үстүн жаап коёбуз да, калганын келерки жазда бүтүрөрбүз. +Туура эмеспи, Токон?», «Туура, үстүн жапсак, калганы бүтөр, аманчылык болсо. +Биздин Жайнак эле шашып, өпкөсү көөп алыптыр. +Бул көчө Комсомол көчөсү деп аталсын деген токтом чыгардык деп жүрөт. +Анда Алиман жеңеси аны шылдыңдап күлөт: «Ой, кичине бала туула элек балага ат койгонсубай, жайдак эле жерге көчөнүн атын издеп убара болгончо, элден мурун аял алсаңчы да, там-жай салып, көчө тургузсаңчы, көчөнүн аты эптеп табылар эле го. +Антсе берки да болбойт, жок, сен туура түшүнбөй жатасың деп талаша кетет». +Субанкул менин бул сөзүмө күлүп койду: «Ал ургандын ошондой шашмасы бар, деген менен көчөнүн атын туура таап айткан экен. +Мынабу башталган тамдардын баары эле жаштардыкы да, баары тең кийинки муун. +Элдин канат-бутагынын өскөндүгү ушул: айлыбызга батпай жаңы кыштак куруп жатабыз. +Ал эми көчө салынып бүтсүнчү, көрөрсүңөр менин уулумдуку эле туура чыгат.». +Биз ушинтип сүйлөшүп турган түн, көрсө, дүйнөнүн эң каргашалуу түнү экен. +– Башыңды өйдө көтөр, Толгонай, кайрат кыл. +– Жарайт. +Андан башка чарам барбы. +Эсиңдеби, айланайын тууган жер, ошол күнкү? +– Мен эчтекени унутпаймын, Толгонай. +Жарык дүйнө орногондон бери, кылымдар тагы баары менде. +Китепке сыйбаган, адамдын эсинен чыгып жоголгон тарыхтын баары менде. +Сенин да баштан өткөргөн тагдырың – жүрөгүмдө. +Сүйлөй бер, сүйлө, Толгонай, сүйлө пендем, бүгүн кулак сенде! +– Ох, эмнени айтайын. +Ошонун эртесинде, күн чыгалекте орок оруп, жумушка кириштик. +Ал күнү биз чоң сайдын үстүндөгү жар бойлогон аңызга түштүк. +Жаңы эле орок шилтеп, кызып келе жатат элек, суунун аркы маңдайында чаап келе жаткан атчан көрүндү. +Тимеле артынан куугун түшкөндөй, камышты, бадалды аралай, ат жалына жата калган неме, суунун жээгиндеги таштакка жете келди да, аттын оозун тартпай түз урду. +Бул ким болуп кетти, төмөндөгү көпүрөгө салбай, мынча эмне шашылды деп карап калдык. +Атчан – орус жигит экен. +Жээрде айгырды камчылап, ал сууга сала бергенде, баарыбыз тең дал болуп туруп калдык: дайра киргенде бул жерден эч ким даап өтчү эмес, ат түгүл төөнү агызып кете турган ташкын жүрүп жатса, өлалбай жүргөн неме го? +«Ай, жолдош, токто, кайт артыңа! +!» – дегиче болбой, кетенчиктеген айгырды тик тургуза камчы шыбап, жанагы атчан сууга урду. +Ал бир нерселерди кыйкырып, бизге кол булгалады, бирок дайранын шарынан эчтеке угулган жок. +Күлдүрөп, көбүктөнө өркөчтөнгөн суу көз ачып жумганча, атчанды алып жөнөдү. +Кулагын жапырган айгырдын башы толкундар арасынан бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй, ат жалын эки колдоп карманган кишинин шапкесин башынан жулуп кетип, өжөрлөнгөн дайра адамды агызып бара жатканы менен, агымдын өз күчүн пайдаланып, атчан кыйгачтай жүрүп отуруп, акырындап жээкке жакындай берди. +Ал тээ төмөн тегирмендин тушунан өтө берип, суудан чыкканда, баарыбыз тең жеңилдене дем алдык. +Кээ бирлер – азамат, жигит экен дешсе, кай бирлери – бул соо эмес, мас болуп кутуруп жүргөн неме дешти. +Тегирмендин жанында эгин чаап жүргөн Касымдын комбайны жым болуп токтоп калганда, мен ага анча деле назар салган жокмун: дагы бир жери бузулган чыгар, иш үстүндө ар кандай боло берет эмеспи. +Өйдө карабай орок тарта бердим, аңгыча жанымда жүргөн Алиман: «Эне!» – деп, ачуу чаңырды. +Мындай карасам, орогун колунан түшүрүп, келиним кан-сөлү жок купкуу болуп турган экен. +Жылан чаккан экен деп, «кокуй, апамдын баласы, эмне болду?» – деп жанына жетип бардым. +Алиман унчуккан жок. +Анын алайган көздөрү тиктеген тарапты карай бергенимде, тула боюм дүр эте түштү. +Комбайндын жанында алда кандай кыйкырыктар, туш-туш жактан буудайды аралап жүгүрүп келе жаткан эл, атчан, кээ бирлери арабада тик туруп, камчыны үйүрө салып-уруп келе жатышат. +«Кокуй, энеке! +– деп кыйкырган Алиман, комбайнды көздөй жулунуп жүгүрдү. +«Ой, булар соо эмеско! +Комбайндын бычагына илинип, майып болгон го!» — деген сөздөр, кулагыма шак дей түштү. +«Бол, кеттик!» – дегенде, орокчулар жабыла чуркашты. +«Кудай сакта! +Кудай сакта!» – деп, алардын артынан жүгүрүп келе жатып, арыктан секире бергенимде, бет алдымдан кетип, кайра тура калып, кайра жүгүрдүм. +Ой, ошондогу жан далбасым ай! +Буудайдын арасына өрт кеткенсип, үстүмдөгү көйнөгүм, бүткөн боюм, чачымдын түбүнө чейин жалбырттап, өрттөнүп келе жатам. +Асмандагы сокур күн, чел баскандай апапак, бирде беш, бирде он күн болуп көзгө чагылышып, башым айланкөчөк. +Жетпей жыгылат экемин, токтогула деп кыйкырайын десем, дабышым чыкпайт. +Ушинтип комбайнга жүгүрүп жеткенимде, додолонгон кишилер чуулдашып, кийим-кечеси туташ суу, энтиккен жээрде айгырды жылоодон кармап турган бирөөнү курчашып турушкан экен. +«Мындай болгула, коё бергиле мени!» – деп, топту бузуп киргенимде, комбайндын жанында турган Касым менен Алиманды көрүп, калтыраган колдорумду сундура, балама жүткүндүм. +Касым мени көздөй утурлап, боюмду тосуп калды да: «Апа, согуш чыкты!» – деди. +«Согуш? +Согуш дейсиңби?» – бул сөздү мен эч убакытта укпагандай, анын маанисине түшүнбөгөндөй, дагы да кайталап сурадым. +«Ооба, апа, согуш башталды» – деди Касым. +Эмне үчүн согуш? +Кантип согуш?» – бул суук кабардын артында эмнелер жатканды дале аң-сезимиме жете бербегендей, «согуш, согуш дейсиңби?» – деп шыбырап жатып, жанатан берки жүрөгүмө камалган коркунучка демим кыстыгып, ыйлап жибердим. +Мени көрүп башка аялдар да чуулдап коё беришти. +«Эй, катындар, токтоткула азыр! +Баскыла үнүңөрдү!» – деп кимдир бирөө кыйкырып калды. +Ошенткенде, андан акыл күткөнсүп, баарыбыз унчукпай калдык. +Талаа ичи тымтырс боло + + түштү. +Ошол үп этпеген, тынчтыкта алда ким үшкүрүп койду: «Согушка кетет экенбиз да!» Анын сөзүнө эч ким жооп кайтарбады. +Жымжырттык ого бетер демин катып, сайда күркүрөгөн дайранын шары кулакка дайын угулду. +Чогулуп турган элди айландыра карап, Касым өзүнчө ой бөлүшкөндөй кобурап койду: «Эми эртерээк эгин-тегинди жыйнап алыш керек, болбосо кар астында калат». +Анан бир аз унчукпай туруп, бир убакытта жардамчысына катуу буюрду: Эмне карап турасың, жүргүз моторду! +Силерчи, силер эмне карап турасыңар, орокчулар! +Жетишпей калсак, азабын өзүңөр эле тартасыңар. +Тургула, урушта туруш жок!». +Эл козголо түштү. +Баятан бери башын салаңдатып турган чабарман ошондо гана өйдө карады. +Жапжаш орус жигит экен, сууланган чачы маңдайына чакчелекей жармашып, көгүлтүр көздөрү, кудай билет, өмүрүндө биринчи жолу ошончолук санаа чеккен чыгар. +Адамдын из түшө элек тун жүзүндө чукул келген эсейгендик дароо эле билинет экен. +Ал катуу күрсүнүп алды да, жанында жайдак атын минип турган жигитке кыргызча сүйлөп кайрылды. +«Жолдош, сен азыр айылга чаап барып, башкарма, сельсовет, бригаддарды таап, токтолбостон райкомго жөнөшсүн дегин, жарайбы? +Мен дагы эки колхозго барышым керек». +Чабарман жээрде айгырга минип, мындай бастырарда, жанагы биздин айылдык жигит: «Ой, дос, токтой тур! +– деп бери чакырды. +– Шапкең агып кетиптир. +Ме, менин калпагымды кийип ал: күн өтүп кетпесин»,– деди. +Жана дайраны жалдап өткөн жаныбар жээрде айгыр эликтей суналып жолго түшкөндө, артынан коюу чаң бурулдап, чабармандын карааны бат эле көрүнбөй калды. +Аны узата карап турган эл, тегиз ар кандай ойго кеткенби, комбайн менен трактордун моторлору бирдей от алып бирдей дүрүлдөй түшкөндө, кишилер чочуп кетип, бирин-бири жа��т карашты. +Ушул минуттан тартып, жаңы турмуш, согуш турмушу башталбадыбы. +– Ооба, Толгонай, ошол чабармандын дүбүртү али да сууй электей кулагыма угулуп, аттын туяктары тийген издер берч болуп денемде сакталып калды. +– Э-э, жарыктык жер, айта берсе экөөбүздүкү түгөнөбү. +Билесиң го, күн кандай үп тартып, ысып келди ошондо: жандуу-жансыздын баарын куйкалап жибербедиби. +Эгин да ошол жылы тирелип калган экен, деги бир уч-кыйыры жок, төрт-беш күндүн арасында тегиз бышып чыкпадыбы. +Эмне деген байлык эле. +Шашкан иш курусун, орулган буудайды боолап алууга чамабыз келбей, ошол бойдон арабаларга самсаалата жүктөп, канчасы ысырап болду. +Ал го мейли, ичим ачыганда элге ачыды. +Күнүгө четинен аскерге чакырылганы кетип жатты, калгандары кара жанды карч уруп, түшкү ысык дебей, демиккен түнкү үп дебей, талаада, кырманда, суй жыгылганча иштешип жатышты. +Ошондо Касым, алда байкуш балам ай, бүтпөгөндүн баарысын бүтүрө тургансып, күнү-түнү комбайндын үстүнөн түшпөй, эгин чапканы чапкан. +Ал өзү гана эмес, анын комбайны да жандуу немедей каардана күркүрөп, кайнаган чаңдын ичинде бир аңыздан экинчи аңызга жапыра кирип, буудайды шалап оруп жатты. +Касымым болсо, комбайндын үстүндө учууга чамынган бүркүттөй, бет алдына көз айырбай тигилип, дагы канчасы калды, канчасын оруп жетишем дегендей, турганы-турган. +Ошол күндөрү ал капкара болуп күйүп кетти. +Көрсөң эсиң чыгат: эриндери как жарылып, жаактары шимирилип, сакал-мурут жыш басып кеткен. +«Ушинтип жүрүп эмне болор экенсиң балам, ысык өтүп, комбайндан кулап түшөр бекенсиң? +– деп ичимден сызам, бирок айтууга оозум барбайт. +Дүйнө эмне болуп бара жатканын көрүп турбаймынбы. +Арадан көп өтпөй Касымга да кезек келди. +Ал күнү түшкө жакын комбайнга жүгүрүп кеткен Алиман бир убакытта ылдый карап, томсоруп келди. +«Повестка келиптир» – деди ал араң сүйлөп. +«Качан?» «Жана сельсоветтен жеткирип беришиптир». +Уулумдун акыры бир күнү көп катары аскерге кетерин билип эле жүргөм, ошентсе да, бул кабарды укканда муундарым бошой түштү, эмне үчүндүр орок тарткан эки колум сыздап кетти. +Орокту колумдан түшүрүп, жерге отурдум. +«Андай экен, ал анда эмне кылып жүрөт, камданбайбы?» – дедим мен дирилдеген эриндериме ээ болалбай. +«Кечке барам деди го. +Мени үйгө барып даярдангын деди. +Мен кете берейин, эне. +Атама айтып коюңуз. +Берки кичине бала кайда жүрдү экен.», «Айтылар. +Сен барагой, Алиман. +Камыр көптүрүп тур. +Мен да азыр барам». +Алиман кеткенден кийин да, көпкө чейин ордумдан туралбай, шалдырап отурдум. +Башымдан шыпырылып түшкөн жоолугумду көтөрүп алууга алым келбеди. +Жерди тиктеп отурсам, кумурскалар жол салып, нары-бери жүгүрүшүп, дан ташып, саман сүйрөп, аракеттенип жүрүшкөн экен. +Эмне үчүн антип ойлогонумду билбейм, кумурскалардын ушинтип эчтекеден бейкапар эмгектенип жүргөндөрүнө да, адам болуп туруп, көз арттым. +Капырай, ушундай да ой к��лет экен го. +Аңгыча арабасын айдап Жайнак жетип келди. +Ал ошондо станцияга эгин ташып каттап жүргөн. +Агасынын аскерге кетерин билип келген окшойт, арабадан секирип түшүп: «Жүрөгой апа, үйгө баралы» – деп, мени колтуктап арабага түшүрдү. +Ушул аз эле убакыттын ичинде кичүү балам таанылгыс өзгөрүлгөндөй болду. +Баягы шайырсынган бала кыялы жок, кадимки көптү көргөн немедей токтоо болуп калыптыр. +Жайнактын түрүн көрүп, аны кандайдыр өгүнкү чабарман орус жигитке окшотуп кеттим. +Ооба, мунун да көзүндө ошондой ой тарткан эсейгендик сезилип жатты. +Көптүн башына күн түшсө, адамдын баары эле бирдей турбайбы дедим мен ичимден. +Аны ойлонуп келе жатып, берки Майсалбегимден кабар келбей калганын эстеп, дагы да жүрөгүм сызыла түштү: «Ал эмне болду анда? +Аскерге алып кеттиби, же кандай? +Куш тилиндей кагазга дарегин билдирип койсо болбойбу, чунак бала. +Уруксат берсе, үйгө эле келбейби, эми эмненин окуусу. +Ата-энени эстебейт окшойт го, сыртта жүрүп таш боор болуп калганбы?» – деп ар кайсынысынын санаасын бир тартып, арабада келе жаттым. +«Э, Жайнак, дедим мен,– сен станцияга каттап жүрөсүң го, деги кандай, уруштун токтолор түрү барбы?». +«Жок, апа,– деди ал ошондо.– Азырынча иш начар. +Немистер майыштырып келе жатат. +Биздикилер эми ошолорду токтотуп, мизин бир кайырып алса, кубаттана түшөр элек. +Сен, апа, аркы-теркини ойлой бербечи, көп менен көрөрбүз.». +А-а, садагаң болоюнум, ал мени жооткондогусу. +Көзүмдү жумуп, кулагымды бассам да, кантип эле ойлобой коймокмун. +Үйгө келсем, Алиманым бир жактан шолоктоп, камырын чала жуурган бойдон отуруптур. +«Сен эмне элден башкача бекенсиң, элдин баары эле аскерге жөнөп жатпайбы. +Мынча эмне бошодуң, шоруң кайнагыр!» – деп катуу айтайын дедим да, кайра, койчу, жаш немени иренжитпейинчи, ичи сууп калбасын деп тим койдум. +Же, ошондо эле катуу айтсам болмок беле? +Касым кеч бешимден өтүп, күн батканда үйгө келди. +Ал короого кирип келери менен, Алиман жагып жаткан отун таштап, жүгүрүп барып мойнуна асылды да: «Сенден ажырабаймын! +Сенден ажырабай өлөм! +– деп буркурап ыйлады. +Касым комбайндан түшкөн бойдон, чаң, кир болуп жетип келген экен. +«Кирмин, Алиман. +Коё турчу азыраак, самыныңды алып кел, чоң сууга барып жуунайын» – деди эле, Алиман мени жалт-жалт караганынан ийменгенин сезе коюп, суу алып кел деп, колуна чака кармата койдум. +Алар ошондо ай чыккандан кийин, кеч кайтышты. +Үйдөгү жумуштарды Жайнак экөөбүз бүтүрдүк. +Түн ортосуна жакын Субанкул да келип жетти. +Кайда жүрөт десем, көрсө, күндүз эле тоого чаап кетип, өзүбүздүн сары жоргону жылкыдан кармап келиптир. +Окшогон жорго эле. +Айылдагы кыз-келиндердин: «Астыңдагы сар жорго, салдырасың жолжолго» – дегендери ошол эмеспи. +Уулу аскерге жөнөп жатканда, бир күн болсо да, жоргосун минип калсын десе керек атасы. +Эртеси багымдатта айылдан аттанып, военкоматка жөнөп калдык. +Ошондо ири алды менен калың аскер алынбадыбы. +Туш-туш жактан кошулуп, кара жолдо чубаган араба, элди көрсөң, сан жетпейт. +Алды Чоң-Капчыгайга кире берип, аягы алда кайда. +Ал эми райондо жыйналган эл көчөгө батпайт. +Атчан, арабачан, катын, бала-бакыра. +Ар кимиси өз жакынын тегеректеп, жанынан карыш кетишпейт. +Бирок, көп деген оңой эмес да, «Көп чогулса көл болот» деген ырас экен. +Ошол тополоңдуу жыйында да, майданга жөнөп жатып, кайраты мыкты эр азаматтар бек сүйлөп, бек басып, ал түгүл, ырдап, бийлеп, кыяк тартып, көпчүлүктүн көңүлүн улап жатышты. +Орусча, кыргызча ыр аралашып, бир ооздон чыккан «Катюша» дегендери баарыбызга таанымал болду. +«Катюша» – кыздын аты экен да, ошол кездеги жаштардын сүйгөнү экен да. +Военкоматтын короосуна батпай, аскерге чакыртылгандарды чоң көчөнүн ортосуна катар-катар тизип, ар бирин аттарынан чакыра баштаганда, чогулган калк тегиз тынчтанып, сестейе түштү. +Мындай карасам, согушка кетип бара жаткандар тандалгандай не бир солкулдаган, чырактай жигиттер экен. +Улам аты чыкканы менмин деп, биз жакты жалт-жалт карашат. +«Субанкулов Касым» – дегенде ичим ысый түшүп, тамагым буулду. +«Менмин» – деди Касым. +Алиман – ошол учурда колумду сыга кармап: «Энеке» – деп шыбырап жиберди. +Аныкын деле билип турам, билген менен чарам кайсы: көптүн кереги кыстаганда элден сырткары ким турат. +Алда, Алиманым ай, ошого көзү жетип эле турса да, сүйгөнүнө мындай жакын, мындай ысык ынакты көрө албадым. +Алимандын коштошконун азыр эстесем, азыр жанымды садага чапкым келет. +Ал күнү биз айылга кайтып келдик, анткени аскерлерди бир күнү өтүп жөнөтөт экен дешти. +Колхозубуз чоң жолго жакын эмеспи – мында зарыкпай үйгө бара тургула, кетип бара жатып тие кетем деп Касым болбой койду. +Алимандын мине жүргөнүнө Субанкулдун атын таштап, биз арабага түшүп кеттик. +Жайнак да райондо калган болчу – ал арабасы менен аскерлерди ташып кетиш үчүн дайындалган. +Түндөп аңгыраган үйгө келип, жатпай ыйлап отурсам, Субанкул чай куюп жатып, мени теске салды. +Ошондогу айтканын түк унутпаймын: «Экөөбүз ким элек, Толгонай. +Мына ушул эл, ушул журт менен киши болдук. +Жакшылыгын көрдүк, эми жамандыгына туш келгенде, ар кимибиз өз башыбыздын убайын тартып, бөксөрө берсек, биздин эмнебиз адам? +Эртең бек болгун. +Алиман, экөөбүз көргөндүн бирин да көргөн жок, ал ыйласа – жөнү башка. +Сени – эне дейт. +Билип койгун, согуш ушинтип күчөй берсе, мен да кетем. +Майсалбектин жашы да келип турат, керек экен – бирибиз калбайбыз. +Ушуга, Толгонай, эмитен көнө бергин.». +Кийинки күнү түш оой аскерлерди станцияга жөнөтүп калган экен. +Касым менен Алиман жол арбытып, озунуп келишти. +Үйүңө тийе кетип коштошуп чыккын деп, Касымга уруксат берилиптир. +Алимандын эки көзү көнөктөй, жол катары эле ыйлап келсе керек. +Касым сыр алдырбаганы менен, ал деле кейиштүү үшкүрөт. +Алимандын көз жашы, анын жалдырап эле турган түрү Ка��ымга катуу тийип ошенттиби, же чын эле ошондой кеп айтылдыбы, айтор, аттан түшөр замат Касым: «Силер станцияга узатабыз деп убара болбогула, ата, балким, мен кайтып да калармын – тракторчу, комбайнчыларды бошото турган болуп жатат. +Приказ келип жетсе, станциядан үйүңөргө кайтарабыз дешти» – деди. +Эми ойлосом, Алиманды аяп, бизди аяп, жөн эле айткан сөзү экен. +Станциябыз да күнчүлүк алыс эмеспи, кайра келерде биз үчүн ал – бүтпөгөн жол болорун да эске алды окшойт. +Адегенде мен ушул сөзгө ишенип да калдым, үмүт кургур адам менен тең жашайт турбайбы. +Бирок, мындай чыкканда, Касым муну атайлап айтканын билдим. +Баарыбыз тең эле билдик окшойт. +Артта келе жаткан жүргүнчүлөрдүн алдын ала айылдан чыгып, чоң жолду көздөй Касымды узатып бара жатканыбызда, талаада иштегендер бүт эле коштошкону жүгүрүп келишти. +Араба айдаган, орок оргон, кырман бастыргандар калган жок. +Касымдын комбайны да ушу арада эгин чаап жүргөн экен. +Комбайнды токтотуп, аны менен бирге иштегендер да келип жетишти. +– Туура айтасың, Толгонай. +Адамдын комбайн менен коштошконун, мен көрбөгөндүн баарын көргөн жер, ошондо биринчи жолу көрдүм. +– Ооба, кутмандуу талаам, уста майданга кетерде балкасы менен коштошот дейт. +Касым да өз кесибинин устасы эмес беле. +Айылдаштары менен коштошуп жатып, комбайн жанаша жерге келип токтогондо, Касым чоң жолду көздөй бир карап алды. +Кызыл желекти көтөрүп, арабачан, аттуу келе жаткандардын алды бурулуштан жаңы эле көрүнө берген. +«Ата, кармай турчу» – деп, Субанкулга аттын тизгинин бере салып, Касым комбайнга басып барды да, аны айландыра карап туруп, бир убакытта үстүнө жүгүрүп чыкты. +«Айда, Эшенкул! +Айдагын баягыдай!» – деп, трактористке кыйкырды. +Угулар-угулбас иштеп турган моторлор, баардык кубатынча күркүрөй берип, шакылдап кыймыл алган комбайн, артынан саман, топон бурганактатып буудайды жапыра аймап, эгин үстүнө толкун айдады. +Ошол учурда менин көзүмө ошондой көрүндүбү, ал анчейин гана комбайн эмес, канатын жайып жер бети менен сызган алп куш өңдүү туюлду. +Штурвалды бекем кармаган Касым, бетине соккон ысык шамалга жыргап, көкүрөгүн керип күлүп жатты. +Тракторист экөө алда эмнелерди кыйкырып үн алышып, улам ылдамдата, аңыздын башынан кайра ала салдырып келе жатканда, карап турган эл моокусу кангандай, баш ийкеп карап турушту. +Алиман да ошондо азыр ажырашарын унуткандай көздөрү жайнап, өзүнчө эле сыймыктанып, кубанып турган экен. +Баарынан да алиги Айша кошунабыздын баласы, анда он үч – он төрттөгү Бекташ, ошол жылы комбайнда саман тартчу, кагылып кетейиним, комбайндын үстүндө туруп Касым менен кучакташып коштошсо болобу. +Касым аны колуна көтөрүп, бети-башын өпкүлөп, эми сен үйрөнгүн дегенчелик, штурвалды баланын колуна карматып, ордуна калган жардамчысы менен коштошту да, комбайндан түшө келди. +Сай-сөөгүм сыздап, Субанкулдун түндөгү айтканынан гана араң эле тиштенип турдум. +Жолду карасам, аскерге жөнөөчүлөр айылдын тушунан өтө берип, кылкылдап жетип келген экен. +Ушинтип, Касымды жөнөтүп турган эл, баарыбыз коштоштук. +Ай, Алиманым ай, аян көрдүң белең, улуу-кичүүдөн да тартынбай, эмне үчүн ушунча боздоп асылдың? +«Кош эми, Алиман, мен кайра келем, көрөсүң го, эртең эле бошонуп келем, ыйлабачы мынча, мен келем, күткүн мени!» – деп, Касым аттанайын деп улам үзөңгүнү кармаганда, Алиман кайра эле барып, мойнуна асылып, кетирбей жаш балача колунан сүйрөп, коё турчу деп ыйлай берди. +«Эмесе балам, тигиндей жол боюна жеткирип кел,– деди Субанкул келинине.– Биз ушунда калалы. +Жолдоштору узап кетпесин. +Касым, бери карачы!» Алар бир аз бирин-бири унчукпай тигилип карап турушту да, «Түшүндүңбү?» – деди Субанкул. +«Түшүндүм, ата!» – деди Касым. +«Эмесе жөнө!». +Субанкул атына минип, кырманды көздөй чаап кетти. +Мени менен коштошкондо, Касым: «Майсалбектен кат келсе, адресин салып жибергиле» – деп айтты. +Атын жетелей Касым менен Алиман кол кармашып чоң жолго жете барганча карап турдум. +Адегенде Алиман үзөнгүнү кармана жүгүрүп, анан ат үстүнөн аялынын маңдайын акыркы жолу өөп, Касым сары жоргонун башын коё бергенде, төгүлгөн жаандай болгон жаныбардын чаңы ыраактап кеткенче, Алиман кол булгалап эле жүгүрө берди. +Эртеси кечке жайдакталган сары жоргону арабасынын артына коштоп, Жайнак станциядан алып келди. +– Эмне унчукпай калдың, Толгонай? +– Ошол жылы дагы эмне болгондорду эстеп жатам. +Айтор, кимди ким билсин, заман дароо эле кыйындап, элдин үрөйү уча түшпөдүбү. +Алда кайда кыргын жүрүп, кан төгүлүп жатканда, биздин кармашканыбыз – иш болду. +Касымдын айтканы туура келди: канчалык жапатырмак киришпесек да, согуштун кесепетинен эгинтегиндин аягы, картөшкө кардын астында калды. +Айылда күч берип иштеген эркектер оп тарткандай, улам суюлуп, аскерге кетип жатпадыбы. +Калганыбыз эртеден-кечке колхоздо, согуш кантти экен деп кулак түрөбүз, анда кабарлар чеке жылытарлык эмес эле, жол караганыбыз – почточу болуп калды. +Касым жөнөп кеткенден кийин, көп кечикпей Майсалбектен кат келген. +Биринчи катында ал – окуудагы өз катар курбуларым менен аскерге чакыртылдым, азырынча шаардын өзүндө элебиз, силер менен жүз көрүшүп коштошо албай калганыма кейибегиле, мындай болорун ким билиптир, жеңиштүү келсек – тилек ошондо дептир. +Экинчи катында – Новосибирь деген шаардамын, командирлик окууга жиберилдим деп сүрөтүн да салып жибериптир. +Сүрөтүңдөн айланайыным, аскер форум кийип түшкөн экен, тимеле жарашыктуу, чачын артына кайрып, маңдайы кере карыш, кабагы саал бүркөөрөк тартып тиктеп турат. +Түшүмө да эми ушундай кирет, сүрөтүндөгүдөй. +Алиман Майсалбекти бир эле жолу көргөн эле да, жазында Касым үйлөнгөндө эки күнгө суранып келип кеткен болчу. +Кайнисинин сүрөтүн карап, Алиман: «Биздин мугалим бала окшогон сулуу жигит турбайбы, эне. +Карачы, баягыда көшөгөнүн артынан анча жакшы байкабай калыптырмын, тиктей бергенден уялгам. +Эми аман-эсен кайтып келип, өзүндөй билимдүү, өзүндөй сулуу кыз алса, жарашып калар эле ээ, эне!» дээр эле. +Кыш киргенче ушинтип балдардан кат үзүлбөй санаам анча-мынча тынчып турган. +Анткиче болбой, фронт тарапты бет алып жөнөп калдык деп Касымдан кабар келди. +Эми кандай болор экен, бассам-турсам да көңүлдө ушул. +Бул арада Субанкулду да кайта-кайта военкоматка чакырып, комиссиялап калды. +Бригадирлик милдети бир жагында, тыным көрбөйт. +Бул кандай болуп кетти, демек, Субанкулду да алып кетет турбайбы, анда канттик деп жүрсөм, бир күнү чын эле аскерге алынууга повестка келиптир. +Аны укканда, санаам сай таппай, кырманда эгиндин калганын тазалап жатканбыз, айрынын сабын карманып ойлонуп турат элем, Субанкул чаап келип аттан түштү да жүр үйгө, камданалы деди. +Учкаша жүрөйүн десем, жок, атты сен мингин, мен жаныңда басып сүйлөшөйүн деди. +Андай учурда адам сөз да таппай калат окшойт, айтылчу сөздүн баары ичте болуп, унчукпай келе жаттык. +Булангыр булуттар асманды түнөртүп, Сары-Жайыктын түзүнөн соккон муздак шамал кар учуруп боорондотчудай, тына калып, демигип турду. +Айланамды карасам, жан боордош дыйкан талаам, сен дагы жайдак калып, караан да жок, үн да жок, томсоруп жаткан экенсиң. +– Ооба, Толгонай. +Кыш камап, денемди тоң алып келе жаткан. +Суукка карайып, менин да жалгызсыраган капалуу күнүм эле. +– Субанкул кайта-кайта чакмак чагып, тамеки түтөтүп келе жатты. +Бир убакытта шамалдан калкалана берип, атка ыктады да, тамеки күйгүзүп жатып, менин колумду кармалап: «Үшүдүңбү?» – деди. +Ал ошондо бир нерсе айткысы келди, балким, балдарыбыз тигинтип согушта, мына эми мен да кетип жатам, кандай болот, кандай коёт, көрүшөбүзбү, жокпу, ушунча жыл ысык-суугубузга күйүшүп бирге жашадык – ыраазы бол, тагдыр ушул экен, кантебиз, аманчылыкты тилейли дегиси келдиби, ким билет. +Айтор, башын көтөрүп, мени аяп да, сүйүп да, эрдин тиштене карап алды. +Мурутуна жаңыдан ак кирип келе жаткан экен, ошондо байкадым. +О, касиеттүү талаам, менин башыма түшкөн жакшылык, жамандыгымдын баарын көрдүң го. +– Ооба, Толгонай, сенин бүт өмүрүң ушунда өттү. +– Субанкул экөөбүздүн ушул талаада кошулуп, жыйырма эки жыл ушул жерде таман акы, маңдай терибиз менен агарып-көгөрүп, бирге өмүр сүргөнүбүз ошондо заматта көз алдыма келе калды. +Түбөлүк шериктешимден минтип айрыларымды ойлодум беле. +Кечээ эле орок түшкөн биринчи түнү так ушул жол менен учкашып бара жатканыбызды эстеп, айылдын кире беришинде жаштардын жаңы көчөсү башталган бойдон ташталып калганын көрүп, Касым менен Алимандын чарбагында үйүлүп жаткан кирпич менен ташты көрүп, ат жалына жыгылып, өксүп-өксүп ыйлап жибердим. +Субанкулдун кайраты бек эле го. +Менин эмне ойлоп келе жатканымды билип эле жатты. +«Ыйласаң азыр ыйлап ал, Токон, бирок, мындан ары элдин көзүнчө бошой турган болбогун», – деди ал. +– Сен, Токон, Алиман менен Жайнакка гана баш болбой, менин ордума бригадир болуп каласың, бул ишке сенден башка ылайыктуу эч ким калган жок айылда. +«Ушундай саатта болбогон сөзүңдү койчу, Субанкул, кереги жок, бригадирлигиңди эмне кылам, мен кайсынын бригадири!» – деп ыйлай бердим. +Антсем, кечинде чындап эле колхоздун мекемесине чакырып калышты. +Фронттон колу жарадар болуп келген жаңы башкармабыз Үсөнбай, Субанкул дагы эки-үч аксакал кишилерибиз олтурушуптур. +«Толгонай жеңе, кантсеңиз да белиңизди бек бууп, көпчүлүктүн милдетин мойнуңузга аласыз. +Аял болсоңуз да, жер-суунун шартын, элдин шартын сизден жакшы билген эч ким жок. +Мына, минтип мыкты бригадирибизди, ачуу чайнап, согушка жөнөтүп турганыбызда, анын ишенген кишисине, сизге, биз да ишенебиз. +Замандын түрүн го өзүңүз көрүп турасыз. +Эртеңден тартып ишке киришиңиз, Толгонай жеңе» – деп, Үсөнбай түз эле айтты. +Берки аксакалдар да аркы-берки сүйлөшүп, койчу, кептин кыскасы – бригадир болууга көндүм. +Көнбөгөндө кайда барат элем. +Ошенткеним да бир чети дурус болуптур – Субанкулумдун эң акыркы өтүнүчү ошол эмеспи: кетер-кеткенче көптүн камын тарткан бечарам ай, түнү менен кош айдоого эмитен камдана бер, ат көлүктү тандап жем-чөпкө байла, соко-шайманыңды түгөлдөп ремонттоткун, баланчанын үй-бүлөсү жашаялмет, беркилер кары-картаң көз + + сала жүр, тигини андай кыл, муну мындай кыл деп сүйлөп отурду. +Таң атканча тынбай сыртта шамал уюлгуп, кар жаады. +Субанкулду да чоң жолдон узаттык. +Өзү курдуу бир катар кишилер менен арабага түшүп, борошого аралаша кетти да калды. +Ошондогу сууктун курчун ай, беттен алып каарып турбадыбы. +– Ал күнү сен узатып кайра келе жатканда, кайта-кайта артыңа кылчактап катуу ыйладың, Толгонай. +– Ооба, Жер-Энем. +Ошол күндөн тартып, башкармабыз Үсөнбай айткандай, белди бек бууп, атка миндим, бригадирлик жумушума кириштим. +Эмки бригадирлердин да кызматы оңой эмес, ал кезде болсо тимеле бир тирүүлөй азап экен. +Ишке жарамдуу эркектерден эч ким жок, тегиз кеткен, калгандары келин-кезек, жаш балдар, карыган кишилер. +Тапкан-тергенибизди фронтко берип, арабалардын дөңгөлөгү жок, каамыт-шлиялар жарамдан чыккан, устаканага деген көмүрдү сайдагы чычырканактарды өрттөп, көөрүктү эптеп жалмалатып турдук. +Элдин турмушу да начарлагандан начарлап бара жатты. +Ошентсе да колхоздун ишин токтотпой, кыймылдатып туруунун аракети болуп жатты. +Азыр ойлосом, бирөөгө жакшы айтып, бирөөгө жаман айтып, колхоз деп жүрүп ар кандайлар баштан өткөн экен, бирок, эл үчүн, анын азып тозсо да ар качан эл болуп тура бергендиги үчүн садага кетиш керек. +Ошондогу аялдар – бул кезде кемпир, жаш балдар – беш-алтынын атасы, баягы күндөрдү алар унутуп да калышкан чыгар, бирок, мен аларды көргөн сайын, көз алдыма өлбөс-өчпөстөй алардын ошондогусу элестелет, ач-жылаңач жүрүп колхоздо иштегендери, күткөн-самаганы – бардыгы ташка-тамга баскандай көкүрөгүмдө. +Мен өзүм деле кандай абалда элем, антсе да, жыгылып-тыгылып бригадир болуп жүргөнүмө эч убакытта өкүнбөймүн. +Таң азандан колхоздун сарайына жетип барып, ар кайсынысын жумушка чегип, ушуну менен кечке чейин аттан түшпөй, эл жаткыча контордо күндөлүк жыйналышта отуруп, көпчүлүктүн иши менен алаксып жүргөн экенмин. +Мейли, кээ бирде жан карайганынан айрымдар тил албай мени сөккөн күндөрү да болду, андайда Алиман менен Жайнак өз балдарым эмеспи, аларга тыным бербей жумушка күнү-түнү айдай берчүмүн. +Анткениме да кейибейм, болбосо бизди не деген коркунучтуу ойлор басынта бермек. +Бир үйдөн үч киши катары менен согушка кетип отурса, адам ойлонбой коёбу. +– Ырас, Толгонай. +Сен ошондо мени менен сүйлөшкөндөн качкансып, дайым өтө чаап, алда кайда шашылып алдастап жүрөр элең. +– Антпеске айлам бар беле, сырдашым Жер-Эне фронтко бет алдым деген бойдон, бир жарым ай чамасы Касымдан эч кандай кабар болбой турбады беле. +Арабасы менен станцияга каттап, Жайнак тентимишим үйдө жок эсе, ал эми Алиман экөөбүздүкү эмне болсо да ичте. +Касым жөнүндө сүйлөшүүдөн корккондой, көзүбүз чагыла түшкөндө, башка бир болор-болбос тиричиликти кеп кылып, жаш балача сооронууга шашабыз. +Кыш ортолоп, аяздуу күндөрдүн биринде, устаканада аттарды такалатып жүрөт элем, сизге шашылыш телеграмма келиптир деп, башкарма алакандай кагазды ала чаап келди. +«Кой, кокуй ал эмнең?» – деп жибериптирмин. +«Ой, Токон жеңай, коркпоңуз, жамандыктын түрү курсун, бул телеграмма Майсалбектен экен, Новосибирден жибериптир, бери басыңыз! +– деди Үсөнбай. +– Азыр токтобой станцияга жөнөңүз, уулуңуз эки күндө биздин станциядан өтөт экен, жолугуп калайын дептир. +Чөп-жем салдыртып, арабаны дайындатып койдум, Толгонай жеңе, кечикпей жөнөңүз!» – деп эле айтып калганы. +Сүйүнгөнүмдөн эмне кыларымды билбей алдастап, устаканада нары жүгүрүп, бери жүгүрүп, анан түз эле үйдү көздөй жолго түштүм. +Иштин жай-жуюн дагы да сураштырбай, бир билгеним: «Майсалбегим тоссун дептир! +Майсалтайым келсин дептир! +Сени тоспогондо кимди тосом, кагылып кетейин уулум. +Тимеле учкан куштай жөө жүгүрүп отуруп барармын!» – деп эле өзүм менен өзүм сүйлөшүп, чыкыроон аязда алашала тердеп келе жаттым. +А-а, кургур эне десе, ошондо ой токтотуп, Майсалбегим кай тарапты карай өтөт экен деп койбоптурмун. +Нары-бери камына берип, Майсалбегим жолдоштору менен үйдүн оокатынан даам татып кетсин деп боорсок, жупка, эт бышырып, ошол эле күнү Алиман экөөбүз арабага түшүп жөнөп калдык. +Адегенде Жайнак менен барсамбы деп ойлонуп турдум. +Ошентсем, Жайнак өзү эле: «Кой, апа. +Алиман барсын, мен үйдө калайын. +Мага караганда Алимандын барышы зарыл» – деп койду. +Абдан туура кылган экен кичүү балам. +Жаш болсо да, Жайнактын ошондой билгич жайы бар эле. +Жеңесинин кандай думугуп, капа чеккенин сезип жүргөн турбайбы. +Алиманды чөпканада иштеп жүргөн жеринен өзү чуркап барып чакырып келбедиби. +Көптөн бери келинимдин минтип кабагы ачылганын көргөн жок элем. +Тимеле жаш баладай сүйүнүп, менден бешбетер жетине албай: «Бол, эне кечигип калбайлы!» –деп, өпкөсү көөп алыптыр. +Жолго чыкканда да ушул: арабаны тездете айдатып, кээде тизгин, камчыны арабакеч баладан тартып алып, өзү шамдагайланып айдап келе жатты. +Жол катары бир тегиз суук тартып, жабалактаган жумшак кар жаап турду. +Ошол кар апапак болуп Алимандын жоолугуна, маңдай чачына, жакасына күрпөңдөлө жыйналып, анын жалтылдаган капкара көздөрүн, нурлана тамылжыган кызылдуу жүзүн ого бетер сулуу көрсөтүп, көрктөп келе жатты. +Анан калса, барар-барганча оозу бир тынсачы келинимдин. +Биринчи жолу тойго бара жаткан баладай, аны-мунуну эркелеп сүйлөп: Мугалим бала поюздан түшкөндө, сен унчукпай тур, эне. +Мени тааныр бекен? +– деп, анан туруп,– «жок, эне, мен артынан барып, мугалим баланын көзүн басып калайын, кантер экен, ой бул ким өзү деп, чочуп кетер бекен!» – деп күлүп жатты. +Ай, Алиманым ай, ай келиним ай, сенчелик күйөөсүн сүйгөн аял болду бекен? +Мени билбейт деп келе жаттыбы, өзү деле акыры сырын алдыртып койбодубу. +Жанагыдай тамашалап келе жатып, бир убакытта муңдана түшүп, өзүнчө кобурап койду: «Мугалим бала Касымга аябай окшош, ээ?» – деп унчукпай калды. +Анан туруп кайра көңүлү ачылды: «Айда аттарды, айда эртерээк!» – деп шашып жатты. +Ушинтип отуруп, станцияга күн батарда жетип бардык. +Станция турган капчыгайдын ичи, шамалдын уюткусу ошол жерде эмеспи, кар учуруп, ыркырап турган экен. +Майсалбек азыр эле келип кала тургансып, арабадан түшөр замат, Алиман экөөбүз түз эле темир жолдун боюна жетип бардык да, наржак-бержакты карап, эмне кыларыбызды билбей, жетимсиреп калдык. +Эртеден берки желпинип дегдегенибиз сууй түштү. +Тарам-тарам темир жолдун арасына жөө бурганак ойноп, кээде паровоз тоңуп калгансыган вагондорду, калдырата козгоп коюп, зым карагайлар шамалга үндөшүп ышкырып жатты. +Бирде-экиде поезд тосуп көрбөгөн адам курусун. +Качан келет, кай тараптан келет – сурамжалдап албай, тура бериптирбиз. +Анткиче болбой, алыстан поезддин үнү чыгып, шакылдаганы угула берди эле: «Апа, келе жатат!» – деди Алиман. +Буту-колум титиреп, жүрөгүм колкомо тыгыла түштү. +Поезд улам жакындап келе берди, шашканымдан: «Ме, куржунду сен кармачы!» – дедим. +Бурганак сапырып паровоз өтө чыкты да, поезд токтоду. +Вагондордун ичи жык толгон жүргүнчүлөр экен, катын-балдары да бар, көбү солдат. +Кимдер экенин, кайда бара жатканын кудай билсин, Майсалбек көрүнбөйт. +Поездди жандай жүгүрүп, эшиктерден башбаккан кишилерден: «Субанкулов Майсалбек барбы? +Айткылачы айланайындар, Субанкулов Майсалбек барбы? +– десек, кай бирлери билбейбиз дешсе, кай бирлери унчукпай, кай бирлери күлүп да коюшту. +Ушинткиче болбой поезд ордунан козголуп, жүрүп кетти. +Бар болгону биздин станцияга үч эле минут токтойт экен. +Колубуздан алдырган немедей, турдук да калдык. +Поезд илгерилей түшкөндө, аны узатып жүргөн чолок кара тончон, орто жашап калган темир жолчу орус киши, бизди көрүп, силер кимди тосуп жүрөсүңөр деп сурады. +Жайыбызды түшүндүрүп, ага Майсалбектин жиберген кагазын көрсөттүк. +Ошентсек, көз айнегин кийип, окуп чыкты да, сиздин уулуңуз аскер эшелону менен келе жатыптыр. +Ал эми кайсы эшелон экени, кайсы убакытта өтөрү белгисиз. +Кечикпесе, бүгүн-эртеңден келип жетиш керек. +А, балким, өтүп да кеткен чыгар, күнүнө нечен эшелондор өтөт, кээде токтобой да кетет, кайсынысы экенин ким билсин дегендей арсар айтты. +Биздин бозоргон түрүбүздү көрүп, темир жолчу аяп кетти окшойт: «Эх, война, война! +Баардыгын бүлдүрдү го»,– деп башын чайкады да,– «силер эми суукта турбай, тигиндей кирип отургула, улам поезд келерде алдын ала чыгып тоскула» – деди. +Станциянын жалгыз тамында тактай нарларга кулап жаткан он чакты киши бар экен. +Согуштун айынан ар кайсы жактан жеринен ооп, жол азабын тарткан жүргүнчүлөр бул жерде өз үйүндөгүдөй жайланышып, уктаганы уктап, сүйлөшкөндөрү сүйлөшүп, кай бирлери темир кружкалардан шорулдата чай ичип, гитар кыңгыратып, ичинен кыңылдап ырдагандары да бар. +Алиман экөөбүз да нарынын четинен орун алып отурдук. +Шишеси сынык жалгыз чырак араң эле бүлбүлдөп, станция ичи күүгүм-чалыш тартып турду. +Бир кезде поезддин жакындап келе жатканы дагы угула калды эле, биз эшикке атырылып чыктык. +Түн жамынып жин ойногондой, шамал этек-жеңден булкуп, паровоздун ысык деми бетке уруп, өтө чыкты да, жүк ташыган поезд жай келип токтоду. +Мында келе жаткан солдаттар көрүнбөсө да, Алиман экөөбүз: «Майсалбек! +Майсалбек, барбы?» — деп вагондорду кыдыра жүгүрдүк. +Эч ким жок. +Станцияга кайра келип отурганыбызда, элдин баары уктап калыптыр. +«Эне, чарчадың го, жатып эс ала турчу, мен эле күзөтүп турайын» – деди Алиман. +Келинимдин ийинине башымды жөлөп кыйшайдым. +Бирок, эмненин уйкусу, кайдагы уйку. +Уктабай кашайып калайын! +Кулагым, жүрөгүм, акылым менен тигил поезддин ыраактан келе жатканын таманым менен тамдын асты билинер-билинбес солкулдаганынан сезип жаттым. +Поезд кай тараптан келбесин, күүсүн кулагыбыз чалар замат, кокус келип жетпесин деп, улам куржунду көтөрө жүгүрүп, тосуп жүрдүк. +Нечен эшелондор өттү, бирок, биринде да Майсалбекти жолуктура албадык. +Түн ортосуна жакын жер күүлдөп солкулдаганынан эшикке чуркап чыкты элек, капчыгайдын нары жагынан да, бери жагынан да паровоздордун бакырыгы угулуп, эки поезд эки жактан шакылдап келе жаткан экен. +Ушинтип жол карап, күткөнүбүздөй болсочу, кокуй!. +Шашканыбыздан кай жагына умтуларыбызды билбей алдастап, эки жолдун ортосунда камалып калган экенбиз, каршы-терши зуулдап келген поезддер, кулак тундуруп, урган-соккон бойдон то��тобой, жандаша күүлөнүшүп өткөндө, уюлгуган кар, шамал вагондордун астына учуруп жыкчудай алка-жакадан + + булкуп силкти. +«Эне!» – деп бакырган Алиман мени кучактай, фонардын мамысына капшыра кысып кармады. +Ошол куюн-чымын шака-шактын ичинде да, чагылгандай жарк-журк эткен вагондордун терезе эшиктерин сагалап, алда кокуй, Майсалбегим ушунда өтүп кетип калбагай эле деген ой, бүткөн боюмду титиретип, эсимди оодарды. +Дөңгөлөктөр чуркаган кош темир жол ошондо менин жүрөгүм зыңылдагандай, зың-зың этип онтоп жатты. +Айтчы деги, дүйнө тиреги жер, кай заманда, кайсы эне ушинтип өз баласын бир көрүүгө зар болуп, көзүнөн кан чачырап, кыйкырыгы таш жарып, жол тосту эле? +– Айталбаймын, Толгонай. +Сенин заманыңдагыдай ааламда согуш болгон эмес. +– Эмесе, ошентип жол караган эненин эң акыркысы мен болоюн! +Ылайым, ылайым, мен сыяктуу темир жолду кучактап какшаган пенде болбосун! +– Толгонай, уулуң менен жолугалбай келгениңди, сен бери чоң жолдон кайрыла бергениңде эле билген элем. +Түрүң ушундай бир керсары, көзүң ичине тартып, оорудан тургандай болуп калыпсың. +– Ушундан көрө бир ай эс-учу жок төшөктө жатсам, ыраазы элем. +Таң аткыча келиним экөөбүз бир тыным албай, темир жолдун боюнда ары-бери жүгүрүп жүрдүк. +Бороон таңга маал чукул тыйылды. +Ошондо батыш жактан вагондору кыйрап өрттөнгөн бир эшелон келди. +Капырай, талкаланган эшелон жай сүйрөлүп келгенде, капчыгай ичи тып-тынч болуп турду. +Анча-мынча гана кар кыпындаганы болбосо, станцияда жан жок, үн жок. +Ошол эле сыяктуу эшелондун өзүндө да бир да адам жок экен. +Тегиз эле кыйраган вагондор чиркелишип, эски күмбөздөр арасындагыдай, үн этпеген көрүстөн тынчтыгы тунжурап, түтүн, күйгөн темир, өрттөнгөн карагай жыттанып турду. +Кечээ күнү таанышкан чолок кара тончон орус киши фонарын көтөрүп, жаныбызга келди эле. +Алиман андан: «Бул эмне болгон эшелон?» – деп шыбырап сурады. +«Бомбалар талкалап кеткен» – деди ал да шыбырап. +«Эми бул вагондорду кайда алып бара жатышат?» «Ремонтко» – деди темир жолчу. +Алардын сөзүн тыңшап, бул эшелондо кимдер жол тартып, кайсы жерден бомбалар үстүнө кулап, өрт-жалын, кыйкырык, бакырыктын ичинде кимдер буту-колунан ажырап, кимдер жан берип, өмүр менен коштошту экен, согуштун элеси эле ушул болсо, өзүчү, өзү эмне деген шумдук иш деп, ойлонуп турдум. +Согуштан келген эшелон көпкө чейин станцияда туруп, анан жай сүйрөлүп, алда кайда жүрүп кетти. +Жүрөгүм копшолуп, заманам куурулду: эми Майсалбегим да талкаланган эшелондун келген жагын көздөй, кан майданга жол тартат ээ. +Касым эмне болду экен? +Субанкул да Рязань шаарына жакын жерде машыгып жатабыз деп жазыптыр. +Анысы фронттон анча алыс жерде эмес көрүнөт. +Күн чыкты, түш да болду, түңүлүп да калдык. +Майсалбек биз келгиче өтүп кеткен экен го, болбосо станцияга келген бир да эшелон койбой тосуп жаттык. +Эми эмне кылабыз? +Майсалбек менен жүз көрүшп��й калганыбыз ушулбу? +Аттарга деген арабадагы жем-чөп да түгөндү – деп, ар кайсыны бир ойлоп, айылга кайтып кетүүгө да дитибиз чыдабай, Алиман экөөбүз темир жолчуларга жардамдашып, поезд жолдордун арасына ныкталган карды күрөктөп тазалап жүрдүк. +Антпесе, убакыт өтө турган эмес. +Суук кечээгидей эле коё бербей, жөө-бурганактап жел козголуп турду. +Бир убакытта асман ачылып, чамгылттаган булуттарды жиреп, күн тийди. +«А-а, кудай ай, ушул күндөй болуп уулум жарк этип көзгө көрүнө калсачы! +Келтирегөр, кудай, жолуктурагөр!» – деп жалындым. +Ушул арада чыгыш тараптан паровоздун айбаттуу кыйкырыгы угулуп, станцияга келе жаткан эшелон көрүнө берди. +«Эне, ушул болуп жүрбөсүн! +Кудай билет, ушул!» – деди Алиман, куржунду ийнине арта салып. +Ал ошондо билип тургандай, эмне үчүндүр купкуу болуп, бетинен каны качты. +Менин да демим кыстыгып, жүрөгүм алып учту. +Куйрук улаш эки паровоз чиркелип, түтүн, буу, кара чоюн, кызыл темир дөңгөлөк күркүрөп, шакылдап өтө берип, адегенде жайдак вагондордо чүмкөлгөн замбирек, танкилер жанындагы мылтыкчан кишилери менен көзгө урунуп, анан вагондордун эшигинде топтолгон солдаттар, кыяк, ыр, сөз – кулакка, көзгө илинбей алмашылып зуулдады. +Колуна желекче кармаган кандайдыр бир темир жолчу, жүгүрүп келип: «Токтобойт! +Токтобойт!» – деп, колун шилтеп, бизди көкүрөккө түрткүлөп темир жолдон четтете берди эле, ошол учурда «Апа-а! +Алимаан!» деген кыйкырык, жаныбыздан угула түштү. +Майсалбек! +Алда, айланып, согулуп кетейин балам ай, бир колу менен вагондун туткасын карманып боюн сыртка таштап, тумагын булгалап коштошуп өтүп бара жаткан экен. +«Майсалбек!» – деп кыйкырганымды бир билем. +Ошол чагылгандай оокумда Майсалбектин өңү-түсү эң бир даана көрүндү: шинелинин этектери шамалга чамынып, чачы желпилдеп, жүзүндө, көзүндө – өкүнүч да, сүйүнүч да, учурашуу да, коштошуу да! +Арылдаган шамал анын кыйкырыгын жула качып Майсалбектин ушул түрүн көз айырбай, ал алыстаган сайын поезд менен кошо жарышып, эшелондун эң арткы вагону жанымдан өтө чыкканда, артынан дагы жүгүрө түшүп, жүзтөмөнүмдөн жыгылдым. +Ай, ошондо боздогонум ай, какшаганым ай! +Ок жааган майданга кетип бара жаткан уулумдун ордуна, темир жолду кучактап, коштошуп жаттым. +Дөңгөлөктөрдүн рельсиге чыкылдап урунганы улам алыстап кете берди. +Азыр да кээде ошол эшелон кулагымды тундуруп, куйрук улаш эки паровоз алып-учкан вагондор мээмди как жарып өткөнсүйт. +Артымдан ошондо шолоктоп ыйлап Алиман жетип келип, анын соңунан дагы бир темир жолчу орус аял өз алдынан бышактап, жаткан жеримден өйдө тургузушуп, темир жолдон четке чыгарышты. +Алиман мени колтуктап келе жатып ошондо колума аскер тумак карматты: «Ме, эне, мугалим бала таштап кетти» – деди ал. +Көрсө, Майсалбегим аны мага таштап кеткен турбайбы. +– Туура айтасың, Толгонай. +Арабада түшүп келе жатып, тумакты көкүрөгүңө кысып келбедиң белең. +– Ооба, ошол тумак азыр да үйдө илинүү. +Чекесинде кызыл жылдызы бар, боз товардан тигилген солдат тумак. +Кээде колума кармалап жыттайм, уулумдун жыты али да келип тургансыйт. +– Толгонай, байкуш Толгонайым, алдагы калтаңдаган башыңды ошондо боз кыроо чалбадыбы. +Кайран олоң чач! +Сен бул жерге келген сайын, ар качан башкача болуп келчүсүң. +Улам жүгүң оордогондой ээрдиңди кесе тиштеп, ичиңден өксөп, унчукпай келип, унчукпай кетип жатсаң да, башыңа кандай кыйын күн түшкөнүн баарын билип эле жаткам. +– Ооба, Жер-Энем, унчукканда кантер элем. +Мен эле жалгыз болсом экен – согуштун кесири тийбеген бир да үй-бүлө, бир да адам калган жок эле го. +Башкасын айтпай эле коёюн, дүйнөнүн өйдө-төмөнү менен эч кандай иши жок кезинде, тили жаңыдан чыккан кичинекей балдар да, ошол балыр сүт бөбөктөр да, ырдап койчу десең, каңырык түтөтүп: «Ак көйнөгүм этеги Элбир-желбир этеди. +Аскерге кеткен атамдын Бир кабары келеби?» — деп какшап турса, кимдин жаны карайбайт да бүлүк салган душманга: «Сени канабы!» – деп, ким кекенбейт. +Ал эми шум кара кагаз келгенде, аскерге кеткендеринен ажырап, бир күндө айылдын эки-үч жеринен өкүрүк, ый чыгып жатса, адамдын каны ошондо кайнап, согушта жалбырттаган өрттүн табы жүрөгүмдү тирүүлөй куйкалаганын ошондо билет экенсиң! +Так ошол күндөрү бригадирликте жүрүп, элдин жамандык-жакшылыгын тең бөлүшүп, көпчүлүккө эптеп баш-көз болуп жүргөнүмө, азыр да сыймыктанам, азыр да ыраазымын. +Ал болбосо, балким, мен алда качан майышып, алда качан мөгдүрөп, алда качан согуштун тепсендисинде калмак элем. +Кылычын сууруп келген жоого бир гана даба бар турбайбы: даба – күрөштө, эмгекте турбайбы. +Мына ошондуктан, отон талаам, иш арада чаап келип, унчукпастан тиштенип, аттын башын кайра бура тартып, унчукпастан чаап кетип жүргөнүмдүн себеби ошол эле. +Эсиңдеби, Жер, Касымдан кат келгендеги күн? +– Эсимде эмей, Толгонай. +Сен тээ көчөдөн чыга бергенде эле, күрткүнү, арыкты карабай, аттын башын коё берип, чаап келе жатканыңда эле билгем. +Сен ошондо аңызда кык төгүп жүргөн келиниң менен кичүү балаңды сүйүнчүлөп келгенсиң, Толгонай! +– Сүйүнчүлөбөй анан! +Эки ай катары менен өлүү-тирүү дареги жок Касымымдан аманмын деген бир ооз кабар келип турса, мен сүйүнчүлөбөй, ким сүйүнчүлөйт эле! +Москванын алдындагы чоң салгылашка эки жолу кирип чыгып, экөөндө тең аман-соо согушуп чыктым, немистердин мизи кайтып туруп калды, биздин полк азыр дем алууда дептир. +Алимандын ошондогу кубанганы ай! +Арабадан ыргып түшүп, Жайнактан мурда озунуп, «Энеке, оозуңа май, кагылайын энеке!» – деп, жетип келди да, катты кармаган колдору калтырап, эчтекесин окуй албай: «Аман! +Аман-эсен!» – дей берди. +Жанаша жерде кык чачып жүргөн келиндер жүгүрүп келишип, «кана, окучу Алиман, күйөөң эмне дептир!» – дешсе, «азыр, айланайындар, азыр!» – дегени менен окуй албай койду. +«Мага бере турчу, жеңе. +Элге окуп берейин»,– деп Жайнак катты алды да, угуза окуду. +Алиман ошондо эмне үчүндүр отура калып, ысып чыккан чекесине чеңгелдеп кар басты. +Кат окулуп бүткөндө, ал өйдө турду да, бетиндеги кардын эриндилерин сүртүп да албайт, албырган бети суу бойдон, же ыйлар, же күлөрүн билбей, түш көргөн жаш балача жылмайып: «Жүргүлө, эми иштейли!» – деп койду. +Ошентип алып, өзү шашылган жок, айлана-тегерегин жай каранып, кар кечип жай басты. +Эмне ойлонгонун кайдан билейин, менимче, жайында ушул талаада Касымга суусун ала жүгүргөндөрүн эстедиби, балким, аны аскерге кетерде комбайн менен коштошкону көз алдына келип тургандыр. +Капырай, келинимдин сыры ичине жатпай, эмне болсо да бүт эле жүзүнө чыгар эле. +Ушундай адамдар болот эмеспи. +Алимандын көздөрү ошол учурда сүйүнүп да, муңканып да, алда кайсы сонун көрүнүштөрдү эстегендей, күлмүңдөп, эркелеп, чоң жолдо жаандай төгүлгөн сары жоргонун алыстаган чаңын узата карагандай, мөлтүрөгөн жаш алып, койчу, келинимди түркүн ой, түркүн сезим сел сыяктуу каптады окшойт. +Жайнак тамашакөйүм аны жөн койбой жеңинен тартып: «Э, жеңе, эсиң ооп калган го! +Алың ушул экен, катты окуй албай, элге күлкү болду деп, Касымга жазып жиберейин. +Аялыңды кайра мектепке бергени жатабыз дейин!» – деди. +Алиман аны жонго муштагылап, алар кубалашып кеткенде, мен дагы күлдүм. +«Мейли! +– дедим ошондо ичимден, кайраттанып. +– Жоону жоо гана басат! +Касымдын согушка кирип, көп катары немис менен салгылашып чыкканы ырас болуптур. +Менин балдарымдай жигиттер эл коргобогондо, ким коргойт эле. +Айтор, аман эле болуп, душманды талкалап, жеңиштүү кайтып келсе болгону. +Андан башкасынын баарына чыдайбыз, мейли, ит + + азабын тартсак да, эртерээк жеңсек экен! +Кудай-ай, эртерээк жеңсек экен!» – деп тиледим. +Бул менин гана каалоом эмес, көптүн тилеги, улуу тилек болгон соң, аны үчүн баарына макул болот экенсиң. +Үйдө калган жалгыз кенжем, Жайнагым, он сегизге жетер-жетпей аскерге кеткенде: «Жа, эми башка салганды көрөбүз!» – деп гана ичимден тынып тим болдум. +Кыш аягына жакын Жайнакты өзү теңдүү балдары менен кошо военкоматка чакыра баштаганынан, аларды анчейин аскерче машыктырып жүргөн экен дегем. +Аны аскерге алат деген ойдо жок. +Эки жолу районго барып, он чакты күндөн ойноп келип, үчүнчү жолкусунда бир күн өтүп, эртеси эле кайра Жайнак үйгө келип калды. +«Сени эмне бошотуп коюштубу, тез эле келип калдың?» – десем,– «Жок, апа, эртең районго кайра кетем. +Военкомат бир күнгө уруксат берди» – деп койду. +Ошондо эле байкасам болмок экен. +Алда кайда, узакка кетүүгө камынгандай. +Жайнак ал күнү көп иштерди бүтүрүп жатты. +Жумуштан бир кайрылып келсем, короонун ичин шыпырып, оголе көп отун жарып, уйкананы тазалап, тамдын төбөсүндөгү чөптү кайра жыйып, атасы ат байлачу акырдын ураган жерлерин оңдоп жаткан экен. +«Ой, аны эмне кыласың, балам, жайында эле оңдобойсуңбу?» – десем,– «Кол бошто бүтү��үп коюш керек, апа. +Кийин кол тийбейт» – деди. +Көрсө, анысы жөн эмес экен да. +Жайнагым өз ыктыяры менен, комсомолдун чакырыгы боюнча согушка кетпедиби. +Аны биз Жайнак жөнөп кеткенден кийин билип жүрбөйбүзбү, станциядан араба айдаган айылдашынан кат берип жибериптир. +Алда курган ай, алда байкуш балам ай, чынын айтып эле, коштошуп эле кетсе да, ыйлап-сыктасам да, эптеп түшүнөр элем го. +Алиман экөөбүзгө жазган катында, коштошпой кеткенимди кечиргиле, силерди биротоло бир билсин дедим, аскерге өз ыктыярым боюнча кетүүнү туура таптым дептир. +Мен анын кылганын жактырбай тыйып коёт дедиби, тукумуң өскүр, же айтууга оозу барбадыбы, кайдан. +Бир билгеним Жайнак согушту сүйүп, кызыгып кеткен жок, ал аны жек көргөн үчүн, согуштун элге тийген запкысы жанына баткан үчүн курал алып кармашканы кетпедиби. +Атасы, эки бир тууганы эл деп кан-майданда жүрсө, анын жаны алардан артык бекен, ал деле намысына туулган жигит эмес беле. +Ооба, Жайнак так ошол үчүн, согушту жек көргөн үчүн кеткенине көзүм жетип эле турган. +Жалгыз Жайнак фронтко барганда кыйратып деле жибербейт болчу, бирок, минтип айтыш да туура эмес: Жайнакка окшогондор ону кошулар, жүзү кошулар, миңи кошулар, ошентип барып күч болот, ошентип барып кол болот, ошентип барып тоо болот! +Жайнагым, кенжем, тамашакөйүм, шайырым, ырчым, солкулдаган боз балам! +Сен эмне үчүн айтпай кеткениңди билбей койду дейсиңби? +Сени балалык кылып, согуш эмне экенин, өлүм эмне экенин түшүнбөй кете берди деп ойлойт дейсиңби? +Шайырсынган түрүңдү көрүп, сен адамга кандай боорукер экениңди ар ким түшүнө бербес эле. +Ошол боорукерлигиңден жашаялмет катын-калачтын көргөн азабына тим карап туралбадың. +Адамдын бул дүйнөдө арттырары эле жакшылык турбайбы. +Мынакей эми, согушта жүрүп алда качан кабарсыз дайынсыз кетип, курман болдуң. +Кырк төртүнчү жылдын кайсы бир караңгы түнүндө партизандарга жардамдашыш үчүн самолёттон парашют байланып секирип түштүң да, парашют десантындамын, немистин ичкерисине үч жолу түшүп барып согушуп келдик деп кат жазчу элең, ошол бойдон сени эч ким көрбөй калды. +Душман менен кармашып жатып, ээн жерде окко учтуңбу, же токойдо адашып кеттиңби, же колго түшүп кармалдыңбы, айтор тирүү болсоң, эмдигиче бир шек-шыбаң чыгар эле го, балам. +Сен ошентип жаздым болдуң, Жайнагым, кенжетайым, жаш кетип элдин эсинде да анча калган жоксуң. +Ал эми мен сени эстегенде, бизди аяп, айтпай кеткениңди ар качан эстейм, баягыда, станцияга араба айдап жүргөнүңдө, бейтааныш бир кичинекей балага үстүңдөгү тонуңду чечип бергениңди ар качан эстейм. +Кыш түшүп калган, аяздуу түндөрдүн биринде, арабасын жолдошторуна берип, Жайнак жалаң күрмөчөн үйгө кирип келди. +Суукка көгөргөн түрүн көрсөң, эсиң чыгат, тимеле калч-калч этип тоңуп бүтүптүр. +Анткен менен өзү күлмүңдөп, көңүлдүүдөй, «ой, бул эмнең, киймиң кайда, жолдон бирөө чечинтип кеткенби?» – д��сем, бир балага берип келдим деп койду. +Кийин жолдоштору айтып жүрүштү: согуштан сүрүлүп келген бир орус аял чиедей төрт баласы менен биздин станцияга түшүп калган экен, баары тең ач-жылаңач титирешип, мусапыр кейиптенип калышыптыр. +Берки кичинелерин энеси эптеп жоолук-поолукка ороп койсо керек ал эми сегиз-тогуздардагы тестиер уулуна эчтеке жетпей, тытык кемселчен гана бүрүшүп отуруптур. +Жайнак ошол балага үстүндөгү чолок тонун чечип берген турбайбы. +Жолдоштору айтат: тонду кийгизип койсо, этеги согончогуна жете сүйрөлүп, жеңдери тизеден ылдый жүрсө да, жылый түшкөн бала, кайра жандангандай, кайра тирилгендей кудуңдап, күлүңдөп жыргап калыптыр. +Жайнак ошого эле курсант болуп, жол катары суукка чыдабай арабалардын артынан жөө жүгүрүп, жолдошторунун кийимин алмак-салмак кие коюп бара жатса да, алиги баланы улам эстеп: «Ырас болбодубу, байкуш бала жылып, оңуп калды, э-э!» – деп келе бериптир. +Чын сырымды айтсам, бир кишиге тон чечип берүү менен элдин кемтиги толуп, бүтөлүп деле кетпейт. +Бирок жанагыдай эле – бирге он кошулуп, онго – жүз, миң кошулуп элчилик, адамгерчилик, боордоштук деген ошондон келип чыгат го деп ишенем. +Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт. +Жайнактын берип кеткен тону жыртылар, жок болор, жерге кирсин, сөзгө арзыбас эле нерсе, бирок кеп анда эмес, ошол кичинекей баланын жүрөгүндө бирөөнүн кылган жакшылыгы жүлүндөй сакталып калса, адам болгон соң башкага жакшылык кылуу милдет экенин жаштайынан сезип калса, Жайнагымдын сооп кылгандыгы ошол. +Эх, эми эмнесин айтайын, кесепеттүү согуш нечендердин кендирин кыйды. +Атаганат, Жайнагым аман турганда не деген адам болор эле! +Мүнөзүңдөн, кылык-жоругуңдан айланайын, балам, кайдасың, кайдасың? +Он экиден бир гүлүң ачылбай, кай жерге барып жалп эте түштүң экен? +О, дүйнө, о, жан жараткан жер, бир оокумга гана, көз ачып жумганча гана баламды тирилтип, бир гана жолу көлөкөсүн көрсөтүп койсоңор!. +– Толгонай, сабыр кыл, жүрөгүңдү токтотуп алчы. +Антпе, өзүңдү аясаң боло. +Жүрөгүңдүн ар бир сокконун сактасаң боло. +Мойнуңдагы милдетти унуттуңбу? +– Жок, сырдаш талаам, унутпай калайын. +Унутпаган үчүн ушинтип келип отурбаймынбы. +Ошол милдет болбосо эмдигиче эмнеге тирүү басып жүрөйүн, чыкпаган жаным бүлбүлдөп, жүрөгүм алда качан калбыр болгон. +Эсиңдеби, Жер, баягы каран күн? +– Эсимде, Толгонай. +Сени кош айдатып жүргөн жериңден чакырып кетишкенде эле билгем. +Кишилердин көз карашынан, кирпигинен, тымызын үшкүрүк чалганынан сезгем. +– Ооба, байчечекей жайнаган көктөмдө, жаңыдан гана кош чыгарган мезгил эмес беле. +Күн тийбеген кемерлерде күрткүлөр али да бөрү жондонуп, бугуп жатышкан, анткен менен төмөнтөн сары жел жүрүп, топурак тоборсуп, күн чубактап чөп кылтыйып, жаз иши улам илгерилей берген. +О, сенин жаз эңсеп, себилчү данга талгак болгонуңдан, дыйкан талаам! +Нымшыган бетиң көгүлтүр булоолонуп, дүйнөнүн чар-тарабы алда кайда суналып, алда кайда күмүштөнө мунарыктап, төшөктө жаткан аялдай балкып жатканыңдан, даркан талаам! +Соко жаңыдан гана кыртыш бузуп, кам топурактын жылуу деми жүрөктү элжирете, трактордун артынан бастырып бара жатып, дандуу, түшүмдүү эгинжай бол, согушта жүргөндөргө кубат бол деп, Субанкул менен Касымдан көптөн бери кат-кабар үзүлгөнүн эстеп, ойлонуп турганымда, айылдагы карыя кишилердин бири жетип келди. +«Келип калыпсыз, аксакал, иш илгериге батаңызды бериңиз!» – дедим. +«Дыйкан бабам кыдыр чалып, кырман магыл-тогул болсун, убайын эл көрсүн!» – деп, тиги киши ат үстүнөн бата кылды да,– «Толгонай, райондон келген полномоч бригадир келсин деп чакырып жатат, жүргүн» – деди. +Кошчуларга ишти дайындап, айылга тарттым. +Оюмда эчтеке деле жок, райондон күнүгө эле чоңдор келет, өзгөчө кош айдоо башталганда көп келишет эмеспи. +Карыя менен аркы-теркини кеп кылып бастырып келе жатканыбызда, тиги киши сөз арасынан учкай сүйлөп: «Рахмат сага, Толгонай, ушундай катаал күндөрдө эл-журтка баш болуп жүрөсүң, тизгиниңди бошотпой иштей бер. +Сага деле оңой эмес, адамдын башына эмнелер келбейт, эмнелер кетпейт, деген менен кимде кимибиз болбосун, мындай жаманчылыкта бири-бирибизге өйдөдө жөлөк, төмөндө медербиз, элбиз да. +Эл менен көтөргөн жүк жерде калбас» – деп койду. +Айылга кире берип, көчөнү аралап келе жатканыбызда, биздин үйдүн жанында далдалангансып жоон топ элдин турганын көрүп, анда да шектенбептирмин. +Карыя мени жалт карап алып чочугандай: «Аттан түш, Толгонай»,– деди. +Мен таң калып карап калсам керек, тиги киши атынан түшө калып, мени колтуктап жөлөдү: «Түш, Толгонай, түшүшүң керек!» – деп кайталады. +Сөзгө да келалбай бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, аттан түштүм. +Ошентсем нары жактан Алиманды ээрчитип, үч-төрт аял келе жаткан экен. +Алиман ошол күнү алышта арык чаап жүргөн. +Анын көтөрүп келе жаткан кетменин бир аял ийнинен ала салды. +Ошондо эле билдим. +«Бул эмнеңер, кокуй күн!» – деп көчөнү жаңырта бакырдым. +Аңгыча болбой, Айша кошунамдын короосунан аялдар чыга калып, мени колдон бекем кармашты: «Кайрат кыл, Толгонай, Субанкул менен Касымдан айрылдык!» – дегенде, «Эне, энекебай!» – деп, Алимандын чыңырган дабышы чыгып, турган элдин баары: «Боорумой! +Боорумой!» – деп өкүрүп коё беришти. +О, шум согуш, ушуну кылмак белең? +О, каран күн, ушуну көрмөк белек? +Мен эмес, көчө, тамдар, тал-дарактар чайпала теңселип, жер-сууну бузган чыңырык-өкүрүктөн кулагым тунуп, керең немедей, эч-эчтекени укпай, кандайдыр бир шумдуктуу жымжырттыктын ичинде, асмандагы булут, курчаган кишилердин жүздөрү түштөгүдөй элес-булас кубулуп, же өлүү, же тирүү экенимди сезбей, артыма кайрылган колдорумду бошотуп алууга аракеттенип жаттым. +Жанымда кимдер экенин, эшиктин алдында додологон эл кайсылар экени менен ишим жок, менин бир гана даана, ачык көргөнүм – ��лиман. +Бетин, көйнөгүн тытып, чачтары дуулдаган келиним, алда эмнелерди зар какшай чыңырып, эки жактан асылгандарга моюн бербей, улам мени көздөй жулкунуп жатты. +Алиманга эртерээк эле жете барсам деген ой менен, мен дагы ага умтула бердим, бирок, тээ кырк күнчүлүк алыстан келе жаткансып, бирибизге-бирибиз жете албай, кошулгуча + + арадан кылым убакыт өтүп, ортого кылым жол түшкөнсүдү. +Бир кезде Алиман жете келди да, тунган кулагым ошондо гана ачылды. +Эки колун жая: «Каран күн, эне, айрылдык, жесирбиз, жесирбиз! +Күнүбүз өчтү, айыбыз өчтү, окшошкон жесирбиз!» – деп Алиман мени кучактап боюн таштады. +Ооба, ошол учурда эки жесир кошулуп, бир-бирибизди күйүттүү көкүрөк басып, буркурап, какшап ыйладык. +Кайран азаматтар, тоо ураса болбойбу да, көл төгүлсө болбойбу! +Субанкул менен Касымым, ата, бала экөө да не деген дыйкан эле! +Дүйнөнүн туткасы ошолор сыяктуу мээнеткечтер эмеспи: элди тойгузган да ошолор, жоо келгенде колуна курал кармап, мекен коргоп, кан төккөн да ошолор. +Ал эми мисалы, согуш чыкпаганда, Субанкул менен Касымым канча бир кишилердин энчисине эмгегин арнап, канча эгин өстүрүп, канча кырман бастырып, канча жумуш жасап берер эле! +Өздөрү да элдин эмгегинен үзүр көрүп, дүйнөнүн канча рахатына ээ болушар эле! +Ойлоп отурсаң кызык, айланайын тууган жер, согуш башталат экен да, ал согушта адам баласынын эң асыл, колунан өнөр төгүлгөн азаматтары иштеп жаткан ишин таштап, биринин канын бири төгүп, бирин-бири өлтүрүүгө аргасыз болушат экен. +Ал эми мен буга түк макул эмесмин, турмушумда макул эмесмин! +Табигаттын жандуудан эң бийик жаратканы – адам баласыбы, дүйнөнү чарк имерген ким – адам баласыбы, андай экен, бирине-бири мынчалык залал келтирбей, тынчтыкта жашай албайбы? +Айтчы чыныңды, сырдаш талаам, айткын, айт мага жообуңду! +– Кыйын суроо бердиң го, Толгонай. +Мен билгенден, адам адам болуп жаралганынан тартып, согушканы согушкан. +Кээ бирде согуштан тегиз кырылып, көзү өтүп кеткен элдер да болгон, күлү асманга сапырылып, тирүү жан калбай, кыйраган шаарлар да болгон. +Нечен кылымдар адамдын баскан изине зар болуп, ээн жаткан заманым да болгон. +Согуш чыккан сайын, ар качан кулагы уккандарына кармашпагыла, кан төккүчө акыл токтоткула деп айтам. +Азыр да айтар сөзүм ушул: «Эй, Адамдар, дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган адамдар, силерге эмне керек – жерби? +Мына мен – Жермин, мен баардык адам баласына теңмин, мага талашыңардын кереги жок, мага ынтымак керек! +Эмгек керек! +Айдоого бир дан таштасаңар жүз дан кылып берем, чырпык сайсаңар, чынар кылып берем, бак тиксеңер, мөмө төгүп берем, мал жайсаңар чөп болуп берем, там тургузсаңар дубал болуп берем, урук-тукумуңар көбөйсө, баарыңарга жай болуп берем! +Мен түгөнбөйм, мен карыбаймын, мен кенчмин, мен баарыңарга тегиз жетем!» Ал эми, Толгонай, адам баласы тынчтыкта жашай алабы, жокпу, дейсиң. +Өзүң ойлоп көрчү, ал менден эмес, ��л силерден, адам баласынын өзүнөн, силердин ынтымагыңардан, ыктыярыңардан, акылыңардан. +Согуштун залалын мен тартпайт дейсиңби. +Майданда курман болгон мээнеткечтеримдин, сенин Субанкулуңа, Касымга, Жайнагыңа окшогон дыйкандарымдын эмгегин сагынам, аларды жоктойм. +Айдоо убагында айдалбай, эгин убагында сугарылбай, кырман убагында бастырылбай жатканда, мен аларды: «Келгиле, балбан билек дыйкандарым келгиле, балдарым, өйдө туруп келгиле, куурап бара жатам!» – деп чакырам. +Аттиң ай, кетменин көтөрүп, Субанкул келсе кана, аттиң ай, комбайнын айдап Касым эгин чаап кирсе кана, аттиң ай, кырманга кызыл тартып, Жайнак арабасын кубалап келсе кана!. +– Сен да мендей турбайсыңбы, отон талаам, сен да мендей сагынат турбайсыңбы, сен да мендей жоктойт турбайсыңбы. +Ракмат сага, боордош жер! +Билесиң го, жаман-жакшыда бирге болдук. +Субанкул, Касымдардын ордун жоктотпойлу деп Алиман экөөбүз кара чүмкөнүп, көңүлдөгүдөй кошок кошуп, ыйыбызды да түгөтө албадык. +Угузганынан жети күн өтүп, жетилигин берген соң, эл уруксат этти: жыл маалы аза тутсак да аз болор, арга канча, арты кайрылуу болсун. +Майсалбегиң менен Жайнагың, анда Жайнак тирүү – кат үзүлбөй келип турган кези болчу, аман-эсен кайтып келишсин, жаз жарыш дегендей, тиричилик кылгыла, кош айдоо маалында жабыла киришели, өлгөндөр үчүн душмандан өч алганыбыз ушул болсун дешти. +Келиним экөөбүз үйдө отурганда канттик элек, өлгөндүн артынан өлүп кетпейт экенсиң, көпчүлүктүн айтканына көндүк, ишке чыктык. +Жумушка чыгар күнү эртең менен башкармабыз Үсөнбай алакандай эки кагаз алып келди, кара кагаздар экен, сактап койгула,– деди. +Көрсө, Касымдын кара кагазы жарым ай мурун колхозго келген экен, Москвадан нары чабуулда, Ореховка деген кыштакта каза тааптыр. +Аны угузабыз деп тургуча, Субанкулдун да кара кагазы келип жетиптир. +Ал да, чоң чабуулда, Елец шаарында майып болуптур. +Ушинтип, айылдаштарыбыз эки кишибизди бирдей угузган себеп ошол. +Андан наркысын эмнесин айтайын. +Бригадир экем, белимди бек бууп, кайра аттанып чыктым. +– Сен келгенде, Толгонай, экөөбүз көптү көргөн энелерче ичтен каңырык түтөтүп, унчукпай көрүштүк туурабы? +– Ооба, антпесек болобу. +Мен ыйлап бошой берсем, келиним ого бетер турмуштан жерибейби. +Билип жүрдүң го, күйөөсүнө антип күйгөн аялды турмушумда көргөн эмесмин. +Мен эримден да, уулумдан да ажырап, күйүтүм андан аз эмес эле, ошентсе да менин жөнүм башка эле. +Азбы, көппү Субанкул экөөбүз далай жыл бирге өмүр сүрүп, турмуштун ачуу-таттуусун татып калдык, балалуу-чакалуу болдук, тилегибизге жеттик. +Согуштун каргашасы болбогондо бирге карып, буюрганын дагы көрөр элек. +Ал эми Алиман менен Касым жаңыдан гана кошулуп, жаштыктын эң кызык чагында, сүйүүнүн эң ысык кезинде, балта менен кыя чабылгандай, экөө эки жакта кулап жыгылбадыбы. +Өлгөндүн иши го өлгөн, бирок, Алимандын тирүү басып жүргөнү болбосо, түшүнгөн кишиге, аныкы деле өлгөнгө барабар эмес беле. +Албетте, Алиман жаш болчу, кийин жүрө-бара, балким, дагы өз теңдүү кишисин табар беле. +Алиман сыяктуу жесир калган көпчүлүк келиндер, айтор, согуштан кийин турмуш көрүп кетишти. +Бир далайы багы ачылып, ушул кезде балалуу-чакалуу энелер. +Ошолордуку туура иш. +Бирок адамдын баары бирдей эмес экен да. +Кээ бирөө мурункуну тез унутуп, жан-жараты бүтөлгөн соң, тез эле жаңы жолго түшөт. +Ал эми Алиман, шоруна көрүнүп, андай болалбады. +Башына түшкөн кырсыкка түк-түк көналбай, мурункусун эч бир унута албай койду. +Мында менин да кечирилгис күнөөм бар. +Ооба, ушуга калганда боштук кылдым. +Боштук деп да айтууга болбойт, келинимди аяп жүрүп, анын ички сырына кийлигише албай койгонумду эмне десем, боштукпу, же андан да жаман күнөөбү? +Эсиңдеби, Жер, ошол эле жазда ушунда болгон иш? +– Баягыда келиниң мени бетке чапкандагыны айтасыңбы? +– Ооба, ошону айтам. +Ошол жазда ажарыңды ачып, деги бир жайнаган кызгалдак, ушундан ары кызыр калган аңызда тээ чоң жолго чейин кулпунуп жатпадыбы. +Гүлдүн көрктүүсү кызгалдак эмеспи, чиркин! +Ал күнү биздин бригаттын эли баш арыкты чаап жүрүшкөн. +Мен да ушул арада кошчуларга бир барып, кайра кетмен чапкандарга кайрылып, ат үстүндө жүргөм. +Арыкты күн батпай эле, эрте чаап бүтүрүшүп, кишилер айылга таркап кетишти. +Алиманга, сен келиндер менен үйгө кете бергин, артыңан жете барам дедим да, бери жакта кошчулардын алачыгына кайрылып калдым. +Бир аздан кийин аттанайын деп бутумду үзөнгүгө сала бергенимде, Алиманды көрүп калдым. +Ал үйгө кетпей эле, ушунда жалгыз калыптыр. +Гүл терип жүргөн экен. +Гүлдү өзү жакшы көрчү эмес беле. +А-а, кайран Алиман, гүл сүйгөн, гүлдөй болгон келиним! +Колунда кармаганы он чакты кызгалдак экен, ошону эркелете сылап, бетине тийгизип, кандайдыр бир терең ойго чөгүп турган болуш керек. +Анын ошентип турганын көргөнүмдө, чекеме ысык тер жыбырай түштү. +Баягыда орок тартып жүрүп, гүлкайыр жыйнап алгандагысы эсиме келе калды. +Анда ал кызыл жоолук салынып, колунда кармаганы апапакай бүрдүү гүлкайыр эмес беле, азыр болсо башына салынганы кара жоолук, колундагысы кызыл гүл, айырмасы ошол. +Алиман ошондо башын өйдө кылды да, көпкө чейин айлана-тегерегине көз жүгүртө карап, анан асманга тигилип, бир убакытта, мунун эми кимге канчалык кереги бар эле дегендей, кечиргин, жер, сени бетке ургандай, ачуу менен колундагы гүлдү чапты да, өзү жүз төмөнүнөн кулап башын басып, жатып калды. +Мейли эми, ыйлап алсын деп, мен алачыктын далдасында жашынып турдум. +Аңгыча Алиман ордунан кайра ыргып турду да, бет алган жагына, чоң жолду көздөй атырылып жөнөдү. +Эсим чыгып, атка мине чаап, артынан түштүм. +Деги бир жеткирсечи. +Алдымда кара жоолук салынып, кызыл төшөлгөн гүл менен келиним качып бара жатса, эмне кыларымды билбей: «Алиман! +Алиман! +Бул эмнең, кокуй! +Токто! +Токтогун!» – дей эле бериптирмин. +Баягыда сары жоргонун артынан жүгүргөндөй, Алиман чоң жолго жете барып, кайра салып, мени көздөй бет алды. +«Эне! +Энеке! +Айтпагын мага эчтекеңди! +Унчукпа! +Айтпа!» – деп, колун жаңсап, жүгүрүп келди да, аттын жалын чеңгелдеп, башын менин тиземе жөлөп, шолоктоп ыйлады. +Мен унчуккан жокмун, эмне дээр элем, ыйлап басылгыча күтүп турдум. +Бир убакытта башын чулгуп алып, Алиман мени карады. +Ой, ошондогу түрүн ай, бетинен ысык жаш төгүлүп, көздөрү көнөк. +«Карачы, эне! +– деди ал шолоктоп. +– Күн минтип жаркырап турса, талаа минтип гүлдөп турса, апачык асман минтип күлүп турса, Касым келбейт ээ? +Эми эч качан келбейт ээ?» «Жок. +Келбейт» – дедим мен. +Алиман катуу үшкүрүп алды да: «Кечиргин, эне,– деди. +– Касымдын артынан жүгүрүп барып кошо өлөйүн дедим эле». +Ушинткенде мен да ыйладым. +Ал эми мен киши болсом, көрөгөч эне болсом, ошондо эле көзүнө карабай туруп: «Сенин бул эмне кылганың, жаш бала болуп кеттиңби, мындан ары сага жашоонун кереги жок бекен! +Сага окшогон канча келиндер жесир калып жатат. +Сабыр кыл, Касымды акырындап унуткун, сендей келин жерде калабы. +Өз теңиңди дагы табарсың. +Багың ачылар. +Кой, минтпегин, жаман болосуң. +Турмуштан безсең өзүңдүн эле шоруң. +Кайрат кыл!» – дебейминби, ушинтип аны акылга салбаймынбы. +Ал эми мен антип айталган жокмун, чындык болсо да – суук кеп экен. +Кийин дагы нечен жолу ушул сөздүн кезеги келгенде, тилимдин учунда турса да, кетенчиктеп айталбадым. +Буга ар кандай себептер болду, менден гана эмес, Алимандын өзүнөн да кетип калды. +Кыскасы, сөздүн кызуу темирдей ийилчек булагы болот экен, андан өткөн соң, жаагы улам катуулап, улам оор тартып, улам айтууга кыйындап, эски оору өңдөнүп созулуп кетет экен. +Бул кепти, мен мына азыр, заман тынчтанып, арадан канча мезгил өтүп, айтып отурам. +Ал эми анда, ошол тополоңдуу жылдарда, колхоздун бүтпөгөн жумушу менен алпурушуп, бул ишти + + жай отуруп териштире терең ойлоого убакыт да, чолоо да болгон жок. +Биздин баардык кылган аракетибиз, үмүтүбүз, тилегибиз, күткөнүбүз – эртерээк жеңиш келсе экен да, эртерээк согуш басылса экен. +Андан кийинкинин баардыгы өзү менен өзү чечилип калчудай оңой көрүнүп жатты. +Ал эми согуштун тузу ачуу саркындысы бүттү деп, азыр да айталбайбыз. +Ооба, Жер, бүтпөгөн үчүн ушинтип баарын кайрадан эстеп, баарын кайрадан кансыраган жүрөктөн өткөрүп, сүйлөшүп отурбайбызбы. +– Сүйлөй бер, Толгонай, сүйлө. +Бүгүн сөз сеники, аңгемеңди улант. +– Улантпаска арга канча: турмуш өзү эле улантып таштабадыбы. +Согуштун үчүнчү-төртүнчү жылдары сүйүнтүп да, күйүнтүп да, душман сүрүлгөндөн сүрүлүп бара жатса да, эч бир түгөнгүстөй, кубатынан, алдан тайган элдин ого бетер кабыргасын кайыштырып, эсин оодарды. +Күзүндө, жыйым-теримде машак терип, эптеп тоюнган эл кыш ортосунан нары ачкадан-ачка калып жатты. +Өзгөчө көктөмдө – тоодон алгы казып, мандалак казып жеп, жалаң ошону менен гана оокат кылгандар болду. +Алиман экөөбүз ач-ток болсок да тиштенип, колхоздун жумушунда жүрүп, күн өткөрүп жаттык, ал эми балалуу-чакалуулар, жашаялметтер аябай кыйналды. +Ак шишик баскан балдарды көргөнүмдө жаным кейип, алар үчүн мен жооптуудай, алардын «нан» – деп телмирген көздөрүнө тик багалбай жүрдүм. +Колумдан келсе, эчтекемди аябай, ал түгүл, Субанкул, Касымдардын артынан барып жанымды курман чапсам, ошондо ушул балдардын курсагы тоёт десе, эч кандай ойлонбой туруп макул болор элем. +Мен бир күнү ушул кепти Алиманга айттым. +Ошентсем катуу ойлонуп калды. +«Ырас айтасың эне,– деди ал – чоң кишилер го эмне үчүн ач калганын түшүнөт, ал эми балдар кайдан билсин, дүйнөнүн эч кандай куулук-шумдугу менен иши жок. +Алардыкы биздикинен да кыйын. +Ушуларга эми эптеп согуш басылып, ата-агалары кайтып келгиче, нан таап берип турушубуз керек. +Экөөбүздүкү эми, эне, ушул эле калды да, башка эчтекебиз жок. +Колдон келишинче, элге пайдабызды тийгизип туралы. +Ушул да, болбосо жашап кереги эмне?» Бирок турмуш биздин ушинтип айтканыбыздай да болгон жок. +Эгин сээп, нан тапкан дыйкандардын нансыз калышы теңирден тескери нерсе. +Көрсө, согуш чыкканда – бул согуштуку, бул меники деген болбойт турбайбы. +Баардыгы согуштуку, жан да, эрк да, эмгек да, жаш балдардын буламыгына чейин, баардыгы, бүт кыймыл-аракетиң, баардыгы кан соргон согуштуку! +Андан эч ким, эч кайда качып да кутулалбайт. +Качып көргөндөр да болду, жашырып эмне, бирок ошол качкандар айланып келип, акыры ошол эле азаптуу элге кол салат экен да, анын душманы, каракчысы болушат экен. +Башка жол жок, ушул гана экен. +Буга да көзүбүз жетти. +Эсиңдеби, Жер, баягы кыштын күнкү түн? +– Ооба, баягы сен адашып кеткендегиңи айтасыңбы? +– Ошону айтам. +Кырк үчүнчү жылдын кыш ортосу бекен ай, же жазга маалбы. +Айтор, кар кетелек суук болчу. +Түндүн кайсы убакты экенин ким билиптир, эл тегиз жаткан терең түндө, алда ким терезени сындырып жиберчүдөй ургулап: «Толгонай! +Бригадир! +Тур эртерээк! +Ойгон!» – деп кыйкырды. +Эсибиз чыгып, Алиман экөөбүз секирип турдук. +«Эне! +Эне!» – деди Алиман, кандайдыр бир укмуштуу нерсени күткөндөй дабыш менен. +Алда курган үмүт ай, дайым эстен чыкпаган нерсе, ошол учурда менин да жүрөгүмдү колкомо тыга салбадыбы: аскердегилердин бири келип калдыбы деген ой кетсе болобу. +«Сен кимсиң? +Сен кимсиң?» – деп, терезеге жүткүндүм. +«Чык эшикке, Толгонай! +Бол эрте! +Сарайдан ат уурдалды!» – деди келген киши. +Алиман чырак жаккыча өтүгүмдү кийе салып, көчөгө жүгүрүп чыктым. +Ат сарайга башкармалар да жетип келген экен. +Сары жорго баш болуп, аны биз колхозго өткөрүп бергенбиз, арабага чегилип жүрчү үч ат жок. +Биздин бригаттын жазгы кош айдоого байлаган мыкты аттары эле. +Аттардын түнкү чөбүн салам деп, атканачы чөпканага чыгып кеткенде алып кетишиптир, келсе сарай караңгы, чырак өчкөн, шамал өчүргөн экен деп, шашпай күйгүзүп караса, бери четте үч аттын орду бош. +Ал кезде үч жумушчу ат жоготуу, колхоз үчүн азыркы кезде он трактор жоготкондой кеп эле да. +Ал эми нары жагын ойлосоң, фронттогу солдаттардын ар биринин бир сындырым нанын тартып алгандай кеп эмеспи. +Жабыла аттанып, кээ бирлерибиз октолгон мылтык ала чаап, куугунга түшкөнүбүздө, уурулар жолукса оңдурбайт элек. +Кудай бар, оңдурбайт элек! +Бирок жеткен жокпуз, узап кетишсе керек, кайда кеткенин ким билсин. +Айылдын сыртында эки-үч топко бөлүнүп, туш-туш жакка чыктык. +Ошондо адашып жүрбөймүнбү. +Мингеним колхоздун зоот айгыры эле, жаныбар камчы тийгизбей алып учуп, чоң жолдон өтүп, тоо тарапты бет алганымды билем. +Артымдан келе жаткандар да бар эле, башка жакка уруп кетишкенби, алардан узап кеткенимди көптөн кийин билдим. +Каракчылардын караандары кайдан көрүнөр экен деп, тизгин тартпай, ээн талаалар менеп чаап келе жатып, бир кезде ат токтой калганда гана, башын жыйып карасам, алдымда – терең аң. +Тоо этектеп келип калыптырмын. +Карайган кыр үстүндө аркан бою ай чалкалап, жылдыздар котолошуп, асман ачык экен. +Муздак шамал тоңголок кар үстү менен сыйгалап, жансыз куурайларды бирине бирин сүйкөнтүп, тымызын ышкырып, ураган эски коргон арасында үкү-жапалактар үн салып турду. +Бул түнү дүйнөнүн ар кайсы жеринде ар кандай жакшы да, жаман да иштер болгон чыгар, тарыхтын ар кандай улуу да, арзыбас да окуялары өтүп жаткан чыгар, ал эми биздин айылыбызда мына ушундай шойкон түн болду. +Аттарды ким алды экен, кандай немелер? +Мындай учурда элдин убал-сообунан коркпогон кимдер болду экен? +Аңдагы камышта бекинип жүрүшпөсүн деп, сайга түшүп карадым. +Эчтеке жок, болгону, бир түлкү булаң этип, камыштын ичинен чыга качты да, ай жарыгында көгүлтүр кубулуп, жар үстү менен күмүш куйругун сүйрөп сызып жөнөдү. +Айылга кайра тарттым. +Аң бойлоп келе жатып, эсиме түштү: Жекшенкул деген бирөө аскерден качып келген имиш, жанында эки жолдошу бар, Сары-Жайыктагы казактардан имиш деген каңырт сөздөргө анча ишенген эмес элем. +Кантип эле көпчүлүк фронтто өрт кечип, кармашып жатса, булар мында кара жанын ала качып, бекинип жүрсүн? +Ал эмне деген жүзүкаралык: «Сен өлүп тур, мен жашайын дегениби? +Ошол да кишиликпи?» – деп ойлоп жүргөм. +Айылда ар кимдин сыры белгилүү эмеспи, мындай ишке бара турган эч ким жок болчу, андан калса үч жылкыны бирдей кайда батырат эле. +Ууру тыштан тийди. +Жанагыдай сырттап, тоо-ташты аралап жүргөндөр гана жашырын сиңирип кете алат деген пикирге такалдым. +Жекшенкулдардын аскерден качып жүргөнү чын болсо, ошолордун колунан келди го деген шек туулду. +Андай дейин десең, ууруну көзүң менен көрүп, колуң менен кармап алган жериң жок. +Бирок Жекшенкулдар менен кийин өтө түшүп, беттешип калууга да туура келди. +Ал иш жазында болду. +Чынын айтсам, колхоздун күндөлүк убаракерчилигинде жүрүп, бул окуя эстен да чыгып кеткен эле. +Үч ат бир соконун күчү, эптеп кунан-пунандарды үйрөтүп, бригаттын соколорун түгөлдөдүк, айла канча. +Ушуну менен кош айдоо кирип келди да, ууру эмес кудайды да унутарлык түйшүк башталды. +Менин турмушумда эң оор жаз ошондо болду го. +Эл кантсин, эл иштейин эле дейт, бирок ачарчылыктан кетмен шилтөөгө жарабай калгандар болду. +Баштагыдай кубат жок, иштер кечиктирилип жатты. +Анысы ал болсо, колхоздо үрөн аз, кампанын ичин шыпырып жатып, ар бир данды терип жатып, зор-зор менен бригадабызга берилген айдоо планын орундаттык. +Ошол күндөрү элдин түрүн көрүп, катуу ойлондум. +Эмгек күнгө эчтеке албаса, ичерине оокат болбосо, элди кырып алабызбы? +Эмдиги жазда мындан беш бетер ачарчылыкка дуушар болобуз го. +Жок, биздин минтишибиз жарабайт, кантсе да бир акылын табыш керек деп жүрүп, тээ жогору тоо этегинде, кысыр жаткан эски аңыз болор эле го, ошону буздуруп, эгин септирмек болдум. +Башкармага кеңеш салдым, райкомго чейин бардым, түшүндүрдүм: муну биз пландан сырткары өз күчүбүз, өз аракетибиз менен элдин эмгек акысына деп атайын арнап айдайбыз. +Стол кучактаган кимдир бирөө колхоздун сталиндик уставын бузасың дейт. +«Уставың кара жерге кирсин!» – дедим. +– Бар, Сталинге айткын! +Биз ачка жүргөндө, силерге ким оокат таап берет? +«Оозуңа карап сүйлө, өлгөнү жүрөсүңбү!» – дейт. +«Карабайм этпейм! +Биз ишке жарабай калсак, фронттогу солдаттарга ким нан таап берет? +Ушуну ойлобойсуңарбы?» Койчу, акыры макул болушту, бирок кеп башкада эле да – себе турган урук жок, колхоздун кампасында дан дегенден тимеле ырымга калбады го, кайдан алам. +Айлам кеткенде, элди жыйналышка чакырып, өзүмчө кеңеш курдум. +Чыгып сүйлөдүм, чын сырымды айттым: «Кана, көпчүлүк, кеңешип кескен бармак оорубайт. +Эмне кылабыз. +Эмки жазда да ушинтип кезерип отурабызбы, же бир аракетибизди көрөбүзбү? +Берки эгиндерден үмүт этпейли, жашырып кереги эмне, анын баары, үрөндөн башкасы, туташ фронттуку, согушта жүргөн аскердин азыгы. +Ал эми урук тапсак, пландан сырткары эгин айдай турган чамабыз бар. +Анын түшүмүн эмгек акыга, кары-картаң, жетим-жесирлерге бөлүштүрүп беребиз. +Мага ишенсеңер, милдетин мойнума алам. +Сөздүн ток этери бул – үйүңөрдө ичип отурган, баштыктардын түбүндө сактап отурган быдырыңарды бергиле, жерге себебиз. +Мейли, азыр ичпесек жок, чыдайлы, эптеп ак ичип, бышыкчылыкка жетербиз. +Өзүңөр үчүн, бала-бакыраңар үчүн эрдик көрсөткүлө, айланайындар, аябагыла, оозуңардан кайра чыгарсаңар да бергиле, убактысын өткөрбөй эгинди сээп калалы!» – дедим. +Жыйналышта кишилер макул дешкени менен, иш жүзүнө келгенде, кыйын болду. +Өзгөчө балалуу аялдар тимеле колуңа өлүп берчү немедей тытынып, согушуңду, турмушуңду, колхозуңду каргап, сактап отурган буудай барбы, арпасы барбы балдарынан бөлүштүрүп берип жатышты. +Арабаны көчөгө жүргүзүп коюп, үймө-үй кыдырып, бирөөгө жакшы, бирөөгө жаман айтып, тилдешип да кетип, алды жарым пуд буудай, арты бир пияладан сулуу берсе да, бергенин койбой жыйнап жүрдүм. +Мейли, бир кочуш дан – ал да пайда, күзүндө ошол бир кочуштан бир пуд эгин алсак азыркынын эсесин кайтарып алганыбыз ошол болбойбу деген гана ойдомун. +Антпесе мындайга барбайт элем го. +Ошентсе да, эмне үчүн мынчалык катуулук кылдым экен ошондо? +Оң карап күлүп, сол карап ыйлап, деги, эч кимди аяган жокмун го. +Бир тобунун колунан эле тартып алгандай болдум. +Бечара, Айша кошунамдын ошондогусун түк унутпаймын. +Күйөөсүнөн эрте ажырап, Жаманбай согуштан мурун эле каза таппады + + беле, убайым тартып жүрүп, Айша кеселман болуп калбадыбы. +Оңоло калганда колхозго иштеп, огородунда иштеп, жалгыз уулу Бекташты эптеп чоңойтуп жүрдү. +Анысы да кадимкидей ишке жарап, бир үйдү бага тургандай жетилип калган. +Бекташка ошол күнү урук жыйнаган арабаны айдатып койгом. +Алардын үйүнүн тушуна келгенде: «Бекташ, үйүңөрдө бир нерсе барбы?» – дедим. +«Бар, бир аз» деди бала.