[ { "text": "Кичинекей станциянын күңүрт бүлбүлдөгөн жападан жалгыз фонарына шамал айдаган жалбырактар биринен сала бири шайтан көпөлөктөй урунуп, жанжанынан учуп өтүшөт да, караңгыда көздөн кайым болушат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бул түнү теректер жалбырак күбүп жатты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Шамал урганда ийиле калып, кайра түзөлүп, шамдай тирелишкен калың теректердин кылда учунан түп тамырына чейин бүткөн бойлору дүрүлдөгөнсүйт, баары тегиз деңизде чайпалып шуулдап, башка түшкөн алда кандай оор муңду бирине-бири жөлөнө калып, чогуу тартып жаткандай өңдөнөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Капчыгай ичин жортуп удургуган муздак шамал аларды бүгүн бир эле түндө жылаңачтачу түрү бар.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кара-Тоонун капчыгайын коюу караңгылык баскан.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ушул зор капчыгайдын этегиндеги алакандай бир жерге жайгашкан чакан станциянын айланасы ого бетер караңгы, көзгө сайсаң көрүнгүс.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Станциядан поезддер нары-бери өткөндө гана сулк жаткан түн, жарыктан чочуп ойгонгондой бир саамга чукуруна түшөт да, кайра ошол замат оңдоно жатып, чылк чүмкөнөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Поезддер өтүп кеткенден кийин бир топко чейин станцияда эч жан жоктой ээн тынчтык өкүм сүрөт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бул күздө эшелондор биринин артынан бири батышты көздөй тынбай өтүп жатты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Мына азыр да станцияга чукулдай берип, алыстан чарчап келаткан вагондор ушерге жеткенче үргүлөй түшүшкөнсүп, бирине-бири каңгыр-куңгур кагыша калып токтоду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жерге эч ким түшкөн жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "«Бул кайсы станция?» – деп эч ким кыйкырып сураган да жок: ыраакка жол тарткан эшелон ичи бутун серппей сулк уйкуда көрүнөт, өтүгүн тарпылдатып, фонарын ала жүгүргөн станциянын дежурныйы нары паровозду көздөй чуркап өткөндө гана, арттагы вагондордун биринен мылтыкчан бирөө сыртка башбага калды.", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сыртта, тааныш капчыгайда, адаттагыдай түнкү шамал дуулдап уруп турган экен.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Станциянын жепирейген үйлөрү бар жалгыз чолок көчөсүнүн нары жагында, терең аң менен аккан суунун купуя күңгүрөнгөнү кулакка илешет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жүрөктү кайгырткандай шуулдап, теректер жалбырак күбүп жатат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Башбаккан неме караңгыда бирөөнү аңдыгандай үңүлүп, теректердин шуулдаганын бир топко козголбой шектүү тыңшап турду.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жалбырактын бири дилдиреп учуп келип, муздак алакандай беттен сылап өттү эле, ал ичиркенгендей чочуп кетти, күңүрт вагондун ичин кылчайып жалт карады да, кайра сыртка башбакты: эшелон боюнда эч ким көрүнбөйт; айлана-тегерек капкараңгы.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мылтыкчан акырын вагондон секирип түштү да, шырп алдырбай арыктын кашатындагы бадалга жетип, далдаланып, боортоктоп жата калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Аңгыча «Чур-р-р» – этип ышкырык чыкты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Мылтыкчан киши тура жүгүрмөк болуп, ынтылып барып токтоду, башын көтөрбөй тым болду: дежурный ышкырык берип эшелонду жөнөткөнүн түшүндү окшойт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Мемиреп тынчый түшкөн вагондор бирин бири ойготкондой силкинишип, поезд ордунан козголду.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Эшелон көпүрөдөн шакылдап-шукулдап өтүп, тээ тешкен тоого, туннелге жакындап, артындагы мөлтүлдөп кызарган оту көрүнбөй каларда паровоз жана суу алып, аз да болсо тыныгып кеткен кичинекей станция менен коштошуп жаткансып, алптарчасынан баардык булкунган күчү менен бир бакырды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Узакка созулган жаңырык аскадан-аскага урунуп, абаны солкулдатып, теректерге түнөгөн таандарды уйкусунан чочутту.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жаңырык басылып, чуулдай түшкөн таандар тынчып, бу чөлкөмдү кайрадан жымжырттык басты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошондо гана жанагы поездден түшүп калып, бадал түбүндө бекинип жаткан киши суунун астынан чумкуп чыга калгандай абадан кере-кере жутуп, энтиге дем алды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Эшелон улам ары узаган сайын, дөңгөлөктөрдүн темир жолго тыкылдап урунган дабышы да бастагандан бастап, акыры угулбай калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бул түнү теректер жалбырак күбүп жатты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кара-Тоонун капчыгайында түн караңгы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Төрөгөндөн бери Сейденин уйкусу куштун уйкусундай сергек.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Азыр да ал жүлүндөй биликтин жарыгында баланын астын кайра кургактап, бешикке өбөктөп, эмчек эмизип, уктабай отурат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Төрдө, жууркандын сыртынан чапан-чупанды калың жамынып, кайненеси жатат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Кемпирдин карылыгы жеткен, жөтөлгөндө өпкө койдой онтойт, алы жок, бассатурса сыйынганы жалгыз кудай.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "«Яа, жараткан, өзүңө тапшырдым!» – деп азыр түшүндө да булдурап сүйлөп коёт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Анткени менен, Сейде колхоздун жумушуна кеткенде эптеп бала бакканга жарап жатат – мунусуна да шүгүр.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Кантсин анан байкуш, баланы катындар иштеген жерге көтөрүп барганда көкүрөгү кышылдап энтиккенине, чарчаганына да ыраазы: жалгыз келининин туңгучу оңойбу! Түн ортосу небак ооп кеткен, бирок уйку келбейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Кайдан келсин, замананын мындай болуп кетерин ким билиптир.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Согуш, деле бир журттун түшүнө кирип көрбөгөн алаамат согуш жүрүп жатат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "«Герман», «фашист» «повестка» деген угуп көрө элек сөздөр чыкты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Айылда күнүгө ызы-чуу, күнүгө баштыктарын жонуна асып: «Кош! Кайыр кош! Ыйлабагыла!» – деп, тебетейлерин көзүнө баса кийишкен эркектер топ-тобу менен аскерге кетип жатышат.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "Арабалар узап кеткенче дөңсөөдө турган катын-калач тымызын ыйлап, анан сумсая тартып, унчугушпай үйлөрүнө таркашат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Замана эмне болот, кандай болот? Кеткендердин кайра келери болор бекен? Өткөн жайда чабандын кызы Сейде ушул айылга келин болуп келгенде, бул там салынып бүтө элек эле.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "?", ",", "." ] }, { "text": "Төрт кез дубалы тургузулуп, үстү жабылганы болбосо, жумуштун эң кыйыны – кара шыбак, кум шыбагы баштала элек болучу.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Буларды алар колхоздун жумушунан бошогон убактарда, ара-чолодо иштешти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мүмкүн, Сейденин бактысы да ошондо ушул сыяктуу ара-чоло ачылып келди бекен.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ал күйөөсү экөө тамдын артында ылай тебелеп жүргөндөй жыргал кез дагы бир келер болсочу.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Арыктан билектей жылымчы сууну бери буруп коюп, өздөрү топурак менен саманды кетмендеп аралаштырып, жоон санга чейин түрүнүп алып, ылай тебелеп жүргөндө, күйөөсү аны кайра-кайра толмоч колунан кыса кармап, билмексен болуп ылайдын астынан бутун баса коюп тийишип, экөө алышып ойной кеткенде, Сейде кара-күчкө чурмуя түшүп: – Койчу эми, болду, бала болуп кетесиң да,– деп коёр эле.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бирок кайра эле өзү күйөөсүнө эркелеп, мойнунан кучактап, кыткылыктап күлчү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Ии, бетиңди карачы, туташ ылай! Кебетең кантет! – Сен өзүңчү, элден мурун өзүңдү карачы! Ушинткенде жерде жаткан кемселинин чөнтөгүнөн Сейде ар качан кичинекей таш күзгүнү ала коюп, күйөөсүнө көрсөтпөй тетири бурулуп карана турган.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "!", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Өзүнүн ылай чачыраган албырган бетин көрүп, ошого ыраазы – жаш балача сүйүнүп күлөр эле.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бетке чачыраган ылай да кеппи! Чачырай берсин, андан кишинин сулуулугу кемийт беле! Кечинде агын сууга жуунуп, сыртка, өрүктүн түбүнө төшөккө жаткан кезде салкындаган денесинен өзгөчө бир таза жыт уруп, көңүлү куштай көкөлөп, күйөөсүнө сунала бой салып, кандайдыр бир толукшуп турганын өзү да сезе турган.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "!", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ошондогу алар эшикке жаткан түндөр да башкача беле, кандай.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Асмандын бир четин ээлечүдөй заңгыраган бийик тоо кыркаларынын арсак-терсек чокуларындагы мөңгүлөр жайнаган жылдыздар астында ак седептей күңүрт жылтылдап көз алдыда турар эле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тоодон соккон коңур сыдырым бетибашын аймалап, желпип тургандай көрүнчү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Арыктын ары жагындагы орто орум беденин арасынан түнкүгө ташталган суу шылдыр-шулдур булдуруктап, анда-санда бытпылдыктап бөдөнө үн салар эле.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Алыштын башындагы жалбыздан келген буркураган жытты айт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Күйөөсүнө ыктай берип, колун жумшак кыймыл менен мойнуна арта салып, эркелер эле.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Түнү менен канча жакшы тилек, илгери үмүт, ниет кылынар эле: тамташты салып бүтүшсө, бирин-эки мал күтүп, турмушту оңошсо, анан Сейденин төркүндөрүнө барып, алардын астына түшүшсө.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Турмуштун рахаты эмнеде экенин Сейде ошондо билип калды.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Экөө тең жаш, булчуңдары күчкө толгон, бири биринен бир карыш алыстагысы жок, бири-бирине имерилишет да турат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Өз колдору менен жай салып, эл катары түтүн булатып, очоктуу бүлө санына кошулушкан.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анда күндүн кандай өтүбатканы да билинчү эмес.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тамдын кара шыбагы аяктаарда согуш чыкты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ошол ошо болду, көп узабай жигиттер аскерге жөнөй беришти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мурункунун баары түш катары эле өтүп кетти.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Коштошкондогу жүрөктү ачыштырган күйүт али да күнү бүгүнкүдөй көкүрөгүндө турат.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Айылдын четине узатып чыкканда көпчүлүктөн тартынып, Сейде оюндагыдай кучакташып коштошо албады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Алар бири-бирине кол сунуп, ушу менен кете беришти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жөнөөчүлөр тигиндей узай түшкөндө гана, Сейде уятын коюп, күйөөсүн акыркы жолу кучактабай, өпкүлөбөй калганына, ичимде бала калды окшойт деген бүдөмүк кубанычын айтып жетише албаганына катуу кейиди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошол өкүнүчтүү арман, орундалбаган тилек, таркабаган чер ошондон бери жүрөктүн башына кандай уюп, таштай салмактанат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Билик араң эле бүлбүлдөйт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бала эмчекти оозунан чыгаргысы келбей, уйку-соодо бир-эки чопулдатып коюп жатат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бешикке эңкейген бойдон Сейде ой-санаага чөгүп, кыялында өткөн күндөрү чабыттап жүрөт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сырттан терезени бирөө черткендей болду.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Көзү илине түшкөн экен.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейде башын чулгуп алып, тыңшай калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Терезе жана бир жолу акырын, аяр чертилди.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Баласынын оозунан эмчекти чыгарып, Сейде өйдө болуп, терезеге шырп алдырбай жакындады.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Көйнөгүнүн жакасын топчулай берип, айнекке үңүлдү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жапыс терезенин сырт жагы капкараңгы, эчтеке көрүнбөйт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейде ичиркене бир силкинип алды эле, чачпагы шылдыр этип, желбегей жамынган чапаны жерге шыпырылып түштү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Ким бу? – деди Сейде көңүлү тынчыбай.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "– Менмин.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Эшикти ач, Сейде! – деп үнүн бас чыгарып, чыдамсыздана айтты эшиктеги киши.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "– Мен деген ким? – деди Сейде ого бетер кооптонуп.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "Терезеден четке жылып, дал болуп туруп калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Ой, бул менмин.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейде, ач, ач, эшикти! Сейде терезеге дагы кадала калды да, бир убакта башын мыкчып, эшикти көздөй атырылып жүгүрдү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "Оозгу караңгы тамда шашкалактап илгичти таба албай сыйпалап, анан эшикти шарт ачып жиберип, астында турган немени үн катпай, мойнунан асыла кучактады.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Энемдин баласы! Энемдин баласы! – деди ал кысталып шыбыраган үн менен, анан чыдай албай кетип, «Ысмайыл» – деп өз атынан айтып, кубанганынан балактап ыйлап жиберди.", "punctuation_labels": [ "!", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кудай мындай бербеспи, кудай берет деген ушу: аскерге кеткен күйөөсү аман-эсен кирип келбедиби! Мына, оозунан махорка жыттанып турбайбы.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Боз шинелинин жакасы өгөөдөй катуу экен.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бир нерседен корккондой Ысмайылдын денеси калчылдап, калтыраган колдору менен туш келди сылагылады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Тигиндей ичкери кирип туралы! – деди ал шыбырап.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Сейдени босогодон нары тамдын ичине белинен кармап көтөрүп кирди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Яа! – Сейде эми эсине келгенсиди.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "– Ии, мен куруюн, энеме сүйүнчү!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– Чш! – Ысмайыл аны колунан кармай калды.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "– Шашпа, үйдө ким бар? – Өзүбүз эле, уулуң бешикте! – Коё тур, жүрөгүмдү басып алайын! Коё тур! – Кой, энем таарынат.", "punctuation_labels": [ ",", "?", ",", "!", ",", "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– Коё тур, Сейде! Дагы эле көргөн көзүнө ишенбегендей, Сейде Ысмайылга артылып, мойнунан бекем кучактады.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "Караңгыда алар биринин жүзүн бири көргөн жок, бирок көргөн-көрбөгөндө эмне, кийиздей калың шинелдин астынан Ысмайылдын жүрөгү ичтеги баладай туйлап, лакылдата урганын Сейде ансыз да сезип турду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Күйөөсүнүн ысык-суукка туурулган, берчтей катуу эриндерин түшүндө эмес, өңүндө өпкүлөп жатты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Качан келдиң? Такыр бошондуңбу – деди эсин жыйган Сейде.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "Өзүнчө эле боюн токтото албай энтигип турган Ысмайылдын иреңи түнөрө түшүп, шашып айтты: – Жана стансадан түштүм.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Тура тур, мен азыр.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ал эшикке ашыгып чыгып кетти да, сарайга уурданып кирип, дароо эле кайра тартты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Колуна кармай келаткан мылтыгын сырткы үйдөгү куурайдын астына сундуруп жиберди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Ал эмне? – деди Сейде.