text stringlengths 29 4.56M | source stringclasses 2 values | meta stringlengths 2 234 |
|---|---|---|
Тил – адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Тилдин жардамы менен дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Тил табигый жана жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу тил табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат. Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. тил - социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн жашаш формасы катарында көрүнүү менен, тил ошону менен катар аң-сезимдин калыптанышында чоң роль ойнойтил тил топтолгон билимдерди сактоонун жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн каражаты болуп кызмат кылатил тилдин жардамы менен конкретүү ой жүгүртүү ишке ашырылат. Кийинки мезгилдерде тил жалаң гана лингвистиканын эмес, ошондой эле логиканын жана семиотиканын да изилдөө объектиси болуп жатат. Ушуга байланыштуу азыркы замандын неопозитивизми философиялык изилдөөлөрдүн бүткүл проблематикасын тилди логикалык талдоо ишине ыйгарып салууну көздөшөт.
Колдонулган адабияттар.
Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 | wiki | {"id": "801", "revid": "507129", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=801", "title": "Тил"} |
География (, география, түзмө-түз "жердин сүрөттөлүшү"), бул Жердин жана планеталардын жерлерин, өзгөчөлүктөрүн, жошоочуларын жана кубулуштарын изилдөөгө арналган илим тармагы. Γеография сөзүн алгачкы колдонгон киши Эратос (Б.З.Ч 276–194) болгон. География, Жер'ди жана анын адамдык жана табигый татаалдыгын түшүнүүгө умтулган ар тараптуу сабак — нерселер турган жерин гана эмес, ошондой эле алар кандайча өзгөрүшкөнүн, кандайча пайда болгонун дагы.
География көбүнчө эки тармак боюнча аныкталат: адам географиясы жана физикалык география. Адамзаттын географиясы, адамдардын жана алардын коомчулугунун, маданияттарынын, экономикасынын жана алардын космос менен мейкиндик ортосундагы мамилелерди изилдөө жолу менен алардын айлана-чөйрө менен өз ара мамилелеринин иликтөө менен алектенет. Физикалык георгафия, атмосфер, гидросфер, биосфер жана геосфер сыяктуу табигый чөйрөдөгү иштетүү жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө менен алектенет.
Географиялык изилдөөлөрдөгү төрт тарыхый салттарга табигый жана адам кубулуштарын мейкиндикте талдоо, жерлерди жана аймактарды изилдөө, адамдар менен жер ортосундагы мамилелерин изилдөө жана Жер жөнөндөгү илимдер кирет. География "дүйнө жөнүндө сабак" жана "адам менен физикалык илимдердин ортосундагы көпүрө" деп аталып калган.
Географиялык илимдердин системасы жана чектеш илимдер менен байланышы.
География илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү жана тармактарга ажыроо процесспнде пайда болгон. Анын башкы тармактары: а) табигый же физикалык географиялык илимдер (физикалык география, жалпы жертаануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гпдрологпясы, океанология, гляциология, геокрпология, топурак географиясы жана бпогеография); б) коомдук географиялык илимдер (жалпы жана региондук Экономикалык география, өнөржай, айыл чарба, транспорт, калк географиясы, саясий география жана башка); в) картография жана геодезия. Ар бир географиялык илим экспедициялык жана стацпонардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, географиялык илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, бпологпя сыяктуу илимдердин ыкмаларын жана маалыматтарын пайдаланат. Экономиялык география болсо физикалык география жана саясий экономия, демография, социология, өнөржай жана айыл чарба экономпкасы жана башка коомдук илимдер менен тыгыз байланышта. Табиый шарттар менен ресурстарды толук жана сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү жана өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирүү жана кайра куруу жаатында илимий негиздерди иштеп чыгуу географиянын милдети.
Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары (маанилүү географиялык саякаттар жана ачылыштар жөнүндө кыскасы географиялык ачылыштар макаласынан).
География эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды жана процесстерди табигый-илимий көзкарашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деңгээлинде түшүндүрүү биздин заманга чейинки 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт жалпы жертаануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) жана өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги жана анын бетп 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Биздин заманга чейинки 3-2-кылымда математикалык география негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы География Страбон менен Птолемейдин эмгектеринде (биздин замандын 1-2-к.) биротоло негизделген. Страбон өлкөтаануу багытын өөрчүтсө, Птолемей географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халпфаты, Орто Азия, Иран) Европага караганда география илиминин өнүгүшү жогорку деңгээлге көтөрүлүп калган: ар-түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык география өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин география илим билимдин алдыңкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу жана формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деңиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы жана башка аныкталып, бирок материктердин табияты алп толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «Географпя генералис...» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосфера) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал география «жер-суу шары» жөнүндөгү илим деген жыйынтыкка келет.
17-кылымдын 2-жарымы 18-кылымдын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулушгардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүүгө көп көңүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экономикалык География алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жарымында атайын табигый-илимий экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири менен болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт.
19-кылымда географиянын өсүшүнө, анын илимий милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт менен К. Риттер чоң салым кошкон. Жердин табияты жөнүндөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845-62) Жер кубулуштарынын жалпы законченемдүүлүктөрүн жана ички байланыштарын изилдөө физикалык географиянын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири менен салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт географияны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган. География өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өзалдынча өнүгө баштайт.
20-кылымдын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) боюнча география табигый жана коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз географиялык мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-кылымдын башында өлкөтаануу менен «адамдын географиясын» бийик деңгээлге жеткирген. Россияда 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында географияда бир катар жаңы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурактаануу илимине негиз салып, комплекстик физикалык геогриялык изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-кылымдын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүяүк такталып, анын географиялык изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. 3. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын жана анын морфол. бөлүнүш схемасын сунуш кылган. СССР ИА 1920-30-жылдарда 22 млн км2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк географиялык закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурактаануу, тоңтаануу, палеогеография жана башка тармактардын теориялык маселелерин изилдөө менен бирге комплекстик физикалык географиялык жана экономикалык географиялык проблемаларга, райондоштурууга көңүл бурулат; табигый чөйрөнүн физико-географиялык компоненттеринин аймактык таралышынын законченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы терең изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик жана компоненттик географиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физикалык Географиянын теориялык изилдөөлөрү жалпы жертаануу (А. А. Григорьев) жана ландшафттаануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар жана деңиздер жөнүндө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан. Географиянын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү жана татаалдыгы Географияга ыкташкан жаңы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, медициналык География жана башка) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаңы математикалык, геохимиялык жана башка методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү. Советтин физикалык Географияда табигый географиялык комплекстер (геосистемалар) жөнүндөгү илимий түшүнүк калыптанды. Ал географиялык кабыктын түзүлүшүн жана өнүгүү законченемдерин (жалпы физикалык география) жана анын аймактык бөлүнүшүн, морфол. түзүлүшүн жана башка маселелерди (ландшафттаануу) изилдеди; ири физикалык -географиялык региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мисалы, «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» жөнүндөгү 15 томдон турган серия). Экономикалык география жалпы теория менен бирге СССРдин экономикалык райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук жана тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар боюнча жалпыланган экономикалык-географиялык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөржай, транспорт, айыл чарба, калк, шаар жана башка), табигый шарттардын жана ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Советтик экономикалык география башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту. География тарыхын жана тарыхый географиянын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Советтик картографиянын география менен тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык жана комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар менен атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Советтик география акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, башкача айтканда конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият менен коомдун өзара мамилелерин жалпылоочу жана жакшыртуучу илимий проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Советтик Географиянын теориялык жана практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн Географиялык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда.
Географиянын башка өлкөлөрдөгү абалы.
Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук менен пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамл. бийликтерди жана монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония жана башка айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер жана жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Географиялык изилдөөлөр аспап-жабдыктар менен өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө жана чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси жана башка) Географиянын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физикалык География жана экономикалык Географияга бөлүү туура болбойт, География тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Географиянын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европалык изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көңүл бурат.
Маанилүү Географиялык коомдор жана мекемелер.
Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү Эл-аралык География союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл-аралык Географиялык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк жана региондук деңгээлдеги мааниси бар География уюмдары: Орус Географиялык коому, РФ ИАнын География инстититуту, КМШ ИАларынын География пнттары, бөлүмдөрү, унмверситеттердин географиялык факультеттери, Улуу Британия королдугунун География коому, Канаданын королдук География коому, АКШ Улуттук География коому, Париж География коому жана башка.
Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү.
Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы жөнүндө Батыш менен Чыгыш элдери биздин замандын башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» жана башка), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей жана башка) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теңир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун жана башка уруулар, алардын жери, кесиби жана башка тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы жана анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы жана башка кыска, так баяндалат.
18-кылымда жана 19-кылымдын 1-жарымында географиялык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. Риттер (1832, 1859) жана Л. Гумбольдт (1843) Теңир-Тоо менен Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борбордук Азиянын Географиясы боюнча биринчи жалпыланган илимий концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура илимий Географиясы акыркы 100-120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын илимий экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кыргызстан аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү жана жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кыргызстандын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык жана стационардык (1880-90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теңир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары жөнүндөгү азыркы илимий түшүнүктөргө негиз салды.
19-кылымдын 2жарымында атайын тармактык (топографпялык-геодезиялык, геологиялык, зоологиялык жана башка) жана комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө менен таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү жөнүндө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди. Кыргызстандын Географиясын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши жана Д. Принц, немистер География Мерцбахер жана М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Махачек жана башка) жана жергиликтүү саякатчылар, өлкөтаануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков жана башка) да катышкан. Октябрь социалдык революциясынан кийин Географиялык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу жана өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кыргызстанда бир да илимий мекеме болгон эмес, жогорку билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр республикада атайын Географиялык (КР ИАнын географиялык бөлүмү, Бийик тоолуу Теңир-Тоо физико-географиялык станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абат университеттеринин География багыттагы факультеттери, Борбордук Азия Жер изилдөө институту жана башка) жана географиялык багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи жана башка) илимий, өндүрүштүк мекемелер, коллектпвдер жана башка бар. Гпдрометеорол. элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын жана башкаларды Географияга чектеш илимдер изилдейт. Кыргызстан Географиялык (1947) жана Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деңгээлдегп адпс географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин Республикасынын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград жана Ташкендин адистеринин күчү менен жүргүзүлгөн. 1920-40-жылдарда СССР ИАнын жана Орто Азия университетинин экспедициялары Кыргызстандын Географиясына зор салым кошту. 1948-ж. СССР ИАнын Географиялык институту негпздеген Физикалык географиялык станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын илимий мекеме болуп калды. 1943-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалы, 1951-ж. КМУ ачылгандан бери Республикасынын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жергиликтүү окумуштуулар менен адпстердпн колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар пчпнде География илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери боюнча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы жана башка жөнүндө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 жана башка). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык жана гидрологиялык маалымат жыйнактары, мөңгүлөрдүн каталогдору жана башка). Тармактык жана комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 жана башка) аткарылды. Экономикалык географиялык изилдөөлөр Кыргызстандын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөржайы, айыл чарба, табигый ресурстарды пайдалануу жана алардын экономикалык Географиялык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. Айыл чарбасын, өнөржайды жана эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экономикалык географиялык проблемалары жана эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) терең талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. Оторбаев, 1957 жана башка) жана бүткүл Кыргызстандын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 жана башка). Республикасынын жана анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы жана энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө. Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Республикасынын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көңүл бурулуп келүүдө. Кыргызстандын аймагында абанын жана топурак кыртышынын температурасынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов жана башка). Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилдендп, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө жана прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө жана калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү жана алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилдөө пштерине айрыкча көңүл бурулуп, аларды прогноздоо жана эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда. Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөңгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов жана башка). Жаратылыш ресурстарын комплекстүү инвентарлашгыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфологпя» (Ш. Качаганов жана башка) карталары түзүлдү. Тармактык изилдөөлөр менен бирдикте Кыргызстандын Географиясында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кыргызстанда ландшафттык жана комплекстүү физикалык-географиялык ургаалдуу изилдөөлөр КР ИАнын География бөлүмү тарабынан Нарын дарыясынын жогорку агымында (50-жылдардын аягында) Алай кырка тоосунда (1973-75) жана Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында (1976-80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э.К. Азыкова, С. Байгуттпев, К. Матпкеев жана башка). Теңир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт боюнча белгилүү салым болуп калды. Ал Кыргызстандын комплекстүү илимий-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топ тому болду. Республикада топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта Республикасынын Географиялык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев жана башка) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» жана башка (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов жана башка) жарыкка чыкты. Кыргызстандын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда жана жүздөгөн макалалар менен тезпстерде чагылдырылып, алар эл-аралык, бүткүл союздук жана республикалык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРпнпн клпматы» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу серпясы» (1970), «Кыргызстандагы географпя илимдерпнпн өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» жана башка «Кыргыз жергесп» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географпясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар менен сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы География илимдерине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын жана илимий-популярдуу адабияттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар менен камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам республикадагы геодезия жана картография кызматы бул өксүктү толтуруу боюнча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, ошондой эле ресурстардын жана саясий-административдик карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу илимий эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү жана фундаменталдуу, илимий маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер менен жабдылып, Республикасынын жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын жана табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 илимий, өндүрүштүк мекемелердин жана жогорку окуужайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас боюнча илимий уюштуруучулук жана координациялоо иштери КР УИАнын Геология инстититутунун География бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн. | wiki | {"id": "1030", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1030", "title": "География"} |
Кыргызстан, расмий түрдө ― Кыргыз Республикасы (КР) — Борбордук Азиядагы мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө.
Кыргызстан — унитардык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет.
Борбор шаары — Бишкек, калк боюнча республиканын эң ири шаары. Туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат.
Өлкөдөгү туруктуу калктын саны 2021-жылдын башына карата баалоо боюнча 6,7 миллион ашуун адам түзөт. Кыргызстан 2020-жылдын башына карата бааланган калкы боюнча дүйнө жүзүндө 110 орунду ээлеген. 2015-жылдын 25-ноябрында 6 миллиончу кыргызстандык туулган.
Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4,4 % түзөт.
Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адамдын өнүгүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,697 (орточо) түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген. Советтер Союзу кулагандан бери (1991-жылы) өлкөдөн эмгек миграция калыптанган. Кыргызстандын 700 миң ашуун жараны эмгек мигрант болууда. Эмгек мигранттардын негизги агымы Орусияга (2018-жылы 640 миң ашуун) кетет, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана АКШда иштегендер да көп. Алардын акча которуулары ИДӨнүн үчтөн биринен ашуун түзөт. Бул көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Акча которуулар өлкөдөгү жакырчылыкты азайтууга маанилүү салым кошот.
Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Этимология.
«Кыргызстан» ― өлкөнүн аталышы «кыргыз жери» дегенди билдирет. Ал «кыргыз» этнониме перс (фарс) тилинен алынган «стан» суффиксин кошуусу менен жаралган.
Кыргызстан өлкөнүн аталышы катары азыркы чек арадагы 1924-жылы негизделген чөйрөсү тууралу айтылат. Андан тышкары азыркы учурдагы анын чөйрөсүндөгү болуп турган жана социалдык, маданий, саясий орун басуучулук менен 1991-жылы түптөлгөн мамлекетти ― Кыргыз Республикасын да билдирген кыскача, расмий аталыш.
Тарых.
Кыргыздардын тарыхы XXII кылымдан (2200-жыл) ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келип жаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан.
Байыркы мезгил.
Кыргызстандын аймагында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган.
Энеолит доору Саймалы-Таш капчыгайындагы таштарга чегилип тартылган сүрөттөрдүн байыркы бөлүгүнөн көрүнөт. Бул орто кылымдарга чейинки энеолит жана коло доорунун ыйык саналган зор борбору.
Булактарга ылайык Орто Азиянын мал баккан элдери биздин эрага чейинки I миң жылдыкта “сактар” деп аталган. Алар биздин эрага чейинки I миң жылдыкта Борбор Азиянын саясый окуяларында жигердүү роль ойногон жоокер уруулары болгон.
Биздин эрага чейинки III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу “кыргыз” этноними эскертилет.
Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Күнбаг (ккэ бир булактарда Күнбий) б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин курамына кирген. Даван (байыркы перси булактары боюнча – Паркана) калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104—99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган.
VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн (551—744). VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон.
Батыш Түрк каганаты (603—704) Чыгыш Түркстандан, Тянь-Шань тоолорунан жана Жети-Суудан тартып, Түндүк Кавказга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Администрациялык-саясий жана башкы соода борбору Суяб шаары (Токмок шаарына жакын Ак-Бешимдин урандылары) болгон.
Батыш Түрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты (704—746) өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында (820—841) кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген.
Карахан каганатынын түзүлүүсү менен (X кылымдын башы XIII кылымдар) Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн улуу чыгармаларын жаратышкан.
Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат.
XV—XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан.
XVII кылымдын ортосунан баштап, XVIII кылымдын ортосуна чейин кыргыздар Жунгар хандыгынын басып кирүүсүнөн өз көз карандысыздыгын коргошкон.
XVIII кылымдын 60-жылдарында түштүк кыргыздар, андан кийин XIX кылымдын 20-30-жылдары түндүк кыргыздар Кокон хандыгынын таасиринде калат.
Орусия империясы.
XVIII кылымдын аягында жана XIX кылымдын башында түндүк кыргыз уруулары Орусия менен өз алдынча мамиле түзө баштаган. 1785-жылы сарыбагыш бийи ― Атаке баатыр биринчи өкүлдөрүн Орусияга жөнөткөн. 1855-жылы бугу уруусу Орусиянын букаралыгын алган. Бул кыргыздардын Орусияга кошулуу процессинин башталышы эле. 1868-жылы кыргыздардын түндүк уруулары Орусияга биротоло кошулган, ал эми түштүгү Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштү баскандан кийин 1876-жылы жеңип алынган.
1867-жылы Кыргызстанда Орусиянын административдик-аймактык башкаруусу иштей баштаган. Падышалыктын журт котортуучулук жана салык саясаты улуттук жана экономикалык эзүүнү күчөтүп жиберген. Орто Азия элдеринин биринчи антиколониялык козголоңу Фергана өрөөнүндө 1898-жылы Анжиян шаарында болгон.
Кошулуу процесси кыргыздардын экономикалык жана чарбалык көнүмүш турмушунун акырындап өзгөрүүсүнө алып келген. Кыргыз элинин географиясын, табиятын, тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүү башталган. Бул прогрессивдүү көрүнүш эле.
Үркүн.
Бирок падышалыктын колониялык саясаты 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келгендиги, ал болсо Үркүн менен аяктагандыгы белгилүү.
Орус падышалыгынын кулашы жана үч бийликтүү мезгил.
Эски стиль (юлиан календары) менен 1917-жылдын февраль айындагы, жаңы стиль (григориан календары) менен март айында Петроград жумушчуларынын жана Петроград гарнизонунун аскерлеринин бийликке каршы массалык нааразылык акциялары орус падышалыгынын кулашына жана Убактылуу өкмөттүн менен Петроград Советинин (Петросовет) кош бийлигине алып келет. Жумушчу депутаттардын Советинин Убактылуу аткаруу комитети жана Мамлекеттик думанын Убактылуу комитети менен биргелеште түзүлгөн Убактылуу өкмөт Уюштуруучу жыйын өз ишин баштагыча иштеш керек эле. Уюштуруучу жыйынга шайлоо 17-сентябрга дайындалып, кийин 25-ноябрга жылдырылган. Ал эми Кыргызстандын азыркы аймагында аталган окуялар үч бийликтин орношуна алып келген, ага карабастан колониалдык саясат улана берген.
Февраль революциясы жөнүндө кабар угуп, 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздар кайтып башташат. Азык-түлүк аздыгы менен татаалдашкан учурда Үркүндө дүнүйөсүн жоготкон кыргыздын өлүмү чоң болгон. Андан тышкары кайткандарды орустар тарабынан өлтүрүү учурлары да болгон. Ошентип 20 миң кайткан кыргыз мерт кеткен.
Марттын узагында Түркстандагы падышалык бийликтин өкүлдөрүн кызматтарынан бошотушкан. Ошол эле учурда советтер түзүлө баштаган. Жумушчу депутаттрадын советтери Пишпекте, Токмокто, Пржевальскта жана Ошто пайда болгон. Бул тунгуч советтерде жергиликтүү калктын өкүлдөрү аябай аз же такыр эле болгон эмес. Орусиянын борбордук аймактарында болгондой эле бул советтердин көпчүлүгүн меньшевиктер жана эссерлер (марксисттик эмес социалисттик партия) түзгөн.
Ошол эле маалда Убактылуу өкмөттүн комитеттери түзүлгөн. Түркстан комитетинин башында Кадеттер партиясынын мүчөсү Щепкин туруп калган. Бул комитет 1916-жылдын улуттук боштондук көтөрүлүшүн канда басуу менен айырмалангандарды Пишпек, Ош жана Пражевальск уезддеринин комиссарлары катары дайындаган.
Ошондой эле жергиликтүү калктын өз алдынча башкаруу органдары түзүлө баштаган. 1917-жылдын апрелинде Пишпекте Кыргыз коомдук комитети түзүлгөн, кийинчерээк андай комитеттер Кыргызстандын азыркы аймагынын түндүк шаарларында пайда болгон. Ош шаарында августта Мусулман эмгектенгендердин жана чайрыкер депутаттардын совети түзүлгөн. Ошентип үч бийликтин тутуму түзүлгөн.
Февраль революциясы Түркстандын жергиликтүү калктын саясий активдүүлүгү жандандырды: коомдук-саясий уюмдарды жана партияларды түзүлө баштады. Май айында Пишпек уездинде «Букара» кыймылы түзүлөт. Июль айында Пишпекте Абдыкерим Сыдыковдун жетекчилиги астында «Алаш» партиясынын жергиликтүү бөлүмү уюштурулган. Партия буржуазиялык, демократиялык көз караштагы кыргыз жана казак интеллигенцияны бириктирген. Партияны Мамлекеттик думанын депутаты ― Ахмат Байтурсунов башкарган. Анын максаттарынын бири кыргыздар менен казактардын көз карандысыз мамлекетке биригүүсү болгон.
Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз жана өзбек байларды, интиллегенциянын өкүлдөрүн жана ислам диниятчыларды бириктирген «Шура-и-Ислам» партиясынын жергиликтүү бөлүмү түзүлгөн. Аны Таш Кудайбергенов башкарган. Уюмдун негизги саясий талаптарынын бири Орусиянын ичинде Түркстандын улуттук-диний автономиясын түзүү болгон. Уюм жеке менчиктин (анын ичинде жерге) сакталышын жактаган. Ошондой эле «Туран» партиясы Кыргызстандын азыркы аймагында жергиликтүү уюмдарын түзүп баштаган.
Кеңештер мезгили (Совет мезгили).
Совет бийлигинин орношу.
1917-жылдын 7-ноябрында (эски стиль менен 25-октябрь) Петроградда кызыл гвардиячылар, Петроград гарнизонунун жоокерлери жана Балтика флотунун матростору куралдуу көтөрүлүшүп Убактылуу өкмөттү кулатышкан. Ошол күнү II Бүткүл орусиялык жумушчу жана жоокердик депутаттардын Советтеринин съезди өз ишин баштаган. «Жумушчуларга, жоокерлерге жана дыйканчыларга!» деген кайрылуусунда жерлерде бүт бийлик Жумушчу, жоокердик жана дыйканчы депутаттарга (Советтерге) өтүүсү жөнүндө жарыялашкан. Советтерде ар түрдүү партиялардын өкүлдөрү турушкан (большевиктер, меньшивиктер, эссерлер ж.б.), бирок алардын тирешесинин жыйынтыгында В.И. Лениндин большивисттик партиясы толугу менен бийликти ээлеп калган. Петрограддагы бийликти басып алуу менен Орусияда 1923-жылга чейин созулган жарандык согуш башталат.
Кыргызстандын аймагында 1917-жылдын ноябрында Сүлүктүнүн шахтёрлору биринчилер болуп совет бийлигин жарыялашкан. Ушул эле айында ал Кызыл-Кыяда, Дмитриевкада (1944-жылдан Талас) орнойт.
1918-жылдын январь айында жаңы Орусиянын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо үчүн Уюштуруучу жыйыны (1917-жылдын ноябрында шайланган) чакырылган. Ал жыйындагы көпчүлүктү түзгөн большевиктерге каршы депутаттар большевиктер сунуштаган "Эмгектенген жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясын" кароодон баш тартышкан. Анда большевиктердин тарабынан жыйын таркатылып, 1918-жылдын 18-январында III Бүткүл орусиялык Советтердин съездинде жогоруда айталган Декларация ― Орусиянын жаңы мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерин мыйзамдуу түрдө бекиткен, Октябрь социалисттик революциясынын жетишкендиктерин бекемдеген жана совет бийлигинин милдеттерин аныктаган конституциялык акт бекитилген. Декларацияда Советтик Орусия Республикасы эркин улуттардын эркин биримдигинин негизинде, советтик улуттук республикалардын федерациясы катары түзүлүп, ар бир улуттун жумушчулары менен дыйкандарына өз советтик съездинде өз алдынча чечим кабыл алууга: алар федералдык өкмөткө катышууну каалашатбы жана кандай негизинде федералдык өкмөттө жана калган федералдык советтик мекемелерине катышканга даяр экенин укуктуу деп айтылат.
1918-жылдын 14-январында Пишпектин Советинде большевиктер жеңип Петроград жана Ташкенттин борбордук бийлигине кошулушуна токтом кабыл алышкан. Советтин төрагасы катары большевик Г.И. Швец-Базарный шайланат. Январь айында Ошто. Май айында Пржевальскка Верный шаарынан келген кызыл гвардиячылардын колдосуу менен Совет бийлиги орногон, июнь айында Нарында. Ошентип, 1918-жылдын жайына карата азыркы Кыргызстандын аймагында кан төгүлбөй совет бийлиги орногон.
1918-жылдын 30-апрелинде V Түркстандык Советтердин съездинде мурдагы Түркстан крайында (1886-жылына чейин Түркстан генерал-губернаторлугу) ОСФСРдин курамында Түркстан Советтик Республикасы жарыяланган.
1918-жылдын 7-декабрында калкы негизинен бай орус дыйкандарынан турган Беловодское айылында Петроградтын бийлигине каршы козголоң көтөрүшөт. Козголоңду сол эсерлердин партиясынын өкүлү башкарган. Козголоңду басыш үчүн Жети-Суу облусунун аскердик комиссары Л.П. Емелев 1-чи Пишпектин советтик полкун (Я.Н. Логвиненконун буйрук астыгында) жөнөтөт. 26-декабрында Беловодское айылы басылган.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жол.
Түркстан АССРдин партиялык жана советтик уюмдарында Орто Азиянын улуттук-аймактык бөлүштүрүшү маселеси 1920-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. 1921-жылы Түркстан АССРдин курамында "Тоолуу Кыргыз облусун" түзүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн, бирок бул маселе чечилген эмес. 1922-жылдын мартында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыковдун жүзүндөгү кыргыз интеллигенция кыргыз калкы бар уезддерди Тоолуу Кыргыз облусуна бөлүп чыгарууну кайрадан сунуштады. 25-мартта Түркстан компартиясынын Борбордук комитетинин (БК) секретариаты Түркстан Республикасынын курамында ушундай аталыштагы аймакты түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Эртеси күнү Түркстан АССРдин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) Кичи президиуму Пишпек, Каракол, Нарын жана Аулие-Ата уездинин тоолу аймактарынын курамында, административдик борбору Кочкор кыштагында түзүү жөнүндө токтомду бекитти. Түштүктө жашаган кыргыздар тууралу маселе ачык бойдон калды. Бирок, улутчулдук жана уруулук мүнөздөгү ар кандай топторунун ортосундагы пикир келишпестиктер 1922-жылдын 4-июнунда Пишпекте чогула турган уюштуруу съезддин Сталиндин түз буйругу менен тарашына алып келген. 1922-жылдын декабрында большевиктердин Орусия комунисттик партиясынын ((б)ОКП) БКсы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча мурда кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп таанып, съезддин демилгечилерин буржуазиялык улутчулдукка жана контрреволюциялык ишмердүүлүккө айыптаган.
1924-жылдын январында XII Бүткүл түркстандык советтердин съездинде кыргыз (ал учурда кара-кыргыз) делегаттары (б)ОКП БКсына жана СССР БАКтын Улуттар советине Түркстандын партиясынын жана өкмөтүнүн башкаруу аппараты жалпы саны бир миллионго чейин болгон дагы бир улуттун ― кара-кыргыздардын өзгөчөлүктөрүн билбейт жана эске албайт деген кат менен кайрылшат. Кара-кыргыз менен кайсак-кыргыздын (казактын) тили, чарба жүргүзүү жана жашоосу окшош болгондуктан, европалыктар аларды бир улут катары эсептешет жана Түркстандын кээ бир башкаруучулары аларды бир улутка бириктирүүгө аракет кылышат деп катта айтылат. Ал катты төмөнкү талаптар менен аякташат:
Ошол эле жылдын 24-апрелинде (б)ОКП БКтын Ортоазиялык бюросу «Орто Азия республикаларынын (Түркстан, Бухара, Хорезм) улуттук бөлүштүрүшү жөнүндө» токтом кабыл алган. Белгилеп кеткенде ал учурда планданган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун кайсы республикасынын курамына кириши маселеси ачык турган. Даярдык иштери сентябрь айында аяктады. 1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) кезексиз сессиясы Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү жөнүндө токтом кабыл алган. Бул токтом 1924-жылдын 14-октябрында Бүткүл орусиялык борбордук аткаруу комитетинин (БОБАК) 2-сессиясында бекитилген. Ошону менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (1925-жылдын майында Кыргыз автономиялуу облусуна аталышы өзгөртүлөт) ОСФСРдин курамында түзүлгөн.
Орусиядагы Октябрь революциясы, социалисттик түзүлүштү орнотуу, элдердин өзүн өзү аныктоо укугу жана СССРдин түзүлүшү Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый бурулуш тап болгон.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсү менен советтик түрүндөгү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү башталган, бул болсо саясый татаалдашуусуз 1991-жылы толук эгемендик алууга мүмкүндүк берди.
Кыргыз ССР.
Социализм доору Кыргызстанды кайра жаратып, аны индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Көп тармактуу өнөр жайы, курулуш индустриясы жана курулуш, транспорт, байланыш, техникалык жабдылган айыл чарбасы, соода-сатык жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү республиканын бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык курамдык бөлүктөрү болуп калды. Эмгек ресурстарын жайгаштыруу көйгөйү жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо-турмушунун материалдык деңгээли жогорулаган.
Өзгөчө отун-энергетика комплекси өнүккөн, 80-жылдарда көмүр өнөр жайынын үлүшүнө Орто Азияда өндүрүлгөн көмүрдүн 40%ына чейини туура келген. Энергетика комплекси, түстүү металлургия ийгиликтүү өнүккөн. Анда негизги орунду сурьма, сымап, чанда кездешүүчү жана башка түстүү металлдар ээлеген. Кадамжай комбинатынын сурьмасы эл аралык базарда сапаттын үлгүсү болгон. Хайдаркан сымап комбинатынын өндүрүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Айыл чарбасында жетектөөчү ролду мал чарбасы ойногон. Кыргызстан кой чарбасынын азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча СССРде үчүнчү орунда турган, алдыда ОСФСР менен Казакстан гана болгон.
Өндүрүлгөн улуттук кирешенин өнүгүү темпи боюнча Кыргызстан Украина, Казакстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан жана Эстония сыяктуу союздук республикалардан алдыга кеткен. Шаарлар жана калктуу пункттар пайда болуп жана көрктөндүрүлүп турган, ал эми илимий-техникалык революция индустриалдык өнүгүүнүн гана эмес, ошондой эле социалдык маанидеги да элемент болуп калган.
Улуу Ата мекендик согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошкондугун белгилей кетүү керек, кан майданга 360 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алар баатырларча салгылашкан, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 21и үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Кыргызстан өлкөнүн бирдиктүү аскердик-чарбалык организминин ишенимдүү бастиону болуп калды. Эвакуацияланган ишканалар калыбына гана келтирилбестен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк кубатын кеңейтишкен.
Маданий курулуштун башкы багыттарынын бири сабатсыздыкты жоюу, билим берүүнүн жаңы системасын түзүү болуп калды, квалификациялуу кадрларды даярдаган жождор жана орто-атайын окуу жайлары ийгиликтүү иштеп жатты. Илимдин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө СССР ИАсынын Кыргыз филиалы (1943) чоң роль ойноду, ал 1954-жылдын декабрында республиканын Илимдер академиясы деген статус алган.
Улуттук кесипкөй адабият кыргыз тилинде жазуунун түзүлүшү менен башталган. Улуттук жана дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун Чыңгыз Айтматовго таандык, анын чыгармалары дүйнө элдеринин 80ден ашык тилдерине которулган. Профессионал кыргыз искусствосу: театр, музыка, көркөм сүрөт жана кинематография да ийгиликтүү өнүктү.
Талашсыз жакшы жактары менен бирге совет мезгили тоталитардык режимдин көптөгөн адам тагдырларын трагедияга кептеген терс көрүнүштөрү менен да тарыхта калды.
1990-ж. Жалган Куран айында СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27 Тогуз айда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15 Бештин айында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22 Үчтүн айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5 Бирдин айында республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8 Бугу айда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19 Чын Куран айда “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.
Эгемендүү Кыргызстан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-жылдын 31-августунда «Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь, Орусия, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШ түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.
1991-жылдан баштап, СССР кыйрагандан кийин кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылган. 31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялады жана реформалоо этабы башталды. КПССтин мурдагы тоталитардык-авторитардык режими авторитардык-демократиялык режим менен алмаштырылды. Демократиялык башкаруу принциптери киргизилип, жалпы элдик (мамлекеттик) деп аталган менчиктин ордуна жеке менчикке артыкчылык берилүү менен менчиктин ар түрдүү формалары киргизилди. Пландык экономика базар экономикасына алмашты, мурда социалдык бир түрдүү коом тез эле дифференциялашып калды. Коммунисттик идеология буржуазиялык-либералдык идеологияга жол берип, жамааттык аң-сезим жекече индивидуалдуулук менен четке сүрүлдү.
Коомдук-саясый жагынан республика мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарына ээ болду, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болуп калды. Бирок мурдагы СССРдин чарбалык байланыштарынын үзүлүп калышы республиканын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Инфляциялык процесстин күчөп кеткендигине байланыштуу 1993-жылы улуттук валюта (сом) киргизилген. Бул өлкөгө өз алдынча каржылык жана акча-насыя саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынат. Бирок базар экономикасынын реформаларынын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин өтө таңсыктыгына алып келди да, республика агрардык-индустриалдык өлкө болуп калды, ал эми калктын жарымына жакыны өтө жакырданып кетти.
Коррупциянын өтө күчөп кетиши, коомдун тез дифференциялашуусу, криминалдашуу, бийликтин авторитаризми Кыргызстанды иштеп жаткан режимди эки ирет кулатууга (2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде) алып келди. Өткөөл убактылуу өкмөттөн кийин Кыргызстанда парламенттик республика орнотулуп, Жогорку Кеңешке кеңири ыйгарым укуктар берилген.
Татаал социалдык-экономикалык кырдаалдын айынан Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзгөнгө аргасыз. Ал республикага инвестицияларды алып келүү максатында зарыл карым-катыштарды түзүп келет. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна (ЕККУ), ЮНЕСКОго, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ), Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Ислам Кызматташуу Уюмуна (ИКУ), Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгынын Кеңешине (ТМКК) мүчө болду, Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык коомдоштукка интеграцияланууга кадам таштап, жакынкы эле эмес, алыскы да чет өлкөлөр менен байланыштарды жөнгө салууда.
Демократиялашуу процессинин аркасында эгемен Кыргызстандын руханий турмушунда да маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушуга байланыштуу аны базар мамилелерине ыңгайлаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Экономикалык кризистин кесепеттери илимий мекемелердин иштерине да терс таасирин тийгизди. Бирок, алар, анын ичинде Илимдер академиясы да ушул татаал шарттарга ыңгайлашууга жана илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө аракетин аяган жок. Коомдун руханий кайра жаралуусу үчүн маданий мураска, атап айтсак, оозеки эл чыгармачылыгынын шедеври — “Манас” эпосуна аяр мамиле жасоо зор мааниге ээ.
Бирок терс көрүнүштөр дээрлик эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен жансактап жаткан маданият чөйрөсүнө өзгөчө залакасын тийгизгенин белгилебей коюуга болбойт. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет анын ченемдик-укуктук базасын түзүү боюнча бир катар чараларды көрдү.
География.
Жайгашкан жери.
Кыргызстандын деңизге чыга турчу жери жок. Толугу менен Түндүк жана Чыгыш жарым шарларында жайгашкан, түндук кеңдигинин 39°11′—43°16′ жана чыгыш узундугунун 69°15′—80°18′ аралыгында. Өлкөнүн чыгышттан батышка карай 900 км, түндүктөн түштүккө карай 410 км созулат. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет.
Мамлекеттик чек ара.
Мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 4690,66 км түзөт: Казакстан менен — 1257,07 км, Кытай менен — 1084,35 км, Өзбекстан менен — 1378,44 км, Тажикстан менен — 970,8 км. Аны менен чек аранын 823,04 км аныкталган эмес: Өзбекстан менен ― 371,34 км жана Тажикстан менен — 451,7 км. Ошентип, Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугунан 1007,1 км такталган же 73,1 %, Тажикстан менен — 519,1 км же 53,4 %. Мамлекеттик чек ара негизи тоолордун кырларынан жана дарыялар менен өтөт.
Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Шахимардан, Чоң Кара-Калча, Таш-Дөбө жана Тажикстандын Ворух, Батыш Калача деген анклавтары бар. Ошондой эле Фергана өрөөнүндө Өзбекстандын аймагы менен курчалган Кыргызстандын эксклавы ― Барак айылы бар. Талаш тилкелеринде улам чыр-чатактар болууда, алар кээ бир учурларда куралдуу кагылышууга да алып келет. Акыркы эң ири куралдуу жаңжал ― 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда болгон.
Рельеф.
Кыргызстандын аймагынын 3/4 бөлүгүн тоолор ээлейт. Өлкөүн аймагы эки тоо системаларынын айланасында жайгашкан. Түндүк-чыгыш бөлүгү Ала-Тоого (башка аталышы Теңир-Тоо) кирет, түштүк-батыш тарабы ― Памир-Алай тоолоруна карайт. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 м жогору бийиктикте жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 м. Кыргызстандын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана болжол менен үчтөн бири — 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Бийиктиги 7439 м түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери, ошондой эле дүйнөнүн эң эле түндүк тарабындагы жети миң метрге жеткен чоку. Чыгышта Теңир-Тоонун негизги тоо кырлары басымдуу тоо кырын түзүп, Меридиандык тоо кырынын районунда жакындашып кетет. Кытай жана Казакстан менен чектешкен жерде Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңири (7010 м же муз катмарын эсептебегенде 6995 м) көтөрүлүп турат. Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Теңир-Тоодо жатат. Анын маанилүү орографиялык элементтери:
Түштүктө Түркстан тоо кыркасынын түндүк жантаймасы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Памирдин түндүк чети болгон Чоң-Алай тоо кыркасынын түндүк жантаймасы Кыргызстанга карайт. Чоң-Алай тоо кыркасынын эң бийик жери ошондой эле Кыргызстандын бийиктиги боюнча экинчи жери ― Ленин чокусу (7134 м). Түштүк-батышта Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш жана түштүк чет жактары Кыргызстанга карайт.
Кыргызстандын башкы орографикалык элементтери:
Республиканын эң жапыз жери — 401 метр Кулунду айылына жакын жерде жайгашкан.
Климат.
Кыргызстанда кескин континенттик, кургакчылыкка учурай турган климат, аны бийик тоолу рельефинен булут каптыгандык менен жаан-чачын артыганы бир аз жумшартат. Мындай болушуна үч фактор себеп: Тундүк жарым шарында, Евразиянын борборунда жайгашкандыгы, олуттуу суу жайларынан алыстыгы жана чөлдөрдүн жакындыгы.
Дүйнө жүзүндө көбүрөөк кеңири колдонулуучу климатты классификациялоонун Кёппен-Гейгер системасынын негизинде Кыргызстанда климаттын 11 түрүн бөлүп кароо менен аларды негизги 5 типке топтоого болот:
Суу ресурстары.
Мөңгүлөр.
Кыргызстандын мөңгүлөрү жалаң эле республиканын тузсуз суунун кампсасы эмес, жалпы Борбордук Азиянын кампасы. Мөңгүлөрдүн эриген суулары дырыялардын башкы булагы. Өлкө аймагынын 4 % (8 миң км² жакын) жайгашкан 8 миңге жакын мөңгү бар, кар эрибей жаткан жерлер менен өлкө аймагынын 40,5 % (81 миң км² жакын) түзүшөт. Бул Кавказ менен Альп тоолордун мөңгүлөрүнүн чогу эсептелген аянтынан ашат. Мөңгүлөрдө 650 км³ суу муз түрүндө сакталып турат. Андан тышкары мөңгүлөр Кыргызстандын электроэнергетикалык коопсуздугунун башаты ― 2019-жылда электроэнергиясынын 92 % ГЭСтерде өндүрүлгөн.
Дарыялар.
Кыргызстанда 30 миңге жакын дарыя бар. Алардын жалпы узундугу болжол менен 150 миң км, башка булактар боюнча — 35 миң км. Бардык ири дарыялар тоолордо башталып, негизи мөңгүлөрдүн жана карлардын эриген суулары менен азыгышат. Республиканын рельефи үчүн дарыянын тоолу жана түзөң бөлүктөрү бар.
Дарыя тутумдарынын көпчүлүгү Арал бассейнине башкача айтканда Борбордук Азиянын ири дарыяларынын бирине — Сыр-Дарыяга (Аму-Дарыя менен Арал деңизине агат) таандык. Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндери Арал бассейнине таандык болгону менен, өз сууларын негизги суу артерияларына жеткизбей, Моюн-Кум чөлүндө жоготот. Республиканын түштүк-чыгышында Батыш Кытайга агуучу Тарим дарыясынын агымы пайда болот. Каркыра дарыясынын бассейни Балкаш көлүнүн бассейнине таандык.
Чоң жана Кичи Нарындын биригүүсү менен республиканын эң ири дарыясы — Нарын жаралат. Сыр-Дарыянын негизги түзүүчүсү, ошондуктан Аралдын бассейнине таандык. Республиканын аймагындагы узундугу 535 км түзөт, бассейндин аянты — 53 700 км².
Кыргызстанда эки гидрологиялык чөйрө: агымдын пайда болуш чөйрөсү жана агымдын таралыш чөйрөсү. Агымдын пайда болуш чөйрөсү республиканын 87 % камтыйт, агымдын таралыш чөйрөсү — 13 %. Ири дарыялардын таралыш чөйрөсүнүн чоң бөлүгү Кыргызстандын тышында жайгашкан. Таралыш чөйрөсү тоо жантаймаларына караганда жаан-чачындын бир кыйла аздыгы жана тез буулануу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан жердин үстундөгү агымдар пайда болушу чектелген, кээ жерлерде жок. Андан тышкары тоолордо жаралган агымдар бул жерлерден өтүп жерге сиңип кетет жана сугарууга алынат. Тоо астындагы түзөң жерлерде жер астындагы суу чыккан аймагы пайда болот, ошондой суулар көптөгөн дарыяларды кошумча толтуршат. Жер астындагы суулардын чыгышы майда агымдарын негиздешет, аларды тунук суусу үчүн «"кара суу"» деп аташат.
Агым режими боюнча Кыргызстандын дарыялары тянь-шань жана алтай типтерине таандык. Биринчи типтеги дарыялар негизи кар жана мөңгүнүн эриген суулары менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жайында катуу эрүү башталганда өсөт, максимумду июль-август айлырында жетет. Алтай тибиндеги дарыялар негизи орточо толуу аймактардын мезгилдик кары эриши менен азыгышат. Мындай дарыялардын көлөмү жазында көбөйөт, ар кандай бийиктиктерде кар өз маалында эригендиктен суу ташкыны чоюлат. Жайында бул дарыялардын агымы азаят.
Көлдөр.
Кыргызстанда 1923гө жакын көл, алардын жалпы аянты 6836 км² түзөт. Көлдөрдун көпчүлүгү бийик тоолу, деңиздин деңгээлинен 2500 метрден 4000 метрге чейин жайгашкан. Көлдөрдүн пайда болушунун негизги себеби ― мөңгүңгүлөрдүн эриши. Өлкөдө үч ири көл: Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл.
Деңиздин деңгээлинен 1609 м жайгашкан Ысык-Көл — дүйнөнүн тереңдиги боюнча жетинчи орунда. Ысык-Көл Күңгөй Ала-Тоо (түндүк жагынан) жана Тескей Ала-Тоонун (түштүк жагынан) аралыгында жайгашкан. Көлдүн түндүк жагында көптөгөн пансионаттар, санаторийлер жана саякаттык базалар бар.
Ысык-Көлдөн чыгыш тарапка 105 км алыстыгында бийик тоолу Мерцбахер көлү жайгашкан. Түндүк Эңилчек менен Түштүк Эңилчектин мөңгүлөрүнүн бириккен жеринде тапса болот.
Суу сактагычтар.
Суу сактагычтар Кыргызстандын рельефине чоң таасир эткен. Өлкөдө 34 суу сактагыч саналат. Кыргызстандын алгачкы болгон Орто-Токой суу сактагычы 1956-жылы Чүй дарыясында курулган. Токтогул суу сактагычы — республиканын эң ири суу сактагычы, 1974-жылдан бери колдонулат.
Флора жана фауна.
2017-жылдын башына карата токойлор өлкөнүн аянтынан 3,5% түзүшөт (7041 км²).
Кыргызстанда түтүкчө өсүмдүктөрдүн 4 миңден ашык түрү бар. 2000—2500 м бийиктигиндеги сейрек токойлордо ар түрлүү өсүмдүктөр өсүшөт.
Жаныбар дүйнөсүсүндө омурткалуу жаныбарлардын түрлөрү 500 ашат (анын ичинде канаттуулардын 335 түрү жана балыктардын 49 түрү) жана курт-кумурскалардын 3 миң түрү, көбү сейрек болгондуктан Кызыл китебине киргизилген. Тоо өрөөндөрүндө түлкүлөр, бөрүлөр, жана сары чычкан (суслик) сыяктуу майда сүт эмчүүлөр бар. Тоо дарыялары жилингирге (форель) мол. Негизи бийик тоолу аймактарда жашаган илбирс, мурда өлкөнүн көпчүлүк аймагында болгон, эми популяциясы чектелген. Айгүл гүлү — Кыргызстандын түштүк аймагынын эндемиги.
Алгачкы жолу Кыргызстандын жоголуп бараткан жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн СССРдин Кызыл китибине 1978-жылы киргизишкен. Эмки жылдары тизме кеңейип жана кырылуу коркунучу бар болгон түрлөрү тууралу маалымат көбөйүп жаткан. Ошондо, 1985-жылы Кыргыз ССРдин Кызыл китеби жарыкка чыккан. Андан кийин 2006-жылы ал Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби катары кайрадан жарык көргөн.
Өзгөчө корголучуу жаратылыш аймактар.
Кыргызстанда ар кандай статустагы 88 өзгөчө корголучуу жаратылыш аймак (ӨКЖА): жаратылыш коруктар, жаратылыш сейил бактар, өзгөчө коруктар, биочөйрөлүк аймактар жана башкалар. ӨКЖАнын жалпы аянты 1 476 121,6 га, же 14 761,21 км² (республиканын аянтынан 7,38 %) түзөт.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда: 10 жаратылыш корук; 13 жаратылыш сейил бак; 64 өзгөчө корук; 1 биочөйрөлүк аймак.
1959-жылы түзүлгөн Сары-Челек мамлекеттик биочөйрөлүк коругу 1979-жылы жана 1998-жылы түзүлгөн Ысык-Көл биочөйрөлүк аймагы 2001-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен дүйнөнүн биочөйрөлүк резерваттардын катарына киришкен. Ошондой эле өлкөнүн дүйнөлүк маанидеги корук аймактары бар: 1976-жылы Ысык-Көл жаратылыш коругу жана Ысык-Көл, Каратал-Жапырык коругуна таандык Чатыр-Көл (2005-жылы) менен Соң-Көл (2011-жылы) Рамсар конвенциясынын суу-саз жерлердин эл аралык тизмесине киришкен.
Мамлекеттик түзүлүш.
2021-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган конституцияга ылыйык Кыргыз Республикасы ― эгемендүү, суверендүү, демократиялык, укуктук, мамлектеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Конституцияда башкаруу формасы жазылган эмес, бирок ченемдерине ылайык — президенттик болуп саналат.
Мыйзам чыгаруу бийлиги.
Жогорку Кеңеш ― Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигинин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган. Кыргызстандын 2010-жылкы конституциясы боюнча Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн. Азыркы учурда 2015-жылы 4-октябрда шайланган Жогорку Кеңештин VI чыкырылышы ишин жүргүзүп жатат. Бул чакырылыштын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 4-октябрнда шайланган жаңы чыкырылыштын депутаттарынын ант берүүсү менен бүтмөк. Бирок, октябрь айындагы массалык нааразылык акциялар үчүн ал кездеги президенттин ― Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын шайлоосун 2021-жылдын күзүнө жылганына алып келген. Ошентип, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы конституция менен каралган иштөө мөөнөтүн ашып кеткен.
Президент.
Президент ― мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ички жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат.
Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.
Президент катары 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам президенттикке талапкер болуп каттала алат. Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Президент кызматына киришерде Кыргызстандын элине ант берет, өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу ар кандай аракеттерин токтотот.
2021-жылдын 10-январында акыркы өткөн президенттик шайлоосунда Садыр Жапаров президент болуп шайланган. Мурдагы ― Сооронбай Жээнбеков, 2020-жылы болгон нааразылык толкундар айынан отставкага кеткен.
Административдик-аймактык түзүлүш.
Административдик-аймактык бирдиктердин катарына шаар, район, облус жана айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турган административдик-аймактык бирдик) киришет. Кыргызстан административдик-аймактык карашында 7 облус жана 2 республикалык маанидеги шаарга (Бишкек, Ош) бөлүнөт. Республикалык маанидеги шаарлардын райондору өз алдынча административдик-аймактык бирдиктер катары эсептелинбейт.
Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:
Куралдуу күчтөр.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү — мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм.
Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү анын аймагында жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун Түркстан аскердик аймагына таандык аскер бөлүктөрүнүн 1992-жылдын 29-майында юрисдикциясына өтүшү менен негизделген.
Кыргызстандын конституциясына ылайык Кыргызстандын куралдуу күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган баскынчылык учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Аскерди мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынган.
Куралдуу күчтөр төмөнкүлөрдөн турат:
Калк.
Кыргызстандын калкы 6,7 миллиондон ашат. Бул өлкөдө 1959-жылда (2 065 000), 1970-жылда (2 935 000), 1979-жылда (3 523 000), 1989-жылда (4 258 000), 1999-жылда (4 823 000), 2009-жылда (5 362 793) жашагандардан караганда бир кыйла көбүрөөк. 2015-жылдын 25-ноябрнда Кыргызстандын калкы 6 миллион адамга жетти.
Туруктуу калктын көпчүлүгү республиканын түштүк аймактарында турат — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары ( 3,4 млн жашоочу же республиканын калкынан 53 %), алардын тургундары негизи Фергананын кыргыз бөлүгүндө турушат. Дагы калктын бир кыйла бөлүгү Чүй өрөөнүндө жашайт (Чүй облусу жана Бишкек шаары; 1,9 млн жашоочу же республикасынын калкынан 31 %).
2019-жылы турукту калктын 34 % шаарларда, 66 % айыл аймактарда жашаган.
2021-жылдын башына карата туруктуу калктын 34,6 % эмгекке жөндөмдүү жашка чейинкилер түзгөн, 57 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылар, 8,2 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылардан улуулар. Калктын орточо курагы аз-аздан өсүп жатат, 2020-жылдын башына карата 27,8 жаш түзгөн, эркектер үчүн ― 26,8 жаш, аялдар үчүн ― 28,7 жаш.
Өлкөнүн калктын негизи — 4,89 млн ашуун адам бул кыргыздар, республикасынын бардык аймактарында жашашат. Саны боюнча экинчилер болгондор бул өзбектер — 0,98 млн ашуун адам, көпчүлүгү Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашашат. Үчүнчү орунду орустар ээлешет — 0,34 млн адам, негизи өлкөнүн түндүк аймактарында турушат. Башка улуттардын саны 100 миң кишиден ашпайт.
Тилдер.
Кыргызстандын мамлекеттик тили ― кыргыз тили, расмий ― орус тили. Кыргызстандын конституциясында кыргыз тилине карата «мамлекеттик тил», орус тилине карата «расмий тил» түшүнүктөрүн колдонушу Конституциялык палатасынын (2021-жылдан Конституциялык сот) чечиминде ачыкталган:Кыргызстандын калкынын этникалык көп түрдүүлүгүн жана тарыхый түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен, Конституция расмий тил катары орус тилин алдын ала караган.
«Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрү Конституциянын маанисинен алып караганда, жакын милдеттерди аткарышат, бирок окшош болуп саналбайт. «Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрүнүн терминологиялык кесилиштери, ушул эки тил тең мамлекеттик расмий баарлашуу, иш кагаздарын жүргүзүү, мыйзам чыгаруу жана сот өндүрүш тармактарында керектөөлөрдү камсыз кылгандыгы менен шартталган. Бирок, мамлекеттик жана расмий тилдер тарабынан аткарылып жаткан иш-милдеттердин көлөмү жана аларды колдонуу чөйрөлөрү айырмаланышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруучу расмий тилдин макамын аныктоодо, анын коомдук турмушта, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөлөрүндө колдонулушу, маанилүү себептер боюнча мамлекеттик тилди колдонуу татаалдыкты туудурган учурларда жүзөгө ашырылат деп белгилейт.
2020-жылдын Пушкин атындагы орус тилдин институтунун постсоветтик өлкөлөрдөгү (СССРдин мурдагы 15 республикасы) орус тилдин туруктуулук индекси изилдөөсүндө Кыргызстан Беларустан кийин экинчи орунду ээлеген. Индекс үч көрсөткүчтүн натыйжасында түзүлгөн, алар өз кезегинде башка көрсөткөчтүрдү камтышат:
СССРдин кулаганынан бери Кыргызстанда Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө караганда орус тилдин пайдалануу чөйрөсү кеңейип жатканы белгиленет. Башка факторлорду эсептебегинде бул көрүнүшкө Кыргызстандын Орусияга экономика жагынан көз карандыгы себептүү.
Ажайып жайлары.
Арсланбаб.
Арсланбаб — бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб — бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.
Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган — бул баарынан мурда анын жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору.
Бирок жемиштүү жаңгак токойлору — Арсланбабдын жападан жалгыз мактанычы эмес. Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен (ошондон улам жаңгактын бул түрү “грек жаңгагы” аталып калган дешет).
Сулайман-Тоо.
Сулайман-Тоо — батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу — 1140 м, туурасы — 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө болуп турат. Тоонун боорунда анын музейи да курулган. XVI кылымга чейин тоону "Бара-Кух", андан соң дээрлик XX кылымга дейре "Тахты-Сулейман" («Сулаймандын тактысы») деп аташкан.
Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Тоонун чокусунда «Тахты Сулайман» мечити (1963-жылы жардырылып жиберилген. Кийин сакталып калган материалдарынын негизинде 1991-жылы калыбына келтирилген), ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген «Рават-Абдуллахан» мечити — XVIII кылымдын эстелиги жана худжра имараты бар.
Сулайман-Тоодо «Чакка тамар» жана «Тепеүңкүр» үңкүрлөрү бар. Сулайман-Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт.
Жети-Өгүз.
Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо койнундагы капчыгай.
Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска — жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт.
Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.
Бурана мунарасы.
Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан.
Эң ар түрдүү максаттагы курулуштардын калдыктары шаарчанын ар кайсы жерлеринен табылат. Шаарчанын борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтукка окшоп кетет. Борбордук урандылардын чыгыш жагында Бурана мунарасы жайгашкан. Бул бышкан кирпичтен салынган мунара 10-11-кылымдардагы Орто Азиядагы архитектуралык курулмалардын эң мыктыларынын бири болуп саналат.
Таш-Рабат.
Таш-Рабат — бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат.
Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган.
Таш-Рабатты окумуштуулар 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан.
1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады.
Таш-Рабаттын курулуш тарыхы карама-каршылыктуу. Документтерге ылайык ал жергиликтүү башкаруучу Мухаммед хандын буйругу менен курулган. Бирок көп жашаган карылар башка уламышты айтып, калтырышкан: “Таш-Рабатты атасы менен уулу курган. Курулуш аяктап калган кезде, куполго гана акыркы ташты коёрдо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Атасы болсо: “адегенде жумушту бүтүр, балам!” — деп айтат. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Көрсө, кербен менен кошо айчырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Таш-Рабат ошол бойдон жабуусу жок турат”.
Нарын облусунда мына ушундай адаттан тыш архитектуралык эстелик бар. Таш-Рабаттан кызыктуу жол жүрүп, ашуу ашып, бийик тоодогу дагы бир кооз көлгө — Чатыр-Көлгө барса болот.
Сары-Челек.
Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты — 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.
Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.
Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.
Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.
Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур.
Транспорт.
Аба майдандар.
Кеңештер мезгилинин аягында Кыргызстанда 50гө жакын абабекет жана учуу-конуу тилкелери бар болчу, алардын көпчүлүгү негизинен Кытайга жакын жайгашкан чек ара аймагындагы аскердик максаттар үчүн курулган.
Темир жол байланышы.
Коңшу өлкөлөр менен темир жол байланышы:
Жолдор.
Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жакында түндүктү жана түштүк-батышты байланыштырган Бишкектен Ошко маанилүү жол аяктап калды. Бул өлкөнүн эки негизги калктуу пункттарынын — түндүктөгү Чүй өрөөнүнүн жана түштүктөгү Фергана өрөөнүнүн ортосундагы байланышты кыйла жеңилдетет. Бул жолдун кесиндиси узундугу 3500 метр болгон ашуудан кийин түндүк-батышта Талас өрөөнүнө бөлүнүп чыгат.
Тышкы шилтемелер.
Жалпы маалымат.
kyrgyzinfo.ru | wiki | {"id": "1031", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1031", "title": "Кыргызстан"} |
Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдери курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан Республикасында Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009-жылы өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул Кыргызстан калкынын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй алышат дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 6 700 000 адам сүйлөйт.
Тарыхы жана бөлүнүшү.
Кыргыз тилин шарттуу түрдө
Байыркы кыргыз тили.
Көпчүлүк окумуштуулардын (Б. Б. Радлов, В. Томсен, С.Е. Малов, М.Е. Массон, И.А. Батманов ж. б.) пикиринде Хакасиядагы, Тувадагы, Тоолуу Алтайдагы, Моңголиядагы, Таластагы, Кочкордогу жазуу эстеликтеринде сакталып калган жазуулар б. з. ч. 3 к. - б. з. 10-11-кк. чейин кыргыздар колдонуп келген тил болуп эсептелет. Бирок аталган тил андан мурунку доорлордо кезигерин унутпашыбыз керек. Мисалы, кийинки түркологдордун кээ бири (кара: Дроздов Ю.Н. Тюркская этнонимия древнеевропейских народов. М., 2008) сактардын тили дагы түрк (кыргыз) тилине жакын экендигин далилдеп жатат. Бул жерде «түрк» деген сөз жалпылама мааниде колдонулуп жүрүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек (кара: Кононов А.Н. Опыт анализа термина «турк». //СЭ. № I, 1949). Ал эми байыркы кытай маалыматтарында сакталып калган хунндардын 20 чакты сөзүнүн (мисалы, ch’eng-li - «көк» = «асман»; hiep-hō - χiәp-γәu = «йабгу», «жабгу»; eu-ta - wo-lu-to, ao-t’ot = «ордо», «кынгырак» - байыркы түрк. kɨŋrak = эки миздүү ийри бычак) уңгусу түрк тилине келип такалат. Демек, кыргыз тилинде колдонулган жазуулар Орхондогу жазуу эстеликтеринен эрте пайда болуп, кийин архаикалык мааниде айрым фонетикалык, грамматикалык, структуралык өзгөрүүлөргө ээ болушу мүмкүн. Орхон түрктөрү өз жазуу системасын түзүүдө байыркы кыргыздардын жазуу маданиятындагы тажрыйбаны пайдаланышкан (Шилтеме керек). Бул жазуу системасы ошол учурдагы кыргыздар пайдаланган тил катары мамлекеттик иш-кагаздарынын, дипломатиялык алакалардын талабына толук жооп берген дешке болот.
Орто кылымдардагы кыргыз тили.
10-кылымга чейин саясий-согуштук кырдаалдар, согуштук аракеттер, миграциялар, кыргыз тилинин эволюциялык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу өз алдынча изилдөөлөр азырынча жүрө элек. Бирок Махмуд Кашгариде Киркиз, Кифжак, Угуз, Тухси, Йагма, Жикил, Уграк жана Жаруктардын тили – бир, таза түрк тили [туркиййя мах̣д̣а луг̣а вāх̣ида] экенин, Йамак менен Башгирт тили аларга жакын экени эскертилет. Ошону менен эле бир катар «бардык Йагма, Тухси, Кифжак, Йабаку, Татар, Кай, Жумул жана Огуздар «з» тыбышын «й» менен алмаштырып салышарын, башкача айтканда бул топтогулардан башкалар (анын ичинде кыргыздар дагы) кайыңды (жыгач, бак) «казиң», кийизди «кизиз», кездеменин кыйыгын (кыйык) «кузук» деп сүйлөөрү белгиленген. Негизи окшоштугу жагынан Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө колдонулган сөздөр дээрлик азыркы кыргыз тилинде, эң эскилерин алиге чейин түштүк кыргыздары колдонорун белгилөөгө болот. Мисалы, Махмуд Кашгариде «курум» – «аска-таш», «амаж» – соко. Азыркы учурда жергеталдыктар үйүлүп калган шагыл ташты курум дешсе, жалпы түштүктө сокону амач деп аташат. Бирок байыркы Энесайлык кыргыздардын жазуу тили азыркы кыргыздардын тилине тийгизген таасирин так кесе айтууга болбойт. Мисалы, кээ бир окумуштуулар (кара: Петров. К.И. Очерки происхождения киргизского народа. Фр., 1963) «XIII-XV кылымдарда Тянь-Шанда калыптанган тилдин моңголдордун чабуулуна чейинки (XIII кылымга чейинки)Тянь-Шанда жашаган калк жана енисейлик кыргыздарга тиешелүү тилге жатпагандыгын» баса белгилеген. Кыргыз тилинин моңголдордун чабуулуна чейин өзгөрүүгө учураганын академик Болот Жунусалиев (Юнусалиев) дагы көрсөтөт. Мисалы, «кыргыз-алтай тилинде лексика, фонетика жана морфологиядагы окшоштуктардан тышкары кыргыздын тагай, адигине уруулары колдонуп, бирок ичкиликтерде кезикпеген өзүнчө сөз тобу бар. Алар мындай: «сонун», «белен», «каалга», «унаа», «керээз», «арга», ж. б. Эми, биринчиден, бул сөздөр моңгол тилине кирген бардык тилде (анын ичинде жазуу тилинде да) кезигет; экинчиден, кыргыздын жогоруда көрсөтүлгөн урууларынан башка азыркы алтай, тува, кээде хакас тилинде да жолугуп, бирок булар менен уялаш башка элде колдонулбайт. Бул эмне дегендик? Мындай сөздөрдүн жалпы ортоазиялыктарда жана батыш түрк тилинде жолукпай, моңгол тилинде гана кезигип, кыргыздар менен алтайлыктар аны моңгол тилдүү элден кабыл алуусу төгүнгө чыкпай турган далил болуп эсептелет. Анда, алар аны качан, кайсы жерде кабыл алган деген жүйөлүү суроо туулат. Кыргыздар аны Орто Азияны моңголдор каратып алган мезгилде кабыл алды дешке негиз жок, эмне үчүн дегенде, ал сөздөрдү (жок дегенде кээ бирин) казак, өзбек, уйгур, тажик, түркмөн же башка элдер да кабыл алышы керек болчу. Моңголдор аларды да басып алган. Ошондуктан адигине жана тагай уруулары аталган сөздөрдү кыргыздар алтайлыктар менен алардан мурда аралашып, саян-алтай бөксө тоолорунда жүрүп кабыл алган деген тыянак чыгат. Ал эми мындай сөздөр ичкиликтердин диалектисине кирбей калышы – ичкиликтер ал туугандарынан өтө оолакта калганын, же кыргыз эли моңгол тилин сөзүн кабыл алып жүргөн мезгилде алардын алыскы түштүк-батыш чегинде калышканын далилдейт. Бул фактылар башка фактылар менен да түз байланышып турат» (кара: Юнусалиев Б.М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка.“Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР”, 1956, вып. VI). Соңку ислам дининин таасири менен кыргыздар араб арибин пайдаланууну өздөштүрүшкөн. Дал ушул мезгилден кыргыз тилине ислам дининин, кошуна жашаган түрк-иран тилдүү элдердин таасири астында иранизм, арабизм лексикалары кире баштаган. Ошол мезгилден тартып, азыркы Кыргызстанда 1928 ж. чейин, Кытайдагы кыргыздарда азыркы учурда дагы кыргыз тилинде жазуу араб арибин колдонуп жүргүзүлгөн.
Айрым изилдөөчүлөрдун тыянагы (Н.А.Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери өз алдынча өнүгө баштаган.
Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин өз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар өз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.
Азыркы кыргыз тили.
Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-кылымда Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде өз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда өз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу өз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык. К.Тыныстанов, И.Арабаев, Б.Солтоноев ж.б. илим адамдары өз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1940 жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу Кыргыз тилин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген.
Ариптери.
Кирилл жазуусу расмий түрдө Кыргызстанда колдонулат.
Араб жазуусу расмий түрдө Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна кирген Кызылсуу-Кыргыз автоном облусу, Или-Казак автоном облусу, Пакистан жана Ооганстанда колдонулат.
Кыргыз Брайль алфавити
Араб ариби 1927-жылы латын арибинин негизинде түзүлгөн алфавитке өткөнгө чейин колдонулган. Учурда араб ариби Кытайда колдонулат. Латын ариби Кирилл арибине алмаштырылганга чейин 1930-жж. Советтер Союзунда колдонулган. Кыргыз кирилл ариби Кыргызстанда колдонулат. 36 тамгадан турат: 33 орус алфавитинен, жана кошумча кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык 3 тамга: Ң, Ү, Ө.
Азыркы кыргыз тамгалары.
1940 ж. орус арибинин 33 тамгасынын негизинде, ө, ң, ү, кыргыз тамгалары кошулуп, жалпысынан 36 тамга болуп түзүлгөн.
Кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет. | wiki | {"id": "1033", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1033", "title": "Кыргыз тили"} |
Кара сөз — топоними.
Чыгарманын ыр түрүндөгү эмес, жөнүнчө, кадыресе сүйлөө түрүндөгү формасы же анын тили. | wiki | {"id": "1034", "revid": "40935", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1034", "title": "Кара сөз"} |
Дин — араб тилинен келген сөз лексикалык жактан: акыбет, жаза, өкүм, саясат, баш ийүү, сыйлык, улут, шарият сыяктуу бир топ маанилерге барып такалат.
Илимде.
Адамдын жана адамдардын аң-сезиминде, кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда, иш-аракеттеринде өзгөчө таасирге ээ рухий көрүнүш; 1) табынуу, сыйынуу объектиси болуп саналган табияттан тышкаркы күчтөргө (Кудайдын кудуретине, арбактарга) берилип ишенүүгө негизделген түшүнүмдөр, ишенимдер, элестер, аң-сезимдер жыйындысы; 2) адам менен Кудайдын (же табияттан тышкаркы күчтөрдүн) ортосундагы мамилелер системасы, санжабы; 3) ишенимдердин, таатибадаттардын, табынуу-сыйынуулардын маңызын билдирген жалпы атамасы.
Теологияда.
Кудайды аңдап билүүгө, анын чексиз улуу кудуретине терең ынаным менен таанууга алып баруучу бирден бир жол; адамзат түзгөн илим-билим түрлөрүнүн эч бири Кудайды аңдоого, анын кудуретин таанууга жана түшүнүүгө жөндөмсүз делет.
Атеизмде.
Бир же бир нече кудай бар, табияттан тышкары кереметтүү илимге кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Дин түшүнүгүнө диний мекемелер (мечит, чиркөө, буткана жана башка) жана диний кызматкерлер (бакшы, поп, молдо жана башка) да кирет. Анын белгиси реалдуу дүйнөдөн тышкары сырдуу күчтөр бар экенине, аңдабастан, сокур ынануу; табияттагы же коомдогу кадыресе эле көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, байланыштардын, мыйзамченемдердин аңсезимде укмуштанып, теңирден тескери чагылышы («адамдардын башында, алардын күнүмдүк турмушунда үстөмдүк кылган сырткы күчтөрдүн фантастикалык чагылуусу жердеги күчтөр, жердик эмес формага ээ болгон чагылуу» Ф. Энгельс). Диндин тарыхта белгилүү алгачкы түрлөрү: магия, тотемизм, фетишизм, анимизм дагы ушул сыяктуу. Тарыхый өнүгүү формалары: уруулук, улуттук-мамлекеттик (этностук), дүйнөлүк (буддизм, христиан, ислам). | wiki | {"id": "1035", "revid": "449524", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1035", "title": "Дин"} |
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата). | wiki | {"id": "1036", "revid": "32161", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1036", "title": "Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы"} |
Гагра - Грузиянын Абхазия автономия республикасынын Гагра районунун борбору, Кара деңиз түндүк-чыгыш жээгинде жайгашкан курорт, порт шаары. | wiki | {"id": "1037", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1037", "title": "Гагра"} |
Медицина, эмчилик — адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында соо жана оорулуу адамдын организминдеги өтүп жаткан процесстерди изилдөөгө, ооруларды алдын алууга, дарылоого багытталган илимий жана практикалык иштердин тармагы. Адамзаттын илимий жана практикалык ишинде медицина көрүнүктүү орунду ээлейт. Ар бир адам өзүнүн ден соолугун сактоого, коргоого же кокусунан ооруп калса таза сакаюуга ынтызар. Медицина өзүнүн көп жылдык тарыхында бараандуу жетишкендиктерге жетишти. Азыркы мезгилде диагностикалык, профилактикалык жана дарылоо каражаттары менен адам өмүрү сакталып, мурда айыкпаган ооруларды айыктырууда. Бирок али да болсо медицина түпкү максатына жете элек. Медицинанын өнүгүү деңгээли, мазмуну, абалы турмуштун материалдык шартына, коомдук түзүлүшкө, маданияттын жалпы деңгээлине жараша болот. Медицина өзүнүн өнүгүшүндө биология, физика, химия илимдери менен тыгыз байланышта. Ал өзүнүн басып өткөн көп жылдык тарыхында ооруну дарылоо, алдын алуу, анын пайда болуу себептерин табуу, ден соолукту сактоо жана коргоо чараларын жүргүзүү менен көптөгөн тажрыйбага жана билимге ээ болду.
Медицинанын тармактары: | wiki | {"id": "1039", "revid": "456171", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1039", "title": "Медицина"} |
Дүйнөдөгү 205 мамлекетти Бириккен Улуттар Уюмунуна мүчөлүгүнө жараша үч категорияга бөлүүгө болот:
Мамлекеттүүлүктүн эл аралык укуктук стандарттары — 1933-жылы Монтевидео конвенциясында бекитилген мамлекеттүүлүктүн декларативдик теориясы болуп саналат.
Конвенцияда мамлекет эл аралык укуктун төмөнкү квалификациясына ээ болушу зарыл: | wiki | {"id": "1040", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1040", "title": "Мамлекеттердин тизмеси"} |
Философия – (грек.) даанышмандыкты сүйүү.
Философиянын бул аныктамасы анын алгачкы маанисин чагылдырып турат:
Даанышмандык – тактап айтсак, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнүү.
Философия чыныгы дүйнөнүн жана андагы адамдын ээлеген оордун эң алгач изилдеген жана аныктаган илимдин бир тармагы катары пайда болгон болмуштун чектерин таануу.
Философия - маданияттын кандайдыр бир өсүп жетилген деңгээлинде, адам өзүн дүйнөдөн айрып (мен, мен эмес), аң-сезимдүү жан катары өзүнүн иш-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин таанууга аракет кылып, талдоо жүргүзүп баштаганда алып пайда болот. Бул дүйнөгө болгон аңдап таануу жана теоретикалык мамиле кылуу жолу. Андан сырткары, философияда дүйнөгө, өзүнө, өзүнүн билимине рационалдык - сын көз караштуу мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүн дагы каралган.
Адам өзүнүн билими чектелүү экендигин түшүнгөндө, ал ага тартылып баштаганда, даанышмандыкка болгон сүйүү – философия жаралат.
Философ – бул өз билим деңгээлине канааттанбаган адам.
Бул суроого жооп берерден мурда акылдуу адам менен акылман адамдын ортосундагы айырмачылыкты билишибиз зарыл. Акылдуу адам – көп билим алып, акылың кеңейткен адам, бул процесс төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейинки убакытты камтыйт, башкача айтканда мээ "сиңирүү" процесси. Акылман адам – бул табияттан же адам төрөлгөндө эле кан менен кошо берүлүүчү сапат. Философ – бул кыргызча акылман адам. Акылдуу адам эч качан акылман адам боло албайт. "Философ болуп калыптанбайт – философ болуп жаралат" Сократ.
Философия көнүмүш болуп, кылымдар бою калыптанып калган түшүнүктөргө макул болбой, алардын шексиздигинен күмөн санап, жаңы түшүндүрүү, жаңы билим, издөө керек деген ой жаралгандан башталат. Сократ: “Мен эч нерсе билбестигимди билем, бирок, калгандар аны дагы билишпейт”- деп айткан.
Философия өзүнүн болмушундагы эң негизги суроолорго жооп издөө жана табуу катары каралат. Философия даанышмандыкка болгон сүйүү, туура жана акылдуу жашоо катары.
И. Кантын айтканына ылайык, философия “адам деген эмне” суроосуна жооп бериш үчүн:
Дүйнөтааным жеке турмуштук жагдайлардын шарттары жана маданияттын таасири алдында калыптанат. Философиянын максаттары: дүйнөтаанымды системалаштыруу, б.а. тартипке келтирүү, байланыштарын тактоо, дал келишпөөчүлүктөрдү табуу, башкыны жана кадыресени айырмалоо. Философия, дүйнө тааным катары, адамдын жаратылыш менен эриш-аркак жашоонун ыргагын табууга жана өзүнүн жашоого болгон көз карашын аныктоого жардам берүү.
Философиянын жыйынтыктоочу аныктамасы: Философия – дүйнөнү түшүнүү мамилесинин бүтүн системасы.
Философиялык билимдин кеңири системасы буларды камтыйт:
• Жалпысынан дүйнө, аны кыймылдаткан глобалдуу күчтөр, анын негизги уюшуу мыйзамдары жөнүндө – бул онтология (ontos - болмуш).
• Адам, анын жаратылышы жана жашоодогу иш-аракеттеринин уюшулушу жөнүндө – бул антропология (antropos - адам).
• Тааным, анын негиздери, мүмкүнчүлүктөрү жана чектери жөнүндө окуу/илим – бул гносеология.
• Коом жана адамзаттын тарыхы жөнүндө, адамзатын жалпысынан караган окуу/илим – социалдык философия.
• Баалуулуктардын жаратылыш жөнүндө окуу – бул аксиология.
Өзгөчө тармак – бул философиянын тарыхы. Анткени көбүнчө философиялык маселелер аларды чечүүгө болгон мурунку аракеттердин тажрыйбасынын контекстинде каралат. Эреже катары, философтордун эмгектеринде баардык эле бөлүмдөр бирдей тегиз берилген эмес. Андан сырткары, маданияттын тарыхый учурларына байланыштуу тигил же бул бөлүм алдыңкы оорунга чыгып турат.
Философия түшүнүгү дүйнө таанымдын түркүмү катары
Уламыш, дин, философия – дүйнө таанымдын тарыхый түркүмдөрү: алардын жалпылыктары жана өзгөчөлүктөрү.
Уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы.
Дин орто кылымдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин, философиялык дүйнөтаанымдын негизи катары. Философия – дүйнөнү рационалдык түшүнүү.
Ушуларды жыйынтыктаганда: дүйнөтааным – бул адам баласына аны курчаган дүйнөдө багыт табууга мүмкүнчүлүк түзгөн татаал, карама-каршылыктарынын биримдиги болгон окуулардын, баалуулуктардын, эмоциялардын, эрктин, түшүнүктөрдүн, ишенимдердин жана күмөнчүлүктөрдүн биримдиги.
Дүйнөтаанымдын өзөгү болуп билим таанылат. Ушул көз караштан алганда, дүйнөтааным кадимки, адистик жана илимий болуп бөлүнөт.
Философиянын тарыхы.
Доорлордун алмашышы жана алардын бири-бирине көргөзгөн өз ара таасирлери төмөнкү жадыбалда берилген. | wiki | {"id": "1467", "revid": "361857", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1467", "title": "Философия"} |
Музыка — дүйнөнү үн жана көркөм образдарда чагылдырган искусствонун бир түрү. | wiki | {"id": "1488", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1488", "title": "Музыка"} |
Тоголок Молдо (нукура ысымы — Байымбет, 1860-жылы—4-январь 1942-жылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргыз жазма акын жана манасчы.
Өмүр баяны.
Тоголок Молдо — 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасы Абдыракмандан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да, дал ошол Тыныбек болгон.
Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.
– деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган.
Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын 1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра баштан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.
Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замандаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун өзү да тарых үчүн зор табылга десек болот.
Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай сыяктуу чыгыштын улуу акындарынын чыгармалары менен жакшы тааныш болгон жана кыргыздын оозеки чыгармалары менен жана мифтик түшүнүк, ишенимдерден кабардар болот. Эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшырган. Ошондой эле эл кыдырып кыргыз тарыхын, санжыраларын жыйнап жазган.
Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Өмүр уулу Чоюке, Тойчубек уулу Алмабек, Абдыракман уулу Ыбырайым, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек болгондуктан аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.
Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон.
Чыгармалары.
”Кемчонтой”, “Куштардын аңгемеси”, “Жер жана анын балдары”, “Эшек жана булбул”, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “Үрпүкан”, “”Арман жаш”, “Эркек жана аялдын сыры”, “Кара көз”, “Ак келин”, “Армияга арнайлы”, “Биз даярбыз”, “Жетишкенбиз, жеңебиз”, “Өскөн чак жана кайраттуу күн”, “Насыят”, “Телибай тентек”, “Жети таз менен жеке таз”, “Кемпир чал”, “Бабырган”, “Каркыра менен түлкү”, “Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы”, “Кыз Кенжекенин арманы”, “Чалга берген кыздын арманы”, “”Аткантаң менен Сүйгөнбай”, “Аялдар азаттыгы”, “Тарых жана түпкү аталар”, “Кыргыз тарыхы”, “Уруунун бөлүнүштөрү”, “Жаңыл Мырза”, “Шырдакбек”, “Эр Эшим”, “ Тайлак баатыр”, “Мендирман”, “Жусуп менен Зулайка”, “Козу менен көрпөштөй”, “Фархад менен Ширин”, “Боз жигит менен Жамал”, “Музыкантчылар”, “Ийнелик менен кумурска”, “Пил менен кандек”, “Коркок коён”, “ Бөрү менен түлкүнүн достугу”, “ Кожонун аңгемеси” ж.б. | wiki | {"id": "1492", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1492", "title": "Тоголок Молдо"} |
План:
1Антропологияны жалпы тарыхый корунушу
2Антропология прелмети жана анын илимдеги орду
3 Антропологияны методу жана функсиясы
Антропология-(грек тилинен "anthropos" - адам, "logos" - илим) - дүйнөнүн ар кайсы жеринде тарых боюнча жана азыркы күндө жашап жаткан адамдардын(адамдардын топторунун) изилдениши. Бул илим тармагы адамдарды айырмалаган жана окшоштурган ар кандай маалыматтарды топтоп,өндүрүүгө аракет кылат. Антропологиянын төрт негизги бутагы бар.1)Физикалык 2)маданий 3)социалдык 4)археологиялык антропология.Физикалык антропология кишинин биологиялык организм катары карайт,бул багытта кишинин эволюциялык өнүгүүсүн колго алат, инсан түрүнүн илгертеден азыркы күнгө чейинки биологиялык өзгөрүүлөрүн изилдейт. Маданий,социалдык антропологдор болсо өткөн мезгилдердеги жана азыркы убактагы адамдардын маданиятын изилдөө менен алек болушат.Ал эми археологдор өткөн маданияттардан калган заттарды,буюмдарды,нерселерди, сөөк жана адамдар,адам топтору жашаган аймактарды буюмдарды изилдеп, өткөн мезгилде жашап, жазылуу маалымат калтырбаган адамдардын маданияттары тууралуу маалымат,билим чогултат. Тилчилер (лингвисттер), маданияттарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн коммуникация системасы болгон тилди изилдешет. Ар бир антропология тармагы ар башка изилдөө ыкмасына ээ болсо дагы, баары биригип бир антропологиялык көз карашты түзүшөт.
Колдонгон ыкмалары жагынан биологиялык жана социалдык илимдердин катарына кирет.Бирок адамдын социалдык өзгөчөлүгү антропологдорду тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки өнүгүү тарыхын, байыркы миграциялар, расалык типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мисалы:байыркы түрк доорундагы краниологиялык материалдар аркылуу Теңиртоодо жашаган адамдардын, Түштүк Сибирь м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, а-нын маданий а-я,этностук а-я,популяциялык а-я,экологиялык а-я,палеоантропология, физиологиялык а-я деген тармактары да бар.
Антропологиянын өнүгүүсү.
Антпропологиялык тармакта чоң мааниге ээ болгон эмгектер байыркы замандарга барып такалат. Мисал катары, Грек тарыхчысы Геродоттун 2500 жыл, Афкрикалык имимпоз Ибн Халдундун 700 жыл мурда жазган инсан топторунун (жамааттарынын,коомдорунун) маданияттарын салыштырган чыгармаларын алса болот. Ошондой эле Орто Азияда Махмуд Кашгаринин эмгектери дагы антропологиялык мааниге ээ. Бирок, антропологиянын өзүнчө билим катары бөлүнүп чыгышы жана өнүгүп баштоосун салыштырмалуу түрдө жаңы болуп эсептелет. Эгерде инсан өзүн жана башка инсандарга, жана да өздөрүнүн келип чыгышына, ошондой эле башка инсандардын келип чыгышына кызыкса эмне себептен антропология системалык түрдү илимий дисциплинага айлануусу мынча көп убакытты талап кылды?
Себеби, кайсы бир деңгээлде инсандардын технологиялык жактан чектелүү болуусуна байланыштуу. Тарых боюнча узак мөөнөт ичинде инсандардын географиялык кыйыры чектелүү болгон. Узактагы инсандарды жана алардын маданиятын изилдөөгө көптөгөн күч, убакыт талап кылынып, байланыш курал жана каражаттарын өнүктүрүү менен гана мүмкүн болгон.
Антропологиянын өнүгүүсүнө салым кошкон дагы бир фактор, бул Европалыктардын, башка жерлердеги инсандар менен баардык айырмачылыктарына карабастан негизги бир "инсандык" фактысын кабыл алуу болду. Мурда болсо өз маданий негиздерине (Европалыктардын) окшобогон инсандарга "примитивдүү (артта калган/алгачкы доордогу)", "варвар" же "жапайы" деп атап, убакыт өткөн соң ар түрдүү (инсан) топторду бир түргө (жаныбар түрүнө) тиешелүү экенин кабыл алышты. Инсандардын көп түдүүлүгүнө болгон күндөн күнгө көбөйгөн кызыгуу, өзгөчө жаратылыш мыйзамдарынын илимий тил менен ачыктоого аракет болуп жаткан убакта, ыйык китептердеги салттуу түшүндүрмөлөрдүн жетишсиз экенин көрсөттү. Жыйынтыгында баардык бул жагдайлар антропологиянын төрөлүшүнө даярдык болду. Антропология Европа маданиятынын ичинен келип чыкса дагы бүгүнкү күндө ааламдык деңгээлде таркаган.
Антропологдор дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүнөн болуп, дүйнөлүк деңгээлде, ар кандай маданияттар жөнүндө изилдөө жүргүзөт. | wiki | {"id": "1496", "revid": "37721", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1496", "title": "Антропология"} |
Археология (грек тилинен "archaios" - байыркы, "logos" - илим) - адам баласынын байыркы тарыхын зат түрүндөгү булактар боюнча таанып изилдөөчү илим.
Археология- адамдардын өткөн турмушу жана оокат-тиричилигинен калган материалдык заттарды,буюм-тайымдарды изилдөөчү илим. Археология тарых илиминин эң чоң жана маанилүү тармагы. | wiki | {"id": "1497", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1497", "title": "Археология"} |
А ― 1) латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, анын ичинде кыргыз элинин алфавитиндеги биринчи тамга. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) кыргыз адабий тилиндеги кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) байыркы кыргыз (түрк) жазмасында ф сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мисалы, алогикалык логикасыз; асимметрия симметриясыз); 5) иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет. | wiki | {"id": "1498", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1498", "title": "А"} |
Адабият (араб - адептүүлүк, ыймандуулук) ― искусствонун сөз өнөрү менен ишке ачуучу, дуйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү. Бул түшүнүк кең мааниде бардык эле жазылган чыгармаларга карата колдонулат. Маселен,илимий адабият, техникалык адабият, медициналык адабият жана башка. Ал эми тар мааниде – көркөм чыгарма дегенди билдирет. Адабият адам жаралгандан бери эле жашап келет. Кыргыздарда термин катары бул сөз революциядан кийин тилибизге кошулду. Көркөм адабият – коомдук аң-сезимдин бир формасы. Анын өсүшү, өзгөрүшү ошол коомдук турмуш менен тыгыз байланыштуу. Искусствонун айрым түрлөрүндө, мисалы, сүрөттө ― боёк, бийде ― кыймыл-аракет, музыкада үн негизги курулуш материал болсо, адабиятта мындай кызматты сөз аткарат. Ошондуктан анда ар кандай идея, тема сөздүн жардамы аркылуу ачылат.
Адабият оозеки айтылса, анда ал угууга ылайыкталат, ал эми жазуу формасында болгондо окурмандык кабыл алууга ыңгайлашат. Адабиятта ар түрдүү тектер, жанрлар турмушту чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүнө ылайык аракеттенет. Ал адамдарга таануучулук, тарбиялоочулук, өстүрүп-өнүктүрүүчүлүк, эстетикалык рахат берүүчүлүк кызмат кылат да, ар түрдүү көркөм методдордо, агымдарда ар кыл өзгөчөлүктөргө ээ болот. “Адабият – элдин аң-сезими, жарыгы, жемиши, алардын жашоо турмушу” (В.Г.Белинский) болуу менен “адамтаануу” (М.Горький) катары элдин рухий турмушун дайыма коштоп келатат. Адабият - сөз өнөрү деп да айтылат.
1. Илимий, көркөм, саясий жана башка чыгармалардын жалпы жыйындысы, ар кандай китептер, журналдар ж.б.
2. Турмуштук кубулуштарды, окуяларды, көркөм чыгармаларды, образдарды сөз аркылуу сүрөттөп көрсөтүүчү искусствонун бир түрү, проза же поэзия түрүндөгү көркөм чыгармалар.
Булактар.
Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 | wiki | {"id": "1503", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1503", "title": "Адабият"} |
Алыкул Осмонов (21-март 1915-ж, Панфилов району, Каптал Арык а., Кыргызстан — 12-декабрь 1950-ж., Фрунзе ш., Кыргызстан) — кыргыз эл акыны.
Өмүр таржымалы.
Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.
14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928 – 1933-жж. окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат.
1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.
Алыкул 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн.
"Ленинчил жаш" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери", "Ата журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.
Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.
Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экендигин дагы көрсөттү. Пушкиндин "Евгений Онегин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле, бир нече драмаларды жаратты. Көптөгөн ырларына обондор жаралды.
Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:
"Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,"
"Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң", — дебесмин."
"Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,"
"Мага берсе, эки сабак ыр берсин."
Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.
"Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,"
"Узак, узак, узак болсун бул сапар."
"Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,"
"Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар."
"Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,"
"Толкун урса тайызына сүрүлбөйт."
"Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,"
"Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт."
Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги "Дүйнөлүк акындар" альманахына кирген.
Ошондой эле, анын чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайган.
Алыкулдун айрым чыгармалары табышмактуу сөздөрдү камтыганын байкоого болот. Профессор Осмонакун Ибраимов акындын табышмактуу сырлары боюнча бир катар пикирлерин айтып чыккан. Анын айтымында Алыкул Осмоновдун чечиле элек сыры — анын саясатка болгон мамилеси. Акын аттуунун баары жабыла партияны, Ленин менен Сталинди асман-айга теңеп ырдап жаткан мезгилде Алыкул дээрлик үн каткан эмес. Учур саясатын же жакшы, же жаман дебей, негизинен түбөлүктүү темаларды жазган.
"А бирок суроо туулат: Касым Тыныстанов атылып, кыргыздын нечен мыктылары дайынсыз жок болуп кеткен катаал заманды Алыкул укпадыбы, көрбөдүбү? Же көрсө да көрмөксөнгө салдыбы? Бул табышмактуу чоң суроо. Жок, көрсө Алыкул баарын көрүп, баарын сезиптир, нечен түйшөлүптүр, бирок бороон-чапкындуу каар заманды ачык публицистиканын тили менен эмес, Эзоптун тили менен, метафоранын тили менен, каймана образ жана салыштыруулар менен так да, даана да кылып ачып бериптир", — дейт професссор Осмонакун Ибраимов.
Айрыкча "Ата Журт" деген ырда Алыкул замандын портретин абдан эле элестүү жана жеткиликтүү кылып берген:
"Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,"
"Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…"
"Суугуңду өз мойнума алайын,"
"Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!"
"Жазда башка жел тийбесин абайла,"
"Көпкө турбас мобул турган сур булут."
"Бүт дартыңды өз мойнума алайын,"
"Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!"
"Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,"
"Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…"
"Азабыңды өз мойнума алайын,"
"Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!"
"Жазда башка жел тийбесин абайла,"
"Көпкө турбас мобул турган сур булут."
"Бүт дартыңды өз мойнума алайын,"
"Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!"
"Кыштын катуу", "жолдун кыйын" болуп турганы, "түндөр жаман", "жаз да башка" экендиги, заман оорлоп, асманды "сур булут" каптап тургандыгы — абдан күчтүү тартылган заман портрети, мезгил сүрөтү. Мактоо эмес, сындоо. Бул ыр 1948-жылы, башкача айтканда Сталиндик репрессиянын экинчи толкуну башталып жаткан кезде, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов "Манас" эпосу үчүн камакка алынып, саясат катуулап, заман чын эле сурданып турган кезде жазылганын эскерте кетели. Демек ал саясатты да жазган, бирок элчилеп ураалаган эмес, тескерисинче, абдан кооптонгонун, дагы кандай заман болуп кетет деп чочулаганын жогорудагыдай метафоралардын, символдордун, тереңге катылган коддордун тили менен жазган. Бул боюнча Осмонакун Ибраимов чыгармаларын терең изилдеп ушундай пикирге келген.
Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А.Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал ач колун сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Көзү өткөндөн кийин, 1964-1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984-1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду.
1988-жылы Бишкектеги №68 мектепке, 1990-жылы №9 китепканага акындын ысымы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп, тоо чокусу (4060м) жана бир кемеге Алыкулдун ысымы ыйгарылган. А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан. 1986-жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү "Алыкулдун Акбозат" поэзия майрамын уюштурган.
Сыйлыктары. "Ардак белгиси" ордени (1938-ж), "1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн" медалы менен (1946-ж) сыйланган. 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган.
Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен.
Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган.
Жарык көргөн китептери.
Кыргыз тилинде.
Таңдагы ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1935. - 127 б.
Жылдыздуу жаштык: Ырлар жыйнагы. Ф.: Кыргызмамбас, 1937. 62 б.
Чолпонстан: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. 96 б.
8-гвардиялык дивизия (түзүүчү). Ф.: Кыргызмамбас, 1942. 35 б.
Махабат: Ырлар. Ф.: Кыргызмамбас, 1945. 76 б.
Балдар үчүн: Ырлар. Ф.: Кыргызмамбас, 1947. 28 б.
Жаш акындардын ырларынын жыйнагы (түзүүчү). Ф.: Кыргызмамбас, 1947. 99 б.
Менин жерим - ырдын жери: Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1947. 80 б.
Жаңы ырлар: Ырлар жана поэмалар. Ф.: Кыргызмамбас, 1947. 86 б.
Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. 131 б.
Тандалмалуу ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1954. 264 б.
Ата журт: Жарыяланбаган чыгармалар. Ф.: Кыргызмамбас, 1958. 200 б.
Россия: Ырлар. Ф.: Кыргызмамбас, 1964. 16 б.
Чыгармалар жыйнагы: 3 томдук:
1-т. - Ф.: Кыргызстан, 1964. 64 б.
2-т. - Ф.: Кыргызстан, 1965. 660 б.
3-т. - Ф.: Кыргызстан, 1967. 670 б.
Балдар менен турналар: Ырлар. Ф.: Мектеп, 1965. 23 б.
Ырлар жыйнагы. - Ф.: Мектеп, 1965. 82 б.
Көл толкуну: Тандалган ырлар жана поэмалар. Ф.: Кыргызстан, 1972. 372 б.
Пионер ыры: Ырлар, поэмалар, котормо. Ф.: Мектеп, 1974. 207 б.
Түлкү менен каздар. Ф.: Мектеп, 1973 19 б.
Ырлар. Ф.: Кыргызстан, 1974. 62 б.
Толубай сынчы: Ырлар, поэмалар. Ф.: Мектеп, 1979. 80 б.
Балдар жана турналар: Ырлар. Ф.: Мектеп, 1980. 10 б.
Балдар ыры: Ырлар. Ф.: Мектеп, 1988. 16 б.
Чыгармалар жыйнагынын 3 томдугу:
1.т.: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. 296 б.
2.т.: Поэмалар, драмалар, легендалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. 344 б.
3.т.: Котормолор. – Ф.: Кыргызстан, 1986. 278 б.
Махабат: Ырлар. Ф.: Кыргызстан, 1990. 52 б.
Көл толкуну - Wayes of the lake. (кырг. – англ. которгон У.Мэй) Б.: Сорос-Кыргызстан, 1995. -148 б.
Аккан суу – Live water: Ырлар/кырг. – англ. котор.У.Мэй. Б.: Арал фонду, 2000. 72 б
Балдарга. Детям. For children Б.: Алыкул үй борбору, 2000. 56 б.
Орус тилинде.
Мой дом: Стихи. М.: Сов. писатель, 1950. 156 с.
Мой дом: Стихи. Ф.: Киргизгосиздат, 1954. 136 с.
Избранное: Стихотворения. М.: Сов. писатель, 1955. 184 с.
Избранное: Стихи. М.: Политиздат, 1958. 304 с.
Лиса и гуси. - Ф.: Мектеп, 1974. 20 с.
Избранное: Стихи и поэмы. М.: Худож. лит., 1975. 272 с.
Дети и журавли. - Ф.: Мектеп, 1981. 6 с.
Отчий край: Стихотворения и поэмы. Ф.: Кыргызстан, 1987. 256 с.
Стихотворения и поэмы. – Л.: Сов.писатель. 1990. 303 с.
Башка элдердин тилдеринде.
Дети и журавли: Стихи. – Таллин: Ээсти раамат, 1984. 11 с. – эст.
Толубай сынчы: Поэма. – Алма-Ата, 1963. – казак.
Котормолору.
Крылов И. А. Тамсилдер. Ф. Казань: Кыргызмамбас, 1937. 38 б.
Крылов И. А. Тамсилдер. Ф.: Кыргызмамбас, 1938. 26 б.
Маршак С.Я. Жалкоолор жана мышык. Ф. Казань: Кыргызмамбас, 1937. 8б.
Перро Ш. Жомоктор. Ф.: Кыргызмамбас, 1937. 30 б.
Пушкин А.С. Поп жана анын кызматчысы Балда жөнүндө жомок. Ф. Казань: Кыргызмамбас, 1937. 16 б.
Чуковский К. Федоринанын шору: Ырлар. Ф. Казань: Кыргызмамбас, 1938. 17 б.
Руставели Шота. Жолборс терисин кийген баатыр. Ф.: Кыргызмамбас, 1940. 376 б.
Ошол эле. - 1951. - 332 б.
Ошол эле. - 1956. - 332 б.
Ошол эле - 1972. - 304 б.
Ошол эле. - 1976. - 306 б.
Ошол эле. - 1982. - 300 б.
Пушкин А.С. Евгений Онегин: Ыр менен жазылган роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. 160 б.