– «Баштыкта, мештин артында». +«Эмесе алып кел» – десем, «Жок, Токон-апа, өзүңүз барып алыңыз» – деди. +Эки-үч күндөн бери оорусу кармап, Айша үйүндө отурган экен. +Иреңи бозоруп кыйналып турса керек. +«Эл катары берчү немеңди бергин, Айша» – дедим эле, «Бар болгон эгинибиз тиги» – деп, баштыкты көрсөттү. +«Ушул болсо да бергин. +Урук үчүн, айдоо даяр, жерге себебиз» –десем Айша кабагы томсоруп, унчукпай калды. +Алда, жокчулук ай, адамды кандай кор кылат! +«Айша, ушуну менен көп болсо он күн оокат кыларсың, кийин кыштык азыгың болор, эртеңкини да ойлойлу, балаңдын убайын көр, көчөдө арабасы менен күтүп турат» – дедим. +Айша ээрдин тиштегилеп, жалооруду: «Бар болсо аяйт дейсиңби, Толгонай. +Өзүң деле көрүп жүрбөйсүңбү, мен минтип чала жан болсом, кудай кошкон кошунам эмессиңби.» Каңырыгым түтөп бошоп кеттим, бирок ошол замат боштукту четке кактым: «Мен азыр кошунаң эмесмин! +– деп катуу сүйлөдүм.– Мен бригадирмин, көпчүлүктүн атынан ушул эгиниңди алып кетем!» — дедим да, ордумдан туруп, баштыкты колго алдым. +Айша унчукпай тескери карады. +Алты-жети кило буудай экен. +Баштыгы менен алып кете берейин дедим да, кайра чыдабай, теңин чоң табакка төктүм. +«Бери кара, Айша. +Теңин эле алдым, капа болбочу»– дедим. +Айша башын буруп мени караганда, көзүнөн аккан жаш бопбоз сала болуп бетинен төгүлүп турган экен. +Ошондо эле таштап кетсем кана, мындай болорун билиптирминби, баштыкты кармаган бойдон үйдөн чыга качтым. +Адамды минтип кейиткенден көрө, э, курусунчу дүйнөсү! +Эмне үчүн, эмне үчүн ушинттим экен! +Азыр эстесем да, кечиргим келбейт кылганымды. +– Жок, Толгонай, сенин анда эч кандай күнөөң жок. +Сен элге жакшылык кылайын дедиң эле, ордунан чыкпай калбадыбы. +– Ооба, айланайын дыйкан талаам, сен баарына күбөсүң: ниетим жакшы болчу. +Ал эми ошондо айылдагылар жабыла сабашып өлтүрүшсө да, макул элем. +Билесиң го, эки чоң кап уруктук эгин чогулду. +Аны бир калбырга салып, тазалап айдоонун башына өзүм жеткирип таштагам. +Ал күнү коё турсам да болот беле. +Соколой турган бир аз аянт калган болчу. +Эртеси азандан туруп үрөндү айдоого өзүм чачмак элем. +Үрөн даяр, баардыгы эле ойдогудай чыгып келе жаткан. +Кеч кирерде үйгө келип, алда эмнеге күйпөлөңдөп, тынчтык таба албадым. +Күндүзү Бекташ менен дагы бир балага тырмоочторду арабага салып, аңызга жеткирип таштагыла деп дайындаган элем. +«Бала, баланын иши чала» дегендей, тигилер айтканымды орундатты бекен, жокпу деп, ишеналбай Алиманга айттым: «Мен тиги кошчуларга барып келе коёюн – бат эле келем» – деп, аттанып чыктым. +Айылдан өтө берип, желдире бастырдым элем: каш карайып, кеч караңгысы улам коюлуп келе жаткан. +Коштун башына жете бербей, айдоодо сокого кошулган өгүздөр ээн туруптур, жанында эч ким жок. +Ушул убакытка чейин унааны сокодон чыгарбаганы эмнеси деп, сокочу балага ачуум келди. +Кайда жүрөт болду экен ал жубарымбек дегенимче болбой, жол боюнда малалары менен оодарылып жаткан арабаны көрүп, эсим чыгып кетти. +Арабанын жанында эч ким жок. +«Ай, балдар! +Кайда, жүрөсүңөр, кайдасыңар? +Ким бар мында?» – деп кыйкырдым. +Жан адам жоктой, эч кандай жооп болбоду. +Бул эмнеси, булар соо эмес ко деп алачыкка чаап бардым. +Аттан секирип түшүп, ширеңке чагып кирип келсем, Бекташ жолдошу менен сокочу бала – үчөө тең колдору артына байланып жерде жатышат. +Кийимдери тытылып, бети-башы кан, ооздору толо тыгылган курумшу. +Бекташтын оозунан курмушуну жулуп алып: «Үрөн? +Үрөн кайда?» – дедим. +«Алып кетишти! +Сабап алып кетишти!»– деп, уурулардын кеткен жагын башы менен көрсөтө берди. +Ошол жерден кандай болгонун билбейм, атка ыргып минип, куугунга түштүм. +Өмүрү антип ат чаап көргөн эмес чыгармын. +Жаныңа бычак тийгенде, эчтекеге карабайт турбайбы адам. +Караңгы түн эмес, мейли көр караңгысы болсун! +Өз үйүмдү өрттөп, өз мүлкүмдү тоноп алып кетсе ыраазымын, кырманга кол салып, тогуз кап эгин алып кетсе чыдар элем – кырмандын кешиги дээр элем, бирок бул үрөн үчүн тимеле өлүп берүүгө даяр элем! +– Ооба, Толгонай, элдин оозунан жулуп алган ар бир дан үчүн, адамдын канынан кымбат ошол үрөн үчүн жаныңды курман чалсаң да аз болор эле. +Түн караңгысын силкинтип, ошондогу айкырганың: «Токто! +Токто! +Жүзү каралар!» – деп, ушундай бир заардуу кыйкырдың элең, уйкуга кетип бара жаткан жеримден селт этип, ойгондум. +Аттын төрт аягы дүбүрттөп, тигилерге жакындап келе жаткан экенсиң. +– Ооба, ай-ааламды бузуп айкырганым чын. +Ушинтип кыйкырып келе жатканымда, ишим ак экен, каракчылардын артынан билгендей түз салыптырмын. +Көп өтпөй алдыда уурулардын караандары көрүнө берип, аттарынын такалары ташка чагыла түштү. +Үчөө экен, атчан немелер каптарды бөктөрүнүп тоо тарапка уруп кетип бара жатыптыр. +«Токто! +Таштагыла үрөндү! +Ташта үрөндү! +Ташта дейм!» – деп, камчы шыбап калбай келе жаттым. +Арабыз улам кыскара берди, анткени тигилер кап салынып, катуу чаап кете албады. +Бирок эгинди да ташташпады. +Кимдир бирөө ортодо жорго минип бара жатыптыр. +Эски малдын көзү эмеспи, артынан тааныдым, жүрүшүнөн, арткы ак байпак аягынан тааныдым – биздин сары жорго экен. +Кышында аттарды уурдап кеткен да ушул турбайбы. +«Токто! +Мен билем силерди, мен билем сени, Жекшенкул! +Сен Жекшенкулсуң! +Узатпаймын эми сени, токто!» – деп кыйкырып келе жатканымда, чын эле Жекшенкул экен, жоргонун башын бура тартып, караңгыда булаң эте түштү да, мылтыктын оозунан жарк эткен от көзүмдү катарынан эки жолу чагылыштырып, тарс эткен үн менен кошо, атым мүдүрүлүп, тигинеден нары тебетейдей учуп түштүм. +Жыгылып бара жатканымда бир оокумга мылтык атылганын, ок тийгенин түшүндүм, андан наркысы – капкараңгы бейкабарсыздык болду. +Бир убакытта эсиме келип, көзүмдү ачсам – айлана тегерегим тыптынч, чалкадан түшүп жаткан экем, бүткөн боюм өзүмдүкү эместей коргошундай салмактанып, кыймылдоого дарманым жок. +Жанаша жерде – кээде коркурап, кээде теминип, аяк силкип, ок тийген ат жаны чыгып жатыптыр. +Ал дагы бир аз коркурап кыйнала түштү да, кыймылсыз жатып калды. +Аны менен кошо турмуштун баары токтоп калгандай сезилди. +Жымжырт түн жана мен. +Өйдө туруп эптеп бир аракет кылгым да келген жок. +Кандай иш болуп кеткенин ошондо гана толук түшүндүм. +Ушул бойдон көзүм жумулуп кетсе, өлсөм дедим. +Элге эми эмне дейм, кайсы көзүм менен тик багып карайм? +Көзүмө жаш толуп, асманды тиктесем, тунарган саманчынын жолу төбөдө чолок тартып, куду Айшанын бетинен төгүлгөн боз жаштай, бопбоз болуп сарыгып турган экен. +Дирилдеген эриндеримди тиштегилеп, эл үчүн, журт үчүн келечек үчүн сурап, тилеп, Айшаларды ыйлатып тартып алган үрөнүмдү жутунган көр тамагы үчүн алып кеткен качкындарды каргадым: «Ылайым, кан төккөн элдин кусуру урсун силерди! +Согуштун кусуру урсун сени, Жекшенкул! +– Ушинтип жүрүп жаныңды баккандан көрө адам болуп дүйнөгө жаралбай эле койбойсуңбу! +Субанкулум, Касымым ичкен сууну сен да булгап ичип жүргөн экенсиң да. +Тү, сенин бетиңе!.» Мен ушунтип көпкө чейин жаттым. +Бир убакытта кимдир бирөөнүн басып келе жатканы угулуп: «Токон апа! +Токон апа-а-а-а!»– деген баланын ыйламсыраган үнү чыкты. +Дабышынан тааныдым – Бекташ экен. +Издеп жүрсө керек. +Башымды өйдө көтөрүп: «Бекташ, бери бас» – деп чакырдым. +Адам да, атанын баласы да, жаныма жетип келип: «Токон апа, аман-соосуңбу, Токон апа?» – деп, башымды жөлөп, аман-соо элемин, белимди өйдө көтөртпөй жатат, кокустап калса керек десем, ал эчтеке эмес, жакшы болуп кетесиз, Токон апа, деп, аптыга сүйүнүп, нары жакта издеп жүргөн жолдошторуна: «Балдар, бери келгиле, Токон апам мында экен, аман-эсен, аман-эсен экен!» — деп чакырды. +«Эми апаңа эмне деген жооп беребиз?» — десем, Бекташ бир аз унчукпай туруп: «Жообун мен өзүм берем, Токон апа. +Элдин баарына жоопту өзүбүз беребиз, Токон-апа. +Эчтеке эмес!» – деп, бала да, ошондо он төрт – он бештеги кези, ызасына чыдабай ыйлап жиберди. +Муштумдарын түйүп, өйдө тура калып, тоо тарапты карай колун кесеп, сүйлөдү: «Биз баары бир өлбөйбүз, көрөсүңөр го, мен да чоңоюп жетилермин. +Бул кылганыңарды эч убакытта унутпаймын!» – деди. +Анын ушул кайрат сөзү үчүн, делебем козголуп, ыйладым. +Ошентсем, ыйлабаңыз, Токон-апа, мен да сиздин балаңызмын, мен да чоңоём, Касым-акемдин ордун жоктотпоймун деп, колтугумдан жөлөп, өйдө тургузду. +Балдар мени арабага салып, үйгө жеткиришип, эки-үч күн ооруп, төшөктө жаттым. +Айылдагылар баары калбай, көңүл сурап, келип-кетип турушту. +Элге рахмат, ыраазымын, ошондо эч ким эчтеке деп кекеткен жок мени. +Ошентсе да көздөгөн ишим ордунан чыкпай, катуу кейидим. +Айдалган аңыз куру калып, үрөн себилбей, каракчыларга жем болуп кеткенин эстеген сайын, жүрөгүм кансырап жатты. +– Аның, чын. +Толгонай. +Сен гана эмес, мен да аны сездим. +Ошол жайдак калган аңыз менин денемде бүтөлбөгөн жараттай болуп, орду көпкө чейин сыздап жүрдү. +Айдоого үрөн себилбесе, менин эң чоң жаратым ошол эмеспи, Толгонай. +Согуштун айынан канча эгин себилбей, канча адамдын өмүрү түпкүрүнөн кыскарды. +Менин барып турган душманым – согуш баштагандар, анткени алар эгин сеппейт. +– Туура айтасың,– согуш менен эгинчилик бири бирине карама-каршы нерселер эмеспи. +Согушкан эгин айдабайт, демек ал баардык адамдардын насибине кол салат, демек ал баардык адамдардын душманы. +Майсалбек, айланып кетейин кеменгер уулум, ал ушул жөнүндө катында жазбады беле. +Эсиңдеби, Жер, Майсалбектин жазган каты? +– Мен аны жат билем, Толгонай. +– Ооба, сен экөөбүз аны жат билебиз. +Бүгүн менин сыйынуу күнүм, бүгүн биз баарын кайрадан эскеребиз, Жер-Энем. +– Сүйлөй бер, Толгонай. +Сенин бул айткандарың эскерүү гана эмес, ар дайым көкүрөктө турган нерсе. +Майсалбегиңдин жазган катын дагы бир кайталап айтып берчи. +Майсалбек сенин гана уулуң эмес, ал менин да уулум, Жер уулу – Майсалбек! +– Мен ошондо үйдө ооруп жатканымда, айылдаштарым ал-жай сурап, ар кимиси жылуу сөздөрүн айтып, көңүл улап жүргөндөрүнүн дагы + + бир себеби бар турбайбы. +Мен аны сезип да калгандай болдум элем бир чети. +Айша кошунам, бечара, өзү араң онтолоп жүрүп, кичинекей чөйчөккө каймак сызгырып келиптир. +Ал үйгө кирип келгенде, өгүнкү кылганыма катуу уялдым. +Сөз табалбай, унчукпадым. +«Толгонай, сен оюңа эчтеке албагын,– деди Айша. +– Менин боштугумду кечирип кой. +Сендей аял үчүн, керек болсо, жанымды аябаймын. +Керек болсо, жалгыз уулум Бекташты да берем. +Ал ансыз деле эки үйдүн ортосундагы бала болуп калды, сени менден артык көрбөсө, кем көрбөйт. +Сен биз менен кишисиң, биз сени менен кишибиз. +Ушуну түшүнүп койгун» – деди. +«Рахмат, бул айтканыңа» – дедим мен да, анчейин оюндагысын айткан экен десем, анын да сөзүнүн астары бар турбайбы. +Ошонун эртесинде белимдин ооруганы жеңилдеп, үйдө нары-бери кыймылдап, эшикке чыктым. +Терезенин астына кийиз салып, күнгө жылынып отурдум. +Алиманды жумушка чыга бер десем, башкарма бүгүн дагы бир күн энеңе каралашкын, үйдө бол деп уруксат берди деди. +Короодо от жагып, Алиман кир жууп жаткан. +Эшик алдындагы жоон түп кары алма ошол жылы калың гүлдөп, кайра күч алып жашаргандай сеңселип, шамал тийгенде, бутактарынан аппак күкүм себелеп жатты. +Алма гүлдөгөн кезде аба да көк кашка булактай тунукталып, эң бир таза болот эмеспи. +Алыста жалтылдаган тоо мөңгүлөрү даана көрүнүп турду. +Үшүнтүп отурганымда, көчөдөн почточу Темирчал кирип келди. +«Арыба, Толгонай», деп анча сөзгө да келе бербей, шашылып, өзүнчө эле алда эмнеге сумсая, күрсүлдөп жөтөлүп, «суук тийип калыптыр, кургурдуку» деп сүйлөнүп жатып, сага кат бар беле дегендей, сумкасын аңтарып, кат берди. +Анын бул камырабастыгына таарынып: «Жана эле айтпайсыңбы, зарыктырбай! +Кимден экен?» – десем, Майсалбектен көрүнөт деди. +Сүйүнүп жүрөгүм аптыкканынан, демейде Майсалбектин каттары үч бурчтук болчу эле, бул жолу басма менен басылган төрт бурч, сырты калың атлес кагаз экенин да капарыма ала бербептирмин. +Ушул учурда жарадар бутун сүйрөп балдакчан Бектурсун келип калды. +Коңшубуз эле, эриккенде биздикине келип, кобурашып кете турган. +Кат келген турбайбы, Майсалбектен го деп, өтө сабыр күтүп, кол алышты. +«Колуң эмне калтырайт? +Бери отуруп, окуп бере салчы» – дедим. +Ошентсем кийиздин четине отуруп жатып, кокуй бутум деп онтоп иреңи кубарып, тердеп кетти өзү. +Катты колу калтырап араң ачты да, окуй баштады, А, кайран балам, кайран кат. +«Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем, – деп баштаптыр. +– Мен сени кандай киши экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчум. +Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. +Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим. +Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. +Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң. +Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: «Балам, кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? +Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? +Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп чоңойттум?» Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. +Ал эми менин айтарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. +Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. +Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. +Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй, эң бир асыл ишке – мугалимдикке даярдап жүргөм. +Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап ж��окер болдум. +Ал менин айбым эмес. +Мына азыр мектепте окуучу жаштарга менин биринчи жана эң акыркы берип кетер сабагым ушул, аларга окутуп кеткен билимим да ушул. +Буга мен турмуштан алып чыккан баардык билимимди, баардык дилимди жумшайм. +Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. +Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. +Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн баардык жакшылыгы үчүн. +Бул менин акыркы катым, акыркы калем шилтешим, акыркы сөзүм. +Апа, миң бир эки апа десем да, кадырыңа жетер белем, түшүнгүн: бул жөн эле өлүп берүү эмес, бул жөн эле жанкечтилик эмес, бул өмүр сүрүүнүн эң бир эбегейсиз түрү. +Кулакка балким, жат угулса да, бул жашоо үчүн болгон өлүм. +Мен өз ыктыярым менен ушуну туура таптым. +Мен эч кандай кылчактаган жерим жок. +Мекеним бул ишти мага ишенип тапшырганы үчүн сыймыктанам! +Мени жоктобо, апа. +Менин артымда туягы калган жок дебе. +Дүйнөдө мындан нары согуш болбосо, жаңыдан төрөлгөн баланын ыңаалаганы – ошол мен, бой жеткен кыздардын жоодураган көздөрү – ошол мен, бутакта көгөргөн жалбырак – ошол мен, талаада өнүп чыккан эгин – ошол мен, мугалимдин балдарга биринчи үйрөткөн «А» тамгасы – ошол мен, ошонун баары мен, ошонун баарын мен, мен деп билип жүргүн, апа! +Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын. +Мындай өлүм үчүн эч ким ыйлабасын. +Кош, түбөлүккө кайыр кош!. +Кош, карааныңдан айланайын, Ала-Тоо! +Сенин мугалим уулуң – лейтенант Майсалбек Субанкулов. +Фронт. +9-март 1943-ж. +түнкү саат – 12.» Мөгдөгөн башымды өйдө көтөрүп карасам, короодо жарданган эл туруптур. +Баары тең унчукпай, баштарын салаңдатып, аза тутуп турушкан экен. +Эч ким үн чыгарып ыйлаган жок, Майсалбек эч ким ыйлабасын деген турбайбы. +Аялдар мени колтуктап сүйөп, өйдө тургузушту. +Гүлдөгөн алмага жел тийип, бутактарынан себеленген апапакай бүрлөрү бети-башыма себеленип, жеңил гана кол тийгизгендей, сылап өтүп жатышты. +Ошол гүлдөгөн алманын нары жагы, айылдын үстү, алыскы тоонун үстү чеги жок, түбү жок мелтилдеген, таптаза көгүлтүр асман экен. +Дүйнөнүн мынчалык кең экенин көргөнүмдө, дүйнөнүн мынчалык тар экенин сезгенимде, ай-ааламды бузуп, озондоп, бакырып ыйлагым келди. +Ага болбой тиштенип тура бердим. +Алиман баятан бери кантип турганын билбейм, мен өйдө турганымда, эки колун сунуп, сокур кишиче, мени көздөй темселеп келе берди да, бир убакытта бетин алакандары менен мыкчый басып, тескери бурулуп кетти. +Мына үшүнтүп, ортончу уулум Майсалбегимден да ажырадым. +Таштап кеткен тумагы калды. +– Менде болсо Майсалбектин жергеси деген атагы калды, Толгонай. +Элге – кылган иши, даңкы калды. +– Ооба, Майсалбектин аты өчкөн жок. +Баатыр деген наамы менен ардакталып кыштагыбыз «Майсалбек» атындагы колхоз болду. +Фронттогулар Майсалбектин жазып кеткен катын өздөрүнүн катына кошуп сельсоветке жиберишкен экен. +Ал катта Майсалбектин көрсөткөн эрд��гин жазган жоокер жолдоштору, баарыбызга көңүл айтып, силердин уулуңар, жердешиңерди эч качан унутпайбыз, анын ысмы менен Мекенибиз дайым сыймыктанат дешиптир. +Көрсө Майсалбегим чалгынчы турбайбы. +Биздин аскерлер чабуул жүрөрдө, немистердин жашыруун жерде топтогон курал-жарак, ок-дарылары бир түндө от алып, айлана тегеректеги токойлор жапырт кыйрап, фронттогу чабуулдун чоң жолу ачылыптыр. +Ошону кылган менин уулум Майсалбек болуптур. +Мен да анын бул эрдигине сыймыктанам. +Антсе да, менин оюма койсо, согуш чыкпаганда, мен анын башка иштери менен сыймыктансам, бактылуу болор элем, өзү айткандай, балдарды окутуп, окуткан жаштар өзүнөн мыкты, өзүнөн билимдүү чыгып, ар түркүн иш, ар түркүн илимде даңкталышса, Майсалбегимдин даңкы да ошол болор эле. +Адам баласына эң оболу так ошондой даңк керек. +Ал эми согушта көрсөткөн баатырдык – зор эрдик экенинде талаш жок, аны үчүн башымды ийип, уулума жүгүнөм, бирок ошончолук өкүнүп, тирүү жүргөнүнө эчтеке ыраа көрбөйм. +Согуштан эзелде эч ким жакшылык көргөн эмес. +– Ырас, Толгонай, согушту жеңген күндө да, анын күйүтү кубанычынан аз болбойт турбайбы. +Ошол жылы, жеңиш келген жазда, силердин аскер тосконуңарды али да унутпаймын, Толгонай. +Ошондогунун кайсынысы сүйүнүч, кайсынысы арман экенин али да айталбаймын. +– Мен да айталбаймын – кубанычыбыз көп беле, же күйүтүбүз көп беле. +Душман жеңилип, согуш аяктаганда, алдастаган дүйнө тымтырс боло түштү да, мурда согуштун кызуусу менен анча байкалбаган нерселер ошондо элдин жүрөгүн дагы бир сыйра кансыратып алды. +Анткени, жеңиш олжо алып, майрам болуп келген жок, ал бизге согуштан аман калган жоокердин сүрдүү кейпинде, нечен жолдор басып таманы жешилген солдат өтүгүн кийип келди. +Ошол күнү бизге коштун кезеги тийип, өгүз соко менен огородду айдап, жүгөрү сепкени жатканбыз. +Көчөдө кандайдыр бир дабыштар чыгып, жүгүрүшкөн кишилерди көргөндө, Алиман билип келе коёюн деп, чуркап кетти да, кайра шашылып жетип келди: «Эне, элдин баары аскерлерди тоскону кетип бара жатышат, айылда эч ким калбай жөнөштү. +Жүр, эне, эртерээк, бол!» –деди. +Сокону, өгүздөрдү бороздого таштаган бойдон жөнөдүк. +Чын эле – көчө кым-куут. +Кыз-келиндер, бала-бакыра, ал түгүл, кедеңдеген кемпир-чал калбай, аттуу, жөө кишилер баары тең жол тоскону кетип бара жатышыптыр. +Бул кабар кайдан чыкканын ким билсин, фронттон бошонуп келе жаткан бир солдат. +Күмүштак деген жогорку айылдын баласы дешти, «аскердин баары үй-үйлөрүнө кайтып келе жатат» деп, жолуккан бирөөгө айтып кеткен имиш. +Станцияга эки эшелон аскер келип токтогон имиш, бүгүн түштө барып калабыз деп, кабар айттырышкан имиш. +Айтор, мына ушундай сүйүнүчтүү имиш сөздөр! +Эл жарыктык ушул эле кабарды эңсеп турган экен, аныгын эч ким билбесе да, күмөн санаган жан жок, бир да киши калбай тегиз тосуп чыктык. +Согуш чыгар жылы жаштар сала баштаган жаңы көчөнүн ��рдуна, айылды этектеп чогулуп күтүп турбадыкпы. +Ал кезде ошол ташталган чала көчө, чала тамдарга үйрөнүп бүтсөк керек, майдандан жеңиштүү келе жаткан эр-азамат жоокерлерибизди кандай касиеттүү, кандай армандуу жерде күтүп турганыбызды ойлобоптурбуз. +Тилегибиз – аскерлерди айылга кире бериштен жалпыбыз менен тосуп алмакта эле. +Улгайгандар арыктын кашатына бийигирээк жарданып, аттуулар ат үстүнөн, балдар ураган тамдардын дубалдарына чыгып, шамдагайлары ал түгүл, бутактарга чыгып кетишиптир. +Ана келет, мына келеттин арасында түш көргөн, аян көргөндөрүбүздү сүйлөп, жолдон таштарды жыйнай салып, төлгө тартып, түш, аян, төлгөнүн баарын жакшылыкка жоруп, чоң жолдон көзүбүздү айрыбай, тигилип карап турдук. +Азыр ойлоп турсам, дүйнөдөгү адам баласынын + + баары ушундай бир тилекте, бир ниетте, бирине бири жакшылык жоруп, өз уулбалдарын ушунчалык сүйүшсө, ушунчалык күтүшсө, балким, согуш болбос беле дейм. +Чогулган көпчүлүк кээде демин ичине катып, унчукпай, сөз сүйлөбөй да турду. +Ар ким өзүнчө ой жүгүртүп турган болуш керек. +Анткени, беш жыл кандуу согушту башынан өткөрүп, эми жеңишке жеткенде, согуштун эң аяккы көрүнүшүнөн эл сүрдөп да турган болчу. +Кимиси келип, кимиси келбейт деген суроо ар кимдин оюнда бар эле, ушундан тартып ар кимдин тагдыры, ар кимдин үмүтү ар кандайча чечилмек. +Ушундан тартып ар кимде жаңы турмуш башталмак. +Бактын башына чыгып отурган балдардын бири бир кезде! +«Келе жатат!» — деп кыйкырганда, комуздун чыйралган кылына кол тийгендей, баарыбыз тең селт этип, бир ооздон «келе жатат» деп кайталап, селейип туруп калдык. +Бир оокумга топ ичинде, чымын учса угулчудай, жымжырт боло түштү да, ошол замат: «Кана? +Кайда келе жатат? +Кана?» – деген үндөр чыгып, ошол замат кайра басыла калышты. +Алдыда, чоң жолдун үстүндө жалгыз арабадан башка эчтеке көрүнбөдү. +Айылга айрылышкан жолдун тушуна араба токтоду да, арабадан секирип түшкөн жалгыз солдат, баштыгын, шинелин ийнине арта салып, арабакеч менен коштошуп, бери басып жөнөдү. +Биздин арабызда эч ким эчтеке деген жок, турган элдин баары унчукпай, таң калып карап турушту. +Солдат улам жакындап келе берди, бирок бир да киши ордунан козголгон жок. +Кишилердин апкаарыган жүздөрүндө дале бир нерсе күткөндөй үмүт сезилип турду. +Анткени биздин күткөнүбүз жалгыз солдат эмес, жолго батпай кылкылдап согушка жөнөгөнү сыяктуу калың аскердин тобу менен кайтып келиши эле. +– Пендесиңер да, Толгонай! +Согушка жөнөгөндөр качан түгөл бойдон кайтып келчү эле? +Адам деген кээде ошону эсинен чыгарып коёт окшойт. +– Аның туура, улуу талаам. +Бирок биз пендебиз да: жакшылыктан дайым үмүтүбүз чоң. +Ал эми ошондо жалгыз солдаттын келе жатканы, элдин үрөйүн учуруп, эсин оодарды. +Солдат бери дөңсөөгө келип жетип, айылдын четинде козголбой калдайган элди көрүп, жүрөгү түштү окшойт, ал да чочуп туруп калды. +Бул эмнеси, бул эмне деген немелер, булар эмне үчүн унчукпай карап турушат дегендей кыял менен, солдат кылчайып артын каранды. +Өзүнөн башка жолдо эч ким жок экенин көрүп, ал бизди көздөй басты да, кайра токтоп, кайра кылчактап артын карады. +Ал улам ушинтип келе бергенде, алдыда турган бир кичинекей кыз: «Ашыралы байкем! +Ашыралы байкем келе жатат!» – деп кыйкырып жиберди. +Кайдан тааныганын ким билсин, башында жоолугун жулуп алып, алиги жылаңайлак саксайган кыз: «Байке! +Байке!» – деп кыйкырган бойдон, солдатты көздөй жүгүрдү. +Анын соңунан балдар чуркап, анан аялдар, анан турган элдин баары: «Ашыралы! +Кокуй, чын эле Ашыралы турбайбы!» – деп чуулдашып жөнөштү. +Ошол учурда бизди кандай күч бийлеп, жүрөгүбүздө кандай асыл сезимдер ачылганын айталбайм – укмуштуу бир сүйүнүч, жан эриткен мээрим, эреркеген ый баарыбызды тең эргитип алып учту. +Кучак жайып солдатка жүгүрүп бара жатканыбызда, биз өзүбүз менен кошо бүт турмушубузду, баштан өткөнкеткен күндөрүбүздү, азап-тозогубузду, уктабаган түндөрүбүздү, агарган чачтарыбызды, карыган кыздарыбызды, жетим-жесир калганыбызды, дайрадай аккан көз жашыбызды, кайратыбызды, муңубузду туу кармагандай, жеңиштүү келген жоокерибизге алып бара жаттык. +Астынан тосуп жүгүрүп келе жаткан элди көргөндө, солдат утурлай басып, бери жүгүрдү. +Элдин күүсү менен чуркап бара жатканымда, бир убакытта баягы күр-шар келип, станцияга токтобой өтүп кеткен эшелон жанымда жарышып бара жаткансып, кулагым тунуп, чымын-куюн дөңгөлөктөр астында зыңылдаган темир жол жүрөгүмдө зыңылдап, «Апа-а! +Алиман!» деген, шамал жула качкан Майсалбектин үнүн кууп бара жаткансыдым. +Аттуулар адегенде жете барып, ат үстүнөн жапырылып, солдаттын көтөрүп келе жаткан баштыгын, шинелин ала коюшуп, өзүн байгеден чыгарып келе жаткан күлүктөй сүрөп келишти. +Жер, Жер-Эне, сен ошол солдатты унутпайсың го? +Баатырдын түрү эсиңдеби? +– Эсимде, Толгонай. +Мен ал солдаттын түрүн эч убакытта унутпаймын, ал бүгүн дагы жол арыштап, кучак жайып «Айланайын, эл-журт! +Айланайын, эл-журт! +Жаным курман! +Башым курман!» – деп кыйкырып, жүгүрүп келе жаткансыйт. +Анын көкүрөгүндөгү медалдары дале күмүш дилдедей шыңгырап, бетинен төгүлгөн жаш дале, андан-мындан тийген мөндүрдөй, тамчылап келе жаткансыйт. +Ошонун баары эсимде, Толгонай. +Кең далылуу, каркайган бойлуу чоң солдат нечен ирет ажал менен беттешкен, нечен ирет ок тоготпой сурданган жоокер жаш балача буркурап, бүгүн да тетиги жолдо жүгүрүп келе жаткансыйт. +– Ооба, ооба, так ошондой. +Биз да жабыла ыйлап, эл менен солдат кошулганда, сагынышкан эки толкун кошулгандай, эзилишип, кучакташып көрүштүк. +Ошол додолонгон ызы-чууда ар кимибиз туш-туштан Ашыралынын мойнуна, ийиндерине асылып өпкүлөдүк. +О, Жеңиш ай, тилеген-самаган, күрөшүп тапкан Жеңишибиз ай! +Ассалоумалейким, Жеңиш! +Кечиргин боздоп ыйлаганыбызды, кечиргин Алиман өңдүү келинимди. +Аман кайткан Ашыралынын көкүрөгүнө башын койгулап: «Кайда менин Касымым? +Кайда?» – деп чыңырганын кечиргин. +Баарыбызды кечиргин. +Жеңиш! +Сен деп канча чолпондорубуздан ажырадык! +«Башкалар кайда? +Баланча кайда? +Түкүнчө кайда? +Качан келет калгандар?» – деп жабыла сураганыбызды кечиргин. +Суроолордун камагында калып, көз жашын токтото албай: «Кеткендердин баары келет! +Эртең келишет. +Жакында келишет. +Калбай келишет!» — деп, Ашыралынын айткандарын кечиргин. +Кечиргин бизди, Жеңиш, кечиргин. +Сени менен жүз көрүшүп жатып, биз көңүлүбүздө ар кимибиз майдандан кайрылып келбегендер менен акыркы жолу дагы бир сыйра коштоштук, аларды дагы бир сыйра жоктоп, дагы бир сыйра күйүт тартып, көксөө сууттук. +Кечиргин мени, Жеңиш, кечиргин! +Ашыралыны бек кучактап, бек жыттап, Жайнагымды, Майсалбегимди, Касымымды, Субанкулумду эстеп, ичте туткан арманымды кечиргин! +– Жок, Толгонай, андай эмес, дүйнө сенден кечирим сурансын, заман сенден кечирим сурасын! +Сен кечирет белең, Толгонай? +– Кечирбес элем. +Душманымды эзелде кечирбейм. +Бирок заманыма кек сактаган жерим жок. +Арты кайрылуу болсун. +Антсе да согушта доом көп. +Атылган ок, төгүлгөн кан – тарыхтын эсебинде, ал эми адамдардын бүлүнгөн өмүрүчү? +Аны кайсы эсепке ыйгарып, тарыхтын кайсы бетине жазабыз? +Аны үчүн ким жооп берет? +Жалп этип окко учпаса да, Алимандын тагдырын эстегенде, ичим күйүп чок болот. +Анын убал-сообу кимде? +Анын дартын кимге айтам? +Кайран келиним, гүл сүйгөн келиним! +Ашыралыны туугандары үйүнө эрчитип кетип, элдин баары таркап кеткенде, Алиман экөөбүз үйгө кайттык. +Ушуну менен согуштан аласа-бересебиз бүтүп, мындан нары тынчтык заман башталмак. +Биз унчукпай келе жаттык. +Жана ыйлаганынан улам Алиман дале ичтен солкулдап, аптыгып, үшкүрүп келе жатты. +Кабагын чытып, эч жакты карабай түнөргөн түрүн көрүп келинимдин алда кандай ойлорго кабылганын түшүндүм. +Күн күркүрөрдө аба думуккан сыяктуу, киши да ичи-араны ачуучу чоң сөз сүйлөрдө кыйналат эмеспи. +Ооба, Алиман кыйналып турган эле. +Анысын мен жалооруп тиктеген көздөрүнөн, тиштенген эриндеринен сезип жаттым. +«Ай, эми айрылышабыз го. +Касымдан түңүлүп бүттү го,– деп ойлоп келе жаттым. +– Айрылышпаганда кантет элек. +Өлгөндүн болжолу бар беле, же артынан өлөт беле, кетет да эми, кетпегенде арга канча. +Аттиң-ай, кантейин, кантейин. +Кетсе кетет да. +Качанка эле жесир отурмак. +Көңүлү бузулуп кетип жатыптырбы. +Бешенедеги ушул экен, ыраазылыгымды берем. +Айтор, багы ачылса болду. +Жаш эмеспи, дагы бир теңин табар. +Касымдай болгон ынагына жолугар бекен? +Ким билет? +Бактылуу бол, чырагым, бактылуу бол. +Кайсынысын айтайын. +Кээде мени эстеп коюп жүрсөң балам. +Сенден башка кимим бар. +Сен кетсең, өлбөгөндүн күнүн көрүп, бир үйдө жападан жалгыз калам, коколой башым. +Карыганда медер кылар уулумдан туяк да калган жок. +Бирок мага карабагын. +Убалыңа калбайын, качан кетсең да, башың бош. +Мен үчүн кылчактаба, балам, күнүңдү көр. +Ыраазымын сага, батамды берем» – деп, айтар жообумду камдап, сүйлөшүүгө даяр болдум. +Сыр алышкан, бирине бири күйүшкөн кишилер адамдын оюндагысын айттырбай билишет окшойт. +Мен ошондо кандай санаа чегип келе жатканымды Алиман билген экен. +Бирок анын сөзү мен күткөндөй чыкпады. +Ордолуу отон талаам, сенден жашырган сыр барбы, Алимандын ошондогусуна, анын айткан сөздөрүнө, анын тоодой адамгерчилигине, кыйышпас боорукерлигине ыраазымын, өлөр өлгөнчө ыраазымын, бирок өзүмө нааразымын, өзүмө наалат айтам. +Эмне үчүн ошондо боштук кылдым, эмне үчүн Алимандын сөзүнө жаш балача соорондум? +Касымдардын чарбагынын жанынан өтүп бара жатканыбызда, там салабыз деп камдаган дөбө таш, нечен жылдап жаан-чачынга калып, эзилип бүткөн кирпичтер үймө топурак болуп жатканы көзгө түштү. +Жаштар согушка кеткенден бери бул жаңы көчө ошол бойдон ээн калган, айлана тегерегин коолаган ала-бата, уйгак басып, алардын арасында аркандалган музоолор жүрчү. +Уранды дубалдардын баш-башында үпүп-куштар көкүлдөрүн тарап, жаздын ырайына берилип, беймарал гана сайрап отурушкан экен. +«Капырай, там-жай салып, өзүбүзчө түтүн булатабыз дегендер кайда калды? +Карачы. +Байкуш Касымыма да буйрубаптыр да»,– деп, санааркап келе жатканымда, Алиман мени жалт карады, да катуу үшкүрдү. +«Эне,– деди ал мага,– мынча эмне бөксөрдүң? +Же жакшылыктан таптакыр эле түңүлүп калдыңбы? +Антпечи, энеке, бошобочу мынча, кайратың бир элчелик бар эле го. +Бери отуралычы, мындай, дөңсөөгө, сүйлөшөлүчү». +«Азыр айтат, кетем дейт эми!» – деген ой каңырыгымды түтөтүп жиберди. +«Отуралы, сүйлөшөлү» – дедим мен да. +Жол боюндагы дөңсөөгө кайнене-келин болуп, акыл чечмекке отурдук. +Алда, Алиманым ай, мынча неге мээримдүү болуп жаралдың эле! +Ошол ак көңүлчөөктүгүң өз башыңа жеттиби, ким билет? +– «Эне – деди ошондо Алиман. +– Куураган согуш бүттү эми. +Акысы калган жок. +Мындан нары кантебиз деген оюңда бар чыгар. +Кейибе, энекебай. +Дүйнө ушунчалык эле адилетсиз болуп кетти дейсиңби? +Маңдайыбызга жазылган жакшылыктын жугу да калбады дейсиңби? +Бир үйдөн кеткен төрт кишиден кантип эле бири аман кайтпасын. +Жо-жо, эне, коё тур, менин сөзүмдү ук. +Ак дилимди айтам, эне, көңүл уласам кудай урсун: анда өзүмдү өзүм алдаганым. +Ишенгин мага: жакшылык колдосо, кичине бала аман кайтып келет. +Кабарсыз кетти дегени + + – аман дегени, эне. +Ким билет, колго түшүп кеттиби, тентип адашып кеттиби же жарадар болуп, токойдо жашынып жүрөбү, айтор, эртеби-кечпи Жайнагың жарк этип кайтып келгенде билерсиз. +Дарексиз дегенинен түңүлбөйлү, эне. +Дарексиз эмес, өлдү деп кара кагаз келген кээ бирөөлөр кийин тирүү кабары чыгып, ал түгүл, жогорку айылдык бир киши, те төмөнкү казакта да ошондой окуя болду, өзүң угуп жүрбөйсүңбү, аш-суун берип койгондон кийин аман-эсен кайтып келишти. +Ал эми биздин кичине бала – аман эле, көкүрөгүм айтып турат. +Кантип эле төрт кишиден бири кайтып келбесин. +Сабыр кылалы, эне, күтөлү. +Бери карачы, эне, мен деле сенин балаңмын да, башта келиниң болсом, эми уулуңдун ордуна уулдай көргүн. +Андай эмес десең, макул бет алдыбыздан басып кетели, анда эмне болот. +Касымдын арбагын сыйласам да жалгыз таштап кетпейм сени, эне. +Андан башкасын өзүң бил.» Алиман сүйлөп бүткөндө, көпкө унчукпай отурдук. +Майдын орто чени беле ошондо. +Тээ алда кайда, мелтилдеген ырааккы кыйырда ак-ала булут түрмөктөлүп, анда-санда күн күлдүрөп, шамал желдеп турду. +Ошол жаркыраган багытта жазгы нөшөр төгүп турса керек. +Күн шооласына чагылышкан жаандын салалары сымаптай кубулуп, бирде тоого, бирде ойго көчүп, дүйнө жүзүн жууп келе жатты. +Ошол алыстыктан жаандын салкын шапатасын шамал айдап, леп-леп этип жанымды сергитти. +Алиманга мен эчтеке деп айткан жокмун. +Бирок менин айтарым тетиги жаркыраган жаандай таза сөздөр эле. +Караңгылаган, кансыраган жаныма жарык нур тийгендей, бүт жан дилим менен сага айттым, улуу Жер. +Ушундай адамдарды жаратканыңа рахмат, сага, Жер,– дедим. +Дүйнөнүн тазалыгына, адамдын тазалыгына рахмат дедим. +Тээ тиги ак-ала булутуңа, жаркыраган жааныңа рахмат дедим. +Жаан жаайт, эгин өсөт, эл күн көрөт, мен да алар менен кошо жашайм дедим. +Буларды айтканым – Алиман мени аяп, урматтаганы үчүн гана эмес, мени жалгыз таштабайм дегени үчүн эмес, жок, бир кишинин көр оокаты кайда өтпөйт дейсиң, мен сүйүнгөндө, мен сыймыктанганда, башкага, адамда болгон улуу нерсеге сыйындым. +Согуш адамды түнт кылат, таш боор, өзүмчүл кылат, айбан кылат деп ким айтат? +Жок, согуш, кырк жыл кыргын түшүрсөң да, нечендердин ажалына жетип, өрттөп, кыйратып, жексен кылсаң да, адамды сен багынтып басынта албайсың. +Баардык күткөн жакшылыгынан өзү ажыраса да, адам кандай болбосун, башка бирөөгө жакшылык көрсөтсөм дейт, аны сүйөп, таясам дейт, аны аз болсо да бактылуу кылсам дейт. +Менин Алиманым адам да! +Караңгы түндө парашют байланып, душмандардын ордосуна самолёттон секирип түшкөн Жайнак кабарсыз, дарексиз жок болду дегенине карабай, аны өлбөйт, аны аман деп, аны сөзсүз кайтып келет деп ишенгени, тилегени ким үчүн? +Дүйнө анча адилетсиз эмес деп, бел байлаганы ким үчүн? +Алимандын чын жүрөгүнөн айткандарына мен да ишенип, ырас эле Жайнак тирүү болуп жүрбөсүн, андай экен кайтып келсе да ажеп эмес деп, жаш балача үмүттөнгөнсүп калдым. +Мен ушинтип ойлонуп отурганымда, Алиман огородго таштап кеткен соко-унааларыбызды эстеп: «Баса, огородду айдап бүтпөй калбадыкпы, жүр, эне, эртерээк, жер кургап кетпесин,– деп, шаштырып калды. +Чарбакка келсек, өгүздөр сокону сүйрөгөн бойдон, алда качан арыкты жээктеп оттоп жүрүшүптүр. +Алиман аларды кайрып келди да, сокону кайра борозго салдык. +Кишинин көңүлү деген кызык нерсе го. +Бирпастын ортосунда канат байлап, алып учат эмеспи. +Айткан сөздөрү, кылган аракети өз көңүлүнө туура келсе керек, Алиман баягы согуштан мурунку калыбына кайрылып келгендей, жаркылдап күлгөнү, сүйлөгөнү жылдызын ачып, жарашып турду. +Бешмантын нары жакка чечип ыргытып жиберип, ак көйнөгүнүн этек жеңин түрүнүп, башындагы жоолукчасын чекеге түшүрө тартынып, – каратору жүзү нурланып, үнүн бек чыгарып: «Ала-баш өгүз, цоп! +Цоп, цобе! +Кайры, кайры, чолок куйрук. +Цоп, цобе!» – деп, узун шапалак камчыны шартылдата чимирип, өзүнчө эле чебеленип жүрдү. +Алда, Алиманым ай, көрсө, мени бошобосун, турмушка, ишке алаксып, тиричилик кылсын дегени турбайбы. +Соконун туткасын карманып келе жатканымда, артына кайрыла калып: «Эне, сокону жеңилирээк бас, таштак үстүнө чыгып кетпесин!» – деп баштап жүрдү. +Дагы эки-үч имерим айдоо калганда, жаан да желдирип жетип келди. +Шаңдуу төгүлгөн өткүн экен. +Алаканын шак коюп, камчыланып келгендей, күү менен тийген тентек өткүн айыл арасына оюн салып, бүлүк түшүрдү. +Канаттарын далбактатып какылыктаган тооктор туш-тушка корголоп, аялдар жайылган кирлерин ала качып, күчүктөр, балдар көчөдө кубалашып: «Өткүн, өткүн өтүп кет, Кара суудан кечип кет» — дешип, жарышып жүрүштү. +Суу болобуз, кокуй, үйгө кире туралы десем, Алиман: «Эчтеке эмес, эне, бүтүрүп коёлу!» — деп, секелек кыздай, жаандын кытыгылаганына каткыра күлүп, өгүздөрдү токтотпой айдай берди. +Келинимдин бул жыргалына мен да баттым. +«Мүнөзүңдөн айланайыным, өткүр жаандай жаркылдаган түрүңдөн айланайыным, кылык-жоругуңдан болоюнум! +Кандай ырыстуу жубай болмок элең! +Алда, дүйнө ай, алда, дүйнө ай!» – деп, жүрөгүм элжиреп, Алимандын сүйкүмдүүлүгүнө тойбодум. +Кийин ойлосом, анын бул жоругу да мага арналган турбайбы, менин көңүлүм ачылсын деген турбайбы. +Алиман улам алакандарын, бетин жаанга тосуп: «Эне, бери карачы! +Кандай сонун жаан! +Кандай таза жаан! +Быйыл эгин мол болот! +Цоп, цобе, жаан, төгө бер берекеңди, төгө бер! +– деп жамгырды, өгүздөрдү камчы менен чапкылап, тамашалап жатты. +Ошондо өзү кандай сулуу экенин, сууланган көйнөгү этине жармашып, мүчөсү кандай сындуу экенин, көздөрү кандай жайнаганын сезген да эмес чыгар. +Алда убалыңа жеткен, согуш ай! +Өткүн тып басылып, алыстап кеткенде, бул дагы тез эле өтүп кетет турбайбы дегендей кыял менен, узап жаткан жаандын артынан муңканычтуу карап, алыска көз жүгүртүп, жаандын бастап бара жаткан күүсүнө кулак салып, Алиман катуу үшкүрдү. +Байкушум ай, Касымды эстеди окшойт ошондо. +Алиман мени көрө салып, күлүп жиберди да: «Жаандын нымы менен жүгөрүнү себе салалы!» – деп, үйгө чуркап кетти. +Жибитилген, бадырайган жүгөрүлөрдөн Алиман чоң чеңгелдеп алып: «Эне, ушул жүгөрү дүмбүл болгуча кичине бала аман-эсен кайтып келсин!» – деп, саамалык үрөндү огородго чачып жиберди. +Алимандын ошондогу түрү эч бир көз алдымдан кетпейт. +Булут койнунан булт этип, жаңыдан төрөлгөндөй, кызыл эт күн тийгенде, жаандан кийинки нымдуу кара топурак менен жылаңайлак басып, кадам сайын, алтын чачыла чачкандай айдоого дан шилтеп, бул касиеттүү эмгекти жакшы тилек, жакшы үмүткө багыштап, Алиманым жүгөрү эмес, жакшылык сээп жүрдү. +«Көрөсүң го, эне, менин айтканым келет. +Буюрса, кичине балага дүмбүлдү өзүм отко кактап, бышырып берем. +Баягыда дүмбүлдү менден талашып жечү эле го. +Эсиңдеби, бир жолу ысык сотону ала качам деп, койнуна салып жибергенде, ичи күйүп калбады беле. +Калак, калак деп ичин басып, секирип жүрсө, мен жинди немедей: «Чала сага! +Чала! +– деп күлө бериптирмин. +– Эсиңдеби?» – деп, Алиман мени да күлдүрүп жатты. +– Мейли эми, ошонусуна да рахмат! +Жүгөрү бир эмес, эки жолу, үч жолу дүмбүл болду, бирок Жайнагыбыз кайтып келген жок, эч кандай дареги да чыккан жок. +Алиман кийин айыпкер немедей унчукпай да калды өзү. +Ал орто жаз айланып, кыш өтүп, турмуш өз агымы менен кете берди. +Эл оокаттанып, колхоз ирденип, өткөн кеткендин кээри аз-аздан унутулуп, согуштун изи жукарды. +Алиман экөөбүз баштагыдай эле колхоздо иштеп жүрдүк. +Бригадирликти мен балдар фронттон кайтып келер замат өткөрүп бергем: «Силер жокто үч жыл эптеп иштеп турдум, эми карыдым-арыдым, балдар, ишти өзүңөр колго алгыла» – дедим. +Ошондогу жаштар кээ бирде, азыр да мени «бригадир-апа» – дешет. +Сыйлашат окшойт. +Заман тынчтанганы менен, Алиман экөөбүздүн санаабыз тынган жок. +Сыртыбыздан жашырып, сыр билдирбеген болобуз, бирок чынында ар качан көңүлдөн кетпеген иш менин да, анын да жүрөгүн өйүп жүрдү. +Мындай карасаң, маңдай-тескей отуруп алып эле, кана эми ар кимибиз өз жолубузду жолдойлу, өз турмушубузду көрөлү дей тургандай эле ачык сөз. +Ооба, жөнү ошол. +Бирок биз ошенталбай койдук. +Менден кеттиби, Алимандан кеттиби, анын толуп жаткан себеби бар, эми айтканда эмне. +А балким, биздин эч кандай күнөөбүз да жок чыгар. +Нечен-нечен жолу арман-муңумду айтып, сага келчү элем го, Мекен-Талаам. +– Келчүсүң, Толгонай, ооба. +Санаа басып, кантем келинимди, кантем? +Убал сообун кантем деп, ыйлачусуң. +Нечен жолу келсең да, ошондо мен сага акыл бералган жокмун, Толгонай. +Арадан далай жыл өттү, сен минтип картайып отурасың, бирок азыр да сени актап же болбосо каралап эчтеке айталбаймын, Толгонай. +– Ким билет. +Ушуга келгенде мен өзүмдү кечиралбасмын. +Келиним Алиман эмес, башка аял болсо, мүнөзү башка, мамилеси башка, адамгерчилиги башка, жүргөнтурганы башка неме болсо, көп кечиктирбей эле, кой эми, балам, качаңга эле жесир болуп отурат элең. +Жаш башыңды кор кылбай, бирөөгө тийип кеткин дээр элем. +Бирок Алиманга айталган жокмун. +Эгерде айтсам, адам затынын кандайдыр бир асыл дүйнөсүн бүлдүрүп, кандайдыр бир ак нерсени булгап коё тургансып батыналбай жүрдүм. +Чын эле: Касым өлдү – сен эми кеткин, керегиң жок, башка бирөөгө тийип кеткин деп оозум барат беле? +Сөздү кандай гана жумшактабагын, түпкү мааниси ушул да. +Эс-акылы бар келин эмеспи, өзү айтар деп да бир чети шашылган жокмун. +Ал эми Алиман болсо, алда байкушум ай, мынча, боорукер болуп жаралганын карачы. +Мени аяп, кыялбай жүрдү окшойт. +Ошонусуна карабай, менден кетпесин деп, бир күнү Кайыңдыдагы агалары жол жүрүп келип калган экен, ыраазылыгымды берем деп, аларга оюмду түшүндүрдүм. +Ошентсем, тигилерди кагып: мени менен ишиңер болбосун, кетемби, кетпейимби, өзүм билем, кийлигишпегиле деп коюптур. +Жөн эле турбай деп өкүнүп да калдым өзүм. +Менин уялганымды билип, Алиман ошондо ортобузда кандайдыр бир сөз аралап өткөнүн сездирген да жок. +Ичимден абдан ыраазы болдум. +Мына үшүнтүп бир бирибизди аяп, бир бирибизди кыялбай жүрүп, Жайнак келип калабы деп үмүткө алданып жүрүп, эң акыры андан да түңүлүп, кийин анын убактысы өткөн соң, кеч болуп калды. +Ооба, Жер-Энем, ыймандай сырымды айтам, өзүң билесиң го ал окуяны. +– Билем, Толгонай, билем. +Келиниңе мурдатан айтпай жүрүп, кийин айтканыңда бетиңди карабайт болчумун, Толгонай. +– Ырас аның. +Кандай болуп кеткенин азыр да билбей калдым. +Айлыбыз + + жол боюнда эмеспи, жайлоого мал айдагандар, кыштоого түшкөндөр дайым биздин аңыздарды аралап өтүп жүрбөйбү. +Жер ортосу деп малын жайып, эки-үч күндөй туруп да калышат. +Кырк алтынчы жылдын күзүндө төмөнкү айылдык бир чабан чоң сайда коюн айдап жүрдү. +Аскерден келген жигит көрүндү, боз шинелчен, тонун бөктөрүп, мылтыгын асынып, нары бери бастырганына анча назар да салган эмесмин. +Айылда кимдир бирөө той берип калды да, көкбөрү чабылып, алиги чабан улакчы жигит экен, улакты биздин дарбазанын астына алып келип таштады. +Короодон жүгүрүп чыгып, ошондо көрдүм аны. +Ойсоңдогон сур күлүктү туйлатып, шымаланган шамдагай неме экен. +Эмне үчүндүр башка сөз оозума келбей: «Ой, бул эмнең, балам?» – дептирмин. +Ошентсем: «Үйдө ким бар?» – деди. +«Ким керек эле?» – дедим. +«Колумдан түшүп калды» – деди да, улакты эңген бойдон, такымга басып чаап кетти. +Аңгыча көкбөрүчүлөр жетип келип, артынан жабыла кууп жөнөштү. +Ушуну менен мен ал чабанды экинчи көргөн жокмун. +Бирок анын кылганына абдан бушайман болдум. +Бул эмне дегени: алып келгенден кийин таштап кетпейби, улак түшкөн үйдүкү – салт эмеспи, же чын эле колунан түшүп калдыбы? +Андай экен эмне үчүн көчөгө түшпөй, дарбазанын жанына түшөт? +– деген арсар ойдо болдум. +Мен ушинтип турганда, үйдөн Алиман чыгып келди. +Гүлдүү жоолугун салынып, жибек көйнөгүн кийип, жасанып алган. +Тойго барганы жатканбыз. +Мени көргөндө, Алиман ылдый карап, кызара түштү. +«Жүрбөйсүңбү, эне» – деп, акырын сүйлөдү. +Жанагы чабандын эмне үчүн келгенин мен ошондо гана сездим. +Эки-үч күндөн бери Алиман суу алып келем деп, арыкта суу турса, чоң сайга барып, кеч кайтып жүрдү. +Ичим сыздай түштү. +Акыры бир күнү ушундай болмок, сөзсүз боло турган иш, антсе да ичим сыздай түштү. +Кызгангандыктан эмес, а балким, кызганган да чыгармын, кеп башкада. +Алиманды көп кечикпей ордун таап алса экен деп тилеп жүрүп, иш жүзүнө келгенде, апкаарый түштүм, корктум. +Чыгып жаткан келиним эмес, күйөөгө берер өз кызымдай коруп, Алиманды жаңылбаса экен, барган жери түзүк болсо экен деп жаттым. +Тойдо отурганымда да, үйгө келгенимде да ушул ой башымдан кетпеди. +«Жанагы жигит кандай неме экен? +Жакшылап таанышып, билип алгын. +Шашып кетпе, Алиман балам, алданып калба!» – деп, ичимден айтып жаттым. +Эмнеси болсо да эми жолтоо болуп калбасам экен жаштарга. +Алиман менден ийменип тартынбаса экен, канткенде өз ыктыяры өзүндө экенин, менин ага эч кандай каршылыгым жок экенин этияттап билдирсем деп кыйналдым. +Эчтекени шекшибеген немедей күндөгүдөй эле орду менен сүйлөп, орду менен күлүп отурсам да, Алиманым мендеги купуя ой-санааны сезген экен. +Кечинде сууга барам деп, чакаларды алып чыгып кеткенде, үстүмдөн оор жүк түшкөндөй жеңилдедим. +Барса барып, жолугуп келсин дедим оюмда. +Бирок көп өтпөй эле Алиман суу көтөрүп үйгө кирип келди. +Сайга барбай арыктан эле кайра тарткан экен. +«Эне, суу жылытып берейин, башыңды жууп ал» – деди Алиман, чакаларды ордуна коюп жатып. +«Эртең күндүз эле жуурмун, жумушуң болсо.» – деп айтып келе жатканымда, Алиман сөздүн алдын ала: «Эртең колхоздон кол бошобойт, эне, жууп алгын, чачыңды тарап берейин» – деди. +Көңүлүнө кетпесин деген ой менен айласыздан макул болдум. +Сууну чоң казанга толо жылытып, мени бир баш жууп көрбөгөн жаш бала өңдөнтүп, адегенде айран менен жуудуруп, анан самындатып жуудуруп, сууну улам чабыштырып, алмаштырып, жанымдан кетпей убараланды. +Башка убакытта болсо, балам, жөн койчу, өзүм эле жууп алам дээр элем, бирок бул жолу унчукпадым. +«Алда кокуй, бул эмнеси, эки ортодо мен үчүн жолугар жерине барбай калды го» – деген ойго кысталдым. +Андай дейин десем Алиман аны-мунуну жайдары сүйлөп, көңүлдүү эле жүрдү. +Болгондо чачымды тарап жатып, саал күңгүрөнө түштү. +«Эне, жаш чагыңда, чачың келишкен чач болсо керек!» – деп, маңдайымда чачымды эркелете сылап, бети башыма, мойнума алаканын тийгизип сылады. +«Мени менен коштошуп жатат го» – деп көзүмө кылгырган жашты жашырып, араң чыдап отурдум. +Анан ал чачымды өрүп берди да, сандыктагы атырын алып чыкты. +«Кой, балам мага анын кереги эмне, кой кокуй, нары картайганда уят эмеспи», – дегениме болбой, каткырып күлүп жатып, башыма атыр септи да, мойнумдан кучактап жыттады. +«Мына, кандай сонун, жапжаш болуп калдың, – деп аябай сүйүндү. +Мен да күлдүм. +«Эми чай ичкин, эне, чайдан кийин төшөгүңдү салып берейин, жаталы» – деди. +Ал түнү экөөбүз тең уктаган жокпуз. +Алиман өзүнчө ой жүгүрттүбү, кээде-кээде катуу үшкүрүп коюп жатты. +Мен болсом көзүмдү жумсам да, Алимандын бүгүнкү кылган жакшылыгына көңүлүм көлдөп, өткөн күндөр көз алдыма тартылып турду. +Бир туруп Алимандын баягыда гүлкайырларды комбайндын тепкичтерине алып барып коё салганын эстеп жаттым. +Бир туруп, Касым аскерге жөнөрдө, аны атка мингизбей улам мойнуна асылып, жаш балача колунан тарткылаганын эстедим. +Бир туруп станцияга ашыга жол жүрүп бара жатканда, жабалактаган аппак кар Алимандын жоолугуна, маңдай чачына, жакасына күрпөңдөлө жыйналып, анын тамылжыган жүзүнө көрк берип, сулуулаганы эске түшөт. +Бир туруп, мени көздөй кучагын жая жүткүнүп: «Энекебай, жесирбиз, окшошкон жесирбиз!» деп, бакырганы угулгансыйт. +Бир туруп, кызгалдак жайнаган кысыр аңыз менен кара жоолукчан Алимандын чоң жолду көздөй качканы эске түшүп жатты. +Койчу, ушинтип отуруп, эң акырында жанагы көкбөрүчү чабан менен кой айдашып, ээрчип, кетип бара жатканы заматта көз алдыма келе калды. +«Кош, энеке! +Жаман көрбө, кеткеним ушул. +Кайыр кош, энекебай!» – десе, артынан кол булгалап, жар бойлоп жүгүрүп: «Кош, чырагым! +Кош, гүл сүйгөн келиним, кош маңдайыма сыйбаган чолпонум! +Аман бол, багың ачылсын, этегиң көгөрсүн, аман бол, кайыр кош! +Ай, жигит, баламды кор кылба! +Каргайм, каргышым тиет!» – деп жаттым. +Көзүмө толуп, ашкан жаш ысык салаа болуп, жаактарымда сыдырылып, жаздыкка тамчылап жатты. +Ыйлаганымды Алиман угуп койбосо экен деп, оозумду басып чүмкөнө бердим. +Эртеси да Алиман эч жакка чыккан жок. +Ошондон кийин алиги чабан көрүнбөй калды. +Коюн айдап кетсе керек. +Алимандын сузураак түрүн көрүп, ошондо катуу кейидим. +Көңүлү болсо, кете эле бербейби, байкуш бала, мага күйгөндө эмне чыкты? +Бир топко чейин арсар жүрүп, кийин бул иш эсинен чыгып кеткенсиди. +Ушуну менен эрте жазда жанагы чабан кайра пайда болду. +Коюн айдап, чоң сайда жүргөнүн сырттан байкап калдым. +Ошол күндөрү Алиман кеч кирери менен эле кетип, эл тегиз жатканча сыртта жүрчү. +Мен эмне дейт элем, өзү билет да. +Чын эле мен эмне демекмин, кантмекмин, айтчы, жан боордош талаам? +Эсиңдеби баягы шойкон түн, эртеси сага келип ыйлаганым. +– Коё тур, Толгонай. +Сен ал түндү шойкон деп айтпа. +Ал түндүн терс жагы да, оң жагы да болгон чыгар. +Жан жаралган түнгө тил тийгизбечи, Толгонай. +– Сөзүмдү кайра алайын, Жер-Энем. +Күйгөндөгү кебим да. +Күйбөгөндө эмне болду элем. +Ал түнү Алиманды көпкө чейин күтүп отурдум. +Айыл тегиз жатса да, мен эмне үчүндүр чырак өчүрбөй, купуя санаа тартып, алда эмнеден коркуп, терезеге тигилип, шырп эткен дабыштарга кулак түрүп, чыйрыгып отурдум. +Тышта ай тийип, анда-санда булут көчүп, жазгы аба тынып турду. +Бир тамда жалгыз өзүм отурганымдан үшүгөнсүп, ичикке орондум. +Түн ортосуна жакын көзүм илинип кеткен экен, капилеттен чочуп кетип, башымды өйдө кылсам, эшикти ачып, Алиман кирип келе жаткан экен. +Мас экен. +Кызылдай мас. +Айрылган көйнөгүнүн жакасы жалжайып, эти көрүнүп, чачы бет алдынча чачылып, көзүнүн каректери балбылдайт. +Алимандын мас болгонун өмүрү биринчи көрүшүм. +Эмне дээримди билбей, ордумдан турууга алым да келбеди. +Алиман босогодон араң аттап кирди да, жыгылып кете жаздап, мешти барып кармап туруп калды. +Анан мешти карманган бойдон теңселе берип: «Ха!» – деп, жаман күлүмсүрөдү. +«Эмне карайсың! +– деди ал, башын чайкап. +– Эмне карайсың мени? +Ооба, мен масмын. +Ооба, мен арак ичтим. +Ичпегенде эмне кылам? +Мен ичпегенде ким ичет яа? +Эмне унчукпайсың? +Менин түрүмдөн коркуп турасыңбы?» Унчугалбадым. +Келинимдин ушундай абалга жеткенине жүрөгүм сыздап, өлүп кете жаздадым. +Алиман дагы бир аз теңселип, башын салаңдатып турду да, бир убакта, акырын шыбырады: «Эне. +Сен эчтекени билбейсиң. +А мен болсом. +Мен. +Мен бүгүн. +Касым аскерге жөнөр күнү кечинде сууга барбадык беле, чоң сайга. +Эмесе так ошол жерде» – деп келе жатып, чачын кош колдоп чеңгелдеп: «Мен ит болдум! +Эне, энекебай!» – деген кыйкырык жүрөгүнөн атырылып, өзү кийизге бет алдынан кулады да, тыбырчылап, башын жерге ургулап, бакырып ыйлады. +Ордумдан ыргып туруп, учкан куштай жанына жетип бардым. +Башын өйдө кылып, көкүрөгүмө кыстым: «Ыйлабачы, Алиман, ыйлабачы. +Эмне болду сага, айтчы деги? +Капа болдуңбу? +Же бирөө бир нерсе дедиби сени? +Айтчы мага. +Же мага таарындыңбы? +Таарынсаң, айт, ичте тутканыңдын баарын айт, угайын.» «Жо, жо эне, энекебай, байкушумай, жалгызым ай, эчтекени билбейсиң да, билгенде да колуңдан эмне келет эле, алда, кокуяй, алда кокуяй!» – деп, кандайдыр бир өзүнө гана белгилүү арман күүсүн чегип, эч бир токтоналбай, мени кучактап алып, солкулдап ыйлап жатты. +Көпкө чейин боздоду. +Анан акырын бастап барып тынчыды да, уктап кетти. +Уйку арасынан да кээде жаш балача бышактап, онтоп жатты. +Уктаганым жок. +«Эмне болду келиним? +Кантем эми?» – деп таң атырдым. +Эртеси ордунан турганда, уялып мени карай албады,– сүйлөгөн да жок. +Жумушка чыгып бара жатканыбызда гана: «Кечирип кой мени, эне» – деп койду. +Ушуну менен арадан эки-үч ай өтүп, жайында, баягы качкын Жекшенкулдун сурагы болду. +Ал согуштан кийин элге баталбай, үйүнө уурданып келип-кетип жүргөн экен. +Бирок казакта турган жеринде дагы эле тынч оокатын кылбай, алып-сатарлык жүргүзүп, кой уурдап, колго түшүп калыптыр. +Тергөөдө анын мурунку кылмыштары билинип калып, биздин айылга суракка алып келишкен экен. +Сельсоветтин чабарманы мени да күбө болосуң деп чакырып келиптир. +Көчөдө келе жатсам, Алиман кетменин көтөрүп жумуштан келе жаткан экен. +Илкий басып, элден бөлүнгөндөй, жалгыз өзү келе жатыптыр. +Түрү да кандайдыр капалуу, көзү алайып, арыктап калыптыр. +Ошол жайда бети да темгилденип кеткен эле. +Боорум ооруп кетти. +Эми үйгө барып дагы жалгыз отурбасын деген ой менен: «Жүрчү, балам, мекемеге кошо кайрыла кетели. +Үйгө бирге баралы»,– дедим. +Ошентсем: «Жо, + + эне, мага эмне бар анда. +Башым ооруп турат, үйгө эле кетейин» – деди. +«Мейлиң,– дедим. +– Жата тур кыйналбай. +Уйду өзүм тосуп алам». +Мекеменин жанында туюк жабылган машина туруптур. +Күбөгө чакырылган, жумуштан келе жатып кайрыла кеткен бир топ кишилер ачык терезенин жанында сөз угуп, кулак салып турушупт��р. +Мен да ошолорго кошулуп калдым. +Жекшенкулду көрбөгөнүмө далай жыл болгон, тултуюп, тимеле семиз. +Күржүйгөн ийиндери этке толуп, көзүн кабактын астына катып, үлүрөйүп отурган экен. +Саап отурган жалгыз уйларыбызды сокого кошуп, ачкадан өлүп бара жатканыбызда тапкан-тергенибизди колдон талашкан ушул ит эмес беле. +Менин кудай кошкон жарым, уул-балдарым фронтто кан кечип, алышып жүргөндө, бул неме элден артыксынып, кара башын ала качып жүргөн. +Эми карасаң, биздин айылдык бир аксакал кишинин сөзүн бөлүп, каяша айткысы бар. +«Ошол да кеп бекен, фронтто өлгөндүн өз ажалы өзүндө. +Мага анын кандай тиешеси бар?» – дейт. +– Ууру дейсиң, көзүңөр менен көрүп, колуңар менен кармаган жериңер жок. +Үстүмдөн жүз айткыла – куру сөз. +Факты керек». +Муну укканда каным кайнап кетти. +«Жаныңды жебе, имансыз! +Факты эле керекпи сага, мен факты!» – деп терезеден кыйкырып калдым. +«Апа, бери кириңиз. +Бери кирип сүйлөңүз» – деди ордунан тура калган тергөөчү. +Кирип бардым да, түз эле сүйлөдүм. +«Ооба, биз сени колубуз менен тутуп алган жокпуз, сенин артыңдан түшүп кармоого чолобуз да тийген эмес. +Биз анда жер тырмактап фронтко нан бергенбиз. +Биз анда машак терип балдарды бакканбыз. +А сен анда кошко байланган аттарды айдай качып, элдин кочуштап жыйнаган үрөнүн жула качып, бала-бакыранын насибин түп тамырынан курутуп, кол салгансың. +Демек, сен ошону менен фронттогу солдаттардын колунан нанын тартып алгансың. +Артыңдан жете барып: «Токто! +Мен билем сени, Жекшенкул. +Токто!» – дегенимде, кайрыла калып мени аткансың!» – деп, жүрөктө кайнаган сөздүн баарын айта бердим. +Ошондо айт, тартынбай айткын дегендей, Айша кошунамдын томсоргон түрү, анын бетинен аккан бопбоз жаш, ошол боп-боз салаа жаштай болуп төгүлгөн асмандагы саманчынын жолу, көз алдыма келип турду. +«Факты деп заң-закүнгө таянып, кутулсаң кутулуп кетерсиң. +Бирок билип койгун, эл-журттун азап-тозогунан безип, анын өлүм-житимин ийин тирешип көтөрбөгөнүң үчүн, адам сынынан чыгып, өмүрү жек көрүмчү болуп өтөсүң. +Сага факты да, жаза да ушул» – дедим. +Мен сүйлөп бүткөндө, тергөөчү: «Рахмат, сизге апа. +Эми бошсуз. +Үйүңүзгө бара бериңиз» – деди. +Мекемеден чыгып келе жатсам, Жекшенкулдун аялы эшикти тосуп калды. +Жиниккен немедей эле келип бир тийип, кыйкырды: «Өлүгүңдү көрөйүн, как баш. +Ак жүрөк болом деп, кайсы жакшылык көрдүң. +Андай ак жүрөк экенсиң келиндин ичин кантесиң! +Ии, ал кайдан экен? +Үйүңдө боозуган шермендеңди көрбөй, эмне карап жүрөсүң? +Окшошкон шерменделер!» Жүрөгүм шуу этип, токтоло түштү. +Ооба, ооба, бул катындын айтканы ырас эле. +Мурда бүдөмүк шекшип, жаныма жакын жуутпай алыс айдаган күмөн нерселер заматта айкын-ачык боло калды. +Аңгыча, эшикте турган кишилер: «Бас жаагыңды, өлөсүң!» – дешип, Жекшенкулдун аялын жакалап калышты. +«Тийбегиле!» – дедим. +«Кол тийгизбегиле!» – деп, унчукпай басып кеттим. +Көчөдө келе жатканымда оюм миң санга бөлүндү. +Мындай болорун ойлогон эмесмин. +Кийинки кезде Алиман кандайдыр бир элден четтегенсип, мүнөзү да башкача, башка жактан келген чоочун немедей паанайы пас, күлбөс болуп жүргөнүн мен жөн эле капа тартып жүрсө керек дегем. +Алиги чабан жигит көңүлүнө туура келбей, келишалбай коюшса керек деп жоромолдогом. +Ал ошондо эле изи сууп, тоого кеткен. +Экинчи аны көргөн киши жок. +Көрсө, иш башкача турбайбы. +Аттиң ай, аттиң ай. +Андай болорун ким билиптир. +Эми кантем деп дал болдум. +– Ооба, Толгонай, сен ошондо мага келип кантем деп сырыңды айткансың. +– Сага айтпаганда кимге айтат элем, жан-боордош дыйкан талаам. +Тырмактай кезимден тартып мына ушул карыган күнүмө чейин сенин демиң менен, сенин күчүң менен турмуштун нечен-нечен белин ашып, өмүр сүрүп келе жатам. +Кантем десем, сен ошондо: «Ойлон, Толгонай, тереңирээк ойлон. +Ичиңди кең сал, дүйнөнү кең көргүн, куру намыс, тайыз акыл болбо» дегенсиң. +Мен гана эмес, башкалар да ойлогонуна ыраазымын. +Ичкен суубуз бир, көргөн күнүбүз бир тагдырлаш, замандаш айылдаштарымдын кең пейилине кулдугум бар. +Ошол окуянын эртесинде Айша кошунам чай ичкин деп үйүнө чакырып, аны-мунуну кобурап, сөз арасынан: «Жанагы Жекшенкулдун аялы түндөп көчүп кетиптир» – деди. +Унчукпадым, көчсө ар кимдин өз эрки. +Кийин, көптөн кийин гана билип калдым, ал өзү эмес, ошол түнү эл чогулуп келип: «Кеткин биздин айылдан!» – деп, арабага салып, көчүрүп жиберишиптир. +Ошондон кийин улуу-кичүүнүн биринин да оозунан тигиндей-мындай эле деп сөз уккан жокмун. +Балким ичинен ойлошсо ойлошкондур, балким теңтуштары Алимандын өзүнө айтса айткан чыгар, бирок мага эч ким эчтеке деген жок. +Андан бери мына канча жылдар өттү, али да сыйлашып келе жатышат. +Рахмат, көзүм жумулганча ыраазымын. +Мен өзүмчө ойлономун да: илгерки заман болсо не деген айың-ушактар, не деген күйдүргү сөздөр бетиме жабылбайт беле. +Ал эми согуштун азап-тозогунан өтүп, тирүү басып жүргөн ар бир адамдын баасы канчалык кун жеткис экенин, анын көңүлү канчалык ыйык экенин замандын улуу сабагын алган эл өзү эле түшүндү. +Алимандын күнөөсүн кечирди. +Эгерде алар Алиман экөөбүзгө күлүшсө, өздөрүнө күлүшкөндөй болбойт беле. +Ооба, ошентмек. +Мейли, адам деген ар кандай дешет, сыртынан күн, ичинен кара үңкүр да дешет, бирөөнүн таманы тайып кетсе, табалайт дешет. +Андайлар да бар чыгар, андайлар азыр да арабызда жүрүшкөн чыгар, бирок чын-чынына келгенде, тагдыр чечилчү жаман-жакшыга келгенде, адам деген ичи кенен, таза нерсе. +Ишенем ошого, сыйынам. +Өзүмдүн башымдан өтпөдүбү. +Билесиң го, Жер-Энем, ошол жылы мен үчүн кандай оор жыл болду. +– Ооба, Толгонай, сен ошол жылы кемпир болдуң. +– Кемпири да мейли эле, Алиманымды азыр ойлосом, азыр сайсөөгүм сыздайт. +Алда, кокуяй, алда кокуяй. +Кай жерден кетирдим, кай жерден жулдурдум. +Алимандын боюна бүткөнүн билген күндөн тартып, баардык жан ара��етим менен сактабадым белем. +Көз көрүнөө немени көрүп эле турсак да, эмне үчүндүр билмексенге салып, кеп кылган жокпуз. +Оокат-тиричиликке тиешелүү эмне гана болбосун, баардыгын эле мурункудай кеңешип, сүйлөшүп жүрдүк, бирок ушуга калганда батыналбадык. +Мен анын көңүлүн оорутпайын дедим. +Ал болсо түздөн-түз ачыкка чыккандан уялдыбы же оюнда кеткени жүрүп, кеткенче мени кызартып-бозортпой биротоло чыгарда айтайын дедиби, билбейм. +Мен үчүн ал кезде аны билиш да кыйын эле. +Өзү унчукпагандан кийин, мен эмне дейт элем, кантип сурайт элем. +Кокус сурасам, үйдөн кеткин дегенчелик түшүнүп, кетип калбаса экен деп этияттадым. +Соо жүргөнүндө жакшы да, кош кабат калганда жолуңа түш дейт белем. +Жо, жо, Алиманымды андай жамандыкка эч убакытта кыйбайт болчумун. +Көңүлүмдө мен аны күнөөлөгөн да жокмун. +Баардыгын өз көзүм менен көрүп, билип жүрбөдүмбү. +Алимандыкы күнөө болсо, ал менин да күнөөм, бала төрөсө, ал менин да балам, уят-сыйытын, жаман-жакшы кордугун бардыгын тең тартам деп, өзүмчө биротоло чечип алгам. +Алиман кетип калса, менсиз оокаты өтпөй калат беле, таштап кетүүгө кыялбай жүрүп, ушундай ишке дуушар болгонун билбей коюптурмунбу. +Баардыгын өз эркине, өз көңүлүнө койгом. +Эртеби-кечпи, кыстап келгенде, акыры бир күнү иштин жайын аргасыз сүйлөшөт да болчубуз. +Көңүлүбүздө аны да билип жүрдүк. +Ошентсе да, бүгүн эмес эртең деп, улам эртеңкиге калтырып келе бербедикпи. +Ал түгүл Алиман кетип да көрбөдү беле. +Бул да менден болду, байкабастыгымдан. +Жай аягында, Алимандын ошондо беш-алты айлык боюнда бар кези, эртең менен уйду бадага кошоюн деп көчөгө айдап чыктым. +Уйчуман бала үнү коңгуроодой болгон он эки-он үчтөгү жетим бала эле. +Ошол күнү ал көчөнүн башынан эле алда-эмнелерди шаңдуу кыйкырып, жаңыдан ойгонуп келе жаткан айылды күн тийгендей козгоду. +Биздин үйлөрдүн тушуна жеткенде, уйларын «Өш-өштөп» келе жатып: «Токон-апа!» – деп мага да жарк этип кайрылды. +– Токон-апа, сүйүнчү! +Жоробек акемдин келини төрөдү, сүйүнчү!» – деди. +«Ии, айланайын, болсун, болсун. +Качан төрөдү». +«Таңга маал». +«Кызбы, эркекпи?» «Кыз. +Атын Торгой коёбуз дешти. +Токон-апа. +Таңга маал төрөлгөн торгой дешти». +«Эң жакшы болуптур, балам, өмүрлүү адам болсун» – дедим. +Бирөөнүн жарык дүйнөгө келгенине өзүнчө эле кубанып, ошол чоң кубанычын ар кимге бөлүштүрүп, кабар салып жүргөн уйчуман баланын сөзү делебемди козгоп кетти. +Кандайдыр бир таза, ысык сезим жүрөгүмө жыйналып келип, дарбазадан кирип келе жатканымда, бассам-турсам да дайым көңүлдүн мизинде турган нерсени кантип эсимден чыгарып жибергенимди билбейм: «Алиман, сүйүнчү! +Жоробектин келини төрөптүр. +Уктуңбу? +Айы-күнү жетип жүрдү эле, бечара аман-эсен». +– деп айтып келе жатып Алиманды көргөндө, оозума таш капкандай болдум. +Тамдын дубалына сүйөнүп, шалдайып турган экен. +Акырын гана башын чайкап, ээрдин кесе тиштеп, бозоруп туруптур. +«Мен төрөгөндө эч ким минтип сүйүнчүлөп кабар салбайтко» – деген ой кеткенби, же дагы башка жаман нерселерди ойлодубу, ким билсин. +Өзүмдүн олдоксонума ушунчалык кыжалат болуп, бетим кызара өрттөнүп, эмне кыларымды билбей, унчугалбай эле кемегенин жанына отура калып, тезек калай баштадым. +Бетимдин кызарганы саал сууй түшкөндө, кайрылып карасам, дале ошол бойдон бозоруп туруптур. +Каңырыгым түтөп кетти. +«Бир жериң ооруп турабы?» – дедим, жанына басып барып. +«Жо, эне, тек анчейин» – деп койду. +«Оорусаң үйгө жата турсаңчы, кыйналбай». +«Кыйналган деле жерим жок, эне. +Тамеки тизүүнүн эмне оордугу бар эле, барайын» – деп, ийнелерин колтугуна кысып, чыгып кетти. +Мынча болгондон кийин ачыгын эле айтайын эми. +«Корунба балам, уялба. +Мунун эч кандай уяты жок. +Бул да турмуштун бир сонун нерсеси. +Кимдин кандай төрөгөнү кеп бекен. +Төрөгөн эненин баары бирдей, айырмасы жок. +Туулган баланын баары бирдей, айырмасы жок. +Дүйнөгө келген ар бир наристе баардык адамзаттын баласы, демек, ал менин да балам. +Сен төрөсөң, ал мага бөлөк-бөтөн болбойт, өз баламдай алпечтеп багам. +Түшүнгүн ушуну. +Капаңды жазып, көңүлдүү жүргүн» – деп, мурунтан камдаган сөздөрүмдү чымырканып айтайын деген ой менен, артынан жүгүрүп, + + көчөгө чыктым. +«Ай Алиман, коё тур. +Бери токто» – десем, укмаксанга салып басып кетти. +«Таарынып калды шекилдүү» – деген ой күнү бою көңүлүмдү иренжитти. +Аялдар менен тамеки жулукта жүрүп, ар кайсынын башын бир ойлоп: «Мейли эми, бүгүн кечинде айтайын. +Минтип жүргөнүбүз жарабас» – деп, өзүмдү бышыктап алдым. +Бирок ал ой-пикиримди айтууга туура келбеди. +Кечинде жумуштан кийин үйгө келсем, Алиман жок. +Ана келет, мына келет деп күтүп отуруп чочудум. +Эмне балакет болду. +Көчөгө чыгып издейинчи деген кыял менен үйдөн чыгып бара жатсам, огород тараптан чөп көтөрүп Бекташ келди. +Бекташ анда колхоздун арабасын шатырата айдап, эр-жигит болуп калган. +Ал унчукпай келип, чөптү уйдун акырына таштады да, мени жалооруй карап койду. +«Токон-апа, энем мени издебесин деп Алиман айтып кетти. +Кайыңдыдагы төркүнүмө кетем деди». +Муун-жүүнүм шалдырап, босогого отурдум. +«Качан кетти?» «Жана. +Түштөн кийин. +Көчөдөн бир машина өтүп бара жаткан экен ошого түшүп кетти». +Заманам куурулуп унчукпай отурсам, Бекташ садагасы: «Кабинага түшүп кетти, апа. +Коркпой эле коюңуз. +Шопуру дурус неме экен» – деп койду. +Бекташты өзүм да жакшы көрчү элем, ого бетер ичим жылый түштү. +«Ии, бечарам, киши болот экенсиң» – дедим ичимден. +Бала билинбей эле чоңоёт экен да. +Кадыресе эр жетип, солдоюп, мүнөзү токтоо, маңдайы жарык жигит болуптур. +Көзүмө ошондо көрүндү. +Арыктан суу көтөрүп келип, Бекташ эшик алдына суу септи. +«Далисти салкындатып шыпырып коёюн. +Апам сиздин чайыңызды сагынып калдым дейт. +Азыр келет» – деп, өзүнчө убараланып самоор коюп жатты. +Айшалар көпкө отуруп чай ичип кетишти. +Үйгө жаталбадым. +Капталда төгүлгөн жылдыздар таңаткыча балбылдап, анан бирин-серин тартып, эң акырында жаркыраган жалгыз чолпон калып, ал улам алыстап, алдакайда кетип жоголду. +Алиман кеткенден кийинки күндөрүм курусун. +Жалгызмын деп ооз учу менен айтып жүргөн экенмин да. +Үч-төрт күн эптеп карманып чыдап жүрдүм. +Анан чыдагысыз болду. +Кээде туруп бир жакка тентип басып кетким да келди. +Алимандын көрөр күнүн ойлосом, андан бетер жаман болом. +Төркүнүнө барып батса жакшы, ал эми мурда ишиңер болбосун, менин турмушума кийлигишпегиле деп мыктысынып койдуң элең, эми минтип шерменде болуп келип калган экенсиң го дешсе, балам кандай гана кордук тартар экен. +Оюна эмнелер гана кетип, ушинтип көргөн күнүм жерге кирсин деп, турмуштан түңүлүп жүрбөсүн. +Жанымда турса эч кимге жектетпейт элем го. +Кантип гана жатты болду экен, алда шордуум-ай. +Кантсе да, барайын, өз көзүм менен көрөйүн. +Барып калсам, балким кайтып да келер. +Ошентсе экен, кудаяй, ошентсе экен. +Келбейм, калам десе аны угайын. +Кантет элем, ыраазылыгымды айтып, батамды берем. +Кийим-кечесин да албай кетиптир, аларын жеткирип берейин. +Келсе-келбесе да айтар сөзүмдү айтышым керек. +Милдетим эмеспи. +Кой, көп кечикпей жөнөйүн деп, эртеси үй-жайды Айшага дайындап, жолго чыктым. +Кайыңды жакка барчу машинаны Бекташ токтотуп берди. +Ушуну менен машинага түшүп, айылдан жаңы узай бергенде, нары аңызды аралап, төтө жол менен бир аял келе жатканын, машинада отуруп капыстан көрө калдым. +Дароо эле тааныдым – Алиман экен! +Алда, карааныңдан болоюнум ай, кайра келе жаткан турбайбы! +Ошол замат ордуман ыргып туруп, машинанын үстүн дүңкүлдөтүп калдым. +«Токто! +Токто азыр, мен түшөм!» – деп, машина бир канча жүрүп барып токтогондо, куржунумду алып, шашып түштүм. +Аңгыча уюлгуган коюу чаң жетип келип, көзүмө эчтеке көрүнбөй жанагы көргөнүм өңүмбү, түшүмбү деп чочуп туруп калдым. +Чаң машинанын артынан ээрчип кетип, айлана ачыла түшкөндө, жүрөгүм оозумдан ыргып кетчүдөй: «Алиман!» – деп катуу кыйкырдым. +О, айланайын даркан талаам, өзүң көрбөдүң белең, ал окуя да ушунда болбоду беле! +– Ооба, Толгонай, ушунда, азыр да жаткан тетиги жанаша жолдо. +Сен: «Алиман!» деп кыйкырганда, Алиман жалт карай салып, сени көрүп туруп калды да, анан: «Эне! +энекебай!» – деп сени көздөй жүгүрдү. +Сен ошондо эсиң чыгып кетип: «Жүгүрбө, балам, жүгүрбө, кокуй жыгыласың!» – деп жалынып келе жатып, өзүң жыгылып, кайра тура калып, кайра жүгүрдүң. +– Ооба, ооба, так ошондой. +Кантип жетип барганымды билбейм. +Алиман экөөбүз кучакташып, көрүшүп туруп калганда, аябай сагынышып калган экенбиз, эмне дээрибизди билбей: «Келдиңби, келдиңби, балам, энеңе кайрылып келдиңби?» – десем, «Келдим, энеке, келдим. +Өзүңө кайрылып келдим!» – деп жатты. +Так ошол учурда Алимандыи ичтеги баласы козголо берип, «болк-болк» эттирип эки-үч жолу тээп койду. +Аны экөөбүз тең сезип калдык. +Алиман ичин кармап, акырын сыйпалап мени карады. +Анын ошондогу көз карашы бүт заманымды астын-үстүн оодарды. +Мен да кээде бир нерсе деп ойлоп, ичимден корунуп жүргөн экенмин да! +Кет, жогол, арамдык, жолобо! +Кандайдыр бир учкундай гана мезгил аралыгында жашоонун эң бир таза, бактылуу учурун башынан өткөрүп тургандай, Алимандын жүзү үлбүрөгөн, жумшак мээрим тартып, кирпиктерине илинген туп-тунук жаш бетине тамып кетип, жаак ылдый жүгүрдү. +Э, чиркин энелик ай! +Ушундай гана тамчы таалайың баардык азап-тозокту жууп кетет го! +«Көзүңдөн айланайын, карааныңдан айланайыным. +Айланайын сенден, айланайын!» – деп, бети-башын сыйпалап, жалынып-жалбарып, балкылдап ыйлап жибердим. +Ошентсем: «Ыйлабачы, эне, ыйлабачы,– деп жатты. +– Кечирип кой мени, кечиргин. +Сени таштап деле кете албайт экем. +Чыдабадым, ичим түтпөдү». +Көптөн берки айтылчу сөзүмдү эми айтайын, оңуту эми келди го деп: «Эмне үчүн кеттиң, таарындыңбы?» – дедим. +Алиман унчукпай туруп калды да, ортодо азыр кандай сөз болорун билгендей оор үшкүрдү: «Сурабачы, эне. +Аны эмне кыласың. +Айтпа мага эчтекеңди, мен да сага эчтеме дебейин. +Кыйнабачы мени, энекебай, кыйнабачы». +Ушинтип бул жолу да айталбадым. +Деги эмне үчүндүр ар качан эле, айтар кебимди сезип тургандай, сүйлөшүүдөн качып, ушинтип кетенчиктеп эле туруп албадыбы, байкуш балам. +Бетин ачса өзүнө да, мага да жеңилирээк болбос беле. +Эсиңдедир, Жер-Энем, ошол жылкы күз көпкө созулуп, аягы абдан жаанчыл болбодубу. +Бир ачылып, кайра бүркөлүп, нымтыраган суук күндөрдө көпчүлүгү үйгө отуруп калдык. +Күздүн түнөргөн түрү сыяктуу, күн өткөн сайын Алимандын кабагы ачылбай, сүйлөбөс, күлбөс болуп калды. +Өзүнчө убайым тартып, отурганы-отурган. +Байкоомдо, ай-күнү да жакындап келе жаткан эле. +Капалыкка чөгүп кетпесе экен деп, колумдан келишинче эркелетип, тамаша сүйлөп тигинткен-минткен болом, бирок жаш бала болбогондон кийин кыйын экен да. +Мен гана эмес башкалар да аракеттенип көрүшүптүр. +Бекташ апам тумоолоп жатып калды дегени, Айшаны көрөйүнчү деп барсам, эти ысып, жөтөлүп жатыптыр. +«Өзүң да чала-жан неме элең, жөн отурбай айылчы болуп чыга кеттиң» – десем, муңайыңкы жылмайып күлүп койду. +Ошондон эки-үч күн мурун Бекташтын арабасына үч-төрт аял болуп түшүп алып, төмөнкү айылга тойго барып келишкен. +Көрсө, барган иштери башка турбайбы. +«Жылуу жатып, жакшы болуп кеткин эми»,– деп, кеткени жатсам, Айша: «Коё турчу, Толгонай, капа болбосоң, айта турган бир сөз бар эле» – деди. +«Айткын» – дедим. +«Төмөнкү айылга биз тойго барган жокпуз, анда менин жек-жаат уругум деле жок. +Аны өзүң деле билесиң. +Сыртыңдан бийленип бир иш кылдым элем, Толгонай, кечирип кой,– деди. +– Алиги чабан жигитти таап алып, ортого алдык. +Алимандын ай-күнү жетип отурат, бул эмне кылганың, анын убал-сообун ким көтөрөт десек, аныбыздан эчтеке чыккан жок. +Ал өзү аялдуу неме экен, экинчиден жанын жеп, көргөн эмесмин, билген эмесмин деп, танып кетти. +Аялы да долу неме экен, сезип калып, беттен алып, иттей шермендебизди чыгарды. +Кайра келе жатканда, жол катары жаан төгүп, суук тийип калыптыр. +Анысы да мейли эле, Алиман эми кантет» – деп, бышактап ыйлап жиберди. +«Ыйлаба,– дедим,– мен турганда Алиман кор болбойт» – деп, чыгып кеттим. +Башка эмнени айтмак элем. +Алимандын эти-башы ооруп калдыбы деп кадиктенип, кийинки күндөрү көзүмдүн кырын түшүрбөй, жанынан карыш чыкпай жүрдүм. +Кокус эшикке чыгып кетсе да артынан ээрчип: «Э-э, Алиман, кайда жүрөсүң?» – деп эле шашып калам. +Толгоосу келип калбасын деймин да, мен түшкүрдүн башка эмне жумушу бар эле. +Бир күнү жылуу кийинип алып, эшикке чыгып бара жатат. +«Кайда барасың, балам?» – дедим. +«Чоң сууга барам» – деди. +«Э, ботом, күн тигинтип турса, энтигип кантип барасың. +Үйдө эле отурсаңчы. +Сууда эмне бар дейсиң. +Же жайдын күнү болбосо». +«Жок, барам» – деди. +«Анда мен да кошо барайын, жалгыз жибербейм» – десем, кыжыры кайнап кетти. +Көп күндөн берки бугун, ачуусун менден чыгарды: «Эмне эле мени ээрчип, аңдып калгансың. +Эмнең бар менде. +Мени жайыма койсоңчу. +Өлөт дейсиңби, өлбөйм!» – деп, эшикти тарс коюп, чыгып