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "– Үйгө эле алып кирбейсиңби? – Акырын! Унчукпа! – А эмнеге? – деди Сейде капыстан таң калып.", "punctuation_labels": [ "?", "!", "!", "?", "." ] }, { "text": "Ысмайыл жооп берген жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейдени колунан тартып: – Жүр, баламды көрсөт! – деди.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "* * * Күнүгө тээ ээн жаткан жылгын аралаш чийлүү коктулар тараптан иңир ченде Сейде отун көтөрүп келет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сайдан-сайга, өрдөн-өргө, бир өйдө, бир төмөн жүрүп отуруп, айылдын үстүндөгү кашатка жеткенде шашпай дем алат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Көкүрөктү кысып, этке өтүп келаткан колтурмачты бошотуп, терин шыпырып, денесин жая таңгакка чалкалап, бир топко козголбойт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Төмөн, көчөдө арабалар калдырап, ары-бери бастырган кишилердин үндөрү угулат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Кээде жел менен кошо түтүндүн, түтүн аралаш өткөрө куурулган жүгөрүнүн жыты келет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бул жолу Сейде жарыгыдай дем алган да жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тээ ылдыйдан паровоздун кыйкырыгы жаңырып, капчыгайды көздөй күчүркөнө өрмөлөп жүрүп бара жаткан поезддин чубалган карааны бир азга көрүнө калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Паровоздун үнүн укканда эле Сейде шак өйдө болуп, эки жагын каранып, шашып колтурмачын тартты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Өгүнү Ысмайылдын эшелондон түшүп калып, түндөп качып келгени азыр жүрөктү болк эттирип, паровоздун чаңырыгы көңүлдү иренжитип өттү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Көчөгө жакындай берерде Сейде эч ким жолукпаса экен деп тиледи.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "«Айлуу түндөр эртерээк эле өтүп кетсечи!» – деп жатты ал ичинен.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Анда ал шек алдырбас эле, Ысмайылга тамак-аш жеткирүү үчүн күнүгө отунга бара бербес эле.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Катындар отундуу жерге бизди да ээрчитип барсаң дегенде, Сейде унчукпайт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ээрчитип барчу жерби! Кудай сактайгөр, кокус бир нерсенин четин билип калып, кадик санап калышпаса экен.", "punctuation_labels": [ "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ысмайылдын бекинген жери ошол жакта.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Күндүздөрү үңкүрдө жатып, айсыз караңгы түндөрдө уурданып үйгө келет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ал үйгө келгенде терезелерди туюктап, эшикти илип коюп отурушат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Каргаша кайдан дешке болобу, Сейде коңулдун астынан атайын ороо казып, анын үстүн билгизбей чий, кийиз менен жаап, даярдап койгон.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Алар мына ушинтип күн көрүүдө.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кемпирдин кулагы катуу, сырттан болор-болбос үндү каңырыш угуп, өзүнчө чочулай берет, кызыл жээк, нуру өчкөн көздөрү менен уулун аягансып, кейиштүү карап: «Ай, балам, байкуш балам!» – дегендей уурдана үшкүрүп, ыйламсырайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Ысмайыл кээде гана айылда эмне кеп бар деп сурап койгону болбосо, көбүнчө унчукпай, ындыны өчкөн кишидей үңкүйүп, үч айлык, эчтекени түшүнө элек баласын алдына алып, казанды качан кайнар экен дегендей кыжырлануу менен тиктеп коюп отурат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Тамагын эртерээк берип аны кайра жөнөтүш керек, жерге жарык киргенче ордуна жеткендей болсун.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Очоктун башында күйпөлөңдөп, күйөөсүн алдыртан жал-жал карап, Сейде өзүнчө ар кайсыны ойлойт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ал Ысмайылды аяйт, андан айрылып, жетим-жесир болуп калабызбы деп коркот.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жарык көрбөй үңкүрдө жата бергендиктен Ысмайылдын иреңи шишиңки, жаактарында сакалы тикенектей дүрдүйүп өскөн.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Көзү бирде кылмыштуудай жалтаңдап, бирде жанкечтилик менен эки жакты окурая чалып, заардуу тиктейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Карап отуруп кишинин эси чыгат.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Баягыда, өткөн жылкы жайда, Ысмайыл ушундай беле? Күнгө күйгөн, турнадай тарамыштуу денесин тер басып жылтылдап, жылаңачтанып алып кечке жанын таштап иштеп, качан болсо жайдары жүрчү эмес беле.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Анда Сейде экөө ойноп-күлүп там салып жатышпадыбы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ошондо эртең турмуш кандай болот деген кимдин оюнда бар эле,– баардыгы өз орду менен келаткандай болду эле, эл сыяктуу эле: колхозго эмгектенип иштеш керек, ынтымактуу болуш керек, балалуу-чакалуу болуп, аларды чоңойтуп өстүрүү керек.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– деп тилек кылышчу.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "«Тамды бүтүп алсак, чарбакты тегерете дубал уруп койсом, болду да, тиричилигибизди беймарал жасай беребиз, эч кимге кор болбойбуз!» – дей турган Ысмайыл.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Эми ал – качкын.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Эми ал өз үйүнө ачык келе албайт, түн жамынып, уурданып келет, келгенде да өз үй, өлөң төшөгү эмес, башка бир чоочун жерде отургансып батпай, катуу сүйлөшкөндөн коркуп, шыбырап сүйлөшөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейде ушуларды көрүп, билип отурса да көңүлгө алгысы келбейт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Күйөөсү түнүчүндө келип, маңдайында баласын алып отурганда ал бардыгын унуткарып, аз да болсо чындап бактылуу болгусу келет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "«Мейли, качкын болсо качкындыр, алтын башы аман болсо болду! – деп, камыр жууруп жатып өзүн өзү жооткотот.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "– Эркек деген кандай кылса өзү билет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "«Ар кимге өз жаны кымбат, бул кыргында башын калкалаган эле тирүү калат!» – деп, өзү айтып отурбайбы.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Анан мен ага эмне демек элем, жүрөк этим менен тең болуп калган адамды жамандыкка кантип кыям.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "«Түшүмө кирбеген, ата-бабам көрбөгөн кайдагы жердин түбүндөгү фронтко барып, жалгыз мен жоо чаап берет белем, атасынын көрү, бир күндүк өмүрүм болсо да ушул жерде жүрүп өтөм, өз башымды өзүм окко тосор алым жок!» – дейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Айткандай эле жалгыз Ысмайыл менен иш бүтөбү? Эч кимге кылдай зыяны жок, качса өз башын сактап качып жүрөр.", "punctuation_labels": [ "?", ",", "." ] }, { "text": "Андан өкүматтын казнасы кемип кетпес.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кудай колдосо, эптеп кыштан чыксак, жай алды менен ашуу ачылганда Чаткалга кетебиз дейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анда Ысмайылдын «чоң жылаанда» ооп кеткен таякелери бар.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ал жерде сен кайдан келдиң, эмне болгон эмесиң, аны менен эч кимдин иши жок дейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Чаткалга эмес, андан нары болсо да мейли, Ысмайыл жанымда турганда баарына макулмун.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Андан көрө аман-эсен кыштан чыксак экен.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Үйдө жүгөрү аз, кыш ортосуна араң жетет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Элдин турмушу да мурункудай эмес, баары эле биздей өп-чап оокат кылыбатат, баарынын эле жазга жетер-жетпес эгиндери турат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Ар күнү таңда жер-сууну бүт аппак бубак басып, суук күндөн күнгө күч алууда.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Тоо арасына тумандуу кыш кирип келди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Согуш болсо күчөгөндөн күчөп, жакында басылар түрү жок.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Дале аскерге жөнөп жаткан эл.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бул жолу өңкөй он сегиз, он тогуздагы бетинен түгү түшө элек балдар жөнөп жатты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Ботом, кечээги эле жылаңайлак балдар эле, бат эле бой салып, эми карабайсыңбы, же жаштыктын ыратын көрбөй, же дүйнөнүн ыраатын көрбөй кетип бара жатышат! А, оңбогон герман оңбосун, ажалың жетпеди го сенин! – деп, кемпир-чалдар таяктарын сүйрөй бүкчүңдөшүп бозо ичилип жаткан тамдын жанында чегилүү арабалар турган жерге жыйналып жатышты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "!", ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Бозокордун үйүнөн балдардын акыркы жолу кыз-келиндер менен чогулуп, муң менен, мастык менен, жүрөктү элжирете толкундаткан кандайдыр өжөрлүү кайрат менен ырдагандары угулат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– А-а, секетиң кетейиндер, үнүңөрдү кайра угар күн да бат эле келгиси бардыр,– дешип кемпирлер жашын сыгат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейде да жородо отурган.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Жанараак анын жакын кайниси Жумабай кызымтал болуп келди: – Жүр, жеңе, атайы бозо сүздүрүп койдук эле, ошол жерден коштошуп, жөнөмөй болдук, жүр.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сейде Ысмайылга жеткирүү үчүн жаргылчакка талкан тартып отурат эле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Баланын көңүлүн калтыргысы келбей, эмне дээрин билбеди.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Мен силерди көчөдөн эле узатайын, айланайын, менин барганым уятко.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– Эмнеси уят, жүр, жеңе! Ысмайыл акем үчүн жүр, ал согуштун кызыл чогунда жүргөндүр, фронттон жолугуп калсам, жеңем узатты эле деп барайын.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бизди жеңип келсин десең жүр, өз колуң менен атказ.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Мен эмне, башкалардан кем бекем, же кудай мени жеңеден айтпаптырбы.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Анын бул сөзүнөн Сейде апкаарый түшүп, жооп бере албады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейденин кызарып кеткенин Жумабай да байкады: – Ии, кандай экенсиң, жеңе, уялдыңбы? Жүр эмесе, кеттик! Азыр да өйдө карай албай, өзүн ушул элдин астында айыптуу сезгенсип, чоочун немедей жоолугу менен оозун катып, Сейде унчукпай отурду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "?", ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мына бул бүгүн-эртең ажал менен бетме-бет келчү балдардын сыр алдырбай, күү-күү бажылдашып, ырдап отургандары анын көңүлүн айрыкча козгоп, ичин жылытып, кандайдыр буларга боордоштук, жакындык сезимин күчөттү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Киши кишинин баркын көбүнчө айрыларда билет турбайбы! Алар өз башынын эмес, мында калып жаткан журттун эсендигин тилегендерин укканда булар үчүн жаныңды курманга чапкың келет.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "." ] }, { "text": "Тигине, бозого кызара тамылжып, дале бала эле бойдон эпсиз калдаңдаган Жумабай кесени колго алып өйдө турду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анын бир тууган агасы ырчы Мырзакул сол колунан ажырап, жакында фронттон келген.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ал азыр айылда сельсовет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Мырзакулдун ырын майда балдарга чейин көчөдө какылдап ырдап жүргөндөрүн уксаң, сай-сөөгүң сыздап, көзүңдөн жаш агат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жумабай да агасынын ырын, агасынын обонуна салып, созолонто ырдады: «.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Эй-и-и!.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Алтымыш вагон бир чиркеп, Алып учкан паровоз, Айылымдан кетип баратам, Агайын тууган, кайыр кош! Жетимиш вагон бир чиркеп, Желип учкан паровоз.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Жеримден кетип баратам, Жеңе-желпи, кайыр кош!» – Бау, жигит болсо сендей болсун! – деп отургандар аны жамы сүрөштү,– сени жеңелериңден айырган душман колуңдан өлсүн! Жумабай башын өйдө силкип, кайратка толуп, бир заматтын ортосунда эр жеткендей, жүзүнөн жоокердин сүрү байкалды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", "!", ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Терезеден көрүнгөн чокулардан көзүн албай, тууган жер, өнүп-өскөн айыл эми бир эле сааттан кийин алыста каларын көз алдына элестеткендей муңдана калып, ырын улантты: «Эй-и-и!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Арысты көздөй биз кеттик, Ала-Тоо сага сырт салып.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Арылбайт экен далайга Ак-ала болуп курчалып!.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Ойго батып отурган Сейде бул учурда баардыгын эстен чыгарып, тиги тешкен тоодон нары жайылып кеткен казактын боз-чаңгыл даркан талаасында, түтүндү алак-булак жерге таштап, күпүлдөтө жүрүп бара жаткан поездде вагондордун эшигине тыгылып, алыстан көздөрү чачырап, улам көрүнбөй мунарыкка төнүп бара жаткан Ала-Тоого кош айтып, кол булгалаган балдарды көргөнсүп жатты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошондо ал өзү да поездди жандай жүгүргөнсүп, анан жетпей артта калып, каңгырап, зым карагайга сүйөнүп туруп калгансыды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ал эмес зым карагай, темир комуз сыяктуу, «ботойду» боздогону кулакка угулгансып жатты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ырга жан дүйнөсү менен бериле түшкөн Сейде башын акырын өйдө көтөрүп, отурган-тургандарды айландыра карады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Айылдын сыртына ажыдаар келгенсип, ушул жерге чогулган жаштар, ошол жомоктогудай оп тарткан ажыдаар менен кармашууга камынгансып, эл менен коштошуп, ыйлаганы ыйлап, күлгөнү күлүп, бирок жалпыга келген кыйынды сен, мен дебей, бир ынтымакта бет алып, акыркы жолу ойноп-күлүп, биринебири жакшылык тилеп жаткандары Сейденин жүрөгүн ысытып, көңүлүн чалкытты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Колунан келсе ушуларды көкүрөгүн тосуп коргоп калбас беле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кыялында ал азыр тура калып: «Силердей балдардан садага кетейин! Күлгүндөй чагыңарда эл-журттан ажырап, боздоп кетип бара жатасыңар! Мени коё бергилечи, силер үчүн мен эле барайын, мен эле өлүп берейин!» – дегиси бар.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "!", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Бирок ошол замат Ысмайылга талкан тартып жеткириш керек экени ойго кылт этти.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысыган көңүлү муздай түштү, көңүлү бузулуп, Сейде дагы да башын ылдый салды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Балдар эшикке чыкканда арабалардын жанында күтүп турган эл дуу чайпалып козголо түштү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Буурул сакал, уркуйган кызыл беттүү жылкычы Барпы эл ичинен бери бастыра берип: – Кана, айланайын эл-журт, бата берели! – деп ыйлап жиберчүдөй кардыгып дирилдеген үн менен ат үстүнөн кайрылды да, тизгинин каруусуна иле салып, эң алды өзү калчылдаган бүкүр колдорун жазды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Оомийин! Арбак-кудай колдосун, жеңип келгиле! – Барпы дагы бир нерсе айтмак болду эле, бирок чамасы келбеди.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Ат жалына жата калып, күржүйгөн ийиндерин солк-солк эттире айылдын сыртына чаап кетти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Улуу-кичүү турганда көз жашын көрсөтпөйүн деди окшойт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ызы-чуунун ортосунда арабалар бат эле узап кетип, тумандан көрүнбөй калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бирок далайга чейин тоңголок жолдо дөңгөлөктөр калдырап, мындай чыгып алгандан кийин, баятан камыгып бук болгон балдардын: «.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Жеримден кетип баратам, Жеңеле-желпи кайыр кош!.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "»– дегендери катындарды өксүтүп ыйлатты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "«Булардын кимиси кайра келип, кимиси келбей калар экен!» – деген суроо ар кимдин оюнда турду.