Шекспир В. Отелло: Ыр менен жазылган трагедия. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. 152 б. | wiki | {"id": "1514", "revid": "34540", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1514", "title": "Алыкул Осмонов"} |
Тил илими, лингвистика – тил жөнүндөгү илим. Негизги тармактары; фонетика, морфология, синтагматика, синтаксис, лексикология, стилистика, диалектология. Тил илими биздин замандан бир нече кылым мурда эле Индия жана Грекияда өнүгө баштаган. Индияда көбүнчө грамматика (морфология) менен фонетика иштелген. Байыркы инди грамматикасын изилдөөдөгү башкы роль С. Паниниге (б. з. ч. 4-кылым) таандык. Тил илими Байыркы Грекияда адегенде практикалык зарылчылыктан улам изилденген. Теориялык жалпылоолорго кийинчерээк (логиканын негиздери иштелип чыкканда) алынган. Системалуу түрдө Аристотель тарабынан б. з. ч. 4-кылымда иштелип чыккан. Тил илими Римде грек Тил илиминин таасиринде өнүккөн. Рим тилчилеринен Донат (б. з. 4-кылым) менен Присциандын (б. з. 6-кылым) грамматикасы өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, Днаттын грамматикасы Европада орто кылымда латын тилин изилдөөдө колдонулуп, жаны европалык тилдердин грамматпкасын түзүүдө үлгү катары пайдаланылган. Тил илимине да жаңы идеялар, илимдин башка тармактарындагыдай эле Кайра жаралуу доорунда кирген. Бул доордо жана андан кийинки мезгилдерде Тил илимин изилдөө үч багытта жүргөн: 1) классикалык тилдер деп аталган латын, айрыкча, байыркы грек тили түп нускасы боюнча изилденген; 2) илимпоздор араб, еврей, сирия илимдери, асыресе филологиясы менен иликтенген; 3) Батыш Европа элдеринин учурдагы тилдерин изилдөө ишке ашырылган. Бул багыттардагы изилдөө иштеринин натыйжасында ар башка уядагы көптөгөн тилдерден материалдар чогултулуп, тилдерди салыштырып изилдөөгө кадам ташталган. 16–18-кылымдарда тилдердин тектештик маселеси боюнча Г. В. Лейбниц тарабынан көп жумуш жасалган. Ушул эле мезгилде логикалык негиздерге таянган универсал категориялуу рационалдуу грамматикалар түзүлгөн. Россияда Тил илими 15–16-кылымдардан өнүгө баштаган. Орус грамматикасын иликтөөдө М. В. Ломоносов чон салым кошкон. Анын «Орус грамматикасы» (1755) деген эмгегинде орус адабий тилинин фонетикалык жана морфологиялык нормасы биринчи жолу системалуу сыпатталган. 19-кылымдын биринчи жарымында салыштырма-тарыхый тил илими өрчүп, изилдөөнүн өзгөчө ыкмалары иштелип чыккан. Бул тармакта төмөнкү илимпоздор үзүрлүү эмгектенишкен: Р. Раск, Ф. Bonn, Я. Гримм, Ф. Диц, A. X. Востоков, Й. Добровский, П. Й. Шафарик ж. б. 19-кылымдагы Тил илиминин өнүгүшүнө немец окумуштуусу В. Гумбольдт көп эмгек синирген. Ал тилдин өрчүшүнүн жалпы теориясын иштеп чыгып, тилди адамдын чыгармачылык ишинин манызы катары аныктаган. Тил илиминдеги «жаш грамматиктер мектебинен» башка кийинки багыттардын баары аздыр-көптүр В. Гумбольдттун лингивистика системасынын таасиринде өнүккөн. Тил илимин психологиялык негизден изилдөө тажрыйбасын 19-кылымдын 50-жылдары немец окумуштуусу Г. Штейнталь баштаган. Ал эмгектеринде улутташы И. Герберттин психологиялык системасына таянып, речтин иш-аракетинин психологиялык абалын анализдөө аркылуу ачып берүүгө аракеттенген. Бул кылымда Тил илиминде биологизм (натурализм) багыты пайда болуп, анын өкүлдөрү Ф. Бопптун тилди организм жөнүндөгү окуу катары караганына таянышып, филология – тарых илиминин бир тармагы, ал эми Тил илими табият илимдерине кошулат дешкен. Мындай натуралисттик көз карашты америкалык Тил илиминин айрым багыттарында азыр да кеңири пайдаланууда. 19-кылымдын 70-жылдары Лейпциг лингвисттер ийриминен «жаш грамматикалык мектеп» багыты өсүп чыккан. Ал индивидуалисттик психологизмди үлгү тутуп, Тил илиминин жалгыз гана обектиси бар, ал – индивиддин речтик иш-аракети, ошон үчүн жалпы тил - шарттуу нерсе жана өзүнчө бир илимий фикция деген көз карашты таңуулаган. Жаш грамматиктер ушул сыяктуу бир жактуу көз карашты карманышса да, нечендеген ар башка уядагы тилдердин диалектилерин, фонетикалык түзүлүшүн сыпаттап жазып чыгышып, эксперименттик фонетиканын, диалектографиянын түзүлүшүнө өбөлгө түзүшкөн. 19-кылымдын акырында Россияда речтеги тыбыштарды тилдин маанилүү бирдиктерин туюнтуу жана колдонуу максатында изилдөө жүргүзгөн багыт пайда болгон. Анын теориясы боюнча жеке бир тилде түрдүү тыбыш канчалык көп болсо да алардан белгилүү сандагы негизги тыбыштар (кийин алар фонема деп аталган) гана бөлүнүп алынат. Ушул эле мезгилде Ф. Ф. Фортунатов башында турган дагы бир багыт пайда болуп, сөз формасы жөнүндөгү окуу келип чыккан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Тил илиминде «социологиялык мектеп» аталган жаны багыт түзүлгөн. Ага Женева жана француз мектептери кирген. Социологиялык мектептин теориясы боюнча тил – индивидуалдык эмес, социалдык көрүнүш катары каралган. Тил илиминде 20-кылымда да бир нече багыттар пайда болгон. Алар: эстетикалык мектеп (негизги өкүлү К. Фослер), италян неолингвисттер мектеби (М. Бартоли, Ж. Бонфанте, В. Пизани ж. б.), Прага лингивистика ийрими (В. Матезиус, Б. Трика, Н. С. Трубецкой, Р. Я. Якобсон ж. б.) Копенгаген структуралисттер мектеби (В. Брёндаль, Л. Ельмслев ж. б.) жана америкалык Тил илиминдеги дескриптивдик лингвистика багыты ж. б. Тил илими 20–30-жылдары ылдам өнүккөн. Буга СССР элдеринин тилдеринин жазмалары, грамматикаларынын иштелип чыгышы (Л. И. Жирков, Е. Д. Поливанов, Н. Ф. Яковлевдердин эмгектери), грамматиканын принциптеринин (A. Н. Пешковский, М. Н. Петерсон ж. б. илимпоздордун эмгектери), көркөм адабият тилинин (В. В. Виноградов, Б. В. Томашевский, Ю. Н. Тынянов, Л. П. Якубинский ж. б. окумуштуулардын иштери) жана тилдин коомдук функциясынын изилдениши өбөлгө болгон. Андан кийинки жылдары Н. Я. Маррдын тил жөнүндөгү «жаңы окуусунун» кеңири жайылып кеткенине байланыштуу СССРде Тил илими жакшы өнүгө алган эмес. Ал окуунун негизсиз экени 1950-жылкы жана андан мурунку лингивистикалык талаш-тартыштарда аныкталгандан кийин Тил илими ылдам темпте өрчүй баштаган: салыштырма-тарыхый Тил илими, фонетика, орус тилинин жана СССР элдеринин тилдеринин грамматикасы боюнча кыйла маанилүү эмгектер жарыяланган. Тил илиминин математикалык, лингвистика, эксперимент фонетика сыяктуу жаңы тармактарында бир топ ийгиликтерге жетишилген. | wiki | {"id": "1515", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1515", "title": "Тил илими"} |
Педагогика (Байыркы грек тили. παιδαγωγική — чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς — бала, ἄγω — алпаруу же жетелөө)
Педагогиканын тарыхы.
Педагог - (гр. paidagogos –тарбиялоочу) – жалпы билим берүүчү мектептин мугалими, кесиптик-техникалык, атайын орто же жогорку окуу жайынын окутуучусу, мектепке чейинки мекемелерде, мектеп интернатта, балдар үйүндө, тарбиялоо колонияларында тарбиячы, мектептен тышкаркы жана башка уюмдардын кызматкери, педагог илими боюнча илимий кызматкер жана башкалар
Педагогика деген сөз ал илимдин өзүнө караганда алда канча мурда пайда болгон. Байыркы Грецияда педагог деп мугалимди эмес, балдарды мектепке жеткирип, кайра алып келүүчү кулду эсептешкен. Бара-бара маанилик чектери кеңейип, кийинчерээк педагогика термини баланын дене бою менен акыл көрөңгөсүнүн өнүгүшүнө туура багыт берүү, аны турмуштун туура жолуна салуу өнөрү катары колдонула баштаган. Күндөлүк турмуш сабактарынан жана айрым озгун ойчул адамдар тарабынан таалим-тарбия ишине байланыштуу анык ойлордун арбын топтолушу, аларды жалпылоо, ырааттуу, максаттуу өнүктүрүү иштерин аркалаган педагогика илиминин пайда болушу зарылдыгын шарттады. Байыркы грек, рим, византия жана чыгыш философтору Платон, Аристотель, Паутарх, Гераклит, Селена Квинтиллиан, Варлаам, Ионна Демоскина, Авицена, Конфуций, ошондой эле орто кылым ойчулдары Ж. Баласагын, М. Кашгари жана башкалар мурастарынан таалим-тарбия темасындагы баа жеткис акыл кеңештерди табууга болот.
Педагогика илим статусуна чех элинин улуу педагогу Я. А. Коменскийдин (1592–1670) эмгектери аркылуу ээ болгон. Ал түрдүү өлкөлөрдө тамыр жайып өнүккөн бай тажрыйбаларды жана өзүнүн ишмердүүлүгүн астейдил талдоо аркылуу, окутуу-тарбиялоонун объективдүү мыйзамченемдүүлүктөрүн илимий жактан негиздеп системалаштырууга далалат жасаган. Ушундан улам Коменскийди педагогика илиминин негиздөөчүсү деп аташат. Учурда педагогика предмети, объекти, милдеттери айкын, түптүү түшүнүктөрү, категориялары бар көп тармактуу илим. Ал таалим тарбиялоо процессин долборлоо, божомолдоо, уюштуруу, өркүндөтүү ыкмалары, ошону менен бирдикте аларды өнүктүрүү, турмушка даярдоо жаатындагы атайын билимдердин булагы катары кабылданат.
Педагогиканын тарыхы ар түрдүү доорлордогу педагогикалык ойлордун жана таалим-тарбия мекемелеринин өнүгүшүн, бүгүнкү күн үчүн маанилүү, өнүмдүү жактарын аныктап үйрөтүүчү педагогика илиминин бир тармагы. Педагогика тарыхынын негизги булактары төмөнкүлөр: таалим-тарбия маселелерине таандык расмий документтер; мектептерде колдонулган окуу программалар, окуулуктар, окуу куралдары; маданият, агартуу жана илим ишмерлеринин эмгектери; таалим-тарбия ишине байланыштуу гезиттик, журналдык материалдар; архивдик материалдар, көркөм адабий чыгармалар. Тарыхый педагогикалык фактылар адам коомунун өнүгүшү жаатындагы кабыл алынган жалпы мезгилдештирүү тартибине ылайык изилденет. Ушундан улам педагогика тарыхында байыркы мезгил, орто кылым жана азыркы доор өз өзүнчө бөлүнүп каралат.
Педагогиканын предмети.
Педагогика илиминин предмети – адам инсанынын өнүгүш маңызын жана мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөө, анын негизинде атайын уюштурулган процесс катары окутуу тарбиялоонун теориясын жана методикасын иштеп чыгуу. Педагогика төмөнкү милдеттерди чечүүнү аркалайт:
1. Окутуу тарбиялоонун, ал процесске жетекчилик кылуунун мыйзамченемдүүлүктөрүн ачуу, айкындоо;
2. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү, талдоо жана жалпылоо;
3. Окутуу тарбиялоонун, ошондой эле таалим-тарбия структураларын башкаруунун заманбап методдорун, каражаттарын, формаларын иштеп чыгуу;
4. Таалим-тарбия иштеринин жакынкы мезгилде жана келечектеги абалын, өнүгүш тенденцияларын божомолдоо;
5. Педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын сыноо жана ишке киргизүү.
Педагогика илиминин системасы..
Педагогика илиминин системасы төмөнкүлөрдөн турат:
Жалпы педагог адамды өнүктүрүүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн жана бардык типтеги таалим-тарбия мекемелердеги окутуу тарбиялоо процессинин жаңы негиздерин иштеп чыгуучу илим жана окуу предмети. Мугалимдерди даярдоочу жогорку окуу жайлардын практикасында орун алган салттарга ылайык педагог жалпы негиздери; дидактика (окутуу теориясы), тарбиялоо теориясы; мектеп таануу сыяктуу төрт бөлүккө бөлүнөт.
- адамды калыптандыруу боюнча атайын уюштурулган максаттуу жана системалуу иш-аракеттер, таалим-тарбия менен -окутуунун мазмуну, формалары жана методдору жөнүдөгү илим.
Колдонулган адабияттар
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
Билим берүү | wiki | {"id": "1516", "revid": "459272", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1516", "title": "Педагогика"} |
Укук — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый укук). Укук жазылма (статусттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. Укук тутум катарында, ар биринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык укук, конституциялык укук, үй бүлө укугу, эмгек укугу, кылмыш-жаза укугу), тармакчаларына (м.: автордук укук., мурастоо укугу ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк укуктары, ишкердик укуктары) ажырымдалат. Укукту салыштырма укук таанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үй бүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык укук). | wiki | {"id": "1517", "revid": "475586", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1517", "title": "Укук"} |
Касым Тыныстанов (10-сентябрь 1901-жылы, Орусия империясы, азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагы ― 6-ноябрь 1938-жылы, СССР, Кыргыз ССР, азыркы Ата-Бейит) ― кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору.
Өмүр баяны.
Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган. «Эркин Тоо» гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927-1930-жылдары Кыргыз АССРнин эл агартуу комиссары. 1928-жылында «Жаңы маданият жолунда» журналды уюштурууга катышып 1931-жылга чейин анын жооптуу редактору болгон. 1931-1937-жылдары ― Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, мүдүрдүн милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.
1938-жылы куугунтуктар учурунда «эл душманы» деген наамга коюлуп, атылып өлтүрүлгөн.
Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. Касым адегенде казакча, кийин кыргызча жазган ырлары Алматы жана Ташкентте казакча чыгуучу газета-журналдарга жарыяланып, 1925 жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвада жарык көргөн.Касым - туңгуч көркөм котормочу. Ал «Интернационалды», И.А. Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаткан. Орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен которуп, кичине китеп кылып чыгарган.
Касым кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе Манас эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаев уулунун айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. Манас эпосун орусчага которуу ишине катышкан. Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Ата-энесинин тек–жайы, турмуштук абалы жөнүндө так маалымат жок. К. Тыныстанов жөнүндө жазылган макалаларда анын кедей үй-бүлөдөн чыккандыгы айтылса, кээ бир изилдөөчүлөр атасын оокаттуу адамдардын катарына кошушат. К. Тыныстанов 1909-1912-жылдарда Чырпыктыда мусулман мектебинде окуп, андан кийин Сазановка айылындагы өзбек медресесине кирет. 1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы Үркүн учурунда эл менен Кытайга качат. Ал Кытайда кандай жашоо өткөргөндүгү тууралуу маалымат жок. 1918-жылы гана кайтып келип көл башындагы Тепке айылында таякелериникинде туруп калган. Тепке айылында жүргөндө ыр дагы чыгара баштаган. 1919-жылы Ташкентге келип, Казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо бөлүмүнө алынган. 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун 1-курсуна кабыл алынган.
Ишмердик жолу.
К.Тыныстановдун ишмердик жолу институтта окуп жүргөн кезинде эле башталган. Ал 1920-1924-жылдары «Өрис», «Ак-Жол» гезиттеринде, «Жас Кайрат», «Сана» журналдарында кызматкер болгон. 1925-жылы Кыргыз автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун Кыргыз бөлүмүнүн катчылыгына дайындалат. Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп, ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жооптуу редакторунун милдетин да аткарган. 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып, үч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаны маданият» журналынын редактору, 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган. Кыргыз педагогикалык институтунда лекция окуган. Тыныстанов Кыргыз ССРиндеги 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алган алгачкы адам.
Илимий ишмердиги жана чыгармачылыгы.
К.Тыныстанов адегенде араб тамгасын колдоп, кийин латын тамгасына, андан орус тамгасына өтүүгө алгачкылардан болуп үндөгөнүн замандаштары эскерет. «Эркин-Тоо» гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында анын «Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы басылып, ал курултайда өзү түзгөн латын алфавитинин долбоору боюнча баяндама жасаган.
Бул мезгилде жергебизде жаны мектептердин массалык түрдө ачылышы да анын чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуруна туш келди. Ал мектептер үчүн эне тилибизде окуу китептери түзүлүшү зарыл эле.
Дал ушул маанилүү маселени чечүүнү Касым жарандык-атуулдук милдетим деп эсептеп, окуулуктарды түзүп,кураштырууга биротоло отурат.
1924-жылы «Окуу китебин» түзүп, 1926-жылы «Чондор үчүн алиппе», 1927-жылы «Эне тилибиз», 1933-жылы «Социалдык-экономикалык сөздүк», 1934-жылы «Кыргыз тилинин морфологиясын» 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин» жаратты.
Ошондой эле «Эне тили», «Жаны айыл», «Кыргыз адабий тилинин жаны долбоору», «Жаны алфавит түзүүнүн жаны принциптери», «Биздин тил» ж.б. макала, эмгектерин жазды. 37-жылдык өмүрүнүн көп бөлүгүн мамлеккетик жумуштарга арнаган К.Тыныстанов көркөм чыгарма жазууга убактысы аз болгон. Ошондой болсо дагы Ташкентте окуп жүргөндө «Өрис», «Жаны өрис» гезиттеринде бир нече казакча ырлары жарык көргөн. Анын биринчи өз эне тилинде жазылган ыры «Ала-Тоо» 1922-жылы жазылган. Ал поэзия менен гана эмес, проза менен дагы алектенип, «Жас кайрат» журналынын төрт санына «Мариям менен көл боюнда» деген көлөмдүү ангемеси «Келгин» деген ат менен жарыкка чыккан. Бул аңгеме кыргыз реалисттик прозанын алгачкы чыгармасы болуп саналат. 1925-жылы Москвадан чыккан «Касым ырларынын жыйнагы» акындын 1919-1924-жылдары жазылган бардык ырларынан куралаган.Ага удаа поэзиялык котормолор топтому «Өзгөрүш ырлар» деген ат менен Фрунзеде жазылды. Анын бул жыйнагына казак тилиндеги он эки, кыргыз тилиндеги жыйырма бир ыры жана «Жаныл Мырза» поэмасы кирген.
К.Тыныстановдун жетекчилиги менен У.Абдукаимов, К.Карасаев, Т. Саманчин «Манастын» «Чон казат» бөлүгүн сапма-сап которушкан. «Академия кечелери» пьесалар түрмөгүндө «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» жана «Yргөнчтүн жээгинде Айчүрөктүн кырк кыз менен турушу» деген эки көрүнүш жазылган.
К.Тыныстановдун куугунтукка алынышы.
Касым жаш кезинде кургак учук менен ооруган, бул оорусу 30-жылдардын башында козголгон, дарыгерлердин жардамы менен айыгып жаны эле иштей баштаганда ага «эл душманы» деген жала жабылып, жашоосундагы оор күндөр башталган. «Академиялык кечелер» театрга коюлуп башталганда 1933-жылдын 24-февралындагы жана 6-мартындагы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин сандарында А.Токомбаевдин «Академиялык кечеси тууралуу» жана «Академиялык кеченин тыянагы» деген эки макаласы жарык көргөн. Бул макалаларда Касымга карата сындар айтылган .К.Тыныстановду улутчул, панисламизм, пантүркизм идеяларына сугарылган деп анын «Касым ырлар жыйнагы», «Академиялык кечелер» чыгармаларынын мазмунуна карап гана күнөөлөбөстөн, жаш кезинде алаш ордочулар менен идеялаш болгон деп дагы күнөө коюшкан.
1937-жылы Москвадан чакыртылып, эч себепсиз партиядан чыгарылып, 1-августта камалган.
1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык көчмө сессиясында К.Тыныстановго 1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо» уюмуна, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиялык зыянкеч, «Социалдык –Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген деген күнөө менен коюлуп, атууга өкүм кылынган. θкүм тез аткарылып 7-ноябрда атылган.
1956-жылы аялы Турдубүбү тиешелүү органдарга кайрылып, 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскердик соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарган. 1958-жылы 22-январда аны партиялык жактан акталган. | wiki | {"id": "1520", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1520", "title": "Касым Тыныстанов"} |
Инженердик геология – геологиянын имараттарды жана түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч жана башкалар) куруу иштерин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин курамын, түзүлүшүн, текстурасын жана физикалык-механикалык касиеттерин изилдөө; курулуш менен табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чыккан процесстер менен кубулуштарды болжолдоо жана алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. Инженердик геология курулуш башталардын алдында имарат жана башкалар тургузулуучу жердин табигый геологиялык шарттарын, курулушту тургузуу жана аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуучу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш инженердик геологиялык изилдөөсүз башталбайт. Инженердик геология изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуштарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү конструктивдик материалдарын жана жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. Инженердик геология бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: кыртыш таануу (грунтоведение) тоо тектери менен кыртышты, инженердик курулуштарды тургузуучу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; кыртыш механикасы кыртыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геологиялык процесстерди изилдөө инженердик геодинамика, аймактык инженердик геология; атайын курулуш, жол, аскердик инженердик геология; жер астындагы суулардын курулушка тийгизген таасирин инженердик гидрогеология изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу, лёсс таануу, деңиз инженердик геологиясы, инженердик сейсмология сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. Инженердик геология гидрогеологиялык, геокриология, нефть геологиясы сыяктуу илимдер менен тыгыз байланыштуу. Инженердик геология өзүнүн изилдөөлөрүндө геологиялык, геофизикалык жана физика менен химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-ж. Прагада болгон Эл аралык геологиялык конгресстин 23-сессиясында инженер-геологдордун Эл аралык ассоциациясы уюштурулган. Кыргызстанда Инженердик геологиялык изилдөөлөрдү КР УИАнын Геология институтундагы гидрогеология жана инженердик геология бөлүмү, ошондой эле КР мамлекеттик долбоорлоо институттары ишке ашырат. | wiki | {"id": "1522", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1522", "title": "Инженердик геология"} |
Адабият таануу - көркөм адабияттын маңызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзамченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы, б. а. рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структурасын, адабий процесс менен чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин (анын ичинен метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; адабий сын көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт жана баа берет, адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин жана ролун аныктайт. Азыркы адабият таануу эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият таануунун башатында антикалык доордун философтору жана акындары, Чыгышта байыркы жана орто кылымдагы кытай, инди жана араб ойчулдары турушат. Адабият таануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаңылануусун кенен жана терең чагылдыруу менен көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эң таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дешке толук негиз бар. Кыргыз адабият таануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзамченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы ж. у. с. маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. 0. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектеништи. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К. Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев ж. б.) илимдин бул тармагында активдүү иштешти.
Б. з. ч. 56-кылымдарда Байыркы Грецияда адабият менен искусствонун чыгармаларын баалоонун карама-каршы эки принциби пайда болуп, ошол кылымдын алгачкы мезгилинде алыскы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө адабият өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлөт. Иран жана Орто Азиядагы Адабият таануу араб тилинде өнүгө баштайт. Европа өлкөлөрүндө Адабият таануунун тарыхында жаңы этап башталат. А. Н. Радищев (1749–1802) биринчи болуп адабияттын коомдук-тарбиялык милдеттерин элди эзүүчүлөргө каршы боштондук күрөшүнө кызмат кылуу милдети менен байланыштырган. В. Г. Белинский (1811–1848) орустун Адабият таануусунда жаңы доор баштап, материалисттик эстетиканын негизин салды. Адабияттагы жаңы багыт үчүн күрөш А. И. Герцендин (1812– 1870), Н. Г. Чернышевскийдин (1828–1889), Н. А. Добролюбовдун (1836–1861) эмгектеринде улантылды.
Адабият таануу ХХ кылымда өнүгүп, адабиятты коомдук көрүнүш деп, конкреттүү образдар жана сүрөттөр аркылуу чындыкты таануунун өзгөчө түрү катары карашты, тарыхты илимий материалисттик түрдө таанууга таянышып, коомдук аң-сезимдин бардык башка түрлөрү сыяктуу эле адабияттын өсүп-өнүгүшү да коомдук, экономикалык түзүлүштөгү, тап күрөшүндөгү өзгөрүүлөр менен шарттала тургандыгын айтышты, искусствого баа берүүнүн объективдүү чени катары адабий чыгарманын көркөмдүк баасы элдин күрөшүн канчалык даражада чагылткандыгына жараша болорун белгилешти. Кыргыздын адабият илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы өзгөрүүлөр, анын турмушту көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы жана ушул сыяктуу маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. | wiki | {"id": "1523", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1523", "title": "Адабият таануу"} |
Биология (грек тилинен bios - "өмүр, тиричилик" жана logos — "илим") — тирүү жаратылыш жөнүндөгү илимдердин жыйындысы.
Ошону менен бирге эле биология жашоонун аспектилерин, башкача айтканда, функционалдаштыруу, өсүү, келип чыгуу, Эволюция жана Жер бетине тирүү организмдердин таралышын, алардын классификациясын, ошондой эле түрлөрдүн келип чыгышын жана айлана чөйрөдө өз ара аракеттенишүүсүн изилдөөчү илим.
Биология өзүнүн өзгөчөлүгү менен башка табийгый илимдерден айырмаланып келет. XIX кылымда, окумуштуулар тарабынан тирүү организмдер бири бирине окшоштуктары бар экенин далилдеп чыгышканда. «Биология» терминин 1802-жылы Ламарк тарабынан киргизилден. Учурдагы биологияда беш фундаменталдык принциптер бар: клеткалык теория, эволюция, генетика, гомеостаз жана энергия. Учурда биология — дүйнө жүзүндө орто жана жогорку окуу жайларында окутулуучу стандарттык предмет болуп саналат. Жыл сайын биология, медицина, биомедицина тармактарына тиешелүү миллиондогон макалалар жана китептер жарык көрүшөт.
Биологиянын өнүгүшүнө төмөнкү үч баскыч маанилүү:
Көрчүлүк биологиялык илимдер "дисциплиналардан" турушат . Изилдөө организмдерине жараша тайпаларга биригишет: ботаника ― өсүмдүктөрдү изилдейт, зоология — жаныбарларды, микробиология — бир клеткалуу организмдерди. | wiki | {"id": "1524", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1524", "title": "Биология"} |
Брумдун "Effective Public Relations" (1978) аныктамасы боюнча коомчулук менен байланыш, кандайдыр бир мекеме жана анын чөйрөсү арасында эки тараптуу пайда камсыз кылган мамилелерди белгилөө, аныктоо жана дайыма улантып туруу үчүн жооптуу болгон бир башкаруу функциясы болуп саналат. Американын Коомчулук менен Байланыш Коомунун аныктамасы боюнча "“Коомчулук менен байланыш-мекеме жана анын коомчулуктары арасында өз ара пайдалуу мамилелерди курган стартегиялык коммуникация процесси болуп саналат”."
Эл аралык Коомчулук менен Байланыш Ассоцияциясынын жаңы аныктамасы боюнча “Коомчулук менен байланыш – ишенимдүү жана этикалык коммуникация ыкмаларынын жардамы менен маалыматтарды камсыз кылууга негизделген, мекеме жана анын коомчулуктары арасында мамиле жана кызыкчылыктарды куруш үчүн чечимдерди кабыл алуу боюнча башкаруу практикасы”
Коомчулук менен Байланыш Институнун (IPR"- Institute of Public Relations") аныктамасы боюнча коомчулук менен байланыш “бир мекеме жана максаттык тобу арасында жакшы ниет жана өз ара түшүнүүнү куруу жана дайыма колдоп туруу үчүн жасалган аракеттердин бүтүнү болуп саналат”.
Шилтеме:
Эл аралык коомчулук менен байланыштар
https://www.prsa.org/about/all-about-pr
https://www.ipra.org/member-services/pr-definition | wiki | {"id": "1525", "revid": "395902", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1525", "title": "Коомчулук менен байланыштар"} |
Өзбекстан, расмий түрдө — Өзбекстан Республикасы — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. Чектеш мамлекеттер: чыгышта ― Кыргызстан, түндүк-чыгыш, түндүк жана түндүк-батышта ― Казакстан, түштүк-батыш жана түштүктө ― Түркмөнстан, түштүктө ― Ооганстан жана түштүк-чыгышта ― Тажикстан. Борбору — Ташкент шаары. Расмий тили — өзбек. Аянты 448978 км2. Учурда өлкөнүн калкынын саны 37,5 миллион адамдан ашат Валюта – сум. Өзбекстан жарым президенттик конституциялык башкаруу формасына ээ светтик мамлекет. Өзбекстан 12 облустан (вилаят), Ташкент шаарынан жана Каракалпакстан автономиялуу республикасынан турат. Өзбекстан Түрк мамлекеттер уюму, КМШ, БУУ, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ), ШКУ мүчөсү. Негизги дини Ислам, өзбектердин басымдуу бөлүгү мусулмандар.
Ири шаарлары — Ташкен, Фергана, Самарканд, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.
Тарыхы.
Өзбек элинин тарыхы Борбор Азиянын башка түрк элдеринин тарыхы менен тыгыз байланыш жана азыркы Өзбекстандын чегинен ары чыгат. Өзбекстандын аймагында эң алгачкы мамлекеттердин пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарга тийиштүү. Ал кезде Хорезм жана Бактрия сыяктуу мамлекеттер түзүлгөн. Заманбап Өзбекстандын аймагындагы байыркы шаарлар болуп Ташкен, Букар, Самаркан, Хива, Шахрисабз, Карши, Термез жана Маргалаң эсептелет.
Биздин заманга чейинки 329-327 жылдары Александр Македонский Согдиана жана Бактрияны басып алып, Бактриянын жергиликтүү башкаруучунун кызы Роксанага үйлөнгөн. Басып алуучуларга катуу каршылык көрсөтүлүп, Александрдын аскерлерин ушул аймакта кармап калуусун көздөшкөн.
Биздин заманга чейинки IV кылымдан баштап байыркы Хорезмдин гүлдөшү башталат. 305-995-жылдары Хорезмди Афригидтердин хорезмшахтарынын династиясы башкарган.
VI—VII кылымдарда Өзбекстандын аймагынын бөлүгү Түрк Каганаты жана Сасанид Империясынан көз каранды болгон Согдиана жана Бактриянын курамына кирген. Араптар басып алгандан кийин Арап Халифатынын курамына кирген. Улуттук-боштондук кыймылдардан улам Тахириди жана Якубийон сыяктуу династиялар пайда болгон. IX кылымдын экинчи чейрегинен баштап Саманийлер Мовароуннахр жана Хоросондун аймактарын бириктирип, Саманийлер мамлекетин түзүшкөн. Саманийлер башкарган учурда X кылымга чейин сакталган мамлекетти башкаруу негиздери түзүлгөн. Ушул мезгилде региондо илим, маданият, поэзия өнүгүп баштаган.
X кылымдын аягында Саманийлер мамлекети Караханийлер жана Газневилер көчмөн элдеринин кысымынан улам кыйраган.
XII — XIII кылымдын башында азыркы Өзбекстандын аймагы, 1219-1221 жылдары Чыңгызхандын моңголдору басып алган Хорезмшахтар мамлекетинин курамына кирген. Кийин Өзбекстандын аймагы Чыңгызхандын уулдары Жучу Хан менен Чагатайдын улустарынын курамына кирген.
XIV кылымда Амир Темир башкарган (1336-1405). Согуштук жүрүштөрүндө мамлекетинин аймагын бир кыйла кеңейткен жана көп чектеш аймактарды басып алган. ал аймактардын ичинде: Персия, Кичи Азия, Түндүк Индия, Закавказье, Чыгыш Дашт-и-Кыпчак жана башка. Амир Темирин мамлекетинин борбору Самарканд болгон. Тимурийлер доорунда аймактын илими жана маданияты гүлдөйт.
1499-жылы Дашт-и-Кыпчак талаасынан азыркы Өзбекстандын аймагына Мухаммед Шейбани хандын аскерлери кирип келет. Шейбанийлер 1500-1501-жылдары Тимурийлердин борбору Самарканды басып алгандан улам Тимурийлер мамлекети кулаган жана Шейбанийлер мамлекети негизделген.
Убакыт өткөн соң Шейбанийлер мамлекети Хива хандыгы жана Букар хандыгы болуп экиге бөлүнүп калган. Хорезмде такка Шейбанийлердин туугандары Арабшахийлер чыгышкан. Букар хандыгында башкарган династия болуп Шейбанийлер болуп турган (1500-1601). Андан соң Аштарханийлер бийликке келген. Аштарханийлерден кийин такка Маңгыттар чыгып, хандыкты Букар эмирлигине айлантышкан.
XVIII кылымдын башында Хива хандыгындагы бийлик Арабшахийлерден казак чингизидтерине өткөн, кийин 1770 жылдан 1920 жылга чейин коңурат уруусунун династиясынын колунда болгон.
1709-жылдан 1876-жылга чейин азыркы Өзбекстандын аймагында, «миң» деген уруусу түптөгөн Кокон хандыгы бар болгон.
Орусия империясы Өзбекстандын аймагын басып алуу аракетинин башында, бул аймакта үч мамлекеттик түзүлүш бар болчу, алар: Бухара эмирлиги, Кокон хандыгы жана Хива хандыгы. 1876-жылы Орусия империясы Кокон хандыгын талкалаган, хандык жоюулуп, борбордук аймактары Фергана облусунун курамына кирген.
XX кылымдын башында Борбор Азия Орусия империясынын курамында болот. Советтик бийлик орноп баштаганда, бүткүл Борбор Азия Советтик Союздун бөлүгү болот. 1924-жылдын 27-октябрында Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы түзүлөт, борбор шаары - Самарканд.
1930-жылдын 1-сентябрында Өзбек ССРинин борбор шаары Самаркандтан Ташкенге которулат.
1991-жылдын 31-августунда Президент Ислам Каримовдун демилгеси менен Өзбекстандын көз карансыздыгы жарыяланган. Ошол эле күнү Өзбекстандын Жогорку Кеңеши “Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” токтомун жана "Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн негиздери жөнүндөгү" Мыйзамын кабыл алган. Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы Өзбекстан Республикасы деп аты алмаштырылган.
1-сентябрда Өзбекстандын Эгемендүүлүк Күнү белгиленет.
Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылдын 8-декабрында кабыл алынган.
Географиясы.
Чек аранын узундугу — 6221 чакырым.
Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги — 4643,3 м (Ысар тоо кыркасы). Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери — −12,7 м (Кызыл-Кум чөлү).
Климаты чукул континенталдык. Январдын орто температуралары — +4 °Cдан −10 °Cга чейин, Июль айынын орто температурасы +22 °Cдан +32 °Cга чейин. Эң төмөнкү температура — -38°С.
Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.
Административдик-аймактык бөлүнүшү.
Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынан (картада – 14), облустардан, айыл тибиндеги райондордон, шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат. Өзбекстандын борбору — Ташкент(картада – 1), борбордук кармагындагы шаардын статусуна ээ.
Өзбекстан Республикасынын облустары:
Калкы.
2014-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 30 миллион адамдан ашкан, анын ичинен 51% — шаар калкы, 49% — айыл калкы. Бир жыл аралыгында 2013-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 1-январына чейин Өзбекстандын калкы 495,1 миң адамга көбөйгөн. 2013-жылы туулгандардын саны 674,9 миң, каза болгондордун саны 145,0 миң адамды түзгөн.
Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65,8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусия жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.
Калктын улут курамы.
2000-жылга карата калктын улут боюнча бөлүштүрүүсү
Тили.
Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик тили — өзбек тили. Маанилүүлүгү боюнча орус тили экинчи орунда турат. Орус тилин калктын чоң бөлүгү колдонот. Англис тилин үйрөнүү мамлекет үчүн абдан маанилүү. 2013/2014-окуу жылынан баштап мектепте 1-класстан баштап англис тилин сөзсүз үйрөнүү киргизилген.
Өзбек тилинен тышкары, бир катар аймакта башка тилдер да колдонулат. Каракалпакстан автономиялуу республикасында каракалпак тили да ырасмий тил болуп саналат.
Жалпысынан Өзбекстанда өзбек мектептеринен тышкары 848 орус, 417 казак, 377 каракалпак, 256 тажик, 60 кыргыз, 43 туркмөн мектептери бар.
Маданияты.
Өзбек улуттук каада-салттары жана дөөлөттөрү – этникалык жана адеп-ахлактык – байыртадан бери үй-бүлөнү бузулуудан жана бузулуудан сактоого, улуу муундардын урмат-сыйына, урмат-сыйына жана кадыр-баркына, чет өлкөлүктөргө меймандостугуна багытталган.
Өзбектердин маданияты жаркын жана оригиналдуу, ал миңдеген жылдар бою калыптанган жана ар кайсы доордо азыркы Өзбекстандын аймагында жашаган элдердин салттарын,салттарын өзүнө сиңирген. Ага байыркы перстер, гректер, көчмөн түрк уруулары, арабдар, орустар өз салымын кошушкан. Көп улуттуу Өзбекстандын салттары музыка, бий, живопись, колдонмо искусство, тил, ашкана жана кийим-кечелерде чагылдырылган. Өзбек маданияты Борбордук Азия маданияттарынын квинтэссенциясы болуп саналат, бирок ошол эле учурда Өзбекстандын ар бир аймагынын улуттук кийимдеринде жана жергиликтүү диалектилерде эң айкын көрүнүп турган өзүнүн уникалдуу түсы бар.
Өзбекстанда маданият жана коомдук мамиле көп кылымдуу тарыхка ээ. Массалык маалымат каражаттарынан (1300дөн жогору) Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясын, аймактык теле жана радиокомпанияларын, FM-радиостанцияларын, өкмөттүк гезиттерди жана интернет-каражаттарды белгилесе болот. Санариптик технологияга өтүүнүн натыйжасында Өзбекстандын теле жана радиоиндустриясынын өнүгүүсү күчөдү.
Өзбекстанда гезиттер өзбек, каракалпак, тажик, казак, орус жана башка тилдеринде басып чыгарылат.
Маданият мекемелери.
Республикада 40ка жакын театр иштейт, алардын ичинде — Алишер Навои атындагы Мамлекеттик Академиялык Чоң Театр, Илхом театры. Искусствого Өзбекстан Улуттук симфониялык оркестри чоң салымын кошот.
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас объектилери.
Өзбекстандын ЮНЕСКО Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинде беш маданий жана эки жаратылыш объектилери бар. Маданият объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
Табигый жерлер болуп төмөнкүлөр саналат:
Мамлекеттик майрамдары.
1992-жылдын 2-июлунда Олий Мажлис «Майрамдык күндөр жөнүндө» законун кабыл алып, төмөнкү күндөрдү майрамдык деп жарыялаган.
Мекенди коргоо күнүнөн тышкары, баардыгы иш күнү эмес деп эсептелинет. | wiki | {"id": "1551", "revid": "43806", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1551", "title": "Өзбекстан"} |
Бишкек деген аталышта макалалар көп санда болгондугуна байланыштуу Бишкек (түшүнүк) багыты түзүлдү. | wiki | {"id": "1555", "revid": "39726", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1555", "title": "Бишкек (түшүнүк)"} |
Баткен облусу ― Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан дубан. 1999-жылдын 13- октябрында Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларын чек арасында түзүлгөн. Облустун административдик борбору – Баткен шаары (2000-жылдан).
Облустун курамындагы административдик-аймактык бирдиктер:
Дубандын түштүк-батыш жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече аңкылаптар бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана аңкылаптар аркылуу өтөт. Аянты 17,0 миң км² же республиканын айантынын 8,5%ын түзөт. Калкы 548,247 (2021) же республиканын калкынын 8,3 %ын түзөт.
2001-жылы Исфана кыштактары шаар макамын алган. Азыркы учурда Исфана шаары Раззаков деп аталат. 2012-жылы Кадамжай жана Айдаркен шаарчалары шаар макамын алган.
Табияты.
Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түштүк өрөөндөрүн, Түркстан, Алай тоо кыркаларынын түндүк капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолордун кырлары деңиз деңгээлинен 4000—5000 м бийиктиктен ашык көтөрүлөт; дубандын эң бийик жерлери Түркстан кырка тоосунда (Кожобакырган суусунун башатында) 5580 м, Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында — Тилбеде) 5880 м. Дубандын аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кыргзжердин эң жапыз жери жайгашкан; ал деңиз деңгээлинен 401 м бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү бойунча дубандын аймагы төмөнкү геоморпологиалык зоналарга бөлүнөт: тоо этектериндеги түздүктөр зонасы, тоо арасындагы ойдуңдар зонасы, орто бийиктиктеги тоолор зонасы, бийик тоо зонасы. Тоо этектериндеги бир аз "жантайыңкы түздүктөр" дубандын эң жапыз жайгашкан бөлүгү. Баргана өрөөнүнүн чет жакасын (өндүрүн) түзөт. Түздүктөр негизинен антропогендик чөкмө тектерден (шагыл таштардан) түзүлүп, үстүн түрдүү калыңдыктагы лөс сымал кумай топурактар жаап жатат. Бул зонага Кастакөз-Кулунду, Төө Мойун, Кызыл Жар ж. б. түздүктөр кирет. Андан жогору "адырлар зонасы" жатат. Адырлар Баргана өрөөнү менен орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абсолүттук бийиктиги 1000—1300 "м"ге жетет. Адырлар бийик тоолордун кырынын жана капталдарынын жайпагыраак түзүлүштөгү релеби менен айырмаланат. Адырлар Түркстан жана Алай кырка тоолорунун этектеринде — Шаймерден-Cох суу бөлгүчтүрүндө, Кожобакырган-Ак суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Ак Суунун алабында зор айанттарды ээлейт. Адырлардын эң бийиги жана өзгөчөсү Белисынык жалдары болуп саналат. Анын түндүк капталы узун жана жазы, Кастакөз өрөөнүн карай жантайып түшөт; түштүк капталы кыска жана аскалуу, узатасынан созулган жазы Таш Рабат ойдуңуна тик түшөт. Белисынык жана Чимион адырлуу жалдары жайпак-ийилген, кургак колоттор-сайлар менен тилмеленген чөлдүү жалдар болуп саналат; алар шагыл-таш басымдуулук кылган борпоң чөкмө тектерден турат. Чимион жалы жаңы тектоникалык кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Бул аймактын адыларынын төмөнкү бөлүктөрүн палеоген-неогенде пайда болгон конгломерат, жогорку бөлүктөрүн дислокасиага дуушарланган байыркы антропогендик конгломерат тектери түзөт. Неоген конгломераттуу катмарларынын айрым жерлерин андан мурдараак пайда болгон түрдүү түстөгү мергел, кумдук жана чопо тектери жиреп чыгып, ал аймактарда өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди — чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. "Тоо арасындагы ойдуңдар" адырлар, этек тоо кыркалары, ошондой эле негизги кырка тоолордун аралыктарынан орун алган. Алар релептин төмөн ийилген пормасын пайда кылып, кеңдик бойунча созулган эки тилкени түзүп жатат. Анын түндүк тилкеси түштүк тилкесине караганда гипсометриалык деңгээли төмөн (900—1000 м абсолүттук бийиктикте) жайгашкан (мисалы, Кожобакырган суусунун алабындагы Таш Рабат ойдуңу). Ички ойдуңдардын түштүк тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессианы пайда кылат, абсолүттук бийиктиги 1500—1800 "м"ге жетет. Бул тилкеге Испана, Чарку-Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуңдар кирет. Ички ойдуңдардын релепин бир аз жантайыңкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Ойдуңдар негизинен антропогендик конгломерат, шагыл таш ж. б. тектерден түзүлүп, үстүн топурак каптап жатат. Тоо аралык ойдуңдардан жогору "орто бийиктиктеги тоолор" зонасы жатат. Ал бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыңкы жалдарын камтыйыт. Бийиктиги 2000—2500 м жана 3000 "м"ге чейин. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун курамына кирген бийик этек тоолор өтө жана терең тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Бул токол тоолор менен адырларды кеңдик багытта узатасынан (40°- параллел бойунча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуңдар бөлүп турат. "Бийик тоолуу зонага" ири Түркстан жана Алай кырка тоолору кирет. "Түркстан кырка тоосу" айрым кырка тоолордон жана жалдардан турат. Алар негизинен кеңдик багытта жайгашып түндүктү (Баргана өрөөнүн) жана батышты карай акырындап жантайат. Жалдар өрөөндөр менен бөлүнгөн, ал эми өрөөндөр – туурасынан кеткен кууш капчыгайлар менен тилмеленген. Дубандын аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 м бийиктикке чейин жетет. Мөңгүлөр, көп жылдык карлар бар. Кар чеги негизинен 4000—4500 м бийиктиктен өтөт. Кыры аска-зоокалуу. Бийик тоолуу бөлүгү өтө тилмеленгендиги, капталдары тик, терең жана кууш өрөөндөрдүн жыштыгы, аскалардын, корум таштардын, куюлма шагылдардын көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын "Алай кырка тоосу" түзөт. Ал узатасынан созулган жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн, туурасынан кеткен терең капчыгайлар менен тилмеленген кырка тоолуу аймакты түзөт. Кырка тоонун көп бөлүгүнүн башкы кар сызыгын жана негизги багытын так аныктоо өтө кыйын. Алай кырка тоосунун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргыз Ата) тоо массиби бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү дубандын аймагында. Кичи Алай кырка тоосунун абсолюттук бийиктиги Алай кырка тоосунукуна тең чамалашат. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстандыкындай эле асимметриалык түзүлүштө. Түндүк капталдары туурасы 80—100 "км"ге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында азыркы мөңгүлөр жана байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган. Мөңгүлөр Түркстан кырка тоосунун бийик (5400 м) чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасында эрозианын аракетинен терең жана татаал тилмеленген релеп түзүлгөн. Сай өрөөндөрүнүн — капчыгайлардын төр тарабында байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен тепши сымал релептин формалары пайда болгон. Тепши сымал өрөөндөрдү курчап турган тоолордун чокуларынын бийиктиги ал өрөөндөрдүн таманынан 1000 "м"ге чейин гана көтөрүлүп, өрөөндөрдөн төмөн капчыгайлар кууштап, тепши сымал өрөөндөрдүн, капчыгайлардын капталдарында корум шагыл-таштардын зор айанттары кездешет. Геоструктуралык жактан дубандын аймагы герсин бүктөлүү структурасына байланыштуу Түштүк Теңир тоо тектоникалык аймагына кирет.
Климат.
Дубандын климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деңиздик климатка окшош. Жайкы нымы жетишсиз, мелүүн жылуу, кышы мелүүн-суук. Дубандын 2500 "м"ге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында Үчтүн айынын көп жылдык орточо температурасы –3,3°Cдан –6,9°C, Текеники 25,3 – 15°C. Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан Теминген стансиасында Үчтүн айынын орточо температурасы –8,9°C (абсолүттук минимуму –30°C), Текеники 10°C (абсолүттук максимуму 38,7°C). Алай кырка тоосунун «орограпиалык ыктоодо» жайгашкан түндүк капталында Баргана тоо тизмегинин түштүк- батыш капталына караганда жыл ичинде жаан-чачын 2,5 эсе аз жаайт. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталына 1200—1500 м бийиктикте туран тибиндеги чөл климаттуу Баргана өрөөнүнүн таманындагыдай эле жылына 120—140 мм гана жаан-чачын жаайт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталдарында, Испара суусунун алабында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200—600 ммден Кожобакырган жана Ак сууларынын алаптарында 300—800 "мм"ге чейин көбөйөт. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында, орто бийик жана бийик тоолуу зоналарда жылдык жаан-чачындын өлчөмү 600— 800 "мм"ге, чанда 900 "мм"ге чейин жетет, ал эми жаан-чачындан ыктоо жайгашкан жерлерде тоолор менен курчалган туйук чуңкурчактарда жаан-чачындын өлчөмү 300—400 "мм"ге чейин төмөндөйт. Алай кырка тоосунун эң батыш бөлүгүндө, Cох суусунун алабында, тоо кыры 5000 "м"ден ашык көтөрүлүп, түштүктү карай бир аз ийилген жеринде гана жогорку зонада жаан-чачын жылына 1000—1200 "мм"ге чейин жаайт.
Суулары.
Дубандын суулары Cырдарыйанын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталган ири сууларга — Испайрамсай, Шаймерден, Cох ж.б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга — Исфара, Исфана, Кожобакырган, Ак ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cырдарыйанын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында жана кургак сайларында жерге сиңип кетет. Бул суулар негизинен эриген кар жана мөңгү сууларынан куралат. Алай жана Түркстан кырка тоолорунун капталдарында тоо көлдөрү да арбын, алардын ирилери: Тегермеч (же Зоркөл), Кезарт, Түзашуу ж. б. (Испайрамсайдын алабында), Курманкөл (Көк суунун алабында), Аугул (Cохтун алабында), Каракөл-Катта (Испананын алабында) ж. б. Облустун аймагында жалпы аянты 720 км²ден ашкан 530дай мөңгү бар. Алардын бардыгы Алай (568,1 км² ) ж-а Түркстан (151 км² ) кырка тоолорунун түндү капталдарында.
Облустун аймагынын топурак өсүмдүктөрүнүн таралышы ж-а алардын жалпы арид-дик мүнөздө болушу жылуулукка ж-а нымдалуу шарттарына түздөн-түз байланыштуу. Орто бийиктиктеги ж-а бийик тоонун төмөнкү бөлүгүндөгү күрөң, куба күрөң, тоо-шалбаалуу талаа топурактуу жерлерде арча токою, сейрек токой, талаа ж-а шалбаа-луу талаанын ар кандай типтери басымдуу. Арчалуу токой тилкесинин нымды, топурак кыртышын сактоодо, селге каршы ж-а санитария-гигиеналык мааниси зор.
Калкы.
1999 жылкы эл каттоо боюнча 382,4 миң киши же республиканын калкынын 7,9%ын түзгөн. Шаар калкы 100,2 миң киши (дубандын жалпы калкынын 26,2%ын түзөт), айыл калкы 282,2 миң (73,8%). Калктын жыштыгы 1 км² жерге 22,5 киши (республикада 24,1 киши). Шаарлары: Кызыл Кыя (калкы 31,8 миң), Cүлүктү (13,6 миң), Испана (15,9 миң), Баткен (11,0 миң); шаарчалары: Айдаркен (9,1 миң), Кадамжай (8,9 миң), Чыгыш (6,9 миң), Чабай (1,6 миң), Кеңеш (1,3 миң); ири айылдары: Үч Коргон (12,9 миң), Орозбек (7,5 миң), Кулунду (7,2 миң), Бужум (6,7 миң), Кербен (6,0 миң), Кара Бак (6,0 миң), Cамаркандек (5,6 миң), Меркез (5,0 миң), Андарак (4,7 миң) ж. б.
Дубандын калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыздар (дубандын жалпы калкынын 74,3%), өзбек (14,4%), тажик (6,9%), орус (2,2%), түрк (0,3%) ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт.
Дубандын калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору (2000 ж. республикада 19,7 ‰ болсо, дубанда 23,4‰ болгон), өлүм-житимдин коэпписиенти (республикада 7,0‰, дубанда 5,7‰) төмөн. Бул болсо жергиликтүү улуттун басымдуулук (74,3%) кылышы менен түшүндүрүлөт. Дубандын калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2000 ж. өсүш ар 1000 кишиге 17,7 (республикада 12,8) адамды түзгөн.
Дубандын калкынын өзгөчөлүгү мында аялдарга караганда эркектердин санынын көптүгүндө. 1000 аялга 1002 эркек (республика бойунча 975) туура келет. Дубандын эмгекке жарамдуу жалпы калкынын ичинен өспүрүмдөр (0—15 жаш) 43,3%ды (республикада 38,1%), ал эми эмгек курагынан өткөндөр 7,7%ды (республикада 9,2%) жана эмгекке жарамдуулар 50,0%ды (52,7%) түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын санынын азайышы республикадагы базар экономикасына өтүүдөгү өткөөл мезгилдеги социал-экономикалык репормага байланыштуу өндүрүштүн деңгээлинин төмөндөшү жана өнөр жай ишканаларынын иштебей калышы себеп болууда. Натыйжада шаарлар менен шаарчаларда иштебей калгандардын саны көбөйүп, миграсиа өскөн. Айрыкча эмгекке жарамдуу калктын ичинен, мигранттар көбүнчө Бишкек шаарына жана Чүй дубанына келишкен. Мына ушуга байланыштуу Кызыл Кыя шаарынын калкы 1989 ж. 36,8 миң болсо, 1999 ж. 31,8 миңге азайган, Cүлүктүдө 14,8 миңден 13,6 миңге, Айдаркенде 11,1 миңден 9,1 миңге, Чабайда 2,1 миңден 1,6 миңге кыскарган.
1999 жана 2000 жылдардагы дубандын аймагына кирген душмандарга, эл аралык террористтерге каршы согуш аракеттери да калктын миграсиасынын күчөшүнө алып келди. Өлкөнүн башка аймактарына кеткен мигранттардын саны 2000 ж. 6 миңден ашуун болду.
Жумушсуздардын санынын жогорку деңгээлде болушу орчундуу көйгөй бойдон калууда. Каттоодо турган жумушсуздардын саны 2001 жылдын Үчтүн айынын 1-не карата дубан байунча 8,2 миң киши болгон. Бир жумушчу ордуна мында 186 киши туура келүүдө. Мындан тышкары дубанда катталбаган «көмүскө» жумушсуздар да бар.
Экономикасы.
Республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлейт.Облустагы калктын эмгекчилдиги экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт.Өнөр жайы облустун экономикасында гана эмес, респ-да да маанилүү орунду ээлейт. Бул региондо сурьманын, сымаптын бүт көлөмү, көмүрдүн 20,4%, ферменттелген тамекинин 19,6%и, улуттук килем буюмда-рынын 35,5%и өндүрүлөт.Cурьма ж-а сымап өндүрүү б-ча Кырг-н дүйнөлүк өндүрүүчөлөрдүн катарында турат. Облус дүйнөлүк керектөөчүлөрдү сурь ма м-н 20,0%, сымап м-н 15,0% камсыз кыла алат. Кадамжайда алынган сурьма 1958-жылдан сапаты жагынан дүйнөлүк ры-нокто эталон катары бааланып көп өлкөлөргө экспорттолот. Натыйжада облус товар-ларды жогорку экспорттоочу болуп калат. Экспорттук продукциянын суммасы 2001-ж. 17,7 млн долларды түзүп, импорттон бир кыйла же 6,3 эсе ашкан.Облустун ө. ж. тармактык структурасында түстүү металлургия, тамак-аш, ун тартуу-акшак ж-а аралаш тоют, курулуш материалдар ө. ж. тармактары жалпы облустун ө. ж. продукция-сынын 95,0%ин өндүрөт. Облустун башка ө. ж. тармагы отун ө. ж. анча чоң эмес үлүштүээлейт. Ага карабастан ал өнөр жайдын район аралык мааниси бар. Үч ишканасы: «Кызылкыя көмүр» акционердик коому (АК), «Кызылкыя шахта курулуш» ж-а «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому иштейт. Мында 2001-ж. респ-да казып алынган көмүрдүн 20,4%ы же 97,0 миң ткөмүр өндүрүлгөн. Облустун отун ө. ж-да акыркы жылдарда мунайзат ж-а газ өндүрүү тармагы пайда болду. Анын базасын көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келет, жаңыдан облуска өткөн Арка ж-а Бүргөндү массивдериндеги кендер түзөт.Облустун ири өнөржай ишканалары: «Кызылкыя тамекиси» акционердик коому, «Айдаркен сымап комбинат» мамл. акционердик коому, «Кадамжай сурьма комбинаты» акционердик коому, «Нур» акционердик коому, «Кызылкыя шахта курулуш», «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому, «Кызылкыя көмүр» акционердик коому, «Кызылкыя дан азыктары»акционердик коому, «Кызылкыя машза-вод»ж. б.
Транспорту.
Облустун азыркы транспорт тармагы: автомобиль, темир жол, аба ж-а куур (трубопровод) транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош—Кызылкыя—Пүлгөн—Ай-даркен—Баткен—Исфана—Cүлүктү; Кызылкыя—Дарооткоргон; Кызылкыя—Кувасай (Өзбекстан); Баткен—Исфара (Тажикстан); Кызылкыя—Маркамат (Өзбекстан)—Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын облустун аймагы б-ча нормалдуу, эркин жүрүшүнө тоскоол-дук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт ж-а документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор облустун ыраак жайгаш-кан калктуу пункттарын райондун борбору, о. эле Ош шаары м-н транспорттук-экон. жактан байланыштырып турат.Облустун аймагындагы автомобиль жолунун уз. 1,2 миң км, анын 414 кми асфальт-танган, 466 кмташ төшөлгөн жол. Бул жолдордун басымдуу бөлүгү айылдык жерлерде жайгашкан. Каржылоо каражатынын жетишсиздигинен жолдорду реконструкциялоо ж-а капиталдык ремонт жүргүзүү кыйынга турууда. Буга байланыштуу коңшулаш мамле-кеттердин «анклавдарынан» айланып өтүүчү жолдорду куруу облустун гана эмес респ-нын да маанилүү экон. ж-а саясий проблемасы болуп калууда.Автомобиль транспорту жүк ж-а жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт. 2001-ж. 1,8 миң т жүк, 13,8 миң жүргүнчү ташылган. Алар-дын ичинен 383,5 миң т же 16,4% жүк, 433,3 миң же 31,4% жүргүнчү ж-а менчик авто-транспорттор м-н ташылган.Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчи 1907-ж. Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров бекетинен 37 км аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында рекон-струкцияланган. Экинчиси 1928-ж. курулуп, Кызылкыя шаарын Өзбекстандын темир жол системасы м-н туташтыруучу Фергана—Кувасай (Өзбекстан)—Кызылкыя темир жол тармагы. Уз. 42 км.Бул темир жолдор неги зинен көмүр ташуу үчүн курулган. Алар тоолуу жерлер м-н өтөт, айрыкча Драгомиров—Cүлүктү кууш темир жолун эки капта-лынан тоонун тик капталдары тосот. Анын уз. облустун аймгында 30 километрдей. Ушуга карабастан бул жолдордун облустун аймагында чоң жүктөрдү ташууда айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоң. Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ. Аэро-порттор Баткенде (1950-ж. курулган), Исфанада, Кызылкыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп жатат. «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош шаарына күнүгө, Бишкек ш-на 2—3 авиарейстери болуп турат. Жайында Чолпоната шаарына (Ысыккөл) каттайт.
Маданият.
Маданият тармагында 2000-ж. 1 млн нуска китеби болгон китепканалар, облус-тук драма театры, 2 райондук элдик театр иштеген. Облустук радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүүлөр кыргыз, орус, тилиндеринде жүргүзүлөт. Облустук "Баткен таңы" гезити ж-а 3 райондук (Кызыл Туу, Эл жарчысы, Ата-журт) гезиттери чыгарылат.
Облустун аймагында көптөгөн тарыхый-маданий объектилер бар. Биздин замандын 1—6-к-дарына таандык Аирбаз, Баткен, Кайрагач, Каракамар, Кожо-бакырган, Обишир тургун жайларынын калдыктары, 9—16-к-дардагы Булакбашы, Ис-фана, Карабулак шаар чалдыбарлары, Кокон мезгилиндеги чептердин калдыктары — Кан, Кыштут ж-а Кайрагач айылында архитектуралык эстелик-мечит бар. Рабат айы-лынан түштүгүрөөк тарапта аты уйкаш байыркы кен казуучулардын тургун жайы, Cамаркандык айылында тарыхый рудник, Канигут үңкүрү сакталган.
Билим берүү.
Билим берүү облустун аймагында 5 негизги стадияга бөлүнөт: мектепке чейинки, башталгыч, орто, атайын орто ж-а жогорку билим берүү. Облуста 18 (2353 орундуу) мектепке чейинки мекеме (2001-ж. 2454 бала тарбияланып, 135 тарбиячы иште-ген) иштейт. 2001/02-окуу жылында 188 жалпы билим берүүчү мектеп (103,0 миң окуу-чу), а. и. 14 башталгыч мектеп (2,0 миң), 16 негизги мектеп (3,7 миң), 156 (95,6 миң) орто мектеп, 2 (232) акылы кем балдарды окутуучу мектеп иштеген. Мектептердин бардыгын мамлекет каржылайт. 101,3 миң окуучудан (акылы кем балдардан башкасы) 75,4 миңи (74,3%) кыргыз тилинде, 15,4 миңи өзбек, 7,3 (7,2%) миңи орус тилинде, 3,1 миңи (3,1%) тажик тилинде окушат. Мектептерде иштеген мугалимдердин саны 7474 болгон, а. и. 4687 (62,7%) жогорку билимдүү, 425 (5,8%) толук эмес жогорку, 1517 (20,3%) атайын орто ж-а 835 (11,2%) орто билимдүү. Бир мугалимге 13 окуучу (респ-ка б-ча 15) туура келет. Облуста 2001-ж. 10 кесиптик-тех. окуу жайы (2,5 миң окуучу), 3 атайын орто (1,3 миң студент) окуу жайы болуп, анда 114 окутуучу (а.и. 108 жогорку билимдүү) иштеген. 2001/02-окуу жылында облуста жалгыз жогорку окуу жайы болуп (13,3 миң студент), анын күндүзгү бөлүмүндө 2,5 миң, кечки бөлүмүндө 0,3 миң, сырттан окуу бөлүмүндө 6,0 миң студент окуган. Анда 286 профессор-окутуучулар (а. и. 10 илимдин доктору, 34 илимдин кандидаты) иштейт.
Саламаттыкты сактоо.
Облустун саламаттык сактоо тармагында 2001-ж. 810 койкалуу 3 борборлоштурулган оорукана, 66 койкалуу 2 шаардык оорукана, 963 койкалуу 19 участ-калык оорукана, 21 врачтык амбулатория, 72 фельдшер акушердик пункт болгон. Алар-да 616 врач, 3003 медициналык кызматкер иштеген. Мындан тышкары 43 үй-бүлөлүк врачтар тобу (Кадамжай р-нунда - 21, Лейлекте -8, Кызылкыя ш-нда - 8, Баткенде - 3 ж-а Сүлүктүдө -3) уюштурулган.
Райондору.
Баткен району 1933-ж. уюшулган. Облустун борб. бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай р-ндору, түш.- чыгышынан Ош облусунун Чоң Алай р-ну м-н чектешет. Райондун чыгышында Сох (Өзбекстан), борб. бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавдары бар. Аянты 6,2 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 36,2% түзөт). Кал-кы 64,6 миң (2002). Район 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары. Ал эми Кадамжай району 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен р-ну, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аян-ты 6,1 миң чарчы км. Калкы 151,0 миң (2002). Борбору – Пүлгөн кышталат. Лейлек району Баткен облусундагы адм. район. Район 1928-ж. уюшулган. Түн.-батышынан ж-а түштүгүнөн Тажик-стан, чыгышынан Баткен р-ну м-н чекте-шет. Аянты 4,7 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 27,4%и түзөт). Калкы 105,5 миң (2002). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), Восточный (Кошбулак) шаар-часы ж-а 8 айыл өкмөтү бар. Борбору - Исфана ш. | wiki | {"id": "1561", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1561", "title": "Баткен облусу"} |
Нарын облусу ― Кыргызстандын эң чоң облусу. СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдагы 21-ноябрындагы буйругу менен Тянь-Шань облусу катары негизделген. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын 14-декабрында кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн.
Борбору — Нарын шаары.
Калкынын саны — 312,100 адам (2024-жыл).
Тарых.
СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгынын негизинде 1939-жылдын 21-ноябрындагы, борбору Нарын шаары болгон Тянь-Шань облусу катары түзүлгөн. Алгач курамына 6 районду (Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын жана Тогуз-Торо) жана облустун карамагындагы бир шаарды камтыган. 1944-жылы Куланак жана Чолпон райондору түзүлгөн (кийинчерээк, 1958-жылы Куланак району жана 1956-жылы Чолпон району жоюлган).
1962-жылы 30-декабрда Тянь-Шань облусу жана анын курамына кирген Жумгал жана Тогуз-Торо райондору жоюлган. Облусту түзгөн калган райондор Кыргыз ССРине түздөн-түз баш ийүүсүнө өткөн.
1970-жылы 11-декабрда Нарын шаарын жана Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Тогуз-Торо жана Тянь-Шань райондорунун курамына камтып, Нарын аталышында облус катары кайрадан түзүлгөн.
1988-жылы 5-октябрда Кыргыз ССРинин аймактык бөлүнүшүн ирилештирүү иш-чараларынын жыйынтыгында Ысык-Көл облусу менен бириктирилген. Ошол эле иш-чаралардын негизинде Тогуз-Торо району Ош облусунун курамына өткөрүлүп берилген.
1990-жылы 14-декабрда Кыргыз ССРинин «Кыргыз ССРинин облустук бөлүнүшүн өркүндөтүү жана жаңы облустарды түзүү жөнүндө» мыйзамына ылайык кайрадан өзүнчө Нарын облусу катары бөлүнгөн.
1992-жылы 6-мартта Жумгал районунун Суусамыр айылдык кеңешин өз алдынча Суусамыр району болуп түзүлгөн (борбору Суусамыр айылы деп кабыл алынган). 1994-жылы 28-майда Суусамыр району Чүй облусунун курамына өткөрүлүп берилген.
2004-жылы 24-июнда Тянь-Шань району Нарын району деп аталып, облустун борбору Нарын шаары Нарын районунун курамынан облустук баш ийүүсүнө чыгарылган.
География.
Облус Кыргызстандын түштүк-чыгышында жана борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Жалпы аянты 45,200 км² түзүп, Кыргызстандын аймагынын 1/4 бөлүгүн ээлейт.
Нарын облусу чыгышына Ысык-Көл, түндүгүнөн Чүй, түндүк-батышынан Жалал-Абад, түштүк-батышынан Ош облустары менен, түштүгүнөн Кытай Эл Республикасы менен чектешет.
Рельеф.
Облус тоолуу аймакта жайгашканына байланыштуу, рельефи татаал келип, аймагынын 95% деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан жана аймагынын 70% тоо кыркалары ээлейт. Алардын эң ирилери: Какшаал (узундугу 582 км созулган эң ири тоо кыркасы, Кытай жана Кыргызстанды бөлүп турат), Ат-Башы, Нарын, Жетим, Молдо-Тоо, Суусамыр.
Облустагы тоо системасы өзүнө бийик (Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы, Кара-Коюн, Чатыр-Көл, Соң-Көл) жана орто тоолуу (Жумгал, Кочкор, Миң-Куш, Орто Нарын) субкеңдиктүү созулган тоо ойдуңдарынын кезектешүүсүн, ошондой эле, аны курчаган, Молдо-Тоо, Жумгал-Тоо, Ат-Башы, Жаман-Тоо, Нарын, Соң-Көл, Торугарт, Какшаал тоо кыркаларынан турган тоо системасын камтыйт.
Ойдуңдардын түбүнүн абсолюттук бийиктиги ар кандай: бийик тоолуу өрөөндөрдө деңиз деңгээлинен 3000 метрден 3800 метрге чейин, орто тоолуу аймактарда — 1500 метрден 2600 метрге чейин. Кыркалардын орточо бийиктиги 3600 метрден 4500 метрге чейин вариацияланат. Өзүнчө жайгашкан тоо чокулардын бийик чекиттери 5100 метрден жогору. Эң бийик жери — Данкова чокусу (5982 метр). Тоо кыркалары көптөгөн өрөөндөр менен бөлүнүп турат.
Тоо арасындагы өрөөндөр өз ара каньон сымал терең капчыгайлар менен кошулган (диагоналдуу кошулмалар менен бөлүнгөн) аймактарды элестетет. Чыгыштан батышты карай рельефтин бөлүк-бөлүк болуусу күчөйт. Облустун чыгыш бөлүгү жантайма-дөңсөөлүү мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрү менен мүнөздөлөт. Рельефтин бийиктиктик алкатуулугу бир нече табигый алкактарды калыптандырат: чөл жана жарым чөлдөн тарта альпы алкактарына чейин.
Өрөөндөрдүн ириси — Нарын өрөөнү. Ак-Шыйрак тоо кыркасы Нарын өрөөнүн экиге бөлүп турат: Алабуга жана Тогуз-Торо болуп. Ат-Башы тоо кыркасынын түштүгүндө Аксай жана Чатыр-Көл өрөөндөрү, батышында Арпа өрөөнү жайгашкан. Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо, Ак-Шыйрак, Ала-Мышык тоолоруна чукул жантаймалар, кыска капчыгайлар мүнөздүү. Облустун түндүгүндө Кара-Жорго, Соң-Көл, Кабак, Жумгал тоо кыркалары жана тоо аралык Жумгал, Кочкор өрөөндөрү орун алган.
Климат.
Облустун климаты континенталдуу, кышы суук жана узак. Сутка ичинде температуранын чукул өзгөрүүлөрү мүнөздүү, жайкысын да үшүк жүрүшү мүмкүн. Орточо жылдык жаан-чачындар түздүктөрдө 200-300мм түзүп, тоолордо кичине көбүрөөк. Жаан көп жааган мезгил жаздын экинчи, жана жайдын биринчи жарымына туура келет. Бул учурда жылдык жаан-чачындын 30-60% түшөт. Өрөөндөрдө жаандын көлөмү батыштан, чыгышты карай көбөйөт. Кардын жалпы орточо калыңдыгы Нарын жана Жумгал өрөөндөрүндө 15-20см түзөт, ал эми Арпа өрөөнүндө 60см чейин жетет. Албетте тоолордо 2-3метр калыңдыктагы карлар түшөт бирок мындай кар бардык жакка тегиз түшпөйт. Кочкор өрөөнүндө катуу шамалдын айынан кар азыраак.
Климаттык аймакташтыруу боюнча Нарын облусу Ички Тянь-Шанда орун алган. Ички Тянь-Шанды шарттуу түрдө үч бөлүккө бөлүүгө болот: түндүк, борбордук жана түштүк-чыгыш:
Гидрология.
Нарын облусунун негизги дарыялары катары Сыр-Дарыя бассейнинин дарыялары саналат, алар Чоң Нарын жана Кичи Нарын дарыялары, алардын кошулуусунан пайда болгон Нарын дарыясы, ошондой эле, анын сол куймалары Ат-Башы, Терек, Жаман-Даван, Ала-Буга дарыялары, оң куймалары Он-Арча, Көкжерти, Көкөмерен жана анын кумасы Жумгал дарыясы. Чу дарыясынын бассейниндеги дарыялар: Кочкор, Кара-Кужур, Чыгыш Сөөк жана Каракол, Жоон-Арык. Кошумча Тарим бассейнинин дарыясы — Ак-Сай. Нарын облусунун аймагында эки ири көл бар: Соң-Көл жана Чатыр-Көл. Булар, тектоникалык чуңкурларда жайгашкан.
Айтылгандай эле суулары Сыр-Дарыя, Тарим, Чу бассейнинин дарыяларына жана Чатыр-Көл көлүнө куят. Эң ири Нарын дарыясы, облус аймагындагы узундугу 400 км ашык. Нарын дарыясынын негизги булактары Чоң жана Кичи Нарын, Он-Арча, Ат-Башы, Алабуга, Көк-Ирим, Көкөмерен суулары. Чу дарыясы Жоон-Арык жана Кочкор дарыяларынын кошулуусунан пайда болот.
Нарын дарыясы Кыргызстан жана Өзбекстандын аймактары аркылуу өтөт. Кара-Дарыя менен кошулуп Сырдарыяны түзөт. Дарыянын узундугу 807 км (облус ичинде 400 км), бассейн аянты 59,9 миң чарчы км. Таш-Көмүр, Нарын, Үч коргон шаарлары аркылуу өтөт. Баш жагында аянты 91023,5 гектар болгон Нарын мамлекеттик коругу орун алган. Нарын дарыясынын болжолдуу 15% Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат, калганы Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт. Жалпы суу энергиясынын запасы боюнча Волга дарыясына жакын, Волга дарыясы 6,20 млн киловатт, Нарындыкы 5,94 млн киловатт.
Соң-Көл Ысык-Көлдөн кийинки Кыргызстандын ири көлдөрүнүн экинчиси, деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 29 км, туурасы 18 км түзөт. Максималдуу тереңдиги 13,2 метр. Суунун орточо температурасы -3,5 градус, жайкысын 11 градуска чейин жылып, кышкысын -20 чейин муздайт. Көлдө сентябрь айынан июньга чейин муз тоңуп турат. 1959-жылга чейин көлдө бир дагы балык жок эле, андан кийин биологдор атайын балыктын чабактарын көлгө коё беришкен.
Кыргызстандын бардык суу запастарынын ири бөлүгү Нарын облусунда чогулган. Чатыр-Көл дагы Кыргызстандын ири көлдөрүнүн катарына кирип, Ак-Сай өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, Кытай чек арасынын жанында орун алган. Тереңдиги 16,5 метр, ал эми суунун температурасы июль-август айларында 6-16 °C айланасында. Торугартка бараткан туристтер көлдүн жээгине көп токтошот. Көлдүн айланасындагы жер кыртышы саздак келет.
Нарын облусунун түштүк-чыгыш жагында теги муз-мөңгүлүү, бийик тоолуу Көл-Суу көлү орун алган. Көлдүн өңү ачык көк, жашыл сыяктуу болуп, айланасындагы тоолор менен мыкты түстүү айкалышта. Көл уранды түрдө болуп, тоо жарларынын ортосунда пайда болгон. Тоолор тосуп турганына байланыштуу, көлдүн аркы жээги көрүнбөйт, ал үчүн кайык же кеме менен сүзүп өтүш керек. Көлдүн узундугу 9 км, туурасы 500метрден 2 км чейин. Көл-Суу кээде жоголуп, кээде пайда болуп калат, ушуга байланыштуу муну жергиликтүү тургундар сырдуу көл деп дагы айтышат.
Мөңгүлөр 4000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты болжол менен 500 км². Мөңгүлөрдүн көбү Какшаал кырка тоосунда жайгашкан. Эң ирилери болуп Ак-Сай, Ай-Талаа, Орто-Таш мөңгүлөрү.
Пайдалуу кендер.
Облус аймагы кен байлыктарга бай келип, Жетим темир кени Орто Азияда жападан жалгыз кен. Ошондой эле, нефелиндик сиенит, коргошун, цинк жана алтын кендери бар. Кочкор өрөөнүндө ири туз таштарынын кени жайгашкан. Түрдүү курулуш кендери дагы аз эмес, алар: чопо, кум, шагыл, гравий, мрамор. Термалдык жана минералдык булактар бар. Мындан тышкары Кыргызстандагы ири Каракече, Миң-Куш көмүр кендери орун алган.
Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында жайгашкан Солтон-Сары алтын кени дагы азыркы учурда иш алып барууда.
Фауна.
Нарын өзүнүн түрдүү фаунасы менен да айырмаланат. Облуста сейрек канаттуулар жана жаныбарлар да мекендешет алар: кара кунас, ителги, бүркүт, көк жору, тоо казы, талаа бүркүтү, суу бүркүтү, аркар, кызыл карышкыр, жейрен, аюу, сүлөөсүн, ак илбирс ж. б. Булардын айрымдары кызыл китепке киргизилген, мисалы, илбирс (Panthera uncia), тоо казы (Anser indicus).
Флора.
Нарын облусунун өсүмдүктөр дүйнөсү ар түрдүү. Тоо боорлорунда тик ландшафт алкактары байкалат. Тоо чөлдөрүнүн жана жарым чөлдөрүнүн алкактары өрөөндөрдүн түп жагында, тоо этектеринде, дарыялардын жээк аймактарын, Чатыр-Көл көлүнүн төмөнкү бөлүктөрүн ээлейт. Облуста энедемиктүү сейрек Тянь-Шань көк карагайы жана Туркестан арчасы өсөт. Чычырканак, эфедра, чөп чай, тегерек баш чөп, валериана өсүмдүктөрү да бар. Өсүмдүктөрдүн арасынан шыбак, эрмендер басымдуулук кылып, кез-кез бетеге, амаранта, эфемерлер, бадалдардын токойлору бар. Соң-Көл ойдуңу жана кээ бир бийик тоолуу өрөөндөр тоо-талаа алкагына таандык. Бул жерде тоо чөлдөрү, талаалары жайылып, мында бетеге, тарак баш, кобрезия, шыбак жана эфемерлер басымдуу кылат. Тоо боорлору, айланасындагы өрөөндөр субальпы алкагына тиешелүү. Тоо шалбаа жер кыртышында субальпы шалбалуу өсүмдүктөр бар. Токойлор жана бадалдар өскөн аймактар облустун 3% ээлейт.
Административдик-аймактык бөлүнүш.
Нарын облусунда 5 район, 1 шаар, 135 айыл бар.
Калкы.
2002-жылы облустун аймагында республиканын калкынын 5,2% и (257,9 миң) жашаган. Алардын 98,8% кыргыздар, калгандары орус (0,2%), өзбек (0,3%) ж. б. улуттар. Республикада калкы эң сейрек отурукташкан облус, анын калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,8 адам туура келет . Жумгал, Кочкор жана Нарын өрөөндөрүндө калк салыштырмалуу жышыраак отурукташкан. Негизинен автомобиль жолдорду жана сууларды бойлой жайгашкан. Шаар калкы облустун калкынын 18,1%ин түзөт (46,8 миң адам), алар Нарын ш-нда (41,4 миң), Достук (0,8 миң), Миңкуш (4,6 миң) шаарчаларында жашайт. Облустун ири кыштактары – Атбашы (11,9 миң), Кочкор (8,5 миң), Баетов (9,4 миң), Чаек (12,6 миң), Байзак (4,9 миң), Карасуу (4,1 миң), Кошдөбө (3,3 миң адам) ж.б. Облустун калкынын 42,7%ин эмгек курагына жете элек жаштар, 50,5%ин эмгек курагындагы адамдар, 8,8%ин улуу муундагы карылар түзөт. 2002-ж. атайын катталган жумушсуздардын саны 8,4 миң адамды түзгөн. Калктын миграциясы: облуска келгендер 2001-ж. 1388 адам, кеткендер 2575, миграциялык азаюу 1187 адамды түздү.
Экономикасы.
Айыл чарба.
Экономиканын агро өнөр-жай сектору облустун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, калкты иш менен камсыз кылууда жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүдө негизги тармак болуп саналат.
Айыл чарбасы Нарын облусунун экономикасынын негизги тармагы болуп, бардык региондук дүң продукциянын үчтөн биринен көбүн камсыз кылат. Республиканын айыл чарба дүң продукциясынын 6,6%ын Нарын облусу берет.
Нарын облусунда мал чарбасы өзүнүн тарыхый багытын (кой чарбасы, бодо мал жана жылкы чарбасы) сактап, айыл чарбасынын 2/3 бөлүгүн ээлейт. Жаратылыш-климаттык ынгайлуу шарттар, кɵп сандаган жайыттар районду уяң жүн жана койдун этин өндүрүүгө адистештирүүгө мүмкүндүк берди. 2023-жылдын 1-январына карата бодо малдын саны 207 043 баш, кой-эчкилер 1 127 887 баш, жылкылар 142 493 баш болду. Малдын санынын динамикасын талдоо көрсөткөндөй, акыркы жылдары малдын саны өсүүдө: 2022-жылы бодо малдын, кой, эчки жана жылкынын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2,7%га өскөн.
Айыл чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жакырчылыкты кыскартуу маселесин чечүүдө эбегейсиз зор потенциалга ээ, ошондуктан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.
Нарын облусуна Кыргыз Республикасынын жайыттарынын үчтөн бир бөлүгү туура келет. Айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 2 780 453 га. Анын ичинен: 121 миң гектар айдоо, 120 миң 100 гектар сугат жер, 200 гектар көп жылдык плантация, 9400 гектар кайрак, 12500 миң гектар чабынды, 2638 миң гектар жайыт. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана көп жылдык көчөттөрдүн айдоо аянты 111 миң 428 гектарды түзөт. Алар: дан эгиндери – 25060 га, буудай – 6000 га, арпа – 19000 га.
Айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн түзүмү: өсүмдүк өстүрүү 25,5%, мал чарбасы -72,5%. 2022-жылы жеке ишканалар менен бирге 43 277 фермердик жана дыйкан чарбалары катталган. Жылдан-жылга малдын, айрыкча кой, жылкы, бодо малдын саны өсүүдө.
2022-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 24683,6 млн сомду түздү же 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,3%ды түздү. Нарын облусу мал чарбачылыгына адистешкен.
Аянты 747,4 миң гектарды түзгөн бийик толуу жайыттары топозду багуу үчүн абдан натыйжалуу. Жайыттардын тоюттук сыйымдуулугу, баалуу жана ар түрдүү продуктыларды: эт, сүт, тери, жүн, эт жана сөөк унун, ошондой эле медициналык максатта баалуу эндокриндик органдарды камсыз кылган 25 миңге жакын баш топозду кармоого мүмкүндүк берет.
2017-жылы мамлекеттик статуска ээ болгон асыл тукум чарбалардын саны 20 болсо, 4 жылдын ичинде, башкача айтканда, 2022-жылы асыл тукум чарбалардын саны 33кө жеткен. Бул малдын санына эмес, сапатына жылдан-жылга көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын айгинелейт, башкача айтканда сандан сапатка өтүү принциби акыркы мезгилде райондун дыйкандары тарабынан активдүү колдоого алынууда. Бул чарбаларда учурда 8431 баш кой, 513 баш жылкы, 975 баш уй, 400 баш топоз бар.
Региондо малдын санынын көбөйүшү менен айыл аймактарда ветеринардык пункттарды уюштурууга да жыл сайын өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, 2019-жылга салыштырмалуу алардын саны 10 ветеринардык клиникага көбөйүп, 45ке жетти.
Келечекте Нарын облусуна 5 млрд 201,0 млн сомго 9 ирригациялык объектилерди куруу жана реабилитациялоо пландалууда.
Транспорт жана байланыш.
Транспорттун негизги түрү болуп автомобилдер саналат. 1930 жылдардын ортосуна чейин облустагы жалгыз жол XIX кылымдын аягында салынган Кочкор-Нарын жолу болгон. Бишкек-Торугарт эл аралык жолунун курулушу менен Кыргызстандын бардык райондору жана республиканын борбору менен байланышкан. Бул магистралдан ички облус жолдору бөлүнөт: Кочкор-Чаек-Миң-Куш, Сары-Булак-Балгарт, Нарын-Казарман-Жалал-Абад, Ат-Башы-Кында-Ак-Сай.
Нарын шаарындагы аба майданынын имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган, бирок 2013-жылы Бишкек—Нарын аба каттамы ачылып, эл каттамдын жол киресин көтөрө албагандыктан, тез эле токтотулган. 2023-жылы аймактардагы аба майдандарды өнүктүрүү программасынын алкагында Нарын шаарынын аба майданын толугу менен реконструкциялоо пландалып, ушул эле жылы реконструкциялоого багытталган иштер башталган.
Туризм.
Нарын облусунун жаратылыш климаты, ак мөңгүлүү тоолору, шар агын суулары ошондой эле облус Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыгы менен туризмди эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий байлыгы менен чет элдик туристтерди, инвесторлорду кызыктырып келет. Нарын облусу Улуу Жибек-Жолунун боюнда жайгашып, чет элдик туристтердин келип-кетүүсү жылдан-жылга мындан дагы көп болушу күтүлүүдү. Облустун туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында, жергиликтүү бийлик аракеттерди көрүп келет.
Нарын облусуна 2022-жылдын 9 айында 32813 мин турист келип, киреше 9 млн 303 мин, 300 сом болгон, ал эми 2023-жылдын 9 айында 100630 миң турист келип, киреше 48 млн 593 мин, 400 сом болду. (салыштырмалуу 67817 туристке, киреше 39290,1 сомго көп болду). Облуста 284 (203-жеке жактар, 81-юридикалык жактар) туристтик субьектилер каттоодон өтүп, 128 субьекти активдүү иш алып барууда.
Нарын облусунун аймагына 2023-жылдын 9 айында 21816 чет элден туристтер келген, туристтердин көбү Франция-4766, Германия-2859, Швейцария-2202, Россия-1801, АКШ-1528,Австралия-1075 Бельгия-1017, Польша-1402, Италия-1318, Израиль-991, Гидерланды-597, Испания-502, Корея-421, Великобритания-400, Кытай-199, Казакстан-166, Турция-110, Араб Эмираты-78, ж.б туристтер түзгөн.
Ажайып жерлери.
Нарын облусунда, Кыргыз Республикасынын башка облустарын сыяктуу эле жаратылышы абдан кооз жана акыркы жылдары башка мамлекеттердин туристтерин кызыктырып келет. Акыркы учурларда туристер көп келген жерлердин кээ бирлеринин тизмеси:
Билим берүү.
2023-2024-окуу жылында Нарын облусу боюнча 143 мектеп, 145 бала бакча иш алып барат. 2023-2024-жылы 143 орто мектепте 61570 окуучу, 145 бала бакчага 13390 бала тартылды. Мугалимдердин саны 5707, анын ичинен пенсия жашындагылар 1438, жаш мугалимдер-347. Бала бакчада 879 тарбиячы эмгектенүүдө.
Жаңы 2024-2025 окуу жылына мектептер китеп менен 85,6%, компьютерлер менен 78,2% камсыз болгон.
Окуучулардын жалпы билим сапаты 2021-2022-окуу жылында 54,2% болсо, 2022-2023-окуу жылында 53,0%ды түзгөн.
Саламаттыкты сактоо.
Нарын облусунун саламаттыкты сактоо системасына Нарын райондук ЖДПБнын 4 ооруканасы, 1 Нарын облустук бириктирилген ооруканасы, 4 жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ), 1 райондук үй-бүлөлүк медицина борбору, 2 Санэпид борбору, кургак учук жана СПИДке каршы күрөшүү борборлору, кан борбору, соттук-медициналык экспертиза бюросу, 48 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ), 80 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) кирет. Бул медициналык мекемелерде 345 врач жана 1453 орто медициналык кызматкер иштейт.
«Манас таалими» жана «Ден-соолук» саламаттыкты сактоо системасын реформалоо программаларынын алкагында акыркы жылдары облуста баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого жана үй-бүлөлүк медицина институтун калыптандырууга багытталган түзүмдүк өзгөртүүлөр жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 158 дарыгер жетишсиз. | wiki | {"id": "1566", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1566", "title": "Нарын облусу"} |
Ош облусу ― Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Жалал-Абад Сузак р-ну, түн.-батышынан Өзбекстан, батышынан Баткен облусу, түштүгүнөн Тажикстан, түнд-чыгышынан жана чыгышынан Нарын облусу, Кытай менен чектешет. Ош облусу 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган.1959-ж. 27-январда Жалал-Абад облусу менен биригип, 1990-ж. 14-декабрда кайра эки облуска – Ош жана Жалал-Абад облустарына ажыраган. 1999-ж. Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн. Облус 7 районго (Алай, Араван, Каракулжа, Карасуу, Ноокат, Өзгөн, Чоң Алай), 3 шаарга (а. и. Ош шаары облуска, Карасуу, Өзгөн районго баш ийет), 2 шаарчага (Найман, Сарыташ), 82 айыл өкмөтүнө, 469 айылга бөлүнөт. Аянты 29,2 миң км2.
Калкы 1247,3 миң (2003).
Борбору – Ош шаары.
Табияты.
Ош облусу Памир-Алай жана Батыш Теңир-Тоо аймагында, Амударыя менен Сырдарыянын алаптарында жайгашкан. Тоолуу рельеф мүнөздүү, деңиз деңг. бийиктиги түндүгүндө 500 мден түштүгүндө 7000 м бийиктикке чейин өзгөрөт; тоо аралык өрөөндөрү жана ойдуңдары 900 мден 3000 мге чейинки бийиктиктерде жайгашкан. Түрдүү абс. бийиктиктерде жайгашкан бийик тоолор менен адырлардын, тоо аралык ойдуңдардын татаал айкалышы аймактын рельефинин өзгөчөлүгүн түзөт. Ош облусунун түш.бөлүгүн Памир-Алай тоо системасына кирген Алай, Чоң Алай кырка тоолору, түн.-чыгышын Батыш Теңир -Тоо системасындагы Фергана тоо тизмеги, түндүгүн Фергана ойдуңунун түш. чет жакасы жана аны чектеп турган кырка тоолорду этек тоолору ээлейт. Алай кырка тоосунун (бийикт. 6000 мге чейин) Фергана өрөөнүн караган түн.капталы жантайыңкы келип, узатасынан созулган бир нече тоолор менен татаалданган. Аны түштүктө Алай өрөөнү (деңиз деңг. орт. бийиктиги 3000 м) Чоң Алай кырка тоосунан бөлүп турат. Чоң Алай кырка тоосунун эң бийик чокусу – Ленин – 7134 мге чейин көтөрүлөт; түн. капталы Ош облусуна, түш. капталы Тоолуу Бадакшанга карайт. Бул кырка тоолор негизинен кумдук-чопо, акиташ тектери жана аларды жиреп чыккан магма тоо тектеринен түзүлүп, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү; алардын капталдары дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген, бийик кыркаларын түбөлүк кар, мөңгүлөр ээлейт. Облустун түн.-чыгыш чегин Фергана тоо тизмеги түзүп (эң бийик жери Тар суусунун алабындагы Үчсейит массивинде, 4948 м), анын структурасында кристаллдык тектер басымдуулук кылат. Анын жазы, жантайыңкы түш.-батыш капталы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Фергана тоо тизмегинен түш.-чыгышты карай Алайкуу (эң бийик жери 4733 м) жана Академик Адышев (4745 м) кырка тоолору созулуп жатат.Облустун эң түн. бөлүгүн, Фергана өрөөнүнун чет-жакасын адырлар тилкеси ээлейт; адырлардын негизин конгломерат тектери түзүп, үстү лёсс жана лёсс сымал тектер менен капталып, Алай кырка тоосунан агып түшкөн суулар менен тилмеленген; облустун аймагынан күрөң жана таш көмүр (Алмалык, Өзгөн ж. б.), ысык жана минералдуу суулар(Өзгөн, Карашоро ж. б.), курулуш материалдары ж. б. кендер чыгат.
Облустун климаты негизинен мелүүн жана тропик кеңдиктеринин аба массаларынын таасиринен түзүлгөн; мелүүн алкактын аба массалары негизинен кыш, тропиктик аба массалары жай мезгилдеринде үстөмдүк кылат. Аймактын климатына батыштан соккон аба агымынын мааниси зор, ал 3000 м жана андан жогорку бийиктиктерде үстөмдүк кылып, тоолордун шамал агымын караган батыш жана түш.-батыш капталдарына жаан-чачынды мол алып келет (мис., Фергана тоо тизмегине ж. б.). Климатынын негизги өзгөчөлүгүн анын бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрүүсү түзөт. Деңиз деңг. 600–1000 м бийиктикте жайгашкан жерлердин климаты жылуу, жарым чөлдүү; кышы мелүүн, жылуу (январдын орт. темп-расы –3... –4°С), кыска. Жайы ысык (июлдуку 24–25°С),кургакчыл. Аптап ысыкта 40°Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммдей; көбүнчө кышында жаайт. Вегетация мезгили 210–215 күн. 1100–2000 м бийиктикте мелүүн, жылуу климат өкүм сүрөт. Кышы мелүүн суук ( январдын орт.темп-расы –3... –7°С), жайы жылуу (июлдуку 20°С). Жылдык жаан-чачыны 400–600 мм,басымдуу бөлүгү жазында жаайт. Вегетация мезгили 142–195 күн. 2000 м бийиктиктен жогору жана 3000 мге чейин климаты мелүүн. Кышы салыштырмаалуу суук келип, узакка созулат. Жайы салкын (июлдун орт. темп-расы 18–11°С). Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 600 ммден ашат. Вегетация мезгили 95–110 күн. Тоолордун кыр бөлүктөрүндө (3000 мден жогору) климаты катаал, суук (июлдун орт. температурасы 10°Сден төмөн).
Облустун эң ири дарыясы – Кара-Дарыя; ал Фергана тоо тизмегинен башталган Кара-Кулжа жана Тар сууларынын кошулушунан пайда болуп, Өзбекстандын аймагында Нарынга куюп, Сырдарыяны түзөт. Анын ири куймалары: Жазы, Куршаб, Карадарыя ж. б. Фергана тоо тизмегинен башталган дарыялар негизинен кардын эриген сууларынан куралат. Ал эми Сырдарыянын алабына кирген Алай, Кичи Алай кырка тоолорунан башталган башкы суулары (Акбуура, Аравансай ж. б.) негизинен мөңгү сууларынан куралып, суусу июнь-июль айларында кирет. Алар Сырдарыяга жетпей Фергана өрөөнүнө чыга бериште Өзбекстан, Тажикстандын жерлерин сугаруу үчүн сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Алай өрөөнү аркылуу батышты (Батыш Кызылсуу) жана чыгышты (Чыгыш Кызылсуу) карай аккан ири суулар Амударыянын жана Таримдин алабына кирет.
Облустун аймагында жайгашкан тоолордо жалпы аянты 1546,3 км2 болгон 1,5 миңден ашык мөңгү бар. Алардын көбү Алай кырка тоосунун түн. (жалпы аянты 538,1 км2)жана түш. (138,3 км2) капталдарында жайгашкан. Ири мөңгүлөрү Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан орун алган; мында жалпы аянты 693,3 км2 жеткен 215 мөңгү бар; ирилери: Корженевский, Ленин, Корумду ж. б. Облустун оёң бөлүктөрүндөгү лёсс сымал кумай топурактарда деңиз деңг. 1500 м бийиктикке чейин боз (ачык боз, күңүрт, боз) жана кадимки боз топурактары тараган.
1500–3000 м бийиктиктерде күрөң топурактардын түрдүү (кадимки, карбонаттуу) типтери, нымдуурак жерлеринде, арчалуу токойлордун астында жегичтүү күңүрт күрөң топурактары өөрчүгөн. Субальп алкагында шалбаалуу талаа жана тоонун шалбаа топурактары мүнөздүү. Алай өрөөнүндө тоо шалбаа топурактарынан сырткары коңур(каштан) топурактары да кездешет.Өсүмдүктөрү да бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Түндүгүндөгү адырларда 1500 м бийиктикке чейин шыбак-эфемер-баялыш өсүмдүктүү жарым чөл үстөмдүк кылат. Тоо этектеринде, адырларда жана жапыз тоолордо 2000 м бийиктикке чейин бетеге-аккылкандуу талаа (батышында түктүү буудайык, пияз түптүү арпа, чыгышында сарындыз) өсүмдүктөрү таралган. 3000 м бийиктиктен жогору субальп жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү ээлейт; айрым жерлеринде аскалар чыгып жатат. Жаан-чачын мол жааган чыгыш бөлүгүндө бетеге-аккылкандуу талаадан жогору бийик тоолуу шалбаа (анда аксокто, таран ж. б.), шалбаалуу талаа (пияз түптүү арпа, бадалдар – итмурун, шилби, ыргай, чычырканак) зоналары жатат. Андан жогору токой тилкеси, жаңгак-мөмө жемиш токою (негизинен Фергана кырка тоосунун капталында), акчечек, арча жана карагай токойлору ээлейт. 3000 мден жогору субальп шалбаасы жана шалбаалу талаа таралып, анда аскалуу кырлар көтөрүлүп жатат, капталдары корум-таштуу. Облустун түштүгүндө, Алай өрөөнүндө, 3000 м бийиктикке чейин субальп, альп шалбаалары,талаа өсүмдүктөрү, шалбаалуу талаа жана бийик тоо чөлдөрү кездешет.
Калкы.
Облустун калкы (1247,3 миң) респ-нын калкынын 25,0%ин түзөт, а. и. 288,5 миңи (облустун калкынын 23,1%и) шаар калкы, 958,8 миңи (76,9%и) айыл калкы.
Төрөлүүнүн жалпы коэффициенти 21,7‰, өлүм-житими – 5,0‰, табигый өсүшү – 16,7‰ (2001). Калкынын 40,7%и эмгек жашына чейинкилер, 52,5%и – эмгек жашындагылар, 6,8% – эмгек жашынан өткөндөр (2002). 1000 аялга 988 эркек (шаарларда – 931, айылдарда – 1006) туура келет. Калктын орточо жашы 24,0 (эркектердики – 23,5, аялдардыкы – 24,6). Калкы көп улуттуу: кыргыздар 64,2%, өзбектер 31,1%, орустар 1,1%, түрктөр 0,9%, уйгурлар 0,9%, башка улуттар – 2,9%ти түзөт (2002). 1990–2001-ж. облустан 98,2 миң киши көчүп кеткен (миграциялык сальдо – 64,8 миң киши), алардын 98,8%ти КМШ өлкөлөрүнө (алардын 54,5% Орусияга, 32,7% Өзбекстанга), 1,2%и алыскы чет өлкөлөргө кетишкен. Ошол эле мезгилде ички миграция да күчөп Кыргызстандын башка облустарына (айрыкча Чүй облусу менен Бишкекке) 32,2 миң киши кеткен (миграциялык сальдо – 24,5 миң киши). Облустун эмгек ресурстары 624,4 миң киши (облустун калкынын 51,5%ин, респ-нын – 23,2%ин түзөт). 479,3 миң экономикалык активдүү калктын 456,6 миңи облустун чарбасынын ар түрдүү тармактарында иштейт. Иштегендердин 17,0%и мамл., 83,0%и мамл. эмес мекемелерде эмгектенет. Алардын 84,5% – материалдык өндүрүштө (а. и. 5,0% – ө. ж-да, 66,8% – а. ч-да, 2,5% – транспорт менен байланышта, 7,3% – соода, коомдук тамактануу, материалдык-тех. жабдуу, товар өткөрүү жана даярдоо, 1,7% – материалдык өндүрүштүн башка тармактарында), 15,5% – тейлөө чөйрөсүндө (а. и. 7,8% – билим, маданият жана илимде, 3,8% – ден соолукту чыңдоо тармагында, 2,4% – башкаруу органдарында, 0,7% – турак-жай, коммуналык чарбасында, 0,8% – тейлөө чөйрөсүнүн башка тармактарында) иштейт (2000). Облустун калкынын 25,0% – Кара-суу, 16,8% – Ноокат, 16,5% – Өзгөн, 7,8% – Араван, 6,8% – Каракулжа, 5,6% – Алай, 1,9%и – Чоң Алай р-нда, 19,6% – Ош ш-нда (шаардык кеңешинде) (2002).
Калктын 51,7% – деңиз деңг. 1000 мге чейинки бийиктикте, 33,7% – 1001–1500 мде, 9,3% – 1501–2000 мде, 4,1% – 2001–2500 мде, 1,2% – 2501–3000 м бийиктикте отурукташкан (1999).
Калктын орт. жыштыгы: 1 км2ге 42,7 киши. Шаарлары: Ош (калкынын саны 216,8 миң), Өзгөн (43,5 миң), Ноокат (13,3 миң), Карасуу (20,8 миң); шаарчалары: Найман (1,9 миң), Сарыташ (1,6 миң); ири кыштактары: Араван ( 23,2 миң), Жаңы Ноокат (19,4 миң), Куршаб (15,3 миң), Гүлчө (13,0 миң), Мырзаке (14,5 миң), Таштак (10,8 миң), Кашкаркыштак (15,0 миң), Кызылкыштак (8,4 миң), Дыйканкыштак (8,0 миң), Ылай-
талаа (7,2 миң), Эски Ноокат ( 5,9 миң), Отузадыр (5,5 миң), Жаңарык (5,8 миң), Дарооткоргон (4,4 миң) ж. б. (2002).
Айыл чарбасы облустун экон-нын негизги тармагы. 2001-ж. а. ч-нын дүң продукциясы 8591,6 млн сомду (респ-нын 18,0%ин), а. и. дыйканчылык – 4551,7 млн сомду (17%), мал чарбасы – 3959,5 млн сомду (19,1%) түзгөн. Облус а. ч. продукциясын өндүрүү боюнча республикада экинчи (Чүй облусунан кийин) орунда турат. 2001-ж. айыл чарбасында катталган 20578 субъектинин 13 мамл., 1 агрофирма, 2 акционердин коом, 10 коллективдик дыйкан чарбасы, 165 а. ч. кооперативи, 20387 дыйкан (фермер) чарбасы. Калктын жеке менчик чарбаларынын саны 39,0 миң. Облустун а. ч-га жарактуу жери 1635,6 миң ганы (жалпы аянтынын 56,0%) түзөт. Анын 182,7 миң гасы айдоо, 73,4 миң гасы чабынды, 7,8 миң гасы көп жылдык өсүмдүк, 2,8 миң гасы айдалбаган жер, 1368,9 миң гасы жайыт. Тармактын структурасында дыйканчылык басымдуу орунду ээлейт (53,0%). Айдоо аянты 174,4 миң га, а. и. дан эгиндери 104,6 миң га (буудай 84,3 миң га, жүгөрү – 13,7 миң га), тех. өсүмдүктөр 17,9 миң га (пахта – 11,7 миң га, тамеки – 6,2 миң га), картошка жана жашылча 15,5 миң га, тоют өсүмдүктөрү 17,9 миң ганы түзөт (2001).