кетти. +Томсоруп отуруп калдым. +Сөзү катуу тийди, катуу таарындым. +Ошентсе да ичим чыдабады. +Эки-үч жолу эшикке чыгып карадым. +Сууга кеткен бойдон көрүнбөдү. +Көзгө илинбеген майда жаан себелеп, шамал ак-чач булуттарды оодарыштырып айдап турган экен. +Тал-дарактын башы жылаңач калып, сууктан жүдөгөндөй, бутактары карарып кетиптир. +Элдин баары үй-үйүндө, эч ким жок, кыштак арасы ээнсиреп капалуу. +Чүмбөт чүмкөлгөндөй тоолордун караандары бозомукта араң эле билинип турду. +Жаман көрсө көрсүн, артынан барайын, толгоосу кармап, сыз жерге жатып калбасын деп, огороддун этегине жете бергенимде, Алиман көрүндү. +Башын ылдый салып, акырын басып келе жаткан экен. +Бакка далдаланып кайра келдим да, чай кайнатып жумуртка эзип куймак жасадым. +Сакталган алмадан тандап, кызылдууларын дасторконго койдум. +Алиман кирип келди да, дасторконду көрүп, унчукпай күлүмсүрөдү. +«Үшүп кеттиң го, балам. +Бери отуруп чай иччи» – дедим. +«Көңүлүм эчтекени тартпай турат, эне. +Алмадан бирди берчи, ошону жейин» – деди. +«Эмне болду, сага, Алиман, бир жериң ооруп турабы?» – десем, ээрдин тиштегилеп: «Сурабачы, эне. +Терим эчтемени сүйбөй турат. +Жана да тил тийгизип койдум сага. +Мени жөн кой» – деп, кол шилтеп койду. +Бат эле кеч кирип, бат эле түн кирип келди да, төшөккө жатканымда, менин эми сөзүм да жакпай калган экен го деп, ичимден сызып уктап кеттим. +Башка убакытта саксынып түнү менен кайра-кайра ойгонуп, Алиман жакты карап койчу элем. +Бул түнү эмне болуп уктап калганымды билбейм. +Уктабай көзүм кашайсачы. +Түндүн кайсы бир ченинде селт этип ойгонуп кеттим да, Алиманды карасам, ордунда + + жок. +Адегенде эшикке чыгып кеткен экен деп, бир аз күтүп, дагы күттүм. +Жок. +Тура калып Алимандын төшөнчүлөрүн кармалап көрдүм: муп-муздак, алда качан туруп кетиптир. +Ошол жерден эле антип-минтип кийине коюп, эшикке чуркап чыгып, кайра огород тарапка урундум. +«Алиман! +Алиман!» – деп кыйкырсам да, эч ким жок. +Иттер гана дарбып үрүп калышты. +Муундарым калтырап кетти. +Кеткен экен го, эми канттим? +Үйгө кайра жетип келип, оозгу тамдагы фонарды күйгүзүп, бурч-бурчту карап, эми эшиктен издейин деп, фонарды көтөрүп короого чыкканымда, нары сарайдагы саманкананын ичинен адамдын онтогон, кыйкырган үнү чыкты. +Саманкананын эшигин жула берип кирип да бардым, селейип туруп да калдым. +Самандын үстүндө чалкасынан түшүп, Алиман төрөй албай кыйналып жаткан экен, көргөндө эле эсим чыкты. +«Бул эмнең, кокуй катыгүн! +Эмне үчүн айтпадың?» – деп, колтуктап көтөрүп, аягына колумду суна бергенимде, белчеден ылдый сыгып алардай кан болгон чапан, көйнөктөрү ыпысык болуп билегиме оролду. +Бети-башы кабарып кара-көк, көзү алайып, дем алалбай тумчугуп: «Өлдүм! +Өлдүм!» – деп онтолоп жатты. +Ичин кармалай берип, иш начар экенин дароо эле түшүндүм. +Кудай сакта, кан көп кетип калыптыр. +Өзү да көптөн бери толготуп жаткан экен. +Мындайда доктурдан башка даба жок. +Жанды алып калса ошол алып калат. +Далбасалап көчөгө чуркап чыгып, Айшалардын терезесин койгулап жибердим: «Тургула, кокуй, тургула! +Бекташ, айланайын, арабаңды тез камда – Алиманды доктурга жеткирбесек болбой калды» – деп, аларды ойготуп, кайра жетип келип, Алиманга суу ичирдим. +Калч-калч этип, тиши тишине тийбей араң ичти. +Аңгыча ооруп төшөктө жатканына карабай, Айша чуркап келди. +Алимандын түрүн көрүп, боп-боз болуп титиреп: «Айланайын Алиман. +Чыдай тур. +Чыдай тур, кудай, кудай!» – деп күйпөлөңдөдү. +Ошол түнү Бекташ жолдон кеч кайтып, кудай жалгап, аттарды бастырманын астына байлап, арабасын үйгө койгон экен, көп кечикпей, арабаны короого айдап кирди. +Арабага төшөк-жууркан салып, жаздык коюп, караңгыда темселеп, үчөөлөп жатып Алиманды араң көтөрүп келип, арабага жаткырдык. +Ушуну менен ал-буга келбей, тез эле жөнөй бердик. +Ай ошондогу тоңголок жол ай, ай ошондогу караңгы түн ай. +Доктуркана анда суунун аркы өйүзүндө, чоң кыштакта эмес беле. +Көпүрө болсо – тээ ылдый, алда канча ыраакта. +Мындай чыга бергенде, Алимандын толгоосу кайра күчөп беш бүгүлүп, беш жазылып, үстүндөгү жамынчыларын ыргытып, адам чыдагысыз үн менен чаңырды. +– Ооба, Толгонай. +Ошол караңгы, бүркөө түнү кыш келерин күтүп, тунжурап, сууктан чүмкөнүп жаткан мен, жер, адамдын ачуу чыңырган жалгыз үнүнөн,– селт этип, козголдум. +Ошол силер экенсиңер го. +– Ооба, Жер-Энем. +Кантер айлабызды билбей, Бекташ арабаны тезирээк айдаса, Алиман кыйкырып чыдабайт, жай айдатсам жан чыдабайт: кан токтобой кете берди, майып болуп кетет экен го деп эсим жок. +Ушуну менен кылдырап жүрө бердик. +Же бир жол арбысачы, кокуй. +Алимандын башын тиземе коюп, мойнунан кучакта�� отурдум. +Улам жамынчыларын оңдойм, улам фонарь менен бетин жарык кылып карайм. +Бекташ айланайын кайта-кайта кайрылып: «Чыдай тур, жеңе мына азыр, аз калды. +Көпүрөгө жакындап калдык, бат эле жетебиз» – деп алаксытымыш болот. +Шыбыргактап муздак жаан да себелеп келди. +Бир кезде онтолоп, кыйкырып жатып чиренип, кайра бүктөлүп, Алиман солгун тартып, кыркырай баштады. +«Алиман! +Алиман!» – деп оттой ысыган бети-башын сыйпалап, жарык кылсам, жан талашкан, кыйналган көздөрү менен мени аянычтуу карап: «Токтогула. +Өлүп бара жатам. +Токтогула» – деди. +Арабаны токтото салдык. +«Башымды өйдөрөөк карма, эне» – деп, аңканы катып, энтигип, ыйлап сүйлөдү. +«Эне, энекебай! +Ичим өрттөнүп, өлүп бара жатам. +Тирүү калбайм. +Касиетиңден айланайын, энекебай. +Ал дүйнө, бул дүйнөдө ыраазымын. +Уулуңдун алдында мен акмын, акмын, күнөөм жок. +Касымдын көзү тирүү турганда, мен үшүнтмөк белем. +А-а-а Касымай. +Мен дагы тирүү жан эмесминби, аялмын да, аялмын. +Бул дүйнөнүн кызыгын көрбөй кеттим, кантейин, кантейин. +Кечир, кечир күнөөмдү энеке. +Кудай ушинтип койду, жаман көрбө». +Өпкө-жүрөгүм үзүлүп жалындым: «Чыдай тур, балам, чыдагын. +Сен аксың, сенде эч кандай күнөө жок, сен эң таза аялсың. +Сен өлбөйсүң. +Чыдагын, мына көпүрөгө жетип келдик. +Эми тез эле жеткиребиз, сен өлбөйсүң!» – ошол учурда Алиман кайра чалкадан кетип чиренип, ичи дагы сыгыла баштады. +Баланын колу чыгып келе жаткан экен. +Кан дагы эле куюп туруптур. +Бир аз өтсө, өлүп кетерине көзүм жетип: «Бекташ, колтугунан өйдө көтөрүп, ичин сык,– дедим. +– Уялба, көтөр тезирээк!» Баятан ыйлап отурган Бекташ, өйдө тура калып, Алиманды көтөрүп, ичин басканда, баланын колунан кармап тарттым. +Бала чыкпай жатты. +Алиман бир жактан кыркырап, жан талашып жатса, о, шумдугай, кулагымды тундуруп дагы да баягы эшелон – кыйкырык улаш эки паровоз алып учкан вагондор мээмди как жарып өтүп бара жаткансып, «Апа-а! +Алима-ан!» – деп аркыраган шамал жула качкан үнгө, баланын «ба-а-а!» деп бакырган үнү кошулду. +О, турмуш ай, мынча неге катаал болдуң, мынча неге сокур болдуң? +Бала да түштү, Алимандын жаны да кете баштады. +Кызыл эт немени этегиме антип-минтип орой салып карасам, Бекташ колтугунан алып көтөргөн калыбында, Алимандын мойну бир жагына кыйшайып, колдору салаңдап калыптыр. +«Кокуй, Алиман?» – деп, тамырын кармай салсам – жан жок, кетип бара жатыптыр. +Аркыраган шамалды жиреп, эшелондун шакылдаганы эч бир кулагымдан кетпей, дүйнөгө келер замат, «Ба-а!» – деп кыйкырган биринчи туңгуч үнү менен өлүп бара жаткан энесине кош айткансып бала ыйлап, Алимандын көзү муз тартып агына айланып жатты. +Кантеримди билбедим. +Бир заматтын ортосунда бирин узатып, бирин тосуп алдым. +Бир заматтын ортосунда бири өлүп, бири туулуп, көз алдымда ажал менен турмуштун кагылышканы эсимди оодарды. +Анан эмне болгонумду өзүм да жакшы билбейм. +– Силердин үнүңөрдү мен уктум, Толгонай, «Алиман! +Айланайын каралдым! +Көзүңдү ач, көзүңдү ач!» – деп сен зар какшап жаттың. +Жаңы төрөлгөн бала, көлдүн кылаасында жалгыз калган аңырдай, ыңаалап боздоп, эмчек сурап жатты окшойт. +Бул иш таңга жуук болду, жамгыр карга айланып, себелей баштаганда. +– Ооба, көпүрөгө жете бербей кайра тартып келе жатканыбызда таң сөгүлдү. +Бозоргон асмандын бети сурдана ачылып, куланөөк жарыкта жуп-жумшак аппак кар каалгый учуп себелеп жатты. +Айланада бир да үн, бир да жан жок. +Дүйнө тегиз тым-тырс, тегиз тынчтыкта жаткан экен. +Табигаттын ошол чарчаңкы бейкутунда жай кылдырап биздин араба келе жатты. +Бекташ арабада отурган калыбында башын өйдө көтөрбөй, жол катары шолоктоп келди. +Аттар араң басып, жал-куйругуна кар жыйналып, арабаны тарталбай болдурап келе жатышты. +Баланы чапаныма ороп, мен жанаша жерде жөө басып келе жаткам. +Ушинтип согуш эң акыркы өчүн да алып тынды. +Ошол күнкү баскан жол турмушумда эң оор жол болду го. +«Тү, сенин бетиңе, дүйнө! +– дедим. +– Кечтим сенден, кечтим. +Жашагым келбейт! +Минтип өмүр сүргөн чакты, бүгүндөн калбай өлөм!» – деп, ниетим бузулуп, турмуштан безип келе жаттым. +Мен ушинтип келе жатканда, чапанымдагы бала тирүү жандай, улам кыбырап коюп, улам үн чыгарып, ыңаалап ыйлап жатты. +Анын денеси жүрөгүмдүн астында улам жылуу тартып, боорума жакындай берди. +Же кыз, же эркек экенин да билген жокмун. +Алда байкушум ай, адегенден эле энеңди жоктоп калдың го деп, ого бетер буркурап ыйладым. +Ошол күйүт, арман, ыйдын арасынан кандайдыр бир бүдөмүк ой туулду: «Өмүр таптакыр эле түгөнүп калбаптыр го. +Аягында кичинекей тирүү жан калыптыр го. +Турмуш менен дагы кармашып көрсөк кантет». +Анан туруп кайра ойлоном: «Эненин уузунан бир оозанбаган неме мал болот дейсиңби. +Канчага созуп баралат дейсиң» – деп, күмөн санайм. +Ага да көнбөй: «Кудай, эми ушул наристенин аманчылыгын бер!» – деп тилейм. +Койчу, ушинтип түркүн ой, түркүн санаа менен алпурушуп, таң аппак атканда айылга жете бардык. +Кар дале, үкүнүн жүнүндөй жуп-жумшак болуп, бирине бири ээрчишип, каалгый айланчыктап, жаап турду. +Айылга кире бериштеги баягы жаңы көчө дегенибиз көзүмө алда канча үрөйү суук, аянычтуу көрүндү. +Ушунда там жай салып, бак тигип, очор-бачар чарба күтүп, күн көрөбүз дегендердин мындан жети жыл мурун баштаган иштери илгери жылбай, артка кетип, алгачкы аракеттеринин изи гана калган. +Үңкүйгөн урандылар арасында – куурай, тикенек, адырайган ээндик. +Кар гана жабалактап себелеп, жыртык-кемтигин жашырып жаап жатты. +Касымдардын чарбагын карасам, Алиман экөөнүн үмүт-тилегине орнотулган эстеликтей – үйүлгөн дөбө таш, алда качан топурак болуп бүткөн кирпичтердин унутулуп жатканы сай-сөөгүмдү какшатып жиберди. +«А-а, каралдым, тилегиңерге жетпей калдыңар го» – деп, арабада жаткан Алимандын түрүн карасам, өңү ак-куба тартып, дүйнөнүн баардык жаман жакшысына ыраазы болгондой тынчып, көзү жумулган. +Бетине түшкөн кар эрибей башы козголгондо жан-жанына шыпырылып түшүп жатты. +Көчөгө кирип келген экенбиз, айланайын Бекташ, кадыресе эркек сыяктанып, арабадан секирип түштү да, өмүрүндө биринчи жолу ый баштап: «Боорумай! +Боорумай!» деп, айыл тынчтыгын бузуп жиберди. +Туш-туштан эл жүгүрүп, ыйлап-боздоп жетип келген Айша: «Баланы мага бер эми» деп алды да, чапанына ороп, үйүнө көтөрүп кетти. +Бир күн өтүп, Алиманды бейитке койдук. +Аял болсом да, мүрзөнүн башына салттан сырткары өзүм бардым, келинимди өз колум менен койдум, түбөлүккө коштоштум. +Ал күнү да жылдызданган кар жаап турду. +Үйүлгөн кара топурак тез эле аппак дөбө болуп жатып калды. +Жазында, ошол жылы, мүрзөсүнө гүл эгип салдым. +Ошондон бери жылда гүл сээп өстүрөм, эстелигим, эрмегим ошол. +Алиманым гүл сүйгөн келин эмес беле. +Ушуну менен не болду, не койду, Жанболотту эчкинин сүтү менен багып чоңойтподумбу. +Ал экөөбүз көрбөгөн азаптын бири да калган жок. +Айтор, ичер суу бар экен, аман калды, мына эми он эки жаштагы кези. +Айланып келип, карманар туткам, көрөр күнүм ушул болуп калды. +Анысына да чоң каниет этем, жакамды карманам. +Баса, баягы доктур жигит, эми атактуу киши болуп калбадыбы, жолуккан сайын азыр да сурап калат: « – Кандай, апа, уулуң чоңоюп жатабы?» – дейт. +«Кудайга шүгүр, жигит болуп калды» – дейм. +Анда ал жылмайып тиктеп калат: «Ошент, апа, жакшы адам кылып өстүргүн» – дейт. +Жанболот маалына жетеринде катуу тумоолоп, + + бир күнү карасам, эриндери көгөрүп, көзү агына айланып, шайы кетип бара жатат. +Эсим чыгып, ошол жерден эле ала жүгүрдүм. +Анда да түндө. +Доктурга тезирээк жетейин деп, кыштын күнү чоң сууну кечип өтпөдүмбү. +Кийим-кечем туташ суу, калчылдап жетип барсам, доктур жаңыдан келген жаш бала экен. +Коркуп кетти: «Эмне кылып суу кечип жүрөсүз, жарыктык? +Мунун ата-энеси кайда?». +«Атасы да мен, энеси да мен. +Балам, ушунумду аман сактап кал. +Бул өлсө, мени тирүүлөй көмө бергиле. +Жашабайм» – дедим. +Түнү менен жанынан чыкпай дарылап жатты. +Мага да кургак кийим, дары берип алдын алды, бирок эртең менен этим ысып, кан жөтөлүп жыгылдым. +Алоолонгон туман ичинде күйүп бара жаткансып, эс-учумду билбей жатканда, доктур улам келип, салкын алаканы менен чекемди сыйпалап: «Апа, уулуң жакшы болуп калды. +Бошобо, моюн бербе!» — деп, кайраттандырып жатты. +«Андай болсо өлбөйм» – деп шыбырап коём, өлбөй тирүү калганым да ушул болду дейм. +– Уулуң өспүрүм жетип калыптыр, Толгонай. +Быйыл орок маалында ушул арада чуркап жүргөн экен, Алиманга окшоштуруп тааныдым. +– Ооба, кутмандуу талаам, апасына окшош экени чын. +Бирок эчтекени билбейт да. +Атам – фронтто өлгөн дейт, апамдын – мүрзөсү болсо айыл четинде деп коёт. +Быйыл жайында бир кызык окуя болду. +Окуудан бошоп таркаган күндөрү, Касымдын баягы-баягы велосипеди бар эмес беле, жыйырма жылдан бери сарайда казыкка илинүү турган. +Жанболот ошону эшикке алып чыгып оңдоп жатыптыр. +Бала да: эчаккы неме дат басып жарамдан чыгып калган болчу. +Антсем, Бекташ да ошого кийлигишип алыптыр. +Кошо оңдошуп жүрөт. +Абдан убара болушту. +Жанболотту Бекташ башынан эле өз баласындай көрөт эмеспи. +Кокус болсо, мектепке да барып мугалимдер менен сүйлөшөт. +Азыр үчтүн атасы, оор-салмактуу, мыкты киши болбодубу. +Көптөн бери комбайн айдап жүрбөйбү. +Айша болсо өлгөн. +Моюндашымдан ажырап, ошондо бир өксүдүм. +Айтор, бир күнү карасам, карала-торала болуп Жанболотум велосипед жетелеп калыптыр. +«Эне, карачы, атамдын велосипеди кандай сонун болуп калды» – дейт. +Каңырыгым түтөп, селее түштүм. +Антсем, мактана карап: «О-о, мен кыйын тээп калдым эне. +Карап тур азыр!» – деп, велосипеддин ээрине бою жетпей, бир жак капталына кыйшая жармашып, ийрелең-ийрелең этип, быягына ооп, тыягына ооп тепкенде жыгылат экен деп коркуп кетип: «Түш, кокуй, жыгыласың!» – десем, кайра күчөп кетип, ылдамдатам деп велосипеди менен кошо тоголонду. +Катуу жыгылды. +«Кокуй, каяктагы жорукту баштадың. +Өлөт экенсиң!» – деп алдастап жетип бардым. +Жерден өйдө көтөрүп, бети-башын аарчыдым. +Ошентсем, нары жакта Бекташ карап туруптур. +Тек анчейин гана карап тургандай. +Унчукпады. +Мен да унчукпадым. +Ичибизден түшүндүк. +Ошондон көп өтпөй эгиндер быша баштады да, бир күнү кечинде Бекташ келип: «Жанболотуңду комбайнга жардамчы кылып алайын дедим элем» – дейт. +«Жараса ала гой», – дедим. +Айтарын айтып алып, эки күндөн кийин ичим түтпөй, баламды көрөйүн деп бардым. +Каптап келе жаткан малдай демигип, керимсел жүрүп турса да, бышыкчылык маалына эмне жетсин, чиркин! +Дыйкандын жыл бою маңдай-терин шыпырып, кылган мээнетинин жыйынтыгы так ошол учурда төгүлүп келет эмеспи. +Байлыгы колуна сыйбай, марттыгы ичине батпай, жерден тапкан гүлазыгы канча бир адамзатка артылып, дыйкан дүйнөнү жан сактатат. +Дан жыттанган, шыраалжын жыттанган, айланайын дыйкан талаам, жайкалган эгиндериңди көрүп, кумардан чыкпадым беле! +Тээ саргарган ыраакта бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй атчан чаап келе жатса, дүйнөнүн кеңдигин ошондо билет экенсиң. +Жанболот комбайнда саман тартып жүргөн экен, мени көрө коюп: «Эне, эне!» — деп, мен мындамын дегенчелик, мактанып кыйкырды. +Калдайып штурвалдын жанында турган Бекташ колун көтөрүп башын ийкеп койду. +Арыктын боюна, талдын көлөкөсүнө отуруп кечке чейин карап отурдум. +Жол чаңдаткан машинелер улам келип-кетип, кызылды кырманга ташып жатышты. +Күүгүм кирерде комбайнчылар дем алганы келишти. +Бекташтын жанында корчоюп басып келген Жанболот, анда да сөзгө келе бербей, тигилерди туурап, мойну-башын арыктагы сууга жууду да, ала келген түйүнчөгүмдү көрө коюп: «Эне, алма алып келдиңби?» – деп сүйүнүп кетти. +«Алып келдим» – десем, жүгүрүп мойнумдан кучактап өпкүлөдү. +Бекташ бырс күлүп жиберди: «Баятан бери ошентпейсиңби анан. +Мейлиң, эми, бүгүн эркелеп ал энеңе» – ��еп жатты. +Сүйрөтмө тактай үйдүн түбүнө отуруп чай ичтик. +Жаңы эле жабылган ысык нан экен. +Жанболот кадыресе кишиче нан туурап: «Ал, эне» деди. +Бир сындырым нан алып тиштегенимде, Касымдын колунун жытындай, комбайнчынын кара май колу жыттанган нан оозума тыгыла түштү. +Ооба, ооба, так ошондой – керосин, күн, саман жыттанган дүмбүл нан экен. +Көз жашым менен кошо күрмөп жибердим. +«Нан өлбөйт экен го! +– дедим ичимден. +– Турмуш өлбөйт экен го, эмгек өлбөйт экен го!». +«Конокко келип калыпсың, апа. +Жатып кет бүгүн биздикине» – деп, Бекташ үйгө кетирбей койду. +Саманга төшөк салып беришти. +Ошол түнү асманды карап жатсам, саманчынын жолу жаңыдан чубуруп түшкөндөй, алда ким азыр гана зор кучак саман көтөрүп өткөнсүп, жылдызданган күкүм топондору себеленип, аларга жел тийгенсип жылт-жулт этип копшолуп жатты. +Ошол бийиктикте, саманчынын жолун аралап, улам алыстап кетип бара жаткансыган эшелондун шуулдаган үнү жүрөк элжиретип, көпкө угулгансып турду. +Темир жолго урунган дөңгөлөктөрү менен терметкенсип, көзүм илинип, бүгүн түнү дүйнөгө дагы бир жаңы дыйкан келген го, өмүрлүү болсун, сепкен аштыгы жылдыздай түгөнгүс болсун деп саманчынын жолун тиктеп жатып уктап кеттим. +Таң ирең-бараңда ордумдан туруп, иштегендерге жолто болбоюн деп, айылга кеттим. +Көптөн бери мындай тамылжыган таң эртесин көрө элек элем. +Көптөн бери торгойдун минтип сайраганын уккан жок элем. +Түпкүрү жок, чеги жок апачык көгүлтүр асманда көркү жупуну боз чымчык, адамдын асманга учуп чыккан жүрөгү сымалы, тыным албай, канат кагып дырпырап, томуктай гана болсо да, не бир назик, не бир толукшуган күүлөрдү төктүрүп, безеленип жатты. +Көмөкөйүңдөн айланайын, торгоюм. +«Ана, биздин торгой, сайрады» деп койчу эле Субанкул. +Сен да өлбөйт экенсиң, торгоюм! +– О, кутмандуу талаам, сенин азыр дем алып жаткан кезиң. +Кечээ орокто алпурушкан элдердин үндөрү да угулбайт, эгин ташып жол чаңдаткан машиналар да жок, жан жакада комбайндар да көрүнбөйт, мал дагы тоодон түшүп келе элек. +Адамга буюрган гүлазыгын өзүнө берип, бир милдеттен кутулгандай, тоңдурмага кош чыккыча, тып-тынч жаткан кезиң. +Эч ким жок, экөөбүз гана – сен жана мен. +Төрөгөн аялдай көшүлүп жатканыңдан, Жер-Энем. +Мен сага бүгүн бүт өмүрүмдү айтып бердим. +Бүгүн менин сыйынуу күнүм, бүгүн менин Субанкулду, Касымды, Майсалбекти, Жайнакты, Алиманды эстеген күнүм. +Мен аларды өлөр-өлгөнчө унутпаймын. +Кезеги келгенде, Жанболотко түшүндүрүп айтып берем. +Эси болсо түшүнөөр, эси болсо кечирээр бизди. +Ал эми башкаларчы, күн астында жашаган баардык адамзатка айтар сөзүм, айтар кебим бар. +Аны кантип айтам, кантип ар бир кишисине жеткирем? +Э-э, асманда жаркыраган күн, жер кыдырып сен айткын! +Ээ, сапар баскан булут, нөшөрлөнө төгүлүп, ар бир тамчың менен сен айткын! +Жер, дүнүйөнүн баардык булуң-бурчунда адам баласын баккан жер, сен, сен айткын, жан-боордош Жер! +– ��ок, Толгонай, сен айткын. +Сен – Адамсың. +Сен баарыбыздан бийик, баарыбыздан улуу жаралган жансың, сен айткын, сен – Адамсың!. +– Кеттиңби, Толгонай. +– Кеттим. +Кош, аман бол. +Өлбөсөм дагы келермин. +КОММЕНТАРИЙЛЕР «БЕТМЕ-БЕТ» Повесть алгач «Бетме-бет келгенде» деген ат менен «АлаТоо» журналына (1957, № 6) жарык көргөн. +Орус тилине автор менен А.Дроздовдун биргелешкен котормосунда «Октябрь» журналынын 1958-жылдагы үчүнчү санына басылган. +«Бетме-бет» Ч. Айтматовдун Москвадагы Жогорку адабий курста окуп жүргөн учурунда жазылган. +Согуштан качкан дезертирдин тагдыры жөнүндө чыгарма жазыш өз мезгили үчүн күтүүсүздүк болгон. +Чыгарманын кол жазмасы менен таанышкан жазуучунун замандаш курбусу, адабиятчы К. Асаналиев повесть жөнүндө «Бул кыргыз адабиятындагы жаңы сөз» деп айткан. +Көркөм чыгарма турмуш чындыгынан алынып, турмуш чындыгына негизделип жазылат, бирок минтип айтуу эч убакта аны ошол турушунда эч өзгөртүүсүз чыгармага көчүрүп киргизүү дегендик эмес. +Айтматов көпчүлүк каармандарынын турмуштук прототиптери бар экендигин, алардын көбү өзүнүн айылдаштары экендигин айтып да, жазып да жүрөт. +Ал түгүл жазуучуга өмүрү көрбөгөн орус, кытай, индус ж. б. окурмандарынан «сиз менин тагдырымдын так өзүн жазыптырсыз» деген, жазуучунун чеберчилигине ыраазылык билдирген каттар келген. +Жазуучунун туулган айлы Шекерде согуштан качып келип, үңкүрдө жашырынып жүргөн, ачкалыктын айынан уурулук да кылган Ысмайыл аттуу адам болгон. +Согуштун каатчылык күндөрүндө Айтматовдордун тууй турган уюн уурулар алып кеткени да чын. +Эгер жазуучу ушул окуялардын кандайча болгондугун жайынча гана баяндап берген болсо, ал түгүл кызыктуулук үчүн Ысмайыл согуштан кантип качканын, уйду кантип уурдаганын элестүү кылып айтып берүү менен чектелсе, «Бетме-бет» азыркы турушундагыдай таасирдүүлүк күчкө ээ болбос эле, дүйнөнүн түрлүү-түмөн кулк-мүнөздөгү, түшүнүктөгү окурмандарын өзүнө тарта албайт эле. +Чыгарманын бийик идеялык-көркөмдүк наркын «Эл – мазар, элден чыккан азар», «Көп менен көргөн – той» деп эл оозунда айтылгандай, же Ысмайылдын энесинин сөзүндө айтылгандай «Киши эл менен киши да кагылайын. +Элсиз киши жашай алабы» деген жана чыгарманын акырында Сейде түшүнгөн «Өз элин ушундай жоо сайышканда таштап коргологон, акыр түбү өз элине душман болот экен да.» деген чындык – өзөктүк идеяны каармандардын жан дүйнөсү аркалуу алып өтүп, андагы жалпы адамзаттык маанилерди көркөм-философиялык деңгээлде таасирдүү ачып бергендиги түзөт. +Чыңгыз Айтматов макалаларында жана маектеринде «эгер убакыт болсо «Бетме-бет» повестимди кайрадан карап чыгаар элем» деп нечен ирээт белгилеген. +Антүүдөгү максат – өз мезгилинде идеологиялык себептерден улам жазылбай жана кыскартылып калган эпизоддорду калыбына келтирүү болчу. +«Бетме-бетке» кошумча жаңы тарам алгач орус тилинде «Литерат��рный Кыргызстан» (1990, № 3) журналына, кыргыз тилинде «Ала-Тоо» журналынын 1991-жылкы № 9–10 сандарына жарык көрдү. +Ч. Айтматовдун монументалдуу образдарга ээ, эпикалуулук + + менен драмалуулук, драмалуулук менен лирикалуулуктун чебер уютулган ширетмесинен турган чыгармалары 60-жылдардан баштап театрлаштырыла баштады, мурдагы союздук республикалардын жана чет өлкөлөрдүн драмалык, опера, балеттик театрларынын репертуарынан түшпөгөн эң популярдуу сценалык чыгармаларга айланды. +Айтматовдун чыгармаларынын театралдык өмүрүнүн башатында Кыргыз драма театрында 1961-жылы коюлган «Бетме-бет» спектакли (реж. +Ж. Абдыкадыров) турат. +Ошондон бери повесть боюнча спектаклдер казак, орус, немец ж.б. +театрларда көптөгөн ирет коюлду. +Повесттин кошумчаланган жаңы варианты боюнча Бакыт Карагулов «Куш - өмүр» фильмин (Кыргызфильм, 1990) тарткан. +Сунушталуучу адабияттар: Акматалиев А. Айтматовдук энциклопедия. +– Бишкек, 1993. +Акматалиев А. Избранное собрание сочинений. +Т. +1. +– Бишкек, 1997. +Асаналиев К. Шекер и космос /Ч. +Айтматов: художественная семантика образов. +– Бишкек, 2001 ж.б. +«ЖАМИЙЛА» «Жамийла» кыргыз тилинде жазылган. +1958-жылы «Обон» деген ат менен кыргыз тилинде («Ала-Тоо», «Кыргызстан аялдары» журналы, «Советтик Кыргызстан»), катарлаш эле «Джамийла» деген ат менен («Новый мир», 1958, № 8) орус тилинде жарык көргөн. +Лиро-романтикалык повесть. +Орус тилине автор менен биргеликте А.Дмитриева которгон. +Повестти алгачкылардан болуп казак адабиятынын классиги, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу М. Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт. +(«Лит. +газета», 1958. +– 23 окт.). +Француз жазуучусу Луи Арагон да повестти жогору баалап «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деген макаласын жазган («Культура и жизнь», 1958, № 7) Чындыгында да чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы. +Жамийла менен Даниярды табыштырган махабат о.э. +турмушка, элге, жерге болгон жаратман сүйүү менен тыгыз биримдикте каралат. +Библиографиялык көрсөткүчтөн «Жамийла» Парижде жарык көргөндөн кийин, ушул эле жыл ичинде франциянын мезгилдүү басылмасында ага байланыштуу он төрт аталыштагы макала, откликтердин жарыяланганын көрүүгө болот («Произведения Чингиза Айтматова и литература о нем на иностранных языках». +Библиографический указатель. +Сост. +Астафьева А. Л. +– Фрунзе, 1979). +Ушундан тартып «Жамийланын» дүйнө жүзү боюнча салтанаттуу жүрүшү башталды, 1960-жылы Берлинде, Варшавада, 1961-жылы Миланда ж.б. +«Жамийла» адабияттын мыкты чыгармасы катары гана жашабастан, театр искусствосуна да бай материал берди. +Повесттеги курч драматизм, психологиялык бурулуш учурлар драматургиянын талабына шайкеш келди. +1961-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры «Жамийла» операсын (муз. +М. Раухвергендики) койгон. +Бүткүл союздук радио «Жамийла» жана «Биринчи мугалим» радиокомпозицияларын берүүнү су��ап кайрылган 1700 кат алган. +(«Комсомолец Киргизии», 1963, 4-авг.) +Повесттин негизинде эки көркөм фильм тартылган, биринчисин 1969-жылы режиссер Ирина Поплавская тарткан («Мосфильм»), экинчисин 1993-жылы немец режиссеру Моника Тейбер тарткан («Трианглфильм» кинокомпаниясы жана АКШнын «Гемлин Медиа Интернешил», «Кори Филм дистрибьюторс» фирмаларынын кызматташтыгы, башкы ролдордо француз, америка, немец актерлору ойногон). +Повесттин күчтүү таасирине берилип казак акыны С. Сейтхазин «Даниярдын ыры» аттуу обондуу ырдын текстин жаратып, ага таланттуу казак композитору И. Жаканов музыка жазган. +«Мен элем элимди сагынган, Тууган жер тузуна багынган, Келемин, узак жол алдыда, Махабат күтөмүн айылдан», – деген сыяктуу ыр саптары жагымдуу музыка менен шайкеш келип, уккан адамдын көңүлүн толкутат. +Чыгарма кирген «Повести гор и степей» жыйнагы (М., 1961) 1963-жылы Лениндик сыйлыкка татыган. +Сунушталуучу адабияттар: Ашымбаев Б. Чыңгыз Айтматов. +Адабий-библиографиялык очерк. +– Фрунзе, 1965. +Гачев Г. Путешествие в мир героев Чингиза Айтматова/ Китепте: Чингиз Айтматов. +Повести гор и степей. +– М., 1965. +– 356–365-беттер. +Акматалиев А. Чыңгыз Айтматов жана боордош элдер адабияты. +– Фрунзе, 1988 ж.б. +«БОТОГӨЗ БУЛАК» Повесттин үзүндүсү алгач 1960-жылы «Золото» деген ат менен «Сов. +Киргизия» газетасына (1960, 30-ноябрь, 8-декабрь) орус тилинде жарык көргөн. +1961-жылы «Новый мир» журналына (№ 2) «Верблюжий глаз» деген ат менен басылган. +Кыргыз тилинде биринчи жолу «Делбирим» (1981) жыйнагына жарыяланган. +Которгон Ашым Жакыпбеков. +Повесть көлөмү жагынан өтө эле чакан. +Анткен менен анда терең турмуштук мазмун, өзөктүү чындык сыйдырылган. +Бул жөнүндө көрүнүктүү адабиятчы З. Кедрина: «Виртанын «Чексиз алыстыктар» романындагы сүрөттөлгөн фактылар, персонаждар, конфликтер, Айтматовдун «Ботогөз булак»деген кичинекей повестинде сүрөттөлгөн кечеги мектеп окуучусунун дың жерди сүйүп калган бир гана фактысына салыштырып караганда, сан жагынан алда канча ашып кетет. +Ошого карабастан маселенин философиялык, саясий жана ал турмак фактылуу жагын алып караганда Айтматовдун повести Виртанын, (Н.Е.Вирта, Менин орденинин ээси (1939) Сталиндик сыйлыктын төрт жолку лауреаты А.К. +), же бир топ эле кызыктуу жазылган Сабит Мукановдун «Талаа толкундары» деген романдарынан дың жер жөнүндө алда канча ачыгыраак жана толугураак элес берет», – деп адилет белгилеген. +(З. Кедрина. +Достояние человечества. +Китепте: Проблемы развития литератур народов СССР. +– М., 1964. +– 32-б.). +Повесттин сюжеттик-конфликтилик негизин руханий дүйнөнүн рыцары, рухий күчтүн ээси Кемел менен материалдык кызыкчылыкка негизденген кара күчтүн ээси Абакирдин ортосундагы карама-каршылык түзөт. +Чыгарманын жыйынтыгында окурман жеңиш каардуу, кара күчтүн ээси Абакир тарапта эмес, кыялкеч жана ошондой эле намыскөй Кемел тарапта экенине, адамгерчили��тен алыс жалаң материалдык кызыкчылыкка негизделген күчтүн келечеги жок, арымы кыска, аягы кууш болооруна ынанат. +Бул повесть боюнча кинорежиссер Л. Шепитько «Аптап» аттуу көркөм фильм («Кыргызфильм») тарткан. +Ал 1964-жылы Чехословакияда өткөн бүткүл дүйнөлүк 14-кинофестивалда баш байгеге ээ болгон. +Ошондой эле фильм 1963-жылы Душанбеде, 1964-жылы Ленинградда, 1965-жылы Франкфурт-на-Майне шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдарда жакшы баа алып, жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. +Сунушталуучу адабияттар: Акматалиев А. Айтматовдук энциклопедия. +1-том. +– Бишкек, 1993. +Ашымбаев Б. Чыңгыз Айтматов. +– Фрунзе, 1965 ж.б. +«ДЕЛБИРИМ» Бул чыгарма орус тилинде 1961-жылы «Тополек мой в красной косынке» деген ат менен «Дружба народов» журналынын биринчи санына жарыяланган. +Ага чейин чыгарманын кыргыз тилиндеги үзүндүсү «Долондун кан жолунда» деген ат менен «Советтик Кыргызстан» газетасына (1959, 30-авг.) +басылган, ал эми толук түрүндө повесть «Делбирим» деген ат менен («Делбирим»: Повесттер, аңгемелер, драма. +– Фрунзе, 1981) жарык көргөн. +Повесттин толук вариантын которгон Ашым Жакыпбеков. +Повесттин идеялык-тематикалык объектиси жөнүндө адабиятчы З. Кедрина: «Биз Жамийла менен Даниярды өспүрүм Сейит тарткан сүрөттүн рамкасынан коюн-колтук алышып, чыгып бараткан жерде, ошону менен катар повесттин да рамкасынан чыгып бараткан жерде калтырдык эле. +Жаңы повесттин каармандары Илияс менен Аселдин тарыхы мына ошол жерден башталат» дейт (З. Кедрина. +Золотая жила. +– «Москва» журналы. +– 1961, № 8). +Ушул ойду улап Бакен Ашымбаев: «Жазуучунун алдында турган негизги проблемалардын бири да, Жамийла менен Данияр баштаган эрдикти улантып, даекти мөрөгө жеткире алабы деген пикирдин тегерегинде болуу керек. +Автор повестте патриархалдык эски салттын жоболорунан кутулуу үчүн болгон күрөштү негизги конфликт кылып албагандыгы да ушуга байланышкан. +Анткени автор мурдагы эки повестинде кароолду дал ушул эскиликтин борборуна түп-түз мээлеп, олжолуу чыккан. +Ошол себептүү ал «Жалжалымда» мурдагы проблемаларды логикалык жактан улап, кароолду каармандардын ички күрөшүнө мээлеген» (Б. Ашымбаев. +Чыңгыз Айтматов. +– Фрунзе, 1965. +– 78-бет). +«Бул повесть да жанр жагынан «Жамийла» сыяктуу лиро-романтикалык повесть, түрү жагынан «Саманчынын жолу» сыяктуу повесть-сырдашуу (повесть-исповедь). +Сюжеттик негизги окуя биринчи жактан, каармандын өз атынан баяндалып жаткандыктан окурман менен каармандын ортосунда өз ара ишеничке негизделген өзгөчө бир ынактык атмосфера түзүлгөндөй сезим жаралат. +Чыгарманын башкы каармандары Илияс да, Асел да адамкерчилик мол сапаттарга ээ, жылдыздуу жаштар. +Бирок ушул эки асыл зат адам ортолорундагы мөлтүр махабатын сактап кала алышпады. +Анткен себеби Илияс болоттой курч эле, өжөр эле, намыстуу эле, жаш эле, тажрыйбасыз эле, Аселине болгон сүйүүсү аппак эле. +Аселдин да Илияска болгон сүйүүсү, ишеничи кирдүү кол менен кармагыс аппак эле, таза эле, хрусталдай тунук эле. +Илиястын «Долонду прицеп чиркеп ашам» деген өжөр идеясы ордунан чыкпай шагы сынды, бирок өзүнө болгон ишеним оту биртоло өчкөн жок. +Өтө намыскөй жигит мокоп, мүңкүрөгөн абалда эл көзүнө көрүнүүдөн качып Кадийчанын торуна чалынды. +Эми чындап күнөөгө батканын түшүнгөн Илияс кандай айла кылаарын таппай калды. +Күнөөсүн мойнуна алып Аселден кечирим сурайын дейт эрдиги жетпейт, унчукпай калтырайын дейт абийири жол бербейт. +Илиястын жүргөн жолдору да анын турмуш жолунун проекциясындай. +Ал жолдор бир кылка түс эмес, асфальт эмес, булуң-буйткалуу, өйдө-ылдыйлуу, бороон-чапкындуу, борошолуу, ашуу бербес өжөр. +Шофер Илиястын баяны - турмуш жолуна жаңы аттанган жаштарды тайгак жолдо тайбас болууга чакырган баян. +Чыгарманын эстетикалык сабагы ушул» (А.Акматалиев. +Чыңгыз Айтматов (Чыгармачылык портрет) / Китепте:Азыркы кыргыз адабияты. +– Бишкек, 2015. +– 13–14-6.). +Повесттин негизинде 1961-жылы режиссер А. Сахаров «Ашуу» «Кыргызфильм» фильмин, 1972-жылы И. Поплавская «Мен Тянь-Шань» аттуу эки сериялуу көркөм тасманы («Мосфильм») жаратышты. +1980-жылы Атил Йылмаз «Кызыл жоолук» (Түркия) кинофильмин экранга алып чыкты. +Композитор Вл. +Власовдун «Асель» балети (либреттонун авторлору Б. Халиулов, Н. Харитонов) 1967-жылы Фрунзеде, кийин Москвадагы Чоң театрда зор ийгилик менен коюлду. +Повесттин негизинде белгилүү акын С. Эралиев «Ырым – сен» аттуу поэма-драма жазган. +Акын повесттеги каармандарга таандык психологияны, дүйнөгө болгон көз караштарды, турмуштук конфликттерди бир топ эмоционалдуу деңгээлде берүүгө жетишкен, пейзаждык параллелдер абдан чебер + + тартылган. +Аселдин образы поэмада чын сүйүүнүн символу катары сүрөттөлөт. +Акын Кадийча, Жантайдын мүнөзүн да алгылыктуу ача алган. +Композитор Мукаш Абдраев «Илиястын баяны» аттуу симфониялык чыгарма жараткан. +Сунушталуучу адабияттар: Акматалиев А. Айтматовдук энциклопедия. +– Бишкек, 1993. +Ашымбаев Б. Чыңгыз Айтматов. +– Фрунзе, 1965 ж.б. +«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» Повесть кыргыз тилинде жазылып, алгач «Элдик мугалим жөнүндө баллада» («Ала-Тоо», 1961), «Биринчи мугалим жөнүндө баллада» («Мугалимдер газетасы, 1961) деген ат менен жарык көргөн. +1962-жылы «Новый мир» (№ 7) журналына «Первый учитель» деген ат менен автор жана А. Дмитриеванын биргелешкен котормосунда жарык көргөн. +«Биринчи мугалим» – тарыхый турмуш чындыгы бар чыгарма. +Шекер айылында Дүйшөн деген адам биринчи мектеп ачып, балдарга алиппе тааныткан. +Шекерде эски мектептин орду, Дүйшөн тиккен теректер сакталып калган. +Кийин ал жерге биринчи мугалим Дүйшөндүн урматына эстелик тургузулган. +Автор бул чыгармасы жөнүндө өзү мындай деген: «. +Ооба, «Биринчи мугалимде» мен адабияттагы оң каармандар тууралуу биздин түшүнүгүбүздү бекемдегим келет, революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин образын атайылап идеализациялаганмын. +Мен бул образга биздин, азыркы учурдун көз карашы менен кароого аракеттенгем, азыркы жаштарга алардын өлбөс-өчпөс аталары жөнүндө айткым келген». +Бул повесть алгачкы аталышындагыдай, элдик мугалим жөнүндөгү баллада, адамдардын жаркын келечеги үчүн бар күчүн, мүмкүнчүлүгүн аябай сарптаган асылзат адамгерчилик жөнүндөгү көркөм баян. +Повесть боюнча 1965-жылы «Мосфильм» киностудиясында аты уйкаш фильм тартылган (реж. +А. Михалков Кончаловский). +Фильмди түзүүчүлөр Дүйшөндүн аракети, күрөшү аркылуу революциячыл көз караштагы жаңы замандын өкүлү менен эски көз караштагы адамдардын ортосундагы кагылышууну көрсөтүшөт. +Кыргыз Эл жазуучусу Т. Сыдыкбеков, окумуштуу философ А. Салиевдер «Биринчи мугалим» повестин экрандаштырууда режиссер тарабынан олуттуу кемчиликтер кетирилгендиги, кыргыз элинин улуттук психологиясы, салт-санаасын бурмалап, ашкере түркөй кылып чагылдырган деп белгилешкен. +Ошентсе да, Алтынайдын образын көрүүчүлөргө толук жеткиргендиги үчүн Н. Аринбасаровага Венецияда өткөн 27-эл аралык кинофестивалда (1966) эң мыкты ойногон аялдардын ролуна таандык «Озелла» күмүш медалы ыйгарылган. +Ошондой эле повесть сахналаштырылып мурдагы союздук республикалардын көптөгөн театрларында коюлган. +Сунушталуучу адабияттар: Жигитов С. Эл мугалими жөнүндөгү эмгек //Сов. +Кыргызстан. +– 1961. +– 15 окт. +Сыдыкбеков Т. Табылга. +– Бишкек, 1991. +Толомушова Г. Айтматов и кино/В книге: Чыңгыз Айтматов жана руханий маданият. +– Бишкек, 1999 ж.б. +«САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ» Повесть кыргыз тилинде жазылып, алгач «Ала-Тоо» журналына (1963, № 1), андан соң орус тилинде «Новый мир» журналында (1963, № 5) автордун өзүнүн котормосунда жарык көрдү. +«Саманчынын жолу» – согуш отун тутантуучуларга көркөм сөз ээлеринин, жалпы эле адамзаттын, анын ичинде Толгонай сыяктуу энелердин, Алиман сыяктуу келиндердин, атасыз калган балдардын атынан күчтүү сезим менен айтылган наалат. +Повесттин жаралышы адабий коомчулукта чоң резонанс жараткан. +Авторго карапайым окурмандардан ыраазычылык билдирген жүздөгөн каттар келген. +Мисалы, алардын биринде мындайча жазылган: «Новый мир» журналынын № 5 санына жарыяланган Сиздин «Саманчынын жолу» повестиңизди азыр эле окуп чыктым. +Күчү жана эмоциясы жагынан эмне деген укмуш чыгарма эле! +Мен 75 жаштамын, мурда мугалим элем, окуп жатсам көз жашым бетимди жууп агып жатты» («Комсомолец Киргизи», 1963, 4-авг.). +Чыгарманын негизги идеялык-көркөмдүк маани-маңызы жөнүндө Кыргызстандагы айтматовтаануучулардын алгачкыларынын бири Бакен Ашымбаев төмөндөгүлөрдү белгилеген: «.Саманчынын жолунда» адамдын жүрөгүн мыкчып эзген терең трагедия, окуучусун кубантып, шерденткен чексиз баатырдык, адамдын ындыны өчүп кыйналышы жана келечекке ишенимдүү карап, адамзаттын тагдырына бел байлап көңүл көтөрүшү, айтор адамдын бүт��үл психологиялык абалынын гаммасы бар. +Ошого карабастан, чыгарманын идеялык-саясий, этикалык-эстетикалык маанисин - согуштун азап тозогун таамай көрсөтүү эмес, Толгонайдын трагедиялык тагдырын тайманбай сүрөттөө эмес, али да болсо кан жыттанган курал алып, ааламга апаат согуш даярдап жаткандарга каршы бүт ынтаа менен күрөшүүнүн эң зарылдыгын жар салуу деп белгилейт» (Б. Ашымбаев. +Чыңгыз Айтматов. +– Фрунзе, 1965. +– 153–154-б.) +Согуштун кесепетинен чырактай үч уулунан, өмүрлүк жарынан, гүл сүйгөн келининен ажырап коколой башы калган эненин жер көтөргүс трагедиясын жалпы адамзатка жеткире айтуу үчүн Жер-Эненин шарттуу адабий образын жазуучу абдан ыктуу пайдаланган. +Жасалмалуулуктун кыпындай да көлөкөсү байкалбаган, жер, суу менен «авторлоштукта жазылгандай» табигый сезим, түшүнүктөрдүн көркөм биримдигинен турган бул чыгарма да жазуучунун башка көпчүлүк чыгармаларындай кыйкымчыл сындын кыйыгына кабылбай койгон эмес. +Ч. Айтматовдун чыгармаларынын көркөмдүк жагына доо коё албай калган учурда айрым сынчылар автордон «социалисттик реализмден четтеп кетти», «космополит», «абстрактуу гуманист» деген сыяктуу саясатташкан кемчиликтерди табууга аракет кылышкан. +Маселен алардын бири, адабиятчы П. Глинкин: «Анын (Толгонайдын – А. +К.) +болуп өткөндөр жөнүндөгү түшүнүгү көп жерде толук эмес, Ошондуктан анын аң-сезими адилет согуш менен адилетсиз согушту, ажыратып бөлбөйт (не дифференцирует). . Анын (жазуучунун – А. +К.) +автордук үнү Толгонайдын ой жүгүртүүлөрүнө «түзөтүү киргизиши» керек болчу, аларга идеялык позициядан караш керек болучу. +Бирок, тилекке каршы, мындай болбоду, ошондуктан «Саманчынын жолунун» жалпы концепциясынан согушту тарыхый жана социалдык жактан ажыратып баалай албаган метафизикалык көлөкө байкалат». +(Глинкин П. Е. Чингиз Айтматов. +– Л., 1968. +– с. +69). +Бирок, албетте, мындай кыйкымчыл сындардын туура эмес экендигин турмуш өзү айкындап койду. +Чыныгы искусствонун барк-баасын түшүнгөн, искусствонун башка тармагынын чеберлери бул повесть-трагедияны музыканын, живопистин, бийдин, кинонун, театрдын тилине салууга умтулушту. +1964-жылы Б. Львов-Анохин повестти инсценировкалап, Москвадагы К. С. Станиславский атындагы драмалык театрдын сахнасына алып чыкты. +Кийин ушул эле автордун инсценировкасы менен Фрунзе, Алма-Ата, Ташкент, Вильнюс, Уфадан, Петропавловск-Камчатскийге чейинки көптөгөн шаарлардагы драмалык театрлардын режиссерлору сахнага коюшту. +Мындан башка дагы Л. Белов, А. Мамбетов, Т. Тула сыяктуу авторлордун инсценировкаларында спектаклдер ойнолду. +Экинчи дүйнөлүк согуштун каары каптап өткөн башка чет өлкөлөрдө да «Саманчынын жолу» эң көп коюлган. +Кыргыз театр көрөрмандарынын эсинде Толгонай эненин образы Д. Күйүкованын, Г. Дулатованын аткаруусунда эстен кеткис элес болуп сакталып калды. +Согуш салган жараат али жакшы айыга эл��к 60–70-жылдарда бул чыгарманы театр сахнасынан көргөн адамдар «Саманчынын жолу» сахнада жүрүп жатканда тунжураган жымжырттык менен катар залдын баардык тарабынан акырын бышактаган үндөр угулуп тураар эле» деп эскеришет. +Повесть боюнча 1967-жылы Г. Базаров тарабынан көркөм фильм («Кыргызфильм») тартылган. +Режиссер жазуучунун повестинде айтайын деген башкы идеялык-көркөмдүк философиясын толугу менен көрөрмандарга жеткире алган. +Таланттуу актриса Бакен Кыдыкеева Толгонай эненин абдан таасирлүү кино образын жараткан. +1975-жылы «Саманчынын жолу» балет-ораториясы көрүүчүлөргө тартууланды. +Балет-ораториянын музыкасы К.Молдобасанов, либреттосун М. Ахунбаев менен К. Баялинов, бийин У. Сарбагышев жараткан. +«Саманчынын жолу» У. Сарбагышевдин балетмейстер катары чыгармачылык эргүүсүнүн бийик чокусу болду. +Бийчилер А. Токомбаева (Толгонай), Р. Чокоева (Алиман), Ч. Базарбаев (Касым) мыкты чеберчиликтерин көрсөтүштү. +Натыйжада К. Молдобасанов, У. Сарбагышев, А. Токомбаева, Р. Чокоева 1976-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушту. +Сунушталуучу адабияттар: Акматалиев А. Ч. Айтматов жана боордош элдер адабияты. +– Фрунзе, 1988. +Ашымбаев В. Чыңгыз Айтматов. +– Фрунзе, 1965. +Дүйшөнбаев П., Дуйшөнбаев М. Чыңгыз Айтматовдун экологиялык этикасы. +– Бишкек, 2005. +Иманкулов Дж. +Айтматов и театр. +– Бишкек, 2003 ж.б. +Түшүндүрмөлөрдү даярдаган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА МА З М У Н У Кириш сөз 5 Бетме-бет 19 Жамийла 110 Ботогөз булак 182 Делбирим 225 Биринчи мугалим 340 Саманчынын жолу 394 Комментарийлер 509 Адабий-көркөм басылма ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ 10 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы 1-том Повесттер Түзгөндөр: А. Акматалиев, А. Кадырманбетова Редактору Кадыров Жумадин Корректору Касымгелдиева Малина Компьютердик калыпка салган Абдыкалыкова Алтын Терүүгө 01.12.2018-ж. +берилди. +Басууга 22.08.18-ж. +кол коюлду. +Форматы 60х901/16. +Кагазы офсет № 1. +Көлөмү 32,75 басма табак. +Нускасы 1000. +Келишим баада. +«Улуу тоолор» басмасы. +Бишкек ш., Ж.Абдракманов көчөс?, 170 А. + +Чал жалгыз өзү кайыгына түшүп, Гольфстримде балык уулап жүрдү. +Ал + +деңизге сексен төрт күн такай чыкса да, бир да балык кармай албады. +Алгачкы кырк күнү аны менен бирге бала болду. +Бирок күн артынан + +күндөр өтүп, балык карматпаган соң, эне-атасы ал балага: «Чал эми + +анык Салао», башкача айтканда, «жолу болбогон эң эле бир шордуу неме + +экен», сен деңизге мындан ары башка кайык менен чыгып жүр дешти. +Чын эле, бала кеткен башка кайык биринчи эле жумада үч жакшы балык + +алып келди. +Чалдын күндө куру кол кайтканына зээни кейиген бала + +чалдын балыкчылыкка керектүү шайман-аспаптарын же багорун, + +гарпунун же болбосо мачтага оролгон парусун үйүнө чейин + +жеткиришип келүү үчүн жолун тосуп жээкке барчу. +Таар жамаачы + +салынып тамтыгы калбаган парус оролгондо, согушта к��ргынга + +учураган полктун туусуна окшоп калчу. +Чал арык жана жүдөө, желкесинин бырыштары тереңдеп, ал эми эки + +жаагын мелмилдеген тропик деңизинин бетине чагылышкан күндүн + +нурларынан пайда болгон коңур түстүү зыянсыз тери рагы каптаган. +Жаактарынан желеленген темгилдери мойнуна чейин жеткен, чоң + +балыктарды суудан тартып жатканда жип кыйган колдорунун + +тырыктары көрүнүп турат. +Бирок жаңы тырыктар жок эле. +Бул эски + +тырыктар илгертен суусуз калган чөлдөгү жаракаларга окшоп + +кетет.Анын көзүнөн башкасынын баарында тең карылыктын белгиси + +бар, көзү болсо деңиз түстөнүп, эч нерсеге багынбаган кишинин + +көзүндөй ойноктоп турат. +– Сантьяго, – деди бала чалга, кайыкты жээкке байлап коюп, жол менен + +өйдө чыгып баратышканда, – эми мен сени менен деңизге кайтадан + +чыга алам. +Биз эми анча-мынча акчалуу болуп калдык. +Балык кармоону чал үйрөткөндүктөн, бала аны жакшы көрчү. +– Жок, – деди чал, – сен жолдуу кайыкка туш болдуң. +Ошо кайыкта жүрө + +бер. +– Баягында сен сексен жети күн деңизге чыгып жүрүп, бир да балык + +кармай албай койгонсуң, анан биз үч жума бою күнүгө бирден чоң + +балык алып келип турбадык беле, ошол эсиңдеби? +– Эсимде, – деди чал. +– Сен менден мага ишенбегендигиңден + +кетпегениңди билем. +– Мени атам кыстабадыбы, мен азыр баламын да, тил алышым керек. +– Билем, – деди чал. +– Антпесе болбойт. +– Ал сага көп ишене бербейт. +– Туура айтасың, – деди чал. +– Сен экөөбүз ишенебиз. +Чынбы? +– Чын. +Террасадан пиво алып берейин, ичесиңби? +Шаймандарды үйгө + +анан деле алып барабыз. +– Мейлиң, – деди чал. +– Балыкчы балыкчыны сыйласа… + +Алар Террасага келип олтурушканда, көп балыкчылар чалды + +шылдыңдагандай болушту, бирок чал аларга таарынган жок. +Улгайган + +балыкчылар чалды аянычтуу карашты, бирок шек билдирбей, + +кайырмактарын кандай тереңдикке салышкандыгын, деңизден эмне + +көрүшкөндүгүн кеп кылышып, деңиз агымдары жана аба ырайы + +жөнүндө жайма-жай аңгемелешип олтурушту. +Бүгүн жолу болгондор + +уудан небак кайтып келишиптир, марлиндеринин ичегикардын алып, эки тактайдын үстүнө туурасынан таштап, эки киши + +тактайдын ар бир учунан кармап, балыкты балык складына көтөрүп + +алып барып жатышты. +Андан ары балыкты + +рефрижераторлор менен Гавананын базарына алып кетишет. +Акула кармаган балыкчылар аны кичинекей булуңдун аркы жээгиндеги + +акула сойгон заводго өткөрүштү; заводдо акулаларды блокторго илип + +коюп, боорун сууруп, канаттарын кесип алышты, терисин сыйрып, этин + +туздаш үчүн жука-жука тилип коюшту. +Шамал чыгыштан урганда, акула фабрикасынан сасык жытты Террасага + +айдап келчү, бирок бүгүн жыт дээрлик жок эле, анткени шамал + +которулуп, түндүктөн сокту да, анан басылып калды, азыр Террасага күн + +тийип, жыргатып турган учур эле. +– Сантьяго, – деди бала. +– И-и? +– Чал пиво куюлган стаканын тиктеп, небак өткөн күндөрдү + +эстеп олтурган. +– Сага ��ртеңкиге сардина кармап берейинби? +– Тим эле кой. +Андан көрө бейсбол ойноп ал. +Кайыкты өзүм деле айдай + +алам, торду Роджелио салат. +– Кой, андан көрө мен салайын. +Сени менен балык кармашпасам да, + +сага кичине кол кабыш кылгым келет. +– Сен мага пиво алып бербедиңби, – деди чал. +– Сен эми чоңоюп + +калдың. +– Мени биринчи жолу деңизге алып чыкканыңда мен канчада элем? +– Беште. +Ошондо мен тирүү балыкты кайыкка салып, балык кайыкты + +талкалап коё жаздаганда, сен өлүп кала жаздабадың беле, ошол + +эсиңдеби? +– Ал куйругу менен чапкылап, отургучту сындырганда, сен аны союл + +менен тарсылдатып сабаганың эсимде. +Сен мени кайыктын тумшук + +жагындагы суу болгон шаймандардын үстүнө ыргытып жибердиң беле. +Сенин союлуң карагай жаргандай такылдап турганы да эсимде. +Ошондо + +айлана каңырсык жыттанып турган. +– Сен чын эле мунун баарын унута элексиңби же мен сага кийин айтып + +бердим беле? +– Сен мени деңизге ала чыккан биринчи күндөн бери баары эсимде. +Чал балага күндөн кызарып чыккан көздөрү менен жароокер карады: + +– Сен менин балам болгондо тобокелге салып азыр эле деңизге ала + +кетер элем. +Бирок сенин ата-энең бар да, анан сен олжолуу кайыкка да + +туш келип калдың. +– Ошентсе да мен сардина кармаганы барып келейин. +Анан да кай + +жерден төрт живец таба аларымды билем. +– Бүгүнкүлөрүм деле түгөнгөн жок. +Аларды туз салган жашикке салып + +койгом. +– Мен сага жаңысынан төрттү таап берем. +– Бирди эле, – деп чал көнбөй койду. +Ал ансыз деле үмүтүн да, келечекке ишеничин да эч качан жоготчу + +эмес, бүгүн болсо деңизден салкын шамал сокконсуп, анын + +жүрөгүндөгү үмүтү менен ишеничи ого бетер күчөдү. +– Экини, – деди бала. +– Мейли, – деди чал макул болуп, – эки болсо эки болсун. +Ой, сен + +аларды кымтып алып жүрбө? +– Керек болсо, кымтып да алар элем. +Бирок мен сатып алдым. +– Ыракмат, – деди чал. +Ал өзүнүн элес албаган аңкоолугунан качантан бери моюн сунуп момун + +болуп калгандыгын капарына да алчу эмес. +Бирок бул момундун аны + +маскаралабай да, адамдык сапатынан кетирбей да келгенин билчү. +– Эгерде агым башка жакка бурулуп кетпесе, эртең күн жакшы болот, – + +деди чал. +– Сен кайсы жерден кармайсың? +– Жээктен алысыраак, шамалдын багыты өзгөргөндө кайта келем. +Таң + +азандан чыгам. +– Меникин да алысыраак барууга көндүрүшүм керек. +Сага эң чоң балык + +түшүп калса, биз жардамдашабыз. +– Сеники жээктен өтө алыс кетүүнү жакшы көрбөйт. +– Туура, – деди бала. +– Бирок мен ал жакшылап көрө албай турган бир + +белги табам, чардактар эле жарайт… Анда алтын + +макрель кармайбыз деп аны алысыраак кетүүгө көндүрүүгө болот. +– Көзү ошончо эле начарбы? +– Сокур болоюн деп калды. +– Кызык. +Ал таш бака кармаганга эч качан чыкчу эмес эле го. +Көбүнчө + +ошо таш бакадан сокур болосуң. +– Сен бир топ жылдар бою Москит жээгине таш бакага барып жүрдүң, + +бирок көзүң сопсоо эле го. +– Мен – укмуштуу чалмын. +– Э�� чоң балык түшүп калса, ага күчүң жетеби? +– Жетишет деп ойлойм. +Мында баарынан мурда эптүүлүк керек. +– Жүр, шаймандарды үйгө алпаралы. +Анан мен торду алып, сардина + +кармап келейин. +Алар кайыктан шайман-аспаптарды алып чыгышты. +Чал мачтаны + +ийнине салып алып жөнөдү, бала болсо кайырмактын катуу эшилген боз + +жиптери салынган жыгач жашикти, багорду, саптуу гарпунду алды. +Чоң + +балыкты суунун үстүнө алып чыкканда эсин оодара чаба турган союл + +менен жем салган жашик кайыктын ичинде калды. +Чалдын шайман-аспаптарын ким эле уурдап кетет дейсиң, бирок + +шүүдүрүмдө суу болбосун үчүн парус менен оор шайман-аспаптарды + +үйгө алып барып таштоонун зыяны жок эмеспи. +Бу жердиктер анын + +мүлкүнө суктанбасына ишенсе да, чал кырсыктан тышкары болсун деп, + +гарпун менен багорду кошо ала кетчү. +Алар жол менен өйдө чыгышып, чалдын кепесине жетишти, аңырайып + +ачылып турган эшиктен киришти. +Чал парус оролгон мачтаны кепенин + +дубалына жөлөдү, бала анын жанына шаймандарды коюп койду. +Мачтанын узундугу бул жакта Риапо деп аталган падыша пальмасынын + +жалбырагынан салган алачыктын узундугундай. +Алачыктагы буюм: + +керебет, стол, орундук; жерде – жыгач көмүргө тамак бышыруу үчүн + +казылган кемеге. +Ныкталган жалбырактан тургузулган күрөң дубалдарда + +Санта Мариадел Кобрел Совче менен кудайдын жүрөгүнүн боёлгон + +сүрөттөрү илинип турат. +Булар чалга маркум аялынан калган. +Мурда + +аялынын боёлгон сүрөтү да илинип турчу, бирок чал аны кийин катып + +койгон, анткени аны көргөндө чал аябай капалана турган. +Азыр сүрөт + +бурчтагы текчедеги таза көйнөктүн астында жатат. +– Кечинде жегидей эмнең бар? +– деп сурады бала чалдан. +– Бир табак сары күрүч менен балык бар. +Жейсиңби? +– Жок, мен тамакты үйдөн ичем. +От жагып берейинби? +– Тим эле кой. +Өзүм кийин жагып алам. +Балким, күрүчтү жылытпай эле + +жеп алармын. +– Торду алайынбы? +– Ал, ала бер. +Небактан бери эле эч кандай тор жок болчу аны алар сатып + +жиберишкени баланын эсинде. +Ошондой болсо да, экөө тең күнүгө + +чалдын тору бардай түр көрсөтүшчү. +Бир табак сары күрүч менен балык + +да жок эле, бала аны да билчү. +– Сексен беш – акжолтой сан, – деди чал. +– Эртең салмагы миң кадак + + болгон балык кармап алып жүрбөйүн? +– Мен торду алып, сардина кармап келейин. +Босогого отура тур, күн + +тийип турбайбы. +– Макул, кечээки газета бар эле, бейсбол жөнүндө окуп олтурайын. +Газета чын эле барбы же бу дагы жалганбы – муну да бала билчү эмес. +Бирок чал чын эле керебеттин астынан бир газетаны сууруп чыкты. +– Муну мага вино сатуучу дүкөндөн Перико берген, – деп түшүндүрдү + +чал. +– Мен сардина кармап, азыр эле кайра тартам. +Сеникин да, өзүмдүкүн + +да музга коём, эртең менен бөлүп алабыз. +Кайра келгенимде мага + +бейсбол тууралуу айтып бересиң. +– «Янкилер» уттуруп коюуга тийиш эмес. +– Кливленддик «Индеецтер» аларды жеңип албагай эле! +– Коркпо, балам. +Улуу Ди Маджиону эстечи. +– Мен жалаң гана «Индеецтер» эмес, детройттук «Жолборстордон» да + +корком. +– Сен уялбай цинциннатилик «Кызыл беттүүлөрдөн» да, чикаголук «Ак + +байпактан» да коркуп кетип жүрбө? +– Газетаны окуп чык да, мен келгенде айтып бер. +– Номери сексен бешинчи лотереялык белетти сатып алсак кандай + +болот? +Эртең сексен бешинчи күн эмеспи. +– Эмнеге болбойт? +– деди бала. +– Балким, сексен жетинчи номерди + +сатып алсак туура болор? +Баягында сексен жети күн өтпөдү беле. +– Эки жолу эч нерсе кайталанбайт. +Сен сексен беш деген саны бар + +белетти таба аласыңбы? +– Заказ берип коём. +– Бир кабаттуусу болсун. +Эки жарым долларлык. +Аны кайдан карызга + +алсак? +– Ой, ал кеп эмес! +Эки жарым долларды мен качан да болсо карызга ала + +алам. +– Балким, мен да таба алар элем. +Бирок карыз алгандан дайыма качам. +Адегенде карызга сурайсың, анан кайыр сурайсың… + +– Байка, суукка урунуп алба, абышка. +Азыр сентябрь экенин унутпа. +– Сентябрда чоң балык келет. +Май айында балык кармоону ким деле + +болсун билет. +– Эмесе, мен сардинага кеттим, – деди бала. +Бала кайра келгенде күн батып калган эле, чал болсо орундукка + +олтурган калыбында уктап калыптыр. +Бала керебеттен эскирип калган + +солдаттык одеялды алып, орундуктун жөлөнгүчүнө жана чалдын ийнине + +жапты. +Анын ийни укмуштуу ийин эле, карылыгына карабастан + +күржүйүп кең, мойну да буржугуй, ушул азыр башын көкүрөгүнө + +салаңдатып уктап олтурганында желкесинин бырыштары анчалык + +билинбейт. +Көйнөгүнө кайыгынын парусундай эле жамаачынын үстүнө + +жамаачы салынган, жамаачылардын түсү ар түрдүү, анткени күнгө + +бирдей оңбой калган эле. +Бирок чалдын шалбыраган картаң бети абдан + +кары, көзүн жуумп-уктап олтурганда таптакыр жансыз сыяктанат. +Шамал учуруп кетпесин деп чыканагы менен бекем басып алган + +газетасы тизесинде жатат. +Жылаңайлак. +Бала аны ойготпой, кетип калды. +Бир убакта кайра келсе, чал + +баягысындай эле уктап атыптыр. +– Ойгон! +– деди бала чалдын тизесине колун коюп. +Чал көзүн ачты да, бир паска кайдагы бир алыс жактан келаткансып + +кетти. +Анан баланы көрүп жылмайып койду. +– Эмне алып келдиң? +– Тамак. +Азыр тамак ичебиз. +– Мен анча деле ачка эмесмин. +– Кел, ичип ал. +Ачкарын балык кармоого болбойт. +– Мен кармагам, – деп чал газетаны бүктөп ордунан турду. +Анан одеялды жыйнай баштады. +– Одеялды алба, жамын, – деди бала. +– Мен тирүү турганымда сага + +тамактанмайынча балык карматтырбайм. +– Андай болсо өзүңдү сактап, көбүрөөк жаша, – деди чал. +– Эмне тамак ичебиз? +– Күрүч аралашкан кара буурчак, куурулган банан, быктырып бышырган + +уйдун эти. +Тамакты бала Террасадагы кичинекей ресторандан калай идишке салып + +келген. +Вилка, кашык, бычактар чөнтөгүндө: ар бир прибор кагаз + +майлыкка бөлөк-бөлөк оролгон. +– Мунун баарын сага ким берди? +– Мартин, ресторандын ээси. +– Ага ыракмат айтыш керек. +– Айттым, – деди бала. +– Сен кам санабай эле кой. +– Мен ага чоң балыктын эң эле эттүү жеринен берейин, – деди чал. +– + +Бул анын биринчи жолу берип жаткан жардамы эмес да? +– Ооба, биринчи жолу эмес. +– Анда балыктын эттүү бир бөлүгү ага аздык кылат. +Ал бизге көп + +жакшылык кылды. +– Мына, бүгүн пиво да берди. +– Мен баарынан консерваланган пивону жакшы көрөм. +– Билем. +Бирок бүгүн ал бөтөлкөгө куюлган пиво берди. +Бөтөлкөлөрүн + +кайра алпарып берем. +– Ыракмат сага. +Тамак ичелиби? +– деди чал. +– Мен баятан бери же деп атпайымбы, – бала чалды жароокерленип + +жемеледи. +– Сенин столго олтурушуңду күтүп, тамак сууп калбасын деп идиштерди + +ачпай отурам. +– Кана эмесе. +Баса, мен жуунуп алышым керек эле да. +«Кайда барып жуунуп алат элең?» – деп ойлоду бала. +Колонкага чейин + +эки көчө. +«Буга суу алып келип, самын, жакшы сүлгү даярдап койбосом. +Эмне үчүн бул оюма мурда келбеди экен? +Буга жаңы көйнөк, кышкы + +кемзел, бутуна кие тургандай бирдеме, дагы бир одеял керек». +– Даамдуу эт экен, – деп мактады чал. +– Бейсбол жөнүндө айтып берчи, – деп бала андан суранды. +– Америка лигасында, мен айткандай эле «Янкилер» утуп атышыптыр, – + +деди чал сөзүн ыраазы болгондой баштап. +– Аны билем, бирок аларды бүгүн жеңип коюшпадыбы. +– Ал эчтеке эмес. +Анткен менен улуу Ди Маджио кайрадан күчүнө + +кирди. +– Командада жалгыз ал эмес да. +– Аның туура. +Бирок оюндун натыйжасын ошол чыгарат. +Экинчи лигада + +– бруклиндиктер менен филадельфиялыктар. +Үмүт жалгыз гана + +бруклиндиктерде калды. +Баса, Дик Сайзлердин урганы эсиңдеби? +Ал + +эски паркта ойноп жүргөндө тим эле укмуш урчу эмес беле! +– Ооба, укмуш урчу! +Ал баарынан алыс урат. +– Баягында, ал Террасага келбеди беле? +Мен аны балык кармоого + +чакырайын дедим, бирок уялдым. +Сени чакыр десем, сен да уялып + +болбой койбодуң беле, эсиңде барбы? +– Ооба. +– Ошондо коркуп, мен да келесоо экем. +Ошондо макул болуп койсо + +кантээр элек? +Өмүр бою эстеп жүрбөйт белек! +– Улуу Ди Маджидау деңизге алып чыксак кандай сонун болор эле, – + +деди чал. +– Анын атасы да балыкчы болгон имиш. +Ким билсин, бир + +кезде ал өзү да биз сыяктуу кедей болгон чыгар, бизден жийиркенбей + +барар беле, балким. +– Улуу Сайзлердин атасы эч качан кедей болгон эмес. +Ал мендей + +кезинде эле мыкты командаларда ойногон. +– Мен сендей чагымда парусникте юнга болуп, Африканын + +жээктерине баргам. +Кечкисин жээкке келген арстандарды көрчүмүн. +– Аны айтып бергенсиң. +– Эмне жөнүндө сүйлөшөлү: Африка жөнүндөбү же бейсбол + +жөнүндөбү? +– Бейсбол жөнүндө эле сүйлөшөлү. +Улуу Жон Мак-Гроу жөнүндө айтып + +берчи. +– Ал да мурунку жылдарда Террасага келип турчу. +Бирок ал ичип + +алганда аны эч ким тыя алчу эмес. +Анын оюнда жалаң гана бейсбол + +эмес, күлүктөр да болор эле. +Ат чабыштардын программаларын дайыма + +жанына салып жүрчү, акча сайганда күлүктөрдүн аттарын телефон + +менен гана айтып койчу. +– Ал улуу тренер экен, – деди бала. +– Атам аны дүйнөдөгү эң улуу + +тренер болгон дейт. +– Анткени атаң аны башкалардан көбүрөк көргөн. +Дюроше да бизге жыл + +сайын келип турса, дүйнөдөгү эң улуу тренер деп атаң ошону айтмак. +– Сенин оюңча, эң атактуу тренер ким? +Люкпу же Майк Гонсалеспи? +– Менимче, экөө тең бири-биринен калышпайт. +– А эми дүйнөдөгү эң кыйын балыкчы сенсиң. +– Жок. +Мен өзүмөн кыйыныраак балыкчыларды билчүмүн. +– Ке ва! +– деди бала. +– Дүйнөдө жакшы балыкчылар аз эмес, эң + +кыйындары да бар. +Бирок сендей балыкчы эч жерде жок. +– Ыракмат. +Сенин мындай ойлогонуңа кубанам. +Мага өтө чоң балык + +илинбесе экен, болбосо менден көңүлүң калып калат. +– Мурдакы күчүңөн ажырай элегиң чын болсо, дүйнөдө андай балык + +жок. +– Билбейм, күчүм оюмдагыдан азыраактыр. +Бирок эптүүлүгүм бар, + +чыдамкайлыгым да жетишет. +– Эми жатып укта, таң атканча күчүң толсун. +Мен идишти алпарып + +берейин. +– Макул. +Жакшы жат. +Эртең менен сени ойготуп коём. +– Сен мага будильниктей элесиң, – деди бала. +– Менин будильнигим болсо – карылык. +Эмне үчүн кары кишилер + +мынчалык эрте ойгонушат? +Же өзүнө ушул күндү аз да болсо узартып + +алыш үчүнбү? +– Билбейм. +Жаштардын уйкусу катуу болорун гана билем. +– Ал эсимде, – деди чал. +– Мен сени өз убагында ойготом. +– Эмне үчүндүр мени башка бирөө ойготконду жаман көрөм. +Мен андан + +кем болгонсуп… + +– Түшүнүп турам. +– Жакшы жатып жай тургун, абышка. +Бала кетип калды. +Алар тамакты от жакпай жарыксыз жешти эле, эми + +чал шымын чечип, караңгыда уктаганы жатты. +Арасына газета коюлган + +шымын тоголоктоп бүктөп жаздык ордуна башына коюп алды. +Одеялга + +оронуп, оркойгон пружиналарына жалаң эски газеталар төшөлгөн + +керебетке суналды. +Ал бат эле уктап кетти. +Чалдын жаш кезиндеги Африка, анын узун сары + +жээктери, көздү карыктырган аппак тайыздыктары, бийик аскалары + +менен заңкайган күрөң тоолору түшүнө кирди. +Чал ар түнү ушу + +жээктерге келип токтойт, ар түнү түшүндө күркүрөгөн деңиздин үнүн + +угат, ар түнү жергиликтүү адамдардын кайыктарын толкун жээкке кууп + +баратканын көрөт. +Түшүндө ал палубадан эрип чыккан чайыр менен + +кендирдин жытын кайтадан искейт, таң жели менен кошо келген + +Африканын жытын искейт. +Бул жыттар каңылжарын өрдөгөндө, чал + +дайыма ойгонуп кетчү да, кийинип алып барып баланы ойготчу. +Бүгүн + +жээктин жыты ага өтө эле эрте жетти. +Бу жытты түшүндө сезип + +жатканын билип, уктай берди, анткени деңизден чыккан аскалардын ак + +чокуларын, Канар аралдарынын гавандарын, булуңдарын көрүп алайын + +деди. +Эми бороондор да, аялдар да, чоң окуялар, чоң балыктар да, мушташтар + +да, күч сынашкан мелдештер да, жада калса өз аялы да чалдын түшүнө + +кирбей калды. +Түшүнө алыскы өлкөлөр менен жээкке чыгып + +келатышкан арстандын күчүктөрү кире турган болду. +Алар иңир кирип + +калганда кудум эле мышыктын балдарындай оюн салышат. +Чал аларды + +баланы кандай көрсө, так ошондой жакшы көрөт. +Бирок бала түшүнө + +бир да жолу кире элек. +Аңгыча болбой чал ойгонуп кетти, ачылып турган эшиктен айды карап, + +шымын жазып кийди. +Кепеден чыгып заара кылды да, баланы ойготкону + +жол менен өйдө басты. +Эртең мененки суук аны чыйрыктырды. +Бирок + +чыйрыкканы басыларын билет, көп узабай эле кайыкка түшүп, + +калактарды эше баштаганда жылып кетет. +Бала жаткан үйдүн эшиги ачык экен, жылаңайлак чал дабыш чыгарбай + +басып, үйгө кирди. +Кетилип калган айдын нурунда биринчи бөлмөдө + +керебетте жаткан баланы тааныды. +Чал аны бутунан алды да, бала + +ойгонуп, чалкасынан оодарылып аны караганча кармап турду. +Чал ага + +башын ийкеди; бала керебеттин жанындагы орундуктан шымын алып, + +отурган калыбында кийди. +Чал үйдөн чыкты, бала артынан жөнөдү. +Баланын уйкусу алигиче тарай элек; чал аны бир колу менен далысынан + +сүйөй кучактап: + +– Кечирип кой мени, – деди. +– Ке Ва! +– деди бала. +– Эркектин бешенесине ошондой жазылган да. +Айла канча. +Алар жол менен ылдый чалдын кепесин көздөй басышты, ошол эле + +жолду бойлоп, караңгыда кайыктарынын мачталарын көтөргөн + +жылаңайлак кишилер кетип баратышты. +Кепеге келгенде бала + +кайырмактын түрмөктөлгөн жиптери салынган себетти, гарпун менен + +багорду алды, чал болсо парус оролгон мачтаны ийнине салды. +– Кофе ичесиңби? +– деп бала чалдан сурады. +– Адегенде шаймандарды кайыкка салалы, анан барып кофе ичебиз. +Алар балыкчыларды тейлеген эрте ачылган ашканага келишип, + +консерванын банкасы менен кофе ичишти. +– Жакшы уктадыңбы, абышка? +– деди бала; уйкудан ажыраш өтө кыйын + +болсо да, баланын уйкусу тарайын деп калды. +– Абдан жакшы уктадым, Манолин. +Бүгүн куру келбесиме ишенем. +– Мен дагы, – деди бала. +– Азыр барып сенин живецтериңди, биздин + +сардиналарыбызды алып келейин. +Менин чалым шаймандарды өзү + +ташыйт. +Буюмдарын башка бирөө ташышса жаман көрөт. +– Экөөбүздүн мамилебиз андай эмес. +Мен шаймандарымды сага беш + +жашыңда эле берчүмүн. +– Билем, – деди бала. +– Күтө тур, азыр эле келем. +Кофеден дагы ич, + +биерде бизге карызга беришет. +Ал маржан рифин жылаңайлак буттары менен чалпылдата басып, + +живецтер сакталган муздаткычты карай кетти. +Чал кофеден шашпай + +ууртап коюп олтурат. +Бүгүн мындан башка тамак ичпесин билет. +Ошондуктан кофеге аябай тоюп алыш керек. +Тамак ичүү шаан-шөкөтү + +аны алда качан эле тажаткан, ал деңизге чыкканда тамак ала жүрчү + +эмес. +Кайыктын баш жагында бир бөтөлкө суу турат, андан башка кечке + +чейин ага эч нерсенин кереги жок. +Сардиналарды, газетага оролгон живецтерди алып бала келди. +Балыкчылар тамандарынан өткөн майда ташты тепсеп, кайыкты саал + +көтөрүп туруп сууга түртүштү. +– Жолуң ачылсын, абышка. +– Сенин дагы. +Чал калактардын жиптен жасалган илгичтерин казыкчаларга илип, бир + +аз алга обдулуп, караңгыда кайыкты гавандан чыгара баштады. +Башка + +тайыздыктардын деңизге бөлөк ��айыктар да чыгууда, ай дөңдөргө + +жашынып, чал аларды көрбөсө да, калактардын шарпылдатып сууну + +эшип жатканын угуп турду. +Кез-кезде кээ бир кайыктардан кобур-собур үндөр угулат. +Бирок + +кайыктардын көпчүлүгүндө жымжырттык өкүм сүрүп, калактардын + +шарпылдаганынан башка добуш жок. +Булуңдан чыккандан кийин + +кайыктар туш-тушка тарап кетишти, балыкчылардын ар кимиси балык + +бар деп үмүт кылган жерлерине жөнөштү. +Чал болсо мурунтан эле + +жээктен алыс кетүүнү чечкен; жердин жытын артына калтырып, + +океандын эртең мененки салкын демин түптүз бет алып кетип баратты. +Океандын «чоң кудук» деп балыкчылар атаган жеринен өтө берерде, суу + +түбүнөн жылтыраган балырды көрдү. +Биердин түбүнүн тереңдиги чукул + +эле жерден тупатуура жети жүз саржан төмөн кетет; биерде ар түрдүү + +балыктар чогулат, анткени суунун агымы деңиздин түбүндөгү типтик + +жантаймага соктуга берип, ирим болуп калган. +Биерге сансыз + +креветкалар жана майда балыктар чогулат, эң эле терең жерде кээде + +жыбыраган каракатидалар топ-топ болуп самсып жүрүшөт; түн + +ичинде суу үстүнө чыгып, жортуулдап жүргөн балыктарга жем болушат. +Караңгыда чал таң атарын сезип турат; калак шилтегенде дирилдеген + +добушту угуп калды – бу суудан сүзүп чыгып, катуу канаттарын зуу-зуу + +эткизе, учма балыктар сызып өтүп жатканы. +Чал учма балыктарга өтө + +эле мээримдүү карайт, анткени биерде, океанда жүргөндө, алар анын эң + +жакын достору. +Куштарды аячу. +Бөтөнчө жан-алы калбай безилдеп учуп + +жүрүп издеген тамагын табалбаган кичинекей, назик деңиз + +чардактарына боору ооруйт. +«Тарпчылдар менен чоң, күчтүү куштарды + +эсептебесек, канаттуулардын турмушу биздикинен да оор. +Океандын + +кээде өтө ырайымсыз болуп кетерин билип туруп, эмне үчүн куштарды + +деңиз чабалекейлериндей назик жапа алсыз жараткан? +Океан март жана + +сонун, бирок кээде өтө эле ырайымсыз болуп кетет, жемдин артынан + +сууга чүмкүп кирип, муңдуу үн менен бири-бирин чакырып учуп + +жүрүшкөн канаттуулар океан үчүн өтө эле назик келишет» – деп ойлочу + +чал. +Чал деңизди өз оюнда ла мер деп атайт. +Деңизди сүйгөн кишилер гана + +аны испанча ушинтип аташат. +Кээде деңизди сүйгөндөр да деңиз + +жөнүндө жаман айтышат, бирок аял жөнүндө сүйлөшүп жаткансып + +сүйлөшөт. +Акуланын боору кымбат болуп турган күндөрдө моторлуу + +кайык сатып алышкан балыкчылардын ичинен чыккан жаш балыкчылар + +деңизди эркекти айтып жаткансып эл мар деп аташат. +Алар деңизди + +мейкиндик жөнүндө, тең тайлашчу жөнүндө, анан калса кээде душманы + +жөнүндө сүйлөшүп жаткансып аташат. +Чал болсо деңиз жөнүндө өтө + +мээримдүүлүк менен берилген же болбосо ырайымдыгын унуткан + +аялды айтып жаткансып сүйлөчү, океан кээде ойлобогон же жаман иш + +кылса, айла канча, аялдын жаратылышы ошондой да. +«Ай деңизди + +аялдай толкундатат», – деп ойлочу чал. +Чал күчүн салбай, шашпай, ырааты менен калак шилтейт, анткени + +айлампасыз жерлердин баарында океан мелмилдеп тынч. +Ал ишинин + +үчтөн бир бөлүгүн агымдын жетегине берип койгон, ошондуктан таң + +агара баштаганда жетем деген жеринен небак эле өтүп кетиптир. +«Терең жерлерден бир жума уулап эч нерсе кармай албадым, – деп + +ойлоду чал. +– Бүгүн бонито менен альбакоренин топтору жүргөн + +жерден бактымды сынап көрөйүнчү, балким, чоң балык да ошо жерде + +жүргөндүр?» + +Чал таң ата электе эле жем сайып кайырмактарын салды да, агым менен + +акырын жыла баштады. +Бир живец кырк саржан тереңдикке, экинчи + +жетимиш беш саржан тереңдикке жеткен, үчүнчүсү менен төртүнчүсү + +көгөргөн сууга жүз жана жүз жыйырма беш саржанга чөккөн. +Живецтердин башы төмөн карай салаңдап турат, анан дагы + +кайырмактын түз жагы балыктын ичинен өткөрүлүп, бекем байланып + +тигилген; кайырмактын өзүнө болсо – анын ийри жагы менен учуна – + +чал бала кармап берген сардинаны жыш сайган. +Кайырмакка эки + +көзүнөн өткөрүлгөн сардиналар тасмадай болуп салаңдап турат. +Чоң + +балык кайырмакка жакындап калса, анын жегиликтүү таттуу жытын + +ошол замат сезер эле. +Бала чалга эки жаңы тунец берген. +Чал аларды тереңирээк салынган + +кайырмакка сайды да, калган экөөнө чоң көк макрель менен сары + +умбрицаны сайды. +Аларды чал мурунку жолу да пайдаланган эле, + +бирок алар азыр деле жакшы сакталыптыр, сонун сардиналар аларга + +жакшы жыт берип, кызыктырып турат. +Балык жемге араң эле тийип + +кеткенин байкап калыш үчүн чал жоондугу сөөмөйдөй болгон + +кайырмактын боосун солкулдак чыбыктарга илип койгон, жиптер + +узундугу кырк саржанга жеткен дагы башка жиптерге байлоого болот, + +ошентип, керек болсо балыкты үч жүз саржандан ашык жерден уулоого + +мүмкүнчүлүк бар. +Азыр чал көк чыбыктарды карап коюп, жиптердин + +сууга типтик жана тийиштүү тереңдикке кетишин байкап, кайыкты + +акырын айдап баратты. +Жарык болуп калды, биртикеден кийин күн да + +чыгыш керек. +Күн көрүнөр-көрүнбөс деңизден көтөрүлгөндө чал башка кайыктарды + +көрдү; алар агымдын туурасын бүт ээлеп, сууга батып турат. +Анткени + +менен бул кайыктар жээкке жакыныраак. +Ана күн ысып, нурлары + +жаркырап деңиздин бетине чагылышты, күн горизонттон өйдө + +көтөрүлгөндө, нурлары көздү ачыштырып, деңиздин бетин жаркыратты. +Сууну карабоого умтулуп, чал кайыгын айдап баратты. +Ал караңгы + +тереңдикке кеткен кайырмактын жиптеринен көзүн албайт. +Анын + +жиптери башка балыкчылардын жиптеринен түз кетчү. +Караңгы сууда, + +ар кандай тереңдикте, чал болжогон жерлерде жем балыкты күтүп + +турат. +Башка балыкчылар шайман-аспаптарын агымга бош коё беришет, + +ошондуктан алар шайман-аспаптарын жүз саржан тереңдикке салдык + +деп ойлошсо, чынында жем алтымыш саржан жерге жетпей жүрө берет. +«Мен шайман-аспаптарымды дайыма туптуура салам, – деп ойлочу чал. +– Ошентсем да ишим оңунан чыкпай койду. +Бирок ким билет? +Балким, + +бүгүн бактым мага да жылмайып коёр. +Бүгүнкү күн кечээкиге окшобойт + +эмеспи. +Албетте, адамдын иши оңунан чыгып турса жакшы дечи. +Бирок + +мен ишимди так аткарганды туура көрөм. +Бакыт келе турган болсо, мен + +ага даярмын». +Күн чыкканына эки сааттай болду да, чыгышты караганда көз анчалык + +ачышып оорубай калды. +Эми үч эле кайык көрүнүп турат, бу жерден + +алар сууга таптакыр эле чөгүп кеткенсип жана жээкке кадалып калган + +сыяктанат. +«Эртең мененки күн өмүр бою көзүмдү ачыштырат, – деп + +ойлоду чал. +– Ошентсе да көзүм жакшы көрөт. +Кечинде күндү карап тура + +алам, көзүм караңгылабайт. +Кечинде күн өтө күчтүү тиет эмеспи. +Бирок + +көзүмдү күн эртең менен оорутат». +Ушул учурда ал узун кара канаттарын жайып, асманда айланып учуп + +жүргөн фрегатты көрүп калды. +Канатын куушуруп, куш ылдый катуу + +сызып кирди да, анан кайтадан көтөрүлүп айлана баштады. +– Олжосун көрдү, – деди чал үн чыгара сүйлөп. +– Бекер айланбай + +калсын. +Чал кайыгын куш айланган жакты көздөй айдап, калактарды акырын, + +бир калыпта тарта баштады. +Ал кайырмактын жиптери сууга типтик + +кирсин деп шашпай байкап барат. +Бирок кайык суунун агымынан + +батыраак жылат да, чалдын балык кармоосу мурдакыдай эле туура болсо + +да, анын кыймылы фрегатты көргөнгө чейинкиге караганда тезирээк + +эле. +Фрегат бийигирээк көтөрүлүп, канатын кыймылсыз жайып кайта + +айлана баштады. +Анан күтпөгөн жерден сууга чүмүп кирип чыкты. +Чал + +ошондо суудан учма балык ыргып чыгып, жанынын бардыгынча сабалап + +суунун үстү менен учуп баратканын көрүп калды. +– Макрель, – деп чал катуу айтты. +– Чоң алтын макрель. +Ал калагын суудан сууруп, кайыктын баш жагында далдаада жаткан + +жипти колуна алды. +Жипке зым менен байланган кичинекей + +кайырмакка сардина сайды. +Кайырмакты сууга салып, анын бир учун + +кайыктын артына бекитилген шакекчеге байлады. +Анан дагы бир + +кайырмакка жем сайып, жибин оролгон бойдон кайыктын ичиндеги + +көлөкөгө таштады. +Калактарды колго алып, суунун үстүнө жакын учуп + +балык уулап жүргөн канаты узун кара кушту карап олтурду. +Куш канатын + +куушуруп сууга кайрадан кирди да, учма балыктын артынан кууп + +канатын чапкылап, шашкалактап жөнөдү. +Чал суунун кээ бир жерлери көбүрүп чачыраганын көрүп, алтын + +макрель учма балыктарды кууп баратканын түшүндү. +Макрель балык + +сууга кирерде так алдынан чыгыш үчүн, өтө ылдамдык менен анын + +жолун тосуп, туурасынан качырып баратты. +«Макрель көп болсо керек, + +– деп ойлоду чал. +– Макрелдер бири-биринен оолак сүзүп, көп жерди + +ээлеп алышыптыр, учма балыктардан бирөөнү да калтыра турган эмес. +Куштун го аны кармоого эч кандай үмүтү жок, анткени учма балык + +фрегат үчүн өтө эле чоң жана шамдагай». +Чал суудан улам-улам секирип чыгып жаткан учма балыктарды куш + +кармай албай ыксыз аракет кылып жатканын көрүп турду. +«Макрель + +менден кетти, – деп ойлоду чал. +– Алар өтө эле бат, өтө эле алыска сүзүп + +��аратышат. +Мүмкүн, мага, адашып артта калган макрель илинип калар, а + +балким, менин чоң балыгым да ошонун жанында жүргөндүр? +Анткени + +ал кайсы бир жерде сүзүп жүрүшү керек да». +Булуттар тоо кыркасына окшоп өйдө көтөрүлүп, жээк узун көк тилке + +болуп созулуп, андан ары буурул дөңдөр көрүнөт. +Суунун өңү өзгөрүлүп + +отуруп, кызгылт көккө айланды. +Чал сууну караганда, караңгы + +тереңдикте кулпурган кызгылтым планктонду, көздүн жоосун алган + +күндүн чагылышкан жарыгын керет. +Чал жиптердин сууга туз кетишин + +байкап, планктондун көптүгүнө кубанат, анткени бу белги балыктын + +көп болушуна ишендирет. +Бийик көтөрүлгөн күндүн нурлары, жер + +үстүндө салаңдап турган булуттардын түрлөрү аба ырайы жакшы + +болорун билдирип турат. +Баягы фрегат алыс учуп кетти, ал эми суунун + +үстүндө күнгө күйүп оңуп калган саргас балырынын сары тутамдары + +менен кайыктын жанында сүзүп бараткан португалиялык физалиядан + +башка эчтеме жок. +Кубулган кызгылт көк физалия көбүктөй + +килкилдеген денесин жамбаштата оодарды да, кайта мурдакы калыбына + +келди. +Ал өлтүрүүчү узун муруттарын сүйрөп, күнгө жаркырап суунун + +үстү менен шайдоот сүзүп баратат. +– У-ух, сениби митайым! +– деди чал. +Чал калагы менен сууну жеңил эшип, суу түбүнө көз жиберер эле, + +физалиянын муруттарынын арасында сүзүп жүргөн физалиянын + +кызгылт көк муруту менен түспөлдөш кичинекей чабактарды көрдү: + +алар көбүктүн көлөкөсүндө сүзүп ойноп жүрүшөт. +Физалиянын уусу + +алар үчүн зыянсыз. +Адамга анын уусу башкача тиет: чал балыкты + +тартып кайыкка салып жатканда мындай былкылдаган муруттар + +аспаптарга оролсо, колдорун уу чырмоокко күйгүзүп алгандай + +чыканагына чейин былжыраган жара каптап кетчү, физалиянын уусу + +денеге бат тарайт, камчы менен чапкапсып сыздатып оорутат. +Кулпурган көбүктөр укмуштуудай кооз. +Бирок деңизди + +мекендегендердин эң арамзасы ушу болот. +Ошондуктан буларды + +килейген таш бакалар жеп жатканын көрүп калса, чал аябай кубанчу. +Физалиянын уусу таш баканын көзүнөн башка жерине коркунучсуз. +Таш + +бакалар физалияны көргөндө көздөрүн жуумп, астынан тосуп чыгышат + +да, аларды муруттары менен кошо бүт бойдон жеп алышат. +Чал таш + +бакалар физалияны жеп жатканын карап турганда, моокуму канчу; анан + +өзү да катуу бороондоп кийин толкун менен жээкке сүрүлүп чыккан + +физалияларды тебелегенди жакшы көрчү. +Чорлуу таман көбүктөрдү + +басканда, алардын тарс деп жарылганын тыңшап калчу. +Чал жашыл таш бакаларды көрктүүлүгү жана шамдагайлыгы үчүн, + +кымбат баалангандыгы үчүн жакшы көрчү. +Португалиялык физалияны + +жеген, сүйүү иштерине кесирлүү, калың сары соот кийген эби жок + +келесоо бисстерди камкорсунуп жек көрчү. +Чал бир топ жылдар бою таш бака уулоочулар менен бирге чыгып жүрсө + +да, таш баканы көргөндө башкаларча ырымчыл коркунучту сезчү эмес. +Коркмок түгүл, аларды аячу. +Жадакалса килейген, узундугу кайыктай, + +салмагы бир тоннага жеткен луты деген терилүү таш баканы да аячу. +Адамдардын көпчүлүгү таш бакаларга өтө эле ырайымсыз мамиле + +кылышат. +Анткени бул айбанды өлтүрүп, союп жиликтеп салгандан + +кийин да анын жүрөгү көпкө чейин согуп тура берет экен. +«Бирок + +менин жүрөгүм таш баканыкындай эле да, – деп ойлоду чал, – анан + +колдорум да, буттарым да аныкына өтө окшош». +Чал күч жыйнаш үчүн таш баканын ак жумурткасын далай жеген. +Ал + +жумуртканы май айында жей турган себеби, сентябрь жана октябрь + +айларында чоң балык жүргөндө, күч абдан керек болот. +Андан башка + +чал күнүнө акуланын боорунан сызгырылган майдан бир чөйчөктөн + +ичет. +Ал май балыкчылар шаймандарын каткан сарайда чоң челекте + +сакталып турат. +Майды ар бир балыкчы пайдаланса болот. +Ал майдын + +даамы балыкчылардын көпчүлүгүн жийиркентчүдөй көрүнчү, бирок + +аны ичиш таң ата электе төшөктөн туруудан кыйын эмес, ал май + +сууктан сактайт жана көзгө абдан пайдалуу. +Чал асманды карап, баягы фрегат деңиздин үстүндө кайтадан айланып + +учуп жүргөнүн көрүп калды. +– Балык тапты, – деди чал үн чыгара сүйлөп. +Бир да учма балык деңиздин тегиз бетинин тынчын албайт, майда + +балыктар да көрүнбөйт. +Бирок орточо келген бир тунец суудан секирип + +чыгып, аласалып башы менен кайтадан сууга кирип кеткенин чал + +байкап калды. +Тунец күнгө күмүштөй жарк дей түштү, анын артынан + +башка тунецтер алыс-алыс секиришип, майда балыктарды кууп, сууну + +чачыратып туш-тушка жөнөштү. +Майда балыктарды тегерете курчап + +алдыга салып айдап алышыптыр.