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "Томсоргон тынчтыкта телмирген элди көрүп, Сейде кудайга жалынып, өзүнчө тооба кылды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "«Кесир-кусур болбосун, күйөөм үйгө жолой албай качып жүрөт дебейинчи.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Иши кылып эле жанын аман сактап жүрсө болгону.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Айыл тынчыганда койнуна баштыктагы талкан менен кошо эки көмөч каткан Сейде орок, жибин алып, сырттап отунга кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Туман чалган адырлуу, бөксөлүү коктуларда кулакмурдун кескендей тынчтык, «как» деген карга, «кук» деген кузгун жок.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Түп-түп болуп калың чыккан дүпкүр чийлердин башын сыдырып, шамал гана жыланчасынан тигинден-мындан ызылдап ышкырат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Туманда элтеңдеген аял өзүнүн эң жакын, эң ысык көргөн кишисине шашып кетип бара жатты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жакындан бери почточу Курман көчөнүн бери башындагы эки үйгө жолобой, шашылган болуп четтеп чабат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Аны көрө калган Тотой кат келбесине көзү жетсе да, сокуда жанчып жаткан машагын таштай коюп, тигинин артынан тарамыштуу, арык колун булгалап, дирилдеген үн менен кыйкырат: – Айи, почточу аке, бизге кат барбы? Ошол замат нары күнөстө коргон таш куруп ойноп жаткан Тотойдун үч баласы шамыраңдашып, кыйкырышып, биринен бири озо, тызылдап жүгүрүп жөнөшөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "?", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Ана Курмакем! Тигине! – Атамдын каты! – Атамдан кат келди! Почточу чал буйдала калып, антип-минтип жооп кайтарганча тигилер жетип келген болот.", "punctuation_labels": [ "!", "!", "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "Тизгинден, үзөнгү боолордон кармашып, жамыраган козулардай кулак тундурат: – Кана атамдын каты? – Мен алам! – Жок, мен, мен Курмаке! Мага бер! – Ой, жоо алгырлар ой, кат жок эмес беле! О, кокуй-оой! – дейт шашып кетип Курман.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", "!", ",", ",", "!", "!", ",", ",", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "– Билбей эле кыйкыра бересиңер да! Балдар унчукпай, таарынган өңдүү энтиге дем алышып, же кетпей, же койбой, дале бир нерсе күткөнсүп, ишенбей туруп калганына Курмандын ачуусу да келет, жаны да ачыйт.", "punctuation_labels": [ "!", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Алда, айланайындар ай, катты жашырып койду дейсиңерби? – дейт да, ишенбесеңер мына өзүңөр көргүлө дегенчелик кылып, колун койнуна салып көрсөтөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Жок, мынакей! Менин колумда болсо силерди жалдыратпай, күнүгө үч убак кат жаздырып турат элем го.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Келсе кана! Бүгүн жок экен, унчукпай ойной бергиле, куда кааласа, эмки базарда алып келем: мен ошондой түш көрдүм, келип калары бардыр.", "punctuation_labels": [ "!", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Жүргүлө эми.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Баса, Сейдеге да айтып койгула, ага да эмки базарда алып келем, бүгүн жок.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Тигиндей бастыра берип, чал өзүнчө күбүрөнөт: – Картайганда бала-чакага шүмшүк көрүнүп да бүттүм.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мындан көрө кетмен чаап, талаада жүргөнүм тынч эмес беле! – Аңгыча байкабай калып, аты көнүмүш боюнча дагы бир үйгө кайрыла берерде, тизгинди бура тартып, мүдүрүлгөн атты моюнга камчы менен чабат.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Тигини! О, туягың жер баспай калгыр! Ырысы жок мал ушундай болот!.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "!", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Кат келсе өзүм эле чаап барбаймынбы! Сейде отун көтөрүп келгенде анын астынан дайыма атасынын эски купайкесин сүйрөлтө кийген, маңдай тиши ырсайып кетик, Тотойдун борбойгон ортончу баласы – Асантай чыгат.", "punctuation_labels": [ "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "Дүйнөнүн эч кандай куулук шумдугу менен иши жок, кишини ишенимдүү карайт: – Сейде жеңе, Ысмакемден кат жок, бизге да жок.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Курмакем эмки базарда алып келем деди! Ал түш көрүптүр! – дейт ал борбоюп, Сейде үчүн анын бул жөнөкөй сөздөрү канчалык оор тиерин бала кайдан билет.", "punctuation_labels": [ "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Баятан кокту-колотто жол басып, моюн бербей тың эле көтөрүп келген таңгагы бул учурда зылдай салмактана калып, эшик алдына беш-алты кадам калган жерде кубаттан тайып, ал дубалды кармана теңселип, зыңгырап уюй түшкөн жонундагы отунду жерге тикесинен таштап жиберет: «Кудай ай, эч болбосо ушул балдардын атасынан амандык кабар келсечи!» – деп ойлойт Сейде жаактарына жармашкан чачын өйдө сылап коюуга чамасы келбей, дубалга шалдая жөлөнүп.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Тотойдун балдарына кат келсе эмне үчүндүр өзүнүн жаны жеңилдей калчудай болуп жүрдү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Түнкүсүн кээде Асантайдын ушул сөздөрүн эскерип, Сейденин үрөйү учат, ал көптөн бери «Ысмайылдан кат алып келдиңизби?» – деп Курмандан сурай элек.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", "." ] }, { "text": "Ысмайыл болсо почточуну көргөн жерден сурап коюп жүр деп эскертет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейде сурайын эле дейт, бирок ошого оозу барбайт, эмки жолу сурармын деп өзүн алдайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Тотойдун үйү жанаша жерде.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бая күнү айылда эл аягы басылып калганда, Сейде түндөп Ысмайылдын кирин жууду.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Таң атканча уктабай отко кактап кургатып, эртең менен эрте суу апкелмекке сыртка чыкты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Эшиктен аттаганда эле кар калың жаап салганын көрүп, эмнегедир өзүнчө жыйрыла түштү, көзү тунарып, көңүлү айланды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "«Кокуй, кашайгырдыкы, боюма бүтүп калганбы? – деген ойго кетип, чочуганынан колундагы чакасын жерге түшүрүп жиберди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", ",", "." ] }, { "text": "– Кудай сакта, эл көрсө эмне дейт? Ичтегиси кайдан дебейби? Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес эле, түнү менен уктабагандыкы го!» – деп кайра өзүн жооткотту.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "?", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Бул ойду эми жанына жуутпай, ойлобоско тырышты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "«Андан көрө Ысмайыл кантип жатты экен? – Жүрөгү да шуу этип, сыздай кетти.", "punctuation_labels": [ "?", ",", "." ] }, { "text": "– Мына кыш да түштү, бороон чапкын да келет, ээн талаа, үңкүрдө кантет эми?» Ооба, кыш эми биротоло кылычын кындан сууруп келди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "?", ",", "." ] }, { "text": "Кечээ эле жер бети кара эле, бүгүн күнгөй-тескей дебей тегиз кар жамынып, тоо боорлоп ак боз киргилт туман илең-салаң илкийт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Арык боюндагы кырчын талдар шыйрагы көгөргөн балдардай үшүп, муз камаган арыктын үстүнө ийилишип, бутактары салаңдаган.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Түрмөктөлгөн коюу булуттар бир калыпта уюп, асман ылдый чөгүп, дүйнө кичирип, тарыган сыяктуу, түнү менен жаагандан калган кар азыр анда-санда себелеп, кээде чочугандай шамал дүрбүп коёт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Айыл тынч.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Суукка эч кимдин чыккысы жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Үйдөгү чоң алакийизди Ысмайылга жеткирип берүүнүн амалын ойлоп, чакаларын көтөргөн Сейде кар кечип кете берди.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Астында сайды көздөй бирөөнүн өткөн изин көрүп, бул ким болду экен дегенче болбой, нары жактан суу көтөргөн Тотой чыкты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бутунда чоң өтүк, өзү илмийип арык, ичке, чапанын жип менен эркекче бекем тарта курчаган.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейдени көрүп, чакаларды жерге койду да, көгөргөн арык колун укалап, туруп калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Сен эмне, түнү менен уктаган эмессиң го, көзүң киртийип, ирениң жаман? – Башым ооруп турат! – деп койду Сейде.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "?", "!", "." ] }, { "text": "Анан шашып кетип кошумчалады: – Уктагандай эле болдум, уктабаганда түндө эмне кылмак элем? – Бул сөздөрдү айтарын айтып алып, ансайын эси чыкты: «Балким Тотой түндө көчөгө чыккан болсо, менин кир жууганымды билип жүрбөсүн.", "punctuation_labels": [ ",", "?", ",", ",", "." ] }, { "text": "Азыр сурап калса эмне дейм?» – Уулум түнү менен какылдап ыйлап чыкты, ошого кыйналып калганмын го,– деди Сейде алдын алып.", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошондой го деген кишиче Тотой башын ийкеп койду: – Сен да мендей жалгыз бойсуң? Кемпириң очоктун жанынан чыкпайт, эптеп жаман немеңди багып турса болду го, төркүнүң да малда, алыс! Тотой унчукпай калып, солгун турган Сейдени карап, ойлуу үшкүрүндү.", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейдени аяп, аялдарча ичтен түшүнүп, боору ооруду окшойт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Керээли кечке үч баланы багам менен убараланып, чая болгон Тотойдун көздөрү адамды дайым сүрдүү тиктечү эле, азыр анын жүзү жумшак тартып, жүрөктү сыздаткандай мээрим менен караганы Сейденин ичин жылытты: «Ии, кыз кезинде Тотой абдан сулуу болгон көрүнөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Асантайдын жоодураган көзү энесин тарткан турбайбы! Ушуну байкаган эмес экем да!» – деди ал ичинен.", "punctuation_labels": [ "!", "!", "." ] }, { "text": "Тотой Сейдени карап капалуу шыпшынып койду: – Кат келбейт деп муңканасың го.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Шорубуз бар экен, кантели! Мен үч бала менен калып отурсам, сен тийгениңе жарым жыл болбой, оозуңдан алдыргандай умсунуп олтуруп калдың.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "Төрөгөн балаңды атасы көрбөсө.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ээ, эмнесин айтасың.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Баарысы да мейли.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "кат жок!.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ушуну ойлонсом, колум шалдаят.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Мына, кыш да кирип келди, балдарым жылаңач, эки кап жүгөрү калды, ал эмне болот! – көзүнө имериле түшкөн жашын, Тотой ачуулангандай кагып таштап, чакаларын ала салып, басып кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейде Тотойдун артынан карап, ага эмне дээрин билбеди.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Адамгерчилиги тоодой ушул кичинекей арык аялдын боорукердиги да, кайраты да, боштугу да жанга жылуу тийди, бир чети өзү билбей «сен да мендейсиң» деп кандайдыр айыптап кеткенсиди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Өзүнүн бул туюк сезимдерине Сейде жооп таба албай: «Эми мен кантейин, ар ким бешенесине жазганын көрөт да! Балдарынын багы болсо атасы кайтып келер.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» – деп жатты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тотойдун күйөөсү Байдалы колхоз колхоз болгондон бери өнө бою сугат жагында жүрчү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кечинде жумуштан кайтып келе жатып Сейде Байдалы кошунасынын эгин сугарып жүргөнүн көрөр эле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тизеден өйдө түрүнүп алып, дөө турпаттуу москоол Байдалы андан-мындан бир аттап, суу жайып жүргөндө, батып бара жаткан күндүн кочкул нуру көлкүгөн эгиндердин үстү-үстүнөн от ойнотуп, Байдалынын колундагы сарт кетмен ар бир керилип чапкан сайын күзгүдөй жарк-журк этип чагылышчу.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Айылдагылар Байдалыны: «Дыйкан бабам даарып кеткен – жолу түшүмдүү, колу берекелүү!» – деше турган.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "Оргуштап аккан арыктан аялдар этегин кыстарышып, кол кармашып кечкенде Байдалы нары жакта туруп, өзүнчө эле жыргап каткырар эле: – Ой, чырылдаган чийме каштар, албарстынын көчүндөй болбой коркпой кече бергиле! Бирин-экин, агып кетсеңер, акыры менин колума тиесиңер: эркелетип коём! Анда теңтуш аялдар: – Ой, эркелетпей эмирен кал, арыгың аңдап кеткир! Демейде эркелетпеген, агып барганда эркелетет белең! – деп заңкылдашчу.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", ",", ",", "!", ",", ",", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "Байдалы ага ансайын жыргап, талааны жаңырта каткырып күлөр эле.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Анан алыстап барып кайрылсаң иңир жайылган көгүш талаада Байдалынын карааны эле көрүнчү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кетменди ийнине салып, жер кыдырып, сапар жүргөн жомоктогу баатырдай, ала-була калган жерлерди карап жүргөн Байдалы улам алыстап отуруп көрүнбөй калчу.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Арыктагы суу сыяктуу Байдалынын мүнөзү дагы арылдаган шар мүнөз.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кээде Сейде алардыкына кире калчу.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бир нерсеге урушуп, ошондон улам кыргыч менен казандын түбүн оюп жиберчүдөй чыйкылдата кырган Тотойго нары жакта балдарга оюнчук жасап берип отурган Байдалы айтар эле: – Ээ, байбиче, ачууңду кой, бакандай үч уул төрөп бердиң, андан башка мага байлык-дөөлөттүн кереги эмне?! Үстүңдө там бар, эл катары тамак-аш, кийимкече таап турсам болду да! – дей турган.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "?", "!", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Аскерге кеткенден бери Байдалыдан байма-бай кат келип турчу эле, бир топтон бери кабар жок.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ысмайылдан да, Байдалыдан да кат үзүлүп, Сейде менен Тотойдукуна почточу Курман кур кол бастырып келе албай жүргөн себеби ошол.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жарыктык абышка мойнундагы карызын төлөй албай качып жүргөнсүп, кашаң атын үстү-үстүнө теминип, өтө чаап кеткенден баштап, Мырзакул сельсовет бул эки үйгө көп келчү болуп кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ушунун өзү Сейдени коркутуп жүрөт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Мүмкүн, Мырзакул Ысмайыл тууганынын качып келгенин сезип калгандыр.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Андай дейин десе, Мырзакулдун шек санагандай түрү байкалбайт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ушул күнгө чейин Ысмайылдын аскерден качып, жашынып жүргөнүн айылда эч бир жан адам билбейт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ысмайыл абдан сак.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Сейде, эл бузулуп турат, тырс этип оозуңдан чыгарып жүрбө.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Башка эмес, атам тирилип чыга келсе да унчукпа.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Уктуңбу! – деп дайым кулакка куят.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Мырзакул нары өтүп, бери өткөндө, жумуштаган сыяктуу кезек-кезек бул эки үйгө кайрыла кетет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Абалы Тотойдукуна бастырып келип: – Ой, Тотой! Барсыңбы? – дейт ал ат үстүнөн.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "?", "." ] }, { "text": "Аскерге кете элек экенинде Мырзакул тебетейин кырданта кийген, кара мурут, күлүңдөгөн сулууча жигит эле.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Айылдын чечени, үнү шаңкылдаган ырчысы болчу.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бир колунан ажырап, фронттон жарадар болуп келгени ал мурункудай эмес.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сөздү кесе сүйлөп, ачуусу чукул.