Мындан сырткары мөмө-жемиш бактары 7,6 миң га, жүзүм 0,7 миң гага эгилген. 2001-ж. облуста 32,6 миң т пахта (Карасуу р-ну 66,0%ин, Араван – 34,0%; респ-дагы үлүшү 33,0%), 7,5 миң т тамеки (57,0%), 294 миң т дан (16,1%), 100,2 миң т картошка (8,6%), 136,0 миң т жашылча (16,7%) өндүрүлгөн. Мал чарбасында айыл чарбанын дүң продукциясынын 46,0%и өндүрүлөт. 2002-ж. облустун бардык чарба субъектилеринде 234,1 миң бодо мал (а. и. саан уй – 125,1 миң), 847,2 миң кой, эчки, 73,5 миң жылкы, 440,1 миң үй канаттуулары болгон. Бодо малдын жалпы санынын 55,1%и, кой-эчкинин 62,4%и калктын жеке чарбаларына тиешелүү. 2001-ж. облуста 75,3 миң т эт (тирүүлөй салмакта; респ-дагы үлүшү 37,7%), 228,6 миң т сүт (20,0%), 33,3 миң даана жумуртка (14,6%), 2,6 миң т жүн (22,2%) өндүрүлгөн.
Облуста автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорттору өнүккөн. Эң маанилүүсү автомобиль транспорту. Автомобиль жолдорунун жалпы уз. 2345 км, анын 781 кми эл аралык, 402 кми мамл., 1162 кми жергиликтүү маанидеги жолдор. Эл аралык маанидеги жолдору: Ош–Сарыташ–Эркечтам–Кашкар (Кытай), Ош–Сарыташ–Хорог (Тажикстан); мамлекеттик маанидегилери: Бишкек-Ош (анын 100 км облустун аймагында), Жалалабат–Өзгөн–Ош; жергиликтүү маанидегилери: Ош–Өзгөн–Каракулжа–Алайкуу, Ош–Сарыташ–Дарооткоргон–Карамык, Ош–Карасуу–Жалалабат, Ош–Ноокат–Кызылкыя ж. б. Автомобиль жолдорунун 31,5% – асфальт-бетондолгон, 61,0% – таш төшөлгөн, 7,5% – таш төшөлбөгөн. Автомобиль транспортунда 200 чарбалык субъект иштейт. 2001-ж автомобиль транспорту менен 5522,5 миң т жүк, 31768,4 миң жүргүнчү ташылган (2001). Ош-Карасуу темир жолу (уз. 30 км) Өзбекстандын темир жолу менен жалгашкан. Темир жол менен чоң габариттүү жүк (айрыкча Ош ЖЭБна) жана Бишкек, Жалалабат, Хожент (Тажикстан), Ташкен (Өзбекстан), Арыс (Казакстан) бекеттерине жүргүнчү ташылат. Аба трансп. «Кыргызстан Аба жолдору» улуттук авиакомпаниясына кирген Ош авиаишканасы жана аэропорттон турат. Ош аэропорту аркылуу Бишкек, Чолпоната, Каракол шаарларына жана Алматы (Казакстан), Омск, Москва, Новосибирск (Орусия), Пекин (Кытай), Дели (Индия), Пакистан, Сауд Арабстаны, Бириккен Араб Эмирликтерине жүргүнчүлөр ташылат. 2001-ж. аба транспорту менен 62,2 миң жүргүнчү ташылган. Куур транспорту аркылуу облустун калкы газ менен камсыз кылынат (Өзбекстандын Анжиян облусунан алып келинет). Электр трансп. (троллейбус) менен 3207,0 миң жүргүнчү ташылган (2001).
Маданий турмушу.
Облустун билимберүү системасы мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч, орто, кесиптик-тех., атайын орто жана жогорку окуу жайларынан турат. 2001/02-окуу жылында облуста 65 мектепке чейинки мекеме (8,2 миң бала тарбияланат), 544 жалпы билим берүүчү мектеп (310,7 миң окуучу окуйт), 15 кесиптиктех. окуу жайы (2,7 миң), 7 атайын орто окуу жайы (3,3 миң студент), 4 жогорку окуу жайы (58,6 миң) бар. Жалпы билим берүүчү орто мектептердеги окуучулардын 63,8% – кыргыз, 28,7% – өзбек, 7,4% – орус, 0,1% – тажик тилдеринде окуйт. Облуста Ош соода колледжи, Ош курулуш колледжи, Ош айыл-чарба техникуму, Ош, Өзгөн мед. окуу жайлары (атайын орто билим берүүчү), Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз–Өзбек университети, Гуманитардык-педагогикалык ин-ту, Москва мамлекеттик социалдык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, жана Кыргыз эл аралык университетинин филиалдары иштейт.
Саламаттык сактоо тармагында облустук ул. госпиталь, 4 шаардык, 1 шаардык балдар, 3 учук, инфекциялык, 7 райондук, 4 номердик, 39 участкалык оорукана, төрөт үйү, 7 учук, 3 тери-венерологиялык, онкологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлер, 11 поликлиника, 6 тиш поликлиникасы, 233 фельдшер-акушердик пункт, 173 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. иштейт (2001). Аталган мекемелерде 2330 врач, 9168 мед. орто билимдүү кызматкерлер эмгектенет (2000).
Облуста улуттук мааниге ээ театрлар, музейлер, көркөм-сүрөт мастерскойлору бар. Ош облустук маданий башкармасына караштуу 13 райондук жана шаардык бөлүмдөр, 8 облустук маданий мекемелер, 222 китепкана, 157 маданият үйү, 3 театр, 7 эс алуу паркы, 24 муз. мектеп, мамл. муз. окуу жайы иштейт (2001).
Облустун аймагындагы байыркы тарыхый-архитектуралык эстеликтер: байыркы аңчылардын тургун жайлары, шаар чалдыбарлары, байыркы мүрзөлөр, мавзолейлер, мечиттер, кербен-сарайлар, чептер ж. б. Байыркы Ош шаары (б. з. ч. 4-к., б. з. 5-к.) жана ага жакын жаткан аймактарда Жибек жолундагы маанилүү пункттар – Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр, Мады, Коргошундөбө, Акбуура, Шалтакдөбө, Шоробашат Куршаб ж.б. чептер жайгашкан. Ош ш-нын аймагындагы «Сулаймантоо» (Тахт-и-Сулайман) эстелиги, Рават Абдуллахандын мечити (16–17 к.), Асаф ибн Бурхия мавзолейи (17–18-к.), Алымбек датканын (19-к.) жана Мухамад Юсуп Байкожо уулунун мечиттери (20-к.), орто кылымдарга таандык архит. эстеликтердин бири Өзгөн архит. комплексинини (3 мавзолей жана минареттен турат) ж. б-дын мааниси зор. Кокон хандыгынын тушундагы эстеликтерге – Дарооткоргон, Соголон кербен-сарайы (чептердин калдыктары) таандык.
Облустун табигый объектилери туризм менен альпинизмди өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Карашоро минералдуу суулары, Саламалик жаңгак-мөмө токою, Абшырсай шаркыратмасы, Ажыдаарүңкүр, Баритүү, Ферсман үңкүрлөрү ж.б. рекреациялык мааниге ээ.
Алай жана Чоң Алай тоолорунун бийик бөлүктөрү туризм жана алпинизмди өнүктүрүүгө өтө ыңгайлуу. Алай өрөөнүндө жана Чоң Алай кырка тоосунда 4 туристтик маршрут иштейт. Чоң Алай кырка тоосунун эң бийик – Ленин атн. чокусунун этегинде Ачыкташ альплагери орун алган. 2001-ж. Алай жана Чоң Алай райондоруна келген туристерден 112,8 миң сом киреше түшкөн. Жалпысынан алганда облустагы 83 туристтик объектинин: 16сы – табигый, 17си – тарыхый-маданий, 8и – аңчылык, 7си – дарылоо-бальнеологиялык, 4өө – курорттук, 15и – рекреациялык, 4өө - интераңчылык, 12си – археологиялык объектилер. | wiki | {"id": "1568", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1568", "title": "Ош облусу"} |
Ташкент - Өзбекстандын борбору. Ташкент областынын административдик борбору. Республикасынын түндүк-чыгышында, Чыйырчык дарыясынын өрөөнүндө (Сыр- Дарыянын алабы), деңиз деңгээлинен 455 м бийиктикте жайгашкан. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6°С, июлдуку 32°Ска жетет. Жылдык жаан-чачыны 360–390 мм. Орто Азиядагы калкы көп шаарлардын бири. Калкы 3,1 млн (2024, агломерациясы менен 5 млн; калкынын саны боюнча КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн ичинен 4-орунда). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жана илимий ири борбору. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу [айыл чарба машиналарынын чыгаруучу негизги ишканалары: «Ташсельмаш», «Узбексельмаш» жана Ташкент трактор заводу, жеңил ж. б. өнөр жай үчүн жабдуу, электроника техникалары («Фотон», «Спутник», «Миконд» заводдору), авиа куруу («ИА-76»; КМШдагы аскерий-транспорт самолётун чогултуучу жалгыз завод ж. б.], жеңил (кебез, кездеме, трикотаж, бут кийим), химиялык, химиялык-фармацевтика, тамак-аш. Ошондой эле «Зенит» заводу, 1991-жылдан Түштүк Кореянын «Goldstar» фирмасы менен бирдикте видеомагнитофон жана видеоплейерлерди чыгарат. Шаарда чет өлкөлүк компаниялардын офиси, бизнес жана ишкер борборлор, автосалондор, нефть-газ компаниялары жайгашкан. Өзбекстан Илимдер академиясы, 21 жогорку окуу жайы (анын ичинде улуттук университет, консерватория, медициналык академия, театр-көркөм институту, информациялык технология, Эл аралык Вест-минтсерский университет, диний семинария, ислам ж. б.), ошондой эле Мирзо Улукбек атындагы астроном. институт, Орто Азия токой Илим-изилдөө институту иштейт. Үй-музейлер (анын ичинде Гафур Гулям, Айбек Муса Ташмухамедов, Мухтар Ашрафи, Юнус Ражаби), Тамара ханумдун мемориалдык музейи, Анна Ахматованын мемориалдык клубу (1986) ачылган. Навои атындагы Чоң Өзбек опера жана балет, орус драма жана «Ильхом» театрлары, музейлер (анын ичинде искусство, прикладдык, тарых, тимуриддер тарыхы ж. б.), китепкана ж. б. бар. Шаарда кооз тарыхый архитектуралык эстеликтер кездешет. Шейхантаур (14-кылым), Каффаль Шаши мавзолейлери, Барак-хан, Кукелташ медреселери (экөө тең 16-кылымда курулган), Жунус-хан (15-кылым) күмбөзү, католик собору, лютеран чиркөөсү сакталган. Зоопарк, ботан. жана япон бактары уюштурулган. «Ташкент-Ланд» оюн-зоок өткөрүлүүчү парк, аквапарк курулган. Ташкентте 1966-жылы 26-апрелде катуу жер титирөө, 1999-жылы 22-ноябрда терракт болгон. Ташкенттеги телемунара Борбордук Азиядагы эң бийик (бийиктиги 375 м, дүйнөдөгү Ючу) мунара. Ташкентте 1968-жылдан 1988-жылга чейин Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттеринин эл аралык кинофестивалы эки жылда бир өткөрүлүп келген. Аны 2011-жылдан кайрадан калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө. | wiki | {"id": "1582", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1582", "title": "Ташкен"} |
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович (1928-2008) — кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана кыргызстандык жазуучу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры.
Өмүр баяны.
Балалыгы.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы ССРСдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Чоң атасы Айтмат кыргыздын Кытай уруусунан чыккан бай кишининуулу болгон.
Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова — теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза — караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен).
Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.
Өмүрүнүн аягы.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган.
Үй-бүлөлүк турмушу.
Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы Керез Шамшыбаева болгон. Ал 1930-жылдын 10-августунда Чүй облусунун Он-Бир-Жылга айылында туулган. Атасы Шамшыбай Жакыпбай уулу Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон. Керез апа Бишкектеги Медицина институтун жана ординатурасын аяктап, кулак, тамак, мурун ооруларын дарылоочу адис катары эмгектенген.
Чыңгыз Айтматов менен Керез Шамшыбаева 1950-жылдары баш кошушкан. Бул никеден эки уул — 1954-жылы Санжар жана 1959-жылы Аскар төрөлгөн. 1980-жылдардын ортосунда жубайлар тынч ажырашкан. Керез апа өмүрүнүн аягына чейин Чыңгыз Айтматов жөнүндө урмат-сый менен айтып келген. Ал 1999-жылы 6-мартта дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Байтик айылына жакын жайгашкан көрүстөнгө коюлган.
Айтматовдун чыгармачылыгында махабат темасы маанилүү орунду ээлейт. Ал сүрөттөгөн сүйүүлөр турмуштук негизге ээ экени да маалым. “Аскада калган аңчынын ыйы” чыгармасында жазуучу студенттик жашоосундагы бир махабаты тууралуу мындай дейт: “Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”
Жазуучу менен Бейшеналиеванын байланышы тууралуу драматург Жаныш Кулмамбетов “Чыңгыз менен Бүбүсайра” аттуу драма жазып, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында коюлган. 2008-жылы ушул драманын негизинде тасма тартылган.
Айтматов тууралуу жазылган “Айтматовдун айымдары” аттуу китепчеде журналист Жаныбек Жанызак анын турмуштук жолуна байланыштуу маалыматтарды камтыган. Жазуучу бул эмгекке жооп кылып: “Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли, өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек” – деп жазган. Ошондой эле ал Керез тууралуу мындай дейт: “Керез – алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду.”
1980-жылдардан тартып Чыңгыз Айтматов азыркы жубайы Мария Айтматова менен жашаган. Мария Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (Москва) аяктаган. Ал мурда Жапонияда жашап, жапон жараны менен никеде болгон, кийин ажырашкан. Мария кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Бул никеден Айтматовдун Ширин аттуу кызы жана Элдар аттуу уулу бар.
«Манас» жана Айтматов.
«Манас» эпосу профессионал жазуучулар үчүн жеке эле драматургия жаатында гана эмес, прозада, поэзияда көркөм булак болуп келүүдө.жана болгон окшойт корунот ко дейм
Прозада биринчи кезекте Ч. Айтматовдун эстетикалык ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп турат. Атактуу жазуучу улуу эпосту изилдеп, пропагандалап гана тим болбостон, анын сюжетин, идеяларын, көркөм каражаттарын чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланды.
К. Асаналиев мындай дейт: «Манас» Айтматовдун «көркөм акыл-зээнинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, кээ бир белгилери менен эмес, башайт».
«Манас» эпосун айтуу учурунда кунт коюп «манасчыдан угуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң» дейт Айтматов эпос жөнүндө ("Манас" энциклопедиясы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т.)
Эстеликтер.
2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду. Анын ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган өлкө жетекчилери, Орусиянын президентининин администрациясынын класс жетекчиси Сергей Сарышкин, элчилер, коомчулук өкүлдөрү катышкан.
Чыгармалары тууралуу.
Ак жаан.
Бул аңгеме Ч. Айтматовдун адабият дүйнөсүнө жаңыдан аяк салып, өз жолун, өз темасын издеп жүргөн жылдардагы алгачкы аңгемелеринен. Буга чейин орусча "Кыргызстан" альманахына(Номер2) эки аңгемеси: "Газетчик Дзюйо" жана "Ашым" 1952-жылы жарыяланган.
"Ак жаан" адегенде "Советтик Кыргызстан" журналына (азыркы "Ала-Тоо" журналы) 1955-жылкы сегизинчи санына басылган. Туура беш жыл өткөндөн кийин Айтматовдун алгачкы кыргызча китеби "Обонго" {Фрунзе, Кыргызмамбас,1959}, андан кийин "Саманчы жолу" жыйнагына кирген {Фрунзе, Кыргызмамбас,1963},
Айтматовду эскерүү.
Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан.
2011 жылы 30 августта Кыргызстандын борбор шаарында Ала-Тоо аянтында эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. | wiki | {"id": "1626", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1626", "title": "Айтматов Чыңгыз Төрөкулович"} |
Транспорт (лат. "trans -" «аркылуу» жана "portare -" «алып жүрүү») - эл чарбасынын жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташууга байланыштуу болгон тармагы, ошондой эле ташуу каражаттарынын ар кандай түрлөр | wiki | {"id": "1653", "revid": "364552", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1653", "title": "Транспорт"} |
Психология (гр. «психе» — «жан», «логос» — «илим») — адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим.
Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология инсандын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликтейт.
Психологияда көңүл буруу, туюм, кабылдоо, эс, ойлом, кыялдануу сыяктуу таанып-билүү процесстери изилденет. Психологиянын башкы милдети ушул процесстердин мыйзамдарын, маңызын жана табиятын ачуу. Бул мыйзамдарды билүү психиканы максатка багыттап өзгөртүүгө, тарбиялоого, анын калыптанышына таасир тийгизүүчү факторлорду башкарууга өбөлгө түзөт.
Психология илими инсанга айрыкча көңүл буруп, аны изилдөөнү дифференциялдык (индивид өзгөчөлүктөрүн изилдөө), онтогенездик (жеке адамдын балалык, тестиер жана өспүрүм курагында калыптанышын изилдөө), адам психологиясы (жеке адамды бүтүндөй, толук бойдон мүнөздөө) боюнча - үч багытта жүргүзөт.
Психология — эксперименталдык илим. Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө эксперименттен тышкары байкоо, иш-аракеттин туундуларын талдоо, салыштырма генезис методу, психологиялык тесттер (сыноолор), анкета, маек жана башка методикалык ыкмаларды кеңири колдонот.Азыркы психология өз алдынча илим катарында өнүгүп отуруп, бир нече тарамдарга ажырап кетти. Андан зоологиялык психология, медициналык психология, балдар психологиясы, педагогикалык психология, курак психологиясы, эмгек психологиясы, спорт психологиясы, социалдык психология, этнопсихология, аскер психологиясы, инженердик психология, космос психология жана башкалар өсүп чыкты.
Психологияга иш-аракет түшүнүгүнүн кириши менен адам психикасынын өнүгүшүндөгү биологиялык жана социалдык фактордун өз ара катышы жөнүндөгү маселе калетсиз чечилди.
Психология илиминин өнүгүшүнө батыш өлкөлөрүнүн жана орус илимпоздорунун салымы чоң. XIX–XX кылымдарда Россияда психология илими болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишсе (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, Б. Г. Ананьев жана башкалар), ал эми австриялык врач З. Фрейд психоанализ теориясын негиздеген, Америкада бихевиоризм, Батыш Европада Гештальт-Психология агымдары пайда болгон. | wiki | {"id": "1657", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1657", "title": "Психология"} |
Түркмөнстан — Орто Азияда жайгашкан түрк мамлекеттердин бири. 1991 жылга чейин Советтер Союзунун мүчөсү болгон жана Түркмөн Советтик Социалистик Республикасы деп аталып жүргөн. Ал түштүк-чыгыш тарабында Ооганстан менен чектешет, түштүк жана түштүк-батыш тарабында Иран менен, Өзбекстан менен чыгышта жана түндүк-чыгышта, Казакстан менен түндүктө жана түндүк-батышта жана батышта Каспий деңиз менен. Деңизде ал Азербайжан, Армения, Грузия жана Орусия менен чектешет.
Совет доорунан кийин көп убакыттан бери – 15 жыл – мамлекетте бир партиялык система болду жана анын өзгөрбөгөн башчысы Сапармурат Ниязов болду. Ал өзүн өмүргө калган президент кылып, Сапармурат Түркмөнбашы (түркмөндөрдүн атасы) деп атап койгон. Сапармурат Ниязов 21 декабрьдын 2006 жылында кызыктай бир себептерден каза болгон. Расмий түрдө ал жүрөктүн жетишсиздигинен өлдү деген маалымат таратылган.
Ал өлгөндөн кийин, президенттин милдетин аткаруучусу вице-премьер-министр, Сапармурат Ниязовдун тиш доктуру Гурбангулы Бердымухамедов болду.
2007 жылдын 11 февралында эгемендик Түркмөнстан тарыхында экинчи гана президенттик шайлоо болду. Анда президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердимухамедов болду.
Саясий түзүлүшү.
Түркмөнстан — динден тышкары мамлекет. Башкаруу формасы — президенттик республика. Өлкө башчысы — президент.
Совет доорунан кийин көп убакыттан бери – 15 жыл – мамлекетте бир партиялык система болду жана анын өзгөрбөгөн башчысы Сапармурат Ниязов болду. Ал өзүн өмүргө калган президент кылып, Сапармурат Түркмөнбашы (түркмөндөрдүн атасы) деп атап койгон. Сапармурат Ниязов 21-декабрьдын 2006-жылында кызыктай бир себептерден каза болгон. Расмий түрдө ал жүрөктүн жетишсиздигинен өлдү деген маалымат таратылган.
Ал өлгөндөн кийин, президенттин милдетин аткаруучусу вице-премьер-министр, Сапармурат Ниязовдун тиш доктуру Гурбангулы Бердымухамедов болду.
2007-жылдын 11-февралында эгемендик Түркмөнстан тарыхында экинчи гана президенттик шайлоо болду. Анда президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердимухамедов президент болуп шайланды.
Закон чыгара турган орган — "Межлис" (125 мүчө). Депутаттар бир мандаттык аймактардан беш жылга шайланат. Межлистин иш-билгилиги — закондорду кабыл алуу, Конституцияны кабыл алуу жана өзгөртүү. 2013-жылга чейин өлкөдөгү бир эле легалдуу саясий партия Межлисте көрсөтүлгөн — Түркмөнстан демократиялык партиясы. | wiki | {"id": "1748", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1748", "title": "Түркмөнстан"} |
Мажарстан — Борбордук Европадагы мамлекет. 1989-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде өлкө расмий түрдө Мажар Республикасы (, "Мажар Көзтаршашаг") деп аталган, бирок 2012-жылдын 1-январында Венгриянын жаңы конституциясы күчүнө кирген, анда мамлекеттин кыскартылган аталышы расмий түрдө бекитилген. - Венгрия (Magyarország).
Географиялык абалы.
Борбордук Европанын түштүк-чыгышынан орун алган. Австрия, Словакия жана Украина менен чектешет.
Калкы.
аялдарда - 74 жаш.
Кыскача адабият.
Борбордук Европадагы мамлекет, Дунай дарыясынын алабынын борбордук бөлүгүндө. Түндүгүнөн Словакия, чыгышынан Украина жана Румыния, түштүгүнөн Сербия менен Черногориянын, ошондой эле Хорватия менен Словениянын мамлекеттик биримдиктери, батышынан Австрия менен чектешет. Аянты 93,0 миң км2. Калкы 10,06 млн (2006). Борбору Будапешт шаары. Мамлекеттик тили мажар тили. Акча бирдиги форинт. Административдик аймагы жактан 19 облустан (медье), республикага баш ийген 1 шаардан (Будапешт) турат.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):
Мамлекеттик түзүлүшү.
Мажарстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынган (1989, 1997, 2003-ж. өзгөртүүлөр киргизилген). Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент, парламент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат (экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Мамлекеттик чогулуш (386 депутаттан турат, 4 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат. Саясий партиялары: Мажарстан демократиялык форуму, Христиан-демократиялык элдик партия, Эркин демократтар союзу, Мажарстан социалистик партиясы ж. б.
Климаты.
Мелүүн континенттик климат өкүм сүрөт. Кышы салыштырмалуу жумшак (январдын орточо температурасы -2°Сден -4°Сге чейин), жайы узак жана ысык (июлдуку 20-22°С). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү тоолордо жана өлкөнүн Түштүк-батышында 800-900 ммден, борбордук бөлүгүндө жана Альфёльд ойдуңунун чыгышында 450500 ммге чейин; мында өтө кургакчыл мезгилдер да болот. Жаан-чачын жайдын башында жана күздө мол жаайт. Мажарстандын аймагы Дунайдын алабына кирет (өлкөнүн аймагындагы узундугу 410 км). Дунайга Мажарстандын чегинде Драва, Раба, Шио дарыялары оң тараптан куят. Өлкөнүн чыгыш бөлүгү Дунайдын ири сол куймасы Тисанын (Мажарстандын чегиндеги узундугу 600 км, анын 444 кминде кеме жүрөт) алабына кирет. Дарыяларынын агымы, деңгээли кескин өзгөрүп тургандыктан, ташкын көп болот; ташкындан сактануу жана суу агымын жөнгө салуу үчүн каналдар, жээктерине жалпы узундугу 4000 кмден ашкан дамбалар курулган. Көптөгөн суусактагычтарынын суу ташкынынан сактоодо жана ирригацияда мааниси зор. Өлкөдө 1 миңден ашык көл бар; алардын ирилери: Балатон, Нойзидлер-Зе (Мажарстандын чегиндеги аянты 80 км2), Веленцеи-То (26 км2). Балатон көлүнүн Түштүк-батыш чет жакасына жакын Европадагы эң ири жылуу көл Хевиз (0,5 км2) жайгашкан, анда баткак менен дарылоочу Хевиз курорту бар.
Табияты.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Орто Дунай ойдуңу ээлейт. Дунай дарыясынан чыгышты карай жайык зор түздүк Альфёльд, батышты карай дөңсөөлүү (бийиктиги 300 мге чейин) Дунантуль түздүгү созулуп жатат. Дунантулда жапыз бөксө тоолор Баконь, Вертеш, Мечек ж. б. массивдер жайгашкан. Түндүк-батышындагы Кишальфёльд түздүгүнүн бир бөлүгү батышынан Альп тоолорунун тармактары (500800 м) менен чектешет. Түндүгүндөгү Карпаттын тармактарынын чет-жакалары аркылуу орто бийиктиктеги жанар тоо массивдери (Матра, мында өлкөнүн эң бийик жери Кекеш чокусу орун алган, бийиктиги 1015 м), Бюкк ж. б. платолор созулуп жатат. Карпаттын тармактарына рельефтпн карсттык формалары (анын ичинде Агтелек үңкүрү), жер астынан аккан суулар ж. б. мүнөздүү. Маанилүү кен байлыктардан боксит (ортоңку Мажар тоолорунда), нефть жана газ (өлкөнүн түштүгүндө, Түштүк-чыгышында, батышында, Будапешттин Түндүк-чыгышында), күрөң көмүр (Баконь, Вертеш, Герече массивдеринде, Батыш Карпаттын тармактарында), лигнит (батыш чек арасында), темир (Түндүк-чыгышында), марганец (Баконь), коргошун-цинк (Матра), жез (Батыш Карпат) кендери, ошондой эле металл эмес кен байлыктары бар. Геотерм энергиясынын запасы негизинен өлкөнүн борбордук жана Түштүк, минералдуу суу булактары батыш, Түштүк, чыгыш жана борбордук райондорунда жайгашкан.
Түздүктөрдө кара топурак үстөмдүк кылат; Альфёльд түздүгүндө шорлошкон кара топурак, шор топурактар кездешет. Тиса менен Дунайдын жээктерине аллювий топурактары мүнөздүү. Тоолорунда жана дөбө-дөңсөөлөрүндө коңур топурак жана рендзиндер өөрчүгөн. Топурак кыртышынын кыйла бөлүгү дефляцияга, эрозияга жана экинчи жолу шорлонууга дуушарланган. Табигый өсүмдүктөрү чарбалык аракеттен кыйла өзгөрүп кеткен; маданий ландшафт (айдоо жер, бак-дарак, жүзүмзар ж. б.) басымдуу. Токой Мажарстандын аймагынын 19,9% ин ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (эмен, граб, бук) Орто Мажар тоолорунда 300-400 м бийиктиктен өйдө таралган. Бёржёнь, Бюкк, Матра тоолорунда 800-1000 м бийиктикте кызыл карагайлуу жана карагай-көк карагайлуу токойлор кездешет. Отургузулган терек, ак акация ж. б. дарактардын көчөттөрүнүн (токой аянтынын 7,3% ин түзөт) сууну, топурак-кыртышты эрозиядан сактоодо мааниси зор. Мажарстандын токоюнун ¼ бөлүгү к-талуу жамгырдан жабыркайт. Өлкөнүн чыгышында (Хортобадь) кылкандуу, негизинен аккылкандуу дүйүм чөптөрдөн, эмен, кайың, ошондой эле арча, терек токойлору айкалышып өскөн талаа өсүмдүктөрүнөн турган пушта кездешет. Өлкөдө жалпы аянты 8,3 миң км2 болгон коргоого алынган 236 аймак бар, анын ичинде Хортобадь, Агтелек улуттук парктары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Калкы.
Негизинен мажарлар (92,3%, 2001), ошондой эле цыган, немис, словак, хорват, румын ж. б. жашайт. 1980-жылдан баштап элдин саны азаюуда. Негизги демографиялык проблема балдардын аз төрөлүшү жана өлүмдүн көптүгү. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 68,2, аялдарыныкы 76,9. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 108,4 киши туура келет. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Будапешт, Дебрецен, Мишкольц, Сегед, Печ, Эгер ж. б. Калктын 66,7% тейлөө чөйрөсүндө, өнөржайы менен курулушта 27,1%, айыл жана токой чарбасында 6,2% эмгектенет.
Тарыхы.
Мажарстандын аймагын адам баласы палеолит доорунан баштап мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жылдыктан азыркы Мажарстандын аймагын сактар (скифтер) жана кельттер, индиевропалык уруулар иллириялыктар, фракиялыктар мекендеген. Кийинчерээк герман, хунн, авар уруулары журт которуп келип, ушул жерден Батыш Рим империясына кол салып турушкан. Б. з. ч. 1-кылымдын аягында азыркы Мажарстандын аймагы Паннония деп аталган Рим провинциясына айланат. Рим империясы кыйрагандан кийин, Паннония 5-9-кылымда хунндардын, вестготтордун, аварлардын кол салуусуна дуушарланып турган. Бул аймакта 430-ж. Аттилла баштаган Батыш хунн мамлекети курулуп, ал ыдырагандан кийин Баян хан баштаган аварлар мамлекети түптөлгөн. 796-ж. Авар кагандыгы Улуу Карл I тарабынан талкаланган. 895-896-ж. азыркы Мажарстандын аймагында, Тиса менен Дунайдын ортосунда жана Дунайдын аркы тарабындагы жерге Арпад падыша баштаган Мажарлардын 7 уруусу келип отурукташат. Иштван 1нин тушунда (997-1038-ж. башкарган) Мажар мамлекети калыптанат. 1001-ж. ченде Мажарстан өзүнчө королдук болот. Мажарстанга католик үлгүсүндөгү машаякчылык дини кирет. Мажарстандын аймагын татар-монголдордун басып кириши (1240-41) жана ич ара согуштары өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок 14-кылымда өндүргүч күчтүн деңгээли көтөрүлүп, товар өндүрүү жана товар-акча мамилеси өөрчүйт. 1301-ж. Арпаддар династиясы бийликтен кетип, анын ордуна Анжу династиясынын өкүлдөрү келет. Алар 1335-ж. чех, поляк королдору менен биригип, саясий-соода союзун түзүшөт. 1372-ж. Пешт университети ачылат. 16-кылымда Мажарстанды түрктөр басып ала баштайт. 1526-ж. султан Сулайман I мажар жерин басып кирип, Мохачтын жанындагы салгылашууда Мажарлардын аскерлери жеңилүүгө учурайт. Мажарстандын ортоңку бөлүгүн түрктөр, батыш жана Түндүк жагын Австрияны сурап турган Габсбургдар ээлейт, чыгышында Осмон империясына көз каранды Трансильвания княздыгы түзүлөт. 16-17-кылымда Мажарлар түрк баскынчыларына, Габсбургдарга каршы күрөшөт. 1686-ж. австриялык жана Мажар аскерлери түрктөрдү адегенде Будадан, анан бүткүл Мажарстандын кууп чыгат. 1697-ж. В. королдугунун түндүк бөлүгүн дыйкандар көтөрүлүшү каптайт. 1703-ж. дыйкандар көтөрүлүш чыгарып, ошону менен Габсбургдар эзүүсүнө каршы улуттук-боштондук кыймыл башталат. Күрөшкө ири Мажар феодалы Ференц II Ракоци жетекчилик кылат. Бирок көтөрүлүш жеңилип калат. 19-кылымдын 30-40-жылдарында Мажарстанда капиталдык мамилелер өнүгө баштайт. Капитализмдин тез өнүгүшүн жактаган дворяндардын бир даары улуттук экономиканын жана маданияттын өсүшүнө кедерги болгон Габсбургдар эзүүсүн жок кылууга умтулат. 1848-49-ж. Мажарстандагы буржуазиялык революцияны (көрүнүктүү жетекчилери Л. Кошут, Ш. Петёфп, М. Таячпч) Габсбургдар орус падышасынын жардамы менен басат. Жеңилгенине карабастан, ал революция феодалдык-крепостной мамилелерди жоюуга жана капитализмдин өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет. Габсбургдар менен Мажарстанды үстөмдүк кылган табы 1867-ж. ич ара бүтүм жасап, Австрия-Мажар монархиясын түзөт. Мажарстан көз каранды эмес өкмөт жана парламентке ээ болот. 1-дүйнөлүк согушка В. Үчтүктөр Союзу тарабында катышып, согуштун аягында Мажарстанда революция башталат жана анын натыйжасында Мажарстан көз каранды эмес республика деп жарыяланат. 1919-ж. 21-мартта бийлик Бела Кун жетектеген Мажарстандын социалистик партиясынын колуна өтүп, ал Мажар Советтик республикасынын түзүлгөндүгүн жарыялайт. Бирок, 1919-ж. августа румын аскерлери Пештти окуппациялап, 1920-ж. адмирал Хортинин диктатурасы орнотулат. Трианон тынчтык келишиминин (1920) шарттарына ылайык Мажарстан аймагынын 1/3 бөлүгүнөн ажырайт. 1930-жылдардан Мажарстан гитлердик Германия жана Италия менен жакындашып, 1940-ж. ал Антикоминтерндик жана Берлин пактыларына кол коюу менен, 1941-ж. 2дүйнөлүк согушка Германиянын союздашы катарында кирет. Мажарстан аймагы советтик аскерлер тарабынан бошотулгандан кийин, 1945-ж. апрелде Хортинин режими кулатылып, 1946-ж. 1-февралда Мажарстан республика деп жарыяланат. Мажарстандын азыркы чек арасы 1947-жылдагы Париж тынчтык келишими тарабынан аныкталган. 1949-ж. Мажарстан жаңы конституция кабыл алып, Мажар Эл республикасы деп аталган. 1955-ж. В. Варшава келишиминин (1955) мүчөсү болуп кирген. Советтик үлгүдө социализмди куруу аракети өлкөдө М. Ракошинин керт башына сыйынуучулуктун калыптанышына, өлкөнүн саясатына каршы нааразычылыктарга алып келген. 1956-ж. Мажарстанда Ракошинин коммунисттик режимине каршы козголоң башталган. Козголоң советтик аскерлердин жардамы менен басылган, 200 миңге жакын адам чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. Бийликке Я. Кадар баштаган жаңы өкмөт келет. Чыгыш Европадагы саясий өзгөрүүлөргө байланыштуу 1989-ж. аягында коммунисттер бийликтен кетип, коомдо демократиялык процесстер башталган. 1989-ж. 23-октябрда Мажарстан Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Көп партиялуу саясий система калыптанып, рыноктук жана демократиялык реформалар жүргүзүлө баштаган. 1991-ж. өлкөдөн советтик аскерлер чыгарылган жана Мажарстандын алгачкы президенти болуп Арпад Гёнц шайланган (1990-2000-ж. башкарган). 2000жылдан мамлекетти Ференц Мадл жетектеп келет. 1999-ж. Мажарстан НАТОго, 2004-ж. Европа Союзуна мүчө болуп кирген.
Экономикасы.
Мажарстан экономикасы орточо өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциясы 149,3 млрд долларды (2004) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,9 миң доллардан туура келет. 1999-ж. чарба тармактарын приватташтыруу негизинен аяктаган. 2005-ж. ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65,3%, өнөр жай жана курулушунуку 31,4%, айыл чарба жана токой чарбасыныкы 3,3%ти түзгөн (2004). 2002-жылдан өнөр жайы туруктуу өсө баштаган. Өнөр жай продукциясынын 1/2нин ашыгы (53%, 2005) экспортко чыгарылат. Анын башкы тармактары: машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, электрондук өнөр жайы, транспорттук машина куруу), химия (анын ичинде нефть-химия, химиялык-фармацевтика), тамак-аш. Мажарстандын отун-энергетикасына нефть жана нефть продукциялары (33,2%), табигый газ (37,1%), көмүр жана лигнит (14,3%), атом энергиясы (12,6%), гидроэнергия ж. б. булактар (2,8%) кирет. Энергия ресурстарынын 70%тен ашыгы сырттан, негизинен Орусыядан (нефть, газ, таш көмүр, ядролук отун) алынат. Нефтини жана табигый газды казып алуу эки эседен ашык кыскарган. Мунайды кайра иштетүүчү эки заводунда жылына 10 млн т. продукция чыгарат. Электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 7530 МВт (2003). 2003-ж. 34,3 млрд кВт/с. электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 66,5% ке жакыны ЖЭСке, 32,1% АЭСке (Пакш шаарына жакын жайгашкан «Пакш» АЭСи, кубаттуулугу 3,0 МВт), 0,6% ГЭСке, 0,8% ж. б-га туура келет. 90-жылдардын аягында кара металлургияны өндүрүү акырындык менен калыбына келе баштаган (негизинен сырттан келген сырьё менен). 2004-ж. 2,0 млн т. болот прокаты өндүрүлгөн. Негизги металлургия комбинаттары Дунауйварош, Диошдьёр (Мишкольцко жакын), Озд шаарында жайгашкан. 2005-ж. 43 миң т. алюминий (Айке, Инот) өндүрүлгөн. Жез жана жез куймасы Чепель комбинатында (Будапешт шаары) өндүрүлөт. Машин куруунун эң маанилүү жана тез темп менен өнүккөн тармагы электр-техникалык жана электроника өнөр жайлары (мобилдүү телефон, үн жазуу жана кайра угузуу приборлору, тиричилик электр приборлору, жарык берүүчү булактар ж. б.). Анын негизги борборлору: Будапешттин борбордук бөлүгү, Дьёр, Мишкольц, Дебрецен, Секешфехервар шаары. Транспорттук машина куруу өнөр жайынын тез темп менен өнүгүүсү Мажарстанда чет өлкөлүк ири автомобиль компанияларынын түзүлүшү менен байланыштуу. Жеңил автомобилдерди кураштыруу («Volkswagen», «Opel» ж. б.) заводдору иштейт. 1999-ж. «Opel» автомобилин чыгаруу токтотулуп, завод кыймыл бергич мотор блокторун даярдайт. Мажар «RABA» автокомпаниясы дизель кыймылдаткычтарын, жүк ташуучу автомобилдерди, шассилерди, ошондой эле «Ikarus» автобусун, Будапешттеги заводдор темир жол техникасын (локомотив, вагондор ж. б.) чыгарат. Химия өнөр жайынын негизги тармагы фармацевтикалык, дары-дармек өндүрүү; нефтьхимиялык өнөр жайы (негизинен пластмасса) өнүккөн. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, жеңил жана тамак-аш өнөржай тармактары мурдагы рыногунун жоктугуна, европалык союздун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коюлган катуу талапка электр-энергиясынын кымбаттап кетишине ж. б. себептерге байланыштуу өнүгө албай жатат.
Экономикасынын ири сектору тейлөө чөйрөсү; анын маанилүү тармактары: банккредит системасы жана камсыздоо тейлөөсү (2003-ж. ички дүң продукциясынын 21,7%ин түзгөн), соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө (12,8%), транспорт жана байланыш (9,1%), билим берүү, саламаттыкты сактоо (5,4%), административдик жактан тейлөө (коргоону кошо; 5,2%) ж. б. Туризм экономиканын өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Ал ички дүң продукциясынын 10% ке жакынын түзөт; анда экономикалык активдүү калктын 7%ке жакыны же 300 миңдей адам иштейт. Жыл сайын 15 млндон ашык чет элдик туристтер келет. Мажарстан Европанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан транспорттук-географиялык ыңгайлуу абалы жана өнүккөн транспорттук коммуникация тармагы менен өзгөчөлөнөт. Ички жүк ташуунун жалпы көлөмүнүн (36,4 млрд т. км) 56,6% и автомобиль транспортуна, 24,4% темир жолго, 14,9% куур транспортуна, 3,9% дарыя транспортуна, 0,2% башкаларга таандык. Эл аралык жана транзиттик (Мажарстандын аймагы аркылуу өткөн) жолдорго ташылган бардык жүктүн 62,3% и таандык. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 159,6 миң км (анын ичинде асфальтталганы 70,1 миң км); темиржолунуку 7937 миң км (анын ичинде 7682 кми европ. стандартка ылайык, 2628 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 1622 км (негизинен Дунай аркылуу). Негизги дарыя порттору Дунайда: Будапешт, Дунауйварош, Байя, Мохач ж. б. Куур магистралдарынын узундугу 5722 км (2004), анын ичинде газ куурунуку 4397 км, нефть куурунуку 990 км, нефть продуктулар куурунуку 335 км. Мажарстандын аймагы аркылуу магистралдык газ куурлары «Братство» (Орусыядан Украйна аркылуу) жана «Баумгартнер-Дьёр» (Австриядан); нефть куурлары «Достук-I» (Россиядан Украйна аркылуу) «Достук-II» (Россиядан Украина жана Словакия аркылуу) жана «Адрия» (Хорватиядан) өтөт. Будапештке жакын «Ферихедь» эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экспортунда машиналар жана жабдуулар (байланыш каражаттары, үн жазып, кайра угузуучу жабдуулар, автоматташтырылган маалымат системасы, тиричилик жана өнөржайлык маанидеги электр приборлору ж. б.) басымдуу; ошондой эле башка өнөржай буюмдарын, азык-түлүк товарларын, ичимдиктерди, сырьё, электр-энергиясын, отунду негизинен Германияга, Австрияга, Италияга, Францияга, Улуу Британияга чыгарат. Төмөнкү импорттук товарлар машина жана жабдууларды, башка өнөр жай буюмдары, отун жана электр-энергиясы, түрдүү сырьёлор Германиядан, Россиядан, Австриядан, Кытайдан, Италиядан, Франциядан алынат.
Айыл чарбасы.
90-жылдардын башында өлкөнүн айыл чарбасында кризис болгон. Айыл чарба кооперативдеринин шашылыш жоюлушу, жер реформасын жүргүзүүдө кеткен кемчиликтер, жетишсиз каржылоо ж. б. себептер айыл чарба өндүрүшүнүн кыйла төмөндөп кетүүсүнө алып келген. 90жылдарда ички дүң продукциясындагы айыл чарба продукциясынын үлүшү 17,7%тен (1992-жылкы) 3,3% ке (2004) чейин төмөндөгөн, агрардык продукцияны экспорттоонун көлөмү, айдоо жерлердин аянты, малдын саны кыскарган. Өлкөнүн азыркы агрардык саясаты айыл чарбанын экономикадагы ролун чыңдоого, айрыкча буудай, эт, жашылча, мөмө-жемиш жана шарап өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Айыл чарбага жарактуу жери 6,4 млн гадан ашык (2002), анын ичинде 78% и айдоо жер (же Мажарстандын аймагынан S), 5%тен ашыгы бак-дарак жана жүзүмзар, 17% и табигый тоют жерлер. Сугат жеринин аянты 210 миң гадан ашык. Дыйканчылыгынын негизин жүгөрү жана буудай өстүрүү түзөт. 2004-ж. 16,7 млн тдан ашык дан өндүрүлгөн (анын ичинде жүгөрү 8,5 млн т, буудай 6,0 млн т, арпа 1,4 млн т, гибрид буудай жана карабуудай 0,6 млн т, сулу 0,2 млн т). Люцерна, жүгөрү ж. б. тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Негизги техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (2650 миң т), күнкарама (1119 миң т. урук), рапс (180 миң т. урук). 2004-ж. айыл чарбанда картошка (650 миң т), дарбыз (230 миң т), томат (200 миң т), капуста (160 миң т) өстүрүлгөн. Жүзүмчүлүк өнүккөн (2004-ж. 650 миң о). В. ак жана кызыл шарабы менен белгилүү.
Мал чарбасы.
Мал чарбасы айыл чарба продукциясынын 60%тен ашыгын берет. Анын негизги тармагы чочкочулук (2004-ж. 4 млн баш). Ортоңку Мажар тоолорунда жана Дунантулда, ошондой эле Будапешттин тегерегинде бодо мал (2004-ж. 0,7 млн баш) асыралат. Үйкуш чарбасы (2004-ж. 52 млн баш) өнүккөн.
Маданияты.
Агартуу иши 12-13-кылымда өнүгө баштаган. 1844-ж. башталгыч жана орто мектептерде Мажар тилинде окутуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Агартуу системасы өзгөрүп, 1948-ж. бардык мектеп мамлекеттин карамагына өткөн. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үчүн (3-6 жаш) балабакчалары, 8 жылдык мектеп, жалпы бплпм берүүчү орто мектеп гимназиялары бар. 1990-жылдардын аягынан окуу жайлардын жетектөө жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. 1998-ж. билим берүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Билим берүү системасы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерден турат. 6-18 жашка чейин окутуу милдеттүү жана акысыз. 2003/04-окуу жылында балдардын 80% и мектепке чейинки мекемеге барган, 99% и башталгыч мектепте, 92% и орто окуу жайларында окуган. Негизинен калктын билимдүүлүгү (15 жаштан жогору, 2004) 99,3% ти түзөт. Жогорку билим берүү системасы өнүккөн. 18 мамлекеттик университет, 5 диний университет, 1 менчик университет жана 12 мамлекеттик, 21 диний, 9 менчик коллеждери иштейт. Будапештте Э. Лоранда атындагы университети (1635), И. Ф. Земмельвейс атындагы медицина университети (1769), ошондой эле Мажарстан ИА, Сеченьи атындагы мамлекеттик китепкана, Улуттук музей (1802), Улуттук галерея (1957), Табият таануу тарыхынын улуттук музейи (1802), Сүрөт өнөр музейи (1896) бар. Мезгилдүү басма сөзү 18-кылымдын башында пайда болгон. 1918-ж. «Вёрёш уйшаг» гезитинин 1-саны чыккан. Учурда 10 улуттук жана 24 жергиликтүү гезиттер чыгарылат (2005). Өлкөнүн ичине жана чет өлкөлөргө информация таратуу ишин Мажарстан телеграф агентчилиги (1880-ж. негизделген) жүргүзөт. 1925-жылдан радпоуктуруу, 1958-жылдан туруктуу телекөрсөтүү башталган. «Maguar TV» мамлекеттик телекомпаниясы 2 каналды башкарат.Мажар жазмасы Мажар мамлекети (9-к.) жаралганда эле пайда болгон. Бир топ убакыт адабият Мажар тилинде эмес, латын тилинде өнүккөн. Мажар жазма адабиятынын башаты фольклор (11-12-кылымга таандык). 13-14-кылымда Мажар адабияты диний багытта өнүккөн. Кийинчерээк Я. Витез (140872) менен Я. Паннонпус (1434-72) алгачкылардан болуп адабиятты гуманисттик багытка бурган. 16-кылымдын 2-жарымында Мажар адабиятында ренессанстык проза пайда болуп, байыркы Мажар аңыздарына негизделген аңгемелер, тамсилдер, памфлеттер жазылган (Г. Хельтап, 1574-ж. өлгөн, П. Борнемисса, 1535-84). Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү өкүлү Б. Балашши (1554-94). Анын лирикалары Мажарстан адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. 17-18-кылымда Мажар адабиятында барокко агымы пайда болгон (П. Пазмань, 1570-1637; М. Зриньи, 1620-64). Алардын поэзиясында аксөөктөрдүн жашоо-турмушу чагылдырылган. 18-кылымдын аягынан Мажарстан адабияты агартуучулук багытта өнүктү (М. Бетлен, К. Микеш, Ф. Ракоци). 19-кылымда Мажар адабиятында ар кыл багыттар пайда болду, негизинен романтизм багытында өнүктү. Ш. Кишфалуди лирикалык поэзияны, Я. Бачаньи граждандык лириканы, Ф. Казинци Мажар адабий тилин, М. Чоконаи-Витез поэзияны, Й. Катона драманы, М. Фазекаш фольклордук багыттагы поэзияны өнүктүрүүгө салым кошушту. Романтизм элдик поэзияга жана элдин өткөн турмушун сүрөттөөгө көңүл бөлдү (Мисалы Ф. Кёльчеинин лирикалары, (1790-1838); М. Йошиктин романдары, (1797-1865); М. Вёрёшмтартинин ырлары менен поэмалары (1800-55)]. Реализмдин өнүгүүсүндө Вёрёшмартинин тарыхый драмалары, Й. Этвёштун (1813-71) прозалары чоң роль ойногон. Ш. Петёфинин (1823-49) поэзиясы Мажар адабиятына чоң бурулуш алып келди. Анын ырларынын мазмуну революциялык-демократиялык негизде болуп, элдин аң-сезимин ойготкон. Ошондой эле поэзияда Э. Ади, М. Бабич, Д. Костоланьи, Д. Юхас, прозада Ж. Морица, М. Кафка, Д. Круди сыяктуу акын-жазуучулар өзгөчөлөнгөн. Көпчүлүгү экспресспонизм, сюрреализм багытында чыгармаларды жаратышкан. СССРде эмиграцияда жүргөн Мате Залка (1896-1937), А. Комят (18911937) өңдүү жазуучулар социалистик реализмге ыкташкан. Мажарстан Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин адабият социалистик реализмдин жолу менен өнүккөн. Й. Фодор, А. Гидаш, Д. Ийеш, И. Ваш, Ш. Вереш, Л. Беньямпна, М. Ваци, Л. Надь, И. Шимона, Ф. Юхаса, Маргит Сеч, Л. Мештерхази, И. Шаркади, Д. Фекете, Ш. Шамоди Тота, Ф. Шанта, Л. Галамбоша, Э. Галгоци, К. Сакони ж. б. акындар, жазуучулар жана драматургдар кыйла чыгармаларды жаратышты. 20-кылымдын 60-жылдарында Ийештин, Шимондун, Вацинин, Гараинин ырлары жана Дарваштын «Нөшөрлүү жамгыр» (1963) романы, Фекеттин «Дарыгердин өлүмү» повести (1963), Шанттын «Жыйырма саат» (1964), Эркендин «Тотовдун үй-бүлөсү» (1966) сыяктуу чыгармалар жарыяланган. 1970-жылдары модернизм багытында жаш акын-жазуучулар чыгышкан (П. Эстерхазп, П. Надаш Д. Шпиро, Л. Краснохоркаи, Д. Тандори ж. б.). 1980-90-ж. адабият постмодернизм багытында өнүктү (Ш. Тар ж. б.). Мажарстан адабиятында 1990-ж. жазуучулар Д. Конрад, Б. Хамваш жана акын Д. Петринин чыгармачылык өзгөчөлөнгөн. Мажарстанда дүйнөлүк адабияттын 9 томдук энциклопедиясы жарык көргөн. «Мажарстандын эл жомоктору» (1959), Ш. Петёфинин «Ырлар жана поэмалар» (1957), Ш. Наддын «Элдешүү» (1953), М. Кальмандын «Аргасыз нике» (1962) деген китептери кыргыз тилинде жарыкка чыккан.
Искусство.
Мажарстан жеринде неолит мезгилиндеги скиф, кельт искусствосунун эстеликтери, чопо скульптуралар сакталган. Орто кылымда роман стилиндеги чиркөөлөр курулган. 11-кылымдагы өнөр искусствосунун эстеликтерине византиялыктардын таасири болгон (король Иштван 1нин таш күмбөзү, Фельдебрёдогу «төмөнкү храмда» сүрөттөрдөн фрагменттер). Готика стилиндеги турак жайлар, бийик дубал менен курчалган жана мунаралуу сепилдер (Диошдьёр, Вишеград) курулган. 14-15-кылымда Европада станоктук живопись өнүккөн. Бир туугандар Мартон жана Дьерд Коложвари (14-кылымдын 2-жарымы) ошол замандагы Мажар королдору жана касиеттүүлөрдүн коло статуяларын жасашкан. 16-кылымда Кайра жаралуу доорунун архитектурасы, 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында барокко, 19-кылымдын 1-жарымында классицизм стили өкүм сүргөн (Пешттеги улуттук музей, 1837-47, арх. М. Поллак; И. Ференцинин портреттик жана статуялык чыгармалары). Живописте 1830-40-ж. классицизмдин белгилери романтизм тенденциялары менен айкалышып, бидермейердин таасиринде болгон (К. Марко Улуусунун пейзаждары; М. Барабаштын портреттери, пейзаждары жана жанрдык сценалары). 19-кылымда графика, скульптура жана архитектура кеңири өнүгөт. 1860-жылдардын аягында коомдогу социалдык карама-каршылыктар реалисттик жанрдагы живопистин негизделишине алып келген. Белгилүү Мажар сүрөтчү-демократ М. Мункачинин чыгармалары түстөрдүн таасирдүү гаммасы менен айырмаланган. 19-20-кылымдын аралыгында Мажарстан искусствосунда «модерн» багыты пайда болгон (Будапешттеги искусство музейи, 1891-96, арх.Э. Лехпер). Будапешттин аянттарында жана гүлбактарында параддык монументтер курулган (Мажарстандын 1000 жылдыгына арналган эстелик, 1894-1929, скульптору Д. 3ал ж. б.). Фашисттик диктатуранын мезгилинде көпчүлүк Мажар сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө иштешкен (Б. Уиц, Ш. Бортник, Ш. Эк, Л. Мохой-Надь ж. б.). 1945-жылдан кийин өлкөдө имараттарды жасалгалоо фреска, мозаика, дубал живописи, сграффито, майда скульптуралык формалар колдонулган (Элдик стадион, 1948-53; Будапешттеги Эржебет көпүрөсү, 1945; Дебрецен менен Кечкеметтеги мейманканалар ж. б.). Мажар сүрөт искусствосун өнүктүрүүдө улуттук реалисттик салттардын мурасчылары (живописчилер И. Сеньи, А. Бернат, скульпторлор Ф. Меддьеши, Ш. Микуш ж. б.) зор эмгек сиңиришкен. 1960-жылдардын искусствосуна көркөм изденүүлөрдүн көп жактуулугу мүнөздүү. 70-жылдардын искусствосуна эмоциялуу-экспрессиялуу чечмелөө, кээде символизм менен сюрреализмдин татаал белгилерин киргизүүгө (Т. Чернуштун живописи, И. Варганын скульптурасы, А. Граштын графикасы ж. б.) кызыгуу сезилет. Балет спектаклдерин 1839-ж. чет өлкөлүктөр коюп баштаган. Алгачкы Мажар балет артисти Э. Араньвари болгон. 19-кылымдын 90-жылдарында улуттук сюжеттеги балеттер аткарылган. 20-кылымдын башталышында балетмейстер Н. Гуэрра бийчилерди тарбиялап, бир топ балеттерди койгон. 1920-30-ж. композиторлор Б. Барток, 3. Кодай балеттик музыка жаза баштаган. Ошол кезде балетмейстер Д. Харангозойгон алгачкы спектаклин койгон. 1945-жылдан классикалык жана заманбап балеттер коюлган. Белгилүү улуттук балеттер, анын ичинде көп актылуу «Колуктунун бетаарчысы» (1951, Е. Кенешшей) балети жаралган. Бартоктун балеттери кеңири белгилүү болгон. Элдик бийдин өнүгүшүнө көңүл бурулган. Эң чоң балет труппасы Будапешттеги опера театрында. 1950-ж. Будапештте Балет искусство институту ачылган. 1960-жылдан Печеде И. Экктин жетекчилиги менен ошол кездеги композиторлордун балеттери коюлган. 1979-ж. Дьёр шаарында И. Марконун жетекчилиги менен балет труппасы уюшулган, 1992-жылдан азыркы замандын бийлеринин фестивалы өткөрүлөт.
Музыкасы.
Мажарстанда профессионал музыкалык маданият 13-кылымда өнүгө баштаган. 15-кылымда Буда шаарында король сарайынын капелласы уюштурулат. Мажарстан музыкасынын өнүгүшүнө 18-кылымдын аягындагы вербункош деп аталуучу аспаптык музыка өзгөчө таасир тийгизген. Вербункошко жаңы музыкалык элементтерди кошуп жана аны өөрчүтүп, композитор И. Ружичка «Беланын качышы» (1822) туңгуч Мажар операсын жазган. Вербункош Батыш Европа музыкасына чоң таасир тийгизген, композиторлор Гайдн, Моцарт, Бетховен, Вебер, кийинчерээк Г. Берлиоз, Й. Брамс, Ф. Лист аны чыгармачылыгына колдонушкан. Ф. Эркель улуттук-романтикалык Мажар операсына негиз салуучу катары баатырдык-патриоттук сюжеттеги («Банк бан», «Дьердь Дожа» ж. б.) операларды жазган. 1837-ж. Пешт шаарында опера театры, 1840-ж. улуттук консерватория, 1853-ж. Филармония коому ачылган. 19-кылымдагы Мажар улуттук музыка маданиятынын өнүгүшүнө көрүнүктүү композитор жана пианист Ф. Лист зор таасир тийгизген. 20-кылымда Мажарстан музыкасынын өнүгүш жолу композитор З. Кодай менен Б. Бартоктун композиторлук жана этнографиялык эмгектерине байланыштуу. Өлкөдөгү музыкалык маданияттын борбору Будапешт. Бул жерде Ф. Лист атындагы Улуттук музыкалык академия, Б. Барток атындагы консерватория, Мажар опера театры, Борбордук опера театры, Будапешттеги симфониялык оркестр, Мажарстан мамлекеттик симфониялык оркестри, Мажарстан филармониясынын оркестри ж. б. бар. Мамлекеттик эл-бий ансамбли, «Будапешт» бий ансамбли ж. б. көркөм чыгармачылык коллективдер белгилүү. Көрүнүктүү Мажар аткаруучулары дирижёр Я. Ференчик, пианистка А. Фишер, скрипачтар Д. Ковач жана В. Татраи ж. б., опера ырчылары А. Фараго, Р. Илошфальви, Д. Мелиш, Й. Рети, Э. Хази, М. Ласло, Ю. Орос, О. Сени; музыка изилдөөчүлөр жана музыка сынчылар Б. Сабольчи, А. Мольнар, И. Уйфалушши ж. б.
Театр.
Мажарстанда туңгуч театр труппасы театр ишмери Л. Келемендин жетекчилиги менен 1790-ж. уюшулат. 1796-ж. мещандык немис драмалары (А. Коцебу, Ф. Шрёдер ж. б.), классикалык (Г. Э. Лессинг, У. Шекспир, Мольер) жана Мажар драматургдарынын (Ф. Бешшеньей) пьесалары көрсөтүлгөн. 1792-ж. бир тууган Фейерлердин жетекчилигинде Клужда (Трансильвания) театр өз чыг-лыгын баштаган. Алгачкы Мажар профессионал актёрлору улуттук театр мектептерин түзүшкөн. 19-кылымдын башында Мажарстан «кыдырма» театрлары шаар, кыштактарда оюн көрсөтүшкөн. Ошол кездеги Г. Дерине-Сеппатаки, Ж. Сентпетери, К. Медьери сыяктуу белгилүү сахна чеберлери чыккан. 1837-ж. Пешт шаарында «Мадьяр сингаз» театры ачылып, 1870-жылдан Мажарстан улуттук театры негизделген. У. Шекспир, Н. В. Гоголь, («Текшерүүчү») Г. Ибсен («Нора») ж. б. драматургдардын пьесалары, опералык спектаклдер көрсөтүлгөн. 19-кылымдын аягында Будада «Непсинхаз», Пештте «Вигсинхаз» (1896) элдик театрлары ачылган. 1958-ж. Будапештте театр институту, театр, кино институту уюшулат. Мажарстанда 30дан ашык театр иштейт (1970).
Кино искусствосу.
1896-ж. Будапештте туңгуч кино-театр ачылган жана хроника фильмдери чыгарылган. 1901-ж. «Бий» фильми тартылган (реж. Б. Житковский), 1912-ж. көркөм фильм тартуу башталган. 1948-ж. Мажарстан кинематографиясы улутташтырылган. Фашисттик бийлик учурунда буржуазиялык көз караштагы фильмдер чыккан. Көрүнүктүү кино ишмерлери чет мамлекеттерге кеткен. Өлкө немис-фашист баскынчыларынан бошотулгандан кийин улуттук кино өнөрү өркүндөй баштаган. «Европанын бир жеринде» (1947), «Бир укум жер» (1948) ж. б. кеңири белгилүү фильмдер тартылган. 1960-жылдардагы фильмдерде чындык курч мүнөздө көрсөтүлүп («20 саат», 1964), адамдардын өзара мамилелерин («Ата», 1966), Мажар элинин 19-кылымдагы фашисттик эзүү мезгилиндеги («Үмүтсүз», 1965; «Муздак күндөр», 1966) жана жаштар турмушу («Кыялдануу», 1964) чагылдырылган. Ш. Печи, К. Тольнаи, М. Габор, Л. Башти, Е. Руткаи, М. Теречик, И. Шинкович, И. Дарваш, 3. Латинович ж. б. белгилүү киноактёрлору бар. Кино тармагындагы адистерди Будапешттеги театр жана кино академиясы даярдайт. 1956-ж. Кинематография илимий изилдөө институту уюштурулган. | wiki | {"id": "1749", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1749", "title": "Мажарстан"} |
Тажикстан же Тажикстан Республикасы — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүгүнөн Өзбекстан, Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Ооганстан менен чектешет.
Тажикстан – КМШ өлкөлөрүнүн (1991), Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун (1992), БУУнун (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1993), Евразия экономика коомунун (ЕврАзЭС, 2001), Шериктеш өлкөлөрдүн саммитинин (ШКУ, 2001) ИНТЕРПОЛдун (2004) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Тажикстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (1994-жылдан Эмомали Рахмон). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент (Мажлис Оли). Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары – Тажикстан элдик-демократиялык партиясы, Тажикстан коммунисттик партиясы, Тажикстан. социалисттик партиясы, Тажикстан демократиялык партиясы, Тажикстан социал-демократиялык партиясы
Табияты.
Тажикстан – тоолуу өлкө. Аймагынын 93%ин Теңир-Тоо чокусу, Ысар-Алай, Памир системасына кирген тоолор ээлейт. Түндүгүндөгү курама кырка тоосу, Могол-Тоо менен Түркстан кырка тоосунун ортосунда Фергана өрөөнүнүн батыш чети жатат. Борбордук бөлүгүн Алай кырка тоосунун батышы, түндүк-батышын Түркстан (бийиктиги 5509 мге чейин, Пирамидальный чокусу), Заравшан (5489 м, Чимжарга чокусу), Ысар (4881) кырка тоолору ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Памир бийик тоо системасында О. Азиядагы эн бийик жер [бийиктиги 7495 м, Коммунизм (учурда Исмаил Самани) чокусу] жайгашкан. Түштүк-батышы жапыз (Вахш, Ысар ж. б. өрөөндөр). Климаты кескин континенттик. Өрөөндөр менен түздүктөрдөгү (500 м бийиктикке чейин) январдын орточо температурасы –1... –3°С (түштүгүндө), –20°С түндүгүндө, июлдуку түндүгүндө 27°С, түштүк-батышында 10–12°С, түштүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 150–300 мм, түштүк-батышында 1200–2000 мм (500–1500 м бийиктикте). Негизги дарыялары: Сыр-Дарыя (куймалары Вахш, Пянж, Кафирниган), Исфара, Козу-Баглан, Аму-Дарыя, Кара-Суу, Ак-Суу, Заравшан. Ири көлдөрү: Кара-Көл, Сарез, Искендер-Көл, Жашыл-Көл. Суу сактагычтары: Кайрак-Кум («Тажик көлү»), Нурек, Фархад. Каналдары – Ысар, Дальверзин, Чоң Фергана, Түндүк Фергана (тажик жак бөлүгү). Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча таралат. Өрөөндөрү менен адырлары боз топурактуу келип, эфемер-шыбактуу (түндүк) жана эфемер өсүмдүктөрү (түштүк) өсөт. Адырлардын бийик бөлүгү жана тоо капталдары (2000–2500 м) түндүгүндө (күңүрт-боз топурактуу) буудайыктуу талаа, түштүгүндө (күрөн топурактуу) шыбактуу чөл өсүмдүктөрү менен капталган. Ушул эле алкакта ачык-күрөң топуракта арча, мисте жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 2500–3500 м бийиктикте дандуу жана шалбалуу талаа өсүмдүктөрү, 3000–3500 мден жогору альп шалбаасы таралган. Чыгыш Памирде суйдаң чөл өсүмдүктөрү, Батыш Памирде (3800 мге чейин) чөл жана жарым чөл, 4200 мге чейин шыбак-дан өсүмдүктүү талаа, андан жогору чөп өсүмдүктөрү басымдуу. Коруктар (Балка, Рамит, Жолборстуу Коо жана Даштижум) уюштурулган.
Калкы.
Элинин негизин тажиктер (79%) түзөт. Ошондой эле кыргыздар (19%тен ашык), памирлик кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили – тажик тили. Мусулман динин (сүнөттөр) тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 56,3 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики – 66 жаш, аялдардыкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 34,6), өлүм-житим төмөн (1000ге 6,6, ымыркайлардыкы жогору 1000ге 60,4). Шаар калкы 26,3%. Ири шаарлары: Дүйшөмбү, Кожент (Худжанд).
Тарыхы.
Археологиялык табылгаларга караганда Тажикстан аймагын адам төмөнкү палеолиттен баштап мекендеген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымында согдулуктар, бактриялыктар ж. б. уруулар жашаган. Тажикстандын аймагы Орто Азиядагы байыркы кул ээлик мамлекеттер – Бактрия менен Согдуга караган. Биздин заманга чейинки 6-4-кылымда персия бийлигинде болгон. Биздин заманга чейинки 329-жылы А. Македонский басып алган. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын ортосунда Грек-Бактрия падышалыгына, ал кулаган соң Кушан падышалыгына караган. Ушул мезгилде алардын айыл чарбасы, кол өнөрчүлүгү менен соодасы өнүгүп, шаарлары өскөн. Биздин замандын 4-кылымында Кушан падышалыгы кулаган соң, Тажикстан аймагында Эфталиттер мамлекетинин курамына кирген бир катар княздыктар болгон. 6-кылымдын ортосунда эфталиттерди Түрк кагандыгы караткан. 4–6-кылымда Тажикстанда феодалдык мамилелер өнүгө баштаган. 7–8-кылымда арабдар басып алып, 9–10-кылымда Тажикстан Тахириддер жана Саманиддер мамлекеттеринин курамына кирген. Саманиддердин мезгилинде тажик эли калыптанып бүтүп, Тажикстандын азыркы тарыхы башталган. Экономиканын өнүгүшү менен маданияты да гүлдөп, 10–11-кылымда атактуу окумуштуулар Ибн Сина, Бируни, акындар Рудаки, Фирдоуси ж. б. өз чыгармаларын жараткан. Феодалдык ич ара согуштардын натыйжасында Саманиддер мамлекети начарлап, анын ээлигин 999-жылы Караханиддер басып алган. Аларды 12-кылымда кидандар талкалаган. Тажикстанды 1219–21-жылдары моңголдор каратып, Чагатай улусуна бириктирген. 14-кылымдын 2-жарымында Тажикстандын басымдуу бөлүгү Тимурдун мамлекетине, ал кулаган соң Бухара хандыгына караган. 1860-жылы Тажикстандын түндүк бөлүгү Россия империясынын курамына кошулган. Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңген соң (1917), Тажикстан аймагында Совет бийлиги орногон. 1918-жылы апрелде Түркстан АССРи түзүлүп, Тажикстандын тең бөлүгү анын курамына кирген. 1918–23-жылдары Тажикстанда жарандык согуш болгон. 1920-жылы Бухара хандыгында (Тажикстандын көпчүлүк аймагы караган) элдик революция башталып, 1920-жылы октябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган. Кызыл Армиянын бөлүктөрүнөн түзүлгөн Гисар экспедициялык отряды 1921-жылы февралда Дүйшөмбүнү, мартта Кулябды бошоткон. 1921-жылдын күз айынан 1923- жылдын жай мезгилине чейин Тажикстанда басмачылардын отряддары күч алган. О. Азиянын улуттук мамлекеттик бөлүнүшүнүн натыйжасында 1924-жылы 14-октябрда ББАКтын сессиясы Өзбек ССРинин курамында Тажик АССРинин түзүлүшүн бекиткен. СССР БАКтын Президиумунун чечими боюнча Түндүк Памир 1925-жылы январда Тажик АССРинин курамына Тоолуу-Бадахшан АОсу болуп кошулган. 1929-жылы декабрда Тажик АССРи Тажик ССРи болуп кайра түзүлүп, СССРдин курамына кабыл алынган. 20-кылымдын 90-жылдарынын башындагы саясий окуялар СССРдин кулашына алып келип, жаны мамлекеттик түзүүлөр негизделген. 1991-жылы 9-сентябрда Тажикстан Республикасынын көз каранды эместиги жарыяланып, 21-декабрда КМШнын курамына кирген. 1992-жылы 5-майдан 1997-жылдын 27-июнуна чейин Тажикстанда жарандык согуш (өлкөнүн мурдагы президенти Р. Набиев жана анын жактоочулары менен оппозициянын ортосундагы карама-каршылык согушка алып келген) болгон. Согуш жылдарында өлкөнүн эл чарбасынын тарткан зыяны 10 млрд долларды түзүп, жүздөгөн адам жоготууларына алып келген. 1 млн адам жер которууга аргасыз болгон (анын ичинде 60 миңи Афганстанга өтүп кеткен). 1992-жылы Р. Набиев президенттиктен баш тартып, өлкө башчылыгына – Шурои Олинин төрагалыгына Э. Ш. Рахмонов (1994-жылы 6-ноябрдан өлкө президенти) шайланган. 1997-жылы 27-июнда бийлик менен оппозиция бир пикирге келип, республикада бул күн – «Улуттук биримдик күнү» мамлекеттик майрам деп белгиленген. 2000-жылы Тажикстандын улуттук акчасы – «сомони» киргизилген. 2009-жылы 5-октябрда «Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө » жаңы мыйзам кабыл алынып, республикада 5-октябрь – «Мамлекеттик тил күнү» деп жарыяланган.
Чарбасы.
Тажикстан – экономикасы жакыр өлкө. Чарбасын рыноктук ыкма менен жүргүзүүгө ыңгайлашууда. Экономикасында маанилүү орунду эмгек мигранттарынын которгон акчасы (негизинен Россиядан) ээлейт. ИДПнин көлөмү 13,8 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 950 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 59,2, өнөр жайдыкы 21,9, айыл чарбаныкы 18,9. Ири өнөр жай тармактарын мамлекет көзөмөлдөйт. Коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү металлдар, сымап, уран, алтын жана аз өлчөмдө күрөн көмүр, нефть, жаратылыш газы казылып алынат. Электр энергетика өнөр жайы өнүккөн. Вахш дарыясында жана каналында, Сыр-Дарыяда ГЭСтер курулган. Гидроэнергетика ресурстары боюнча дүйнөдө 8-, КМШда 2-орунда (Россиядан кийин). 2009-жылы 16,1 млрд кВт∙с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен ГЭСтен). Ири өнөр жай тармактары: Тажик алюминий заводу (Турсунзаде шаарында), жылына 500 миң тонна өндүрөт; негизинен сырттан алынып келинген продукциянын негизинде, жеңил (пахта тазалоо, кебез жана жибек кездеме, тигүү), тамак-аш, химиялык (жер семирткич). Кол өнөрчүлүк (анын ичинде килем токуу), сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Пахта, дан эгиндери, жашылча-жемиш, тамеки өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, бакчачылык (дарбыз, коон), жибекчилик өнүккөн. Мал чарбачылыгы эт-жүн, эт-сүт багытында. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 27,8, темир жолунуку 0,68. Экспортко алюминий, электр энергиясы, пахта, жемиш (анын ичинде кургатылганы), суу май (негизинен пахта майы), текстиль буюмдары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Россия, Нидерланд, Түркия, Кытай, Казакстан.
Билим берүүсү.
Мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, атайын орто, жалпы жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Тажикстанда 3,5 миң жалпы билим берүүчү мектеп бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 89%ти түзөт (2013). Жогорку окуу жайларынын көбү Душанбе шаарында жайгашкан. С. Айни атындагы мамлекеттик университети (1931), Абу Али ибн Сина атындагы мамлекеттик медициналык университети (1939), Тажикистан технологиялык университети (1990), ошондой эле ири музейлери, китепканалары иштейт. «Жумхурият», «Садои мардум», «Народная газета», «Халк овози», «Оила» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1958-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан, маалымат агенствосу 1974-жылдан иштейт.
Адабияты.
Тажикстан адабияты элдик оозеки чыгармалардын таасиринде иран тилинин негизинде өнүккөн. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымынан диний-тарыхый жазма эстелик «Авеста», биздин заманга чейинки 4-кылымдан согд тилиндеги каттар, парфия тилиндеги дастандар, манихей динине байланыштуу тексттер кирет. Тажик адабий тили (фарси-дари) 7–10-кылымда калыптанган. Тажик поэзиясынын туңгуч классиги – Рудаки. 10-кылымдын 2-жарымында Абу Мансур Дакики классикалык казалдарын жана касыйдаларын жараткан. А. Фирдоусинин «Шах-намеси» – тажик жана иран поэзиясынын туу чокусу. 11-кылымдан Абу Али иби Сина, Омар Хайям ж. б. поэзияда философиялык лириканын өнүгүшүндө зор салым кошкон. Насир Хосров заманга ылайык прогрессчил идеяларды колдогон чыгармаларды жараткан. 11–12-кылымда тажик адабиятында суфизм мотивдери байкалып, ашкере шаңдуу сарай поэзиясы өнүккөн. Ошол эле учурда көркөм проза («Кабуснаме», «Калила менен Димнанын» котормосу, «Синдбада-наме» ж. б.) да пайда болгон. Моңгол жапырыгы тажик маданиятына чоң зыян келтирген. Белгилүү маданият ишмерлери чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болушкан. Индияда Хосров Дехлеви классикалык ырларын, Амир Хирав «Хамса» («Бешилтик») поэмалар циклин, Кичи Азияда Жалаледдин Руми «Маснавин манави» («Насыят саптары») жана «Диван» («Ыр жыйнагы») чыгармаларын жараткан. Азербайжан акыны Низами да чыгармаларын негизинен фарсы тилинде жазып, тажик, иран адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Белгилүү перс акындары Саади, Хафиз, К. Хужанди, У. Зокони да тажик адабиятынын тарыхына закондуу түрдө кирген. 15-кылымда тажик маданиятынын О. Азиядагы жана Хорасандагы борборлору кайра жандана баштаган. Бул учурда А. Жами Герат шаарында жашап, адабий мектепке негиз салган. 16–19-кылымда тажик адабиятын негизинен герат адабий мектебинин салттарын өөрчүткөн. Алардын эң ирилери: Бинои жана Хилохи, Мушфики, С. Насафи, Бедиль. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында тажик тилиндеги адабияттын кедери кеткен. О. Азия Россияга кошулгандан кийин тажик адабиятында А. Доништин ысмы менен байланышкан агартуучулук агым пайда болуп, 20-кылымдын башында жадидизм агымын жолдогон жазуучулар чыккан. Октябрь революциясынан кийин тажик совет адабиятынын жаңыча өнүгүш доору башталган. Бул адабияттын төл башы – С. Айнинин «Азат маршы» (1918). 20-жылдары адабият майданына П. Сулаймони, Ж. Икрами, С. Жавхаризаде, М. Аминзаде, иран акыны акыны А. Лахути келген. С. Айнинин «Одина» (1924) повести жана «Дохунда» (1930) романы жазылган. 1930-жылдары тажик жазуучуларынын катарына М. Турсунзаде, М. Миршакар, С. Улугзаде, А. Дехоти, X. Рахими ж. б. кошулган. Согуштан кийин М. Турсунзаденин «Индия балладасы» жана «Хасан арабакеч», М. Миршакардын «Багынбас Пянж» поэмалары, Улугзаденин «Жаңырган жер», Ф. Ниязинин «Айныбастык», Р. Жалилдин «Шураб» романдары, С. Айнинин «Эскермелери» (1–4-бөлүк, 1949–54) жаралган. 1960–70-жылдары М. Турсунзаденин «Гангдан Кремлге чейин», М. Каноаттын «Сталинград үндөрү» поэмалары, Ж. Икраминин «Бухаранын он эки капкасы», С. Улугзаденин «Восе» романдары жарык көргөн. Белгилүү жазуучулары: А. Шукухи, Ф. Ансори, Ф. Мухаммадиев, Лонк Шерали, К. Карам ж. б. Адабият илими жана сыны боюнча Н. Масуми, И. С. Брагинский, А. Мирзоев, Ш. Хусайнзаде, А. Сайфуллаев сыяктуу адабиятчылары эмгектенет. Тажик жана кыргыз адабияттарынын өз ара байланышы абдан жакшы өөрчүгөн. С. Айни, A.JIaxyти, М. Турсунзаде, С. Улугзаде, М. Миршакар ж. б. акын-жазуучулардын чыгармалары кыргызчаланган. Тажик акын-жазуучуларынын айрым чыгармаларынан куралган «Памир жылдыздары» (1962); «Памир абасы» (1975) ж. б. антологиялык типтеги жыйнактар жарык көргөн. 1960–70-жылдары Кыргызстанда тажик адабиятынын, Тажикстанда эки сапар кыргыз адабиятынын күндөрү өткөрүлгөн.
Архитектурасы жана сүрөт искусствосу.
Тажикстан аймагында байыркы Орто Азиянын жергиликтүү жана көчмөн урууларынын маданий эстеликтери сакталган. Байыркы жана орто кылымдагы искусствонун өнүгүшүнө Тажикстандын Батыш жана Чыгыш соода жолдорунда жайгашып, Иран, Индия, Чыгыш Түркстан, Кытай ж. б. өлкөлөр менен маданий-экономикалык карым-катнашта болушу чоң таасир тийгизген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 15–10-миң жылдыктагы аска беттериндеги жазуулар (Мургаб кыштагынан 40 км түштүк-батышта, Чыгыш Памир), коло доорундагы (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык) турак жай калдыктары, геометриялык оймо-чиймелүү одуракай карапа, жөнөкөй формадагы асем буюмдар, түштүгүндө, Вахш, Бешкент өрөөндөрүндө көчмөн уруулардын мүрзөлөрүнөн түрдүү карапалар (мискей, цилиндр формасындагы идиштер), коло бычак, шамшар, күзгү, төөнөгүчтөр табылган. Биздин замандын 5–8-кылымында Тажикстанда негизин мунаралуу дубалдар түзгөн турак жайлуу (Пенжикент) шаарлар, арабдар басып алгандан кийин Тажикстан архитектурасында мечит, мунара (минарет), медресе, күмбөз ж. б. мусулман салтына ылайык курулуштар пайда болгон. Мисалы, Исфаранын жанындагы Калай-Боло коргону, Хулбук сарайы (10–12-кылым), жогорку Заравшандагы Айни, Рарз, Фатмев минареттери, Регардын жанындагы Хожа-Нахшран (11–12-кылым), Хожа-Машад күмбөздөрү ж. б. 14-кылымдын аягы – 15-кылымдын башындагы тажик монументтүү зодчествосунун ири жетишкендиктерине; Мухаммед Башшар күмбөзү, Самаркан, Шахрисабз ж. б. шаарлардагы дүйнөгө белгилүү темурилер архитектуралары, Кулябдагы Мир-Сеид-Хамадинин күмбөзү, Наугилемдеги Абдулла-хандын мечити, Ленинабаддагы шейх Муслехеддиндин мечит-күмбөзү, Көк-Күмбөз мечити, Баба-Тага жана Ажинахан күмбөздөрү кирет. Тажикстанда Совет өкмөтү орногондон кийин шаарлар боюнча курула баштаган. 30-40-жылдары коомдук жайларды курууда орто кылымдагы Орто Азия сүрөт өнөрүнүн элементтери камтылган классикалык формалар колдонулган. 30-жылдардан эски материалдардын – кирпич, чопо, жыгач ордуна бышкан кирпич, бетон жана темир-бетон колдонула баштаган. Сүрөт искусствосу заманга жараша өнүгүүдө. Белгилүү сүрөтчүлөрү: A. М. Орлов, С. А. Хошмухамедов, А. Ашуров, С. Е. Захаров, В. И. Серебрянский, A. Т. Аминжанов, О. А. Ахунов, К. Жумагазин ж. б.
Музыкасы.
Тажикстан эл музыкасына диатоникалык жана табигый лад мүнөздүү. Аткарууда мелизм ыкмасы көп колдонулат. Эл аспаптары: дутар, думбрак, кашкар рубабы, гижак, най, керней, сурнай, чанг, таблак, нагора, дойра, занг, кайрок, сетор, даф. Совет бийлигинин орношу менен Тажикстан музыкалык маданиятында жаны доор башталган. Улуттук салттардын негизинде көп үндүү музыка, музыкалык драма, опера, балет жанрлары жана симфониялык оркестрге жазылган чыгармалар жаралган, 1929-жылы музыкалык техникум (Ленинабад), сүрөтчү, музыкант, бийчилерди даярдоочу Көркөм комбинат (Дүйшөмбүдө), 1929-жылы Дүйшөмбүдө драма театры (1934-жылы андан музыкалык драма труппасы бөлүнүп чыккан), 1938-жылы филармония ачылган. Туңгуч улуттук опера («Восе көтөрүлүшү») 1939-жылы коюлган. Көрүнүктүү композиторлору: С. Баласанян, Я. Сабзанов, Ш. Сайфиддинов, Д. Дустмухаммедов, 3. Шахиди, С. Хамраев, А. Одинаев, А. Ядгаров, А. Салиев, Ф. Бахор ж. б. Республикада (1976) Тажик опера жана балет театры, A. С. Пушкин атындагы Республикалык музыкалык комедия театры, А. Рудаки атындагы Областтык музыкалык комедия театры, музыкалык драма театры, Өзбек музыкалык драма театры, филармония, рубабчылар ансамбли, эл аспаптар жана шашмакомистер ансамбли, искусство институту, музыкалык окуу жайы, Республикалык атайын орто музыкалык окуу жайы, музыкалык мектеп-интернат, 52 балдар музыкалык мектеби, Тажик композиторлор союзу иштейт.
Театры.
1919-жылдан музыкалык-театр ийримдери уюшулуп, 1929-жылы Дүйшөмбүдө биринчи улуттук театр уюшулган (азыр Лахути атындагы Тажик мамлекеттик академиялык драма театры). 1930-40-жылдары театрда А. Усманов, С. Улугзаде, Ж. Икроми ж. б. тажик авторлорунун граждандык согуш жылдарындагы эркиндикке умтулган күрөш жөнүндөгү пьесалары коюлган. Театр репертуарынан драматургиянын классикалык чыгармалары: «Сүйүү жана жүзү каралык» (Ф. Шиллер), «Отелло» (У. Шекспир), орус авторлорунун пьесалары орун алган. 1940–50-жылдары Республикасынын, тажик жаштарынын турмушу тууралуу: «Саодат» (С. Саидмурадов жана М. Рабиев), «Шодиена» (М. Закиров), «Экзамен» (Ф. Асори); тарыхый-революциялык темадагы; «Дохунда» (Ж. Икроми, С. Айниники боюнча), «Бороон» (Ш. Киямов, Г. Абдулла) спектаклдери коюлган. Театр сахнасы дүйнөлүк классикага айланган «Ромео жана Жульетта» (1947), «Король Лир» (1957, Шекспир), «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» (1965, Островский), «Сүйүү жана кылыч» (1974, А. Каххар) ж. б. драмалык чыгармалар менен толукталды. Театрдын өнүгүшүнө СССР эл артисти М. Касымовдун, Тажик ССР эл артисти Г. Бакаеванын ж. б. эмгеги зор. Театр искусствосунун чеберлери – СССР эл артисти А. Бурханов, Н. Н. Волчков, Т. Фазылова, Тажик эл артисти Б. Алифбекова, М. Вахидов, Т. Гафаров ж. б. Тажикстанда Лахути атындагы Тажик академиялык драма театры, Дүйшөмбүдөгү Тажик жаштар театры, Ленинабаддагы A. С. Пушкин атындагы Республикалык музыкалык-комедия театры, Хорогдогу А. Рудаки атындагы Областтык музыкалык-комедия театры ж. б. театрлар иштейт.
Киносу.
Тажикстанда 1929-жылдан фильмдер кыска метраждуу документ жана хроника фильмдери тартылып, «Советтик Тажикстан» мезгилдүү киножурналы чыга баштаган. 1930-жылы «Тажиккино» трести уюшулган. Алгачкы тажик көркөм фильмдери «Эмирлер көр оозунда» (1932), «Эмигрант» (1934, режиссёр К. Я. Ярматов). Биринчи үндүү көркөм фильми «Бак» (режиссёр Н. В. Досталь) жана «Достор кайрадан жолугушат» (режиссёр Ярматов; экөө тең – 1939). Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Дүйшөмбүдө Москванын «Союздетфильм» студиясы иштеген. Дүйшөмбү бириккен киностудиясы көркөм жана документ тасмаларын чыгарып турган. 1950–60-жылдары жаңы темадагы фильмдер тартылып, улуттук кинодраматургия жана режиссура жаралган, башкача айтканда Кимягаров «Дохунда» (1956, С. Айнинин романы боюнча) фильмин тарткан. Кийин «Менин досум Наврузов» (1957), «Жогорку кызмат» (1958) ж. б. фильмдер тартылган. 1960–70-жылдары улуттук жаш кинорежиссура калыптанып, М. С. Ариповдун («Ниссо», 1966), М. К. Касымовдун («Жура-Саркор», 1970), С. М. Хамидовдун («Эски мечиттеги кезигүү», 1969) ж. б. фильмдери коюлган. Документ кинолору да бир кыйла ийгиликке жетишкен («Саламатсыңбы, Тажикстан», 1960; «Тажикстан жөнүндө төрт ыр», 1964 ж. б.). «Тоо ыры» (1969), «Ак көңүл Насым» (1970) сыяктуу мультипликациялык фильмдер тартылган. Тажик кинематографистер союзу 1962-жылы уюшулган. | wiki | {"id": "1788", "revid": "39726", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1788", "title": "Тажикстан"} |
Жалал-Абад облусу ― Кыргызстандын түштүк-батышындагы административдик-аймактык бирдик.
Жалпы аянты 33,7 миң км
Административдик борбору — Жалал-Абад шаары.
Табияты.
Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик жана жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр жана тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон районунун аймагында). Облустун түн.-батыш, түн. жана чыгыш чет жакалары боюнча Батыш жана Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор Чаткал (бийиктиги 4503 м), Суусамыр-Тоо, Молдо-Тоо (түштүк капталдары) созулуп жатат. Облустун борбордук бөлүгүн Фергана (түн.-батышын), Кочкор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түштүк-батышты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү жана салыштырмалуу бийикт. 100-400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көкарт (мында облустун борбору Жалал-Абад шаары жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бука өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына о. Эле обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөндөр Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Чаткал ойдундары да кирет. Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана жана Ат-Ойнок, Чаткал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бөлүнүп турат.
Географиялык абалы.
Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо капталдары жана тоо аралык ойдуңдары карбон, девон жана палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыктарынын ичинен облус отун-энергетика ресурстарына бай. Нарын дарыясында ГЭС каскады (Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулууда. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн казылып алынат. Мунай менен табигый газ кендери Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор-Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кенташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) жана башка кендер да бар. Металл эмес кен байлыктардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак районунда) жана башка кендер чыгат. Ысык жана минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу жана башка). Облустун аймагы рекреациялык ресурстарга бай; мында туристтерди кызыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жерлер бар.
Климаты.
Тоолордун орографиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арктикалык суук жана континенттик аба массаларынын аймактын климатына тийгизген таасирин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто жана Борбордук Азия чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы жана анын түн.-батыш, түштүкбатыш салаалары Түн. жана Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына жана анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн климаты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө караганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан мартка чейинки темп-расынын орточо максимуму Түштүк Кыргызстандын башка метеорологиялык станцияларыныкына караганда 10°Сге төмөн болот. Жаан-чачын режими окшош болгондугуна карабастан, жааган жаан-чачындын өлчөмү менен абанын темпрасынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңгээлинен бийиктигине, тоо капталдарынын экспозицияларына жана рельефинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июлдун орточо температурасы этек тоо-адырлуу зонада 2522°С, жапыз тоолуу зонада 22-15°С, орто бийик тоолуу зонада 15-10°С, бийик тоолуу зонада 105°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5-0°С. Жайдын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жарымы жана күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жалпысынан мелүүн-суук, январдын орточо температурасы -3°Сден -15°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра бийик тоолуу ойдуңдарда адатта Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абсолюттук минимум -40,9°С, Чаткалда 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда Ошто -25,9°С, Кербенде(1280 м бийиктикте) -26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөөнүндө да температуралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атмосфералык жаан-чачын бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт жана ал ным алып келүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспозициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачын 500-900 мм жана андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу жана нымдуу жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал системасына кирген тоолор орографиялык жактан ыктоодо жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыштырмалуу жарды (400-500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жылдык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезгилине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500-3000 мден жогору кардын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачындын 30-50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20-25 смден, бийик тоолордо 90-100 смге чейин жетет. Фергана тоо тизмегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калыңдыгы 150 смдей болот.
Суулары.
Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тизмегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы жана алардын суусунун молдуулугу менен айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чаткал, Кара-Дарыя. Нарын дарыясы Фергана тоо тизмегинин тармактарын жана Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк-Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай жана башка, оң тараптан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара-Суу жана башка суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр менен шар агып, нуктарында босоголор көп. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыянын оң куймалары Чаңгет, Көгарт, КараҮңкүр, Майлы-Суу жана башка Ал эми облустун батышындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чаткал дарыясы Талас Ала-Тоосунун түштүк-батыш капталынан башталып, төмөнкү агымында кууш жана терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу менен кошулуп, Чырчык дарыясын түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай жана башка Облустун дарыялары суу энергиясына өтө бай; Нарын дарыясына ГЭС каскады суу сактагычтары менен курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышындагы этек тоолорунда Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу жана башка, Чаак-Тоонун түштүк капталдарында Кара-Көл жана башка көлдөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калышынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.
Флорасы.
Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Облустун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңгээлинен 500-900 м бийиктикте) шыбак-эфемердүү чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш жана башка) ээлеп, анда ачык боз жана кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң структура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, айрым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңгээлинен 900-1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени камтыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, о. эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа жана шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофиттик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрек долоно кездешет.
Деңиз деңгээлинен 1000-2200 м бийиктикте токойлуу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгакмөмө жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер менен кезектешип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа жана талаа өсүмдүктөрүнүн астында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөрчүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн топурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал топуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сымал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор жана башка Ошого байланыштуу, капталдардын кыйла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар жана жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токойлор Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун Фергана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Айрым жаңгак дарактары бириндеп 800 м бийиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак токою деңиз деңгээлинен 1000-1200 мден 1800-1900 м бийиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, карагат, итмурун, изирик жана башка дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кездешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жапайы мөмө-жемиш дарактары алмурут, алча, бадам, жүзүм жана башка өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түштүк, о. эле чыгыш экспозицияларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар негизинен жаңгак жана жапайы мөмө-жемиш дарактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын ачык түштүк жана бир аз чыгыш капталдары эфемероиддүү шалбаа жана талаа менен капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош жана башка үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн бийик чатыр гүлдүүлөр аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында жана жайык кырларында кайрак эгин эгилет.
Субальп зонасы 2000-3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы жана карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган токой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зонасында күңүрт түстөгү тоо-токой жана тоо-шалбаа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто жана башка өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зонасы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн менен кошо каз таман, козу кулак, таран жана башка да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайдаланылат.
Калкы.
Облустун калкы республиканын калкынын 18,7%ын (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%ы (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%ы (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын саны боюнча республикада Ош облусунан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), ошондой эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), тажик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) жана башка улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы жалпы республиканыкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (республикада 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (15,6 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-жылы эл каттоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), АлаБука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).
Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары 510,4 миң
(53,1%), эмгек жашынан өткөндөр 62,3 миң (6,5%).
Экономикасы.
Жалал-Абад облусу экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада Чүй облусунан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт жана байланыш, соода жана коомдук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим жана илим, саламаттык сактоо, маданият жана башка тармактарынын деңгээли аныктайт. Бул тармактар базар экономикасынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана жана мекемелерден (өнөр жайчакан жана өнөктөш ишканалар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа жана фирмалар, дыйкан жана фермер чарбалары, ошондой эле жеке дыйкан чарбалары) жана башка өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат. Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алардын 2,2%и мамлекеттик менчиктеги, 2,1%и коммуналык жана 95,7%и жеке менчиктеги ишканалар. Ишканалар түрлөрү боюнча ири (0,3%), орто (0,5%) жана чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чарбалары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) жана башка обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.
Өнөр жай.
Өнөр жай тармагында бардыгы 135 ишкана иштейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган өнөр жайишканалары болгон (2005). Аларда 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-жылы 7007,8 млн сомдук (республиканын 19,5%) продукция өндүргөн. Ө. ж-дын негизги тармактары: электрэнергетика (өнөр жайпродукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%), түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), тамак-аш (2,8%) жана башка өнөр жайтармактары. Облустун өнөр жайтармактарынан электр-энергетика, машина куруу, отун жана түстүү металлургиянын респ-дагы орду кыйла жогору.
Облустун өнөр жайынын 54,0% продукциясын өндүрүп (республиканын электр-энергетикасынын 83,3%), 4 ишкананы камтыйт: Токтогул ГЭС каскадынын «Электрстанция» ААК (2007-жылы 1,9 млрд сомдук продукция өндүргөн), «Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи (851,2 млн сом), «Улуттук электр» ААК (95,0 млн сом) жана «Жалал-Абад электро» АК (446,0 млн сом). Бул тармакта облустун жалпы өнөр жайында иштеген калктын 21,8%и эмгектенип, өнөр жайындагы негизги өндүрүш каражатынын (фондунун) 43,7%и топтолгон. Облуста 2008-жылы 10,5 млрд кВт-с электр энергиясы (республикадагы электр энергиясынын 89,4%и) өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгү республиканын башка региондорунда пайдаланылат, чет өлкөлөргө экспорттолот.
Облустун үчүнчү маанилүү өнөр жай тармагы. Бул тармакта 2007-жылы өнөр жай продукциясынын 10,1%и өндүрүлгөн. Отун өнөр жай структурасына көмүр казып алуу, нефть жана жаратылыш газын өндүрүү, нефтини кайра иштетүү тармактары кирет. Көмүр казып алуу тармагында 4 ишкана иштеп, аларда 219 адам эмгектенген. 2008-жылы 44,7 миң т көмүр казылып алынган (респ-да казылып алынган көмүрдүн 9,1%и), 2005-жылы «Тегене» ЖЧКнын кубаттуулугунун 44,0%и, «Көк-Жаңгак шахтасы» МАКтын 25,8%и, «Таш-Көмүр» МАКтын 27,4%и гана пайдаланылган болсо, «Коргон-Таш» АК иштебей турган. Көмүр казып алуудагы мындай акыбалга биринчиден өндүрүлгөн көмүрдүн өздүк наркынын кымбаттыгы, экинчиден алардын сапатынын начардыгы, үчүнчүдөн аларды сатуудагы рыноктун тардыгы же жоктугу себеп болууда.
Облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008-жылы 55,0 миң т нефть (республика боюнча өндүрүүнүн 77,0%и) жана 17,3 млн м3 табигый газ (100%) өндүргөн. Облуста өндүрүлгөн жаратылыш газы Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарына берилип, азыраак бөлүгү Тажикстанга экспорттолот. Отун өнөр жайынын маанилүү тармактарынын бири нефтини кайра иштетүү. «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) биргелешкен ишканасы облуста өндүрүлгөн жана бөлөк өлкөлөрдөн ташылып келинген нефтини кайра иштетип, бензин (2007-жылы 35,0 миң т же респ-дагынын 46,7%и), дизелдик күйүүчү май (136,2 миң т же 95,8%и), мазут (220,0 миң тже 98,6%и) өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктулары республиканын түштүк райондорун толук камсыздай алат.
Жалпы өнөр жай продукциясынын 6,3%ын түстүү металлургия өндүрүп, өнөр жай тармактарынын ичинен 4-орунда турат. Бул тармактын 3 ишканасы бар, алар: Макмал алтын кен комбинаты (2005-жылы 389,6 млн сомдук продукция өндүргөн; 1143 адам иштеген); «Кыргызалтын» ААКтын филиалы «Терек-Сай кени» (24,2 млн сом өндүрүп, 464 адам иштеген); «Кристалл» МАК (жарым өткөргүчтүү кристаллдык кремний жана башка түрлөрүн чыгаруучу КМШ өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана).
Өнөр жай тармактарынын ичинде 19,2% продукция өндүрүп, электр-энергетика ө. ж-нан кийинки 2-орунду ээлейт. Тармактын 19 ишканасы бар; ирилери: «Майлы-Суу электр лампа заводу» АК, «Нур» АК, ТТО з-ду, «Достук» АК, «Гидросталь-конструкция» АК, «Кыргызэлектроизолит» з-ду, ОП-36/10 ишканасы, «Жетиген» АК, «Анар» з-ду, «Ротор» чакан ишканасы жана башка Облустун машина куруу өнөр жайреспубликанын масштабында ушул тармактын 46,1% продукциясын өндүрүп, облустардын ичинен 1-орунда турат. Негизги продукциялары: электр лампалары (2007-жылы 171,2 млн даана), электр өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тасмалар) жана түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны, «Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экспорттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда, Сумсар шаарчасында жайгашкан.
23 ишкана иштейт. Анын 18и токой өстүрүп, эмерек жана башка буюмдарды жасоого жарактуу жыгачтарды, отун даярдайт. Ал эми 5 ишкана жыгачтан эмерек жана башка буюмдарды жасоого ылайыкташкан. Негизги ишканалары: Жалал-Абад ш-ндагы «Эмерек», «Көгарт» АКтары, Базар-Коргон районундагы «Кыргыз-түрк вуд ИНДАСТРИ» биргелешкен ишканасы, токой чарбачылыгындагы чакан ишкана-цехтер жана башка Жаңгак жыгачынан, айрыкча анын уюлунан (кап) жогорку сапаттагы, баалуу, дүйнөлүк рынокко өтүмдүү эмерек жана башка буюмдарды жасоого жетишүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.
12 ишкана иштейт (2007); негизги ишканалары: «Кыргызкурулушматериалдар» АК, «Темирташ» АК, темир-бетон заводу (Жалал-Абад ш-нда), «Ока-Керамика» ЖЧК (Кочкор-Атада), «Береке» АК (Майлы-Сууда), «Таш-Рабат» ЖЧК (Токтогул шаарчасында); чыгарган негизги продукциялары: темир-бетон конструкциялары, кыш, карапа, черепица, бетон, курулуш аралашмалары жана башка Айрым курулуш материалдары (кыш жана башка) Өзбекстанга (Анжиян, Наманган обл-на) сатылат.