«Эгерде алар эң тез сүзүп кетишпесе, + +мен бул үйүрдү кууп жетем», – деди чал. +Тунецтерден качып суунун + +үстү менен сүзүп бараткан чабактарды фрегаттын илип алып жатканы, + +тунецтердин сууну агарта чапкылап сүзүп баратканы чалга даана + +көрүнүп турган эле. +– Куш – балыкчынын ишенимдүү жардамчысы, – деди чал. +Аңгыча болбой чал буту менен бир түрмөгүн басып отурган кыска жип + +солк дей түшүп керилип калды. +Чал калактарын таштап орточо келген + +тунецтин салмагын сезип, жипти акырын тарта баштады. +Колдон чыгып + +кетчүдөй булкунган жеңил жипти тартып отуруп, балыктын көк жону + +менен кубулган канаттарын аны суудан сууруп кайыкка салардан мурун + +эле көрдү. +Куйган октой салмактуу тунец чоң көздөрүн чакчайтып, + +куйругу менен чапкылап, жаны менен коштошууда. +Чал жаны чыкпай + +кыйналып жаткан балыкты аяп, башка чаап өлтүрдү да, буту менен + +кайыктын артындагы жаткан төшөмөнүн астына түртүп койду. +– Альбакоре, – деди чал угуза сүйлөп. +– Бул сонун жем болот. +Салмагы + +он кадакка барат, андан кем эмес. +Чал качантан бери өзү менен өзү сүйлөшө баштаганын унутуп да калган. +Мурда жалгыз калганда, ырдачу, кээде түн ичинде, чоң парусникте + +вахтада турганда же таш бакага чыкканда ырдачу. +Балким, бала андан + +кетип калып, өзү жалгыз калгандан бери өзү менен сүйлөшө + +баштагандыр. +��зыр эсинде жок. +Бирок бала менен балык кармап + +жүргөндө деле, эң эле зарыл болсо гана сүйлөшчү эмес беле. +Алар түн + +ичинде же жаан-чачында аргасыз бекерчиликте гана сүйлөшчү. +Деңизде + +бекер эле сүйлөшө берүү балыкчылардын адатында жок нерсе. +Чал да + +муну жаман деп ойлойт, ал адатты сыйлайт. +Мына эми чал өзүнүн оюн угуза айтып, көп эле кайталаганга көнүп + +калган, анткени бул эч кимдин тынчын албайт да. +– Өзүмчө эле сүйлөп жатканымды бирөө укса, мени акылынан тайып + +калган экен дейт ко, – деди чал. +– Демек, мен жинди болбогон соң, + +кимдин кандай иши бар? +Байлардыкы жыргал. +Кайыктарында алар + +менен сүйлөшүп, бейсбол жөнүндө айтып бере турган радиолору бар. +«Азыр бейсбол жөнүндө ойлой турган кез эмес, – деди чал өзүнө өзү. +– + +Азыр бир гана ой болуш керек. +Мен эмнеге төрөлгөм, ошону ойлошум + +керек. +Бул тунецтердин жанында, балким, менин чоң балыгым + +бараткандыр. +Мен бир эле альбакорени кармадым, ал да болсо тобунан + +адашып калса керек. +Алар жемди жээктен алыс издешет да, абдан бат + +сүзүшөт. +Бүгүн деңизден кезиккендердин баары түндүк чыгыш жакка + +өтө бат сүзүп кетип баратышат. +Балким, ушу маалда дайыма + +ушундайдыр? +А балким, аба ырайы өзгөрүлгөнү тургандыр, бул мен + +билбеген белги болуп жүрбөсүн?» + +Азыр жээктин көк тилкеси да чалга көрүнбөй калды, биерден карга + +бөлөнгөндөй агарган көк дөбөлөрдүн чокулары гана көрүнөт. +Чокулардын үстүндөгү булуттар да карлуу бийик тоолорго окшош. +Деңиз өтө эле карарып кетти да, күндүн нурлары сууда чагылыша + +баштады. +Чак түштө планктондун жаркыраган сансыз учкундарын так + +төбөгө келген күн өчүрдү, чал эми кара көгүш суунун ичинен күндүн + +нурларынын чагылышканынан пайда болгон кубулган темгилдер менен + +караңгы тереңдикке кеткен жиптерден башка эч нерсени көрбөй калды. +Биерде тереңдик бир миля эле. +Тунецтер кайра тереңдеп кетишти. +Балыкчылар ушул тукумга караштуу + +балыктардын баарын тунец деп аташат, алардын анык атын базарга алып + +барганда же жем катары сатканда гана билишет. +Барган сайын ысыган күн чалдын желкесин күйгүзүп жиберди. +Калак + +шилтеген сайын далысынан тер шорголоп агат. +«Кайыкты агымга салып, + +уктап алсам болор эле, – деп ойлоду чал. +– Жипти бутумдун бармагына + +байлап койсом, убагында ойгоном. +Бирок бүгүн сексен бешинчи күн, + +даяр болуп туруш керек». +Аңгыча болбой көк чыбыктардын бирөө солкулдап, сууга ийилгенин + +байкады. +– Мынакей, мына! +– деп, чал кайыкты чайпалтпай, калактарын акырын + +суудан алып чыкты. +Жипке созулуп жетип, аны оң колунун бармагы жана сөөмөйү менен + +коомай кармады. +Жип кайта термелди, бирок булкунушу анчалык + +күчтүү эмес. +Бул эмненин белгиси экенин чал жакшы билет. +Азыр бир + +жүз кырк саржан тереңдикте тунецтин башынан чыгып турган балка + +менен согулуп колго жасалган кайырмактын ийилген жери менен курч + +учуна тизиле сайылган сардиналарды марлин жеп жатат. +Чал жипти колунан чыгарбай, сол колу менен абайлап чыбыктан чечип + +алды. +Эми балыкка шек билгизбей, жипти акырын жылдырып + +бошотууга болот. +«Жээктен ушунчалык алыс, анан калса жылдын ушул маалында жүрсө, + +килейген балык болсо керек. +Же, балык же. +Жей бер, айланайын. +Сардиналар абдан сонун, жаңы эле сайылган, сен болсоң деңиздин + +түбүндө, караңгыда үшүп жүрөсүң. +Дагы бир жолу айланып келип же!» + +Чал балыктын жипти акырын булкканын сезди, анан балык катуураак + +тартты – сардиналардын бири кайырмакка бекем илинип калса керек. +Андан кийин тынчып калды. +– Бол эми, – деди чал угуза сүйлөп, – дагы бир жолу айланып кой. +Жыттап көрчү. +Кандай, сардиналар сонун бекен? +Жакшылап же. +Анан + +тунецке да жетесиң. +Ал муздак жана катуу, тим эле ширин. +Тартынба, + +балык. +Же, балык же, сураганым ушул! +Чал жипти кармап, башка кайырмактарга да көз салып турат, анткени + +балык башка жакка кетип калышы да мүмкүн. +Чал кокусунан жипти + +акырын, коомай тартканын сезди. +– Тартат, – деди чал. +– Тартат, кудай ага ден соолук берсин! +Бирок ал тарткан жок. +Ал кетип калды да, жип былк этпей салаңдап + +калды. +– Ал кете албайт, – деди чал. +– Кудай бар, ал кете албайт! +Жөн эле кайта + +кайрылып келип киргени турат. +Балким, ал мурда кайырмакка илинип, + +ошону унута электир. +Чал ошо замат жиптин акырын булкуп тартылганын туйду да, жүрөгү + +ордуна келе түштү. +– Кайра келет деп айтпадым беле, – деди чал. +– Ал эми сөзсүз тартат! +Чал балыктын жипти акырын жулкулдатып жатканына сүйүнүп олтуруп, + +кандайдыр бир укмуштуудай оор салмакты сезе койду. +Килейген + +балыктын салмагына чыдай албай, жипти коё берди эле, түрмөгүнөн + +жазылган жип чалдын манжаларынын арасынан жылмышып, улам + +ылдыйлап сууга сызып кирип баратты. +Чал жипти араңдан зорго кармап + +турса да, аны чубап жаткан эбегейсиз чоң нерсенин оор салмагын сезип + +жатты. +– Бул эмне деген балык! +– деди чал угуза сүйлөп. +– Кайырмакка илинип + +алып, эми аны менен качып кеткиси бар. +«Ал баары бир кайрылат да, кайырмакты жутуп жиберет», – деп ойлоду + +чал. +Бирок көз тийип калбасын деп, бул оюн угуза айткан жок. +Чал бу + +балыктын чоң экендигин билди да, караңгыда оозуна кептелип калган + +тунец менен алыстап кетип баратканын тим эле даана көрүп + +тургансыды. +Бир оокумда кыймыл токтосо да чал анын салмагын сезип + +жатты. +Анан жип кайра катуураак тартылганда, чал аны бошотту. +Чал + +жипти бир секундча кармап турду, салмак ого бетер оордоп, жипти + +типтик ылдый тартып кетти. +– Тартты, – деди чал. +– Эми жакшылап жесин. +Ал жипти манжаларынын арасынан акырын жылмыштырып, сол колу + +менен запаста жаткан эки түрмөк жипти экинчи кайырмактын эки + +түрмөк жибине улаштырды. +Эми баары даяр. +Балык илинген жипти + +эсептебесе, чалдын карамагында дагы ар бирөөнүн узундугу кырк + +саржан болгон үч түрмөк жип бар. +– Дагы кичине жеп койсоң, – деди чал. +– Тартынбай жей бер. +«Кайырмактын учу жүрөгүңө жетип, сени өлтүрө тургандай кылып же, + +– деп ойлоду чал. +– Өзүң эле калкып чык, мен гарпунду сага матырып + +алайын. +Жакшы болот. +Даярсыңбы? +Аябай тойдуңбу? +!» + +– Эмесе баштайын! +– Чал жипти катуу булкуп, суудан бир + +ярдга жакын тартып чыкты да, эки колу менен алмак-салмак + +тартып, колдорунун, денесинин күчүнүн баарын салып, жипти кайракайра силке баштады. +Бирок анын аракеттери текке кетти. +Балык + +акырын гана алыстап кете берди, чал аны өзүнө бир сөөмөй да + +жакындата алган жок. +Чалдын жиптери бекем, атайы чоң балыкка арналган. +Чал жипти + +далысына салып тартты. +Керилип тартылган жиптен суунун тамчылары + +типтик чачырады, анан жиптен суу шырылдай баштады, чал болсо + +чалкалап, отургучту тээп, жипти баягы бойдон кармап олтурду. +Кайык + +аз-аздан түндүк-батышты көздөй жыла баштады. +Балык күзгүдөй + +мөлтүрөгөн деңиз бетиндеги кайыкты сүйрөп тынбай кетип баратты. +Башка кайырмактар да сууга салынган, бирок аларды кароого чалдын + +чамасы жок. +– Кап, бала азыр жанымда болсочу! +– деди чал. +– Мени балык сүйрөп + +баратат, а мен болсом биртенгдин милдетин аткарып баратам. +Жипти кайыкка байлап койсо болот. +Бирок анда кырсык болуп, балык + +бошоп кетпесин. +Жипти бекем кармап, керек болсо кичинеден бошото + +берейин. +Балыктын төмөн чөкпөй, сүзүп баратканына кудайга шүгүр… + +Эгерде ал тереңдикке кете турган болсо, мен эмне кылмакчымын? +Эгерде ал таштай чөгүп, суунун түбүнө өлүп калса, эмне кылмакчымын? +Билбейм. +Ошондо көрүшөрбүз. +Менин кыларым толуп жатат! +Чал далысы менен жипке сүйөнүп, анын сууга кыйгач киргенин карап, + +кайыктын түндүк-чыгышка акырын жылып баратканын байкап олтурду. +«Ал жакында өлөт, – деп ойлоду чал. +– Ал өмүр бою сүзүп жүрө + +албайт». +Бирок төрт саат өткөн соң да, балык деңизге тынымсыз кете + +берди; чал баягы бойдон далысы менен жипти тартып, олтургучту + +чирене тээп олтурду. +– Мен муну кармаганда чак түш эле, – деди чал, – ал эми ушуга чейин + +аны көрө элекмин. +Чал балыкты кармай электен мурун чий калпагын чекесине баса кийген + +эле, азыр калпак чекесине батып оорутуп жиберди. +Чал суусады. +Жипти + +булкуп албайын деп, акырын чөгөлөп, кайыктын тумшук жагына сойлоп + +барды да, бир колу менен бөтөлкөгө жетти. +Аны ачып, эки-үч ууртады. +Анан кайыктын тумшугуна жөлөнүп, эс алмак болду. +Күчүн сактоого + +аракеттенип, эч нерсени ойлобой, парус оролгон мачтанын үстүнө + +олтуруп эс алууда. +Анан артын карап, жер көрүнбөй калганын билди. +«Эчтеме эмес, – деп ойлоду ал. +– Гавананын отторун карап жүрүп + +отурсам, жерге качан да болсун жете алам. +Күндүн батарына эки саат + +калды. +Балким, ага чейин ал калкып чыгар. +Андай болбосо, айдын + +жарыгында чыгат. +Же болбосо, таң атканда. +Колумдун тарамыштары + +тырыша элек, күчүм да толуп турат. +Кайырмакты мен жуткан жокмун, + +ал жутту. +Ушунчалык катуу сүйрөп келатат, кандай балык болду экен? +Зымды бекем тиштеп алса керек, жок дегенде көзүмө чалдыкса боло, + +ким менен алышып баратканымды билип алар элем». +Жылдыздарга караганда, балык багытын өзгөртпөй, түн бою жүрүп + +отурганын чал баамдай берди. +Күн баткандан кийин, суук боло түштү. +Аркасынан, ийиндеринен, карыган буттарынан аккан тер кургап, чал + +чыйрыга баштады. +Жем салган жашикти жапкан капты күндүз алып + +чыгып, күнгө жайып койгон эле. +Күн баткандан кийин кендир капты + +мойнуна байлады да, жиптин астына келтирип, далысына төшөдү. +Эми + +жип далысын анчалык кеспей калды. +Чал кайыктын тумшугуна + +жөлөнүп, ыңгайланып олтурду. +Чынын айтканда, бул калыпта олтуруш + +анын абалын бир аз гана жеңилдетти, ошентсе да чал абдан ыңгайлуу + +олтурдум деп, өзүн өзү ишендирип алды. +«Кандай болсо да, бир жаңы амал тапканга чейин, мен балыкты эчтеме + +кылалбайм, ал да мени эчтеме кылалбайт» – деди чал. +Ал заара кылыш үчүн жана жылдыздарды карап, кайыктын кайда кетип + +баратканын байкаш үчүн бир жолу ордунан турду. +Сууга кыйгач баткан + +жип чалга өзүнүн ийининен чыккан нурдай болуп көрүндү. +Алардын + +жүрүшү мурдакыдан акырындап калыптыр. +Гавананын оттору түнөрүп, + +бозоро баштаган – кыязы, агым аларды чыгышты карай алып бараткан + +окшойт. +«Гавананын оттору жоголгон соң, биз чыгышка кетип + +баратабыз», – деп ойлоду чал. +– Балык багытын өзгөртпөсө, отторду дагы бир далайга чейин көрүп + +турат элем. +Бүгүн бейсбол боюнча беттешүүлөр кандайча аяктады болду + +экен? +Кайыкта радио болсо кандай сонун болор эле! +Чал ойлорун бөлдү: + +«Алаксыба! +Кылып жаткан ишиң жөнүндө гана ойло». +Анан угуза мындай деди: + +– Баланын жоктугу жаман болду го. +Ал мага жардамдашат эле да, өзү + +көзү менен баарын көрөт эле. +«Карыганда адам баласы жалгыз калууга болбойт, – деп ойлоду ал. +– + +Бирок бул болбой койбос нерсе. +Тунец сасый элегинде жеп алууну + +унутпасам экен, мен алсырабашым керек. +Ачка болбосом да, эртең + +менен унутпай жеп алсам экен. +Унутпасам экен» – деп ал өзүнө уламулам айтып эскертип коёт. +Түн ичинде кайыктын жанына эки деңиз чочкосу келди, чал эркегинин + +катуу күшүлдөгөнүн, ургаачысынын үшкүргөнсүп акырын + +бышылдаганын даана укту. +– Булар жакшы, – деди чал. +– Калжаңдап ойноп, бирин бири сүйгөндөн + +башканы билишпейт. +Учма балыктардын өзүндөй эле булар да бизге + +кадимкидей тууган. +Анан өзү кайырмак менен кармап алган соң балыгына боору ооруду. +«Бул балык укмуш балык эмеспи, анын дүйнөдө канча жашаганын + +кудайдан башка эч ким билбейт. +Капырай, мунун мынчалык кызык + +жүргөнүн карасаң. +Ал өтө акылдуу болсо керек, ошондуктан секирбей + +жатат ко. +Эгерде ал секирсе же күчүнүн бардыгынча жулунса, мени + +өлтүрөт эле да. +Же болбосо мурун да кайырмакка илинип, ушундай + +кылса өмүр үчүн күрөшүү ал үчүн жеңилирээк экенин түшүнүп турабы? +Ага каршы жалгыз эле киши, болгондо да чал экенин кайдан билсин? +Эмнеси болсо да, бул чоң балык. +Эти таттуу болсо, далай акчалай пайда + +берет! +Ал жемди кадим эле эркектей сугунду, эркектей тартты, мени + +менен коркпой күрөшүп баратат. +Кызык, эмне кыларын билет болду + +бекен же менчилеп алды-артын карабастан кетип баратабы?» + +Чал бир жолу марлиндин ургаачысын кармаганын эстеди. +Эркек марлин + +тамакка ургаачысын дайыма өзүнөн мурун жиберет сыйлап. +Кайырмакка илинген ургаачы марлин коркконунан ачуусу келип, + +жанынын бардыгынча алышты да, бат эле чарчап калды. +Эркеги болсо + +андан бир кадам артта калбай ээрчип, аны менен бирге сүзүп, деңиздин + +үстүндө айлана берди. +Ал өтө жакын жүрдү. +Чал аны карап, балык + +ороктон курч, өзү да орокко окшош куйругу менен жипти кесип + +кетпесин деп коркту. +Чал ургаачы балыкты багор менен илип, найзадан + +учтуу, туурулган тумшугунан кармап туруп союл менен бир койгондо да, + +анын өңү күзгүнүн тескери бетин боёгон амальгамга окшогончо + +сабаганда да, бала экөөлөп аны кайыкка сүйрөп салып жатканда да, + +эркек марлин анын жанында болду. +Анан чал жипти түрүп, гарпунду + +даярдап жатканда, тиги жолдошунун эмне болгонун көрөйүн деп, суудан + +бийик секирип чыкты да, көгүлтүр төш канаттарын жайып, ылдый + +кирип кетти, анын көгүлтүр жол-жолдору бар жону даана көрүндү. +Анын сулуулугун чал алигиче унута элек. +Анан ал жолдошун акырына + +чейин таштаган жок. +«Мен деңизден эч качан мындай кайгылуу нерсени көрө элекмин, – деп + +ойлоду чал. +– Бала дагы кейиди, экөөбүз ургаачы марлинден кечирим + +сурадык да, анан аны союп салдык». +– Кап, баланын жоктугун карачы, – деп, ал үнүн чыгарды. +Ийнин кесип ооруткан жип аркылуу өзү каалаган кайсы бир жакка + +кетип бараткан чоң балыктын зор күчүн сезип, кайыктын тумшугундагы + +тегерек тактайларга жөлөнүп, оңтойлоно олтурду. +– Капырай, менин айлакерлигимден гана бул өзүнүн чечимин өзгөрттү + +го! +«Мунун тагдыры – адамдын арамзалыгынан, ар түрдүү тузактардан, + +кызыктырган жемдерден озуп, океандын түбүндө жүрүү эле. +Анын + +артынан түшүп, аны эч ким барбаган, бир да киши жетпеген жерден + +таап кармоо – менин тагдырым эле. +Эми экөөбүз чак түштөн тартып + +байланыштык. +Ага да, мага да жардамдаша турган эч ким жок». +«А балким, мен балыкчы болууга тийиш эместирмин, – деп ойлоду чал. +– Бирок мен атайын ошол үчүн төрөлбөдүмбү. +Эмнеси болсо да, таң + +атканда унутпай тунецти жесем экен». +Күн чыгарына аз калганда анын артындагы кайырмактардын бирөө + +тартты. +Чал кайырмактын сабынын сынганын, жиптин кайыктын кыры + +менен жылып баратканын укту. +Караңгыда бычагын кынынан сууруп + +алып, балыктын салмагын бүт бойдон сол ийнине которду да, чалкалап + +туруп, кайыктын кырындагы жипти кесип жиберди. +Анан жанындагы + +жипти кести да, белен жаткан эки түрмөк жиптин учун караңгыда + +бекем байлаштырды. +Түйүндү катуураак тартыш үчүн түрмөктөрдү буту + +менен басып, бир колу менен шамдагай шилтеди. +Эми запаста тупатуура алты түрмөк бар: кесилген жиптерден ар + +бирөөнөн эки түрмөктөн жана балык түшкөн жиптен эки түрмөк; алты + +түрмөктүн баары бири-бирине уланган. +«Таң атканда кырк саржанга + +салынган жипти эптеп алыш керек, – деп ойлоду чал. +– Аны кесип, + +запас түрмөктөрдү ага улаштырам. +Ошондо кайырмак менен + +коргошундан тышкары, эки жүз саржан бышык каталон жибин жоготом. +Эчтеке эмес, мындай дүнүйөнү табууга болот. +Эгер башка дагы бир + +балык илинип, бул балыгыман ажыратса, мага жаңы балыкты ким таап + +берет? +Азыр кандай балык тартканын билбейм. +Балким, марлиндир, а + +балким, тумшук балык же акуладыр. +Мен аны сезе албай да калдым. +Андан батыраак кутулуш керек эле». +Ал угуза: + +– Кап, бала жанымда болгондочу! +– деди. +«Бирок бала жанымда жок, – деп ойлоду. +– Өзүңдүн күчүңө таян. +Андыктан көп сүйлөбөй, караңгы болуп турса да, калган жалгыз жипти + +эптеп-септеп алып чыгып, аны кесип, белен турган эки түрмөккө + +байлаштырсаңчы». +Ал ошондой кылды. +Караңгыда иштөө өтө кыйын эле. +Бир жолу балык + +катуу жулкунганда, чал эт-бети менен жыгылып, көзүнүн алдын + +айрытып алды. +Айрылган жеринен кан шорголоду, бирок ээгине жетпей + +токтоп, катып калды. +Чал кайыктын тумшугуна кайра сойлоп келди да, + +эс алуу үчүн ага жөлөнүп жатты. +Капты ондоп, жипти ийнинин башка, + +сүрүлө элек жерине жылдырды да, балыктын кандай сүйрөп баратканын + +билиш үчүн, бүт салмакты далысына которду; анан кайыктын кандай + +ылдамдык менен баратканын байкаш үчүн колун сууга салды. +«Кызык, ал эмнеге мындай жулкунду экен, – деп ойлоду чал. +– Анын + +дөбөдөй болгон жонунан зым жылмышып кеткен го? +Анын жону + +меникиндей катуу оорубайт дечи. +Бирок ал канчалык чоң болбосун, + +кайыкты дайыма сүйрөп жүрө албайт да. +Мен эми кырсыкка учурата + +турган нерселердин баарын жок кылдым, запаста жип көп, адамга андан + +башка эмне керек?» + +– Балык, – деп акырын чакырды. +– Мен өлмөйүнчө, сенден ажырабайм. +«Ал да менден ажырай албай калды го», – деп ойлоду да, таң атарын + +күтө баштады. +Азыр, таң атайын деп калганда, өтө эле суук, куру + +дегенде кичине жылып алыш үчүн чал тактайларга бекем сүйөнүп + +олтурду. +«Балык чыдагандан кийин мен да чыдашым керек эмеспи». +Бир маалда таңдын шооласы деңиздин түбүнө кеткен жипти көрсөттү. +Кайык тынбай алга кетип бараткан болчу; күндүн чети горизонттон + +чыкканда, анын жарыгы чалдын оң далысына тийди. +– Ал түндүктү карай баратат, – деди чал. +– Агым болсо бизди чыгыш + +жакка бир топ жерге алып кетсе керек. +Балык агымга түшсө, жакшы болор эле. +Анда анын чарчаганы билинет. +Бирок күн аркан бою көтөрүлгөндө, балыктын кенедей да чарчабаганын + +чал түшүндү. +Бир гана кубанычтуу нерсе: жиптин сууга чөгүшүнө + +караганда, балыктын мурдакыдан тайызыраак баратканын байкоого + +болот. +Бул балыктын суу үстүнө сүзүп чыгышын туюндурбайт. +Бирок + +сүзүп чыгышы ыктымал эле. +– Кудай, калкытып чы��ара көр! +– деди чал. +– Аны жеңүүгө жип жетишет. +«Катуураак тартсам анын оозу ооруйт, балким, ошондо секирип чыгар, – + +деп ойлоду чал. +– Жарык түшүп калды, эми чыга берсин. +Ошондо анын + +жонундагы каканактары желге толот да, суунун түбүндө өлүш үчүн + +кирип кете албайт». +Чал жипти катуураак тартууга тырышты. +Бирок ал чалкалап жипти + +тартканда, ансыз эле керилип, болушунча чоюлган жип анын далысын + +кесип, оорутуп жиберди. +Мындан артык тарта албасын чал түшүндү. +«Жулкууга болбойт, – деп ойлоду. +– Жулккан сайын кайырмак сайылган + +жердеги жарат кеңейе берет да, балык сүзүп чыкса, жырылып кетиши + +мүмкүн. +Эмнеси болсо да, азыр, күн тийип турганда, мен өзүмдү + +түзүгүрөөк сезип калдым. +Анын үстүнө азыр менин күндү карашымдын + +кереги жок». +Жипке сары балыр оролуп калыптыр, бирок чал ага кубанды, анткени + +балыр балыктын жүрүшүнө тоскоолдук кылат. +Бу балыр түн ичинде + +жаркырап көрүнгөн сары балырдын дал өзү. +– Балык, – деди ал. +– Мен сени аябай жакшы көрөм да урматтайм. +Ошентсе да мен сени кечке чейин өлтүрөм. +«Муну кылалам деп ишенип туралы», – деп ойлоду чал. +Түндүк жактан + +бир кичинекей чымчык кайыкка жакындады. +Ал өтө эле жапыз, суунун + +так үстү менен учуп келатты. +Чал анын өлөрчө чарчаганын көрдү. +Чымчык кайыктын артына конду. +Анан чалдын үстүнөн бир аз айланып + +жипке конду. +– Жашың эчеде? +– деп чал андан сурады. +– Бу сенин биринчи саякатың + +го? +Чымчык жооп бергенсип чалды карады. +Жиптин бекемдигин + +текшерүүгө чамасы жетпей чарчаган чымчык, ага илмийген ичке + +буттары менен жабышып, ыргалып олтурду. +– Коркпой эле кой, жип катуу тартылган, – деп чал ишендирди. +– Өтө + +катуу. +Мындай шамалсыз түндө чарчабашың керек эле. +Капырай, азыр + +чымчыктар да илгеркидей болбой баратат! +«Кыргыйлар силерди тосуп деңизге чыгышат», – деп ойлоду чал. +Бирок + +бул оюн чымчыкка айткан жок, баары бир ал чалды түшүнбөйт эле. +Эчтеме эмес, жакында кыргый жөнүндө өзү баарын билип алар. +– Кичинекей чымчык, жакшылап эс ал да, жээкти карай жөнө, – деди + +чал. +– Ар бир адам, ар бир чымчык же балык күрөшкөндөй сен да + +күрөш. +Чал чымчык менен сүйлөшүп, кайраттана түштү. +Антпесе түнү бою + +үшүп, уюп калган далысы ооруп турган болчу. +– Чымчык, кааласаң бир аз менин жанымда болчу, – деди ал. +– Кап азыр + +парусту орнотуп, сени жээкке жеткизип койсом жакшы болор эле. +Анткени азыр сыдырым жел согот. +Бирок биерде менин досум бар, аны + +таштай албайм. +Аңгыча балык катуу жулкунуп, чалды кайыктын тумшугуна жыкты; + +эгерде чал кайыктын тумшугун бекем таянып, жипти бошотуп + +жибербесе, балык аны кайыктан тартып сууга түшүрмөк. +Жип + +тартылганда чымчык учуп кеткен эле, аны чал байкабай калды. +Оң колу + +менен жипти сыйпалап, колунан кан агып жатканын көрдү. +– Балыктын да жанына баткандыр. +– Чал аны башка жакка бура алар + +бекемин деп жипти тартты. +Жипти күчүнүн барынча тартты да, + +мурдакы калыбынча былк этпеди. +– Абалың начарбы, балык? +– деп сурады ал. +– Кудай бар, менин абалым + +деле сеникинен жакшы эмес. +Ал бирөө менен сүйлөшкүсү келип, эки жагын карап, чымчыкты + +издеди. +Бирок чымчык эч жерден көрүнбөдү. +«Сен менин жанымда аз + +эле болдуң, – деп ойлоду чал. +– Бирок сен кеткен жакта шамал катуу, + +жээкке чейин согуп жатат. +Балык бир жулкунганда эле мен кандайча + +жарадар болуп калдым? +Чын эле, мен келесоо болуп калыптырмын. +А + +балким, чымчыкты тиктеп олтуруп, ошону эле ойлой бергем го? +Эми + +мен иш тууралуу гана ойлоймун да, күч жыйнаш үчүн тунецти жейм». +– Кап, баланын жанымда жоктугу, туздун жоктугу жаман болбодубу, – + +деди ал үн чыгара. +Ал балыктын салмагын сол ийнине оодарды, саал тизелеп олтуруп, + +колун жууду, кандуу издин сууга жайылып жатканын жана каршы + +агымдын колду айланып акканын карап колун бир паска сууга салып + +турду. +– Азыр балыктын жүрүшү мурдакыдан бир топ эле акырындап калды, – + +деди ал угуза сүйлөп. +Чал колун туздуу сууга көбүрөөк кармап тургусу келди, бирок балык + +кайрадан тартып жибербесин деп коркту; ошондуктан ал ордунан турду + +да, жипти аркасы менен керип, колун күнгө тосту. +Колунда жип тилип + +кеткен бир гана жарат бар болчу, бирок ал жарат колунун ишке эң + +керектүү жеринде эле. +Колдорунун бүгүн да бир далай керек болорун + +билген чал, колдорун эмитен эле жарадар кылып алганына кейиди. +– Эми, – деди ал колу кургаганда, – тунецти жешим керек. +Мен аны + +багор менен бери тартып алалам да, шашпай жешим керек. +Чал кайра чөк түшүп, багор менен кайыктын арт жагын сыйпалап + +тунецти тапты. +Жиптин түрмөктөрүнө тийбөөгө аракеттенип, аны + +өзүнө шилеп алды. +Балыктын салмагын кайра сол далысына салды, сол + +колу менен кайыктын кырын таянды да, тунецти кайырмактан чыгарып, + +багорду ордуна койду. +Тунецти тизеси менен басып, желкесинен + +куйругуна чейин кочкул кызыл этти тилке-тилке кылып шылый + +баштады. +Узун-узун алты тилке кесип алып, кайыктын тумшугундагы + +тактайларга жайды, бычакты шымына аарчыды, тунецтин сөөгүн + +куйругунан кармап сууга ыргытты. +– Бир тилимин түгөтө албайм го, – деп ал бир тилимди эки бөлүп кести. +Ал чоң балыктын мурдагы калыбынан жазбай тартып баратканын сезип + +турду, сол колу болсо таптакыр карышып калды. +Ал оор жипти + +тырышып кармап турду. +Чал сол колун жек көргөнсүп карады. +– О кудай ай, ушундай да кол болобу, – деди ал. +– Мейлиң, каалап + +жатсаң уюй бер. +Чымчыктын шыйрагындай болуп кал, баары бир айда + +да кутулбайсың. +«Тамактанып ал, – деп ойлоду ал карарган сууну, ага кыйгач чөккөн + +жипти карап. +– Ошондо колуң күчтүүрөөк болот. +Колдо не жазык? +Сен + +канча сааттан бери балыкты кармап турасың. +Бирок сен андан аягына + +чейин ажырабайсың. +Ага чейин тамактанып ал». +Ал балыктын бир кесим этин оозуна салып, шашпай чайнай баштады. +Даамы анча деле жаман эмес экен. +«Жакшылап чайна, – деп ойлоду ал. +– Бир тамчы ширеси да кур кетпесин. +Лимон сүйкөсө, кур дегенде туз + +сепсе дурус болор эле». +– И-и, абалың кандай, кол? +– деп ал өлгөн кишиникиндей дээрлик + +сенейип, уктап калган колунан сурады. +– Сенин урматыңа дагы бир + +кесим жейм». +Эки бөлүнгөн тилимдин дагы бир кесимин жеди. +Ал мазасын чыгара + +чайнап, терисин түкүрүп таштады. +– И-и, кол, жеңилдей түштүбү? +Же эч нерсени сезе элексиңби? +Ал дагы бир тилимди алып, аны да жеп алды. +«Бу дени таза, каны толук + +балык, – деп ойлоду ал. +– Макрель кармалбай, тунец кармалганы жакшы + +болду. +Макрель өтө таттуу. +Ал балык таттуу эмес, ошон үчүн анын + +этинин кубаттуулугу сакталган. +Бирок башка ойлорго алагды болбо, – + +деп ойлоду ал. +– Кап, бир чымчым туз болгондо… Балыктын калган эти + +күнгө кургайбы же бүкшүп кетеби – мунусун мен билбейм. +Ошондуктан + +кардым ачпаса да, баарын жеп алайын. +Чоң балык азырынча тынч + +баратат. +Тунецти жеп бүтүрөм да, бардыгына даяр болом». +– Чыдай тур, кол, – деди ал. +– Сен үчүн аракет кылып жатканымды өзүң + +көрүп турасың. +«Чоң балыкка да тамак берсем болмок эле. +– Ал менин тууганым + +эмеспи. +Бирок мен аны өлтүрүшүм керек. +Аны өлтүрүш үчүн мага күч + +керек». +Чал тунецтин калган этин шашпай жана адал ниет менен жеди. +Колун + +шымына аарчып, түзөнүп олтурду. +– Мынакей, – деди ал. +– Эми, кол, жипти коё берсең деле болот; сен + +акмакчылыгыңды койгончо, ага менин оң колумдун күчү жетет. +Чал сол колу менен кармап турган жоон жипти сол буту менен басып, + +чалкалап, балыктын салмагын аркасына оодарды. +– Кудай берип, колумдун тырышканы жазылса экен! +– деди чал. +– Бул + +балыктын оюна дагы эмне келерин ким билет. +«Жүрүшүнө караганда жоош көрүнөт, – деп ойлоду чал, – кылган ишин + +ойлоп кылат. +Бирок анын ою кандай? +Анда мен эмне кылмакчымын? +Өзүмдүн планымды анын планына ылайыкташтырышым керек, ал өтө + +чоң эмеспи. +Ал сүзүп чыкса, мен аны өлтүрө алам. +Ал ушу бойдон суу + +түбүндө калсачы? +Анда мен аны менен кошо калам». +Ал карышып калган колун шымына сүртүп, бармактарын жазууга аракет + +кылды. +Бирок колу жазылбады. +«Балким, аны күнгө кактасам жазылып + +кетер, – деп ойлоду. +– Балким, жеген тунецим боюма сиңгенде жазылар. +Ал мага өтө эле керек боло турган болсо, мен аны башымды кессем да + +жазып алам. +Бирок азырынча ага күчүмдү салгым келбейт. +Өзү + +жазылып, өз эркинче жанга кире берсин. +Канткен менен, мен түн + +ичинде жипти кесип, улаштырып жатканда, ал жакшы эле көргүлүктү + +көрдү». +Чал алдындагы чексиз мейкиндикти карап, так ушул тапта жалгыз + +экендигин түшүндү. +Бирок ал түнөргөн тереңдикте чагылышкан күндүн + +кызыл-тазыл нурларын, керилип төмөн тартылган жипти, деңиздин + +бетинин укмуштуудай мелмилдеп турганын көрүп турду. +Кургак шамал + +согоорун билдирип, булуттар уюй баштады. +Чал алды жагына көз + +жиберип, асманда даана сүрөттөлгөн бир топ жапайы өрдөктү көрдү; + +мына ошол өрдөктөр б��зомук тартып баратып, кайра даана көрүнгөндө, + +ал адам деңизде эч качан жалгыз болбосун түшүндү. +«Кээ бир адамдар ачык деңизде кичинекей кайыкта калуудан коркушат, + +– деп ойлоду чал. +– Алар жаан-чачын капысынан каптап кирген айларда + +гана коркушары ажеп эмес. +Бирок азыр катуу бороон-чапкындардын + +мезгили, азырынча андай бороон жок, ошон үчүн бул мезгил жылдын эң + +жыргал убагы». +Деңизде жүргөндө, жакындап келаткан бороон-чапкындын белгилерин + +асмандан күн мурунтан эле көрүүгө болот. +Жээктен аны көрүшпөйт деп + +ойлоду чал, себеби жээкте эмнени караш керек экенин билишпейт. +Анан + +жерде булуттардын түрү да башкача. +Бирок азыр бороон болбойт. +Чал асманды карап, ал өзү жакшы көргөн балмуздакка окшош ак түрмөк + +булуттарды, төбөсүндөгү сентябрь айынын бийик асманындагы тыткан + +жүндөй чачылган тунук булуттарды көрдү. +– Жакында желаргы жүрөт, – деди чал. +– Анын жүргөнү сага караганда + +мага пайдалуу, балык. +Сол колунун тарамыштары дале түйүлүп жатты, бирок чал колун азаздан кыймылдата алды. +«Колдун карышканын жек көрөм, – деп ойлоду + +чал. +– Өз мүчөң болуп туруп, ушунчалык арам иш кылат! +Элдин ичинде + +жүргөндө ич өткөк кармаса же балыктан уугуп куссаң кандай кордук. +Бирок тарамыштын түйүлүшү (өз ичинде аны каламбре деп койчу) + +кишини жалгыз жүргөндө аябай кемсинтет». +«Эгер бала жанымда болсо, колумду чыканагымдан ылдый ушалап берет + +эле. +Эч нерсе эмес, ал ансыз эле кайта жанданат». +Аңгыча, чал жиптин сууга мурдагыдай кыйгач чөкпөй калганын байкай + +электе, балыктын тартканы жеңилдеп калганын оң колу сезе койду. +Ал + +чалкалап, сол колу менен күчүнүн бардыгынча санын койгулап + +киргенде, жиптин акырын өйдө калкып чыгып келатканы көзгө урунду. +– Калкып келатат, – деди ал. +– И-и, теңир жалгагыр колум, жандана көр! +Жип калкып чыгып узара берди да, акыры кайыктын жанында деңиздин + +бети өркөчтөнүп, балык суудан чыга келди. +Суудан токтоосуз чыгып + +келаткан балык учу-кыйрысыз сыяктанат да, эки капталынан суу + +шорголоп агып жатты. +Балык бүт бойдон жаркырап, күнгө күйүп + +тургансыйт; башы менен жону кызгылт-көк, капталдарындагы жол-жол + +темгилдери күндүн көз уялткан жарыгында өтө жазы жана көгүлтүр + +болуп көрүнөт. +Мурдунун ордунда бейсбол ойной турган таяктан узун, + +учу найзадай курч кылычы бар экен. +Балык суудан бүтүндөй чыга келди + +да, кайрадан суучулдай табыш чыгарбай акырын сууга чөгө баштады, + +анын орокко окшош килейген куйругу сууга кирер замат жип өтө тез + +чубалып жатты. +– Бул менин кайыгыман эки фут узун экен, – деди чал. +Жип деңизге бат, бирок бир калыпта кирип кетип жатса да, балыктын + +чочубаганы айкын. +Чал жипти эки колдоп, алынын барынча тартып + +турду. +Эгерде чал балыкка ушундай эле бир калыпта туруштук берип, + +анын жүрүшүн басаңдатпаса, балык болгон жиптин баарын чубап, анан + +кайырмактан чыгып кетерин чал билет. +«Бул балык эмес эле өзүнчө бир тоо экен, мен ага күчүмдү билгизбейм, + +– деп ойлоду чал. +– Азыр алды-артын карабай качса, эмне болорумду + +түшүнсө… Жок, ага жеткирбеш керек. +Мен анын ордунда болсом, азыр + +тобокел деп туруп, бир нерсе үзүлмөйүнчө алга карай кете берет элем. +Бирок кудайга шүгүр, балыктардын шамдагайлыгы жана асылзаттыгы + +адамдыкынан жогорураак болгону менен, өздөрүн өлтүрүп жүргөн + +адамдардай акылдуу эмес». +Ушунча жашка келгени чал далай чоң балыкты көргөн. +Салмагы миң + +кадактан ашкан балыктарды көп көргөн, өзү да бир убакта ошондой эки + +балык кармаган, бирок жалгыз өзү мындай иш кыла элек болчу. +Ал эми + +мындай чоң балыкты көрбөгөн, ал тургай мындай балык болот деп да + +укпаган, чал азыр ачык деңизде өзү килейген балыкка катуу байланды, + +анан калса сол колу да бүркүттүн чеңгелиндей болуп карышып калды. +«Колум го жазылат дечи, – деп ойлоду чал. +– Жок дегенде оң колго + +жардам бериш үчүн жазылат, ал сөзсүз. +Илгери үч бир тууган болуптур: + +балык менен менин эки колум. +Сөзсүз жазылат. +Карышып калганы тим + +эле уят». +Балык жүрүшүн акырындатып, мурдагы ылдамдыгы менен кетип + +баратты. +«Кызык, балык эмне үчүн сүзүп чыкты экен, – деп ойлоду чал. +– Атайын + +эле өзүнүн чоңдугун мага көрсөтөйүн деп чыкты деп ойлосо болот. +Андай болсо, мен эми билем. +Атаганат, мен ага кандай адам + +экендигимди көрсөтө албайм, ээ. +Ал анда менин тырышкан колумду + +көрүп калат эле деп коёлу. +Ал менин чынында эле кандай экендигимди + +билбей, андан жогору баалай берсин, анда мен да жакшыраак болом. +Мен балык болуп калсам, бирок анда менин кайратым менен + +айлакерлигиминен башка да балыкта бар нерсенин бары менде болсо». +Чал кыңк этпей, өзүн кыйнаган ооруга чыдап, кайыктын бооруна + +жөлөнүп олтурду. +Балык карайган суунун үстү менен кайыкты кашкая + +сүйрөгөн бойдон алга кетип баратты. +Чыгыштан соккон шамал деңизди + +кичинеден толкундата баштады. +Түштө чалдын сол колунун тырышканы тарап, жан кирди. +– Эми сага кыйын болот ко, балык, – деп чал аркасындагы жипти + +жылдырды. +Ооруган жери баягыдай эле кыйнап жатса да, чал аны билмексен болуп, + +өзүн жакшы сезип олтурат. +– Мен кудайга ишенбейм, – деди чал. +– Бирок ушул балыкты кармаш + +үчүн он жолу «Богородицаны», ошончо эле жолу «Отче + +нашты» окуйм. +Бул балыкты чын эле кармап алсам, анда касиеттүү + +бир жайга барып, зыярат кылам. +Убадам ушул. +Чал дуба окуганга кирди. +Кез-кезде чал шалдырап, дубанын сөздөрүн + +унутуп калат. +Анда сөздөрү өздөрү эле айтыла берсин дегенсип, дубаны + +батыраак окуйт. +«Богородицаны» кайталоо «Отченаштан» жеңилирээк, + +– деп ойлоду ал. +– Богородица, касиеттүү кыз, сүйүн, берекелүү Мария, сени кудай + +жалгасын. +Аял болуп бактылуусуң, сенин ичиңен чыккан балаң да + +бактылуу, анткени сен биздин жаныбызды сактап калуучуну төрөдүң. +Оомийин. +– Минтип кошуп койду: – Балык өлсүн деп дуба окуп кой, + +касиеттүү Богород��ца. +Ал балык абдан сонун болсо да, эми эмне + +кылабыз. +Дубаны окуп бүткөн соң, ооруган жери басылбаса да, анын ого бетер + +күчөгөнүнө карабастан өзүн мурдакыдан жеңилирээк сезип калды. +Ал + +кайыктын бооруна жөлөнүп, аны ойлонбостон сол колунун манжаларын + +машыктыра баштады. +Күн куйкалап, шамал аз-аздан күчөп келатат. +– Кичинекей кайырмакка жем сайып, кайра салсам түзүк болор, – деди + +чал. +– Балык дагы бир түн сүзүп чыкпаса, тамак жеш керек, бөтөлкөдө + +суу да аз калды. +Бул жерден макрелден башка эчтеме кармай албасым + +шексиз. +Бирок аны кармар замат жеп алса, даамы анчалык деле жаман + +көрүнбөйт. +Түнүчүндө кайыкка учма балык түшүп калса жакшы болор + +эле. +Бирок аны алдап кайыкка түшүргөндөй от жок. +Чийки учма балык – + +сонун тамак, ичеги карынды да тазалаштын кереги жок. +Азыр күчүмдү + +сакташым керек. +О кудай, мунун мынча чоң экендигин мен кайдан + +билдим… Бирок мен аны чоңдугуна да, кооздугуна да карабастан баары + +бир жеңем, – деди ал. +«Бул адилетсиздик болсо да, мен ага адам эмнеге жарамдуу экендигин, + +адам эмнеге чыдарын көрсөтөйүн», – деп кошумчалап койду. +– Мен балага жөнөкөй чал эмесмин деп айтпадым беле, – деди ал. +– + +Ошону далилдей турган кез эми келди. +Чал муну миң жолу далилдеген. +Далилдесе эмнеси бар экен? +Азыр аны + +кайрадан далилдөөгө туура келип турат. +Эсеп ар дайым башынан + +башталат; ошондуктан чал бирдеме кылганда, өткөн ишти эч качан + +эсине алчу эмес. +«Анын уктап калышын ушунчалык каалар элем, анда мен да уктап, + +түшүмө арстандарды көрүп алар элем, – деп ойлоду ал. +– Эмне үчүн + +арстандар менде калгандардын эң жакшы нерсеси?» + +– Чал, кой, ойлонбо, – деди ал өзүнө. +– Тактайга жөлөнүп бир аз эс алып + +ал, эч нерсени ойлобо. +Балык азыр эмгектенип жатат. +Сен болсоң + +азыраак иштөөгө тырыш. +Түш оогон, кайык болсо тынымсыз алга кетип барат, чыгыштан соккон + +шамал кайыкты айдап алган, чал жип өткөн далысынын ооруганына + +чыдап, жапыз толкундарга чайкалып барат. +Түштөн кийин бир кезде жип кайра көтөрүлө баштады. +Бирок балык + +жүрүшүн токтотпой, мурдакы тереңдиктен кичине гана өйдө көтөрүлдү. +Күн азыр чалдын аркасын, сол далысы менен колун кактап турат. +Чал + +муну байкап, балыктын түндүк-чыгышка бурулганын түшүндү. +Чал + +балыкты бир жолу көрүп алгандан кийин, анын караңгы тереңдикти + +күчтүү куйругу менен жарып, кызгылт көк төш канаттарын кенен + +жайып баратканын көз алдына даана келтирип турат. +«Кызык, ал мындай тереңдикте эмнени көрө алат болду экен? +– деп + +ойлоду чал. +– Анын көздөрү өтө чоң. +Аттын көздөрү аныкынан кичине, + +ал эми ат караңгыда көрөт. +Бир кезде мен да караңгыда жакшы көрчү + +элем. +Албетте, көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта эмес, бирок көзүм + +дээрлик мышыктыкындай эле». +Күн жана тынымсыз машыктыруу тырышып калган сол колун жазды. +Ошондуктан чал далысынын ооруганын басуу үчүн, далысынын + +булчуңдарын кыймылдатып, балыктын салмагын сол колуна жылдыра + +баштады. +– Алигиче чарчабасаң, сен анда укмуштуу балык экенсиң, – деди чал. +Чал өзү аябай чарчады, жакында түн кирерин билип, башка нерселерди + +ойлоого аракеттенди. +Ошон үчүн ал гран лигас болгон атактуу бейсбол + +лигалар менен нью-йорктук «Янкилер» менен детройттук + +«Жолборстордун» бүгүн боло турган оюну жөнүндө ойлоп олтурат. +«Лугос натыйжасын билбегениме мына эки күн болду. +Бирок мен + +өз күчүмө ишенишим керек да, улуу Ди Маджиого татырлык болушум + +керек. +Ал кандай иш кылса да, жадаганда согончогундагы сөөк чорунан + +кыйналса да, баарын сонун аткарат. +Сөөк чору деген эмне болду экен? +Бизде, балыкчыларда андай жок. +Кантип эле ал + +урушка салган короздун текөөрү менен согончокко тепкендей оорусун? +Мени бирөө андай урса, чыдабайт элем, короздордукундай бир көзү + +чукулса да, эки көзү чукулса да, чыдап тура албайт элем. +Укмуштуу + +айбанаттар менен канаттууларга салыштырганда адам баласы + +кыбыраган эле бирдеме. +Азыр мен тиги, деңиздин тереңдигинде сүзүп + +бараткан айбан болгум келип турат». +– Жок, акула гана тийбесе, – деди ал үн чыгарып. +– Акула тийсе аны да, + +мени да кудай өзү сактасын! +«Улуу Ди Маджио балык менен сенчилеп ушунчалык тырышып + +кармашат деп сен чын эле ойлоп турасыңбы? +– деп чал өзүнөн сурады. +– + +Албетте, ал менин ордумда болсо, так ушундай кыларына ишенем. +Балким, мындан да жакшы кылар эле, себеби ал менден жаш жана + +күчтүү да. +Анын үстүнө атасы балыкчы болгон… Анын сөөк чору катуу + +ооруйт болду бекен?» + +– Билбейм, – деди ал угуза. +– Менде сөөк чору деген балаа эч качан + +болгон эмес. +Күн баткандан кийин, чал өзүнүн көңүлүн көтөрүш үчүн, бир жолу + +Касабланканын тавернасында сьенфуэгостук чоң негр менен күч + +сынашканын эстей кетти. +Ал негр порттогу эң күчтүү киши болчу. +Чал + +менен негр стол үстүндө бор менен сызылган чийинге чыканактарын + +таяп, бири-биринин алакандарын бекем кармашып, бир сутка бою + +бетме-бет олтурушту. +Алар биринин колун бири столго жаткырууга + +тырышышат. +Тегеректеп тургандар акча сайышып мелдеше кетишти, + +керосин чырактары менен жарык кылынган караңгы бөлмөдө эл ары- + +бери басып, кирип-чыгып жүрөт; а чал болсо былк этпей, негрдин + +колунан, чыканагынан жана бетинен көзүн албай тиктеп карап олтурат. +Алгачкы сегиз саат өткөндөн кийин, судьялар калыстар уктап алыш + +үчүн ар бир төрт сааттан кийин алмаша башташты. +Эки балбандын + +тырмактарынын түбүнөн кан сызылып чыгып жатат, алар болсо кадала + +тиктешип, колдорун, чыканактарын карап олтурушат. +Мелдешкен + +кишилер бөлмөгө кирип-чыгып жүрүшөт, алар беттешүү эмне менен + +бүтөрүн күтүшүп, бөлмөдө тегерете коюлган бийик отургучтарда + +олтурушат. +Бөлмөнүн көпкөк боёк менен сырдалган жыгач дубалдарына + +чырактардын жарыгынан көлөкө түшүп турат. +Негрдин көлөкөсү чексиз + +чоң көрүнөт, чырактарды шамал кыймылдатканда, анын көлөкөсү да + +дубалда ары-бери жылып турат. +Артыкчылык бирөөнөн-бирөөнө түн + +бою өтүп жатты; негрге ром ичирип, сигарет күйгүзүп берип жатышты. +Негр ромду ичкен сайын күчүнүн бардыгынча аракет кылат; бир жолу ал + +чалдын колун (ошол кезде аны чал дебей, Сантьяго Ее Сатреоп + + деп аташчу) үч дьюмага жакын ийди. +Бирок чал колун кайра + +түзөттү. +Чал андан кийин негрди жеңеринен шектенбей калды. +Негр + +жакшы жигит жана чоң балбан экен. +Таң атканда ошердегилер эч ким + +жеңген жок деп жарыялансын дешип судьялардан талап кылышты. +Судья ийнин куушуруп, эмне кыларын билбей турганда, чал күтпөгөн + +жерден бардык күчүн жыйып, негрдин колун бара-бара басып отуруп, + +столго жыкты. +Мелдеш жекшемби күнү эртең менен башталып, дүйшөмбү күнү эртең + +менен бүттү. +Катышуучулардын көбүнүн эч ким жеңген жок деп + +эсептөөнү талап кылышкандыгынын жөнү мындай: алардын жумушка + +чыга турган убактысы келип калган. +Алар портко барып, Гавана + +кампаниясы үчүн пароходдорго көмүр же кант салынган каптарды + +жүктөшмөк. +Антпесе, алар мелдешти аяктаганча күтүүгө макул эле. +Бирок чал жеңди. +Жеңгенде да жүк ташуучулар жумушка чыгарда + +жеңди. +Ошондон кийин чалды көпкө чейин Чемпион деп атап жүрүштү. +Чал жазында негр менен дагы бир жолу беттешип, утулуп калышын + +жандырууга мүмкүнчүлүк берди. +Бирок сайган акча биринчи жолку + +мелдешке караганда азыраак эле. +Чал негрди экинчи жолу оңой жеңди, + +анткени сьенфуэгостук негр биринчи мелдештен кийин өз күчүнө + +анчалык ишенбей калган. +Кийин чал дагы бир топ мелдештерге + +катышты, бирок бат эле бул ишти таштап койду. +Чал кааласа, ким + +болбосун жеңип аларын түшүндү: анын үстүнө мындан мелдештер оң + +колуна чоң зыян келтирет деп ойлоду. +Оң колу балык уулаганда абдан + +керек да. +Чал эки-үч жолу сол колу менен да кармашып көрдү. +Бирок + +сол колу ага баш ийбей, чалды оңтойсуз абалда калтырчу, ошондуктан + +чал ага ишенчү эмес. +«Күн эми аны жакшылап кактайт, – деп ойлоду чал. +– Ал мага өчөшүп, + +уктап калууга азыр батына албайт. +Түнүчүндө өтө суук болуп калбаса + +гана болду эле… Бул түн мага эмне камдап турат болду экен». +Чалдын үстүнөн Майами жакка бараткан самолёт учуп өттү. +Анын + +көлөкөсүнөн чочуп, көлдөн учуп чыккан бир топ учма балыкты чал + +көрүп калды. +– Биерде учма балык көп болсо, жакын жерде макрель да болушу керек, + +– деп, чал балыкты жакындатыш үчүн жипти катуураак тартты. +Бирок + +жакындата албасына бат эле көзү жетти, себеби үзүлүп кетчүдөй болуп, + +кылдай кериле тартылган жиптен салааланган суу тамчылары дирилдей + +баштады. +Кайык акырын алга жылып баратты. +Чал самолёттун карааны + +кайым болгончо көзүн айырбай карап турду. +«Самолёттон караганда мунун баары өзгөчө кызык көрүнөт ко, – деп + +ойлоду чал. +– Мындай бийиктиктен деңиз кандай болуп көрүнөр экен? +Алар жапысыраак учушса: менин балыгымды көрүшөр эле. +Мен эки жүз + +саржан бийиктикте жай учуп, балыгымды көрсөм кандай сонун болор + +эле. +Таш бака уулап жүргөнүмдө, мачтанын башына чыгып далай + +нерселерди көрчү элем. +Мачтадан караганда макрель жашылыраак + +болуп көрүнөт, жакшылап караса, анын кызгылт-көк темгилдерин сүзүп + +бараткан учурунда да көрүүгө болот. +Эмне үчүн терең жүргөн бат + +сүзүүчү балыктардын жону кызгылт-көк, көп учурларда кызгылт-көк + +темгилдери же жол-жолдору бар? +Макрель болсо жашыл болуп көрүнөт, + +ал эми чынында алтын сымал, бирок макрелдин карды ачып, тамак + +уулап чыкканда, анын капталдарында марлиндикиндей кызгылт-көк + +темгилдер пайда болот. +Ырас эле, бул анын жини келгенден болуп + +жүрбөсүн? +А балким, батыраак сүзгөнүнөндүр?» + +Кечке маал кайык топтолгон саргас балырынан пайда болгон аралчанын + +жанынан өттү. +Жеңил толкунга көтөрүлүп, чайпалып турган балырды + +карасаң, океан сары одеялдын астында бирөө менен кучакташып + +жаткандай көрүнөт. +Ошол аралдын жанынан кайырмакка кичинекей + +макрель илинди. +Чал аны батып бараткан күндүн нурларында алтындай + +жалтырап суудан секирип чыгып, канаттарын шамалга дирилдетип + +каккылап, коркконунан эки бүктөлүп, дөңгөлөктөй ийилип жатканда + +көрүп калды. +Ал кайра-кайра кадимки эле акробаттай секире берди; чал + +кайыктын арт жагына өтүп, чөк түшүп олтурду да, чоң балык түшкөн + +жипти оң колу менен чыканагына сүйөй кармап, сол колу менен + +макрелди алып чыкты. +Суудан улам чубап алып жаткан жипти сол буту менен басып турду. +Макрель кайыктын кырына жакындап, жанынын бардыгынча ары-бери + +жулкунуп жатканда, чал кайыктын кырынан эңкейип, алтындай + +жаркырап көздү уялткан балыкты сүйрөп кайыктын ичине салды. +Макрель оозун тырыштыра кайырмакты тиштейт, анын узун жалпак + +денеси, башы жана куйругу жанталашкансып кайыктын түбүнө урунат. +Чал анын алтындай алоолонгон башына бир чапкандан кийин, ал + +титиреп туруп тынчып калды. +Чал балыкты кайырмактан чыгарып алды да, ага кайра сардина сайып, + +жипти кайра сууга салды. +Андан кийин акырын жылып, кайыктын + +тумшугуна келди. +Сол колун жууп, шымына аарчыды, оор жипти оң + +далысынан сол далысына жылдырып, оң колун жууду да, деңизге чөгүп + +бараткан күндү карап олтурду. +Жип сууга кыйгач кирип турганын карап + +алды да: + +– Иш мурдакы бойдон, – деди. +Бирок колун сууга салып, кайыктын + +жүрүшү акырындап калганын сезди. +– Эми калактарды бири-бирине + +байлаштырып, кайыкка туурасынан бекитип койсом, түнүчүндө + +кайыктын жүрүшүнө тоскоолдук кылат. +Бу балыктын күчү түнгө жетет. +Меники дагы. +«Макрелди кийинчерээк тазаласам жакшы болот ко, – деп ойлоду ал. +– + +Анда анын каны бүт бойдон агып кетпейт. +Муну кийинчерээк кылайын, + +ошондо калактарды да байлаштырам. +Азырынча, өзгөчө күн баткандан + +кийин, балыктын тынчын албоом керек. +Күндүн батышы кандай + +балыкка болбосун жаман таасир берет». +Чал колун шамалга тосуп кургатты да, жип��и кармап, өзүн балыкка + +сүйрөтүп, кайыктын капталына тыгыз жөлөндү. +Ошентип балыктын + +салмагын өзүнүн денесинен кайыкка которду. +«Мен аны-мунуга кичине үйрөнүп калдым, – деп ойлоду ал. +– Азырынча + +балыкка кандай мамиле жасаш керек экенин билем. +Анын үстүнө ал + +баягы жемди жуткандан кийин оозуна эчтеме ала элек. +Мындай дөөгө + +тамак абдан көп керек. +Муну унутпоо керек. +Мен болсом бир тунецти + +бүт бойдон жедим. +Эртең макрелди жейм, – чал макрелди дорадо деп + +атачу эле. +– Мүмкүн, аны тазалаганда бир кесим жээрмин. +Тунецке + +караганда макрелди жеш кыйыныраак. +Бирок дүйнөдө оңой эле келе + +турган эч нерсе жок». +– Абалың кандай, балык? +– деп ал катуу үн чыгарып сурады. +– Менин + +абалым сонун. +Сол колумдун ооруганы мурдакыдан басылып калды: + +тамак бу түнгө, анан дагы бир күнгө жетет. +Мейлиң, балык, кайыкты + +сүйрөп кете бер. +Бирок чал өзүн анча деле жакшы сезип турган жери жок, себеби жип + +өткөн далысы мурдакыдай оорубай, тынымсыз сыздап, чалдын тынчын + +алды. +«Мен мындан жаман абалдарга да учурагам, – деп өзүнө өзү + +кайрат айтат. +– Колум кичинекей эле жарадар болгон, экинчи колум эми + +тырышпай калды. +Буттарым сопсоо. +Анан тамак жагынан алсам да, + +менин абалым балыктыкынан жакшы». +Капкараңгы, сентябрь айында караңгы капысынан, күн батары менен + +каптайт. +Чал тузга желип, жешилген тактайларга жөлөнүп, жакшылап эс + +алууга тырышат. +Асмандан биринчи жылдыздар көрүндү. +Ал Ригель + +деген жылдыздын атын билбейт, бирок аны көргөндөн кийин жакында + +башка жылдыздар да чыгып, бу алыскы достор кайрадан өзү менен + +бирге болорун түшүндү. +– Балык дагы менин досум, – деди ал. +– Мен мындай балыкты көрмөк + +тургай, мындай балык болот деп уккан да эмесмин. +Бирок аны өлтүрүш + +керек. +Жылдыздарды өлтүрүүнүн бизге зарылдыгы жок экендиги кандай + +сонун! +«Өзүң ойлоп көрчү, кудайдын куттуу күнү адам баласы айды өлтүрөм + +деп, аңдып жүрсүн. +Ай болсо андан качып жүрсүн. +Макул, ал эми адам + +күндү уулап артынан аңдып жүрсө эмне болор эле? +Жок, эмне десең да, + +адам баласынын иши оңунан чыккан», – деп ойлоду ал. +Анан чал ачка бараткан чоң балыкты эстеп, өтө кейиди. +Бирок бул + +аянычтуу ой чалдын балыкты өлтүрүш керек деген чечимине эч кандай + +тоскоолдук кылган жок. +Бул балык канча кишини тойгузат! +Бирок бул + +балыкты жеш үчүн адамдын баркы жетеби? +Сөзсүз, жетпейт. +Анын этин + +жеш үчүн дүйнөдө бир да татырлык адам жок; балык өзүн кандай + +асылзаттык менен алып жүрөт – ошону байкагылачы. +«Мен көп нерсени түшүнбөйм, – деп ойлоду ал. +– Бирок күндү, айды, + +жылдыздарды өлтүрүү биздин тагдырыбызга тийбегени кандай жакшы! +Деңизге жалынып, андан тамак сурап, өзүбүздүн бир туугандарыбызды + +өлтүргөнүбүз эле жетишет. +Эми мен калактардан тормоз жасашым + +керек. +Анын жаман жагы да бар. +Буга көп жип кетет: балык жулкунуп + +кутулам десе, балыктан ажырап калышым да мүмкүн, калактан тор��оз + +жасасам, кайык мурдакыдай ары-бери бош жүрө албай калат. +Кайыктын + +жеңилдиги менин азабымды да, балыктын азабын да улантып жатат. +Бирок менин кутулушумдун шарты дал ошондо. +Бу балык кааласа + +мындан да бат жүрө алат да. +Кандай болсо да, макрелди сасый элегинде + +тазалаш керек, анан күчкө келиш үчүн кичине жеп коюш керек. +Эми + +дагы бир саатча эс алам, анан балык эчтеме кылбаса, кайыктын арт + +жагына барып, кылаар ишти кылам, калактар тууралуу бирдемени ойлоп + +табам. +Ага чейин балык өзүн кандайча алып жүрөрүн байкап алам. +Калактан тормоз жасаш – абдан акылдуу ой, бирок азыр жаңылышсыз + +иштеш керек! +Балыктын күчү али толук, кайырмак ууртуна илингенин + +көрүп калдым, оозун болсо катуу жаап алыптыр. +Оозунун ооруганы ал + +үчүн анчалык деле азап эмес. +Аны көбүнчө ачкалык жана ага + +түшүнүксүз коркунуч кыйнап жатат. +Эс алып ал, чал, азыр балык + +иштесин, анан сага да кезек келет». +Чал өз оюнда эки саатча эс алды. +Айдын бу мезгилде кеч + +чыккандыгынан кайсы маал экенин биле албады. +Чынын айтканда, чал + +аздыр-көптүр эс алымыш болду. +Ал мурдакыдай эле балыктын салмагын + +далысы менен сезип турат, бирок сол колу менен кайыктын тумшугунун + +кырына таянып, балыктын салмагын кайыкка салууга аракеттенет. +«Жипти кайыкка байлап коюуга мүмкүн болсо, баары опоңой эле, – деп + +ойлоду ал. +– Бирок ал акырын эле жулкунуп койсо, жип үзүлөт. +Мен + +балыктын тартышын өзүмдүн денем менен тынымсыз токтотуп турушум + +керек да, жипти ар мүнөттө эки колум менен тең коё берүүгө даяр болуп + +турушум керек!» + +– Бирок сен уктаган жоксуң, чал, – деди ал өзүнө. +– Жарым күн, анан + +бир түн, анан дагы бир күн өттү, а сен болсоң алигиче кирпик кага + +элексиң да, кага элексиң. +Балык тентектик кылбай, жоошуп турганда + +кичине чырм этип алуунун бир амалын тап. +Эгер уктап албасаң, башың + +маң болуп калат. +«Азыр акылым тунук, – деп ойлоду ал. +– Өтө эле тунук. +Асманда + +жаркырап турган менин бир тууган жылдыздарымдай эле ачык. +Анткени + +менен баары бир укташым керек. +Жылдыздар да укташат, ай да уктайт, + +күн да уктайт, кез-кезде – агым жокто жана жымжырт болуп турганда + +океан да уктайт. +Уктап алууну унутпа, – деп, ал өзүнө эскертти. +– + +Өзүмдү өзүң уктат. +Жиптен бошоно турган бир жөнөкөй жана + +ишенимдүү арга тап. +Азыр арт жакка барып макрелди тазала. +Уктап + +калчу болсоң, калактан жасалган тормоз – коркунучтуу нерсе. +Бирок + +мен уйкусуз эле чыдай алам, – деди ал өзүнө. +– Ооба, чыдай аласың, + +бирок бу дагы коркунучтуу иш». +Чал балыктын тынчын албайын деп, төрт аяктап кайыктын арт жагына + +жыла баштады. +«Балким, ал дагы үргүлөп келаткандыр, – деп ойлоду + +чал. +– Бирок мен анын эс алышын каалабайм. +Ал өлгөнгө чейин + +кайыкты сүйрөсүн». +Кайыктын арт жагына жетип, балыктын салмагын сол колуна которду + +да, оң колу менен бычагын кынынан сууруп чыкты. +Жылдыздардын + +жарыгында макрель даана көрүнүүдө. +Чал аны бычак менен башка + +сайып, кайыктын арт жагындагы тактайдын астынан сууруп чыкты. +Балыкты буту менен басып, анын боорун куйругунан баштап + +бакалооруна чейин жиреди. +Анан бычакты таштап, балыктын ичин + +тазалады, колкосун сууруп салды. +Балыктын карыны оор жана + +жылмакай экен. +Чал карынды жарып, андан эки учма балык тапты. +Алар + +бузулбаптыр жана катуу бойдон экен; чал аларды кайыктын түбүнө + +жанаша таштап койду да, макрелдин иче-кардын сууга ыргытты. +Иче- + +карын чөгүп баратып, сууда жылтыраган из калтырды. +Жылдыздардын күңүрт жарыгында макрель боз болуп көрүнөт. +Чал + +макрелдин башын буту менен басып, анын бир капталынан терисин + +сыйырды. +Анан макрелди оодарып, экинчи капталынан терисин + +сыйырды да, балыктын башынан куйругуна чейин эки капталынан этин + +кесип алды. +Макрелдин сөөгүн сууга ыргытып, анын түшкөн жери + +айлампа боло түшөр бекен деп карап турду, бирок суу түбүнө акырын + +чөгүп бараткан балыктын тулкусунун жылтыраган изинен башка эчтеме + +көрө албады. +Андан кийин чал кайра бурулуп, эки учма балыкты + +макрелдин кесилген этинин арасына сойлотту да, бычагын кынына + +салып, кайыктын баш жагына кайра өттү. +Жиптин салмагы анын + +далысын басып, белин бүкчүйттү; чал балыкты оң колу менен кармап + +баратты. +Чал кайыктын тумшугуна жетип, балыктын этин тактайга жайды да, + +анын жанына учма балыктарды койду. +Андан кийин жипти далысынын + +ооруй элек жерине жылдырып, салмактын баарын кайыктын кырына + +жөлөнө таянып турган сол колуна которду. +Чал кайыктын кырынан + +эңкейип, учма балыкты жууду да, ошону менен бирге колунун астынан + +суу кандай ылдамдык менен өтүп жатканын байкап турду. +Чал + +макрелдин терисин сыйрыганда колу калтырап калды, ошондуктан ал + +айланып аккан сууну карап турду. +Азыр суу мурдакыдан акырыныраак + +агып калды, чал колун кайыктын кырына сүрүп, фосфордун + +жылтыраган кичинекей бөлүкчөлөрү кайыктын арт жагына акырын + +агып кетип жатканын көрдү. +– Балык же чарчады, же эс алып жатат, – деди чал. +– Батыраак + +тамактанып, кичине уктап алыш керек. +Чал балыктын жарым этинин теңин, анан бир учма балыкты жеди. +Ал + +учма балыкты мурда эле, барган сайын күн суук болуп баратканын + +байкап, жылдыздардын жарыгында тазалап алган. +– Бышкан макрелден жегиликтүү эмне бар, – деди ал. +– Бирок чийки + +макрелден жаман эч нерсе жок! +Мындан кийин деңизге эч качан туз + +менен лимонсуз чыкпайм. +«Менде мээ деген болсо, күнү бою кайыктын тумшугуна суу чачып, + +кургатып отурсам, кечинде туз да болот эле, – деп да ойлоду. +– Ырас, + +макрелди күн батарда кармадым. +Ошентсе да, көп нерсени эске + +албапмын. +Анткени менен макрелдин бир кесим этин бүт жедим, ал + +эми алигиче кускум келе элек». +Чыгыш жактан асманды булут каптап, тааныш жылдыздар биринин + +артынан бири өчө баштады. +Ал булут каптаган терең капчыгайга кирип + +бараткансыйт. +Шамал басылып калды. +��� Үч-төрт күндө жаан-чачын башталар, – деди чал. +– Бирок бүгүн да + +эмес, эртең да эмес. +Балык тынч баратат, уктап ал, чал. +Чал жипти оң колу менен бек кармады, саны менен колун басты да, бүт + +салмагын салып, кайыктын капталына ыгыра жабышты. +Анан + +аркасында калган жипти ылдыйыраак жылдырып, сол колу менен да + +кармап алды. +«Оң колум жазылганча жипти кармап турат. +Эгерде ал мен + +уктап калганда жазылып кетсе, сол колум жиптин деңизге зуулдап + +кирип баратканын сезип, мени ойготот. +Албетте, оң колго оңой болбойт. +Бирок ал азап-тозокторго чыдамкай неме. +Эгерде мен жок дегенде + +жыйырма мүнөт же жарым саат уктап алсам, ошондо да жакшы болот + +дечи». +Ал кайыктын капталына ныктай жөлөнүп, балыктын салмагын оң + +колуна салды да, уктап кетти. +Ал түшүндө арстандарды көргөн жок. +Бирок сегиз же он миля жерге жайылган сансыз көп деңиз чочколору + +түшүнө кирди. +Куут мезгили болгондуктан, чочколор суудан бийик + +секирип чыгып, кайра эле ошол суу үңкүрүнө кирип кетип жатышты. +Андан кийин ал кыштактагы алачыгында, керебетте жаткандай түш + +көрдү. +Алачыкта түндүктөн соккон шамал алкынып, чалды үшүтүп + +жатты, башына жазданып жаткан оң колу уюп, уктап калыптыр. +Ошондон кийин гана узун сары тайыздык чалдын түшүнө кирди. +Кеч + +күүгүмдө биринчи арстан, анын артынан чубап башкалары чыкты; чал + +якордо турган кеменин кырына сүйөнүп, жээктен соккон кечки шамалга + +бетин тосуп, жаңы арстандар көрүнөр бекен деп күтүп турду. +Ал чексиз + +бактылуу эле. +Ай небак чыккан, чал дале уйкуда, балык болсо шашпай, + +бир калыпта кайыкты булут капчыгайына сүйрөп баратты. +Чал балыктын катуу жулкканынан ойгонуп кетти: оң колунун муштуму + +бетине чабылды, а жип болсо колун сыздата кесип, сууга житип + +баратты. +Чал сол колун сезген жок, жипти оң колу менен тартып + +токтотууга тырышты, бирок жип жин ургандай сууга кете берди. +Акыры + +сол колу менен сыйпалап жипти тапты; чал балыктын салмагын сол + +колуна көчүрүп, жипти аркасы менен басып алды. +Эми жип сол колду + +да, чалдын аркасын да сыздатып кыйып атты. +Чал мойнун буруп, + +даярдалган түрмөктөрдү карады, алар бат-бат жазылып жатыптыр. +Так + +ошол убакта балык океандын тегиз бетин жарып, мөңкүп чыга келди да, + +сууга чулп этип кайра кирди. +Анан ал кайра-кайра туйлады. +Чал жипти + +катуу тартып, бир паска коё берип, үзүлүп кетпесин деп коркуп, анан + +тобокелге салып күчүнүн бардыгынча кайра тартса да, жип сууга сызып + +кирип кайык алга ылдам кете берди. +Чал жипке сүйрөлүп, кайыктын + +тумшугуна жетти, бирок сүрдүгүп барып баягы жайылып жаткан + +макрелдин этине бети жабыша түштү, кыймылдай алар эмес. +«Биз ушуну гана күтүп турганбыз, – деп ойлоду ал. +– Эми сак бол. +Мен + +андан жиптин өчүн алам. +Андан өч алам!» Чал балыктын секиргенин + +көрө албады, океандын шарп этип жарылганын, чалп эткен оор + +дабышты угуп турду. +Сууга сызып кирген жип анын колдорун аябай + +к��сип жатты, бирок чал мындай болорун билген, ошон үчүн азыр + +алакандары менен манжаларын жарадар кылбас үчүн жипке колунун + +чор баскан жерлерин тосууга аракеттенди. +«Бала жанымда болсо, жипти + +суулап турар эле, – деп ойлоду ал. +– Кап, бала жанымда болсочу! +Бала + +жанымда гана болсочу!» + +Жип тынымсыз чубала берди, бирок анын жылышы мурдакыдан + +оорураак болуп калды да, балык жиптин ар бир укумун оор күрөштүн + +аркасында гана алып жетти. +Чал эптеп башын көтөрүп, жупкадай болуп + +жанчылган макрель этинен бетин окчундатты. +Андан кийин тизелеп + +турду, анан акырын өйдө туруп да алды. +Ал жипти дале бошотуп + +жатканы менен, анда жарытпады. +Караңгыда буту менен жиптин + +түрмөктөрүн таап, басып көрдү да, жип али көп экенин билди. +Суудагы + +жипке да балыктын күчү оңой-олтоң жете турган эмес. +«Мынакей, – деп ойлоду чал. +– Ал он чакты жолу мөңкүдү, + +тарсылдактарына жел толтуруп алды. +Эми киши жетпес жерде өлүш + +үчүн, тереңдикке кете албайт. +Ал азыр тегерене баштайт: ошондо мен + +иштешим керек. +Кызык, бул эмнеге кыжырланды болду экен? +Же + +курсагы ачып, айласы кеттиби, же караңгыда бир нерседен чочудубу? +Балким, ал кокусунан коркунучту сезип калгандыр. +Ал мага эр жүрөк, + +өзүнө ишенген неме көрүнгөн эле… Кызык!» + +– Андан көрө, чал, сен өзүң коркунучту унут да, өзүңдүн күчүңө + +көбүрөөк ишен, – деди ал. +– Сен балыкты кармап турганың менен + +жиптин бир укумун да сууруп ала элексиң. +Жакында ал айлана баштайт. +Чал эми жипти сол колу, ийни менен кармап турду; ал бетине + +жабышкан макрелдин этин жууюн деп, эңкейип оң колу менен суу сузуп + +алды. +Ал кусуп жиберип алсырап калуудан коркту. +Ал бетин жууп, + +агарып келаткан асманды карап, оң колун туздуу сууга бир паска кармап + +турду. +«Азыр ал түптүз эле чыгышты карай баратат десек болот. +Демек, + +ал чарчап калып, суунун агымы түштү. +Жакында ал айланып сүзүүгө + +аргасыз болот. +Анык иш ошондо башталат». +Чал колун туздуу сууга биртике кармап туруп, анан жакшылап карады. +– Корко турган жери деле жок, – деди ал. +– Эркекке ооруксунуу эчтеке + +эмес. +Чал колунун жаңы кыйылган жерлерине жип тийбесин деп, жипти + +абайлап кармады да, сол колун да сууга салыш үчүн денесинин + +салмагын оодарды. +– Байкуш, кейпиңе караганда, анчалык деле жаман жүргөн жоксуң, – + +деди ал сол колуна. +– Сен мени кыйын абалда калтырган учуруң да + +болгон. +«Мен эмне үчүн эки колум тең бирдей жакшы болуп төрөлбөдүм? +– деп + +ойлоду ал. +– Балким, өз убагында сол колго жакшы иштөөнү үйрөтпөй, + +өзүм айыптуу болуп жүрбөйүн? +Бирок кудай бар, ал өзү деле үйрөнүп + +алууга мүмкүнчүлүгү бар эле го! +Чынын айтканда, ал мени бүгүнкү + +түнү анчалык деле алдаган жок, анан тарамыштары да бир эле жолу + +тырышты. +Эми бу дагы бир жолу кайталанса, андан көрө аны таптакыр + +эле жип кыйып кетсин!» Муну ойлогондон кийин, чал өзүнүн башы маң + +болуп калганын түшүндү. +Макрелдин этинен дагы бир кесим жеш керек. +«Жок, жей албайм, – деди ал өзүнө. +– Мейли, кусуп алсырагандан көрө + +башым айланып турсун. +Өз бетим менен жанчып салган эт мага аш + +болбойт. +Бул этти айла кеткенче сактайм. +Анын үстүнө азыр тамактануу + +баары бир кеч, пайдасыз. +Эй, келесоо чал! +– деп ал өзүн өзү тилдеди. +– + +Экинчи учма балыкты унутуп койдуңбу?» + +Мына, ал тазаланган бойдон жатат. +Чал аны сол колу менен алып, + +сөөктөрүн шашпай чайнап, бүт бойдон жеп алды. +«Башка балыктарга + +караганда мунун эти берекелүү, – деп ойлоду ал. +– Кандай болсо да, + +мында мага керектүү нерсенин баары бар. +Мына эми, мен колуман + +келген иштин баарын иштеп бүттүм. +Эми ал айлана баштасын, аны + +менен салгылашайын». +Чал деңизге чыккандан бери күн үчүнчү жолу деңизден көтөрүлдү да, + +ошондо балык айланып сүзө баштады. +Чал жиптин сууга кандай + +кыйгачтык менен киргенин, балыктын айлана баштаганын байкаган + +жок. +Муну, жипти карап билүү али эрте болчу. +Чал жиптин жеңилдей + +түшкөнүн гана сезди да, аны оң колу менен аз-аздан тартып, түрө + +баштады. +Жип мурдакыдай керилип тартылды, бирок мына-мына үзүлөт + +деп турганда, кайра бошоп кетти. +Ошондо чал эңкейип, талып кеткен + +далысын жиптен бошотту да, жипти бир калыпта жыйып ала берди. +Ал + +эки колун ирети менен шилтөөдө. +Анын карыган буттары менен + +ийиндери колдорунун кыймылдарына жардам берүүдө. +– Ал өтө эле алыстан айлана баштады го, – деди чал. +– Иши кылып, + +айлана баштады. +Капысынан жип токтоп калды, бирок чал жип солкулдап, андагы күнгө + +жаркыраган суунун тамчылары серпиле баштаганча тарта берди. +Андан + +кийин жип кайта тартылып деңизге кете баштады. +Чал тизелеп, жипти + +аз-аздан караңгы сууга айласыздан кайрадан бошото берди. +– Азыр балык өз айланасынын эң алыскы жеринен өтүп баратат, – деди + +ал. +«Аны күчтүн келишинче кармап туруш керек. +Тартылган жип тегеректи + +улам кыскарта берүүдө. +Балким, мен аны бир сааттан кийин эле көрүп + +калармын. +Адегенде мен аны күчтүүлүгүмө ишендиришим керек, андан + +кийин аны жеңем». +Бирок эки саат өттү, ал эми балык болсо баягы бойдон кайыкты + +айланып сүзүп жүрдү. +Чалдан шорголоп тер агып жатты. +Ал өлгүдөй + +чарчады. +Анткени менен балыктын айланганы кыскарып, жиптин сууга + +киргенине караганда, балык тереңдиктен көтөрүлүп, суунун үстүнө + +жакындап келатты. +Бир сааттан бери чалдын көзү алачакмак болуп + +караңгылай баштады. +Ачуу тер көзүнө куюлуп, көзүнүн үстүндөгү + +жараны, чекесиндеги дагы бир жараны ачыштырып каарып жатты. +Көздөрүнүн алачакмак болгонуна чал чочуган жок. +Жипти тартканда + +жаныңа кандай күч келерин эстесең, алачакмак болгонуна таң + +калбайсың. +Бирок чал эки жолу алсыраганын сезип, абдан коркту. +«Чын + +эле мен жаңылышып, ушул балык үчүн өлөмбү? +– деп ал өзүнөн сурады. +– Анан калса азыр, иш оңолуп, баары жакшы болуп тургандабы? +О, + +кудай, чыдоого күч бере көр! +Мен жүз жолу «Отче наш», жүз ��олу + +«Богородицаны» окуюн. +Бирок азыр эмес, азыр окуй албайм». +«Окуду деп эсептей бер, – деп ойлоду ал. +– Мен аны кийин окуйм». +Чал + +эки колу менен кармап турган жипти балык жулкуп алып бирдеме + +менен чапкылап жатканын сезди. +Жулкунганы өтө күчтүү болду. +«Өзүнүн кылыч тумшугу менен кайырмак байланган зымды чапкылап + +жатат, – деп ойлоду чал. +– Муну күтүш керек эле. +Ал так ушуну кылууга + +тийиш болчу. +Бирок минтип отурса, мөңкүп да жүрбөсүн. +Азыр анын + +мөңкүшүнүн кереги жок, андан көрө айлана берсин. +Анын мөңкүп + +секиргени аба жутуп алышы үчүн керек. +Эгер азыр мөңкүсө, мөңкүгөн + +сайын кайырмак илинген жери жырылып отуруп, балык бошонуп + +кетиши ыктымал». +– Мөңкүбө, балык, – деп жалынды ал. +– Сураганым ушул, мөңкүй көрбө. +Балык удаа-удаа жипти чапкылады; башын чайкап, чал жипти + +кичинеден бошотту. +«Анын денесин оорутуп албашым керек, – деп + +ойлоду ал. +– Менин оорум болсо – ал меники. +Ага мен чыдайм. +Ал эми + +балыктын денеси катуу ооруса, ал жинди болуп кетет». +Бир топ убактан кийин балык зымга урунганын токтотуп, кайтадан + +акырын айлана баштады. +Чал бир калыпта жипти суудан сууруп жатты. +Бирок чалдын көңүлү дагы айланды. +Ал сол колу менен деңиздин + +суусунан сузуп, башына куйду. +Анан башына дагы кичине суу куюп, + +желкесин ушалады. +– Кудай жалгап, баягыдан бери тарамыштарым түйүлө элек, – деди ал. +– + +Балык жакында сүзүп чыгат, мен ага чыдайм. +Сен чыдамкайлык + +кылышың керек, чал. +Чыдай албайм деген оюңда да болбосун. +Чал чөк түшүп, убактысынча жипти аркасына салды. +«Ал айланып + +жүргөнчө, мен эс алып турайын, анан ал жакын келгенде жипти тартып + +жыйнай баштайм». +Чал балык айланганча жипти тартпай, кайыктын + +тумшугуна жөлөнүп көбүрөөк эс алгысы келет. +Бирок жиптин + +тартылышы менен балык тегеректин жартысынан өтүп, кайыкка кайтып + +келатканын билдиргенде, чал өйдө туруп, жипти көбүрөөк тартып алыш + +үчүн, денеси менен ары-бери чайпалып, эки колдоп алмак-салмак тарта + +баштады. +«Өмүрүмдө мынча чарчаган эмес элем, – деп ойлоду чал, – + +шамал да күчөп келатат. +Ырас, балыкты үйгө алып жөнөгөндө, шамал + +мага чоң жардам берет. +Мага бул шамалдын кереги абдан тиет». +– Ал кайра тегерене баштаганда мен эс алып алам, – деди чал. +– Анын + +үстүнө, мен өзүмдү тыңыраак сезип калдым. +Эми эки-үч жолу айланса + +колума түшөт. +Чалдын чий калпагы желкесине жылып кеткен. +Балык бурулуп, кайра + +тартканда, чарчаган чал кайыктын тумшугуна суй жыгылды. +«Эми сен + +иште, балык, – деп ойлоду ал. +– Сен кайта бурулуп келгенде, ошондо + +сени менен алпурушам». +Деңиздин үстү менен чоң толкун жүрө баштады. +Бирок толкунду жакшы + +шамал айдап келди. +Ал шамал ачык күндүн жолдошу, ал шамал чалды + +үйүнө жеткизет. +– Түштүк менен батышты көздөй айдап жүрүп отура берем. +Мына + +ошондой кылам. +Деңизде адашууга болобу? +Анын үстүнө биздин + +аралыбыз узун. +Чал балыкты үчүнчү жолу айланып келатканда көрдү. +Адегенде чал + +балыктын кара көлөкөсүн көрдү. +Кайыктын астынан өтүп бараткан + +көлөкөнүн чоңдугун көрүп, өз көзүнө ишенбеди. +– Жок, – деди ал. +– Ал мындай чоң болууга мүмкүн эмес. +Чал ишенбесе да, балык чоң эле. +Балык үчүнчү жолу айланып бүткөндө, + +суунун үстүнө кайыктан отуз ярддай эле жерден чыкты да, чал анын + +суудан сороюп чыккан куйругун көрдү. +Анын куйругу эң чоң ороктон да + +чоң, кара-көк суунун үстүндө көгүлжүм тартып көрүндү. +Балык сууга + +кайра киргени менен, анчалык терең кеткен жок. +Чал анын кызгылт-көк + +жазы чийиндер менен курчалган килейген денесин даана көрүп турду. +Анын аркасындагы канаты жайылып, боорундагы далдайган канаттары + +кенен жазылган. +Балык айланганча чал анын көзүн жана балыктын жанында бараткан + +эки боз жабышкак балыкты көрүп калды. +Жабышкак балыктар кез-кезде + +чоң балыкка жабышып, анан андан кайта качышат. +Кээде алар балыктын + +көлөкөсүнө киришип, ойноп сүзүшөт. +Ар биринин узундугу үч футтан + +ашык, алар бат сүзгөндө жыландай иймеңдешет. +Чалдын бетинен тер куюлуп агып жатты, бирок ал азыр жалаң гана + +күндүн ысыгынан эмес. +Балык шашпай, жоош өңдүү айланган сайын чал + +жипти тартып алууда. +Балык дагы эки айлангандан кийин ага гарпун + +саярына чал шек санабайт. +«Мен аны аябай жакындатышым керек, – деп + +ойлоду чал. +– Анан башка мээлештин кереги жок. +Жүрөккө уруш керек». +«Сабырдуу жана күчтүү бол, чал», – деди ал өзүнө. +Балыктын кийинки + +жолку айланышында анын жону суудан чыкты, бирок кайыктан деле + +алысыраак эле. +Балык дагы бир жолу айланды, эми суудан мурдакыдан + +көбүрөөк чыгып турганы менен кайыкка анчалык жакындаган жок: чал + +жипти тартса, балыкты кайыктын так жанына алып келерин билип + +турду. +Ал гарпунун бая эле даярдаган; бир түрмөк ичке трос тегерек себетте + +жатат, учу кайыктын тумшугундагы казыкчага байланган. +Балык аябаган + +чоң куйругун жай шилтеп, жакындап келатты. +Ушунчалык жоош, + +ушунчалык кооз! +Чал күчүнүн бардыгынча жипти тартып, балыкты + +жакындатууга тырышты. +Балык бир заматка капталына жантая кетти. +Анан кайта түзөлүп, айлана баштады. +– Мен аны ордунан козголттум, – деди чал. +– Канткени менен мен аны + +оодарылууга аргасыз кылдым. +Чалдын башы кайтадан айлана баштады. +Ошентсе да ал жипти алынын + +бардыгынча тартууда. +«Мен аны капталына оодарбадымбы, – деп ойлоду + +ал. +– Балким, азыр аркасына оодара алармын. +Тарткыла – деп чал + +колдоруна буйрук берди. +– Буттарым, мени көтөрүп тургула! +Башым, + +мага дагы кызмат кылып бер. +Кызмат кылып бере көр. +Сен мени эч + +качан оңтойсуз абалда калтыра элек эмессиңби. +Эмки жолу мен аны + +чалкасынан түшүрөм». +Балык кайыкка жакындай электе эле, чал күчүнүн баарын салып, жипти + +тарта баштады. +Бирок балык кичине гана капталына ооп барып оңолуп + +кетти да, кайыктан алыстап сүзүп жөнөдү. +– Уксаң боло, балык! +– деди чал ага. +– Сен баары бир ө��өсүң да. +Ал эми + +менин да өлгөнүмдүн сага эмне кереги бар? +«Минтип отурсам, мен эч нерсе кылалбайм», – деп ойлоду чал. +Чалдын + +таңдайы кургап, ал үн чыгара албай калды. +Бөтөлкөгө жетүүгө алы жок. +«Ушу жолу мен аны кайыктын жанына алып келишим керек, – деп ал + +өзүн кубаттандыра сүйлөдү. +– Сенин кайратың түбөлүккө жетет, чал». +Балык дагы айланып келгенде, чал аз эле жерден ага жетпей калды. +Балык түзөлүп, кайта алыстап кетти. +«Сен мени өлтүрүп жатасың, + +балык, – деп ойлоп жатты чал. +– Бу сенин укугуң дечи. +Өмүрүмдө + +сендей чоң, татынакай, жоош жана асыл жанды көрө элекмин. +Мейлиң, + +мени өлтүрө, бер. +Кимди ким өлтүрөт, эми мага баары бир». +«Ай, чал, акылың кайтадан чатышып баратат! +Оюң тунук болуш керек! +Оюңду иретке келтирип кыйынчылыктарга адамча чыдасаң боло… Же + +балыкча», – деп ал оюнда кошумчалап койду. +– И-и, баш иште, – деди чал араң эле үн чыгарып, өзүнүн үнүн өзү араң + +укту. +– Иште, дебедиби сага. +Балык дагы эки жолу айланды, бирок иш кейпи мурдакы бойдон кала + +берди. +«Эмне кылыш керек? +– деп ойлонот чал. +Балык ары кеткен + +сайын, чал өзүн эсинен танып бараткансып сезет. +– Эмне кылам эми? +Дагы бир жолу аракет кылайын». +Ал дагы бир жолу аракеттенип, эсинен + +ооп баратканын сезди, ошентсе да балыкты чалкасынан түшүрдү. +Анан + +балык аласалып калыбына келди да, килейген куйругун булгап, ары + +сүзүп кетти. +«Дагы бир жолу оодарып көрөйүн», – деп көзү караңгылап, + +колдору таптакыр эле чарчап калса да, чал өзүнө убада берди. +Ал дагы + +бир жолу аракет кылды, балык дагы кетип калды. +«И-и, ушундай дечи? +– + +деп ойлоду да, өзүн өмүрү өчүп бараткандай сезди. +– Мен дагы бир жолу + +аракет кылам». +Чал тулку боюнун бүт ооруганына чымырканып, калган + +күчүн жана небак жоголгон намысын жыйнап туруп, балыкты кыйнаган + +азап менен жекеме-жеке таймашууга багыттады, ошондо балык бир + +капталына оодарылып, килейген кылыч тумшугу менен кайыкка тие + +жаздап, акырын өтө баштады. +Ал килейген, учу-кыйыры жок сыяктуу + +көрүнгөн, кызгылт-көк жазы тилкелерге оролгон