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Добул урганда бир жагына кыйшайып сынган дарактай анын бир жак ийни саал төмөн шыпырылып, сымбатын бөлөкчө кылып салган, жаактары шылынып, бет чүкөлөрү оркоюп чыккан өңү темирдей катуу сыяктанат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Башта комуз чертип шайыр ырдачу эле, эми бош калган жеңин куруна кыстарып, кызып кетип байкабай калганда, соо колу менен комуздун кылын чертип жаткансып, ийини мултуңдап калат, кардыккан коңур үнүн бирде ойго чөктүрүп созолонто, бирде каардангандай бийик толгоп, фронтто жүргөндөгү баштан өткөнкеткенди ырдайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул Тотойдун короосуна бастырып келгенде, нары эшик алдында сыр алдырбай бир нерсе менен убараланган Сейдени да ээр үстүнөн дубалдан артыла берип дабыштап коёт: – Сейде, жаман уул чоңоюп жатабы? Үйдөгү тамекиңден бир попурос ороп келе салчы! Жумушуңду анан бүтүрөсүң, кел бери.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", "!", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Кат алдыңарбы деп Мырзакул алардан сурабайт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Айылда кимге кат келгенин, кимге жок экенин, ал кат алуучулардан мурда биле турган, анткени келген почтону алды менен өзү текшерчү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошондой экенин билсе да, Сейде Мырзакулдун үнүн уккан сайын кыпылдап эси чыгат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ысмайылдан кат барбы же жокпу деп ырымга бир ооз сурабаганы Сейде үчүн шектүү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Демек, Мырзакулдун кадик санаган жери бар.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Айтор, анын унчукпаганы бекер эместей.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Жайында камдап койгон тамекинин жалбырактарын ушалап, чокко күйгүзүп, сыр билдирбес үчүн өзүн-өзү кайраттандырып Сейде Тотойдукуна барганда Мырзакул аттан түшүп, түтүндү сагынгандай ар дайым бурулдата соруп, жай эле оюна келген кепти козгогон өңдүү сүйлөйт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Сен тамекинин мыктысын камдап койгон экенсиң, Сейде! – деп мактап койду ал бир жолу.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "– Ысмайылга ушундан посылка салгын, түнөргөн кургур бир соруп, Таласты эстесин.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Жиберем го,– деди Сейде кепке такалгандай мукактана түшүп.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сөздү кайдыгер улантыш үчүн дагы бир нерселерди кошуп айтыш керек эле, бирок сүйлөөгө эптүү эчтеке таппай, Сейде эрдин тиштеди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул анысын сезе койду го деген ойдон жүрөгү муз болуп, бети ого бетер ысыды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Акыры айласы куруп, түтүнгө чакагандай, жөтөлүмүш болду: – Ии, түтүндүн ачуусунай, эркектер ушунун эмнесин жакшы көрөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Муну айтарын айтып алып, өзү түнү менен кыйналып уктаган жок: «Орундуу айттымбы, же билдирип койдумбу? А, кудай, өзүң сакта! Деги үнүмдү дирилдетпей, бетимди кызартпайын эле деймин, анан эле шал баскандай тилим күрмөөгө келбей калат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", ",", ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Чын эле ал сезип калды бекен? Кап, өзүмдөн эле кетти.", "punctuation_labels": [ "?", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Жүрөк жок менде, коёндукундай да жүрөк жок! – деп өзүн жекирди ошондо.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "– Баса, баселке салгын дегени кандай? Чын пейли менен айттыбы же сынаганыбы?.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "?", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Экинчи бир жолу Мырзакул арыктын кашатындагы кыдырата тигилген талдарды карап коюп, Тотойду жемеледи: – Байдакем талдарын жылда бутап турчу эле, быйыл бутаган эмес экенсиңер.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Чоңуң аяптоор ишке жарап калбадыбы, отун болот, бутап алгыла, талдын бою өспөй калат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ал бир түккө турбас сөздү айткансып, Тотой ага ачуулана кетти: – Бою өскөндө кимге тирек болмок эле? Өзү жок болсо тал эмес, башкасы көзгө көрүнбөй жаның караят.", "punctuation_labels": [ ",", "?", ",", "." ] }, { "text": "Колхоздун жумушун да бүтүр, машак терип балдарыңды да бак! Мына, эки үйүбүз окшошуп, же өлүү, же тирүү даректери жок отурабыз! – Эрдин тиштегилеп, тескери карады.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "– Талды айтат.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сейде ошондо тимеле жерге кирип кетчүдөй заманасы куурула түштү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Себеби Мырзакул азыр бетке чаап эле: «Сен, Тотой, өзүңдү Сейде менен теңештирбе – анын Ысмайылы алда качан эле аскерден качып, ушул жерде бекинип жүрөт!» – деп айтат го деп күттү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Эми качан айтат деп жалдырап тигинин оозун тиктеп туруп калды.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бирок Мырзакул анткен жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Андай дебе,– деди ал Тотойго жай гана.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Билгиң келсе, талдын өзү эмес, көлөкөсү да керек болот али.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Анан ал ойлоно калып, эмнегедир ачуулангандай коржойгон мойну кызара түштү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Көптөн бери айтам деп жүрөгүн өйкөгөн сөздү ичине батыралбагансып бакырды.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Кат кечигип калса эле аялдык кылып аны-мунуну ойлой берет экенсиңер да! Андан көрө алдагы тамдын башындагы жүгөрү бакалды оңдоп жыйгыла, жазга жетпей чирийт аның! Жалгыз уюңдан сүт чыкпай балдарды кезээртейин дейсиңби! Балдар агы жок калчу болсо башыңарды жулуп алам, билип койгула аны! Ушундайды Сейде экөөңөр эле иштеп койбойсуңарбы? Экөөңөр биригип, бир эркекче жоксуңарбы? Орус келиндер фронтто окопто жатып алып, душманга ок атып жүрөт, силер үйдө отуруп кат жок деп бышактайсыңар!.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "!", "!", ",", "!", "?", ",", "?", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Тотой бозоргон бойдон унчуккан жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейде болсо аны бирөө тилинен тарткандай: – Биз ал жумуштарды бүгүн эле бүтүрөбүз, бакалды да жыябыз, талдарды да бутайбыз! – деп жибергенин өзү да билбей калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Мүмкүн, ал ушул жерден өтө эле элпектенип, шек туудура тургандай жеңилдик кылып койдубу, бирок бул сөздөрдү Сейде чын пейили менен айтты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бир жагы,– козголгон кепти алыстатып, башка жакка алаксыткысы келсе, бир жагы,– ырас эле Тотой экөөлөп эле жасап койчу нерсени жасашпаганына катуу уялды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул болсо башка эчтеке айткан жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бетинен каны качып, түктүйгөн бойдон ал негедир өтө таңдана Сейдени тик карады, кыязы, ага ыраазы болгондой туюлду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Анан атына минди да, бастырып кетти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ошол күнү Тотойлорго жардам берип жатып Сейде бөтөнчө бир бактылуу болду.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Алда кандай айыбынан актанып, самаган тилегине жеткендей көңүлү ачылып, бир азга болсо да жүрөгү жай алды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анын турмушунда мындай кубанычтуу жарык учурлар көптөн бери болгон жок эле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Колуна тийген жумушту азыр эле нарыбери иштеп бүтүргүсү келип, күчүнө күч кошулуп, толкуду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жардамдашканынан тоскоолу көп Тотойдун балдары да Сейденин көзүнө алда немедей ысык көрүндү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Аларды ал ооз учунан эле ары тур, бери тур дегени болбосо, кошо ойноп, кошо ырдагысы келди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бирок ошондо Мырзакулдун жанагы түшүнүксүз көз карашын ар бир эстеген сайын Сейденин колу шалдайып, чекесинен муздак тер чыгып кетип жатты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "«Ал эмне үчүн мени минтип карады! Бир билгени барбы, же мага ошентип көрүнүп жатабы?» Мырзакул ушинтип келген сайын Сейдеде жан жок.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "?", "." ] }, { "text": "«Ысмайыл кайда? Кайда бекитип жүрөсүң аны?» – деп качан сурар экен дегенде жүрөгү дикилдейт.", "punctuation_labels": [ "?", "?", "." ] }, { "text": "Ал аны тике карай албай көзүн катып, дагы эмне дээр экен, эмне айтар экен деп эле күтөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул кеткенде коркконунан акактап суусаган Сейде үйүнө жүгүрүп келип, тишине-тиши тийбей жатса да, бир ожоо муздак суу жутуп жиберип, ошондо гана жеңилдене дем алат: «Жо-ок», ал билбейт окшойт, ооба билбейт! – деп, көңүлүнө жөлөк издеп, далбасалайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Эч ким билбейт! Ысмайыл жөнүн сынап, чекмелеп жүргөн болсо, ушинтет беле! Жайынча эле анымуну сураштырып кетпедиби.", "punctuation_labels": [ "!", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Ооба, ал билбейт, бир эмес, миң аңдып келсин, мен эч кимге билгизбейм! Башка эл карандай башы аман келсе экен деп, зар какшап кудайдан тилегенде менин маңдайыма сыйбай отурган эрим барбы!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Кудай мени өзү сактап алсын деп Ысмайылды келтирип отурат.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Чилде өзгөчө ызгаардуу түштү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бир апта бою шамал уйгу-туйгу түшүп, бошоң кардын баарын күпүйгөн күрткүгө айлантты, аяз камаган чыйырлар темирдей «зыңзың» этип нык кычырайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Суук менен кошо турмуш дагы күн өткөн сайын оор тартып, кыйындап жатты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейденин беш-алты тоогу сырткы үйүнө камалып, бурчта үрпөйүшүп, бирине-бири ыктап эшикке чыкпайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Алар жапа тарткандай көздөрүнүн теңин акчелдетип, жалгыз аяктап, кишини муңдуу карашат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Тоокко да жем керек, бирок айла канча! Мештин артындагы таар каптагы жүгөрү ар бир нукум сайын азайган аялуу сары майдай болуп күндөн-күнгө кемип бара жаткандыктан аны үнөмдөйм деп, Сейде күздөн бери эле тегирменге барууну койгон.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Тегирменге калаа бериш керек, андан көрө жаргылчакка тартып алган жакшы эмеспи.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Колхоздун жумушуна чыккан күндөрү Сейдеде күнү да, түнү да тыным жок.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Күндүз иштеп келип, түнү менен жаргылчак тартат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Чор баскан алакандар дуулдап, такай эңкейип олтургандыктан далыдан төмөн бүт дене уюп, биликтин жарыгы мунарыктап, көз караңгылайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бирок Сейде отурганы отурган.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайылга оокат керек.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Майдасын элеп, бир гана кочуштайын баласынын буламыгына алып коюп, калган ундун баарынан Ысмайылга нан бышырат, ирисин болсо көжө кылып, кемпир экөө ичет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ушинтип, күнүнкү оокатты күнүгө өлчөп-ченеп, жайга жетүүнүн далбасы.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анан тоокко жем кайдан! Жаз чыкканда балама жумуртка болсун деп багып жүрчү эле, ансыз да жазга калар эмес.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "." ] }, { "text": "Эт жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл түндөп үйгө келген сайын, бир-бирден союп берет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Колунда болсо, андан чоңун деле союп берип отурса кана! Ысмайылдан алжанын аяйбы! Тапкан-тергенинин баарын оозуна кармап: «Ысмайыл ичсин, Ысмайыл жесин, өзүбүз болсок үйдө эмеспизби, суу ичсек да эптеп турарбыз!» – деп ойлойт.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "!", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Ошентсе да Ысмайылды көргөндө, ичкени аш болбой, Сейде кан жутат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Шинелинин сыртынан, өңүрлүү жагал-жугал көгөргөн тонду күпчүйө кийип, оозу-башын тумчулап, тентиген мусапырдай кир басып, ыш жыттанып, биттеп келет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кирин арытып, жамакжаскагын бүтүрүп отурган Сейде Ысмайылдан жалооруп көзүн түшүрбөй: «А байкушум, кыштын суугунда киши көрбөй, жан көрбөй, үңкүрдө жата берип эмне болор экенсиң? Үйдө болсоң го, үстүңө чаң жугузбайт элем!» – деп кейийт оюнда.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "?", ",", "!", "." ] }, { "text": "Ысмайылдын суукка карарган бети кийиздей дулдуюп, кабагы ачылбайт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Колу кыска, болбосо ал бүт дүйнөнү өрттөп, өзүнүн ушул азаптуу жүрүшү үчүн өч алат эле.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жапан тиктеген көзү кызарып, заарга толот да турат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Анын көңүлүн жумшартайын дегендей, Сейде үстүнө үйүрүлүп, аны-муну сүйлөп берип, жаны калбайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "«Эрди-катын жамандык-жакшылыкта деген,– деп ойлойт Сейде.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Башка эмне түшпөсүн, баарын көтөрөм! Ысмайылым эле аман турса болду.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "Калганы кеп эмес, кудай сактасын, өлүп бара жатсам да жаман катын атыгып, эч кимге сыр алдырбайм.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Тотой эмне! Тырмактай үч баласы менен күйөөсүнүн өлүүтирүү дарегин билбей, жүгөрү аталаны кашыктап бөлүштүрүп, ал деле тиштенип, эч кимге сыр алдырбайт.", "punctuation_labels": [ "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Мурдагы күнү Сейде тамеки сарайда иштеп, кайтып келе жатканда, артынан Мырзакул жете келди: – Ой, Сейде, токтой тур! – деди ал.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Анын бул айтканында шектүү эчтеке угулган деле жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бирок дайым жүрөгүнүн башына коркунуч алып жүргөн Сейденин оюна ар неме кетип, дирилдеген эрдин көрсөтпөш үчүн оозун жоолугу менен тумчулай салды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул жанына бастырып келди да, ага өтө маанилүү кеби бардай эңкее берип, көзүнө тике карады.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "«О, кудай, билип калган го бул!» – деген шумдуктуу ой Сейденин үрөйүн учурду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "«Айт эми, эмне айтканы турасың? Айт! – деп кыйкырып жибере жаздады.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "!", "." ] }, { "text": "Өчөшкөнсүп Мырзакул ошондо ар бир сөзүн салмактап, жай сүйлөп турбадыбы! – Сага тууганча айтып коёр кеп бар эле, Сейде,– деди ал.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Кандай кеп? – Сейде ушуну айтканы менен өзүнүн үнүн уккан жок.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "Бул сөздөрдү угуза айтканын, же ичинен ойлогонун билбей да калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Ой, сага эмне болду, ой! – деп Мырзакул чочуп кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Ал эмес, өзүнүн олдоксон сүйлөгөнүнөн уялып да кетти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Чын эле ушинткен да болобу: аял көптөн бери күйөөсүнөн кат-кабар албаса, анан кантет эле, иреңи тим эле бозоро түшпөдүбү? – Ой, Сейде, оюңа эчтеке албай эле кой, эчтеке деле болгон жок,– деди Мырзакул.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Айтарым эле ушул: эртең кампадан аскерге кеткендердин бала-чакасына азыраак эгин бөлүштүрүп беребиз.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бир тобу тизмеге илинбей калды.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сен да жоксуң.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Эстүү жан эмессиңби, таарынып жүрбө.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Тотойго окшогон көп балалууларга эле эптеп беш-он килден жеткирдик.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Эртең чырлашпагыла.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Колдо жок, болбосо баарыңарга берсек кана.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ушуну сага атайы айтып коёюн дегеним.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сейденин жүрөгү ордуна келе түштү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Эмнеге таарынмак элем! – деп тескерисинче, өзүнүн эгин албай калганына эмне үчүндүр сүйүнүп кетти.