Жеңил өнөр жай тармагы өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча облустун өнөр жай структурасында 6,2%ти түзүп, 5-орунду ээлейт. Иштеген адамдардын саны боюнча тармактын респ-дагы үлүшү 17,3%, өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча 49,0%ти түзгөн. 2005-жылы жеңил өнөр жайтармагында 28 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын», «Актилек-А» ЖЧКлары жана башка Жеңил өнөр жайишканалары негизинен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу ш-нда, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул р-ндорунда жайгашкан. Алардын чыгарган негизги продукциялары: чигитинен тазаланып таңылган пахта буласы, токулбаган кездеме, о. эле көйнөк, шым, төшөк, бут кийим жана башка Пахта буласы экспортко (негизинен Россияга) чыгарылат.
Облустун айыл чарбасында өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруучу маанилүү тармак. Анда 2006-жылы 54 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (колбаса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр ш-нда, ферменттелген тамеки), «Арак заводу» (41,5 млн сом), «Таттуу суу» (кондитер азыктары) АКтары, «Азиз тамеки» (ферменттелген тамеки). Ири ишканалары негизинен Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-нда жана Ала-Бука районунда жайгашкан. Облустун тамак-аш өнөр жай ишканалары 2008-жылы респ-да чыгарылган өсүмдүк майынын 69,6%, кондитер азыктарынын 13,5%, спирт ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%, ферменттелген тамекинин 10,3%ин жана башка өндүргөн.
Ун-акшак жана аралаш тоют чыгаруу өнөр жайында 2008-жылы 6 ишкана иштеп, аларда жалпы өнөр жайында иштегендердин 0,6%и эмгектенген. Негизги ишканалары Жалал-Абад шаарында жайгашкан; ири ишканалары: «Дан-ЮГ», «Марьям и Ко» ЖЧКлары, «Азретайып», Таш-Көмүр шаарындагы «Техник» АКтары жана башка Облустун башка ишканалары да бул тармактын кошумча продукцияларын чыгарат; ошондой эле облустун шаарларында, райондорунда, айыл-кыштактарында жеке менчик тегирмендер ун-акшак тартышат. 2008-жылы облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал республикада өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн.
Полиграфия өнөр жайынын 5 ишканасы иштейт; алар Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-ндагы басмаканалар жана чакан ишкана. Негизги продукциялары: китеп, гезит, бланк, этикетка жана башка ИДПнин 49,9%и а. ч-га туура келет. 2008-жылы 46 а. ч. кооперациясы, 2 орток дыйкан чарбасы, 4 АК, 8,2 миң жеке дыйкан (фермер) субъектилери катталып, алар 18467,5 млн сомдук продукция өндүргөн (республиканын жалпы продукциясынын 16,4%). А. ч-нда өндүрүлгөн продукциянын 62,4%и дыйканчылыкка туура келет, ал пахта, тамеки жана жашылча өстүрүүгө адистешкен. Кийинки жылдарда облустун жеринде кант кызылча жана май алынуучу өсүмдүктөр өстүрүлө баштады.
Айыл чарбасы.
Айыл чарбага жарактуу жери 1857,3 миң га, анын 9,0%и (167,1 миң га) айдоо, 0,5%и (9,2 миң га) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 2,1%и (39,0 миң га) чабынды жана 88,4%и (1642,1 миң га) жайыт (2008). Эгин аянты 875,5 миң га болуп (респ-дагы эгин аянтынын 14,6%и), анда 72,9 миң га дан (12,4%), 22,9 миң га пахта (67,5%), 4,5 миң га тамеки (31,0%), 5,6 миң га картөшкө (8,1%), 7,2 миң га жашылча (15,3%), 13,5 миң га тоют (8,0%), 19,9 миң га май алынчу өсүмдүктөр (34,8%), калган 1,1 миң га жерге бакча өсүмдүктөрү эгилген. Булардан башка облустун жеринде 6,8 миң га мөмө-жемиш бактары (14,0%), 1,3 миң га жүзүм (16,7%) аянты болгон. 2008-жылы 234,9 миң т дан (респ-кадагынын жалпы 15,5%), 63,2 миң т пахта (66,6%), 1,1 миң т тамеки (8,1%), 96,6 миң т картөшкө (7,2%), 153,1 миң т жашылча (18,6%), 18,9 миң т бакча өсүмдүктөрү (28,8%), 39,5 миң т мөмө-жемиш (21,3%) жана 6,2 миң т жүзүм (23,4%) алынган.
Айыл чарба продукциясынын 37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларында 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш менен эсептегенде: уй 241,3 (республиканын 19,7%), кой менен эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%), чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) болгон. Облустун мал чарбасынан 2008-жылы тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (республикада өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5% ) жана 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.
Транспорту.
Жалал-Абад облусунда автомобиль, темир жана аба жолдор жана куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-жылы автомобиль транспорту менен 4971,9 миң т жүк (респ-дагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Автомобиль жолунун негизин Бишкек Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад Казарман, Үч-Коргон Кербен Ала-Бука Каныш-Кыя жана башка автомобиль жолдору жана Кара-Суу Жалал-Абад Көк-Жаңгак жана Наманган (Өзбекстан) Үч-Коргон Таш-Көмүр темир жол тармактары өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону менен башка өлкөлөр менен экономикалык байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан ЖалалАбад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жалал-Абад шаарында, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыштагында аэропорттор иштеп, алардын Бишкек менен аба жол каттамы бар. Жалал-Абад шаары Каракол, Чолпон-Ата шаары жана Казарман кыштагы менен жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Облустагы бардык шаарлар жана райондун борборлору облустун борбору Жалал-Абад шаары менен аба, кабель жана радиореле линиясы аркылуу байланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-жылы 1199,6 млн сомду түзүп, республиканыкынын 7,1%ине барабар болгон.
Маданий турмушу.
Облуста 13 ЖОЖ бар; анда 22,3 миң студент билим алып, аларда 970 окутуучу (анын ичинен 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. Ошондой эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-техниктик (5,0 миң окуучу) окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус боюнча 293 мектепте кыргыз, 6 мектепте орус жана 38инде өзбек тилдеринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окутулат.
Облус боюнча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп жана журналдары менен), 11 ар түрдүү музейлер, а. и. Аксыдагы жана Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак районунда Барпынын үй-музейи жана башка бар. Алардан башка балдардын 14 муз., 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад ш-ндагы Барпы атындагы кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атындагы филармония жана башка бар. Облусунун радио уктуруу жана телекөрсөтүү студиясы иштейт. 2006-жылы облуста 309 мед. дарылоо мекемеси болгон, анын 261и айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар. Бардык мед. мекемелеринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жылдарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучулар үчүн атайын палаталар иштей баштады.
Жалал-Абад ш-нын жанында дарылык касиети жогору болгон минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун аймагы жаратылыш шартынын кооздугу, кен байлыктарынын ар түрдүүлүгү жана тарыхый эстеликтеринин сакталышы менен белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түштүк Кырг-н жаңгак жана жемиш токоюнун 90%и облустун аймагында. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма жана башка жерлердин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Облустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-к. б. з. 8-к.) жана Чаар-Таштагы таш бетине чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1-5-к.) калдыктары, 10-12-кылымдагы Күлбөс-Хан, Чанчар-Хан жана Тогуз-Торо шаар-чептеринин чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-к.), Арстан бабанын (16-к.) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-к-дын башы) жана акыркы жылдарда калыбына келтирилип, кайра курулган Курманбек баатырдын күмбөзү бар. | wiki | {"id": "1793", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1793", "title": "Жалал-Абад облусу"} |
Спорт-биздин досубуз - ар кандай дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү системасы. С. адамдын ден соолугун чыңдоо, мелдеште жогорку көрсөткүчкө жана жеңишке жетүү максатын көздөйт; дене тарбиянын негизги бөлүгү. Спорттун ар кандай түрлөрү, оюндары, коомдору, комитеттери бар.
Спорт — атайын дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу, өткөрүү системасы. Спорт мелдешүү, жеңүү, эң жогорку спорттук жетишкендиктер — рекорддорго жетишүү максатын көздөйт. Советтик спорт ар бир кишинин ар тараптан өнүгүүсүн, ден соолукту чыңдоону камсыз кылат жана өзүнүн массалуулугу менен мүнөздөлөт. Спорттук мелдештерге жана машыгууларга катышуу ден соолукту чыңдоо, бош убакытты максаттуу пайдалануунун эң мыкты шарттарынын бири. Спорт чечкиндүүлүк, туруктуулук, тартиптүүлүк, коллективди сүйүү, жеңишке умтула билүү жана башкалар баалуу сапаттарды өнүктүрөт.
Спорт -биздин досубуз.
Спорт менен машыгуу нерв-психикалык, оор күч келүү менен байланыштуу болгондуктан ага ден соолугу чың, медициналык кароодон өткөн адамдар катыша алат. Такай машыккан кишилердин келбети сымбаттуу болуп, органдар менен системаларынын түзүлүшү, функциясы жакшырат. Машыгуулардын натыйжасында сөөктөр бышык болуп, булчуңдар чоңоёт, кыймыл-аракет жакшырат, сергек болот, түрдүү ооруларга туруктуулугу жогорулайт. Спорт менен машыгууда ага жумшалуучу күч машыгуучулардын күчүнө, жашына жана жынысына ылайык келүүгө тийиш. Узак убакыт, үзгүлтүксүз спорт менен машыгуу ден соолукка жакшы таасир берип, мезгилсиз картаюунун алдын алат. Бирок, жаш өткөн сайын оор күч менен байланыштуу машыгууларды азайтуу талапка ылайык. Күрөш, футбол, оордуктарды көтөрүү сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгуу пайдасыз. Ал эми сууда сүзүү, жай чуркоо, лыжа тебүү, бадминтон, теннис, волейбол ойноо орто жаштагы жана улгайып калган кишилер үчүн жеңил болот.
Мелдештер.
Спорттун бардык түрлөрү боюнча машыгуу жана атайын мелдештер өткөрүлөт. Спорттук мелдештер адегенде ишканалардын арасында, андан кийин райондук, областтык, республикалык жана союздук масштабда уюштурулат. Ар бир спортсменге спорттук мелдештерде көрсөткөн жетишкендиктеринин негизинде атайын спорттук разряддар жана наамдар ыйгарылат.
A
Б
К
О.
Ф
Ш
Биринчи Олимпиада оюндары 1896-жылы өткөн (булак).
Колдонулган адабият.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 | wiki | {"id": "1796", "revid": "462885", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1796", "title": "Спорт"} |
Астрономия ― ааламда болуп жаткан физикалык процесстер менен кубулуштарды талдоонун негизинде асман объекттеринин, тутумдарынын жана алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле аалам жөнүндөгү илим. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикадан тышкары астрономия, космогония, космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт.
Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын-ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1937, СССР) астрономиянын жаңы доору башталган. Космостогу эң чоң (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990 жана 2005-жылы Жер орбитасына чыгарылып, Күн тутумундагы объекттерди жана планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаңы ыкмалары пайдаланылган.
Азыркы астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору тутумунан баш тартуу жана аны дүйнөнүн гелиоборбору тутуму менен алмаштыруу, асман нерселеринин телескоп менен изилдөөнүн башталышы жана бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын ачылышына байланыштуу. Биздин заманга чейин 2000-жылы Кытайдагы астрономия мектеби кытай астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле Египетте, Индияда жана Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз менен байкоонун негизинде чоң ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар жана Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж.б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп түшүнүктөрү араб тилинен келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах. Птолемей б.з. чейинки 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде астрономия боюнча бүт билимди чогулткан. Ал ошол кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, XVII кылымга чейин астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-жылы поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын жана кыймылдын үч мыйзамын Ай жана планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер жана Галилейдин иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоң жана кубаттуу телескоптун жардамы менен Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде ― планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддерди изилдөөдө Ньютондун динамика мыйзамы жана кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат. | wiki | {"id": "1797", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1797", "title": "Астрономия"} |
"Экология (грек тилинен oikos - үй, мекен,жашаган жер жана logos - илим,окуу. Түздөн–түз которгондо: үй жөнүндө илим, ал эми адамзат үчүн үй бул–Жер планетасы.)- организмдердин өз ара жана айлана–чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим. Тирүү организмдин жашоо шартын жана организмдердин жашоо чөйрөсү менен өз ара байланышын изилдөөчү илим."
Экологиянын өтө көп аныктамалары бар, бирок көпчүлүк окумуштуулар, “Экология – тирүү организмдердин тиричилигинин шартын изилдөөчү жана организмдер менен чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланышын изилдеген илим”, дешет.
Белгилүү окумуштуу америкалык эколог Ю.Одум мындай жалпы аныктама берет: “Экология – бул илим аралык билим тармагы, көп денгээлдик системалардын жаратылышта, коомдо жайгашуу жана алардын өз ара байланышы жөнүндөгү илим”.
«Экология» терминин 1-жолу немец биологу Э. Геккел 1866-жылы колдонгон. Тирүү организмге чөйрөнүн түздөн-түз же кыйыр тийгизген таасири экологиялык фактор деп аталат. Ал биотик жана абиотик факторлоруна бөлүнөт. Биотик түрүнө тамак-аш факторлору, айрым особдордун же бир түрдөгү особдор тобунун жана ар башка түрдүн ортосундагы өз ара мамиле (аймак, тамак-аш, суу жана башкалар үчүн күрөшүү) кирет. Абиотик факторлор биологиялык объектиге сырттан таасир этет, мисалы, температура, жарык, нымдуулук, жаан-чачын, атмосфералык басым, шамал, атмосферанын иондошуусу жана башкалар.Белгилүү түрдүн жашаган шартынын жыйындысы (жашаган, көбөйгөн жери, тамагы, башка түр менен өз ара мамилеси жана башкалар) ошол түрдүн экологиялык очогун түзөт. Тирүү организмдин жашоо чөйрөсү менен өз ара мамилесин үйрөнүүдө биологиялык ыкмалар менен маалыматтар гана колдонулбастан физика, химия, геология, география, экономика жана башкалар илимдер да пайдаланылат.
Адамдын өндүрүштүк активдүүлүгүнөн атмосфера, океан, көл, дарыя-суулардын булганышы, өсүмдүктөрдүн жок кылынышы, жаныбарлардын көп түрүнүн тукум курут болушу айлана-чөйрөнү коргоо маселесине чоң көңүл бурууга жана Экологиялык изилдөөлөрдүн кеңейишине түрткү берди. Экологиянын алдында биологиялык ресурстарды үнөмдүү пайдалануунун илимий негизин түзүү, адамдын иш-аракетинин таасиринен табияттын өзгөрүшүн изилдөө, мындай өзгөрүүлөрдүн масштабын, мүмкүндүгүн алдын ала прогноздоо, ошондой эле биосферада өтүүчү процесстерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу милдети турат. Экологиянын көйгөйлөрү медицина менен тыгыз байланышта болуп, социалдык-гигиеналык мүнөзгө ээ. Өндүрүштүк чарбанын улам тез темп менен тийгизген таасиринен чөйрөнүн ылдам өзгөрүшү адам жана ал жашаган чөйрөнүн ортосундагы Экологиялык тең салмактын бузулушуна алып келиши ыктымал, кээде анын бузулган учурлары да болуп жатат. Ошондуктан калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу 7875максатында адамзаттын өндүрүштүк иш-аракетин жаңы негизде өркүндөтүү максатка ылайыктуу.
Заманбап экология татаал жана бутактанган структурага ээ. 90 жакын багыттар акыркы жылдарда калыптанып, экологизация процесстери жүрүп жаткан адамзаттын ишкердүүлүгүнүн тармактары болуп эсептелет.
Айлана чөйрө жөнүндөгү илим: теоретикалык (классикалык), прикладдык (колдонмо), глобалдык экология.
Экологиянын этаптары.
Экология өз алдынча дисциплина болуп XIX к. ортосунда калыптана баштады. Бирок экологиялык изилдөөлөр адамзаттын өнүгүүсү менен бирге эле жүрүп келген. Ар кыл окумуштуулардын экологиялык билимдин калыптанышына, экологиянын өнүгүү тарыхына салымын суммалап окумуштуулар 3 негизги этапка бөлүп жүрүшөт.
I этап.
Бул этап экологиянын илим катары жаралып жана калыптануу этабы (байыркы доордон XIX к. 60ж чейин). Бул этаптагы окумуштуулар грек философтору (Анаксимандр, Демокрит, Фалес, Гиппократ, Архимед, Платон), Аристотель (384-322 б.э.ч.), кайра жаралуу доорунун окумуштуулары Н.Коперник, Дж.Бруно, Г.Галилео, Л.да Винчи – булар жаратылыш жөнүндө илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Роберт Бойль (1627-1691) биринчилерден болуп төмөнкү басымдарда жаныбардардын чыдамдуулугун изилдеген, б.а. абиотикалык шарттардын тирүү жандыктарга болгон таасирин изилдеп көргөн. 1650-1700 ж. Антони ван Левенгук бактерияларды байкаган.
II этап.
Бул этапта (XIX к. 60-ж ХХк. 50-ж. чейин) экологиянын өз алдынча тармакка калыптануу этабы. А.Гумбольдт, Н.Северцов, Ч.Дарвин, Э.Геккель, К.Мебиус, В.Докучаев, К.Шретер, В. Вернадский, Э.Леруа, Г.Гаузе, А.Тенсли, В.Сукачев аттуу окумуштуулардын ачылыштары менен байланыштуу. ХХк. экинчи жарымынан баштап айлана чөйрөнүн кирденүүсү жогорулап жана адамдын жаратылышка таасиринин кескин жогорулашынан улам экология өзгөчө мааниге ээ болду.
III этап.
Экологиянын өнүгүүсүнүн 3-этабы ХХк. 50ж. – азыркы убакытка чейин. Экология өзүнө жаратылышты жана айлана чөйрөнү коргоону камтыган комплекстүү илимге айланды. Экологиянын заманбап өнүгүү мезгили Ю.Одум, Б.Коммонер, Р.Дажо, Н.Реймерс, И.Шилов, Ю.Израэл ж.б. окумуштуулар менен байланыштуу.
Экологиянын максаты.
Заманбап экологиянын максаты цивилизациянын туруктуу өнүгүүсүн экологиянын мыйзамдарына ылайык келтирүү менен жаратылыш жана антропогендик системаларды, адамзаттын коомун жана бүтүн биосфераны башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу.
Шилтемелер.
Кыргыз-Түрк Манас Университети. "CEV-150 Экология." "Киришүү. Экологиянын маселелери, изилдөө объектиси жана структурасы. Экологиянын дисциплиналар арасындагы мүнөзү" | wiki | {"id": "1820", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1820", "title": "Экология"} |
Мифология (байыркы грекче «миф» уламыш, болумуш жана «логос» - сөз, аңгеме; илим) мифтерди чогултуп жана аларды изилдөөчү илим. Алгачкы коомдогу адамдардын өздөрүн курчап турган дүйнөгө болгон эң жөнөкөй фантастикалуу түшүнүктөрү: мисалы, бардык элдердин өнүгүүсүнүн алгачкы мезгилдеринде пайда болгон. Мифологиянын чагылышына адамдардын эң алгачкы диндик түшүнүктөрү: фетишизм, анимизм, тотемизм, магия жана башка чоң таасирин тийгизген. Адамдар ар кыл табият кубулуштарын түшүндүрүүгө дүйнөнүн жаралышы, күн, жылдыз, ай, адам, деңиз, суу, жаныбарлар, өсүмдүк, жаратылыштагы кырсыктар жана башка жөнүндө көптөгөн мифтерди чыгарышкан. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында ошондой эле «Манас» эпосунда да мифтик окуялар, түшүнүктөр жаныбарлар дүйнөсү менен байланышкан мифологиялык сюжеттер кеңири чагылдырылат. | wiki | {"id": "1824", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1824", "title": "Мифология"} |
Экономика товарларды жана кызматтарды өндүрүүнү, бөлүштүрүүнү жана керектөөнү изилдеген коомдук илим.
Экономика, экономикалык агенттердин жүрүм-турумуна жана экономикалардын кандай иштешине көңүл бурат. Микроэкономика, жеке агенттерди жана базарларды, алардын өз ара аракеттерин жана өз ара аракеттеринин натыйжаларын камтыган экономиканын негизги элементтери катары каралган нерселерди талдаган бир тармак. Жеке агенттерге, мисалы, үй чарбалары, фирмалар, сатып алуучулар жана сатуучулар кириши мүмкүн. Макроэкономика экономиканы өндүрүү, керектөө, үнөмдөө жана инвестиция өз ара аракеттенген система катары жана ага таасир эткен факторлорду талдайт: эмгек ресурстарын, капиталды жана жерди пайдаланууну, валюта инфляциясын, экономикалык өсүүнү жана ушул элементтерге таасир эткен мамлекеттик саясатты.
Экономиканын башка кеңири айырмачылыктарына "эмне" деп мүнөздөмө берген позитивдүү экономика жана "эмне болушу керек" деген нормативдик экономика ортосундагы; акыл-эстүү жана жүрүм-турум экономикасынын ортосундагы; жана негизги экономика менен гетеродокстук экономиканын ортосундагы айырмачылыктар кирет.
Экономикалык талдоо бизнести, каржыны, саламаттыкты сактоону, инженерияны жана өкмөттү камтыган бүткүл коомдо колдонулушу мүмкүн. Ал ошондой эле кылмыштуулук, билим берүү, үй-бүлө, феминизм укук, философия, саясат, дин, коомдук институттар, согуш, илим жана айлана-чөйрө сыяктуу ар түрдүү субъекттерге карата колдонулат.
Экономикалык ой жүгүртүүнүн тарыхы.
Байыркы доордон физиократтар аркылуу.
Экономикалык жазуулар Месопотамия, Грек, Урум, Индостан субконтинентинен, Кытай, Персия жана Арап цивилизацияларынан башталган. Экономикалык осуяттар Боэотиялык акын Гесиоддун жазуу мезгилинде пайда болгон жана бир нече экономикалык тарыхчылар Гесиоддун өзүн "биринчи экономист" деп мүнөздөшкөн. Антикалык мезгилден Ранессанска чейинки белгилүү жазуучулардын катарына Аристотел, Ксенофонт, Чанакя (Каутиля деп да белгилүү), Чин Ши Хуаң, Томас Акуинас жана Ибн Калдун кирет. Жозеп Шумпетер Акуинасты табигый мыйзамдын чегинде акча, пайыздык жана баалуулук теориясын "илимий экономиканын негиздөөчүсү болууга башка топторго караганда жакыныраак" деп мүнөздөгөн.
Кийинчерээк "меркантилисттер" жана "физиократтар" деп аталган эки топ, теманын кийинки өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен. Эки топ тең Европада экономикалык улутчулдуктун жана заманбап капитализмдин күч алышы менен байланыштуу болгон. Меркантилизм, соодагерлер болобу же мамлекеттик ишмерлер болобу, өнүккөн брошүралык адабиятта 16чы кылымдан 18чи кылымга чейин өнүккөн экономикалык доктрина болгон. Анда улуттун байлыгы анын алтын менен күмүштүн топтолушунан көз каранды деп айтылган. Доктрина экспорттолуучу товарларды өндүрүүдө колдонула турган арзан чийки заттарды импорттоону жана чет өлкөлүк өндүрүш товарларына коргоочу тарифтерди киргищүүнү жана колонияларда өндүрүшкө тыюу салууну мамлекеттик жөнгө салууну талап кылган.
18чи-кылым француз ойчулдарынын жана жазуучуларынын тобу болгон физиократтар, экономика идеясын кирешелердин жана өндүрүштүн айланма агымы катары иштеп чыгышкан. Физиократтар айыл чарба өндүрүшү гана өздүк нарктан ашыкча пайда алып келген, ошондуктан айыл чарба бардык байлыктын негизи болгон деп эсептешкен. Ошентип, алар айыл чарбасынын эсебинен өндүрүштү жана сооданы, анын ичинде импорттук тарифтерди өнүктүрүүнүн меркантилисттик саясатына каршы чыгышты. Физиократтар административдик чыгымы көп салык жыйымдарын жер ээлеринин кирешелеринен алынуучу бирдиктүү салыкка алмаштырууну жакташты. Көпчүлүк меркантилисттик соода эрежелерине каршы реакцияда физиократтар өкмөттүн экономикага минималдуу кийлигишүүсүн талап кылган Лайсез-Фэй саясатын жакташты.
Адам Смит (1723–1790) баштапкы экономикалык теоретик. Смит, меркантилисттерди кескин сынга алган, бирок физиократтык системаны "бардык кемчиликтери менен" "балким, жарыяланган чындыкка эң таза жакындоо" деп мүнөздөгөн.
Классикалык саясий экономия.
1776 жылы Адам Смиттин «Элдердин байлыгы» китебинин жарыкка чыгышы «экономиканын өзүнчө дисциплина катары эффективдүү жаралышы» деп мүнөздөлгөн. Китепте жер, эмгек жана капитал өндүрүштүн үч фактору жана айыл чарбасы гана өндүрүмдүү болот деген физиократиялык идеядан айырмаланып, мамлекеттин байлыгынын негизги салымы катары аныкталган.
Смит эмгекти бөлүштүрүү аркылуу адистештирүүнүн потенциалдуу артыкчылыктарын, анын ичинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну жана шаар менен өлкөнүн ортосундагы же башка өлкөлөрдүн ортосундагы соодадан түшкөн пайданы талкуулайт. Анын «эмгектин бөлүштүрүлүшү базардын масштабы менен чектелет» деген «теоремасы» «фирма менен тармактын функцияларынын теориясынын өзөгү» жана «экономиканы уюштуруунун негизги принциби» катары сүрөттөлгөн. Смитке ошондой эле "экономикадагы эң маанилүү сунуш" жана ресурстарды бөлүштүрүү теориясынын негизи деп аталат - атаандаштыктын шартында ресурс ээлери (эмгектин, жердин жана капиталдын) эң пайдалуу пайдаланууну издешет, натыйжада тең салмактуулукта бардык колдонуулар үчүн бирдей кирешелүүлүк нормасы (окутуу жана жумушсуздук сыяктуу факторлордон келип чыккан көрүнгөн айырмачылыктарга туураланган).
«Бардык экономикадагы эң атактуу үзүндүлөрдүн бирин» камтыган аргументте Смит ар бир инсанды коом үчүн эмес, өз кызыкчылыгы үчүн жана пайда үчүн колдонууга аракет кылып жатканын көрсөтөт. ата мекендик өнөр жайда капиталды ишке киргизүү үчүн кандайдыр бир деңгээлде зарыл жана продукциянын наркына оң байланыштуу. | wiki | {"id": "1826", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1826", "title": "Экономика"} |
Балык (Балык Ооз), (Балыкооз) Бекмурат Кумар уулу (1793(99), Кетментөбө, Коңурөгүз кыштагы - 1873(87),Чүй өрөөнү, Арчалы айылы) - манасчы, ырчы.
Өз аты Бекмурат. Балык - эл тарабынан коюлган ылакап аты.
Атасы Кумар сарыбагыш уруусунун ичинен чоңарык деген уруктан чыккан. Кумар туугандары менен Чүй өөрөнүнөн Таласка көчүп кетишет. Бекмурат Таласта төрөлөт. Атасынан эрте ажыраган Бекмурат күндөлүк оокат үчүн жергиликтүү байларга жалданып күн көрөт. Бекмурат эл жомокторун, ырларды жана «Манасты» 13-14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган. 20 жашка чыкканда кадимкидей жамактап чоң топко ырдап чыккан.
Ал да салт боюнча «Манас» айтып калуусун түш көрүүгө байланыштырган. Бекмурат жаш кезинде Намангенге мал айдап баратканда жаанда калат. Жаандан коргологон Бекмурат Манастын күмбөзүнө баш калкалап, чарчаган неме уктап кетип, түш көрөт. Бекмуратка түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл Намангенге чейин минип барууга атайын ага «тору кунан арнап берет». Манас берген мингичти Бекмурат мал айдап кетип бараткан жолунда Кабак деген жерден таап алат. Бекмурат кийин «Манасты» айтып калган себебинин эң негиздүүсү катары ошол күмбөзгө түнөгөнөн себеп кылып, көп эскерип жүргөн.
Б-тын «Манасты» кимден үйрөнгөндүгүн далилдөөчү так материал жок. Б. «Манасты» өзүнөн мурункулардан укканын жокко чыгарууга болбойт. Ага түрдүү жерден жыйналган «Манастын» варианттарынын ортосундагы жалпылык Б-тын вариантында да бардыгы далил болуп турат. Экинчиден, жазгыч акын, манасчы бир чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген Тоголок Молдонун маалыматына караганда Б. «Манасты» Ноорустан уккан сыяктуу.
Биринчи жолу Б. «Манасты» Наманген шаарынын Кушбегинин астында айтат. Ал «Манасты» ушунчалык берилип айтканын жогору баалаган Кушбеги баалуу сыйлыктар менен сыйлап, таластык манаптарга жакшылап көз салып, урматтагыла деп кат жазып берет. Ошондон тартып ал урмат-сыйга бөлөнүп, эл астында «Манасты» айтып жүрөт. Б-тын манасчылык даңкы элге кеңири жайыла баштаганда, солтонун белгилүү манабы Байтиктин чакыруусу менен Чүйгө көчүп келет. Б. 75 жаш курагына келгенде Байтик дүйнөдөн кайтат. Улгайып калган Б. Кочкорго туугандарына көчүп барып, үч жылга жашап калат. Б. Кочкордо турганда он жаштагы Шапак Рысменде уулу менен кездешет. Балыктын улуу мурасын, айтуу чеберчилигин үйрөнө баштайт. 75 жаш курагында да Б-тын бетине бырыш түшпөгөн, кыпкызыл болуп, үнү жаш кезиндегидей шаңкылдап бийик чыга тургандыгын Шапак эскерет. Үч жылдан кийин ал Кочкордон кайра Чүй өрөөнүнө көчүп келет да 80 жаш курагында кайтыш болот. Анын сөөгү Байтиктин жанына, Бозбөлтөктүн этегине коюлат.
Б-тын чыгармачылыгы үч түрдүү багытта өнүккөндүгү байкалат. Б-тын биринчи негизги кесиби - «Манас» айтуу болгон. Экинчи орунда жамактап ырдоо, ырчылык кесиби турган. Ал эми аксакалдар менен отурганда же тар чөйрөдө санжыра айткан. «А дегенде үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдүбү» деп чыгармачылыгы күчөп, атагы алыска кеткен мезгилди айткан экен. Б. «Манас» айтканда аккан суудай шар кетип күнү-түнү айта берчү, - деген эл сөзү чың сезилет.
Ал эми Б-тын өзүнүн сөзүнө караганда «Манас» эпосу эки бөлүмдөн турган: биринчи бөлүмүнүдө «Манастан» мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм «Оторкан» аталат, экинчи бөлүмү - Манастын окуялары. «Манас» бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун кан, Коеш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайыккан ж.б. баяндалган.
Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жолун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу менен Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан манасчылык кесипти үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган Найманбайдын айтуусунда Б-тын варианты боюнча айрым эпизоддордон үзүндү биздин күнгө жеткендигин айтууга болот. Мисалы, «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» ж.б. Б-тын вариантына таандык үзүндүлөрдү Каюм Мифтаков Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган.
Пайдаланылган адабияттар:
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.
ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6. | wiki | {"id": "1834", "revid": "4632", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1834", "title": "Балык Ооз"} |
Тыныбек Жапы уулу, Тыныбек Жапый уулу - кыргыздын улуу даңазалуу манасчысы.
Өмүр жолу.
Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кайнар деген жерде туулган.
Бугу уруусунун Тынымсейитинен.
Атасы Жапый аргымактарды таптаган саяпкер адам балгон. Тили тантыгыраак болгон экен, атасынын.
Апасы Бопуй.
Он төрт жашында, Тянь-Шандан эжесиникине, көлгө бараткан жолдо, Тосордун тушундагы мазарга түнөп калганда, кадимкидей даарып, көзүнө айкөл Манастын өзү көрүнүп, ошондон тартып жолду карата тынбай "Манас" айтып жүрүп олтурган.
Ошондон тартып "Манас" айтып калган.
Уламадан калган кептерге караганда Тыныбек манасчы "Манастын" Чоң Казат бөлүгүнүн жаратуучусу жана аны алты ай айтса талбаган улуу жомокчу.
Тыныбектин үнү ушунчалык күчтүү анан тунук болгон экен Туюктан туруп "Манас" айтканда Оттук айылынын оозуна чейин угулчу дешет.
Тыныбек манасчы катары өтө кубаттуу гипнотизердук кудуретке ээ болгон манасчы.
Күбө замандаштарынын айтууларына караганда жайдын саратанында кыламык кар жаадырып, ал кардын үстүндө алп Манас баш болгон баатырлардын тулпарларынын чарадай-чарадай болгон издери түшүп калчу экен.
Тыныбек манасчылыгы менен Тянь-Шанда ушунчалык кадыр-баркка жеткен, аны отуз жашында бий кылып шайлашкан.
Кадимки "Манас" жыйноочу В.Радлов 1898-жылы Тыныбектин айтуусунда дастандын "Семетей" бөлүгүнүн айрым үзүндүлөрү жазылып алган деп айтылат.
Тыныбектин "Семетейи Казань шаарында жарык көргөн.
Улуу манасчы Тыныбек 1902-жылы Нарындагы Байдулу жайлоосунун Туюк төрүндө каза болгон.
Ал "Манастын" баардык бөлүмдөрүн толугу менен эң жогорку көркөмдүктө айта билген.
Тыныбектин "Манас" айтуучулук мектеби.
Анын "Манасты" айтуудагы өзгөчөлүгү айтуучулук чеберчилигинин абдан жогору болгондугунда.
Тыныбек ХIХ кылымдагы манасчылардын көпчүлүгүнө таасир берүү менен бул өнөрдүн өзүнчө мектебин түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет.
Мисалы, Тыныбек өзү окуучуларым деп эсептеген Тоголок Молдо, Калыгулдан Молдобасан Мусулманкул уулу, Байбагыштан Багыш Сазан уулу, Дөңүзбайдан Мамбет Чокмор уулу таалим алышкан. Демек, кийин белгилүү манасчы, семетейчи болуп чыга келишкен Молдобасан, Багыш, Мамбеттер да өз устаттары аркылуу кыйыр түрдө Тыныбектен таасир алышкан.
Колдо бар материалдарды салыштыра келгенде аталган манасчылардын варианттары да көп жагынан бири-бирине жакындык кылып, өзүнчө мектепти түзүшөт да, «анын негиздөөчүсү же эң эле бери болгондо» аны толуктап, өркүндөтүп өзүнөн кийинкилерге өткөрүп берген «эң көрүнүктүү өкүлү» деп Тыныбек Жапый уулун атоого мүмкүнчүлүк берет (С. Мусаев. Эпос «Манас», Фр. 1979, 83-б.).
"Манас" эпосунун бүгүнкү көркөм бийиктикке жетишишине анын да кошкон салымы зор болгон.
Ал өзгөчө "Семетей" бөлүмүн зор эргүү менен айткандыгын эскерүүлөр далилдеп турат. Анын айтуусундагы "Семетейдин" бөлүмүнөн үзүндү кийин 1925-жылы араб алфавитинде Москва шаарынан басылып чыккан.
Тыныбектин аты манасчылык өнөрдүн тарыхында сыймык менен айтылат.
Анын айтуусундагы эпизоддор Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Сатар Алмамбетов тарабынан Германияда жарыяланган.
Тыныбек туурасындагы драма.
Тыныбек манасчы туурасында драматург Жаныш Кулмамбетов 1992-жылы "Кагылайын, Манасым!" ("Тыныбек") аттуу драма жазып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссер Искендер Рыскулов койгон.
Бул драма менен оюнду койгон чыгармачылык топ мезгилдин образын метафоралык маанайда таасын чагылдырышкан.
Колдонулган адабият.
С. Мусаев. Эпос «Манас», Фрунзе. 1979, 83-б.
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Жаныш Кулмамбетов. "Манас" -кыргыз элинин эпикалык театры. Ала-Тоо журналы. Бишкек, 1995, 216-бет.
Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, "Бийиктик", 2009. - ISBN 978-9967-13-540-6.
Шилтеме.
U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4) | wiki | {"id": "1837", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1837", "title": "Тыныбек Жапы уулу"} |
Этнография - эл жана башка этностук жалпылыктарды, алардын этногенезин, турмуш тиричилигин жана маданий-тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим.
Бул илимий тармактын ар кыл өңүттөрүн изилдеген окумуштууларды "этнограф" деп аташат.
Этнография (байыркы гр. этнос — эл жана графия — жазам) — элдердин этностук өнүгүшүн, алардын келип чыгышын, каада-салтын, турмуш-тиричилигиндеги жана тарыхый-маданияттарындагы мамилелерин изилдей турган коомдук илим.
Э. илиминин изилдөө предметинин негизин — ар бир элге, өзүнө гана тиешелүү мүнөз бере турган, күнүмдүк турмушундагы салттык маданияты түзөт. Э-лык изилдөөлөрдүн башкы булагы — элдердин жашоо-тиричилигин түздөн-түз байкоо (стационардык жана экспедициялык жолу менен алынган маалыматтар) болуп саналат. Э. тарых жана археология илимдери менен байланышта элдердин этникалык тарыхын, алгачкы жамааттык коомун (азыркы элдердин арасында сакталып калган калдыктарды изилдөө боюнча) изилдейт.
Экономикалык илимдер жана социология менен бирдикте элдердин чарбалык турмушун, социалдык түзүлүшүн, ал эми тил илими менен бирдикте тилдик байланыштарын, окшоштуктарын, карым-катнаштарын жана башкалар иликтейт. Э-нын дагы бир маанилүү булагы катары, элдердин байыркы мезгилдердеги турмуш-тиричиликтерин, маданияттарынын келип чыгуулары тууралуу материалдарды чагылдырган элдик оозеки чыгармачылык эсептелинет.
Терминдин теги жана мааниси.
Этнография (англисче Ethnography)- тарых илиминин бир бучкагын түзгөн илимий тармактын аталышы.
Бул термин "этнос" ( ἔθνος - "эл") жана графо" (γράφω — "жазуу") деген байыркы грек сөздөрүнөн куралган.
Дүйнөгө таанымал этнографтар.
Жалпы дүйнө жүзүнө этнографиялык эмгектери менен таанылган окумшутуулардын арасында Итс, Рудольф Фердинандович; Гадло, Александр Вильямович; Токарев, Сергей Александрович; Бромлей, Юлиан Владимирович; Фрэзер, Джеймс Джордж; Леви-Стросс, Клод; Боас, Франц; Малиновский, Бронислав Каспар; Миклухо-Маклай, Николай Николаевич; Тайлор, Эдуард Бернетт; Морган, Льюис; Дюркгейм, Эмиль; Мид, Маргарет; Пропп, Владимир Яковлевич; Бенедикт, Рут; Гиренко, Николай Михайлович ж.б. бар.
Кыргыз этнографтары.
Кыргыз этнографиясын жана этнологиялык маселелерин иликтөөгө айрыкча салым кошкон илимпоздордун арасында Белек Солтоноев, А.Аристов, С.М.Абрамзон, Какен Мамбеталиева, Ө.Караев, Ю.С.Худяков, И.Б.Молдобаев, А.Баялиева, А.Асанканов, Реми Дор, Ху Чженхуа, Анвар Байтур, Астай Бутанаев, О.К.Каратаев, С.Кайыпов, Амантур Акматалиев, Т.Чоротегин, С.К.Алымкулова, А.Көчкүнов, Ч.Өмүрбеков, А.Жапаров, Б.Чыныбаев, Б.Акмолдоева, Г.Жумакунова, А.Ботобекова, Гундула Салк жана башка ар кыл илимий адистиктерде эмгектенген окумуштуулар бар.
"Манастагы этнография.
Э-лык илимий көз карашта кыргыз элинин улуу чыгармасы «Манас» эпосу баа жеткис Э-лык булак катары кызмат кылат. «Манас» эпосунун баалуу Э-лык булактыгынын мааниси баарынан мурда андагы кыргыз маданиятынын ар түрдүү мезгилдериндеги өнүгүшү жөнүндөгү маалыматтардын болушунда турат. Албетте, этнограф-тарыхчылар, фольклорчулар же адабиятчылар сыяктуу эле эпостогу бардык окуялар же Э-лык маалыматтар чыгармачылык менен кайра иштелип чыккандыгын, көркөмдөлүп ырга кошулгандыгын, кээде башка бир формага өтүп кеткендигин эске алышы керек. Бирок, ушул жагдайды эске алуу менен бирдикте эпостогу маалыматтар жалаң эле кыргыз элинин маданиятынын тарыхындагы жаңы барактарды ачып бербестен, ошону менен катар этнографтар үчүн жалпы адамзаттын маданиятындагы байыркы элементтерди түшүндүрүүчү өзгөчө маанилүү материалдарды берет» (Абрамзон С. М. Киргизы...).
Кыргыз элинин башка элдер менен жүргүзгөн карым-катнаштары, этникалык байланыштары жөнүндө эпосто көптөгөн материалдар берилет. Мында байыркы Орто Азия, Волга-Урал боюндагы жана Түштүк Сибирь элдери менен болгон карым-катнаштары тууралуу айрым даректер чагылдырылат. Мисалы, эпосто төмөнкүдөй ыр саптары кезигет:
Бул жерде кыргыздардын негизинен түрк урууларына кирген элдер менен (казак, кыпчак, ногой жана башкалар) болгон байланыштары сүрөттөлүп жатат жана алардын негизинен этногенездик жакындыктары жөнүндө айтылат: «Казак, кыргыз, катаган, Жедигер, нойгут, думара — Баарыбыз бир атадан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).
Байыркы кыргыздардын өздөрүнө кошуна жашаган элдер жөнүндө жана алар менен болгон байланыштары тууралуу мындайча айтылат:
Эпостогу Э-лык маанилүү маалыматтардын бири — байыркы кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз караштарын, түшүнүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсү, адам коому, аалам жана башкалар жөнүндөгү ой-толгоолорун чагылдырып турган мифтик түшүнүктөр арбын кездешет (к. Миф, Мифология).
«Манас» эпосунда кыргыз элинин байыркы кездеги диний түшүнүктөрүнө тиешелүү даректер да бар. Көчмөнчүлүк менен кесип кылган элдерде коомдук өнүгүү жай болуп, алардын арасында алгачкы жамааттык коомго таандык болгон диний ишенимдер көптөгөн кылымдар бою сакталып калган. Негизинен көчмөндөрдөгү мындай ишенүүлөр жаныбарларга жана жаратылышка сыйынуу болуп эсептелинет. Байыркы көчмөн түрк урууларынын алгачкы диний ишенүүлөрүн изилдөөдө «Манас» эпосу өзгөчө кызмат кылат, бирок кыргыз эли ислам динин мындан жүздөгөн жылдар мурун эле таанышкан, ошондуктан кийинки манасчылардын айтуусу боюнча бизге жеткен эпостун варианттарында ислам дини үстөмдүк кылат. Эпостогу айрым сүрөттөөлөрдө ислам динине чейинки диндик түшүнүктөрдү чагылдырган маалыматтар да кездешет:
Бул ыр саптарында кыргыздардын «кырк чилтенге» байланышкан байыркы диндик түшүнүктөрү көрүнүп турат. «Манас» эпосунда тотемизмдин калдыктары ачык байкалат. Аларга «Манастагы» жаныбарлардын колдоочулары Ойсул-Ата (Желмаян), Камбар-Ата (Камбар боз) же болбосо баатырларды колдоп жургөн кабылан, шер, алп кара куш жана башкалар ушундай сыяктуу кирет. Ушундай эле эпостогу тотемдик түшүнүктөрдүн бири — жапайы жаныбарлардын ээси — кайберен:
Кыргыздардын ислам динине чейинки диний ишенимдеринде ата-бабаларынын арбагына сыйынуу (анимизм) дагы өтө күчтүү болгондугун «Манас» эпосу далилдеп турат. Мындан арбакка ишенүү жөрөлгөлөрү эпосто кеңири кездешет. Манастын төрөлүшүндө, анын ата-энесинин түшүндө, алар уулдуу болорун жана аны арбак колдоп жүрө тургандыгы жөнүндө аян берилиши же Каныкейдин Тайторуну чапканда, атты Манастын өзүнүн жана анын чоролорунун арбактары сүрөгөндүгү жана башка ушундай сыяктуу көптөгөн мисалдарды көрсөтсө болот.
Мындан тышкары алгачкы жамааттык коомго тиешелүү диний ишенимдердин дагы бир формасы сыйкырчылыкка, кереметтүүлүккө ишенүү (магия) да эпостун ыр саптарында бар. Мисалы, эпостогу кээ бир согуштук эпизоддордо Аяш, Күйөш аярлардын (сыйкырчылардын) ар түрдүү айла-амалдар менен кубулуп кетиши же Айчүрөктүн перинин кызы болушу же эпостогу негизги каармандардын бири Алмамбет баатырдын күндү жайлашы сыяктуу окуялар буга мисал боло алат. «Манас» эпосунда Алмамбеттин күн жайлашы мындайча сүрөттөлөт:
«Манас» эпосунда кыргыз элинин байыркы мезгилдериндеги материалдык маданиятын чагылдырган көркөм сүрөттөөлөр да арбын. Аларга кыргыз элинин жашоо-турмушунда пайдаланышкан боз үйлөрүн жана алардын жасалгаларын, ат-жабдыктарын, кийим-кечектерин, эмгек куралдарын, тамак-аштарын, ошондой эле согуштук куралдарын жана башкалар чагылдырган сүрөттөөлөрдү кошууга болот.
Эпос кыргыз элинин байыркы кездердеги каада-салттарын изилдөөдө да көрүнүктүү орунда турат. Манастын төрөлүшү, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы сыяктуу эпизоддордо кыргыз элинин каада-салттарын даана жана так чагылдырат. «Манас» эпосунда кыргыздарда байыртадан эле «сүйүнчүлөө» салты болгондугу кездешет. Манастын төрөлүшүнө байланыштуу «бала тою» кеңири чагылдырылат. Каныкейге үйлөнүүдө кудалашуу, калың берүү, үйлөнүү тою сыяктуу байыркы каада-салттардын элементтери кездешет. «Манас» эпосунда өлүк коюу, аш берүү же болбосо кан көтөрүү салттары да бар. Кыргыз элине таандык эски салттардын бири «эмчектеш тууган» болуу эпосто мындайча берилет:
Эпос элдик оюндар жөнүндөгү Э. үчүн эң маанилүү көптөгөн материалдарды камтыйт. Андагы кездешкен оюндардын көпчүлүгү азыркы мезгилде да сакталып калган. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунда байыркы мезгилдерде эле кыргыз эли «ат чабыш», «найза сайыш», «күрөш», «жамбы атыш» сыяктуу элдик оюндарды өткөргөндүгү белгиленет. Мындан сырткары эпосто кеңири кездешкен элдик оюндун бир түрү — ордо болуп эсептелинет:
«Эр эңиш», «көк бөрү» («улак тартыш») сыяктуу ат үстүндө ойнолуучу оюндар байыркы көчмөн урууларында эзелтен бери эле ойнолору «Манас» эпосунан көрүнөт.
«Манас» эпосунда кездеше турган дагы бир Э-лык тема элдик билимдик түшүнүктөр болуп эсептелинет. Кыргыз элинин илгерки замандарда эле табиятка жана андагы кубулуштарга, жаныбарлар дүйнөсүнө жана башкалар ушундай сыяктуу болгон өздөрүнүн түшүнүктөрү, ой жүгүртүүлөрү, билими болгондугуна «Манас» эпосу күбө болот.
Кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө «Манас» эпосу этнографиялык булак катары маанилүү орунда турат.
Интернеттеги шилтемелер.
Улуттар: - Түрк, Моңгол | wiki | {"id": "1839", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1839", "title": "Этнография"} |
Алфред Бернхард Нобель (швед. Alfred Bernhard Nobel; 1833-жыл 23-октябрь, Стокгольм, Швеция - 1896-жыл 10-декабрь, Сан Ремо, Италия) - швециялык химик, инженер, ойлоп табуучу, бизнесмен жана филантроп болгон; эл аралык Нобель сыйлыгын негиздөөчүсү.
Динамитти ойлоп табуу менен белгилүү болгон Нобель Бофорско дагы ээлик кылган. Негизинен темир, болот өндүрүүчүдөн башкы оор артилериялык жана башка курал-жарактарды иштеп чыгаруучуга айланган. Нобель 355 ар кандай патентке ээ болгон, анын ичинде эң атактуусу - динамит. Мөөнөтүнөн мурдагы некрологду окуган соң ал өзүнүн байлыгын Нобель сыйлыгын түптөөгө тапшырган. Некрологдо курал сатуудан пайда тапканы үчүн аны айыпташкан. Синтетикалык нобелий элементине анын ысымы ыйгарылган. Анын ысымы бүгүнкү күндө да Dynamit Nobel жана AkzoNobel сыяктуу компаниялар менен жашап келет. Алар Нобель өзү негиздеген уюмдардын бириктирилген мураскорлору болуп саналат.
Кыскача баян.
1867-жылы "динамиттер" деп жалпы ат менен аталган жарылгыч заттарга Улуу Британияда патент алган. Батыш Европанын бардык мамлекеттеринде динамит чыгарган ишканалардын ээси жана уюштуруучусу болгон.
Ал Лондон король коому менен Швеция Илимдер Академиясынын мүчөсү. | wiki | {"id": "1841", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1841", "title": "Альфред Нобель"} |
Катовице (; ; 1953-1956-жылдары — Сталиногруд ) — Жогорку Силезиядагы Польшанын түштүгүндөгү шаар, Силезия воеводалыгынын борбору. 19-кылымда негизделген, 1865-жылы Пруссия королу Вильгельм Iнин чечими менен шаар статусун алган. 2004-жылга карата Катовице шаарынын калкы 321 163 адамды түзөт, агломерацияда жалпысынан 3 487 000 адам жашайт.
Катовице — Жогорку Силезиядагы жана Польшанын түштүгүндөгү илимдин, маданияттын, өнөр жайдын, бизнестин, сооданын жана транспорттун борбору, ошондой эле Жогорку Силезия өнөр жай чөлкөмдүн негизги шаары. Катовице Евростаттын маалыматы боюнча 2,774,460 шаар аймагында жана Европанын мейкиндикти пландаштыруу обсерваториясынын тармагы боюнча 5,294,000 калкы бар кеңири Силезиянын метрополитан аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.
Тарыхы.
Жогорку Силезиядагы Катовице аймагы эң алгачкы документтештирилген этникалык силездердин мекени болуп саналат. Ал алгач 1370-жылы падыша Касимир III каза болгондон кийин поляк Силезиялык Пиаст династиясы тарабынан башкарылган. Катовицеди курчап турган аймакка отурукташуу 12-кылымдын акырына туура келет. 1138-жылдан бери Бытомдун кастолиналары азыр Катовице жайгашкан аймакты каптады. 1177-жылы жерлер мыйзамдуу түрдө Герцог Касимир II Адилет тарабынан жээни Миешко I Тангельфутко өткөрүлүп берилген. Бул алардын орто кылымдардагы Силезия провинцияларына кирүүсүн актаган. 14-кылымдын башында Богусице, Лихота, Шопенице жана Подлеси, ошондой эле 1299-жылы Бытом герцогу Касимир тарабынан берилген документте айтылган Домб айылы деген аталыштар менен жаңы айылдар түзүлгөн.
1327-жылдан тартып аймак Богемия королдугунун бир бөлүгү болгон. 1468-жылдагы тарыхый документтерде учурда шаардын райондорунун бири болуп саналган Подлеси конушу жөнүндө сөз болсо, Катовице кыштагы (же эски жазууларда «Катовице») биринчи жолу 1598-жылы айтылган. Тарыхчылар Катовице Рава дарыясынын оң жээгинде 1580-жылдары Анджей Бохучич тарабынан негизделген деп эсептешет.
1742-жылы Биринчи Силезия согушу Жогорку Силезияны, анын ичинде Катовицеди Пруссияга өткөрүп берген. Андан кийин, 18-кылымдын экинчи жарымынан баштап, акыркы жүздөгөн жылдар бою поляктар жашаган аймакка көптөгөн немис же пруссиялык усталар, соодагерлер жана сүрөтчүлөр отурукташа башташкан. Ошол эле учурда, Силезия биринчи еврей отурукташуучулардын агымын башынан өткөргөн. 19-кылымдын 1-жарымында интенсивдуу индустриализация жергиликтүү фабрикаларды жана чарбаларды өнөр жай болот куюучу фабрикаларга, шахталарга, куюучу жана кол өнөрчүлүк цехтерине айлантты. Компаниялардын түптөлүшүнө, шаардын тез өсүшүнө да салым кошкон. Ошол эле учурда Катовице 1847-жылы негизги станцияга келген биринчи поезд аркылуу темир жол системасына кошулган.
Катовице 1865-жылы Пруссиянын Силезия провинциясында шаар статусун алган. Шаар жакынкы тоолордогу ири минералдык (өзгөчө көмүр) кендеринин эсебинен гүлдөп турган. Шаардын экстенсивдүү өсүшү жана байлыгы өнөр жай революциясынын учурунда башталган көмүр жана болот өнөр жайларына көз каранды. Шаарда негизинен немецтер, силезиялыктар, еврейлер жана поляктар жашаган. 1884-жылы бул жерде 36 еврей делегаты чогулуп, Ховевей Сион кыймылын түзүшкөн (евр. «Сүйүү Сион», Палестинанофильдер). Мурда Бехтен районунун бир бөлүгү, 1873-жылы Катовице жаңы районунун борбору болуп калды. 1899-жылдын 1-апрелинде шаар округдан бөлүнүп, өз алдынча шаарга айланган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Версаль келишимине ылайык Жогорку Силезиянын плебисцити Улуттар Лигасы тарабынан уюштурулган. Калк (22 774) Германиянын курамында калуу үчүн добуш берген, бирок Польша үчүн 3 900 адам добуш берген. Көпчүлүк добушка карабастан, шаар Польшага кошулган. 1919-1921-жылдардагы Силезия көтөрүлүшүнөн кийин Катовице Экинчи Польша Республикасынын курамына кирип, Силезиянын парламентине шайлоо округу жана аткаруу органы катары Силезия воеводствосунун кеңешине автономия берилген).
Экинчи дүйнөлүк согуштун алгачкы этаптарында, поляк армиясы Краковдун айланасында жайгаштырылууга тийиш эле, Катовице негизинен таштап кеткен. 1939-жылдын 1-сентябрында Вестерплатттын аткылоосу Экинчи Дүйнөлүк Согушка катышкан биринчи болуп таанылган учурда, Гитлер иш жүзүндө бир күн мурун СС офицерлерин поляк аскерлеринин кийимин кийгизип, үнсүз диверсияга буйрук берген. Нацисттик баскынчылыктын астында шаардын көптөгөн тарыхый жана диний эстеликтери, өзгөчө 1939-жылы 4-сентябрда өрттөлгөн Улуу Катовице синагогасы талкаланган. Андан кийин көчөлөрдүн аттары өзгөртүлүп, катуу эрежелер киргизилди. Мындан тышкары, коомдук сүйлөшүүдө поляк тилин колдонууга тыюу салынган. Германиянын администрациясы карапайым адамдарды эл алдында өлүм жазасына тартууну уюштуруу менен да атагы чыккан жана 1941-жылдын орто ченинде поляк жана еврей калкынын көбү кууп чыккан.
Немецтик баскынчыгында Вермахт үчүн Катовицедеги «Ферум» заводунда ракеталар чыгарылган. Шаарда польшалык коммунисттердин подполдук тобу (анын катышуучуларынын бири советтик чек арачы улуу лейтенант С. В. Козленков болгон) аракеттенген.
1945-жылы январь айында Катовице Кызыл Армия тарабынан немецтик баскынчылардан бошотулган.
Катовиценин согуштан кийинки мезгили Жогорку Силезия областында оор өнөр жайынын өнүгүшү менен мүнөздөлгөн, бул шаарга Польшанын өнөр жайлуу шаар жана ири административдик борбор статусун кайра алууга жардам берген. Шаар тездик менен өнүккөндүктөн, 1950-жылдары калктын саны кыйла көбөйүп, Креси деп аталган Чыгыш чек ара аймактарынан келген мигранттардын агымы байкалган. Шаардын аймагы коңшу коммуналарды жана округдарды камтыган тездик менен кеңейе баштады.
1953-жылдын 7-мартынан 1956-жылдын 10-декабрына чейин Катовице Советтер Союзунун лидери Иосиф Сталиндин урматына Сталиногруд деп аталган. Мындай өзгөртүү Мамлекеттик кеңештин токтому менен киргизилди. 1956-жылы көптөгөн нааразылык акцияларынан кийин мурдагы аты кайтарылган.
1981-жылы декабрда Катовицеде согуштук абалдын киргизилиши менен «Тилектештик» профсоюзунун ири демонстрациялары — Вуек шахтасында жана Хута-Катовице металлургия комбинатында согуштук куч менен басылган иш таштоолор болду.
1990-жылы биринчи демократиялык жергиликтүү шайлоолор шаардын тарыхында жаңы мезгилди белгиледи. Катовицедин экономикасы оор индустриянын борборунан «Борбордук Европанын азыркы экономикасынын тармактары учун эң жагымдуу инвестициялык оодандардын бирине» айланган. Акыркы убакта шаардын эффективдүү инфраструктурасы, жалпы өнүгүүдөгү тез прогресс жана кеңсе аянтынын кеңейиши Катовицеди популярдуу бизнес мейкиндигине айландырды. Катовице Көргөзмө борбору (Katowice Centrum Wystawiennicze) жарманкелерди же көргөзмөлөрдү уюштурат жана дүйнөнүн бардык бурчунан инвесторлорду тартат. Катовице — Жогорку Силезия енер жай районунун борбордук шаары жана Жогорку Силезия конурбациясынын башкы шаары.
1999-жылы Катовице Силезия воеводствосунун борбору, 1975-1998-жылдары Катовице воеводствосунун борбору болгон.
Катовице — көмүр жана металлургия өнөр жайынын борбору. | wiki | {"id": "1861", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1861", "title": "Катовице"} |
Байланыш – мейкиндикте жана мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүштөрдүн өз ара шарттуулугу.
Байланыш түшүнүгү-илимдеги эң маанилүү түшүнүктөрдүн бири: адамдын таанып-билүүсү нерселерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи Байланыштын себеп, натыйжаларын талдоодон башталат да, ал аркылуу илимдеги мыйзам-ченемдүүлүктөрдү ачып берүүгө мүмкүн болот.
Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин жана көрүнүштөрдүн өз ара жалпы Байланыш принциби диалектиканын негизги жоболорунун биринен болуп келген. Бирок 20-кылымга чейин талкуунун негизги өзөгү өз алдынча Байланыш түшүнүгү же анын логикалык түзүлүшү тууралуу эмес, дал ошол өз ара жалпы байланыш принциби тууралуу болуп келген. Илим ички жана тышкы көрүнүш, зарылчылык жана кокустук, негизги жана негизги эмес деген өңдүү Байланыштын тар чөйрөсү менен гана иш жүргүзүп келген.
19–20-кылымда коомдук, табигый илимдердин өнүгүшү менен катар Байланыш түшүнүгү бир кыйла кеңейди.
TTL - бул онлайн бара жөндөмүнө ээ болгон ар бир түзмөк бар көрсөткүчү болуп саналат. TTL- кыскартылган түзмө-түз өмүр которуп жашап, дегенди билдирет. Маалымат тескерисинче пайдалануучу жана басары борбордук жүрүш өткөрүлөт пайда болгон түзүлгөн маалыматтар топтому, - ушул учурда ал IP-пакетин өмүр жөнүндө болуп жатат.
Байланыш.
– эл чарба тармагы. Ал материалдык өндүрүштүн бардык тармагын жана калкты тейлөө жагынан ар түрдүү каражаттар (почта, телеграф, телефон, радио, телекөрсөтүү, электрондук почта, Интернет ж.б.) аркылуу кабар берүүнү камсыз кылат.
Байланыш лицензиясы.
Акы төлөтүп байланыш кызматын көрсөтүү боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин иши байланыш кызматын көрсөтүү жагында ишти жүзөгө ашырган лицензиянын (мындан ары – лицензия) негизинде гана жүргүзүлөт. Лицензияга киргизилүүчү байланыш кызматтарынын аталыштарынын тизмеси жана лицензиялык шарттардын тиешелүү тизмеси Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана жыл сайын такталат. | wiki | {"id": "1862", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1862", "title": "Байланыш"} |
Калпак - кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.
Калпак жөнүндөгү элдик макалдар.
Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт.. Калпакты жерге койбо.. Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң.. Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың. Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет. Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун.
Калпак жасоо ыкмасы.
Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууду ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп-тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп тиккен. Оюлуп алынган кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл тукабадан, чийбаркыттан, сатинден, макмалдан, баркыттан, кыжымдан кыюу коюп тигип чыккан. Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө болгон: Балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден; Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден; Азаматтардын, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган. Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады. Азыркы күндө калпакты синтепондон да жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган калпакка салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок сапаты жана пайдалуугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка жетпейт.
Кыргыз калпагынын символикасы.
"А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):"
1. Күндүн аян белгиси.
2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.
"Б) Төбөсүндөгү топ чачы:"
1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.
2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.
3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.
Ал эми калпактын төбөсүн басып же түшүрүп кийүүнүн тарыхы уламышка барып такалат. Чынгыз хандын тун уулу Жөчүнүн аскерлеринин өзөгүнкыргыздар түзгөн. Жөчү да кыргызга таянып, атасынын айрым буйруктарынан баш тарткан. Согушта дайыма чон чабуулдун учунда, алгы сапта болгон. Ошол себептүү Жөчү ар дайым женишке жетишип турган. Жеңишке текеберсинген Жөчү каяша айта баштаганда Чыңгыз хандын жашыруун буйругу менен Жөчү хан кан чыгарылбай өлтүрүлгөн. Жөчүнун оң колу болуп турган кыргыз жоокерлери туш тарапка тараган. Чыңгыз хан бул баш тартууну угуп, бүтүндөй кыргыздарды чаап талкалап, тирүүсүнө салык салып басынткан. Менден бир белги болуп калсын деген Чыңгыз хандын буйругу менен анын жоокерлери кыргыздардын калпагынын төбөсүн басып, ичине капшыртып койгон: Дал ошондон бери кыргыз калпагынын төбөсүн түшүрүп, ичине капшырып, басып кийип калган делет.
Төбөсү түшкөн белги:
1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үйүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги.
Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.
2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген.
3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси.
4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси.
5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.
Калпак жөнүндө уламыштар.
Биздин эранын 5-кылымдарында Алтайдан тартып, Грек, Рим мамлекеттерин багындырган Атилла (Бизде Адил) баатырдын жоокерлери бүтүндөй ак калпакчан жүргөндүгүн тарыхый булактардан көрөбүз. Анын далилдүү күбөсү катары 15-кылымда жарык көргөн Француз энциклопедиясында Атилланын атчан чабуул коюп бара жаткан калпакчан жоокерлеринин сүрөтү бар.
Калпак тууралуу дагы бир маалымат Искендер Зулхайнайын (Александр Македонский) жөнүндөгү уламышта кездешет. Күндөрдүн бир күнүндө түн ичинде Искендер Зулхарнайын жаткан чатырга эки жоокер кыз келип, күзөтчүсүнө кош миздүү бир кылыч, бир калпак жана адамдын куу мүсөн баш сөөгүн тапшырат. "Тан агарганча бизге жообун бергиле", деп талап коюшат. Ошондо Искендер Зулхарнайын өзүнүн акылгөй аярларын чакырып бул эмненин жышааны экендигин чечкиле дейт. Аярларынан жөндүү жооп болбогон соң, кыздарды алдырып,оң тарабына отурган аярларынын биринен суратат: ”Айткылачы, силер кайсы элденсинер? Мобуреки алып келген куу баш, калпак, кылычтын мааниси эмнени туюнтат? Өзүңөр чечмелеп бергиле”, деп аларга жайдары жүз көрсөтөт. Эл кыйырын сактап, ат жалында шамал менен жарышып өскөн жоокер кыздар Искендерди теше тиктеп, түз качыра жообун айтат: ”Биз кыргыз деген элденбиз, ушул улуу тоону мекендеп өмүр кечиребиз. Бизге катылган душмандын башы, алдагы куу мүсөн баштай алынып, ач бел, куу жондо куурап жок болот, бу куу башты мобуреки кош миздүү кылыч алган, ал эми бул баш кийим – Кыргыз калпагы. Анын төбөсүндөгү кайчылашкан кош сызык – Күндүн аян белгиси, кыргыз урпагы күндүн тукуму болуп саналат. Биз күндөн тараганбыз. Жүйөө билген кас- душман ыкка көнсө биз күн нурундай мээрим төгөбүз, жок, кыл чайнашып, бет буруп жоолашам деген душманга биздин эл бул кош миздүү кылычтай чабылат. Калпак биздин кыргыз ажобуздун сүр- сөөлөтү, сыймыгы, абийири, кадыр сыйы, душманына сес берээр опол тоодой олбур сүрү, биздин силерге алып келген жышааныбыз ушул! Буга эмне деп жооп айтасыңар?”
Сөзгө кулак төшөп турган Искендер Зулхарнайын башын силке отурган акылгөйлөрүнө карады. Акылгөйлөрү кыздарга жооп таппай отуруп калышты. Күзөтчүлөр жоокер кыздарды сыртка алып чыгып кетти. Көп өтпөй Искендердин бир жигити жоокер кыздарга калпак менен кылычты алып келип берди дагы: “Ажоңорго айта баргыла, ойлонууга азыраак убакыт берсин, үч төбөлүк бурсаттан соң жообун айтабыз”, - деп кыздарды узатып койду.
Көп өтпөй Искендер Зулхарнайын өз черүүлөрүн түн жамына көчүрүп, Чүй аймагынан чыгып кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз калпагынын өмүрнаамасы, анын кадыр-сыйы, сүр сөөлөтү мурдагыдан да артты. | wiki | {"id": "1866", "revid": "445465", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1866", "title": "Калпак"} |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни — Кыргызстандын туусу жана герби сыяктуу эле мамлекеттик символикаларынын бири.
1992-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин № 1141-XII токтому менен бекитилген.
Сөзүн Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Башында гимн үч аяттан жана кайырмадан түрүп, кийинчирээк 2012-жылдын 27-декабрындагы No 2648-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин токтому менен экинчи куплети алынып салынган.
Расмий тексти.
Гимнин расмий колдонуу тартиби.
Кыргызстандын гимнин расмий колдонуу тартиби 2004-жылдын 17-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамда белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни - аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма болуп эсептелет.
Кыргыз Гимни оркестрдик, хордук, оркестрдик-хордук, болбосо вокалдык жана аспаптык вариантта аткарылышы мүмкүн. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот.
Кыргыз гимни вокалдык жана вокалдык-аспаптык аткаруу учурунда толук аткарылат, ал эми аспаптык аткаруу учурунда Гимн жарым-жартылай - биринчи куплети жана кайрымасы гана аткарылууга жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда - эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү менен коштолуп аткарылса катышкандар туу көтөрүлгөн тарапка жүзүн буруп турушат.
Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдарына арналган салтанаттуу чогулуштарды ачууда жана жабууда; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өткөрүп жаткан башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде аткарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары аркылуу:
берүүлөр башталаар алдында жана аяктаар учурунда - күнүгө, ал эми күнүтүнү берүүсүндө * жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да жана саат 24тө берилет.
Жоопкерчилик.
Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна терењ сый көрсөтүү- Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын патриоттук парзы.
Кыргызстандын 1998-жылдын 14-январындагы "Автордук укук жана байланыштуу укуктар жөнүндө" учурдагы мыйзамына ылайык, мамлекеттик символдор автордук укук объектилери эмес, ошондуктан музыканы жана гимндин сөздөрүн башка музыкалык жана башка чыгармаларда эркин колдонууга болот. Кыргызстанда 1998-жылдын 14-январындагы "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" учурдагы мыйзамына ылайык, мамлекеттик символдор автордук автордук укуктун объектилери болуп эсептелбейт.
Фактылар.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин кабыл алынышынын алдыдагы 28 жылдыгы үчүн, 2020-жылдын 18-декабрында кыргызстандык, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстандын маданияттын мыкты кызматкери Иванов Александр Николаевич кыргыз гимни чех тилине эквиритмикалык котормосун которолду. Бул биринчи кыргыз гимнин кыргыз тилинен башка тилдерге которуу. Ал Кыргызстандын гимнинин кабыл алынышынын 30 жылдыгына (2022-жылдын 18-декабрында) карата атайын видео даярдаган. Чехиянын опера ырчысы Петра Енчкова чех тилинде аткарган. | wiki | {"id": "1868", "revid": "38591", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1868", "title": "Кыргызстандын гимни"} |
Сөзү: К.Маликов, Т. Сыдыкбеков, М. Токобаев, А.Токомбаев.
Музыкасы: В.Власов, А. Малдыбаев, В.Фере.
Азаттыкты кыргыз эңсеп турганда,
Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан.
Улуу орус достук менен кол берип,
Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан.
Кайырма:
Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колунда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда.
Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып,
Таалай берген улуу совет калкына,
Жеңиштерден жеңиштерге алпарат,
Элдин күчү – лениндик партия.
Кайырма.
Эл достугун болоттон бек ширетип,
Көп улуттан Союз курдук урагыс.
Жандай сүйүп даңктуу Ата-Мекенди,
Түбөлүккө коммунизм курабыз.
Кайырма. | wiki | {"id": "1869", "revid": "445540", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1869", "title": "Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни"} |
Тeaтp (грекче theatron – оюн коюлчу жай; оюнтамаша) – искусствонун бир түрү, анын туюнтуу каражаты – актёрдун эл алдында оюн көрсөтүү процессинде келип чыгуучу сахна окуясы. Тeaтpдын башаты айыл чарбасына, мергенчиликке байланышкан байыркы үрп-адат, көпчүлүк катышкан элдик салтанаттардан башталат. Байыркы Грекияда өзүнчө салттары, сахнада ойноо ыкмалары бар түрлүү Тeaтpлар болгон. Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө, Индия, Кытай, Индонезия, Япония ж. б. өлкөлөрдө оюн-зооктордун кызыктуу жана ар кыл формалары түзүлгөн. О. кылымда Батыш европ. кыдырма актёрлор, скоморохтор элдик Тeaтp чыгармачылыгынын өкүлдөрү болушкан. Кайра жаралуу доорунда Европадагы алгачкы профессионал Тeaтp – итал. элдик бет кеп комедиясы (дель арте комедия, 16–17-кылымдар) пайда болгон. Кайра жаралуу доорунан Тeaтpдын адабий мүнөзү артып, көчмөлүктөн шаардагы маданий борборлордо турук алууга өтө баштайт. Тeaтp искусствосунун чыгармасы – спектакль драмалык же музыкалык- сахна чыгармаларынын негизинде режиссёрдун (балетте – балетмейстер менен дирижёрдун, onepa, опереттада – режиссёр менен дирижёрдун) чыгармачыл оюна ылайык жана анын жетекчилиги менен актёрлордун, ошондой эле сүрөтчүнүн биргелешкен аракетинде жаралат.
Музыкалык театрда (опера, балет, оперетта, мюзикл) кыймыл-аракет музыкалык драматургиянын каражаттары менен толукталып, ар бир түрүнүн көркөм образды туюндургуч (операда – ыр, балетте – бий ж. б.) өзгөчөлүгүнө багындырылат. Тeaтp өнөрүнүн башаты байыртан, элдик үрп-адат, салтанаттардан башталат. Алгачкы трагедиялык, комедиялык салт оюндарында (мистерия ж. б.) драманын элементтери, ыр, бий, маска, хор аралаш колдонулган. Акырындап ырымжырым, салттан бөлүнүп, өзүнчө оюн катары уюшулган. Актёр менен көрөрман болуп бөлүнүшү Тeaтpдын коомдук милдетин аныктаган. Бул процесс айрыкча Байыркы Грекияда даана байкалат. Анда б. з. ч. 5-кылымда эле Тeaтp элдик жыйындын очогуна айланган. Тeaтp өнөрүнүн адепки формаларында адамдын жеке өзгөчөлүгү эмес, типтүү мүнөздөрү сакталган. Андай өзгөчөлүк Батыш европалык кыдырма актёрлорго (гистрион, жон- глёр, орус скоморохтору ж. б.) мүнөздүү болгон. 14–16-кылымдарда бир катар өлкөдө (Италия, Франция, Германия ж. б.) Тeaтpдын аянтта ойнолчу формасы фарс өнүгүп, ал Кайра жаралуу доорунда туңгуч профессионал Тeaтpдын (16–17-кылымдарда Италияда Комедия дель арте) пайда болушуна алып келген. Чыгармачылык милдеттин кеңиши, тереңдеши Тeaтp өнөрүнүн жиктелишин шарттаган (16–17-кылымдарда – опера, 18-кылымдын ортосунда – балет, 19-кылымдын ортосунда – оперетта ж. б.).
Кайра жаралуу доорунда гумандуу маданият антикалык Тeaтpдын салтын уласа (У. Шекспир, М. Сервантес ж. б.), классицизмдин таралышы менен ички жана тышкы карама-каршылыкты, кыйынчылыкты жеңе билген каармандардын образдары жаралган. Россияда реализмдин өнүгүшүнө актёрлор – М. Щепкин, А. Ленский; драматургдар – Н. Гоголь, А. Островский; сынчылар – В. Белинский, Н. Добролюбов кыйла салым кошушкан. Реализм үлгүсүн өздөштүргөн Москва академиялык көркөм театры, анын режиссёрлору – К. Станиславский, В. Немирович-Данченко оюн коюунун жаңы көркөм каражаттары менен Тeaтp искусствосун байытты. Октябрь революциясы Тeaтpдын өнүгүшүнө кенири жол ачты. Тeaтpдын классикалык салты социалисттик революциянын идеялык, агартуучулук милдети үчүн кызмат өтөөгө багындырылды. Улуттук Тeaтp искусствосунда социалисттик реализми өрүш алды.
Тeaтp имараты адегенде Байыркы Грекияда (б. з. ч. 6-кылым) пайда болгон. Алар ачык курулуп, үч бөлүктөн турган. Б. з. ч. 4-кылымга чейин жыгачтан, кийин таштан курулган (Римдеги Помпей Театры, б. з. ч. 55–52-жылдары). Туңгуч жабык Театр Римде (б. з. ч. 3–1-к.) тургузулган. Опера өрүш алган кезде (17-кылымдын 1-жарымы) Тeaтpга көрүүчүлөр залы кошулган (мисалы, Венециядагы «Сан-Кассино», 1630). Италиядагы Тeaтp имаратынын мыкты үлгүсү «Ла Скала» (1778). 18–19-кылымдарда Россияда Тeaтp имаратынын италиялык тиби [Чоң театр (Москва), Александр театры (Санкт-Петербург)] тараган, орус, италян архитектурасынын үлгүсүндө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры да салынган. | wiki | {"id": "1871", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1871", "title": "Театр"} |
Оюн – мотиви натыйжасынан эмес, жүрүшүнөн көрүнгөн жемишсиз иш-аракеттин бир түрү.
Оюндун чыгышы - магиялык–культтук мүдөөлөргө же организмдин тубаса биологиялык муктаждыктарына, эмгек процессине байланыштырылат.
Оюн- бул адамдардын жана жаныбарлардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү. Жаныбарлар дүйнөсүндө оюн – бул жаш жаныбарлардын эволюциялык өнүгүшүнүн айрым бир баскычында пайда болуучу жашоо тиричилигинин бир формасы.
Балдардын оюну – бул тарыхый өнүгүүдө пайда болуучу балдардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү, улуулардын аракеттерин жана өз ара мамилелеринин чагылдырууга, буюм жана социалдык чындыкты таанып билүүгө багытталган, балдардын дене-тарбиясы, акыл жана адеп-ахлак тарбия каражаттарынын бири. Оюн– бул маданияттын жана этнографиянын тарыхы, педагогика, психология жана башка. ар кандай илимдердин изилдеп үйрөнүүсүнүн предмети болуп эсептелет.
Оюндун пайда болуусунун социалдык, жаратылышы, ички түзүлүшү жана баланын өсүп өнүгүшүндөгү мааниси жөнүндөгү теориялык изилдөөлөрдүн үстүндө Л. С. Выготский, А. Н. Леонтьев, Д. Б. Эльконин жана башка. чоң эмгектенишкен. Саякатчы жана этнографтардын изилдөөлөрүндө коомдогу балдардын абалы жөнүндө бай материалдар топтолгон. Коомдун өнүгүүсүн алгачкы баскычтарында адамдар таякчалардын жардамы менен мөмө-жемиштерди кагып жана казып жеп күн көргөн мезгилдерде оюн болгон эмгек. Балдар уюмдардын жашоо-тиричилигине эрте аралашып, тамак аш табуунун жана каражаттарды пайдаланууну улуулардан үйрөнүшкөн. Мергенчилик, мал чарбачылык, жерди иштетүүгө өтүү курал-жарактардын татаалданышы алгачкы адамдардын коомунун пайда болушуна, коомдогу балдардын абалынын өзгөрүшүнө алып келген.
Улуулар балдарга чоң адамдардай эле мамиле жасашкандыктан балдар эрте эле өз алдынча аракеттенишкен. Ошондуктан улуулар чоң адамдар пайдаланган каражаттардын кичиртилген түрлөрүн даярдашкан (бычак, жаа, чокмор, аркан жана башка.). Ошентип оюн көнүгүүлөр пайда болгон. Балдардын колдонгон каражаттары алардын өсүшү менен бирге чоңойгон. Адамдардын коомунда өнүгүшү, өндүрүштүн өркүндөшүнө байланыш эмгек каражаттарынын татаалданышы коомдогу эмгектин бөлүнүшүндө, балдардын жашоо-турмуштагы абалына чоң таасир эткен. Балдардын татаал өндүрүшкө катыша албагандыгы бара-бара айлана-чөйрөдөгү жашоо-тиричиликти, эмгек каражаттарын чагылдыруучу оюнчуктардын пайда болушуна алып келген. Баланын жекече өнүгүшүндө оюн чоң мааниге ээ. ОЮНаркылуу баланын айлана-чөйрөгө болгон мамилени, аракети, акыл-сезими, моралдык, эрк жана башка жалпы инсандык сапаттары калыптанат. Ошондуктан, ОЮНбаланын өсүп-өнүгүшүндө эң негизги ишмердүүлүк болуп эсептелет.
Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн (дидактикалык кыймылдуу), улуулар атайы түзгөн же сюжеттик-ролдук бир муундан экинчи муунга калтырылган Оюндар пайда болгон. ОЮНаркылуу балдар улуулардын жардамы менен байкабастан керектүү билимге, көнүгүүлөргө ээ болот. Башталгыч мектепте сюжеттүү-ролдуу Оюн экинчи планга жылып, баланын негизги ишмердүүлүгү окуу болуп калат.
Оюндарда кенже класстагы балдар күчтүүлүктү, эрктүүлүктү, шамдагайлуулукту жана башка. сапаттарды чагылдырган баатырдык мазмундагы сүйүктүү ролдорду аткарышат, Мисалы, космонавт, саякатчы, альпинист, манастын чоролору жана башка. Бара-бара балдардын жашоо-турмушунда интеллектуалдуулук жана спорт Оюндары маанилүү орунду ээлеп, күчтүү, шамдагай, чыдамкай, эрктүүлүгү жана башка. сапаттары өркүндөйт.
Балдарды тарбиялоодо элдик мурасты туура пайдалануу өсүп келе жаткан муундардын денесин чыңдоого, аларды адептүүлүккө тарбиялоого, турмушка көнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды жакындаштырууга жана байытууга чоң көмөк берет.Элдик Оюндар элдик тарбиянын ажырагыс бөлүгү. Оюндар кенже курактан баштап балдарды элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эстүүлүккө, баатырдыкка,чечкиндүүлүккө, эрктүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын кылымдан бери адатка айланган талабы болгон.
Азыркы кезде да элдик Оюндар жаш муундардын турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда. Оюндар Оюнга катышуучулардын кеңири ой жүгүртүүгө эске тутуп билүүгө, чыгармачылык менен элестете билүүгө, байкагыч - баамдагычтыкка, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө, кыраакылыкка, тапкычтыкка, айлакердикке, эпчилдикке, ийкемдүүлүккө, шамдагай-шайырлыкка, шайдооттукка, ар кандай шартта токтоолукка, эрктүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө, тыкандыкка, тез тыянак чыгара билүүгө жана башка. бардык Оюндар тарбия берүүнүн комплектүү каражаттарынын бири болуп эсептелет. | wiki | {"id": "1872", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1872", "title": "Оюн"} |
Туризм ( — сейилдөө, сапарга чыгуу) ― бош убакытта саякаттоо, активдүү эс алуунун бир түрү, 24 сааттан ашык башка жакка чыгып эс алуу.
Түрлөр.
Туризмдин түрлөрү негизги эки топко бөлүнөт: рекреациялык туризм, иш-чара туризми. Рекреациялык туризм организмди физ. жана психологиялык жактан калыптандырууга арналган. Анын өз ара ден соолукту чыңдоо, таанып-билүү, спорттук ж. б. түрлөрү бар. Иш-чара туризми профессионалдык жана коммерциялык максатта жүргүзүлөт. Мис., бизнес-туризм, конгресс-туризм, шопингтуризм, археол. туризм ж. б. Ошондой эле туризм жабдуу ыкмасына (женил жүрүш, бэкпэкинг), уюштуруу формасына (пландуу, өз алдынча), туристтердин жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша (балдар, жаштар, чоңдор, үй-бүлөлүк ж. б.) дагы бөлүнөт. | wiki | {"id": "1873", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1873", "title": "Туризм"} |
Телекөрсөтүү — радиоэлектрондук каражаттар аркылуу кыймылдуу сүрөттүрдү аралыкка берүүчү тармагы; көрмө маалымат берүү ыкмасы.
Телеканалды аралыкка берүү үчүн анын сүрөтү жана үнү электрдик сигналга айландырылат. Бул сигналды акыркы колдонуучуга жеткирүүнүн эки салттуу ыкмасы болуп саналат радио эфир жана кабель аркылуу (электрдик термелүүнүн жардамы менен; бул кабелдик телекөрсөтүү деп аталат). | wiki | {"id": "1874", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1874", "title": "Телекөрсөтүү"} |
Кыргыз радио уктуруу (латын тилинен radio - "нур чыгарам", radius - "нур") – калкка сүйлөгөн сөздү, музыканы жана башка үн маалыматтарын радио аркылуу берүү, оперативдүү кабарларын, массалык үгүттөөнүн, калкка билим берүү ишин жүргүзүүнүн негизги каражаттарынын бири.
Кыргызстан:
Талас | wiki | {"id": "1875", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1875", "title": "Кыргыз радио уктуруу"} |
Тарых — адамзат коомунун өткөн жолун изилдөөчү илим. Коом тарыхы Жер, жаратылыш тарыхынын бир бөлүгү жана уландысы. Коомдун тарыхы жер жүзүндө адамдын пайда болушунан башталат.
- Коом менен жаратылыштагы өнүгүүнүн ар кандай жүрүмү.
Тарых арабча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашын, коомдук алакаларын жана уюмдарын, руханий, чарбалык, социалдык-саясий өнүгүүсүн тээ өтмүштөн бери иликтеген гуманитардык билим тармагы. Адамзат тарыхын изилдөөчүлөр (тарыхчылар) заттык жана руханий булактарга (археологиялык, этнографиялык, жазма, сүрөт, видео, үн, ж.б.) таянышат.
Жана ошондой элетарых (латын сөзүнөн "hisтoria" – тарых; өткөндөр тууралуу баян)
– 1) жаратылыш менен коомдун өнүгүү процесси;
- 2) адамзаттын конкреттүү жана көп түрдүү мүнөздөгү өткөн тарыхын окуп-үйрөнгөн коомдук илимдердин комплекси
(тарых илимдери). Бул илимдердин чегинде далилдер, окуялар жана процесстер тарыхый булактардын негизинде изилденет. Тарых жалпы тарыхтан жана айрым өлкөлөр менен элдердин тарыхынан турат;
-Алгачкы жамааттык тарых,
-Орто кылымдардын тарыхы, жаңы тарых
- Жана соңку жаңы тарых болуп бөлүнөт.
Тарыхтын негизги тармактары болуп экономикалык тарых, аскердик тарых, тарыхый география, ж. б. болуп эсептелишет. Комплекстүү илим болуп саналган тарыхтын органикалык составы болуп адистештирилген Тарых илимдери, археология жана этнография саналышат. Маданияттын, илимдин жана техниканын ар тараптуу тарыхы аталган илимдердин (математиканын тарыхы, физиканын тарыхы, философиянын тарыхы ж. б.) жана искусство түрлөрүнүн (музыканын тарыхы, театрдын тарыхы ж. б.) таарыхый бөлүмдөрү тарабынан изилденет. Тарых тигил же бул чөлкөмдү (африканистика, балканистика), элди (синология, тюркология ж. б.) же элдер түркүмүн (славян таануу) изилдеген гуманитардык илимдердин тобуна кирет.
Тарыхты терең иликтөө аркылуу адамзаттын өнүгүү баскычтары, багыттары, цивилизациялык жетишкендиктери, жалпы адамзаттын өнүгүүсү үчүн тигил же бул этностун же инсандын салымдары, адамзат тарыхындагы бурулуш учурга жетелеген окуялар, кайгылуу, алааматтуу жана жеңиштүү, ийгиликтүү учурлар, өткөндүн оң жана терс сабактары таразаланат.
Тарыхты комплекстүү үйрөнүү аркылуу гана тигил же бул элдин, улуттун, этностун, социалдык топтун, диндин, расанын өзгөчө тарыхый барактарын калыс таразалоого болот.
Тарыхты иликтөөнүн да ар кыл усулдары бар.
Тарыхый жазма булактарды иликтөө – булак таануу менен байланыштуу.
Археологиялык эстеликтерди жана жайларды иликтөө менен археология илим тармагы алектенет.
Тарыхты изилдегендердин ар кыл мектебин, ар тарыхчынын тарыхый саамалыктарын, өзгөчөлүктөрүн, жетишкендигин жана кемчилигин иликтөө – тарыхнаама илимий тармагы аркылуу жүргүзүлөт.
Тарыхты илимий иликтөө тарыхый далилдерге гана таянат, ушул жагынан ал тарыхый окуяларды пенде катары айтып берүүдөн, өз жоромолун бир беткей таңуулап сунуштоодон кескин айырмаланат. | wiki | {"id": "1877", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1877", "title": "Тарых"} |
Билим берүү - – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси.
Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү; экинчиден, билим берүү – белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышы, өнүгүшү; үчүнчүдөн, билим берүү – билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын аракеттеринин системасы катары каралат. Күндөлүк турмуштан байкалгандай, «билим берүү» термини биз элестеткен кеңири мазмунду толук чагылдыра албайт. Анткени, бул термин адатта мугалимдин аракетин же билим берүүчү мекемелердин гана ишин мүнөздөп калгандай көрүнөт.
Чындыгында, бул термин аркылуу аныкталуучу түшүнүктүн мазмуну адамдын билимге ээ болуу процессин, ага жетекчиликти жана уюштурууну, акырында келип анын жыйынтыгын мүнөздөйт. Ошондуктан «билим берүү» түшүнүгүн өтө кеңири мааниде: окуучунун билим алуу, билгичтиктерге жана көндүмүдөргө ээ болуу ишмердигин; окуучунун инсан катары калыптануу процессин; таалим-тарбия берүү процессинин жана аны ишке ашырууга түзүлгөн шарттардын жалпы комплексин, ошондой эле таалимчилердин иш-аракетин; акыры келип инсандын гармониялуу мүнөздөгү өнүгүшүн түшүнүү ылайык болот.
Кыргызстан:
ЖОЖ:
ж.б. | wiki | {"id": "1878", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1878", "title": "Билим берүү"} |
Айыл чарба - мал чарба жана дыйканчылык азык-түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак-аш, азыктүлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын көздөйт.
Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы, дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%и айыл жеринде жашашы аграномиялык өлкө болушуна жана айыл чарбанын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүүсүн тарыхый үч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалистик революциясына чейинки, СССР убагындагы жана эгемендүү мамлекет учурундагы мезгилге бөлүп кароого болот. Алгачкы мезгилде социалистик-экономикалык шарттарга ылайык керектөөлөрдү гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар - колхоз, совхоздордо өндүрүштү пландуу түрдө өнүктүрүү менен анын илимий техникалык прогресске таянган жаңы материалдык-техникалык базасы түзүлгөн. Капиталдык салымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кайрымдуулугуна, интенсивдүү технологияны өндүрүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулган. Чарбанын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү, илимдин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуулукту камсыз кылган. Айыл чарба ички дүң продукциянын 36-40%ин түзөт, өз ара тыгыз байланыштуу эки ири тармакка (дыйканчылык жана мал чарбасы) бөлүнөт. Дыйканчылык тармагына эгилме өсүмдүктөрдү өстүрүү, башкача айтканда, дан, жашылча, жемиш, картошка, техникалык жана май алынуучу өсүмдүктөр, тоют өсүмдүктөр жана тамеки өстүрүү кирет. Айыл чарба өсүмдүктөрү коомдун өндүргүч күчтөрүн өркүндөтүүдө зор роль ойнойт, себеби аларды өстүрүү айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу деңгээлин көтөрүү менен азык-түлүктү кайра иштетүүнү шарттайт. Мал чарбасына кой, бодомал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материалдык, акча жана эмгек ресурстарын ургаалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбасын илгерилетип өстүрүү мүмкүн эмес, ал эми мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги өндүрүштүк каражат жер болуп эсептелет. Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана жайгаштыруу жердин өзгөчөлүгүнө, базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул өзгөчөлүк кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны жүргүзүү системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 млн га, жалпы жер аянтынын 54%и (10,797 млн га), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 млн гасы айдоо жер, 9,2 млн гасы жайыт жана 0,17 млн гасы табигый чөп чабынды. 1991-жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз-совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жаңы өндүрүштүк система дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган. Натыйжада 2004-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 267,8 миңди түзүп, анын ичинде 266,0 миң дыйкан жана фермер (99,3%), 1830 мамл. чарбалар жана ар кандай кооперативдер (0,7%) болгон. Эгерде Советтер Союзунун убагында айыл чарба азык-түлүктөрүн негизинен колхоз-совхоздор өндүрсө, реформанын натыйжасында айыл чарба продукцияларынын 5%и гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%и калктын көмөкчү жана 63%и дыйкан-фермердик чарбаларда өндүрүлүүдө. 2003-ж. айыл чарбанын дүң продукциясы 53565,2 млн. сомду түзүп, анын ичинде дыйканчылыктын үлүшү 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон.
2003-жылдын 1-январына карата республтикада 9,2 млн га жайыт жердин 4,13 млн гасы жайкы, 2,95 млн гасы жазгы-күзгү жана 2,1 млн гасы кышкы жайыт. Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан аны эл ижарага алуу жолу менен пайдаланышат. Ири жайыттар Аксай, Арпа, Суусамыр, Чоңалай, Чаткал, Кара-Кужур өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл сырттарында. 1990-ж. өлкөдөгү койдун саны 17,87 млн башты түзүп (шарттуу түрдө), бир гектар жайытка 1,94 баш туура келип, экологиялык жактан негизделген нормадан 2,2 эсеге көп болгон, ал эми 2003-ж. шарттуу түрдө кой 10,89 млн баш болуп, бир гектар жайытка 1,18 баш туура келген. Бирок, эл жашаган кыштактардын тегерегиндеги жайыттын бир гектарына 2,74 баш шарттуу кой туура келгендиктен, айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизбей, жайытты ырааттуу пайдалануу учурдун маанилүү маселеси. Республикада 2003-ж. 1,094 млн га бардык айдоо жердин өсүмдүктөрү (миң га) 619,0 (56,5%); техникалык өсүмдүктөр - 147,2 (13,5%); картошка жана жашылча-бакча өсүмдүктөр - 124,1 (11,3%) жана тоют өсүмдүктөрү 203,6 миң га (18,6%) аянтын ээлейт.
Айыл чарбасынын дүң продукциясынын динамикасы, % м-н (1990 — 2003-ж.):
Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү ар гектарынан 27,3 ц, кант кызылчасыныкы - 260,3 ц; пахтаныкы - 26,1 ц; тамекиники - 24,1 ц; картошконыкы - 155,0 ц жана жашылчалардыкы - 178 цди түзөт.
Үрөнчүлүк - дыйканчылыкты өнүктүрү үчүн негизи. 1991-93-жылдарда объективдүү жана субъективдүү себептерден үрөнчүлүк чарбалар жоюла баштаган, ал эми 1995-ж. кайра жанданып 46, ал эми 2004-ж. республикада үрөнчүлүк чарбалардын саны 223кө жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, «Жаңы пахта» эксперименттик чарба, Кара-Суу районундагы пахтачылык тажрыйба, Ак-Суу районундагы Ысык-Көл тажрыйба, Өзгөндөгү «Тамеки» илимий өндүрүштүк станциялары жогорку категориядагы үрөнчүлүк чарбалар, буларда жаңы сорттор чыгарылып, райондоштуруу боюнча селекциялык иштер жүргүзүлөт. 2004-жылдын 1-январына карата республикада 1003,4 миң мал, анын ичинде 538,5 миңи уй, 3677,3 миңи кой-эчки, 340,2 миңи жылкы, 82,8 миңи чочко жана 4332,2 миңи үй канаттуулары болгон.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымынын динамикасы (1990 - 2003-ж.), миң:
2002-ж. КР эт жана сүт өндүрүү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн ичинде алтынчы, Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээлеген. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында мал чарбасы жана анын азык-түлүктөрүн өндүрүү деңгээли төмөндөп кеткен, ал эми 1995-жылдан кийин гана бул тармактагы абал турукташып, өсүү темпи камсыз болууда.
2003-ж. бир саан уйдан орточо сүт саап алуу 2154 кг, бир койдун орточо жүн кыркымы 3,5 кг жана бир мекияндан алынган жумуртка 118 даананы түзгөн. Асылдандыруу иши - мал чарбасынын негизи. Бүгүнкү күндө мал чарба фермасында, калктын короосунда жергиликтүү табигый климаттык шартка жакшы көнүккөн, жогорку азыктуу койдун кыргыз уяң жүндүү, тяншань, алай, уйдун алатоо, олуяата, жылкынын кыргыздын жаңы, эчкинин тыбыт жана жүн берүүчү, тооктун кыргыз тукумдары өстүрүлүүдө.
Мал чарба продукцпяларын өндүрүүнүн дпнамикасы (1990-2003-жж.), миң:
Асыл тукум мал чарбасын 228 чарба жүргүзүүчү субъект түзөт. Айыл чарбаны пландоо жана кеңеш берүү жактан камсыз кылуу үчүн агрардык илим жана консулътациялык кызмат борбору, анын карамагындагы төрт илимий-изилдөө институттары, айылдык кеңеш берүү кызматы окутуу-кеңеш берүү борбору менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. Кыргыз агрардык университети жана техникумдар агро-өнөр жай комплекси үчүн жогорку жана атайын орто билимдүү адистерди даярдашат. | wiki | {"id": "1879", "revid": "495858", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1879", "title": "Айыл чарба"} |
Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878) - он тогузунчу кылымдагы кыргыздын ч
ыгаан акыны, комузчусу жана ойчулу.
Өмүр таржымалы.
Түндүк Кыргызстандагы Ысык-Көл өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Тынымсейит уруусунан.
Атасы Кокон ханы тарабынан Анжыянда тутулуп калганда, Анжыянга чейин барган.
"Заманачылар" салтынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
А.Буйлаш уулунун "Тар заман" ыры терең философиялык ойлорду камтып, кыргыз поэзиясындагы сопулук (суфий) салтты өнүктүрүүдөгү маанилүү баскычтан болгон.
Арстанбектин чыгармалары Совет доорунда цензуралык тоскоолдуктун айынан эл арасында жашыруун аткарылган.
Эгемендик жылдары анын ырларын ээн-эркин жарыялап калышты.
Арстанбек Буйлаш уулу 1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырты аттуу жеринде туулган, 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Ташкыя бейитине коюлган. Ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. «Замана» агымынын эң ири адамдарынын бири. Эл ага «булбул» аттуу атак берген.
Ал бугу уруусунун тынымсейит уругунан болот. Атасы Буйлаш бийдин токолу Төрөкандан төрөлүп, кой-козу кайтарып өсөт. Ушундан улам анын чыгармаларында турмуш-тиричилик жагдайлары жонокой адамдардын көз-карашынан чагылдырылган.
Арстанбек ырчы катары 16га чыкканда элге тааныла баштаган. Ал Фергана тарапта бир жылга жакын убакыт жүрүп, Наманган жана Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, акындык өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерине чоң ырчы атыгып кайткан. Акындын чыгармаларын жыйноо маселесине 1920-жылы көңүл бурулуп, 1922-жылы Каюм Мифтаков Каракол жана Нарын уездинен жыйнап келип, ИАнын Колжазмалар фондуна өткөргөн, азыр да сакталып турат.
Арстанбектин чыгармачылыгында олуттуу теманы заман ырлары түзгөн. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген «Тар заман» да үзүндү түрүндө колго тийген, көптөгөн, санат термелери белгисиз бойдон калган. «Тар заман» акындын турмуштук, социалдык жана коомдук көз карашынын натыйжасы болуп саналат. Айтылган чыгарма бир учурда эмес, болжол менен 1852-1870-жылдары түзүлүп, калыптанган.
«Тар замандын» өзүнө таандык обону, комуз күүсү, аткаруу манерасы, кайрык-кайталоолору бар. Бирок форма жагынан дидактикалык чыгармага окшоп турганы менен өз алдынча жанрдык өзгөчөлүккө ээ. Бекеринен «кара ыр» аталып жүрбөсө керек. Санат, терменин чегинде калбастан, мазмуну, камтыган объекти кеңири, замана заңы, калктын келечеги сыяктуу коомдук, социалдык маселелерди козгоп, терең ой жүгүртүшү менен айырмаланат.
Арстанбектин чыгармачылыгынын күрдөөлдүү, көркөм өнөрдүн эң бийиктикке көтөрүлгөн учурун падыша өкмөтүнүн бийлиги кыргыз жергесине орногон мезгилде жараткан чыгармалары түзөт. Алсак, «Тар заман» - акындын турмуштук жана социалдык көз-карашынын жыйындысы, автордун өз позициясы. Арстанбектин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү зор, мазмун-жанрдык жагынан ар тармактуу. Ал арман, кошок, терме, санат, керээз сыяктуу ар кыл тармактагы ырларды, поэмалардын автору болгон.
"Арстанбек Буйлаш уулу" айтыш өнөрүнүн да ири устаты болгон. Чыгармачылык багыты боюнча нускоочу ырчылардын катарына кирет. "Кожожаш," «Төштүк», "Бердикожо жалгызым", «Чоро» («Шоро»), «Беш казак» окшогон эпос-поэмаларды, «Көкөтөйдүн ашын» чебердик менен аткарчу деп айтышчу экен. Бирок, анын аткаруусундагы эпикалык чыгармалардын бири да бизге жеткен эмес. Ал 500гө жакын күү чертип, анын 200гө дейреси өзүнүн төл чыгармасы болгон деген кеп бар.
