Dataset Viewer
Auto-converted to Parquet Duplicate
text
stringlengths
29
4.56M
source
stringclasses
2 values
meta
stringlengths
2
234
Тил – адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Тилдин жардамы менен дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Тил табигый жана жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу тил табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат. Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. тил - социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн жашаш формасы катарында көрүнүү менен, тил ошону менен катар аң-сезимдин калыптанышында чоң роль ойнойтил тил топтолгон билимдерди сактоонун жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн каражаты болуп кызмат кылатил тилдин жардамы менен конкретүү ой жүгүртүү ишке ашырылат. Кийинки мезгилдерде тил жалаң гана лингвистиканын эмес, ошондой эле логиканын жана семиотиканын да изилдөө объектиси болуп жатат. Ушуга байланыштуу азыркы замандын неопозитивизми философиялык изилдөөлөрдүн бүткүл проблематикасын тилди логикалык талдоо ишине ыйгарып салууну көздөшөт. Колдонулган адабияттар. Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
wiki
{"id": "801", "revid": "507129", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=801", "title": "Тил"}
География (, география, түзмө-түз "жердин сүрөттөлүшү"), бул Жердин жана планеталардын жерлерин, өзгөчөлүктөрүн, жошоочуларын жана кубулуштарын изилдөөгө арналган илим тармагы. Γеография сөзүн алгачкы колдонгон киши Эратос (Б.З.Ч 276–194) болгон. География, Жер'ди жана анын адамдык жана табигый татаалдыгын түшүнүүгө умтулган ар тараптуу сабак — нерселер турган жерин гана эмес, ошондой эле алар кандайча өзгөрүшкөнүн, кандайча пайда болгонун дагы. География көбүнчө эки тармак боюнча аныкталат: адам географиясы жана физикалык география. Адамзаттын географиясы, адамдардын жана алардын коомчулугунун, маданияттарынын, экономикасынын жана алардын космос менен мейкиндик ортосундагы мамилелерди изилдөө жолу менен алардын айлана-чөйрө менен өз ара мамилелеринин иликтөө менен алектенет. Физикалык георгафия, атмосфер, гидросфер, биосфер жана геосфер сыяктуу табигый чөйрөдөгү иштетүү жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө менен алектенет. Географиялык изилдөөлөрдөгү төрт тарыхый салттарга табигый жана адам кубулуштарын мейкиндикте талдоо, жерлерди жана аймактарды изилдөө, адамдар менен жер ортосундагы мамилелерин изилдөө жана Жер жөнөндөгү илимдер кирет. География "дүйнө жөнүндө сабак" жана "адам менен физикалык илимдердин ортосундагы көпүрө" деп аталып калган. Географиялык илимдердин системасы жана чектеш илимдер менен байланышы. География илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү жана тармактарга ажыроо процесспнде пайда болгон. Анын башкы тармактары: а) табигый же физикалык географиялык илимдер (физикалык география, жалпы жертаануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гпдрологпясы, океанология, гляциология, геокрпология, топурак географиясы жана бпогеография); б) коомдук географиялык илимдер (жалпы жана региондук Экономикалык география, өнөржай, айыл чарба, транспорт, калк географиясы, саясий география жана башка); в) картография жана геодезия. Ар бир географиялык илим экспедициялык жана стацпонардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, географиялык илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, бпологпя сыяктуу илимдердин ыкмаларын жана маалыматтарын пайдаланат. Экономиялык география болсо физикалык география жана саясий экономия, демография, социология, өнөржай жана айыл чарба экономпкасы жана башка коомдук илимдер менен тыгыз байланышта. Табиый шарттар менен ресурстарды толук жана сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү жана өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирүү жана кайра куруу жаатында илимий негиздерди иштеп чыгуу географиянын милдети. Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары (маанилүү географиялык саякаттар жана ачылыштар жөнүндө кыскасы географиялык ачылыштар макаласынан). География эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды жана процесстерди табигый-илимий көзкарашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деңгээлинде түшүндүрүү биздин заманга чейинки 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт жалпы жертаануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) жана өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги жана анын бетп 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Биздин заманга чейинки 3-2-кылымда математикалык география негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы География Страбон менен Птолемейдин эмгектеринде (биздин замандын 1-2-к.) биротоло негизделген. Страбон өлкөтаануу багытын өөрчүтсө, Птолемей географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халпфаты, Орто Азия, Иран) Европага караганда география илиминин өнүгүшү жогорку деңгээлге көтөрүлүп калган: ар-түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык география өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин география илим билимдин алдыңкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу жана формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деңиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы жана башка аныкталып, бирок материктердин табияты алп толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «Географпя генералис...» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосфера) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал география «жер-суу шары» жөнүндөгү илим деген жыйынтыкка келет. 17-кылымдын 2-жарымы 18-кылымдын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулушгардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүүгө көп көңүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экономикалык География алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жарымында атайын табигый-илимий экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири менен болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт. 19-кылымда географиянын өсүшүнө, анын илимий милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт менен К. Риттер чоң салым кошкон. Жердин табияты жөнүндөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845-62) Жер кубулуштарынын жалпы законченемдүүлүктөрүн жана ички байланыштарын изилдөө физикалык географиянын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири менен салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт географияны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган. География өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өзалдынча өнүгө баштайт. 