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "." ] }, { "text": "«Мага керек эмес, ошо Тотойго окшогон жашаялметке бергиле, мен өзүм эле эптеп оокат кылам!» – дейин деди эле, бирок ошого батына албай, мукактанып, сүйлөй албады.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул мунусун өз оюнда башкача түшүнгөн окшойт: – Сен жаман көрбө, Сейде, ии де! Бери кара! Эмкиде бир нерсе болуп калса сөзсүз сага да беребиз.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Кемпирге да ушинтип айтып кой.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Мырзакул сельсовет болгондо пайдасы эмне деп сүйлөнүп жүрбөсүн.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Туугандыктын жөнүн мен да билем, бирок айылды өзүң көрүп турасың го.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул унчукпай калып, айылдын кар баскан жепирейген тамдарын айландыра карап, атын бастыра берип, кайра токтотту.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ал азыр Сейдеге дагы бир нерсени айтмак болуп камданды, бирок ошого оңдуу даай албады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мырзакулдун азыркы көз карашы баягыда бир Тотойдун короосундагыдай Сейдени таң калтырып, тынчын алды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ооба, Сейде эми анык түшүндү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Анын балбылдаган назик тиктеген көздөрү Сейдени эркелете карап: «Айтпасам да түшүнөрсүң, мен сага ишенем.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Дайым ишенем.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сен жакшысың, абдан жакшысың.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Мен сени сүйөм, билсең, көптөн бери сүйөм!» – дегенсип турду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Күтпөгөн жерден мындай туюк сырдын ачылышы өз алдынан коркуп, иреңи кубарып турган Сейдени дал кылды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Көзү бакырайып, башын өйдө көтөргөн Сейде ушул турушунда эң бир сулуу, эң бир сонун көрүндү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Болуптур, мен үйгө барайын! – деди ал, үнүн акырын чыгарганы менен кесе айтып.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "– Коё тур! – дагы эле батына албаган Мырзакул кантер айласын таппай кыйналды.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Жөнөй тургансып, тизгинди колуна алды да кайра жөн койду.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Коё тур, Сейде! – деди ал кайтара.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "– Эгер балаңдын буламыгынан кысталып калсаң, эсиңде болсун, уялбай ачыгын айт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Мына бул үстүмдөгү шинелимди сатсам да буламыктык таап берермин!.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Унчукпай эле башын ийкеп турган Сейде бир жагы Мырзакулга чын пейли менен ыраазы болуп, бир жагы ага чочугандай жалт карап: «Мен корком сенден! Тийбе мага! Антип караба, мен сенден корком!» деп көзү менен айтып жатты.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "Мырзакул аны түшүндү окшойт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Балбылдаган кареги муздап өчө баштады.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Анан ал мостоё калып, экөөнүн ортосунда эчтеке болбогонсуп, кадимки калыбына келип, жай гана айтты: – Бар эми, балаң ыйлап жаткандыр.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сейде ошо жерден кача тургандай шашылып жөнөдү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Эгерде уят болбосо, көчө менен жүгүрүп да кетер беле.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Нарыраак барганда ал артын жалт карады да, тигиндей өтө түшүп, дагы кайрылып карады.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул башын жерге салып, суунун жээги менен атты өз эркине коюп жай гана бастырып бара жаткан экен.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Шинелинин жакасын өйдө көтөрүп алгандыктанбы, азыр артынан караганда анын капалуудай бүкүрөйүп чөккөнү, майып колунун далысы уркуюп чыгып турганы күндөгүдөн бөтөнчө көзгө урунду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "«Үстүмдөгү шинелимди сатам дейт тура».", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Өзүң үшүп эле жүрөсүң го.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "күндүн суугу бу болсо! – деп шыбырады Сейде.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Ошондо эч убакытта болуп көрбөгөн бир кызганычтуу сезим тула боюн ысык толкундай каптап, Сейденин каңырыгын түтөттү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Азыр ал Мырзакулдун артынан жүгүрүп баргысы келип, андан кечирим суранып, аны жылуу сөзү менен эркелеткиси келди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Өпкө-боорумду чабайын-ай, менин эмнеме кызыктың? Нечен кырчындай болгон кыздар деле айылда толуп жүрбөйбү.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Өз күйөөм жанымда жүргөнүн билбейт турбайсыңбы!.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Көзүнө жаш толгон Сейденин ою быт-чыт болду, капыстан оттой каптаган сезим жүрөгүн лакылдатты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Чыкыроон суукта аптыга дем алган Сейде үйүнө жетержеткенче улам токтой калып, артына кылчактап, дирилдеген ээрдин жоолугу менен кымтылап жатты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Кечээ айылды кара кабар аралады.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тамеки сарайда иштеген катындар ал суук кабарды угушуп, үрөйлөрү учуп отурушкан, аңгыча чоң таңгак тамеки колдошуп келе жаткан Тотойду көргөндө, баары бүркөлүп төмөн карашты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ал өтүп кеткенде артынан: – А-а, шордуу, шордуу! – деп үшкүрүшүп, жеңдери менен көздөрүн көрсөтпөй сүртүп, үнсүз ыйлашты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "Жакында эле кара кагаз алып күйөөсүнөн айрылып, бетин тытып аза күткөн, тытылган бетинин тагы али да салаа-салаа боюнча жүргөн кара жоолукчан катын кысылган демине чыдабай, шолоктоп үңкүлдөдү: – Ырысы жок жетимдер, убалыңар германдын башына жетсин!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Тотойдун күйөөсү Байдалы Сталинградда курман болду деп кагаз келген.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кийинки убакытта, атка өбөктөгөн эркектердин: «Боорумай, боорумай, боорумай!» – деген өкүрүктөрү айылдын тиги четинен да, бул четинен да угулуп, бетин жошоодой айра тыткан катындар босогодон тескери карап: — «.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Күмүштөн эле жү-үгөнүң-аа-а, Анан арыстан эле жү-рөгүң-а-а-а.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жүгөнүң калды катылбай-а-а, Караны салдым башымай-а-а, Анан душманды чаптың тайманбай-а-а-а.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "О-о-о-х-а! Э-э-ээй!» – дешип дабышы түгөнгөнчө киркиреп, түн ортосуна чейин кошок айтуусу көбөйдү.", "punctuation_labels": [ "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "Буларды ар бир уккан сайын айылдын күйүт-муңун жүрөгү менен кошо бөлүшкөн Сейде өз алдынан коркуп, ыйлаган элдин көзүнө көрүнгүсү келбегендей бүжүрөп, катындардын артына далдаланат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Мындай күндөрү Сейде темир жолдун ээн жагына качып барып, дайыма «ботойду» боздогон зым карагайды кучактап, эч кимге көрүнбөй өзү жалгыз кошок айткысы келет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Мына эми Тотойдун да үйүн өкүрүк басып, ал дагы бетин канжалата тырмап, анын каргадай балдары эркек тана болуп, тамдын сыртында таяк сүйөнүп: «Атамо-ой, эсил кайран атама-ой!» – дешип чыркырашат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Байкуш Тотой башына каран түн түшкөнүн али билбейт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Байдалыны өлдү деген кагаз Мырзакулдун жанында.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ал кагаз менен кошо колхоздун наамына полктун командиринен кат да келген.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Биздин аскерлер чабуул коюп баратып, душмандын мина орнотуп тосуп койгон тикенектүү зым торунан өтө албай, Волганын жээгине камалып калат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошондо мина менен байланышкан зымга эч ким жакындап батына албай, аскерлер жаандай октон бири калбай кырыларында, Байдалы өзү жүгүрүп барып зымдын үстүнө жыгылыптыр.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Миналар жарылганда аскерлер чабуул коюп, душманды кууп чыккан экен.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мырзакулдун үйүнө чогулган аксакалдар бул катты угушуп, айылдашына аза күткөндөй бир топко үн чыгарбай отурушту.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Анан почточу Курман тебетейин көзүнө түшүрүп үшкүрдү: – Ии-эх, кайран жигит, кайран жигит! Билбей жүргөн экенбиз, жүрөгүндө түгү бар тура! Сугатка туулган дыйкан эле.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "Байдалынын колу тийген эгиндер береке төкчү эле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Нары өтүп, бери өткөндө, балдары этектеп алып, кат барбы дегенде, эмки базарда алып келем деп, сооротуп койчу элем.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Көрсө ушундай болгон экен да, кудайдын жазмышы экен да.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жа, эми амал канча, баатырдын жоодон өлгөнү – элине шыпаа.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бул беш-алты карыны чогултуп алып, Мырзакул Байдалынын жөнүн үй-бүлөсүнө кандай кылып угузабыз деген акыл салды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "«Өлдү деген кагазы келсе айла барбы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бирок азыркы жаманчылыкта аялы бел байлап, балдарын оозуна тиштеп, ач өлтүрбөй багып отурганда, Байдалы курман болуптур деп кантип айтабыз.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Өзү араң турган немени ого бетер чөгөрүп салбайбызбы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тотой кайраттан тайса, балдары эмне болот.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Кой, Мырзакул, азыр айталбайбыз мындайды, дитибиз барбайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бышыкчылык келсин, эл тоюнсун, анан күздө жалпы журт болуп, аш-суусун берип, айлыбыздан чыккан баатыр эле деп, ошондо урматтап угузалы.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Карылардын бул акылын айылдагы көпчүлүк да макул тапты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Жана тамеки сарайда аялдардын эчтеке билбей жүргөн Тотойду аяп, ыйлап жаткан себеби да ошол.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Түндө адаттагыдай Ысмайыл үйгө келгенде Сейде ага Байдалы кошунасынын кабарын айтып берди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл түнөрүп унчукпай укту да, өзүнчө күңк этип, ийнин кагып койду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "«Яа, ошондой бекен?» – дегениби? Болбосо: «Өлсө өлгөн чыгар.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "?", "." ] }, { "text": "Окко башыңды тоссоң соо каласыңбы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Мен эмне, кара башымды бекер ала качып жүрөмбү! Акмак болбосо минага барып эмне боюн таштайт? Андан кандай пайда тапты? Өлдү да калды!» – дегениби.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "?", "?", "!", "." ] }, { "text": "Айтор, ал алдыртан табалагансыппы, ууртун бүлк эттире тартып алды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анан астындагы чоң аяк көжөнү кулкулдата шимирип жиберип, тойбогондой буркуя калып: – Дагы барбы? – деди.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "." ] }, { "text": "Ысмайылдын күңк этип түнөргөнүн анча түшүнбөй калган Сейде аны өз ичинде актап койду: «Чыкыраган чилдеде бирде ач, бирде ток, өз жаны менен алек да.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анан эмне демек эле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Же тамактын ырааты болбосо.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Ысмайылды узатып жибергенден кийин Сейде көпкө чейин уктай албай жатты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Эшикте шамал жаланып, кар учкунун тырсылдатып терезеге ургулап өтөт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Суукка тоңгон ит тээ айылдын четинен «каңк-каңк» этип ыйламсырап үрүп койду да, анан «Су-у-ук! У-у-у-у! Су-у-уук!» – дегендей улуду.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "!", "!", "." ] }, { "text": "Сейденин бүткөн бою дүрүлдөп, ушул кезде кар баскан ээн талаа, эрме чөлдө борошого аралашып, шамалга үн алыша ышкырган калың чийдин арасында үңкүрүнө кетип бара жаткан Ысмайылды көзүнө элестетип, чыдабай төшөгүнө шоңшоюп отура калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Аңгыча баласы ыйлап, аны эмизгенден кийин бир топко кыйналып жатып, анан уктап кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бирок түшүнө да Ысмайыл кирди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейде жаңы келин болуп келип, Ысмайыл экөө там салып жаткан экен.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Белине дейре жылаңач, күнгө күйгөн денеси жылтылдаган Ысмайыл Сейдени кучактап алып төшүнө кысты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Караса, үстүндө солдат кийими бар.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ысмайыл аскерден жаңы келип турган экен.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейде аябай сүйүнүп кетти.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бул көрүнүш куду эле өңүндөгүсүндөй болду.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл аны өрттөнгөндөй ысык эриндери менен өпкүлөп, бүлбүлдөп күйүп турган кара чыракты «уф» – деп бир үйлөгөндө өчүрдү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Жандын түйүнү чечилгендей, денеси чымыраган Сейде: «Сагындым.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "сагындым»!.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– деп кулагына шыбырап жатты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Аңгыча болбой ышкырып куюн келди да, Ысмайыл көрүнбөй калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейде анын артынан кыйкырып жүгүрдү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Караса, үңкүрдө отурат, айлана кар.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ысмайыл тооктун этин үзүп-жулкуп, сөөгү менен бычырата чайнап, Сейдеден тамак кызгангандай оңурая тиктейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейде жанына келип, айтайын деп айта албай ичинен ойлонот.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "«Эмне эле мынча ачыгып калгансың? Барына канаат кылсаңчы, мынчалык арааның ачпасаңчы, Ысмайыл!».", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Ошол убакытта нары жактан кыйкырык, сүрөөн чыгып, калың аскердин астында мылтыгын найзадай сундуруп айкырып келе жаткан Байдалы тикенектүү зымдын үстүнө боюн таштайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Күн күркүрөп, топурак асманга бүркүлүп, калың аскер Байдалынын денесин колго алып, алдыга утурлай жүгүрүшөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейде коркуп кетип, үңкүрдүн оозун далдалап тура калат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Эртең менен Сейденикине почточу Курман чаап келди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сельсоветтин чабарманы да ушул киши болучу.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тондун этектери эки жакка кетип, кандайдыр бир нерседен үрпөйүп кооптонгон түрү бар.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ат үстүнөн эңкее берип, ал эшикти камчы сап менен ургулады!.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– Сейде, райондон инкүү келип, сени кеңсаларга тез келсин деп чакырып жатат! Тур, жөнө!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Эшикке жүгүрүп чыккан Сейде эмнеге чакырып жатат деп сураган да жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Курмандын чаап келгенин көргөндө эле жүрөгү шуу деп, бардыгын түшүндү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейде оозун ачып кыйкырбаганы менен, «Айланайын Ысмайыл, эми кантебиз!» – деп ичтен чыңырып кыйкырды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Нары жактан кудуңдап жүгүрүп келген Асантай Курман кат алып келди деп ойлогонбу: – Ысмайылдан кат келди, Сейде жеңе! Сүйүнчү! – деп иреңи бопбоз Сейдени көрө салып, кубанычтуу кыйкырыгы тамагына тыгылды.