тулкусун күмүштөй + +жылтылдатып кайыктын жанынан аз эле жерден өтүп кете жаздады. +Чал жипти кайыктын түбүнө таштап, буту менен ороп, гарпунду бийик + +көтөрүп, калган күчүнүн баарын жыйнады да, балыктын боорун мээлеп + +туруп оркойгон көкүрөк канатынын так түбүнө матырып алды. +Ал + +темирдин жумшак этке кирип баратканын туйду, гарпунду денесинин + +салмагы менен ныктап, тереңдете сая берди. +Ошондо, денесине өлүм + +киргенине карабастан, балык жандана түштү, өзүнүн чоңдугуна, + +күчтүүлүгүнө, өтө кооздугуна мактангансып, суудан бийик секирип + +чыкты. +Ал чал менен кайыктын үстүндө асылып тургансып көрүндү. +Анан кайык менен чалды көлдөгөн сууга каптатып, деңизге чалп этип + +кайра түштү. +Чал алсырап, башы айланып, көзү тунарып жакшы көрбөй калды. +Гарпундун жибин бошотуп, аны кесилген колдору менен кармалап + +олтурду, анан көзү жакшы болуп калганда, балыктын күмүштөй + +жаркырап чалкасынан жатканын көрдү. +Гарпундун сабы анын + +аркасынан сороюп чыгып турат, айланада суу балыктын жүрөгүнүн + +канына боёлгон. +Адегенде көгөргөн сууну балыктардын үйүр тобу бир + +миля тереңдикке чейин ээлеп алгандай капкара болуп калды. +Анан кан + +сууга жайылып булутка окшош кетти. +Күмүш сымал балык толкундарга + +чайкалып жатты. +Көзү кайра тунарганча, чал балыкты тиктеп турду. +Анан гарпундун + +жибин кайыктын башындагы казыкчага эки жолу ороп, башын төмөн + +салып, бетин алакандары менен басты. +«Башым эмне болуп жатат, – деп + +ойлоду ал, кайыктын капталына бети менен сүйөнүп, – мен картаң + +кишимин, ошон үчүн абдан чарчадым. +Ошентсе да балыкты өлтүрдүм, + +ал мага бир туугандан кымбат болуп калса да. +Эми кара жумуш гана + +калды. +Эми мен жип даярдап, балыкты кайыкка байлашым керек. +Биз + +эки киши болуп кайыкты чөгөрө түшүп, балыкты анын ичине салсак, + +анан кайыктагы сууну сузуп төгүп, кайыкты жеңилдетсек да, кайык + +мындай салмакты көтөрө албайт эле. +Мен эми керек нерселерди + +даярдайын, анан балыкты кайыктын жанына тартып келип кайыкка + +байлап, парусту коюп үйгө жөнөйм». +Бакалоору менен оозунан жипти өткөзүп кайыктын тумшугуна + +балыктын башын байлаш үчүн, чал балыкты кайыктын жанына тарта + +баштады. +«Мен аны бир карап алгым келип турат, – деп ойлоду ал. +– + +Аны колум менен кармалап, кандай балык экенин билгим келет. +Себеби + +бул балык менин байлыгым да. +Бирок муну ушул себептен колум менен + +кармап көргүм келбейт. +Эмне үчүндүр жана денесине гарпунду түбүнө + +чейин жеткире сайганымда, мен өзүмдү анын жүрөгүнө колум менен + +тийгендей сездим, – деп ойлоду ал. +– Болду эми, андан көрө берирээк + +байла, куйругуна илмек сал да, кайыкка жакшыраак байлаш үчүн + +денесин да чырма. +– Чал, кириш эми ишке, – деп ал бир ууртам суу + +ичти. +– Эми, салгылашуу бүткөндөн кийин, дагы көп кара жумуш + +калды». +Чал асманды карап, анан балыкты карады. +Ал күндү телмире + +тиктеп турду. +«Азыр жаңы эле түштөн ооду. +Пассат күчөп келатат. +Жиптерди оңдоо азыр пайдасыз. +Үйгө жеткенде эле бала экөөбүз + +улаштырып алабыз». +– Бери келчи, балык! +Бирок балык чалдын тилин уккан жок. +Ал толкунда капарсыз термелип + +жатат. +Чал өзү кайыкты ага жакындатты. +Кайык жакындап, балыктын + +башы кайыктын тушуна келгенде, чал анын чоңдугуна кайта таң калды. +Бирок ал гарпундун жибин кайыктын тумшугундагы казыкчадан чечип, + +балыктын бакалоорунан өткөрүп, оозунан чыгарды да, балыктын кылыч + +тумшугуна ороду, анан жипти кайта дагы бакалоорунан өткөрүп, кылыч + +тумшугуна дагы бир жолу ороду да, эки түйүн кылып казыкка байлады. +Арткан жипти кесип алып куйругун байлаш үчүн кайыктын арт жагына + +өттү. +Балыктын күмүш-кызгылт көк денесинин өңү өзгөрүп, эми + +таптаза күмүшкө айланды, денесиндеги узун тилке темгилдери анын + +куйругундай ачык кызгылт-к��к болуп калды. +Бул темгилдер эркек + +кишинин тарбайтып жазган алаканынан жазы, балыктын көзү + +перископтун күзгүсүндөй же кресттүү жүрүштө иконага тартылган + +олуялардын жүзүндөй дүйнөдөн капарсыз. +– Мен аны башкача өлтүрө албайт элем, – деди чал. +Сууну ичкенден кийин ал өзүн жакшы сезип калды. +Эми эсинен + +танбасын билип турат, башы да айланбайт. +«Мунун салмагы жарым + +тоннадан кем эмес, – деп ойлоду ал. +– Мүмкүн, андан да ашыктыр. +Мунун үчтөн бир бөлүгү таза эт болуп чыгып, ар бир фунтун 30 центтен + +сатса, ал канча акча болот? +– Калемсиз санай албайсың, – деди чал. +– + +Калемсиз санаш үчүн, башың соо болуш керек. +Бирок улуу Ди Маджио + +бүтүн мага сыймыктана турган акысы бар деп ойлойм. +Менде сөөк чору + +жок, анысы чын. +Бирок колдорум менен далым аябай эле ооруду. +Кызык, + +сөөк чору деген эмне болду экен? +Балким, ал бизде да бардыр, биз аны + +жөн эле байкабай жүрбөйлү? +Чал балыкты кайыктын тумшугуна, + +отургучка жана арт жагына байлады. +Анын зор денесин карап, өзүнүн + +кайыгын чоң кеменин капталына байлап койгондой сезет. +Балыктын + +оозу ачылып, кайыктын жүрүшүнө тоскоолдук кылбас үчүн анын + +астыңкы жаагын кылыч тумшугуна байлап койду. +Анан мачтаны коюп, + +гафелдин ордуна таяк колдонуп, шкотту тартты. +Жамаачылаган парус + +керилип, кайыкты алга айдады. +Чал кайыктын арт жагына жамбаштап + +жатып алып, түштүк-батышты карай жөнөдү. +Түштүк-батыш кайда экенин билүүгө чалга компастын кереги да жок. +Пассаттын каякка сокконун сезип, парустун кандай керилгенин көрүп + +турса эле болду. +«Кайырмак салып көрсөмбү? +Блеснага бирдеме түшүп + +калар. +Таптакыр тамак жок». +Бирок ал блеснаны табалбай койду, + +сардиналар болсо бүкшүп кетиптир. +Чал багор менен кайыктын + +жанынан өтүп бараткан, бир тутам сары балырды илип алып силкти; + +балырдын арасынан кайыкка ондон ашык майда креветкалар түштү. +Креветкалар бүргөдөй секирип, кичинекей буттарын тыбырчылатышат. +Чал эки манжасы менен алардын башын жулуп, куйругу менен кабыгын + +чайнап, бүт бойдон жеди. +Креветкалар өтө эле кичинекей, бирок + +алардын даамы сонун жана күчтүү тамак экенин чал билет. +Бөтөлкөдө + +кичине суу калган. +Чал креветкаларды жегенден кийин суунун төрттөн + +бир бөлүгүн ичти. +Тоскоол күчтүү болсо да, кайык жакшы жүрүп баратты. +Чал румпелди + +чыканагы менен басып, кайыкты алып жүрүп олтурду. +Балык дайыма анын көз алдында, бирок колун карап же аркасы менен + +кайыкка жөлөнгөндө гана бул түшүндөгү окуя эмес, өңүндө болуп + +турган иш экенин сезет. +Бир жолу, иш аяктап калганда чалдын башы + +айланып, ал муну түшүмдө көрүп жатамбы деп ойлоду. +Андан кийин + +деле балык суудан секирип чыгып, бирдемеге илингенсип биртике + +типтик туруп, анан кайра сууга киргенче, чал бир укмуш көргөнсүп өз + +көзүнө ишенбеди. +Ошондо көзүнүн курчу кетип начар көрүп калгандыгы + +чын эле, ал эми азыр болсо көзү өз калыбында. +Чал мындай балыктын бар экендигин жана колдору менен далысынын + +сыздап ооруганы түш эмес экендигин азыр жакшы билет. +«Колдорум бат + +айыгат, – деп ойлойт ал. +– Кан жакшы эле акты, эми жараттар + +ириңдебейт, анан туздуу суу аларды бат айыктырат. +Булуңдардын кара + +суусу – дүйнөдөгү эң сонун дары. +Ойлорум гана чатышпаса болду. +Колдорум өз ишин аткарышты, кайык да жакшы баратат. +Балыктын оозу + +жабык, куйругу түз, экөөбүз эки бир туугандай жанаша баратабыз». +Анан башы айлана түштү да, чал: «Кимибизди кимибиз алып баратабыз + +– мен аныбы же ал мениби? +– деп ойлоду. +– Эгерде мен аны кайыкка + +сүйрөтүп, алдыга түшүп кетип баратсам баары түшүнүктүү болор эле. +Же болбосо ал кунары кетип кайыктын ичинде жатса, анда да + +түшүнүктүү болор эле. +Ал эми биз бир бирибизге бекем байланышып, + +жанаша баратабыз. +Андай болсо, мейли, ага жакса мени сүйрөсүн. +Мен + +аны амалдуулук менен гана албадымбы. +Ал мага каршы эч бир + +жамандык ойлогон эмес». +Эми тынбай кетип баратышты. +Чал акылдан тайбаска аракеттенип, + +колдорун туздуу сууга чайкап келет. +Түрмөктөлгөн булуттар бийик + +жылып баратышат; алардын үстүнөн тарам-тарам булуттар сызып + +өтүүдө; шамал түн бою согорун чал билет. +Чал бул чын эле түшүнө + +кирген окуя эмеспи деп улам-улам балыкты карап коёт. +Биринчи акула чалга жеткенче бир саат өттү. +Акула аны кокусунан кууп + +жеткен жок. +Ал балыктын канынын кара булуту коюлуп, анан суу менен + +бир миля тереңдикке жеткенде, океандын түбүнөн чыкты. +Ал эч + +нерседен коркпой, суунун көк мейкинин жарып, күнгө жаркырап + +чыкты. +Анан сууга кайра кирди, кандын жытын кайра таап, кайык + +менен балык калтырган изге түшүп жөнөдү. +Кээде ал изди жоготуп + +жиберип жатты. +Бирок аны кайта таап же анын жытын алыстан сезип, + +бир жолу да туура багыттан адашкан жок. +Бул мако тукумуна караштуу + +чоң акула эле. +Мындай акулалар деңиздеги эң ылдам сүзгөн + +балыктардан калышпай сүзүүгө жаралган; анын оозунан башка жери өтө + +кооз. +Анын аркасы кылыч тумшук балыктыкындай көк, боору + +күмүштөй, териси жыпжылмакай жана кооз, айтор, азыр бекем + +жабылган килейген жаактарын эске албаса, ал бүт эле бойдон кылыч + +тумшук балыкка окшош. +Аркасындагы бийик канаты менен сууну оңой + +жиреп, ал деңиздин үстү менен сызып баратат. +Оозунун бек жумулган + +эки кабат ээгинин ары жагында арсайган сегиз катар тиши бар. +Анын + +тиши башка акулалардыкындай учтуу түз тиш эмес, айбандардын + +тырмактарына окшоп ийилген, кишинин манжаларына да окшоп кетет. +Узундугу чалдын сөөмөйүнөн кем калбайт, кырлары устарадай курч. +Бул + +акула башка балыктарды, жадаганда абдан шамдагай, күчтүү, жакшы + +куралданган, эч кимден коркпогон чоң балыктарды жеш үчүн жаралган. +Азыр ал жемдин жакындыгын сезип, жонундагы көгөргөн канаты менен + +сууну бычактай кесип, шашып баратты. +Чал аны көргөндө, бул акула эч + +нерседен коркпой, оюна келгенин кыла берерин түшүндү. +Гарпунду + +даярдап, анын жибин бекитти да, акуланын жакындашын күтүп турду. +Жип кыска эле, себеби балыкты байлаганда, андан кесип алган. +Чал үмүт менен өзүн жубатпаса да, азыр кайраттуу, башы сопсоо, ою + +тунук. +«Иш өтө эле жакшы болуп келаткан, мындан ары андай боло + +бермек эмес», – деп ойлоду чал. +Келаткан акуланы карап, чоң балыкка + +бир кез жүгүртүп алды. +«Мындан көрө мунун баарын түшүмдө көрсөм + +жакшы болор эле. +Анын мага кол салышына тоскоолдук кылалбайм, + +бирок аны өлтүрө алармын! +Дентузо, – деди ал ойлонуп. +– Энеңе + +чума тийгир!» + +Акула кайыктын так түбүнө келди. +Чал анын аңырайган оозун укмуштуу + +көзүн көрдү, анан акуланын тиштери балыктын этине кирип, карс дей + +түшкөнүн укту. +Ал балыктын куйругунан өйдө тиштеди. +Акуланын башы + +суудан чыгып турат, анын артынан жону да көрүнөт. +Чал акуланын + +тиштери балыктын этин чалпылдата тытып жатканын угуп, гарпунду + +акуланын башына, эки көзүн кошкон сызык менен тумшугунан өйдө + +кеткен сызык кезиккен жерге сайды. +А чындыгында андай сызык жок + +эле, салмактуу, сүйрү көк башы, чоң көздөрү жана оозуна илингенди + +жеген карсылдак оркогой тиштүү жаактары гана бар. +Бирок акуланын + +мээси так ушу жерде, ошондуктан чал гарпунду ушул жерге таамай урду. +Ал канга боёлуп, жарадар болгон колдору менен гарпунду бекем ныгыра + +кармап туруп урду. +Ал эч нерседен үмүт кылбай, бирок чечкиндүүлүк + +менен каарданып туруп урду. +Акула чалкасынан кетти, чал анын өчүп бараткан көзүн көрдү. +Анан + +акула дагы оодарылып жипке оролду. +Чал акуланын өлгөнүн түшүндү. +Бирок акула ага көнбөдү. +Ал чалкалап жатып куйругу менен чапкылап + +сууну жарышкан кайыктардай көбүртүп, тиштерин карсылдатат. +Акуланын куйругу тийген жерде деңиз апаппак; акуланын денеси суудан + +теңинен көбүрөөк көтөрүлүп чыкты, жип керилип, солкулдап, акыры + +анын салмагын көтөрө албай үзүлүп кетти. +Акула деңиздин үстүндө + +биртике жатты, чал аны карап турду. +Анан акула акырын гана сууга + +чөгүп кетти. +– Акула балыктын кырк фунтка жакын этин алып кетти, – деп үн катты + +чал. +«Ал гарпунумду да, калган жипти да бүт бойдон алып кетти, – деди ал + +оюнда акуланы кошумчалай сөгүп, – балыктын каны токтобой агып + +жатат, бул акуланын артынан башкалары да келишет». +Чал эми + +балыктын көркү кетип калгандан кийин аны көргүсү келбейт. +Акула + +балыкты качырып, терисин жырып, этин сугуна баштаганда, чал акула + +анын өзүн качыргандай сезди. +«Эмнеси болсо да, менин балыгыма кол + +салган акуланы өлтүрдүм. +Мен көргөн дентузонун эң чоңу ушул эле. +А + +мен, кудай бар, өзүмдүн өмүрүмдө чоң акулаларды далай эле көргөм. +Иштерим өтө эле жакшы болуп бараткан. +Мындан ары ошондой болуп + +уланууга тийиш эмес эле. +Азыр мунун баары түшүмдө болсо, эч балык + +кармабай эле, гезит төшөлгөн керебетимде жатсам». +– Бирок адам баласы жеңилип калыш үчүн жаратылган эмес да, – деди + +ал. +– Адамды жок ��ылууга болот, жеңүүгө болбойт. +«Деги балыкты өлтүргөнүм аянычтуу, – деп ойлоду ал. +– Мага эми + +кыйынчылыктар кезигет, мен гарпунумдан да айрылдым. +Дентузо + +шамдагай жана ырайымсыз, акылдуу жана күчтүү айбан. +Анткени менен + +иш жүзүндө мен андан акылдуу болуп чыктым. +А балким, акылдуу + +эместирмин. +Жөн эле мен андан жакшы куралдангандырмын». +– Көп ойлонбо, чал, – деди ал үн чыгара. +– Шамал менен кете бер да, + +кырсыкты кезиккен жерден тосуп ал. +«Жок, мен ойлонушум керек, – деди ал ичинен өзүнө каршы чыгып. +– + +Андан башка мага эч нерсе калган жок да. +Ушу жана бейсбол. +Кызык, + +улуу Ди Маджио акуланы так мээге урганымды жактырар беле? +Албетте, мында анчалык деле таң каларлык эч нерсе жок. +Ким деле + +болсо мындан жаман кылбайт болчу. +Бирок ойлоп көрчү, чал, сенин + +колдоруң сөөк чорлорунан аз тоскоол кылдыбы? +Мен кайдан билем? +Менин согончокторума өмүрүмдө эч нерсе боло элек. +Бир жолу гана + +сууга түшөм деп, электр скатка чактырып алгам; ошондо бутум + +тиземе чейин шал болуп, тим эле сөөгүмдү сыздатып ооруган». +– Андан көрө бир көңүлдүү нерсе жөнүндө ойлон, чал, – деди ал. +– + +Мүнөт сайын сен үйгө жакындап келатасың. +Анын үстүнө балыктын + +кырк фунтун жоготкондон бери кайык жеңилдеп калды. +Агымдын ортосуна түшкөндө аны эмне күтүп турганын чал жакшы + +билет. +Бирок айла жок. +– Калп айтпа, айла бар, – деди ал угуза. +– Бир калактын учуна + +бычагыңды байлап алсаң боло. +Чал румпелди колтугуна кысып, парустун жибин буту менен басып, + +калакка бычакты байлады. +– Мынакей, – деди ал, – кексе чал болсом да, куралым бар. +Шамал күчөп, кайыктын жүрүшүн ылдамдатты. +Чал балыктын баш + +жагын гана карап олтурду; чалдын үмүтү бара-бара жана баштады. +«Үмүттөн ажыраш – акылсыздык, – деп ойлоду ал. +– Анын үстүнө бул + +кудайга күнөөлүү боло турган иш болсо керек. +Эмне күнөө, эмне күнөө + +эмес экендигин ойлоп эмне кыласың? +Дүйнөдө ансыз деле жоруктар + +үчүн кудайга күнөөкөр болорун да түшүнбөйм. +Түшүнбөйм, анан + +ишенбешим да керек. +Балким, балыкты өлтүрүү – күнөөдүр. +Мен аны + +өзүм ачкадан өлбөс үчүн жана дагы толгон кишилерди тойдуруш үчүн + +өлтүрсөм да, күнөөлүү иш деп ойлойм. +Андай болсо кылганыңдын + +баары күнөө. +Эмне күнөө, эмне күнөө эмес жөнүндө ойлобоо керек. +Азыр аны ойлоо кеч. +Анын үстүнө күнөө жөнүндө ойлогону үчүн акы + +алгандар ойлошсун. +Балык балык болуш үчүн туулгандай, сен да + +балыкчы болуш үчүн туулгансың, улуу Ди Маджионун атасы сыяктуу, + +касиеттүү Петр да балыкчы болгон». +Бирок ал өзүнүн айланасында болгон бардык нерселер жөнүндө акыл + +жүгүртүп ойлонууну жакшы көрчү, окуй турган эч нерсеси жок + +болгондуктан, радиосу да болбогондуктан, ал көп нерселер жөнүндө, + +ошонун ичинде күнөө жөнүндө да ойлоно олтурду. +«Сен балыкты + +башкаларга сатып, жаныңды сакташ үчүн гана өлтүргөн жоксуң, сен аны + +намысына келе түшүп өлтүрдүң, анын үстүнө сен балыкчысың, – деп + +ойлоду ал. +– Сен аны тирүүсүндө абдан жакшы көрүп калдың, азыр да + +жакшы көрөсүң. +Жакшы көргөнүңдү өлтүрүү күнөөлүү иш эмес. +А + +балким, тескерисинче, эң эле күнөөлүү иш ушу болуп жүрбөсүн?» + +– Сен өтө эле көп ойлонуп кеттиң, – деди ал угуза. +«Бирок сен дентузону моокумуң кана өлтүрдүң. +Ал дагы сен сыяктуу эле + +балыкты өлтүрүп жашайт. +Ал башка акулалардай өлүктү жеген тойбос + +курсак эмес. +Ал коркунуч дегенди билбеген кооз жана асыл айбан». +– Мен аны өзүмдүн өмүрүмдү коргойм деп өлтүрдүм, – деди ал үнүн + +чыгарып. +– Мен аны, тим элеби, чебердик менен өлтүрдүм. +«Анан калса, – деп ойлоду ал, – иши кылып жандуулардын баары + +жандууларды өлтүрүшөт же жансыздарды жок кылышат. +Балык уулоо + +бир жагынан мени өлтүрүп, бир жагынан жанымды сактап келатат. +Бала + +менин жанымды сактап келатат. +Азгырылба, чал». +Ал кайыктан + +эңкейип, балыктын акула тиштеген жеринен бир үзүм эт жулуп алды. +Эттин сапатын жана даамын билиш үчүн чайнап көрдү. +Эт кызыл + +болгону менен моюнчанын этиндей ширелүү жана жумшак. +Базарга + +алып чыкканда эң жогорку бааны аларын билди. +Бирок анын жыты + +деңизге тарап жатат, буга чал тоскоолдук кылалбайт. +Кыйынчылыктар + +алдыда экенин да билип турат. +Шамал басаңдабады. +Ал түндүк-чыгышка карай бир аз бурулду – бу + +шамалдын басаңдабасынын белгиси эле. +Чал алдында керилген + +мейкиндикти карап, кеме да, парус да, түтүн да көрө албады. +Учма + +балыктар гана деңизден учуп чыгып, туш-тушка тарашат да балырдын + +аралчалары саргаят. +Куру дегенде куш да жок. +Эки саат өткөндөн кийин чал эки акуланын биринчисин көрдү. +Ал + +кайыктын арт жагына жөлөнүп, балыктын этин чайнап, батыраак күч + +жыйнайын деп жаткан эле. +– Ай! +– деп жиберди чал. +– Бул маанисиз добушту киши алаканын мык + +тешип жыгачка кадалып баратканда гана чочугандыктан чыгара турган + +үн. +– Галанос,– деди ал угуза. +Ал биринчи канаттын артынан суудан дагы бирөө чыкканын көрдү. +Чал + +ушул үч бурчтуу күрөң канаттарды карап, куйруктарынын арбаң-тарбаң + +эткен кыймылынан, жазы тумшук акулалар экенин түшүндү. +Алар + +балыктын жытын сезгенден кийин тынчы кетип, ачкалыктан жин + +тийгенсип, бул кызыктырган жытты улам жоготуп, улам табышат. +Иши + +кылып, алар мүнөт сайын жакындап келатышты. +Чал парусту былкылдатпай байлап, рулду бекитти. +Анан ал баягы бычак + +байланган калакты колуна алды. +Ал калакты коомай кармады, анткени + +аябай ооруган колдору бек кармабайт. +Колдорун жазыш үчүн + +муштумдарын түйүп, кайра ачты. +Анан колдору ооруганын дароо сезип, + +кийин жумуштан качпасын деп калакты бекем кармады да, жакындап + +келаткан акулаларды күтүп турду. +Чал алардын жазы тумшук, жалпайган баштарын жана ак сызык менен + +кырланган чоң көкүрөк канаттарын көрдү. +Бул эң кара ниет акулалар, + +өлүктөрдү да жеген сасыган жырткычтар, өтө ачка болсо кайыктын + +рулун да, калагын да кемирүүгө даяр немелер. +Мындай ��кулалар + +деңиздин үстүндө уктап калган таш бакалардын буттарын тиштеп жулуп + +кетишет; ачка болсо суудагы кишиге да кол салышат, ал киши балык + +жыттанбаса да мейли. +– Ай! +– деди чал. +– Мейли, бери сүзүп келе бергиле. +Алар көп күттүрбөй эле сүзүп келишти. +Бирок алар мако сыяктанып + +сүзүп келишкен жок. +Бирөө бурулуп, кайыктын астына кирип кетти; ал + +балыкты жулкулдатып жеп жатканда, кайыктын титирегени чалга + +билинди. +Экинчиси кичинекей сары көздөрү менен чалды карап турду + +да, анан оозун аңырайта ачып, балыктын мурда мако жеп кеткен жерине + +асылды. +Чалга акуланын күрөң башынан тартып мээси менен + +аркасынын кошулган жерине чейинки сызык даана көрүндү; чал калакка + +байланган бычакты так ошол жерге урду; анан бычакты сууруп алып, + +акуланын мышыктыкындай сары көзүнө малып алды. +Өлүп бараткан + +акула ошондо да тиштеп алган этти жута, балыктан ажырап төмөн + +кетти. +Экинчи акула баягы бойдон балыкты тытмалап, кайыкты титиретип + +жатты. +Чал акуланы кайыктын астынан чыгарыш үчүн парусту бошотуп, + +кайыкты бурду. +Акуланы көрүп, кайыктын кырынан эңкейип туруп, + +бычак менен сайды. +Бычак анын жумшак жерине тийди, бирок + +акуланын калың териси бычакты терең жиберген жок. +Бу жолу чалдын + +жалаң гана колдору эмес, ийни да ооруп кетти. +Бирок акула араандай + +ачылган оозун суудан чыгарып, кайтадан качырды; ошондо чал бычакты + +анын жалпайган башынын так ортосуна сайды. +Бычакты сууруп алып + +так эле ошо жерге кайта урду. +Бирок акула жаагын бекем жаап, балыкка + +тырышып жабышып калды. +Чал бычакты анын сол көзүнө сайды. +Ошондо да акула балыкты коё берген жок. +– И-и, ушинтейин дедиңби? +– деп, чал бычакты көк шилиге сайып + +калды. +Ушул тапта бул оңой эле; ал акуланын кемирчегин бычак кесип өткөнүн + +туйду. +Калактын башка жагын акуланын оозуна тыгып, анын жаагын ача + +баштады. +Калакты эки-үч жолу толгогондо, акула балыктан бошоду. +– Төмөн жөнө, галано,– деди чал. +– Бир миля төмөн жөнө… Жанагы + +досуң менен көрүшкүн. +Же ал сенин энең беле? +Чал бычактын мизин аарчып, кайыктын ичине койду. +Анан парусту + +орнотту. +Ал шамалга керилгенде, кайыкты мурдакы багытка салды. +– Алар эң кеминде балыктын төрттөн бир бөлүгүн алып кетишти, анын + +үстүнө эң жакшы этин жешти, – деди чал угуза. +– Бул түшүмдө болуп, бу + +балыкты кармабасам, кандай сонун болор эле. +Эх, балык, ушундай + +болгонуңа мени кейибейт дейсиңби. +Чал сөзүн токтотту; азыр балыкты көргүсү келбейт. +Канынан ажырап, + +сууга чыланган балыктын түсү күзгүнү сырдаган амальгамадай, бирок + +денесиндеги сызыктары али көрүнүп турат. +– Деңизге мынчалык алыс кетпешим керек эле, – деди ал. +– Ай, балык + +ай, ушундай болгонуңа өтө өкүнөм. +Сага да, мага да жаман болду. +«Эй, абайла, чал! +– деди ал өзүнө. +– Бычак байланган жип + +кесилбептирби, карачы. +Анан колуңду калыбына келтир, себеби жумуш + +али бүтө элек». +– Кап, бычакты курчутууга кайрактын жогун карачы, – деди ал, + +калактын сабындагы жипти текшерип, – кайракты ала жүрүш керек эле. +«Сен ала жүрө турган нерсе толуп жатат чал, – деп ойлоду ал. +– Ала + +келбептирмин, эми эмне дейсиң. +Азыр эмне жетишпейт деп ойлоп + +отурууга убакыт жок. +Андан көрө колуңда бар нерсени пайдаланууга + +айла тап». +– Өх-х, сен ушул өзүңдүн кеңештериң менен мени жадатып жибердиң, – + +деди ал угуза. +Чал румпелди колтугуна кысып, эки колун тең сууга малды, кайык болсо + +алга кетип баратты. +– Жанагы акула балыктын канчасын жегенин кудай өзү билет, – деди ал. +– Бирок балык жеңилдеп калды. +Чал балыктын көркү кеткен ичи жөнүндө ойлогусу да келбейт. +Акула + +кайыкты түрткөн сайын балыктын этинен килейтип сугунуп жатканын + +чал жакшы билип турду. +Эми балыктын артынан кара жолдой кенен из + +калып жатты. +Бу жол дүйнө жүзүндөгү акулалардын баарына ачык. +«Мындай балык кишини кыш бою багат эле… Муну ойлобо, чал! +Андан + +көрө өзүңдө калганын коргош үчүн эс алып, колдоруңду жайына келтир. +Суу менен тарап жаткан балыктын жытына салыштырганда менин + +колумдун канынын жыты жокко эсе. +Анан колумдун каны токтоюн деп + +да калды. +Колдорум терең кесилген жок. +Кичине кан акса, кайта сол + +колумдун тарамыштарын тырыштырбай сактап калат. +Азыр эмне + +жөнүндө ойлосом? +Эч нерсени ойлобо. +Андан көрө башка акулаларды + +күт. +Ушунун баары чын эле түшүмдө болгонун тилейт элем. +Бирок ким + +билет? +Иш оңолуп кетери да ажеп эмес». +Эмки акула жалгыз келди, ал дагы тумшугу жалпак акулалардын + +тукумунан экен. +Чочко өз тепшисине кандай келсе, акула балыкка так + +ошондой келди. +Бирок кишинин башын бир тиштеп жулуп ала + +тургандай, чочконун мунукундай оозу жок. +Чал акула балыкты тиштегенче күтүп туруп, калакка байланган бычак + +менен башка койду. +Бирок акула арт жагына жулкунуп, ала салды да, + +бычактын мизи сынып кетти. +Чал рулга олтуруп алды. +Акуланын чөгүп, + +бара-бара кичирейип, анан тыптырмактай болуп көрүнгөнүн караган да + +жок. +Бул көрүнүш чалды дайым аябай кызыктырчу. +Эми азыр көргүсү да + +жок. +– Багорум гана калды, – деди ал. +Бирок анда эмне пайда? +Андан башка + +эки калак, румпель жана союл бар. +«Мына эми алар мени жеңишти, – деп ойлоду ал. +– Мен акуланы союл + +менен уруп өлтүрүш үчүн өтө эле картаңмын. +Ошондой болсо да, союл, + +румпель, калак барда, салгылашка аларды пайдаланам». +Ал колдорун + +кайта туздуу сууга малды. +Күүгүм жакындап, тегеректе асман менен + +деңизден башка эч нерсе көрүнбөйт. +Шамал мурдакыдан күчөп келди, + +жакында жер көрүнөт деп үмүт кылды чал. +– Сен чарчадың чал, – деди ал. +– Сенин жаның чарчады. +Андан кийин акулалар күн батып баратканда гана кол салышты. +Чал эми + +балык деңизде шексиз калтырган жазы изди кууп келаткан күрөң + +канаттарды көрдү. +Алар изди издебей, түптүз эле кайыкка келатышты. +Чал румпелди бекитип, парусту байлады да, союлду колуна алды. +Узундугу эки жарым фунтка жакын союл сынган калактан кесилип + +алынган. +Анын сабынан башка жакшылап кармай турган жери да жок. +Чал аны оң колу менен бекем кармап, акулаларды күтүп, союл кармаган + +муштумун күч менен имерип алды. +Акула экөө экен, экөө тең галанос. +«Биринчиси балыкты бекем тиштегенче күтүп турушум керек, – деп + +ойлоду ал. +– Ошондо тумшугунун учуна же баш сөөгүнө урам». +Эки акула балыкка тең жетишти. +Чалга жакыныраак акула оозун ачып, + +тишин балыктын күмүштөй жалтыраган капталына матырганда, чал + +керилип туруп, союл менен акуланын жалпайган башына бир чапты. +Чалдын колу катуу серпилгенин сезип калды, бирок акуланын сөөгүнүн + +таштай катуулугун да сезди. +Чал акуланын тумшугунун учун күч менен + +чапты. +Акула акырын жылып, сууга кирип кетти. +Экинчи акула өз энчисин жулуп алып, ары качып кеткен, эми оозун + +ачып алып дагы келди. +Акула балыкты качырып тиштейин дегенде, чал + +анын жаагына жабышкан балыктын апаппак этин көрдү. +Чал шилтеди, + +бирок союл башына тийип калды, акула чалды кылчая карап алып, анан + +эттен дагы бир жолу жулуп алды. +Акула бул этти жутуш үчүн балыкты + +коё бергенде, чал аны дагы бир жолу чаап калды, бирок союл кайта эле + +анын катуу башынан серпилип кетти. +– И-и, жакыныраак келчи, галано, – деди чал. +– Дагы бир келип койчу. +Акула аткан октой балыкты качырды, аны күтүп турган чал акуланын + +жаагы жабылар замат чапты. +Ал союлун бийик көтөрүп туруп, күчүнүн + +бардыгынча чапты. +Бу жолу союл акуланын каракушуна тийди, чал ошол + +эле жерге дагы бир жолу чаап калды. +Акула балыктан араң эле бир + +тиштем эт үзүп алып, сууга жылып түштү. +Чал акулалар кайра келеби деп күтүп турду, алар көрүнгөн жок. +Кийин + +чал кайыктын айланасында сүзүп жүргөн бир акуланы көрдү. +Экинчи + +акуланын канаты кезден кайым болуп көрүнбөй калды. +«Тигилерди + +өлтүрө алам деп ойлогон да эмесмин, – деп ойлоду чал. +– Мурда + +колуман келчү. +Кандай болсо да, мен экөөнү тең аябай майып кылдым, + +алар эми мурдакыдай жакшы жүрө алышпай калышты. +Союлду кош + +колдоп кармай алсам, биринчи акуланы өлтүрө чабат элем. +Ооба, ушу + +жашка келгениме карабастан өлтүрө чабат элем». +Ал балыкты карагысы келбеди. +Анын теңи жок болгонун билет да. +Чал + +акулалар менен салгылашып жүргөнчө, күн да батып кетти. +– Жакында караңгы түшөт, – деди ал. +– Ошондо Гавананын отторунун + +жарыгын көрүп калармын. +Эгерде мен чыгышка алыс чегинип кеткен + +болсом, анда жаңы курорттордун биринин отторун көрөм. +«Мен жээктен көп алыс болууга тийиш эмесмин, – деп ойлоду ал. +– + +Алар аерде курулай эле тынчсыздана беришпей тургандыр. +Бирок мени + +баладан башка ким эстейт дейсиң. +Ал болсо менден шек кылбайт. +Балким, улуураак балыкчылардын тынчы кеткендир. +Жаштары деле, + +балким, чочуп калышкандыр, – деп ойлоду ал. +– Мен деги жакшы + +кишилердин арасында турам го». +Ал балык менен андан ары сүйлөшө албай калды, анткени балыктын + +тамтыгы кетип калган эле. +Аңгыча болбой анын башына бир жаңы ой + +кылт дей түштү. +– Жарты балык! +– деп чакырды ал. +– Мурдагы бүтүн балык! +Мен деңизге + +ушунчалык алыс кеткениме өтө өкүнөм. +Мен экөөбүздү тең өлтүрдүм. +Бирок экөөбүз көп акуланы жок кылдык, андан да көбүн майып кылдык. +Эң картаң балык, сен өмүрүңдө алардын далайын өлтүргөндүрсүң? +Алдагы башыңдагы кылыч бекер эле сороюп турат дейсиңби? +Балык тирүү болуп деңизде өз эркинче жүрсө, акуланы эмне кыларын + +ойлоп отуруу чалга абдан жагып калды. +«Акулалар менен салгылашуу + +үчүн мунун кылычын кесип алышым керек эле» – деп ойлоду ал. +Бирок + +анын балтасы жок, эми бычактан да ажырады. +«Эгерде анын кылычы + +менде болсо, калактын сабына байлап алсам, укмуштай курал болмок + +экен! +Ошондо биз чын эле жанаша салгылашат элек! +Эми алар + +түнүчүндө келишсе, айла эмне болот? +Эмне кыла аласың?» + +– Кармашам! +– деди ал. +– Өлгөнүмчө кармашам. +Бирок караңгыда оттор да, оттордун кызарган жарыгы да көрүнбөдү, + +жел жана желге капталып бөрсөйгөн парус гана бар; чал капысынан + +өзүн өлүп калгандай сезди. +Ал колу менен колун кайчылаштыра кармап, + +алакандарын сезди. +Алакандары жан-серек экен, колун ачып-жумуп + +оорутушу мүмкүн эле. +Ал эми колдору ооруса, демек, ал тирүү да. +Ал + +кайыктын артына жөлөнүп туруп, тирүү экенин билди. +Муну далылары + +туюндурду. +«Эгер балык кармап калсам окуйм деген таат-ибадаттын + +баарын азыр окушум керек, – деп ойлоду ал. +– Бирок мен азыр абдан + +чарчадым. +Андан көрө капты алып ийнимди жабайын». +Чал кайыктын арт жагына жатып алып, кайыкты башкарып, Гавананын + +отторунун кызыл жарыгы качан көктөн көрүнөт деп күтүп олтурат. +«Менде балыктын жартысы эле калды, – деп ойлоду ал. +– Бактым болсо, + +жок дегенде анын алдыңкы бөлүгүн үйгө жеткизип алар бекенмин. +Ушунча болуп мага да бирдеме буйрар!. +Жок, – деди ал өзүнө. +– Сен + +деңизге мынчалык алыс кеткениңде эле ишиңдин ийгиликтүү бүтүшүн + +келекелегенсиң». +«Жөнү жок келжиребе, чал! +– деп, ал өзүнүн сөзүн өзү жулуп алды. +– + +Уктабагын да, рулду кара. +Балким, сага да бакыт конор». +– Эгерде бак-таалай бир жерде сатыла турган болсо, мен андан жок + +дегенде бир чымчым сатып алар элем, – деди чал. +«Эмнеңе сатып аласың? +– деп кайра өзүнөн сурады. +– Аны жанагы + +жоголгон гарпунга, сынган бычакка же жарадар болгон колдоруңа сатып + +алмаксыңбы? +Ким билет? +Бактыны деңизде жүргөн сексен төрт күндө + +сатып алгың келбеди беле. +Ара-чородо аны сага сатып да жибере + +жаздашты. +Капкайдагы сандырактаган ойлорду ойлоп эмне кыласың. +Бакты адам баласына ар түрдүү болуп келет, аны таанууга болот + +дейсиңби? +Мисалы, мен болсом, бактыны кандай түрүндө болсо да + +кичине сатып алып, анысына эмне сураса, ошонун баарын берер элем. +Гавананын отторун көргүм келет, – деп ойлоду ал. +– Сен өтө көп + +нерселерди каалап турасың, чал. +Бирок мен азыр Гавананын отторун + +гана көргүм келет – андан башка эч нерсенин кереги жок». +Ал рулдун жанына ыңгайланып отурмакчы болду да, оорусу күчүркөгөн + +соң, чынында эле тирүү экенин билди. +Чал шаардын отторунун + +жарыгын саат онго жакындап калганда көрдү. +Адегенде ал айдын чыгып + +келатканда асманга тийген муңайым жарыгындай көрүндү. +Анан ал + +оттор, бийик көтөрүлгөн толкунду катуу шамал бетинен кубалаган + +океандын сызыгынын ары жагынан даана көрүндү. +Чал кайыкты ошол + +жакка буруп, азыр эле Гольфстримге кирип барам деп ойлонуп кетти. +«Мына эми бүттү, – деди ал. +– Алар сөзсүз дагы келишет. +Ал эми түнкү + +караңгыда жалаң колдору менен адам эмне кыла алат?» + +Анын тула бою бүт бойдон сыздап ооруйт; түнкү суук жараттарынын + +жана кыйналган колдору менен буттарынын оорусун ого бетер күчөттү. +«Мен эми мындан ары салгылашпасмын деп үмүт кылам. +Деги + +салгылашпасам экен!» Бирок түн ортосунда ал акулалар менен кайта + +салгылашты, бу жолку салгылашуу пайдасыз экендигин билди. +Алар бир + +үйүр болуп келишти, чал алардын канаттарынын суудагы издери менен + +балыкты качырып киргенде алардын тулкулары тараткан жарык + +шооладан башка эч нерсе көргөн жок. +Ал союл менен чапкылап жатты, + +тиштерин карсылдатканын угуп, балыкты астыртан келип тыткылап + +жатканда, кайыктын кандай чайпалганын билип турду. +Ал караңгыда эч нерсени көрбөй, кулагы менен угуп, сезген нерсени + +гана союл менен шакылдатып чапкылап жатты. +Бир маалда колундагы + +союлунан да айрылып калды. +Ал румпелди ордунан жулуп алып, эки + +колу менен бекем кармап, тарсылдатып үстөкө-босток сабай баштады. +Балыкты бир-бирден жулкуп же баары биригип жабалактап талап, + +жылтырап агарган этин лапылдатып сугунуп жатышты. +Акыры бир + +акула балыктын башына жетти, ошондо чал иштин бүткөнүн түшүндү. +Ал балыктын башынын катуу сөөгүн кемирип жаткан акуланы + +тумшуктан ары бир салды. +Бир жолу урду, эки жолу, анан үчүнчү жолу. +Чал румпелдин чатырап сынганын угуп, акуланы жарылып калган сабы + +менен сайды. +Жыгачтын акуланын этине киргенин сезип, анын учтуу + +экенин билип, дагы бир жолу уруп калды. +Акула балыкты таштап, ары + +карай сүзүп кетти. +Бул акула балыкты талаган үйүрдүн эң акыркысы эле. +Эми алар жей турган эч нерсе калган жок. +Энтигип, араң эле дем алып + +турган чал оозунан башкача бир түрдүү даам сезди. +Даам таттуураак + +жана кичине жез кошулгансыйт. +Чал чочуп кетти. +Бирок ал даам бир + +аздан кийин жоголду. +Чал океанга түкүрдү. +– Жегиле, галанос, какагыла! +Түшүңөрдө кишини өлтүргөнүңөрдү + +көргүлө. +Чал эми биротоло жеңилгенин билди. +Ал кайыктын артына келип, + +румпелдин сыныгын рулдун тешигине ченеп, эң болбосо кайыкты ушу + +сынык менен айдоого болорун көрдү. +Ал капты үстүнө жамынып, + +кайыкты туура багытка бет алдырды. +Азыр ал жеңил жүрүп баратты. +Чал эч нерсени ойлобойт, эч нерсени сезбейт. +Эми ага баары бир, анын + +бир гана максаты – кайыкты иши кылып киндик каны тамган жээкке + +батыраак жана түзүгүрөөк жеткириш. +Түн ичинде акулалар дасторкондо калган кешикти талашкан + +соргоктордой, балыктын мүлжүлүп бүткөн сөөгүнө асылышты. +Бирок + +чал аларды карап да койгон жок. +Ал өзүнүн кайыгынан башкага көңүл + +бурбайт. +Ал балыктын олчойгон салмагынан бошогон кайыктын бош + +жана жеңил кетип баратканын гана сезип олтурат. +«Жакшы кайык, – деп + +ойлоду ал. +– Румпелди эсептебесек, бүпбүтүн. +Жаңы румпел коюш + +опоңой». +Чал жылуу агымга киргенин сезди, жээктеги кыштактардын оттору ага + +көрүнүп турду. +Кайсы жерде экенин ал азыр билгендиктен үйүнө жетип + +алуу ага кыйын иш эмес. +«Шамал, ал шексиз бизге дос, – деп ойлоду ал. +– Ошондой болсо да, дайыма дос эмес. +Чексиз деңиз дагы ошондой, + +анда досторубуз да, душмандарыбыз да толуп атат. +Төшөкчү… – деп ал + +оюн бурду. +– Төшөк болсо менин досум. +Ооба, кадимки эле төшөктүн + +өзү. +Төшөккө жатыш – бу чоң иш. +Бирөөгө жеңилгенде, өзүңдү кандай + +жеңил сезесиң! +– деп ойлоду ал. +– Мынчалык жеңил болорун мен + +билген да эмесмин. +Сени ким жеңди, чал? +– деп өзүнөн сурады. +– Эч + +ким, – деп жооп берди. +– Мен жөн эле деңизге өтө алыс кетип калдым». +Чал кичинекей булуңга киргенде, Террасада жарык жок экенин көрүп, + +эл уктап жатканын түшүндү. +Шамал тынымсыз күчөп отуруп, эми абдан + +катуу сого баштады. +Бирок гавань тынч экен. +Чал асканын түбүндөгү + +майда шагылга келип токтоду. +Ага жардамдаша турган эч ким жок + +болгондуктан, ал кайыгын жакыныраак айдап келди. +Кайыктан чыгып, + +аны аскага байлады. +Мачтаны сууруп, парусту ага ороду да, бекитип + +байлады. +Анан мачтаны ийнине салып өйдө карай жөнөдү. +Ошондо гана + +канчалык чарчаганын түшүндү. +Бир паска токтоп артын карады да, + +көчөдөгү фонардын жарыгында балыктын кайыктан бийик көтөрүлүп + +турган далдайган куйругун көрдү. +Ал анын агарган кыр аркаларын + +оркойгон кылычы бар башынын көлөкөсүн көрдү. +Чал кайта тырмышып өйдө чыга берди. +Дөңгө чыгып жыгылып калды + +да, мачтаны далысынан түшүрбөй, бир аз эс алып жатты. +Анан турайын + +деди, тура албады да, жолду карап олтуруп калды. +Аңгыча болбой өз + +иши менен бараткан мышык чуркап өттү, ал кеткен жакты чал көпкө + +чейин карап отурду. +Анан ээн жолду тиктеп калды. +Акыры мачтаны + +жерге таштап, ордунан турду. +Анан мачтаны алып, ийнине кайта салды + +да, жол менен өйдө карай жөнөдү. +Кепесине жеткенче беш жолу эс + +алууга мажбур болду. +Үйүнө кирип, мачтаны дубалга жөлөдү. +Караңгыда суу куйган + +бөтөлкөнү таап, суусунун кандырды. +Анан керебетке жатты. +Одеялды + +далысына тартып, аркасын, буттарын жапты да, бетин гезиттерге басып + +көмкөрөсүнөн түшүп, эки колунун алаканын жая сунуп, уктап кетти. +Эртең менен бала кепеге баш бакканда, чал уктап жаткан экен. +Шамал + +катуулап, кайыктар деңизге чыкпай калган, бала да уктап калып, анан + +эртең менен адатынча чалдын кепесине б��рды. +Бала чалдын дем алып + +жатканын туйду, бирок анын колдорун көрүп ыйлап жиберди. +Бала + +чалга кофе алып келиш үчүн алачыктан акырын чыкты да, жол бою + +ыйлап жүрүп отурду. +Кайыкты көп балыкчылар тегеректеп, ага + +байланган нерсени карап турушуптур; бир балыкчы багелегин түрүп + +сууга кирип, жип менен балыктын тулку сөөгүнүн узундугун ченеп + +жүрдү. +Бала аларга карай төмөн түшкөн жок; төмөн жакта ал мурда эле болгон, + +бир балыкчы кайыкка көз салып турам деп, ага убада берген. +– Ал-абалы кандай? +– деп балага кайрылып бир балыкчы кыйкырып + +калды. +– Уктап жатат, – деп жооп берди бала. +Алардын баланын ыйлап + +жатканын көргөн-көрбөгөнү бала үчүн баары бир эле. +– Анын тынчын + +албагыла. +– Тумшугунан куйругуна чейин он сегиз фут экен! +– деп балыкты ченеп + +жүргөн балыкчы балага кыйкырды. +– Андан кем эмес, – деди бала. +Ал Террасага кирип, бир банка кофе сурады. +– Мага ысык кофе, көбүрөөк сүт жана кант бергиле. +– Дагы бирдеме ала барсаңчы. +– Кереги жок. +Ага бирдеме керек болсо, кийин көрүшө жатарбыз. +– Ой, балык эмес бекен! +– деди Террасанын ээси. +– Тим эле адам баласы + +көрө элек балык экен. +Сен дагы кечээ эки жакшы балык кармадың. +– Менин балыгым куруп калсын! +– деп бала кайрадан ыйлап жиберди. +– Бирдеме ичесиңби? +– деп сурады Террасанын ээси. +– Жок, – деди бала. +– Тигилерге айтып койчу, Сантьягонун тынчын + +алышпасын. +Мен дагы келем. +– Мен дагы ага өтө кейип турганымды айта бар. +– Ыракмат, – деди бала. +Бала чалдыкына кофени алып келип, чал ойгонгончо жанында олтурду. +Ал бир жолу ойгончудай болуп баратып, кайра оор уйкуга батып кетти. +Бала жолдун аркы жагындагы кошуналарга барып, кофе жылытыш үчүн + +карызга отун сурап келди. +Акыры чал ойгонду. +– Жат, жата бер, – деди бала. +– Мына муну ич! +– Ал стаканга кофе куюп + +берди. +Чал стаканды алып, кофени ичти. +– Алар мени жеңишти, Манолин,– деди чал, – алар мени жеңишти. +– Бирок ал өзү сени жеңе алган жок да! +Балык сени жеңген жок да! +– Жок. +Аның накта чындык. +Бул кийин болду. +– Педрико кайыкты, шаймандарды карап турам – деди. +– Башын эмне + +кыласың? +– Педрикого айтып кой, торго сала турган жем кылып керте-керте чаап + +алсын. +– Кылычтычы? +– Кааласаң, сен эстелик кылып ал. +– Каалабай анан, – деди бала. +– Эми мындан кийин эмне кылабыз? +Ошону сүйлөшөлүчү. +– Мени издештиби? +– Сөзсүз да. +Жээктин сакчылары да, самолёттор да. +– Океан чексиз чоң, кайык болсо кипкичинекей, аны байкабай калууга + +да болот, – деди чал. +Ал өзү менен өзү жана деңиз менен сүйлөшпөй, + +башка бирөө менен сүйлөшкөнүнө жыргап калды. +– Мен сени өтө + +сагындым, – деди ал. +– Сен бирдеме кармадыңбы? +– Биринчи күнү бир балык. +Экинчи күнү бирди, анан үчүнчү күнү + +экини. +– Сонун болгон турбайбы! +– Эми мындан кийин балыкты экөөбүз бирге уулайбыз. +– Жок. +Мен бактысызмын. +Менин ишим оңолор эмес. +– Сен ага көңүл бурба, – деди бала. +– Бактыны сага м��н алып келем. +– Эне-атаң сага эмне дешээр экен? +– Эмне дешсе, ошо дешсин. +Мен кечээ эки балык кармабадымбы. +Бирок + +мындан ары экөөбүз бирге уулайбыз, мен дагы көп нерсени үйрөнүшүм + +керек. +– Жакшы дегээ таап, мындан ары дайыма ала жүрүш керек. +Мизин эски + +«форддун» рессорунан жасоого болот. +Гуанабакоага барып курчутуп + +алабыз. +Ал курч болуш керек, бирок чыңоосуз, анда морт болуп калат. +Менин бычагым таптакыр эле сынып калбадыбы. +– Мен сага жаңы бычак таап берем. +Рессорду да курчутам. +Бул катуу + +бриза дагы канча күн болор экен? +– Мүмкүн, үч күн. +А балким, андан да көбүрөөк. +– Ага чейин баары жайында болот, – деди бала. +– Сен колуңду айыктыра + +бер. +– Колумду эмне кыларымды билем. +Түнүчүндө мен бир кызык суюк + +нерсени түкүрдүм, көкүрөгүмдө бирдеме үзүлүп кеткенсип калды. +– Муну дагы айыктыр, – деди бала. +– Жата тур, абышка. +Мен сага таза + +көйнөк алып келип берейин. +Тамак да ала келем. +– Мен жокто чыккан гезиттен да ала келсең, – деп сурады чал. +– Сен батыраак айыгышың керек, анткени мен сенден көп нерсени + +үйрөнүшүм керек. +Сен мага дүйнөдөгүнүн баарын үйрөтө аласың. +Абдан оорудуңбу? +– Абдан, – деди чал. +– Мен тамак менен гезит алып келейин. +Эс ал, абышка. +Аптекадан + +колуңа жарай турган дары ала келем. +– Педрико балыктын башын өзү алсын, айтып кой. +Унутпа. +– Унутпайм. +Бала кепеден чыгып, таштуу жол менен ылдый түшүп баратып, дагы + +ыйлап жиберди. +Ошо күнү Террасага бир топ туристтер келип калышты. +Туристтер + +чыгыштан соккон шамал булуңга кире бериш жерде бийик толкундарды + +айдап жатканын карап турганда, бир аял пиво куя турган бош калайлар + +менен өлгөн медузалардын арасында чайпалып турган, учунда + +далдайган куйругу бар узун ак омуртка сөөктү көрдү. +– Бул эмне? +– деп аял ошол килейген балыктын сөөгүн көрсөтүп, + +официанттан сурады. +– Тибурон, – деди официант. +– Акулалар. +– Ал болгон окуяны төкпөйчачпай айтып бергиси келди. +– Акулалардын куйругу ушунчалык көрктүү, кайкы болот деп мен эч + +качан ойлогон эмес элем, – деди аял. +– Мен дагы билген эмесмин, – деп ал аялдын жолдошу макул болду. +Өйдө жакта, өз кепесинде, чал кайта уктап жатты. +Кайтадан + +көмкөрөсүнөн түшкөн чалды бала кайтарып олтурду. +Чал түшүндө + +арстандарды көрүп жатты. +Армения менен Азербайжандын министрлери Вашингтондо тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүп жаткан маалда Тоолуу Карабакта атышуу болгону кабарланды. +Жикчил аймактын де-факто бийлиги 28-июндун таңында билдиргендей, азери армиясынын огунан төрт этностук армян аскери мерт болду. +Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги алардын турумдары Тоолуу Карабак тараптан аткыланып, бир азери аскери жарадар болгонун маалымдады. +Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 29-июндагы өкмөттүн жыйынында Азербайжан Тоолуу Карабактагы чагымга маалыматтык жактан алдын-ала даярдык көргөнүн билдирди. +Ага чейин расмий Баку таратка�� билдирүүдө "армяндардын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрү Азербайжандын аймагындагы аскердик позицияларды аткылашканы" жазылган. +Соңку бир айдан бери Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүн жана Тоолуу Карабактын жикчил армиясын ок атышууну токтотуу режимин бузганы үчүн айыптап келүүдө. +Ал эми Ереван бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче азери аскерлерин күнөөлөйт. +Тоолуу Карабактагы соңку окуя Вашингтондо өткөн жолугушууда да көтөрүлдү, бирок анын жүрүшүнө кедергисин тийгизген жок. +Буга чейин Тоолуу Карабактын жикчил парламенти Армения делегациясын тынчтык сүйлөшүүлөрдү дароо токтотууга чакырган. +28-июнда Вашингтондо Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын үч тараптуу жолугушуусу өттү. +Андан соң Жорж Шульц атындагы тышкы иштер боюнча улуттук окутуу борборунда мамлекеттик катчы Энтони Блинкен эки министрди кабыл алды. +Алгач ал кызматташтарынын ар бири менен өз алдынча сүйлөшүп, андан кийин биргелешкен жолугушуу өткөрдү. +Мамдепартаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдиргендей, жабык өткөн жыйында эки тарап үчүн тең "абдан сезимтал маселелер" көтөрүлдү. +"Кошмо Штаттар Армения менен Азербайжандын тынчтык жараянына катышууга болгон жемиштүү аракетин кубаттайт жана ушул импульсту сактап калуу үчүн колдоо көрсөтүүнү улантат", - деди Миллер. +Армения менен Азербайжандын Вашингтондогу үч күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрү 27-июнда башталган. +Энтони Блинкен Твиттерге жазгандай, Кошмо Штаттар Армения менен Азербайжандын "татыктуу жана бекем макулдашууга жетишүү багытындагы биргелешкен ишин" колдойт. +2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган. +Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. +Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган. +Ереван Орусиянын бейпилдик күчтөрү Тоолуу Карабактагы этностук армяндарды коргоо боюнча убадаларын аткарбай жатканын бир нече ирет билдирген. +Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва Тоолуу Карабактагы соңку окуя боюнча тынчсызданып жатканын маалымдады. +"Биз Тоолуу Карабактагы атышуу режиминин бузулушу жана куралдуу кагылышуулардын улам кайталанып жатышына тынчсыздануудабыз. +Тараптарды сабырдуу болууга жана баардык талаштуу маселелерди бейпилдик күчтөрүнүн башчылыгы менен байланышуу аркылуу тынч, саясий дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз", - деген Захарова 23-июндагы билдирүүсүндө Азербайжан Лачын коридиорун жаап салуу менен чыңалууну күчөткөнүн кошумчалады. +Орусия Азербайжандан Тоолуу Карабакты Армения менен байланыштырган Лачын коридору аркылуу тоскоолдуксуз өтүүгө шарт түзүүнү талап кылды. +Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымга созулган коридор. +1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. +2020-жылдын ноябрь айында Лачын коридорунда Орусиянын бейпилдик күчтөрү жайгашкан. +2023-жылдын 23-апрелинен Лачын коридоруна Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган. +Коридор 15-июндан баштап жабылганы тууралуу кабарланган. +Армян тарап билдиргендей, Тоолуу Карабак дээрлик бир жумадай блокадада болду. +Азык-түлүк, ал тургай гуманитардык жардам, дары-дармек да киргизилбей калды.Бирок Баку жайкын тургундар жана гуманитардык жардам кербендери өткөрүлүп жатканын билдирген. +Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 22-майда Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин билдирген. +Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш деген шарт койгон. +Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. +Ал жакта 100 миңдей этностук армян отурукташкан. +30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде "Асман" шаарынын курулушу башталганы турат. +Кыргыз бийлиги кеминде 500 миң кишиге ылайыкташкан, экологиялык, заманбап архитектуралуу шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган. +Ээн жерде, эрме чөлдө жаңы калаа түптөө идеясы жаңы эмес. +Дүйнөдө андай дымактуу долбоорлор Бразилиядан Индиянын Чандигарх, малайзиялык Путраджайя же Абу-Дабидеги Масдар-Ситиге чейин ишке ашкан. +Азыр дагы жүрүп жаткан курулуштар бар. +“Акылдуу”, жашыл энергияга, жогорку технологияларга негизделген шаар куруу канчалык реалдуу? +Архитектор, урбанисттердин бир бөлүгү келечекти ошондой футуристтик, эко-шаарлардан көрсө, башкалары "ишке ашпай турган жомок" деп сыпатташат. +Neom - чөлдөгү закымбы же реалдуулукпу? +Сауд Арабиянын ээн турган жеринде, Кызыл деңиздин жээгинен чөл аркылуу тоолорго чейинки тилкеде түшө турган Neom шаары бүгүнкү күндүн гана эмес, 21-кылымдын эң дымактуу долбоору экени талашсыз. +Анын үстүнөн дүйнөнүн булуң-бурчунан келген адистер иштеп жатат. +Акаба булуңуна жакын жерде Trojena тоо лыжа базасы, суу үстүндөгү Oxagon өнөр жай району, Sindalah деген курорт, төрт аэропорт пайда болмокчу. +Анын борбордук бөлүгүн - The Line деген асман тиреген имарат-шаарча түзөт. +Кыскасы, ханзада Мохаммад бин Салмандын буюртмасы менен жана анын көзөмөлүндө тургузулчу Neom “мамлекет ичиндеги мамлекетке” айланмакчы. +План боюнча 2026-жылга карай ал жерде 450 миң, 2030-жылы 1,5-2 миллион, бара-бара 9 миллион киши жашайт. +Салыштыра кетсек, Эр-Рияддын калкы былтыр 7,5 миллион болгон. +Падышалыктын жалпы калкы 36 миллиондон саал ашат. +Курулуштун бюджети жүздөгөн миллиард же жарым триллион долларга жетмекчи. +Аны мамлекеттик инвестициялык фонд каржылайт. +Саудиянын бийлиги бул долбоор өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн кыйла өзгөртөт деп ишенет. +Биринчи этабы 2030-жылы аяктайт деп күтүлүүдө. +Узундугу 170 километр, туурасы 200 метр, бийиктиги 500 метрге жеткен The Line деген имарат-шаары үч деңгээлде курулуп, инфраструктура менен транспорт түйүнү жер астында орун алмакчы. +Анын фасады күзгүдөй, жылмакай кылып салынат. +Тургундары бардык керектүү тейлөө кызматтарына жөө барып, бир четинен экинчисине ылдам жүрүүчү поезд менен 20 мүнөттө жете алат. +Жасалма интеллект күнүмдүк жашоого байкоо салып, шарттарды жакшыртуунун жолдорун талдап турат. +Вертикалдуу фермаларда жашылча-жемиш айдаса болот. +Калаадан абага бөлүнүп чыгуучу көмүр кычкыл газынын деңгээли нөлгө барабар болору айтылып келет. +Дизайнерлердин айтымында, көлөкөнү, күндүн жарыгын жана шамалдатуунун айкалышы шаарда идеалдуу климатты сактап турууга өбөлгө түзөт. +Ошентсе да чөлдөгү кууш жерде жашоо идеясын бардыгы эле жактыра бербейт. +Же жогорку технологияларды кубалап, элдин жөн эле көчөгө чыгып сейилдөөнү каалаганын унутта калтырып жатабыз дегендер жок эмес. +Дагы бир сынчылар долбоордо айтылган көптөгөн технологиялар ойлоп табыла электигин, башкалары шаар шартында сыноодон өтпөгөнүнө көңүл бурушат. +Долбоор авторлору жаңы шаарларда зыяндуу заттар абаны булгабайт деп айтканы менен, сынчылар утопиялык идеялар айлана-чөйрөгө баары бир терс таасирин тийгизет деп эсептешет. +Эмне дегенде кылымдардан бери какшып турган чөлдө курулуш жүрөт, адамдар жашайт, тирилик кылат. +Расмий маалыматтарда чөлдү байырлаган жергиликтүү хувейтат уруусу жөнүндө да айтылбайт. +Курулуштан улам 20 миңдей киши өз жерин таштап кетүүгө мажбур болду. +Көчүп кетүү үчүн берилген кенемтеге макул болбогондорду коркутуп-үркүтүү учурлары болгонун маалымат каражаттары жазган. +Көптөгөн сынга карабай, адистер мындан 30 жыл мурун эле Бириккен Араб Эмираттарынын басымдуу бөлүгү чөл болгонун, эми Дубай шаары башкаларга үлгү болуп бергенин эске салышат. +Акылдуу шаарлар концепциясына ылайык курулган, күндүн нурунан энергия алган жерде асман тиреген имараттар, соода борборлору, музыка студиялары, экологиялык жактан таза туристтик курорттор, стадиондор, эс алуу жайлары жайгашмакчы. +Африкадагы эң чоң оорукана да ошол жакта орун алып, атүгүл калаада өзүнүн криптовалютасы жүгүртүлөт. +Билим берүү районунда “дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу университеттерге орун берилмекчи”. +Теги сенегалдык АКШ реппери Алиун Бадара Тиам же Эйкон ата-бабаларынын жеринде тургуза турган калаанын планы мына ушундай болчу. +2020-жылдын августунда ал Сенегалдын баш калаасы Дакардан 100 километр алыс жерде жайгашкан “акылдуу шаардын” пайдубалынын алгачкы ташын салтанттуу орноткон. +Бирок биринчи баскычы 2023-жылы, шаар толугу менен 2030-жылга карай бүткөрүлөт деген курулуш алдыга жыла элек. +Айрымдар ири долбоор токтоп калабы деп камтама болсо, кээ бир саясатчылар аны кагаз жүзүндө гана калчу курулай сөз деп эле аташат. +Азыр болсо жаркыраган имараттардын ордуна, жергиликтүү гезиттер жазгандай, борбор шаардын түштүк ыптасындагы Мбодиене айылында ылайда оонап жаткан чочколорду, көчөлөрдө ээн-эркин оттоп жүргөн эшектерди гана көрүүгө болот. +Музыка жылдызынын планын Сенегал бийлиги сүйүнүү менен кабыл алган. +Ал 500 гектар жерди ээлеген Akon Cityни курууга 6 миллиард доллар жумшаларын билдирген. +Эйкондун айтымында, жаңы калаа расалык дискриминацияга кабылган афроамерикалыктар үчүн альтернтивдүү үй болуп калат. +Akon City тургузула баштаса, жумуш орундары пайда болот, туризм өнүгөт деп үмүттөнгөн жергиликтүү тургундар да курулуштун башталбай турганына камтама болууда. +Бирок анын кечеңдешинин себеби белгисиз. +Ага чейин пандемия тоскоолдук болгонун жергиликтүү бийликтин жетекчиси "Ассошиэйтед-Пресс" агенттигине айткан. +Айтмакчы, курулушка 6 миллиард доллар сарпталары айтылса, Сенегалдын мамлекеттик бюджети 2020-жылы 7,6 миллиард долларды түзгөн. +Дүйнөлүк банктын статистикасына караганда, 16 миллион калктын 40 процентине жакыны жакыр жашайт. +Келишимде инвесторлордун аты ачык айтылбай турганы белгиленген экен. +Бул жагдай дагы бир катар суроолорду жаратууда. +29-июнда Түркмөнстанда мурдагы президент жана азыркы мамлекет башчынын атасы Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө Аркадаг шаарынын салтанаттуу ачылышы болот. +Бир нече күн мурун анын биринчи баскычы аяктаганы менен, курулуш уланууда. +“Азаттыктын” түркмөн редакциясы жазгандай, мамлекеттик маалымат каражаттары “тарыхый окуя” деп мүнөздөгөн аземге бюджеттик кызматкерлерди, аксакалдарды чогултушууда. +Алар кара костюм-шым, ак көйнөк, башына улуттук топу кийип келүүгө, сакал-мурутун алдырууга милдеттендирилген. +2019-жылы башталган долбоордун алгачкы этабына миллиарддаган доллар жумшалмак. +Адегенде 10 чарчы километр жердеги калаа Ахал чөлкөмүнүн административдик борбору болору пландалган. +Бирок март айында ага "мамлекеттик маанидеги шаар" деген макам берилди. +Бюджети улам көбөйтүлүп, материалдар тартыш болгондуктан, курулушту бүткөрүү иши улам жылып жатты. +Бийлик 70 миң кишиге ылайыкташканын айткан Аркадаг "акылдуу шаар" концепциясына жараша тургузулганын айтып келет. +Расмий маалыматка караганда, азырынча 336 заманбап имарат, арасында оорукана, мектептер, театр, спорттук жайлар салынды. +Коомдук транспорт экологиялык жактан таза болору, заманбап санарип жабдыктар орнотулары айтылат. +Быйыл мартта Франс-24 телеканалы Түркмөнстандын Курулуш боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Дерягелди Оразовго шилтеме менен биринчи баскычка 3,3 миллиард доллар, экинчисине 1,5 миллиард доллар керектелерин кабарлаган. +Түркмөн бийлиги 2020-жылы февралда курулушка 1,5 млрд. +доллар сарпталарын билдирген. +Жаңы шаар баш калаа Ашхабаддан 30 километрге жакын жердеги аймакка түштү. +Курулушту экс-президент өзү барып көзөмөлдөп турду. +Мисалы, айдын башында электроавтобустардын, электротаксилердин паркы менен таанышып, атүгүл жол чырактарды текшерип кетти. +Мамлекеттик медиа Бердымухамедовдун электромобиль айдап бараткан сүрөтүн чыгарышты. +16-июнда анын уулу, мамлекет башчы Сердар Бердымухамедов Аркадагда азык-түлүк, өнөр жай, фармацевтикалык жана медициналык товарларды чыгаруу заводдорун куруу буйругуна кол койду. +Тиешелүү долбоорлор үч жылдын ичинде ишке ашырылмакчы. +Маалыматтарга караганда, бул максатта чет өлкөлүк фирмалар чакырылды. +Кирешени негизинен газ экспортунан тапкан Түркмөнстандын ички дүң өнүмү, Дүйнөлүк банктын эсебинде 45 миллиард долларды түзөт. +Аркадаг шаарынын курулушу республиканын жылдык кирешесинин 10 процентине барабар. +Жаңы шаар куруу планы өлкө экономикалык каатчылыктан жапа чегип турган кезде кабыл алынган. +“Азаттыктын” түркмөн редакциясы жумушчуларга маяна кеч төлөнгөн, курулушка башка аймактардын бюджеттеринен акча которулган учурлар тууралуу жазып келди. +Андан тышкары Ашхабаддын Курулуш жана архитектура башкармалыгынын айрым адистери жаңы калаадагы имараттардын жер титирөөгө туруштук берүү маселесине көңүл бурушкан. +Ошондон кийин президент курулуштардын сапатын көзөмөлдөөнү, шаарда сейсмологиялык станция түзүүнү буйруган. +Айтмакчы, Аркадагдын өзүнүн телеканалы, футбол командасы, гезити болот. +Алардын бардыгы сыягы “Аркадаг” деп аталат. +Аркадаг түркмөн тилинен которгондо "колдоочу" дегенди билдирет. +Гурбангулы Бердымухамедов ушундай наамга ээ. +Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” мыйзамынан көчүрүлүп алынганы аныкталган. +Орусияда бул мыйзамдын негизинде 11 жылда академик, укук коргоочудан баштап, саанчы, пенсионерге чейин "кара тизмеге" киргизилген. +Орусияда "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. +Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат. +Юристтер ошол ишмердик аныкталган критерийлер мыйзамда так көргөзүлбөгөнүн белгилешет. +Кийин тизмеге маалымат каражаттарын жана жеке адамдарды кошууга өбөлгө түзүлгөн. +Ушу тапта орус Юстиция министрлигинин тиешелүү реестрине 600дүн айланасындагы уюм менен жеке адам киргизилген. +Катарында журналисттер, укук коргоочулар, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, экология тармактарында иш алып барган уюмдар жана жарандар бар. +Жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын коргоо борборунун негиздөөчүсү Галина Арапованын пикиринде, андай жобо мыйзамдашкан дискриминация болуп эсептелет. +"Бул мыйзам ��ынчыл гана эмес, кандай болбосун бийликке жакпаган көз караштарды басууга мүмкүнчүлүк берет. +Андай ой-пикирди журналисттер, жарандык коом, катардагы жарандар, актер, жазуучулар айтабы, айырмасы жок. +Башында сөз болгон мыйзам коомдук ишмердиктин каржыланышын, алардын ачык-айкын иш алып баруусун көзөмөлдөө максатында зарыл экенин айтып келишкен. +Бирок тез эле ал сөздүн суу кечпей турганы ачыкка чыкты. +Мамлекеттин пропагандасы сүрөөнгө алгандан башка ойлор айтылбасын деп, жарандык коомду, көз каранды эмес маалымат каражаттарын тазалоону көздөгөнү айдан-ачык болуп калды. +Муну менен чет өлкөлөрдүн саясий таасирин көзөмөлдөө мүмкүн болот деген бийликтин жүйөсү болбогон кеп. +Саясий, экономикалык, маданий жана социалдык жактан интеграцияланган азыркы дүйнөдө кайсы сырткы таасир тууралуу айтып жатышат? +Мындай кадамдардын арты жакшы болбойт, коомдун орто кылымга кайтуусуна алып келет. +Мыйзам адегенде укук коргоочу уюмдарды бутага алган, анан маалымат каражаттарына, журналисттерге өтүштү, андан ары түрдүү кесиптерде иштегендер, юрист, саясат таануучу, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, артист, музыканттар, жазуучулар илинди. +Айтор, реестрде эркин ой жүгүтүүгө, өз оюн коркпой билдирүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык элитаны көрүүгө болот". +Юстиция министрлигинин "чет элдик агенттер" тизмесиндеги 274 кишинин 112си журналисттер экенин орусиялык "Верстка" көз карандысыз басылмасы май айында жазган. +Сан жагынан экинчи орунда саясий жана жарандык активисттер турат. +Алардын эң көбү – шайлоого байкоо салган "Голос" кыймылынын мүчөлөрү. +Маалыматка караганда, өткөн жылы "чет элдик агенттердин" арасында маданият ишмерлеринин жана жазуучулардын саны өскөн. +Андан тышкары 25 оппозициялык саясатчы, арасында Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаттары жана саясий кыймылдардын лидерлери бар. +Ал эми былтыркы жылдын декабрынан тарта чет элдик агент деп "чет өлкөнүн таасириндеги" адамдарды да таанууга жол ачылды. +Андай тизмеге "чет элдик агент" деген уюмга кирген же мурда иштеп кеткен кишилер кирет. +Быйыл май айында Орусиянын Мамлекеттик Думасына "чет өлкөлүк агент" тууралуу мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоору тапшырылды. +Юстиция министринин орун басары Олег Свириденконун айтымында, эми андай агенттердин ишмердигин көзөмөлдөгөн мыйзамды бузууга билип-билбей көмөктөшкөн адамдарга чара көрүү каралууда. +Жаңы сунушту комментарийлеп Галина Арапова бир нече мисалды келтирди. +Алсак, Орусиянын мыйзамында "чет элдик агенттерге" мамлекеттик университеттерде сабак берүүгө тыюу салынат. +Аны жумушка алуу же иштеп жаткан болсо, тескерисинче, кызматтан кетирбей коюу мыйзам бузууга жатат. +"Чет элдик агенттерге жашы жете элек балдарга агартуу ишмердигин жүргүзүүгө болбойт. +Айталы, ошондой "агент" китеп дүкөнүндө чыгармасынын бет ачарын өткөрүп же лекция окуп жа��ат. +Дүкөндүн башчысы же дүкөнчүлөр жашы жете элек балдарга кирүүгө болбойт деп алдын ала эскертпесе, аларды да жоопко тартса болот. +Мунун бардыгы калган эл "чет элдик агенттер" менен кызматташпасын, алардын айланасында ого бетер "уулуу чөйрө" түзүлсүн деп атайлап жасалып жатат. +21-кылымда мыйзам түрүндөгү мындай дискриминацияны элестетүү кыйын". +Айтмакчы, Галина Арапованын өзү жана анын уюму да сөз болгон реестрге киргизилген. +Жогоруда айтылган чектөө, тыюу салууларды улантсак, "агент" деп таанылган адам мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлей албайт, шайлоо комиссиясына кире албайт, талапкерлердин фондуна акча которууга, коомдук иш-чараларды уюштурууга, социалдык кызматтарды көргөзүү буюртмаларын алууга тыюу салынат. +Ага мамлекеттен финансылык, анын ичинде чыгармачыл ишмердигине колдоо берилбейт. +Андан тышкары көптөгөн финансылык, салык чөйрөсүндөгү чектөөөлөр бар. +Алар өз продукциясын "чет элдик агент" тарабынан даярдалган деп белгилеп турууга тийиш. +"Коммерсант" Орусиянын Юстиция министрлигине шилтеме менен жазгандай, "Роскомнадзор" ал статусту бузгандарга 156 протокол түзүп, соттор салган айып пулдун өлчөмү 60 эсе өсүп, дээрлик 229 млн. +рублге жетти. +2021-жылы 3,8 млн. +рубль болгон. +"Верстка" санап чыккандай, былтыркы декабрга карай "чет элдик агент" деп таанылган кишилердин 38ине кылмыш иш козголгон. +Ар бир жетинчиси издөөдө жүрөт, тергөө абагында отурат же башка баш коргоо чарасы белгиленген. +Эң көп киши орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу беренесине ылайык куугунтукталып жатат. +Юристтер бул мыйзамды иш жүзүндө ар бир орусиялык жаранга колдонсо болорун белгилешет. +Арапова 2017-жылы жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде, агент деп тааныш үчүн эки эле критерий жетиштүү болчу деп түшүндүрөт. +Атап айтканда - чет жактан каржылануу жана жана маалыматты коомго таратуу. +“Орусиянын мыйзамын алсак, чет өлкөдөн каражат алуу деген эмнени билдирет? +Орусияныкынан тышкары булактар, туурабы? +Кыргызстанды алсак, чет жактан каржылоо деп өлкөнүн бюджетинен кетпеген каражатты атап калышат. +Буга кошумча маалыматты таратуу жетиштүү. +Бирок кандай маалымат экени да такталган эмес. +Короого чыгып, беш апа менен сүйлөшүп калса, бул дагы маалыматты коомго таратуу болуп эсептелет. +Же мисалы, тигил же бул адам социалдык тармактарга пост жазып, же башка бирөөлөрдүкүн көчүрүп коет. +Же, айталы бешбармак даярдоонун ыкмасын, музыканы жайгаштырат. +Муну менен ал калың элге маалымат таратууда. +Кыргызстандык мигранттар чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда иштей турганын билем. +Алар салган акча чет өлкөлүк болуп саналат. +Социалдык тармактарды пайдаланган адамдар, Инстаграмга өз сүрөттөрүн чыгарган жаш кыз дейли, маалымат жайылтууда. +Эми булар канча киши экенин элестетсеңер. +Же туулган күнүнө башка өлкөдөгү достору 100 доллар банктан которгон киши да чет жактан каржыланган болуп калат. +Блогер болсоң, Ютубдагы монетизациядан түшкөн акча болушу мүмкүн. +Сен бирөөгө карызга акча берсең, анын чет өлкөнүн жарандыгы бар болсо, акчаны кайтарганда да ошондой болуп саналат. +Кыскасы, толгон-токой мисал келтирсе болот”. +Арапова бийликке катардагы адамдардын анча кереги жок, агенттер реестрине саясий чечимдин негизинде киргизишет деп белгилейт. +Ошол эле маалда Орусияда пенсионерди, жергиликтүү бийликке нааразылыгын Ютуб каналынан айтып турган беш балалуу саанчыны “чет элдик агент” деп тааныган учурлар болгонун кошумчалайт. +Мамлекет жактырбаган бир нерсени айтсаң эле, тизмеге кошуп салышат. +Айрым учурларда адамдар бири-биринен өч алууда курал катары колдонгон учурлар да жок эмес. +Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусиянын үлгүсүндөгү мыйзамды кабыл алуу демилгеси Кыргызстанда гана көтөрүлүп, долбоору иштелип чыккан. +Март айында Грузияда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганы чоң нааразылыкка туш болуп, митинг-демонстрациялардан кийин жараян убактылуу токтотулган. +Ошондо Орусияда “чет элдик агент” деп таанылган 82 киши грузин парламентин ал мыйзамды кабыл албоого чакырышкан. +Галина Арапова Грузиянын жарандык коому активдүү экенин белгиледи: + +"Грузиянын жарандары түрдүү себептерден улам көчөлөргө чыгып нааразылыгын билдирип келет. +Жарандык коомдун өкүлдөрү, катардагы адамдар ушунчалык активдүү болгон мамлекеттерди чанда жолуктурасыңар. +Албетте, грузин парламенти мыйзамды кабыл алууну орусиялык жарандык коомдун өкүлдөрү, “чет элдик агенттер” деп таанылган адамдар кайрылганы үчүн токтотуп койгон жок. +Грузин жарандарынын нааразылыгынан улам ушундай кадамга барышты. +Экинчи жагынан эл тынчысын деп эле мыйзамды балким убактылуу гана токтотуп коюшту. +Бул - өлкөдөгү саясий кырдаалга көз каранды болмокчу. +Силерде ушундай мыйзам каралып жатса, Кыргызстан жарандары гана буга көңүл бурууга тийиш. +Мени бул жобо кыйгап өтөт, мага тиешеси жок, мени эмес, башка бирөөнү "чет элдик агент" деп таанышат, мен жөнөкөй жаранмын деп ойлобош керек. +Катардагы ар бир жаранга кесепети тиет. +Балким мыйзам кабыл алынгандын биринчи күнүндө эмес, бир нече жылдан кийин, жарандык коомдун добушун басышканда, экологдор өлкөнүн айлана-чөйрөсүн коргой албай, башка уюмдар жардам бере албай калганда, укук коргоочу уюмдар көйгөйлөргө туш боло баштаганда, журналисттердин ишине тоскоолдуктар түзүлгөндө сезиле баштайт. +"Чет элдик агенттер" менен иштешүүдөн баш тарткан мамлекеттик органдардан комментарий, маек алууга мүмкүн болбой калат. +Натыйжада өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу көз каранды эмес маалымат барган сайын азаят. +Сын көз караштар угулбай, мамлекет көзөмөлдөгөн медианын мактап-жактаган маалыматтары гана жарыяланып калат". +Орусияны�� "чет элдик агенттер" реестрине улам бир таанымал, чыгармачыл жана интеллектуалдык чөйрөнүн өкүлдөрү, белгилүү укук коргоочулар киргизилгени, андай макамды "ардактуу" деп атап, тамашалагандар да бар. +Айрымдарды атап кетсек, "Америка добушу", "Эркин Европа/Азаттык" радиосу, "Мемориал" борбору, Transparency International, "Жапайы жаратылышты коргоо" фонду, журналисттер менен блогерлер Александр Невзоров, Владимир Кара-Мурза, Екатерина Гордеева, Марк Фейгин, Илья Варламов, музыканттар менен артисттер Андрей Макаревич, Земфира, Артемий Троицкий, Максим Галкин, Артур Смольянинов, саясат таануучу Екатерина Шульман. +Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. +Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. +Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. +Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды. +Жекшембиге караган түнү “Вагнердин” жалданма күчтөрү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынан чыгып кетип жатканы тартылган видеолор интернетке жарыяланды. +Андан жергиликтүү тургундардын аскердик техникаларды кол чаап узатып жатышканын, айрымдары “вагнерчилерге" колдоо көрсөтүп жаткан түр көрсөткөнүн байкоого болот. +Орусиянын мамлекеттик медиасы 25-июнда кабарлагандай, Ростов-на-Донудагы Орусиянын Түштүк аскердик округунун башкы штабында учурда кырдаал тынч жана көчөлөрдөгү кыймыл калыбына келди. +Көпчүлүк аймактарда “вагнерчилердин” козголоңун токтотуу үчүн жолдорго коюлган чектөөлөр алынды. +Бирок Федералдык жол агенттиги Телеграм аркылуу билдиргендей, Тула жана Москва аймактарындагы кан жолдордо чектөөлөр уланууда. +Орус бийлиги “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен козголоңду токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин 24-июндун кечинде ырастады. +Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан авторитардык жетекчи Александр Лукашенконун арачылыгынын натыйжасында “вагнерчилер” өз лагерлерине кайта турган болду жана орус президенти Владимир Путин аларга каршы кылмыш иштерин токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. +“Эгер Пригожиндин жеке өзү эмне болот деп сурасаңыз, анда ага каршы кылмыш иши токтотулду жана ал Беларуска кетет”, - деди Песков. +Ошондой эле Песков армияга каршы козголоңго катышпаган “вагнерчилер” Орусиянын Коргоо министрлигинин карамагына өтөрүн, Пригожиндин коопсуздугуна кепилдик берилгенин кошумчалады. +Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. +Ал Беларус кеткенин же бул өлкөгө жеткенин ырастай элек. +Жумадан ишембиге караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин “ашпозчусу” жана эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “акыйкаттык маршын” баштаганын жарыялаган. +Пригожин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган. +Ал Ростов-на-Донудагы аскердик базаны көзөмөлгө алгандан кийин 25 миңдей “вагнерчи” Москваны көздөй жол тартышканын билдирген. +Путин ишембидеги чукул телекайрылуусунда “вагнерчилердин” аракетин “куралдуу козголоң” жана “чыккынчылык” деп атап, аны 1917-жылдагы көтөрүлүшкө салыштырган. +Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. +Бирок ишембинин кечинде Пригожин өз күчтөрүн орто жолдо . +Ал “вагнерчилер” Москвага 200 чакырым жетпей токтогонун Телеграмдагы аудио билдирүүсүндө белгиледи. +“Азыр кан төгүлө турган учурга келип калдык. +Ошондуктан биз орустун каны төгүлөрүн жоопкерчилик менен түшүнүп, колоннаны артка кайтармай болдук. +План боюнча кайра артка, талаа лагерлерине кетебиз ”, - деди ал. +“Вагнердин” жүрүшү эки күнгө жетпей токтогону менен бул окуя Украинада согуштук аракеттерин улантып жаткан Орусиядагы бир топ маселелерди ачыкка чыгарып койду. +Бул 20 жылдан ашык убакыттан бери Орусияны башкарып келе жаткан Путиндин бийлигине коркунуч жараткан эң чоң окуя болуп калды жана Орусиядагы ыктымал жарандык согуш тууралуу жоромолдорго жол ачып койду. +Эксперттер Путиндин “вагнерчилер” менен эсептешүүгө аргасыз болгонуна, Пригожиндин азырынча жазадан кутулуп кеткенине көңүл бурушуп, Орусиянын атайын кызматтарынын козголоңду алдын ала билбегенин, орус армиясы “вагнерчилерди” күч менен басып кое албаганын баса белгилеп жатышат. +Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту изилдөө институту Лукашенко арачылык кылган макулдашуу кыска мөөнөттүк гана чечим экенин, Пригожиндин козголоңу Кремлдин жана Орусиянын Коргоо министрлигинин алсыз экенин ачыктаганын билдирди. +“Путиндин улуттук телеканал аркылуу куралдуу козголоңду токтотууга чакырган, 1917-жылдагы көтөрүлүштүн кайталанышы тууралуу эскертүү жасаган жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн чет өлкөлүк лидерге муктаж болгон имижинин кесепети узакка созулат. +Бул козголоң Орусиянын коопсуздук кызматтары алсыз экенин ашкереледи жана Путин өзүнүн күчтөрүн ички коркунучтардын мизин кайтаруу үчүн убагында колдоно албай турганын көрсөттү”, - Согушту изилдөө институтунун анализинде. +Путин улуттук телеканал аркылуу кайрылуу жасагандан көп өтпөй Беларус, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. +Европадагы саясий талдоолор боюнча борбордун Орусия боюнча эксперти Сэм Грин орус президенти Путин Пригожинди чечкиндүү түрдө ордуна кое албаганын белгилеп, козголоңду жөнгө салуу үчүн Лукашенкого муктаж болгону орус бийлиги үчүн уяла турган иш экенин Твиттерге . +“Эми элита ал [Путин] ишти жөндөй алабы деп ойлонуп калат жана балким чукулунан альтернатива издей башташы мүмкүн”, - деп билдирди Грин. +“Вагнерчилер” Москвага жол тартып бара жаткан маалда Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев, орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин баштаган расмий жетекчилер жана таасирдүү фигуралар Путинге колдоосун билдирип жатышты. +Аларга Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров да кошулуп, керек болсо өз күчтөрүн Ростов аймагына жөнөткөнү белгилүү болгон. +Орусиялык саясат таануучу, эксперт Аркадий Дубнов бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн бурган Орусиядагы соңку окуяларды орус элитасынын ички тиреши деп мүнөздөдү. +“Ич ара топтордун кармаштарын көптөн бери байкап келе жатабыз. +Маселен бир жакта Кадыров жана Пригожин, экинчи тарапта аскердик кызматкерлер, үчүнчү тарапта экономикалык жана системалык либералдарга жакын адамдар турат. +Бирок чыңалуу көбөйүп отуруп, жарылуу болду. +Бул жарылуунун Орусиянын позициясы же анын Украинадагы атайын аскердик операциясына байланышы жок. +Пригожин Путиндин Украинадагы саясатынан күмөн санабайт. +Бүгүн Орусияда болуп жаткан окуялардын себеби ал эмес”, - деди Дубнов. +Пригожиндин козголоңу украин армиясы Украинанын аймактарын ээлеп турган орус күчтөрүнө каршы контрчабуулдарын улантып жаткан учурда болду. +Украинанын расмий жетекчилери Орусиядагы бул окуялардын фонунда украин күчтөрүнүн контрчабуулдары улана берерин билдирип жатышты. +“Бүгүн дүйнө Орусиянын кожоюндары эч нерсени көзөмөлдөбөй турганын көрсөттү. +Эч нерсени. +Болгону толук башаламандык”, - деп билдирди украин президенти Владимир Зеленский ишембинин кечиндеги билдирүүсүндө. +Учурда Пригожиндин кыска убакытка созулган козголоңунун башкы максаты тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жатат. +“Вагнерчилердин” козголоңун кандайдыр бир оюндун же пландын бир бөлүгү катары сыпаттагандар да жок эмес. +Британиянын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси, отставкадагы генерал Ричард Даннатт Sky News телеканалы менен маегинде Пригожин Беларустан Украинанын баш калаасына кол салышы мүмкүндүгүн айтып, украин күчтөрү буга даяр турушу керек экенин эскертти. +“Анын Беларуска кеткени бушаймандык жаратат. +Эгер ал өзүнүн айланасында натыйжалуу согуша алчу күчтөрү сактап кала турган болсо, анда ал Украинанын Киевге жакын бөлүгүнө кайрадан коркунуч жаратышы ыктымал”, - деди Даннатт. +Бирок ал ишембидеги окуядан кийин кимдир бирөө утушка ээ болду деп айтуу эрте экенин, Путиндин беделине доо кеткенин, орус армиясы кайсы бир деңгээлде чаржайыт абалга туш болгонун кошумчалады. +Пригожин Телеграмдагы соңку аудио билдирүүсүндө Кремл “Вагн��р” жеке менчик аскердик компаниясын жоюуга аракет кылганын айтып, козголоңго ушул жагдай себеп болушу мүмкүндүгүн ишарат кылды. +Чынында бул окуя Пригожин менен Орусиянын аскердик жетекчилеринин ортосунда Украинадагы согуштун стратегиясы жана курал-жарак менен камсыздоо маселеси боюнча ачык араздашуу жүрүп жаткан учурга туш келди. +Жазында “Вагнердин” башчысы Пригожин Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгуну жана орус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимовду Бахмуттагы “вагнерчилерге” атайылап курал-жарак бербей жатат деп айыптаган. +Бул тиреште Путин Шойгунун тарабында экенин туюнткан белгилер да байкалып жатты. +Маселен Путиндин орус коргоо министри менен чогуу түшкөн сүрөттөрү утур-утур жарыяланып турду. +Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 24-июндагы козголоңдон кийин Путиндин Шойгуга көрсөткөн колдоосу өзгөрбөй турганын айтты. +Сербиялык саясат таануучу, Орусия боюнча эксперт Александр Жокич Твиттерге жазгандай, Пригожин Путиндин колдоосунан ажырап жатканын, жоопко тартылышы мүмкүндүгүн түшүнгөн жана өзүнүн атаандаштарын бутага алууну туура көргөн болушу мүмкүн. +“Ал Путинге каршы төңкөрүш уюштурууну көздөгөн же жарандык согуш уюштургусу келген деп ойлобойм. +Бирок ал Путинге өзү маанилүү экени тууралуу болушунча күчтүү белгини жеткирүүгө жана аренадан сүрүлүп чыгарыла турган болсо, чоң зыян келтире аларын көрсөтүүгө аракет кылууда”, - Жокич. +Америкалык Washington Post жана New York Times басылмалары АКШнын чалгын кызматтары Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы козголоңго даярданып жатканы тууралуу белгилерди бир нече күн мурда эле байкаганын жазып чыгышты. +Маалыматка ылайык, Ак үйгө, Пентагон жана конгрессмендерге Орусиядагы ыктымал козголоң тууралуу бир күн мурда эле кабар берилген. +Пригожиндин жана ал каршы чыккан Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилердин тагдыры эмне болору белгисиз. +Азырынча Кремлден армия жетекчилерине байланыштуу кандайдыр бир чечимдер жарыялана элек. +Жер алдындагы сууларды иштетип, бөлүштүрүү Жердин огунун жылышына алып келди. +Дээрлик 2 миллиард элди суу менен камсыздап турган Гималай мөңгүлөрү тездик менен эрий баштады. +Пандемиядан кийин америкалык өспүрүмдөрдүн билим деңгээли 1990-жылдагы көрсөткүчкө тең болуп калганы айтылды. +“Азаттыкта” илимдеги соңку жаңылыктардын топтому. +Жер планетасынын огу 1993-жылдан 2010-жылга чейин 80 сантиметрге жылганын жана буга жер алдындагы суулардын иштетилиши себеп болгонун Түштүк Кореядагы Сеул улуттук университетинин . +Изилдөөдө бул мезгил аралыгында адамзат жер алдындагы 2150 миллард тонна сууну иштеткени айтылат. +Суунун мындай көлөмү бул убакыт аралыгы үчүн аз же нормалдуу сезилиши мүмкүн. +Бирок бул көлөм дүйнөлүк океандын деңгээлин 6 миллиметрге толтурууга жетмек. +Адамдардын тиричилик процесстери Жердин ��йлануусуна жана огунун өзгөрүүсүнө алып келери 2016-жылы эле анык болгон. +Ал эми бул изилдөө Жердеги суу запастарын иштетүү жана бөлүштүрүү Жердин огунун өзгөрүшүнө таасир эте аларын түшүнүү үчүн жасалды. +Жердин огунун мындай өзгөрүүсүн адамдар дароо сезбейт. +Бирок окумуштууларды жана климатологдорду тынчсыздандырган жагдай - күн нурунун жерге жетүү бурчунун өзгөргөнү. +Бул көрүнүш кандайдыр бир башка факторлорго негиз болуп, климаттык өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал. +Дээрлик 2 миллиард элди суу менен камсыздап турган Гималай мөңгүлөрү тездик менен эрий баштады. +Эл аралык тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү борборунун (ICIMOD) билдиришинче, бул чөлкөмдөгү мөңгүлөр 2011-2020-жылдар аралыгында мурдагы он жылдыкка салыштырмалуу 65% тездикте эрий баштаган. +Мөңгүлөрдүн эришине климаттын жылышы себеп. +Бирок окумуштууларды тынчсыздандырган башка жагдай - эрүүнүн тездиги. +Изилдөөнүн авторлорунун бири Филиппус Вестер “бул биз ойлогондон кыйла эрте башталганын” AFP агенттигине айтканын . +Эгер баары ушул калыпта улана берсе, бул кылымдын соңунда азыркы мөңгүлөрдүн 80% жоголот. +Гималай тоолорундагы мөңгүлөр Ганг, Инд, Хуанхэ, Меконг сыяктуу дүйнөдөгү 10 маанилүү дарыяны суу менен камсыздап турат. +Бул суулар Бангладеш, Ооганстан, Кытай, Пакистан, Индия ж.