20-кылымдын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) боюнча география табигый жана коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз географиялык мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-кылымдын башында өлкөтаануу менен «адамдын географиясын» бийик деңгээлге жеткирген. Россияда 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында географияда бир катар жаңы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурактаануу илимине негиз салып, комплекстик физикалык геогриялык изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-кылымдын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүяүк такталып, анын географиялык изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. 3. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын жана анын морфол. бөлүнүш схемасын сунуш кылган. СССР ИА 1920-30-жылдарда 22 млн км2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк географиялык закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурактаануу, тоңтаануу, палеогеография жана башка тармактардын теориялык маселелерин изилдөө менен бирге комплекстик физикалык географиялык жана экономикалык географиялык проблемаларга, райондоштурууга көңүл бурулат; табигый чөйрөнүн физико-географиялык компоненттеринин аймактык таралышынын законченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы терең изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик жана компоненттик географиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физикалык Географиянын теориялык изилдөөлөрү жалпы жертаануу (А. А. Григорьев) жана ландшафттаануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар жана деңиздер жөнүндө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан. Географиянын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү жана татаалдыгы Географияга ыкташкан жаңы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, медициналык География жана башка) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаңы математикалык, геохимиялык жана башка методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү. Советтин физикалык Географияда табигый географиялык комплекстер (геосистемалар) жөнүндөгү илимий түшүнүк калыптанды. Ал географиялык кабыктын түзүлүшүн жана өнүгүү законченемдерин (жалпы физикалык география) жана анын аймактык бөлүнүшүн, морфол. түзүлүшүн жана башка маселелерди (ландшафттаануу) изилдеди; ири физикалык -географиялык региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мисалы, «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» жөнүндөгү 15 томдон турган серия). Экономикалык география жалпы теория менен бирге СССРдин экономикалык райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук жана тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар боюнча жалпыланган экономикалык-географиялык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөржай, транспорт, айыл чарба, калк, шаар жана башка), табигый шарттардын жана ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Советтик экономикалык география башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту. География тарыхын жана тарыхый географиянын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Советтик картографиянын география менен тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык жана комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар менен атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Советтик география акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, башкача айтканда конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият менен коомдун өзара мамилелерин жалпылоочу жана жакшыртуучу илимий проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Советтик Географиянын теориялык жана практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн Географиялык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда. Географиянын башка өлкөлөрдөгү абалы. Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук менен пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамл. бийликтерди жана монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония жана башка айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер жана жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Географиялык изилдөөлөр аспап-жабдыктар менен өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө жана чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси жана башка) Географиянын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физикалык География жана экономикалык Географияга бөлүү туура болбойт, География тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Географиянын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европалык изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көңүл бурат. Маанилүү Географиялык коомдор жана мекемелер. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү Эл-аралык География союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл-аралык Географиялык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк жана региондук деңгээлдеги мааниси бар География уюмдары: Орус Географиялык коому, РФ ИАнын География инстититуту, КМШ ИАларынын География пнттары, бөлүмдөрү, унмверситеттердин географиялык факультеттери, Улуу Британия королдугунун География коому, Канаданын королдук География коому, АКШ Улуттук География коому, Париж География коому жана башка. Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү. Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы жөнүндө Батыш менен Чыгыш элдери биздин замандын башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» жана башка), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей жана башка) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теңир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун жана башка уруулар, алардын жери, кесиби жана башка тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы жана анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы жана башка кыска, так баяндалат. 18-кылымда жана 19-кылымдын 1-жарымында географиялык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. Риттер (1832, 1859) жана Л. Гумбольдт (1843) Теңир-Тоо менен Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борбордук Азиянын Географиясы боюнча биринчи жалпыланган илимий концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура илимий Географиясы акыркы 100-120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын илимий экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кыргызстан аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү жана жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кыргызстандын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык жана стационардык (1880-90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теңир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары жөнүндөгү азыркы илимий түшүнүктөргө негиз салды. 