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "Ал жаман купайкесин кымтып-кымтып коюп, айыптуу немедей делдейип туруп калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Алда, шордуу балам ай! – деди Курман.", "punctuation_labels": [ ",", "!", "." ] }, { "text": "Анын сөзү же балага, же Сейдеге тийиштүү болдубу, ким билет атына камчы урду да, чаап кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сельсоветтин кеңсаларына кандай жеткенин Сейде билген жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Денеси өлүп, калчылдаган колу менен эшикти ачып киргенде, айткандай эле тапанча асынган шинелчен киши отуруптур.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анын ирең-башын көрүүгө Сейденин чамасы болбоду, көзү тунарып, бутунун астында жер көчүп бара жаткандай туюлду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Көкүрөктө «Ысмайылдан эми айрылат экем!» – деген бир гана ой турду.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Арада ал оюн бөлүп, экинчи бир андан күчтүү ой пайда болду: «Бербейм Ысмайылды, бербейм!» Ушул экинчи ою калган күдүк ойлордун баарын сүрүп чыккансыды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Ал: «Бербейм Ысмайылды! Бербейм!» деп, өзүнө өзү шерт берип жаткандай ичинен кайталады.", "punctuation_labels": [ "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "– Отуруңуз! – деди НКВДнын уполномочуну.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Сейде уккан жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Отуруңуз! – деп экинчи жолу айтылганда, ал отургучту сокур кишидей сыйпалап барып, четине коомай отурду.", "punctuation_labels": [ "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "НКВДнын кызматкери токтоолук менен наркы-беркини сураштырып, айткандарын кагазга жазып алып, бир топко өзүнчө ойлонуп отурду да, анан Ысмайылдын фронтко кетип бара жатканда эшелондон беш атары менен түшүп калып, качып кеткенин айтты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Кайда азыр күйөөңүз? – Билбейм, мен эчтеке билбейм! – деди Сейде.", "punctuation_labels": [ "?", ",", "!", "." ] }, { "text": "– Сиз антпеңиз, аяш, ал баары бир качып эч жакка кутула албайт, акыры колго түшөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Андан көрө күйөөңүзгө, өзүңүзгө жакшылык кааласаңыз, ачыгын айтыңыз, өз эрки менен ачыкка чыксын.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сиз ушул жагынан жардам бериңиз.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– Билбейм, мен эчтеке билбейм! Аскерге алып кеткен өзүңөр, качкан-койгонун эчтекесин билбейм.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Ал эмне гана сурабасын Сейде билбейм деп, ичинен: «Кудай кошкон жарымды өлүмгө түртүп, мен өзүмө өзүм душман белем! Башымды жулуп алгыла, өлүм бар, эчтеке айтпайм!!» – деп билбеймге салып, көгөрүп отура берди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", ",", ",", "!", "!", ",", "." ] }, { "text": "Сурак бүтүп, Сейде коркуп алсыраганынан жыгыла жаздап, чымыркана басып эшиктен чыгып келе жатканда, нары жактан атын байлап коюп, бери кирип келе жаткан Мырзакул учурады.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Тамекинин калдыгын чымчый соруп, шашып келе жаткан экен.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Деги бүгүн анын түрү башкача.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сакалы жыш көгөргөн жаактары ого бетер ары шимирилип, эти качкан сенек ийни эскирген шинелдин далысынан ого бетер оркоюп чыккансыйт, тебетейинин астынан тиктеген көздөрү жаны кыйналып тургандай ойлуу да, каардуу.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейдени көргөндө токтой калып, жеп ийчүдөй тике карады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Айттыңбы? – деди ал эшик жакка колун жаңсап.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "– Эмнени айтмак элем! Мен эчтеке билбейм! – деди Сейде ага да.", "punctuation_labels": [ "!", "!", "." ] }, { "text": "– Ко-ош, ошондой де! – Мырзакул кейигендей унчукпай калды, тамекисин жерге таштап, өтүгүнүн таманы менен сүргүлөп өчүрдү да бек-бек сүйлөдү: – Адамдын кандай экендиги мына ушундай жамандыкта билинет экен! Айтпай сен аны каякка алып барат экенсиң? Намыс деген барбы? Дөөлөттүн уругунан таркаган эркек тана бирибиз да калбай жөнөдүк, жамандыкта да, жакшылыкта да кудай элдин катарынан калтырбасын деп.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", "!", "?", "?", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ушуну сен түшүнөсүңбү, ыя? Кеч боло электе Ысмайылды ачыкка чыгар, барсын ал да эл барган жерге! Баятан жүрөгү карайып, жан далбастаган Сейде Мырзакулга тайманбай жулкунду: – Түшүнгөндө эмне? Качса качып кеткен чыгар, мен аны билбейм! Ар кимге өз жаны кымбат, кара башын сактаса сактап жүргөн чыгар, ага эмне мынча тарланасың?.", "punctuation_labels": [ ",", "?", ",", "!", ",", "?", ",", "!", ",", ",", "?", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Жолуңду кыя өткөн жок элек го, же элдин баарын эле өзүңдөй майып болуп келсин дейсиңби?.", "punctuation_labels": [ ",", "?", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Өзгөчө ыйык санаган нерсесин бирөө отко таштап ийгендей Мырзакулдун иреңи бопбоз болуп, чолок колунун мултугу сороң эте түштү эле, шинелдин жеңи чөнтөгүнөн суурулуп кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Мен.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ысмайылдан.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "жамандыгымдан.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "ушинтип к-келген экем да! – деди ал ар бир сөздү ныгыра айтып, кекечтенип.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "." ] }, { "text": "Ошо жерден артына чегине калып, колундагы өрмө камчы менен Сейдени моюндан ары үстү-үстүнө тартып-тартып жиберди.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейде үн чыгарган жок, жалтанган да жок.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Кулактын түбүнөн ышкыра өтүп жаткан камчыны байкабагансып, ошол учурда да Мырзакулдун соо колу менен кошо берки ийнинен чолок колу да жең ичинен мултуңдап жулкунганын, сыйкырлангансып, көз айрыбай карап турду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Экинчи бир көргөнү: Мырзакул камчыны тизесине салып сындырайын деди, анда да чолок колу мултуң-мултуң этип, жең ичинде жулунуп жатты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бирок бул аракетинен эчтеке чыкпаган соң, камчыны тамдын төбөсүнө ыргытып жиберип, өзү бет алган жагына, арыкты арык дебей, күрткүлөрдөн аттап-буттап, чеңгелине мыкчыган шинелинин сыңар жеңин ок тийген жаратына баскандай жүрөгүнө басып, бет алды жөнөп берди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Анын коржогой желкеси кержең-кержең этип, артына асылган фронттон берки эски сумкасы жамбашына шалп-шалп урунуп баратты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мырзакул жулкуна басып жөнөгөндө артынан нес болуп карап турган Сейденин мойну ысый түштү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Камчынын уусун ал эми сезди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кара түтүндөй каптап келген ыза жүрөгүн өрттөп, кыйкырып ыйлап жибере сактады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Көчөдө ал бет алдынан урган борошону да, жанынан өтө чапкан кишилерди да сезбеди, ээн талаада каңгырап кетип бара жаткандай баратты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Сыйрылган мойну дуулдап, эрдин кесе тиштенген, мисирейип, эки жакты карабайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Биринен бири ачуу, ызалуу ойлор намысын өрттөйт: «Урду, сабады, шерменде кылды! Ысмайылга айтам, өч алсын!» – деди ичинен.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "Кайра өзүнөн өзү соолукту.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "«Жок, айтпайм.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Айтууга болбойт, Ысмайыл кармалып калат, – деди кайра.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Унчукпайм, жүрөккө түйүп коём, бир күнү ага да кезек келер.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Тууган – душман деген ушу да! Тууганынын баш корголоп жүргөнүн көрө албайт.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Ысмайыл аман туруп, кыш чыксак, ашуу ачылары менен Чаткалга кетебиз.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Анда эч кимден жашынбай, корунбай эл катары турабыз.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мырзакулдун бетин экинчи карабасмын!.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Үйгө кирип келип, Сейде бешик терметип отурган кайненесин кучактап жыгылды да, үн чыгарбай, бейнаалат кемпирдин арык тизелерине маңдайын жөлөп, баятан жыйналган ызасына эрк берип, өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлады: – Эне, Мырзакул мени урду! Айланайын эне, Мырзакул мени урду!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "!", ",", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Бетинен сала-сала кеткен жаш алкымын нымшытып, ал көпкө үн салып өксүдү.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ошондой ый арасынан алыстан угулган кайненесинин муңканган үнү угулуп жатты: – Айланайын, секетиң кетейин балам, жаным курман сага.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ишенгенибиз эле сенсиң! Тирегибиз да, медерибиз да сенсиң! Баардыгын билип, баардыгын көрүп отурам.", "punctuation_labels": [ "!", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Тиги дүйнө, бул дүйнөдө да ыраазымын.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ушул жолку кордукту да ачуу чайнап көтөрүп кой эми, кантели.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Мырзакулга болсо, арбак-кудай бардыр, түп атабызды унутуп, туугандыктан кечкен экен да.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ысмайылдын келерин билген Сейде аны түн ортосунда айылдын четинен тосуп алды.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бул жолу Ысмайыл айылга кайрылбай, кайра тартты.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Кыш чыгарга жакындаганда элдин көбүнүн азыктүлүгү түгөндү.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Айыл арасында: «Эми уйлар тууп, акка жетсек, анан арпа дүмбүл, анан бышыкчылыкка да илинер элек!» – деген эле сөздөр.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Бирок ага чейин кайда, далай заман бар эмеспи.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сейдеге да бу көртириликтин эң оор күндөрү келди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Аялы Мырзакул менен кагышкандан кийин Ысмайыл сак болуп үңкүрдөн чыкпай, үйгө келгенин да койду.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Тапкан-ташыганын койнуна катып, ыгы келсе күндүз отунга барганда, болбосо түндөп ага Сейде өзү барат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ал дагы эчтеке эмес, баары келишип тургансып Ысмайылдын арааны ачылып берсе болобу.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Аны көрүп Сейденин зээни кейийт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Канча ичсе да тойбой, Ысмайылдын көзүндө заар турат: – Үйдө дагы эгин-тегин калдыбы, же үңкүрдө жатып, акыры ачтан өлөмбү, жашырба, чыныңды айт! – дейт ал.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "– Бар, антип айтпачы! Жаның аман болсун, оокат табылар.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Эртеси таң азандан туруп, Сейде былтыркы кырмандардын ордуна жөнөйт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Аерден ала келген таарын жайып салып, керээли-кечке топон сапырат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ошондо былтыр жоруптап таштаган пырдын арасынан биринсерин чүрүшкөн майда дан түшөт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кечке бир чөйчөк түшсө, аны жаргылчакка тартып, Ысмайылга нан бышырат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ушинтип кайсы убакытка чейин тиричилик өтөрүн ким билет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейденин ишенгени эле колундагы жалгыз кунаажыны, ал тууса, Ысмайылга сүт болор эле, май болор эле! Ысмайыл! Ысмайыл!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", "!", "!", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Качан болсо күңгүрөнүп, түнөргөндөн түнөрүп, бу дүйнөнүн баарын-баарын жек көргөндөй, эчтекеге жылуу сөзү, жакшы тилеги жок.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Анын ойлогону эмне, максаты кайсы – сыртына чыкпайт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ашуунун ачыларына канча убакыт калды деп күн санайт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сүйлөгөн сөзү ошол.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Анан ойлогону тамак.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Эт дегенде оозуна кара суу келет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Суугум ашынып кетти! Суугум ашынып кетти! – дейт ал туруп-туруп.", "punctuation_labels": [ "!", "!", "." ] }, { "text": "Ушул сөздөрдү айтканда анын оюна алда кандай бирдеме келгенсип, үңүрөйгөн көзүнүн тереңинде от чагыла түшөт, көпкө мостоюп унчукпайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Эмне ойлойт болду экен ошондо? Ушинтип үңкүрдө жата берип, жинди болуп кетеби деп Сейде коркот.", "punctuation_labels": [ "?", ",", "." ] }, { "text": "«Эми кандай кылам» – дейт, ал убайым жеп.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Баласын сагынып жаткандыр деген ой менен Сейде бир күнү баланы таза киринтип, көйнөк, ороолорун жууп, айылдагыларга төркүнүмө барам демиш болуп, баланы үңкүргө көтөрүп барды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ата менен баладан көзүн түшүрбөй, четте унчукпай эргип, өзүнчө бир бактылуу болуп отурду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бир күн өткөрүп, кайра айылга келди.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жаз быйыл эрте чыгаардай,– аз да болсо жышааны бар.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Кар бети эскилиги жеткен курмушудай туш-туштан ала-телек жыртылып, тыноо алган аңыздар аздап буулана баштады.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Өрөөн үстүнөн мээлүүн шамал жүрүп, аба жылымыктап, күрткүлөрдүн астын оюп, шылдыршулдур этип суу акканы угулуп калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бирок кыштын каары кете баштаганы менен кээри турат.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бүгүн күн ачык.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сейде адатынча эски кырманда топон чогултуп, сапырып жатат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Элден мурун топонду капка салат, анан өйдөрөөк шамалдуу жерге алып барат да, жел атасын ышкырып чакырып, ыгы менен абага чачат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кум ичинен алтын издегендей кеп.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бирок Сейде мындан жадабайт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кандай болбосун Ысмайылды жайга чейин багып чыгыш керек.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Анан кудай тилекке жеткирсе, ашуу ачылар.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Жаздын билинер-билинбес болсо да илеби сезилип, адамды бир түрлүү жыргаткандай сеңгиретет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ошондон улам Сейде токтой калып, өзүнчө бир сонун кыялга батат.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ушинткенде тамак тилеп карарган өзөктүн үзө тартканы да унутулуп калчудай сезилет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Анын кыялданганы – келечек.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тээтиги алыскы кар баскан мөңгүлүү кырарканын наркы жагында Чаткал жатат.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Эмне үчүндүр Чаткал анын оюнда жомоктогудай жер болуп көрүнөт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Жайы-кышы жайкалган көк шибер, суу боюнда тизилген аппак боз үйлөр, кемегелерде казандар асылып, түтүн асманга булайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ушундай элестейт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Алар так ошо Чаткалга кетишет.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Аякта Ысмайылдын таякелери бар.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ал жерде Ысмайылдын аскерден качып келгенин эч ким билбейт да, сурабайт да.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Аерде Мырзакулга окшогон жаман кишилер жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл бир короо кой алып бакса, Сейде жеңилин жерден, оорун колдон алып жардамдашпай жаны жокпу.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "«Аз калды эми, жаз чыгат! Көбүнө чыдаган, биягына чыдабайт бекем!» – деп ойлойт Сейде, топондон бөлүп алган бир кочуш буудайды алаканына салып үйлөп.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "– Кудай Ысмайылды кырсыктан сактап, тилекке жеткирсе, кунажынды сатып, ага жол азык камдап, кемпирди эшекке мингизип алып, түндөп жөнөп кетебиз!.