«Арстанбектин арман күү», «Кербез», «Солтон сары», «Кет бука», «Ат чубатар ботой» аттуу залкар күүлөрү чоң комузчулардын репертуранынан орун алган. Көптөгөн кыргыз жана казак ырчы, ошондой эле комузчулары менен беттешип жеңип чыккан. Кыргыз маданиятынын тарыхындагы Арстанбектин мурасы зор из калтырган. Ал чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (19-кылымдын аягы - 20-кылымдын башталышы) кыргыз айтыш акындарына жана күүчүлөрүнө зор таасир калтырган.
Анын улуулугу - өз мезгилинин курч маселелерин козгоп, элдин тагдырын, келечек турмушун, коомдун социалдык абалы жөнүндө терең ой жүгүртүүсүндө болгон. Тилекке каршы, залкар адамдын чыгармачылыгы эскичил ырчы катары сындалып, изилдөө алкагынан четке кагылып, чыгармалары жыйналбай, акын туура баасын албай келди. Залкар ырчынын мурасына кайрылуу 1990-жылы гана колго алына баштаган. | wiki | {"id": "1880", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1880", "title": "Бойлош уулу Арстанбек"} |
Молдо Кылыч (1866—1917) — кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу. Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дүйнөдөн кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоноёт.
Анын Зилзала деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт.
Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму жөнүндөгү этикалык ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» чыгармасы табиятка каршы баруу адам баласы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн деген философиялык ойду билдирип турат. Молдо Кылычтын чыгармалары тоталитардык идеология узак мезгил бою саясий кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары илимий эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган. Молдо Кылычтын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди, апасынын атын билбейбиз. | wiki | {"id": "1882", "revid": "37516", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1882", "title": "Молдо Кылыч"} |
Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн атайын кесип кылган ырчы (акын).
«Манасчы» деген сөз Октябрь революциясынан кийин пайда болуп, терминдик маани алган. Айрым жазма адабияттарда жана карыялардан жыйналган оозеки маалыматтарга караганда, Октябрга чейин, ошондой эле Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да «манасты» айткан адамдар эл ичинде «ырчылар», «жомокчулар» деп жалпы ат менен аталышкан.
«Манасчы» деп адатта эпостун биринчи бөлүмүн («Манас») же үч бөлүмдү («Манас», «Семетей», «Сейтек») тең толук айткандар.
Эң биринчи манасчы жөнүндө такталган маалымат жок. Манасчылык кесип качантан бери келе жатканын так айтуу кыйын.
Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам молуктуруп зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат.
Дастанда чагылдырылган тарыхый окуяларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз.
Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартыпөзү көбү болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет, Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса, көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат деп айтууга негиз бар.
Ошондой эле кыргыздарда кеңири таралган уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири - Ырчыуул.
Ырчыуул чоң ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат
Манас баатыр каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырчыуул кошок кошкон экен.
Кийин ошол кошок түрүндө эл оозунда айтылып жүргөн ырларды Токтогул ырчы бириктирип, Манас баатыр жөнүндө бир бүтүн чыгарма түзгөн делип айтылат.
Биринчи манасчы ким болгон деген суроого изилдөөчү Мухтар Ауэзов дагы бир пикир айткан.
Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.
Манасчылар.
Айдар Жаныбек уулу - Айтыке - Акылбек - Балык Ооз - Дыйканбай Тойчубек уулу - Жусубакун - Келдибек Карбоз уулу - Мурат Калбай уулу - Назаркул Эшенкул уулу Сейдиракманов - Назар Болот уулу - Найманбай Балык уулу - Тагай Бекмурат уулу - Токтогул Калмамбет уулу - Турдумамбет Акматалы уулу - Чапырашты - Чомо Асыран уулу - Чоодан - Чоюке Өмүр уулу - Ынаш Кумаш уулу - Эркебай Бердибай уулу
Абдыкерим Беки уулу, Абылгазы Жумабай уулу, Акмат Рысменде уулу, Акмат Токтогул уулу, Актан Тыныбек уулу, Акун Таш уулу, Акын Шадыканов, Алазбек Тойчубеков, Алимжан Сырдыбаев, Анаргүл Тажибаева, Асанкан Жуманалиев, Багыш Сазанов, Бейшерик Албанов, Бөрүбай Султанов, Дөөлөталы Касымбай уулу, Дүйшөнаалы Жанаев, Дункана Кочукеев, Жакшылык Сарыков, Жаныбай Кожеков, Жаркынбаев Б, Жетиген Бакиров, Жолборсалы Турдалиев, Жоробек Мамаев, Жумабаев Ч, Жүсүп Мамай, Имангазы Исагулов, Каба Атабеков, Калбү Сүйүнбаева, Калыбек Жумагулов, Касымаалы Алымбеков, Кубанычбек Маликов, Кудайберген Өмүрзаков, Лапаз Көккөзов,Малдыбай Борзу уулу, Маматкул Мураталиев, Мамбет Чокморов, Мамбеталы Ашымбай уулу, Мамыт Алдаяров, Мамыт Алдозов, Матисак Акбаев, Маша Кадыров, Медер Суранчиев, Молдобасан Мусулманкулов, Момуш Шапаков, Мурат Калбаев, Өмүрша Кененбаев, Насыр Искендеров, Ныяз Мамырбаев, Саалы Жолдошев, Сагымбай Орозбак уулу, Сапарбек Касмамбетов, Саринжи Кожомбердиев, Саякбай Каралаев, Сейдана, Өсөр Жолдошев, Төрө Мамытов, Тагай Бекмуратов, Таш Сейитбаев, Тоголок Молдо, Токон Мамытбекова, Токтосун Байбураев, Төрөкул Раззаков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Турдубай Мадиев, Турдумамбет Акматалиев, Тыныбек Жапы уулу, Уркаш Мамбеталиев, Урмамбетов О, Чал Садыков (Садыров), Чокан Валиханов, Шаабай Азизов, Шапак Рысмендеев, Ыбрай Абдыракман уулу, Ыса Жумабеков, Эргеш Ташимбетов, Эргеш Ташматов - дан жаздырылып алынган «Манас» дастанынын варианттары Кыргызстандын Илимдер Улуттук Академиясынын Тил, адабият, искусство институтунун алдындагы кол жазмалар фондунда сакталууда.
Манасчылар К. Рахматуллиндин эмгеги.
Манасчылар — Кыргыздын биринчи фольклордук изилдөөчүсү К. Рахматуллиндин эмгеги (Фр., 1942) Кыргыз тил адабият жана тарых илим изилдөө институту даярдаган, кыргыз тилинде. Китеп «Манасчылардын чыгармачылык эмгеги» деген бөлүм менен башталып, мында манасчылар менен эл акындарынын өзгөчө түркүмү катары карайт жана аны Тыныбек Жыпай уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Акмат Рысменде уулу, Жаңыбай Кожек уулу өңдүү манасчылардын чыгармачылык үлгүсүндө көргөзөт. Манасчылар эч качан «Манасты» жаттoо аркылуу эмес, алар үйрөнүү жолу аркылуу манасчы болуп чыгышат – деген ойду айтат жана негизинен бардык манасчыларда сюжет бир багытта өнүгөpүн белгилейт. Эмгекте манасчылардын айткан cюжеттеринин айырмачылыктары каралат. Биринчиден, идея жана сюжет жагынан бири бирине карама каршы турган вариант жок экенин, бардык варианттарда кыргыз элинин боштондугу үчүн күрөш экенин көрсөтөт. Ошондой эле, манасчылар арасындагы стилдик жактан айырмачылыктарды эпостогу бир эле эпизодду бир нече манасчылар айткан үзүндүлөрдү салыштырат да, алардын стилдик окшоштуктары жана айырмачылыктары белгиленет.
Манасчылардын чыгармачылык ролу боюнча «Манасты» толук айтуучулар жана үзүндүлөрүн гана айтуучулар деп экиге бөлөт. Эмгекте манасчылардын кереметтүү түш көрүү маселесине токтолуп, түш көрүүнү манасчылардын «Манас» айтып калуусундагы башкы фактор катары карабайт, аны жокко чыгарбайт дагы. Ал манас айтууга болгон ынтызарлыктын натыйжасы деп эсептейт. «Манасты жазып алуу тарыхы» деге бөлүктө өткөн кылымда Ч. Валиханов, В. Родловдун эпосту кагазга жазып алуу тарыхына кыскача токтолот, жана октябрь революциясынан кийин эпосту жазып алуу ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берет. Китепте Келдибек Карбоз уулу, Бекмурат Кумар уулу, Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу өңдүү кыргыз элинин белгилүү Манасчыларынын өмүрү, манасчылык өнөрү тууралуу баяндама берилет. | wiki | {"id": "1884", "revid": "509500", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1884", "title": "Манасчы"} |
Серб тили - славян тилдеринин бири. Болгар, македон, словен, хорват жана босний тилдери менен бирге түштүк-славян тилдер группасына кирет. Кээде серб, хорват жана босняк тилдерин бириктирип, бирдиктүү серб-хорват тили деп эсептешет. Негизинен Сербияда, Черногорияда, Босния жана Герцеговинада, Хорватияда таралган. Алипеси кирил жана латын ариптеринин негизинде. Экөө тең бирдей колдонулат. | wiki | {"id": "1901", "revid": "2259", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1901", "title": "Серб тили"} |
Ысык-Көл — Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат. Кыргыздар бул көлдү "Кыргызстандын бермети" деп аташат.
Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги көпчүлүккө кеңири маалым. Келечекте көгүлтүр берметибиздин түпкүрүн изилдеген Кусто чыгаарына ишеним чоң.
Каталан картасы катары кеңири белгилүү болгон картада Ысык-Көлдүн түндүк чыгыш жээгинде крест салынган храм түрүндөгү белги коюлган, анын жанында түшүндүрмө текст жазылган: “Апостол Матвейдин кудурети сакталган деп айтылган армян бир туугандардын монастыры”. Азырынча урандылырды изилдөө иштери эч натыйжа бере элек. Балким, биздин окумуштуулар байыркы жашоочулардын изин таап алышы эч ажеп эмес. Көптөгөн чет элдик компаниялар жана жеке адамдар буга абдан кызыгып, изилдөө иштерин, казууларды жүргүзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бул эстеликти издөө иши археологиялык туризмди өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы болушу толук ыктымал.
Ысык-Көл – кыргыз бермети.
Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз денгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.
Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса, толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун
"Манас эпосунда".
Ысык-Көл — «Манас» эпосундагы топоним. «Манас» эпосунда кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет. Манас Ата журтун баскынчы жоодон бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып, Ысык-Көлгө туш келип, суктанат:
Геграфиялык реалияда көл жана жер катары республиканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Күңгөй жана Тескей Ала-Тоолору менен курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. Көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык //ызык сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман фетиш деген маанини берет. (Саякбай Каралаев, 1. 110). | wiki | {"id": "1902", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1902", "title": "Ысык-Көл"} |
Казакстан Республикасы – Борбордук Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет.
Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Таң-Шаң тоо системасына чейин.
Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.
Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 17 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2022):
Казакстан 1991-жылдан КМТТТга, Бириккен Улуттар Уюмуна (1992), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Казакстан унитардык мамлекет. Казакстандын Конституциясы 1995-ж. 30-августта референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы бүткүл эл тарабынан 5 (2007-жылга чейин 7) жылдык мөөнөткө шайланган президент (бул биринчи президентке тийиштүү эмес). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы Мажилис жана Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Казакстанда көп партиялуу система орун алган. Ири партиялары: Улуттук-демократиялыкпартия «Нур Отан», Коомдук социал-демократиялык партия, Казакстан демократиялык партиясы «Ак-Жол», Казакстан социал-демократиялык партиясы «Ауыл», Казакстан коммунисттик элдик партиясы.
Табияты.
Казакстандын аймагында көтөрүңкү түздүктөр жана сары-аркалар (бийиктиги 500-600 м) басымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%га жакынын, ойдуңдуу түздүктөр (100-250 м) 30%ин, тоолор (1000-4000 м) 20%тейин ээлейт. Бийиктик амплитудасы -132 мден (Маңкыштактагы Карагие ойдуңу) 6995 мге чейин. Өлкөнүн батыш бөлүгүн кум жана шор массивдүү Каспий бою ойдуңу ээлейт. Анын чыгышында эрозиялык Мугожар жапыз тоосу (бийиктиги 657 мге чейин, Чоң Боктыбай чокусу) көтөрүлөт. Казакстандын түштүк-батыш четинде Маңкыштак ж. а. жана чөлдүү Үстүрт платосу жайгашкан. Андан чыгыштагы Туран ойдуңунда Арал бою, кум массивдүү Кара-Кум жана Кызыл-Кум чөлдөрү орун алган. Түндүктөн Казакстандын аймагына Батыш Сибирь түздүгүнүн түштүк чет жакасы (бийиктиги 100-150 м) кирип турат. Аны түштүк-батыштан Торгой платосу улап кетет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүн ээлеген Казак СарыАркасында бийиктиги 1565 мге жеткен (Аксоран чокусу) калдык жапыз тоолор орун алган. Казак Сары-Аркасы түштүктө чөлдүү Бетпак-Талаа платосуна (деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги300350 м) өтөт. Өлкөнүн чыгыш, түштүк-чыгыш бөлүктөрүндө тоолуу рельеф басымдуулук кылат; мында негизинен Алтайдын түштүк бөлүгүнүн, Тарбагатайдын, Саурдун, Жети-Суу Ала-Тоосунун, Түндүк жана Батыш Теңир-Тоонун орто бийик жана бийик кырка тоолору ички жана тоо аралык ойдуңдары менен кезектешип жатат. Өзгөчө геоморфол. объектилерге Үстүрт платосунун тик кашаттары (жарлары) чинкалар; Алматыдан 200 км түндүк-чыгыштагы Чарын (Шарын) дарыясынын шаңшаары (каньону); өлкөнүн түндүгүндөгү Боровой курортуна жакын жайгашкан Көкчө-Тоо аскалары жана көлдөрү ж. б. кирет.
Казакстандын аймагы негизинен Урал-Охота кыймылдуу алкагында жайгашкан, анын бүктөлүү структурасынын айрым жерлери жаш платформанын жабындысы менен капталган. Борбордук Казакстан бүктөлүү облусу негизинен Казак Сары-Аркасына дал келип, догоо сымал 2 бүктөлүү системасына бөлүнөт: каледондук Түндүк Казакстан (түндүгүндө) жана герциндик Жуңгар-Балкаш (түштүгүндө). Бул бүктөлүү облусунун чегинде архей-протерозой массивдери Көкчө-Тоо, Арганат, Түндүк жана Түштүк Улуу-Тоо, Ак-Тоо-Моюн-Тоо, Макбал жайгашкан. Кңдын түндүгүнө Түштүк Уралдын герциндик структурасы кирип турат. Өлкөнүн батышын анын эң чуңкур бөлүгүн Орус платформасынын Каспий бою синеклизасы ээлейт. Түштүк-батышына Жер ортолук деңиздик кыймылдуу алкагынын Түштүк Туран плитасы кирет. Кен байлыктарга бай: кара жана түстүү металлдар, уран, алтын, нефть (запасы боюнча дүйнөдө 7-орунда), газ (13-орунда), агрардык-техникалык, химиялыкжана индустриялык сырьёлор.
Климаты.
Казакстандын аймагы мелүүн климаттык алкакта жайгашкан. Казакстан Евразиянын борбордук бөлүгүнөн орун алгандыктан, климаты кургакчыл жана кыйла континеттик. Жайында Азор, кышында Сибирь антициклондорунун таасири астында турат. Жыл бою кез-кезде батыштан, түндүк-батыштан жана түндүктөн муздак аба массасы согуп турат. Январдын орточо температурасы түндүгүндө жана чыгышында -18°Сден түздүктүү аймагынын эң түштүгүндө -3°Сге чейин; июлдуку түндүгүндө 19°Сден түштүгүндө 28-30°Сге чейин. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. К. жаанчачынга жалпысынан жарды, аймак боюнча бирдей жаабайт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, токойлуу талаа зонасында жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 300-400 мм, андан түштүктө, талаа зонасында 250 мм, жарым чөл жана чөл зоналарындагы түздүктөрдө 100-200 мм, түштүктөгү жана түштүк-чыгыштагы тоолордо 500-1000 мм, Алтайдын батыш капталдарында 1600 ммге чейин. Казакстанда жалпы аянты 1090 км2 болгон 1450 мөңгү бар, алардын көбү Жети-Суу Ала-Тоосунда, Теңир-Тоодо, Тарбагатайда, Алтайда жайгашкан.
Казакстан дүйнөдө суу менен аз камсыз болгон регионго кирет. Казакстандын аймагында 39 миңдей дарыя жана сай бар, алардын 8 миңдейинин узундугу 10 кмден ашат. Ири дарыялары (Казакстандын чегиндеги узундугу): Иртыш (Ертис; 1700 км), Ишим (Есиль; 1400 км), Сыр-Дарыя (1400 км), Урал (Жайык; 1082 км). Өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндөгү дарыялар (Иртыш жана анын куймалары Ишим, Тобол) Түндүк Муз океандын, көп дарыялары ички Каспий деңизинин (Урал, Эмба), Арал деңизинин (Сыр-Дарыя), Балкаш көлүнүн (Иле), Тенгиз көлүнүн (Нура) алаптарына кирет. Казакстандын аймагында жалпы аянты 45 миң км2ден ашык 48 миңден ашуун көл бар, алардын көбү аянты 1 км2ден ашпаган чакан көлдөр. Ири көлдөрү: өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Балкаш, Тенгиз, Жонгор капкасындагы Ала-Көл, Сасык-Көл, чыгыштагы Зайсан, Маркакөл. Дүйнөдөгү ири көлдөрдүн Каспий жана Арал деңиздеринин акваторияларынын айрым бөлүктөрү да Казакстанга таандык. Жалпы көлөмү 95,5 км3ден ашкан 200дөн ашкан суу сактагыч бар; аларга Сыр-Дарыядагы (5,5 км3) Буктурма, Капчыгай, Чардарыя (Шардара), Тобол дарыясындагы Жогорку Тобол (0,82 км3), Каратомар (0,59 км3), Ишим дарыясындагы Сергеев (0,7 км3) суу сактагычтары кирет. Агын суулардын жалпы жылдык орточо ресурсу 100,5 км3, анын 56,5 км3и гана К-дын аймагында түзүлүп, 44 км3и чектеш өлкөлөрдөн Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан, Россиянын аймактарынан агып түшөт. Жер астындагы суунун жылдык жалпы запасы 15,83 км3 болгон 626 кени жана участогу чалгындалган; анын 50%ке жакыны өлкөнүн түштүк, 20%и батыш аймактарында.
Казакстан аймагынын континенттин ички бөлүгүндө жайгашкандыгы, аймактын кеңдик жана узундук боюнча зор аралыкка созулушу, тоо жана түздүк рельефинин кезектешип жатышы ландшафттык жана биол. ар түрдүүлүккө өбөлгө түзөт. Түздүктөрдө кеңдик, тоолордо бийиктик алкактуулук даана байкалат. Өлкөнүн түндүгүндөгү токойлуу талаа зонасынын жегичтүү кара топурагы түштүктү карай мелүүн кургакчыл талаанын кадимки кара, мелүүн кургак талаанын каралжын каштан, кургак талаанын кадимки каштан, жарым чөлдүн ачык каштан топурактары менен алмашат. Түздүк топурактуу аймактын аянтынын 1/2ин коңур чөл-талаа жана ачык-коңур чөл топурактары ээлеп, кумдуу жана такыр сымал топурактардын зор массивдери менен кезектешип жатат. Батыш жана Түндүк Теңир-Тоонун этектериндеги түздүктөрдө жана этек тоолордо боз жана ачык каштан топурактары басымдуулук кылат. Түндүк Теңир-Тоонун, Саурдун, Тарбагатайдын, Батыш Алтайдын жапыз тоолоруна мүнөздүү тоонун каштан жана тоонун кара топурактары өйдөлөгөн сайын тоо токоюнун боз жана токойдун каралжын топурактары менен алмашат. Токойдун жогорку чегинен өйдө тоо-шалбаа топурактары өрчүгөн. Дыйканчылыкка жараксыз же аз пайдаланылган топурактуу жерлер да арбын; мисалы, кумдуу массивдер 27 млн га, шор жерлер 20 млн га аянтты ээлейт. Жалпысынан топурак кыртышынын табигый күрдүүлүгү төмөн, эрозияга, дефляцияга, шордонууга ж. б. жагымсыз процесстерге кыйла дуушарланган. 1950-80-жылдары ургаалдуу пайдаланылган 11 млн га дың жер кийин аңызга айланып, чириндиси азайып арыктап кеткен.
Өлкөнүн түндүгүндө, токойлуу талаа зонасында жана талаа зонасынын түндүк бөлүгүндө дүйүм чөптүү-кылкан өсүмдүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, коңур баш, тоо сулусу, кыяк, шыбак), суу жайылмаларында түбү боштуу жана буудайытуу шалбаа таралган. Байтерек-кайыңдуу токой массивдери, кызыл карагайлуу токойчолор кездешет. Кургак талаага бетеге-ак кылкандуу өсүмдүк жамаатташтыгы мүнөздүү. Жарым чөлдөрдө шыбак-кылкандуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Чополуу жана шагылдуу чөлдөрдө ксерофиттик бадалдар жана бадалчалар, анын ичиндегалофиттер (прутняк, сарсазан, бүргөн, кокпек, солерос, ак жана кара шыбак, түлкү машак, жантак, терскен, тамариск ж. б.) да өсөт. Кумдуу чөлдөргө псаммофиттер (кум шыбагы, кум сулуусу, жузгун, кум акациясы, ак сөксөөл ж. б.) мүнөздүү. Кызыл-Кум кумдарында кара сөксөөлдөр кездешет. Кырка тоолордун капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүнө жана этек тоолорго талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Андан өйдө бадалдар ит мурун, шилби, бөрү карагат өсөт; Иле Ала-Тоосунун түндүк капталдарында жапайы жана экме алма токойлору, долоно кездешет. Алтай жана Жети-Суу Ала-Тоолорунун орто бийик тоолорундагы ийне жалбырактуу токойлорго Сибирь кара карагайы, карагай, кызыл карагай, көк карагай, кедр (бал карагай) ж. б., Теңир-Тоого карагай мүнөздүү. Токойдон жогору жаткан субальп жана альп шалбаасы баалуу жайыт болуп саналат. Теңир-Тоонун кырка тоолорунун кырларына жакын арча (өрөк арча) токойлору кездешет.
Казакстанда өзгөчө коргоого алынган 109 табигый аймак бөлүнгөн, ал өлкөнүн аймагынын 5,4%ин ээлейт. Ага 10 корук (Ак-Суу-Жабаглы, Алма-Ата, Ала-Көл, Барса-Келбес, Батыш Алтай, КараТоо, Коргалжын, Наурзум, Маркакөл, Үстүрт), 10 улуттук парк (Алтын-Эмел, Баянаул, Бурабай, Иле-Ала-Тоо, Каркаралы, Катон-Карагай, Көкчө-Тоо, Чарын, Сайрам-Угам, Көл-Сай), 50 табигый корукча (заказник; геол., ботан., зоол., көл, саз, ландшафттык ж. б.), 26 табият эстелиги, 5 ботан. бак ж. б., 2 табият резерваты (Ертис орманы, Семей орманы) кирет. Коргоого алынган бул аймактар негизинен жер бетинин экосистемасын жана өсүмдүк жамаатташтыгын камтыйт. Республиканын аймагы аркылуу суу-сазда жашоочу куштардын 140 түрү учуп өтөт; анын 11 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Бул сейрек жана эндемик куштардын популяциясын сактоо максатында жалпы аянты 17 миң км2 болгон глобалдуу маанидеги жер коргоого алынган. Алар негизинен Казакстандын борбордук, түштүкчыгыш жана чыгыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Коргалжын жана Иргиз-Торгой көлдөр системасы Рамсар конвенциясы тарабынан коргоого алынган.
Шаарлары.
Эң ири шаарлары.
Калкынын саны 2014-жылдын 1-июлуна карата берилген.
Бул датага карата Казакстанда 100 миң адамдан ашык 22 шаар катталган, бул шаарларда өлкөнүн 43% жашайт.
Калкы.
Калкынын басымдуу бөлүгүн (70,4%) казактар түзөт (2021-жылкы эл каттоо боюнча). Орус (16,4%), өзбек (3,21), украин (1,42) улуттары негизинен өлкөнүн түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын уйгур (1,47), татар (1,10%), корей, азербайжан, түрк, дунган, күрд, башкырт, ж. б. улуттар түзөт.
Калкынын жылдык орточо табигый өсүү темпи жогору: 2005-ж. 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-ж. 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүмжитим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 65,9 жыл (эркектердики 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түштүк, түндүкжана чыгыш облусунда жыш, батыш жана түштүк-батыш облусунда салыштырмалуу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер. Шаар калкы 43, 1% (2014). Ири шаарлары: Алма-Ата (калкы 1 522 596 миң), Астана (835,153 миң), Чымкент (858,1 миң), Караганды (486,9 миң), Тараз (354, 6 миң), Павлодар (331, 4 миң), Усть-Каменогорск (314, 5 миң), Семипалатинск (Семей; 312, 7 миң), Ак-Төбө (382, 9 миң), Костанай (223, 8), Уральск (229, 3 миң).
Тарыхы.
Археологиялык изилдөөлөр Казакстандын аймагында евразиялык микроиндустриялык Ашель (болжол менен 1 млн 200 миң жыл мурда) доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Кара-Тоо тоо кыркасынын түштүк-батыш бетинин тоо этеги менен Сыр-Дарыя өрөөнүнүн (Кош-Коргон, Чок-Таш) ортосундагы аймактарда алгачкы адамдар жашаган. Ортоңку палеолитке (Мустъе доору) Кара-Суу (3 баскычтан турат), Кара-Тоо тургун жайлары, жогорку палеолитке Вишнёвка, Кудайкөл, Ч. Валиханов атындагы, Шульбинка эстеликтери таандык. Мезолит доору Казакстандын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында (чакан топтордун устаканалары, тургун жайлары) жакшы изилденген. Неолит Казакстандын түндүкжана түндүк-батышында келътеминар маданиятынын (б. з. ч. 6-миң жылдыктын аягы 5-миң жылдык) варианты менен көрсөтүлгөн. Волга-Урал, орёл, маханжар, атбасар, сероглаз маданияттарына таандык эстеликтер Казакстандын батыш, түндүк-батыш жана түндүгүнөн, Усть-нарымск маданиятына таандык эстеликтер (дарыянын боюнда кайыктын формасындай Шидерты-3 көрүстөнү, Железинка кыштагына жакын жердеги мүрзөлөр) Казакстандын чыгышынан табылган.
Алгачкы металл доорунун башталышында (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягы 3-миң жылдык) Казакстан аймагынын көбүндө терсек, ботай, Иртыш боюнда шидерты жана усть-нарым тибиндеги, Волга-Урал аралыгында каспий бою жана хвалын-ортотог ж. б. маданияттар өкүм сүрүп, мал чарбачылык жана металл иштетүүнүн белгилери байкалат. Урал-казак талааларында ямный жана афанасьев маданияттарына Карагаш ж. б. көрүстөндөр таандык. Кечки коло дооруна (б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы 1-миң жылдыктын башы) андрон маданияты жана аны алмаштырган валик карапа маданияты тиешелүү. Иртыш бою аймагында елунин маданияты, кийин армен маданияты өкүм сүргөн. Коло доорунда таш бетинде петроглифтер пайда боло баштаган. Алгачкы темир доору (б. з. ч. 8-7-кылымдарда) сак-массагет, савромат, сармат, саргат археологиялык маданияттарынын эстеликтери менен көрсөтүлгөн. Бул маданияттарга Бесшатыр, Ысык, Тагискен, Уйгарак, Чиликти, Берел, Байкара ж. б. комплекстери таандык. Казакстандын түндүк аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы б. з. 1-миң жылдыктын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку агымында отрар-каратоо менен куаунчин маданияттары өнүккөн. Мурда бул жерлер Кангүй мамлекетинин курамында болгон. Жети-Суу аймагында табылган эстеликтердин көбү усундар менен байланышкан. Казакстандын батыш аймактарындагы эстеликтер (Лебедевка жана Кырык-Оба көрүстөндөрү) сармат археологиялык маданиятына, Тобол жана Ишим дарыялар аралыгындагылар саргат маданиятына таандык (4-кылымга чейинки мезгил). Элдердин улуу көчүү доорунда хунндардын таасиринен алгачкы темир доорунун маданияттарынын кээ бирлери жоголуп кеткен. Казакстан аймактарындагы маданияттардын өнүгүшүнө Улуу Жибек жолу чоң таасирин тийгизген. Б. з. ч. 7-4-кылымда Казакстандын аймагын уруу союздары мекендеген, алардын ириси сактар болгон. Б. з. ч. 4-2-кылымдарда Казакстанда усундардын (Жети-Сууда), каңлылардын (Кара-Тоо жана Сыр-Дарыя району), аландардын (Арал жана Каспий деңиздер аралыгы) уруу союздары куралган. Калк көчмөн мал чарбасы жана дыйканчылык менен кесиптенген. 6-кылымдын 2-жарымында Казакстандын аймагы Түрк кагандыгынын (кийин Батыш түрк кагандыгы) курамына кирген. Щучье көлүнө (Боровое) жакын жерде түрк эстеликтерине тиешелүү канжар, анын катарындагы эстеликтерден 1-миң жылдыктын 2-жарымына таандык көрүстөндөрдө аты менен кошо көмүлгөн маркумдун сөөгү табылган (6-кылым). 6-8-кылымдарда соода өнүгүп, жаңы мамлекеттик бирикмелер пайда болгон. Казакстандын түндүк жана борбордук аймактарында шаарлар [Тараз, Исфижаб (Сайрам), Усбаникент, Отрар, Шавгар (Түркстан шаары), Сауран, Сыгнак, Кулан, Кайлык, Талгар] өсө баштаган. 11-12-кылымдарда негизинен Казакстандын түндүк аймактарында чоң жана кичине шаарлардын саны 200гө жеткен. Казакстанда 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгы, 8-кылымдын 2-жарымында Карлук кагандыгы өкүм сүргөн (766-ж.). 8-10-кылымдарда Казакстандын түштүгүндө суннит багытындагы ислам дини жайылган. Казак эли көчмөн эл болгондуктан, исламды баары бирдей кабыл алган эмес. Ислам дининен тышкары зороастризм, буддизм, христиан диндери да болгон. 9-11-кылымдарда Казакстандын батыш жана түштүк-батыш аймагы Огуздар мамлекетине кирген; түндүк-чыгыш жана борбордук бөлүктөрүн кимактар менен кыпчактар мекендеген. Ошол кезде Казакстандын аймагы Дешт-и-Кыпчак деп аталган. 10-кылымдын 1-жарымында Жети-Сууга Чыгыш Түркстандан келген ягма түрк уруусу Карлук кагандыгын кулатып, Караханиддер мамлекетин түзүшкөн. 10-кылымдын аягында 11-кылымдын 1-жарымында Караханиддер Кашкар, Жети-Суу, Мавераннахрды каратып алышкан. 11-кылымдын 2-жарымында Караханиддердин арасында ич ара талаш-тартыштар башталып, сельжуктар Мавераннахрды басып алышкан. 1130-ж. Жети-Сууну басып алган кара кытайлар Караханиддер мамлекетин кулатып, Борбордук Азияда өз мамлекетин түзгөн. 12-кылымдын ортосунда Кара кытай мамлекетинин начарлашынан улам, андан Хорезм бөлүнүп чыккан. 1219-21-жылдары Казакстан аймагына моңголдор басып кирип, көптөгөн шаарлар талкаланган. Моңголдордун тушунда Казакстандын көпчүлүк аймагы Алтын Ордого, ал жоюлган соң Ак Ордо, Көк Ордо, Моголстан, Сибирь, 14-кылымдын аягы 15-кылымдын башында Ногой Ордо жана Өзбек хандыктарынын курамына кирген. Ногой Ордо Жайык (Урал) жана Волга дарыясынын аралыгындагы аймакты, Өзбек хандыгы Арал деңизинен батышты көздөй Урал дарыясына, түштүгү Тобол дарыясына, чыгышы Иртыш дарыясына чейинки аймактарды ээлеген. Өзбек хандыгынын эли «өзбек-казактар» деп аталган (орус тарыхый булактарда «киргизы»). Феодалдык ич ара чыр-чатактын, эзүүнүн айынан казак уруулары Өзбек хандыгынын аймагынан Жети-Сууга (Чүй, Талас) оогон. 15-кылымдын 2-жарымы 16-кылымдын башында Жети-Сууда Казак хандыгы түзүлгөн. 16-кылымдын ортосунда Ногой Ордо, кийин Моголстан, Сибирь хандыктары кулап, алардын курамындагы казак уруулары Казак хандыгына кошулган. Казак хандыгы Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз деп бөлүнүп, казак элинин калыптануу процесси аяктаган. 19-кылымдын башында Казак хандыгы жоюлуп (1847), аталган жүздөрдүн аймактарында өз алдынча хандыктар пайда болгон. 18-кылымдын 1-жарымында казактар Жуңгар хандыгынын (ойроттор) тынымсыз чабуулуна дуушар болгон. Казактар кол жыйнап, бир нече жолу (1710, 1728, 1729) жуңгарларга каршы сокку урган, бирок жуңгарларды жеңүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Россиянын курамына кирүүнү көздөшкөн. 1731-ж. Кичүү Жүз (Абулхайрдын демилгеси менен), 1740-ж. Орто жүз (Абылай хандын күчү менен) Россиянын курамына кошулган. 18-кылымдын аягында Казакстандын түштүк аймактарын Кокон хандыгы каратып алган.18-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын Россия менен экономикалык жана саясий мамилелери бекемделген. 1820-жылдардын аягында Бөкөй хан жана Вали каган каза болгондон кийин, Россия Орто жүздөгү хандык бийликти жоюп, 1822-ж. жаңы башкаруу системасын киргизген. М. М. Сперанский иштеп чыккан «Сибирдик кыргыздар жөнүндө устав» боюнча 8 округ түзүлүп, округдар болуштуктарга (волост) бөлүнүп, султандар (Чынгыз-хан тукуму) башкарган. Аларга орус армиясынын офицер наамдары ыйгарылган. 1824-ж. Кичүү жүздө хандык бийлик жоюлуп, анын үчкө бөлүнгөн аймагына да султандар бийлик жүргүзгөн. Россиянын курамына киргенден кийин казак ак сөөктөрүнүн укуктары чектелген. Натыйжада 19-кылымдын 1-жарымында Россия империясына, ошондой эле Кокон бийлигине каршы (1809, 1821) Казакстан аймактарында элдик көтөрүлүштөр болгон. 1840-жылдары султан Кенесары Касымов өзүн хан деп жарыялап, казактарды бириктирип, өзүнчө башкаруу үчүн орустарга каршы күрөшкөн. 19-кылымдын ортосунда Урал жана Волга дарыясынын аралыгындагы аймакта Бөкөй Ордосу түзүлгөн (1876-жылга чейин). 19-кылымдын 2-жарымында Россиянын курамындагы казак жерлерине кокондуктар менен хивалыктар кол салып турган. Алардан коргонуу үчүн Сыр-Дарыя, Иргиз жана Торгой дарыясынын жээктерин чыңдашкан. 1853-ж. орустар кокондуктардын Ак-Мечит (кийин Перовск, азыркы Кызыл-Ордо) чебин басып алган. Ак-Мечит чеби аркылуу орустар аскерин Казакстандын түштүк аймактарына жиберүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1846-ж. Иле дарыясына чейинки Жети-Суунун бир бөлүгү Россия империясынын курамына кирген. 1854-ж. Верный чеби курулуп, Батыш Сибирден Жети-Сууга көптөгөн орус дыйкандары менен казактар көчүп келе баштаган. Улуу жүздүн аймагына Россиянын таасирин төмөндөтүүгө Кокон хандыгы көп аракеттенген. 1860-ж. Кокон аскерлери орустардан жеңилип, Россия империясы толугу менен Жети-Суунун аймагын өзүнө караткан. Падышалык өкмөт административдик башкаруу реформасын жүргүзгөн. Үч жүз тең жоюлган. 1867-ж. Жети-Суу жана СырДарыя облусу түзүлүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна караган. 1868-ж. Урал жана Торгой облусу Оренбург генерал-губернаторлугунун, Акмоломенен Семипалатинск облусу Батыш-Сибирь генералгубернаторлугунун курамына кирген. Облус уездге, уезд болуштукка, болуштук айылга (100- 200 түтүн) бөлүнгөн. Жердин баары мамлекеттештирилип, облустарда россиялык мыйзамдар боюнча иш жүргүзгөн соттор, бий соттору негпзделген. 19-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын чарбасына орус дыйкандарынын чарбасы (жер иштетүү ж. б.) таасирин тийгизген. Верный, Семппалатинск сыяктуу шаарлар көбөйө баштаган. Транссибирь магистралы жана Оренбург-Ташкент темир жол (1901-05) курулган. 20-кылымдын башында нефть алуу өнүгө баштаган. Россия губернияларында жер тартыш болгондуктан, падышалык өкмөт Столыпиндик агрардык реформа боюнча орус дыйкандарын Чыгышты көздөй көчүргөн. Натыйжада Акмоло, Торгой, Урал жана Семипалатинск облусуна 1906-12-жылдары 438 миңден ашык дыйкан көчүп келген. Социалдык жана колонпялык эзүү казак элинин нааразылыгын туудурган. 18-19-кылымдарда С. Датовдун, И. Таймановдун жана М. Өтөмисевдин жетекчилиги менен козголоңдор чыккан. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде салыктын көбөйүшү, элдин экономикалык абалынын начарлашы жана казактардын тылдагы жумуштарга алынышынын натыйжасында падышалык бийликке каршы элдин нааразылыгынын күч алышынан улам чыккан дыйкандар козголоңу улуттук-боштондук көтөрүлүшкө (1916) айланган. Көтөрүлүш басылып, ага катышкандардын көбү атылып, сүргүнгө айдалып, калгандары Кытайга качкан. Февраль революциясынан (1917) кпйин Казакстанда кош бийлик [Убактылуу өкмөт (Ташкенттеги Түркстан комитети, облусу, уезддик комитеттер, шаарларда жана болуштуктарда комиссариаттар) жана Советтер (эсерлер, меньшевиктер, большевиктер)] өкүм сүргөн. 1917-ж. июнда А. Бөкейханов жетектеген казактардын улуттук «Алаш» партиясы, декабрда «Алаш Ордо» өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөт улуттук автономия түзүү максатында Совет бийлигине каршы күрөшүп, жарандык согушта ак гвардиячыларды (Колчак), ак казактарды (Дутов), падышалык генералдарды колдогон. К-дын көп бөлүгүн ак гвардиячылар басып алган. Ак гвардиячылардын тылында жашыруун большевиктик уюмдар жетектеген партизандык кыймыл кеңири кулач жайган. Оренбург, Жети-Суу, Урал фронттору түзүлгөн. Казакстанда Совет бийлиги 1917-ж. ноябрь 1918-ж. март аралыгында орногон. Бирок 1918-ж. жайында түндүк-чыгышы жана батышы ак гвардиячылардын колунда калган. Ал аймактар 1919-жылдын 2-жарымында 1920-жылдын башында М. В. Фрунзе жетектеген Кызыл Армиянын бөлүктөрү тарабынан толук бошотулуп, -дын бүт аймагында Совет бийлиги орногон. РСФСР ББАК жана ЭКСтин 1920-ж. 26-августтагы декрети боюнча РСФСРдин карамагына кирген Кыргыз АССРи (борбору Оренбург) түзүлгөн. Кыргыз АССРинин курамына Акмоло, Семппалатинск, Урал, Торгой облусу, ошондой эле Закаспий облнун бир бөлүгү жана Астрахань губерниясы кпрген. 1921-22-жылдар жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын негизинде Россиядан көчүп келген орус дыйкандарынын мурда казактардан тартып алган жерлеринин көбү кайра жергиликтүү элге кайтарылган. 1924-25-жылдары Орто Азияда улуттук-мамлекеттик бөлүнүү башталып, Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунун түндүк аймактары Кыргыз АССРинин курамына кирген. 1925-ж. апрелде Казак АССРи деп аталып, борбору Оренбургдан Кызыл-Ордо шаарына көчүрүлгөн. 1926-29-жылдары казак айылдарында «советтештирүү» саясаты жүргүзүлүп, өлкөдө агартуу иши өнүгө баштаган. 1929-ж. Казакстандын борбору Алматы шаары болуп калган. 1936-ж. Казак АССРи Казак ССРине айланган. 1941-жылдары индустриялаштыруу мезгилинде Казакстанда 200дөй ири өнөр-жай ишканалары (анын ичинде Чымкент коргошун ишканасы, Балкаш жез эритүү заводу, Караганды көмүр базасы, Түрксиб темир жол ж. б.) курулган. 1937-ж. коллективдештирүү саясатынын жүргүзүлүшү менен дыйкан чарбасынын 97,5%и колхоздорго кирген. Бирок айыл-чарбасындагы социалдык өзгөрүүлөр дыйкандар менен малчыларга чоң зыян алып келген. Малдын саны азайып, ачкачылык башталып, казактардын көбү Кыргызстанга, Кытайга ж. б. көчүп кетишкен. Натыйжада 1931-33-ж. Казакстандын калкы 1,8 млнго кыскарган. 1920-30-жылдары Казакстанда илим тез өнүгүп, жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер ачылган. 1932-ж. СССР Илимдер Академиясынын Казакстандагы базасы уюштурулуп, айрым илимдер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, улуттук илимпоздорду даярдаган. Ал база 1938-ж. СССР Илимдер Академиясынын филиалына айланып, Казакстандан көрүнүктүү окумуштуулар чыга баштаган: геолог К. И. Сатпаев, тилчи Н. Т. Сауранбаев, укук таануучу С. В. Юшков, микробиолог И. Г. Галузо, астрофизик Г. А. Тихов, химик А. Б. Бектуров, жазуучу М. Ауэзов, музыкант А. К. Жубанов ж. б. 1945-ж. Казак ССР Илимдер Академиясы (туңгуч президенти К. И. Сатпаев) ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында К. өлкөнүн күчтүү согуштук арсеналына айланган. Мында эвакуацияланган 140тан ашык ишкана жайгаштырылып, иштей баштаган. Казакстан коло, молибден, коргошун, көмүр, эт, булгаары, жүн ж. б. родукцияларды берүү боюнча союздук республикалардын ичинен биринчи орунда турган. Улуу Ата Мекендик согушка Казакстандан 100 миң адам жөнөп, а. и. 512 жоокер Сов. Союз. Баатыры (төртөө эки жолу), 60 миңден ашык жоокер орден жана медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында Казакстанга Волга боюндагы немистер, крым татарлары, ингуштар, балкарлар, карачайлар, калмактар, чечендер (1937-38-ж. корейлер, ирандыктар, курддар) депортацияланган. 1957-ж. чечен, ингуш, балкар, карачай жана калмактар реабилитацияланып, кайра өз мекендерине кайтууга уруксат берилген. Казакстандын аймагы (Семипалатинск ядролук полигону) ядролук сыноолорду жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан, согуштан кийин Борбордук Казакстанда Байкоңур космодрому курулган. 1954-ж. СССР жетекчилигинин дың жерлерди өздөштүрүү жөнүндө кабыл алган чечиминин негизинде 1956-ж. Түндүк Казакстандагы көптөгөн дың жерлер иштетилип, дан өсүмдүктөрү көп түшүм берген, бирок кийин табигый себептерден дың жерлер түшүм бербей, 1960-жылдары жер иштетүү абдан начар абалга келген. 1960-62-, 1964-86-ж. Казакстан КП БКны Д. А. Кунаев жетектеген. 1980-жылдары советтик коомдун терс жактары бюрократизм, паракорчулук көбөйүп, элдин нааразычылыгына алып келген, ошондой эле казактардын Улуу, Орто, Кичүү жүздөргө бөлүнүшү улуттар аралык мамилени начарлаткан. 1986-ж. кайра куруу саясатынын башталышында улуттар ортосунда тирешүүлөр күч алган. Казакстандын жергиликтүү калкынын кызыкчылыктарын эске албай, Д. А. Кунаевди кызматтан алып, ордуна Г. В. Колбиндин коюлушу 1986-ж. 17-18-декабрда Алматы шаарында казак жаштарынын демилгеси менен чыккан Желтоксан (Декабрь) окуясына алып келген. 1980-жылдардын 2-жарымынан Казакстанда коммунисттик партиянын кадыр-баркы төмөндөп, коомдо ар кандай кыймылдар (мисалы, Семипалатинск полигонундагы ядролук сыноолорго каршы экологиялык кыймыл) күч ала баштаган. 1989-ж. Казакстан КП БКнын 1-секретары болуп Н. Назарбаев дайындалган. 1990-ж. апрель айында Казак ССР Жогорку Советинин депутаттары Н. Назарбаевди президент кылып шайлаган. СССР кулагандан кийин 1991-ж. 16-декабрда мамлекеттин эгемендүүлүгү жарыяланып, Казакстан Республикасы деп аталды. 1993-ж. январда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. Казакстан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (1991), Бириккен Улуттар Уюму (1992), Европа Коопсуздугу боюнча кызматташтык уюму (1992), Шанхай кызматташтык уюму (2001), Бажы союзунун (2010), Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Экономикалык реформалар жүргүзүлүп, улуттук валюта теңге киргизилген. 1994-ж. 50 ири мамлекеттик ишкана менчиктештирилген. 1998-ж. октябрда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, Казакстандын президенттик ыйгарым укугу 7 жылга узартылган. 1999-ж., 2006-ж. бүткүл элдик референдумда Н. Назарбаев Казакстандын президенти болуп кайрадан шайланып, президенттик ыйгарым укугу узартылган. Казакстанда ири партиялардын бири президенттик «Нур Отан» болуп саналат. 1990-жылдардын 2-жарымынан Казакстандын экономикасы капиталисттик жол менен өнүгүүдө. 1995-96-жылдары Казакстандын батыш аймактарындагы мунай чыккан жерлерди иштетүү жана Кара деңизге нефть куурун куруу боюнча Россия, Оман ж. б. эл аралык мунай иштетүүчү компаниялар менен келишимдерди түзгөн. АКШ, Кытай, Европа Союзу, Көз карандысыз мамлекеттердин мамлекеттери менен соода-экономикалык жана саясий байланыштарын өнүктүрүүдө. Казакстандын негизги өнөктөрүнүн бири Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелер 1992-ж. түзүлгөн.
Эки мамлекеттин ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү боюнча 150дөн ашык документке кол коюлган. Алардын ичинен эң негизгилери Достук (8. 4. 1997) жана Союздук (25. 12. 2003) болуп саналат. Товар жүгүртүү 2009-жылга карата 387,4 млн долларды түзгөн. 1998-жылдан өлкөнүн борбору Астана шаары.
Чарбасы.
Казакстан өтмө экономикалык деңгээлдеги өлкөлөрдүн тобуна кирген, чарба жүргүзүүдө рыноктук мамиленин негизинде өнүккөн өлкө. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 143,4 млрд доллар (2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 доллардан туура келет. Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү отун-энергетикалык жана минералдык сырьё ресурстары, ири өнөр-жай потенциалы жана агрардык өндүрүшү. Нефть казып алуудан жана аны экспорттоодон түшкөн киреше бюджеттин негизги булагы болуп саналат. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54,2%, өнөр жайныкы 31,4%, курулуштуку 7,7%, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 6,7%. Мамлекеттик сектордогу ишканалардын ИДПдеги үлүшү 20% .
Өнөр жайы.
Өнөр жайынын башкы тармагы тоо-кен казып алуу (2006-ж. өнөр-жай продукциясынын жалпы наркынын 60%ке жакынын түзгөн, анын 9/10унан ашыгы нефть, газ конденсаты). Өнөр-жай продукциясынын наркынын 37%и иштеп чыгаруу өнөр жайына, 3%и электр-энергетика, суу жана жылуулук менен камсыз кылууга туура келет. Иштеп чыгаруу өнөр жайынын эң маанилүү тармактары: кара жана түстүү металлургия (продукциянын наркынын 39,6%и; 2006), тамак-аш өнөр-жай (25,0%), машина куруу (9,7%), кокс, нефть продуктулары, ядролук материалдар өндүрүштөрү (9,0%). Энергияны пайдалануу структурасында 52% ти көмүр (таш жана күрөң көмүр), 25%ти табигый газ, 19%и нефть, 4%ти суу энергиясы түзөт. 2006-ж. 64,8 млн т нефть жана газ конденсаты өндүрүлгөн. Нефть негизинен республиканын батыш бөлүгүнөн (Маңгыстоо, Атрау, Батыш Казакстан, Ак-Төбө облусу), ошондой эле түштүктө Кызыл-Ордо облусунан казылып алынат. Казылып алынган нефтинин 90% ке жакыны экспорттолот. Экспорттолчу нефтинин 3/4ү нефть куурлары аркылуу ташылат; анын 43%и Атрау – Новороссийск (узундугу 1510 км), 27%и Атрау – Самара нефть трубаларына туура келет. Ата-Суу (Караганды облусу) Алашань (Кытай) нефть трубаларынын экспорттук мааниси жогорулоодо. Экспорттук нефтинин 17%ке жакыны Атырау, Ак-Тоо деңиз порттору жана Курык бухтасындагы (Маңгыстоо облусу) терминал аркылуу жөнөтүлөт. Нефть ошондой эле темир жол транспорту аркылуу да (негизинен Кытайга) ташылат. Казак нефтисин негизинен Европа өлкөлөрү алат. 2006-ж. 12 млн тга жакын нефть ылганган. Үч нефть ылгоочу заводу (Атрау, Павлодар, Чымкент шаарында) иштейт; жылына 2,5 млн т бензин, 3,7 млн т дизель майын, 3,5 млн т мазут чыгарат. Өлкө 2006-ж. 27 млрд м3 газ өндүргөн. Казакстан табигый газ боюнча нетто-импортер, ал газга болгон муктаждыгынын 1/4 бөлүгүн Россия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан алат. Газдын көбү Батыш Казакстандан казылып алынат; табигый жана нефть менен кошо алынган күйүүчү газ ошондой эле Атырау, Маңгыстоо, Ак-Төбө облусунан өндүрүлөт. Жылдык жалпы кубаттуулугу 8 млрд м3 болгон нефть ылгоочу 4 завод иштейт; алар Жаңы-Өзөн, Теңгиз, Жаңы-Жол, Карачаганак шаарында жайгашкан. Өткөрүмдүүлүгү жылына 150 млрд м3 болгон магистралдык газ трубалар системасы, жер алдындагы газ сактоочу 3 жай (жалпы сыйымдуулугу 4 млрд м3) иштейт. Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстандан, Россиядан транзиттик магистралдык газ куурлары (Орто Азия Борбор жана Бухара Урал) өтөт. 2007-ж. Россиянын, Казакстандын жана Түркмөнстандын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн келишим боюнча Түркмөнстандын газы Казакстандын аймагы аркылуу Россияга жана Европа өлкөлөрүнө берилмекчи. 2006-ж. 94,3 млн т көмүр казылып алынып, 23-24 млн т экспорттолгон (негизинен Россияга). Казылып жаткан негизги кендери: Караганды, Экибастуз көмүр бассейндери, Шубаркол, Борлы (Караганды облусунда), Каражыра (Чыгыш Казакстан облусунда) таш көмүр кендери; күрөң көмүр Павлодар облусундагы Майкүбө бассейнинен казылып алынат. Жалпы казылып алынган көмүрдүн 2/3си Павлодар, 1/3и Караганды облусуна туура келет. Электр станциялардын аныкталган кубаттуулугу 18,3 миң МВт (2006). 2006-ж. 71,7 млрд кВт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 85%и ЖЭСке таандык. Ири ЖЭСтери: Экибастуз 1 (4000 МВт) жана 2 (1000 МВт), Ак-Суу (2400 МВт), Жамбыл (1200 МВт) ж. б. ГЭСтери: Иртыш дарыясындагы ГЭС каскады Шульба (702 МВт), Буктурма (675 МВт), Усть-Каменогорск (334 МВт); Иле дарыясындагы Капчыгай ГЭСи (434 МВт), Сыр-Дарыядагы Чардара ГЭСи (100 МВт). Ак-Тоо шаарында АЭС курулууда (2009). Темир (2005-ж. 19,5 млн т казылып алынган; 3 тоо-кен комбинатында Соколов-Сарбай, Лисаковский, Каражалда байытылат), хром (3,6 млн т Ак-Төбө облусу), марганец (2,2 млн т Караганды облусу) кен таштары казылып алынат. 2005-ж. 3,6 млн т чоюн, 4,6 млн т болот, 3,3 млн т кара металл прокаты, 1,5 млн т темир куймасы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия өлкөнүн экономикасынын маанилүү экспорттук тармагы. 2005-ж. 34 млн т жез кен ташы казылып алынган, 418 миң т чакмакталган жез өндүрүлгөн. 2005-ж. 6,6 млн т коргошун-цинк кен ташы казылып алынып, 135,4 миң т коргошун, 357,1 миң т цинк өндүрүлгөн. Коргошун жана цинк кендеринен ошондой эле 20дан ашык түрдүү компоненттер, анын ичинде алтын, күмүш, жез, сымап, кадмий, сейрек металлдар (теллур ж. б.) бөлүп алынат. 2005-ж. 9,8 миң т алтын (өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү алтын кендерин кошкондо), 812,1 миң т күмүш (негизинен полиметалл жана жез кен таштарын кайра иштетүүдөн) байытылып алынган. 4,8 млн т боксит казылып алынган (2005); Павлодар алюминий заводунда глинозём өндүрүлөт. Казакстанда титан рудасынын запасы мол (2006-ж. 25 миң т титан концентраты өндүрүлгөн). Уран рудасын казып алуу боюнча (2007-ж. 6637 т ) Казакстан Канада жана Австралиядан кийинки 3-орунда.
Машина куруу өнөр-жай ички рынокко ылайыкташкан. Алардын көбү чет өлкөлүк ишканалар менен шериктеш иштейт. Машина куруунун башкы тармактарынын бири нефть-газ өнөр-жай үчүн жабдууларды жана куур транспортун чыгарууга ылайыкташкан. Заводдору: «Казнефтегазмаш» (Петропавловск), арматура (Усть-Каменогорск), металл-прокат (Атырау), айнек-була, «Каскор Машзавод» (Ак-Тоо), насос-компрессор трубасы (Жаңы-Өзөн), нефть-газ жабдуулары (Уральск, Алматы, Ак-Төбө), оор машиналарын куруу (Семипалатинск, Алматы). «Азия-Авто» заводу (Усть-Каменогорск) «ВАЗ», «Skoda», «Chevrolet» жеңил автомобилдерин чогултат; Семипалатинск автомобиль жыйноочу заводу кореялык «Daewoo» жана россиялык «ПАЗ» автобустарын чыгарат. Астана жана Алматы шаарында вагон ремонттоочу жана жыйноочу заводдору иштейт; локомотив куруучу завод курулууда (2008). «Беларусь» тракторун жыйноочу (Павлодарда), дизелдик кыймылдаткыч жана айыл чарба машиналарын чыгаруучу, эгин жыйнагыч «Енисей» комбайнын чогултуучу заводдор (Костанай) иштейт. Электр-техникалык жана электрондук өнөр-жай телевизор, кир жуугуч машина, конденсатор, аккумулятор батереясын, трансформатор, прибор куруу заводдору рентген аппаратура (Ак-Төбө), көзөмөлдөп-ченөөчү приборлор (Көкчө-Тоо) чыгарат. Курулуш техникалары (кран, грейфер; Павлодар), подшипник (Ак-Моло облусу) даярдайт. Химия өнөр жайынан Тараз шаарындагы ири «Казфосфат» заводу Кара-Тоо, Чилисай фосфорит кендерин пайдаланып, фосфор жер семирткичин чыгарат. 2007-ж. 4,6 млн т цемент даярдалган. Жеңил өнөр-жай продукциясы 1991-2005-ж. 15 эсеге кыскарган; кездеме чыгаруу (2005-ж. 35,5 млн м3) 1980-жылдарга салыштырмалуу 8 эсе, бут кийим 28 эсе азайган. Түштүк Казакстан облусунда пахта тазалоочу заводдор иштейт. Ийрилген жип жана кездеме чыгаруучу башкы компаниялар: «Нимэкс» (негизги ишканасы Усть-Каменогорск текстиль фабрикасы), «Resmi» (Алматы кебез кездеме комбинаты). Семипалатинск, Петропавловск, Тараз, Рудный шаарында тери жана жүн иштетилет. Кийим тигүүчү жана булгаары (Алматы), бут кийим чыгаруучу (Костанай ж. б.) ишканалар иштейт.
Айыл чарбасы.
Айыл чарба өндүрүшү Казакстандын азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 80% ин камсыз кылат. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 222,6 млн га, анын11,4 млн гасы же өлкөнүн аянтынын 42%тен ашыгы пайдаланылат (2007). Айдоо жеринин аянты 24 млн га (1991-ж. 35,3 млн га болгон), чөп чабындысы 5 млн га, табигый тоют өсүмдүктүү аймагы 86 млн га чамасында (2007). Сугат жеринин аянты 2,6 млн га (2006). Жерди пайдалануу структурасында а. ч. ишканалары (мурдагы колхоз, совхоздор) басымдуу, алардын үлүшүнө айыл-чарбасында пайдаланылган жердин 1/3инен ашыгы, дыйкан (фермер) чарбаларына 1/2и туура келет. Элдин жеке менчик көмөкчү чарбаларындагы жердин аянты салыштырмалуу туруктуу, 0,3%тен азыраак же 308 миң га (2007). Агрардык продукциянын 1/2и жеке менчик көмөкчү чарбаларда өндүрүлөт. Эгин өстүрүүчүлүктүн башкы тармагы дан чарбасы (айдоо аянты 18,0 млн га). 2007-ж. 20,1 млн т дан жыйналган, аны киши башына бөлүштүргөндө 1300 кг дан ашык туура келет. Дан эгиндеринин басымдуу бөлүгү өлкөнүн түндүк бөлүгүндө (Акмоло, Костанай, Түндүк Казакстан облусунда). Негизги дан эгини жаздык буудай. Бардык жеринде арпа, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө күздүк буудай жана жүгөрү, чыгышында сулу, кара буудай, түндүгүндө жана чыгышында кара күрүч өстүрүлөт. Кызыл-Ордо, Алматы облусунда күрүч эгилет. Казакстан дан экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; жыл сайын түшүмдүн 1/2и (дан жана анын продукциялары) чет өлкөлөргө (1/2и КМШ, калганы Европа, Азия өлкөлөрүнө) жөнөтүлөт. Техникалык өсүмдүктөрдөн пахта (Түштүк Казакстан облусунда; 2007-ж. 455 миң т жыйналган), кант кызылча (Алматы, Жамбыл облусунда; 400 миң т), күн карама (Чыгыш Казакстан ж. б. облустарда; 280 миң т), ошондой эле рапс, соя, картөшкө, жашылча, бакча, мөмө-жемиш бактары, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2007-ж. 5,9 млн кара мал, 1,4 млн чочко, 16,2 млн кой-эчки, 1,3 млн жылкы, 145 миң төө (негизинен жарым чөлдүү аймактарда) асыралат. Алтай тоолорунун этектеринде марал чарбасы, аарычылык, түштүгүндө жибекчилик өнүккөн.
Тейлөө чөйрөсү.
Тейлөө чөйрөсү экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. Анын маанилүү тармактары: дүң жана чекене соода, социалдык чөйрөдөгү тейлөө (билим берүү жана саламаттыкты сактоо кошо), мамлекеттик башкаруу, кыймылсыз мүлккө байланыштуу (турак жай-коммуналык жактан тейлөө кошо) тейлөө, рекреациялык жактан тейлөө. Банк-кредиттик система жана камсыздандыруу чөйрөсүн тейлөө, информ. инфраструктура, телекоммуникация жана байланыш чөйрөлөрү өнүгүүдө.
Транспорт жолдору.
Темир жолунун жалпы узундугу 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги темир жолдору: Оренбург – Ташкен, Петропавловск – Караганды – Чу, Семипалатинск – Алматы; субкеңдик багытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Челябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түштүк Сибирь (Карталы – Астана м Кулунду – Барнаул), Түштүк Казакстан (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс). Достук – Алашанькоу (Кытай). Кытайды Закавказье өлкөлөрү жана Түркия менен (Каспийде паром аркылуу) байланыштырган Трансказакстан темир жол магистралы курулууда (2008). Автомобиль жолунун узундугу 90,0 миң км (2004); анын жыштыгы: 1000 км2 жерге 33 км жол туура келет. Труба транспортунун мааниси өсүүдө. Магистралдык трубалардын жалпы узундугу 23,1 миң км (2006); анын ичинде газ трубалары 11,0 миң км, нефть трубалары 10,3 миң км, продукт трубалары 1,1 миң км, газ конденсатын ташуучу трубалар 658 км. Нефтини Каспий деңизи аркылуу ташуу үчүн атайын кеме флоту түзүлгөн. Ак-Тоо – Баку (Азербайжан), Ак-Тоо – Оля (Россия) паромдук байланышы бар. Иртыш, Урал, Сыр-Дарыя аркылуу кеме каттайт. Башкы дарыя порттору: Усть-Каменогорск, Павлодар, Семипалатинск. Казакстанда жалпы 67 аэропорт бар. Негизги эл аралык аэропорттору Алматы, Астана, Ак-Тоо, Ак-Төбө шаарында жайгашкан. Байкоңур шаарына жакын самолёттун бардык түрүн кабыл алууга ыңгайлуу «Юбилейный» аэропорту жайгашкан (Байкоңур космодромун тейлейт).
Экспорт жана импорт.
Сырткы соодасынын көлөмү 62,9 млрд доллар (2006), анын ичиндеэкспорту 38,8 млрд доллар, импорту 24,1 млрд доллар. Экспорт наркынын 70%тен ашыгы нефтиге, кара металл прокатына, жезге, темир куймаларына жана дан эгинине (60%и нефтиге) туура келет. Казакстан товарларын (экспорт наркы % менен) негизинен Германияга (12,4), Россияга (11,6), Кытайга (11,0), Италияга (10,5), Францияга (7,5), Румынияга (5,0) сатат. Маанилүү импорттук товарлары: машина куруу өнөр-жайынын продукциялары (машина жана жабдуулар, автомобиль, тиричилик техникасы ж. б.), болот трубалары, химикаттар, жаратылыш газы ж. б. Казакстан бул товарларды негизинен Россиядан (36,4%), Кытайдан (19,3%), Германиядан (7,4%) сатып алат.
Маданияты.
Казакстандын билим берүү мекемелерине Илим жана билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам (2007) менен жөнгө салынат. Казакстандын билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана билим берүү, баштапкы, негизги орто, толук орто (жалпы орто, техникалык жана кесиптик), ортодон кийинки, жогорку, Жогорку окуу жайларынан кийинки билим берүүнү камтыйт. Мектепке чейинки мекемелерде (ясли, бала бакча, мини-борборлор ж. б.) 1ден 5 жашка чейинки балдар тарбияланат. Жалпы орто билим берүү (мектеп, гимназия, лицей, тармактык мектептер) 6 жаштан башталып, үч баскычтан турат: башталгыч (4 жыл), негизги орто (5-10-класс), толук орто (10-12-класс) билим берүү. Техникалык жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицей, орто окуу жай, коллеж жана жогорку техникалык мектептерде) негизги жана толук орто мектептин базасында ишке ашат, окуу мөөнөтү 2-3 жыл. Кесиптик орто билим деңгээлинде (коллежге) толук орто мектептин базасында кабыл алынып, бүткөндөн кийин кыскартылган программа боюнча жогорку билимге ээ боло алат, окуу мөөнөтү 1-2 жыл. Казакстанда 176 Жогорку окуу жайлары (университет, академия, институт, ошондой эле консерватория, жогорку мектеп, орто окуу жайлар) бар, анда 770 миңдей студент билим алат (2007). Белгилүү окуу жайлары: Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (1928), С. Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети (1931), аль Фараби атындагы Казак улуттук университети (1934), Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы (1944), Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (1996), Е. А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети (1938) ж. б. Башкы илимий борбору Казакстан улуттук Илимдер Академиясы (1946). 40тан ашуун Илимий изилдөө институттарын камтыйт. Илимий изилдөөнү ошондой эле Курчатовдогу улуттук ядролук борбор (1992), Алматыдагы Ы. Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясы (1998) ж. б. жүргүзөт. Казакстанда 3,7 миң китепкана жана 150дөй музей иштейт.
Казакстанда 1,8 миңден ашык басма жана электрондук ММК иштейт (2007). Эң көп нускалуу гезиттерге: «Егемендүү Казакстан» (1919), «Казакстан правдасы» (1920), «Панорама», «Деловая неделя» ж. б., көп тираждуу журналдарга «Континент», «Мир Евразии» ж. б. кирет. ММКнын көбү мамлекетке карайт. Казакстанда радио уктуруулар 1923жылдан иштейт. 21-к-дын башында борбордукжана региондук 80ден ашык радиостанция иш алып барган. Радио уктуруулар казак, орус, немис, корей жана уйгур тилдеринде жүзөгө ашат. 1958-жылдан телекөрсөтүүлөр иштеп, казак жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1996-жылдан Казакстанда жаңы типтеги спутник байланыш станциясы курулган. 2006-ж. 18 телекөрсөтүү станциясы иштеген. Негизги телерадио компаниясы «Хабар» (1995-жылдан), ошондой эле «Казахстан» ж. б. Мамлекеттик маалымат агенттиги Казак маалымат агенттиги (КАЗИНФОРМ, 1920-ж. негизделген).
Казакстандын адабияты казак жана орус тилинде өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзиялык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгармасы Кадырали-бий Жалаирдин казак хандарынын генеологиясы жөнүндө жазган «Жылнаамалар жыйнагы» (17-кылымдын башы). Азыркы казак адабияты 19-кылымда калыптана баштаган. Бул учурда элдик поэзия оозекиден жазуу түрүнө өткөн (Д. Бабатайулы). 1870-ж. казак тилинде алгачкы гезит, 1911-ж. «Айкап» журналы жарык көргөн. 1912-ж. Семипалатинскиде алгачкы басмакана пайда болуп, казак тилинде китептер чыккан. Жаңы казак адабияты көптөгөн жанрларды, котормолорду жараткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгынан башталат. 20-кылымдын 1-жарымында казак совет адабиятын баштоочулар: А. Байтурсынов, Ш. Кудайбердиев, М. Жумабаев, Ж. Аймаутов, С. Сейфуллин, Б. Майлин, фольклордук салтты улантуучу, акын Жамбыл Жабаев ж. б. 1920-30-ж. драматургия, прозалык жанрлар повесттер, романдар ж. б. өнүккөн. 1950-60-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуш, 20-кылымдагы тарыхый окуялар жөнүндө чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн тарыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мусрепов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеисов, «Кан жана тер», 1961-70) жазылган. Совет казак адабиятынын туу чокусу М. Ауэзовдун чыгармачылыгы болду («Абай жолу» роман-эпопеясы, 1-4-бөлүк, 1942-56, повесттери). С. Муканов, А. Алимжанов, О. Сүлейменов, М. Шаханов, К. Мухамеджанов ж. б. акын-жазуучулар казак адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошушту.
Казакстан аймагындагы бизге чейин жеткен петроглифтер, карапа, коло жасалгалары ж. б. неолит жана коло дооруна таандык. Каргалы кенинен (б. з. ч. 2-б. з. 2-кылым) табылган усундарга тиешелүү алтын таажы «айбанат стилинде» жасалган. Түрк, түргөш, карлук кагандыктарынын тушунда (8-10-кылымдар) Казакстан аймагында Исфижаб (11-кылымдан Сайрам), Тараз, Отрар шаары өнүгүп, чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде Түштүк Казакстанда шаарлар көбөйгөн. Ислам дининин жайылышы менен мечиттер, кербен сарайлар, медреселер салынган (Бабажы катын, 10-11-кылымдар, Айшабүбү, 11-12-кылымдар, Байтак, 13-кылымдын 1-жарымы). Моңгол жортуулдарынан көптөгөн шаарлар кыйраган. 13-кылымдын 2-жарымынан жаңы шаарлар (1370-ж. Ак Ордонун борбору Сыгнак, Тараз, Сайрам) өсө баштаган. Экономикасы жана маданияты көтөрүлүп, монументтик курулуштар (азыр Карагандыдагы Алача хандын комплекстүү музейинин имараты) тургузулган.
14-кылымдын аягында Ясы шаарында (азыркы Түркстан шаары) Хожа Ахмед Яссавинин күмбөз комплекси салынган. 1920-жылдары жаңы үлгүдөгү архитектуралык курулуштар, (Кызыл-Ордо, Чымкент, Караганды, Алматы ж. б. шаарлар) пайда болгон. 1990-жылдары К-да учурдун талабына ылайык шаардык курулуштар жаңыланып, азыркы архитектуранын эң сонун үлгүлөрү [Казакстандын жаңы борбору Астана (япон архитектуу К. Курокаванын генералдык планы боюнча), жаңы монументтер Алматыдагы «Көз каранды эместик» (1996, арх. Ш. Валиханов), Астанадагы «Астана-Байтерек» (2002, долбоордун идеясы Н. Назарбаевдики), «Элдердин достугу» (2003, скульптор С. Нарынов)] пайда болду. 19-кылымда орус сүрөтчүлөрү В. В. Верещагин, Т. Г. Шевченко, Н. Г. Хлудовдун, ошондой эле Ч. Валихановдун казак элинин турмушун чагылдырып тарткан сүрөттөрү белгилүү болгон. Совет доорунда көркөм сүрөт өнөрү негизинен живопись (X. Хожиков, С. И. Калмыков, А. Кастеев, У. Ажиев, А. Жусупов ж. б.), графика (Г. А. Брылов, И. И. Савельев ж. б.), скульптура (А. А. Исаев, Я. К. Кусич, X. Наурзбаев ж. б.) ийгиликтүү өнүккөн.
Казакстан музыкалык маданияты казак, орус, өзбек, украин ж. б. элдердин салттарын бириктирген. Калк арасында акындардын айтыштары бөтөнчө кадыр-баркка ээ. Казакта лирикалык обондуу ырлар, ошондой эле күүлөр өзгөчө өнүккөн. Элдик аспаптары: домбура, кобыз (кыяк), сыбызгы, добулбас, 19-кылымдын аягынан сурнай таркаган. Казак оозеки музыкалык өнөрүнө Абай Кунанбаев, Мухит Мералиев, Биржан Кожагулов, Курмангазы Сагырбаев, Дина Нурпеисова ж. б. чоң салым кошкон. 20-кылымдын 20-жылдарында казактын улуттук музыкалык маданияты жаңыча өнүгүү жолуна түштү. Ал өзүнүн калыптануу жана өсүү жолунда элдик музыканын салттарына, орус жана чет өлкөлөрдүн классикасына, музыкалык тажрыйбаларга таянды. Казак музыкасын изилдөө колго алынып, биринчи жолу А. В. Затаевич казак эл ырлар жыйнагын түздү. 1934-ж. Казак эл аспаптар мамлекеттик оркестри, 1935-ж. Жамбул атындагы Казакстан мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1933-ж. Алматыда Уйгур музыкалык комедия театры, 1934-ж. Казак музыкалык театры (1937-жылдан К. опера жана балет театры) негизделген. 1934-ж. казактын туңгуч операсы «Кыз-Жибек», 1935-ж. «Жалбыр», 1936-ж. «Ер-Таргын» опералары (үчөө тең Е. Г. Брусиловскийдики) көрүүчүлөргө тартууланган. В. В. Великановдун «Калкаман жана Мамыр» (1938), И. Надировдун «Жаз» (1940) аттуу алгачкы улуттук балеттери пайда болгон. 1939-ж. Казак ССР композиторлор союзу уюшулган. Согуш жылдарында жазылган А. Жубанов жана Л. Хамидинин «Абай» операсы, Е. Брусиловскийдин «Алтын талаа» 3-симфониясы менен казак музыкасынын жаңы этабы башталган. 1944-ж. Алматыда казак консерваториясы (1963-72-ж. Курмангазы атындагы Искусство институту), 1945-ж. Казак ССР Илимдер Академиясында искусство таануу сектору ачылган. Согуштан кийин Е. Брусиловскийдин «Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары жана «Чынтемир» балети ж. б. жазылган. В. А. Великановдун «Казак симфониясы», М. Төлөбаевдин «Казакстан» поэмасы, Г. Жубанованын «Жигер» симфониясы ж. б. белгилүү симфониялык чыгармалар жазылган. Эл аспаптар оркестри үчүн жоон топ музыкалык чыгармалар жазылган. Казакстан музыкалык маданиятында кантата-ораториялык жанр жакшы өнүккөн. Калк арасында Ш. Калдаяков, А. Еспаев, Н. Тилендиевдин ырлары зор сүймөнчүлүккө ээ. Казак музыкасын өнүктүрүүдө Е. Г. Брусиловский, В. В. Великанов, С. И. Шабельский, музыка изилдөөчү-этнограф А. В. Затаевич, Д. Д. Мацуцин, дирижёрлор Г. А. Столяров, В. И. Пирадов ж. б. композиторлордун тийгизген таасири чоң. Казак музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү: ырчылар Р. жана М. Абдуллиндер, Р. Багланова, Р. Жаманова, Е. Серкебаев, Б. Төлөгөнова, А. Днишев; пианисттер К. Жантилеуов, Р. Омаров; дирижёрлор Г. Догашев, Ш. Кажыгалиев; музыка таануучулар А. Жубанова, А. Мухамбетова ж. б. К. эгемендүүлүк алгандан кийин «Ак-Орда», «Мурагер», «Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы атындагы «Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ержанов ж. б. ойношкон. 1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеитова атындагы Улуттук опера жана балет театры түзүлгөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Райбаев, Р. Байсеитова ж. б. чоң салым кошкон. 19-кылымдын ортосунда Акмолодо (азыркы Астана) театр ышкыбоздору койгон оюндар көрүүчүлөргө тартууланган. 1899-ж. театр имараты салынып, П. С. Фёдоровдун «Коломтодогу жарык» пьесасы коюлган. Кызыл-Ордодо алгачкы казак театры 1926-ж. 13-январда М. Ауэзовдун «Енлик-Кебек» спектакли менен ачылган. 1928-жылдан бул театр Алматыда иштеп, 1961жылдан М. Ауэзов атындагы Казак драм театры деп аталган. Учурда Казакстанда орус, уйгур, немис, корей ж. б. театрлары, обл. борборлордо жана шаарларда казак музыкалык-драмалык, куурчак ж. б. театрлар бар.
1925-ж. Казакстанда «Казак АССРинин беш жылдыгы» (оператор Я. М. Толчан) документ фильм, 1939-ж. алгачкы көркөм фильм «Амангелди» (режиссёр М. С. Левин) тартылган. Казак кино өнөрүнүн белгилүү чыгармалары: «Жамбул» (1953), «Сүйүү жөнүндө поэма» (1954), «Чокон Валиханов» (1958), «Алдар көсөө» (1965), «Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экспресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» (1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) ж. б. Кино өнөрүн өнүктүрүүдө Ш. Айманов, Э. Уразбаев, А. Нугманов, О. Абишев, М. Беркович, М. Сагымбаев, И. Тынышбаев ж. б. режиссёрлордун эмгеги зор. 1984-ж. «Казакфильм» киностудиясына Ш. К. Аймановдун ысмы ыйгарылган. Казак киночулары менен кыргыз киночуларынын чыгармачылык кызматташтыгы ар тараптуу. Н. Жантурин, Н. Аринбасарова ж. б. казак артисттери кыргыз фильмдерин жаратууга катышкан. Казак жазуучусу М. Ауэзовдун чыгармаларын кыргыз режиссёрлору Б. Шамшиев, («Караш-Караш», 1968, «Кыргызфильм»), Т. Океев («Көк серек», 1973, «Казакфильм» ж. б.) экрандаштырган.
Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, акробаттар болгон. 20-кылымдын башында балбан X. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаевдин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-ж. Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Сосин жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-ж. Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Карагандыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. К-дын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гимнасттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жумагалиевдер ж. б.
Колдонулган адабияттар.
[[Категория:Постсоветтик аймактын мамлекетте | wiki | {"id": "1904", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1904", "title": "Казакстан"} |
Хорватия, расм. Хорватия Республикасы — Балкан жарым аралынын батышындагы мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Хорватия 1991-жылы мамлекеттик эгемендүүлүгүн алган. Борбору - Загреб шаары, акча бирдиги - куна. Калкы 4.4 млн. Калкынын негизги бөлүгүн түштүк славян католиктер түзөт.
Интернеттеги домени -.hr
Хорватия жана Евробиримдик.
Хорватия 2013-жылдын 1-июлунда (теке айынын 1инде) Европа Биримдигине 28-мүчө өлкө болуп кирди.
Хорватия Евробиримдикке кирүү тууралуу арызын 2003-жылы жолдогон болчу.
4,4 миллион калкы бар Хорватия Евробиримдикке мүчө болгон мурдакы Югославиянын экинчи республикасы.
Мурдагы Югославия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп 2004-жылы Евробиримдикке Словения кабыл алынган.
Эми Хорватиянын Евробиримдикке кирген башка өлкөлөр менен чектеш жерлеринде чек ара төлөмдөрү талап кылынбайт. Бирок азырынча Хорватия Шенген эркин виза мейкиндигине жана Европа монетардык ынтымагына кошулбайт. | wiki | {"id": "1906", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1906", "title": "Хорватия"} |
Интернет — Бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырса болот. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы. Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар кызмат кылышат. Интернетти бүткүл дүйнөлүк желе деп атап коюшат. Интернеттен ар кандай маалыматтарды билип алса болот.
Тарыхы.
Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат. АКШнын Коргоо министрлиги согуш болгон учурда ишенимдүү маалымат алмашуунун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну чечип, Американын бир нече институттарына тапшырма берген.1957-жылы АКШнын Коргоо министрлигине караштуу Алдыңкы изилдөө долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Биринчи компьютердик тармак ARPANET деп аталып, АКШнын төрт илимий мекемесин бириктирген. Бул мекемелер Коргоо министрлигине алдыңкы катардагы технологияларды иштеп чыгышкан. Алгачкы билдирүү ARPANET түйүнүнө LO деген тамганы жиберүүдөн башталат. Чындыгында LOGIN деген сөздү жөнөтүү пландалган. Бирок эки тамгадан кийин түйүн менен компьютердин ортосундагы байланыш үзүлүп кеткен. Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат. 1973-жылы маалымат алмашуу тармагына Норвегия жана Улуу Британиянын ири уюмдары кошулуп, тармак эл аралык деп аталып калган. 1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан. 1983-жылы ARPANET маалымат берүүдө жалпы протоколду (TCPIP) түзгөндөн кийин "Интернет" деп аталат. 1988-жылы кыскача тексттик билдирүүлөр (чат) менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. 1990-жылы интернет "Дүйнөлүк желе" деп аталат. Анткени бир эле компьютерден дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалыматтар менен таанышууга жол ачылган. Ал эми Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып Кытайда, Сауд Арабиясында, Иранда, Египетт диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.
Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде эле 50 миллион колдонуучусун топтой алган. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң тез иштеген маалымат булагына айланган.
Иштөөсү.
Интернетке туташуу зымдуу жана зымсыз (спутник) болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот. Компьютерде, ноутбукта, планшетте жана уюлдук телефондо атайын браузерлер бар. Каалочулар браузерге кирип, издеп, жаткан маалыматтын дареги жазылат. Жазылган шилтеме провайдерге (интернет кызматын көрсөтүүчү) барат. Ал эми провайдер суралган маалыматтын дарегин серверге жөнөтөт. Сервер сакталган файлдардан изделген маалыматты алып, кайрадан провайдерге жөнөтөт. Провайдер браузерге жиберет. Ошентип браузер биз издеген маалыматты текст, видео жана фото түрүндө берет. Демек, бир же бир нече маалыматтардын компьютерде сакталып, провайдер жана браузер аркылуу берилиши - бул интернет.
Браузерлер.
Кардарларга керектүү маалыматты форматына карабай берүү үчүн атайын браузерлер (интернет барактарын иликтөөчү программа) иштелип чыккан. Таанымал браузерлер — булар Google Chrome, Microsoft Edge, Mozilla Firefox, Safari жана Opera.
Домен аталыштары.
Бул браузерлердин жөнөкөй аталышы. Негизи браузерлердин, интернет баракчалардын аталышы бир нече сандан турат. Колдонуучуларга санга караганда тамга менен издөө жеңил болгондуктан домен аталыштар ойлонуп табылган. Издөө системине аталышты жазганда ал дароо эле компьютердин тилине, башкача айтканда, автоматтык түрдө сандарга алмашылат да, серверге же хост-компьютерге (ар кандай көлөмдөгү папкаларды сактаган компьютер) жөнөтүлөт. Ал эми сандык аталыш IP дарек деп аталат
Статистикасы.
Бүгүнкү күндө жер планетасынын 3 миллиарддан ашуун жашоочулары интернет кызматын пайдаланат. Алардын 2,4 миллиарды уюлдук телефон аркылуу интернетке туташкан.
Дүйнө жүзү боюнча «Интернет ачкычы» 7 гана адамда бар. Бул сыр тамгалары бар электрондук карта. Глобалдык хакерлердин кол салуусуна дуушар болгондо АКШнын аскердик базасына билдирүү келет. Ал жерден ачкыч ишке кирип, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы өчүрүлөт.
Интернет пайда болгон күндөн тартып 5 жыл ичинде 50 миллион адам колдонгон. Мындай аудиторияга жетүү үчүн телефондор – 75 жыл, радио – 38 жыл, телевидение – 13 жылда, ал эми Angry Birds оюну 35 күндө популярдуу болууга жетишкен.
Интернет колдонуучулар.
2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып, өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү бишкектиктер болуп саналат. Тагыраак айтканда, интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10% Ош облусуна туура келет. Ал эми колдонуучулардын 13% гана калган облус жана шаарларга тиешелүү.
Кыргызстанда.
Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Интернеттин 90 пайызын казакстандык 4 ири провайдерлер Орусиядан Кыргызстанга түз алып берет. Ошондой эле кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32 пайызы жумасына 3-4 саат интернетте отурушса, 22 пайызы бир жумада 5-6 саат, 8 пайызы бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын барактоо менен өткөрүшөт.
Бүткүл дүйнөнү кучагына алган интернет тармагына кошулууну оңойлоткон технологиялардын катарына уюлдук телефондор да кирет. «Промотанк» компаниясы жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун интернет тармагын талдоо максатында жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 51% иш жеринен гана интернетке кошулат. Ал эми 21% так ушул уюлдук телефондордун жардамы менен интернетке киришет. Изилдөөнүн жыйынтын карасак, өлкөдөгү интернет колдонуучулардын 8% интернет кафелерден интернетти пайдаланышат.
Статистикага караганда Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 75% 10 жаштан 30 жашка чейинкилер түзөт.
Дүйнө жүзүнүн ар башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да маалымат порталдарынын ичинен эң көп колдонулганы GOOGLE порталы болуп саналат. Сурамжылоо жүргүзүлгөн дээрлик бардык интернет кафелердин администраторлору жана интернет колдонуучулар белгилегендей, google.com, google.kg сайттары аркылуу алар өздөрүнө керектүү нерселерди интернеттен таап алышат.
Мындан сырткары Бишкекте маалымат издөө булагы катары yandex.ru, yahoo.com, rambler.ru сайты дагы көп кодонулуп келет. Ал эми интернет аркылуу маалымат алган кээ бир замандаштар «дүйнөлүк желедеги» эң негизги маалыматтын булагы катары Wikipedia.org сайтын эсептешет.
Кыргызстандык интернет колдонуучулар да интернет үчүн бир кыйла акчаны коротушат. Жогоруда айтылган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бир айда өлкөдөгү 760 664 колдонуучунун 45% интернет үчүн 101 сомдон 500 сомго чейин, 25% 501 сомдон 1000 сомго чейин, 15% 1001 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Ал эми өлкө боюнча колдонуучулардын 15% гана иш жерлеринде бекер интернет колдонушары аныкталган.
Ошондой эле Кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32% жумасына 3-4 саат интернете отурушса, 22% бир жумада 5-6 саат, 8% бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын «барактоо» менен өткөрүшөт.
Келечектеги интернет.
GOOGLE X компаниясынын масштабдуу долбоорлорунун бири — жер планетасын аба шарлары менен курчап, интернетке жеткиликтүү туташууну камсыз кылуу. Аба шарлары жерден 20 чакырым бийиктикке учуп, күндүн нурунан кубат алышат. Жыйынтыгында интернетти ошол шарлар аркылуу алууга болот. Ал эми 2013-жылы компания Project Loon деп аталган гиганттык шарларды абага учурган. Аба шарлары атмосферада 80 күнгө чейин калкып, интернетти берүү жөндөмдүүлүгү секундасына 25 мегабитти түзгөн. Учурда компания SkyBender долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Максаты — миллиметрдик диапазондогу радиотолкунду колдонуу менен жер планетасына секундасына бир нече гигабитке жеткен интернетти таркатуу. Бул долбоор АКШнын Федералдык комиссиясынан 2016-жылы эксперимент жүргүзүүгө уруксат алган. Азырынча компания зымсыз интернет менен канчанчы жылы камсыз кылары белгисиз. Интернет туюк киреше алуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Интернет салымдар — дүйнөнүн каалаган кызыктуу долбоорлоруна каражат жумшап, акча табуу мүмкүнчүлүгү.
Терс жактары.
Дүйнө жүзүндөгү кээ бир психологдордун билдирүүлөрүнө караганда интернетти туруктуу жана көп колдонгон адамдарда интернетке болгон көз карандылык пайда болушу мүмкүн. Бул көз карандылыктын алгачкы белгилери интернеттеги убакытты көзөмөлдөй албоо менен башталат. Интернет баракчаларына ашыкча кызыгып андан мына чыгам, ана чыгам деп башка ишин таштап интернетке сүңгүп кирип кетүү, ага болгон көз карандылыктын анык мисалы. Психологдордун айтымында, интернетке көп кызыгуунун натыйжасында адам чыныгы жашоодон алыстап, виртуалдык жашоого кирип кетиши мүмкүн. Мындай учурда интернет колдонуучуну финансылык жактан чоң коротууларга дуушар кылышы ыктымал. Кээ бир маалыматтарга караганда, учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10% интернет көз карандыларынын катарына кирет. | wiki | {"id": "1907", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1907", "title": "Интернет"} |
Мьянма Союз Республикасы ( "«Пьидаунзу Мьянма Найнгандо»"), кыскача — Мьянма, (1989-жылы чейин Бирма) — Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индикытай жарым аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Индия жана Бангладеш, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Лаос, Түштүк-чыгышынан Тайланд менен чектешет. Түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Бенгал булуңу, Андаман деңизи менен чулганат. Аянты 678,5 миң км2. Калкы 58,8 млн (2009); калкынын саны боюнча дүйнөдө 26-орунда. Борбору – Нейпьидо (2006-жылдан; башкы экономикалык борбору – Янгон). мененын курамында 7 улуттук жана 7 административдик облусу бар. Акча бирдиги – мьянма кьяты. Мьянма – БУУнун (1948), ЭВФтин (1952), Азия өнүктүрүү банкынын (1973), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1952), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), АСЕАНдын (1997) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Мьянма – федерациялык мамлекет. Конституциясы 2008-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Эл өкүлдөр чогулушу, улуттук чогулуш). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – Бүткүл союздук өкмөт. Мьянмада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Улуттук биримдик партиясы, Демократия үчүн улуттук партия.
Табияты.
Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүн тоо ээлейт. Батышын Ракхайн тоолору (бийиктиги 1500–3000 м) жана анын түндүкуландысы – Паткай, Кумун кырка тоолору (эң бийик жери – Кхакаборази чокусу, Бийиктиги 5881 м), чыгышын Шан бөксө тоосу, Борбордук бөлүгүн жана түштүгүн Иравади түздүгү ээлейт. Климаты тропиктик муссондук. Март – апрелдин (эң ысык айы) орт. температурасы 30–32˚С, январдыкы түндүгүндө 13˚С, түштүгүндө 20–25˚С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммден (түздүктө) 3500 ммге (тоолордо) жетет. Ири дарыясы – Иривади. Тоолуу жерлеринин топурагы кунарсыз сары күрөң, түздүктөрүнүкү кызыл күрөң жана күрөң. Тропиктик жана муссондук токойлор өсөт (жеринин 60%и). мененын аймагында Пидуан, Шуэдаун жана башкалар. резерваттары бар.
Калкы.
Мьянмада 135ке жакын эл жана уруу жашайт. Негизги калкы – мьянмалыктар, о. эле карендер, шандар жана башкалар. улуттар да жашайт. Динге ишенгендери буддистер (тхеравада мектеби). Христиандар менен мусулмандар да бар. Расмий тили – бирма тили (кытай, англис, жерг. карен, мон, шон тилдери да кеңири таралган). Орт. жыштыгы 1 км2ге 81 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 58 жаш, аялдарыныкы – 63. Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 кишиге 28), өлүм-житим 1000ге 10 киши (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 68). Шаар калкы 34% (2010). Ири шаарлары: Рангун, Мандалай, Моламьяйн.
Тарыхы.
Мьянма аймагын – Иравади жана Ситаун дарыясынын бойлорун адамдар мындан 11 миң жыл мурда мекендеген. Биздин заманга чейинки 3 миң жыл мурда Татон портуна жакын жерде Суварнабхум королдугу, биздин заманга чейинки 2-кылымда мененын Түштүк жээктеринде мондордун шаар-мамлекети, Кытай-Индия соода жолдорунда пьюлардын бир нече королдугу пайда болгон. 9-кылымдын ортосунда Кытайдын Түндүк- Батыш жана Түштүк-Батышынан Мьянма аймагына бирмалыктар, шандар, карендер жана качиндер (мьянмалыктардын түпкү теги) жана башка элдер жер которуп келип, жерг. калк менен аралашып кеткен. 11-кылымдын башында Жогорку Бирмада алгачкы Паган мамлекети негизделип (королдук такка Аноратха отурган), Тхеравадандын (буддизм мектеби) дүйнөлүк борборуна айланган. 1287-жылы Паган королдугу моңголдордун чабуулуна учурап, моңгол баскынчысы Хубилайга баш ийгенетикалык 16–18-кылымда Мьянма Тонгу княздыгына кошулган. 18-кылымдын орто ченинде борбордошкон күчтүү Мьянма мамлекети түзүлүп, ага мененын бардык аймактары караган. 19-кылымда Мьянма баскынчылык (1824–26, 1852–53 жана 1885-жылы Англия жана Франция) согуштардын натыйжасында Бирма деген ат менен Улуу Британиянын колониясына, 1886-жылы Британ Индиясынын провинциясына айланган. 1937-жылы ич ара өзүн өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 2-дүйнөлүк согуштун мезгилинде менены Япония аскерлери басып алган (1942– 45). мененын көз каранды эместиги үчүн англис тилинде империалисттерге каршы күрөш жүрүп, 1948-жылы 4январда көз каранды эмес федерациялык республика – Бирма союзу жарыяланган. Башкаруучу чөйрөдө бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. 2-дүйнөлүк согуш менен жарандык согуштун залакалары экономиканы өтө оор абалга дуушар кылган. Ушундай кырдаалда 1962-жылы мартта генерал Не Вин башчылык кылган революциячыл маанайдагы офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти өз колуна алып, Революциячыл совет уюштурган. Бул өкмөт «Социализмге өтүүнүн бирмалык жолу» программасын түзүп, 1962-жылы Бирма Социалисттикпрограммасы партиясын негиздеген. Кыска мөөнөт ичинде мурунку мамлекеттикаппаратты жоюп, чет элдик жана жергиликтүү жеке менчиктер улутташтырылган, тышкы соода менен мамлекеттиксектор Социалисттикэкономиканын негизи деп жарыяланган. Ички саясий абалды жөнгө салуу жана жарандык согушту токтотуу боюнча чаралар кабыл алынган. 1964-жылы бир партиялуу система киргизилгенетикалык 1974-жылы 1-январда жаңы Конституциясы күчүнө киргенден кийин Бирма Союзу Социалисттик Республика деп аталган. Өлкөдө социализмди куруу өтө татаал экономикалык кыйынчылыктар менен коштолгон. Ушул шартта Мьянмага көмөк көрсөтө турган Кытай өзүнүн маданий рев-ясы менен алектенип, Советтер Союзу Бирманы Социалисттиклагердин катарына кошкон эмес. 1987-жылы Мьянмада акча жүгүртүүдөн айрым банкнотторду (25, 35 жана 75 кьят) алып салуу, өлкөдө толкундоолорду күчөткөн. Янгондун көчөлөрүндө нааразылык акциясына чыккан студенттер машиналарды өрттөп, чиновниктердин виллаларын талкалаган. ЖОЖдор жабылган. Өкмөт аскерлери демонстрацияны ырайымсыздык менен баскан. 1988-жылы сентябрда өлкөдө бийлик негизинен генералдардан түзүлгөн SLORC комитетине (Мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик кеңешке) өткөрүлүп, диктатура орногон. 1989-жылы өкмөт колониялык доордогу географиялык аталыштарды өзгөртүп, өлкө расмий түрдө Мьянма аталган. Генералдар башкарган Мамлекеттиккеңеш өлкөнү буддизмдин моралдык нормаларына таянуу менен тартипке салган: порноиндустрияга жана башкалар. тыюу салынып, баңги зат саткандар жана колдонгондор өлүм жазасына тартылган. 2007-жылы август-сентябрда Янгондо чыккан массалык башаламандыкта 3 миңден ашык адам курман болгон. 2011-жылдан мененын батыш өлкөлөрү менен болгон байланышы жакшырган. 2012-жылы 1-апрелде парламентке эркин шайлоо өткөрүлүп, 50 орундун басымдуу бөлүгүн демократиялык оппозиция ээлеген. | wiki | {"id": "1911", "revid": "38119", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1911", "title": "Мьянма"} |
Амур (тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо Xара–Мурэн – «кара дарыя»; кытайча Xэйлунцзян – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя. Шилка жана Аргунь дарыянын кошулушунан пайда болгон. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Узундугу 2824 км (Аргундун башатынан 4440 км), алабынын аянты 1855 миң км2, анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея дарыянын чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат. Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү кууштап, төмөнкү агымында кайтадан кеңейет; мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари, Уссури (оң). Орточо чыгымы 10900 м3/сек, эң көп чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 м3/сек. (жайында кирет), эң аз чыгымы 345 м3/сек. Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир кылбайт (кышкысын кар аз болгондуктан). Жазында ташкындайт. Амурдан 1 суткада 41 миң тонна агынды агып өтөт. Жогорку агымы ноябрдын башталышынан майдын башталышына чейин, төмөн жагы ноябрдын аягынан апрелдин аягына чейин тоңот. Балык (кета, горбуша, калуга жана башка) кармалат, Амер – Ыраакы Чыгыштын маанилүү суу жолу (бардык жеринде кеме жүрөт). Боюнда Благовещенск, Хабаровск, Амурск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре (Россия), Айхой (Хэйхэ; Кытай) шаары жайгашкан. | wiki | {"id": "1925", "revid": "28330", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1925", "title": "Амур"} |
Чыңгыз хан (моңголчосу: Чыңгыз Хаан, Чынгызхан {ᠴᠢᠩᠭᠢᠰ ᠬᠠᠭᠠᠨ} [tʃiŋɡɪs χaːŋ], өз аты Темужин, Темучин {ᠲᠡᠮᠦᠵᠢᠨ?}, моңголчосу: Тэмүүжин; болжолу (1155 же 1162-жж.) 25-август 1227-жыл) – Моңгол ханы, Улуу Моңгол империясынын негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң белгилиүү тарыхый адамдарынын бири, чачырап кеткен монгол жана түрк урууларын бириктирген Монгол империясынын негиздөөчүсү жана биринчи улуу ханы (каган); моңголдордун Кытайда, Орто Азияда, Кавказда жана Чыгыш Европада басып алуу өнөктүгүн уюштурган кол башчы. Адамзат тарыхындагы эң ири континенталдык империянын негиздөөчүсү. | wiki | {"id": "1927", "revid": "497372", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1927", "title": "Чыңгыз хан"} |
Орусия же Орусия Федерациясы ― Азия жана Европада жайгашкан өлкө.
Борбору ― Москва.
Калкынын саны ― 146 267 288 адам (2015-жылы).
Аянты ― 17 125 407 км². Аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет жана калкынын саны боюнча тогузунчу орунда турат.
Мамлекеттик тили ― орус тили.
Бирлигдик түзүлүштөгү аралаш (президенттик-парламенттик) республика. 2012-жылдын май айында президенттин кызматын Владимир Путин ээлеген, өкмөт башчынын кызматын — Михаил Мишустин аркалап келет.
Орусиянын курамына 89 субъект кирет: 48 облус, 24 республика, 9 край, 3 бирлигидык маанидеги шаар, 4 абтономиялуу округ жана 1 абтономиялуу облус.
Орусия он сегиз өлкө менен чектешет (дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч), алардын ичинен кургактык менен төмөнкү мамлекеттер менен: Норвегия, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Беларусь, Украина, Грузия, Азербайжан, Казакстан, Кытай, КЭДР, Монголия, деңиз менен Жапония жана АКШ менен.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча ИДПнын СКПга карата көлөмү 2014-жылга карата $3,745 трлн түзгөн (бир адамга $25 636). Акча бирдиги - орус рубль. Орусия бир нече эл аралык уюмдарда мүчө - БУУ, ЕККУ, Ебропа Кеңеши, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ИМБДУ, ЭДУ, БСУ, БТУ, ШКУ, БРИКС, АТЭК, КООМЕТ, ЭОК, ЭЭК, ISO, EUREKA, G20 жана башка.
Бириккен Улуттар Уюмунун (1945; 1991-ж. чейин СССРдин курамында), Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү (1991-жылдан), КМШнын (1991), Ебропа Кеңешинин (1996), АТЭС (1998), БРИКС (2006), Ебразия экономика союзунун (ЕврАзЭС; 2001), Шанхай кызматташтык Уюмунун (2001), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2012) жана башка мүчөсү.
Орусиянын геограпиясы.
Орусияда Слабян өлкөлөрүндө жана мурдагы Кеңештер Союзунун айрым өлкөлөрүндө администратибдик бөлүнүүнүн бир түрү болгон облустар бар. "Облус" сөзү англис тилинде да колдонулат, бирок көбүнчө "аймак", "зона", "облус" же "аймак" деп которулат. Акыркы котормо башаламандыкка алып келиши мүмкүн, анткени "облустун" бөлүмчөсү "райондук" деп аталып, аны "чөлкөм" же "район" деп которсо болот. Орусиянын жалпысынан 46 облусу бар.
Крым - Орусияга киришпейт, ал талаштуу аймак Украинадан 2014-жылы аннексия болгон. Орусиянын алыскы чыгышында аймак Азия континентиндеги Сибир деп аталат.
Мамлекеттик түзүлүш.