19-кылымдын 2жарымында атайын тармактык (топографпялык-геодезиялык, геологиялык, зоологиялык жана башка) жана комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө менен таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү жөнүндө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди. Кыргызстандын Географиясын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши жана Д. Принц, немистер География Мерцбахер жана М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Махачек жана башка) жана жергиликтүү саякатчылар, өлкөтаануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков жана башка) да катышкан. Октябрь социалдык революциясынан кийин Географиялык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу жана өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кыргызстанда бир да илимий мекеме болгон эмес, жогорку билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр республикада атайын Географиялык (КР ИАнын географиялык бөлүмү, Бийик тоолуу Теңир-Тоо физико-географиялык станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абат университеттеринин География багыттагы факультеттери, Борбордук Азия Жер изилдөө институту жана башка) жана географиялык багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи жана башка) илимий, өндүрүштүк мекемелер, коллектпвдер жана башка бар. Гпдрометеорол. элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын жана башкаларды Географияга чектеш илимдер изилдейт. Кыргызстан Географиялык (1947) жана Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деңгээлдегп адпс географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин Республикасынын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград жана Ташкендин адистеринин күчү менен жүргүзүлгөн. 1920-40-жылдарда СССР ИАнын жана Орто Азия университетинин экспедициялары Кыргызстандын Географиясына зор салым кошту. 1948-ж. СССР ИАнын Географиялык институту негпздеген Физикалык географиялык станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын илимий мекеме болуп калды. 1943-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалы, 1951-ж. КМУ ачылгандан бери Республикасынын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жергиликтүү окумуштуулар менен адпстердпн колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар пчпнде География илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери боюнча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы жана башка жөнүндө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 жана башка). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык жана гидрологиялык маалымат жыйнактары, мөңгүлөрдүн каталогдору жана башка). Тармактык жана комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 жана башка) аткарылды. Экономикалык географиялык изилдөөлөр Кыргызстандын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөржайы, айыл чарба, табигый ресурстарды пайдалануу жана алардын экономикалык Географиялык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. Айыл чарбасын, өнөржайды жана эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экономикалык географиялык проблемалары жана эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) терең талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. Оторбаев, 1957 жана башка) жана бүткүл Кыргызстандын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 жана башка). Республикасынын жана анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы жана энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө. Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Республикасынын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көңүл бурулуп келүүдө. Кыргызстандын аймагында абанын жана топурак кыртышынын температурасынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов жана башка). Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилдендп, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө жана прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө жана калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү жана алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилдөө пштерине айрыкча көңүл бурулуп, аларды прогноздоо жана эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда. Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөңгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов жана башка). Жаратылыш ресурстарын комплекстүү инвентарлашгыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфологпя» (Ш. Качаганов жана башка) карталары түзүлдү. Тармактык изилдөөлөр менен бирдикте Кыргызстандын Географиясында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кыргызстанда ландшафттык жана комплекстүү физикалык-географиялык ургаалдуу изилдөөлөр КР ИАнын География бөлүмү тарабынан Нарын дарыясынын жогорку агымында (50-жылдардын аягында) Алай кырка тоосунда (1973-75) жана Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында (1976-80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э.К. Азыкова, С. Байгуттпев, К. Матпкеев жана башка). Теңир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт боюнча белгилүү салым болуп калды. Ал Кыргызстандын комплекстүү илимий-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топ тому болду. Республикада топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта Республикасынын Географиялык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев жана башка) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» жана башка (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов жана башка) жарыкка чыкты. Кыргызстандын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда жана жүздөгөн макалалар менен тезпстерде чагылдырылып, алар эл-аралык, бүткүл союздук жана республикалык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРпнпн клпматы» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу серпясы» (1970), «Кыргызстандагы географпя илимдерпнпн өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» жана башка «Кыргыз жергесп» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географпясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар менен сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы География илимдерине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын жана илимий-популярдуу адабияттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар менен камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам республикадагы геодезия жана картография кызматы бул өксүктү толтуруу боюнча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, ошондой эле ресурстардын жана саясий-административдик карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу илимий эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү жана фундаменталдуу, илимий маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер менен жабдылып, Республикасынын жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын жана табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 илимий, өндүрүштүк мекемелердин жана жогорку окуужайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас боюнча илимий уюштуруучулук жана координациялоо иштери КР УИАнын Геология инстититутунун География бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн.