б ондогон мамлекеттердин элдерин суу менен камсыздайт. +Америкалык өспүрүмдөрдүн билим деңгээли пандемиядан кийин төмөндөп кеткенин Улуттук билим берүү процессинин баалоо борбору (NAEP) билдирди. +Окуучулар айрыкча . +Аталган мекеме 1969-жылдан бери сынак жыйынтыктарына байкоо салып келет. +2022-жылдагы сынактарда математика жана окуу боюнча жыйынтыктар 2019-жылдын соңуна салыштырмалуу төмөндөгөнү белгилүү болгон. +Азыркы көрсөткүчтөр 1990-жылда байкалган көрсөткүчтөр менен тең болууда. +Адистер окуучулар бардык багыттар боюнча билим алууда кыйналып жаткандарын белгилеп, мугалимдерди, ата-энелерди жана саясатчыларды бул муундун билим алуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн биргеликте чара көрүүгө чакырышууда. +Советтик оккупация мезгилинде Эстония массалык түрдө Сибирге зордоп көчүрүлгөн куугун-сүргүндү эки ирет башынан кечирген. +Биринчи депортация 1941-жылы май айынын соңунда, Германия менен согуштун алдында болгон. +Экинчиси 1949-жылга туура келет. +Анда НКВД Балтика өлкөлөрүндө “эл душмандарынан тазалоонун” жаңы айлампасын өткөргөн. +Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” мыйзамынан көчүрүлүп алынганы аныкталган. +Орусияда бул мыйзамдын негизинде 11 жылда академик, укук коргоочудан баштап, саанчы, пенсионерге чейин "кара тизмеге" киргизилген. +Орусияда "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. +Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген комме��циялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат. +Юристтер ошол ишмердик аныкталган критерийлер мыйзамда так көргөзүлбөгөнүн белгилешет. +Кийин тизмеге маалымат каражаттарын жана жеке адамдарды кошууга өбөлгө түзүлгөн. +Ушу тапта орус Юстиция министрлигинин тиешелүү реестрине 600дүн айланасындагы уюм менен жеке адам киргизилген. +Катарында журналисттер, укук коргоочулар, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, экология тармактарында иш алып барган уюмдар жана жарандар бар. +Түрк лирасынын куну буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге түшүп, 8-июнда бир доллардын баасы 23.37 лирага чейин жогорулады. +Бул көрсөткүч азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизүүдө. +Мындан айрыкча Түркияда иштеген мигранттар жапа чегүүдө. +Түркияда 7-июнда бир АКШ доллары 23.17 лирага бааланса, 8-июнда эртең мененки акча алмаштыруу курсунда анын наркы 23.37 лирага чыкты. +Лиранын кунсузданышы Түркияда баалардын кымбатташына алып келди. +Көп жылдан бери Түркияда эмгектенип жүргөн Кундуз Мамбетова экономикалык каатчылыктын капшабы алды менен мигранттар да тийгенин айтууда. +"Азыр үй жумушта иштегендердин айлыгы бир аз көтөрүлүп калды. +12 миң, 13 миң лира алгандар бар. +Ошол 12 миң лира деле долларга которо келгенде 600 доллар болчу. +Эми доллар 23 лирага көтөрүлүп кетти. +Айлык акысын көтөртө албаган да кыз-келиндер бар. +Алар айла жок иштешет. +Бирок негизи үй жумуштарында иштеген мигранттар азайды". +Түркиянын статистика институтунун расмий маалыматында, бир жыл ичинде баалар эки эсе өстү - 105%. +Бирок түркиялыктар чыныгы абал мындан да начар деп айтууда. +Азык-түлүк баасына катар эле турак жай, батир ижарасы дагы кескин өстү. +Баалардын орто чарба кишинин чөнтөгүнө чак келбей калганын Стамбул шаарында сулуулук салонун иштеткен кыргызстандык Назикат Шаршенбаева да айтып жатат. +"Негизи менин кардарларымдын дээрлик көпчүлүгү Стамбул шаарына келген чет өлкөлүк туристтер. +Учурда экономикалык таңкыстыктан улам түрк кардарларымдын саны азайды. +Анткени алардын алган айлык акылары лира менен болгондуктан менин кымзатыма акчалары жетпей жаткандай. +Менин колдонгон косметикаларым Англиядан, Америкадан келет. +Кеминде бир макияж үчүн 100 доллар алам. +Мурун 100 доллар 800 лирага туура келгендиктен жергиликтүү кардарларыма анча кымбат эмес болчу. +Эми 100 доллар 2000 лирадан ашып кетти. +Буга айрымдарынын чөнтөгү чак келбейт". +Назикат соңку алты жылдан бери сулуулук тармагында иш алып барганын, өзү менен кошо эки иниси да бул өлкөдө иштегенин, бирок лиранын нарксызданышынан улам алар Орусияга жана Европага иштегени кеткенин айтат. +"Учурда Түркияда экономикалык абал өтө оор. +Бир иним эмгек визасын ачтырып, Европага жүк ташуучу унаа айдаганы кетти. +Экинчиси Москвага такси айдаганы кетти. +Экөө тең Түркияда тапкандарынан алда канча көп айлык акы алып жа��канын айтып жатышат. +Анткени Түркияда иштеген азыр такыр эле кирешесиз болуп калды. +Лира менен айлык алып жашаш кыйын". +Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин статистикасына ылайык, быйыл беш айда 3 жарым миллион чет өлкөлүк турсит Анталия аймагындагы мейманканаларда эс алган. +Жыл сайын бул аймактагы мейманканаларга түмөндөгөн мигранттар келип иштешет. +Негизинен Кыргызстандан, Украинадан, Өзбекстандан жана Ооганстандан келген мигранттар көп. +Кемер аймагында жети жылдан бери мейманканалардын биринде иштеген Жылдыз Ташбаева туризм тармагында иштегендердин айлык акысы өскөнү менен азык-түлүктүн баасы асман чапчыганын айтты. +"Доллардын курсунун өсүшү менен Кыргызстанга акча салгандарга кыйын болуп калды. +Учурда минималдык айлык акы 8500 лира. +Ошону тоголоктоп 9 миң лира берет. +Менин айлыгым 11 миң лира. +Бала чакам менен тургандыктан мага жетиштүү десем болот. +Доллар менен деле ишим жок. +Бирок таптакыр ишим жок деп да айта албайм. +Айлыгыбыз канча көтөрүлгөн сайын дүкөндөрдө азык-түлүк да абдан кымбаттап кетти. +Мурдагыдай эмес. +Эки жыл мурун дагы жеңилирек, иштеген эмгегибиз барктуурак болчу". +Стамбулдагы логистикалык фирманын жетекчиси, кыргызстандык Кыялбек жергиликтүү валютанын нарксызданышы башка өлкөгө чыгып кеткен мигранттар санын көбөйттү дейт. +"Түркиядагы экономикалык абал бардык тармактарга, анын ичинде жүк ташууга дагы терс таасирин тийгизүүдө. +Доллардын токтоосуз өсүп жатышы түрк лирасы менен маяна алгандардын жана төлөмдөрүн лира менен жасаган баардык эле жашоочулардын абалын оордоштурду. +Ошого байланыштуу көптөгөн мигранттар башка өлкөлөргө кетип же мекенине кайтууда. +Буга өзгөчө акыркы бир жыл ичиндеги батирлердин ижара акысы, деги эле бардык нерсенин бааларынын көтөрүлүп жаканы да себеп болууда. +Ал эми сырттан Түркияга келип соода кылган ишкерлердин азайышы орозо айында башталган. +Кийин ага удаа эле президенттик шайлоодо өлкөдө саясий бүдөмүк жагдай жаралды. +Кытай чек арасынын соодагерлерге ачылышы да катуу түрткү болду. +Учурда соода тармагында абал оор. +Эми болсо "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып бажы баалары көтөрүлүп, жүк ташуу кызмат акысы дагы өстү. +Түркияда доллардын курсу тез өсүп, баалар дагы көтөрүлсө, абал мындан да оордошот". +Түркиянын Соода министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 3% азайып, 80 миллиард 874 миллион долларды түздү. +Импорт болсо 7,2 % өсүп 124 миллиард 412 миллион доллар болду. +Ал эми тышкы соода көлөмү дээрлик 3% өсүп, 205 миллиард 285 миллион долларга жетти. +Серепчилер доллардын курсунун мындай кескин көтөрүлүшүн мамлекеттик банктардын интервенцияны токтоткону менен байланыштырып жатышат. +"Рейтер" агенттиги менен сүйлөшкөн түрк банкирлери бул көрүнүштү эркин базар шарттарына кайтуу катары сыпатташкан. +Түркиянын Борбордук банкы президенттик шайлоо алдында доллардын ээ-жаа бербей бараткан толкунун басуу үчүн мамлекеттик банктар аркылуу интервенция жасаганын кабарлаган. +"Бул интервенция шайлоодон кийин токтойт" деп айрым чет элдик инвесторлор доллардын курсу көтөрүлөрүн алдын ала айтышкан. +Алсак Goldman Sachs компаниясынын аналитиктери 3-июндагы отчетунда алдыдагы үч айда доллар 19дан 23 лирага, алты айда 21ден 25 лирага, бир жылда 22ден 28 лирага чейин көтөрүлөрүн божомолдошкон. +Ал эми 7-июнда Түркиянын Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип, кызматка киришти. +Казына жана Каржы министрлигине мурдагы вице премьер-министр Мехмет Шимшек келди. +Ал ант берип жатып: "Өкмөт чече албаган маселе жок. +Элдин колдоосу менен максаттарыбызга жетебиз деп ишенем. +Бирок бизге бир аз чыдамкайлык жана убакыт керек", - деп айтты. +Жаңы дайындалган министр Түркиядагы экономикалык саясатта чечүүчү ролду ойнойт деген пикирлер айтылууда. +Деген менен Түркия учурда оор экономикалык кризисти жашап жатат. +Түркиянын түштүгүндөгү миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаланын кесепеттери оор болду. +6-февралдагы кырсыкта 11 провинция жапа чеккен. +Акыркы маалыматтар боюнча 50 миңден ашык адам каза таап, 15,7 миллион киши жабыркады. +Алардын айрымдары кырсык болгон аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болуп, туугандарынын үйлөрүндө башкалкалап жатат. +17-мартта Казына жана каржы министрлиги 6-февралда катталган жер титирөөнүн материалдык чыгымы 2 триллион лира (103,6 миллиард доллар) экенин жарыялаган. +29-майда өткөн президенттик шайлоодон бери бир лира 15% арзандады. +Шайлоонун экинчи айлампасында Режеп Тайып Эрдоган жеңип, добуштардын 52,14% алган. +Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. +Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган. +Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен кармаган беш кишинин бөгөт чарасы 7-июнда Биринчи май райондук сотунда каралган. +Аты белгилүү болгондордон жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев тергөөчүлөрдүн өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. +Роза Нурматова, Гүлжигит Исаков жана кимдер экени белгисиз болуп жаткан дагы эки киши 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камалды. +Камалгандардын бири, жарандык активист Гүлжигит Исаковдун иниси Искендер Исаков “Азаттыкка” буларды айтып берди. +“Соттун чечими менен тааныштым. +Текст боюнча так айтып бере албайм. +Анткени "жашыруун" деген жери бар экен. +Бирок, маңызын айтып бере алам. +Агамдын “бийликти басып алуу аракети” деп кармалгандарга тиешеси жок экен. +Болгону кафеде отуруп, бир адам менен эркин темада сүйлөшүптүр. +Ошонун стенограммасын жазып, аягында “бийликти басып алуу аракети бар” деген корутунду чыгарыптыр. +Лингвистикалык экспе��тиза ошондой жыйынтык чыгарган экен. +Документте айдан ачык эле жалган жалаа жабуу аракети байкалып турат”, - деген Исаков агасы жеке ишкерлик менен гана алектенип, бийликти басып алуу ниети болбогонун кошумчалады. +Жарандык активист Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында президент Садыр Жапаровдун бийлигин байма-бай сындап келген. +Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу темаларда билдирүү жазып, сын-пикирин айтып турчу. +"Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматованын жактоочулары же жакындары атайын кызматтын айыптоосу боюнча комментарий бере элек. +УКМК “төңкөрүшкө аракет кылгандардын башында Нурматова турат” деп айыптап жатат. +“Кыргызстанда бийликти басып алуу аракетине бөгөт коюлду” деген кабар кыргыз коомунда гана эмес эл аралык медиага дагы желдей тарады. +5-июнда ЖМКлар аркылуу күч органдарындагы булактардан тараган кабар, 6-июнда расмий тастыкталды. +Айрым түрк медиалары бул кабарларды “Гүлен” темасына байланыштырып жазса, бир нече орус басылмалары Роза Нурматова президент Садыр Жапаровдун мурунку тарапташы экенине, АКШ, Батышка каршы пикирлерине көңүл бурушту. +Ал эми Би-Би-Синин орус кызматы кармалгандардын уюштуруучусу негиздеген “Элдик кеңеш" партиясы коомчулукта таасирдүү эмес, “төңкөрүш аракетинин мотиви белгисиз” экенин + +Жергиликтүү жарандык активист Нурсултан Акылбек өлкөнүн коопсуздук тармагындагы жогорку жетекчилер бул окуя боюнча так маалымат бериши керек деп эсептейт. +Ал мындай кырдаалда коомчулукта бүдөмүк ойлор жараларын белгиледи. +“Мамлекеттин туруктуулугуна кол салды” деген - чоң айыптоо. +Сөзсүз түрдө булар кимдер, кантип төңкөрүш кылганы жатканы жөнүндө так маалымат берилиши керек. +Атайын кызмат чон операция кылды окшойт. +Анан чындап булардын төңкөрүш жасоого ресурстары болгонбу деген суроо жаралат. +Кабарларга караганда артында кишилери бар, таасирдүү эч ким жок экен. +Бирок, Орусиянын маалымат катчысы реакция кылып жатат. +Демек, так, толук маалымат берилиши керек болчу. +Көчөдө жөн гана "буларды кетириш керек" деген сөздөрдү сүйлөшкөндөр камалганы туура эмес, - деди ал. +Эркин журналист Алмаз Темирбек мындай камоолордун саясий жагына токтолду. +"Албетте, тергөөдө баары белгилүү болоор. +Азырынча маалымат аз болуп жатат. +Бирок, кармалгандардын бийликти басып алуу ниетине ишенген жокмун. +Алардын арасында элди ээрчитип чыга алчу эч кимиси жок экен. +Бул балким мындай кийин чоң акцияларга чыкпагыла деген сыяктуу башка саясатчыларга белги болушу мүмкүн", - деди. +Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “бийликти күч менен басып алуу аракети” менен кармалгандар тууралуу билдирүүсүндө шектүүлөрдү кармап жаткан видеолордон сырткары адамдардын телефондук сүйлөшүүсү жаздырылган аудио дагы тиркелген. +Ал видеодо белгисиз адамдар “киши чогултуу” жөнүндө сүйлөшүп жатышат. +Атайын кызмат уюшкан топ көп убакыттан бери нааразы адамдарды өзүнө тартып, “бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоого тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн” деп айтылат. +“Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн. +Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. +Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн”, - деп айтылат билдирүүдө. +Бирок, атайын кызмат кайсы чет элдик булактан каражат келерин так жазган эмес. +5-июнда УКМКга отуздан ашык адам алып келинип, атайын кызмат “негизги шериктер” деп атаган Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. +жана Д.Т.А., күнөөсүн моюнуна алышканын кабарлады. +Ушул тапта коомчулукка “Кемпир-Абад иши” катары белгилүү “бийликти басып алуу, массалык башаламандык уюштурууга даярдык” беренеси менен отуздай киши айыпталып, анын он чактысы абакта жатат. +Алар өткөн жылы октябрда жапырт кармалган. +Алардын дагы кафеде сүйлөшкөн аудиосу тараган. +Ушундай эле берене менен парламенттеги оппозициялык депутат Адахан Мадумаровго кылмыш иши козголду. +Аны жоопко тартуу боюнча Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен уруксат сурап, ал боюнча комиссия түзүлдү. +Кыргызстанда бардык бийликтин тушунда "төңкөрүш аракети" деген берене менен саясатчылар соттолгон учурлар көп болгон. +Бийлик алмашкандан кийин алардын бир тобу акталган. +3-июнда президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел менен жеке жолугушууларын өткөрдү. +Жапаров кездешүүдө Кыргызстан демократиялык жолун улантарын билдирип, Европа Биримдиги менен саясий-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтөрүн айтты. +Мишел өз кезегинде башка багыттардын катарында сөз эркиндиги боюнча маселени эске салды. +Тараптар күн мурун "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы саммитте да баарлашкан. +Шарль Мишелди келгенине экинчи күн болгондо Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы резиденциянын Конгресс-холлунда тосуп алып, кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземин өткөрдү. +Тараптар алгач тар курамда сүйлөшүп, кийин кеңейтилген форматта баарлашты. +Жапаров Европа Биримдигинин жетекчисинин Кыргызстанга мындай жогорку визити биринчи жолу болуп жатканын белгилеп, бул мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап болуп саналарын айтты: + +“Биринчиден, мен Европа Биримдигине өлкөбүздүн туруктуулукка, өнүгүүгө жана демократияга карай жолунда баа жеткис колдоосу жана жардамы үч��н чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. +Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Биримдиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт. +Кыргыз Республикасы – коому динамикалуу өнүгүп жаткан жаш өлкө. +Демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө. +Биз демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. +Бирок, биз жеңе турган кыйынчылыктар бар экенин түшүнөбүз жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен аларды жеңүүгө чечкиндүүбүз”, – деди Садыр Жапаров. +Мамлекет башчы Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоодо, жеке секторду өнүктүрүүдө жана туруктуу жумуш орундарын түзүүдө Европа Биримдигинин тажрыйбасы, инвестициялары жана техникалык жардамы чоң өбөлгө болгонун кеп кылып, Бишкек кызматташтыкты дагы да өркүндөтүүгө кызыкдар экенин маалымдады. +Ал мунун ичинде экономика, экология, жашыл энергетика, айыл чарба, туризм, соода жана башка багыттарды атады. +Шарль Мишел өз сөзүндө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин Экинчи саммитин жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирди. +Ал эки тараптуу жолугушуу Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгууга, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачууга мүмкүндүк берерине басым жасады. +“Европа Биримдиги Кыргызстан менен экономиканы өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүлөрдү алдын алуу, адам укуктарын, басма сөз эркиндигин коргоо, дегеле кызматташтыкты ар тараптуу бекемдөө жаатында максаттарды бөлүшөбүз. +Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе өлкөнүн энергетика жаатында бир кыйла потенциалы бар. +Бул Европа өнүктүрүү банкынын иликтөөсүндө даана белгиленген. +Гидроэнергетика жаатында биз кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. +Бул иштердин баары эки тараптуу жаңы багыттарды, жаңы максаттарды бекемдеп алууга негиз болот деп эсептейм”, – деди Мишел. +Садыр Жапаров менен Шарль Мишел сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. +Анда алар 30 жылдан ашкан кыргыз-европа кызматташтыгынын жетишкендиктерин кубатташып, эки тараптуу алаканы улантууну макулдашарын билдиришти. +Сүйлөшүүдө кеп болгон экономика, энергетика, экология, климаттык өзгөрүүлөрдү алдын алуу жана башка багыттардагы аракеттерди өркүндөтүү темалары да Биргелешкен билдирүүдө камтылган. +Демократия жана адам укуктары маселесинде Европа Биримдигинин Кыргызстанга болгон колдоосу белгиленген. +Мындан тышкары мыйзам үстөмдүгү, билим берүү, санариптештирүү жаатында Евробиримдиктин программалары маанилүү экени камтылган. +“Жолугушууда президенттер демократия, ��дам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо, экономикалык кызматташтык жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына негизделген эки тараптуу кеңири кызматташууну мындан ары тереңдетүү ниетин билдиришти. +Алар ошондой эле БУУнун Уставына жана анда каралган бардык өлкөлөрдүн бүтүндүгү, суверенитети, көз карандысыздыгы тууралуу принциптерди жактай тургандыгын ырасташты”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта. +Жапаров менен Мишел 2-июнь күнү "Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити экинчи отурумунда да ар кайсы багытта пикир алмашкан. +Саммитке алардан башка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов да катышты. +Жыйын сыртындагы маселелер + +Садыр Жапаров менен Шарль Мишелдин тар жана кеңири курамдагы кездешүүлөрүндө жогорудагыдай жалпы темалар сөз болгону менен Европа Кеңешинин президенти Бишкекке жеткиргиси келген ойлорун күн мурун да айтып өткөн. +Анын ичинде Ооганстандагы кырдаал жана Украинадагы Орусия баштаган согуш темаларына көбүрөөк кайрылып, Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын позициясы жөнүндө кеп кылган. +Мишел Украинадагы кырдаалга байланыштуу ар бир өлкөнүн позициясы урматтай турганын, бирок бардык мамлекеттер кайсы бир өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин сыйлайт деп ишенерин белгиледи. +Басма сөз жыйында болсо Борбор Азияны тооруган санкциялар тууралуу маалымат берген. +Чолпон-Атадагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында “Азаттык” радиосунун “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна төмөнкүчө пикирин билдирген: + +“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. +Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. +Биз учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. +Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. +Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, – деди анда Шарль Мишел. +Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. +Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон. +Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган. +Европа Биримдиги улам-улам эскертүүлөрдү бергени менен Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга санкция салган жок. +Анткени, бул чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусияга экономикалык жактан көз каранды болуп тургандыгын түшүнүп тургандай. +Шарль Мишел басма сөз жыйынында Евробиримдик “санкцияларды бузбагыла деп талап коюп жатканы менен өнөктөштөрдүн ага байланыштуу көйгөйлөрүн угуп, талкуулоого даяр экендигин” четке каккан жок. +Башка маселе, Кыргызстандагы камоолордун күчөгөнү жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон басымдар Шарль Мишелдин кебинде ачык айтылган жок. +Бирок ошол эле маалда “демократия жана сөз эркиндиги” тууралуу кеби менен ал аталган маселелер тууралуу позициясын да Бишкекке кыйыткандай болду. +"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Европа Кеңешинин президенти бул жаатта кыргыз бийлигине жетиштүү мессеж берди деп эсептейт: + +“Негизи эле "Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммитинин өзү татаал мезгилде өтүп жатканын тана албайбыз. +Ал дүйнөлүк геосаясий кырдаал, Украинадагы согуш, Ооганстандагы кырдаал, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалдан кийинки чыңалуу, климаттык өзгөрүүлөр жана башка кырдаалдарга туш келди. +Ошондуктан мунун өзү тарыхый саммит болуп жатат десек ашыктык кылбайт. +Ал эми адам укуктары боюнча алсак, биз өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстандагы жагдайды Европада бир нече платформаларда баяндап, маалымат берип келгенбиз. +Ошол себептүү мен бул жолугушууларда адам укуктары маселеси көтөрүлүп, катуу айтылат деп күткөм. +Бирок Жапаров менен Мишелдин расмий жолугушуусунда бул тууралуу ачык кеп болгон жок. +Балким, жеке жолугушууларда “адам укугу сакталбаса өнүгүү болбойт, бул жагдайларды да эске алгыла” деп айтса керек деп үмүт кылам. +Ошончо келгенден кийин тиешелүү диалогдор болду да сөзсүз түрдө. +Аны ачыкка чыгарышпаса да, айтылса керек. +Биздин бийлик ошол нерселерди угуп, мүмкүн жакын арада баштап камалгандарга, медиаларга жана башка нерселерге мамилесин өзгөртөт чыгар. +Эгер өзгөртпөсө анда Орусия менен мамилесин чыңдап эле, “бузуку, чет элдик тыңчы” деп коюп, Кыргызстандан чыкпай отура беришсин”. +Шарль Мишел Кыргызстанга биринчи келип жатканы менен Садыр Жапаров ага алгач былтыр октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында, "Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммитинин биринчи отурумунда жолуккан. +Кыргыз президенти ошол эле жылдын октябрында "Борбор Азия — Орусия" форматындагы саммитте Орусиянын президенти Владимир Путин менен көп тараптуу жыйынга катышкан. +Путин менен мындай форматта быйыл да бир нече жолу кездешти. +Өткөн айда болсо "Кытай – Борбор Азия" саммитинин алкагында коңшу өлкөнүн президенттери менен чогуу Кытайдын лидери Си Цзинпинге жолугуп келген. +Иш жүзүндө кыргыз бийлиги бул жагынан Батыш өлкөлөрү, тигил жагынан Орусия жана Кытай менен да мамилесин бузбай, ар биринин тилин табууга аракет кылып жатканы байкалат. +Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев Фейсбукка жазган постунда ушул жагдайды мындайча баалады: + +“Бир айдын ичинде болуп өткөн эл аралык мааниси зор эки саммит, Москвадагы президенттердин эки жолку жолугушуусу Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан тышкы саясат үчүн оңтойлуу жагдай түзүлүп тургандыгын айгинелейт. +Албетте бул кубандырат. +Чукул арада болуп өткөн бул окуялар геосаясий аренада Кыргыз Республикасы өз ордун так аныктап, сызыкты туура сызып, дүйнөнүн ар тарабы менен тең салмакташтырылган, өзүбүздүн кызыкчылыкты биринчи орунга коё алган тышкы саясатты калыптандырып алууга толук шарттарды түздү. +Эми "Москва эмне дейт?" +деп жер тиктеп отура бербей эркин аракет кылууга толук мүмкүнчүлүктөр жаралды деп айтсак болот. +Эмки күтүлгөн окуя – бул Түрк биримдигинин лидерлеринин жолугушуусу, буга себеп бар. +Анткени Түркиянын президенти Эрдоган кийинки мөөнөткө кайра шайланбадыбы, ошол шылтоо менен чогулуп, сүйлөшүп алууга болот. +Түрк биримдиги дүйнөлүк аренадагы өзүнүн татыктуу ордун ээлеши шарт. +Жагдай ушуну талап кылып турат. +Албетте, тышкы саясаттагы ийгиликтер ички саясатты турукташтырууга, майда-барат интригалардын чегинен чыгып толук кандуу өнүгүүгө кадам таштоого мүмкүнчүлүк берет деген үмүт чоң”. +Расмий Бишкектин эсебинде, 2022-жылы Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 603,1 миллион долларды түзгөн. +Анын ичинен экспорт 75,8 миллион доллар, импорт 527,3 миллион доллар болгон. +Ошондо жалпы соода мурдагы жылга салыштырмалуу 76,1% өссө, экспорт 60,6%, импорт 78,6% көбөйүп жатат. +Кытайдын Париждеги элчиси Лу Шайдын мурдагы СССРдин ордунда пайда болгон мамлекеттердин эгемендигинен күмөн санаган сөздөрү дипломатиялык жаңжалга алып келди. +Франция, Украина, Балтия өлкөлөрү нааразылыгын билдиришсе, расмий Бээжин мурдагы советтик өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн урматтарына ишендирди. +Айрым талдоочулар элчинин сөздөрүн дипломатиялык этикага сыйбайт деп сыпаттаса, башкалары анын айткандарында кооптондурган белгилер жок эмес дешет. +Дүйшөмбү, 24-апрелде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин Бээжин Советтер Союзу ыдырагандан кийин пайда болгон суверендүү мамлекеттердин статусун сыйларын билдирди: + +"Советтер Союзу тарагандан кийин Кытай биринчилерден болуп жаңы пайда болгон өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түзгөн. +Ошондон бери Кытай эки тараптуу достук жана кызматташтык алакаларды өнүктүрүү үчүн ар дайым өз ара урматтоо жана бирдей мамиле кылуу принциптерин карманып келген. +Кытай Советтер Союзу ыдырагандан кийинки мурдагы советтик өлкөлөрдүн суверендүү мамлекет деген статусун урматтайт". +Өткөн жума күнү, 21-апрелде франциялык LCI (La Chaine info) каналына берген маегинде Париждеги элчи Лу Шай мурдагы советтик өлкөлөрдүн эгемен мамлекеттер экенинен шек санаган оюн ортого салган: + +"Эл аралык укукта мурдагы советтик өлкөлөр натыйжалуу макамга ээ эмес. +Анткени а��ардын суверендүү мамлекет деген макамына конкреттүү форма берген эл аралык келишим жок". +"Крым Украинага таандыкпы?" +деген суроого элчи, "Жарым арал эң башынан эле Орусияга таандык болчу, аны Никита Хрущев Украинага белекке берген" деп жооп берди. +Bloomberg жазгандай, Кытайдын Франциядагы элчилиги ал маектин стенограммасын жарыялагандан көп өтпөй WeChat социалдык тармагындагы расмий аккаунтунан алып салды. +Эл аралык укук боюнча Крым Украинанын аймагы. +1954-жылы ал кездеги эки советтик жумурият өз Конституцияларына өзгөртүү киргизип, жарым арал мыйзам жүзүндө Украинанын бөлүгү деп бекиген. +СССР кулагандан кийин Украина менен Орусия бири-биринин 1991-жылы чек араларда белгиленген аймактарын таануу тууралуу жаңы келишимдерге кол койгон. +2014-жылы Орусия жарым аралды мыйзамсыз өзүнө кошуп алган. +БУУнун бир катар резолюциялары айыптаган аннексияны Венесуэла, Никарагуа, Сирия, Ооганстан, Түндүк Корея жана Куба гана тааныган. +Франциянын Тышкы иштер министрлиги Лу Шайдын айткандарын “тынчсыздануу менен кабыл алганын”, Кытайдын өкүлүн түшүндүрмө берүү үчүн чакырганын дүйшөмбүдө билдирди. +Латвия, Литва, Эстония жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү кытайлык элчинин сөздөрүн катуу айыпташты. +Литванын башкы дипломаты Габриелюс Ландсбергис Балтия өлкөлөрү “Бээжин Украинада тынчтык орнотууда ортомчу боло алат деп дал ушундай билдирүүлөрдөн улам ишенбесин айтты: + +"Биринчиден, бул кабыл алынгыс сөздөр. +Балтия мамлекеттери Кытайдын элчилеринен түшүндүрмө талап кылганы жатат. +Биздин эгемендигибизге байланыштуу Кытайдын позициясы өзгөрдүбү деген суроо коебуз. +Биз мурдагы советтик өлкө эмес, Советтер Союзу мыйзамсыз оккупациялаган өлкөлөр экенибизди эске салабыз". +Украин президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк "бардык мурдагы советтик өлкөлөрдүн суверендүү макамы эл аралык укукта бекитилгенин" белгиледи. +"Өзүнүн миң жылдык тарыхына кылдат мамиле кылган өлкөдөн Крымдын өткөн-кеткени жөнүндө абсурд версияны угуу абдан таң калычтуу", - деп жазды жана "чоң саясий оюнчу болууну каалагандарды Орусиянын пропагандасын кайталабоого" чакырды. +Франциянын маалымат каражаттары бул окуяны ар тараптан чагылдырып атышат. +Le Monde гезити элчи буга чейин эле талаштуу билдирүүлөрү менен таанылганын жазды. +Басылма аны коммунисттик режимдин кызматындагы “карт бөрү”, кээде “дипломатиялык чеберчиликтен” өтө алыстаган адам деп сыпаттады. +Макалада элчинин сөздөрү “Бээжин Украинадагы согушту токтотууга канчалык дилгир?” деген суроо жаратары белгиленет. +La Liberation Лу Шай европалык мамлекеттердин эгемендүүлүгүнөн жана аймактык бүтүндүгүнөн баштап, Улуттар Уюмунун уставында бекитилген бир нече принциптерди жокко чыгарганына көңүл бурат. +Муну менен ал 1991-жылы түзүлгөн чек аралар боюнча Бээжиндин расмий позициясына карама-каршы келген ойду айтканын б��лгилейт гезит. +Орусия Украинага басып кирген күндүн бир жылдыгын утурлай, быйыл февралда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги урушту басуунун "тынчтык планын" сунуш кылган. +Бирок Бээжин Украинадагы кандуу кармашты “согуш” деп ачык атаган эмес. +Бээжиндин Украинадагы согушту токтотууга чакырган документине бир катар эксперттер жана Батыш ишенбөөчүлүк менен кабыл алган. +Алар Кытайдын Орусияга жан тартканы байкалып турганын билдирип келишти. +Быйыл 20-21-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпин Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан. +Көп узабай, европалык лидерлер, анын ичинде Франциянын мамлекет башчысы Бээжинге барып кетти. +Алар негизинен Кытайдын бийлигин Москвага курал-жарак бербөөгө чакырды. +Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан азырынча Казакстан гана кытайлык элчинин олдоксон сөздөрүн комментарийледи: + +“1992-жылдын 2-мартында Казакстан БУУга мүчө болгон. +Уюмга кабыл алуу жөнүндө чечим Кытай Элдик Республикасы туруктуу мүчө болгон Коопсуздук Кеңешинин сунушунун негизинде Башкы Ассамблея тарабынан кабыл алынат. +1991-жылдын 16-декабрында Казакстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин Кытай биринчилерден болуп өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн тааныган. +1992-жылдын 3-январында Казакстан менен Кытай дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүн расмий жарыялаган. +Эл аралык укукта дипломатиялык мамилелерди орнотуу мамлекетти эл аралык укуктун субъектиси катары таанууну билдирет", - деп айтты казак тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Айбек Смадияров. +Ал ошондой эле Кытай дипломатынын сөзүнө эч кандай реакция кылуунун кажети жоктугун кошумчалады. +Кыргызстандык политолог, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгулдун пикиринде, кытайлык элчи балким оозунан жаңылды, бирок көңүл бурчу жагдайлар жок эмес: + +“Мындай ой жүгүртүү абдан кооптуу. +Глобалдык деңгээлден алып караганда, дүйнөлүк тартип өзгөрүп атканынан кабар берип атат. +Украинада согуш башталгандан бери дүйнөлүк системанын өзгөргөнүнө күбө болуп келатабыз. +Бир жагынан “саясий Батыш”, экинчи жагынан Орусия менен Кытай биргелешип тартипти өзгөртүү, көп уюлдук дүйнөнү куруш керек деп айтып жатышат. +Аймактык деңгээлден алганда, Борбор Азия үчүн бул абдан кооптуу. +Анткени биз Евразиянын чордонунда турабыз. +19-кылымдагы оюн кайра башталганы турат окшойт. +Ошол кезде Ооганстанды, уйгурлар да жашаган кеңири Борбор Азияны алганда, үч империя - Британия, Орусия жана Кытай салгылашкан. +Азыр деле кайра Орусия, Батыш жана Кытай аймактарды бөлүүгө аракет көргөнү жөнүндө кабар болууда деп ойлойм. +Борбор Азия өлкөлөрү биригип, жеке кызыкчылыктарын да ойлоп, ошол эле маалда аймактык деңгээлдеги коопсуздукту камсыздабаса, келечегибиз кооптуу болушу мүмкүн”. +Ал эми тажикстандык юрист, Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Шокиржон Хакимов Кытай элчисинин сөздөрүн эл аралык укуктан кароо зарыл деп эсептейт: + +“СССР ойрон болгондон кийин жаңы мамлекеттердин пайда болушу чек аралардын бүтүндүгүн жана мамлекеттердин эгемендүүлүгүн таанууну билдирет. +Жалпы эрежелерге ылайык, мурдагы ар бир советтик жумурияттардын парламенттери жактыргандан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жана БУУнун Башкы Ассамблеясына бул өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын жана алардын статусун таануу өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлгөн. +Ошол себептен же элчинин билим деңгээли так ошондой, же ал тапшырма аткаргандай”. +Хакимовдун айтымында, Кытай элчисинин айткандары дипломатиялык этикага таптакыр сыйбайт. +"Ал компетенттүү эместигин, эл аралык мыйзамдарды билбегендигин көрсөттү", - деди Хакимов. +Айрым байкоочулар адатта Кытай тышкы саясатта жана дипломатияда тигил же бул мамлекеттин суверендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү биринчи орунда турат деген позицияны карманып келгенин, Бээжин Тайван маселесинде дал ушул принципке таянарын белгилешет. +Пентагон украин согушуна байланышкан жана башка өтө жашыруун аскердик документтердин ачыкка чыгып кетишин иликтеп жатат. +АКШ окуянын масштабын баалоо, кандай маалыматтар жарыяланганын, анын көлөмүн, ыктымал кесепетин аныктоо жана өнөктөштөрдү тынчытууга аракет көрүүдө. +Документтерде Киевдин контрчабуулга өтүү планы, АКШ жана НАТОнун украин армиясын күчтөндүрүү аракеттери камтылган. +Талдоочулар өнөктөштөрдүн Вашингтон менен сыр маалымат бөлүшүүсү, Украинанын ушул жазда согуштук аракеттерин күч алдыруу планы эмне болот деген собол коюшат. +Пентагондун расмий өкүлү документтердин жарыяланышы “улуттук коопсуздукка чоң коркунуч жаратарын” 10-апрелде белгилеген. +Америкалык расмий өкүлдөр чын-төгүнүн өз алдынча ырастабаган жашыруун документтер украин аскерлеринин позицияларын чагылдырган маалыматтардан тартып, Украинага берилген эл аралык жардамды баалаган маалыматтарды, башка талылуу темаларды камтыйт, анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путин кандай жагдайларда өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн деген маселе камтылган. +Ал маалыматтар брифингдерде көрсөтүлгөн слайддардан тартылып алган сүрөт түрүндө чыккан. +Айрымдары өзгөртүлгөнү буга чейин кабарланган. +Канча документ ачыкка чыкканы белгисиз. +Associated Press (AP) болжол менен 50 документти карап чыкты. +Кээ бир эсептөөлөр боюнча, кеп жүздөгөн документ тууралуу жүрүп жатат. +Бул суроого так жоопту эч ким, Пентагондун башчысы да бере албайт. +Коргоо министри Ллойд Остин шейшемби күнкү басма сөз жыйында: "Алар интернеттеги кайсы бир платформада жарык көргөн, кайда жана ошол учурда кимдер көрө алганын билбейбиз. +Мунун булагын жана канчалык жайылганын тапмайынча, иликтеп, ар бир ташты оодарып чыкмайынча, токтобойбуз,"- деп билдирди. +Купуя маалыматтар адегенде Discord деген сайтка чыккан болушу мүмкүн. +Discord интернет оюнда��ына кызыккан адамдар арасында популярдуу медиа платформа. +Сайтта реалдуу убакыт режиминде добуш, видео жана текст түрүндө чаттар чыгып турат. +Адегенде түрдүү темалар талкууланган ошондой форумдардын биринде Украинадагы согуш кеп болуп калат. +Катышуучулардын бири айткандай, белгисиз бирөө жашыруун делген документтердин мазмунун биринчи эле өз сөздөрү менен жазып, бир нече ай мурун расмий кагаздардын сүрөтүн салган. +Форумга катышканын айткан киши өзүн “Лукка” деп атаган башка бирөө Discord сайтынын дагы бир чатында документтер менен бөлүшкөнүн Associated Press агенттигине маалымдады. +Сыягы ошол жерде жайылып отуруп, кийин маалымат каражаттарына чыгып кеткен. +Мунун чоо-жайын дароо текшерүү мүмкүн эмес. +Америкалык жогорку расмий адамдар учурда көптөгөн суроолорго жооп издеп жатышканын моюнга алышты. +Документтер АКШ өнөктөштөрдүн, дос мамлекеттердин Орусия жана Кытай менен мамилелерине жакындан байкоо салып турганын көргөзүп койду. +Айрым өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү ачыкка чыгып кеткен маалыматтарды танып же четке кагууда. +AP кабарлагандай, Американын чалгын кызматынын колуна орусиялык ыкчам кызматкерлердин Бириккен Араб Эмираттары менен тыгыз алака-катнаш орнотуп жатканы тууралуу маалымат тийгенин билдирген. +Мунайга бай өлкөдө АКШнын маанилүү аскердик объектилери жайгашкан. +Эмираттар айыптоолорду “жалган” деп четке какты. +The Washington Post гезити дүйшөмбү күнү Египеттин президенти Абдель Фатах ал-Сиси Орусияга жашыруун жөнөтүү үчүн 40 миңдей ракета чыгаруу буйругун бергенин жазды. +Египеттин тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахмед Абу Зейд "өлкө эң башынан бул кризиске кийлигишпөө, эки тарап менен тең жакындашпоо позициясын карманганын" журналисттерге айтты. +Ошондой эле Түштүк Кореянын жетекчилери Украинага артиллериялык ок-дары жөнөтүүгө анча көнбөгөнү, Израилдин чалгын кызматы – “Моссад” премьер-министр Биньямин Нетаньяху сунуш кылган сот тармагынын реформасына каршы чыкканы айтылган. +АКШнын атайын кызматтарын каржылоого жылына 90 млрд. +АКШ доллары жумшалат. +Алар телефондорду тыңшоо, тыңчылар менен иштөө жана спутниктердин жардамы менен байкоо жүргүзүү өңдүү кеңири ыйгарым укуктарга ээ. +Пентагон жашыруун маалыматтардын чыгып кетиши улуттук коопсуздукка кандай залака тийгизерин баамдоо үчүн ички текшерүү баштады. +Мекеменин атын атабаган өкүлү Associated Press агенттигине билдиргендей, брифингдерге катышкан адамдардын санын кескин азайтуу аракети көрүлдү. +Коргоо министринин коомдук иштер боюнча жардамчысы Крис Мигердин айтымында, Пентагондун расмий адамдары ачыкка чыгып кеткен маалыматтар кайсы жерге “жарыяланганына жана таратылганына” жакындан көз салууда. +Андан тышкары Юстиция министрлиги маалыматтардын кантип чоочун кишилердин колуна түшкөнүн жана ачыкка чыкканын иликтөө үчүн кылмыш ишин ачты. +Мигердин айты��ында, жогорку аскер командачылары кесепеттерди жоюу максатында өнөктөштөр менен байланышып жатат. +“Жогорку деңгээлдеги телефон сүйлөшүүлөрүндө чалгын маалыматтарды коргоо жана коопсуздук жаатында өнөктөш мамилелерге берилгенибизди кайталадык”, - деп айтты Пентагондун өкүлү. +Эмки жумада АКШнын расмий адамдары Германияда Украинаны курал-жарак менен камсыздоо жана жардам берүү иштерин координациялоо үчүн 50 мамлекеттин башын бириктирген топтун кезектеги жыйынына катышмакчы. +Associated Press аларга бир топ кошумча суроолорго жооп берүүгө туура келерин боолголойт. +“Бирок чалгындын маалыматтарынын ачыкка чыгышы жолугушуунун өзүнө жана өнөктөштөрдүн Киевге курал берүү аракетине таасир этпей турганы күтүлүүдө”, -деп билдирди АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү агенттикке берген маегинде. +Пентагондун башчысы Ллойд Остин шейшембиде Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Чжон Соп менен Сеулга да тиешелүү маалыматтардын ачыкка чыгышын талкуулады. +Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук мекемесинин жетекчисинин орун басары тараптар документтердин “чоң көлөмү” жасалма деген пикирге келгенин, эки өлкөнүн альянсына бул окуя залака тийгизбесин, Сеул Вашингтон менен алакаларды бекемдерин кабарчыларга билдирди. +Остин жана Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен украиналык кесиптештери менен байланышты. +Остин маалыматтын жарыяланышы Киевдин жазгы чабуул планына чоң таасир этпейт деп болжолдойт. +“Украинанын стратегиясы кайсы бир конкреттүү планга таянбайт. +Чабуулду баштоо планы бар, анын чоо-жайын президент Владимир Зеленский жана жетекчилик гана билет”,- деп билдирди Ллойд Остин. +Ал эми калган маанилүү жана сезимтал маселелер, мисалы Украинанын абадан коргонуу системасы үчүн ракеталардын тартыштыгы мурда эле белгилүү болчу. +Ошондуктан АКШнын аскер жетекчилери өнөктөштөрдү колунан келген бардык системаларды Украинага берүүгө үндөп келатат. +Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун улук кызматкери Бен Барри: “Украинанын зениттик ракеталарга муктаждыгынын ачыкка чыгышы, балким Орусия үчүн жагымдуу кабар. +Бирок маалымат өнөктөштөрдү керектүү курал-жаракты жөнөтүүнү ыкчамдатууга түртсө, Киев ыраазы болот”, - деген ою менен бөлүштү. +Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарындагы жолугушууларын Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жыйындарынын (Spring meetings) алкагында өткөрүп жатат. +11-12-апрель күндөрү ал Дүйнөлүк банктын Адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти жана Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен кездешти. +Тараптар анда экономика, банк, билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча Кыргызстанда аткарылып жаткан жана пландалып жаткан долбоорлор тууралуу кеп кылып, 2027-жылга чейинки кызматташуунун багыттарын такташты. +Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “кардар өлкөлөргө” каржылык жардамды көбөйтүү зарылдыгын, айрыкча “түз колдоо” маанилүү экенин айтты. +Ал мындай көмөк Кыргызстандын экономикасын стимулдаштырууга, пандемиянын терс таасирлерин жоюуга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө түрткү болорун белгиледи. +Жапаров өз сөзүндө мекеме өкүлдөрүнө тышкы карызды жашыл экономика жана экологиялык демилгелерге алмаштырууну сунуштады. +“Мындай механизмдер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир жагынан жашыл жана климаттын туруктуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, – деди анда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы. +Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматтардан көрүнүп тургандай, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү буга дароо оң жооп беришкен эмес. +Мамта Мурти Дүйнөлүк банктын Кыргызстанда балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоору тууралуу маалымат берип, эми жогорку билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорлорду даярдалып жатканын билдирди. +Ал эми Антонелла Бассани Жапаровдун демилгесин маанилүүлүгүн жана масштабын белгилеп, аны кылдаттык менен изилдөөгө даяр экендигин кеп кылды. +Бул кыргыз бийлигинин биринчи жолку сунушу эмес. +Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан. +Президент буга байланыштуу тиешелүү долбоорлор даяр экенин белгилеп, муну үчүн 7 миллиард доллар зарыл экенин кеп кылган. +Садыр Жапаров ушул эле темага байланыштуу быйыл 8-январда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылган. +Анда тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган. +Президент тышкы карызга кетчү сумманын бир бөлүгүн Кыргызстан ГЭС курууга жумшаса болорун белгилеген. +“Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. +Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз. +Тышкы карызга төлөнө турган каражаттар “жашыл” долбоорлорду колдоого жумшалса жакшы болмок. +Бул багыттагы долбоорлорду донорлор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр эле каржыласын дегенден алыспыз. +Аларды ишке ашыруу үчүн өзүбүз дагы каржылык жактан салым кошуп, ишке ашырып келе жатабыз жана ашырууга даярбыз”, – деп жазган анда Садыр Жапаров. +Эл аралык валюта фонду бул Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы атайын адистештирилген финансылык мекеме. +Ал ар кайсы мамлекеттерге түрдүү шарттар менен насыя берет. +Дүйнөлүк банк (World Bank) да эл аралык финансылык уюм, ал дагы ар кайсы өлкөлөргө насыя жана гранттарды берүү менен иш алып барат. +Ага дүйнөдөгү жүздөн ашуун мамлекет акционер катары ээлик кылат. +Мекемеге караштуу беш банк бар, алар Дүйнөлүк банк тобу (World Bank Group) деп аталат. +Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк жазда жана күздө мекемеге мүчө-мамлекетерди, насыя алган кардар-мамлекеттерди, эл аралык уюмдарды, эксперттерди жана журналисттерди Вашингонго чакырып жылдык жыйындарды өткөрүп турат. +2023-жылкы Жазгы жыйындары (Spring meetings) 10-апрелде башталган жана 16-апрелде аяктайт. +Ага быйыл 10 миңдей адам катышууда. +2023-жылдын февраль айындагы соңку эсепке ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик жалпы карызы 5 млрд. +598,90 млн. +долларга жеткен. +Мунун 1 млрд. +104,53 млн доллары ички бересе болсо, 4 млрд. +494,37 млн. +доллары тышкы бересе. +Тышкы карыздын эң көбү – 1 млрд. +782,82 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. +Андан кийинки орунда 699,36 миллион доллар Азия өнүктүрүү банкына болгон карыз турат. +Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына (Международная Ассоциация Развития) Кыргызстан 651 миллион доллар карыз. +Ал эми Эл аралык валюта фондуна Бишкек баш-аягы 466 миллион доллар төлөп бериши керек. +Экөөнү бириктиргенде 1 млрд. +доллардан ашат, бул Кыргызстан үчүн чоң сумма. +“Президентибиздин тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу демилгесинин алкагында, биздин министрлик, башка министрликтер да бир топ жумуштарды аткарып жатат. +Биздин мекеме карыз берген тараптардын дээрлик баарына ушул боюнча каттарды жибергенбиз. +Экология, климатты, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, социалдык долбоорлорду сунуштаганбыз. +Кытайга, Францияга, Жапонияга, Германияга, Түштүк Кореяга, Түркияга жана башка өлкөлөргө кат жаздык. +Азыр алардан жоопторду күтүп жатабыз. +Оң жооп келсе, анда биз деталдуу иштеп, долбоорлордун киреше-чыгашасын эсептеп, кайра жөнөтөбүз. +Азыркы учурда бизге Франция менен Германиядан оң жооптор келип жатат. +Биздин министрдин орун басары буга байланыштуу Парижге чейин барып, жолугушууларды өткөрүп келди. +Министрлер кабинетинин төрагасынын Вашингтондогу жолугушуулары да ушул аракеттердин бири. +Ал жердеги жолугушуулар да биздин бул жааттагы жумуштарыбызды алга жылышына чоң өбөлгө берет деп ишенебиз”, -деди Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Умутжан Аманбаев. +Мурдараак маалым болгондой, өкмөттүн бул багыттагы аракеттери жемишин берип, Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кече турган болгон. +Тагыраагы, Кыргызстан аны социалдык долбоор менен алмаштырды. +Расмий Бишкек кудум ушул көлөмдөгү сумманы, башкача айтканда, аны төлөгөнгө эмес, аз камсыз болгон адамдарга ипотекалык насыя берүүгө жумшашы керек. +Өкмөт бул үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы менен көп кабаттуу үйлөрдү куруп баштады. +“Эми алар бардык карызды кечип жибербеши түшүнүктүү. +Бизге сумманын кайсы бир бөлүктөрүн гана жоюп, аны Кыргызстанда башка жакка салууга уруксат берсе деле чоң иш. +Анткени, биз карызды төлөсөк, акча сыртка чыгып кетет да. +Ошол тараптын экономикасына, ошол өлкөнүн ички дүң продуктусуна кирип кетет. +Эгер биз аны төлөй турган акчаны бул жердеги долбоорлорго жумшасак, ал биздин экономика үчүн пайдалуу болот. +Ошол эле МИК куруп жаткан үйлөрдү алсак, беш-он миңдей киши үйлүү болуп калат, курулуш материалдары сатып алынат, социалдык маселелер чечилет дегендей. +Ал эми климат, экология, айлана-чөйрөнү коргоо жумшалса эффект андан да көбүрөөк болот”, – деди “Азаттыкка” Финансы министрлигинин тиешелүү башкармалыгынын башчысы Умутжан Аманбаев. +Кыргызстандын мурдагы бийликтери да тышкы карызды кечүү же, реструктуризациялоо боюнча ар кайсы өлкөлөргө жана түрдүү эл аралык финансылык мекемелерге кайрылып келишкен. +Алардын айрымдары ишке ашса, көбү жоопсуз калган. +Президент Садыр Жапаров да өз риторикасында тышкы карызды азайтуу азыркы бийликтин негизги миссиясы экенин айтып келет. +Бирок ал келгенден бери деле сумма баары бир өсүп баратат. +2020-жылы мамлекеттик карыз 4,8 млрд. +доллар болсо, жогоруда айтылгандай, азыр анын көлөмү 5,6 млрд. +долларга жетти. +Башкача айтканда, эки-үч жылда дээрлик 1 миллиард долларга чейин көбөйдү. +Ушунун фонунда азыркы бийликтин аракеттерин көз карандысыз адистер да колдойт. +Бирок эксперттер мунун ишке ашуусунан күмөн санашат. +Ага бир нече нюанстар бар дейт финансист Бакыт Сатыбеков. +“Дүйнөдө ушундай практика бар. +Бирок маселе кандайдыр бир шарттардын негизинде ишке ашат. +Мамлекет өтө олуттуу экономикалык кризисте болушу керек же, жакыр мамлекеттердин катарына кириши керек. +Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарына кирбейт. +Такыр болбосо чет элдик карыз өтө жогору болуп кетсе да, ушундай кылышы мүмкүн. +Эл аралык норма менен алганда биздин карыз көп деп саналбайт. +Анан ушундай шартта эл аралык уюмдардын карызды кечүүсү, же башка долбоорлорго алмаштырышы күмөндүү го. +Эсиңердеби, Курманбек Бакиев президент болуп учурда ХИПИК аттуу программага киребиз деп чыгышкан. +Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу мекемелер так ошол программа аркылуу гана карыздарды кечет. +Алар башка тартип менен карызды кечпейт. +Болбогон нерсени сураныштын не кереги бар, билбейм”. +Ооба, кеп болуп жаткан Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк 2005-2006-жылдары Кыргызстанды ХИПИК программасына кирүүнү сунуштаган. +Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ошол учурда экономика жана финансы министри болчу жана ал муну жактап чыккан. +Жапаров азыр деле ошол пикири туура болгонун экенин айтып келет. +ХИПИК программасынын алкагында кезинде Кыргызстандын тышкы карызынын тең жарымы кыскарары айтылган. +Бирок ошол учурдагы депутаттар, бир катар саясатчылар жана активисттер бул Африкадагы жакыр мамлекеттер кирген программа экенин айтып, ага кескин каршы чыгышкан. +Натыйжада Кыргызстан аталган программага кошулбай калган. +Башка маселе, Кыргызстандын сырттан каржылык жардамдарды алуусу жөнүндө кеп болгондо дайыма демократиялык институттарга байланыштуу да талкуу күчөйт. +Жарандык коом жаңы гранттарды жана насыяларды алуу үчүн, же аларды кечтирүү үчүн өлкө адам укугун сыйлап, сөз эркиндигин камсыздап, калыс соттук системаны жана укук коргоо органдарын ишин адилеттүү уюштуруп бериши керек деп эсептешет. +"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова буларга токтолду: + +“Акылбек Жапаров көтөрүп жаткан маселе жаңылык эмес. +Президент да, башка аткаминерлер да муну бир нече жолу айтышканын билебиз. +Буга байланыштуу жарандык коомдун өкүлдөрүнөн да бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. +Айтор, бул демилге колдоого аларлык демилге. +Дүйнөдө айрым өлкөлөр жарандык коом менен чогуу иштеп, карыздардын кайсы бир бөлүгүн жойдурган мисалдар көп. +Биз ошол эле экология жаатында долбоорлорду ишке ашырып, карыздарды кечтирсек болот. +Кумтөр калтырган алтын калдыктары, Майлуу-Суудагы уран калдыктары жана башка кооптуу жайлар менен иштөөгө эл аралык коомчулук кызыкдар. +Бирок жарандык коом менен жакшы иштебеген өкмөт дүйнөдө анча колдоого алынбайт. +Алар жардам берерде шайлоолор кандай өтүп жатат, сөз эркиндиги, демократия кандай өнүгүп жатат, адам укуктары, гендердик баланс сакталып жатабы, мына ушунун баарын эсепке алат. +А бизде кандай болуп жатат? +Андай баалуулуктар сакталбай жатат. +Тескерисинче, оппозицияга, жарандык коомго, медиага, анын ичинде “Азаттыкка” куугунтук болуп жатат. +Мунун фонунда “карызды долбоорлорго алмаштыргыла, кечип бергиле” деген куру сөз”. +Айткандай эле, азыркы бийликтин тушунда Октябрь окуяларына байланыштуу ондогон активисттер кармалып, Кемпир-Абад ишинин алкагында саясатчы-укук коргоочулар тергөө абактарына камалып, алды кайра чыкты. +Иликтөөчү журналист Болот Темиров өз өлкөсүнөн чыгарылса, дагы башка журналисттер камакка алынып, кайра бошотулду. +ResPublica порталынын, “Азаттык” радиосунун сайттарынын бөгөттөлүп, ал тургай “Азаттык Медиасын” биротоло жабуу үчүн соттук иш жүрүп жатат. +Мына ушуну мисал келтирген адистер эл аралык коомчулукта Кыргызстандын аброюна доо кеткенин белгилеп жатышат. +Адам укуктары, сөз эркиндиги жана башка жаатта иш алып барган эл аралык жана жергиликтүү уюмдар жарандык коомго жана басма сөзгө кысым-басым күчөгөнүн айыптап жатышат. +Украинада былтыр согуш башталары менен Орусияда иштеген Голливуддун кино студиялары каршылык иретинде кеңселерин жаап, өлкөдөн чыгып кеткен. +Warner Bros., Walt Disney Pictures, Marvel, Columbia Pictures өңдүү белгилүү студиялар Орусиянын аймагында кинопремьераларын көрсөтүүдөн баш тарткан. +Бул кырдаал Кавказ, Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасир эткен. +Анткени дүйнөлүк тасманын премьералары Орусия аркылуу көрсөтүлчү. +Украинада согуш башталгандан бери кинологистика кандай өзгөрүүлөргө учураганы тууралуу кыргызстандык “Синематика” фирмасынын жетекчиси Алмаз Кайыпов айтып берди. +- Алмаз мырза, былтыр Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстанда көрсөтүлүп жаткан дүйнөлүк кинопремьералардын логистикасы кандай өзгөрдү? +- Өзгөрүүлөр болду. +Мурда биз тасмаларды көрсөтүү боюнча келишимди Орусиядагы студиялар менен түзчүбүз. +Техникалык дубляж, субтитрлер Москва менен Санкт-Петербургдагы студияларда жасалчу. +Азыр болсо дистрибьюторлор - Украинанын Одесса шаарындагы “Интерфильм” менен Казакстандагы “Меломан” компаниялары. +Бул эки ишкана тасмаларды түздөн түз Голливуддагы жана Англиядагы кино өндүрүүчүлөрдөн алып, дубляж, субтитрлерди жасагандан кийин премьералар Кавказдагы, Борбор Азиядагы өлкөлөргө сатылат. +Мурда ушул ортомчулук милдетти мурда Орусия аткарчу. +- Кинологистиканын жаңы системасы жолго коюлуп иштей баштаганына канча болду? +- Өзүңөр билгендей согуш бир күндө эле башталып кетти. +Кийинки бир апта ичинде Warner Bros., Walt Disney Pictures өңдүү Голливуддун студиялары ишин жыйыштырып, кеңселерин жаап, Орусиядан чыгып кетти. +Warner Bros. премьерасына бир күн калганда "Бэтмен" тасмасы Орусияда көрсөтүлбөй турганын жар салган. +Бир-эки ай түшүнүксүз абал сакталып турду. +Дүйнөлүк премьералардын көрсөтүлүшү кечеңдеп, кээ бири көрсөтүлбөй да калды. +Анткени англисче кинолорду кайдан которобуз деген маселе жаралды. +Мисалы, Одессадагы “Интерфильм” студиясы менен бир кызык жагдай жаралган. +Алар орус тилиндеги дубляжды Грузиядагы компанияга тапшырып коюптур. +Премьерасы апрелге белгиленген. +Эки жума калганда жарнаманы токтотуу тапшырмасы келди. +Көрсө, котормодо акцент болгондуктан, кино өндүрүүчү аны жаратпай коюптур. +Андан бери бир жыл өттү. +Азыр мындай көйгөй жок. +Баары жолго коюлуп калды. +- Силерге мурдагы система менен иштөө ыңгайлуу беле же азыркы логистикабы? +- Бизге айырмасы деле жок. +Эң негизгиси, дүйнөлүк премьералар кайсы күнгө белгиленсе, Кыргызстанда да дал ошол датада көрсөтүлүшү керек. +Азыр ушул тартип сакталып келет. +Бирок нюанстар бар. +Мисалы, айрым кинопремьераларды IMAX эмес, жөнөкөй форматта эле көрсөтүп жатабыз. +Анткени орто же чакан фильмдерди IMAX форматка ылайыктап жасап чыгуу кымбатка түшүп жатат. +Башка көйгөй деле жок, мурда кандай иштесек, азыр деле ошондой. +- Дүйнөнү дүңгүрөткөн акыркы премьералардын бири “Аватарды” Кыргызстанда көрсөтүүгө канча каражат сарпталды? +- Бул коммерциялык сыр. +Келишим боюнча, жогоруда аталган студияларга ар бир сатылган билеттен белгил��нген пайызын чыгарып беребиз. +Прокат бүткөндөн кийин канча билет сатылганын санап, тиешелүү акчаны студияга которобуз. +“Аватардын” субдистрибьютери казакстандык “Меломан” компаниясы болгон. +- Казакстанда “Аватар” казак тилинде, казакча субтитрлер менен көрсөтүлгөнү жаңылык болуп, кызуу талкууланган. +Бизде ушундай мүмкүнчүлүктөр барбы? +- Азыр фильмдерди кыргызчалоого жакшы учур келди деген ой бизде да болгон. +Изилдеп көрсөк, бир тасманы которууга эле 50 миңден 150 миң долларга чейин акча сарпталат экен. +Бул өтө кымбат жана өзүн актабай калары анык болду. +Түркия, Азербайжан, Грузияда деле дүйнөлүк премьералар эне тилине которулбайт. +Алар англисче же орусча көрөт. +Казакстанда бул өңдүү долбоорлорду меценаттар менен мамлекет каржылаган “Болашак” фонду ишке ашырат. +Биз студиялардан жок дегенде субтитрлерди кыргыз тилине которууну сурандык. +Бирок бизде саналуу гана кинотеатр бар, көрүүчүнүн саны да аз. +Мындан улам студиялар "дагы 20дай кинотеатр ачсаңар, акча бөлүүнү караштырабыз" дешти. +- Голливуддун студиялары менен түз кызматташуу боюнча Кыргызстандын дарамети барбы? +- Кыргызстан чакан өлкө. +Рынок чакан, көрүүчү аз. +Биздин кинотеатрлардан түшкөн киреше Кытайдын кичинекей шаарынан түшкөн кирешеге тете. +Грузия менен Арменияда да ушундай эле абал. +Мындан улам кино өндүрүүчүлөр биздин мамлекетти КМШ өлкөлөрүнө кошулган бир аймак катары кабыл алып, бир-эки дистрибьютор менен гана иштешет. +Мурда КМШ өлкөлөрү менен Москва аркылуу иштешип келсе, согуш башталганы бул орунду Украина менен Казакстан басты. +Учурда “Интерфильм” жана “Меломан” студиялары Беларус менен Орусиядан башка КМШ өлкөлөрүн дүйнөлүк премьералар менен камсыздайт. +"ПолитКлиника" медиасы быйыл 10 жылдык мааракесин белгилөөдө. +Бул арада басылма бир топ машакаттуу жолдорду басып, журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган өлкөдөгү алдыңкы медиа болууга жетишти. +Басылма журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-материалдарды, эксперттердин пикирлерин, эксклюзивдүү маектерди жана саясий дебаттарды даярдап келет. +"ПолитКлиника" коомдогу көйгөйлөрдү ачык чагылдырууга далалат кылып түптөлгөн басылмалардын бири. +Анын алгачкы саны мындан туура он жыл мурда, 2013-жылдан 28-мартында жарык көргөн. +Кыргыз тилиндеги сапаттуу контент жасаган гезитти түптөө албетте жеңил болгон эмес. +Бир жагынан редакциянын кеңсеси жок болсо, экинчи жагынан каржылык жактан кыйналып, басмаканага карыз болгон учурлар арбын болгон. +Басылманын жетекчиси Дилбар Алимова ушундай кыйын учурларда дагы "ПолитКлиниканы" түптөөчүлөр буюртма материалдарды жазбайбыз деген шертине бекем турганын айтты. +“Ал учурда гезит чыгаруунун түйшүгүн жакшы түшүнбөй эле амбициялык максаттар менен чыгарып алган экенбиз. +Анан чыгаргандан кийин басмаканага көп акча кетерин билдик. +Гезит жума сайын чыгы��ы керек. +Ошол эле маалда журналисттерге маяна, кеңсенин ижара акысын төлөө өңдүү кыйынчылыктар болгон. +Карыздар да көбөйдү. +Анан мени менен чогуу кесибин сүйгөн Айгүл Бакеева, Кымбат Турдубекова кесиптештерим эле калган. +Үчөөбүзгө бир гезитти чыгаруу чынында кыйын болду. +Мына ушул учурда интернетке өтүү тенденциясы күч алган. +Анан гезит чыгарууну биротоло токтотуп, толук эле онлайн медиага өттүк”. +Гезит менен сайттын айырмасы чоң болгондуктан "ПолитКлиниканын" кийинки кадамы да колдоого муктаж эле. +Маселен, гезитте көлөмдүү макалаларды жазып көнгөн журналисттерди кыска жазууга, макалаларды мултимедиалык форматта даярдоого үйрөтүү машакаты күтүп турган. +Дал ушул багытта басылмага "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүп, "ПолитКлиниканын" конвергенттүү редакция болушуна салым кошкон. +“Басылма үчүн бардык учурда чыгымды үнөмдөө керек болчу. +Даяр, такшалган журналисттер менен иштесек каражат, дагы да көп сарпталары белгилүү да. +Анан долбоор жазып, студенттерди окутуп, даярдай баштадым. +Алар алгач акысыз иштеп, кийин азыраак каражат менен ишин улантышты. +Өздөрүнө тажрыйба топтоду, басылмага күч болуп берди. +Кийин ошол окуткан студенттерим бизге даяр кадр болуп калды. +Азыр алардын ичинен айрымдары белгилүү иликтөөчү журналист болуп өсүп-жетилди”, - деди Дилбар Алимова. +Бул кыйынчылыктар эркин, көз каранды эмес болууга умтулган медианы күчтөндүргөн. +Мындай өткөөл учурлар басылманын коомду агартуусуна жаңы дем болуп берген. +Медиа эксперт, белгилүү журналист Азамат Тынаев басылманын басып өткөн жолу, беттеген багыты тууралуу буларга токтолду: + +"ПолитКлиника" деген аталышынан кеп баштасак, түпкү маани-маңызы саясат деген кеп да. +Саясатчылар дагы, бийлик башындагылар дагы саясий контенти бар медиаларды өз карамагына алып, аларды өз кызыкчылыгына иштеткиси келет. +Керек болсо бул үчүн дайыма чоң аракеттерди көрөт. +Анткени медиада - маалымат, идеология, таасир жана мүмкүнчүлүктөр бар. +Ачыгын айтсам, ушул багытта иштеген башка көптөгөн кесиптештер түрдүү азгырылууларга туруштук бере албай калышат. +Анткени азгыруунун ичинде чоң акча, кызмат орундар, саясий убадалар болот. +Ушундай абалда эч кимге сатылбай, эч ким менен коюн-колтук алышпай, элге кызмат кылып, так маалымат берип, керек болсо ошол эле эл башындагыларды сындап, кетирген катачылыктарын тайманбай түз айтып жүрүү - бул чоң сыноо. +"ПолитКлиниканын" бийлик менен коюн-колтук алышып кетпегени да артыкчылык". +Журналист Аскер Сакыбаева "ПолитКлиника" басылмасы журналистиканын эволюциялык жолун басып өткөнүн айтты. +“Биз "ПолитКлиниканы" конвергенттүү редакция деп жатпайбызбы, башкача айтканда, булар бардык азыркы мултимедиалык каражаттары бир жерге топтолгон редакцияга айлана алды. +Эң негизгиси бардык тармакты эле чапчый бербей, журналисттик иликтөөлөр��ү, фактчекинг, дата-журналистиканы тандап алышты. +Булар журналистиканын күрөө тамырын кармаган тармактар. +Ушунусу менен башка медиалардан айырмаланып турат. +Ошол эле маалда басылма эл аралык өнөктөштөр менен иштөөнү ырааттуу колго алды жана алардан дурус колдоо тапты. +Бул кадам минтип журналисттик анык милдеттерди аткарууга себеп болууда”. +"ПолитКлиника" учурда журналистика багытында бир катар тренингдерди өтөт жана иликтөөчү журналисттерди окутат. +Медиада жалпысынан 15 кызматкер эмгектенет. +"ПолитКлиника" акыркы жылдары коомчулукта резонанс жараткан жыйырмага жакын иликтөө жасаган. +Ондогон дата-макалаларды, эксклюзивдүү маектерди, аналитикалык макала жана фактчекингдерди даярдап, кыргыз тилиндеги сапаттуу контенти менен коомду алдыга сүйрөөгө далалат кылууда. +Медиа эксперт Марат Токоевдин пикринде, гезит өз учурунда онлайн медиага ийгиликтүү өтүп, башка басылмаларга өрнөк боло алды. +"ПолитКлиниканын" фактчекинг, журналисттик иликтөөлөргө басым кылып жатканы заман талабы. +Анткени азыр биздин коомдо журналисттер көбөйдү, алардын арасындагы кесипкөйлүк да мурункудан жогорулады. +Анан турмушта, коомдо, саясатта болуп жаткан мыйзамсыз иштердин бетин ачууга журналисттердин дарамети жетип калды. +Бул басылма мына ушундай иликтөөлөрдү алып чыгып жатат. +Ал эми фактчекинг азыр өтө маанилүү. +Анткени интернет ар бир кишинин жашоосуна терең кирип, көпчүлүк жарандар жалган маалыматтарга сугарылып жатышат. +Элдин баары эле жалган маалыматты чын маалыматтан айырмалоого дараметсиз да. +Мына ушул учурда фактчект жакшы кызмат кылууда. +Анан бул тармактын агартуучулук жагы бар. +Себеби, кандай маалыматтарды кайсы булактан тактап жатканын так көрөтөт”. +Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип, Checkit Media аттуу жаңы платформа түзүлгөн. +Бул “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан. +Алар: Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары. +Жалган, бурмаланган маалыматтарга каршы биргелешкен күрөш 2020-жылдагы шайлоо учурунда күч алган манипуляция, саясий кризис жана кара PRга каршы жүргөн. +Кыргызстанда бир нече жылдан бери социалдык тармактарда фейк-аккаунттардын маселеси көтөрүлүп келет. +Фейктер айрыкча шайлоолордо, коомдо талкуу жараткан окуяларда жанданат. +Алар туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратып коомдун пикирин өзгөрткөнгө аракет кылат. +Bulak.kg сайты жакында эле “Азаттыктын” жана “Кактус Медианын” жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк-аккаунттар экенин аныктаган. +Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өлкө аймагында көрсөтүлө турган тасмаларды текшерүү боюнча токтом долбоорун сунуштады. +Жарандык коом министрликтин бул кадамын "цензура" деп бааласа, айрым кино ишмерлери токтомдун ишке ашарынан күмөн саноодо. +Министрлик 2016-жылы кабыл алынган “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүү киргизүүнү көздөйт. +Документ 27-февралда коомдук талкууга коюлган. +Анда Кыргызстандын аймагындагы фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда фильмдерди көрсөтүү үчүн алдын ала уруксат алууга милдеттендирүү каралган. +Бул үчүн “Кыргызтасмасы” мекемеси редакциялык коллегия түзүп, бул топ аудиовизуалдык материалдарды карап чыгат. +“Ошону менен бирге, фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда көрсөтүлүүчү тасмалар бир жактуу коомдук пикирди пайда кыларын жана аларда көрсөтүлүүчү фильмдердин мазмуну дайыма эле Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатына ылайык келбей турганын белгилейбиз”, - деп айтылат долбоордун негиздемесинде. +“Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылы тасмаларды текшерүү боюнча токтом долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. +Кыймылдын кайрылуусунда, бул долбоор цензурага жатарын, мындай чечим кабыл алууга жол берилбей турганы Баш мыйзамда жазылганын белгилеген. +Укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова токтом долбоору кабыл алынса, сотко кайрылышарын билдирди: + +“Атамбаевдин мезгилинде эле кабыл алынган бир мыйзам бар экен. +Анын кандайча өтүп кеткенин билбейбиз. +Ал жерде ушундай цензураны киргизсек болот деген чатак берене бар экен. +Эми бизде эки жол бар. +Биринчиси - токтом долбоорун артка кайтарсын деп Маданият министрлигин административдик сотко беребиз. +Экинчиси, жогоруда кеп болгон мыйзамдын чатак беренеси боюнча Конституциялык сотко кайрылабыз. +Ошондуктан биз азыр жогорку мекемелерге таланттуу адамдарды, блогерлерди, журналисттерди тыйып жатканыңар - цензура жана кылмыш деп кайрылуу жибердик. +Маданият министрлиги тескерисинче, фестивалдарды өткөрүүгө шарт түзүп бериши керек эле да”. +Былтыр ноябрда Бишкекте “Бир дүйнө” кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө эч түшүндүрмөсүз тыюу салынган. +Иш-чараны уюштурган "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун директору Төлөкан Исмаилова өздөрүн "Кыргыз тасма" мамлекеттик мекемесинин өкүлү деп тааныштырган эки кызматкер уруксат бербей жатканын “Азаттыкка” билдирген. +Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул боюнча түшүндүрмө берген эмес. +Конституциянын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп жазылып турат. +Ал эми 63-берененин 1-бөлүгүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбей турганы жазылган. +Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо тууралуу” мыйзамынын 5-беренесинде “Аудиовизуалдык чыгарма жа��аткан чыгармачыл адамдар өзүнүн жеке кинематографиялык идеяларын, ойлорун кандай формада, тилде болбосун берүүгө, чет өлкөлүк адам жана юридикалык жактар менен биргелешип коюуга, кайра коюуга укугу бар. +Кыргызстанда цензурага жол берилбейт деп ушул ушул мыйзамдын 2-абзацында жазылып турат. +Бирок андан ары “айрым учурларда жол берилет” деген Конституциялык эмес норма жазылып калган. +Эгерде тасмаларды текшерүү тууралуу токтом долбоору кабыл алынып, күчүнө кире турган болсо, ар бир фестивалдарда, семинарларда аудиовизуалдык тасманы көрсөтүүдө жана прокатка чыгарууда “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунан мамлекеттик күбөлүк алышы керек. +Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Элвира Мамытова мекеме эмне себептен мындай чечимге келгенин түшүндүрдү: + +“Акыркы убактарда коомчулукта тасмаларга байланыштуу талаш-тартыштар болду. +Маселен, сын-пикирге кабылган “Манастын уулу Семетей” тасмасын мисалга алалы. +Бул тасма коомчулукка көрсөтүлбөсүн, эгер чыгып калса Кинематография департаменти жооп бериши керек деген ойлор айтылды. +Мындан башка да биз тарапка "текшерүү кылбайт" деген бир катар сындар айтылды. +Биз тартылып жаткан ар бир тасманы текшере албайбыз. +Анткени бизде сөз эркиндиги, чыгармачыл эркиндик деген бар. +Тасма тартылып жаткан чакта да кийлигише албайбыз. +Көп учурда жеке студиялар өз каражатына тартышат. +Бирок буга карабастан коомчулук биздин департементке пикир айта берет. +Ошондуктан биз талкуу жаратып жаткан токтомго өзгөртүү киргизүүнү демилгеледик. +Анда конкреттүү пункттар бар. +Мисалы, терроризмге чакырбоо, улуттар аралык кастыкты козутпоо, диний курч темаларды көтөрбөө, баңгичиликке чакырбоо керек деген өңдүү. +Эгер фильмдерде ушул нерселер жок болсо, биз прокаттык күбөлүктү бере беребиз. +Андан башка тыюу салууга укугубуз жок”. +Прокаттык күбөлүктү өлкө ичиндеги тасма жаратуучуларга “Кыргызтасмасы” мекемеси берет. +Кыргызстандын аймагындагы бардык кинотеатрлар прокаттык күбөлүгү жок фильмдерди прокатка чыгарбайт. +“Кыргыз кинолорун көрсөтүүдөн мурун текшерүү жөнүндө” токтом долбоору коомдук талкууга чыккандан кийин “Адилет” укуктук клиникасы токтом долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “бул документтин кабыл алынышы өлкөнүн Конституциясында кепилденген жана эл аралык деңгээлде жалпысынан кабыл алынган сөз эркиндигине жана чыгармачылыкка карата адам укуктарын ишке ашырууда тобокелдиктерди жана коркунучтарды алып келерин белгиледи” деген бүтүм чыгарган. +Укуктук клиниканын юристи Жылдыз Азыкова “Азаттыкка” төмөнкүдөй пикирин билдирди: + +“Документтин концепциясына үңүлсөк, Кыргызстанда кинематографиялык уюмдар жана кино ижарачылар, эле фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда кино кө��сөтүүнү уюштуруучулар өз тасмаларын мамлекеттин уруксаты менен гана көрсөтө алат экен. +Буга чейин уруксатты кинематографиялык уюмдар менен кино ижарачылар гана алып келсе, токтом кабыл алынып калгандан кийин мындай милдеттенмелер фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда кино көрсөтүүнү уюштуруучуларга да жүктөлүп калат. +Бул деген калаган видеороликтерди, даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды да ар кандай семинарларда, тегерек үстөлдөрдө, тренингдерде, фестивалдарда, ал тургай салтанаттуу иш-чараларда, тойлордо мамлекеттик бийлик органдарынын алдын ала уруксатысыз көрсөтүүгө болбойт дегенди түшүндүрөт. +Муну цензура эмес деп атай албайбыз”. +“Кыргызтасмасы” мамлекеттик мекемесинин прокат бөлүмүнүн башчысы Париза Борбиева токтом долбоору цензурага баратат деген пикирлерге кошулбайт. +“Бул токтомдун өзгөрүшү кандайча цензурага жатат? +Алар жөн эле арыз жазып, баланча фестивалды бул күнү баланча жерде өткөрөбүз, фестивалда бул автордун баланча темадагы киносун көрсөтөбүз деген маалыматы керек бизге. +Мисалы, эртең бир тасманы көрсөтөбүз десе, авторлору, жаратуучулары тууралуу маалымат алабыз. +Эгерде өкмөттүк фильм болсо киностудия менен келишими барбы же жокпу ошолорду сурайбыз. +Кайсы бир тасманын мазмуну шек жаратса кинону көрөбүз. +Токтомдогу нормалар бузулбаса, прокаттык күбөлүктү дароо эле алып кетишет. +Буга чейин да тоскоолдуксуз алып келишкен. +Эч кандай цензура эмес бул”. +2022-жылы май айында Маданият министрлиги орусиялык “Донбасс. +Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын Бишкекте жана аймакта көрсөтүүгө уруксат берген эмес. +Министрлик мындай чечимин орус-украин согушундагы Кыргызстандын "нейтаралдуу позициясына байланыштырган". +Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров мына ушундай учурларда коопсуздук үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген айрым тасмаларды иргеп көрсөтүүнү эп көрөт. +Бирок Бирназаров коомчулукта талкуу болуп жаткан азыркы токтом долбоорун чийки деп эсептеп, анын жүзөгө ашарынан күмөн санап турат. +“Эми муну ким ойлоп чыгып, ким сунуштаганын билбейм. +Айтор кинодон терең түшүнүгү жок бирөө ойлоп чыккандай. +Чынында коомго кайсы бир деңгээлде цензура керек, ооба. +Анткени баарыбыз коомубузду терс көрүнүштөрдөн сактоого милдеттүүбүз. +Бирок азыркы учурда, азыркы системада кинолорду тыюу менен коомду оңдоп коё албайбыз. +Мисалы азыр толтура режиссёрлор кино тартып жатат. +Алар өз каражатын коротуп жаткандан кийин кааласа тасма тартсын, кааласа картөшкө эгишсин. +Демократиялык мамлекетте ким өз акчасына кандай кино тартса өз эрки. +Анан азыр тартып бүткөн эмгегин үйүндө отуруп алып фестивалдарга жибере берет. +Аны каалоочулар тандап ала берет. +Бүттү анан. +Эми мунун баарын кантип көзөмөлгө алмак эле? +Мен ушуга таң калып турам!”