Орусия – бирлигибдик мамлекет. Конституциясы 1993-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы ― президенттик-парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бирлигидык чогулуш (парламент). бирлигидык чогулуш эки палатадан турат: Бирлиги Кеңеши жана Мамлекеттик дума. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – өкмөт. Орусияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Орусия либералдык-демократиялык партиясы, РФ коммунисттик партиясы, «Единая Россия», «Справедливая Россия» ж. б. Тышкы саясатта Орусия – Собеттер Бирлигинин мурасчысы (эл аралык укуктук мааниде), дүйнөлүк 5 улуу держабанын бири. Орусиянын 191 мамлекет менен дипломатиялык байланышы, 144 мамлекетте дипломатиялык өкүлчүлүгү бар.
Орусия - президенттик республика.
Геограпия.
Орусия Түндүк жарым шарда, Ебразия материгинин түндүгүндө жайгашкан. Урал тоосу менен Кума-Маныч ойдуңу Орусиянын экиге (Азия жана Ебропага) бөлөт. Аймагы батыштан чыгышка карай 10 миң км, түндүктөн түштүккө 4 миң кмге созулат. Орусиянын 70% тен ашык аймагын ойдуңдар менен түздүктөр ээлейт. Орусиянын Ебропа бөлүгүнүн көпчүлүгүн Чыгыш Ебропа туздугу, түштүгүндө Чоң Кабказ кырка тоосунун түндүк капталы (Орусиянын эң бийик жери – Эльбрус чокусу жайгашкан, бийиктиги 5642 м), түндүк-батышында Хибин тоолору созулуп жатат. Орто Сибирь бөксө тоосу акырындап Борбордук Якутия ойдуну менен алмашат. Сибирдин түштүгүндө Алтай, Батыш жана Чыгыш Саян, Становой бөксө тоолору созулуп жатат. Енисей менен Лена дарыясынын аралыгында Орто Сибирь бөксө тоосу, Лена менен Тынч океандын ортосун Түндүк-Чыгыш Азиянын кырка тоолору менен бөксө тоолору ээлейт. Ы. Чыгышта жана Сибирдин түндүк-чыгышында орто бийиктиктеги тоолор (Сихотэ-Алинь, Верхояна, Черский ж. б.) басымдуу. Камчатка жарым аралында Ебразиядагы эң бийик жанар тоо Ключи жанар тоосу орун алган. Эң четки чыгыштагы Курил аралында 200 дөн ашык жанар тоо (анын ичинде 10дойу аракеттеги) кездешет. Климаты деңиздиктен (эң четки түндүк-батышта) кескин континенттикке (Сибирде) өтмө. Ыраакы Чыгыштын түштүгүндө мелүүн муссондук. бирлигын аймагынын көп бөлүгү мелүүн, Түндүк Муз океандын аралдары жана материктин түндүк четтери арктика жана субарктика, Кабказдын Кара деңиз бою субтропика алкактарында жатат.
Орусия бирлигисынын администрациялык-аймактык бөлүнүшү:
Каңтардын орточо температурасы 0°...-5°Сден (Ебропа бөлүгүнүн батышында жана Кабказ өндүрүндө) -50°Сге (Якутияда); июлдуку -1°Сден (Сибирдин түндүгүндөгү деңиз бойлорунда) 26°Сге (Каспий бою ойдуңунда) чейин. Жылдык жаан-чачыны Каспий бою ойдуңундагы жарым чөлдүү аймактарда 170 мм, Чыгыш Ебропа түздүгүнүн токой зонасында 700 мм, Ыраакы Чыгыштын түштүгүндө 1000 мм, Кабказ жана Алтай тоолорунда 3200 ммге чейин.
Суулары.
Орусия – дүйнөдөгү суу менен толук камсыз болгон өлкөлөрдүн бири. Таза суунун запасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Орусиянын аймагынын 12,4% ин суу ээлейт. Орусияда 120 миңдей дарыя (узундугу 10 кмден ашык) бар, алардын жалпы узундугу 2,3 млн кмди түзөт. Дарыяларынын көбү Түндүк Муз океандын (Түндүк Дина, Печора, Обь, Иртыш, Енисей, Лена, Индигирка, Колыма ж. б.), Тынч океандын (Амур, Анадырь, Пенжина ж. б.), Атлантика океанынын (Дон, Кубань, Неба) алаптарына кирет. Итель Каспий деңизине куят. Ири дарыялары: Лена, Иртыш, Енисей, Обь, Итель, Амур; Чыгыш Сибирдин түштүгүндө Байкал көлү (суусу таза, тузсуз суулардын дүйнөлүк запасынын 1/5ине жакыны; тереңдиги 1620 м; дүйнөдөгү эң терең) орун алган. Эки млндой тузсуз жана туздуу көлдөр кездешет. Андан сырткары ири көлдөрү: Каспий, Ладога, Онега. Түбөлүк тоң Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын көптөгөн жеринде жатат.
Топурак жана өсүмдүктөрү.
Түздүктөрүндөгү топурак менен өсүмдүктөрү кеңдик зонага жараша түштүгүндөгү аралаш токойдо манжурия плорасынын элементтери (кара жыгач, амур кепкек дарагы, корей бал карагайы, лиана) бар. Токойлуу талаа зонасына боз-токой топурагындагы чакан аянтты ээлеген эмен (батышында) же кайын, байтеректүү (чыгышында) токойлор шакарсыз же кадимки кара топурактуу жердеги шалбаалуу талаа менен кезектешип жатат. Талаа зонасы кара топурактуу жана күрөң каштан топурактуу келип, түрдүү чөптүү-дан жана дан-өсүмдүктүү талаа (көп бөлүгү айдоо) басымдуу. Жарым чөл зонасы ачык-каштан жана күрөң топурактуу келип, шыбак, баялыш, дан өсүмдүктөрү сейрек өсөт. Тоолуу аймактарынын тоо этектерин талаа, капталдарын (600–800 м бийиктикте) эмен жана бук токойлору, 2000 мден жогору субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Плорасы ар түрдүү. Паунасында Кызыл китепке кирген көптөгөн жаныбарлар (ак аюу, кабылан, жолборс, морж) кездешет.
Кен байлыктары ар түрдүү. Орусияда минералдык отундун бардык түрү кездешет. Мунай, газ, апатит, калий тузу, фосфорит, түстүү, сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдар, алмаз ж.б. казылып алынат. Табиятты коргоо жана табигый байлыктар – (түндүктөн түштүктү карай) өзгөрөт. Арктикалык чөл өсүмдүктөрү мамык чөп-эңилчектүү жана бадалдуу (кидик кайын, тал) тундрага (кычкыл, көбүнчө илээшкек топурактуу) өтөт. Аймагынын 70% и токой. Токойлуу тундра зонасында тундра менен кайың, карагай, кызыл карагайлуу сейрек токойлор (тундра, глей, чала күлдүү жана глей-тайга-тоң топурактуу) кезектешип жатат. Токой зонасында (аймагынын 1/2инен көбү) тайга (түндүгүндө) жана аралаш токой (түштүгүндө) басымдуу. Күл топурактуу жерлеринде ийне жалбырактуу тайга (карагай, көк жана бал карагайлар) жана мырза карагайлуу токой өсөт. Ениеейден чыгышты карай кызыл карагайдан турган ийне жалбырактуу тайга, Ыраакы Чыгышты аян карагайы жана көк карагайлуу (ак кабыктуу) тайга ээлейт. Тайга-тоң кыртыштуу чымдак күл топурактуу аралаш токой зонасында ийне жалбырактуу токойго адатта кайың, байтерек, зараң ж. б. аралаш өсөт. Ыраакы Чыгышты рационалдуу пайдаланууга чоң маани берилип келет. Табигый ландшапттарды сактоо жана коргоо үчүн 101 корук жана 35 табигый улуттук парк (анын ичинде 8и Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) уюштурулган.
Калк.
Элинин негизин орустар (80%) түзөт; ошондой эле татар (3,8), украин (2), андан тышкары
160 улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2те 8,4 киши; Москвада 4626, Чукоткада 0,07. Мамлекеттик тили – орус тили. Христиан (анын ичинде православнылар), мусулман диндерин тутат. Ошондой эле иудаисттер, буддисттер да бар. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 62 жаш, аялдарыныкы – 74. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 9,6), өлүм-житим жогорураак (1000ге 14,9). Шаар калкы 73%. Ири шаарлары: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Нижний Новгород, Самара, Казан ж. б.
Тарыхы.
Орусиянын Сибирь, Түндүк Кабказ жана Кубань аймактарында алгачкы адамдар Шель дооруна чейин 3–2 млн жыл мурда эле жашаган. Воронеж, Калуга жана Туладан табылган (730–350 миң жыл мурда) адам сөөктөрү турпаты боюнча архантроп, палеантроп (неандерталга жакын) болгон. Бул археологиялык табылгалар – Костёнко-Стрелецкая (б. з. ч. 50–30 миң жыл мурда), Сунгирь (б. з .ч. 28–20 миң жыл) ж. б. маданияттарга таандык адамдардын генетикалык урпактары. Кийин алар мезолит доорунда Костенко-Авдеев маданиятын түзгөн. Липецк (б. з. ч. 22–21-миң жылдык), Москва (б. з. ч. 22–21-миң жылдык) жана Курск облусунан (б. з. ч. 14–13-миң жылдык) табылган адамдар антропологиялык түрү боюнча европеоиддер болгон. Б. з. ч. 6–4-кылымдарда Кара деңиз жээктеринде грек колонияларынан Скит жана Боспор падышалыгы түзүлгөн. 552–747-жылдары Орусиянын кыйла аймагын Кыргыз кагандыгы ээлеген. 7-кылымдын орто чени – 10-кылымда төмөнкү Итель бою жана Түндүк Кабказда Хазар кагандыгы жайгашкан. 9-кылымдын ортосунда Европа түндүгүндө Рюриковичтер династиясы түзүлүп, өзүнө чыгыш слабян, бинн-угор жана балтика урууларын багынткан. 882-ж. Новгород князы Олег Киевди басып алып, түндүк жана түштүк слабяндарды кошуп, Байыркы орус мамлекети – Киев Русун (9–12-кылымдар) түзгөн. Киев Русу күч-кубаты боюнча Чыгыш Ебропа менен Кара деңиз боюнда Бизантия империсына теңтайлашып турган. 988-ж. Князь Владимирдин тушунда орустар христиан динин кабылдап, Ярослав Мудрый 1-орус мыйзамдар жыйнагын – «Русская правданы» чыгарган. 1132-ж. Киев князы Мономах Владимирович өлгөн соң, Рус мамлекети ыдырап, майда княздыктарга бөлүнүп кеткен. 13–15-кылымдарда орус, украин жана беларус эли калыптанып, Орусия аймагында Владимир-Суздаль княздыгы, Новгород республикасы түзүлгөн. 13-кылымдын 40-жылдары орус жеринин көпчүлүгү Батыйдын чабуулуна туш болуп, моңгол-татарларга караган. Түндүк-Батыш Руска шведдер жана тевтон рыцарлары басып кирип, князь Александр Ярославович Невскийден жеңилген. 14-кылымдын ортосунда Рустун батыш жана түштүк жери Улуу Литва княздыгына, Галисы Польшага караган. 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башында Орус мамлекетинде чарба калыбына келип, 1362-жылдан Москва княздыгы чыңдала баштаган, өзгөчө Куликов салгылашынан кийин күчөгөн. Алтын Ордо акырындап ыдырап, 15-кылымдын орто ченинде Крым, Астрахань, Казан жана Сибирь (Кыргыз) хандыктарына бөлүнгөн. Иван IIIнүн тушунда 1480-ж. моңгол бийлиги биротоло кулап, 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында бирдиктүү орус мамлекети түзүлгөн. 1497-ж. орус мамлекетинде дыйкандардын помещикке таандыктыгын далилдеген мыйзамдар жыйнагы (Судебник) чыгарылган. Орус жери үчүн Литва княздыгы жана Казан хандыгы менен согуш уланып, өлкө «Россия» атала баштаган. 1-орус падышасы Иван IV Грозныйдын тушунда мамлекетти борбордоштуруу реформасы жүрүп, Казан, Астрахань жана Сибирь (Кыргыз) хандыктары каратылган. Боярлар жери – поместьеси үчүн аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилген. Мылтык менен куралданган жөө аткычтар аскери түзүлгөн. Өзгөчө кырдаалда мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн боярлар сословиеси катышкан Земский собор уюштурулган. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын орто ченинде крепостнойлук укук киргизилген. 1570-ж. Дон, 1571-ж. Урал, 1577-ж. Терек казак-орус аскер кошуундары түзүлгөн. 1581-ж. атаман Ермактын аскер кошууну Сибирди багынткан. 1571-ж. Крым ханы Девлет Грей түмөн аскери менен Москваны басып алып, өрттөп, калкын кырып, туткундап кеткен. 1572-ж. орус аскерлери Молодияхтын жанында (Москвадан 30–40 км алыс) Крым-түрк аскерин (120 миң) талкалап, Крымды биротоло алсыраткан соң, Орусиянын түштүк чеги 100дөгөн кмге түштүккө жылган. Орусияда 17-кылымдын башындагы баш аламандыктан элдик ополчение түзүлүп, поляк баскынчыларын талкалаган соң, 1613-ж. 21-февралда Михаил Фёдорович падыша шайланып, Романовдор династиясы орногон. Казак-орустар Чыгыш Сибирден Тынч океанга чейин тараган. 17-кылымдын орто ченинде Амур дарыясынын, Охота деңизинин боюнда, Чукоткада орус кыштактары пайда болгон. 1654-ж. Украина өз ыктыяры менен Орусияга кошулган. Бирок Орусия Ебропадан артта калып, деңиз жолуна, ийкемдүү башкаруу системасына, жаңы армияга муктаж болгон. Пётр 1нин бийликке келиши менен ички жана тышкы саясатта радикалдык өзгөрүү болуп, натыйжада Түндүк согушунда (1700–21) эң күчтүү швед армиясын талкалап, 16-кылымда шведдер басып алган орус жерлерин кайтарган. Небада Санкт-Петербург шаары курулуп, 1712-ж. ага Орусиянын борбору Москвадан көчүрүлгөн. Мамлекеттик аппарат, билим берүү, армия кайрадан түзүлүп, Орусияда император башкарган абсолюттук монархия орногон. Боярлар өз алдынчалыгын жоготуп, дворянга айланган. Екатерина II Кара деңиз үчүн Түркия менен бир нече жолу согушуп, ийгиликке жетишкен. 1812-ж. Орусия Франция менен болгон согушта (1812-жылдагы Ата Мекендик согуш) жеңип, 1813-ж. орус армиясы Германияны француз оккупациядан бошотуп, 1814-ж. Парижди ээлеген. Согуштан кийин Орусияда реболюсычыл идея таркап, 1825-ж. Декабристтер көтөрүлүшү чыккан. 19-кылымдын орто ченинде Орусияга Түндүк Кабказ каратылып, Казак жүздөрү, кийин Түндүк Кыргызстан кошулуп, 1876-жылдан кийин Бухара жана Хиба хандыктары караган. 19-кылымдын 2-жарымында Александр II тарабынан бир катар либералдык реформалар жүргүзүлүп, крепостнойлук укук жоюлган (1861). 1877–78-жылдары орус-түрк согушунда Балкан слабяндары (Болгария, Сербия, Черногория) түрк башкаруусунан бошонгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Орусиянын экономикасы өсүп, өлкөдө реформачыл (кадеттер ж. б.) жана реболюсычыл саясий партиялар пайда болгон. 1904–05-жылдары Орусия орус-жапон согушунда жеңилип, Портсмут тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. 1914-ж. Орусия Антанта тарапта 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1917-ж. Акпан реболюсынын таасири менен Орусияда монархия кулап, Николай II тактысын иниси Михаилге өткөргөн. Башында А. Керенский турган Убактылуу өкмөт түзүлүп, Орусия империясы Республика деп жарыяланган. 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрь) В. И. Ленин жетектеген социалисттик реболюсы ишке ашып, Кеңешдин Бүткүл Орусиялык 2-съездинде Орусия Советтик Республикасы же Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы (ОСФСР) жарыяланып, бийликтин жогорку органы – Жумушчу жана солдат депутаттарынын кеңеши түзүлгөн. Аткаруу бийлигин Эл комиссарлар кеңеш (ЭКС) башкарган. Кеңеш өкмөтүнүн «Тынчтык жөнүндө декрети» жана «Жер жөнүндө декрети» жарыяланган, жеке менчик жоюлуп, жер-суу, забод-фабрика мамлекеттик менчикке өткөн. Республикасынын борбордук Петрограддан Москвага көчүрүлгөн. 1918–22-жылдары Жарандык согуш учурунда Польша Орусиядан бөлүнүп, Батыш Украина менен Батыш Беларуссияны, Румыния Бессарабияны басып алган. Прибалтика (Литва, Латвия, Эстония) жана Финляндия өз алдынча бөлүнгөн. 1922-ж. 30-декабрда СССР түзүлүп, жаңы экономикалык саясат (НЭП) ишке аша баштаган. Пролетариат диктатурасы орноп, бийликке И. Ф. Сталин келген. 1929–39-жылдары өлкөдө индустриалаштыруу жүрүп, өнөр-жай өнүгүп, техникалык кубаты кыйла өскөн. Айыл чарбасы коллектибдештиришип, колхоз, совхоздор түзүлгөн. Маданият, билим берүү өнүккөн. 1930-ж. И. Ф. Сталиндин партиялык аппаратты тазалоо саясатынан улам өлкөдө массалык репрессия башталып, түзөтүү эмгек лагерлери (ГУЛАГ) түзүлгөн. 1939–40-жылдары аскердик-саясий акциянын натыйжасында Батыш Украина, Батыш Беларуссия, Молдавия, Батыш Карелия жана Прибалтика республикалары СССРге кошулган. 1941-ж. 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Германия көп аймакты басып алганы менен Ленинградды жана Москваны ала албай, Сталинград жана Курск салгылашында жеңилген соң, Кеңешик Армия стратегиялык чабуулга өтүп, немец армиясын талкалап, 1945-ж. майда Берлинди жана Праганы ээлеп, согушту жеңиш менен аяктаган. Жапонияга каршы согуштун натыйжасында Түштүк Сахалин жана Курил аралдары СССРге өткөн. Согушта СССР 26 млнго жакын адамынан ажыраган. Согуштан кийин СССР (социалисттик лагерь) менен АКШнын (Батыш Ебропа) ортосундагы тирешүү, 1950–53-жылдары Корея согушу бул эки держабаны жарыша куралданууга түрткөн. 1962-ж. Кариб жаңжалы чыккан. Л. И. Брежнев башкарган учур «сенек мезгил» аталган менен 1970-ж. тышкы саясатта кыйла жылыш болуп, стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндө кеңештик-америкалык келишимге кол коюлган. Бирок 1979-ж. сеңештик аскерлердин Афганстанга кириши менен кеңештик-америкалык мамиле кайрадан бузулган. 1985-ж. бийликке М. С. Горбачёв келип, кайра куруу саясатын алкоголго каршы кампания менен баштап, кризис күчөп, өлкөнүн кыйрашына алып келген. 1988–91-жылдары өлкөдөгү тобардык дефициттен улам карточка системасы киргизилген (1947-жылдан кийин 1-жолу). СССР аймагында улут аралык чыр-чатак күчөгөн. 1990-ж. 12-июнунда РСФСР депутаттар съезди «Кеңештик Орусия мамлекетинин өз алдынчалыгы жөнүндө» декларациясын кабыл алган. 1991-ж. 18-тамызта СССР жетекчилеринин бир тобу мамлекетти сактап калуу максатында Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет (тарыхта Тамыз путчу аталат) түзүп, М. С. Горбачёвду кызматтан алып, өлкөнү кыйроодон сактоону көздөгөн. Бирок алардын аракети ишке ашпай, союздук республикалар өз алдынча бөлүнүүнү көздөй баштаган. 1991-ж. 8-декабрда РСФСР, Украина жана Белоруссия көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюп, СССР жоюлган. Орусияда 1993-ж. 25-декабрга чейин СССР конституциясы колдонулганы менен ал жаңы мамлекеттик түзүлүшкө карама-каршы келген. 1992-ж. 1-қаңтарынан баштап Е. Гайдардын өкмөтүнүн баага карата мамлекеттик чектөөнү алып салуу менен коштолгон радикалдык экономикалык реформасынан өлкө гиперинфлясыга туш болуп, экономикалык өсүш кескин токтоп, калктын массалык жакырдануусу башталган. 1993-ж. 3-4-октябрда Москвада Ельциндин өкмөтү менен Жогорку Кеңештин ортосунда конституция боюнча келип чыккан карама-каршылыктан улам 9-октябрда Жогорку Кеңеш таркатылып, декабрдан жаңы конституция күчүнө кирген. Орусия жаңы саясий коомдук түзүлүшкө биротоло багыт алган. 1990-жылдардын 1-жарымында көпчүлүк ишканалар баучердик менчиктештирүү жолу менен, ошондой эле мүлктү аукционго күрөөгө коюу аркылуу менчикке өткөн. Бирок, бул эбегейсиз мамлекеттик карызды жаба алган эмес. 1998-ж. тамызта рублдин курсунун дүйнөлүк балютага салыштырмалуу кескин төмөндөшү Орусиянын экономикасынын конкуренцияга туруктуулугун күчөткөн. 1999-жылдан Орусияда экономикалык өсүш байкалган. 2000-ж. марттан В. Путиндин бийликке келиши менен бир катар социалдык-экономикалык багыттагы салык, жер, пенсия, банк, электр энергетика жана темир жол, транспорт ж. б. тармактарды реформалоо жүргүзүлгөн. 2005-ж. сентябрда Орусияда саламаттык сактоо, билим берүү, турак жай жана айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлор иштелип чыккан. Бул программага 2006-ж. 161 млрд, 2007-ж. 206 млрд рубль жумшалган. 2000–08-жылдары Орусияда экономикалык жогорулоо байкалып, калктын кирешеси өскөн, өлкөдө саясий туруктуулук орногон. 2000-жылдан өлкөдө борбордук (федералдык) бийлик чыңдалып, региондук бийликти бошоңдотуу жолу менен жогорку аткаруу бийлигин күчөтүү максатында айрым ишканалар улутташтырылып, федералдык бийликтин таасири арткан.
Орусиянын демилгеси менен КМШ, Ебразия экономикалык шериктештиги (ЕврАзЭс), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ), ШКУ түзүлгөн. Орусия Беларуссия менен союздук мамиледе. Орусия, Беларуссия жана Казакстан менен бирге бажы союзун түзгөн. Орусия менен Кыргызстандын достук, кызматташтык мамилелери динамикалуу өнүгүүдө. 2013–14-жылдары Орусия менен Кыргызстандын өкмөтү коопсуздук миграция, энергетика ж. б. тармактар боюнча бир катар маанилүү келишимдерге кол койгон.
Экономикасы.
Орусия – экономикасы өтмө, чарбасы рыноктун негизинде өнүгүп жаткан өлкө. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2 млрд 229 млн АКШ доллары [2010, дүйнөдө 6-орунда (АКШ, Кытай, Жапония, Индия, Германиядан кийин)]. Аны киши башына бөлүштүргөндө 15,1 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 57,8, өнөр-жай менен курулуштуку 37,0, айыл-чарбасыныкы 5,2. Экономикасынын башкы тармагы – нефть жана газ өнөр-жайы. Жаратылыш газы 2009-ж. 583 млрд м3 (2-орунда, АКШдан кийин), 2008-ж. нефть (газ конденсаты менен) 488 млн г(2-орунда, Сауд Арабиясынан кийин), таш көмүр (5-орунда), темир кен ташы 2008-ж. 100 млн т (5-орунда) казып алынган. 2008-ж. 1040,4 млрд кВпг-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 68% и ЖЭБке, 16сы ГЭСке жана 16% ке жакыны АЭСке туура келет. Кайра иштетүүчү өнөр-жай жогорку технология менен алмашып өнүгүүдө. Кара жана түстүү металлургия (болот өндүрүү боюнча дүйнөдө 4-орунда; алюминий 2-орунда; жез, коргошун, цинк), оор машина куруу [тоо-шахта, металлургия, энергетика (атом жана ядро) өндүрүшү үчүн жабдуулар], транспорт, айыл-чарба машиналары, прибор куруу, электр-техникалык, электроника өнөр-жай өнүккөн. Химиялык (жер семирткичтер, дүйнөдө 3-орунда), фармацевтика, пластмасса, химиялык була, жасалма каучук, шина, боёчу каражаттар, дары-дармек, токой, жыгаччылык, тамак-аш, курулуш материалдар, жеңил (анын ичинде текстиль; импортко туруштук бере албай келүүдө) өнөр-жай ишканалары иштейт.
Айыл чарбасы.
Агрардык продукциялар өндүрүшүндө негизги орунду айыл-чарба (49,3%) жана элдин өздүк чарбасы (41,6%) ээлейт. Фермер чарбалары 9,1%ти түзөт. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк өнүккөн. Айдоо аянты 1992–2000-жылдардын аралыгында 1/3 эсеге (114,6 млн гадан 76,9 млн гага чейин) кыскарган. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү, сулу, кара буудай, таруу, кара күрүч, күрүч), кант кызылчасы, күн карама, картөшкө, буурчак, кендир, paпс жана жашылча айдалат. Жүзүм жана жемиш өстүрүлөт. Малдан өндүрүлгөн продукция өлкөнүн ички керектөөсүнүн 70% ин камсыздайт. Бодо мал (21,1 млн; анын ичинде 9 млну уй), чочко (16,3), кой, эчки (21,6) асыралат. Үй куштары багылат. Жыгач даярдалат. Деңиз жана дарыя балыкчылыгы өнүккөн. Балык өстүрүлөт. Абтомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 963 (анын ичинде 771и асфальтталган), темир жолунуку 86, труба транспортунуку 228 (анын ичинде газдыкы 163, нефтиники 47), ички суу жолунуку 102. Деңиздеги маанилүү порттору: Санкт-Петербург, Новороссийск, Ванино, Мурманск, Калининград, Находка. Сыртка нефть, нефть продукциялары, жаратылыш газы, металл, буудай (дүйнөдө кайрадан ири экспорттоочу болуп келүүдө), химикаттар, тактай материалдар, машина жана анын жабдууларын ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Кытай, Украина, Жапония, Түркия. Орусияда 100дөн ашык курорт [Кара деңиздин жээгинде (Сочи ж. б.), Кабказдагы Минералдуу суулар курорттор тобу, Санкт-Петербургдун курорттуу зонасы (Финн булуңунун боюнда] иштейт. Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү толук жана атайын орто, ошондой эле жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 93% ти түзөт (2014). Билим берүү 53 тилде жүргүзүлөт (2014). Окуу жайлардын көпчүлүгү Москва, Санкт-Петербург шаарында, Краснодар крайында жайгашкан. М. В. Ломоносов атындагы ММУ (1906), Архитектура (1907), Медицина мамлекеттик (1906), Д. Менделеев атындагы Химиялык-техникалык (1920), А. Герцен атындагы Педагогика (1918), Санкт-Петербург мамлекеттик (1908), Новосибирск мамлекеттик (1918), Урал мамлекеттик (1916), Саратов мамлекеттик (1921), Патрис Лумумба атындагы Орусия Элдердин достугу (1960) ж. б. көптөгөн ири университеттери, ошондой эле Москва Кремли мамлекеттик Маданий тарых музейи, М. Е. Салтыков-Щедрин атындагы мамлекеттик музейи, И. Е. Репин атындагы Көркөм-мемориалдык музейи, «Арсенал» музейи, Алтай край таануу музейи, Археология жана адабият ж. б. көптөгөн музейлери жана тармактык илимий ири китепканалары бар.
Адабияты.
Орус элинин оозеки адабияты макал, ылакап, миф, уламыш, жомок, аңгеме, лирикалык, тарыхый ырларга бай. Булар идеялык-көркөмдүк бийиктиги, эл турмушун таасын сүрөттөлүшү менен өзгөчөлөнөт. 11–13-кылымдарда жаралган жазма эстеликтеринин бири «Жылдар баянында» (11-кылым) орус элинин тарыхый ролу, орус мамлекетинин түзүлүшү жөнүндө сөз болот. Орус элин биримдикке үндөөдө, патриоттук духта тарбиялоодо «Игордун кошууну жөнүндө сөздүн» (12-кылым) мааниси чоң. 13–14-кылымдардагы жыл баяндары менен тарыхый дастандарда орус турмушу сүрөттөлөт. 15–17-кылымдарда аңгеме түрүндөгү чыгармалар жаралган. Жаңы орус адабияты 18-кылымда пайда болгон. Адабияттагы багыттар идеялык-эстет. касиеттер менен жуурулушуп, калыптанып калган улуттук маданий белгилерди (салттарды) боюна сиңирген. А. Д. Кантемир, В. К. Тредиаковский, М. В. Ломоносов, А. П. Сумароков ж. б. акын-жазуучулардын чыгармалары менен орус адабияты жаңы белеске чыккан. A. Н. Радищевдин «Петербургдан Москвага саякаты» (1790), В. А. Жуковский менен К. Н. Батюшковдун эллегиялары жарык көргөн. Азаттык идеялары В. Ф. Раевский, К. Ф. Рылеев, В. К. Кюхельбекерлердин чыгармаларында чагылдырылат. И. А. Крылов A. С. Грибоедовдун чыгармалары сатиралык жана драмалык багытты чыйралткан. A.С. Пушкин нукура элдик, реалисттик адабиятты негиздеп, орус адабиятында жаңы доорду ачып, аны дүйнөлүк адабияттардын деңгээлине көтөргөн. Пушкиндин жолун М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь ж. б. тереңдетишкен. Сынчыл эстетикалык ой В. Г. Белинскийдин чыгармалары менен бой көтөрдү. И. А. Гончаров, И. С. Тургенев, Ф. М. Достоевский, М. Е. Салтыков-Шедрин, А.И. Герцен сыяктуу жазуучулардын чыгармаларында коом турмушу, чындык көркөмдүк менен сүрөттөлөт. Бул салттар A. Н. Островский, Н. А. Некрасовдор тарабынан улантылды. 19-кылымдын 2-жарымынан орус адабияты идеялык өнүгүүнүн жаны жолуна түштү. «Современник» журналы реболюсычыл демократтардын куралына айланды. Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов өздөрүнүн реболюсычыл материалисттик эстетикасы менен падышалык тартипке аёосуз күрөш ачты. Л. Н. Толстойдун «Анна Каренина», «Согуш жана Тынчтык» романдары, А. П. Чеховдун аңгемелери менен орус адабиятынын арымы кеңиди. 20-кылымдын башында М. Горький, A. А. Блок, А.И. Куприн, И. А. Бунин, В. В. Маяковский ж. б. чыгармалары жаралды. Социалисттик реализмдин принциптерин нуска туткан орус кеңеш адабияты – дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнүн жаңы этабы болду. Орус кеңеш адабияты коммунисттик идеялар менен сугарылып, советтик адамдын мүнөзүнүн жетилишинде чоң идеялык-тарбиялык роль ойногон. Бул адабияттын өнүгүшүндөгү башкы багыт – эл турмушу менен байланышты чыңдап, социалисттик турмуштун ар кыл жактарын туура жана жогорку көркөмдүктө чагылдыруу эсептелген. Орус кеңеш адабиятынын негиздөөчүлөрү – М. Горький, Д. Бедный, А. Серафимович, В. Маяковский ж. б. акын-жазуучулар болгон. Алардын катарын A. Блоктун, В. Брюсовдун, С. Есениндин, А. Ахматованын, М. Пришвиндин, В. Вересаевдин акындык жана жазуучулук ысымдары толуктап турат. Социалисттик реализм адабиятынын түзүлүшүндө М. Горькийдин чыгармалары, В. Маяковскийдин «Владимир Ильич Ленин» (1924) поэмасы, Д. Фурмановдун «Чапаев» (1923), А. Серафимовичтин «Темир сел» (1924) жана А. Фадеевдин «Талкалоо» (1927) романдары чоң роль ойногон. Реболюсынын романтикасы, тап күрөшүнүн катаал мезгили, Жаңы экономикалык саясат (НЭП) учурундагы өлкө турмушу жана адамдын ички дүйнөсү 20-жылдардагы чыгармаларда ар тарабынан чагылдырылган (В. Маяковский, С. Есенин, Б. Пастернак, Э. Багрицкий, А. Жаров, И. Уткиндердин лирикасы; В. Иванов, Л. Леонов, Ю. Лебединский, Б. Лавренёв, А. Неверов, Ю. Олеша, И. Бабель, Ф. Гладков ж. б. жазуучулардын роман, повесттери; А. Безыменский, B.Билль-Белоцерковский, К. Тренёв, М. Булгаков ж. б. пьесалары). 30-жылдардагы көрүнүктүү чыгармаларга М. Шолоховдун «Көтөрүлгөн дың» (1-китеп, 1932) романы кирет. Мында дыйкандардын эскиче жашоо ыңгайынын кыйрашынын драмалык учуру көрсөтүлөт. Бул жылдары кеңеш адабияты реболюсылык күрөш учурундагы кеңеш адамынын жетилүү процессин өлкөнүн турмушу менен тыгыз байланышта чагылдырган. Орус адабияты Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду» (1935) романы, А. Макаренко, А. Малышкин, Ю. Крымов ж. б. жазуучулардын мыкты көркөм сөз туундулары менен байыды. 30-жылдары орус кеңеш прозасында дүйнөгө таанымал чыгармалар: М. Горькийдин «Клим Самгиндин өмүрү» (1925–36), М. Шолоховдун «Тынч Дон» (1928–40), А. Толстойдун «Кыйын кезең» (1920–41) эпопеялары жаралган. Аларда Октябрь реболюсынын тарыхый жана идеялык-саясий өбөлгөлөрү, орус элинин реболюсыдагы жана жарандык согуштагы тарыхый жолу баяндалат. 30-жылдардагы поэзия романтикалык маанайдын басымдуулугу (Б. Корнилов, В. Саянов ж. б.), элдик ырлардын өнүктүрүлүшү менен (мисалы, М. Исаковский) мүнөздөлөт, ал эми прозада лирикалык тенденция (М. Пришвин, К. Паустовский, И. Соколов-Микитов ж. б.), драматургияда баатырдык романтика (Л. Славин, В. Вишневский, Н. Погодин) алга чыккан. А. Толстой («Пётр I», 1929–45), А. Чапыгин, О. Форш, Ю. Тынянов, С. Злобин, В. Шишков ж. б. тарыхый темадагы романдары жарык көргөн. 20–30-жылдары кеңеш балдар адабияты заман талабына шайкеш өнүккөн (К. Чуковский, С. Маршак, С. Михалков, А. Барто, А. Гайдар, В. Каверин ж. б.). Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи күндөрүнөн эле советтик жазуучулар орус тарыхынын даңазалуу барактары менен орус элинин революциячыл барактарына кайрылышып, калкты эл жерди коргоого үндөгөн чыгармалар жазышкан (И. Эренбург, А. Толстой ж. б. калемгерлердин публицистикасы, В. Лебедев-Кумач, К. Симонов, А. Сурков, М. Алигер, М. Дудин, А. Тихонов, А. Прокофьев ж. б. акындардын ырлары менен поэмалары, А. Бек, В. Гроссман, Б. Горбатов ж. б. жазуучулардын прозалык чыгармалары). A. Твардовскийдин «Василий Тёркин» (1942–45) поэмасында элдин согушка карата мамилеси, ар кыл ой-пикирлери кеңири планда көрсөтүлөт. 40-жылдардын аягы – 50-жылдардын башындагы адабият согушту жана кеңеш элинин фашизмди жеңишин көркөм аңдап билүүнү улантты: А. Фадеев («Жаш Гвардия» 1945; жаңы редакциясы - 1951), Б. Полевой, Э. Казакевич, В. Панова. Согушта кыйраган эл чарбасын калыбына келтирүү, элдин каарман эмгеги П. Павленко, B. Ажаев, В. Кочетков, Н. Грибачёв ж. б. жазуучулардын чыгармаларынын өзөк темасын түздү. Л. Леоновдун «Орус токою» (1953), К. Фединдин «Алгачкы кубанычтар» (1945), «Бөтөнчө жай» (1947–48), Ф. Гладковдун «Бала чак жөнүндө повесть» (1949) жана Г. Марков, С. Сартаков, В. Кожевников сыяктуу жазуучулардын чыгармалары согуштан кийинки адабиятта көрүнүктүү орунда турат. Айыл-кыштактын орчундуу маселелери, адамдардын көп кырдуу мамилелери, гуманизмдин милдети жөнүндөгү көйгөйлөр B. Овечкин, В. Тендряков, П. Нилин, Ю. Герман, Д. Гранин, Г. Николаева ж. б. прозачылардын чыгармаларында чагылдырылган. 50–60-жылдардын поэзиясынын ийгиликтери C. Наровчатов, А. Межиров, К. Ваншенкин, Е. Винокуров, Д. Самойлов, Б. Слуцкий, В. Шефнер, С. Орлов, Я. Смеляков, Н. Рыленков, Л. Мартынов, В. Луговский ж. б. акындардын ысымдары менен байланыштуу. Драматургияда В. Розов, А. Штейн ж. б. чыгармаларын жаратты. Е. Евтушенко, А. Вознесенский, Б. Ахмадулина, Р. Рождественский, В. Цыбин, В. Аксёнов, Ю. Казаков ж. б. акын-жазуучулар кошулду. 60-жылдардын адабиятында «согуш прозасы» чоң орун ээледи (Г. Бакланов, Ю. Бондарев, Б. Васильев, В. Астафьев, В. Богомолов, А. Чаковский ж. б.). Адабиятка К. Симоновдун «Өмүр жана өлүм» (1959–71) үчилтиги чоң окуя катары кирди. Е. Дорош, Ф. Абрамов, В. Распутин, В. Белов, В. Шукшин, П. Проскурин ж. б. калемгерлердик прозалары айыл-кыштак турмушун, андагы адамдардын өз ара мамилесин, мүнөздөрүн таамай сүрөттөгөнү, көркөм анализдеп бергени менен баалуу. Драматургия жана поэзия жанры М. Шагинян, Н. Погодин, М. Шатров, Е. Евтушенко, А. Вознесенский, А. Ахматова ж. б. көркөм сөз чеберлеринин чыгармалары менен толукталды. И. Эренбург, К. Паустовский, Чуковский, С. Маршак, М. Исаковский, В. Каверин, B. Катаев, В. Шкловский ж. б. көркөм мемуардык чыгармаларына адабий процессте өзгөчө орун таандык. 70-жылдардагы орус совет адабияты дүйнөлүк көйгөйлөрдү улам терең чагылтуу жана көркөм каражаттарды өздөштүрүү багытында өнүгүүдө (И. Дворецкий, Г. Бокарев, А. Гельман, А. Вампилов – драматургия; А. Битов, Ж. Трифонов, О. Куваев ж. б. проза; Н. Рубцов, C. Куняев, А. Кушнер, О. Чуконцев ж. б. поэзия). 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында Орусия адабиятында «постмодернизм» аталган «идеологиялык вакуум доору» баштады. Биринчи планга СССР менен Орусиянын ортосундагы байланышты жок кылууну, адабияттын өзөгүндө эл тагдырынын феномендүүлүгүн, өзүнүн орустук улуттугун аңдоону коюуну максат кылган жазуучулар чыгышты (А. Солженицын, В. Галактионова, В. Дёгтев, Б. Евсеев, Ю. Козлов, В. Личутин, Ю. Поляков, 3. Прилепин ж. б.). В. Личутиндин улуттук тарых концепцияларын камтыган «Жик салуу» үчилтик романында (2008) «жоготулган бейиш - табылган бейиш» идеялары орун алат. Поэзияда Ю. Кузнецов, Н. Тряпкин, Г. Горбовский, О. Чухонцев, В. Казанцев, Е. Рейн, И. Шкляревский ж. б. акындар ар түрдүү тематикалык жана стилистикалык багыттагы чыгармаларды жаратышты. Заманбап орус адабиятында алдынкы орунга проза менен публицистика чыкты (С. Кекова, И. Семёнова, В. Емелин, Н. Зиновьев, Е. Семичев, Г. Иванов, В. Бояринов, В. Берязев, С. Сырнева, С. Соколкин, В. Нежданов). В. Галактионованын «Чоң крест» (2001), «Убайымдан уктагандар» (2010) повесттери менен «Буян аралында» (2003), «5/4 жым-жырттыктын алдынкы күнү» (2004), 3. Прилепиндин «Патология» (2004), «Санька» (2006) романдары, «Күчөө» аңгемелер (2007) цикли жарык көрдү. Орус адабиятынын нускалуу салттары кыргыз адабиятына зор таасир тийгизди. Кыргыз адабият таануусунда орустун A. С. Пушкин, Л. Н. Толстой, A. М. Горький, В. В. Маяковский, М. А. Шолохов өңдүү көркөм сөз сүрөткерлеринин нускалуу салттарын кыргыз акын-жазуучуларынын өздөштүрүүсүн ар тараптан изилдеген эмгектер жаралды.
Архитектура жана сүрөт искусствосу.
Орусиянын аймагында неолит жана коло дооруна таандык көптөгөн эстеликтер сакталган. Уруулар биригип, мамлекеттин пайда болушу байыркы маданияттан орто кылым маданиятына өтүү учуру (б. з. 1-миң жылдыгында) көркөм чыгармалардын өнүгүшүнө шарт түзгөн. 9–10-кылымдарда Байыркы Русь маданияты калыптанган. 10-кылым – 13-кылымдын орто чени - Байыркы Русь маданиятынын гүлдөгөн доору. Таштан курулган кооз, бийик имараттар (чиркөө, монастырь, сарай), фреска, мозаика менен кооздолуп, икона искусствосу, китеп миниатюрасы жогорку деңгээлге жеткен. 13-кылымдын аягы – 17-кылымда Русь мамлекетинин маданияты жаңы баскычка көтөрүлгөн. 13- кылымдагы моңгол-татар согушунун кесепетинен сүрөт искусствосу начарлап, 13-кылымдын аягында гана ал кайрадан өнүгүү жолуна түшкөн. Новгороддо, Псковдо архитектуралык, Ростовдо, Ярославлда сүрөт мектептери ачылган. Москва Кремли эменден (1339), кийин ак таштан (1367) курулат. 15- кылымдын 2-жарымында борбордошкон Русь мамлекетинин түзүлүшү менен Москва маданий борборго айланган. 16-кылымда Москвада чиркөөлөр (Коломенскидеги Вознесения чиркөөсү, Василий Блаженный храмы) курулган. Русь мамлекетинин ири борборлорунда (Новгород, Тула, Коломна, Зарайск, Смоленск, Серпухов) кремлдер салынып, турак жайлар негизинен жыгачтан тургузулган. 14-кылымдын аягы - 15-кылымдын башында орус сүрөтчүлөрү Феофан Грек, Андрей Рублёвдор атактуу чыгармаларын жараткан. 18-кылым – 19-кылымдын 1-жарымы орто кылым маданиятынан жаны доор маданиятына өтүү мезгили болгон. Чыгыш Европа менен байланыш кеңейип, көптөгөн белгилүү кыл калем чеберлеринин сүрөттөр Орусияга алынып келинген. Орусия сүрөтчүлөрү чыгыштан таалим алган. 1757-ж. Петербургда Европа тибиндеги көркөм академия негизделип, агартуу идеясы кеңири кулач жайган. 17-кылымдын акырында жаны доордун талабына шайкеш шаарлар пландуу курула баштаган. Орусия архитектурасы жалпы ебропалык көркөм стиль системасында өнүгүп, 18-кылымда барокко, классицизм пайда болгон. 19- кылымдын ортосунда өкүм сүргөн классицизм архитектуранын бүт түрүнө жайылган. Шаарлардын 400дөн ашык планы иштелип чыккан. Бул мезгилде М. Ф. Казаков, А. Д. Захаров, К. И. Росси ж. б. атактуу архитекторлор актибдүү эмгектенген. Ушул эле мезгилде сүрөт искусствосунда айрыкча портрет жанры калыптанган (И. Н. Никитин, A. М. Матвеев ж. б.). 18-кылымдын 2-жарымында Д. Г. Левицкий, В. Л. Боровиковский, Ф. И. Шубиндердин чыгармачылыгы орус сүрөт искусствосунда чоң мааниге ээ болгон. О. А. Кипренский, В. А. Тропинин, К. П. Брюллов сыяктуу сүрөтчүлөр өз чыгармаларында замандаштарынын психологиясын, мүнөзүн зор чеберчилик менен ачып берген. 19-кылымдын ортосунан, айрыкча, турмуш-тиричилик жанры өнүккөн. Кол өнөрчүлүктүн көркөм таасири астында архитектура менен скульптура өрчүгөн. 19-кылымдын 2-жарымында Орусияда капитализмдин өнүгүшү, реболюсычыл кыймылдын жогорулашы архитектура менен сүрөт искусствосуна чоң таасир көрсөтүп, жаны курулуш материалдары (металл конструкциясы) өздөштүрүлгөн. 20-кылымдын башында кол өнөрчүлүктө «модерн» стили тарайт. 19-кылымдын 2-жарымында сүрөт искусствосунда демократиялык реализм күчөп, айрыкча көчмө сүрөтчүлөр реализми сүрөт искусствосунда негизги ролду ойногон. И. Е. Репин, И. Н. Крамской, Н. А. Ярощенко, С. В. Иванов сыяктуу сүрөтчүлөр эмгекчилерди даңазалаган чыгармаларды жараткан. 1932-ж. СССР арх. союзу уюшулган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фашисттер кыйраткан шаарлар, айыл-кыштактар, архитектура эстеликтери кийин калыбына келтирилип, жаңы шаарлар курулган. 60–70-жылдары курулган Москвадагы шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык двореци (архитектор И. А. Покровский ж. б.), В. И. Ленин атындагы стадиондун комплекси (архитектор A. В. Власов), Мамлекеттик Кремль двореци (архитектор М. В. Посохин, A. А. Мндоянц ж. б.) ж. б. курулуштар кеңештик архитектуранын мыкты үлгүсү деп эсептелген.
20-жылдарда чакырык плакаты менен гезит, журнал графикасы өнүгүп, сүрөт искусствосунда социалисттик реализм пайда болгон. Бул жылдары сюжеттүү тематикалык картиналар, скульптурада портрет жанры басымдуулук кылган. Д. С. Моордун плакаттары, И. И. Бродский, A. М. Герасимов, М. Б. Грековдун сүрөттөрү, Н. А. Андреев, С. Т. Конёнков, Б. Д. Королёв, М. Г. Манизер, С. Д. Меркулов, В. И. Мухинанын скульптуралары советтик сүрөт искусствонун казынасын байыткан. Б. В. Иогансондун, С. В. Герасимовдун, В. А. Фаворскийдин, А. И. Кравченконун, И. Д. Шадрдын, С. Д. Лебедеванын, В. Н. Томскийдин, Л. Е. Кербелдин, Е. В. Вучетичтин картина, графика, скульптура чыгармалары адамдардын жаркын образын таамай жараткан.
Музыкасы.
Орус музыкасынын башаты чыгыш-слабян урууларынын маданиятына жана турмуш-тиричилигине барып такалат. Христиан динин кабыл алгандан кийин бир нече кылым бою бир үндүү чиркөө ыры өнүгүп, 17–18-кылымдарда көп үндүү партесттүү ырдоо жана кант, псалма таралган. 18-кылымда профессионал музыкалык искусствосунун театр, камералык жана симфониялык концерт өңдүү жаны формалары кирген. 19-кылымда орус классикалык музыкасынын негиздөөчүсү М. И. Глинка, сьюреализминин өкүлү A. С. Даргомыжскийдин чыгармачылыгы менен орус музыкасы ийгиликтүү өнүккөн. А. Г. Рубинштейн негиздеген орус музыкалык коому (1859) көптөгөн угуучулардын көңүлүн олуттуу музыкага буруп, Петербургда (1862) жана Москвада профессионал музыкалык кадрлардын өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Сынчы, композитор A. Н. Серов жана 60-жылдардагы композиторлордун «Кубаттуу топ» уюму музыкалык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн. 30–40-жылдарда М. И. Глинканын чыгармачылыгы классикалык орус музыкасынын гүлдөшүнө жол ачып, орус музыкалык мектеби ебропалык улуттук музыка мектептеринин эң алдынкыларынын катарына кошулган. Анын «Иван Сусанин» (1836), «Руслан жана Людмила» (1842) ж. б. опералары орус музыкасына жаны из салган. Анын «Камаринская» (1848), «Испан увертюралары», «Арагон хотасы» (1845) жана «Мадриддеги түн» (1851) ж. б. оркестрдик чыгармалары орустун улуттук симфонизминин негизи болуп калды. Орус жана дүйнөлүк музыкада реализмдин эң жогорку чеги – П. И. Чайковскийдин чыгармачылыгы. 19–20-кылымдарда С. Танеев, А. Глазунов, А. Лядов, В. Калинников ж. б. классикалык орус музыкасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүшсө, Октябрь социалисттик революциясынан кийин орус музыкасынын өнүгүшүндө жаны этап башталган. Кеңештик композиторлор: А. Александров, М. Блантер, А. Давиденко, И. Дунаевский, В. Захаров, Э. Колмановский, Б. Мокроусов, В. Мурадели, А. Новиков, А. Островский, А. Пахмутова, А. Петров, В. Соловьёв-Седой, С. Туликов, М. Фрадкин, Я. Френкель, Т. Хренников, А. Эшпай ж. б. жемиштүү эмгектенишкен. Камералык, вокалдык жана аспаптык музыканы өнүктүрүүдө A. Н. Александров, Н. Мясковский, С. Прокофъев, Г. Свиридов, Ю. Шапорин, В. Шебалин, Д. Шостакович ж. б. салымы зор.
Симфониялык музыкага 20-кылымдын аягында Э. В. Денисов, С. А. Губайдулина, Р. К. Щедрин, A. Г. Шнитке ж. б. чыгармалары менен Орусиянын музыкалык маданиятына чоң салым кошкон. 1970-жылдардан эстрадада белгилүү ырчылар А. Б. Пугачева, М. М. Магомаев, С. М. Ротару, Э. С. Пьеха, И. Д. Кобзон, В. Я. Леонтьев, Л. В. Лещенко, B. В. Толкунова ж. б. ийгиликтүү иштешти. Кийин Ф. Б. Киркоров, Л. С. Вайкуле, Д. Н. Билан ж. б. өз орду бар. «Машина времени», «Аквариум», «Кино», «Алиса», «Агата Кристи», «ДДТ» ж. б. топторунун Орусиянын заманбап маданиятынын өнүгүшүнө салымы чоң.
Театры.
Орус театр искусствосунун алгачкы өкүлдөрү-скоморохтор болгон. Алар эмгек процессине, ырым-жырымдарга байланыштуу келип чыккан. 16–17-кылымдардын 1-жарымы скоморохтордун өнөрүнүн гүлдөгөн мезгили. 18-кылымда алгач ышкыбоздор театры пайда болуп, биринчи орус мамлекеттик профессионал театры (1756-ж. Петербург) Ярославлдагы Ф. Г. Волков труппасынын негизинде түзүлгөн. Орус сахна мектебин калыптандырууда И. А. Дмитриевский менен М. С. Щепкин зор эмгек сиңирген. 19-кылымда орус театрында реболюсыялык романтизмдин өкүлү П. С. Мочалов көрүнүктүү актёрлор И. И. Сосницкий, A. Е. Мартынов ж. б. эмгектенишкен. 1824-ж. Москва Кичи театры, 1832-ж. Петербургда Александрия ж. б. театрлар ачылган. 19-кылымдын ортосунда орус театры A. Н. Островскийдин чыгармалары менен байыган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башындагы орус театрынын белгилүү өкүлдөрүнөн болуп Г. Н. Федотова, М. Н. Ермолова, актёр жана режиссёр A. Н. Ленский ж. б. саналышат. 1898-ж. Москва көркөм театры (МХАТ) түзүлүп, анда А. П. Чехов, М. Горькийдин пьесалары коюлган. 20-кылымдын башында МХАТтын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери К. С. Станиславский менен В. И. Немирович-Данченко орус сахна искусствосуна реализм принциптерин киргизген. Октябрь реболюсынан кийин кеңеш драматургиясы өнүгүү жолуна түшкөн («Мистерия Буфф», В. В. Маяковский, 1918-ж. коюлган). Жарандык согуш жылдарында К. А. Тренёвдун «Любовь Яровая», В. С. Ивановдун «Бронепоезд 14-69», В. Билль Белоцерковскийдин «Шторм» ж. б. спектаклдери коюлган. 30-жылдары социалисттик реализм методунун бекемделишине М. Горькийдин («Егор Вулычёв жана башкалар», «Душмандар» ж. б.) чыгармачылыгы зор роль ойногон. Социализм үчүн совет элинин күрөшү советтик драматургияда кеңири чагылдырылган. Бул жылдары сахнада В. И. Лениндин образын түзүү (Н. Ф. Погодин «Мылтыкчан адам» ж. б.), классикалык чыгармаларды (У. Шекспир «Отелло», A. П. Чехов «Үч эже-сиңди») коюу чоң ийгиликтерди жараткан. Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде театрдын эл менен терең байланышы айрыкча күч алып, фашисттик басып алуучуларга каршы кеңеш элинин баатырдык күрөшүн баяндаган пьесалар коюлат: A. Е. Корнейчуктун «Фронт», К. М. Симоновдун «Орус адамы» ж. б. 40-жылдардын аягы – 50-жылдарда Орусия театры кеңеш элинин турмушу менен байланышкан маанилүү темалардын үстүндө иштеп, 50- 70-жылдары чыгармачылык зор ийгиликтерге жетишти (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»; У. Шекспир, «Гамлет»; Н. Ф. Погодин, «Кремль куранттары»; А. П. Штейн, «Океан»; Г. К. Бокарёв «Болот эритүүчүлөр» ж. б.). 50-жылдардын аягы – 60-жылдары театрды өнүктүрүүгө Г. А. Товстоногов, Б. И. Равенских, B. Н. Плучек, О. Н. Ефремов, A. В. Эфрос сыяктуу режиссёрлор, Ю. К. Борисова, И. М. Смоктуновский, М. А. Ульянов, К. Ю. Лавров өңдүү актёрлор олуттуу салым кошушту. Орусиянын көптөгөн театр труппалары Кыргызстанда болуп, көрүүчүлөргө оюндарын көрсөтүшкөн. Орусия Федерациясынын театр ишмерлеринин союзу (1883) иштейт.
Киносу.
Орусияда биринчи хроникалык фильм 1896-ж. тартылган. 1908-ж. менчик кино ишканалар көркөм кино тасмаларды чыгара баштаган. Орус искусствосунун реалисттик салтын режиссёр Я. А. Протезанов, В. Р. Гардин, О. И. Преображенская ж. б. өнүктүргөн. Октябрь революциясынан кийин кинематография советтик маданияттын маанилүү тармактарынын бири болуп калды. 20-жылдары С. М. Эйзенштейндин «Броненосец Потёмкин», В. И. Пудовкиндин «Эне» көркөм фильмдери коюлуп, оператордук искусствосундагы советтик мектепке Э. К. Тиссэ, А. Д. Головня ж. б. негиз салышты. 1934-ж. Г. Н. жана С. Д. Васильевдердин белгилүү «Чапаев» фильми экранга чыкты. Октябрь революциясы жана жарандык согушка арналган фильмдер («Ленин Октябрда»), «Ленин 1918- жылы», режиссёр М. И. Ромм; «Мылтыкчан киши», режиссёр С. И. Юткевич; «Биз Кронштадтанбыз», режиссёр Е. Л. Дзигал) тартылган. Кинокомедия («Шайыр балдар», режиссёр Г. В. Александров; «Трактористтер», режиссёр Пырьев ж. б.); тарыхый жана таржымал фильм жанрлары да («Александр Невский», режиссёр С. М. Эйзенштейн; «Пётр I», режиссёр В. М. Петров ж. б.) жаралды. Согуштан кийин алдынкы кеңеш адамдары, коммунизм үчүн күрөш, орус маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө («Жаш гвардия», режиссёр С. Герасимов; «Айылдык мугалим», режиссёр М. С. Донской; «Мусоргский», режиссёр Рошаль ж. б.) фильмдер тартууланган. 50-жылдарда кең форматтуу фильмдер тартыла баштады. «Чоң үй-бүлө» (1954, режиссёр И. Е. Хейфиц), «Коммунист» (1959, режиссёр Ю. Я. Ройзман), «Адам тагдыры», (режиссёр С. Бондарчук), «Бошотуу» (1970-71, режиссёр Ю. Озеров) сыяктуу түрдүү жанрдагы фильмдер тартылды.
1970–80-жылдары «XX кылымдын каракчылары» (1980, режиссёр Б. В. Дуров), «Москва көз жашка ишенбейт» (1980, режиссёр В. Меньшов), «Уландар» (1983, режиссёр Д. К. Асанова) 1990-жылда «Сен менде жалгызсың» (1993, режиссёр Д. X. Астрахан), «Ширли-мырли» (1995, режиссёр В. Меньшов), «Улуттук мергенчиликтин өзгөчөлүгү» (1995, режиссёр A. В. Рогожкин), «Ууру» (1997, режиссёр П. Г. Чухрай), «Брат» (1997, режиссёр A. О. Балабанов) ж. б. фильмдер тартыла баштаган. 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында телевизиондук фильмдер жана сериалдар массалык түрдө чыгарыла баштады. Балдар үчүн «Лунтик жана анын достору» (2005), «Смешарики» (2008), «Маша жана Аюу» (2009) ж. б. мультфильмдер тартылды. «Күндөн алсыроо» (1994, Канныдагы ЭКФтин Чоң сыйлыгы 1994; «Оскар» сыйлыгы 1995), «Сибирь чач тарачы» (1998, РФтин мамлекеттик сыйлыгы, 1999 - экөөнүн тен режиссёр Н. Михалков), «Күкүк» (2002, режиссёр A. В. Рогожкин), «Арал» (2006, режиссёр «Остров»), ж. б. фильмдер чыкты. Москва кинофестивалы (1935-жылдан, Москвада), «Кинотавр» (1989-жылдан, Сочиде), «Киношок» (1992-жылдан, Анапада), «Адамга арноо кат» ЭКФи (1989-жылдан, Санкт-Петербургда), «Айнек» ЭКФи (2007-жылдан, Ивановодо) ж. б. кинофестивалдар өткөрүлүп турат.
Кыргыз кино искусствосунун калыптанышына Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) режиссёрлору менен операторлору чоң салым кошту. Кыргыздын «Салтанат», «Биринчи мугалим», «Мен Тян-Шан», «Эрте келген турналар» фильмдери орус кино ишмерлеринин көмөгү менен тартылган.
Массалык-маалымат каражаттары.
«Известия», «Крестьянка», «Взгляд», «Утро», «Жизнь», «Труд», «Огонёк», «Совершенно секретно», «Собеседник», «Комсомольская правда», «Литературная газета», «Советская культура», «Экспресс», «Вечерняя Москва», «Итоги», «Здоровье», «Семья», «Деловой Петербург», «Курская правда», «Новое Омское слово», «Вечерний Новосибирск», «Газета Дона» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радио уктуруу 1920-жылдан, телекөрсөтүү 1930- жылдан, Басма сөз агенттиги 1934-жылдан иштейт. | wiki | {"id": "1930", "revid": "8269", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1930", "title": "Орусия"} |
«Ыйсанын Нукура Чиркөөсү» — Пекинде (Кытай) 1917 жылы түзүлгөн көзкарандысыз чиркөө.
Бул христианчылыктын протестант бутагынын кытай бутактануусу. Бүгүн беш континентте 1.5 миллиондой мүчөсү бар. Алардын эларалык ассамблеясы Лос-Анжлесте (АКШда) жайгашкан. Ошондой эле бир бөлүмү Москвада 1995 жылы ачылган.
10 негизги принциби:.
1) Касиеттүү Рух: Ыйык Рухту алган ар кандай тилдерде сүйлөп (башка тилдерде сүйлөй), далилдерди, Ал асман падышачылыгында биздин мурас кепилдиги болуп саналат.
2) Чокундуруу: Чөмүлтүлүү калыбына адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн, арылтуу болуп саналат. Чөмүлүүгө дарыя, суу, же көл сыяктуу табигый жашоодогу суу болушу керек. буга чейин суу жана Ыйык Рухка чөмүлүү алына элек.Чөмүлдүрүүчү Мырзабыз Иса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүү жөрөлгөсү жүргүзөт. Жана чөмүлтүлүү кабыл алып жаткан жак башчысы, таазим кылып жана көмкөрөсүнөн толугу менен сууга чөмүлүү керек.
3) Бут жууш: бут жуу арылтпайт, Мырзабыз Иса Машаяк менен бирге бир берет. Ошондой эле, бир сүйүү, ыйык, момундук, кечиримдүүлүк, жана тейлөө болушу керек, дайыма эскертүү катары кызмат кылат. суу чөмүлтүлүүнү алган ар бир адам, алардын Ыйса Машайактын ысымынын урматына бутун сууга жубуу керек. тиешелүү болсо, өз ара бут жуу иш жүзүндө мүмкүн эмес.
4) Ыйык жалпылык: Ыйык тынчтык, Мырзабыз Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине арылтпайт болуп саналат. Биз түбөлүк өмүргө ээ жана акыркы күнү тирилүүгө тийиш экенин, ошондуктан келгиле, Жахабанын кан менен эттен ооз жана Аны менен бирге болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул арылтпайт болушунча көбүрөөк өткөрүлөт. Бир гана, ачыткысыз нан жана жүзүм ширеси колдонулат.
5) Суббота күнү: Ишемби күнү, жуманын жетинчи күнү (ишемби), батасын берип, Кудайдын ыйык, ыйык күн болуп саналат. Кудайдын жаратуу жана куткарылуу эскерүү үчүн Жахабанын ырайымы астында байкалган болуш керек жана жашоодо түбөлүк калган үмүт менен келишти.
6) Иса Машаяк: Иса Машаяк адам болуп Word, үчүнчү күнү тирилген, күнөөкөрлөрдөн сатып алуу үчүн айкаш жыгачта өлүп, асманга көтөрүлүп кетти. Ал адамзаттын жалгыз Куткаруучу, асмандардын жана жердин Жаратуучусу, жана жалгыз чыныгы Кудай болуп саналат.
7) Ыйык Китепте: Ыйык Китеп Байыркы Келишимде жана Жаңы Осуят, Кудайдын рухунун жетеги менен жазылгандыктан, бир гана Ыйык Китептеги чындык жана жыйналыш жашоо үчүн стандарты.
8) Куткаруу: Куткарылуусу Кудайдын ырайымы менен, ишеним менен берилет. Ишенгендер ыйык рух жөнүндө, ыйыктыкка умтулууга Кудайды урматтап, ошондой эле адамзатты сүйүү менен таянышыбыз керек.
9) Чиркөө: Исанын чыныгы чиркөө, Мырзабыз Иса Машаяк менен белгиленген, «акыркы жамгыр» убагында Ыйык Рух аркылуу расулдардын убакыт калыбына чыныгы жыйын болуп саналат.
10) Aкыркы сот: Ыйсанын экинчи жолку келүүсүн дүйнөнү соттош үчүн, Ал асмандан түшкөн акыркы күнү өтөт: адил адамдарды ыймансыздар түбөлүккө айыптаган болот, ал эми, ал түбөлүк өмүргө ээ болот | wiki | {"id": "1936", "revid": "12732", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1936", "title": "Ыйсанын Нукура Чиркөөсү"} |
Архитектура – бул долбоорлоо жана куруу өнөрү жана техникасы, курулушка байланыштуу көндүмдөрдөн айырмаланат. Бул долбоорлоонун, ойлоонун, пландоонун, дизайн түзүүнүн жана имараттарды же башка курулмаларды куруунун процесси жана натыйжасы болуп саналат. Термин латынча architectura сөзүнөн келип чыккан; байыркы грек тилинен ἀρχιτέκτων (arkhitеktōn) – 'архитектор'; ἀρχι- (arkhi-) – 'башкы' жана τέκτων (tеktōn) – 'жаратуучу' деген маанини билдирет. Архитектуралык чыгармалар, имараттардын материалдык формасында, көп учурда маданий символдор жана көркөм чыгарма катары кабыл алынат. Тарыхый цивилизациялар көбүнчө алардын сакталып калган архитектуралык жетишкендиктери аркылуу таанылат.
Бул иш, байыркы доорлордон баштап, жети континенттеги цивилизациялардын маданиятын чагылдыруунун бир жолу катары колдонулган. Ошондуктан архитектура көркөм өнөрдүн бир түрү катары эсептелет. Архитектура боюнча тексттер байыркы замандардан бери жазылып келет. Архитектуралык теориялар боюнча эң эски сакталган текст – рим архитектору Витрувийдин б.з. 1-кылымында жазган De architectura эмгеги. Анын айтымында, жакшы имарат бекемдикти, пайдалуулукту жана кооздукту (firmitas, utilitas, venustas) камтыйт. Кылымдар өткөндөн кийин Леон Баттиста Альберти өзүнүн идеяларын өркүндөтүп, кооздукту имараттардын пропорцияларынан табыла турган объективдүү сапат катары көргөн. XIX кылымда Луис Салливан "форма функцияны ээрчийт" деп жарыялаган. "Функция" классикалык "пайдалуулуктун" ордун басып, практикалык эле эмес, эстетикалык, психологиялык жана маданий аспектилерди да камтый баштаган. XX кылымдын аягында туруктуу архитектура идеясы киргизилген.
Архитектура башында айылдык, оозеки салтка негизделген архитектура катары башталган, бул проба жана ката аркылуу өнүгүп, ийгиликтүү кайталанууга жетишкен. Байыркы шаардык архитектура диний курулмаларга жана башкаруучулардын саясий бийлигин чагылдырган имараттарга көңүл буруп келген, ал эми грек жана рим архитектурасы жарандык касиеттерге көңүл бурууга багыт алган. Индия жана Кытай архитектурасы Азия боюнча түрдүү формаларга таасир эткен, айрыкча буддисттик архитектура ар түрдүү жергиликтүү стилдерди алган. Орто кылымдарда Романеск жана Готика стилиндеги соборлор жана аббатстволор бүткүл Европада пайда болуп, Ренессанс доорунда белгилүү архитектуралык формалар классикалык стилдерди жактаган архитекторлор тарабынан колдонулган. Кийинчерээк архитекторлор менен инженерлердин ролдору бөлүнгөн.
Заманбап архитектура Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин авангард кыймылы катары башталган, жаңы согуштан кийинки коомдук жана экономикалык тартипке ылайык жаңы стиль иштеп чыгууну көздөгөн. Ортоңку жана жумушчу катмарлардын муктаждыктарын канааттандырууга басым жасалып, заманбап техника, материалдар жана жөнөкөйлөштүрүлгөн геометриялык формаларга көңүл бурулган, бул бийик курулмалардын пайда болушуна жол ачкан. Көптөгөн архитекторлор модернизмди тарыхый эмес жана эстетикага каршы деп көрүп, постмодерн жана заманбап архитектура пайда болгон. Убакыттын өтүшү менен архитектуралык курулуш кемелердин дизайнынан интерьердик жасалгалоого чейин кеңейип кеткен.
Аныктамалар.
Архитектура төмөнкүлөрдү билдириши мүмкүн:
Жалпы термин катары имараттарды жана башка физикалык курулуштарды сүрөттөө.
Имараттарды жана (айрым) имарат эмес структураларды долбоорлоонун өнөрү жана илими.
Имараттарды жана башка физикалык курулуштарды долбоорлоо стили жана курулуш методу.
Бириктирүүчү же дал келүүчү форма же түзүлүш.
Өнөр, илим, технология жана адамзат тууралуу билим.
Архитектордун долбоорлоо ишмердүүлүгү, шаарды долбоорлоо, ландшафттык архитектура сыяктуу макро-деңгээлден баштап курулуштун деталдары жана эмеректер сыяктуу микро-деңгээлге чейин.
Архитектордун практикасы, мында архитектура имараттарды же курулган чөйрөлөрдү долбоорлоо жана курууга байланыштуу кесиптик кызмат көрсөтүүнү билдирет.
Теория.
Архитектура философиясы – бул өнөр философиясынын бир бөлүгү, ал архитектуранын эстетикалык баалуулугун, анын семантикасын жана маданияттын өнүгүшү менен байланышын изилдейт. Платондон баштап Мишель Фуко, Жиль Делёз, Роберт Вентури жана Людвиг Витгенштейнге чейин көптөгөн философтор жана теоретиктер архитектуранын табияты жана анын курулуштан айырмасы барбы же жокпу деген маселеге кызыккан.
Тарыхый трактаттар.
Архитектура темасында сакталган эң эрте жазылган эмгек – бул рим архитектору Витрувийдин биздин заманга чейинки 1-кылымда жазылган эмгеги. Витрувийдин айтымында, жакшы имарат үч принципке жооп бериши керек:, булар англис тилине "бекемдик, пайдалуулук жана кооздук" деп которулган. Мунун замандын тилиндеги барабар эквиваленти төмөнкүчө:
Бекемдик – имарат чыдамдуу болуп, жакшы абалда болушу керек
Пайдалуулук – ал колдонууга ылайыктуу болушу керек
Кооздук – ал эстетикалык жагымдуу болушу керек Витрувийдин айтымында, архитектор бул үч сапатты мүмкүн болушунча толук камсыз кылууга умтулушу керек. Витрувийдин идеяларын өзүнүн "De re aedificatoria" трактатында кененирээк түшүндүргөн Леон Баттиста Альберти кооздукту көбүнчө пропорциялар менен байланыштырып, кооздук нерсенин ички касиети катары караган. 16-кылымга чейин "стиль" түшүнүгү өнүкпөй, кийинчерээк Джорджо Вазаринин жазууларында пайда болгон.
16-кылымда италиялык маньерист архитектор, сүрөтчү жана теоретик Себастьяно Серлио "Tutte L'Opere D'Architettura et Prospetiva" ("Архитектура жана Перспектива боюнча Толук Эмгектер") деп аталган трактатты жазган. Бул эмгек бүткүл Европада чоң таасир эткен жана архитектуранын практикалык аспектилерин баса белгилеген биринчи китеп болгон.
19-кылымдын башында Августус Велби Нортмор Пугин "Contrasts" (1836) эмгегин жазган, ал азыркы индустриалдык дүйнөнү нео-орто кылымдык дүйнө менен салыштырган. Пугиндин ишениминде, Готикалык архитектура – "чын христиан архитектурасынын" формасы болуп саналат. 19-кылымдагы англис сынчысы Джон Рёскин "Архитектуранын Жети Чырагы" (1849) деген китебинде архитектурага эстетикалык маанини берген.
20-кылымда белгилүү архитектор Ле Корбюзье архитектура тууралуу мындай деп жазган: "Сен ташты, жыгачты жана бетонду колдоносуң, анан алар менен үйлөрдү жана сарайларды куруп чыгасың: бул курулуш. Бирок, капыстан жүрөгүмө тийип, мени бактылуу кылып, 'бул архитектура!' деп айтамын".
Тарыхы.
Башталышы жана элдик архитектура.
Курулуштун алгачкы өнүгүшү муктаждыктар менен (мисалы, баш калкалоо, коопсуздук жана сыйынуу) жана каражаттар (жеткиликтүү курулуш материалы жана тиешелүү чеберчилик) ортосундагы динамикага негизделген. Адамдардын маданияттары өнүккөн сайын, билим оозеки салттар жана тажрыйбалар аркылуу системалаштырыла баштаганда, курулуш кол өнөрчүлүккө айланып, ал эми "архитектура" кол өнөрчүлүктүн өтө формалдуу жана кадыр-барктуу аспектилерин сүрөттөгөн терминге айланган. Архитектуралык ийгиликтер көп учурда сыноо жана жаңылышуулар аркылуу жетишилген деп эсептелет, убакыт өткөн сайын кайталоо көбөйүп, сыноолор азайган. Элдик архитектура дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө бүгүнкү күнгө чейин өнүгүүнү улантып келет.
Палеолиттик архитектура.
Алгачкы адам шаарлары негизинен айылдык болуп келген. Икономиканын өнүгүшү прото-шахарларды же шаардык аймактарды түзүүгө алып келди, алар айрым учурда Чатал-Хююк сыяктуу тез өсүп, өнүккөн. Модерн күн Түркия жана Мохенджо-Даро (Пакистан) шаарларына таандык.
Неолиттик археологиялык жайлар катары Гёбекли Тепе жана Чатал-Хюүк Түркияда, Иерихон Левантта, Мехаргх Пакистанда, Скарабре Оркнейде жана Кукутини–Трипиллия маданияты жайлары Румыния, Молдова жана Украинада орун алган.
Классикалык доор.
Эски цивилизацияларда, мисалы, Египет жана Месопотамия, архитектура жана шаар куруу жөндөмү Кудайга жана жагдайларга тыгыз байланыштуу болду, көптөгөн эски маданияттар архитектурасында монументалдыкка кайрылып, бийликтин символикалык өкүлү катары жетекчилер же мамлекеттик башкаруу күчүнүн саясатын көрсөткөн.
Классикалык доордогу архитектура жана шаар куруу Грек жана Рим цивилизацияларында диний же эмпирикалык идеалдардан көптөгөн жарандык идеалдардан өнүккөн. Жаңы курулуш түрлөрү пайда болуп, архитектура стили классикалык заказдар түрүндө өнүккөн. Эски Рим архитектурасы Эски Грек архитектурасынын таасиринде, көптөгөн грек элементтерин курулуш практикаларына киргизген.
Архитектура жөнүндө тексттер байыркы замандан бери жазылып келген — бул тексттер жалпы кеңештерди жана конкреттүү формалдык сунуштарды же канондорду берген. Витрувийдин 1-кылымдагы жазууларында канондордун кээ бир үлгүлөрү бар. Каноник архитектуранын эң маанилүү эрте үлгүлөрүнүн кээ бири диний.
Азия архитектурасы.
Азия архитектурасы Европага салыштырганда башкача өнүккөн, Будда, Хинду жана Сикх архитектуралык стилдери ар башка мүнөзгө ээ. Индия жана Кытай архитектурасы айланасындагы аймактарга чоң таасир тийгизсе, Жапон архитектурасы андай болгон жок. Кээ бир Азия архитектуралары чоң аймактык ар түрдүүлүктү көрсөттү, айрыкча Будда архитектурасы. Мындан тышкары, Азиядагы башка архитектуралык жетишкендиктердин бири Хинду храм архитектурасы болуп, бул 5-кылымдан баштап өнүккөн, теориялык жактан Шастраларда белгиленген түшүнүктөр менен жөнгө салынат жана макрокосм жана микрокосмду билдирүүгө байланыштуу.
Көптөгөн Азия өлкөлөрүндө пантеисттик диндер архитектура формаларын түзүүгө себеп болду, бул формалар табигый ландшафтты жакшыртуу үчүн атайын иштелип чыккан. Ошондой эле, эң улуу үйлөр негизинен жыгачтан курулган салыштырмалуу жеңил структуралар болгон, акыркы убакка чейин. Тарыхый куралы бар курулуштар аз эле калган. Буддизм таш жана керамикалык дин структураларына өтүү менен байланышкан, бул, чоң тыюу салынган архитектура катары башталган, жана бул курулуштар көп учурда жакшы сакталган.
Азиядагы архитектура боюнча эрте жазууларга Кытайдан 7–5-кылымдардагы "КАО ГОНГ ЖИ"; байыркы Индиядагы Шилпа Шастралары; Шри-Ланкадагы Манжушри Васту Видья Шастрасы жана Непалдагы Аранико кирет.
Ислам архитектурасы.
Ислам архитектурасы 7-кылымда башталып, байыркы Орто Чыгыш жана Византия архитектура формаларын өзүнө киргизип, коомдун диний жана социалдык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өзгөчөлүктөрдү да өнүктүрдү. Мисалдар Орто Чыгыш, Түркия, Түндүк Африка, Индий субконтиненти жана Испания, Албания, Балкан мамлекеттери сыяктуу Европанын бөлүктөрүндө, Осмон империясынын кеңейиши натыйжасында кездешет.
Европа орто кылым архитектурасы.
Европада Орто кылым мезгилинде, цехтер өнөрчүлөр тарабынан өз кызматтарын уюштуруу үчүн түзүлгөн, жазма келишимдер, өзгөчө диний имараттар менен байланыштуу, азыркыга чейин сакталган. Архитектордун ролу, адатта, башкы ташчынын же "Magister lathomorum" деп аталган кызмат менен байланышкан.
Негизги архитектуралык иш-аракеттер аббатстволорду жана собордорду куруу болду. 900-жылдан баштап, дин кызматкерлеринин жана соодагерлердин кыймылы архитектуралык билимдерди Европанын ар тарабында таратууга себеп болду, натыйжада пан-европалык стильдер, Романеск жана Готика пайда болду.
Мындан тышкары, Орто кылым архитектурасынын мурасында континент боюнча көптөгөн кыштактар маанилүү орунду ээлейт. Балкандан Испанияга жана Мальтадан Эстонияга чейин бул имараттар Европанын мурасынын маанилүү бөлүгүн көрсөтөт.
Ренессанс архитектурасы.
Ренессанс мезгилинде, 1400-жылдардан баштап, Европада классикалык билимдердин кайра жанданышы болуп, Ренессанс гуманизминун өнүгүшү менен коштолду. Бул мезгилде жеке адамдын коомдогу ролу орто кылымдагыдан көбүрөөк көңүл бурулган. Имараттар белгилүү архитекторлорго – Брунеллески, Леоне Баттиста Альберти, Микеланджело, Палладио – таандык болуп, жеке адамдын культунун башталышы болду. Өнөрчүнү, архитекторду жана инженерди же алардын туунду кесиптерин бөлүү дагы жок болчу, жана термин көбүнчө регионалдык артыкчылык менен колдонулчу.
Классикалык стильдин архитектурадагы кайра жанданууу, илим жана инженериянын өсүшү менен коштолуп, имараттардын пропорциялары жана структурасына таасир этти. Бул этапта, художниктер көп учурда көп функциялуу жоболорду түзө алчу, анткени структуралык эсептөөлөрдүн деңгээли жалпы адис үчүн жеткиликтүү болчу.
Эрте заман жана өнөр жай доору.
Илим тармактарындагы жаңы билимдердин жана жаңы материалдардын жана технологиянын көтөрүлүшү архитектура менен инженерияны бөлүштүрүүгө алып келди. Архитектор эстетика жана гуманитардык аспекттерге көңүл бура баштады, көп учурда имараттардын дизайнында техникалык аспекттердин эсебинен. Мындан тышкары, бай кардарлар менен иштеген "жаран архитекторлор" пайда болду, алар көбүнчө визуалдык сапаттарга, адатта, тарыхый прототиптерден алынган, Готикалык калыбына келтирүү же Шотландия бароналдык стилдерине байланыштуу болгон.
19-кылымда, мисалы, Эколь дес Боз-Арста, архитектуралык формалдык билим берүү аярлуу сүрөттөрдү чыгарууга, ал эми контекстке жана мүмкүнчүлүктөргө азыраак көңүл бөлүүгө көп басым жасады.
Ошол эле учурда, Өнөр жай революциясы массалык өндүрүш жана керектөөгө жол ачты. Эстетика орто класстын критерийине айланды, анткени өндүрүштүк машиналардын астында кымбат кол өнөрчүлүккө таандык болгон декорлуу буюмдар арзандап кетти.
Элдик архитектура улам көбүрөөк кооз болуп калды. Үй куруучулар имараттарында азыркы архитектуралык дизайнды колдонуп, үлгү китептеринен жана архитектуралык журналдардан табылган өзгөчөлүктөрдү бириктире алышты.
Модернизм.
20-кылымдын башында, калыбына келтирүү архитектурасына жана татаал кооздукка болгон нааразычылык жаңы ойлордун жаралышына түрткү берди, булар модернизм архитектурасынын башаттары болуп калды. Алардын ичинен Герман Вербунд 1907-жылы мыкты сапаттагы машина жасалган буюмдарды чыгаруу үчүн түзүлгөн. Өнөр жай дизайн кесиби дал ушул мезгилде өнүгө баштаган. Бул жолду улантып, Баухаус мектеби, 1919-жылы Веймарда (Германия) негизделген, архитектуранын тарыхый чегин кайра аныктап, имаратты жаратуу искусство, кол өнөрчүлүк жана технологиянын биримдиги катары караган.
Модернизм архитектурасы алгач ишке ашырыла баштаганда, бул авангардык кыймыл болчу, моралдык, философиялык жана эстетикалык негиздерге таянган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, модернист архитекторлор жаңы социалдык жана экономикалык тартипке ылайыктуу, орто жана жумушчу таптын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган жаңы стиль иштеп чыгууну көздөштү. Алар азайып бараткан аристократиялык тартипти тейлеген тарыхый стилдердин академиялык ыкмаларын четке кагышты. Модернист архитекторлор имараттарды таза формага чейин жөнөкөйлөтүп, тарыхый шилтемелерди жана кооздуктарды функционалдык деталдардын пайдасына алып салышты. Имараттардын функционалдык жана структуралык элементтери көрсөтүлүп, болот устундар жана бетон беттери кооздук формалардын артына жашырылбай турган.
Фрэнк Ллойд Райт сыяктуу архитекторлор органикалык архитектураны өнүктүрүшүп, имараттардын формасы айлана-чөйрөсү жана максаты менен аныкталган, адам жашоосу менен табияттын ортосундагы гармонияны илгерилетүүгө умтулган. Анын мыкты мисалдары Роби үйү жана Фоллингуотер.
Мис ван дер Роэ, Филип Джонсон жана Марсель Бройер сыяктуу архитекторлор имарат материалдарынын сапаттарына жана заманбап курулуш техникасына негизделген кооздукту жаратып, салттуу тарыхый формаларды жөнөкөйлөтүлгөн геометриялык формаларга алмаштырышты. Фазлур Рахман Хан тарабынан түзүлгөн түтүк структурасы имараттарды дагы бийик курууда чоң техникалык жетишкендик болгон. Кылым ортосуна келгенде, модернизм Эл аралык стиль болуп өзгөрдү, бул стиль Минору Ямасаки тарабынан иштелип чыккан Дүйнөлүк Соода Борборунун эгиз мунаралары сыяктуу имараттарда чагылдырылган.
Постмодернизм.
Көптөгөн архитекторлор модернизмди сынга алышып, тарыхый стилдердин декоративдик байлыгын жок деп эсептешкен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи модернист архитекторлор өлө баштаганда, архитектуранын экинчи мууну, анын ичинде Пол Рудольф, Марсель Бройер жана Ээро Сааринен брутализм менен модернизмдин эстетикасын кеңейтүүгө аракет кылышкан. Брутализмде бүтүрүлбөгөн бетондон жасалган экспрессивдүү фасаддар колдонулган. Бирок согуштан кийинки жаш архитекторлор модернизмди жана брутализмди өтө эле катуу, стандартташтырылган, бир түстүү жана ар кайсы доордогу жана маданияттардагы тарыхый имараттар сунуштаган адамдык тажрыйбанын байлыгын эске албайт деп сынга алышкан.
Модернизмдин жана брутализмдин муздак эстетикасына жооп катары метафорикалык архитектура мектеби пайда болгон, ал биоморфизм жана зооморф архитектурасы сыяктуу багыттарды камтыйт. Бул мектепте негизги дем берүүчү булак жана дизайндын негизи табият болуп эсептелет. Бул мектеп айрымдар тарабынан постмодернизмдин бир бөлүгү катары каралса, башкалар аны өз алдынча мектеп деп эсептешет жана бул экспрессионисттик архитектуранын кийинки өнүгүүсү катары каралат.
1950-жылдардын аягында жана 1960-жылдарда архитектуралык феноменология модернизмге каршы маанилүү кыймыл катары пайда болгон. Архитекторлор Чарльз Мур (АКШ), Кристиан Норберг-Шульц (Норвегия), Эрнесто Натан Роджерс, Витторио Греготти, Микеле Валори, Бруно Зеви (Италия) өздөрүнүн чыгармачылыгында адамдык тажрыйбаны кеңейтүү максатында тарыхый имараттарга кызыгуу жаратышкан. Постмодернизм азыркы имараттарды курууда заманбап технологияларды жана арзан материалдарды колдонуп, эски архитектуранын эстетикасынан тартып элдик же аймактык стилдерге чейин айкалыштыра алган. Роберт Вентури постмодернизмди "кооздолгон кампалар" деп атап, функционалдык жактан иштелип чыккан ички дизайны менен сырты кооздолгон имараттар деп мүнөздөгөн.
Бүгүнкү архитектура.
1980-жылдардан баштап, имараттардын татаалдыгы өсүп, (структуралык системалар, кызматтар, энергия жана технологиялар) архитектура тармагы көп дисциплиналуу болуп калды жана ар бир долбоор түрү, технологиялык экспертиза же долбоорду ишке ашыруу ыкмалары боюнча адистештирүү зарылчылыгы пайда болду. Мындан тышкары, 'дизайн архитектору' менен 'долбоор архитектору' ортосунда айырмачылык көбөйдү. Чоң имараттардын долбоорлоого даярдануу процесси барган сайын татаалдашып, мындай маселелерди алдын ала изилдөөнү талап кылат: бышыктык, туруктуулук, сапат, каражат жана жергиликтүү мыйзамдарга шайкештик. Бир чоң түзүмдү бир гана адамдын долбоорлоо мүмкүнчүлүгү жок, бул көптөгөн адамдардын эмгегинин натыйжасы болуп калды.
Модернизм жана постмодернизм айрым архитектуралык кесиптин өкүлдөрү тарабынан сынга алынган, алар ийгиликтүү архитектура жеке философиялык же эстетикалык изденүү болбошу керек деп эсептешет; архитектура адамдардын күнүмдүк муктаждыктарын эске алып, технологияны колдонуп жашоого ыңгайлуу чөйрөлөрдү түзүшү керек. Дизайн процесси жүрүм-турум, айлана-чөйрө жана социалдык илимдердин изилдөөлөрү менен байытылышы зарыл деп эсептешет.
Айлана-чөйрөдө туруктуулук маселеси негизги көйгөйгө айланып, архитектуралык кесипке чоң таасирин тийгизүүдө. Курулушту каржылоону колдогон көптөгөн иштеп чыгуучулар, имараттын дароо баасына басым жасаган чечимдердин ордуна, айлана-чөйрөгө туруктуу дизайнды колдонууга умтулууда. Мунун негизги мисалдарына пассивдүү күн энергиясы менен курулган имараттар, жашыл чатырлар, биодеградациялык материалдар жана түзүмдүн энергия керектөөсүнө көбүрөөк көңүл буруу кирет. Бул архитектуранын чоң өзгөрүүсү архитектуралык мектептердин айлана-чөйрөгө көбүрөөк басым жасоосуна түрткү болууда. Туруктуу дизайн принциптерин колдонууга умтулган имараттардын саны өсүүдө. Бул тажрыйбалар, айлана-чөйрө жана коом үчүн туруктуу заманбап техникаларды колдонууда аймактык архитектуранын негизги өзөгүн түзгөн принциптерден илхам алууда. АКШнын Green Building Council'инин LEED рейтинги бул тармактагы негизги күчтөрдүн бири болуп саналат.
Ошол эле учурда, Жаңы урбанизм, Метафорикалык архитектура, Комплементардык архитектура жана Жаңы классикалык архитектура кыймылдары туруктуу курулушка болгон мамилени жайылтууда жана акылдуу өсүү, архитектуралык салт жана классикалык архитектуранын дизайндарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө. Бул кыймылдар глобалдык стандартташкан архитектурага, ошондой эле жеке турак жай массивдерине жана шаар четиндеги жайылууга каршы чыгууда. Түз айнек дубалдар, заманбап шаардык жашоонун белгиси катары көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Нигерия сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө да пайда болгон, көбүнчө чет өлкөлөрдө окуган архитекторлордун таасири менен орто кылымдан бери колдонулуп келе жаткан эл аралык стилдер да көрсөтүлгөн.
Түрлөрү.
Турак-жай архитектурасы.
Турак-жай архитектурасы – бул колдонуучунун жашоо образына ылайыктап, ошол эле учурда курулуш кодекстерин жана зонирование мыйзамдарын сактаган функционалдык имараттарды долбоорлоо.
Коммерциялык архитектура.
Коммерциялык архитектура – бул бизнес, мамлекеттик жана диний мекемелердин муктаждыктарын камсыз кылган коммерциялык имараттарды долбоорлоо.
Өнөр жай архитектурасы.
Өнөр жай архитектурасы – бул атайын өнөр жай имараттарын долбоорлоо, ал эми негизги басым имараттын функциясын аткарып, ошол эле учурда мекемеде жумушчулар менен товарлардын коопсуз кыймылын камсыз кылууга багытталган.
Ландшафттык архитектура.
Ландшафттык архитектура – бул коомдук ачык мейкиндиктерди, белгилүү жерлерди жана курулуштарды долбоорлоп, экологиялык, социалдык жүрүм-турумга же эстетикалык натыйжаларга жетүү максатына багытталган дисциплина. Ландшафттык архитектура учурдагы социалдык, экологиялык жана топурактын шарттарын жана процесстерин системалуу түрдө изилдеп, каалаган натыйжага жетүү үчүн өзгөртүүлөрдү долбоорлоону камтыйт. Бул кесиптин көлөмүнө төмөнкүлөр кирет: ландшафттык дизайн; аймактык пландоо; бороон сууларын башкаруу; экологиялык чөйрөнү экологиялык калыбына келтирүү; парктар жана эс алуу аймактарын пландоо; визуалдык ресурстарды башкаруу; жашыл инфраструктураны пландоо жана камсыздоо; жеке менчик жана жеке резиденциянын ландшафттык долбоорун түзүү. Ландшафттык архитектура тармагында иштеген адис ландшафттык архитектор деп аталат.
Интерьердик архитектура.
Интерьердик архитектура — бул структуралык чек аралар менен түзүлгөн мейкиндикти жана ошол чек аралардын ичиндеги адамдын өз ара аракеттенүүсүн долбоорлоо. Бул баштапкы мейкиндиктин колдонуу планынын дизайны болушу мүмкүн, кийинчерээк анын максаты өзгөргөндүктөн кайра иштелип чыгат же имараттын кабыгын кайрадан пайдалануу үчүн кеңири өзгөртүлгөн дизайн болушу мүмкүн. Акыркысы көп учурда ресурстарды үнөмдөө максатында имараттарды кайрадан долбоорлоо аркылуу "кайра иштетүү" сыяктуу туруктуу архитектура практикаларынын бир бөлүгү болуп саналат. Интерьердик архитектура жалпы мейкиндик дизайны, форма жана анын иш-аракети менен байланышкан дизайн процесси катары белгилүү жана имараттардын ичиндеги мейкиндиктерди адамдын колдонушун эске алуу менен долбоорлоо болуп эсептелет.
Шаардык дизайн.
Шаардык дизайн — бул шаарлардын, шаарчалардын жана айылдардын физикалык өзгөчөлүктөрүн долбоорлоо жана түзүү процесси. Архитектурадан айырмаланып, ал өзүнчө имараттардын дизайнына басым жасайт, шаардык дизайн болсо имараттардын топторун, көчөлөрдү, коомдук жайларды, бүтүндөй райондорду жана шаардын бөлүктөрүн долбоорлоону камтыйт. Анын негизги максаты шаардык аймактарды функционалдуу, жагымдуу жана туруктуу кылуу.
Шаардык дизайн — бул бир нече курулуш тармактарынын элементтерин колдонгон көп тармактуу тармак, анын ичинде ландшафттык архитектура, шаар пландаштыруу, архитектура, жарандык инженерия жана муниципалдык инженерия кирет. Жакынкы убакта шаардык дизайндын өз алдынча кичи багыттары пайда болду, мисалы: стратегиялык шаардык дизайн, ландшафттык урбанизм, суу сезгич шаардык дизайн жана туруктуу урбанизм.
Башка архитектура түрлөрү.
Деңиз архитектурасы.
Деңиз архитектурасы, же деңиз инженериясы – бул инженердик тармак, ал деңиз кемелерин жана курулмаларын долбоорлоо, куруу, тейлөө жана эксплуатациялоо процессине байланышкан инженердик иштерди камтыйт. Деңиз архитектурасы деңиз транспортунун өмүрүнүн бардык баскычтарында негизги жана колдонмо изилдөөлөрдү, долбоорлоо, иштеп чыгуу, баалоо жана эсептөөлөрдү жүргүзүүнү камтыйт. Кеменин алдын ала долбоорун түзүү, деталдуу долбоорлоо, куруу, сыноо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө, сууга түшүрүү жана кургак докто иштөө негизги иштер болуп саналат. Ошондой эле кемелерди кайра калыбына келтирүү, жаңылоо, оңдоо учурунда да долбоорлоо эсептөөлөрү жүргүзүлөт. Деңиз архитектурасы коопсуздук эрежелерин иштеп чыгуу жана авариялык контролдоо эрежелерин түзүү менен да байланыштуу.
Метафоралык "архитектуралар".
"Архитектура" термини көп учурда заманбап техникалар же абстракцияларды түзүүнүн ыкмалары үчүн метафора катары колдонулат. Бул төмөнкүлөрдү камтыйт:
Компьютер архитектурасы – бул компьютер системаларынын иштешин, уюштурулушун жана ишке ашырылышын сүрөттөгөн эрежелердин жана ыкмалардын жыйындысы. Мында программалык камсыздоо архитектурасы, аппараттык камсыздоо архитектурасы жана тармактык архитектура сыяктуу өзгөчө аспектилер камтылган.
Бизнес архитектурасы – ишкананын стратегиялык максаттарын жана тактикалык талаптарын шайкеш келтирүү үчүн ишкана тууралуу жалпы түшүнүктү камсыз кылган "ишкананын картасы" катары аныкталат. Ишкана архитектурасы дагы колдонулат.
Когнитивдик архитектура – адам акылынын түзүлүшүнө байланышкан теориялар.
Системалык архитектура – бул ар кандай түрдөгү системалардын түзүлүшүн, иш-аракеттерин жана көрүнүш моделин аныктаган концептуалдык модель.
Сейсмикалык архитектура.
'Сейсмикалык архитектура' же 'жер титирөөгө туруктуу архитектура' термини биринчи жолу 1985-жылы Роберт Райтхерман тарабынан киргизилген. "Жер титирөөгө туруктуу архитектура" термини жер титирөөгө туруктуулукту архитектуралык конфигурацияга, формасына же стилине байлоо менен аныкталган архитектуралык экспрессия деңгээлин сүрөттөө үчүн колдонулат. Ошондой эле, сейсмикалык дизайн ишке ашкан имараттарды сүрөттөө үчүн колдонулат. Бул жер титирөөгө дуушар болгон аймактарда курулуш долбоорлорунда жаңы эстетикалык ыкма катары каралышы мүмкүн. Архитектуралык конфигурациянын сейсмикалык принциптери ар кандай формаларга жана деңгээлдерге ээ болушу мүмкүн. Метапоралык колдонуулардан баштап, түздөн-түз сейсмикалык технологиянын таасири көрүнгөнгө чейин ар кандай формаларда физикалык көрүнүштөрү ар башкача болушу мүмкүн.
Ошондой эле караңыз.
Архитектуралык инженерия
Архитектуралык технология
Убактылуу архитектура
Архитектура макалаларынын көрсөткүчү
BIM программалык камсыздоонун тизмеси
Архитектуранын схемасы
Архитектура философиясы
Тескери архитектура
Архитектуранын хронологиясы
Зонирование
Курулуш кодекси
Жарандык инженерия
Тышкы шилтемелер.
World Architecture Community
Architecture.com, Британдык Архитекторлор Институту тарабынан жарыяланган
Архитектуралык борборлор жана дүйнөдөгү музейлер, UIA тарабынан берилген шилтемелер тизмеси
Америкалык Архитекторлор Институту
Архитектуралык терминдердин сөздүгү
Шаарлар жана имараттар базасы – Вашингтон университетинин китепканасынан алынган ар кандай убакыт жана дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде тартылган имараттардын санариптик сүрөттөрүн камтыган коллекция
"Архитектура жана Күч", BBC Radio 4 менен Эдриан Тинисвуд, Жилиан Дарли жана Гэвин Стамп менен талкуу ("In Our Time", 31-октябрь, 2002) | wiki | {"id": "1939", "revid": "34540", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1939", "title": "Архитектура"} |
«Психология» деген сөз 16-кылымда эле немец жана француз тексттеринде пайда болгон. Бул сөздy байыркы грекчеден которгондо (psyche) –жан, жана (logia)- түшүнүү, билүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы күндө психология түптүү тамыр алган илимдердин бири экенин тануу мүмкүн эмес. Анын кылган кызматы коомдо чоң мааниге ээ. Теориялык жагынан алганда илимде, практикалык жагынан алганда күнүмдүк турмушубузда психологиянын ойногон ролу чоң. Мисалы, кичинекей бөбөктөрдүн эле жашоосунда, тарбиясында анын кылган кызматын алалычы. Дүйнөнү тааный элек жаш баланын сезим-туюмун ойготуу, кабыл алуу жөндөмүн чоң кишиден кандай гана эркти, сезимталдыкты, мееримдүүлүктү талап кылбайт.Ал эми мындай чоң ишке ушундай даярдык менен барууга психология гана жардам бере алат деп ойлойм. Анткени психолог болуу менен гана жаш баланын ички дүйнөсүн көрө билүү, анын каалоолорун түшүнүү, жана ага ошого жараша мамиле кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. өзүнүн ички дүйнөсү көңдөй адам эч качан психолог да боло албайт, андай болгон соң эч кимди түшүнө да албасы дайын.
Психологиянын ошондой эле кичине балдар эмес, чоң кишилердин ортосундагы мамилелерге тийгизген таасири жөнүндө да айта кетели. Мисалы, медиктер организмдин кайсы жерин дарылабасын, эң биринчи менимче психолог болушу керек, болгондо да өтө чебер. Себеби сыркоо адамдын ооруган жеринен мурун анын көүүлүн сакайтуу ишти оңунан чыгарат. Көңүл тазармайын, ооруган жер айыкпашы да мүмкүн. Психолог врач оорулуунун ички түкшүмөлүн сезиши керек. Анын кооптонуусун, коркуусун четке каккыдай ишеничтүү тирек болуп берүүгө жараганда гана врач оорууну жеңе алат. Ооруулууга врач менен сүйлөшкөндөн кийин жеңилдик сезилбесе, ал начар врач деген таамай айтылган кеп бар.
Психологиянын коомдогу маани-маңызына баа берүүгө кыскача гана кайрыла кетүү бери болгондо коомайыраак болуп калар. Бирок, ошентсе да анын эмне экенин, коомдо зарылчылыгы канчалык экенин жогорудагыдай мисалдардан эле айкын боло түштү. Деги эле психология кайсы тармакта болбосун адамзаттын ийгиликке жетиши үчүн колдоно турган эң күчтүү алмаштыргыс куралы болуп эсептелинет.
Кыргыздар психологияны совет бийлиги келгенден кийин гана билген деген да сөз болушу мүмкүн. Бул туура эмес. «Психология» деген терминди кыргыздар билмек турсун, укпашы да чын, бирок анын нукура өзү бул элде болгон эмес деп айтуу мүмкүн эмес. Кыргыз эли «психолог» кишини «кыраакы» деп эң сонун атаган. Ошондо «психология» «кыраакылык» болуп эсептелип калат эмеспи. Бирок, албетте «психология» деген сөздүн мааниси «кыраакылыктан» терең да, кеңири да. Менин айтайын дегеним, кыргыз элинин илгертен эле күчтүү психолог болуп келгенин анын оозеки чыгармачылык өнөрү, ыр -күүлөрү тастыктап келет. Демек, терминдин өзү гана бизге кийинчерээк белгилүү болбосо,анын мааниси небак эле элибиздин канында жашап келген. Толубай сынчы, Кет Бука, Жайсаң ырчы, Санчы сынчы деген тарыхтагы даанышмандарыбызды психологиядан (анын маанисинен) кабары болгон эмес деп ким айта алат.