wiki
{"id": "1030", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1030", "title": "География"}
Кыргызстан, расмий түрдө ― Кыргыз Республикасы (КР) — Борбордук Азиядагы мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө. Кыргызстан — унитардык, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет. Борбор шаары — Бишкек, калк боюнча республиканын эң ири шаары. Туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат. Өлкөдөгү туруктуу калктын саны 2021-жылдын башына карата баалоо боюнча 6,7 миллион ашуун адам түзөт. Кыргызстан 2020-жылдын башына карата бааланган калкы боюнча дүйнө жүзүндө 110 орунду ээлеген. 2015-жылдын 25-ноябрында 6 миллиончу кыргызстандык туулган. Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4,4 % түзөт. Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адамдын өнүгүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,697 (орточо) түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген. Советтер Союзу кулагандан бери (1991-жылы) өлкөдөн эмгек миграция калыптанган. Кыргызстандын 700 миң ашуун жараны эмгек мигрант болууда. Эмгек мигранттардын негизги агымы Орусияга (2018-жылы 640 миң ашуун) кетет, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана АКШда иштегендер да көп. Алардын акча которуулары ИДӨнүн үчтөн биринен ашуун түзөт. Бул көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Акча которуулар өлкөдөгү жакырчылыкты азайтууга маанилүү салым кошот. Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү. Этимология. «Кыргызстан» ― өлкөнүн аталышы «кыргыз жери» дегенди билдирет. Ал «кыргыз» этнониме перс (фарс) тилинен алынган «стан» суффиксин кошуусу менен жаралган. Кыргызстан өлкөнүн аталышы катары азыркы чек арадагы 1924-жылы негизделген чөйрөсү тууралу айтылат. Андан тышкары азыркы учурдагы анын чөйрөсүндөгү болуп турган жана социалдык, маданий, саясий орун басуучулук менен 1991-жылы түптөлгөн мамлекетти ― Кыргыз Республикасын да билдирген кыскача, расмий аталыш. Тарых. Кыргыздардын тарыхы XXII кылымдан (2200-жыл) ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келип жаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан. Байыркы мезгил. Кыргызстандын аймагында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган. Энеолит доору Саймалы-Таш капчыгайындагы таштарга чегилип тартылган сүрөттөрдүн байыркы бөлүгүнөн көрүнөт. Бул орто кылымдарга чейинки энеолит жана коло доорунун ыйык саналган зор борбору. Булактарга ылайык Орто Азиянын мал баккан элдери биздин эрага чейинки I миң жылдыкта “сактар” деп аталган. Алар биздин эрага чейинки I миң жылдыкта Борбор Азиянын саясый окуяларында жигердүү роль ойногон жоокер уруулары болгон. Биздин эрага чейинки III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу “кыргыз” этноними эскертилет. Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Күнбаг (ккэ бир булактарда Күнбий) б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин курамына кирген. Даван (байыркы перси булактары боюнча – Паркана) калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104—99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган. VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн (551—744). VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон. Батыш Түрк каганаты (603—704) Чыгыш Түркстандан, Тянь-Шань тоолорунан жана Жети-Суудан тартып, Түндүк Кавказга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Администрациялык-саясий жана башкы соода борбору Суяб шаары (Токмок шаарына жакын Ак-Бешимдин урандылары) болгон. Батыш Түрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты (704—746) өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында (820—841) кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген. Карахан каганатынын түзүлүүсү менен (X кылымдын башы XIII кылымдар) Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн улуу чыгармаларын жаратышкан. Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат. XV—XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан. XVII кылымдын ортосунан баштап, XVIII кылымдын ортосуна чейин кыргыздар Жунгар хандыгынын басып кирүүсүнөн өз көз карандысыздыгын коргошкон. XVIII кылымдын 60-жылдарында түштүк кыргыздар, андан кийин XIX кылымдын 20-30-жылдары түндүк кыргыздар Кокон хандыгынын таасиринде калат. Орусия империясы. XVIII кылымдын аягында жана XIX кылымдын башында түндүк кыргыз уруулары Орусия менен өз алдынча мамиле түзө баштаган. 1785-жылы сарыбагыш бийи ― Атаке баатыр биринчи өкүлдөрүн Орусияга жөнөткөн. 1855-жылы бугу уруусу Орусиянын букаралыгын алган. Бул кыргыздардын Орусияга кошулуу процессинин башталышы эле. 1868-жылы кыргыздардын түндүк уруулары Орусияга биротоло кошулган, ал эми түштүгү Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштү баскандан кийин 1876-жылы жеңип алынган. 1867-жылы Кыргызстанда Орусиянын административдик-аймактык башкаруусу иштей баштаган. Падышалыктын журт котортуучулук жана салык саясаты улуттук жана экономикалык эзүүнү күчөтүп жиберген. Орто Азия элдеринин биринчи антиколониялык козголоңу Фергана өрөөнүндө 1898-жылы Анжиян шаарында болгон. Кошулуу процесси кыргыздардын экономикалык жана чарбалык көнүмүш турмушунун акырындап өзгөрүүсүнө алып келген. Кыргыз элинин географиясын, табиятын, тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүү башталган. Бул прогрессивдүү көрүнүш эле. Үркүн. Бирок падышалыктын колониялык саясаты 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келгендиги, ал болсо Үркүн менен аяктагандыгы белгилүү. Орус падышалыгынын кулашы жана үч бийликтүү мезгил. Эски стиль (юлиан календары) менен 1917-жылдын февраль айындагы, жаңы стиль (григориан календары) менен март айында Петроград жумушчуларынын жана Петроград гарнизонунун аскерлеринин бийликке каршы массалык нааразылык акциялары орус падышалыгынын кулашына жана Убактылуу өкмөттүн менен Петроград Советинин (Петросовет) кош бийлигине алып келет. Жумушчу депутаттардын Советинин Убактылуу аткаруу комитети жана Мамлекеттик думанын Убактылуу комитети менен биргелеште түзүлгөн Убактылуу өкмөт Уюштуруучу жыйын өз ишин баштагыча иштеш керек эле. Уюштуруучу жыйынга шайлоо 17-сентябрга дайындалып, кийин 25-ноябрга жылдырылган. Ал эми Кыргызстандын азыркы аймагында аталган окуялар үч бийликтин орношуна алып келген, ага карабастан колониалдык саясат улана берген. Февраль революциясы жөнүндө кабар угуп, 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздар кайтып башташат. Азык-түлүк аздыгы менен татаалдашкан учурда Үркүндө дүнүйөсүн жоготкон кыргыздын өлүмү чоң болгон. Андан тышкары кайткандарды орустар тарабынан өлтүрүү учурлары да болгон. Ошентип 20 миң кайткан кыргыз мерт кеткен. Марттын узагында Түркстандагы падышалык бийликтин өкүлдөрүн кызматтарынан бошотушкан. Ошол эле учурда советтер түзүлө баштаган. Жумушчу депутаттрадын советтери Пишпекте, Токмокто, Пржевальскта жана Ошто пайда болгон. Бул тунгуч советтерде жергиликтүү калктын өкүлдөрү аябай аз же такыр эле болгон эмес. Орусиянын борбордук аймактарында болгондой эле бул советтердин көпчүлүгүн меньшевиктер жана эссерлер (марксисттик эмес социалисттик партия) түзгөн. Ошол эле маалда Убактылуу өкмөттүн комитеттери түзүлгөн. Түркстан комитетинин башында Кадеттер партиясынын мүчөсү Щепкин туруп калган. Бул комитет 1916-жылдын улуттук боштондук көтөрүлүшүн канда басуу менен айырмалангандарды Пишпек, Ош жана Пражевальск уезддеринин комиссарлары катары дайындаган. Ошондой эле жергиликтүү калктын өз алдынча башкаруу органдары түзүлө баштаган. 