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Илгери өрттөй күйгөн бир өткүр жигит бирөөнүн атактуу күлүгүнө көзү түшүп, ага кантип жетүүнүн амалын издеп, акыры минтип ыр чыгарган экен: Бир күнү Күлүктү ала качармын, Күсөгөн ойго жетермин! Ак кар, көк муз бел ашып.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "!", ",", "." ] }, { "text": "Чаткалга түшүп кетермин! Сейде бул ырды айыл арасынан кээде уга калып жүргөнү менен маани берген эмес экен.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Эми ой-санаасынан Чаткал чыкпай, ал бир эңсеген, көксөгөн ажайып жерге айланып, көңүлдү бүт ээледи да калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Киши кийик болуп жапайыланып бараткан Ысмайылдын да карайган көңүлүнө жарык шоола түшкөнсүдү, анын да кыялы тиги ырда айтылган ак кар, көк муздун үстүнөн кайкып, Чаткалды көздөй өрөпкүп учуп, Чаткалга эртерээк жетсем дегенде эки көзү төрт боло баштады.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ысмайылдын энеси Бексаат, өзү оорукчан, демейде эле эч кимге үн-сөзү жок неме бул кышта ого бетер жылдызы өчүп, ийиндин караңгы бир бурчунда былк этпей бүк түшүп жата берип, анда-санда гана «бу дүйнө ордундабы, жокпу» дегенсип башын сыртка чыгарып, айлананы карап коюп, кайра кирип кеткен сокур чычкан сыңары жашап жатты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Анан, кантет, баласынын аскерден качып келгенин жан пендеге билгизбей, тилин тишине басып, кудай-кудай деп, эшик-элеңге көп чыга бербөө керектиги, көп чыга берсе коңшу-колоң деген бар, алар менен сүйлөшөрүн, келди-кетти кеп болорун, өзү тиштенип зорго отурган кемпирге андай ашыкча кеп-сөздүн кереги жоктугун, андан көрө этекти бүйрө басып шүк отуруу олжо экенин көкүрөгүндө билип-туюп отурбайбы.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Башка эмне айласы бар.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Небересин карап таңдан кечке үйдө.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл менен Сейдеге да азыр так ушундай сүйөк, огожо керек.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бу кемпир болбосо кантишмек, Сейде отун апкелем деп, отундан ары кокту-колотту аралап, күйөөсү жаткан үңкүргө кеткенде баланы кимге таштамак.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейде Мырзакулдан таяк жегенге дейре кайненесине канча ирет безеленип: – Ысмайыл жөнүндө бирөө кокус сурап калса көзүңдөн, сөзүңдөн шек билдире көрбө, билбейм, айланайын, карыган, караңгы мен бу жарыкчылыкта эмне болубатканын кайдан билем, маңдайыбызга жазылганы ушу экен, көрүбатабыз деп кой деген кепти нечен айтты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Аскерине алды, андан согушка алып кетти дешти, ошо менен дайны чыкпай калды, же каткабары жок, кат жазса да бизге жетпей, жолдо жоголубатабы, ким билсин, жалгыз балам эле, атадан жалгыз эле, аман коё көр деп кудайдан тилеп олтурам, аман болсо эртеби-кечпи бир күнү келип калгысы бардыр, ошого чейин чымындай жанымды тиштеп, чым-чым жаным өлбө деп темселеп жүрөм дегин, оозуңдан жаңыла көрбө, кагылайын эне, – дечү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Андайда Бексаат кемпир «макул, макул, антпегенде кантем» дегенчелик башын ийкеңдетип калат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Көздөрүнөн жылжып аккан жашка шалбыраган жаак эттери сууланып, өзү эле муштумдай кичинекей арык кемпир ого бетер кичирейе түшкөнсүп, ого бетер шордуу, муңдуу боло түшөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Муну көргөндө Сейденин жүрөгү мыкчылып, кайненесин же боор ооруп аярын билбей, же катуураак сүйлөп, кайраттандырып коёрун билбей калат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Кантет, ыйлап жибергени эмнеси, кой, ыйлаба, эне, кудайды карасаң! – дейт анда ал.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "– Уулуң тирүү турат го.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Качып жүрөбү, кантип жүрөт, эмнеси болсо да тирүү жүрөт го, түн жамынып болсо да үйгө келип кетип атат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кыйналып жүрөт, карда-жаанда дегендей үшүптоңуп, жыргап жаткан жери жок, бирок согуштан жаны тынч, аяктын азабынан көрө бул көрүп аткан күнү эмне болуп калсын, карачы, канча эл кырылып кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ысмайыл өзү айтып олтурат го эмне үчүн менин башым кайдагы бир бөтөн жерге томолонуп жатып калыш керек деп, ата-бабамдын буту баспаган, өзүм өмүрүмдө көрбөгөн бир чоочун жер үчүн эмнеге согушам, согушту ким баштаса ошо согушсун, мен күтүп турам, менин согушка эмне тиешем бар, чыдай турабыз, көрөбүз деп отурат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бу сөздөрдү Сейде ар дайым кайталап айтат, айрыкча түн кирип, айылдагы тамдардын муз тоңгон кичинекей терезелериндеги жылтыраган жарыктардын биринин артынан бири өчүп, кечте абалап үрүп жаткан иттер эми үшүп, коңул-соңул, далдоо жерге ийрилип жатып, ар бир үй-бүлө өзүнчө кобурашып, от күйгөн очокту тегеректешип, эртең мененкиге чейин, короз кыйкырып, уй мөөрөй баштаган кийинки таңга чейин ушинтип сырткы дүйнөдөн бөлүнүп отуруп калган кездерде көкүрөктү өйүгөн сөз өзүнөн өзү чыгат, ошондо айтат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Түндүн бул маалы ар ким өзү менен өзү, ар үйбүлө өзү менен өзү болуп, тыштагы турмуштан бир түнгө кутула түшкөнсүгөн бир кез эмеспи, мындайда адамдын башына көп ой, сандаган санаа келет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Баланы уктатып коюшкандан кийин кайнене-келин экөө кобурашып сүйлөшөт, кеп барып-келип эле эми эмне болот, эми кандай кылабызга такалат, ошондо Сейде тиги сөздөрдү кайталайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бексаат келининин айтканын унчукпай, башын ийкеңдетип, анда-санда оор-оор үшкүрүп коюп угуп олтурат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Сөз учугу да түгөнүп, эртең эмне болорун билбей, экөөнүн тең башы маң, кептин аягы баягы миң кайталанган: «эми айлабыз канча, көрө жатарбыз» дегенге келип такалганда кемпир ичиндеги кооптонуусун, коркконун жашыра албай кетет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кансөлсүз купкуу эриндерин кыбыратып, бирөө угуп койчудай акырын шыбырайт: – Акыры кандай болор экен, кудай-ай, көзүм жетпейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Сейденин да көөдөнүн күйүт каптай түшөт, бирок сыртынан билдирбешке тырышат: – Акырын кудай түз кылгысы бардыр, эне, бейчеки эле кейип-кепчип, ыйлай бербе да.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Күн жылыса, кар эрисе, жер тобурсуп, көк чыкса Ысмайылга да, бизге да кудайдын бир айтканы тургандыр,– дейт ал, көзүнө тегерене түшкөн жашын зорго кармап.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Анан бир акыл табылар, тирүү жанбыз го, эптеп бирдеме ойлоп табарбыз.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Андан көрө айылдагылар ал жөнүндө шек билбесин де, ошоягын ойлой жүр, эне, бирөө сураса билбеймден башка сөз айтпа.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ошо менен кеп түгөнүп, кандай айла табышаарын экөө тең билбей, экөөнүн тең санаасын тынчытпаган бир гана нерсе, мелтиреп ойлонуп отуруп калышат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Эми күткөндөрү Ысмайыл – ал дайыма түн ортосунда келет – ошонун камын көрүп башташат; үшүп-тоңуп келген эме жылынып, тамагын ичип, таң алдында кайра айылдан чыгып кетиш керек.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Күйөөсү келер маалда Сейде үстүнө ичик кийип, эшикке чыгып, сарайдын арты ченден күтүп турат, шектүү-коогалуу эчтеме жокпу, тынччылыкпы, ошону астынан утурлай тосуп чыгып айтат, күйөөсүнүн көңүлүн жайгарыш үчүн ошентет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Караңгылык чүмкөнгөн айлана-тегеректи үңүлө карап, шырт эткен дабышка кулагын төшөй калып, көңүлү кооптуу Сейде Ысмайылдын келишин күтүп турат, мына ушундай чакта ал ак мөңгүлүү кырка тоолордун үстүндө, аяздуу кышкы асмандын көз мелжиген бийигинде жылтылдап турган жылдыздар менен айды муңдуу карайт, жалынгандай, жардам сурагандай ошолорго тигилет, ичиндеги арманды күйүп-жанып ошолорго айтат, антпегенде кантет, кимге айтат, ошо көк теңир бетиндеги касиеттүү ай, касиеттүү жылдыздарга үнүм жетсе, алардан биердеги жашоо-тиричиликке бир таасир болор беле дейт, Ысмайыл аскерден качып келиптир дегенди кулагы чалса буларды үй-бүлөсү менен кошоктоп байлап, карга-кузгунга жем болуп өлгүлө деп Сибирге айдап жиберчүлөр жүрбөйбү, ошолордон күйөөсүн, баласын, кемпир менен өзүн сактап калар беле дейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "«Касиетиңен айланайын Көкө Теңир,– дейт ал.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Сен укпасаң мени ким угат.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Айың ордунда, жылдызың ордунда, бары-жогуң ордунда, сен го турасың, сага эч ким тие албайт, бирин бири куугунтуктап, бири менен бири согушуп жаткан эч ким жок.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Биз болсо согуш деген балээден мүңкүрөп, тукулжурап бүттүк.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Согуш деген кыргын экен, эл кырылат экен, кырылганга сан жетпей калат экен.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Биздин айылда эркек аттуу калбай калды, баары урушта жүрөт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Согушасыңар дешти, кыргын саласыңар дешти, ошо менен баары дуу деп жөнөдү да кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Кимдин эле окко учкусу келсин, эч кимдин өлгүсү жок, бирок жөнө дегенде жөнөп кетишти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бул эмнеси? А менин күйөөм болсо адам өз башына ээ, согушамбы, коёмбу – өзүм билем деп, качып баса берди, ар башка бир өлүм экен, каерде өлгөнүмдүн айырмасы кайсы дейт.", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Анысы ырас эмеспи деп биз олтурабыз.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бирок мунун акыры кандай болот эми? Көкө Теңир, сага жалынбаганда кимге жалынам.", "punctuation_labels": [ "?", ",", "." ] }, { "text": "Кемпир экөөбүздүн таянар таянычыбыз, туурабы.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бала болсо али ымыркай, эмнени билет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Анын тагдыры кандай болот? Күйөөмө ушуну айтсам, мен эмнени көрсөм, силер да ошону көрөсүңөр дейт.", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", "." ] }, { "text": "Баягы экөөбүз жаңыдан үйлөнгөндө эмне деген сөз болду эле дейт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Жамандыкта да, жакшылыкта да бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып чогуу жүрөлү деп ант бербедик беле дейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Мен го ага даярмын дечи.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бирок эртеңки күнүбүз кандай болот? Бу улуу уруш дагы канчага созулат, элди оп тартып соруп эле жатат, соруп эле жатат.", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", "." ] }, { "text": "Биз качанга дейре ушинтип жашырынып, жымырынып отурабыз, бир күнү сырыбыз ачылып калсак эмне болобуз?.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ысмайыл байкушка да бооруң ооруйт, үйүрүнөн ажыраган бөрү кебетеленип, жапайы болуп баратат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Жакындан бери суук тийип, күрсүлдөп жөтөлүп, кыйналып жүрөт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Же үйдө тамак толуп турса экен, эчтеке калбай калды, ороодо урукка деп алып койгон гана картошка бар, а да өнүп баратат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Биртке ундун чымчымын коротпой, кочуштап-ченеп, Ысмайылга гана нан жасап берип отурабыз, өзүбүзгө нан жок, өзүбүз жүгөрү атала менен эптеп күн көрөрбүз.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Колхоздогулардын канчасынын үйүндө жалам талканы жок, ачка отурат азыр.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Өлбөстүн күнүн көрүп атышат, качан жаз келет, качан уй тууп, акка жетебиз деп, көздөрү акыйып, зорго чыдап отурушат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Капырай, илгери замандарда да кишилер ушундай шордуу, жокчулук турмушта жашашты бекен? Билгендердин айтымында илгери деле жокчулук жакшы эле кыйначу экен элди, бирок мындай алаамат согуш болбоптур.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", ",", "." ] }, { "text": "Кедей болсо да, колунда жок болсо да адам эч кимден, эч нерседен качпай, жашырынбай, эркин басып жүргөнү жакшы эмеспи.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Кээде Ысмайыл эмнегедир келчү маалынан кечигип келген учурлар болот – айылдын отунун баары өчсүн, эл тегиз жатсын, кокус бирөөгө карп-курп кез келип калып жүрбөйүн деп, көпкө зарыгып отура берет да, андайда да Сейде сарайдын артында чыдап, кабагымкашым дебей күтүп, өзүнчө ойлонуп, Теңирге, ай-жылдызга жалынып, дуба айтып тура берет.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бир маалда тээ тигинде келаткан Ысмайылдын карааны көзгө илешет, ошондо гана Сейде оор ойлордон бошонуп, утурлай басат; бети-башы тоңуп үшүгөн, бирок эмелеки самсыган санаанын баарын бир паста унутуп, күйөөсүн үйгө алып жөнөйт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Таңга жетпей Ысмайыл кайра келген жолуна түшүп жок болот.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бир аз убакыт болсо да бирге болушат, ошого да канимет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Сейде күйөөсүнүн көйнөк-ыштанын жуурун го жууйт дечи, бирок кургатыш жагы кыйын,– короого жая сала албайсың.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Кокус бирөө көрүп калса эмне дейт? Ошон үчүн жуулган кийим-кечени Бексаат отко кактап кургатат.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "Улам бир жагын чокко тосуп, түндүн бир оокумуна чейин жадабай отура берет.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бир күнү да адатындай мештин оозунда жуулган кирди алсыз колдору менен чойгулап, от бетине жая кармап, кургатып олтурган, аңгыча эле үн-сөзү жок ыйлап жиберди да, келинине мындай деди: – Сейде, сага айтам деп айталбай жүрөм.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Менин ичимде бир балээ кесел бар, айланайын, мобу ныптам уюп эле ооруйт, жаман ооруйт, күчөгөндөн күчөп баратат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Жатсам да таш бастырып койгонсуп ооруйт, турсам да ошо.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жакшы эле тырышып, унчукпай чыдап келдим эле, эми алым калбай баратат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Анан эмне айтпай жүрөсүң? Көп болдубу? – Сейде кайненесинин чын эле өңү өчүп, көздөрү тунарып, катуу өзгөрүлө түшкөнүн ушунчалыкка жеткенче ичтеги дарты менен унчукпай алышып келатканын эми баамдап, жаман болуп кетти.", "punctuation_labels": [ "?", "?", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Өзүн күнөөкөр сезди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Мен да байкабай эле жүрө берген турбаймбы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кой, аракет кылалы.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Эмне аракет кылмак элек? Ысмайылга айтпа.", "punctuation_labels": [ "?", "." ] }, { "text": "Билбей эле койсун.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Өзүң көрүп турасың, кейип жүргөн эмени ого бетер кейитпе.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Унчукпай келгеним да ошо.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "– Анан ушинтип олтура бермек белең, доктургабы, табыпкабы, түшөлү да.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Бул дарт курусун, өзүмдүн дартым өзүм менен кошо кетет деп койчу.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мени башка күйүт жеп жатпайбы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Силердин күнүңөр эмне болот, качанга дейре ушинтип элдин бетин карай албай, жашырынып-жамынып жан сактайсыңар.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– кемпир колундагы чала кургаган көйнөктү мыжыга-мыжыга кармап, арык ийиндери солкулдап, ыйлап жиберди: – Киши эл менен киши да, кагылайын.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Элсиз киши жашай алабы.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Жалгыз балам элден качып-бозуп жүрсө менин жүрөгүм кантип канабайт.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ичиңен чыкса ийри жыланга да ийигесиң, кара чечекей балама күйбөгөндө кимге күйөм.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Өзүң да эне болуп, баланын баасын билип олтурасың.