Демек, психология мурун да, азыр да, кийин да жашаган, жана жашай бере турган илим катары биздин коомдо ойногон ролу ченемсиз. | wiki | {"id": "1941", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1941", "title": "Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы"} |
Заманбап глобалдуу аудиториянын жаны мүмкүнчүлүктөрүнө кирүүгө дүйнөлүк желе же интернет чоң жол ачууда. Интернет бул академиктер, илим изилдөөчүлөр, студенттер, үчүн лабораторияларда, офистерде, класстарда калаберсе жеке үйлөрдө да колдонууга мүмкүн болгон билимдин жана илимдин булагы болууда.
Кыргызстанга интернеттин келгенине аз эле убакыт болсо да, Орто Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул багытта чон жетишкендиктерге жетише алды. Кыргызстанга салыштырмалуу кошуна республикаларыбыз болгон Өзбекстан, Казакстан жана Түркменстанда интернет колдонуучуларга бир аз чектөөлөр коюлган. Интернетке кеңири жол ачуу бул Кыргызстан үчүн биринчи кезекте дүйнөдө тездик менен өнүгүп келе жаткан илимий-техникалык жетишкендиктерге прогрессивдүү кадам деп айтууга болот.
Азыркы учурда интернеттен ар тараптуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Илим, техника, экономика, медицина, билим берүү жана башка толуп жаткан тармактар боюнча маалыматтарды алууга болот. Булардын ичинен интернеттин билим берүү тармагында канчалык орду бар ошону карап көрөлү. Учурда интернеттен билим берүү тармгында көптөгөн интернет баракчаларды табууга болот. Алар негизинен электрондук почта менен же болбосо атайын шарты бар каттоодон өтүп андан кийин керектүү маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүндө. Мындай маалымат алмашуу да белгилүү бир өлчөмдө жакшы жыйынтыктарды берет. Ал эми экономикалык жактан жетишкен өлкөлөрдө билим берүүнүн бул түрү алда канча алдыда. Алар видео лекциялар, реалдуу убакытта (бир мезгилде) окутуучу менен окуучу бири бирин көрүп да, сүйлөшүп да маалымат алмаша алышат.
Бул деген текст түрүндө маалымат алмашууга караганда (виртуалдык окутуучу менен окуучунун) байланышын реалдуулукка абдан эле жакындатат. Америкада чоң-чоң илим изилдөө уюмдары интернеттин мындай мүмкүнчүлүгүн мурдатан эле колдонуп келет. Чакан аймактуу Кыргызстан үчүн интернеттин мындай түрү болгон корпоративдик түйүн же кыскача Intranet тармагын түзүү анчалык деле кымбатка турбайт. Мындай түйүндү азырынча Кыргызстандын алты областындагы окуу жайларда бирден интернет класс ачып андагы компьютерлерди жалпы бир түйүнгө бириктирүү менен баштаса болот.
Интернет бул эмне? Интернет - бул миллиондогон компьютер колдонуучулардын бири бири менен байланышы жана дүйнөлүк ресурстардан маалымат алууга мүмкүн болгон глобалдуу «Түйүндүн Түйүнү».
Мугалимдер жана студенттер дүйнөлүк эң чоң архивдерге, космостук борборлорго, спутниктик метеостанцияларына жана башка миңдеген билим берүү жана илим изилдөө булактарына кирүүгө мүмкүндүк ала алышыт, Интернет - жогорку окуу жайлар, колледждер, мектептер керектөөчү инфраструктура, себеби компьютер аркандай тексттерди, үндөрдү схемаларды, сүрөттөрдү камтыган тоталдык технологиялык машина болуп калды. Эми бир жактуу болгон телевизиондук системаларга же башка кымбат технологиялара жана студенттин атайын даярдалган окуу лабораториясына келип маалымат алуусунун зарылдыгы жок.
Интернет билим берүү тармагында: Дистанттык окуу интернеттин дагы бир кызматы, бул билим алуу жана үйрөнүүнүн инструменти десек болот. Дистанттык окуу, интерактивдүү режимде эки же андан көп адамдын, эки же андан көп жерден бири бири менен байланышы. Дистанттык окуу билим берүүнүн эффективдүү жана сапаттуу чөйрөсү. Интернет дистанттык окууда эң керек болгон абдан көлөмдүү болгон ресурс.
Маалымат супермагистралы мугалимдер менен студенттерди өз класстык бөлмөлөрүнүн башка жерлердеги билим булактарына жана башка адамдар менен маалымат алуусуна көмөкчү болот. ISTE http://www.iste.org коому кибермейкиндик болгон интернеттин чексиз ресурстарын мугалимдер менен студенттер үчүн керектүү китептердин тизмесин чогултту. Бул түйүн жер шарынын окуучуларын бириктирет. Бирок бардык эле өлкө бул түйүнгө кирген эмес. Ошондой болсо да көптөгөн өнккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө түйүндүн табууга болот. Бул деген ар түрдүү студенттердин чектөөсүз билим алуусунун тенденциясын бере алат дегендик. Эл аралык Telecomputing Консорциум коому «Калыбына келип жаткан энергияны колдонуу» деген темадагы дүйнөлүк класс-проекти 1997-желы өткөрдү. Бул жөнүндө http://WWW.itc.org/wcl97 дарегиндеги архивден маалымат алса болот.
Дистанттык окуудагы негизги керектелүүчү нерсени айтсак ал компьютердик үйрөтүүчү программалар. Азыркы тез чабытта өнүгүп келе жаткан билим технологияларынын арасында компьютердик телекоммуникациалык түйүндөр келечектин талабына ылайыктуураак болууда.
Компьютердик телекоммуникациялар күндөн күнгө өнүгүп жашообуздун бардык тармактарына кирүүдө. Кыргызстандагы персоналдык ЭЭМ колдонуучулары интернет тармагына республикабыздын «дүйнөнү телефондоштуруу» жагында төмөнкү орундарда турганына карабастан акыркы 1-2 жылда кээ бир башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир канча алга карай жол алды. Телекоммуникация (грек сөзү, tele - алыс, аралык, латын. communicatio -сүйлөшүү) башкача айтканда бардык маалыматтарды аралыкка берүүчү тармактар: радио, телевидение, телефон, телеграф, телетайп, телекс, телефакс, жана биз сөз кылып жаткан компьютердик телекоммуникациялык байланыш.
Маалыматтарды төмөнкү даректерден карап көрүңүз:
a. Global School House Foundation - http://www.gsh.org
b. The Well Connected Educator - http://www.gsh.org/wce
c. Glossary of Terms Used in Internet and Distance Education: http://www.friend.ly.net/user-homepages/b/braatz/archives/glossary.htm
d. About Distance Education - http://www.friend.ly.net/user-homepages/b/braatz/archives/disted.htm
e. Educational Development Center: - http://www.edc.org
f. Teachers on the Internet - http://www.gsh.org/wce/archives/aruntchr.html
g. Internet Technical Academy Newsletter for Education Network, Administrators- newsletter
h. American School Directory - http://www.asd.com
i. The Young Adult Library Services Association - http://www.yalsa.org
j. Education Development Center - http://www.edc.org | wiki | {"id": "1942", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1942", "title": "Аралыктан (дистанттык) окутуу"} |
Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы. В. Гумбольдттун жолун улантуучулардын бири А. Потебнянын минтип жазган: “Баланын жигит болгон мезгилин баланча сааттан башталды деп айтыш кыйын болгондой эле прозанын башталышын да так көрсөтө коюу өтө татаал. Прозанын эң алгачкы ирет кагаз бетине түшүрүлүшүн анын пайда болуп, жаралган учуру деп эсептөөгө болбойт, ал алда канча мурда эле оозеки түрүндө жашап келген”.
Чыгыш жана Батыш адабияттарына таандык көптөгөн материалдарынын негизинде кара сөздүн жаралышына уютку болуп бере ала турган прозалык жанрлар элдик оозеки чыгармачылыкта өтө эле көп жашап келгендигин XX кылымдын экинчи жарымында ондогон фольклорчу жана адабиятчылар тарыхый-теориялык пландагы эмгектеринде аныкташтылар. Бул прозалык жанрлар кыргыз фольклорунда мифтер, кереметтүү жомоктор, байлоо, дарымдар жана башка ушундай сыяктуу Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында дарымдардын бир нече түрлөрү сакталып калган. Алардын айрымдары чарбалык иш мүнөздө болсо (тели, тилек), кээ бирлери элдик дарылоо, эмдөө мүнөзүндө (байлоо, дарымдоо, бакшылардын зикири). Булар алгачкы доордон тартып мусулман динин кабыл алган мезгилге чейин адамдарынын турмушунда сөз тутуму ыр, ыргак формасында да, кара сөз түрүндө да колдонула берген. Дарымдар, байлоо, бакшылардын зикири гносеологиялык табияты боюнча мифтерге жакын турат. Балким ушул себептен, алар ушул күнгө чейин фольклористтик аспекте эмес, философиялык, атеисттик, этнографиялык көз караштан изилденип келет. Эми кыргыз кара сөзүнүн башатын иликтеп жатканда оозеки чыгармачылыктагы мифтерди өзгөчө көңүлгө алуу керек. Грек тилинен которгондо “миф”- “сөз, сүйлөө, баян, тамсил, аңыз ” дегенди билдирет. Ал эми кыргыз фольклорунда мифологиялык катмардын кенендигин XIX кылымдын орто чениндеги белгилүү изилдөөчүлөр Ч. Валиханов, В. Радлов, Ф. Поярковдордун алгачкы изилдөө, жыйноолорунан эле билебиз. Арийне, кыргыз мифтери тарыхый, социалдык-маданий шарттардын айынан Чыгыш жана Батыштын байыркы элдердин мифологиясынын классикалык стадиясына өсүп жете алган эмес. Сан жагынан да алып караганда азыраак, түзүлүшү жагынан да анчалык деле татаал эмес болгон. Кыргыздын мифтерине мисал келтире турган болсок, ата-бабалардын тотемдери (Мүйүздүү Бугу Эне, Кайып же Кайберен, Жагалмай, Бөрү, Кызыл ит, Сары ит жана башка), табият культу (Жер, Суу), космогониялык (Күн, Ай, Үркөрдүн кызы, Үч аркар, Жетиген, Алтын казык, Саманчынын жолу жана башка) жана календарлык (элдик календарь боюнча жылдын он эки айы тең жан-жаныбарлардын аттары тууралуу) мифтер. Ошондой эле кыргыздардын өздөрүнүн келип чыгышы, уруу, уруктарынын түпкү тектери тууралуу мифтер. Бул жерде мифтерге атайын токтолуунун кереги жок, бул сапар болгону мифти - өз алдынча баяндагыч жанр катары карадык. Ошентип, миф, болумуш, уламыш, легенда, санжыра – баары тең же байыркы же берээктеги окуялар жөнүндөгү оозеки баяндамалар. Демек, бул жанрларды бириктирип турган жалпы касиет – алардын аткарылуу ыкмасы – кара сөз түрүндө оозеки баяндалышы. Макаланын башында А. Потебнянын сөздөрүн эске салуу менен бирге кыргыздарда кара сөз болгон деп өкүмдүү түрдө айта алабыз. Анын үстүнө, Октябрь революциясына чейин кыргыздардын оозеки прозасы жогоруда сөз болгон жанрлар менен эле чектелбейт. Прозанын бул жерде сөзгө алынбаган дагы эң бай катмарлары, топтору бар. Аларга биринчи кезекте жомоктор (алардын өзүнчө жанрлары жана түрлөрү бар эмеспи) жана башатында таздарга, Апенди, Алдар көсө, Жеренчечеченге байланыштуу пайда болуп, кийин соңунда Жоошбай, Куйручук, Бекназар, Көкөтөй сыяктуу таланттардын аракети менен өзүнчө чоң өнөрдүн деңгээлине өсүп жеткен күлкүлүү аңгемелер жана чечен сөздөр кирет. Бул жанрлар, албетте, өзүнчө сөз кылууга арзыйт. | wiki | {"id": "1944", "revid": "10575", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1944", "title": "Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы"} |
Юникод (Unicode же Уникод) — бардык жазуу тилдериндеги симболдорду кодтоо стандарты, компьютер технологиясында кеңири колдонулат. Бул стандарттын бир канч түрлөрү бар: UTF-8, UTF-16 (UTF-16BE, UTF-16LE) жана UTF-32 (UTF-32BE, UTF-32LE. Ошондой жаңы UTF-7 формасы иштелип чыккан. Бул стандарт 1991-жылы Юникод Консорциум (англисчеси: Unicode Consortium) уюму тарабынан сунушталган. | wiki | {"id": "1945", "revid": "32109", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1945", "title": "Юникод"} |
Көркөм адабияттын түрлөрү- адабий чыгармаларды системага салуунун жана аларды жикке ажыратуунун дагы бир принциби. Бул чыгарманын сырткы белгисине карай аныкталат. Көркөм адабияттын проза, поэзия, драма, деген үч түрү бар, алар ар бири өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ.
Колдонулган адабияттар.
/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 | wiki | {"id": "1951", "revid": "24577", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1951", "title": "Көркөм адабияттын түрлөрү"} |
Казак тили — казактардын тили. Казакстан Республикасынын мамлекеттик тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Адабий казак тили түндүк-чыгыш диалектинин негизинде калыптанган. Жазма эстеликтери 19-кылымдан башталган.
Казак тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбышынын ордуна «ш» тыбышы (мисалы, кач-каш), «ш» тыбыштын ордуна «с» тыбышы (мисалы, кыш-кыс ж. б.); «й», «дж», «с», «ч» тыбыштарынын ордуна «ж» тыбышы (йок - жок) колдонулганы менен айырмаланат. Казак тили адегенде араб, кийин латын алфавитинде болгон. 1940-жылдан орус графикасындагы алфавитке өткөн. Казак тили Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия мамлекеттеринин айрым аймактарына жана Кытай, Моңголия, Иран, Афганстан, Пакистан, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө тараган. Казак тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 23 млнго жакын. Морфологиялык жагынан кыргыз тилине окшош. Синтаксистик өзгөчөлүгү боюнча Казак тилинде атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн негизинде уюшулган сүйлөм конструкциялары кеңири колдонулат. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы байланыш чектелген. Казак тилинин лексикалык тутумун жалпы түрк сөздөрүнүн катмары жана аз сандагы араб тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр түзөт. Советтик мезгилде орус жана европалык тилдерден көп сөз кирген. Адабий тили 15-19-кылымда калыптанып, адабий тилинин негиздөөчүсү Абай Кунанбаев болгон. Жаңы Казак алфавити:
Казак алфавити (Январь 2021) | wiki | {"id": "1955", "revid": "40286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1955", "title": "Казак тили"} |
Поэзия (грек. – жаратамын, чыгарамын)
1. Байыркы заманда жалпы эле көркөм адабият, сөз өнөрү поэзия деп аталган. Көркөм кара сөз (проза) түзүлгөндөн кийин, поэзия деген термин ыр менен жазылган чыгармаларды гана билгизип калды.2. Көркөм адабияттын прозалык чыгармалардан айырмаланып, ыр түзүлүшүнө негизделип жазылган түрү. Элдик эпос, лирика, ыр түрүндөгү драмалык чыгармалардын баары поэзияга кирет. Кыргыз элинин поэзиясы өтө узак мезгилдерден бери эпосто, поэмада, ырда өнүгүп келген. Ырга мүнөздүү көрүнүштөр ыргак, муун, муунак, уйкаштык, строфа – поэзия чыгармаларын жаратуунун негизги касиети. | wiki | {"id": "1959", "revid": "352366", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1959", "title": "Поэзия (ыр)"} |
Драма (грек. – аракет) – сахнага коюга ылайыкталып жазылган чыгарма, өзүнчө бир адабият түрү. Ал байыркы грек адабиятында пайда болуп, ошол мезгилдеги негизги сапаты азыр да кадимкисиндей сакталып келе жатат, б.а. драмалык чыгармаларда окуя каармандардын речинде гана өнүгөт, мында прозадагыдай автордук баяндоо, сүрөттөөлөр болбойт, жанрдын негизин "конфликт" түзөт. Драма "комедия", "трагедия", драма болуп үч жанрга ажырайт. Кыргыз адабиятында совет бийлигинин жылдарында гана пайда болгон бул адабияттегинин негиз салуучулары катары М. Токобаев (“Кайгылуу Какей”), К. Жантөшөв (“Карачач”) эсептелишет. Азыр драма – кыргыз адабиятынын өнүккөн жанры.
Маалыматтын булагы: Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, Бишкек - 1994. | wiki | {"id": "1960", "revid": "4632", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1960", "title": "Драма (диалогдук речь)"} |
Кытай (кытайча 中國, 中国, пиньинь "Zhōngguó", "Жунго", кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет), расмий түрдө Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча: 中华人民共和国; пиньинь "Zhōnghuá Rеnmín Gònghеguó") — Чыгыш Азиядагы мамлекет.
Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана Түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. Түндүк-чыгышынан КЭДР жана Орусия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Орусия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Ооганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнүн кичине бөлүгү Индия, Непал жана Бутан, ал эми түштүгүнөн Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет.
Аянты 9,6 млн км2. Мамлекеттер арасында аймагынын аянты боюнча 4-орунда турат (Орусия, Канада, АКШ кийин). Калкы 1,4 млрддан ашык жана калкы боюнча дүйнөдө 2-орунда (Индиядан кийин).
Борбору — Бээжин шаары. Расмий тили — кытай тили.
Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шаңхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү.
Этимология.
Кытай аталышы уйгур тилиндеги «Кытай, кытайлык» деген сөздөн келип чыккан.Уйгур тилине бул сөз түрк тилдеринен ("Qytan") келген.
Тарыхы.
Кытай аймагын адамдар байыркы таш доорунда эле мекендеген. Кытай тарыхында алгач Ся династиясы (2205—1767), кийин Инь (азыркы Хенань, Хэбэй жана Шаньдун провинциялары) династиясы (1766—1112 же 1600—1027) пайда болгон. Биздин заманга чейинки XI кылымда Инь мамлекетин анын батышында жашаган чжоу уруусу караткан. Чжоу доорунда өндүргүч күчтөр өсүп, адистешкен кол өнөрчүлүк пайда болуп, шаарлар курулуп, маданият өнүккөн. Биздин заманга чейинки VII-Vi кылымдарда Кытай аймагында бир нече падышалыктар (Ци, Янь, Цинь, Чу, Хань, Вэй жана Чжао) түзүлүп, бири-бири менен согушуп турган. 200 жылга созулган тынымсыз согуштардан кийин Кытайда 1-жолу борбордошкон Цинь империясы (биздин заманга чейинки 221—207) негизделген. Анын негиздөөчүсү жана 1императору Цинь Шихуандинин убагында түндүктөгү көчмөндөрдөн коргонуу үчүн Улуу Кытай дубалы урула баштаган. Өлкө борбордоштурулуп, майда падышалыктар жоюлуп, башкаруу системасы өзгөргөн. Өлкө 36 областка бөлүнүп, башкаруу аппараты түзүлүп, императордун бийлиги бекемделген, жаңы мыйзамдар, чен бирдиктер, жазуу жана акча киргизилип, билим берүү системасы мамлекеттин карамагына өткөн. Биздин заманга чейинки III кылымдын — биздин замандын III кылымында бийликке Хань империясы келген. Борбордук бийлик күч алып, Чаньань, Лоян, Ханьдань, Линьцзы, Чэнду ж. б. ш. соода-кол өнөрчүлүк борборлоруна айланып, чек аралар кеңейип, Улуу Жибек жолу ачылган. Хань империясы Борбордук Азия элдери жана өлкөлөрү (Фергана, Согд, Бактирия, Парфия) менен мамилелешип, көптөн бери тынчын алып келген хунну ж. б. урууларга сокку урган. У-динин тушунда (154—108) конфуцийчилик Кытайдын мамлекеттик идеологиясына айланган. Хань мезгилинде байыркы кытай эли калыптанып, өздөрүн ханьдар деп атаган. биздин замандын 184-жылы узак убакытка созулган Чжан Цзяо жетектеген дыйкандардын «сары байламчандар» көтөрүлүшүнөн Хань империясы кулап, үч падышалык (Вэй, Шу жана У) түзүлгөн. Бул мезгилде феодалдык доор башталган. 316-жылы Кытайдын түндүгүн көчмөн уруулар басып алган. IV кылымдын ортосу — V кылымдын башында Түндүк Кытайда кытайлык эмес элдердин 19 мамлекети пайда болгон. 589-жылы кытай эли Суй империясына кайра бириккен. Император Вэнь-ди (Ян Цзянь) аскер күчүнө таянып, борбордук бийликти чыңдоого багытталган реформаны ишке ашырган. Суй империясы түндүк Кореядагы Когурё мамлекетине, вьетнам мамлекети — Вансуанга, түрк жана тугухундарга каршы баскынчы согуштарын жүргүзгөн. Өлкөдөгү чексиз бийлик жана оор салыктар элдик толкундоолорго алып келип, Суй империясы кулаган. 618-жылы анын ордуна Тан империясы бийликке келген. Кытай администрациялык аймактарга (район, округ, уезд) бөлүнүп, маданияты (китеп басып чыгаруу ойлоп табылып, өткөн доордун 8 расмий династиялык тарыхы түзүлгөн ж. б.) өскөн. Империя түрлүү багытта баскынчы согуштарын күчөтүп, 668-жылы Кореяга (Когурё) кол салып, VII кылымдын ортосунда Чыгыш жана Батыш түрк кагандыктарын талкалаган, бирок алардын андан ары батышты көздөй жылышын арабдар токтоткон. 751-жылы Талас дарыясынын боюндагы арабдар менен болгон салгылашууда кытайлар жеңилип калган. Кыргыздар VII кылымдан Тан империясынын ишенимдүү, күч-кубаттуу, аскердик-саясий союздашы болгон. 632-жылы Тан императору Тайцзунь кыргыз каганына Ван И-Хун башында турган мамлекеттик расмий элчилик жөнөткөн. Бул элчиликке жооп иретинде алгачкы жолу 643-жылы кыргыздар Кытайга барган. Кытай жыл наамаларында Кытайга кыргыз элчилери бир нече жолу (650—83-, 706—11-, 713—55-жылдары) каттагандыгы жөнүндө маалыматтар кездешет. 907-жылы Тан империясы кулап, Сун династиясынын (960—1279) бийлигине бириккен (түндүк жана түндүк-батыш аймактарынан башкасы). XIII кылымдын 2-жарымында Кытайды Чыңгыз хандын аскерлери басып ала баштаган. 1271-жылы Чыңгыз хандын небереси Хубилай бүткүл Кытайды өзүнө багындырып, Юань империясынын негизин түзгөн. 1368-жылы Юань империясы бийликтен кетип, ордуна кытайлык Мин империясы келген. Мин доорунда мамлекеттик башкаруу системасы реформаланган. Шаарлар өсүп, өнөр жай, айыл чарба жана маданияты (Кытайда 1420-жылдары Живопись академиясы пайда болгон. Китеп басып чыгаруу иштери кеңейип, көп томдуу энциклопедия, атлас ж. б. түзүлгөн) өнүккөн. Мин империясы тышкы саясатты да активдүү жүргүзгөн. Вьетнамды каратып (1407—27), Түштүк-Чыгыш жана түштүк Азия өлкөлөрүнө бир нече жолу экспедиция уюштуруп, түндүк жана түндүк-батыштагы көчмөндөргө каршы күрөшкөн. 16-кылымдан Кытай аймагына европалыктар келе баштаган. 1557-жылы Португалия Аомынды (Макао) «арендалоого» укук алган. 1618-жылы эки өлкөнүн ортосунда соода жана дипломатиялык байланыштарды жөнгө салуу иштери менен Тобольск аскер башчысы И. Петлин жетектеген биринчи орус дипломатиялык делегациясы Пекинге келген. XVII кылымда Кытайдын түндүгүнөн чыккан көчмөн уруулардын көтөрүлүштөрү Мин империясын кулаткан. Кытай феодалдары көтөрүлүштөрдү басуу үчүн манжур феодалдарынан жардам суроого мажбур болгон. Бул Кытайда манжурлардын Цинь династиясынын (1644—1911) орношуна алып келген. Дыйкандар согушу жана манжур каратууларынан Кытайда экономикалык кризистер башталып, калктын саны кыскарган. XVIII кылымдын аягынан гана Кытайдын экономикасы калыбына келип, элдин саны 300 млнго жеткен. Империяда күчтүү армияга жана бюрократтык аппаратка таянган деспоттук режим түзүлгөн. Жогорку бийлик органдары жана армияны жетектөө манжурлардын колунда болгон. Түндүк Кытайга бийлигин орноткон соң, Цин Кытайдын коңшу мамлекеттерине кол сала баштаган. Россия Цин империясы менен болгон мамилелерин жөнгө салуу максатында 1689-жылы Аргунь дарыясынын оң жээгин жана Амур дарыясынын оңсол жээгинин бир бөлүгүн берген). 1727-жылы Кяхта келишими Цинь империясы менен Россиянын ортосундагы Моңголия боюнча өтүүчү чек араны тактап, XVII кылымдын аягында Цинь династиясы түндүк Моңголияны (түштүгүн 1636-жылы), 1728-жылы Тибетти, 1755—57-жылы Жунгар хандыгын, 1757—59-жылдары Чыгыш Түркстанды (Кашкар) басып алып, Шинжаң деген ат менен Цинь империясына кошкон. Ошол учурда Чыгыш Түркстанда Цин империясынын басып алуучулук саясатына каршы кыймыл (5 миңден ашык ойрот, бурут же кыргыз, илелик уйгурлардан турган кол жыйналган) башталган. Мындан чочулаган Цин империясы түндүктөгү коңшусу кыргыздар менен расмий мамиле түзгөн. 18-кылымдын аягында Цин империясынын ички абалы начарлай баштаган. XIX кылымдын 1-жарымында европалыктардын, айрыкча Улуу Британиянын Кытайга экспансиясы күчөгөн. 1840—42, 1850—60-жылдары Улуу Британия жана Франция менен «апийим» согуштары болуп, Кытай жеңилип калган. Нанкин келишими (1842) боюнча Кытай Англия үчүн 5 порт ачып, Сянган (Гонконг) а-н берген. Португалия 1851-жылы Аомынь жарым аралын, Данцзыдао (Тайпа) аралын, 1864-жылы Цзюаодао (Колоане) аралын басып алган. 1844-жылы Кытай Франция жана АКШ менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жарым колониялык өлкөгө айлана баштаган. Россиякытайлык Пекин трактаты (1860) Ыраакы Чыгыштагы эки мамлекеттин ортосундагы чек ара (Амур, Уссури дарыясы, Ханка көлү жана кырка тоолор аркылуу өтүп, Тумыньцзян дарыясынана чейин жеткен) маселесин чечкен. Кытай калкынын социалдык-экономикалык абалы оордоп, манжурларга жана жогорку бийликтегилерге каршы дыйкандардын Тайпын (1850—64) жана Няньдан (1959—68), ошондой эле 1862—77-жылдары дунгандар менен уйгурлардын көтөрүлүштөрү болуп, англ., француз жана америкалыктардын колдоосу менен басылган. 19-кылымдын аягында Кытайда капиталисттик өнөр жай өндүрүшү пайда болуп, улуттук буржуазия менен жумушчу табы калыптана баштаган. 1870—80-жылдары батыш державалар Цин империясына кысым көрсөтүүнү күчөткөн. Бир катар согуштардан [Кытай-француз согушу (1884—85), Кытай-япон согушу (1894—95] соң, Кытайды көз каранды кылуучу келишимдер таңууланган. 1897—98-жылдары ири державалар Цин империясын бөлүштүрүүгө киришкен. Цин өкмөтүнүн багынуучулук саясаты өлкөдөгү прогрессчил күчтөрдү кыжырланткан. Өлкөнү сактап калу үчүн Кытайда Сунь Ятсен жетектеген революциялык-демократиялык кыймыл пайда болуп, 1894-жылы Синчжунхой уюмун уюштуруп, радикалдуу реформаларды жүргүзүү аракеттерин жасаган. 1898-жылы Шаньдун, Чжили ж. б. провинцияларда Цин династиясын колдогон жана чет өлкөлөргө каршы багытталган Ихэтуань кыймылы күч алган. Чжу Хундэн, Чжан Дэчэн, Цао Футянь жана Ли Лайчжун жетектеген ихэтуандар маньчжурлар менен биригип, темир жолдорду, заводдорду, христиан чиркөөлөрүн талкалап, европалык товарларды жана китептерди өрттөп, чет элдик өкүлдөргө кол салып, Пекиндеги дипломаттар кварталын курчоого алышкан. 1901-жылы Улуу Британия, Франция, Германия, АКШ, Россия, Жапония, Италия жана Австро-Венгрия өлкөлөрү Ихэтуань кыймылын басып, өз таасирин чыңдоо үчүн Кытайга интервенция жасашкан. Анын натыйжасында бул державалар менен Цин империясынын ортосунда «Корутундулоо токтомуна» (1901) кол коюлуп, ал Цин империясынын жарым колониялык абалын бекемдеген. 1911-жылы октябрь — 1912-жылы мартта Кытайда Синьхай революциясы болгон. Цин династиясы тактыдан кулап (1912-жылы 12-февралда), монархия жоюлган. Бийликке аскер чөйрөсүнүн жетекчиси Юань Шикай келип, аскердик диктатура орноткон. 1-дүйнөлүк согуш убагында (1914—18) Жапония Кытайга экспансиясын күчөтүп, 1915-жылы январда Кытайды өзүнө көз каранды кылуу үчүн жаңы талаптарды койгон. Юань Шикайдын өкмөтү ал талаптардын көбүн орундаткан, бирок Жапония өкмөтүнө каршы нааразылыктарын билдирген.
Орус революциясынын (1917) жеңиши Кытайга зор таасир тийгизген. Кытайда жумушчу кыймылы күчөп, 1921-жылы Кытай Коммунисттик партиясы негизделген (ККП). 1921-жылы апрелде Кытай Республикасынын убактылуу президенттигине Сунь Ятсен шайланган. Анын «империалисттерге» каршы биргелешип күрөшүү өтүнүчү боюнча 1923-жылы Советтер Союзунан Гуанчжоуга саясий жана аскер кеңешчилери (М. М. Бородин, В. К. Блюхер ж. б.) келип, Улуттук-революциялык армиясын (УРА) түзүүгө жана курал-жарак жагынан ж. б. жардам беришкен. Кытайлыктардын империалисттерге каршы массалык күрөшү бурж.демокр. революцияга (1925—27) айланган. 1925-жылы 1-июлда Гуанчжоу өкмөтү өзүн Улуттук Кытай өкмөтү деп жарыялаган. 1926—27-жылдары УРА Гуанси, Гуйчжоу провинцияларына жана Хунань провинциясынын түштүк бөлүгүнө ревялык бийлик орнотуп, Хунань, Хубэй, Цзянси, Фуцзянь провинцияларын, Шанхай, Нанкин шаарын бошоткон. Революциялык кыймылдын кулач жайышынан жана батыш мамлекеттеринин интервенциясынан чочулаган Кытай улуттук буржуазиясы революциядан баш тарта баштаган. 1927-жылы 12-апрелде УРАнын башкы командачысы Чан Кайши башында турган Гоминьдандын оң канаты Шанхай, Нанкин, Гуанчжоу, кийинчерээк Уханга контрреволюциячыл (Ухандагы солчул гоминьданчылардын өкмөтүнө каршы) төңкөрүш уюштуруп, Улуттук өкмөт түзгөн. ККПны мыйзамсыз деп жарыялап, профсоюз жана дыйкан уюмдарын таркатып, өлкөдө «ак террор» (1927-жылдын апрелинен 1928-жылдын июль айына чейин Кытайда 337 миң революционер репрессияланган) өкүм сүргөн. 1927-жылы Кытайда Кызыл Армия жана революциялык-демократиялык бийликтин жергиликтүү органдары — Советтер түзүлгөн. ККП Кызыл Армияга таянып, Чан Кайшинин өкмөтүнө же гоминьдан режимине каршы куралдуу күрөш баштаган. 1927—37-жылдары Кытайда жарандык согуш башталган.
Жапония 1931-жылы 18-сентябрда Кытайдын түндүк-чыгышын (Маньчжурияны) басып алып, Маньчжоуго мамлекетин негиздеген. 1935-жылы япондук башкаруу топторунун Нанкин өкмөтүнө таңуулаган жашыруун макулдашуусунун негизинде Гоминьдан түндүк Кытайдагы Жапониянын басып алган аймактарын тааныган. Бирок ушундай шарттарда да Чан Кайшинин өкмөтү Кызыл Армияга каршы жортуулун уланта берген. Чан Кайшинин капитулянттык позициясы элдик толкундоолорго алып келип, Пекинде өкмөткө жана япондуктарга каршы патриоттук демонстрациялар өткөрүлгөн. 1936-жылы Гоминьдан Кытай Кызыл армиясына каршы согуш аракеттерин токтотууга мажбур болгон. 1937-жылы Жапония Кытайды толугу менен каратып алуу үчүн кайрадан кол салып, түндүк, Борбордук жана Түштүк Кытайдын маанилүү райондорун жана Пекин, Тяньцзинь, Шанхай, Нанкин ж. б. шаарын басып алган. 1937-жылы 23-сентябрда Гоминьдан жетекчилиги ККП менен кызматташуусун билдирген. 1937—45-жылдары япон баскынчыларына каршы Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. 1937-жылы 21-августта кол салышпоо жөнүндө советтик-кытайлык келишим түзүлүп, СССР Кытайга 250 млн доллар заём берип (курал-жарак ж. б. сатып алууга), 3,5 миң аскер адистерин (анын ичинде ыктыярдуу учкучтарды) жиберген (шаарларын коргоо үчүн), ошондой эле Ы. Чыгышта топтолгон куралдуу күчтөр менен япондуктардын Квантун армиясын талкалап, япондук оккупанттык режимди кулатууга көмөктөшкөн. 1945-жылы 2-сентябрда Жапония өзүнүн капитуляциясы жөнүндө актыга кол койгон. 1946-жылы 10-январдагы согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө Гоминьдан менен ККП өкүлдөрүнүн түзгөн келишимине карабастан, Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. АКШнын колдоосуна (Гоминьданга 6 млрд доллар өлчөмүндө согуштук жардам берип, Кытайдын саясий турмушун, финансы жана экономикасын көзөмөлдөгөн) таянган Гоминьдан аскерлери япондуктардан бошотулган аймактарды басып алуу аракетин жасашкан. Кытай армиясынын күчү менен 1949-жылы Кытайдын бардык аймагы бошотулуп, Чан Кайши 2 млнго жакын талапташтары менен Тайванга качып кеткен. Кытай элинин улуттук-боштондук согушу (1946—49) элдик-демократиялык революциянын жеңиши менен аяктаган.
1949-жылы 1-октябрда Кытай Эл Республикасы (КЭР) жарыяланган. КЭРди алгач СССР (1949-жылы 2-октябрь), кийинчерээк чыгыш-европ. өлкөлөр жана Моңгол Эл Республикалык тааныган. 1950-жылы январдын башында КЭР Улуу Британия, Скандинавия мамлекеттери, Афганстан, Израиль, Швейцария жана Индия менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, алардын жардамы менен согушта бүлүнгөн чарбасын калыбына келтирген. 1950-жылдары КЭРде ишканалар жана банктар мамлекеттештирилген. КЭР тышкы соодага мамлекеттик көзөмөл киргизип, бажы органдарын колуна алган. Өлкөдө адмминистрациялык-аймактык жана агрардык реформалар жүргүзүлүп, Кытай провинцияларга жана АОго бөлүнгөн. Помещиктик жерлер жоюлуп, 300 млндой жерсиз дыйкандар жердин ээси болгон. Өндүрүш кооперативдери киргизилип, ага дыйкан чарбалары, майда менчик жана кол өнөрчүлүк ишканалары бириккен. 1954-жылы Мао Цзэдун КЭРдин төрагалыгына шайланып, улутчулдук багыттагы саясат жүргүзгөн. Венгрия көтөрүлүшү (1956) жана Польшадагы саясий кризистен (1956) улам Кытай жетекчилиги өнүгүүнүн советтик моделинен баш тартып, СССРдин «десталинизм» саясатын сындаган. 1960-жылдары советтиккытайлык мамилелер начарлап, кытайлык жетекчиликте улуу державалык, улутчулдук маанай өкүм сүргөн. Мао Цзэ-дундун тобу авантюристтик «үч кызыл туу» (жаңы «генералдык багыт», «чоң секирик», «элдик коммуна») саясатын жарыялаган. «Чоң секирикти» турмушка ашыруу аракеттери Кытайдын эл чарбасын кризиске учуратып, экономиканы артка тартып, элди ачкачылыкка (Кытайда ачкачылыктан 10—14 млндон 30 млнго чейин киши өлгөн) алып келген. Маочулардын ички-тышкы авантюристтик саясаты өлкөдө, анын ичинде ККПнин жооптуу кызматкерлеринин арасында зор нааразылык туудурган. Оппозицияны жок кылуу жана элди баш ийдирүү үчүн маочулар 60-жылдардын 2-жарымында «маданий революция» уюштурган. Алар армияга жана саясий жактан тажрыйбасы жок жаштарга [хунбэйбиндер («кызыл күзөтчүлөр») менен цзаофандарга («бүлүкчүлөр»)] таянып, ККП менен КЭРдин белгилүү ишмерлерин, интеллигенция өкүлдөрүн жетекчиликтен четтетип, ККПнин көп мүчөлөрүн жазалашкан. Бардык жергиликтүү партиялык жана конституциялык мамлекеттик органдар куугунтукка алынып, жогортон дайындалган «ревкомдор» менен алмаштырылган. Профсоюздук, комсомолдук ж. б. коомдук уюмдар ишин токтотуп, борбордук жана жергиликтүү гезит-журналдар, мектеп, жогорку окуу жайлар, китепкана, музей жана театрлар жабылган. 1966-жылы август-сентябрь айларында 397 миңден ашык киши шаарлардан куулуп, Пекинде эле 1722 киши өлтүрүлгөн, 37 миң үй-бүлөнүн мүлкү тонолгон. Жалпысынан «Маданий революциянын» мезгилинде Кытайда 6 миңден ашык архитектуралык эстеликтер, анын ичинде Пекинде 4922 тарыхый жана маданий эстелик талкаланып, 2, 357 млн тарыхый китептер, 185 миң сүрөт ж. б. жок кылынган. Кытай эмес элдердин өкүлдөрүн кысымга алуу жана аларды ассимиляциялаштыруу күчөгөн. 1976-жылы 9-январда Мао Цзэдун дүйнөдөн кайткан соң, коомдук, коопсуздук уюмдар жана армиянын күчү менен «солчулдардын» таасири төмөндөгөн. «Маданий революциянын» бүткөндүгү жарыяланып, партиянын жаңы уставы кабыл алынган. 1979-жылы Кытайда экономикалык реформалар жүргүзүлүп, жетекчилик звено жаш кадрлар менен толукталган. Эл аралык соода жүргүзүү үчүн «атайын экономикалык зоналар» ачылган.
1990-жылдары КЭРдин тышкы саясатындагы маанилүү маселе — Тайвань болгон. 1992-жылы тынчтык жол менен биригүү үчүн Пекин менен Тайбэйдин ортосунда сүйлөшүүлөр башталып, 1993-жылдан соода байланыштары түзүлгөн. КЭРдин эл аралык позициясынын чыңдалышы жана Батыш өлкөлөр менен анын экономикалык жана саясий кызматташтыгынын тереңдеши Сянган (Гонконг) жана Аомындын (Макао) тагдыры жөнүндө маселенин чечилишин тездеткен. 1984-жылдын 26-сентябрында аренда жөнүндө британиялык-кытайлык келишимдин 50 жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Улуу Британия менен КЭРдин алдын ала билдирген макулдашууларынан соң, 1997-жылы Сянган, 1987-жылы 13-апрелде Кытайдын Португалия менен түзгөн келишиминин негизинде 1999-жылы Аомынь Кытайга кайтарылып берилген. Кытай Жапония (1978), Корея Республикалык (1992), Индия (1993), рФ (1994), Вьетнам (1995) ж. б. өлкөлөр менен достук жана кызматташтык мамилелерди түзгөн. 1993-жылдан Кытай рынок чарбасына өткөн.
КЭР өкмөтү ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө келишимди (1991-жылы 29-декабрда) колдоп, 1996-жылы 29-июлда ядролук куралдарга сынак жүргүзүүнү токтоткондугун билдирген. КЭР «модернизация, реформа жана ачыктык» саясатын жүргүзүү менен дүйнөдөгү глобалдуу экономика жана соода лидерине айланып, «дүйнөлүк фабрика» статусуна ээ болду. 2001-жылы КЭР Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Кытай түстүү металл, көмүр, цемент, кездеме, телевизор, мотоцикл, велосипед ж. б. продукция чыгаруу боюнча дүйнөдө 1-орунда, кант чыгаруу боюнча 2-орунда, автомобиль чыгаруу боюнча 3-орунда, электр энергиясын иштетүү боюнча 4-орунда, нефть өндүрүү боюнча 5-орунда (2007). Кытайдын «PetroChina» нефть химиялык корпорациясы жана Соода-өнөр жай банкы 2008-жылы дүйнөдөгү ири компаниялардын катарына кирген. 1990-жылдардан КЭР кылмыштуулуктун өсүшү жана коррупция менен катар наркомания, ошондой эле диний кыймылдардын (Фалуньгун сектасы) таасиринин күчөшүнө каршы күрөш жүргүзөт. КЭР 1996-жылы апрелде Шанхайда, 1997-жылы апрелде Москвада РФ, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери менен мурдагы советтик-кытайлык чек араларда куралдуу күчтөрдү кыскартуу, коопсуздук жана достук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимдерге кол койгон. 2001-жылы Кытай «Шанхай бешилтигинин» негизинде «Шанхай кызматташтык уюмун» (ШКУ) түзүү идеясын колдогон.
География.
Географиялык абалы.
Жээги булуң-буйткалуу, чыгыш жээгинде Ляодун, Шандуң, түштүгүндө Лэйчжоубаньдао сыяктуу жарым аралдар бар. Түштүгүнө жана түштүк-чыгышына түздүктүү жана дельталуу жээктер мүнөздүү.
Бийиктик амплитудасы -155 метрден (Турпан ойдуңу) 8848 метрге чейин (Непал менен чек арасындагы Жомолунгма чокусу Жер шарынын эң бийик жери). Кытайда субмеридиан багытында жаткан бир нече ири аймак өзгөчөлөнүп турат: Түндүк-Чыгыш тоолуу провинциясы; Чыгыш Кытай тоолуу провинциясы; Чинлиң Юннан тоолуу провинциясы; Түндүк Кытай бөксө тоолору жана тоолору; Түндүк-Батыш тоолуу провинциясы жана Тибет тайпак тоосу. Түндүк-Чыгыш тоолуу провинциясы Чоң жана Кичи Хинган кырка тоолорун, Ляоси тайпак тоосун, Манжур-Корей тоолорун камтыйт.
Кытайдын түндүк-чыгыш четинде Ортонку Амур ойдуңу, анын түштүк-батышында тоо аралык ири түздүк Сунляо жайгашкан. Чыгыш Кытай аккумуляциялык түздүктөр облусу Улуу Кытай түздүгүн жана анын түштүгүндөгү Янцзынын ортонку жана төмөнкү агымдарын ээлеген ойдуңдарды (бийиктиги 200 мге чейин) камтыйт. Түштүк-Чыгыш тоолуу өлкөсүнө Кытайдын түштүк-чыгыш бөлүгүндө Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынан Бакбо (Тонкин) булуңуна чейин жээктей созулуп жаткан Нанлиң, Уишан ж. б. тоолор кирет. Мында жапыз жана орто бийик тоо массивдери тоо аралык ойдуңдар менен кезектешип жатат; эрозиялык тилмеленүү, батыш бөлүгүнө рельефтин карсттык формалары мүнөздүү; кырка тоолору бири-биринен тектирленген жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн.
Өлкөнүн түштүк четинде Сидзяң, Бейдзяң яжана Дуңдзяң дарыясынын дельталары пайда кылган түздүктөр жайгашкан. Чинлиң-Юннан тоолуу провинциясы Тибет тайпак тоосунун чыгыш чети менен Кытайдын түштүк чек арасына чейин жазы тилке болуп созулуп жатат. Ага Чинлиң, Юннан-Гуйджоу тайпак тоосу, Сычуан ойдуңу кирет. Түндүк Кытайдын бөксө тоолору жана тоолору (бийиктиги 500—2000 м) Шаньси тайпак тоосун жана анын чыгыш уландысы Тайханшань кырка тоосун, Лёсстуу платону, Ордос платосун, Йиншан тоолорун камтыйт. Ордос, Лёсстуу бөксө тоолорунан батышта, Куньлунь, Наньшань тоолорунан түндүктө Түндүк-Батыш тоолуу провинциясы жайгашып, рельефинде бийиктиги 3000—5000 м болгон кырка тоолор (Моңгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо тоо кыркалараы) тоо аралык ири ойдуңдар (орточо бийиктиги 900—1300 м; Жонгор түздүгү, Тарим ойдуңу, Турпан ойдуңу) менен кезектешип жатат. Кытайдын түштүк-батышында зор Тибет тайпак тоосу жайгашкан; анын чет-жакаларында бийик (600 мден жогору) жана узун тоо тармактары (Гималай, Кара-Корум, Кунлун, Нангшанг, Сина-Тибет тоолору) созулуп жатат.
Рельефи.
Кытайдын аймагы тектоникалык жактан кембрийге чейинки платформа блокторунан (Кытай-Корей, түштүк Кытай, Тарим платформалары) жана аларды бөлүп турган бүктөлүү структураларынан турат. Бүктөлүү структуралары Урал Охота, Альп Гималай жана Батыш Тынч океан кыймылдуу зоналарына кирет. Магнитудасы 8,6га чейинки жер титирөөлөр болуп турат; акыркы (магнитудасы 7,9га жеткен) катуу жер титирөө 2008-жылы 12-майда Сычуань ойдуңунун түндүк-батыш чет жакасында болуп, анда 68 миң адам өлгөн.
Кытайдын топографиясы ар түрдүү, анын аймагында бийик тоолор, тайпак тоолор, ойдуңдар жана кең түздүктөр бар. Өлкөнүн 2/3 бөлүгүн тоо кыркалары, бийик тоолор, тайпак тоолор, чөлдөр жана жарым чөлдөр ээлейт.
Кытайдын рельефи үч баскычтан түзөт. Ар бир баскычты бир же бир нече ири геоморфологиялык аймактар ээлейт, алар төмөнкү деңгээлдеги аймактарга бөлүнөт. Чоң аймактарынын (облустардын) кыргызча да аталыштары бар.
Климаты.
Кытайдын аймагы климаттык 3 алкакта мелүүн (Хуайхэ дарыясы, Чинлинг кырка тоосу сызыгынан түндүктү карай), суптропиктик жана тропиктик (Сидзянг дарыясынан түштүктү карай) алкактарда жайгашкан.
Кышында Кытайдын климатына Азия антициклону да таасирин тийгизет. Мелүүн алкакта континенттик (Түндүк Кытайдын тоолору жана платолору; түндүк-Батыш Кытай) жана муссондук (Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкө, Улуу Кытай түздүгүнүн түндүк бөлүгү) климат өзгөчөлөнүп турат; анда жылдык орточо температура —5°Сден (Үрүмчүдө) 14°Сге чейин (Шандунг жарым аралында). Жылдык температуралык амплитуда өтө жогору (Турпан ойдуңунда 70°Сге чейин). Кышы узакка созулат, катуу суук жана шамал болуп турат, кар аз жаайт (түндүгүндө жана түндүк-батышында кар дээрлик түшпөйт); январдын орточо температурасы түндүк-чыгышында 16°Сден 25°Сге чейин, Чыгыш Кытайда 6°Сден 4°Сге чейин. Эң суук жери —40°С, өлкөнүн түндүк-чыгышында катталган. Жайы ысык, июлдун орточо температурасы 20-26°С, Турпан ойдуңунда 37°Сге чейин.
Жайында циклондук аракеттер үстөмдүк кылып, түндүк-чыгышына жаан-чачынды мол алып келет, батышында жаан-чачын дээрлик жаабайт; жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү Тарим ойдуңунда 90 ммден аз; анын өлчөмү улам чыгышты карай акырындап көбөйүп, Ички Моңголиянын чыгышында 400—500 ммден жээк аймактарында 850 ммге чейин жетет. Субтропиктик алкакка муссондук жана бийик тоо климаты мүнөздүү. Муссондук климатта сезондуулук даана байкалат; кышы кургакчыл суук, жайы ысык, нымдуу, жаз жана күз мезгилдери узагыраак созулат. Январдын орточо температурасы нөлдөн 8°Сге чейин, июлдуку 26—31°С. Жайында жаан-чачын арбын түшөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү жээк аймактарында 1500 мм, Юннан-Гуйджоу тайпак тоосунда 850 мм.
Климаттын зоналуулугун Тибет тайпак тоосу кыйла бузат. Тайпак тоонун түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө январдын орточо температурасы —20°Сден -25°Сге чейин, июлдуку 6-7°С, чыгыш бөлүгүндө жогорку тартипте —8°С жана 12—14°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү өтө жогору (30°Сден ашык). Жылдык орточо жаан-чачыны чыгыш бөлүгүндө 250—750 мм, батыш бөлүгүндө 100—200 мм жана андан аз. Тропиктик климаттык алкак Сидзянг дарыясынан түштүктү, түндүк Кытай деңизинин жээгин 25° түндүк кеңдикке чейин, ошондой эле Тайвань, Хайнань аралын камтыйт. Январдын орточо температурасы 20-22°С, июлдуку 32°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү Тайвань аралында 2460 мм, Түштүк Кытайдын материктик бөлүгүндө 1680 мм.
Кытайдын түштүк жана чыгыш аймактары (жылына болжол менен 5 жолу) кыйратуучу тайфундардан, ошондой эле суу ташкынынан, муссондордон, цунамилерден жана кургакчылыктан жапа чегип келет. Жыл сайын жазында Кытайдын түндүк аймактарын Түндүк чөлдөрүндө пайда болгон жана Корея менен Жапонияны көздөй соккон сары чаңдуу бороондор каптап турат.
Топурагы.
Лёстуу платолору жана аллювий түздүктөрү 5 миң жылдан ашуун дыйканчылыкта пайдаланылгандыктан, табигый топурак кыртышы дээрлик калган эмес, аларда азыр маданий топурактар басымдуулук кылат. Табигый топурак кыртышынын таралуусуна кеңдик-зоналуулук, ошондой эле бийиктик алкактуулук закон ченеми мүнөздүү. Кытайдын аймагынын мелүүн алкагында кеңири таралган топурак типтери: токойдун коңур (анын ичинде күлдөшкөнү да бар), иллювийтемирлүү, сары-коңур, кара сымал шалбаа (хету), жегичтүү кара жана күрөң, мелүүн жана субтропик алкактарынын чегинде шалбаалуу күрөң, субтропиктерде аллювий жана күрүч топурактары, бозомук-күрөң, боз, чөл-талааларда коңур, каштан, тропиктерде кызыл жана сары топурактар ж. б.
Суу ресурстары.
Мөңгүлөр.
Кар чегинин бийиктиги 4460—4600 мден (Тибеттик батыш жана чыгыш чет жакаларында) 6200 м бийиктикке чейин (Тибеттин борбордук бөлүгүндө). Азыркы мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 84 миң км2 чамасында. Ири мөңгүлөрү КараКорум, Куньлунь, Наньшань, Чыгыш ТеңирТоо, Моңгол Алтайы тоолорунда.
Дарыялар жана көлдөр.
Өлкө суу ресурстарына бай; аймагынын басымдуу бөлүгү Тынч океандын (негизгилери: Янцзы, Хуанхэ, Хуайхэ, Сидзян, Ляохэ, Амур), 1/3 инен ашыгы ички алапка (Тарим, Кашкар, Яркен), Тибет тайпак тоосунун түштүгүнөн башталгандар (Меконг, Инд, Брахмапутра, Салуин) Инди океанынын, түн-батыш чет-жакасыныкы түндүк Муз океандын алаптарына кирет.
Бетинин аянты 1 км2ден ашкан 2800дөн ашык көлү бар. Тузсуз көлдөрдүн ичинен эң чоңдору жайылма тибиндеги көлдөр (Дунтинху, Поянху, Тайху), эң терең көлү Тяньчи (373 м; жанар тоодон пайда болгон). Туздуу ири көлдөрү: Кукунор, Лобнор, Нам-Цо. Муссондук мол жаан-чачындан кийин дарыялардын суусу кирип, алаамат ташкындагандыктан, алардын суу агымын жөнгө салып туруу үчүн көбүнүн нугуна дамба, гидротехникалык курулмалар жана суу сактагычтар (Хуанхэ, Хуайхэ, Янцзы дарыясынын алаптарына) курулган (мисалы, Улуу канал). Жер астындагы суунун запасы 900 млрд м3 чамасында.
Пайдалуу кен-байлыктары.
Кытайдын аймагы түрдүү кендерге бай; таш көмүрдүн, вольфрамдын, молибден-калайдын, сурьманын, сейрек жер элементтеринин, бариттин запасы боюнча Кытай дүйнөдө 1-орунду ээлейт. Ошондой эле темир, марганец, алюминий, жез, никель, цинк, коргошун, сымап, алтын, платина, фосфорит, күрөң көмүрдүн да запасы мол. Кытайдын аймагында (ошондой эле шельфтеринде да) нефтинин дүйнөлүк запасынын 2%и, табигый күйүүчү газдын 0,8%и топтолгон.
Кытай 2007-жылдан бери дүйнөдөгү эң ири алтын өндүрүүчү өлкө болуп саналат. 2013-жылы Кытайда алтын өндүрүүнүн көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 6,23% га көбөйгөн жана 428 тоннаны түзгөн. Кытай компаниялары өз өлкөсүндө да, чет өлкөлөрдө да алтын кендерин активдүү иштетүүнү улантууда.
Флорасы.
Кытайдын өсүмдүктөрү жалпы эки бөлүккө кургакчыл батышка жана нымдуу чыгышка бөлүнөт. Алардын ортосундагы чек болжол менен Тайханшань Циньлин Сина-Тибет кырка тоолору аркылуу өтөт. Нымдуулук жетишпеген батыш бөлүгүндө чөл, жарым чөл жана талаа, нымдуу чыгыш бөлүгүндө, жергиликтүү өсүмдүк курамында токой, токойлуу талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуулук кылат. Кытайдын чөлдөрү өсүмдүктөрүнүн өтө суйдаңдыгы менен өзгөчөлөнөт; ага бадалча (шыбак) жана бадал (караган) жамаатташтыктары мүнөздүү. Кумдуу чөлдөрүндө сөксөөл, дарак сымал баялыш, чекенде өсөт. Тарим ойдуңунун кыйла бөлүгүндө, Алашань чөлүндө жана Тибет тайпак тоосунун түндүгүндө өсүмдүк дээрлик өспөйт. Гобинин бийик түздүктөрүндө жана Ички Моңголияда чөл өсүмдүктөрү кургак талаанын жана жарым чөлдүн кылкандуу өсүмдүк-бадалчалуу жана бадалдуу жамааттыктары менен алмашат. Алашан чөлүнүн чыгыш бөлүгүнөн Ордос платосунун батыш бөлүгүнө чейин чөлдөшкөн талаа созулуп жатат. Шор баскан оёң жерлерди галофит өсүмдүктүү жана баялыштуу чөлдөр ээлейт. Бир аз нымдуураак жерлеринде (Лёсс платосунун түндүгүндө, Ички Моңголияда, өлкөнүн түндүк-батышындагы тоо этектеринде) чымдуу-кылкан өсүмдүктөрү таралган. Тибет тайпак тоосуна бийик тоонун кылкандуу-өсүмдүк-бадалчалуу чөл жана суук талаасы мүнөздүү (анда альп шалбаасы, жаздык сымал жана бадал өсүмдүктөрү да кездешет); тайпак тоонун (5атыш бөлүгүндө бадалчалуу жана суйдаң чөп өсүмдүктүү бийик тоо муздак чөлү басымдуу. СинаТибет тоолорунун бийик бөлүгүнө альп шалбаасы кездешкен жапыз өскөн кылкан өсүмдүктүү талаа, суу өрөөндөрүнө арча, табылгы өсөт.
Токой өсүмдүктөрү (жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл аралаш токой зонасы) мурда Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш Кытайды дээрлик каптаган, бирок азыр табигый өсүмдүктөр бул аймактарда негизинен орто бийик тоолордо гана кездешет. Чоң жана Кичи Хинган тоолорунун этектерине ачык ийне жалбырактуу токой мүнөздүү, ал 1800-2000 м бийиктиктерде жалбырагын күбүүчү-кедр токойлору менен алмашат. 2500 м бийиктиктен жогору кездешкен кылкандуу же ыраңдуу өсүмдүктөр жогорулаган сайын тоо бадалдарына жана мамык чөп-эңилчектүү тундрага өтөт. Ийне-жазы жалбырактуу аралаш токой Чоң Хингандын чыгыш капталдарына мүнөздүү. Мелүүн алкактын жылуураак аймактарында жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу жана карагай-кызыл карагайлуу ийне жалбырактуу токой өсөт. Түштүк-чыгыш муссонго карата ылымта жаткан Түндүк-Чыгыш Кытайдын түздүктөрүн шалбаалуу талаа жана токойлуу талаа ээлейт. Чинлинг жана Наньлин кырка тоолорунун аралыгында, Янцзы дарыясынын ортонку жана төмөнкү агымдарында сезондуу нымдуу жазы жалбырак-ийне жалбырактуу субтропик токою таралган; анда лиана, бамбук ж. б. арбын кездешет. Токойдон жогору альп шалбаасы жатат. Юннан-Гуйджоу тайпак тоосунун түштүк-батыш бөлүгүнө, Лэйджоубандао жарым аралына, Тайвань, Хайнань аралына дайыма жашыл тропик токою, жалбырагын чала күбүүчү кургакчыл токой жана саванна мун өздүү. Сидзян дарыясынан түштүктү карай, деңиз жээктей мангр токоюнун кууш тилкеси созулуп жатат.
Кытайдын табигый ландшафты миңдеген жылдары ургаалдуу пайдаланылгандыктан, көп өзгөрүүлөргө дуушарланган. Жери түздөлүп, эгин эгилген, тоо капталдары тектирленген, канал, суу сактагыч, жолдор курулган, натыйжада аң, жарлар пайда болгон, кыртышы чөккөн, саздашкан, жемирилип эрозияга учураган. Кытайдын азыркы ландшафтын негизинен (өлкөнүн аянтынын 840/ои) табигый-антропогендик комплекстер түзүп, анда экинчи жолку ландшафттар басымдуулук кылат (61%); ландшафттардын антропогендик модификациясы аймактын 23% аянтын ээлеп, негизинен түздүктөрду жана жапыз тоолорду камтыйт. Шарттуу-жергиликтуу ландшафты (16°%) жетуугө татаал, чарбада пайдаланылбаган жерлерде гана сакталган. Экологиялык эң татаал кырдаал өлкөнүн калкынын 60% жашаган, ири шаарлары жана өнөр жай борборлору жайгашкан Чыгыш Кытайда жана Сычуан ойдуңунда түзүлгөн. Мындагы эң актуалдуу проблемаларга атмосферанын, суунун жана топурактын булгануусу, анын ичинде кислоталуу жаан-чачындын натыйжасы кирет. Азыр токой аянты кеңейтилүүдө (токой 175 млн гадан ашык аянтты ээлейт же өлкөнүн аянтынын 18°%и; 2008), жыл сайын 6 млн га жерге дарак отургузулат. Коргоого алынган 2350 табигый аймак уюшулган (анын 350су мамлекеттик корук; өлкөнүн аянтынын 15°%и). ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын тармагына коргоого алынган 26 табигый аймак (жалпы аянты 33,16 миң км2), суу-саздак жерге коргоого алынган 30 аймак кирет; 33 корук Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган: алар Тайшань, Хуаңшан тоолору, Сычуан провинциясындагы Чоң панда резерваты, Түштүк Кытай карсты ж. б.
Фаунасы.
Кытайдын жаныбарлар дүйнөсү ар түрдүү, өлкөнүн ар кайсы аймактарында: амур жолборсу, давид макакасы, чоң панда, жапон турнасы, бирма жыланы, кытай жаачысы ж.б.
Кытайдын фаунасы жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул жерде омурткалуу жаныбарлардын 6300гө жакын түрү жана балыктын 3862 түрү жашайт — бул Жер планетасындагы бардык түрлөрдүн 10% га жакыны. Кытайдын аймагында алтын маймыл, түштүк кытай жолборсу, күрөң тоок, кызыл буттуу ибис, ак дельфин, кытай аллигатору жана фаунанын сейрек кездешүүчү өкүлдөрү кездешет.
Саясий түзүлүшү.
Кытай — унитардык мамлекет.
Конституциясы 1982-жылы 4-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы советтик типтеги республикалык Мамлекеттик бийликтин жогорку органы Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун сессиялары жылына бир жолу чакырылат, сессиялардын аралыгында мыйзам чыгаруу укугуна ээ болгон туруктуу комитет (155 депутат) иштейт. ЭӨБКЧ мыйзам чыгаруучу жогорку орган, мамлекеттик бюджет жана экономикалык өнүгүү пландарын ишке ашырат. ЭӨБКЧ мамлекет башчысын КЭРдин төрагасын (ыйгарым укугу 5 жыл, дагы бир мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу) жана анын орун басарларын ж. б. дайындап, КЭРдин аткаруучу жогорку органы Мамлекеттик кеңештин (өкмөт) курамын бекитет. Мамлекеттик кеңеш ЭӨБКЧнын аткаруучу жана мамлекеттик жогорку администрациялык органы, ага бардык мамлекеттик башкаруу органдары баш иет. КЭРдин Мамлекеттик кеңеши мыйзам чегинде нормативдүү актыларды кабыл алуу укугуна ээ.
КЭРдин бийлик органдарына Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) жетекчилик кылат. ККП өкүлдүк органдары аркылуу мыйзам чыгаруу ж. б. чөйрөлөрдө өзүнүн саясатын жүргүзөт. КЭРде көп партиялуу система орун алган. ККПден тышкары 8 саясий партия (жалпы саны 600 миңдей) бар.
2024-жылдын апрелинде КЭРде жогорку мамлекеттик жана партиялык кызматтарды бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
Сот бийлиги.
Жогорку соту болуп Жогорку Элдик сот саналат. Биринчи инстанциядагы соттор жана кассациялык соттор — эл соттору. Прокурордук көзөмөлдү Жогорку Элдик прокуратура жана элдик прокуратуранын жергиликтүү органдары жүзөгө ашырат.
Жергиликтүү бийлик.
Эл өкүлдөрүнүн атаыйн жыйындары мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары болуп саналат, туруктуу комитеттер туруктуу иштөөчү жергиликтүү органдар болуп саналат (болуштуктарда жок), жергиликтүү элдик өкмөттөр жергиликтүү аткаруучу-тескөөчү органдар болуп саналат.
Тышкы саясаты.
Кытайды батыш өлкөлөрү КЭДР колдогону үчүн тышкы саясатын сынга алышууда. КЭР салыштырмалуу нейтралдуу позицияны карманып, Кытайдын дүйнөлүк саясаттагы ролун бекемдөөгө багытталган тышкы саясатты жүргүзөт.
КЭР — Кыргызстан.
Кытай алгач мурдагы СССРдин республикаларына көз карандысыздыкты берүүгө терс көз карашта болгон жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч катары көргөн.
Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн.
КЭР — БУУ.
КЭР 1971-жылдан бери БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү. Бирок 1982-жылдан тартып гана КЭР БУУнун Тынчтыкты сактоо операцияларын каржылоого катыша баштаган жана 1990-жылы Кытайдын биринчи аскердик байкоочулары БУУга жөнөтүлгөн.
2003-жылдын мартында 111 кытай жарандары чет өлкөлөрдө тынчтыкты сактоо ишмердигинде кызмат өтөгөн, ал эми 2011-жылдын сентябрында Кытай сактоо контингентинин саны боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн арасында биринчи орунду жана дүйнөдө 15-орунду ээлеген.
КЭР БУУнун мүчөсү катары БУУга мүчө 14 мамлекет жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары 1 мамлекет тарабынан таанылбайт. Бул мамлекеттер өз кезегинде Кытай Республикасын расмий Кытай катары тааныган: Белиз, Гаити, Гватемала, Гондурас, Маршалл аралдары, Науру, Никарагуа, Палау, Парагвай, Сент-Винсент жана Гренадиндер, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Тувалу, Эсватини, Ватикан.
КЭР — АКШ.
Бул өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу дипломатиялык мамилелер 1979-жылы 1-январда түзүлгөндөн бери ондогон жылдар өттү. Бул мезгилде АКШ-Кытай мамилелери достук да, кастык да болгон эмес. Бул мамилелердин мүнөзүнө ар кандай аныктамалар бар: «жалган өнөктөштүк мамилеси», «дос да, душман да эмес» же «бир төшөктө жатып, ар кандай түштөрдү көрүү».
Бээжин Вашингтонго карабай, Иран жана Түндүк Корея менен курал-жарак жана технология багыты боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарып, Тайвань маселеси боюнча катуу жана бир жактуу позицияны карманат. Мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин көйгөйлөрдүн бири Америка Кошмо Штаттарына Кытай эмигранттарынын санынын өсүшүү болуп саналат.
АКШ-Кытай мамилелеринин негизги көйгөйү Тайвань маселеси бойдон калууда.
КЭР — ОФ.
Бул өлкөлөрдүн ортосундагы бардык тармактар боюнча расмий түрдө жакшы мамилелер сакталып турат. Бул мамлекеттердин ортосунда кызматташуу жөнүндө көптөгөн стратегиялык келишимдерге кол коюлган.
2001-жылы 16-июлда КЭР төрагасы Цзян Цзэминдин демилгесинин негизинде Кытай менен Орусиянын ортосунда достук жана кызматташтык келишимине кол коюлган.
2001-жылы Шанхай кызматташтык уюму түптөлгөн.
КЭР — Индия.
Индия менен Кытай 2000 жылдан ашуун убакыттан бери өз ара мамилелерин сактап келишет. Кытай менен Индия дүйнөдөгү эң байыркы цивилизациялардын катарына кирет жана миңдеген жылдар бою бири-бирине жанаша жашашат.
Азыркы мамилелери 1950-жылы Индия Кытай Республикасы (Тайвань) менен байланыштан баш тарткан өлкөлөрдүн бири болгон жана КЭР материктик Кытайдын мыйзамдуу Өкмөтү катары тааныганда КЭР менен Индиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн.
Кытай менен Индиянын ортосундагы чек ара маселелери үч ири аскердик да жаңжалга алып келген: 1962-жылы, 1967-жылы жана 1987-жылы.
Аймактык маселелер.
Кытай Эл Республикасы коңшулары Индияга, Кытай Республикасына, Жапонияга жана башка мамлекеттерге карата аймактык дооматтарды коюп келүүдө.
КЭР Кытай Республикасын (Тайвань) толугу менен оөз курамында деп эсептейт жана Тайванды тааныган мамлекеттер менен дипломатиялык, саясий мамилелерин үзгөн.
Тайвань.
Тайвань экономикасы өнүккөн региондорго кирет. Региондук дүң продукциясынын (РДП) көлөмү 757,2 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 33 миң доллардан туура келет. РДПнин өсүү темпи 1,7% (2008). РДПнин структурасындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 71,1%, өнөр жай менен курулуштуку 27,4%, айыл, токой чабаларыныкы жана токой промыселдериники 1,5%. Иштеп чыгуучу өнөр жай алдынкы орунда (өнөр жай продукциясынын дүң наркынын 94,8%и); негизги тармактары: машина куруу, химия, металлургия. Жогорку технологиядагы тармактар өтө тез өнүгүүдө, ага өнөр жай продукциясынын наркынын 60%ке жакыны туура келет, ошондой эле оптика-электрондук жана микро биология продукциялары да кирет. Көмүртектүү суутек энергетикалык ресурстарына болгон муктаждыктын 98%и сырттан алынып келинет. Континенттик шельфтен суткасына 10,6 миң баррель нефть өндүрүлөт, ал эми ички керектөөгө суткасына 950,5 миң баррель жумшалат. Керектелчү нефтинин негизги бөлүгүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн алат. 2007-жылы континенттик шельфтен 400 млн м3 табигый газ өндүрүп алган. 62 млн тонна көмүр сырттан, негизинен Австралиядан, Кытайдын башка региондорунан, ошондой эле Индонезиядан алат. Электр-станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 45,1 миң МВт (2006). Өндүрүлгөн электр-энергиясынын (235,3 млрд кВт.с) 78,2%и ЖЭСке, 18,1%и АЭСке, 3,7%и ГЭСке таандык; 3 АЭС иштейт. Кара металлургиясы сырттан алынып келинген коксталуучу көмүр жана темир рудалары менен иштейт. Болот, жез, алюминий, коргошун, цинк өндүрөт. Машина куруунун негизги тармагы — электроника өнөр жай Жабдуу, анын ичинде микросхеманын бүт түрүн, ошондой эле компьютердик, оптика-электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды, ноутбук (дүйнөлүк рыноктун 1/3ине жакыны), мобилдик телефон ж. б. чыгарат. Электр-техника өнөр жайынын эң негизги продукцияларыору (анын ичинде муздаткыч, кир жуугуч машина). 2007-жылы 283 миң автомобиль (анын 96%и жеңил автомобиль) чыгарган. Алар негизинен чет өлкөлүк фирмалар менен бирдикте же алардын линцензиясы менен чет элдик автомобиль маркаларын ( мисалы, «Nissan», «Buick», «Hyundai», «Toyota» ж. б.) чыгарат. ошондой эле мотоцикл, скутер, автомобиль жана мотоцикпге тетиктерди, велосипед ж. б. экспорттойт. Химия өнөр жайынын башкы тармагы — нефть-химия; пластика, этилен, синтездик була, дары дармек, биотехнол. продукцияларды чыгарат. Жеңил өнөр жайынын текстиль тармагы өнүккөн. Текстилди Кытайдын башка региондоруна, ошондой эле АКШ, Вьетнам ж. б. өлкөлөргө сатат.
Тайвандын жеринин 1/4и айыл чарбасында пайдаланууга жарактуу. Күрдүү топурагы, жетиштүү нымы анда түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт. Дан эгиндеринин эң негизгиси — күрүч (шалы). Шалы эгилген жердин аянты 256 миң га, түшүмү 1,41 млн тонна (2007); экспортко чыгарат. Андан сырткары бал камыш, чай, мөмө-жемиш, жашылча, гүл өстүрүп, продукцияларын экспорттойт. Мал чарба продукциясы (негизинен чочко жана куш эти, жумуртка) ички муктаждыкты канааттандыра албагандыктан, аны негизинен импорттоп алат. Айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында жаңы технологияны колдонуу, фермерлерди колдоо, жаштарды айыл жерине тартуу (элет туризмин өнүктүрүү) боюнча ж. б. иш-чараларды жүргүзүүдө. Кармалган балыктын жана деңиз продукцияларынын 1/3и экспортко кетет.
Тейлөө наркынын структурасында чекене жана дүң соода 26,2%, администрациялык тейлөө 14,4%, финансылык тейлөө жана камсыздандыруу 14,1%, кыймылсыз мүлк операциясы 11,4%, транспорт жана кампа чарбасы 8,4%, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздандыруу 4,2%, илимий-техникалык тейлөө 3,8%, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу 3,0%, билим берүү 2,5%, калган тейлөөлөр 12,0%ти түзөт. жергиликтүү коммерциялык 39 банк (3313 филиалы менен), 32 кытай жана чет элдик банк (бөлүмдөрү менен), кредиттик кооперативдер ж. б. иштейт. Тайванда транспорт тармагы өнүккөн. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 40,3 миң км, темир жолунуку 1438 км. Тайбэйде, Гаосюнде метрополитен иштейт. Эл аралык 7 деңиз порту бар. Деңиз соода флоту 635 кемени камтыйт, анын 11и Сянгандын, 525и Панама, Либерия, Сингапур ж. б. өлкөлөрдүн желектери менен жүрөт. 18 аэропорту бар; анын экөө эл аралык мааниде.
Экспортко негизинен электрондук өнөр жай продукцияларынын, автомобиль тетиктерин жана запастык бөлүктөрүн, тиричилик-электр приборлорун, химикат, пластика, дары-дармек, текстиль продукциясын чыгарып, сырттан негизинен электрондук приборлордун тетиктерин, машина жана жабдууларды, нефть, органикалык химия продуктуларын, металл алат. Негизги соода шериктери: Жапония, Кытайдын башка региондору (Сянган, Аомынь кошо), Түштүк-Чыгыш өлкөлөрү (Тайланд, Малайзия, Индонезия, Филиппин, Сингапур, Вьетнам), АКШ, Европа кызматташтыгына кирген өлкөлөр, Корей Республикасы.
Куралдуу күчтөрү.
Кытай дүйнөдөгү эң ири куралдуу күчтөргө ээ. Ядролук куралдуу мамлекет болуп саналат.
XXI кылымда Кытайдын аскердик чыгымдары туруктуу өсүп жатат, мисалы, 2004-жылы Кытайдын коргонууга болгон бюджети 2003-жылга салыштырмалуу 11,6% га өскөн.
2016-жылга карата Кытайдын элдик боштондук армиясынын саны 2 183 000 адамды түзөт. Алардын ичинен армияда 1 150 000, флотто 240 000, авиацияда 395 00, стратегиялык багыттагы ракеталык аскерлер бөлүгүндө 175 000, башка кызматтарда 150 000 адам кызмат өтөйт.
Административдик-аймактык түзүлүшү.
Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономиялык районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.
КЭР Конституциясында де-юре үч деңгээлдүү административдик бөлүнүш каралган: провинциялар (автономиялуу райондор, борборго баш ийүүдөгү шаарлар), уезддер жана болуштар. Бирок, иш жүзүндө материктик Кытайда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун беш деңгээли бар (Гонконг, Макао жана Тайванды кошпогондо):
Ири шаарлары.
Бээжин.
Шаар Түндүк Кытай түздүгүнүн түндүк-батыш четинде жайгашкан жана батышындагы, түндүгүндөгү тоо кыркалары менен курчалган. Бээжинге мелүүн континенттик климат жана мезгилдердин так өзгөрүп турушу мүнөздүү.
Калкынын саны — 11,716,620 адам.
Тяньцзинь.
Тяньцзинь Түндүк Кытайга таандык, Бохай булуңунан алыс жайгашкан. 96 чакырым түндүк-батышындагы Бээжин борбор шаары менен жогорку ылдамдыктагы темир жол аркылуу байланышкан.
Калкынын саны — 11,090,314 адам.
Шанхай.
Шанхай өлкөнүн ортосунда деңиз жээгин бойлой жайгашкан. Шаар ыңгайлуу транспортко жана кеңири ички мейкиндикке ээ, стратегиялык жактан ыңгайлуу жайгашкан ири дарыя жана деңиз порттору дагы ушул шаардан орун алышкан.
Калкынын саны — 22,315,474 адам.
Чунцин.
Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү борборго баш ийүүдөгү шаар, бул категориядагы төрт кытай административдик бирдигинин ичинен аянты боюнча эң чоңу.
Калкынын саны — 7,457,600 адам.
Гонконг.
Гонконг же Сянган — Кытай Эл Республикасынын атайын административдик району, Азиядагы жана дүйнөдөгү алдыңкы каржы борборлорунун бири.
Калкынын саны — 7,474,200 адам.
Макао.
Макао же Аомынь — Кытай Эл Республикасынын курамындагы автономдуу аймак. Мурдагы Португалия колониясы.
Калкынын саны — 712,651 адам.
Расмий тилдери — китай тили жана португал тили.
Калкы.
Кытайда 56 этностук топ расмий катталган. Сина-тибет тилдеринде сүйлөгөндөр өлкөнүн калкынын 94,3/ин түзөт, анын 91,5°%и кытайлар (хань), 0,8%и хуэйлер, 0,2%и байлар; тибет-бирма элдери 1,8%ти түзүп, негизинен Түштүк-Батыш Кытайда жашайт. Тай-кадай тилиндегилер (негизинен Түштүк Кытайда) 2,3%ти, мяо-яо тилиндегилер (Түштүк Кытайда) 0,9%ти, алтай тилиндегилер (негизинен түндүк жана Түндүк-Батыш Кытайда) 2,2%ти, түрк элдери (уйгур, казак, кыргыз, салар, юйгу, өзбек, татар) 0,8%ти, моңгол элдери 0,5%ти, корейлер (Кытайдын түндүк-чыгышында) 0,2% ти түзөт. ошондой эле Кытайдын түндүк-батыш чет-жакаларында памирликтер (сарыколдуктар, вахандыктар), Түштүк Кытайда австралия-азия тилинде сүйлөгөндөр, мон-кхемерлер, вьеттер (цзин), Тайванда австронезиялык-гаошандар жашайт. Кытайдын калкы дүйнөнүн калкынын 1/5 бөлүгүн түзөт.
Кытайдын калкынын санынын тез темп менен өсүшүнө байланыштуу (1953-жылы 594,4 млн; 1964-жылы 694,6 млн; 1982-жылы 1008,2 млн; 1990-жылы 1133,7 млн; 2000-жылы 1265,8 млн) өлкөдө төрөлүүчү чектөө боюнча ырааттуу демографиялык саясат жүргүзүүгө туура келет. 1980-жылдардан бир балалуу үй-бүлөнү колдоо максатында төмөнкү комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылууда: ай сайын жөлөк пул төлөө, квартираны кезексиз алуу, баланы бала бакчада акысыз тарбиялоо, жогорку окуу жайларга кирүүгө, жумушка орноштурууда артыкчылыктарды берүү ж. б. Экинчи бала төрөлгөндө жогорудагы жеңилдиктер бүт алынып, ал үй-бүлөгө айып пул салынат. Кытайдын көп региондорунда кары курактагылардын көбөйө баштагандыгына байланыштуу 2007-жылы айрым үй-бүлөлөргө 2 балалуу болууга уруксат берилген. 1987-жылдан төрөлүүнүн саны кыскара башгаган (2007-жылы 1000 адамга 12,1 бала), өлүм-житим дээрлик туруктуу (2007-жылы 6,9). Калктын табигый өсүү темпи кыйла басаңдап, 2007-жылы 5,3тү түзгөн, бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо деңгээлден 2 эсе төмөн. Өлкөнүн демогр. саясатынын стратегиялык максаты 2040-жылы калктын санынын өсүшүн нөлгө жеткирүү (кытай демографтарынын эсеби боюнча Кытайдын калкынын саны 21-кылымдын орто ченинде 1,5—1,6 млрдга жетет). Расмий маалыматтар боюнча сырткы миграция сальдосу терс мааниде (1000 адамга 0,39); чет өлкөлөрдө 475 миң кытай жарандары убактылуу жашап (негизинен Жапония, Сингапур, түштүк Корея ж. б. Азия өлкөлөрүндө контракт менен иштейт), 134 миң студент окуйт. Жашыруун эмиграциянын масштабы да зор.
Кытайда 100 аялга 103 эркек туура келет. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-59 жаш) 67,8%ти, 60 жаштан өткөндөр 14,3%ти түзөт (2007). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы 72,9 жыл (эркектердики 71,1, аялдардыкы 74,8 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 137 адам. Калк өлкөнүн чыгыш аймактарына, айрыкча Хуанхэ, Янцзы дарыясынын өрөөндөрүнө жана дельталарына жыш отурукташкан. Шанхайда калктын жыштыгы 1 км2 жерге 2880, Цзянсу провинциясында 740 адам туура келет. Өлкөнүн батышындагы тоолуу жана чөлдүү аймактарда калк салыштырмалуу сейрек отурукташкан (эң сейрек отурукташкан аймак Тибет автономия району, 1 км2 жерге 2,3 адам туура келет).
Шаар калкынын үлүшү (2007-жылы 44,9%) айыл калкынын шаарга миграциясынын жана шаарлардын чегинин кеңейишинин (ошондой эле айыл-кыштактарга шаар статусун берүүнүн) эсебинен туруктуу өсүүдө. 2020-жылы шаар калкынын үлүшү 57%ке жетээри божомолдонууда. Кытайда 656 шаар, 20 миңге жакын шаарча бар (2007). Шаар калкынын 1/2нен ашыгы борборго баш ийген шаарларда, Түндүк-Чыгыш Кытайдын жана айрым жээк провинцияларынын шаарларында жашайт. Кытайдын эң ири шаарлары (2009; шаар айланасы менен, миң адам): Шанхай (17 783), Пекин (12 230), Сянган (Гонконг; 9102), Чунцин (7707), Шэньян (Мукден; 6580), Тяньцзинь (6389), Гуанчжоу (Кантон; 5711), Сиань (5132), Ханчжоу (4917), Харбин (4885), Шаньтоу (4747), Ухань (4696), Чэнду (4636), Нанкин (4313), Цзинань (3405), Чанчунь (3052), Шицзячжуан (3022), Тайюань (2787), Таншань (2756), Цзыбо (2736), Далянь (2709), Куньмин (2459), Циндао (2452), Гуйян (2420), Аньшань (2295), Чанша (2267), Уси (2226), Чжэнчжоу (2216), Наньчан (2188), Гирин (Цзилинь; 1956), Синьян (1904), Ланьчжоу (1865), Даньдун (1711), Чжаньцзян (1635), Сюйчжоу (1611), Үрүмчү (1601) ж. б.
Тайвандын калкынын санынын өсүү темпи бара-бара басаңдоодо (1952-жылы 8,1 млн; 1980-жылы 17,8 млн; 1990-жылы 20,4 млн; 2000-жылы 22,3 млн; 2008-жылы 23,1 млн). 21-кылымдын башында калктын өсүү темпи 0,24%ке чейин төмөндөгөн (2008). Калкынын демогр. негизги өзгөчөлүгү — төрөлүүнүн төмөндүгү (2008-жылы 1000 адамдан 9,0 бала төрөлгөн). Өлүм-житимдин аздыгы — мурда калктын табигый өсүү темпи, ошондой эле жашоо шартынын сапатынын жогору болгондугун айгинелейт. Тайвандын калкынын курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15—64 жаштагылар) 72,2%ти, 65тен өткөндөр 10,5%ти түзөт. Орто эсеп менен 100 аялга 102 эркек туура келет. Калкынын жашынын орточо узактыгы 77,8 жыл (эркектердики 74,9, аялдардыкы 80,9 жыл). Сырткы миграциясы анча көп эмес; миграция сальдосу оң мааниде — 1000 адамга 0,04. Тайванга жумуш издеп келгендердин саны көбөйүүдө. Тайвань — калк жыш отурукташкан провинция; калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 637,9 адам туура келет. Урбанизация жана субурбанизация процесстери ургаалдуу өнүгүүдө. Шаар калкы 90%тей. Негизги шаар агломерациялары (2008; миң адам): Тайбэй (калкы 8325,2 — Тайвандын калкынын 36%тен ашыгы), Гаосюн (2686,5), Тайчжун (2224,5), Тайнань (831,4).
Иммиграция.
Кытайда эмгек акынын, жашоо деңгээлинин жогорулаганы сайын, Азиянын жана Европанын жакыр өлкөлөрүнөн калктын Кытайга келип отурукташы курч алууда. Келгендендин басымдуу бөлүгү Таиланд, Мьянма, Вьетнам, Камбожа, Лаос, Индия, Индонезия, Орусия, Украина, Грузия ж. б. өлкөлөрдүн жарандары болуп саналат.
Диний курамы.
Кытай Эл Республикасы Конституциясы боюнча динден тышкары мамлекет болуп саналат.Маданий революциянын жылдарында Кытайда динге тыюу салынган.
Кытайдын калкынын басымдуу бөлүгүнө синкретизм религиясы мүнөздүү: конфуцийчилик, даосизм, буддизм.
Ислам динин Кытайда 20 миллиондой адам тутат жана мамлекеттин аймагында миңден ашык мечит бар.
Тили жана жазуусу.
Хань элинин өз оозеки жана жазуу тили — кытай тили (путунхуа). Бул тил өлкөдө жана анын чегинен тышкары жерлерде да колдонулат. Кытай тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 1 миллиард адамдан.
Кытайда жашаган 55 улуттардын көпчүлүгүнүн өз тилдери бар.
Коммунисттик башкаруу башталганга чейин, негизинен кытай тилин колдонгон хуэй (дунган), манжур жана шэ элдеринен тышкары, өз улуттук тилинде монголдор, тибеттиктер, уйгурлар, корейлер, казактар, сиболор, тайлар, өзбектер, кыргыздар, татарлар жана орустар сүйлөгөн жана жазышкан.
Наси, миао, цзин полису, ва, лаху элдеринин өз жазуулары болгон, бирок алар кеңири колдонулган эмес. Калган 34 этникалык топтордун жазуулары болгон эмес.
КЭР түзүлгөндөн кийин Өкмөттүк программанын алкагында 10 этникалык топтор үчүн жазуулары системалаштырылган.
Иероглифтери.
Кытай жазуусу (иероглифика) — Шан династиясынын төлгө сөөктөрүндөгү (биздин заманга чейинки XVI—XI к.к.) сөздөрдү алмаштырган жана божомолдоо үчүн колдонулган белгилердин жана буюмдардын стилдештирилген сүрөттөрүнөн өз башатын алат. Жазуу материалдарындагы өзгөрүүлөргө карабастан, Кытай тамгалары байыркы мезгилдегидей эле бойдон калууда.
Гезитти окуу үчүн кеминде 3000 иероглифти билүү керек, ал эми билимдүү адам 5000ден ашык иероглифти билет. 1913-жылдан бери путунхуа диалектиси (мандарин) Кытайда расмий оозеки тил катары колдонулуп келет, бирок кытай тилинде кеминде 7 аймактык диалектиси бар, алар айтылышы боюнча абдан айырмаланат, ошондуктан сүйлөшүүдө Кытайдын ар кайсы аймактарындагы адамдар бири-бирин түшүнүшпөйт. Бул өзгөчөлүктөргө карабастан, баардык диалектерди бирдиктүү иероглифтик жазуу тутуму бириктирет.
Кытай иероглифтери пиктографиялык, идеографиялык жана фонетикалык элементтерден турушу мүмкүн. Иероглифтерде бир же бир нече радикалдар (же ачкычтар), ошондой эле кошумча белгилер болушу мүмкүн.
Экономикасы.
Кытай — дүйнөдөгү эң ири жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (б991млрд доллар) боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки 2орунду ээлейт (дүйнөлүк ИДПнин 10,8%и). Аны киши башына бөлүштүргөндө 5292 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,777 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээлейт). ИДПнин структурасында өнөр жай менен курулуштун үлүшү 49,2%ти, тейлөө чөйрөсү 39,1%ти, айыл чарбасы 11,7%ти түзөт. Кытайдын экономикасынын маанилүү жана өнүгүп жаткан сектору — өнөр жайы өнөр жай продукциясынын наркынын 86,7%ин иштеп чыгуучу, 6,1 %ин тоо кен, 7,2%ин электр-энергетика, жылуулук, газ жана суу менен камсыз кылуучу тармактары түзөт (2006). Иштеп чыгуучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу жана металл иштетүү, химия (нефть-химия, химияфармацевтика), кара жана түстүү металлургия, жеңил жана тамак-аш. Негизги өнөр жай тармактарында маанилүү орунду көп профилдүү мамлекеттик ири корпорациялар түзөт.
Каржы системасы.
Кытай дүйнөдөгү эң маанилүү валюталардын бирине ээ. Дүйнөлүк валюта резервдеринин жарымыны Кытайга тиешелүү.
Кытайдын улуттук валютасы — юань жэньминьби. Кытай тилинде «юань» деп башка валюталардын базалык бирдигин аталат, мисалы, Кыргыз сому «сом юань», АКШ доллары «мэй юань» ж.б.
Кытайдын банк тутуму Элдик банктан (борбордук банк), «саясий» (б.а. коммерциялык эмес) банктардан, мамлекеттик коммерциялык банктардан, акционердик банктардан, шаардык коммерциялык банктардан жана банктык эмес финансылык мекемелерден турат. Шаардык жана айылдык кредиттик кооперативдер, ошондой эле инвестициялык ишеним компаниялары да иш алып барышат.
2005-жылдын 21-июлунда Кытай юандын курсун долларга байлоодон баш тартып, улуттук валютанын курсун 2% көтөргөн. Эми юандын курсу анын бивалюталык себетке болгон мамилесинин негизинде аныкталат.
Кытай юанды резервдик валюта кылууну пландадоо.
"China UnionPay" (CUP) — Кытайдын жалгыз улуттук төлөм системасы. Ал 2002-жылы КЭРдин Элдик банкынын (борбордук банк) колдоосу менен негизделген. Төлөм системасы дүйнөнүн 177 ашык өлкөлөрүндө иштейт.
Телекомминикация жана байланыш.
1991-жылы Кытайдын телефондоштуруу деңгээли 1,29% гана түзгөн, ал эми 2002-жылы ал 30% га жеткен. 2013-жылдын январь айынын аягында зымдуу жол менен кошулган абоненттердин саны 280 миллионго жетип, Кытай дүйнөдөгү эң ири абоненттердин саны бар мамлекет болуп саналат.
Уюлдук операторлордун абоненттеринин саны 1990-жылы болгону 18 миң адамды гана түзгөн. 2013-жылдын январь айынын аягына карата бул көрсөткүч 1,12 миллиардга жетип, дүйнөдөгү биринчи орунга жеткен.
Энергетика.
Керектелген энергиянын 70,2%и көмүргө (күрөң жана таш көмүр), 20,6%и нефтиге, 3,0%и табигый газга, 5,5%и гидроэнергияга, 0,7%и атом энергиясына туура келет. 2007-жылы 186,7 млн тонна нефть өндүрүлгөн. Нефтинин 2/ си өлкөнүн түндүк-чыгыш жана түндүк-батыш бөлүктөрүндө, 15%тейи Сары деңиздин Бохай булуңундагы, ошондой эле Түштүк Кытай деңизиндеги шельфттерден өндүрүлөт. Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Кара-Май кенинде эзелтен эле нефть (2007-жылы 12 млн тонна ) өндүрүлгөн. Ө. ж-нын тез өнүгүп жаткан тармагы — нефтини кайра иштетүү өнөр жай; нефть ылгоочу здорунун кубаттуулугу 7029 миң баррель. суткасына; 2006-жылы 195 млн тонна нефть продукциялары, 2007-жылы 69,3 млрд м3 күйүүчү табигый газ өндүрүлгөн; газ өндүрүлүүчү негизги региондор: Шинжаң-Уйгур автоном району (Тарим нефть-газ бассейни ж. б.), Сычуань, Шэньси провинциялары ж. б.; табигый газ, ошондой эле түштүк Кытай деңизинин шельфинен да өндүрүлөт. Кытай көмүр казып алуунун көлөмү (2007-жылы 2536 млн тонна; дүйнөлүк казып алынган көмүрдүн 40%ке жакыны) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт. Көмүрдүн басымдуу бөлүгү жер астынан казылып алынат. Көмүр кенинин көбү өлкөнүн түндүгүндө жана түндүк-чыгышында жайгашкан. Атом өнөр жай ургаалдуу өнүгүүдө. Өндүрүлгөн уран рудасы (2006-жылы 840 тонна) өлкөнүн атом энергиясына болгон муктаждыгынын 1/2ин камсыз кылат (уран концентратын Казакстан, Канада, Россия, Намибия ж. б. өлкөлөрдөн алат). Төрт АЭСте 11 атомдук реактор иштейт (2008). Электр энергетикасынын үлүшүнө өнөр жай продукциясынын наркынын 6,8%и туура келет. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 700 миң МВтдан ашык (2007). 2007-жылы 3256 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (АКШдан кийнки 2-орунда); анын 83%и ЖЭСке, 14%и ГЭСке, 2%и АЭСке, 0,1%и шамал курулмаларына, 0,9%и энергиянын башка булактарына таандык. Дүйнөдөгү эң ири ГЭС — «Санься» («Үч капчыгай») Янцзы дарыясында курулган (2009). ГЭСтин 26 энергия блогунун жалпы аныкталган кубаттуулугу 18,2 миң МВт. ГЭСтин суу сактагычын (узундугу 660 км, орточо жазылыгы 1,1 км) курууда 27,8 миң гадан ашкан жер суу астында калган, 1,5 млндой адам башка жакка көчүрүлгөн. Башка ири ГЭСтери: «Лунтань» (4,9 миң МВт), «Эртань» (3,3 МВт), «Гэчжоуба» (2,7 МВт) ж. б. Хуанхэ дарыясында 18 гидротүйүн иштейт; ошол эле дарыяда 7 плотина курулууда (2009). Кытай чакан ГЭСтердин жалпы саны (аныкталган жалпы кубаттуулугу 40 миң МВтдан ашкан 40 миң чакан ГЭС) боюнча дүйнөдө алдынкы орунда; алар негизинен айыл калкын электр энергиясы менен камсыз кылат. Кытайдын 6 энергия системасы (Чыгыш, Түндүк, Түндүк-Чыгыш, Борбордук, Түндүк-Батыш, Түштүк Кытай) бириктирилген. Электр өткөргүч линиясынын (чыңалуусу 220 КВ жана андан ашкан) жалпы узундугу 291,4 миң кмден ашуун (2007).
Металлургия.
Кара металлургия өлкөнүн өнөр жайынын негизги тармактарынын бири; анын продукциясынын негизги түрлөрүнүн өлчөмү боюнча Кытай — дүйнөдөгү эң алдынкы өлкө. Ишканалары негизинен жергиликтүү сырьёлорду жана отунду пайдаланат. Темир (292 млн тонна; казып алуучу негизги райондору: Хэбэй, Ляонин, Сычуань, Шаньдунь провинциялары, Ички Моңголия; Аньшань темир кен таш бассейни ж. б.) марганец (11 млн тонна; дүйнөдө алдынкы орунда), хромит (ички керектөөнүн 12—15%ин гана канааттандырат), ванадий (дүйнөдө 2-орунда; Сычуань провинциясы ж. б.) казылып алынат. 2007-жылы 328 млн тонна кокс өндүрүлгөн (дүйнөлүк өндүрүштүн 60%и). Чоюн (2007; 469,5 млн тонна), болот (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3 инен ашыгы), болот прокаты (468,4 млн тонна; 2006) өндүрүлөт. Өлкөнүн чыгышы кара металлургиянын эң ири борбору; эң ири металлургия комбинаттары Шанхай, Баошань, Мааньшань, Хуайнань, Нанкин ж. б. шаарларда жайгашкан. Кара металлургиянын 2-борбору — өлкөнүн түндүк-батышы (1450-жылдары Кытайдын кара металлургияга болгон муктаждыгынын 60%тен ашыгын камсыз кылган); түндүгүндөгү эң ири борбору — Пекин.
Түстүү металлургия — Кытайдын дүйнөлүк рыноктогу абалын аныктаган негизги өнөр жай тармактарынын бири. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы — алюминий өнөр жай; анын негизги сырьёсу — боксит (2006-жылы 20 млн тонна өндүрүлгөн; дүйнөдө Австралия, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт; 12%и); глинозём (19,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 20%и, Австралиядан кийинки 2-орунда), жез (873 миң тоннадай), полиметалл кенташтарынан коргошун концентраты (1330 миң тонна), цинк (2840 миң тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ 4нен ашыгы), күмүш (2,7 миң тонна; дүйнөдө 3-орунда), калай (149 миң тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 40%тейи), вольфрам (72 миң тонна кенташ; дүйнөдө өндүрүлгөн вольфрам кенташынын 80%и), молибден (41 миң тонна; дүйнөлүктүн 23%и), никель (82,1 миң тонна;), кобальт, титан, сурьма (153 миң т; дүйнөлүк экспортун 80%и), висмут (дүйнөлүк өндүрүштүн 50%тейи ), сымап (75%тейи), сейрек жер элементтери (2007-жылы 120,8 миң тонна; экспорко 49 миң тонна; негизинен Ички Моңголияда) өндүрүлөт.
Машина куруу өнөр жайы.
Машина куруунун негизги тармактары — электрондук өнөр жай, оор жана транспорттук машина куруу. Кытай машина куруунун татаал технологиялык продукцияларын (компьютер жана ага манитор, принтер ж. б., коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрү, прибор ж.б.) экспорттоо көлөмү боюнча дүйнөдө 1-орунда. Оор машина куруу өнөр жай — энергетикалык машина курууну жана электр-техникалык өнөр жайын, тоо-кен, металлургия жана нефтьхимия, нефть өндүрүүчү, нефтини кайра иштетүүчү ж. б. өнөр жай тармактары үчүн жабдууларды, жол куруу машиналарын чыгарат. Метталл иштетүүчү станокторду чыгаруу (2006-жылы 573 миң станок дүйнөдө Жапония, Германиядан кийин 3-, ички рынокто сатуу боюнча 1-орунда турат. Энергетикалык машина куруу жана электр-техникалык өнөр жай — маанилүү тармактардан; өндүрүлгөн электр-энергетикалык жабдуулардын жалпы кубаттуулугу 129,9 (2007). Бул тармактын ишканалары — ГЭС, ЖЭС жана АЭС үчүн энергия блокторун, ЖЭС үчүн буу казан, газ турбинасын, шамал энергиясы курулмасын, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу ток кыймылдаткычтарын, трансформатор, жогорку вольттуу электр приборлорун, атом энергетикасы үчүн жабдууларды ж. б. чыгарат.
21-кылымдын башында тиричилик электр-приборлорун: муздаткыч, кир жуугуч машина, кондиционер, электр чаң соргучу, микротолкун мешин чыгаруу боюнча Кытай дүйнөдө алдынкы орунга чыкты (дүйнөлүк рыноктун 1/2нен ашыгы).
Кытай — электрондук приборлорду, коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрүн көп чыгаруучу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; персоналдык жана кол компьютерлер (ноутбук), плазма жана суюк кристаллдык телевизор, түстүү телевизор, DVD, плеер, уюлдук телефон (дүйнөдө чыгарылгандын 40%тейи), интегралдык микросхема, микропроцессор, санарип сүрөт жана көрмөкамера ж. б. чыгарат.
Транспорттук машина куруунун негизги тармагы — автомобиль өнөр жай; ал автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле анын тетиктерин, агрегаттарын чыгарат. Автомобиль чыгаруу боюнча (2007-жылы 8887 миң; анын 4798 миңи жеңил машина) АКШ Жапониядан кийинки 3-орунда. Автомобиль жана мототехниканын негизги бөлүгү өлкөнүн ички рыногуна (8,8 миң) сатылат (АКШдан кийинки 2-орунда). Экспорттун өлчөмү (2007-жылы 600 миң) тез көбөйүүдө. Автомобиль өнөр жайынын өнүгүүсү чет элдик компаниялар менен биргелешкен ишканаларга байланыштуу автомобилдердин 2/3 бөлүгүнө жакыны (негизинен чет өлкөлүк моделдер) биргелешкен ишканалардан чыгат. Жылына 25,5 млн мотоцикл жана скутерлерди даярдап (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ 2ине жакыны), 8,2 млну экспортко чыгарылат.