. +“Кинематографияны мамлекеттик к��лдоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, азыркы күндө кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жүргүзөт. +Департаменттин карамагында төмөнкү мекемелер ишмердүүлүгүн жүгүзүүдө: + +Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы; + +“Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси; + +Ч.Айтматов атындагы Республикалык кино үйү; + +Жети облустук, 22 райондук кинодирекциялар (10 авто жүрүүчү кино түйүн); + +38 мамлекеттик кинотеатр. +Андан сырткары Кыргызстандын аймагында 12 жеке менчик кинотеатр жана 34 жеке менчик киностудия иш алып барууда. +Өткөн апта соңунда Бишкекте “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган "Эс тутум өткөөлүндө" аттуу эл аралык конференция өттү. +Анда тархый эс тутум жана деколонизация темаларына кайрылган изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, активисттер, көркөм өнөр ээлери чогулду. +Конференцияга Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келген изилдөөчүлөр да катышты. +"Эсимде" изилдөө аянтчасы Кыргызстандын тарыхын адамдардын жеке окуялары, күбөлөрдүн көзү аркылуу изилдеп, оозеки тарыхты илгерилетип жаткан аянтча. +Иш-чараны уюштурган “Эсимде” изилдөө борборунун илимий кызматкери Гүлзат Алагөз кызынын айтымында, учурда тарыхый эстутум жана деколонизация маселеси актуалдуу болуп турат. +“Конференция деколонизация жана эстутум – эки өзөктүн тегерегинде курулган. +Бул жакка ушундай теманын үстүндө иштеп жүргөн көптөгөн изилдөөчүлөр келди. +13 мамлекеттин изилдөөчүлөрүн башын бириктирип, тарыхый эстутум, репрессия, деколонизация темаларын талкууладык. +Эң башкы максат – өзгөчө 2022-жылы Украина менен Орусиянын ортосунда согуш башталгандан кийин деколонизация Борбордук Азияга дагы актуалдуу темалардын бири болуп калды. +Биз өзүбүздүн маданиятыбызды, тилибизди оторчулуктан куткаруу, өзүбүздү бошотуу кандай жүрүп жатат, дегеле бул илимде болобу, искусстводо болобу, мамлекеттик экономикада болобу – бардык жактагы бошонуу, өзүбүзгө кайтуу жана ошол эле учурда тарыхый эстутумду дагы эсепке алуу, тактап айтканда репрессия курмандыктарын актоо, аларды эскерүү маселелерин кайрадан карап, тарыхыбыздын, өтмүшүбүздү кайрадан карап чыгышыбыз керек”. +Гүлзат Алагөз кызы коңшу мамлекеттерде репрессия курмандыктарын актоо боюнча көптөгөн мыйзамдар кабыл алынып, активдүү иш-чаралар жүрүп жаткан чакта, Кыргызстан маалкатып жатканын кошумчалады. +"Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда репрессия курмандыктарын актоо боюнча көптөгөн мыйзамдар кабыл алынды. +Репрессия курмандыктарын эскерүү күндөрү расмий түрдө белгиленди. +Мисалы, Кыргызстанда 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү" деп жалпы аталса, Казакстанда "Репрессиянын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү" деп так белгиленип, мамлеке��тик деңгээлде эскерилет. +Өзбекстанда көптөгөн басмачылык кыймылга катышкандарды жана жадиддерди актап, аларга музейлер салынып, архивдери ачылып жатат. +Бизде болсо, былтыр 20-декабрда репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору сунушталган болчу. +Бирок, ал мыйзам долбоорун четке кагышканын айтып жатышат". +17-19-март күндөрү болуп өткөн конференциянын алкагында бир нече панелдик сессиялар өткөрүлүп, алыскы жана жакынкы өкөлөрдөн келген изилдөөчүлөр өз маалыматтарын ортого салды. +Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюмунун төрагасы Ян Рачинский элдин эс тутумун калыбына келтирүү үчүн архивдик маалыматтар толук ачылышы зарыл деген пикири менен бөлүштү. +“Постсоветтик чөлкөмдүн дээрлик бүткүл аймагында архивдерди ачтыруу башкы көйгөй болуп эсептелет. +70 жыл бою гезиттер менен китептерде реалдуу маалымат айтылбагандыктан, алардан тарыхты изилдөө мүмкүн эмес. +Андыктан, реалдуулукка жакыныраак делген маалыматтар ошол жабык архивдерде жатат. +Партиялык архивдерде камтылган маалыматтын бир бөлүгү ачыкталган. +Бирок ал жагдайды толук көрсөтө албайт. +Ошондуктан, тарыхчылар жана изилдөөчүлөр сыяктуу эле, карапайым калк үчүн да архивдердин ачылышы өтө зарыл. +Анткени бери дегенде жүз миңдеген адамдар ата-бабаларына эмне болгонун, алар кандай шартта репрессияланганын жана кайда көмүлгөнүн да билишпейт. +Бул үй-бүлөлүк тамырды, өтмүштү калыбына келтирүү маселеси болуп саналат. +Ансыз элдин тарыхы толук болбойт. +Конференцияда мен ушул маселени көтөрдүм жана жакында архивдерден табылган Кыргызстандагы репрессиянын тарыхына тийиштүү айрым документтерди көрсөттүм”. +Өзбекстандагы “Катаган курмандыктары” музейинин башкы илимий кызматкери Бахром Ирзаев 1922-1931-жылдары Германияга барып билим алып келген түркстандык жаштардын тагдырларын изилдеген. +Алардын арасында Тимур Казыбеков аттуу кыргыз жигити да болгон. +Ал Европадан жогорку билим алып келгенден кийин Өзбекстанда ири кызматтарды аркалаган. +Бирок, кийин репрессия курмандыгына туш болгон. +“Ал Берлинде текстиль багытына окуган. +Ал жактан жогорку билим алып, Ташкентке келген. +Ташкентте, Ферганада ири заводдорду куруп, жетектеген. +Окуу жайда окуу бөлүмүн башкарган. +Сөздүктөрдү жазган, Германиядан алып келген китептерин которуп, көп кадр даярдаган. +1938-жылдын 9-октябрында Ташкентте атылып кеткен. +Анын өзүнө жараша тарыхы бар. +Ушулар тууралуу маалымат бердим. +Былтыр Өзбекстанга барып келгенден кийин Садыр Жапаровдун “Өзбекстан бизден ондогон жылдар алдыга озуп кетиптир” деп айтканы бар эле. +Бирок, мен бул жакка келип өз көзүм менен көрдүм, Бишкек жарандык активизм жана илимий изилдөөлөр боюнча бизден алда канча алдыда баратыптыр. +Биздин Кыргызстандан ала турган тажрыйбабыз көп экен, “Эсимде” долбоору менен көп кызматташышып, Ташкентте дагы ушундай иш-чараларды өткөрөлү деп сунуштадым”. +Сүрөтчү Жазгүл Мадазимова эгемендик алган жылдардан бери миграцияда жүргөн кыргыз кыз-келиндеринин көйгөйүнө жана элдин Орусияга карай агылышынын себептерине назар бурган. +Изилдөөчү адамда суроонун жаралышы өнүгүүгө карай жол ачат деп эсептейт. +“Мисалы мен өзүм 90-жылдарда төрөлгөнмүн. +Ал убактарда Советтер Союзу кулаганда менин ата-энем жумушунун баары жок болуп, коомдо аябай татаал болгон убакта чоңойдук. +Ошондо кандайдыр бир боштук пайда болгондой. +Ал боштукта “ биз кимбиз, биздин баркыбыз барбы, өзү кыргыз деген ким, кыргыз деген чачы сары эмес, орусча сүйлөй албаган капкара адамдар, капкара болуу модада эмес” деген өтө көп туура эмес түшүнүктөр менен чоңоюп калганбыз. +Бул суроолордун өзү изденүүгө чоң түрткү берет. +Мунун үстүндө сүрөтчүлөр, анын арасында мен, издениши жакшы платформаны жаратып берет. +Мен ошол көйгөйлөрдү өзүмдүн, же апамдын, же аялдардын, же коомдогу көрүнбөгөн жөпжөнөкөй адамдардын окуялары аркылуу изилдейм”. +“Эсимде” – Кыргызстандын жана Борбор Азиянын өтмүшүнө көз чаптырып, тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча изилдөө борбору. +“Эстутум өткөөлүндө” конференциясы “Эсимде” борборунун үчүнчү эл аралык иш-чарасы. +Буга чейин 2018-жылы “Эс тутум тили” жана 2020-жылы “Маңкурттун түштөрү” конференцияларын өткөргөн. +Бишкекте 29-апрель күнү Кыргыз маалыматтык технологиялар форуму өтөт. +Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова быйыл KIT — кыргыз маалыматтык технологиялар форумунда төрт багыттагы маселе талкууланарын айтты. +KIT форуму — маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү ири иш-чара. +Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет жана мамлекеттеги маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн көйгөйү менен андан чыгуу жолдорун талкуулоо үчүн чыныгы аянтча катары белгилүү. +Бул тууралуу Индира Шаршенова  эфиринде маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, бул жолку форумдун темасы "Кыргызстандын санариптик экономикасынын борборундагы маалыматтар" деп аталат. +"Кыргыз маалыматтык технологиялар форуму IT дүйнөсүндөгү акыркы тенденцияларды жана практикалык тажрыйбаны изилдөөнү сунуштаган технология энтузиасттарынын, ишкерлердин, инвесторлордун жана адистердин жыйыны болот. +Катышуучулар кызыктуу семинарларга, IT чечимдерине жана технология тармагынын лидерлеринин шыктандыруучу маалыматтарына күбө болушат. +Иш-чаранын программасында маалыматтарды башкаруу стратегиясы (маалыматтардын коопсуздугун, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн кантип камсыз кылуу керек), жасалма интеллектинин мүмкүнчүлүктөрү, GovTech санариптик кызмат көрсөтүү фабрикасы (мамлекеттик кызматтарды жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн маалыматтарга негизделген чечимдерди ишке ашыруу) жана маалыматтарды жөнгө салуу (адам укуктарын, бизнестин кызыкчылыктарын колдоо жана маалымат чөйрөсүндө мамлекет менен тең салмактуулукту табуу үчүн мыйзамдарды жана ченемдик актыларды кантип түзүү жана колдонуу керек) маселелери козголот. +Кошумчалай кетсек, катышуучулар оюнду өнүктүрүү боюнча бонустук сессияга мүмкүнчүлүк алышат, анда Кыргызстандын оюн индустриясынын потенциалы талкууланат. +Иш-чарада катышуучулар 15 өлкөнүн өкүлдөрү менен баарлашат жана B2B жолугушууларына катышат. +Amazon, SecDev Group, Касперский, IBM, Яндекс, Azur Games жана башка ири компаниялардын өкүлдөрү келет", — деди Шаршенова. +Ал иш-чарада IT Awards 2023 сыйлык тапшыруу аземи өтөрүн, анда аймактагы IT-долбоорлор жана демилгелер бааланарын кошумчалады. +IT-адис: WhatsApp тиркемесиндеги жазышуулар жашыруун деген ой — жаңылыштык. +IT-адис жана ишкер Мунарбек Мавлянов интернеттеги балдардын коопсуздугу боюнча айтып берди. +Интернетте балдардын коопсуздугун сактоо үчүн алгач ата-эненин интернет технологиясы боюнча кабары болуш керек. +Бул тууралуу Мунарбек Мавлянов  эфиринде маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир шилтеме аркылуу колдонуучу тууралуу көптөгөн маалыматтарды алып койсо болот. +"Баланын интернеттеги коопсуздугун сактоо үчүн эң алгач ата-эне интернетти мыкты болбосо да орто деңгээлде өздөштүрүшү кажет. +Анткени эч кандай маалымат болбой туруп баланын коопсуздугун сактоо мүмкүн эмес. +Азыркы кезде бала эмнени көрүп же кайсы сайттарга кирип жатканы тууралуу атайын тиркемелерден жана программалардан билсе болот. +Мындай кадамдар менен канчалык бир деңгээлде баланын интернеттеги коопсуздугун камсыздаса болот. +Мисалы, көпчүлүгүбүзгө эле СМС келет жана аны башкалар менен бөлүшсө сыйлык берилет деп алдаганга аракеттенгендер абдан көбөйдү. +Мындай оюндардын эң башкы максаты колдонуучу жөнүндө маалымат топтоо болушу мүмкүн. +Эл бат эле бир нерсеге жетүүнү каалайт же болбосо белек алууну самайт. +Ошентип хакерлердин торуна түшүп калууда. +Мындан сырткары, WhatsApp тиркемесинен сыр нерселерди жазыша берсек эч ким окубайт деген ой жаңылыштык. +Аны хакерлер же IT-адистери оңой эле окуп коюшу мүмкүн", — деди адис. +Ал ата-энелерди мүмкүн болушунча балага телефон бербей эле коюуга үндөп, тапшырмаларын компьютер аркылуу жасатканга чакырды. +Бишкекте Борбор Азия IT форуму өтөт. +Талкууланчу маселелер. +Иш-чарада эл аралык рынокко чыгуу маселеси талкууланат. +БИШКЕК, 23-мар. +— Sputnik. +Бишкекте 24-мартта Борбор Азия IT форуму өтөт. +Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. +Маалыматка ылайык, иш-чарада эл аралык рынокторго чыгуу үчүн стартаптарды талдоо, алар боюнча кеңеш берүү боюнча сессиялар уюштурулат. +Ошондой эле Германия, Корея, АКШ жана Япония өлкөлөрүнүн билим берүү мекемелеринин биримдигин түзүү, IT тармактагы жетишкендиктер үчүн Tech Awards сыйлыгын берүү талкууланат. +"Форумга Amazon, Washington University, IT компаниялар жана университеттердин өкүлдөрү, Япония менен Кореядан келген делегациялардын катышуусу күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. +Форум Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы, Кыргызстандын президентинин администрациясы, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулууда. +Жапарова: стартаперлер менен иштөө ишкерлер үчүн да пайдалуу. +Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин SAB (бүтүрүүчүлөрдүн ишкерлигин колдоо) долбоорунун координатору Айзада Жапарова "Бизнес инкубациялык борборлор" жаштар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экенин айтты. +Ишкерлер үчүн стартаперлер менен иштеген да пайдалуу. +Мындай пикирин Айзада Жапарова  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, азыркы кезде жаштардын көбү IT тармагына кызыгууда. +"Учурда IT тармагы актуалдуу болуп жаткандыктан бул тармакта иштегиси келген жаштардын саны өсүүдө. +Деги эле бизнеске кызыккан да, кызыкпаган да жаштар интернет технологиясы боюнча иш алып барууну көздөп жатышат. +Бизнес баштаганда башка тармактарга көбүрөөк чыгым кетсе, IT жаатында аз эле каражат менен бизнес баштап кетсе болот. +Балким ошол үчүн студенттер баштапкы долбооруна азыраак акча салып, чоң бизнес түптөгүлөрү келип жаткандыр. +Көбү жаш кезинде чет өлкөлөрдү көрүп, аны менен катар иштегиси да келгендиктен дал ушул IT тармагын тандап жатышат. +Бизде бардык факультеттерде ишкерлик боюнча сабактар окутулат. +Бизнести кантип баштап, иштетип кетүү жолун көрсөтөбүз. +Алар бир идея боюнча иштеп чыккандан кийин менторлор менен да жолугуштурганга аракеттенебиз. +Ишкерлердин жардамы стартаперлерге гана тийбестен, тескерисинче, ишкерлерге да стартаперлер кызыктуу идеяларды берип, пайдасын тийгизет", — деди Жапарова. +Ал илим, бизнес жана билим берүү тармактары биргелешип иштегенге ылайыкташтырылганын жана аталган үч тармак биргелешип иш алып жүргүзгөндө гана натыйжа болорун кошумчалады. +Байгеси 1 млн. +сом! +Баткендин жашоосун жеңилдеткен IT-чечим сынагы жарыяланды. +Тандоонун жыйынтыгында бир же бир нече жеңүүчү аныкталышы мүмкүн. +Байге бөлүштүрүлөт. +БИШКЕК, 7-дек. +— Sputnik. +Баткен облусунун калкынын жашоосун жеңилдеткен IT-чечим үчүн сынак жарыяланды. +Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы билдирди. +"Мында жаңы программалык камсыздоону иштеп чыгуу же процессти автоматташтыруу сунуштары каралат. +Бул, мисалы, калкка шашылыш кайрылуу системасын иштеп чыгуу жана башка ушул сыяктуу саамалыктар болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. +Сынактын негизги талабы — долбоор техникалык жана экономикалык жактан ишке ашырууга ылайыктуу болушу керек. +Сынакка катышуу үчүн арыздар 2022-жылдын 16-декабры саат 23:59га чейин кабыл алынат. +Конкурс эки этап менен өтөт: + +Биринчи бөлүктө 16-декабрга чейин арыздар кабыл алынат; + +Экинчи бөлүктө жылдын аягына чейин биринчи этаптан өткөндөр бизнес-планы менен мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтерди (жеке ишкердик күбөлүгү же ЖЧК күбөлүгү) тапшырышат. +Тандоонун жыйынтыгы боюнча бир же бир нече жеңүүчү аныкталышы мүмкүн, 1 миллион сомдук байге жеңүүчүлөр арасында бөлүнөт. +Санарип министрлиги майыптыгы бар адамдарды IT-адистигине окутат. +Шарттары. +Социалдык долбоорго катышууну каалагандар дилбаян жазышы шарт. +БИШКЕК, 8-окт. +— Sputnik. +Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Софтскилз" компаниясы менен биргеликте "IT-адиси бол" долбоорун баштап, майыптыгы бар адамдарды окутууга сынак жарыялады. +Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. +Аталган социалдык долбоорго катышууну каалаган майыптыгы бар адамдар "Эмнеге мен IT тармагына барууну каалайм жана ким болгум келет?" +деген темада эссе жазып, a.vorobev@lerne.team жана asarygulova@digital.gov.kg почталарына жөнөтүшү шарт. +Табыштамалар 15-октябрдын саат 18:00үнө чейин кабыл алынат. +Эссе жазууда өзгөчөлөнгөн катышуучуларга Skillbox университетинин онлайн курсунда окуу сертификаты тапшырылат. +Ал жерден үчтөн 12 айга чейин окутулат. +Андан соң министрлик IT багытындагы жумуштарды табууга жана стажировкадан өтүүгө көмөктөшөт. +Кененбаева: Бишкекте өткөн Кыргыз-Россия IT форуму алаканы жакшыртат. +"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева Бишкекте Кыргыз-Россия IT форуму өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Казакстандын адистери катышканын айтты. +IT-форум маалыматтык технологиялар тармагында кызматташуу, талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болду. +Бул тууралуу Асел Кененбаева  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, форумда санарип экономиканын шартындагы интеграция талкууланып, көйгөйлүү маселелер да көтөрүлдү. +"9-сентябрда Бишкекте Кыргыз-Россия IT форуму өтүп, санарип экономиканын шартындагы интеграция маселелери жана санариптештирүү шартында IT-кадрларды даярдоо маселелери боюнча бир катар тематикалык секциялар өткөрүлдү. +Бул маалыматтык технология тармагында кызматташуу, талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болду. +Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Казакстандын ушул тармактагы компания өкүлдөрү, эксперттер катышты. +Мындай форум өлкөлөр аралык алаканы жакшыртып, ири долбоорлорду ишке ашырууда көпүрө болот", — деди Кененбаева. +Ошондой эле адис форумдун алкагында "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Россия Славян университетинин ортосунда билим берүүчү программаларды өнүктүрүү боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлганын кошумчалады. +Динара Руслан: IT адистерге виза берүү колго алынууда. +CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан "Санарип көчмөн" долбоору боюнча оюн айтты. +IT адистер үчүн жеңилдетилген виза берүү колго алынууда, бирок ал жетиштүү деңгээлде жарнамаланбай жатат. +Бул тууралуу Динара Руслан  ��аек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, Экономика министрлиги "Санарип көчмөн" деген статус ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. +"Соңку убактардагы геосаясий кырдаалдан улам IT тармактагы адистер ыңгайлуу жактарга, анын ичинде Кыргызстанга агылууда. +Алар келгенде виза ала албай, балдарын мектепке орноштура албай же батир таба албай калышууда. +Мындан улам Экономика министрлиги IT адистерге жеңилдетилген виза берүү боюнча демилге көтөрүүдө. +Ал үчүн документтерди онлайн тапшырып, үй-бүлөсү болсо ала келсе болот. +Ошондой эле келген адистерге жеке ишкерлик кылып же юридикалык компания ачууга мүмкүнчүлүгү бар. +Мунун пайдалуу жактары арбын. +Мисалы, келген адистер инвестиция салып, батирди ижарага же сатып алып, экономикага мультипликативдик натыйжа да көрсөтөт. +Мындан тышкары, IT тармакты өнүктүрүүгө жардам кылат. +Себеби өлкөдө бул багыт өнүгүп жатканы менен айрым, кеңири тарабаган адистиктер жок, болсо дагы дүйнөлүк деңгээлде эмес. +Ошондуктан бул демилгенин көтөрүлүп жатканы жакшы, бирок ал жетиштүү деңгээлде жарнамаланбай жатат", — деди Динара Руслан. +Ошондой эле "Санарип көчмөн" статусу Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандарына жеткиликтүү экенин кошумчалады. +IT-адис интернеттен көп соода кылгандарга эки карта ачууну сунуштады. +Маекте интернет-ресурстар үчүн кадыр-баркы, кардарлардын ишеними биринчи орунда экенин белгиленген. +БИШКЕК, 25-авг. +— Sputnik. +Интернет-ресурстар кардардын төлөм жүргүзгөн картасындагы жеке маалыматтардын коопсуздугуна тыкыр көзөмөл жүргүзөт. +Бул тууралуу IT-адис Михаил Дудин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. +"Интернет-ресурстар дал ушундай транзакциялардан акча тапкандыктан, алар үчүн кадыр-баркы, кардарлардын ишеними биринчи орунда турат. +Картадан акча алып алган учурлар жайылып кетсе, азыркы технология өнүккөн заманда аны баары үйрөнүп алмак. +Кимдир бирөөнүн эсебинен акча уурдалганын уга элекмин. +Интернеттен товар жана кызматтарды көп сатып алгандар экинчи эсеп картасын ачып койсо ашыкча болбойт. +Ошол эсеп картага төлөм жүргүзө турган картаны байлап коесуз", — деген адис. +Ал мындай учурда кардар алган айлыгын же топтогон каражатын алдырып жибербей турганын кошумчалаган. +Темиров: быйыл Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 2,5 эсе өсөт. +Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров быйылкы жылга пландалган пайда тууралуу айтып берди. +Быйыл Жогорку технологиялар паркынын резиденттери 4-5 миллиард сомго чейин киреше табуусу күтүлүүдө. +Бул тууралуу Чубак Темиров  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, кирешенин өсүшүн дүйнөдөгү геосаясий абалдан улам өлкөгө көп компаниялардын келиши шарттаган. +"Жогорку технологиялар паркы тууралуу мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. +Ар кандай маселелер чечилип отуруп, парк 2013-жылы иштеп башта��ан. +Алгач үч компания резидент болуп кирген. +2017-жылга чейин өсүш байкалганы менен жетиштүү деңгээлде болбой жатты. +Кийинки жылдарда, ал тургай пандемия учурунда дагы аталган парк жакшы көрсөткүчтөрдү берген. +2020-жылы айлантуудагы каражат бир миллиард, 2021-жылы эки миллиард сомдон ашты. +Ал эми 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен биздин компаниялар 800 миллион сомго чукул табышты. +Бул өткөн жылга салыштырмалуу 130 пайызга көп. +Жарым жылдыкта бул көрсөткүч эки миллиард сомдон ашат деген ниетте турабыз. +Украинадагы окуялардан улам өлкөгө көптөгөн компаниялар келип, ушундай жыйынтыктар болууда. +Жылдын соңуна чейин 4-5 миллиард сом менен жыйынтыктоо пландалып жатат", — деди Темиров. +Ошондой эле ал Салык кодексинин айрым нормалары IT тармакка түйшүк жаратып жатканын кошумчалады. +Темиров: өлкөнүн IT потенциалы жарнамага муктаж. +Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров IT тармагындагы адистер үчүн өлкөдө жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи. +Өлкөнүн IT секторундагы мүмкүнчүлүктөр жарнамага муктаж. +Анткени Кыргызстанда салыштырмалуу жакшы шарттар түзүлгөн, бирок аны көбү биле бербейт. +Бул тууралуу Чубак Темиров  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, "Кыргызстан — санарип көчмөндөрдүн өлкөсү" деп Көчмөндөр оюндарынын принцибинде ири иш-чараларды өткөрүү зарыл. +"Кызмат көрсөтүүнү сатыш үчүн алгач өзүңдү таанытуу зарыл. +Чынында дүйнөдө көбү Кыргызстандын IT тармагындагы потенциалы тууралуу биле бербейт. +Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде бул ишти колго алуу керек. +Көптөр кооз табияты бар экенин айтып, бирок IT тармагында дагы мүмкүнчүлүктөр кеңири экенинен кабары жок. +Украинадагы окуялардан кийин Россиядан 40тан ашуун компания кирди. +Алар өлкөнүн IT потенциалы тууралуу жакшы билбептир. +Келгенден кийин таң калышууда. +Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзүбүздү жакшы жарнама кыла алдык. +Ошондой эле принцип менен "Кыргызстан — санарип көчмөндөрдүн өлкөсү" деп өлкөдөгү IT секторундагы мүмкүнчүлүктөрдү жарнамалоо зарыл. +Мурда ар бир өлкө өзүнө кадр тартууга аракет кылчу. +Бирок пандемиядан кийин абал өзгөрүп, адистер ар кайсы жакка көчүүдө. +Кыргызстанга дагы жакшы адистер келди. +Демек, азыр жарнамалоо убагы. +Көпчүлүк Түркияга, Грузия, Азербайжанга басым жасап жатат. +Ошол эле учурда Кыргызстан ошондой же андан артык шарттарды түзүүдө. +Бирок көпчүлүгү аны биле бербейт. +Ошондуктан Кыргызстандын IT тармагындагы шарттарды маркетинг жагынан жарнамалоо жетишпей жатат", — деди Темиров. +Ошондой эле ал маркетингдин жардамы менен IT тармагындагы пайданы үч-төрт эсе көбөйтсө боло турганын кошумчалады. +Бишкекте Kids IT Day фестивалы ачылды. +Программа. +БШК иш-чаранын программасы менен бөлүштү. +БИШКЕК, 1-июн. +— Sputnik. +Бишкекте Kids IT Day балдар фестивалы ачылды. +Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди (БШК). +БШК иш-чараны Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурган. +Программа: + +Маалыматтык коммуникациялык технология тармагынын адистери менен эксперттердин мотивациялык тренингдери; + +Демөөрчүлөр жана өнөктөштөр белек менен камсыздаган сынактар жана интерактивдер; + +Блогерлерден флешмоб; + +Киберспорт боюнча турнир; + +Программалоо жана робот техникалары боюнча мастер-класстар. +Иш-чаранын максаты — балдардын инновациялык жана маалыматтык технологиялар боюнча деңгээлин көтөрүп, ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу. +Иш-чарага 15-17 жаштагы 200дөй бала катышууда. +Алардын арасында математика жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү, Бишкек шаарындагы мектептерде билим алган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар бар. +Фестиваль БШКнын  жана соцтармак аркылуу онлайн форматта көрсөтүлөт. +Акылбек Жапаров Россиянын "Сколково" фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады. +Форумга Россиянын сегиз ири IT компаниясы катышууда. +БИШКЕК, 28-май — Sputnik. +Министрлер кабинетинин төрагасы  Россиянын "Сколково" фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады. +Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Жапаров "Заманбап санариптик банк жана экосистема" форумунда сөз сүйлөп, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгилеген. +"Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу жогорулата алат. +Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. +Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. +Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз", — деди Жапаров. +Ал Кыргызстандын ченемдик укуктук базасы мындай чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берерин айтты. +Өкмөт башчы ошондой эле министрлер кабинети жалпысынан санариптик экономиканы өнүктүрүүдө санариптик инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи. +Өз кезегинде "Сколково" фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди. +Форумга Россиянын сегиз ири IT компаниясы катышууда. +Акылбек Жапаров дүйнөлүк IT-адистерди Көлгө келип иштөөгө чакырды. +Чет элдик адистер үчүн "Санарип көчмөндөр" долбоору ишке киргизилет. +БИШКЕК, 13-май — Sputnik. +Министрлер кабинетинин төрагасы  Чолпон-Атада туристтик сезондун ачылышында дүйнөдөгү IT-адистерди Көлгө келип иштөөгө чакырды. +Анын айтымында, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик адистер үчүн "Санарип көчмөндөр" долбоору ишке киргизилет. +"Ысык-Көл адам капиталын өнүктүрүүчү аймакка айланат. +Арзан жана ылдам интернеттин аркасында билим берүү борборлору түзүлөт. +IT-адистеринин мекенине айланат. +Ансыз да Көлдө турак жайды ижарага алуу алда канча арзан, эли меймандос деген жакшы девиз пайда болду. +Ысык-Көлдүн арзан, ылдам интернети, ажайып жаратылышы IT-адистерин тартып, алардын өз үйүнө айланат деп ишенем. +Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонушубуз керек. +Ошон үчүн алтындан көрө алтын инсандардын пайда болуусу кымбат деп айтылат", — деди Жапаров. +Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Кыргызстандагы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. +Депутат: мектепте англис тилин көп окутуп, лицейге IT сабагын киргизиш керек. +Эл өкүлү Кыргызстандын жаштары билим менен гана экономиканы көтөрө ала турганын белгиледи. +БИШКЕК, 13-апр. +— Sputnik. +Жогорку Кеңештин депутаты  өлкөдө жумушсуздук маселесин чечүү үчүн маалыматтык технологиялар (IT) секторун колго алууну сунуштады. +Эл өкүлү IT-адистерин чыгаруу үчүн мектепте англис тилин окутууга жана мугалимдерди даярдоого маани берүү керектигин белгиледи. +Ал Кыргызстанды жакынкы келечекте КМШдагы IT индустриясынын борборуна айландыруу мүмкүн экенин айтты. +Мындан улам төмөнкүлөр сунушталууда: + +Мектепте англис тили боюнча сабагын көбөйтүү, анын сапатына көңүл буруу; + +9-11-класстын базасындагы кесиптик-техникалык лицейлерде IT-адистиги боюнча сабак киргизүү; + +Жумушсуз кайтып келген мигранттарды IT-адистигине кыска мөөнөттүү курстарда окутуп, аларды жумуш менен камсыздоо жолдорун үйрөнүп чыгуу. +Эл өкүлү жогоруда айтылган сунуштар боюнча тиешелүү министрликтерге протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү. +Чет элдик IT-адистерге шарттар жеңилдетилсин! +Жапаров документке кол койду. +Документтин максаты — өлкөгө IT тармагында иштеген заманбап, чыгармачыл, жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу. +БИШКЕК, 6-апр. +— Sputnik. +Президент Садыр Жапаров "санариптик көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койду. +Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди. +Документтин максаты — Кыргызстанга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл, жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу экени айтылат. +Ошондой эле жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат. +Министрлер кабинети��е тапшырмалар: + +маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караштыруу; + +Кыргызстанга келген, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү маалыматтык веб-порталды уюштуруу; + +"Бишкек" эркин-экономикалык аймагынын жана Жогорку технологиялар паркынын аянтчасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыгуу; + +жогорудагыдай талаптарга жооп берген чет элдиктерге виза берүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү. +IT тармагынын кайсы адистери канча каражат таап жатат. +Иликтөө. +IT тармагынын айлыгы анын адистикке жараша болору белгиленет. +Иликтөөчүлөр маалыматтык технологиялар жаатындагы 45 кызматты анализдеп чыккан. +БИШКЕК, 6-апр. +— Sputnik. +Учурда IT-адистери айына канча каражат таап жатканын  "Работа.ру" деп аталган жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо сервисинин иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып жазды. +IT тармагынын айлыгы анын адистигине жараша болору белгиленет. +"Работа.ру" маалыматтык технологиялар жаатындагы 45 кызматты анализдеп чыккан. +Натыйжада Россияда Data-инженерлер айына орточо 230 миң рубль таба турганы белгилүү болгон. +Мында адистер маалыматтардын базасын түзүүнүн принциптерин аныкташат. +Ал эми иштеп чыгуучулардын орточо 218 миң рубль таба турганы аныкталган. +Мындан сырткары, тестирлөөчүлөр 210 миң рубль, техникалык директорлор 183 миң рубль, Data science-адистери 173 миң рубль алары айтылат. +2022-жылы март айынын жыйынтыгы боюнча, IT тармагындагы компаниялар былтыркыга салыштырмалуу вакансияларды 24 пайызга көбүрөөк жарыялаган. +Ошондой эле 2021-жылга салыштырмалуу резюмелер 8 пайызга көбүрөөк жөнөтүлгөн. +Акаев: Беларусь, Россиядан Кыргызстанга күнүнө ондогон IT-адистер келип жатат. +Эл өкүлү Уинстон Черчиллдин "ири кризистер чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат" деген сөзүн мисал келтирди. +БИШКЕК, 10-мар. +— Sputnik. +Жогорку Кеңештин депутаты  Россия менен Беларустан күнүнө ондогон IT-адистер келип жатканын айтып, аларды жайгаштыруу маселесине көңүл бурууга чакырды. +"Уинстон Черчилль айткандай, чоң кризистер чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. +Бир жумадан бери бизге Россиядан, Беларустан IT-адистер келип жатат. +Бизде Жогорку технологиялык парк бар, ошол жактан имарат берсек. +Алар арзан, тынч, стабилдүү өлкө деп Кыргызстанды тандашкан", — деди Акаев. +Мындан улам депутат келген IT-адистерди жайгаштыруу жагын ойлонуу керектигин белгиледи. +Баканов: россиялык эки чоң IT-компания келип пр��зентация өткөрдү. +Маалыматтык коопсуздук жана IT-инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов Кыргызстан менен Россиянын IT-тармагындагы кызматташуусу жөнүндө айтып берди. +Маалыматтык коопсуздук жана IT инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясы "АСВ" жана Sitronics Group деген россиялык IT-иштеп чыгуучулардын эки презентациясын өткөрдү. +Бул РФтин алдынкы программалык камсыздоону иштеп чыгуучулары, рынокто 27 жылдан ашуун убакыттан бери иштейт. +Ага өлкөдөгү байланыш операторлору, ошондой эле IT-адистери катышты. +Бул тууралуу Айбек Баканов  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, Кыргызстан маалымат технологиясы жаатында Россиянын тажрыйбасын өздөштүрүп, жигердүү кызматташууда. +"Россиялык кесиптештер байланыш операторлордун иш процессин жана активдерин эффективдүү башкарууга, эсептешүү операцияларын (биллинг) жүргүзүүгө жана электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүүгө мүмкүндүк берген инновациялык продукцияларын көрсөтүштү. +Бул ишти бир калыпка келтирип, чыгымдарды олуттуу кыскартууга жардам берет жана кызматтардын баасына да таасирин тийгизиши мүмкүн. +Ошондой эле Россиядан маалымат коопсуздугу, анын ичинде маалыматтарды сактоо жана башка көптөгөн аспектилер жаатындагы тажрыйбаны үйрөнүүнү көздөп жатабыз", — деди Баканов. +Ал Маалыматтык коопсуздук жана IT-инфраструктураны өнүктүрүү ассоциациясы түзүлгөнүнө бир жыл болгонун, биримдик мамлекеттик органдар менен мыйзам жазуу жаатында иштешип, стартаптарга жардам берерин кошумчалады. +Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: + +Apple, Google компанияларында иштеген Жамангараев: кыргызстандыктарды бекер окутабыз. +Чет өлкөдө жашап, ийгилик жаратып, аны менен мекенине да жарыгы тийип келе жаткан кыргызстандыктар абдан көп. +Алардын бири — биздин бүгүнкү маектешибиз Бекназар Жамангараев. +Sputnik Кыргызстан редакциясы IT тармагында, дүйнөлүк гигант компанияларда эмгектенип, BioTech компаниясынын долбоорлоо менеджери болгон мекендеш менен маек куруп, жашоодогу ийгилиги жана иш тажрыйбасы тууралуу баянын укту. +— Алгач оркестрдин солисти адистигин алып, кийин кесибиңизди такыр башка тармакка алмаштырган экенсиз. +— Ооба, биринчи кесибим менен иштеген деле жокмун. +Анткени музыка тармагында 1990-жылдары маяна аябай эле аз болчу. +Дагы башка көйгөйлөр бар эле. +Көбүнчө чакан бизнес ачып, ишкерлик менен алектенип жүрдүм. +Анан экинчи адистигим катары Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин банк иштери бөлүмүн бүтүрдүм. +Бирок бул жаатта деле кыйратып иштеген эмесмин. +Ал убакта англис тилин жакшы өздөштүрүп алгандыктан туризм тармагында эмгектендим. +Кийин шарты келип калып, АКШга көчүп кетүүгө туура келди. +Анткени досторумдун көбү Америкадагы IT-тармактын мыктылары жашаган Кремний өрөөнүндө турушат. +Алар мага ушул жаатта билим а��ып, өзүмдү сынап көрүүнү сунуштап чакыра башташты. +Акыры макулдугумду берип, 34 жашымда көчүп барып, окуп, изденип жүрүп эле карьерам дүрт этип "от алып" кетти. +Мындайча айтканда, жаңы багытта тушоом кесилди. +Ошентип ушул тармактан өзүмдү таптым. +— АКШ менен Кыргызстан экономикасы, жашоо шарты жагынан да таптакыр эки башка мамлекет эмеспи. +Алгач барганда эмнеден кыйналдыңыз, кандай көйгөйлөр болду? +— Отуз төрт жаш — бул олуттуу эле курак. +Үй-бүлө куруп, бир баланын атасы болуп калган элем. +Кыргызстанда өзүмдүн ишимди түптөп, турмушум да жолго салынган кез болчу. +Бирок баарын башынан баштаган бир аз кыйын болду. +Ал убакта Америкада тууган-туушкандар деле жок эле, тосуп алган адам болбоду. +Негизи 12 жыл мурун Америкада кыргыздар аз эле. +Жардам сураганга деле киши жок. +Бул жактан анча-мынча тыйын алып кеткенбиз. +Аны менен жарым жыл жашадык. +Американын жашоо деңгээлин биздики менен салыштырууга болбойт, башында жан багуу үчүн айдоочу, жүк ташуучу өңдүү ар кандай жумуштарда да иштеп көрдүм. +— Батир алуу, жайгашуу жагы маселе туудурган жокпу? +— Кыргызстандан барган жаштар бир батирди жалгыз албастан чогулуп ижаралашат. +Ошол себептен аларга жеңил. +Биз үй-бүлө менен баргандыктан бир батирди толук алууга туура келди. +Бул үчүн да документиң жайында болушу керек. +Ал жакта документиң болсо адамсың. +Анда тейлөө тармактарынан оңой эле жумуш таап алууга болот. +Болбосо кор болосуң. +— Анан IT адистигине Америкадан окудуңузбу? +— Негизи IT тармагында 200гө жакын адистик бар. +Биринчи окуп баштаганда мээге сиңирип, кабылдай албай кыйналдым. +Анткени 18 жашта эмесмин, жашым өтүп калган. +Жаштар дароо эле түшүнүп алса, мен анын баарын жазып алып, үйгө келип бирден окуп, чечмелеп, анан өздөштүрдүм. +Ошентип окудум. +Бул тармактын эң жакшы жагы аз убакытта өздөштүрүп, иштеп кетүүгө болот. +Мисалы, дарыгер болуу үчүн институтту окуп, андан кийин үч жылдай ординатурадан билим алып, анан тажырыйбасы бар врачтар менен иштешип, алардан үйрөнүп, толук дарыгер болуу үчүн он жыл сарпталат. +IT тармагында андай эмес. +Бизде тез арада үйрөтүүчү Boot Camp деп аталган үч же сегиз айлык окуулар бар. +Аларды окуган соң практикага чыгасың. +Мени компьютердик оюндарды чыгарган чакан компанияга киргизишти. +Негизи практикага алып үйрөтүп жатканы үчүн аларга рахмат айтуу керек. +Анткени тажрыйба топтоп жатам да. +Бирок алар мага күнүмдүк жашоо-тиричиликке жеткидей акча төлөп берип турушту. +Компаниянын менеджери аябай акылдуу, сонун, еврей улутундагы адам болчу. +Ал мени жанына алып жүрүп, өзү билген нерсенин баарын үйрөттү. +Ошол компанияда там-туң басып, жаңы багыттагы иштин көзүн таап, акырындап жумуш маркетине ( job market ) чыга баштадым. +Резюмемди жазып чыкканда алгач эле Yahoo компаниясы интервьюга чакырган. +Негизи ага чейин мени ошол оюн компаниясы жумушка алмай болгон. +Менеджери өзүнө жардамчы ��ылып алууга ниеттенди. +Себеби мен да абдан тырышып, өзүмдү бардык жагынан көргөзүп, жумуш 17:00дө бүтсө, мен саат 8-9га чейин калып иштеп жаттым. +Анткени бул жаңы тармактагы менин пайдубалым. +Көп нерсе үйрөнүп, өзүмө тажрыйба топтошум керек. +Анан Yahoo компаниясынан сунуш түшкөндө еврей менеджерибиз интервьюмду жасап бермек болду. +Ошол адамга абдан ыраазымын. +Менин менторум десем да болот. +Бул оюн компаниясы бүгүн бар, эртең жок болуп кетүүчү кичинекей эле компания да. +Ал киши "сенин кең келечегиң үчүн көмөгүмдү берейин" деп мени он күн интервьюга даярдады. +Жумуш саат беште бүтөт. +Андан кийин маңдайына отургузуп алып үч-төрт саат билгенин үйрөтөт. +Анан интервьюга барганда менторумдун жардамы менен бат эле өтүп кеттим. +Ошол 2010-жылдары Facebook менен Google компаниясы аябай эле кичинекей болчу. +Ал кезде Yahoo дүңгүрөп турган. +Компаниянын спорт жаатындагы маалыматтык чоң порталы бар, ошол жагында иштедим. +Америкадагы биринчи толук кандуу жумушум Yahoo болду. +— Boot Camp — тез окутуп-үйрөтүүчү программасы Кыргызстанда да бар, бирок баасы аябай эле кымбат. +Америкадачы? +— Ооба, он жылдын ичинде наркы өстү. +Анткени валюта да бир орунда турбайт да, ал инфляция же девальвация болот. +Бирок окуунун да ар кандай сапаттагысы бар. +Баасы арзандарынын сапаты бир аз начар. +Эгер акчаңыз бар болуп, жакшы билим алгыңыз келсе мыкты Boot Camp окуусуна кирсеңиз, анда көбүрөөк билим аласыз, үй тапшырмаларын да берет. +Ошондой эле окууну бүткөндөн кийин жумуш таап же бир компанияга тажрыйба топтоого киргизишет. +Айрымдары башында аз эле акча алат, калганын иштегенде кутулсаңыз болот. +Кыргызстанга тез-тез келип турам. +Мени кубандырганы, 2021-жылы барганымда IT тармагы боюнча жумуш, окуулар аябай көбөйүптүр. +Бул абдан жакшы көрүнүш. +Баалары да ар кандай экен. +Биздин да өзүбүз ачкан онлайн Boot Camp окуубуз бар. +Жылдыз академиясынын алкагында "Келечек" деген долбоор ачканбыз. +Анын арты менен балдарга бекер билим берүүгө аракет кылабыз. +Былтыр беш-алты миң билдирүү түшкөн, анын төрт миңин кабыл алганбыз. +Быйыл да тандоо жүргүзүп, сынактан өткөндөрдү Америкадагы Facebook, Google өңдүү компанияларда иштеген менторлор бекер окутат. +— Жалпы канча IT-компанияда иштедиңиз? +— Көп эле. +Алардын ичинен майда стартаптар да бар. +Көрүнүктүүлөрүн айтсам, Yahoo, Motorola, Walmart, Apple, Google компанияларында иштедим. +Apple компаниясында иштеп жүргөндө Google компаниясына чакырышты. +Маянам жакшы, бул жактагы ишим жагып жаткандыктан баш тарткам. +Жарым жылдан кийин кайра чалышты. +Анткени алар колунан иш келген кадрларды өздөрү издеп, акырын чакыра беришет. +Ошентип барып, интервьюсунан өтүп, анан ал жакта иштеп калдым. +Андан төрт-беш жыл мурун тажрыйбам аз кезде Google компаниясына барганда эки жолу албай коюшкан. +Кийин резюмемди көрүп өздөрү издеп табышты. +Канчалык аттуу-баштуу компанияда иштесең, ошончолук тажрыйбаң, билимиң жогорулап, маянаң да көбөйөт. +Ошол себептен колдон келсе атактуу компанияларга кирип, болбосо майда стартаптарда деле иштесе болот. +Анткени булардын келечеги бар. +Өзгөчө пандемия маалында IT жаатына тиешеси жок компаниялардын баары банкрот болушту. +Америкалыктардын көбү жумушсуз калышты. +Бирок ошол эле учурда абдан өсүп-өнүгүп, жумушчуларды издеген тармак IT болду. +Өзүңөр билгендей, элдин баары онлайнга өтүп, окуусу, ишинен баштап, тамагына чейин онлайн-тейлөө кызматына өтүшкөн. +— Apple компаниясында уюлдук телефондорго ай сайын келүүчү жаңыланууну жасаарыңызды укканбыз. +Ал эми Google компаниясында кандай кызмат аркаладыңыз? +— Google компаниясында деле ошол багытта иштедим. +Көбүнчө релиздер мен аркылуу өтчү. +Булардын программалары көп, мисалы, картасы, сүйлөп түшүндүрмөсү, издемеси бар. +Издөө жааты ар кандай жүктөмөлөрдөн турган платформа. +Мен анын Android системасында иштедим. +Жаңы жүктөмөлөрдү бир айда бир-эки жолу топтоп, каталарын оңдоп, релиз катары элге тартуулачубуз. +— Бизге маек берген сиздин кесиптешиңиз интернет-программалар аркылуу ар бир адам тууралуу маалыматты оңой эле таап алууга болорун айткан. +Жеке маалыматты кантип коргоого болот? +— Негизи Google компаниясын колдонордо макулдугуңду сурайт. +Мисалы, сиз дүкөнгө баруу үчүн компаниянын картасын колдонууну чечтиңиз. +Анан Google компаниясы багытыңызды, бара турган жериңизди аныктап эле тим болбостон, ал дүкөндүн товарларын сизге сунуштай башташы мүмкүн. +Бирок сиз аны алууну каалабасаңыз Google картага кирип туруп, settings деген жеринен жүктөмөнүн кызматынан баш тартып, өчүрүп койсоңуз болот. +Макулдугуңду бербесең, ал сени көрбөй калат. +Ошол эле рекламаларынан деле баш тартууга болот. +Мунун баарын компания колдонуучусуна жеңилдик болушу үчүн гана сунуштайт, ал маалыматтарды башкаларга бербейт. +Ошондой эле социалдык жеке баракчанын сыр сөзүнөн сак болуу керек. +Башка бирөөнүн компьютеринен кирсеңиз Log out дегенин басып чыгып кетесиз же Chrome браузердин инкогнито деген жеринен жашыруун кире аласыз. +Башкача айтканда, сизди эсинде сактап калбайт. +Мунун баары адамдын коопсуздугу үчүн жасалган. +Муну менен катар сиз жөнүндө маалыматты компания сыртка чыгарбайт. +— Ушундай дүйнөлүк компанияларга кирүү үчүн кандай билим талап кылынат? +Тажрыйбаңыз менен бөлүшсөңүз. +— Мен мектепте окуп жүргөндө математик эмес болчумун. +Эптеп ударник болсун деп жөн эле баа коюп коюшчу. +Көбү IT-адистикке математик болуу керек деп ойлошот. +Бирок аны анчалык терең билүүнүн кажети жок. +Окуп жатканда эле алгоритмдерди жаттап билип алат. +Мүмкүн мурда жашоодо математиканы кыйын билүү керек болгондур, бирок азыр интернеттен эле ар бир маселенин эки-үч варианты менен жообун табасың. +Өзүңдүн базалык билимиңден тышкары англис тилин жакшы билүү керек. +Окурмандарга айтарым, англис тилин үйрөнүү оңой эле. +Мен 20 жашымдан баштап, 21 ��ашымда котормочу болуп сайрап кеткем. +Бул 1996-97-жылдар болчу. +Ал кезде интернет жок, 1 500 сөз камтылган чөнтөк сөздүк китеп менен үйрөндүм. +Ал убакта Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окучумун. +Троллейбуска отурсам да, сабакка барсам да жанымда китебим жүрчү. +Окуп, үйрөнө берчүмүн. +Анан кулакты да көндүрүү керек. +Ал үчүн англис тилиндеги кинолордун кассеталарын алып келип, үйдө жатып алып көрө берчүмүн. +Ошентип 21 жашымда котормочу катары жумушка кирдим. +— Гигант компанияларга жөнөтүлүүчү резюмеде эмнелер камтылышы керек? +— Анда жасаган иштериң, долбоорлоруң жазылат. +Иштеген жерлериңди киргизесиң. +Мен билимимди эң артында жазып койчумун. +Анткени мактана турган деле билимим жок да. +Элдей болуп Гарвардды же Стенфордду бүткөн эмесмин. +Анан да бул тармак абдан тездик менен алдыга жылып турат. +Он жыл мурда алган билимиң учурда актуалдуу эмес. +Бүгүн башка нерсени талап кылышат. +Ошондуктан IT тармагында программалоонун көп тили бар. +Айрымдары колдонулбай калды. +Резюме жазганда англис тилин, орус тилин, кыргыз тилин же кытай тилин билем, командада жакшы иштейм, лидерлик сапаттарым бар деген өзгөчөлүктөр эң башына жазылат. +Интервью убагында эң маанилүүсү, англис тилин жакшы билүү керек. +Анткени суроолорду так түшүнүп, онтобой жооп берүү зарыл да. +Интервьюга барганда кайгырбай, мостойбой, коркпой, күлүп-жайнап, өзүңдү эркин сезип отуруу кажет. +Сен жөнүндө портрет түзүп алуу үчүн би— Бизде да жеке компаниялар жумушка аларда адамдык сапатка көңүл бура баштаганы байкалат. +— Ооба, бул маанилүү. +Мисалы, мен жумушка алып жатканда эртеден-кечке жанымда отуруп, бирге иштеше турган адамды алам да. +Ошол себептен сөзгө түшүнгөн, адамгерчиликтүү кадрды тандайм. +Анан начар, сөзгө түшүнбөгөн бирөөнү алып кыйналгым келбейт да. +— Азыркы учурда IT-тармакта иштеген кыргызстандыктар көбөйүп баратат. +Мурункуга караганда Америкада да кыргыздар арбын. +Биздин адистерге компаниялардын көз карашы кандай? +— Америкада, дүйнөлүк компанияларда улутуна карап бөлбөйт. +Ал жакта тил билүү жана кесибиңе тийиштүү техникалык сапаттар абдан маанилүү. +Мени кубандырганы, азыркы учурда кыргыз балдардын арасында тракт, такси айдап жүрүп эле IT тармагын үйрөнүп, иштеп жаткандар же өз мектептерин ачкандар бар. +Ошол жигиттер билим алып, өсүп, гигант компанияларда иштеп жашоосун өзгөрткөнү сонун да. +"Келечек" долбоорунун алкагында биз дагы басымды аймактарга багыттап жатабыз. +Алардын арасынан да Билл Гейтске, Илон Маскка окшогон бирөө чыкса кандай сыймык. +— Дүйнөлүк компанияларда жумушчулар үчүн эң мыкты шарттар түзүлөт эмеспи. +Мунун баары иштин натыйжалуулугу үчүн болсо керек. +— Google компаниясы кичинекей кеңсени ижарага алып ишин баштаганда эле жумушчуларына тамак бере баштаган. +Эртең менен келсе кофеси даяр, түштө тамагы бекер. +Кийин компания кеңейгенде к��зматкерлерине кам көрүү маданияты андан да өскөн. +Жумуштан кетип жатып да үйүңө тамак сала кетсең болот. +Андан тышкары, бассейн, жакузиси менен машыгуу залдары бекер. +Ар кандай волейбол, футбол секциялары бар. +Жадагалса үйүңдө кир жуугуң келбесе алып келип бир жерге коюп койсоң, жумушчулар жууп, үтүктөп, илип коюшат. +Эс алуучу, уктоочу, массаж жасоочу бөлмөлөр бар. +Компания кызматкерлерин ушунчалык баалап, эч нерсеге алаксыбай, кыжалат болбой иштеп берүүсүн каалашат. +Мындай камкордук баарында эле боло бербейт. +Бул иштин сапатын да арттырат. +"Үйгө барып кир жууш керек эле, эртең кайсы көйнөктү кием" деп ойлонбойсуң да. +Ошол себептен шарт түзүшөт. +Америкада күнүнө сегиз саттан жумасына 40 саат иштейбиз. +Кайсы бир долбоорду тез бүтүү керек болуп жатса гана кошумча эки-үч сааттан иштеп берүүнү суранышат. +Бирок ал үчүн эки-үч эсе үстүнө кошуп төлөп берет. +— Алдыда пландарыңыз кандай, Кыргызстанга келесизби? +— Кыргыз эли илгертеден көчмөн эл болгон да. +Өзүмдү "санарип көчмөн" деп коём. +Кайсы жерде болсоң да элиңди, жериңди сагынат экенсиң. +Эгер Кыргызстан үчүн чоң пайдам тие турган болсо келем. +Пандемия менин ойлорумду, приоритеттеримди өзгөрттү. +Мурда мекенге төрт-беш жылда бир чыксам, азыр бир жылда төрт-беш жолу келүүгө аракет кылам. +ринчи жолуккан адамга 17ден 30 секундага чейин эле убакыт керектелет. +Ушул убакта интервью алуучуга жагып калсаң сени жумушка алуу үчүн себеп издей баштайт. +Анан жакпай калсаң сени кетирүүнүн амалын ойлоп, оор суроолорду бере берет. +Ушундай лайфхактар бар. +Интервьюлардын 70-80 пайызынын максаты — сени басынтып, бурчка такап салуу эмес, жардам берип, колдоп, ишке алуу. +Абылкасымова: IT-хаб түштүктө маалымат технологияны өнүктүрөт. +Оштогу креативдүү IT-хабдын башкы менеджери Гүлнур Абылкасымова аталган жай келечекте түштүк аймактын IT тармагын илгерилеткен флагман боло аларын айтты. +IT-хаб өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы форматтагы биринчи санариптик билим берүү жайы болуп саналат. +Жаштарды тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк шарттарга даярдап, санариптик көндүмдөр чөйрөсүндө билим берүү системасын бекемдөөгө жана жаңы билим берүү стандарттарын колдонууга багытталган. +Бул тууралуу Гүлнур Абылкасымова  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, IT-хабда ар кайсы аймак, өлкөдөн келип иштеген фрилансерлерге шарт түзүлгөн. +"Креативдүү IT-хабдын имараты эки кабаттан жана 25 бөлмөдөн турат. +Анда чоң жана кичине конференц-залдар бар. +Бизде ылдамдыгы секундасына 100 мегабитке жеткен туруктуу кең тилкелүү интернет байланышы, ошондой эле үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздаган генератор бар. +Санариптик жөндөмүн өркүндөткүсү келгендер гана эмес, келечектүү кесипти үйрөнүүнү каалаган балдар да келишет", — деди Абылкасымова. +Ал аталган жай креативдүү экономиканын, анын ичинде санариптик көндүмдөрдү жана ишкердик чөйрөлөрүндө��ү бардык кызыкдар бенефициарлар үчүн онлайн вебинарлар, бизнес-тренингдер жана гибриддик иш-чаралар үчүн аянтча болорун кошумчалады. +Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: + +Кабаева: КМТУ технологиялык инкубатор ачат. +Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин IT факультетинин деканы Гүлнара Кабаева азыркы IT компаниялардын талабына ылайык окутуу пландарын жаңыртуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. +"Санариптик билим жана Кыргызстандагы жаштарды санариптик экономикага ишке орноштуруу" долбоорунун негизинде тендерди утуп алган Ulut Soft мугалимдер үчүн кыргыз тилинде алты жаңы видеокурс иштеп чыкты. +Анын ар бири 16 сабактан турат. +Мунун арты менен бизде жок же жетишсиз болгон мугалимдер даярдалат. +Бул тууралуу Гүлнара Кабаева  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, курстар "Нейрондук тармактар жана тереңдетилген үйрөнүү", "Машиналдык окутуу", "Жасалма интеллект", "Маалымат илими", "Программаны камсыздоо жана коопсуздук долбоорлору", "Киберкоопсуздук технологиялары" багытында түзүлгөн. +"Ошто ПРООНдун "Санариптик билим жана Кыргыз Республикасындагы жаштарды санариптик экономикага ишке орноштуруу" долбоорунун алкагында Россиянын каржылоосу менен биринчи санарип IT-хаб ачылды. +Ага Ololo консультациялык колдоо көрсөтүп, Инновация жана технологиялар агенттиги өз ара кызматташты. +Хабдын максаты — жаштарга чыгармачылык санариптик кесиптер боюнча билим алуусу үчүн атайын аянтча түзүү, анын ичинде IT-багыт дагы камтылган. +Долбоордун алкагында биздин университет жана ОшТУ окуу жайларынын маалымат технология факультетинин окутуу пландарын азыркы IT компаниялардын талабына ылайык жаңыртуу боюнча иш жүрүүдө. +Анын аркасында IT тармагындагы эл аралык жана ата мекендик эксперттер аудит жүргүзүп, акыркы талаптарга жооп берүү үчүн окуу планын өзгөртүү боюнча сунуштарды беришти. +Биз студенттерибиздин эмгек рыногунда жогорку квалификациялуу адистер катары суроо-талапка ээ болушун каалайбыз. +Ошондуктан окуу процессине инновацияларды киргизүү үчүн бардыгын жасап жатабыз. +Учурда КМТУ жана ОшТУнун 60тан мугалими жана башка окуу жайлардын окутуучулары Ulut Soft даярдаган 16 сабактан турган алты курстан өтүп жатышат. +Алдыда студенттер үчүн да кыргыз тилиндеги IT курстары даярдалат", — деди Кабаева. +Ал КМТУ технологиялык инкубатор ачып, анда IT компаниялардын адистерин чакырып мастер-класс уюштуруп, студенттердин даяр долбоорлорун ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады. +Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: + +Жумаев: Каракол шаарында IT-хаб ачылат. +Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев Караколдо быйыл IT-хаб ачылып, маалыматтык технологиялар жаатында билим берүүнү жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлөрүн айтты. +Каракол калаасын маданият жагынан гана эмес, илим, билим тармагында да алдыңкы шаарга ай��антуу боюнча иштер жүрүүдө. +Бул тууралуу Эрмат Жумаев  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, акыркы мезгилде Каракол шаарынын мектеп окуучуларынын билим деңгээли төмөндөгөнү байкалууда. +"Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары алдыда маданий, илимий иш-чараларга басым жасалат. +Мурдатан борбор илим, билимдин шаары катары таанылып келген. +Акыркы учурда мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тест тапшырууда жыйынтыгы 110 баллдан ашпай калып жатат. +Андыктан аткарыла турчу иштердин негизи билим берүүнү жакшыртууга жумшалат. +Алсак, IT-хаб ачуу пландалып, заман талабына ылайык ыкмалар аркылуу билимге умтулууга кадамдар болот. +Өзүбүздүн программисттерди даярдап, адистердин санын көбөйтүү маанилүү", — деди Жумаев. +Ошондой эле мэр Каракол шаары Кыргызстандын маданий борбору деген макамды дайыма алып жүрүүгө аракет кыларын кошумчалады. +Ошто жаш бизнесмендер үчүн IT-хаб ачылды. +IT-хаб креативдүү экономика үчүн уюштурулчу вебинарларга, бизнес-тренингдерге жана гибриддик иш-чараларга активдүү аянтча болуп бермекчи. +БИШКЕК, 26-янв. +— Sputnik. +Ошто жаш ишкерлер үчүн IT-хаб ачылды. +Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасынын (UNDP) маалымат кызматы билдирди. +Хаб ПРООНдун "Санариптик билим жана Кыргыз Республикасындагы жаштарды санариптик экономикага ишке орноштуруу" долбоорунун алкагында Россиянын каржылоосу менен ачылды. +Мында Ololo консультациялык колдоо көрсөтсө, Инновация жана технологиялар агенттиги өз ара кызматташкан. +Максаты — жаштарга чыгармачылык санариптик кесиптер боюнча билим алуусу үчүн атайын аянтча түзүү, анын ичинде IT-багыт дагы камтылган. +IT-хаб креативдүү экономика үчүн уюштурулчу вебинарларга, бизнес-тренингдерге жана гибриддик иш-чараларга активдүү аянтча болуп бермекчи. +2022-жылы кайсы кесиптер популярдуу болот. +Изилдөө. +Изилдөөгө беш миңден ашуун адам катышып, кайсы кесип ээлерине суроо-талап күч болорун айтышкан. +БИШКЕК, 14-янв. +— Sputnik. +IT-адистиги 2022-жылы эң келечектүү кесип катары калат. +Мындай жыйынтыкка "Работа.ру" сервиси изилдөө жүргүзгөндөн кийин келгенин  жазды. +Маалыматтык технология жаатындагы адистикти сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы белгилеген. +Ошондой эле 56 пайызы дарыгерликти, 44 пайызы нанотехнологду тандаган. +Мындан сырткары, изилдөөгө катышкандардын 43 пайызы вирусолог да көп талап кылынган кесип бойдон каларын айтышкан. +Бул жылы соода-сатык жаатындагы менеджерлер (39 пайыз), инженерлер (33 пайыз), куруучулар (27 пайыз), HR-адистери (18 пайыз), инфекционисттер (15 пайыз, медайымдар жана медагалар (10 пайыз) ишинен баар табары аныкталган. +Изилдөөгө сервистин Россиянын бардык аймагындагы беш миңден ашуун колдонуучусу катышканы айтылды. +Кыргызбаев: майыптыгыма карабай эң мыкты IT адиси болууга бел байладым. +IT-адис, программист Данил Кыргызбаев жашоосун "чейин" жана "кийин" деген эки бөлүккө бөлгөн окуясы жана программалоого келген жолу тууралуу айтып берди. +Менин жашоомдогу унутулгус күн шаңдуу башталган. +Мен жашаган үйдө курулуш иштери жүрүп жаткан эле. +Эртең менен таякеме үйдүн курулушуна жардам беришим керек болчу. +Бул күн мен үчүн өзгөчө экенин баары билишчү, анткени эртеси мектепти бүтүрүү экзаменим болмок. +Бул тууралуу Данил Кыргызбаев маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, жашоосундагы оор учурда адамдын нерв системасы менен байланышуучу бионикалык протездерди жасаган Ник Вуйвич менен Хью Геррдин китептерин окуп, мотивация алган. +"Ал күнү мен жүк ташуучунун жанында жерде туруп, ага чоң дарактын сөңгөктөрүн бортко жүктөөгө жардам берип жаткам. +Ошол учурда кандай кооптуу абалда турганымды сезбептирмин. +Трос үзүлүп чоң кара жыгачтын чоң сөңгөгү мени басып калды. +Ошол маалда катуу соккудан сөөктөрүм сынып, тамырларым үзүлүп кеткен экен. +Эс-учумду жоготуптурмун. +Тиешелүү медициналык жардам алуу үчүн менде бир гана саат бар болчу. +Бутумдагы тамырлар катуу жабыркаптыр. +Хирургдар колунан келгендин баарын жасады, бирок эч кандай майнап болгон жок, анткени операция кылууга ылайыктуу жабдык жок болчу. +Эртеси бизге жакыныраак Тажикстандан 2 000 долларга эки дарыгер чакырдык. +Үчүнчү күнү Оштон дарыгерлер келип, бирок алар да эч нерсе кыла алышкан эмес. +Төртүнчү күнү бутта кан айлануу токтоп, ириңдөө процесси башталган. +Ал убакта өлгөн клеткалар ууга айланып, бүт денеге жайылып кетмек. +Операцияга даярдануу үчүн Бишкектеги республикалык ооруканага жөнөтүштү. +Жалпысынан жети жолу операция болдум. +Акыры өзүмө келгенде, бир бутумдан ажыраганыма карабай мага экинчи жашоого мүмкүнчүлүк берилгенин түшүндүм. +Майып болуп калам деп эч ойлогон эмесмин. +Депрессияга түштүм, көп айлап төшөктө жаттым. +Өзүмө келгенден кийин ЖРТ тапшырып, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун веб-иштеп чыгуучу жана дизайнер бөлүмүнө өтүп, бюджеттик орунда азыр 4-курста окуп жатам", — деди Кыргызбаев. +Ал Бишкектеги программалоо курсунда окуп, "КРдин ЖКЭ" тиркемесин иштеп чыгып, анда жол кыймылынын эрежелери тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде элге эң жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө баяндап жазганын кошумчалады. +Алыбаев: IT-адистигин 20 жашка чейинки курактагы жаштар көп окуйт. +IT Academy адиси Азиз Алыбаев программалоону үч айда интенсивдүү түрдө өздөштүрүү кыйын экендигин айтты. +IT-адистигин 20 жашка чейинки курактагы жаштар көп окуп жатышат. +Бул тууралуу Азиз Алыбаев  эфиринде маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, адам өзүнүн жөндөмүнө байланыштуу программалоонун тилин туура тандап, болжол менен бир жылда өздөштүрсө болот. +"Учурда IT-адистигин өздөштүргүсү келген жаштар көбөйдү. +Маркетингдик ыкмаларга байланыштуу көбү программалоону окугусу келип жатат. +Бирок аны өздөштүрүү жеңил эместигин түшүнбөгөндөр арбын. +Көп убакыт��ы, практиканы талап кылгандыктан кээ бири окууну таштап салышат. +Бүгүнкү күндө IT-адистикти окууга 20 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр кызыгып, курстарга жазылып жатышат. +Анткени анын мүмкүнчүлүгү чындыгында абдан жогору. +Түрдүү мектептер кыска мөөнөттө программалоону үйрөтүүгө кепилдик берип, интенсивдүү ыкма аркылуу билим бергени менен маалыматты кабыл алып, практика жүзүндө да иштөөгө убакыт бөлүү зарыл. +Антпесе жыйынтыгы начар болот. +Биз муну изилдеп, болжол менен тогуз айда үйрөнүү мүмкүн экендигин аныктадык", — деди Алыбаев. +Ошондой эле адис кыргызстандык програмисттер дүйнөлүк компаниялардан иш таап, ири долбоорлорду ишке ашырууга катышып жатышканын кошумчалады. +БШК сайтындагы ката: партиялардын IT-адистери добуштар бурмаланбаганына ынанды. +БШКнын сайтындагы мүчүлүштүктү изилдөө үчүн жумушчу топко беш партиянын өкүлдөрү, үч саясий уюмдун IT-адистери кошулган. +БИШКЕК, 15-дек. +— Sputnik. +Саясий партиялардын IT-адистеринен, БШКнын мүчөлөрү жана адистеринен турган жумушчу топ парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбаганына ынанды. +Бул туурасында Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди. +Аталган топ АСУнун маалыматынын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн кошумча таблицадагы механикалык катанын себептерин карашкан. +Жыйындын катышуучуларына БШКнын сайты тесттик режимде иштетип көрсөтүлгөн. +IT-адистер добуштарды көрсөтүүдө туура эмес программалоодон улам ката кеткенине ынанды. +Ал эми добуштардын саны жана пайыздык өлчөмү АСУдан автоматтык түрдө алынган маалыматтар менен дал келгенин ырасташты. +Сырткы таблицадагы каталар добушканалардан түшкөн маалыматтарга таасир эткен эмес", — деп айтылат маалыматта. +Жумушчу топко "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Азаттык", "Кыргызстан жашылдар партиясы", партияларынын өкүлдөрү, "Ынтымак", "Социал-демократтар" жана "Ордо" саясий уюмдарынын IT-адистери, "Таза шайлоо" коомдук фондунун өкүлү кирген. +Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү, АСУ маалыматтык системасынын программалык камсыздоону жакшыртуу тобунун жетекчиси жана аппарат кызматкерлери кошулган. +Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо участкалар жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. +Биринчисинде, партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. +Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. +Кайра иштеп баштаганда партиялардын добуштары азайып кеткен. +Борбордук шайлоо комиссиясы АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо адис санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алгандыктан сайттын  + +Буга нааразычылыктар токтогон эмес. +Мындан улам 1-декабрда ар бир партиянын IT-адистеринен турган жумушчу топ түзүү чечими  + +Жеңиш кызы: IT тармагында акысыз онлайн-курстар ачылды. +БУУнун өнүктүрүү программасына караштуу Акселатор лабораториясынын эксперимент жүргүзүү боюнча жетекчиси Женни Жеңиш кызы өлкөдө IT багытында эмгектенген аялдар аз экенин айтты. +БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен кыргызстандыктар үчүн IT-сабаттуулук боюнча курстарды ачты. +Окутуулар 10 кыска видеосабактан туруп, YouTube контентине жайгаштырылды. +Бул тууралуу Женни Жеңиш кызы  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, аталган курстар кыргыз тилинде даярдалган. +"Пандемия учурунда бардыгыбыз эле көптөгөн кызматтардын кыскарганына күбө болдук. +Мекемелер аралыктан иштөөгө өтүп, жалгыз гана IT тармагы кризиске кабылбай, тескерисинче, өнүгүп жатты. +Мындан сырткары, окумуштуулардын божомолу боюнча, келчекте көптөгөн кесиптер кыскарып, ордун IT жаатын мыкты билген адистер толуктай турганы айтылат. +"Мындай өзгөрүүлөргө Кыргызстан даярбы?" +деген суроо жаралат. +Өлкөдө аракеттер бар, Санарип министрлигинин да өзүнчө бөлүнүп түзүлүшү мындан кабар берет, бирок ошону менен катар эле көйгөйлөр да жок эмес. +Мисалы, кыргыз тилинде окутуулар, адистерди даярдоо жокко эсе. +Ошондой эле IT адистиктерине кызыккан кыздар абдан аз. +Биз бул маселелерге аз да болсо салымыбызды кошуу максатында алгачкы 10 видеосабагыбызды кыргыз тилинде даярдадык, окутууда кыз-келиндерге басым жасап жатабыз", — деди Жеңиш кызы. +Адис окуу курстары каалоочулардын бардыгы үчүн жеткиликтүү, онлайн-форматта экенин кошумчалады. +Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: + +Догоев: IT-тармагында иштеген адистердин саны 76%га өстү. +Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев Кыргызстанда 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгында IT-индустриясынын кирешеси мурдагы жылдарга салыштырмалуу 67 пайызга өскөнүн айтты. +Президент Садыр Жапаровдун "КР президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулду. +Жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатын көздөйт. +Бул тууралуу Дастан Догоев  эфиринде маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, учурда IT тармагында иштеген адистердин саны 76 пайызга өскөн. +"Санариптик өнүктүрүү министрлиги жазында Маалыматтык технология жана байланыш агенттиги менен Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүү жолу менен негизделген. +Министрлик мамлекеттик саясатты үч багытта: санариптештирүү, байланыш тармагын өнүктүрүү жана жалпы мамлекеттик архив, баалуу документтерди сактап калуу боюнча жүргүзөт. +Буга чейин мамлекеттик системаны электрондук форматка алып келүү жана автоматташтыруу багытында беш мамлекеттик ишкана иштечү. +Анын төртөө жоюлуп, Инфоком ишканасына бирикти. +Азыркы учурда IT-тармагы биздин мамлекетте тездик менен өнүгүп жаткан кези. +2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20 пайызга өстү. +Ал эми 2021-жылдын үчүнчү чейрегинин аягында 67 пайыз өсүү байкалды. +Коңшу Казакстандагы Astana Hub технопаркына салыштырсак, алардын жалпы резиденттердин кирешеси 32 миллион доллар. +Биздин резиденттердин бул жылкы жыйынтыгын болжолдуу айта турган болсок, 30 миллион долларга жакындады. +Эки мамлекеттин мүмкүнчүлүгү, ресурсу, каражаты ар кандай, ал эми деңгээли бирдей болууда. +Мунун артынан мамлекеттик казынага 40 миллион сом түшүп жатат", — деди Догоев. +Министр Бишкекте өткөн StrategEast жана IT Евразиялык форумунда эл аралык деңгээлдеги эң беделдүү деп саналган EPAM Systems IT компаниясынын кеңсеси Бишкекте ачылары макулдашылганын кошумчалады. +Косумбаев: Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте IT-академиясын ачат. +«Кыргызтелеком» ААК башкармалыгынын төрагасы Данияр Косумбаев Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте IT-академиясын ачууну пландап жатканын айтты. +«Кыргызтелеком» ААК жана Technopark Al-Jabr технопаркы менен билим берүү жана IT долбоорлор жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. +Бул тууралуу Данияр Косумбаев  эфиринде маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, мектептердеги интернет менен камсыздалган компьютердик класстар максатсыз пайдаланылып жатат. +«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Ташкентте «Кыргызтелеком» ААКсынын жана Technopark Al-Jabr технопаркынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. +Биз Al-Jabr технопаркынын кеңсесине барып, компаниянын IT потенциалы, учурдагы жана пландаштырылган долбоорлору менен тааныштык. +Жолугушуунун жыйынтыгында стратегиялык келишимге келип, анын негизинде октябрдын башында билим берүү жана IT долбоорлор жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койдук. +Кыргызстандын IT индустриясы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо процессинин маанилүүлүгүн эске алуу менен эки мамлекет чогуу IT-академиясын ачууга ниеттенип жатабыз. +Учурда жер-жерлерде биздин интернет кабелдер бар. +Ошол мектептердеги компьютердик класстар максатсыз пайдаланылып жатат десек болот. +Биз биринчи кезекте окутууну англис тили жана программалоо сабактарынан баштайбыз», — деди Косумбаев. +Ал «Кыргызтелеком» мындай кадамдар менен келечекте өзүнүн эң чоң IT-академиясын түзүүнү көздөп жатканын кошумчалады. +Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: + +Бишкекте мамлекеттик инновациялык борбор ачылат. +Сүрөттөр. +Борбордо прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг зона жайгаштырылганы айтылды. +БИШКЕК, 22-окт. +— Sputnik. +Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор ачыларын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен (Кыргызпатент) билдирди. +Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине мамлекет башчы  катышуусу күтүлүүдө. +Ошондой эле өкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, IT-технологиялар боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер да келери айтылды. +"Борбордо Fablab — прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, Youth iLab балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг зона, конференц-зал, жолугушуу бөлмөлөрү, патенттик-техникалык фонд жайгаштырылган", — деп жазылат билдирмеде. +Инновациялык жайдын расмий ачылыш аземи 27-октябрь күнү саат 8:30да боло турганы кошумчаланды. +ОшМУнун ректору Кожобеков: профессорлорубуз 800 доллардан өйдө маяна алат. +Илим-билим, технология өнүккөн сайын билим берүү системасы да өзгөрүп, шарттар жакшырышы керек. +Бул заман талабы. +Билим берүү тармагын илгерилетүү мамлекеттин пайдубалын бекемдегенге барабар. +Республикадагы мыкты окуу жайлардын бири Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда болуп, окуу жайдын өзү, аталган тармактагы саамалыктар тууралуу кенен маек курду. +— Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын арасында сиздердин университет алдыңкы орунда турарын айтышат, алгач эле ушул окуу жайдагы акыркы жаңылыктар тууралуу кеп салсаңыз? +— ОшМУ классикалык университет катары бардык багыттагы адистерди даярдайт. +Муну акыркы 3-4 жылдан берки жетишкендик десек болот. +Окуткан адистиктерибиз боюнча көз карандысыз тандоо рейтингдерине катышып, дайыма биринчи орунду алып келе жатабыз. +Быйылкы 2021-жылдын жыйынтыгы менен өзүбүздүн министрликтин сынагынан тышкары ЕврАзЭС уюштурган сурамжылоого катышып, эң алдыңкы 10 университеттин катарына кирдик. +Ал эми Орто Азия боюнча беш мыкты жогорку окуу жайдын бирибиз. +Бул жамаатыбыздын эмгеги. +Азыркы дүйнөлүк тажрыйба боюнча биздин ишмердүүлүк көз карандысыз уюмдар тарабынан бааланышы керек болуп турат. +Келечекте дүйнөлүк сынактарга катышуу менен профессордук жамаатты да ошол рейтинги жогору окумуштуулардын тизмесине киргизүү максатыбыз бар. +Муну менен катар Кыргызстанда университеттердин билим берүү системасын жакшыртуу боюнча да бир топ демилгелерди көтөрүп жатабыз. +Президенттин мыйзам ченемдик актыларды инвентаризациялоо боюнча да жарлыгы чыккан. +Ошонун негизинде билим берүү системасына тийиштүү мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топту көзөмөлдөө ишин министрлик ОшМУга жүктөгөн. +Бир жылга жакын иштеп, мыйзам долбоорлору министрликтин кароосунан өтүп, жалпы коомдук талкуу үчүн сайтка коюлду. +Анда мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейинки билим берүүгө тийиштүү беш мыйзам бар экен, баарын бириктирип бир мыйзам долбоор сунуштадык. +Азыр окуу жайдын ички-тышкы маселелеринин баарын санариптештирүүгө өткөрүп алдык. +Платформалардын баары өзүбүздүн адистер тарабынан даярдалып, ошол эле убакта республикага жайылтылды. +— Чет өлкөлүк окуу жайлар менен тажрыйба алмашуу жагы кандай? +— ��кыркы кезде Россиянын бир катар университеттери кыргызстандык студенттерди алып окутушууда. +Ушундан улам Россиядагы партнер университеттерибиз менен студенттер "эки жыл бизде, эки жыл силерде окуп, жыйынтыгында эки жактын дипломун алсын" деген келишим түзүп жатабыз. +Айылдан келген балдар ушул эки жылда бизден орус тилин өздөштүрүп, ата-энеден алыс, өз алдынча жашаганды үйрөнүп, шаар турмушуна көнүп кетүүгө мүмкүнчүлүк болот. +Учурда Приволжье мамлекеттик медициналык университети менен биргелешкен программанын негизинде стоматология жана дарылоо факультетине, ошондой эле Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин баштапкы билим берүү жана англис тили факультетине абитуриенттер кабыл алынат. +Муну менен катар Түштүк Урал университети менен да филология, аймак таануу жана компьютер адистиктери боюнча келишим түздүк. +Балдар жатакана менен камсыздалып, окуу акысы ОшМУнун төлөмүнөн ашпайт. +— Россияда окуй турган студенттердин санына чек барбы? +— Россия тараптан чек деле жок. +Бирок үч этаптан турган тест, экзамен алынып, абдан катуу сынак жүргүзүп жатышат. +Тилекке каршы, көбү сыноодон өтпөй калууда. +Россиялык делегацияга биздин бюджеттик бөлүмдөгү студенттерди да эки жылдык окууга чакыруу сунушун айттым. +Бул жагынан РФ министрлиги менен макулдаша турган жагдайлары бар экен, эгер ишке ашып калса толук долбоор болор эле. +Россиялык университеттердин окутуучулары биздин студенттер менен мугалимдерге лекция да окуп беришет. +Кайсы темада муктаждыгыбыз болсо, алар ошону өтүп берүүгө даяр. +Ал эми илим изилдөөлөр, макала чыгаруу чогуу ишке ашырылып, медицина багытында PHD программаларын жактоодо да бир жетекчи өзүбүздөн, бири Россиядан болууда. +Ушинтип тыгыз кызматташып жатабыз. +Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков: Россиянын бир катар университеттери кыргызстандык студенттерди алып окутушууда. +Ушундан улам Россиядагы өнөктөш университеттер менен студенттер "эки жыл бизде, эки жыл силерде окуп, жыйынтыгында эки жактын дипломун алсын" деген келишим түзүп жатабыз. +— Окутуучулардын кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн кандай кадамдар жасалып келет? +— Бүгүнкү күндө биздеги 20 факультетте бардык багытта адистиктер даярдалат, илгертен калыптанган мыкты профессордук курам бар. +Бүгүн окутуучулардын потенциалын арттыруу үчүн тажрыйба алмашууга тынымсыз жиберип, квалификациясын жогорулатып жатабыз. +Андан тышкары, эл аралык стандарттагы илимий журналдарга макалаларын чыгарууга аракет жасоодобуз. +Онлайн окутууда студенттердин өздүк карточкаларын аралыктан толтурууга мүмкүн болгудай платформа жасап койдук. +Бул иштер так аткарылып, карточкалары толсо аларга автоматтык түрдө балл топтолот. +Баллы 200гө жеткен мугалимдин айлыгына дагы 10 миң сом акча кошуп беребиз. +Эл аралык деңгээлдеги таанымал илимий журналга студ��нттин макаласы чыкса, мугалимине автоматтык түрдө жогорку балл берилет. +Ушундай жолдор менен окутуучуларга мотивация берип отуруп, профессордук курамда атаандаштык жараттык. +Эл аралык рейтингде деле окуу жайда канча чет өлкөлүк мугалим иштээри же чет өлкөдөн тажрыйба алып келгендиги каралат. +Ошол себептен россиялык профессорлорду кафедраларга көп эмес саат менен ишке алып, сабактарды онлайн өтүүсүнө мүмкүнчүлүк алдык. +Мунун чыгымы да аз, эффективдүү да болот экен. +— Россиядан бөлөк дагы кайсы өлкөлөр менен иштешесиздер? +— Кытай республикасы менен биргеликте атайын долбоордун негизинде ачылган кыргыз-кытай факультети бар. +Тилдин ар бир деңгээлин тапшырсаң кайсы бир семестрде Кытайда окуп келүүгө мүмкүнчүлүк берген программалары иштейт. +Ошондой эле магистратураны толугу менен бюджеттик негизде Кытайдан окуп келүүгө болот. +Ал эми Түркия, Испаниянын Кадис университети жана Европанын Батыш Чех университети (University of West Bohemia) менен да ушундай келишим түзүлгөн. +Жакында эле Европанын жогорку экономикалык университетинин ректору келип, бир топ кагаздарга кол коюлду. +Муну менен мугалимдерге да Европага баруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. +Ал эми коңшу Казакстан жана Өзбекстан менен тынымсыз иштешебиз. +Мугалимдер менен катар студенттерибиздин 15 пайызы дайыма сырттан билим алып турушу керек деген планыбыз бар. +Кожобеков: Россиялык университеттердин окутуучулары биздин студенттер менен мугалимдерге лекция да окуп беришет. +Кайсы темада муктаждыгыбыз болсо, алар ошону өтүп берүүгө даяр. +Ош мамлекеттик университети 2021-жылдын жыйынтыгы менен ЕврАзЭС уюштурган сурамжылоого катышып, эң алдыңкы 10 университеттин катарына кирди. +— Келишим менен окуган студенттердин окуудагы жетишкендиктерине карап, алардын төлөм акысын кыскартуу өңдүү программалар жакшы мотивация берет эмеспи. +Сиздерде бул жагы кандай? +— Жылына университеттеги мыкты 10 студентти аныктап, аларга айына 100 доллардан стипендия берип турабыз. +Ошондо бир студент жылына 1200 доллар акча алат. +Бул өмүр бою биздин университетте иштеп, ардактуу эс алууга чыгуу алдында турган агайыбыз берип жаткан акча. +Тамашалап "Нобелдик сыйлык" деп коёбуз. +Ал киши илгертен чогулткан акчасынын баарын банкка салып, анын пайыздык бөлүгүн балдарга берүүдө. +Мындан тышкары, бир жолку стипендияларыбыз бар. +Жашоо шарты начар, ата-энесинин бири жок же тоголок жетимдерге жыл сайын жалпысынан 10 миллион сомго жакын жардам берилет. +Келишимдик негизде окуган балдардын баллы кайсы бир көрсөткүчтөн жогору болсо, окуу акысынан жеңилдик берилет деген норманы киргизүү боюнча жогору жакка сунуш берип жатабыз. +Бюджеттеги студенттин жылдык көрсөткүчү начар болсо, ордун келишимдик негизде мыкты окуган балага өткөрүп бериши керек. +ЖОЖдорго ушундай механизмдерди киргизүү туурасында демилге көтөрдүк. +Бул студенттердин билим сапатына да абдан жакшы таасир калтырар эле. +Ал эми спорттук, маданий же дагы башка мелдеш, сынактарда орунга илинип, ийгиликке жеткендер келишимдик негизде окуса сөзсүз жеңилдик берүү шарттарын карайбыз. +— ОшМУнун окутуучулары республикада эң көп маяна алган мугалимдердин катарында экенин айттыңыз. +— Бир ставка менен иштеген профессордун айлыгы 800 доллардын тегерегинде. +Бирок баары тең эле жок дегенде 1,5 ставка менен иштешет да. +Биздин мугалимдердин орточо айлыгы 40-50 миң сомду түзөт. +Анан ставкасына жараша көбөйүп кете берет. +Мисалы жөнөкөй мугалимдер деле 30 миң сомдон кем албайт. +Инфляцияны эске алып, былтыр эле профессорлорго 6 миң сом кошконбуз, быйыл да кошобуз. +Студенттердин жеке иш аткаруу баракчаларынын толтурулушуна карап да каражат кошуп беребиз. +Мисалы, 100 балл топтосо 5 миң сомдон айлыгына кошуу мүмкүнчүлүгүн түздүк. +Андан тышкары он үчүнчү айлык бар. +Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков: 20 факультетте бардык багытта адистиктер даярдалат, илгертен калыптанган мыкты профессордук курам бар. +Бүгүн окутуучулардын потенциалын арттыруу үчүн тажрыйба алмашууга тынымсыз жиберип, квалификациясын жогорулатып жатабыз. +— ОшМУнун техникалык базасы да мыкты дешет. +— Буга мага чейинки ар бир жетекчи өз салымын кошуп отурду. +Азыр "ОшМУ мыкты билим берүү мекемеси болушу керек" деген максат менен инфраструктураны жакшыртууну колго алып жатабыз. +Бүгүнкү күндө да эки-үч курулуш иши жүрүп жатат. +Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы окуу жайыбыздын медицина факультетинде виртуалдык аудиторияларды ачууга катышты. +Азыр университеттин алдында билим лицейи менен спорт комплекстеринин курулушу жүрүп жатат. +Беш кабаттуу окуу корпусун ачуунун алдында турабыз. +Талапка ылайык, студенттер мурунку 60-70-жылдары курулган имараттарда эмес, заманбап аудиторияларда окушу керек. +— Пандемия маалында көп окуу жайлар аралыктан окутууда алгач абдан кыйналды. +Сиздердечи? +— Биз беш жыл мурун эле санариптештирүүнү баштаганбыз. +Бул аралыкта университеттин ички окуу процессин автоматташтырып бүткөнбүз. +Университеттин алдындагы кесиптик колледждин студенттерине тигүү цехин ачтык. +Медициналык факультеттердин клиникасы бар. +IT академиябыз да окуу жайдан тышкары буюртмаларды алып иштөөгө ыңгайлашып жатат. +Окутуунун электрондук формасын да мыйзамга киргизүүдөбүз. +Биздин университеттин алдында бала бакчадан баштап PHD докторантурага чейин бар. +Колледждерге мектеп жашындагы балдарды алып келип, робот техникасы багытында билим берип, андан кийин IT академиясына киргизүү маселеси каралат. +Бизде университеттеги бардык IT иштерин жасай турган мыкты команда бар. +Кыйын адистерди атайын топтогонбуз. +Ишсиз калбайсың! +Кыргызстанда тартыш болуп жаткан үч адистик. +Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министр��игинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова өлкөдө кайсы адис ээлери тартыш болуп жатканын айтты. +БИШКЕК, 21-сен. +— Sputnik. +Кыргызстанда бир катар адистиктердин, өзгөчө тигүүчүлөр менен куруучулардын жетишсиздиги байкалып жатат. +Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова билдирди. +Ага кайсы адистиктердин жетишсиздиги өзгөчө байкалып жатканы боюнча суроо узатылган. +Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова. +"Мисалы, курулуш бизнесинде газ жана электр ширетүүчүлөр абдан керек. +Тигүүчүлөр жетиштүү көлөмдө окутулганы менен бардык жерде тартыш болуп жатканын көрүүгө болот", — деди Алканова. +Ал ошондой эле IT-адистерине талап күч экенин кошумчалады. +Сулайманов: кыргызстандыктар чет өлкөдө IT тармагында окууну самашат + +Helvetas Kyrgyzstan фондунун долбоор боюнча адиси Абдырахман Сулайманов кыргызстандык студенттер чет өлкөдө маалыматтык технологиялар жаатында окууга кызыгышарын айтты. +Учурдун талабына ылайык, IT багыты жашоо-турмушту ыңгайлаштыруу үчүн да абдан маанилүү ролду ойнойт. +Мындай пикирин Абдырахман Сулайманов  эфиринде маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, программалоо тилдерин ар бир кесиптин ээси өздөштүрүп алуусу кажет. +"Азыркы учурда студенттердин көпчүлүгү IT тармагына кызыгып, чет өлкөлүк мектептерде билим алгысы келет. +Маалыматтык технологиялар келечектин тармагы болгондуктан жашоо-турмушту ыңгайлаштыруу максатында башкы ролду ойнойт. +Анын маанилүүлүгүн коомго туура жеткирип, дүйнөлүк тенденцияларды кабыл алышыбыз керек. +Учурда Европа, Америкада иштеген кыргызстандыктар көп. +Бирок каржылык меселелерге байланыштуу чет өлкөдөгү окуу жайга тапшыра албай калса дагы бул жактан эле көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алат. +Мисалы, Udemy, Khan Academy сыяктуу бир катар онлайн-окутуу академиялары менен IT багыты боюнча программалоо тилдерин үйрөнсө болот. +Муну менен катар психология, туризм дагы абдан керек турган багыттардын катарында", — деди Сулайманов. +Ошондой эле ал биоинженерияны жакшы өздөштүргөн адистер чоң талапка ээ боло турганын кошумчалады. +IT адиси Динара Руслан: премьердин кеңешчиси болуудан чочулап кетенчиктегем. +Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан менен бул тармактын оң-тескейи, жетишкен ийгиликтери тууралуу маектешти. +Динара Руслан быйылтан баштап Кыргызстандын премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси да болуп эмгектенип келет. +— Жакындан бери өкмөт башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалдыңыз. +Сунушту алгач канда�� кабыл алдыңыз жана бул жаатта эмне иштерди жасап жатасыздар? +— Алгач мага Санариптик инновацияларды өнүктүрүү министри болуу кызматы сунушталды. +Бирок өзүмдүн да бир катар бизнес долбоорлорум жана программаларым болгондуктан макул боло алган жокмун. +Ошентсе да кийин өкмөт башчынын санариптик инновацияларды өнүктүрүү боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалдым. +Бул кызматка келерде дагы бир аз кетенчиктегем. +Себеби саясатты "булганыч" деп коюшат эмеспи. +Бирок мен өлкөнү санариптештирүүдө билимиме жараша өз салымымды кошкум келди. +Ошол себептен айлык маянадан баш тартып, коомдук башталыштагы кеңешчи болууга макулдугумду бердим. +Иштеп баштагандан бери эки-үч долбоорду сунуштадык. +Алар азыр каралып жатат жана долбоордун бири иштеп чыгуу процессине жөнөтүлгөн. +Кызматка келгенимдин дагы бир себеби өкмөттү сындап отура бербей кол кабыш кылууну туура көрдүм. +— Жакында эле Antler global венчурдук бизнес компаниясынын сынагынан өткөнүңүздү уктук. +Компаниянын артыкчылыктарын жана кантип өткөнүңүз тууралуу айтып берсеңиз. +— Antler - бул стартаптарды инвестициялоочу эл аралык программа жана венчурдук бизнес компаниясы болуп эсептелинет. +Жыл сайын алар дүйнө жүзү боюнча 60 кишини тандап алышат. +Бул ири компаниянын сынагынан өтүү үчүн бир орунга 2000 киши же компания туура келет. +Ушул жылы мага да ийгилик жылмайып, сынактан өтүп кеттик. +Сынак үч этаптан турат. +Аталган компания Сингапурга учуп барып виза ачтырууга жардамдашат жана төрт миң доллар стипендия төлөйт. +Программа сиздин дараметиңизге жараша алты айдан сегиз айга чейин созулат. +Эки ай окугандан соң, сизден мыкты потенциал көрө алышса 100 миң доллар инвестиция бөлүп берет. +Ал эми төрт айдан кийин ишиңизге бир миллион долларга чейин каражат бөлүшү мүмкүн. +Бүтүрүүчүлөрдүн арасында миллиард долларлык кирешеге ээ болгон IT компаниялардын ээлери бар. +Программа ушул жылдын 15-сентябрында башталганы турат. +CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан. +— Убагында Афганистанда да иштеп келиптирсиз. +Кандайча барып калдыңыз эле? +— Мен университетти бүткөн соң, Бишкектеги базарлардын биринде жарым жылдай иштеп калдым. +Ошол учурда Афганистанда эмгектенип жүргөн байкем Кабулдагы АКШнын аскер базасында мага ылайыктуу штат ачылганын айтып калды. +Ал жакта бир жылдай келишим менен иштеп, акча чогултуп Америкадагы окуу жайлардын бирине магистратурага тапшырууну көздөдүм. +Себеби АКШда окуу менин кыялым эле. +Бирок каражат жагынан күчүм жетпей жаткан. +Ошентип Афганистанда бир жыл иштеп келдим да, АКШдагы жогорку окуу жайлардын биринин магистратурасына өтүп кеттим. +Ал жактан англис тилин өтө мыкты деңгээлде өздөштүрүп алдым. +Мен дайыма чет мамлекетте IT тармагында билим алууну кыялданчумун. +Магистратурада "Маалымат системасын башкаруу жана эл аралык биз��ес" факультетинде окудум. +Биз ал жакта конспект жазып отурбастан, билими, тажрыйбасы мол профессорлор менен биргеликте бизнес кейстердин үстүндө иштедик. +Ошондуктан билим алуу үчүн сарптаган каражатым талаага кеткен жок. +— Азыркы кезде Кыргызстанда IT тармагы өнүгүп жатканы айтылууда, сиздин оюңуз кандай? +— Ооба, акыркы 10 жылда аябай эле өстү. +Адистер да көбөйдү. +— IT адистерине биздин кайсы тармактар көбүрөөк муктаж? +— Эгер статистиканы ала турган болсок, акыркы убакта ишкерлерден суроо-талап жогорулады. +Ошол эле курулуш компанияларынан же ар кандай ири дүкөндөрдөн долбоорлор келет. +Кээ бирлер бизнесин автоматташтырууну кааласа, дагы бири веб-сайт жасатууну, интернет дүкөн ачууну же мобилдик тиркеме жасатууну каалайт. +Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелерден да санариптик сервистерди жасатуу боюнча сунуштар түшүп турат. +IT кафе, ресторан, мобилдик тиркеме, такси, банк, курулуш тармагы өңдүү бардык чөйрөдө колдонулуп жатат. +Ал тургай азык-түлүктү да үйгө буюртма менен алдырууга болот. +Динара Руслан 2021-жылдан баштап Кыргызстандын премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси. +— IT тармагында кыздардын орду кандай? +Мисалы, айрым кесиптердин кыздарга ылайык келбеген жактары бар эмеспи. +Өзгөчө техникалык жааттагы адистиктерди эркектердики деп бөлгөндөр бар. +— IT адистигинде программалоо, дизайн же долбоордук башкаруу болобу ар ким тандоосуна жараша иштей берет. +Эркектер көбүнчө программалоо жагына барса, кыздар долбоорду башкаруу жана дизайн менен алектенишет. +Бул мүмкүнчүлүктөрүнөн улам эмес, жөн гана кыздардын "программалоону жөндөй албайт болушум керек" деген кооптонуусунан болушу ыктымал. +Кыргызстанда инфраструктура жок болгондуктан көп мүмкүнчүлүктөр чектелүү. +Мисалы, Өзбекстанда заводдор, фабрикалар иштейт. +Машина, муздаткыч жана башка продукциялар чыгарылат. +Адистер аларды долбоорлоо багытында иштешет. +Ал эми бизде программалык камсыздоо менен чектелип калып жатышат. +Себеби ал үчүн компьютер жана интернет гана керектелет. +Ошондуктан бул тармак эч нерседен көз каранды болбой, өз алдынча өнүгүүдө. +Инфраструктура алдыга жылса айтишниктерге жакшы болмок. +— Интернетте жеке маалыматтарды коргоо керектигин айтып калышат. +Негизи эле кандай кооптуулуктар бар? +— Өзгөчө кичинекей балдарга интернетти туура колдонгонду үйрөтүш керек. +Алар кайда бара турганын, жашаган дареги сыяктуу жеке маалыматтары менен бөлүшүп, коопсуздугуна коркунуч жаратышат. +Социалдык тармактарды туура колдонууну ар бир адам билиши керек. +Учурда жаштар байлыгын, дарегин, бара турган жерин жана башка коопсуздугуна зыян тийгизип калышы мүмкүн болгон маалыматтарды интернетке жарыялап мактанганды жакшы көрүшөт. +Бул өтө опурталдуу маселе. +Ошондуктан санарип сабаттуулукту жогорулатууну колго алуу зарыл. +Бул жагынан абдан аксап жатабыз. +Биз кичинекей балдарга "чоочун киши чакырса барба, тааныбаган машинага түшпө" деп үйрөткөндөй эле 5-6 жашынан баштап ар кандай жаман оюндарга, кооптуу тиркемелерге кирбегенди дагы үйрөтүшүбүз керек. +Анткени "көк кит" өңдүү коркунучтуу оюндар интернетте жортуп жүрөт. +Ата-энелер балдары үйдө, диванда отурса эле баары жакшы деп кам санашпайт. +Бирок телефон аркылуу кандай сайттарга кирип, кайсы тиркемелерге катталып, эмне деп жазып жатканы белгисиз. +Америкада окуп жүргөндө сабак берген профессорубуз "Google сага караганда, сен жөнүндө көп маалымат билет. +Ал сенин кандай китеп окуп, ким менен кат алышып жатканыңды, дарегиңди, жакшы көргөн тамагыңдан бери жакшы билет. +Керек болсо телефондон сүйлөшүп жатканда тамак тууралуу айтсаң, ал сага жакын жердеги кафелердин тизмесин даярдап турат" деген. +Азыр интернетте реклама деген ушунчалык жогорку деңгээлге жетти, керек болсо Instagram, Facebook, Google баары сизди тыңшап турат, сөзүңүзгө, жазганыңызга жараша сунуштама тиркемелерди даярдап коёт. +Анткени алардын акча табуу программасы ошондой негизделген. +Өзгөчө Google сизге жага турган сунуш берүү үчүн сиз тууралуу маалыматтарды бардык булактардан бир тиркемеге чогултат. +Муну үч-төрт жыл мурун профессорум айтса ишенген эмесмин, азыр ишенем. +Жасалма интеллект деген бар. +CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан: Жашаган жеримди, эмнени жакшы көрөрүмдү жазып, жакындарымдын, ата-энемдин сүрөттөрүн эч качан социалдык тармактарга чыгарбайм. +Муну санариптик сабаттуулук деп коёт. +Ушуга көңүл буруу керек. +— Жогоруда сиз санап өткөн социалдык тармактар элдин маалыматтарын сактоодо канчалык деңгээлде коопсуздукка кепилдик берет? +— Мен Instagram, Facebook тармактарында иштеп көрбөгөндүктөн анын канчалык деңгээлде коопсуз экенин билбейм. +Бирок эсиңизде болсо, 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоодо чоң жаңжал чыккан. +Себеби хакерлер Facebook жана Yahoo базасынан колдонуучулардын жеке маалыматтарын уурдап алышкан. +Ушундай гигант IT компаниялардан уурдап жаткандан кийин, хакерлердин каалоосу болсо маалымат алуунун бардык жолун табат деп ойлойм. +Эгер өзүңүзгө тийиштүү жеке маалыматыңыз болсо, аны эч бир социалдык желеге жазбай эле коюуну сунуштар элем. +Америкада жеке маалыматтарды алып, шайлоодо өздөрүнүн партиясынын пайдасына жарнама иретинде пайдаланган учурлар болгон. +Сиз журналист болгон соң интернетте туура даярдалган контент адамдарга өтө чоң ишеним жаратарын жакшы билесиз. +Мен социалдык тармакка кандай китеп окуп жатканымды же IT тармагы боюнча билдирүүлөрдү гана жазам. +Бирок эч качан жашаган жеримди, эмнени жакшы көрөрүмдү жазып, жакындарымдын, ата-энемдин сүрөттөрүн чыгарбайм. +Муну санариптик сабаттуулук деп коёт. +Ушуга көңүл буруу керек. +— Маектин соңунда сизди тарбиялаган ата-энеңиз тууралуу да сурагым келип турат. +— Мен орточо жашаган үй-бүлөдө чоңойгом. +Апам үй кожейкеси болсо, атам автомектепте унаа айдоо боюнча инструктор болчу. +Мени, досторумду да унаа айдоого үйрөткөн атам болду. +Өзүм Бишкекте төрөлгөнүм менен Нарында, Сокулукта да окудум. +Орто мектепти аяктаганча сегиз жолу билим уясын которгом. +Кичине кезимден эле карапайым үй-бүлөдө чоңойсом да англис тилин үйрөнүп, Америкада окуу кол жеткис кыялым эле. +Мен дайыма эл аралык рынокто иштеп, каржы жагынан көз карандысыз болууну максат кылчумун. +Алдыга койгон максатыңа жетүүдө үй-бүлөңдүн финансылык абалы, кайсы мектепте окуганың мааниге ээ эмес экенин түшүндүм. +Башкысы каалоо күчтүү болушу керек. +Эч качан өзүңдү чектебешиң керек. +Акыркы 10 жылдан бери Кыргызстанда да, Америкада да IT тармагында иштеп жүрөм. +Азыр менде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. +Жаш болсом да бир катар компанияларда директор болуп, өзүмдүн компаниямды да ачтым. +Азыр билим берүү мекемелеринде, чакан жана орто бизнесте ишкердик процесстерин автоматизациялоо жаатындагы экинчи компаниябызды ачып, эл аралык деңгээлдеги алгачкы келишимге ээ болдук. +Antler global венчурдук бизнес компаниясынын сынагынан өткөнүбүз да бизге чоң жетишкендик жана колдоо болду. +Сатылганова: "Techкыздар" окутуу долбооруна 270 кыз катышты. +"Techaim" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан Бишкектеги "Techкыздар" долбоорунун куратору Асел Сатылганова аталган долбоорго жети дубандан 270 кыз катышканын айтты. +"Techaim" коомдук фонду 2019-жылы кыздарды маалыматтык технология жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү максатында жети кыз тарабынан негизделген. +Бул тууралуу Асел Сатылганова  эфиринде билдирди. +Анын айтымында, "Techкыздар" долбоору Кыргызстандагы аялуу топтогу үй-бүлөнүн кыздарына багытталган. +"Techкыздар" бул жаратман жаштар долбоорунун бир компоненти. +Долбоорго 11 айыл аймактагы 13 жаштан 19 жашка чейинки 270 кыз катышты. +Бул кыздардын 70 пайызы аялуу топтон тандалып алынган. +Алсак, толук эмес үй-бүлөнүн, мигранттардын балдары, жетим, жарым жетим кыздар катышты. +Долбоор беш айга созулуп, үч ай мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, SMM, графикалык дизайнер, видеомонтаж сыяктуу санариптик көндүмдөр үйрөтүлдү. +Долбоордун катышуучулары беш адамдан турган топко бөлүнүп, тапшырма боюнча ар бири коомго керектүү маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгышты. +Андан соң эл аралык Technovation Girls Challenge таймашына 270 кыздын 170и катышып, бир команда жарым финалга чыкты. +Бул иш-чара Америкада өтмөк. +Бирок пандемиядан улам онлайн катышмай болушту. +Конкурстун жыйынтыгында команда орун ала турган болсо, демоверсия тиркемесин ишке ашырууга каржылык колдоо алышат. +Ал эми ушул эле сынак Кыргызстанда да өтүп, анда биздин эки команда номинацияга ээ болду", — деди Сатылганова. +Куратор долбоорго катышкан кыздар бүтүрүүчү класстын окуучулары болгондуктан, алар менен психологдор иштеп, проф��риентация боюнча тесттен өткөрүлгөнүн кошумчалады. +Лейлектен АКШга жеткен Нурмухаммед: жүрөк өйүгөн кыялым үчүн келе бердим. +22 жаштагы программист Нурмухаммед Мыктыбек уулу Иорданиядагы миллионерлердин балдары окуган мектептен акысыз билим алган. +IT-адистигин Америкада жана Кипрде өздөштүргөн. +АКШда кызматташуу сунушун четке кагып, өлкөгө кызмат кылуу максатында кайтып келген. +Учурда Нурмухаммед орус, англис, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. +Жаш экенине карабай достору менен биргеликте IT-компания ачып, продукциясын чет өлкөлөргө экспорттошот. +Ошондой эле билим берүү тармагына салым кошуу үчүн кыргыз тилинде тиркеме иштеп чыгып окуучулар жана мугалимдерди маалымат менен камсыздоодо. +Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Нурмухаммед Мыктыбек уулунун чет өлкөлөрдө окуу тажрыйбасы жана учурдагы жумушу тууралуу маек курду. +22 жаштагы программист Нурмухаммед Мыктыбек уулу Иорданиядагы миллионерлердин балдары окуган мектептен акысыз билим алган. +IT-адистигин Америкада жана Кипрде өздөштүргөн. +— Байкашыма караганда бүгүн дагы бир жумушту баштап келген өңдөнөсүз. +— Ооба, жаңы эле өнөктөштөр менен сүйлөшүп, эртең Билим берүү жана илим министрлигине жолугушууга барууну пландап келдик. +— Түшүнүктүү. +Алгач жаш, жигердүү жигиттин өзү тууралуу билип алсак. +— Баткендин Лейлек районундагы Голбо айылынан болом. +Атам кесиби боюнча бухгалтер, азыр дыйканчылык менен алектенет. +Апам химия мугалими. +Төрт бир туугандын улуусумун. +Иним студент, карындаштарым мектеп окуучулары. +Баары айылда турушат. +Өзүм 6-класска чейин айылдагы орто мектепте, кийин "Сапат" лицейинде окудум. +— Айылдагы эле мектепте жүрүп, анан кантип Европа, Америкада окуп калдыңыз? +— Мектеп учурунда предметтик сабактардан дүйнөлүк олимпиадага чейин жеткем. +10-классымда АКШнын Техас штатына олимпиадага барып билимге умтулган кыйын балдарды жолуктурдум. +Алар менен бирге жүрүү, маектешүү кызыктырды. +Ар кайсы өлкөдөн келгендерди көрүп, чет жактагы алдыңкы мектептерде акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк бар экенин ошондо билдим. +Ошол эле жылы эл аралык мектептердин көргөзмөсүнө катышып калдым. +Мугалимдерге жактымбы, айтор билбейм, Иорданиядагы Королдор мектебине (King's Academy) өздөрү чакырып, бекер окууну сунушташты. +Аталган мектепте көбүнчө миллионерлердин балдары окуйт экен. +Чет өлкөнүн жарандары сейрек кездешет. +Эгер барсам, түрк тилдүүлөрдөн жалгыз мен болмокмун. +Анан кантип жок демек элем. +Ошентип 11-классты Иорданияда окудум. +Нурмухаммед Мыктыбек уулу: диплом азыркы заманда аябай деле керек эмес, анткени жасаган жумушуңа карап эле баа берип калышпадыбы. +Өз алдымча жумуш баштайм десең, диплом эмес тажрыйба көбүрөөк талап кылынат. +— Ал жактын билим берүү системасы биздикинен кыйла айырмаланса керек? +— Алар жок дегенде бизден 30-40 жыл алдыда, таптакыр башкача система менен окутушат. +9-класстан баштап өзүң каалаган, келечектеги кесибиңе пайдалуу гана сабактарды тандап окуйсуң. +Бизге окшоп мектепти бүтүп жатканда кайсы кесипке тапшырам деп баш катырбайт. +Атайын кесиптерди, окуу жайларды изилдеген адистер ар бир окуучуга кеңешчи катары бөлүнүп берилет. +Алар багыт берип, кесипти туура тандоо боюнча кеп-кеңешин айтат. +— Демек, сиз да кесип тандоо боюнча кыйналган эмес турбайсызбы. +IT тармагына башынан кызыкчу белеңиз? +— Ооба. +Бирок мен бизнес жаатында окуп, ал эми IT тармагын кошо алып кетем деп ойлочумун. +Европага бизнес боюнча окууга тапшырдым. +Каникулда Америкага барсам айланамдагылар бүт эле IT адиси экен. +Алар менен жүрүп IT менен бизнес жасаса болорун түшүндүм. +Европага кетпей эле Америкада калып окуюн десем кабыл алуу сынактары бүтүп калыптыр. +Башка жолун издей баштадым. +Анан бир досум Кипрге тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. +Ал жактагы European University of Lefke университетине бюджетке өтүп, эки жыл окудум. +— Университет болсо эмнеге эки эле жыл окудуңуз? +— Калп айткандай болушум мүмкүн, бирок чындыгында ал жактагы окуу мен үчүн аябай жеңил болду. +Жогорку курстардын сабактарын кошуп бергиле деп сурандым. +Мугалимдер да байкап, макул болушту. +Жетиштүү деңгээлде билим алдым, диплом деле кереги жок деп, Калифорнияга барып окуумду улантууну чечтим. +Диплом азыркы заманда аябай деле керек эмес, анткени жасаган жумушуңа карап эле баа берип калышпадыбы. +Өз алдымча жумуш баштайм десең, диплом эмес тажрыйба көбүрөөк талап кылынат. +Учурда Нурмухаммед орус, анлгис, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. +Жаш экенине карабай достору менен биргеликте IT-компания ачып, продукциясын чет өлкөлөргө экспорттошот. +— Калифорнияда кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз? +— Мен окуган 42 Silicon Valley университетинде "окуп бүтүрдү" деген түшүнүк жок (күлүп). +Ал жакта өмүр бою окуй берсең болот. +Азыр кайра барып да окуумду уланта алам. +— Кызык. +Ал жердеги окуу системасы башкача окшойт, бир аз айта кетсеңиз. +Кантип өттүңүз эле? +— Ооба, ал жерде робот окутат, тапшырмаларды да робот текшерет. +24 саат өзүң каалаган убакта каалаган нерсеңди окусаң болот. +Эч ким сени "эрте кел, тапшырма аткардыңбы же эмнеге окуган жоксуң?" +дебейт. +Окугуң келсе окуйсуң, болбосо жок. +Өзүм үчүн окуп, бир нерсе үйрөнөм дегендер гана топтолгон жер. +Белгилүү бир максатты көздөгөн студенттерди көрүп өзүмдү түздөдүм, керектүү билимди алып Кыргызстанга келе бердим. +Бул университетке кабыл алуу бир ай бою жүрөт. +Бардык тапшырмаларды аткара алсаң гана өтөсүң. +— Каражат жактан кыйналган жоксузбу? +— Окуум бекер, баскан-турганыма ата-энем каралашчу. +Андан сырткары, бош убактымда өзүм кафелерде тейлөөчү, ашпозчу болуп иштеп жаттым. +— Америкада калуу мүмкүнчүлүгү болду беле? +— Ооба, көп эле стартаптар жана EvolveCyber компаниясы чогуу иштөөнү сунуш кылган. +Ушу тапта билим берүү тармагына салым кошуу үчүн кыргыз тилинде тиркеме иштеп чыгып окуучулар жана мугалимдерди маалымат менен камсыздоодо. +— IT-адистер көбүнчө Америкага кетүүгө умтулуп жатышса, сиздин Кыргызстанга кайтып келүүңүзгө эмне түрткү болду? +— Окуучу кезде олимпиадаларга барганда чет жактагы өнүккөн билим берүү мекемелерин көрүп, бизде да ушундай шарт түзүлсө экен деп кыялданчу элем. +Кыргызча маалыматтардын жоктугунан региондогу окуучулардын чет жакта окуу тууралуу билбегени ойлондурчу. +Ошондо келечекте ушундай мүмкүнчүлүктөр тууралуу кыргызча платформа түзөм деген максат койгом. +Аны орундатуу үчүн кайтып келип, учурда тиркеме ачып иштетип жатам. +— Демек, тиркемеңиз билим берүү жөнүндө турбайбы? +Кызматтары боюнча кененирээк айта кетсеңиз. +— Ооба, негизги максатыбыз окуучуларга кыргыз тилинде маалыматтарды бөлүшүү болуп эсептелинет. +Анткени региондогу окуучулар маалыматка муктаж. +Чет жактан бөлүнгөн гранттар, конкурстар келсе Бишкекте эле бөлүштүрүлүп, аларга жетпей калат. +Тиркемеде дал ушундай чет өлкөдө окууга вакансиялар жарыяланып турат. +Ошондой эле өлкө ичиндеги мектептер, окуу жайлар тууралуу толук маалымат, ар кайсы предметтик онлайн-курстар, тил үйрөнүү, кино тартуу курстары, мугалимдер үчүн пайдалуу нерселер бар. +Дегеле окуучу, студент жана мугалимдер үчүн баары камтылган. +Андан башка жалпы аудитория үчүн жаңылыктар, пайдалуу кеңештер дагы чыгып турат. +Ошондой эле онлайн-сатуу, региондорго каттаган такси кызматтарынын графиги, WhatsApp сыяктуу баарлашуу бөлүмү, аймактардын картасы, кооз жерлерибизди көрсөткөн саякат бөлүмү да бар. +Кызматтарды өнүктүрүү боюнча дагы иштеп жатабыз. +Чет өлкөлөргө да жайылтуу тилегибиз бар. +Нурмухаммед Мыктыбек уулу: теннис, футбол ойнойм, 10-15 чакырымга чуркап турам. +Бизнес жөнүндө китептерди окуганды жактырам. +— Бул жеке идеяңызбы же өнөктөштөр менен биргеликте баштадыңызбы? +— Жеке идеям. +Сайтты толугу менен өзүм түзүп, пландаштырып, анан команда топтоп иштетип жатабыз. +Учурда 10 киши кадимкидей эле айлык алып иштешет. +Маяна төлөөгө демөөрчүлөр жардам беришет. +Кийинчерээк тиркеменин өзүнөн түшкөн акча баарыбызга жетет. +Негизи командага айлык үчүн эмес, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошкусу келген жаштар чогулган. +— Максаттарыңыз орундалышына тилектешпиз. +Башка дагы эмне менен алектенесиз? +— Дагы бир IT-компанияда иштейм. +Аны досторубуз менен чогуу бизнес багытында ачканбыз. +Ар кандай долбоорлор менен продукциябызды сатып, сайт, система, тиркемелерди жасайбыз. +— Программист болууну каалагандарга кандай кеңеш бересиз? +— Каалоо менен аракет болсо эле көздөгөнүнө жетет. +Теория менен чектелип калбай практикага басым жасоого, болушунча реалдуу долбоорлор менен иштеп, өзүнө ишеним артууга, тынымсыз аракет кылууга чакырмакмын. +Нурмухаммед Мыктыбек уулу: мектепте предметтик сабактардан дүйнөлүк олимпиадага чейин жеткем. +10-классымда АКШнын Техас штатына олимпиадага барып билимге умтулган кыйын балдарды жолуктурдум. +Алар менен бирге жүрүү, маектешүү кызыктырды. +Ар кайсы өлкөдөн келгендерди көрүп, чет жактагы алдыңкы мектептерде акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк бар экенин ошондо билдим. +— Дайыма эле компьютер менен отура бербесеңиз керек. +Башка эмнеге кызыгасыз? +— Теннис, футбол ойнойм, 10-15 чакырымга чуркап турам. +Бизнес жөнүндө китептерди окуганды жактырам. +Келечекте ири долбоорлорду ишке ашыргым келет. +Азыркы учурда Кыргызстандын бизнес боюнча курамасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. +Буюрса алдыда жасай турчу жумушум көп. +КМТУнун ректору Кыргызстанда кайсы адистер талашка түшүп жатканын айтты. +Чыныбаевдин айтымында, Кыргызстандын университеттери эмгек рыногунда талап жогору болуп жаткан адистерди эми даярдай баштайт. +БИШКЕК, 8-июн. +— Sputnik. +Машина окутуу жана жасалма интеллект боюнча адистерге дүйнө жүзү боюнча суроо-талап жогору. +Кыргызстанда ушундай кадрларды даярдоо пландалып жатат. +Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев билдирди. +Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Билим берүү министрлиги окуу жайларда чоң реформа жүргүзүүнү убадалап жатат. +Реформа кандайча ишке ашат" аттуу брифингге катышты. +"Белгилүү болгондой, IT-тармагынын өзүнүн адистиктери бар. +Анын ичинен машина окутуу жана жасалма интеллект адистигине талап күч жана дефицит байкалат. +Тилекке каршы, кыргызстандык университеттер бул багыт боюнча адистерди даярдоого эми гана камынып жатат", — деди Чыныбаев. +Эске салсак, майдын аягында Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордогу билим берүүнүн 2021-2023-жылдарга карата трансформацияланган "Университет 4.0" моделиндеги программасын иштеп чыккан. +Адис: IT тармагын үйрөнүү жана иш алып баруу үчүн компьютер гана керек. +CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан аталган тармакта кыздар өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк кеңири экенин белгиледи. +IT тармагын үйрөнүү жана бул багытта иш алып баруу үчүн компьютер гана керек. +Ошондуктан кыз-эркек дебей иштеп кете алат. +Бул тууралуу Динара Руслан  маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, соңку учурда санариптештирүү бардык тармакта өнүгүүдө. +"IT тармагында программалоо, дизайн же долбоордук башкаруу болобу, адам өзү тандап иш алып бара берет. +Көбүнчө программалоо жаатына эркектер барып, кыздар долбоорду башкаруу жана дизайн менен алектенишет. +Бул мүмкүнчүлүктөрүнөн улам эмес, жөн гана кыздардын "программалоону жөндөй албайт болушум керек" деген кооптонуусунан болушу ыктымал. +Кыргызстанда инфраструктура жок болгондуктан көп мүмкүнчүлүктөр чектелүү. +Мисалы, Өзбекстанда заводдор, фабрикалар бар. +Машина, муздаткыч жана башка продукция чыгарылат. +Аларды долбоорлоо б��гытында иштер жүргүзүлөт. +Ал эми бизде программалык камсыздоо менен чектелип калышат. +Себеби ал үчүн компьютер жана интернет гана керектелет. +Ошондуктан бул тармак эч нерседен көз каранды болбой, өз алдынча өнүгүүдө", — деди Динара Руслан. +Ошондой эле ал өлкөдө IT тармагынын кызматтарына буюртмалар көбүнчө жеке ишкерлерден түшөрүн кошумчалады. +Ат-Башыда жүрүп Англияда IT-компания ачкан Болот. +Программист менен маек. +Программист-инженер Болот Калил уулу Ат-Башы районундагы алыскы Казыбек айылында жашап, ошол жактан мыкты стартаптарды ишке ашырып келет. +Жаш жигиттин азыр Лондондо катталган бир компаниясы жана көпчүлүктү кызыктырган бир инновациялык жабдуусу бар. +Элетте жашап дүйнөлүк IT тармагына аралашкан жаш адис менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду. +— Айылдагы мектепте билим алып, кийин борбор калаадагы университетте окуган экенсиз. +IT тармагына башынан эле кызыкчу белеңиз? +— Айылда мектепте аябай начар окучумун. +Кичинекей кезимде сабакка көңүл жок болуп соодага жакын өстүм. +Ал кезде кыргызстандыктар арасында чет элдик телесериалдар аябай популярдуу болуп кеткен. +Мен 4-5-класста ошол сериалдардын чапталчу сүрөттөрүн базардан дүңүнөн сатып алып мектепте чекене сатып пайда көрчүмүн. +Тапкан акчага компьютердик клубга барып оюн ойнойт элек. +Кечинде үйдө жатканда ал оюндар түшүмө кирип, компьютердин ичиндеги процесстер мага өтө кызык болчу. +Кийин диск алып-сатып тыйын таап PlayStation алдым, андан кийин компьютерлүү болдум. +9-класска келгенде "программалар кантип иштейт" деп түрдүү суроолор менен жашап жүргөм. +Ал жылдары сабактан такыр нөл болчумун, эч нерсе окучу эмесмин. +Бир күнү жакындарым мага "билим албасаң, бир кесипке ээ болбосоң кантип оокат кыласың" дешти. +Ушу сөз мага чоң чакырык болду, анын үстүнө такыр айылда калгым келчү эмес. +Ошентип шаарда математика сабагынан мугалим болуп иштеген эжемдикине атайын барып, кышында 5-класстан 9-класска чейинки программаны 1,5-2 айда толук окуп чыккам. +Айылга келип сабактан доскага чыгып эсептерди чыгарып, эжейди, классташтарымды аябай таң калтыргам. +Ага чейин "эч нерсе билбейсиң, оңгулуктуу окуй албайсың" деп мени көбү басынта берчү. +Ошондон кийин өзүмө ишеним пайда болуп, башка илимдер мага жеңил эле болуп калган. +Үч жылдын ичинде мурун жетишпей жүргөн бардык предметтерди кайра окуп чыккам. +Программист-инженер Болот Калил уулу Ат-Башы районундагы алыскы Казыбек айылында жашап, ошол жактан мыкты стартаптарды ишке ашырып келет. +Окуучулар арасындагы олимпиадага информатика сабагынан катуу даярдандым. +Ал кезде интернет түнкүсүн чектөөсүз берилчү, мен түнү менен өзүмө керектүү китептерден көчүрүп баш-отум менен кызыгып кеттим. +ЖОЖго ташпырганда 3-курска чейинки программаны өздөштүрүп салганымды байкагам. +Кыргыз улуттук университетинин инженер-программист адистиги бою��ча тапшыргам. +Ал жакты жакшы окугандыктан мага сабак тандоо, каалаган убакытта университетке баруу мүмкүнчүлүктөрү берилген. +3-курста эле программа жазып иштеп алгачкы буюртмаларды жасап калгам. +Окууну бүтүрүп группалаштарым менен социалдык тармактарды, жарнама сайттарды ачып иштетип көрдүк. +Машинаны сатып, бир нече жолу чыгашага учурадык. +Орто жолдо мобилдик тиркеме, программаларды даярдап Бишкектен үч компания ачтык. +— Түшүнүктүү. +Соңку эмгегиңиз жөнүндө кеп кылалычы. +АVA селфи роботун толук иштеп чыгууга канча убакыт жумшалды? +Негизи эле бул эмне жабдуу экенин кеңири айта кетсеңиз. +Болот Калил уулу: келинчегим Кытайдын Шанхай шаарындагы университетте чет тилдерди окуп келген. +Азыр айылда турабыз, экөөбүз тең онлайн иштейбиз. +— Узак убакыттан бери аутсорсинг менен иштешип жүргөн британиялык бир кардар өз командасына чакырып калды. +Алар менен АVA селфи роботун иштеп чыгуу идеясы пайда болуп, 2020-жылдын башында алгачкы аракеттер башталган. +Командабыз менен кийин макет түзүп, 3D принтер менен прототиптерин чогултуп чыкканбыз. +AVA селфи роботу жасалма интеллект менен иштейт, робот оператордун ролун аткарат. +Ал программанын жардамы менен адамды ээрчип сүрөткө тартат. +Андан сырткары, азыр иштелип жаткан Eye site модулунун жардамы менен салмагы бир килограммдан ашпаган камера, телефонду орнотуп фото, видео тартса да болот. +Келечекте ошондой эле гольф же теннис менен алектенгиси келгендер атактуу бир спортчунун кыймылы, ыкмаларын көрүп машыга алат. +Ага биздин программа кыймылдарын салыштырып анализдеп берет. +АVA телефондой эле заряддалып 10 саатка жетет. +Бул эмгек командалык аракеттин жыйынтыгы, мен электроника, программалык камсыздоосун иштеп чыккам. +Калгандары дизайн, маркетинг, жарнама жактарын жөндөшкөн. +Башында биздин жабдуу бир гана спортко гана арналса, азыр бардык тармактарга кеңири жайылып кетти. +— Жыйынтык кандай болуп жатат? +— Учурда 300дөй жабдууга буюртма берип акчасын төлөп коюшту, анын ар бири 60 фунт стерлинг (болжолдуу 7000 сом) турат. +Биз кардарларга ушул жылдын аягында почта менен жеткирип беребиз. +Азыр бир топ инженердик, техникалык маселелерди жолго салдык. +Продукциябыз Кытайдын заводдорунда жасалып келет. +Ошондой эле ишибизди Kickstarter деген платформага жарыяладык, анын жардамы менен каржылык колдоо таап стартапты алдыга жылдырса болот. +Ошол эле маалда селфи роботту Amazon интернет-дүкөнүнө да чыгардык. +— Ат-Башынын эң четки делген Казыбек айылында жашап, Лондондогу компаниянын ишмердүүлүгүн алдыга жылдырып жаткан турбайсызбы? +— Улуу Британияда стартаптар жакшы колдоого ээ, салык жагынан жеңилдиктер каралган. +Келечекте мындан дагы оор, кардарларга көп функциялуу жабдууларды жасоо пландарыбыз бар. +Айылда кирип-чыгып мал карап көп стресс болбойсуң. +Себеби кээде бир эле техникалык мүчүлүштүктү чечүүгө эле эки-үч ай убакыт кетип калат. +Абасы, тамак-ашы таза, шаарга салыштырмалуу тынч, жакындарыңдын жанында болосуң. +Менимче, программисттер үчүн элет жери өтө ыңгайлуу. +Мен Лондондо ачылган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн биримин. +Спортко арналган дагы бир катар долбоорлорубуз бар. +Мисалы, боло турчу спорттук мелдештин жүрүшүн, упайларын жасалма интеллектинин жардамы менен болжолдоп, эсептеп бере алган кызматты иштеп чыгууну көздөп жатабыз. +— Жеке жашооңузга кайрыла кетели, үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз? +— Былтыр үйлөнгөм. +Коронавирус учурунда шаан-шөкөтү жок эле баш кошконбуз. +Келинчегим Кытайдын Шанхай шаарындагы университетте чет тилдерди окуп келген. +Азыр айылда турабыз, экөөбүз тең онлайн иштейбиз. +Аялым кыргызстандык жаштарга Кытайдын ЖОЖдоруна тапшырууга көмөктөшөт. +— Мектеп окуучуларына, студенттерге кандай кеп-кеңеш бересиз? +— Эң негизгиси адамдын дүйнө чабыты, көз карашы кеңейсе, дүйнөнүн эшиктери ачылат экен. +Ошондуктан ар кыл маданиятты изилдеп, көп китеп окуп, чет тилдерди өздөштүрүп билим алууга аракет болуш керек. +Азыр илимдүү адам дүйнөнүн кайсы жерине барбасын өз ордун табат, ишсиз калбай, сый-урматта болот. +Жаштар, туура суроо бергенди үйрөнгүлө. +Анткени жакшы берилген суроо жооптун жарымы болуп эсептелет. +Анан эмгектенбей кыялданып жата берсек, ийгилик өзү эле келип калбайт. +Бештин ордуна бирөө. +Кыргызстанда IT мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда. +Мындай чара административдик персоналды кыскартып, программисттерди жумушка тартууга өбөлгө болот. +БИШКЕК, 27-апр. +— Sputnik. +Мамлекеттик IT ишканаларды оптималдаштырып, аларды борборлоштурулган бир уюмга бириктирүү иши пландалып жатат. +Бул тууралуу өкмөт аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборундагы брифингде сүйлөп жатып билдирди. +Анын айтымында, мындай чара административдик персоналды кыскартып, программисттерди жумушка тартууга, сапаттуу продукция чыгарып, аны рынокто пайдаланууга өбөлгө болот. +Учурда өкмөттүн токтому мамлекеттик органдар менен макулдашуу процессинен өтүүдө. +Азырынча менчиктин кандай формасы тандалары белгисиз. +"Борборлоштурулган мамлекеттик ишканага электрондук башкаруу укугу берилет. +Мында мекеме мамлекеттик ресурсту идентификациялоо системасын, ведомстволор аралык "Түндүк" системасын иштетип, ЕАЭБ менен иштешкен интеграциялык шлюз операторунун милдетин жана мындан башка дагы бир катар стратегиялык мүнөздөгү функцияларды аткармакчы", — деген Байтереков. +Ал бардык беш ишкана бири-бири менен байланышпаган тутумдарды түзүп, ар бири "өз көмөчүнө күл тартып" калышканын белгиледи. +Бөлүм башчынын айтымында, мындай мамиледен улам карапайым калктын мамлекеттик кызматтардан пайдалануусу кыйынга турат. +"Ар бир мекеме өз-өзүнчө багыт алган, бирдиктүү аянт, бирдиктүү б��гыт жок. +Элге бардык мамлекеттик органдар менен өз ара алакасы үчүн калкка бир тиркеме, бир байланышуу жайы керек. +Мындай учурда кыргызстандыктар үчүн көптөгөн паролдорду жаттоо, бир канча тиркемелерди көчүрүү зарылдыгы жаралбайт", — деп белгиледи ал. +Байтерековдун айтымында, оптимизацияланбаган мамиледен улам калк аргасыздан электрондук бюрократияга туш болууда. +Эскерте кетсек, өткөн жумада Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ГСКР) алдындагы беш ишкананын директорлору жумушунан бошотулган. +Аткарган функциясы окшош ишканаларга талдоо жүргүзүлүп, аларга ашыкча акча чыгымдары, айрым мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылап жатса, ошол эле учурда казынадан түздөн-түз толук субсидия менен камсыздалгандары аныкталган. +Байтереков: мамлекеттик айрым IT-ишканалардын кызматкерлери айлыксыз калды. +Өкмөттүн өкүлү бул тармактагы жетекчилер киреше алып келе албаганы үчүн кеткенин, алдыда IT-ишканаларды бириктирүү пландалып жатканын айтты. +БИШКЕК, 27-апр. +— Sputnik. +IT-секторундагы айрым мамлекеттик ишканалардын программисттери менен кызматкерлери айлык албай калды, себеби иштеген жеринин финансылык каражаты жок. +Бул тууралуу өкмөт аппаратынын cанариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков билдирди. +Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн "Өкмөттүн IT-чөйрөсүндөгү жетекчилерди иштен алгандан кийинки планы" аталышындагы брифингде сүйлөдү. +"IT-секторундагы айрым мамлекеттик ишканалардын өзүнүн финансылык каражаты жок, себеби бюджеттен акча бөлүнбөйт. +Программисттер менен кызматкерлер айлыгы жок отурат. +Жакында болгон каражат түгөнөт. +Ошондуктан эмгек акы жарым жылга же бир жылга кармалбашы үчүн ыкчам аракеттерди көрөлү деп жатабыз", — деди Байтереков. +Ал кошумчалагандай, бир нече мамлекеттик ишканананын жетекчилери киреше алып келе албаганы үчүн жумуштан айдалды. +Алдыда IT-ишканаларды бириктирүү пландалууда. +Белгилей кетсек, өткөн жумада "Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү борборунун, "Инфосистема", "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" мекемелеринин жетекчилери  + +Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20%га өстү. +Жогорку технологиялар паркынын директорунун милдетин аткаруучу Чубак Темиров 2020-жылы аталган мекеменин кирешеси 20 пайызга өскөнүн айтты. +Жогорку технологиялар паркынын максаты — өлкөбүздөгү IT-компаниялардын ачык иштешине көмөктөшүү жана аларга жакшы шарттарды түзүп берүү. +Муну Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы демилгелеп, 2011-жылы мыйзам кабыл алынган. +Бул тууралуу Чубак Темиров  эфиринде маек куруп жатып билдирди. +Анын айтымында, учурда Жогорку технологиялар паркында 104 IT-компания, 1000дей адис иш алып барат. +"2013-жылдары жергиликтүү программалык камсыздоону, маалыматтык жана жаңы технологияларды иштеп чыгуу, маалыматтык технологиялар тармагын легалдаштыруу үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү, IT-адистеринин санын көбөйтүү жана программалык камсыздоону иштеп чыгуунун сапатын заманбап дүйнөлүк стандартка алып келүү максаты коюлган. +Ошондуктан Жогорку технологиялар паркы түптөлгөн. +Азыр паркта 104 компания иштейт. +Пандемия резиденттердин жумушуна кедергисин тийгизди. +Бирок карантин адамдарга санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү. +Биздин өндүрүмдөрдү экспорттоо 85-90 пайызга чейин көтөрүлдү. +Азыр кичинекей Кыргызстан 30дан ашык мамлекетке экспорт жасайт. +Компаниялар эң көп буюртмаларды АКШ, Казакстан, Россия, Улуу Британия жана Япониядан алат. +2020-жылы ЖТП 1 миллиард 200 миллион сом киреше тапты. +Ошентип парктын кирешеси 20 пайызга өстү. +Пандемия учурунда мамлекеттик буюртмаларды жасап жаттык. +Алсак, ЖТПнын резиденттери Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтеринин буюртмаларын аткарышты", — деди Темиров. +Ал 29-апрелде Бишкекте Жогорку технологиялар паркы Astana Hub менен тажрыйба алмашарын кошумчалады. +Санариптештирүүнү тескеген беш IT-мекеменин жетекчилери иштен алынды. +Бул тармакта бири-бирин кайталаган мекемелер, маанилүү эмес каржылык жана административдик чыгымдар аныкталган. +БИШКЕК, 23-апр. +— Sputnik. +Санариптештирүүнү өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын беш директору ээлеген кызматынан бошотулду. +Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди. +Буга чейин аталган мекемедеги маалымат булагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү борборунун, "Инфосистема", "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" мекемелеринин жетекчилери жумуштан алынганын кабарлаган. +"Санариптештирүүнү өнүктүрүү кызматынын алдындагы мекемелердин ишине жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында бири-бирин кайталаганы, маанилүү эмес каржылык жана административдик чыгымдар аныкталды. +Бир мекеме толугу менен түздөн-түз мамлекеттик бюджеттен каржыланып турган. +Ошол эле учурда башка ишканалар өзүн-өзү каржылоо системасы менен иштейт", — деп айтылат маалыматта. +Бул тармакка реорганизация жана оптимизация жүргүзүү пландалууда. +Ал эми ишканалар жана анын бардык кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатканы белгиленет. +Марипов IT бизнесинин өкүлдөрү менен жолугуп, бир нече убада берди. +Өкмөт башчы мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекет тараптын кемчилиги экенин моюндады. +БИШКЕК, 27-фев. +— Sputnik. +Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. +Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. +Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду. +"Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. +Иштин 70 пайызы программал��к камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. +Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет", — деди Марипов. +Ошондой эле ал мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекеттин кемчилиги экенин моюндады. +"IT тармакка тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын моюнга алуу керек, бирок биз бул маселе боюнча абалды жана ага карата мамилени өзгөртүүгө ниеттенип жатабыз. +Тактап айтканда, санариптештирүү менен алектенген мамлекеттик органдын макамын жогорулатуу пландаштырылууда. +Жогорку кесипкөй кадрларды ишке тартуу менен бардык министрлик жана ведомстволордо IT жааты боюнча орун басар кызматын киргизүүнү болжоодобуз", — деди өкмөт башчы. +Ал жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлүп, санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу маселеси талкууланарын белгиледи. +Өз кезегинде IT бизнестин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. +Атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашпай калууда. +"Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. +Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок. +Бул санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. +Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. +Мындан тышкары, ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек", — деп айтышкан IT бизнестин өкүлдөрү. +Жыйынтыгында өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө  убадасын берди. +Сапашов: өлкөдө маалыматтык технологиянын абалы ортодон төмөн. +Makers Bootcamp программалоо борборунун негиздөөчүсү Айбек Сапашов дүйнөлүк тенденцияны эске ала турган болсок Кыргызстанда маалыматтык технологиянын абалы анча жакшы эмес экенин кабарлады. +Чет өлкөлүк компаниялар менен иштешкен ишканалардын санын көбөйтүү керек. +Анткени эл аралык компаниялар өлкөгө көп киреше алып келет. +Мындай пикирин Айбек Сапашов  эфиринде маек учурунда айтты. +Анын айтымында, кыргызстандык IT-адистердин чет элдик ири компаниялардын долбоорлорун ишке ашырууга билими жетиштүү боло баштады. +Бирок андай адистер абдан аз. +"Кыргызстанда IT тармагынын абалы дүйнөлүк тенденцияга салыштырмалуу ортодон төмөн. +Себеби бизде IT-компаниялар дээрлик жок. +Чет өлкөлүк компаниялар менен иштешкен ишканалар да өтө эле аз. +Эл аралык компаниялар менен иштешкенде өлкөгө киреше көп кирет. +Европа, АКШдагы жумуш баасы жогору жана долбоорлор заманбап технологияларга дал келгендиктен өнүгүүгө да өбөлгө түзөт," — деди Сапашов. +Ошондой эле адис жергиликтүү IT-компанияла�� эл аралык аренада эмес, өлкө ичиндеги буюртмаларды гана алып жатышканын белгиледи. +Эмирканова: айылдык кыздарды илимге тарткан долбоор жүрүп жатат. +Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери, "Илимдеги кыздар" долбоорунун координатору Айнура Эмирканова кыздардын илимдеги ордун жакшыртуу, коомго алып чыгуу максатында мектеп окуучулары STEM адистиктери боюнча атайын окуу программасынан өтүп жатканын кабарлады. +Бул долбоор жаңы конуштарда жана айыл жергесинде жашаган кыздардын илим, техника, инженердик ишмердик жана математика жаатында ийгилик жаратууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болушу үчүн алардын дараметин бекемдөө максатын көздөйт. +Мындай маалыматты Айнура Эмирканова  эфиринде маек учурунда айтты. +Анын айтымында, долбоордун географиясы кеңейип, Кыргызстандын аймактарында да кыздар так илимдерге кызыга баштады. +"Негизи эле өлкөдө илимдеги кыздардын орду кичине аксап турат. +Белгилүү болгондой, көпчүлүк ири ачылыштарды тарыхта эркектер жасап келген. +Эгер кыздарды да кызыктырып, көңүл бурсак, илимге салым кошкондордун саны көбөйөт эле. +Тилекке каршы, бизде илимпоз аялдар саналуу гана. +Ага байланыштуу кыздардын илимдеги ордун арттыруу, жакшыртуу максатында долбоорду ишке ашыруудабыз. +Учурда кыздар арасында IT, медицина, инженерия тармагына кызыккандар байкала баштады," — деди Эмирканова. +Ошондой эле адис "Илимдеги кыздар" долбоору 2022-жылга чейин созула тургандыгын кошумчалады. +Белгилей кетсек, STEM (Science, Technology, Engineering, Mathematics) — бири-бири менен тыгыз байланышкан бир катар тармактарды (математика, физика, химия, биология, астрономия жана башкалар) бириктирет. +Эмне үчүн IT адистигин тандаш керек? +“IT, компьютер, программа жазуу, Интернет эле дейсиңер, аны эмне үчүн окуш керек?” деп көп сурашат. +Бир байкаганым - көпчүлүк бул адистикти аркалагандар жетиштүү акча табарын билгени менен заманбап технологиянын максатын, пайдасын түшүнө элек. +Ошол себептүү замандаштарыма азыр-көптүр пайдасы тийсин деген максатта маалымат технологиясы тууралуу жазууну эп көрдүм. +Маалымат технологиясы (IT) - толугу менен маалыматтык жана коммуникациялык технология деп аталат. +IT - бул маалыматтарды байланыш техникаларынын (телефон линиясы жана кабели жок "wireless") жардамы менен иштеген техника (эсептөөчү машиналар: компьютер, уюлдук телефон) жөнүндөгү илим. +Компьютер "hardware" (“катуу” - hard) колго кармала турчу, көзгө көрүнгөн тетиктердин жана ошол тетиктерди жана киргизилген маалыматтарды башкара алчу "software" (“soft” “жеңил өзгөртүлчү”) программадан турат. +Ал эми программист деген ошол жансыз тетиктерге - компьютерге жан киргизип, түрдүү программаларды ("software") жазып, сизди компьютерди пайдаланганга: Интернет аркылуу жаңылыктарды окуганга, жакшы тасма же футбол көргөнгө, музыка укканга, иш кагаздарын толтурганга, оюндарды ойногонго ыңгайлуу шарт түзүп берет. +Про��раммист жазган программа ("application software", "app", тиркеме) - бул компьютер аткарчу буйруктардын тизмеси. +Мисалы, музыканы ойното баштоо же токтотуу. +Чөнтөк телефондор үчүн атайын кичирээк программалар - чөнтөк тиркемелер жазылат. +Булардын жардамы менен чөнтөк телефондун экранынын көлөмүнө ылайыкталган видео жана сүрөт маалыматтары чакан форматта жүктөлөт же көргөзүлөт. +Компьютер маалыматтар менен иштеп, аларды башкарганга жардам берет. +Маалыматтын көп түрү бар. +Мисалы, мектепте окуучунун аты-жөнү, классы, сабактардын алган баасы ж.б; медицинада бейтаптын аты-жөнү, карточкаcы, канынын кайсы топко киргени, рентгендин сүрөттөрү ж.б; коммуникацияда кардарлардын номерлери, пайдаланылган Интернеттин көлөмү, ар бир сүйлөшүүгө же СМСке кеткен төлөмдөр ж.б; "Фейсбукта": достордун аты-жөнү, алардын сүрөттөрү, видеолору, "жакты" ("like") деген добуштары; географияда ар бир өлкөнүн аты-жөнү, картасы, климаты, аба ырайынын көрсөткүчтөрү ж.б. +Мындан сырткары сиз компьютерде музыка угуп жатып, (стоп) токтот деп бассаңыз, бул да компьютер үчүн буйрук-маалыматтын түрү, реакция катары музыка өчүрүлөт. +Айтор өзүңүз баамдагандай, биз өзүбүз, ар бир кыймылыбыз жана бизди курчап турган дүйнө жалаң маалыматтардын түрүнөн турат. +Ошол жогорудагы керектүү маалыматтар ар бир тармак үчүн ылайыкталып, мисалы ишканада иш алып баруу үчүн же мектепте окуу процессин көзөмөлдөө үчүн пайдаланылат. +Учурда маалыматтар компьютерлердин жардамы менен жазылып, сакталып, сорттолуп, эсептелип, таркатылып, оңдолуп же өчүрүлөт. +Компьютерлер учурда жашообуздун бардык тарабынан орун алган. +Дээрлик бардык акыркы үлгүдөгү автомашиналар компьютер менен жабдылган. +Мисалы, сиз машиненин терезесин механикалык түрдө бурап ачуунун ордуна кнопканы басып жеңил ача аласыз. +Эгерде сиз кайсы бир чоочун өлкөгө машине айдап баратсаңыз, жандооч менен байланышкан навигациялык системалар сиз издеген шаардын, көчөнүн атын таап, жол картасын так көрсөтүп берет жана алар да компьютер аркылуу башкарылат. +Кир жуугуч, муздаткыч сыяктуу үй оокаттары, дайыма колдон түшпөгөн чөнтөк телефондор, эл, жүк ташуучу транспорттун бардык түрлөрү, иш кагаздары үчүн кеңселердеги жеке компьютерлер, колго жеңил көтөрүп алчу ноутбуктар, айпаддар, медицинадагы диагноз коюуга жана операцияга пайдаланылган бардык акыркы үлгүдөгү аппараттар - ушулардын баарында компьютерлердин ар кандай түрү орнотулган. +Ал эми эл кызыккан Интернет деген эмне? +Компьютерлер бири-бири менен дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун байланышып, маалыматтарды жөнөтө жана пайдалана алышы - бул Интернет желеси, түйүнү деп аталат. +Интернет байланышы аркылуу, компьютер же чөнтөк телефон менен бардык тармактагы маалыматтарды, кабарларды таба аласыз. +Бирок сиз издеген маалымат эң алгач Интернет желесинде, маалымат базасында бирөө эмгек кылып эң оболу электрондук түрдө сактаган болушу керек. +Илим менен техниканын өнүгүшүнүн себептеринин бири - жогоруда айтылган маалыматтарды компьютерлердин жардамы аркылуу өтө тездик менен башкарып, буга чейинки жашоодогу көрүнүштөрдүн, байланыштардын тездегени да ушундан. +IT кайсы тармакты өзгөрттү? +Илгери Токтогул акын Сибирде сүргүндө жүргөндө Топчубай уулунун таттуу тилин чыкканын "көрбөй-укпай калдым, мен баргыча чоңойду" деп арман кылган экен. +Эгер ошол кезде илим азыркыдай болгондо "WhatsAppтын" же "Skypeтын" видео сүйлөшүүсү аркылуу баласынын бал тилине, там-туң басканына алыстан болсо да күбө болуп көрөт беле деген ой келет. +Өзү сүргүндө болсо кайдан, чөнтөк телефонго деле уруксат болбосо керек. +Анда мүмкүн уулунун балалыгы жөнүндө сүрөтүн же видеосун аялы, туугандары, замандаштары жаздырып сактап коймок беле, мүмкүн колдон келмек деген күлүк ойлор келе берет, + +Жашообуздун бардык катмарына IT кеңири кулач жайып кирип келди. +Мисалы, байланыш тармагы, бери болгондо эле 10-15 жыл мурун телеграмма деген болоор эле. +Бишкектин так борбoрундагы Кыргыз почтасында (Кыргыз телеком) "телеграмма жиберем, алыс, чет жерге телефон чалам" деген элдин арты үзүлчү эмес экен. +Убакытты кетирип узун кезек күтүү катардагы көрүнүш болгон экен. +Эми почта аркылуу кат жөнөтүү кыйла азайды, бир сүйлөм кабар жазган телеграмма күткөн киши жок болсо деле керек. +Азыркы төрөлгөндөн эле Интернет менен чоңойгон муунга айтсан, буга азаптуу жомок катары ишенишпейт. +Так эле ушундай көрүнүш үйгө телефон койдурууда байкалчу, бул да бир чоң азап эле. +Азыр чөнтөк телефону чыкканы ар кимдин өзүнүн телефону бар. +Yйдөбү, сырттабы, айтор каалаган учурда байланышка чыга аласыз. +Чөнтөк телефону аудио/видео сүйлөшүп эле эмес, Интернет менен социалдык түйүндөр аркылуу текст, сүрөт, аудио, видео маалыматтарды элге чагылгандай тездик менен жөнөтүп калбадыбы. +Баса, эски терип жазчу машиналарды көргөнсүзбү? +Ата-энелерибиз аны текстти кагазга терип басууга колдонулуп, көчүрмөлөш үчүн атайын кара кагаз пайдаланышчу. +Ката кетсе кайра баштан жаңы баракка терип башташ керек эле. +Азыр компьютерде каалаган документти каалаган форматта, мыкты сапаты менен таблица болобу, кат болобу түрдүү өң, дизайн (жасалга) менен кооздоп, көбөйтүп алуу катардагы көрүнүш. +Соода тармагынын өнүккөнүнө биp мисал: Бишкектен Москвага учакка билет алыш үчүн атайын авиакассаларга кезек күтүп сатып алынчy экен. +Ал эми азыр интернет-байланышыңыз болсо, үйдөн чыкпай туруп эле банк карточкаңызды пайдаланып, чөнтөк телефонун колдонуп эч убарасы жок, 2-3 саат кезек күтпөй, "касса жабылып калды" дебей эле 24 саат бою, жуманын бардык жети күнүндө оңой эле сатып аласыз да. +Архитектурада деле алгачкы идеяны кагаздарга көп убакыт коротуп колго чийип, оор макетти жасардан мурун 3D ("D-dimension", чен, өлчөм) программалардын жардамы менен, каалаган долбооруңуз��у компьютерден жасай аласыз. +Эгер чиймеңиз же макетиңиз жакпаса кайра оңдоп же өчүрүп отурбай, программанын жардамы аркылуу каалагандай оңдоп-түзөй аласыз. +Бул кадамдар сиздин убактыңызды, оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражатыңызды үнөмдөп, курулуш иштерин тездетет. +Медицинада адамдын денесинде өзгөрүүлөр компьютер аркылуу өтө тездик менен ченелип, анализдердин тезирээк чыгышына, алардын негизинде дарыгерлердин туура диагноз коюшуна, дарылоо жолдорун тактоого жардам берет. +Өтө кылдаттык жана тактык менен жасалчу узак операциялар да компьютер менен жабдылган атайын шаймандардын жардамы аркылуу жасалат. +ITни пайдалануу адам баласынын убакытын үнөмдөп, бири-бири менен байланышкан глобалдуу дүйнөдө маалымат алмашуунун тез жана сапаттуу болушуна жардам берет. +Демек келечек IT менен тыгыз байланышкан. +IT адистердин маянасынын жогору болушунун негизги себептеринин бири: + +- IT технологиянын бардык тармакта кеңири пайдаланылышы, тамыр жайышы; + +- IT адистерге, өзгөчө программист-инженерлерге суроо-талаптын көбөйүшү; + +- IT дүйнөсүнүн абстракттуу, татаалдыгы. +Дагы бир өзгөчөлүк, бир эле программист жалгыз өзү же команда менен жазган бир эле программа мисалы "WhatsApp" тиркемесин учурда дүйнөнүн 1,5 миллиард эли пайдаланат. +Демек бир тиркеме (программа) жакшы жазылса, азыраак эмгек жана материалдык ресурстардын жардамы аркылуу аны башка чөнтөк телефондорго көчүрүп гана коюу менен тез эле жайылтылат жана пайдаланылат. +Ал эми бизнеске пайдаланылган программалар алгач жазылат жана лицензиялары (пайдалануу укуктары) сатылат. +Алардын улам жаңы, жакшыртылган версияларын сатуу чоң кирешенин булагы болуп эсептелет. +IT адиси дайыма билимин кеңейтип турушу керек, өтө тез өнүккөн жаңы технологияларды түшүнүп, замандан артта калбашы керек. +IT aдистигинин көп түрлөрү бар, арасынан программист-инженер кесибин тандасаңыз жаңылышпайсыз. +Буга ылайыктуу жакшы окуу жайлардын тандап, же алдын ала программалоо тилин үйрөткөн курстарга да катышып көрүүнү сунуш кылмакмын. +Интернет айдыңында да программа жазган курстарды таап окуу мүмкүнчүлүктөрү өтө көп. +IT адистигин үйрөнүү жашка карабайт. +Эң башкысы - кызыгууңуз болуп, окуунун кызыктуу жактарына көңүл бөлүп, болгон күч-аракетиңизди жумшаңыз. +Ооба, программа жазуу оңой эмес, бирок колдон келчү жумуш. +Бардык эле кесиптер сыяктуу чыдамкайлык, тактык, бекем эрк жана тартип керек. +Айзада Акбекова, Германиянын SAP SE IT концернинин экономист-программисти. +Карлсруэ (Германия) жана Уотерфорд (Ирландия) университеттеринин информатика жана экономика факультеттеринин бүтүрүүчүсү. +"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. +Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт. +Чет өлкөдө кантип акысыз окуса болот? +Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы аяктап, акыркы коңгуроо салтанаты өттү. +Жылда өлкөдө 150 миңдей улан-кыз мектепти аяктайт, алардын көбү чет өлкөдө билим алууну кыялданат. +Бирок шартка байланыштуу жана маалыматтын жоктугунан көбүнүн таттуу кыялы орундалбай калат. +Кыргызстандык улан-кыздарга чет мамлекетте акысыз билим алуунун кандай жолдору бар? +Бүгүн биз Германия, Жапония, Түркия сыяктуу мамлекеттерден кантип акысыз билим алса болот деген суроолорго жооп издейбиз. +Талкууга Германиянын Дортмунд шаарында IT-компанияда программист болуп иштеген Акак Сыргак кызы, Түркиядагы Селжук университетинин докторанты Азамат Арпачиев жана Жапониянын Нагоя шаарында IT-адиси болуп иштеген Чыңгыз Сүйүнбек уулу катышат. +- Саламатсыңарбы? +Үчөөңөр тең чет жакта билим алып, ошол жакта жашап, иштеп жүрөсүңөр, алгач өз тажрыйбаңар менен бөлүшө кетсеңер. +Акак, сиз Дортмунд университетинин бизнес-информатика факультетин аяктагансыз. +Ал жакка кантип тапшырып калгансыз? +Акак Сыргак кызы: Дортмунд университетине тапшыруудан мурда Германияга Au Pair программасы аркылуу келгем. +Негизи бул өлкөгө 90% кыргыздар ошол программа менен келет. +Андан кийин немис тилин үйрөнүп, жогорку деңгээлде билеримди ырастаган сертификат алдым. +Ошондон кийин гана университетке тапшырдым. +Кыргызстанда жүргөндө эле техникалык кесиптерге кызыкчумун, бирок мектепти аяктаганда үйдөгү шарттан улам гуманитардык багытка бюжеттик негизде окууга туура келген. +Германиядан көп консультацияларды алгандан кийин IT жаатына тапшырып, билим алууну чечтим. +Баарын кайра биринчи курстан баштадым, акысыз окудум. +Андан тышкары бул жакта стипендия алуу мұмкүнчүлүгү жогору. +Көз карандысыз уюмдардын же болбосо университеттердин өзүнүн стипендиялары, ошондой эле мамлекеттик стипендиялар бар. +Жакшы окуган студенттерге колдоо көрсөтүү максатында IT-компаниялар да атайын стипендияларды негиздешет. +Мен дагы ошолордун бирине илиндим. +- Чыңгыз, сиз Күн чыгыш өлкөсүндө ЖОЖго тапшырбай эле, тил курстарын бүтүрүпсүз. +Бул билимиңиз Жапонияда иш таап кетүүгө жетиштүү болдубу? +Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Ооба, жетиштүү болду. +Эгер Кыргызстандан жогорку окуу жайын бакалавр даражасында окусаң, бул жактан жапон тилин үйрөнгөндөн кийин жумушка кирсең болот. +Бишкекте жогорку окуу жайды аяктагандан кийин мамлекеттик мекемелердин биринде IT- адиси болуп иштеп жүргөм. +Ошол маалда IT-адистери үчүн Жапонияга окууга тапшырууга жана андан кийин жумуш таап берүүгө шарт түзгөн “Келечек” деген программа ачылган. +Анын алкагында тапшырып, бул жакка келип окуп калдым. +Жапон тилин Кыргызстанда төрт ай, бул жакка келгенден кийин дагы бир жарым жыл окудум. +Ал деле жетиштүү болбоду. +Өтө көп убакытты талап кылат экен. +Бул жакта тилдин деңгээлин аныктаган сынак жылына эки жолу өтөт. +Жергиликтүү компаниялар анын жыйынтыгына карайт, ал эми эл аралык ишканалар ага көп деле басым жасабайт. +- Азамат, Түркияда билим алган кыргызстандыктар абдан көп. +Алардын басымдуу бөлүгү Кыргыз-Түрк "Манас", "Ата Түрк Ала-Тоо" университетинин, кыргыз-түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү. +Андан башка жолдор менен келгендер да барбы? +Азамат Арпачиев: Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Түркияда 2 миңдей кыргызстандык студент билим алат. +Алардын арасында жөнөкөй эле кыргыз мектептерин аяктагандар арбын. +Алар бакалавр даражасында билим алууга тапшырат. +Андан сырткары, Кыргызстандагы Түркияга байланыштуу окуу жайдан келгендер бар. +Көбү магистратура же докторантурада окуу үчүн келет. +Негизи Кыргызстанда акысыз окуу же акысыз курс деген нерселер көбөйдү. +Бул түшүнүктөрдөн арылыш керек, анткени кандай гана эмгек болбосун сатылууга тийиш. +Мисалы стипендия, гранттык негизде болушу мүмкүн. +Түркияда гранттык эң чоң "Туркие бурслары" (turkiye burslari) аттуу программа бар. +Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн студенттер бул программага онлайн катталып, андан кийинки тандап алуу процесстеринен өтүшөт. +Бирок Түркиядагы студенттердин жалпы санына салыштырсак, бул стипендия менен келгендер тамчыдай эле. +Анткени чет элдик студенттердин саны 220 миңге чамалуу. +Стипендия алып окугандардын саны 10 миңдин гана тегерегинде. +Андан сырткары Акак айтып кеткендей, бул жакта да университеттердин өздөрү негиздеген стипендиялары болот. +Мен билгенден Коч (Koc University), Сабанжи (Sabanci University), Ибн Халдун (Ibn Haldun University) деген жогорку окуу жайлары өздөрүнүн стипендияларын ыйгарат. +Алар бул тууралуу социалдык баракчалары аркылуу маалымат берип турат. +Андан сырткары университеттер өткөргөн сынак аркылуу чет элдик студенттер тапшырат. +Албетте, сынактан өтүү үчүн билим деңгээли жогору болушу керек, ал эми Түркиядагы жогорку окуу жайлардын 90% түркчө билим бергендиктен, түрк тилин талап кылышат. +Бул жакта C1 сертификаты аркылуу окууга мұмкүнчүлүк алат. +Сырттан келген студенттердин көбү бир жылда түркчө үйрөнүү курсунан өтөт. +- Акак, Германияда стипендия алып окуунун ар кандай жолдору барын айтып өттүңүз. +Аларга илинүү үчүн эмне кылуу керек? +Кыргызстанда отуруп эле түз тапшырса болобу? +Акак Сыргак кызы: Кыргызстандагы студенттер үчүн DAAD стипендиясы бар. +Ал көбүнчө магистранттарга берилет. +Алар бул жактан айына 800-900 евронун тегерегинде стипендия алса болот. +Андан тышкары, докторантурада окуйм дегендер, илимий изилдөөчүлөр үчүн атайын стипендиялар бар. +Кыргызстан менен Германиянын мектептериндеги билим берүүдө айырмачылык болгондуктан, бул жакка бакалаврга тапшыруу кыйын. +Себеби, 11-классты бүтүрүп келгендер бир жыл даярдоо курсунан өтүшү керек. +Аларга иштегенге дагы уруксат берилбейт, ошондуктан өзүн-өзү каржылаганга туура келет. +Ал убакта стипендия да ��ла алышпайт. +- Ал эми атайын кесиптик техникалык окуу жайларга дагы кызыгуу күчөп жатпайбы, ошол эле Батышта коллеж же болбосо кесипке даярдаган курстарынан окуса болобу? +Мисалы, Германиянын же Түркиянын? +Акак: Бул жакта кесиптик лицей же коллеж деп айтсак болот. +Алардын ичинен азыр гастрономияга тапшыруу жеңил болгону үчүн ошол жакка жиберген ортомчу агентстволор аябай көбөйдү. +Бирок агенттиктерге кайрылбай эле, англисче же немисче билсе, интернеттен деле ошол маалыматты таап, өздөрү тапшырса болот. +Немис тилин жок дегенде баштапкы деңгээлде билиши керек. +Андан сырткары медицина жаатына да көп тапшырышат. +Ал эми Кыргызстандан же башка жактардан Германиядагы кесиптик лицейге IT же экономика багытына келгендер жокко эсе. +Себеби, бул жакта атаандаштык аябай күч. +Биринчи Германиядагыларга, анан Евробиримдиктин жарандарына артыкчылык беришет. +Татыктуу талапкер табылбаганда гана биз сыяктуу өлкөлөрдөн карашат. +Азамат Арпачиев: Түркияда булар кесиптик жогорку мектептер деп айтылып келет. +Университеттин ичиндеги факультет сыяктуу бардык чоң жогорку окуу жайларда кесиптик жогорку мектептер бар. +Аларга деле бакалаврга тапшыруу системасындай кабыл алышат. +Тил үйрөнөт, андан кийин кадимкидей бакалаврды окугандай окушат. +Бул жакта да ошол кесиптерге барган сайын кызыгуу жана атаандаштык күчөп баратат. +- Азыр Гуглга кайсы кесиптер керектүү деп жазсаң, биринчи эле IT-адистеринин түрлөрү, психотерапевт, медицина кызматкерлери биринчи орунга чыгат экен. +Түркияда, Жапонияда азыр кайсы кесиптердин мааниси артып бара жатат? +Азамат Арпачиев: Түркияда жергиликтүүлөр эки кесипке артыкчылык беришет экен. +Биринчиси- медицина, экинчиси- укук, юридикалык кесип десек болот. +Акыркы жылдары инженердик багыттарга кызыккандар көбөйүптүр. +Сырттан келгендерди же кыргызстандыктарды ала турган болсок, көбүнчөсү коомдук илимдерди тандашат. +Ал эми иш табуу мүмкүнчүлүгүн карасак, медицина, инженердик, финансы жана логистика жаатындагылар алдыда. +Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Жапония өзү индустриалдык мамлекет болгондуктан, бул жакта да инженерлер анан IT-адистери өтө керек. +Андан сырткары завод-фабрикаларга акыркы жылдары жумушчу күчү жетишпей жаткандыктан диплом же сертификат сурабай дароо эле окууну бүткөн же болбосо сырттан келген студенттерди, жапон тил академияларын бүткөндөн кийин жумушка чакырган учурлар да көп. +Кыргызстандыктар үчүн мектепти бүткөндөн кийин Жапонияга дароо жогорку окуу жайга тапшыруу кыйын. +Анткени бул жакта биринчиден, окуу жылы апрель айында башталат, андан сырткары мектепте 12 жыл билим алышат. +Мындан улам биздин бүтүрүүчүлөр тил академиясын окушу керек же болбосо 12 жылдык мектепти бүткөн деңгээлди тастыктай турган экзамен тапшырышы шарт. +Гранттык негизде окуйм деген бүтүрүүчүлөр үчүн жапон өкмөтүнүн MEXT деген гранттык програ��масы бар. +Бул программа жыл сайын апрель айында башталат. +Каалоочулар кайсы мамлекетте болсо, ошол мамлекеттеги жапон элчилиги аркылуу тапшырса болот. +Программа аркылуу өтүп кетсе окуусу, жатаканасы, жол киреси, айтор бардык чыгымдарды жапон өкмөтү өз моюнуна алат. +- Мисалы, "Чехияга келип акысыз билим алат элем, университетте окуйт элем" деген студенттер абдан көп, анан алар келип бир жыл чех тилин үйрөнөт, андан кийин чех университеттерине бюджеттик негизде тапшыра алат. +Бирок бир жыл окугандан кийин эле тилден, окуунун оордугунан кыйналып таштап салгандар бар. +Көбү англис тилдүү акы төлөп окуган университеттерге өтүп кетет же окууну унутуп, иш менен алек болушат. +Ал эми силер жашаган мамлекеттерде студенттер кандай кыйынчылыктарга дуушар болушат? +Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Жапонияга келгендер эки жол менен келет. +MEXT менен келгендердин окуусу толугу менен англис тилинде болгондуктан, алар көбүнчө аягына чейин окушат. +Бул жактан тил үйрөнүп, анан университетке тапшырам деп келгендер арасында Жапониянын жашоо ритмине, маданиятына, тамак-ашына көнө албай сиз айткандай максаттарынан кайтып кеткендер бар. +Жапон тилин үйрөнүү өтө оор болгондуктан, окууну таштоого ал дагы себеп болушу мүмкүн. +Акак Сыргак кызы: Германияда кыйынчылыктар аябай эле көп. +Жогорку билим алуу акысыз, бирок оор болгондуктан немис студенттердин айрымдары да окууну бүтпөй калышат. +Чет жерден келген студенттерге андан бетер кыйын. +Себеби немис тилинде сүйлөшкөн бир, бирок билим алуу такыр башка. +Медицинаны немис тилинде окуу дагы бир тилди үйрөнүүгө тете. +Германияда бир экзаменди үч жолу тапшырып, үчөөндө тең кулап калгандар бул кесипти кайра эч бир университетте окуй албайт. +Мисалы ITден экзамен тапшырып, үч жолу кулап калган студент кийин гуманитардык багытта окуса болот, бирок IT багытына ал студентти эч бир университет кабыл албайт. +Албетте, кыйын. +Бирок кыргызстандыктар аябай өжөр болобуз да. +Эмнени баштасак, ошону аягына чыгарганга чейин аракет кылабыз. +Ошондуктан оорчулуктарга карабай, окуусун ийгиликтүү аяктап, Германияда иштеп жүргөн журтташтарыбыз аябай көп. +- Азамат, сиз Kyrgyz Network уюмунун мүчөсүсүз, былтыр Кыргызстандын бир катар аймагын кыдырып келгенден кийин: "Интернет болсо дагы андагы маалыматтарды туура колдонгонду билишпейт экен, багыт берчү адамдар жок экен" деп өз пикириңизди билдирдиңиз эле. +Негизи алыскы аймактагы окуучуларга, бүтүрүүчүлөргө багытты ким бериш керек? +Кантип дүйнөлүк желедеги маалыматты туура колдонгонду үйрөнүп, чет жакка тапшыруунун жолдорун билсе болот? +Азамат Арпачиев: Биздеги негизги кемчилик - мугалимдерге шарт түзүп бербей эле алардан көп нерсени талап кыла бергенибизде. +Эң жөнөкөй эле нерсе, бардык эле мугалимдер компьютер колдоно албайт. +Анткен менен мугалимдерден талап кылынган кагаздардын баары компьютерде жазылышы керек. +Биз адегенде пайдубалды түптөшүбүз керек, анан ошого жараша талап кылсак жакшы болмок. +Биздин негизги максатыбыз - кесиптик багыттоо болчу, сөзүмдүн башында айтып кеткендей эле, алардын бири - акысыз билим берүү. +Мисалы, "мен бюджеттик негизде окуйм, ата-энеме жүк болбойм" деген ойдон улам өздөрү каалабаган кесипке тапшырып алышат. +Эгер өзүнүн көңүлүнө толгон кесипке окуса, ата-энеси төлөгөн акчаны кийин кайтарып берет деген ойдомун. +Мындан улам башка кесипке окуп алгандардын саны азаймак, кереги жок кесиптерди окуткан бөлүмдөр жоголмок. +- Акак, сиз Facebook, Instagram тармактарындагы баракчаларыңызда окуу жаатында кеңеш сурагандар үчүн түз эфир уюштуруп, пост жазып, суроолорго жооп берип келесиз. +Сизге кайрылгандардын катачылыгы же кемчилиги эмнеде?Эмнени көп байкайсыз? +Акак Сыргак кызы: Адам менен адам сүйлөшүп "сен мындай кыл" дегенде анан ишенишет. +Жазылган даяр маалыматты изилдеп, интернеттен издешпейт. +Бизде өз алдынча изденгенди билбегендер көп экен. +Интернетте даяр маалыматтар жетиштүү, кээ бири ошону таап, окугандан эринет. +Андан тышкары көбүн каржы маселеси түйшөлтөт. +Германияга окууга тапшырууда банк эсебинде 10 400 евро болушу керек. +Бул кийин студент өзү колдоно турган акча. +Аны эч кимге бербейсиң. +Ата-энелерибиз "үй салат элем, той кылат элем" деп кредит алуу ордуна, ошол акчаны баласына инвестиция кылса жакшы болот беле деп ойлойм. +Каржылык жактан мүмкүнчүлүгү жок болсо мен сыяктуу кандайдыр бир программалар аркылуу келип, өз жолун таап кеткенге мүмкүнчүлүктөр бар. +- Мектепти аяктап чоң турмушка аттанып жаткан улан-кыздарга кандай кеңештерди берет элеңер? +Акак Сыргак кызы: Негизинен мен кыздарга көбүрөөк басым жасап келем. +Эч качан коркпош керек, кыз киши деп ар жактан тыя берген туура эмес. +Ата-энесинин жардамы мененби, өзүнүн деңгээли мененби ар дайым көздөгөн максатына жетүүгө аракет кылышы абзел. +Кесип тандоодо "көп акча табат экем" деп эле ITге кетип жатышат. +Адам өзүнө эмне жагарын аңдаса ошого жараша билим алып, кесипкөй адис болууга умтулушу керек. +Чыңгыз Сүйүнбек уулу: Жапон окуучулары мектеп жашынан эле эмгекке үйрөнөт экен, бизде андай эмес. +Тескерисинче, университетти окуп бүткүчө ата-эненин эсебинен жашоо милдеттүү көрүнүштөй туюлат. +ЖОЖго тапшыргандан кийин улан-кыздар инсан катары калыптанууга аракет кылып, өз алдынча кетүүгө тийиш. +Жапондор балдарын бул сапаттарга жаштайынан үйрөтүшөт. +Менимче, кыргыздар жалкоолуктан арылсак эле алдыга жылабыз. +Азамат Арпачиев: Бизде университетти мектептин уландысы сыяктуу кабыл алган маанай бар. +Андай эмес, университет - бул жашоонун жаңы барагы. +Өзүңөр каалагандай жаңы достор, жаңы жашоо, жаңы чөйрө таңдап алсаңар болот. +Жаңылгандан коркпош керек. +Адам жаңылып-жазып атып тажрыйба топтойт да. +Билбеген нерсени сурагандан эч качан коркпош керек. +Билбеген нерсени ��уроо - уят дагы эмес. +- Талкууга катышып бергениңиздерге рахмат! \ No newline at end of file