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сага айтар сөзүм бар, Сейде ук.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ысмайылга эчтеме дечү болбо, саган гана айтып аткан кеп.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Мага сенден жакын эч ким жок, өлсөм ыраазылык батамды берип кетем, айланайын, эки дүйнөдө ыраазымын.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Чөпкө зыяныбыз жок, тилегибиз ак бир жүргөн пендебиз – бизди эмне кудай мындай күнгө туш кылды? Өзүң билесиң, биердеги элге аралашып, сиңип кеткенибизге көп болду, а бирок түбү биердик эмеспиз.", "punctuation_labels": [ ",", "?", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Биякка келип жашап калган себебибиз да балдардын айынан болгон.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Төрөгөнүм токтобой эле чарчай бербедиби.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Байым да оорукчал эле, биякка көчүп келгенибизден кийин сыркоосу ого бетер күчөп кетти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Көчүп келгенибизден эмне чеп чыкты деп да коём.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Үч балабызды жерге бердик.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл төртүнчүсү боюмда, байым айтты, кой, балдарыбыз токтобос болду, журт которуп көрөлү, тиги коңшу айылда алыскы туугандарыбыз бар, ошерге көчүп баралы деп калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Эми мунумду кудай аман койсо экен деп, өзүм да сарсанаа болуп жүргөн кезим.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ушу балам үчүн жердин түбүнө да болсо баргым бар.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ошентип көчүп келгенбиз.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл аман-эсен төрөлдү, эл катары маңдайыбызга жазылганды көрүп жашап калдык.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Жаман жери Байымдын сыркоосу күчөгөндөн күчөдү, ыкшып эле жөтөлөт, дарты өпкөсүндө экен.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ысмайыл бешке чыкканда көз жуумп кете берди.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Баламды боорума басып отуруп калдым.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кара ашынан кийин менин бир туугандарым келип, алып кетебиз деп калышты, сен аларды билбейсиң, көрө элексиң.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Айтпадың беле, илгери Чаткалга ооп кетишкен деп бир айтпадың беле.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– И, баса, айттым беле.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Муну эч кимге оозуңан чыгара көрбө деп бир айтпадым беле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Туугандарым нарк билген, салт билген, колунан иш келген мыкты кишилер.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Келишип, кой, сени өзүбүзгө жакыныраак алпарып алалы, биерде балаң менен жалгыз отурмак белең, али жашсың, ушу бойдон эле жалгыз бой өтүп кетмек белең, тагдырды болжоп болобу, бирөө сөз айттырып калса биерде акылдашар кишиң жок, бизге жөлөнүптаянып дегендей, жаныбызга барып жаша, калганын да көрө жатаарбыз дешти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мен айттым, бир боор деп минтип жан тартып отурасыңар, ыраазымын.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Силер улуу, мен кичүү, сөзүңөрдү кантип жерге таштайын.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Бирок кечээ күйөөмдү жерге жашырып, бүгүн көчө качып кеткендей болбоюн, жыл өтсүн, ашын берели, анан көрөлү.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кел десеңер баламды жетелеп, силерге жакыныраак барайын.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ушундай кеп болду, кагылайын Сейде, Үсөнкул, Арын – эки бир тууганым менен ушундай кеп болду.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Жыл өттү, аш бердик, ии, эми кандай кылсак деп турганымча эле элди кулакка тартмай башталды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Бир туугандарым өздөрүнүн жаны менен алек болуп калды, ошо жылы Чаткалга көчө качып кетишти, үй-бүлөлөрү да кошо кетти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошояктан орун-очок таап, ошояка эл болуп кетишти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Чаткалдын ашуусу жайында гана бир ай ачылат, унаа мененби, жөө болобу, ашчу киши ошондо гана ашат, калган учурда аерден канаты бар эле куш учуп өтпөсө, жан киши каттай албай калат.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кар уюлгуп, бороон жүрүп турган ашуудан өтөм деген куш да тоңуп кулап түшөр.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Туугандарым ошо ашуунун ары жагында, көздөн далдоо кетишкен.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Өзүм а жакты көргөнүм жок, көргөн-билгендерден уктум да.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Кемпир бир саамга ойго чөмүлүп, унчукпай калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Кычкач менен мештеги күйүп аткан көңдү чукулап, уулунун көйнөгүн оттун табына кармай берди.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ыйы токтогон, көздөрү кургак.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Сейде анын кан-сөөлү качып, купкуу болгон иреңин карап туруп: «Кудай, ушу энемдин жанын аман коё көр!» деп ичинен тиленип жиберди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "!", "." ] }, { "text": "Кемпирдин көрүнүшү чын эле жаман, күзгү суукта жол жээгинде чала жан жаткан чегирткедей шалбырап, араң эле кыймылдайт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "«Ушуну аман коё көр, кудай,– деди Сейде дагы ичинен кайталап,– ооруса-сыктаса да башы аман болсо экен.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Кокус бирдеме болсо мен жалгыз эмне кылам.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "» Ушерден ага бүдөмүк бир ой келе калып, жүрөгү шуу дей түштү, аны ары улантып ойлогондон коркуп, башкага алаксыш үчүн: – Эмне деп келаттың эле, эне, ии, Чаткалды айтып атпадың беле? – деп жиберди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "?", "." ] }, { "text": "– Ошо.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ошо менен бир туугандарым Чаткалга түшүп кетти,– деди кемпир.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Билгендей эле кетишкен экен, биерде турушса соо калышмак эмес экен.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Тиякта аскатоолордун арасында бирөөгө бирөөнүн чоңдугу жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Өз башың өзүңдө, эптеп аракет кылып, мал-сал курап алсаң, – тиричилигиңдин жөнүккөнү ошо, жок, эчтемеге ынтылбай, алма быш, оозго түш деп отура берсең – өз шоруң өзүңдө, айлаң кеткенде тоодон түшүп, түздөгү өзүбектерге барасың да, анан башка эмне кыласың.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошентип Үсөнкул, Арын – эки бир тууганым бала-чакасы менен же бар болорбуз, же жок болорбуз деп аякка кетти, бияктагы үйлөрүн болсо өмүрү жакшылык көрбөгөн томаяк кошуналары бир паста талап-тоноп кетишти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошондон жыргап кеткен деле эч кимиси болгон жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Аңгыча элди ачарчылык каптады.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Анын алдында эгин топтоп, мал күткөн чарбачыл кишилердин баарын кулакка тартып, айдап кетишти.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Айыл-айылдан не бир эр азаматтар жылан сыйпагандай жок болду.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Көбү тетиги Шиберине айдалып, ошондон ары дайынсыз кетишти.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "А менин бир туугандарым аман калды.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Бирок ошондон кийин көрүшкөнүбүз жок.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Барган жеринде очорбачар болушуп, түзүк жашап кетишти деп уктум.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Бир жылы жайында, эсиңде бар бекен, ыстанцага базарга барбадык беле, ошондон бир аздан кийин эле согуш чыкпадыбы, ошондо мага бир иреңи капкара киши басып келип учурашпадыбы, өзү түбү ушуяктан, а да кулакка тартылат дегендердин ичинде болчу, ошо киши Үсөнкул, Аргын туугандарың аман-эсен деген кабар айтты.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Көп сүйлөшө алганыбыз жок, Ысмайыл экөөң сага жоолук карагычакты сүйлөшүп тура калдык, эки бир тууганың аман-эсен, Чаткалдын бир айылынын аксакалдары, карып калышты, бирок али тың, турмуштары жаман эмес деди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Менден экөөнө салам айтып койгула дедим.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Балам үйлөндү, келиним бар деп, сен жөнүндө да айттым.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Булардын баарын эмне айтып атасың, эне? – Булардын баарын айтып атканым, өз тагдырымды ойлойм, силердин тагдыр кандай болот – аны ойлойм.", "punctuation_labels": [ ",", "?", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошондон чыгып аткан сөз.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Тагдырыбыз түзүк эле келаткандай болду эле.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Туугандарым Чаткалга кеткенде жалгыз калдым.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кыйналсам да эптеп тирилигимди жөндөп, бирөөнүн көзүн караганым жок.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Колхоздун кай жумушун болсо да иштедим.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Баламды чоңойттум.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Трактирчи болду.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Жакшы иштеди, алган тыйыны да дурус.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Анан үйүбүзгө сен кирдиң, кагылайын.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Ошентип турмушубуз жакшы эле куралып келатпады беле, аңгыча эле согуш деген балээ чыга калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Калганын өзүң көрүп олтурасың.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Анан ойлобой коёмбу, ойлойм да, бу өмүр бою эле азаптан арылбай келаткыдай кимге эмне жазганым бар? Ушундай азаптуу-тозоктуу тагдыр болобу.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "?", "." ] }, { "text": "Балдарым биринен сала бири чарчап, анда көз жашым көлдөтүп жүрдүмбү, эримден айрылдым, бир туугандарымды кулакка тартабыз деп, алар андан качып-тозуп, жер ооп кетти, таңда кетип, күүгүмдө келип, колхоздун көрүнгөн жумушун жасап, тыным билбей жүрдүм, эми минтип, картайып, оорудан мүңкүрөп олтурам.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Эмне жакшылык көрдүм деп ойлойм да.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Баарынан да тозогу согуш экен, айланайын.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Балам байкуш качып, башын калкалар жер таппай жүрөт, эмне дейм, тилдеймби, каргаймбы, каргагыдай согушту чыгарган ал болбосо, анын да жашагысы келет да, сенин да ичкениң ирим, кагылайын, жегениң желим, көрүпбилип олтурбайымбы, тигинтип томпоюп, томпойгон балакетин алайын, эчтеме менен иши жок балаңар жатат, анын эртең көрөрү эмне? Же арманың бирөөгө айталбасаң, жан киши билбесин деп олтурабыз экөөбүз.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "?", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "– Ушундай азапка жаралыппыз, эмне кылалык эми, эне,– деп чырактын жарыгына салып, бир табак буудайдын чарын терип олтурган Сейде оор үшкүрүп жиберди.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Биз го жамандыр-жакшыдыр минтип жылуу үйдө олтурабыз, ушу суукта үңкүрдө тиги шордуунун көргөн күнү эмне болду? Же от жага албаса, жаксам түтүнү бар, жарыгы бар, бирөө байкап калбасын деп андан корксо.", "punctuation_labels": [ ",", "?", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Өзү да бир мүнөз, унчукпаган неме, эркектер ошондой, оюндагысын оңой менен сыртка чыгара бербейт эмеспи, бая күнү мага чечилип сүйлөп берип атпайбы.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мен муну сага айта элекмин.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Талаа менен келатып эстей калдым дейт, трактор менен эң биринчи так ошо жерди айдаган болчумун дейт.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Айдап атам дейт, айдап атам дейт, көңүлүм бир толкуйт дейт, өмүр бою эле ушинтип жер айдап, дан сээп жүрсөм деп тилек кылып коём дейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Эми так ошо талаадан бүжүрөгөн чычкан болуп, үстүнөн кулаалы, же капталдан түлкү баса калчудай элеңдеп корккон чычкан болуп өтпөдүмбү дейт.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Ушинтип айтпадыбы, эне.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Ошону айтып олтурбаймбы,– деди Бексаат көйнөгүнүн этеги менен көзүнүн жашын сыгып.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "– Мынчалык кудайга эмне жазганыбыз бар? Жалгыз балам экен, эмне дейм, же сага сүйөк-таяныч болуп бере албай, минтип жаным кыйналып, ооруп олтурам, бир ныптам таш бастырып койгондой эле ооруйт да ооруйт.", "punctuation_labels": [ "?", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Атаганат, баягы күн-түн дебей күрсүлдөп колхоздун жумушун кылган жаш кезим болсо эмне, ушинтип очорулуп отурат белем.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "Баламды колума көтөрүп, канатыма отургузуп, ашуу ашып, дабан басып, Чаткалга түшүп барбайт белем, кулакка тартабыз дегенде кеткендер башын балээден калкалап эле калды го, Чаткал деген бийик тоолуу жер экен, ар ким термелесе тирилигин жасап кетет экен, термелебесе калат экен.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Эми, айланайын Сейде, эртеден берки кебимдин төркүнү ушу – экөөң да жетелешип, жай келсе, ашуу ачылса, кеткиле, Үсөнкул менен Аргын экөөн тапкыла, экөөнүн балдарын тапкыла, менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Мен ушерде эле болоюн.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Чаткалга түшүп кетсеңер кантет, балаңарды көтөрүп алып, ашуу ашып.", "punctuation_labels": [ ",", ",", "." ] }, { "text": "– Чын эле, эне! – деп, сүйүнүп кетти Сейде, а да өгүнү ушуну өзүнчө бир ойлоп койду эле.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", "." ] }, { "text": "– Бирок кудайдын дагы не айтканы турат, бара көрөрбүз.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Экөө тең унчукпай калышты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кемпир отко кактап, көйнөк кургатып, Сейде буудайдын чарын терип, ойлонуп олтурушту.", "punctuation_labels": [ ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "Ошол эле түнү Ысмайыл үйгө келгенде Сейде Чаткал жөнүндөгү сөздү айтты.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ысмайыл мындай кубанбас! Ага алдынан тосуп турган бийик чептин бир жеринен капыстан шарт деп дарбаза ачыла түшкөндөй болду.", "punctuation_labels": [ "!", "." ] }, { "text": "Энеси менен келинчеги үйдө олтуруп алып, туюктан алып чыгар бирден бир туура жолду таап алышканына таң калды.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Азаптан кутулат, эркиндикке чыгат деген ушу да! – Капырай, муну кантип ойлоп таптыңар ыя?! – деп жатты Ысмайыл сүйүнгөнүнөн барбалактап.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", "?", "!", "." ] }, { "text": "– Чаткалда чын эле көздөй таякелерим турса ыя.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кудай берди, кудай өзү ишими оңоду! Эми эптеп жайга жетип алсак, ашуу ачылса, бир күн эмес, бир саатты да текке кетирбеш керек.", "punctuation_labels": [ ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] }, { "text": "Ушу башыма келбептир да.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Анын үстүнө өзүмдүн бир тууган таякелерим Чаткалда экенин мурда-кийин дурустап билип албапмын.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Сен да жашырып айтпай келипсиң, апа.", "punctuation_labels": [ ",", "." ] }, { "text": "Кулак десе ким каягынан дагы кандай сөз чыгарып жиберет дегендирсиң.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Ошо кулак болушканы ырас болуптур.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Мына эми Чаткалдан издеп барып таап алабыз.", "punctuation_labels": [ "." ] }, { "text": "Кулактар дешип! Кулактарды табышкан экен! Чаткалга эптеп жетеличи, сурамжылап таап албай жаныбыз жокпу, табабыз – Үсөнкул, Аргын таякелеримди, чынбы, апа? Кудай жалгап, ушундай бир туугандарың болуп калганын кара! Ысмайылдын кубанычы ашып-ташып, «бүттү, атасынын көрү, бир азаптан кутулдум» деп көңүлү чайыттай ачылып турду.", "punctuation_labels": [ "!", "!", ",", ",", ",", ",", ",", "?", ",", "!", ",", ",", ",", "." ] }, { "text": "", "punctuation_labels": [] } ]