Авиация жана космос өнөр жайы.
Авиаракета-космостук өнөр жай — ургаалдуу өнүгүп жаткан жогорку технол. тармак. Авиация өнөр жай аскердик жана жарандык продукцияларды (самолёт, вертолёт, ракета, истребитель ж. б.) чыгарат. Кытай космостук ракеталарды учуруу боюнча дүйнөдө АКШ, Россиядан кийинки Э-орунду ээлейт. Темир жол транспортун (электровоз, тепловоз, жүргүнчү жана жүк ташуучу вагон, метрополитен вагону ж. б.) чыгаруу өнүккөн, ага болгон өлкөнүн муктаждыгын толук камсыз кылат. Кеме куруу — өлкөнүн экономикасындагы эң маанилүү жана тез өнүгүп жаткан тармак. Курулган деңиз кемелеринин тоннажынын көлөмү (2007-жылы 18,9Э млн тонна дедвейт) боюнча дүйнөдө Корея Жапониядан кийинки 3-орунду ээлейт (дүйнөлүк өндүрүштүн 23%и); заказ алынган кемелердин саны (2975 кеме) боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты (2008). Үч миңге жакын кеме куруучу жана ремонттоочу ишкана иштейт. Айыл чарба машиналарын куруу ишканалары — төрт дөңгөлөктүү мини-трактор (2007-жылы 2 миңден ашык), дөңгөлөктүү жана каз таман (200 миңден ашык) трактор, өзү жүрүүчү комбайн, насос, дары чачуучу курулма, газон чөбүн чабуучу мотоблок, төмөнкү кубаттуулуктагы дизель кыймылдаткычын ж. б. чыгарат.
Химия өнөр жайы.
Химия өнөр жай продукциясынын дүң баасы боюнча машина куруу жана металлургия өнөр жайынан гана кийин турат. Кытай барит (4,2 млн тонна), флюовит (2,7 млн тонна), сал туз (45 млн тонна ), фосфорит (32 млн тонна ) өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда; химикаттарды пайдалануу боюнча АКШ,Жапония сыяктуу эле дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлейт. Кытай — массалык химиялык продукцияларды чыгаруу боюнча дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; аларга күкүрт кислотасы, кальцийлешкен сода, каустика соодасы, ошондой эле синтезделген аммиак, минералдык жер семирткич кирет. Нефть-химия өнөр жайы — этилен, поливинихлорид, метанол, бензол, пластмасса, синтездик чайыр, синтездик каучук (АШШдан кийинки 2-орунда) жана накта каучук, автомобиль жана трактор шиналарын чыгарат. Дүйнөдө өндүрүлгөн химиялык буланын 1/2и Кытайга таандык, ал өлкөнүн текстиль ө. ж-нын маанилүү сырьёсу болуп саналат; анда синтездик була (полиэфир, полиамид, полиакрил ж. б.) чыгаруу басымдуулук кылат.
Фармацевтика өнөр жайы.
Фармацевтика өнөр жай — салттуу кытай медицинасынын дары-дармектери, химиялык дары каражаттары, негизинен женерик чыгаруу өнүккөн. Антибиотиктерди, витаминдин көп түрлөрүн, ооруну басаңдатуучу каражаттарды ж. б. чыгаруучу түрдүү дары сырьёлорун даярдоочу жана экспорттоочу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө. Биофармацевтика дары-дармектерин чыгаруу өнүгүүдө. Фармацевтика өнөр жай продукциясынын экспорттук баасы 3,8 млрд доллар.
Жеңил өнөр жайы.
Жеңил өнөр жай (кездеме, даяр кийим, бут кийим, териден, мехтен жана тыбыттан жасалган буюмдар кошо) Кытайдын өнөр жай дүң продукциясынын 8%ин өндүрөт. Текстиль жана тигүү өнөр жай продукциясынын үлүшү экспорттук нарктын 13%ин түзөт. Салттуу жана эң өнүккөн тармагы — текстиль өнөр жай, ал ийрилген жип, пахта, жибек, жүн, жут, кендир, кенеп, рами, химиялык булардан токулган кездеме ж. б. өндүрүштөрдү камтыйт. Кытай текстилди өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (2007-жылы 66 млрд м кездеме чыгарган); анын үлүшүнө дүйнөлүк экспорттук продукциянын 1/4и туура келет. Кебез кездемеден ийрилген жип (20 млн тонна ) жана токулган кездеме (23,6 млрд м) ата мекендик жана импорттук (Индия, АКШ жана Өзбекстандан алынып келинген) пахтадан даярдалат. Накта жибек кездеме чыгаруу Кытайда эзелтен өнүккөн. Тигүү өнөр жай дөйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн калкын арзан кийим-кече менен камсыз кылат. Булгаары-бут кийим өнөр жай ашатылган тери, булгаары кийим, бут кийим, сумка, кол кап ж. б. чыгарат. Кытай — бут кийимди көп чыгарган (2006-жылы 10 млрд жуп бут кийим) жана экспорттогон (7,7 млрд жуп) өлкө. Экспорттун товардык структурасында пластика жана резина бут кийимдер (4,4 млрд жуп), ошондой эле үстүн текстиль каптаган бут кийимдер басымдуу. Мехтен жасалган буюмдарды чыгаруу жана экспорттоо боюнча (дүйнөлүк экспорттун 1/ ине жакыны) дүйнөдө алдынкы өлкөлөрдүн катарында (суу суусарынын териси жана андан тон тигүү, түлкү жана жанат сымал иттин териси ж. б.). Кытай ошондой эле оюнчуктарды, карапа буюмдарын (фарфор, фаянс) чыгаруу жана экспорттоо боюнча дүйнөгө белгилүү.
Тамак-аш өнөр жай (даяр азык-түлүк товарлары, суусундуктар, тамеки кошо) ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылууга багытталган; негизги тармактары: ун тартуу, күрүч актоо, май, кант ж. б. өндүрүштөрү. Кытай тамеки продукцияларын чыгаруу жана пайдалануу боюнча дүйнөдө алдынкы орунда: кытай сигареталары адатта сапаты боюнча анча жогору эмес.
Айыл чарбасы.
Кытай — агрардык продукцияны өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкө; азык-түлүк жана айыл чарба сырьёлорун экспорттоо тез өсүп жаткан бирден бир өлкө. Азык-түлүк проблемасы негизинен 1980-жылдардын ортосунан чечилген, бирок ички рыноктогу азык-түлүккө болгон сурам менен сунуштардын ортосундагы тең салмактуулук дагы да болсо сакталууда. Тармактын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган маанилүү проблемалардын бири — айдоо жердин жетишсиздиги. Кытайда дүйнө жүзүнүн калкынын 22%и жашаса, ал эми айдоо жердин 10%и эле жайгашкан. Айдоо аянты 121,8 млн га (Сянган, Аомынь өзгөчө администрациялык-аймактык райондорун, ошондой эле. Тайвань аралын кошпогондо). Айдоо жердин 55%тен ашык аянты кургак, 26%и суу каптачу, 19%тен ашыгы сугат жер. Эгин аянтынын (153,6 млн га) айдоо жердин жалпы аянтынан ашып кетет, анткени өлкөнүн айрым райондорунда жылына бир нече жолу түшүм алат. Айыл чарбасында 348,7 млн адам иштейт (2006) же өлкөдөгү жалпы иштегендердин 39,5%и; өлкөдө 200,2 млн үй-бүлөлүк (дыйкан) чарбасы жана андан ири чарбалык бирдиктер (кооперация, компаниялар ж. б.) бар. Айыл чарбасын модернизациялоо боюнча мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө (а. и. финансылык жардам да бар). 2006-жылдан айыл чарба салыгы төлөнбөйт. Дан эгиндерин өстүргөн дыйкандар жогорку сапаттагы урук, техника, жер семирткич алууга дотация алат. Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик айрым программалар, ошондой эле айыл экономикасын модернизациялоо боюнча 6 чакан долбоор ишке ашырылууда, алар: айыл чарба жерлерин үнөмдүү сугаруу; элди жана малды ичүүгө жарамдуу таза суу менен камсыз кылуу; айыл жолдорун куруу; саз газын (метанды) тиричиликте пайдалануу; чакан айыл ГЭСтерин куруу; жайыттарды малга ыңгайлаштыруу. Айдоо жердин 26,6% аянты электрлештирилип сугарылат; жерди үнөмдүү сугаруу боюнча жаңы технологияны кеңири пайдалануу, түштүктөгү дарыялардын бир бөлүгүн өлкөнүн түндүк аймактарына жеткирүү долбоорлору каралууда. Кытай дан эгиндин дүң жыйымы (2007-жылы 501,5 млн тонна; киши башына бөлүштүргөндө 384 кгдан туура келет) боюнча дүйнөдө 1-орунда турат; дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү бир гадан 53 цден ашык. Айыл чарба өлкөнүн азык-түлүккө жана жемге болгон ички муктаждыгын негизинен (күрүчкө 99,6%, буудайга 99,3%, жүгөрүгө 100%) канааттандыра алат.
Кытайдын негизги азыгы — күрүч. Дүйнөдөгү шалы аянтынын 1/3и Кытайга таандык; жогорку сапаттуу элита сортунун аянты кеңейүүдө. Күрүч жыйноо боюнча (185,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3) дүйнөдө 1-орунда. Күрүчтүн 65%ке жакыны Янцзы дарыясынын алабынан, 17%и Кытайдын түштүк бөлүгүнөн, 12%и өлкөнүн шалы өстүргөн түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүнөн (Хуанхэ, Ляохэ дарыясынын алаптарынын), 6%и түштүк-Батыш Кытайдан жыйналат. Экинчи маанилүү азык-түлүк өсүмдүгү — буудай (анын аянты 23 млн га); түшүмү боюнча дүйнөдө 1-орунда (104,5 млн т ). Маанилүү азык-түлүк жана тоют өсүмдүгү — жүгөрү (түшүмү 145,5 млн т ; АКШдан кийинки 2-орунда). ошондой эле гаолян, таруу, чумиза, арпа, кара күрүч, картөшкө (дүң жыйымы боюнча дүйнөдө 1-орунда), буурчак (негизинен АКШ, Бразилия, Аргентинага чыгарат) ж. б. Май алынчу өсүмдүктөрдөн — жер жаңгак (дүйнөдө 1-орунда), рапс, кунжут, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Кант алынчу өсүмдүктөр (бал камыш, кант кызылча) өстүрүлүүчү аянт 1,8 млн га (2006). Жашылча жана мөмө-жемиши (алма, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм, шабдаалы, банан, манго, ананас ж. б.), ошондой эле гүл өстүрүү өнүккөн. Чай өстүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда; 2007-жылы 1170 миң тонна чай жалбырагы жыйналган (дүйнөлүк жыйымдын 80%ке жакыны). Пахта жыйноо боюнча АКШ, Индиядан кийинки 3-орунду ээлейт (2007-жылы 7,6 млн тонна ). Кытай пахтага болгон ички муктаждыгын камсыз кыла албайт.
Мал чарбасы.
Кытай — мал чарбасынын негизги түрлөрүн (эт, сүт, жумуртка, бал, жибек буласы ж. б.) даярдоочу дүйнөдөгү бирден бир өлкө; негизинен ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылат. Мал чарбасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалар — тоют базасын жакшыртуу, малды сугаруучу таза суу менен камсыз кылуу ж. б. 2007-жылы Кытайда 139,6 млн чочко, 197,3 млн эчки, 172,0 млн кой, 7,2 млн жылкы жана качыр, 270 миң төө болгон. Ошондой эле бардык жеринде үй куштары (тоок, өрдөк, цесарка, күрп ж. б.) асыралат. Калктын тамак-ашында балык жана деңиз продуктулары (моллюска, краб ж. б.) кеңири пайдаланылат.
Кытайдын экономикасынын алдынкы тармактарынын бири — тейлөө чөйрөсү. Ага дүң жана чекене соода, транспортту, байланышты жана кампа чарбасын тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, финансы жактан тейлөө, далдалчылык, мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, администрациялык тейлөө, туристтерди тейлөө ж. б. кирет. Кытай улуттук банкы (алтын валютасынын резерви боюнча Кытай борбордук банкы — дүйнөдө 1орунда), саясий банктар (башкача айтканда өнүгүү, Айыл чарбасын өнүктүрүү, Экспорт-импорт, Соода, өнөр жай, Курулуш, ошондой эле көптөгөн коммерциялык жана кредиттик банктар, ж. б. камсыздандырууну тейлөөчү компаниялар, фонд биржалары (Шанхай, Шэньчженде), туристтерди тейлөөчү рынок ж. б. иштейт. Өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны боюнча (2006-жылы 22,2 млн турист) Кытай дүйнөдө 4-орунду (Франция, Испания, АКШдан кийин) ээлейт. Ички туристтердин саны 2006-жылы 1394 млнго жеткен (көбү — айыл жеринен келгендер), алардан түшкөн киреше 623,0 млрд юанды түзөт. Туризмдин негизги түрлөрү: маданий-таанып билүү (негизги борборлору: Пекин, Сиань, Шанхай, Гуанчжоу, Сянган, Ханчжоу), «кызыл» (элдик көтөрүлүшкө, революциялык окуяларга, ККПнин жетекчилеринин өмүр баянына жана ишмердигине байланыштуу жерлерге баруу); диний жана зыяратчылык; экол.; дарылоо-ден соолукту чыңдоо; этнографиялык; оюн-зоок; шопинг-турларга катышуу. 18,5 миң туристтик агентчилик иштейт.
Транспорт.
Транспорт тармагы аймактар боюнча бирдей жайгашкан эмес; негизги транспорт коридорлору (меридиан жана кеңдик багытта кесилишкен магистралдары) өлкөнүн чыгышындагы жана түштүк-чыгышындагы экономикалык жактан өздөштүрүлгөн аймактарды камтыйт; ага негизги жол тоом тармактары жана негизги транспорт агымдары туташтырылган. Автомобиль, авиация жана куур транспорттору өнүккөн.
Темир жолунун жалпы узундугу 72,1 миң км (2006; анын 24,4 миң кми электрлештирилген). Темир жол тармагынын меридиан боюнча кеткен негизги 6, кеңдик боюнча созулган 5 мегистралы бар; ошондой эле жээк аралдарын кургактык менен туташтыруучу паромдук катнаштар да арбын. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 3573 миң км (2007; жогорку ылдамдыктагы автомагистралдардыкы 53,6 миң км; эң жыш автомобиль жолдору өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө).
Суу транспорту өнүккөн. Кытайдын деңиздик коммерциялык флоту 1822 кемени (анын ичинде жүк, нефть, контейнер, автомобиль, жүргүнчү ташуучу кемелери, танкерлер, круиздик лайнерлер ж. б.) камтыйт. Универсалдык (жүк жана жүргүнчү ташуучу) ири порттору: Шанхай (дүйнөдөгү ири деңиз порту жана Кытайдагы жүк ташуучу негизги порт), Нинбо, Сянган, Тяньцзинь (Пекиндин аванпорту), Циндзо, Дальянь, Циньхуандао ж. б. Ички суу жолунун жалпы узундугу 123,4 Гуандун провинциясындагы автомагистраль түйүнү. миң км. Янцзы дарыясынын алабында кеме каттоочу каналдар көп, анда 1400дөн ашык дарыя порту бар. Кытайда 467 аэропорт бар (анын 147си жарандык; 2008).
Эл аралык ири аэропорттору: Пекин-Шоуду, Сянган (Гонконг), Гуанчжоу, Шанхай-Пудун, Шанхай-Хунцяо, Шэньчжень ж. б. Магистралдык нефть куурларынын жалпы узундугу 15256 км. Магистралдык газ куурлары да бар. Пекин, Шанхай, Тяньцзинь, Гуанчжоу, Ухань, Сянган ж. б. шаарларында метрополитен иштейт. Экспортко чыгарган негизги продукциялары: машина куруу (анын ичинде электроника — компьютер, телекоммуникация жабдуулары жана приборлору, телевизор, уюлдук телефон ж. б.) жана электртехника (электр-тиричилик приборлору ж. б.) өнөр жайынын продукциялары, транспорт каражаттары (деңиз кемеси, автомобиль), жол куруу машиналары, даяр кийимдер, текстиль буюмдары, кара жана түстүү металлдар ж. б. Экспорттук соода шериктери: АКШ, Жапония, Корей Республикасы, Германия. Негизги импорттук товарлары: машина куруу продукциялары (машина, жабдуулар жана приборлор, анын ичинде аларды комплекттөөчү тетиктер, агрегаттар, ошондой эле эсептөөчү техника каражаттары, оптика приборлору, мед. жабдуулар ж. б.), нефть жана күйүүчү-майлоочу материалдар, пластмасса ж. б. органикалык химия продукциялары, кара металл продуктулары, жез ж. б. Импорттук соода шериктери: Жапония, Корей Республикасы, АКШ, Германия.
Маданияты.
Кытайлыктардын ойлоп табуулары.
Китеп басуу, фарфор, жибек, күзгү, кол чатыр, кагаз жана батперек — бул кытайлар ойлоп тапкан жана ушул күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча адамдар колдонуп келген биздин күнүмдүк буюмдарыбыздын аз гана бөлүгү. Кытайлар европалыктардан миң жыл мурун фарфор өндүрүү технологиясын иштеп чыгышкан. Ал эми эң белгилүү эки кытай ойлоп табуусу философиянын аркасында пайда болгон. Өлбөстүк эликсирин издеп, даосист алхимиктер кокустан ок дарынын формуласын иштеп чыгышкан жана магниттик компас геомантия жана фэн шуй үчүн колдонулган аспаптын негизинде биринчиден болуп жасалган.
Адабияты.
Кытай тилиндеги адабият — дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Башаты диний жөрөлгөлөргө байланышкан, болжолу биздин заманга чейинки 6—5-миң жылдыкта неолит доорунун ырым-жырымдарында музыка жана бий өнөрү менен кошо поэтикалык ыр чыгармачылыгы пайда болгон. Кытай тилиндеги алгачкы жазуулар төлгө сөөктөрүндөгү тексттер (биздин заманга чейинки 14—11-кылым), кийин коло эпиграфикасы (биздин заманга чейинки 10—8-кылым), алгачкы жазуу эстеликтери — Чжоу доорундагы конфуцийчилик жана даостук канондук чыгармалар болуп саналат. Бул мезгилде пайда болгон «вэнь» (жазуулар, жазуу) жана «ши» терминдери биздин замандын 1-кылымына чейин ар кандай жазуу жана поэтикалык тексттерди түшүргөн. Кийин конфуцийчиликте жазуу сабаттуулук менен маданияттуулук сыяктуу эле мамлекеттин баштапкы негизи катары каралган; жазуу тексти агартуу, билим, тарбия берүү, насаат айтуу сыяктуу коомдук маанилүү иштерди аткарууга багытталган. Конфуцийчиликте поэзия өзгөчө мааниге ээ болгон. «Ыр китеби» антологиясы («Ши цзин», биздин заманга чейинки 11—7-кылым), Кытай тарыхындагы биринчи адабий-поэтикалык эстелик. «Беш канон» («У цзин») жыйнагынын конфуцийлик канондук китептердин бири болуп саналат жана түзүүчүсү Конфуций деп эсептелет. «Ши цзин» байыркы кытай поэтикалык чыглыгынын жанрдык жана тематикалык көп түрдүүлүгүн көрсөтүп турат. Анда көлөмү алты саптан 50чө, жана андан көп саптуу поэмаларга чейинки ар кандай жанрлардагы 305 чыгарма топтолгон. Байыркы Кытай адабиятынын башка эстелигинде — «Чу ырларында» Кытай түштүгүнүн поэтикалык салттары (кытайдын биринчи акыны катары эсептелген Цюй Юандын, ошондой эле Сун Юяндын чыгармачылыгы) көрсөтүлгөн. Чу поэзиясына жергиликтүү диндик-мифол. сюжеттер менен образдарды пайдалануу мүнөздүү.
Батыш Хань жана Чыгыш Хань мезгилинде бекемделген. Автордук поэзияда башкы орунду фу одалары — ыр жана кара сөз кезмектешкен көлөмдүү чыгармалар (бир нече жүз сапка чейинки) ээлейт. Хань доорунун белгилүү акындары: Мэй Шэн, Цзя И, Сыма Сянжу, Ян Сюн, Чжан Хэн. Хань доорунун лирикалык мурасы ошондой эле элдик лирика жана сатира ырлары — юэфуда сакталган. Кытай баяндама прозасынын байыркы үлгүлөрү болуп саналат.
Биздин заманга чейинки IV-III кылымдарда ( мисалы, «Көктүн уулу Мунун өмүр баяны» ж. б.), ошондой эле түздөн-түз Хань дооруна («Учуп жүргөн чабалакей Чжаонун расмий эмес өмүр баяны» ж. б.) таандык деп эсептелет. Биздин заманга чейинки VI-III кылымында Кытай поэзиясында негизги ролду ши жана юэфу сыяктуу лирикалык жанрлар ойной баштайт. Чыгыш Хандын кыйрашы, өлкөнүн майдаланышы кытай коомунун руханий дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келет: инсандык баалуулуктар, адамдын ички эркиндикке болгон укугу алдынкы орунга чыгат. Сүйүү лирикасы өзгөчө гүлдөгөн, сарай турмушун, аял сулуулугун жана сүйүү ырахатын даңктаган («Нефрит мунарасынын жаңы ыргактары» жыйнагы) «сарайлык стиль поэзиясы» (гун ти ши, VI кылымдын 1-жарымы) пайда болгон. Бул мезгилдин ири акындары: Цао Чжи, Цзи Кан, Жуань Цзи (III кылым), Тао Юаньмин, Се Линъюнь, Бао Чжао, Юй Синь (VI кылым).
III-VI кылымдарда сюжеттик проза — сяошо калыптанган. Адеп «сяошо» карапайым калк ичиндеги ушак-айың сөздөрдү түшүндүргөн. Биздин заманга чейинки I-II кылымдарда эле бири да сакталып калбаган сяошо жыйнактары түзүлгөн. Сяошо аңгемелерин турмуштан тыш нерселерге кызыгуу, кереметтерге ишеним айырмалап турат (Гань Бао, «Арбактарды издөө жөнүндөгү жазуулар» жыйнагы, IV кылым). Будда темасындагы жыйнактар (Ван Ян, «Башка дүйнөдөн кабарлар», 5-кылым) жыйнактар, тарыхый каармандар жөнүндөгү уламыштар менен анекдоттор (Лю Ицин, «Мурунку жаңы имиштер», V кылымдын 1-жарымы) жыйнактары өзгөчөлөнүп турат. XIX кылымдын 2-жарымындагы Кытай коомундагы кризис адабиятка мазмундун курчтугу жа окурман үчүн жетимдүүлүк сыяктуу жаңы талаптарды койгон. «Айыпты ачуучу роман» (Лю Э, Ли Баоцзя, У Вояо, Цзен Пу) өнүгөт. Кытай интеллигенциясынын чет өлкөлөрдө болгон өкүлдөрү чет өлкөлөр адабиятынын тажрыйбасына кайрылышкан. XIX кылымдын акырында акын жана дипломат Хуан Цзуньсянь поэзиянын тилин жана формасын жаңылоого чакырган.
XX кылымдын башында адабиятчы Лян Цичао прозага жеңилдетилген «жаңы стиль» киргизген. Чет өлкөлүк чыгармалардын котормолорунун саны өскөн. Ошентсе да адабияттагы чыныгы жаңылануу 1917-жылы «Жаңы жаштар» журналында Ху Шинин адабияттын тили оозеки сөз, ал эми көркөмдүктүн критерийи чыныгы сүрөттөө болуш керек деген «Адабиятты реформалоо туурасындагы ойлор» аттуу макаласынын жарыяланышы менен башталат. Жаңы адабияттын алгачкы үлгүлөрү Лу Синдин «Жиндинин күндөлүгү» (1918) аңгемеси, Ху Шинин «Жашоодогу башкы иш» (1919) комедиялык пьесасы менен «Тажрыйбалар» (1920) ыр жыйнагы болгон. «Төртүнчү май» кыймылынан (1919) кийинки улуттук аң-сезимдин өсүшү оозеки тилдеги 400дөй гезит-журналдардын пайда болушуна алып келди. Башкы орунду проза ээлеп, негизги жанр катары аңгеме (Бин Син, Е Шаоцзюн, Ван Тунчжао, Ян Чженьшендин чыгармачылыгы) эсептелген. Поэзияда (Бин Синь, Кан Байцин, Шэнь Иньмо ж. б.) уйкаштыктан баш тартышып, верлибр менен жазуу көп тараган. Драмада Кытай драматургиясынын салттарынан четтеп, батыш театрынын (Дин Силин, Хун Шэн, Тянь Хандын пьесалары) негиздерин өздөштүрө башташкан. 1921-жылы Пекинде түзүлгөн адабиятты окуп-үйрөнүү коомунун мүчөлөрү (Чжоу Цзожень, Шэнь Яньбин, Е Шаоцзюнь, Сюй Дишань, Ван Тунчжао ж. б.) сын реализмине умтулушкан. Ошол эле мезгилде Токиодо Кытай студенттери уюштурган «Чыгармачылык» коомунун катышуучулары (Го Можо, Юй Дафу, Чэн Фанъу, Чжан Цзыпин, Тянь Хань ж. б.) европалык романтизмдин жана модернизмдин нугунда жазышкан. 1927—37-жылдары адегенде «Күн» (1927—30) коому, ал эми 1930-жылы баштап сол жазуучулардын Лигасы менен сунушталган марксисттик багыттагы адабият башкы орунду ээлеп турган. Аны Лу Синь жетектеген. Цзян Гуанцы, Мао Дунь, Дин Лин, Чжан Тяньи, Ся Янь, Е Цзы ж. б. искусствого болгон марксисттик көз караштарды кабылдап, орус жана совет адабиятынын тажрыйбасын өздөштүргөн. Бир эле мезгилде бийлик тарабынан колдоого алынган улутчул адабият да өнүккөн (Ван Пинлин, Хуан Чженся, Шао Сюньмейдин поэзиясы, Ли Цзаньхуа, Вань Гоандын прозасы). Саясаттан жана тема тандоодо эркин болууга либерал-жазуучулар (1920-жылдардын акырында «Жаңырган ай» коомунун мүчөлөрү: Сюй Чжимо, Лян Шицю, Ху Ши, Вэнь Идо ж. б.; 1930-жылдары Пекин тобу: Шэнь Цунвень, Чжу Гуанцянь, Ли Цзяньу; шанхайлык жазуучу-модернисттер: Е Линфэн, Ши Чжэцунь, Лю Наоу, Му Шинь) чакырган. Ушул мезгилде Ба Цзин, Лао Шэ, Мао Дундун романдары, Цзан Кэцзя менен Ай Циндин эпикалык поэмалары, Цао Юй менен Ся Яндын көп актылуу пьесалары жарык көргөн.
1937-1945-жылдардагы адабият үгүттүк багыт, оптимисттик жана каармандык рух менен өзгөчөлөнгөн жомоктор, частушкалар, ырлар, театр оюндары колдонулган. Даректүү проза жанры өнүгүп, поэзияда декламациялык, дубал бетине жазылган ырлар сыяктуу жанрлар пайда болгон. 1940-жылдардын башында, Гоминьдандын көзөмөлүндөгү райондордун адабиятында коррупция, чиновниктердин моралдык жактан ириши, атайын кызматтардын террору жана улуттук кызыкчылыктарды сатуу сыяктуу темалар (Мао Дундун, Лао Шэнин, Ша Тиндин романдары, Го Можонун, Дин Силиндин пьесалары) алдыга чыккан; негизги орунду саясий сатира жанры ээлеген. Лу Лин, Ло Биньцзи, Яо Сюэин, У Минши, Хуан Гулинин прозасы, Юань Шуйпо, Цзоу Дифан, Ша Оунун поэзиясы, У Цзугуан, Юань Цзюн, Сун Чжидинин драматургиясы көрүнүктүү эмгектерден болуп калат. «Бошотулган райондордун» адабияты 1942-жылы Мао Цзедунь белгилеген адабият жумушчу-дыйкандардын жана аскерлердин кызыкчылыктарына кызмат кылып, өздөрүнө тааныш көркөм формаларды колдонушу керек деген талаптарга баш иет. Элдик жана жаңы адабияттын салттарын бириктирип, кыштактагы өзгөрүүлөр жөнүндө жазган Чжао Шули менен Чжоу Либонун чыгармачылыгын буга мисал. Сунь Линин, Лю Байюйдун, Цю Дунпиндин, Ма Фэндин, Кун Цзюэнин жана Юань Цзиндин прозасында армиянын проблемасы негизги орунга чыккан. Поэзияда Ай Циндин, Тянь Цзяндын, Кэ Чжунпиндин, Хэ Цифандын, Жуань Чжанцзиндин, Ли Цзинин таланттары ачылат. Хэ Цзинчжи менен Дин И сол искусствонун эң белгилүү чыгармаларынан болгон «Ак чач кыз» (1945) музыкалык драмасынын текстин жазышкан. Жарандык согуш мезгилинде (1946—49) «бошотулган райондордо» Чжоу Либонун, Дин Лин-ин, Цао Миндин чыгармачылыгы өзгөчөлөнгөн. Гоминьдандын көзөмөлүндөгү аймактарда жашаган жазуучулар барган сайын бийликке болгон катуу сын айта баштаган (Шэнь Цунвен, Ван Тунчжао, Ба Цзин, Дин Силин).
КЭР (1949) түзүлгөндөн кийин айрым адабиятчылар (Лао Шэ, Ба Цзинь, Цао Юй) чыгармачылык эркиндиктен ыктыярдуу баш тартышып, адабияттагы партиялуулук принцибин кабыл алышат; айрымдары (Шэнь Цунвэнь, ЦяньЧжуншу) жазбай калышат. Совет адабияты кытай адабиятына зор таасир тийгизген. 1950-жылдары темалар менен сюжеттер негизинен үч маселе: социалисттик өзгөртүүлөрдү даңктоо (Чжао Шулинин, Ма Фэндин, Ли Чжундун, Цао Миндин, Чжоу Либонун, Лэй Цзянын прозасы, Ли Цзи менен Жуань Чжанцзинин ж.б.), Кытай Коммунистик партиясынын революциялык тарыхын даңазалоо (Лю Байюнун, Сунь Линин, Ду Пэнчэндин, Чэнь Дэнкэнин, Кун Цзюэнин жана Юань Цзиндин романдары, Кэ Чжунпиндин ж.б. поэзиясы), америкалык агрессияга каршы корей элине жардамга барган Кытай аскерлеринин эрдиктерин баяндоо (Вэй Вэйдин, Лу Линдин, Лао Шэнин прозасы, Тянь Цзяндын поэзиясы ж. б.) менен чектелген. Өзгөчө орунду Кытай жана совет элдеринин достук темасы (Го Можо, Ай Цин, Цзан Кэцзя, Цзоу Дифан ж. бдын поэзиясы) ээлеген. 1950-жылдардын акырында адабиятты саясатка багындыруу биротоло ишке ашкан, соц. реализмдин ордуна «революциялык реализм менен революциялык романтизмдин бириккен» методу келген.
1966-1976 жылдары «маданий революция» мезгилинде профессионал жазуучулардын дээрлик баары репрессияларга тушуккан, чыны менен адабий турмуш токтоп калган, искусствонун уруксат берилген жалгыз түрү болуп, Мао Цзедундун идеяларын жайылткан 10 «үлгүлүү революциялык спектаклдер» гана эсептелген. 1970-жылдардын башында репрессияга туш болгон жазуучулардын бир бөлүгү акталып, бир нече адабий журналдар чыга баштаган. Мао Цзедундун өлүмүнөн кийин (1976) адабий турмуштун кайра жаралуусуна шарттар түзүлдү. Лу Синьхуанын, Лю Синьунун, Су Шуяндын чыгармалары «маданий революция» мезгилиндеги кылмыштардын айыбын ачышты; алардын себептерин терең аңдоо Ван Мэндин, Цун Вэйсинин, Фэн Цзицайдын, Чжан Сянъляндын чыгармаларына мүнөздүү. Адабиятка улуу муундагы жазуучулар кайрылышты (Ба Цзинь, Ай Цин ж. б.), жаштар келишти (Е Синь, Те Нин, Чжан Синьсинь ж. б.). Реформа жана тышкы ачыктык саясаты 1980-жылдардын башында «реформа адабияты» агымын (Цзян Цзылун, Кэ Юньлу, Чжан Цзе ж. б.) пайда кылды, 1920—40-жылдарда кытай жазуучуларынын (Шэнь Цунвен, Лао Шэ, Чжан Айлин ж. б.) чыгармаларын кайра карап чыгууну талап кылды, чет өлкөлөр менен байланыш калыбына келди. Элдик маданиятка кайрылуу аркылуу эски салттар менен болгон байланышты калыбына келтирүү аракеттерин жасаган «түп-тамырларды издөө адабияты» (Хань Шаогун, А Чэн, Цзян Пинва, Таши Дава ж. б.) пайда болду. Модернизмдин жана постмодернизмдин таасири менен авангард адабияты келип чыкты (прозада: Ван Шо, Юй Хуа, Гэ Фэй, Сунь Ганьлу, Лю Сола, Бэй Дао; поэзияда: Гу Чэн, Цан Сюэ, Шу Тин поэзияда; драматургияда: Ша Есинь, Гао Синцзянь, Лю Шуган драматургияда).
1990-жылдардын башында адабияттын саясаттан арылуу процесси уланды. Неореализм (Чи Ли, Фан Фан, Янь Лянькэ), аялдардын психол. прозасы (Ван Аньи, Чэнь Жань, Сюй Кунь, Вэй Хуэй) өнүгө баштады. Цю Хуадун, Чжу Вэнь, Дяо Доу сыяктуу жазуучулар мурдагы салттарга туура келбеген «жекече жазуу» принциптерин колдоно башташты. Эротикалык, авантюралык жана детективдик жанрлар тарала баштады. Драматург жана прозаик Гао Синцзянь (1980-жылдардын аягынан Францияда жашайт). 2000-жылы КЭРде адабият боюнча Нобель сыйлыгынын биринчи лауреаты болуп калды. Басё, Ли Бо, Ду Пэн-Чэнь ж. б. акын-жазуучуларынын чыгармалары кыргыз тилине которулган.
Архитектура жана сүрөт искусствосу.
Неолит доорунан ушул күнгө чейин Кытай искусствосу тынымсыз өнүгүп келген. 5 миң жыл ичинде көркөм салттын эволюциясынын туруктуулугун этностук жана структуралык биримдик камсыз кылган.
Кытай искусствосунун тарыхын династиялык мезгилдерге бөлүп карашат. Кытай искусствосунун өнүгүүсүнүн ар бир этабында жетишкен техникалык жеткилеңдиги, көркөм чагылдыруунун толуктугу, эстетикалык ой толгоолордун жетилгендиги болуу катуу тарыхый формациялардын алмашуусунда кризистердин салакасынан сактап калган. XX кылымдагы археологиялык изилдөөлөрдө табылган карапа жана нефрит буюмдары Хуанхэ жана Янцзы дарыяларынын бассейндеринде биздин заманга чейинки X кылымдын аягында неолит маданиятынын болгондугун тастыктайт. Чжоу доорунда искусство өнүгө баштаган.
Каллиграфия өзүнчө искусство катары эң жогорку баскычка жеткен. Археололгиялык табылгалар монументалдык жана жибекке тартылган живопись өнүккөндүгүн айгинелейт.
Архитектурада жыгач курулуштар басымдуулук кылган: павильондор жана көп кабаттуу мунаралар курулган. Биздин заманга чейинки IX-VIII кылымдарда курулушта черепица, кыш колдонула баштаган. Коло менен иштөөдө мом калыпка куюу, гравирлөө, асыл таштар жана асыл баалуу металл менен инкрустациялоо өздөштүрүлгөн. Ырым-жырым буюмдарынын түрлөрү кеңейген (музыкалык аспаптар, нао, чжун коңгуроолору, гу барабаны, күзгү, тыйын, курал-жарак ж. б.). Цин жана Хан доорунда 2—3 кабат үйлөр, көп ярустуу мунаралар салынган. Улуу кытай дубалынын көп бөлүгү (биздин заманга чейинки 221—207-жылдары) курулган. Коло күзгүлөр, лак жана нефриттен буюмдарды жасоо өркүндөгөн. Жибек кездеменин ар кандай түрлөрү колдонула баштаган (бир өңчөйү, креп, газ, полихром).
Индиядан буддизмдин келиши менен (IV-VI кылымдар) Кытай архитектурасында, живописте, скульптурада монументтүү формалардын пайда болушун, жаңы типтеги аска монастырларынын салынышын шарттаган (Юнгань, Майцзишань).
VIII-III кылымдарда (Тан жана Сун доору) маданияттын бардык тармагы гүлдөгөн. Тан доорунда шаарлар кеңип, монументалдуу имараттар пландуу курула баштаган. Мин (1368—1644) жана Цин (1644—1911) доорлорунда архитектура менен жасалга-колдонмо искусствосу (Пекиндеги Юнхегун храмы ж. б.), эң жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул доордо гектарлаган императорлук парктар (Пекиндеги парк комплекси, Ихэюань шаар жанындагы парк ж. б.), көп чоң эмес, шаар четиндеги бакчалар, храмдык парктар (Чжо чжэнъюань жана Сучжоудагы Лююань, Сиюань жана Шицзылинь паркы, Уси шаарындагы Юньтайюань паркы ж. б.) пайда болгон. Таш дөңчөлөр менен агынды көлмөлөрдүн, идишке өстүрүлгөн гүлдөрдүн жайгашуусу (ички жана тышкы дубалдар, павильондор, беседкалар, галереялар, кеңейтилген аянттар жана жолчолор) Кытай бакчаларынын кенен архитектуралык формаларын айгинелейт. Фарфор өндүрүшүнүн борбору Цзиндэчжэнде (Цзянси провинциясы) жаңы формадагы буюмдар, алтын менен кооздолгон феньцин техникасы пайда болгон.
XIX-XXI кылымдарда архитектурада, шаар курулушунда, парктарды долбоорлоодо байыркы салттарды колдонушкан. Театр имараттарынын комплекси Дэхэюань (1882) жана Пекиндеги Ихэюань император паркынын ансамбли (1888) 19-кылымдын 2-жарымында белгилүү курулуштардан болгон. Жаңы технологияны жана материалдарды (чоюн, цемент, бетон) колдонуу менен XIX-XX кылымдарда Бээжинде европалык стилде: Бейтан кафедралдык собору (Сишику, 1887—1889), Шанхайда Касиеттүү үчилтик собору, Шанхай клубунун имараттары курулган. Батыш архитектурасынын жетишкендиктерин өздөштүрүшкөн жана чет мамлекеттик архитекторлор (Г. К. Мерфи, Л. Э. Худек) менен жаш кытай адистери (Лу Яньчжи, Ян Тинбао) иштешкен.
1912-жылы император бийлиги кулагандан кийин өнөр жайынын өнүгүшү менен шаарлар өсө баштаган. Шанхайда ири курулуштар темир-бетон конструкцияларын колдонуп, чикаго мектебинин духунда, ар деко жана тарыхый стилдеги имараттар салынган. Орус-Азия банкы (1901, архитектор Х. Беккер), Шанхай-Гонконг банкы (1923) Кытайдагы биринчи темирбетон жана чоюн каркас конструкциялары колдонулган.
1949-жылы КЭРдин түзүлүшү менен курулуштарда СССР архитектурасынын тажрыйбасын эске алышкан. 1950—59-жылдары микрорайондор, жасалга элементтерин азыркы архитектура менен айкалыштырган имараттар курулган: мисалы, «Пекин», «Достук» мейманканасы, Элдик өкүлдөрдүн бүткүл кытайлык чогулушунун имараты (архитектор Чжао Дунжи), Кытай революциясынын музейи жана Кытай тарыхынын музейи (архитектор Чжан Бо).
КЭРде 1966-жылы «Маданий революциянын» башталышы менен курулуш токтогон. Экономиканы либералдаштыруу тууралуу өкмөттүн чечими (1978) архитектуранын өнүгүшүнүн жаңы этаптын башталышы болгон. Кытай архитекторлору постмодернизм (Пекиндеги Цинхуа университетинин китепканасы, 1991, архитектор Гуань Чжаое; Шанхай музейи, 1992—96, архитектор Син Тунхэ) жана неомодернизм (Нанкиндеги япон баскынчыларына курман болгондорго мемориал, 1985, архитектор Ци Кан; Пекинге жакын, «Улуу Кытай дубалы коммунасы», 2002, архитекторлор Ян Хочан, Гари Чан, К. Кума, С. Бан ж. б.) стилиндеги долбоорлошкон. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадалык стадион, 2002—08; «Цифралык Пекин» маалымат борбору, 2005—08, архитекторлор Чжу Пэй жана У Тун). Орто кылымда көркөм сүрөт искусствосу жакшы өнүгүп, анын туундуларында гумандуулук идеясы чагылдырылган (У. Дао-цзы, Янь Ли-бэнь). Сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө «гүл чымчык» (Бянь Луань, Сюй Си, Хуан Цюань),«окумуштуулар живописи» (Су Ши, Вень Тун, Ми Фэй) жанрларында иштегендер кыйла салым кошушкан. Мин жана Цин доорлорунда кездемеге сүрөт тартуу — «кэ-сы» жогору өнүккөн. XX кылымдын биринчи жарымында көптөгөн каллиграфия мектептери кеңири багытта иштешкен. У Чанши, Кан Ювэй, Ли Жуйцин, Лян Цичао ж. б. Каллиграфтар белгилүү Кытай живописи үчүн салт болуп калган «гохуа» багытында көптөгөн чеберлер өсүп чыгышкан: Пань Тяньшоу, У Чанши, Ци Байши жана Хуан Биньхун ж. б. Заманбап Кытай живописине ар түрлүү живопись мектептери жана стилдер мүнөздүү. Өзгөчө гохуа өнүгүүдө.
Музыкасы.
Кытайдын салттык музыкасы 50дөн ашык улутту бириктирет: тай (жуандар, мяояо), түрк (уйгур, казак, кыргыз) элдери, тибеттиктер, моңголдор ж. б. Кытай музыкасынын тарыхы (б. з. ч. VI жана V кылым) Инь (Шан) доорунан башталат (Хэнань провинциясынан табылган сөөк чоор ж. б.). Байыркы Кытайда колдонулган «юэ» «музыка» (юэ, бул сөз 12-кылымдан белгилүү) түшүнүгү поэзия, бий, көркөм сүрөт деген түшүнүктөрдү туюндурган. 3000 элдик ырларды, ырым-жырым гимндерин камтыган «Шицзинь» («Ыр китеп», биздин заманга чейинки XI-VI кылым) — элдик ыр өнөрүнүн көөнөрбөс эстелиги. Кытайдын салттуу оркестринде 100дөй аспап болот: сэ, цин, пипа (чертме), ху, эрху, сыху, баньху (жаалуу), сяо, пайсяо, шен (үйлөмө), барабан, коңгуроо ж. б. Нота менен бизге жеткен туңгуч музыкалык чыгарма — Цю Мин (VI кылым) жазган «Юланьпу» пьесасы. Тан доорунда (VII-X кылым) 5 атайын музыкалык мектеп, актёр труппалары уюшулган. X кылымда Дуань Ань-Цзенин «Музыка жөнүндө жазуулар» деген музыкалык-теориялык трактаты жазылган. Сун доорунда актёр жана композитор Вэй ЛянФу, Мин доорунда Чжу Цзай-юй (12 баскычтуу үн катарынын системасын өркүндөткөн) музыкалык искусствону өнүктүрүүгө салым кошкон. 1919-жылы «4-майдагы» кыймылдан кийин революциячыл маанайдагы музыканттар патриоттук ырларды жаратышкан. «Маданий революция» музыка искусствосуна зор зыян алып келген. Окуу жайлар жабылып, көп музыканттар репрессияланган айыл жерлерине айдалган. КЭРдин түзүлүшү музыкалык маданиятын өнүгүшүнө зор түрткү болгон. музыкалык коллективдер түзүлүп, опера жаратууга аракет жасалган. 1980-жылдары музыка маданияты мамлекеттик реформанын негизинде батыш маданияты менен бирдикте өнүккөн. Жаңы музыкалык окуу жайлар, жогорку музыкалык окуу жайлары калыбына келтирилген. Кытайдын музыкалык жогорку окуу жайлары батыш композиторлорунун техникасынын таасиринде «жаңы толкундагы» бир катар композиторлорд у даярдашкан: Тан Дун (АКШда жашайт), Чэнь Циган (Францияда жашайт), Цзо Чжэньгуань (Россияда жашайт), Е Сяоган, Хэ Сюньтянь ж. б. Цзин Сяндын «Талаа» (1987), Го Вэнцзиндин «Жиндинин каты» (1994) опералары; Чень Цигананын «Кызыл чырактар» (2001) балети; симфониялык жана камералык музыкалык чыгармалар жаралган. Жаңы кытай музыкасына гонконгдун жана тайвандын ырлары таасир берген. Пекинде, Шанхайда эл аралык жана улуттук музыкалык фестивалдар өтүп турат. Кытайда 10 опера театры, 25 симфониялык оркестр, 25 музыкалык жогорку окуу жайлары, консерваториялар бар (2008).
Театры.
Кытай театрынын башаты — элдик ырбий өнөрүн, ошондой эле акробатика, кылыч чабышууну өзүнө камтыган бай си («жүз оюн») оюндары. XIV-XVII кылымдарда Кытай театрынын биринчи чакан иян жана куньцуй жанрлары пайда болуп, анын негизинде XVII-XVIII кылымда банцзы, юэцзюй, циньцян ж. б. жанрдагы жергиликтүү театрлар калыптанган. XIX кылымда жергиликтүү театрлардан Кытай театрынын жаңы жанры — пекиндик музыкалык драма (цзинси) түзүлгөн. Анда Кытай салттуу театрынын негизги белгилери топтолуп, актёр оюну сөз, ыр, бий менен эришаркак көрсөтүлгөн. Грим менен костюмда гүл жана оюм-чийим колдонулган. Репертуарына тарыхый мазмундагы пьесалар жана белгилүү романэпопеялар кирген. 20-кылымдын 60-жылдарына чейин театр улуттук искусствонун мыкты салттарын өркүндөткөн. Кытай театры 3 топко бөлүнөт: салттык, куурчак жана драмалык. Кытай салттык театры — музыканы, ырды, бийди, сценалык сүйлөөнү жана кыймылды бириктирген цирк жанрынын жана шамдагайлык техникасын өздөштүргөн театр искусствосу. Сун доору куурчак театрынын алтын кылымы болгон. Репертуары кеңири, цзацзюй пьесалары, тарыхый пьесалар коюлган. Куурчак жасоонун чеберлери өсүп чыккан. 1898—1905-жылдары «сүйлөшүү драмасы» (хуацзюй) пайда болгондон драма театры өнүгө баштаган. 1910-жылы Ван Чжуншен жана Жень Тяньчжи Шанхайда драмалык актёрлорду даярдоочу «Гунцзян» театр мектебин ачышкан. 1920-жылы Пекинде театр окуу жайы, ошондой эле «Жаңы Кытай» театр коому түзүлгөн («Синь Чжунхуа»). Биринчи эркектер жана аялдар труппасы пайда болгон. 1930-жылы Шанхайда театр коллективдеринин солчул лигасы түзүлгөн (1931-жылдан — театр ишмерлеринин «Наньго шэ» солчул лигасы). Бир нече ишканаларда «көк блуза» труппасы түзүлүп, окуу жайларында көптөгөн ийримдер, үгүт бригадалары пайда болгон. Н. В. Гоголь («Текшерүүчү»), A. Н. Островский («Добул»), М. Горький («Түпкүрдө»), Г. Ибсен («Ийин») пьесаларын коюшкан. Ошол жылдары орус драмалары которулуп, Станиславскийдин системасы менен таанышышкан. 1950-жылдардын башында М. Горькийдин, A. П. Чеховдун ошондой эле У. Шекспирдин, К. Гольдонинин пьесалары коюла баштаган. «Маданий революцияда» көп труппалар таратылып, театрлар жабылган. 1970—90-жылдарда борборлордо драма театрлары кайрадан жанданган. Пекин элдик искусство театры, Шанхай драма искусствосу борбору, Шэньси провинциясынын элдик искусство театры, Сиань шаарынын драма театры репертуарын кеңейткен, Тайванда авангарддык труппалар бар. Кытай Пекин элдик көркөм театрында белгилүү театр ишмери, режиссёр жана искусство таануучу Цзяо Цзюйинь бир нече спектаклдерди койгон («Чайкана» спектакли ГФР, Франция, Жапония, Канадада көрсөтүлгөн).
Киносу.
Кытайда сырттан алынып келген кино тасмалары алгач 1896-жылы Шанхайда көрсөтүлгөн. Биринчи улуттук фильм 1905-жылы Пекинде тартылган («Динцзюнь тоосу» — классикалык баталдык спектаклден көрүнүш). Көркөм фильм 1913-жылдан чыга баштаганы менен кинематография чет элдиктердин колунда болгон. Кытай фирмасы кино тартууну 1917-жылдан баштаган. 1920-жылдарда киностудияларда патриоттук сезим ойготор фильмдерди коюшкан. Юань Линь-юй, Цзинь Янь, Юань Му-чжи сыяктуу таланттуу актёрлор өсүп чыккан. «Балыкчынын ыры» фильми (1935, режиссёр Цай Чушен) эл аралык баага арзыган. Жапонияга каршы согуштун мезгилинде (1937-45) кино өтө аз чыгарылып, 1945-жылдан кийин көбүнчө Голливуддун (АКШ) фильмдери көрсөтүлгөн. КЭР түзүлгөндөн кийин (1949) жумушчулар жөнүндө туңгуч «Көпүрө» (режиссёр Ван Бинь) фильми тартылган. Кино ишканалары мамлекетке өткөндөн кийин «Кытай кыздары» (режиссёр Линь Цзы-фэн менен Чжай Цян), «Болот солдат» (режиссёр Чень Инь), «Партия кызы» (режиссёр Линь Нун), «Ак чач кыз» (режиссёр Ван Бинь менен Чжан Шуй-хуа) сыяктуу көркөм фильмдер чыгарылган. 1950-жылы Пекинде кинематографисттер институту түзүлгөн. «Маданий революция» учурунда (60-жылдардын 2-жарымы), жалаң даректүү кино коюлуп, 1969-жылдан өкмөт мүдөөсүнө ылайык гана «үлгүлүү» фильмдер тартылган. 1976-жылдан кийин тыюу салынган фильмдер кайрадан коюла баштаган. 1979-жылы «Дяньин ишу» («Кино искусствосу»), «Дачжун дяньин» («Массалык кино») журналдары чыккан. Көркөм фильмдер тартыла баштаган (1981 — 105 фильм, 1984 — 144). Алардын ичинен: «Мээнеткечтин күлкүсү» (1979, режиссёр Янь Яньцзин, Ден Иминь), «Башань тоосундагы түнкү жаан» (1980, режиссёр У. Юнган, У Игун), «Дары» (1981, режиссёр Люй Шаолянь), «Баткан күндүн көчөсү» (1983, режиссёр Ван Хаовэй) ж. б. Тайванда психол. сюжеттердин жактоочусу, режиссёр Хоу Сяосянь — «Уулумдун чоң куурчагы» (1983), «Кайгыдагы шаар» (1989) жана костюм боевигинин жанрында иштеген режиссёр Ли Ань «Аңдыган жолборс, жашырынган ажыдаар» (2000, «Оскар» сыйл.) фильмдерин тартышкан. Чжан Имоунун биринчи фильми «Кызыл гаолян» (1987) — жеке чыглыгы менен белгилүү болгон жаңы муундагы кинематографисттердин эркиндигин ачык көрсөткөн. «Баатыр» (2002), «Учуучу канжарлардын үйү» (2004), «Алтын гүлдүн каргышы» (2006) Чжан Имоунун акыркы иштеринен болгон. Кытай кинематографисттеринин фильмдери дүйнөлүк деңгээлге чыккан: Ван Цюаньандын «Айдын тутулушу» (1999, Экф сыйлыгы, Москва) жана «Туя күйөөгө чыгат» (2007, Берлин, ЭКФтин башкы сыйл.); Цзя Чжанкэнин «Саньсяндан келген боорукер адам» (2006, прокатта «Натюрморт», Венециядагы ЭКФтин башкы сыйлыгы) ж. б. Сянган (1978-жылдан), Шанхай (1993-жылдан), Чанчунь (1995-жылдан) эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат.
Гонконг жана Макаонун КЭР менен биригишинен кийин, КЭР, Гонконг жана Тайвандын өкүлдөрү биргелешип тарткан тасмалар пайда боло баштаган.
Акыркы жылдары компьютердик техниканын жана программалык камсыздоонунун өнүгүшүнүн негизинде фантастика, фэнтези жана катастрофа жанрындагы бүткүл дүйнөгө таанымал кинотасмалар жарык көрүп келет.
Кытай ашканасы.
Кытай ашканасы байыркы тарыхка жана бай салтка ээ. Өлкөнүн ар бир районунун өзгөчөлүктөрү бар. Түштүк кантон ашканасы балык жана деңиз азыктары, хуайян ашканасы абдан ачуу жана экзотикалык тамактары менен белгилүү. Бээжин ашканасы бээжин-өрдөктөрү жана жашылчалар менен бышырылган эти менен белгилүү.
Күрүч ар дайым кытайлар үчүн чоң мааниге ээ болгон — негизги тамак-аш катары да, техникалык өсүмдүк катары да. Түштүк Кытайда күрүч өстүрүү салты б.з. ч. 10 миң жыл мурун башталган деп эсептелет, бирок сугат иштерин талап кылган тоо боорлорундагы талааларын иштетүү ыкмасы миңдеген жылдар бою өркүндөтүлгөн жана мыкты деңгээлге жеткен. Бүгүнкү күндө күрүч Кытайда дээрлик бардык аймактарында өстүрүлөт. Кытай күрүчү дүйнөлүк күрүч өндүрүшүнүн 35% түзөт.
Майрамдары.
Кытай Эл Республикасында салттуу жана башка элдерден алынган көптөгөн майрамдары жана фестивалдары бар. Улуттук расмий деңгээлде сегиз майрам белгиленет.
Массалык-маалымат каражаттары.
Жаңы стилдеги газета-журналдар XIX кылымдын башында чыгарыла баштаган. Кытайда 2 миңден ашуун аталыштагы мезгилдүү басылмалар 35 млрд нуска менен чыгат (2008).
Жалпы элдик гезиттер: «Жэнминь жибао», «Гунжэнь жибао», «Цзефанцзюнь бао», «Чжунго циннянь бао», билим берүү, илим маселелерин: «Гуанмин жибао» гезити чагылдырат. Региондук ири гезиттери: «Сицзан жибао», «Синьцзян жибао», «Нанфань жибао», «Гуанси жибао».
Негизги журналдары: «Цюши», «Женминь хуабао» ж. б. Радиоуктуруу 1927-жылдан иштейт. 1200гө жакын адиостанция бар (2008).
Кытай эл аралык радиосу (1941) уктурууларды 38 тилде алып барат.
Телекөрсөтүү 1958-жылдан тартып жүргүзүлөт. 450дөн ашык телестудия (2008), Синьхуа (1931), Чжунго (1952) маалымат агенттиктери бар. 42 мамлекеттик, 90 менчик телерадио станциялары иштейт.
Кытайдагы адам укуктары.
КЭРдеги адам укуктары боюнча кырдаал көптөгөн мамлекеттер жана адам укуктары боюнча уюмдар тарабынан олуттуу коопсузданууну жаратуучу маселе катары бааланат.
Бир нече булактар, анын ичинде АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын Кытай Эл Республикасындагы адам укуктары боюнча отчетторду жарыялайт. Amnesty International жана Human Rights Watch сыяктуу башка уюмдардын изилдөөлөрү менен катар, бул баяндамалар КЭРдеги адам укуктары жаатындагы эл аралык таанылган нормаларды бузуулар жөнүндө фактылар менен күбөлөндүрөт.
Социалдык тармагы.
XXI кылымда, коомдук тармактар заманбап жашоосуна жана мал менен кызматтарын алдыга жылдыруу үчүн жаңы куралы ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бизнестин жана өзүнүн кардарларына азайтуу ортосундагы коомдук тармакташуу алыстан жардамы менен - эки партиянын бирине түздөн-түз кайрылууга укуктуу.
Билим берүүсү.
Элдик революция жеңгенге чейин калктын 90%и сабатсыз болгон.
1949-жылдан баштап билим берүү системасы кайра түзүлгөн. 1956-жылы «маданий революция» учурунда билим берүү кризиске учураган. 1966—68-жылдары бардык окуу жайлары иштебей калган. Окутуу 1968—69-окуу жылында гана кайра башталган. 1970-жылдары билим берүүнүн жаңы системасы түзүлө баштаган. Мектептер ачылып, жогорку окуу жайлары калыбына келтириле баштаган. Мурдагы 12 жылдыктын ордуна, жалпы билим берүүчү 9 жылдык мектеп киргизилген. 7 жашка чейинки балдар мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган. Башталгыч мектепке 7 жаштан кабыл алынат.
Кытайдын жогорку окуу жайлары Пекин, Цинхуа, Фудань, Ухань, Нанкай, Нанкин ж. б. шаарларында жайгашкан. Учурда акысыз милдеттүү билим берүү каралган. Билим берүү боюнча 1986-жылдагы мыйзамы 2006-жылы кайрадан каралып жаңыланган. Жалпы билим берүү системасы мектепке чейинки, базалык, толук эмес жана толук орто билим берүү болуп бөлүнөт.
Кесиптик билим берүү үч баскычтуу — башталгыч, орто атайын адистик жана жогорку. Жогорку окуу жайларда бакалавриат (4 жыл), аспирантура, магистратура (2—3 жыл), докторантура (3 жыл) ошондой эле адистешкен 2—3 жылдык жогорку окуу жайлары иштейт. КЭРде 2 миңден ашык жогорку окуу жайлар бар.
Кытайда академиялардын, университеттердин, элдик жана адистешкен китепканалар иштейт. Улуттук китепканалары: (1810, фонду 18 млн нуска, базасында 1999-жылы Улуттук электрондук китепкана түзүлгөн), Нанкиндеги (1907), Шанхайдагы (1952), Пекиндеги КЭР Илимдер академиясынын борбордук китепканасы ж. б. Кытайда 2300дөн ашык музей, анын ичинде Улуттук музейлери: Пекиндеги Гугун ак сарай комплекси (1420, 1914-жылдан музей), Шанхай байыркы искусство, Улуттук музей, Көркөм-сүрөт галереясы, Геология музейи ж. б. иштейт.
Социалдык көйгөйлөр.
XX кылымдын башында экономикалык өсүшкө карабастан, Кытай бир катар олуттуу экономикалык, экологиялык жана социалдык көйгөйлөргө туш болду: байлар менен кедейлердин ортосундагы киреше ажырымы көбөйдү, айыл менен шаардын өнүгүшүндө, батыш жана чыгыш (айрыкча жээктеги аймактарда) аймактарында айырмачылыктар көбөйдү, жумушсуздук көбөйдү.
Социалдык сурамжылоого ылайык, Кытай коомчулугунун дээрлик төрттөн үч бөлүгү байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым жакынкы он жылдыкта дагы күчөйт деп ойлошкон жана сурамжылоого катышкандардын ар бир онунчусу гана жашоо жакшырат жана толук кандуу орто класс түзүлөт деп санашкан.
Байлар менен кедейлердин ортосундагы социалдык ажырым маселеси азыркы учурда Кытайдын калкын эң толкунданткан маселе болуп калды. «Forbes» журналынын рейтингинде Кытайдагы доллар миллиардерлеринин саны 213 адам жана миллиардерлердин саны боюнча Кытай дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат.
Жумушсуздук.
2019-2022-жылдары Кытайдын шаар калкынын арасында катталган жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу калктын 4,7-6,2% тегерегинде болгон. Жумушсуздардын санын аныктоодо расмий статистика каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган шаардыктарды гана эсепке алат. КЭРде жумушсуз айыл тургундары (өлкөнүн калкынын жарымына жакыны), сянган (жумушсуздук боюнча жөлөк пул алган мамлекеттик ишканалардын кыскартылган кызматкерлери), 50 жаштан ашкан эркектер жана 45 жаштан ашкан аялдар жумушсуздар катары каралбайт.
Терроризм.
Терроризм Кытайдын маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Кытайда терроризмдин себептери ар башка, ошого жараша теракттардын максаты дагы ар башка, мурда бул саясий максаттар, бийлик үчүн күрөш, башка учурларда улуттар аралык жана диндер аралык чыр-чатактар, аймактардын улуттук азчылыктар менен борбордун саясатына макул эместиги болуп келген.
Азыркы Кытайдагы терроризм коркунучу узак убакытка созулган жана Кытай бийлигине баш ийбеген Тибет автономиялуу аймагы болгон. бул аймакта буддисттердин коммунисттик партия менен тирешүүсү тарыхта узак убакытка созулган. Тибеттин сүргүндөгү Өкмөтү узак убакыт бою ар кандай ыкмалар менен Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн ийгиликсиз күрөшүп келген. Тибет козголоңу жана буддисттердин, Далай-лама XIV тарапкерлери тарабынан кытай мигранттарына карата зордук-зомбулук аракеттери, аягында Далай-лама XIV өлкөдөн Индияга качып кетишине алып келген. Тынчсыз аймактан чыккан терроризмдик коркунуч 2011-жылы Тибет автономиялык аймагынын ККП партком башчысы болуп улуту кытай Чэнь Цюаньго жетекчилигине келгенден кийин биротоло чечилген. Борбордук бийликтин катаал чаралары жергиликтүү калктын аймактын кытайлашуусуна туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн кыйла кыскарткан. Коммунистик партиянын саясатына каршы болгон жарандарды атайын лагерлерге камашып, күч колдонуу менен саясий жана диний көз караштарынан баш тартууну талап кылышкан. Макул болбогон жарандарга кытай тилин окууту, кытай ырларын жаттатуу жана коммунизм менен байланышкан текстерди окууту сыяктуу психологиялык кысымдарды корсоткон. Мындай саясий иш-чаралардын артында башка улуттагы КЭР жарандарын кытайлаштыруу кыйла күчөгөн.
Тибетте жаңы саясат ийгиликтүү болгондон кийин, бийликтин динди чектөө жана улуттардын маданиятын кытайлаштыруу боюнча саясаты бүткүл өлкө боюнча колдонула баштаган.
Өлкөдөгү жаңы саясатка өзгөчө нааразычылыктар Кытайдын эң чоң жана батышкы провинциясы болгон Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда пайда болгон, анда улуттар жана диндер аралык чыр-чатактар көбөйүп, ички чыр-чатактар кээде ири массалык митиндерге чейин күчөп, борбордук бийликтин митингдерди күч менен басышы - бул аймакты Кытайдагы терроризмдин жаңы борборуна айланткан.
2016-жылы Чэнь Цюаньго Тибеттен Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун ККП парткомунун башчылыгына которулган. Чэнь Цюаньгонун Синьцзяндагы мусулмандарга карата чаралары дүйнө жүзү боюнча чоң толкундоолорду жаратып, КЭРдин бир катар чет элдик мусулман өлкөлөрү менен мамлекеттер аралык мамилелеринин курчушуна алып келген.
Экология.
XX кылымда кытай бир катар олуттуу экологиялык көйгөйлөргө дуушар болгон: кээ бир аймактарда топурак жана суулар ууланган. Мындан тышкары, абанын ашыкча булганышы шаарларды дайыма каптап турган түтүндү пайда кылган.
Дарыя жана океан жээктериндеги аймактардагы жана Янцзы, Хуанхэ жана Чжуцзян сыяктуу ири дарыялардын жайылмаларындагы аймактарындагы узак жана интенсивдүү айыл чарба иштетүү жана өнөр жайлык булгануудан улам оор экологиялык абал орногон.
Көптөгөн курмандыктар менен коштолгон мезгил-мезгили менен ири техногендик авариялар (шахталарда, пиротехникалык жана химиялык ишканаларда жарылуу ж.б.) болуп турат.
2015-жылы Кытайда абанын булганышы 1,6 миллион адамдын өлүмүнө себеп болгон. Кытай менен Индия бир нече жылдан бери абанын булганышынан улам эң көп өлүмгө дуушар болгон мамлекеттердин рейтингинде биринчи орунду бөлүшүп келишет. Эки өлкөдө тең абанын булганышынан улам келип чыккан оорулардан 1,2 миллиондон ашык адам каза болгон.
Маселени ыкчам чечүү үчүн кытай бийлиги өлкөнүн энергетикасын көмүрдөн газга багыттоодо жана кайра жаралуучу энергия булактарына басым жасоодо. Ошондой эле, өлкө электр транспорт тармагында рекорддук дүр өсүштү башынан өткөрүп жатат: КЭР дүйнөдө сатылган электр унаалардын жалпы санынын 60% түзөт.
Саламаттык сактоо.
Расмий маалыматтар боюнча, 2017-2018-жылдар аралыгында ВИЧ чалдыккан кытай жарандарынын саны 14% га өскөн. Өлкөдө жалпысынан 820, 000 ВИЧ инфекциясы бар бейтаптар жашайт. 2018-жылдын акыркы кварталында эле 40 миң жаңы оору жуктургандар аныкталган.
Шаар менен айылдын ортосундагы теңсиздик.
КЭР үчүн шаардыктардын жана айылдыктардын кирешелериндеги айырма акырындык менен өсүп жаткандыгы мүнөздүү: шаар калкынын кирешеси айылдыктардыкына караганда 1990-жылы — 2,2 эсе, 1995-жылы — 2,5 эсе, 2003-жылы — 3,2 эсе, ал эми 2008-жылы — 3,3 эсе өскөн.
Аймактар аралык айырмачылыктар.
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн деңгээли аймактар ортосунда кескин айырмаланат, бул калктын өлкөнүн түндүк-батышынан камсыз болгон түштүк-чыгыш шаарларына жана провинцияларына массалык миграциясынын себептеринин бири. Аймактар аралык айырмачылыктарды жумшартуу жана артта калган аймактарды өнүктүрүү максатында КЭР бийлиги Борбордук бюджеттерден жергиликтүү бюджеттерге каржы трансферттерди активдүү берип турат. | wiki | {"id": "1962", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1962", "title": "Кытай"} |
Конфуций (кытайлык кырг. Куңзы, кыт. 孔子 Кун-Зы, жай кыт. 孔夫子 Кун Фу-Зы, лат. Confucius) - Кун фу зы (б.з.ч.551-479)- байыркы Kытай ойчулу, кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган.
Куңзы тектүү, бирок кедейленип калган үй бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыганда өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Куңзынын санат сөздөрү, аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон.
Куңзыди ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" (Лунь Юй) деген эмгеги болуп саналат, мында Куңзынын жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.
Куңзыдин философиялык системасынын борборунда адеп-ахлак жана тарбия маселелери турат. Куңзыдин окуусундагы башкы жобо- "жень" (гумандуулук).
"Жень" - адамдардын социалдык жана этикалык өз ара мамилелерин аныктай турган мыйзам. Бул мыйзамды Куңзы мындайча аныктамалайт: "Өзүнө эмнени каалабасаң, аны башкаларга жасаба". Ошондой эле анын философиясында "ли" түшүнугү чоң роль ойнойт, бул түшүнүк коомдук жашоо- турмуш нормалары дегенди билдирет жана "жэнь" этикалык мыйзамынын практикалык ишке ашырылышын көрсөтөт.
"Ли" түшүнүгү коомдун бүткүл социалдык турмушун өзүнө камтыйт, бирок бул түшүнүктүн таасир-аракети адамдардын социалдык абалына байланыштуу ар түрдүү келет.
Куңзыдин системасында башка этикалык категориялар да орун алган: "и" - парыз, адилеттүүлүк сезими, "синь" - берилгендик, ак ниеттүүлүк. Куңзыдин этикалык концепциясынын бардык категориялары нормативдүү инсанды мүнөздөө үчүн кызмат кылат, бул инсан эң жогорку моралдык сапаттарга ээ жана эң бийик социалдык абалды ээлейт. Мындай инсанды ал "асылзаада адам" деп атаган. "Асылзаада адамга", Куңзыдин пикири боюнча, өзүнүн жеке керт башынын мүдөөсүнө жетеленген жана төмөнкү социалдык абалды ээлеген "кичиникей адам" карама каршы турат. Ошол эле убакта Куңзы жаратылышы боюнча бардык адамдар бирдей, бирок алар көнүмүш адат-жоруктарынан айырмаланышат. Мына ошондуктан өзүн өзү өркүндөтүү үчүн адам өз кемчиликтерин женип чыгып, изги жүрүш-турушка келиши керек.
Куңзыдин айткандарында мамлекеттик бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруу ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир берет.
Куңзыдин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. Ар бир адам коомдогу өзүнүн ордун билиши керек: "Падыша-падыша, букара-букара, ата-ата, уул-уул болууга тийиш".Куңзы бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган.
Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган. | wiki | {"id": "1964", "revid": "405391", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1964", "title": "Конфуций"} |
Технология (грекче techne – өнөр, устаттык, билгичтик жана ...логия) – ар кыл өндүрүш тармагында, курулушта ж. б. сырьё, материал же буюм алуу, иштетүү жолдору менен ыкмалардын жалпы аты; ал жолдорду жана ыкмаларды иштеп чыгуучу жана өнүктүрүүчү илимий тармак. Толук аталышы - «технологиялык процесс» өндүрүштү техникалык текшерүү өндүрүш процессинин баяндамасы, түшүндүрмө эреже, инструкция, карта, графиктер да Технология түшүнүгүнө кирет. Өндүрүштө машина куруу Технологиясы, тоо иштери Технологиясы ж. б.; материалдарды иштетүүдө металлдар Технологиясы, кездемелер Технологиясы, тамак-аш Технологиясы ж. б. болуп айтылат. Технология процессинин техникалык-экономикалык натыйжалуулугу сырьё менен энергиянын салыштырма сарпталышына, буюмдун саны жана сапатына, иштин өндүрүмдүүлүгүнө, буюмдун өздүк наркына карата бааланат. | wiki | {"id": "1973", "revid": "499368", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1973", "title": "Технология"} |
Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясаттын негизи катары XX к. башында мурдагыдан да күч алган. Буга 1911-ж. 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго: «Жергиликтуу эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бүт орустарды сыйлоону канына сиңдирүу керек, эгерде кимде-ким баш ийгиси келбесе жеринен ажырап, жакырчылыктан өлөт же Россия алар менен кош айтышат», деген көрсөтмөсү күбө.
Көтөрүлүштүн негизги себептеришш бири орус дыйкандарынын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отурукташтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Орус дыйкандарын борбордук бөлүктөн көчүрүү иштерине 1896-1916 жж. эле 237 млн 310 мин 236 рубль жумшалган. 1916ж. Түркстандагы жалпы калктын 6 процентин түзгөн орустарга айдоо үчүн жарамдуу жердин 57,7 проценти берилген. Ал эми калктын 94 процентин түзгөн жергиликтүү эл айдоого жарамдуу жердин 42,4 процентине гана ээ болгон. Келгин дыйкандар кыргыздарды адам катары көрбөй, суунун башын ээлеп алышып, кыргыздарга суу бербей, аларды жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкан.
Падышачылык бийлик жергиликтүү элдин каршылыгын алдын алып Түркстандагы куралдуу күчтөрдөн тышкары келгин дыйкандарды да куралдандыра баштаган
1916-ж. көтөрүлүштүн алдында Жети-Суу областындагы келгин дыйкандардын 43 проценти куралданган. Демек, кары-картан, бала-чакадан башка курал алып жүрүүгө жараган келгиндер толук куралданган эле. Өз жери үчүн күрөшкөн кыргыздарды атып салуу адаттагы көрүнүш болуп калган.
1914-ж. башталган дүйнөлүк биринчи согуш, согушка Россиянын катышуусу, ансыз деле эзилип, кыйналып турган колониялык элдин башына түппсөн мүшкүл болгон. Кыргыздар да жалпы элге түшкөн кыйынчылыктан четте калбастан согушка акча, кийим-кече, атчан аскерлер үчүн кыргыз жылкыларын жөнөтүп турган. 1916-ж. 25-июнундагы Падышанын Түркстандын элдеринен аскердик курактагы (19дан 43кө чейинки) эркектерди согуштук коргонуу жумуштарына алуу жөнүндөгү указы, ансыз да падышачылыктын эзүүсүнө, кемсинтүүлөрүнө, жеринен ажырагандыгына аран чыдаган элди биротоло дүрбөткөн.
Падышанын жогорудагы буйругу боюнча Түркстандын Сыр-Дарыя областы 60 мин, Самарканд областы 32,5, Фергана областы 51,3, Жети-Суу областы 43 мин кишини жөнөтүүгө милдеггендирилген.
Мурдатан эле колониялык эзүүнүн запкысы жаньгаа баткан эл эми колго курал алып, ачыктан-ачык боштондук күрөшкө көтөрүлүүгө аргасыз болгон.
Көтөрүлүш 1916-ж. 4-июлда Самарканд областынын Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана областтарына тараган. Фергана обяастындагы июль айындагы көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышкан. Анжиян уездинин калкы чечкиндүү аракеттер менен оадышанын указын аткаруудан ачык эле баш тартышып, атайын түзүлгөн тизмелерди жок кылышкан. Бийлик өкүлдөрүнө, падыша чиновниктерине кол салышкан. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уезддериндеги тоолук кыргыздар да активдүү катышышкан. Наманган уездиндеги көтөрүлүшкө Таласбай Алыбаев жетекчилик кылган.
Боштондук кыймылы Кетмен-Төбөгө, Чаткалга, ТогузТоро өрөөндөрүнө тараган. Ош уездиндеги көтөрүлүш Сулайман тоосунун этегиндеги 10 мнндей адам катышкан жыйын менен июлдун башында башталган. Өзгөндөгү көтөрүлүш да курч мүнөздө өткөн. Август айына карата Кыргызстандын түштүгүнүн көпчүлүк бөлүгү көтөрүлүшкө тартылган.
Кыргызстандын түндүгүндегү кетөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон. Бул жакта элдик кыймыл мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуу деңгээлинде өткөн. Көтөрүлүшкө кыргыз эли менен катар бул аймакта жашаган башка элдердин көпчүлүгү казактар, уйгурлар, дунгандар ж. б. катышкан.
Жети-Суу областынын ар кыл элинин өкүлдөрү катышкан алгачкы жыйын 10-июлда Каркыра жармаңкесине жакын Каман-Карагай деген жерде өтөт. Кеңешмеде аскерге киши бербөө, керек болсо колго курал алып падыша бийлигине каршы күрөшүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Көтөрүлүш июль айында башталып, августта күч алган. Түндүк Кыргызстанда алгачкылардан болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Бул көтөрүлүштүн жетекчиси катары манап Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлгөн. Жергиликтүү элдин өз жериндеги феодалдык төбөлдөрдү хан көтөрүп өздөрүнө жетекчи кылышы элдин ан-сезимине сиңгеы салты менен байланыштуу болгон. Колониялык саясаттын азабын тарткан кыргыз элинин көпчүлүк төбөлдөрү кыйын кезеңде эл менен бирге болушкан.
8-августта Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн. 9-августта Ыбрайым Төлв уулу жетектеген көтөрүлүпгчүлөрдүн чакан тобу Ысык-Көлгө бара жаткан аскерлердин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 минден ашуун ок-дары жүктөлгөн арабаны колго түшүрүп алган.
Ошол эле учурда Сарыбагыш жана Атаке болуштуктарында чыккан көтөрүлүшчүлөр Кеминдеги Новоросснйское кьпптагын, казак-орустардын Самсоновка стандиясын курчап турган. Август айынын орто ченинде көтөрүлүш Пишпек уездинин 12 болуштугун кучагына алат. Ысык-Көлдө, Таласта да көтөрүлүшчүлөр күч алат.
Көтөрүлүшкө Тенир-Тоодогу кыргыздар да активдүү катышкан. Кочкор өрөөнү бул жактагы көтөрүлүштүн чордонуна айланат. Көтөрүлүшчүлөр болуш Канат Убуке уулун (Канат Абукин) хан көтөрүп, өздөрунүн башчысы кылып шайлашкан жана ага баш ийүүгө ант беришкен. Ал 30~40тай барданке, бинтон, кош ооз түтөтмө мылтык, негизинен шыргыйдан жасалган найза, айбалта менен куралданган 2-3 миндей аскери менен август айынын башында Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган.
Канат хандын стратегиялык урушту так бялген, саясий жетекчилик кыла турган билимдүү адамы болгон эмес. Канаттын аскерлери Чүйгө түшүп туш келген орус кыштактарына кыргын салган. Анын аскерлери адегенде эски Токмокту каратып, чоң Токмок шаарын 13-22-августта он күндөй камоого алган.
Канат хан жетекчилик кылган көтөрүлүшчүлөр Алматы менен Ташкенден келген 1,6 миң падыша аскерлери менен беттешкен. Өтө начар куралданган кыргыз көтөрүшчүлөрү замбирек, мылтык менен куралданган регулярдуу аскер бөлүктөрү менен жан аябай салгылашып эрдиктердин үлгүлөрүн көрсөтүшкөн, алардын көпчүлүгү эркиндик үчүн баатырларча курман болушкан.
Көл кылаасындагы көтөрүлүш да өтө курч мүнөздө өткөндүгү менен айырмаланган. Бул жактагы көтөрүлүш 5августта башталып, 10-августта бүткүл Ысык-Көл ойдукун, Каркыраны кучагына алат. Каркырадагы көтөрүлуштө кыргыздар, казактар, уйгурлар жана дуңгандар ал жактагы 500дөн ашуун дүкөнчөлөрдү талкалашкан. 11-августта кыргыздар менен дунгандар биргелешип Караколго чабуул коюшкан. 13—14-августта көтөрүлүшкө Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы сарт-калмактар да активдүү катышышкан.
Көтөрүлүш башталаары менен эле анын Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган. 1916-ж. 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министринин буйругу менен Түркстанга 11 батальон, 3,3 миң казак-орус жөнөтүлгөн. Алар 42 замбирек, 69 пулемет менен куралданган.
Падыша өкмөтү Сыр-Дарыя, Самарканд, Фергана областтарындагы көтөрүлүштөрдү июль айынын аягында басып коюуга жетншкен. Жети-Суу областы жогорку областтардан келгин дыйкандардын көптүгү, ошого жараша жергиликтүү элдии келгиндер тарабынан көбүрөөк кордук көрүп, жер-суу маселесшшн өтө курчуп кеткендиги менен өзгөчөлөнүп турган. Жети-Сууда көтөрүлүш башка областтардагы козголоңдор басылып калганда башталгандыктан, орус төбөлдөрү Түркстандагы куралдуу күчтөрдүн баарын аталган областтагы көтөрүлүштү басууга жумшаган. Жалпысынан алганда, Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан геиерал-губернаторлугунуи аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылганын айтканбыз.
1916 ж. 15-августунда Жети-Суу областынын аскер-губернатору М. А. Фильбаум орус дыйкандарынан көтөрүлүшчүлөрдү басуу үчүн атчан жана жөө кошуундарды түзүү жөнүндө көрсөтмө берген. Түркстандын генерал-губернатору А. Н. Куропаткин көтөрүлүшчүлөрдү жазалоону женилдетүү үчүн
1916 ж. 12-августунда убактылуу аскер талаа сотторун түзүүгө буйрук берген.
Айры, чалгы, найза, кылыч, союл, барданке, бараң, бир аз мылтык менен куралданып, чаржайыт көтөрүлгөн элди басып коюш, падыша аскерлери үчүн анчалык кыйынчылыкка турган эмес. Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүндө чыккан көтөрүлүштөрдү мыкты куралданып, согуш тактикасына үйрөнгөн казак-орустар өтө канкордук менен жазалап, кыйратып турган. Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлүпгчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болгон. 21-августта бул жерде 4 миндей көтөрүлүшчү он, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшкан. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 миндеи ашуун көтөрүлүшчүлөр катышкан. Сентябрь айында падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болбосо, көтөрүлүш негизинен женилген.
Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз басууга, жергиликтүү элди кырып-жоюп, мал-мүлкүн тоноп, айылдарын өрттөөгө көрсөтмө берген. Келгин дыйкандарга көтөрүлүштүн натыйжасындагы чыгымдарын көтөрүлүшчүлөрдүн мал-мүлкү аркылуу толуктап алууга уруксат берген. Ал эми аскер-талаа соттору көтөрүлүшкө катышкандарды атууга өкүм чыгарышып, ошо замат өкүмдү аткарып турган.
Жазалоочу отряд жана аларга жардам берген келгин дыйкандар көтөрүлүшчүлөрдү гана эмес, көтөрүлүшкө катышпаган тынч элди, кары-картан, жаш балдарды, аялдарды кыргынга учураткаи. Мисалы, Беловодскидегн 500дөн ашуун кыргыздарды көтөрүлүшкө катыштыңар деп, сарайга камашып, эртеси баарыи мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Ушундай эле окуя Ысык-Көлдүн башындагы Теплоключенка айылында болуп, 500дөй киши өлтүрүлүп, 100дөн ашык адамдын өлүгү Ак-Суу суусуна ыргытылган. Пржевальск шаарындагы жергиликтүү 700 дунгандан 6 гана киши тирүү калган.
Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш маана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн (качышкан). Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын, талануудан калган малын айдап, азьга-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган.
Жазалоочу отряддардан Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүнүн элдери өзгөчө көп жапа чеккен. Ушул кыйын кезенде элин кыргындан сактап калуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасаган элдик азаматтар болгон. Алсак, Чүй өрөөнүнөн чыккан болуш Дүр Сооронбай уулу, Ысык-Көлдүк белгилүү инсан Кыдыр аке, Суусамыр өрөөнүнөн Түркмөн бөлуш падыша бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өздөрүнө караштуу 400-500 түтүн элдерин Кытайга качырбай кармашып, жазалоодон, азап-тозоктон куткарып калышкан.
Бирок кыргыз элинин көпчүлүгү жазалоочу аскерлеринин кыргынынан кутула алган эмес. Өлгөндөн аман калгандар Кытай жергесине баш калкалаган. Кытайлык маалыматтар боюнча Жети-Суу областынан эле Кытайга 332 миң адам качып барган. 1916-ж. көтөрүлүштө 200 миңге жакын кыргыздар өлүп, Түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 процентке азайган. Бул аз келгенсип, падыша өкмөтү 1916-ж. октябрда Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көлдө калган кыргыздарды толук бойдон Тянь-Шанга көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алган.
1916 ж. көтөрүлүш Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялардан болгон. Көтөрүлүшкө кыргыздардан тышкары жергиликтүү элдердин өкүлдөрү катышкан. Көтөрүлүш жеңилип, өтө мыкаачылык жол менен басылганына карабастан Түркстан чөлкөмүндөгү колониялык бийликти кыйла бошоңдоткон. Эл эркинднк үчүн күрөштүн болуп көрбөгөндөй тажрыйбасына ээ болгон. Кыргыз элинин ата-бабадан мураска калган жерине толук ээ болууну, эркиндиктн, теңднкти энсеген бул күрөшү Кыргызстан тарыхынын маанилүү барагы катары бааланат. | wiki | {"id": "1980", "revid": "462507", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1980", "title": "1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасири"} |
Даосизм — 1) байыркы философия, диний окуулардын бири. Ал биздин заманга чейин 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теңирчиликтин – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Даосизм «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маңызы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сыяктуу теориялык жоболорду камтыйт. Даосизмди ар тараптан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруучунун жолун, адилеттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга жана процесстерге кийлигишпөө, табият менен таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет дешкен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – дао аркылуу жаралат жана өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардыгы тең ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген философиялык тыянак бар. Биздин замандын 2–3-кылымында даосизм философиялык жана диний багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, биздин заманда 2-кылымында пайда болгон. Даосизмдин негизги канондук жоболору: теологиясы менен теориясы 5-кылымдын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-кылымга чейин) ал мамлекеттик бийликтин өзгөчө колдоосунда болгон. Даосизм кытайдын расмий дини катары классикалык дао философиясы менен аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20-кылымдын ортосуна чейин сакталып келген. Даосизмди жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аштан тартып, ар кандай дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пайдалануу менен адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон. | wiki | {"id": "1981", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1981", "title": "Даосизм"} |
Конфуцийчилик (Куңзычылык) - байыркы Кытайда пайда болуп, анын рухий маданиятына, саясий турмушуна жана коомдук өнүгүшүнө эки миң жылдан ашык таасир тийгизген этикалык-саясий окуу.
Конфуцийчиликтин негизи б.з.ч. 6-кылымда Конфуций тарабынан түзүлүп, андан кийин анын шакирттери (Мэн цзы, Сюнь цзы ж.б.) тарабынан өнүктүрүлгөн.
Конфуцийчилик байыркы салттарды, адамдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу өз ара мамилелеринин принциптерин бекем тутууга, ошону менен коомдук түзүлүштү жана салттуу бийлик формаларын чыңдоого үндөгөн. | wiki | {"id": "1982", "revid": "462687", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1982", "title": "Конфуцийчилик"} |
Бий — уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымынан бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын таламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865-66-ж. Россия падышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган жоболорго ылайык бийлер соту уюштурулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий мансабы айылдык бийге, болуштук бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы менен болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927-28-ж. казы жана бий соту жоюлган. | wiki | {"id": "1995", "revid": "38273", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1995", "title": "Бий"} |
Жыгачтан түрдүү буюм жасоо чеберчилиги. Буга жыгач буюмдарын жасоо, алардын бөлүктөрүн бири бирине туташтыруу, бекитүү (аштоо), жыгачты механикалык жол менен иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалгалоо, жылмалоо иштери кирет. Жыгач усталар кыргыздарда жыгаччы же түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу болуп бөлүнгөн. Жыгаччылар - боз үйдүн жыгачтарын; ээрчи - ээр, айырмач, ыңырчак; кырмачылар- аяк, табак, чара, чөмүч, тепши, челек, чыныкап, кашык, соку, сокбилек, ийик; тактачы - сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чана, чарпая; комузчулар- комуз, кыяк, чоор, тактеке, добулбас жасашкан. | wiki | {"id": "1996", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1996", "title": "Жыгач устачылык"} |
Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тай-кунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот.
Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып, «кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүк-көрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат.
Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл.
2) Алдыдагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын бири-бирине кайчылаштырып жасайт. Бул — унаага кийиз салып токуп жүк артууга ылайыкташкан ээрдин (ыңырчактын) бир түрү. Көчмөңдүү турмушта минтип ээрдин ар кандайына узануу абдан өнүккөнүн тарых музейлериндеги экспонаттар далилдеп турат.
Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан. Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташынып-көчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу зарыл.
Маалыматтын булагы.
Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996 | wiki | {"id": "1997", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1997", "title": "Айырмач"} |
Ыңырчак -
1. жүк артууга ылайыкталган, көбүнчө өгүзгө токула турган ээр.
Шилтемелер:
Темирбек Алымбеков. Американын ковбой ээри биздики менен киндиктеш
Абдыкожо Жарбаналиев. Кыргыздардын күч унаалары, алардын токумдары
Айылчы Токтогулов. Мезгил сапары. Роман. II китеп.
Жыгач устачылык
2. Төлөк мырзанын кошумча аты.
Шилтемелер:
Асыкбек Оморов (Чын Темир) Бата берилбей, бала кан кусту
3. Жер аты.
Шилтемелер:
Гүлмира Эшимкулова Академик (повесть) | wiki | {"id": "1998", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1998", "title": "Ыңырчак"} |
Жүндөн, кебезден жип ийирүүчү аспап. Анын сабы катуу кургатылган талдан жана тобулгудан тандалат. Ал сап төмөн карай ичкертилип, узуну 30—35 см, жоондугу 7—10 мм. болот. Тегерек таштан, коргошундан, оор металлдан же карападан ийик башы көзөлүп, сабынын жогорку учуна кийгизилет. Ийик саптын жогорку учу көзөлүп, ага ичке чий, же катуу жыгач өткөрүлөт. Ал ийиктин «буйласы» деп аталат. Ийрилип ийик баштын алдына тоголок түрүлгөн жип салмактанганда ийик баш алынат да, тоголок жип чыгарылат. Муну «бир баш алмай жип» деп айтат. | wiki | {"id": "2001", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2001", "title": "Ийик"} |
Жагдан - кийим, буюм, кездеме, кооздуктар салынчу үкөктүн бир түрү. Жагдан ар кандай көлөмдө, бышык жыгачтан жасалып, сыртынан булгаары м-н капталган. Анын негизи, капкагы ашык-машыктар (топсо) менен бириктирилип, ачылчу жагынын негизине, капкагына кулпулук бекитилген. Жагдандын бурчтары, четтери калай, жез, алтын, күмүш, асыл таштар менен асемделген. | wiki | {"id": "2002", "revid": "11149", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2002", "title": "Жагдан"} |
Машаякчылык, христиан дини эң кеңири таралган дүйнөдөгү диндердин бири болуп саналат.
Ал I кылымда пайда болгон. Андагы башкы каарман Нурхан (Иисус Христос), Нурхан пайгамбар Исламда пайгамбарлардын арасында болот. Ыйса Машайакты - Машаякчылар "Адам Уулу" менен "Кудайдын Уулу дешет" (Mатай 14:33), адам кудай болуп эсептеленет дешет, ал адамдардын күнөөлөрүн көтөрүп, айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлгөн дешет. Ал тирилгенден кийин, асманга кайып болуп учуп кеткен деп ишенишет.
Машаякчылык көз карашта.
Ыйсанын белгилүү шакирттери: Петир, Андрей, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей, Томас, Тадай менен Жүйүт Искариот.
Бул диндин ыйык китеби эки бөлүктөн: Инжил менен Забурдан турат аны Машаякчылар Байыркы жана Жаңы Осуят деп которушат, экөө кошулуп Библия китебин түзөт, китеп деп которулат. Байыркы осуятка Мусанын Беш китеби кирет. Анын биринчиси - "Башталыш" - дүйнөнүн жаралышы, Адам жана Обо эне, дүйнөлүк топон суу, Жусуп жана мисирдиктердеги туткун жөнүндө баяндалат. "Мисирден чыгуу" - экинчи китеп - жөөттөрдүн Мисирден кетүүсү, Муса жана анын насааттары жөнүндө баяндайт, кадаа-салттардын жыйындысы болуп эсептелет.
Төртүнчүсү - "Сандар" - жана бешинчи китеп - "Мыйзам кайталоо" - жөөттөрдүн мисирдик туткундан кийинки тарыхына арналган. Анан дагы Инжилде пайгамбарлардын, соттордун жана Ысрайыл падышаларынын китептери, Дөөттүн забурлар жыйнагы, Сулаймандын ырлар жыйнагы, Сулаймандын Накыл сөздөрү жана башкалар орун алган.
Машаякчылык - ири жана Ыбрайым менен дүйнөлүк диндер, мүчөлөрүнүн саны да, болжол менен 2,3 млрд менен, территориялык бөлүштүрүү боюнча - дүйнөнүн ар бир өлкөдө, жок дегенде, бир Ыйсаны жолдогондордун коомчулугу бар.
Жаңы Осуят төрт Жакшы кабардан (Евангилие): Марктын, Матайдын, Луканын, Жакандын жакшы кабарларынан, ыйык элчилердин каттарынан, Жакандын алган аян (же "Апокалипсистен") турат.
1054-жылы христианчылык эки жыйынга: чыгыш жана батыш жыйындарына бөлүнөт. Батыштагысы католиктер деп, чыгыштагысы - православлиелик деп аталып калган.
Машаякчылык Кыргызстанда.
Кыргызстандын жарандарынын 80-90% ислам динине кирет. Ал эми калган пайызын Орус Ортодокстуу Чиркөө түзөт. Кыргыз-машаякчылардын көбү - протестантизм бутагына кирет. | wiki | {"id": "2010", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2010", "title": "Машаякчылык"} |
Асан Кайгы — XIII-XIV кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерде (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист-философ акын
Өмүр бою элдин муңун муңдап,зарын зардап жүргөндүктөн, Асан кайгы аталган.
Асан кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган. Айрым ырлары 1912-ж. Оренбургда чыккан жыйнакка кирген. Асан кайгы кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча 14-15-кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган. Айрым чыгармаларынын ногой, казак, каракалпак, кыргыздарга бир башаттан тараганына караганда булар бир эл катары биригип турган мезгилде жашаган деген ойду жаратат. Казак адабиятчылары акындын ата-тегин тактоого көп аракет кылышкан, бирок анын өмүрбаяны аңыз кепке айланып кеткен. Бизге акылмандын чыгармалары уламыш жана үзүндү түрүндө келип жеткен. Ошондон улам кыргыз адабиятында оозеки чыгармачылыктын атактуу өкүлү, калк кыялынын туундусу катарында каралат. Уламыштарда Асан кайгынын замандаштары Жээренче Чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсөө болгондугу айтылат. Ч. Валиханов аны «көчмөн элдердин философу» деп атаган. Асан кайгы элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган», малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Атбашыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.
Бай-бай оокат ай,
Жок болсо мал кыйынын кантейин,
Табылбаса нан кыйынын кантейин,
Ажал жетип өлгөнчө, аманат чиркин,
Жан кыйынын кантейин!
Аргымакка миндим деп,
Арткы топтон адашпа.
Күнүндө өзүм болдум деп,
Менменсинип адашпа.
Артык үчүн айтышып,
Досторуң менен санашпа.
Илимим журттан ашты деп,
Кеңешсиз сөз баштаба.
Жеңемин деп бирөөнү,
Жалгаң менен коштобо.
Айрым шилтемелер.
Асан Кайгы. Санаттары, термелери. Жерге берген сыны -Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 т.
Асан кайгы санат ырлары | wiki | {"id": "2023", "revid": "458214", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2023", "title": "Асан Кайгы"} |
Толубай сынчы — кыргыз уламыштарынын каарманы. Элдик уламыштар боюнча XIV - XV кылымда жашаган кыргыз сынчысы жана акылман-ойчулу. Толубай сынчы жаратылыштын жана коомдук турмуштун маселелерин таанып-билүүдө алысты көрө билген адам болгондугу айтылат. Ал Жаныбек хандын тушунда жашап, өз заманында жаныбарлардын касиетине, өзгөчө жылкылардын күлүктүгүн, тулпар чыга тургандыгын алдын ала баамдай алгандагы, көрөгөчтүгү, сынчылыгы менен даңазаланган мыкты саяпкер болгон. Толубай сынчы эл арасында чечендиги, акылмандыгы, ойчулдугу менен да таанымал болуп, ханга да тайманбай сөз кайрыган, элди ынтымакка чакырган инсан катары айтылат. Бир уламыш боюнча Толубай сынчынын сынчылыгын уккан Жаныбек хан аны чакырып, өз жылкысынан тулпар таап бер деп кыйнайт. Толубай сынчы хандын тулпар аттыкан аттарынан бирден айып таап, кырк жеринде жоору бар, мүдүрүлүп баса албаган бир чаар атты тулпар деп көрсөтөт. Хандын буга ачуусу келип, Толубай сынчынын эки көзүн ойдуруп салат. Сынчынын айтканы туура келип чаар ат чынында эле тулпар болуп чыгат. Элдик уламыштардын негизинде кыргыздын белгилүү акыны Алыкул Осмонов “Толубай сынчы” поэмасын жазган.
Заман кандай кары, кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең...
Ошондой унутулган бир күндөрдө,-
Кыргыздан Толубай сынчы өткөн экен.
"Алыкул Осмонов". | wiki | {"id": "2024", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2024", "title": "Толубай сынчы"} |
өз аты – Сансыз. Өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок. Уламыштарга жана эл оозундагы болжолго караганда С.с. солто (же эштек) уруусунан чыгып, XVI- кылымдын аягы –XVII кылымдын башында жашаган. Бул маалымат чындыкка көбүүрөк жакын көрүнөт. С.с. көргөнүн тартынбай айткан, айтканы айткандай келген өтө кыраакы, баамчы киши болгон. Анын да айткан сөздөрү толук сакталып калган эмес. Эл оозунда белгилүүлөрү: Солто бийдин уулдарын, Болот бийден тарагандары, Кудаян ханды, Алдаш Белек уулун сындап айткандары сакталып калган.
«Кой-кой десем болбойсуң
Компондогон Кудаян,
Кордугуңду койбойсун.
Көргөнүмдү айтамын,
Акыры түбү оңбойсуң.
Сен кара жолтой хандырсың,
Кадемин каткан жандырсың.
Ушу сенин тушунда,
Журт бузулат ушунда.
Калың кыргыз бузулат,
Качып, бозуп кысылат.
Калкка тиет кесириң,
Как талаада калат жесириң.
Каргашалуу Кудаян,
Каарданып эсирдиң,
Аз жыл калды карап тур,
Дүнүйөнү чачасың,
Жөөлөп алып токтобой,
Күн батыш карай качасың
Көргүлүктү көрөсүң
Ач кайкалаң куу белде,
Как ошондо өлөсүң.
Жетим калат балдарың,
Жер шыпырат акыры,
Кемпир менен чалдарың.
Өөз тукумун аз болот,
Назарлары пас болот.
Калмак алат жериңди,
Карайлатат элиңди.
Карап тургун Кудаян,
Капкандай чабат белинди,
Онтотуп кесет деминди.
Ойрот кылат малынды,
Оргуштатат канынды».
С.с. жамандыкты жаратып жаткан, элдин кайгы-муңуна себепкер болгон конкреттүү адамды сынга алган. Ал адамды адилет үчүн күрөшүү жолу менен табууга үндөйт.
Айрым шилтемелер.
Санчы сынчынын Кудаянга сын бергени. | wiki | {"id": "2025", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2025", "title": "Санчы сынчы"} |
Тап (таптык, тап күрөшү - саясий күрөш. К.Карасаев)
Саясат - социалдык топтор ортосундагы мамилелер менен байланышып, негизги максаты бийликти жеңип алып кармоо жана пайдалануучу ишмердик чөйрө.
Саясат деген бул улуттун же өлкөнүн "ооздуругун" кармоо деген мааниде келип чыгат.
Саясат сөзү латын тилинен алынып, шаар деген маанини билдирсе, дагы башка булактарда 'саясат' деген сөз араб тилинен келип чыккан жана “ат үйрөтүүчү” билдирет. Ошондой эле батыш тилдеринде саясат түшүнүгүнүн эквиваленти катары политика сөзү да колдонулат. (Кышлалы, 2011: 19).
Саясат, бүгүнкү мааниде, коомдогу ар түрдүү катмарга ортомчулук кылган жана баары үчүн пайдалуу болгон коомдук тартипти орнотуу аракеттерин билдирет. Коомдогу ар кандай ой-пикирлерге жана көз караштарга ээ адамдар ар дайым бири-бири менен карама-каршы келип калуусу ыктымал. Бул учурда, саясат карама-каршылыктуу топторго жалпы эрежелерди сунуштап, тынчтыкта жашоого жана макулдашууга багыттай алат.
Саясий пиар — бул, адистештирилген ишмердүүлүк субъекттеринин саясатын жайылтуу пайдалуу, маалыматты жана дезинформации калк арасында түзүү үчүн коомдо белгилүү бир пикирди жана чечимдерди кабыл алуу. | wiki | {"id": "2026", "revid": "461564", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2026", "title": "Саясат"} |
Subsets and Splits
No community queries yet
The top public SQL queries from the community will appear here once available.