1917-жылдын апрелинде Пишпекте Кыргыз коомдук комитети түзүлгөн, кийинчерээк андай комитеттер Кыргызстандын азыркы аймагынын түндүк шаарларында пайда болгон. Ош шаарында августта Мусулман эмгектенгендердин жана чайрыкер депутаттардын совети түзүлгөн. Ошентип үч бийликтин тутуму түзүлгөн. Февраль революциясы Түркстандын жергиликтүү калктын саясий активдүүлүгү жандандырды: коомдук-саясий уюмдарды жана партияларды түзүлө баштады. Май айында Пишпек уездинде «Букара» кыймылы түзүлөт. Июль айында Пишпекте Абдыкерим Сыдыковдун жетекчилиги астында «Алаш» партиясынын жергиликтүү бөлүмү уюштурулган. Партия буржуазиялык, демократиялык көз караштагы кыргыз жана казак интеллигенцияны бириктирген. Партияны Мамлекеттик думанын депутаты ― Ахмат Байтурсунов башкарган. Анын максаттарынын бири кыргыздар менен казактардын көз карандысыз мамлекетке биригүүсү болгон. Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз жана өзбек байларды, интиллегенциянын өкүлдөрүн жана ислам диниятчыларды бириктирген «Шура-и-Ислам» партиясынын жергиликтүү бөлүмү түзүлгөн. Аны Таш Кудайбергенов башкарган. Уюмдун негизги саясий талаптарынын бири Орусиянын ичинде Түркстандын улуттук-диний автономиясын түзүү болгон. Уюм жеке менчиктин (анын ичинде жерге) сакталышын жактаган. Ошондой эле «Туран» партиясы Кыргызстандын азыркы аймагында жергиликтүү уюмдарын түзүп баштаган. Кеңештер мезгили (Совет мезгили). Совет бийлигинин орношу. 1917-жылдын 7-ноябрында (эски стиль менен 25-октябрь) Петроградда кызыл гвардиячылар, Петроград гарнизонунун жоокерлери жана Балтика флотунун матростору куралдуу көтөрүлүшүп Убактылуу өкмөттү кулатышкан. Ошол күнү II Бүткүл орусиялык жумушчу жана жоокердик депутаттардын Советтеринин съезди өз ишин баштаган. «Жумушчуларга, жоокерлерге жана дыйканчыларга!» деген кайрылуусунда жерлерде бүт бийлик Жумушчу, жоокердик жана дыйканчы депутаттарга (Советтерге) өтүүсү жөнүндө жарыялашкан. Советтерде ар түрдүү партиялардын өкүлдөрү турушкан (большевиктер, меньшивиктер, эссерлер ж.б.), бирок алардын тирешесинин жыйынтыгында В.И. Лениндин большивисттик партиясы толугу менен бийликти ээлеп калган. Петрограддагы бийликти басып алуу менен Орусияда 1923-жылга чейин созулган жарандык согуш башталат. Кыргызстандын аймагында 1917-жылдын ноябрында Сүлүктүнүн шахтёрлору биринчилер болуп совет бийлигин жарыялашкан. Ушул эле айында ал Кызыл-Кыяда, Дмитриевкада (1944-жылдан Талас) орнойт. 1918-жылдын январь айында жаңы Орусиянын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо үчүн Уюштуруучу жыйыны (1917-жылдын ноябрында шайланган) чакырылган. Ал жыйындагы көпчүлүктү түзгөн большевиктерге каршы депутаттар большевиктер сунуштаган "Эмгектенген жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясын" кароодон баш тартышкан. Анда большевиктердин тарабынан жыйын таркатылып, 1918-жылдын 18-январында III Бүткүл орусиялык Советтердин съездинде жогоруда айталган Декларация ― Орусиянын жаңы мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерин мыйзамдуу түрдө бекиткен, Октябрь социалисттик революциясынын жетишкендиктерин бекемдеген жана совет бийлигинин милдеттерин аныктаган конституциялык акт бекитилген. Декларацияда Советтик Орусия Республикасы эркин улуттардын эркин биримдигинин негизинде, советтик улуттук республикалардын федерациясы катары түзүлүп, ар бир улуттун жумушчулары менен дыйкандарына өз советтик съездинде өз алдынча чечим кабыл алууга: алар федералдык өкмөткө катышууну каалашатбы жана кандай негизинде федералдык өкмөттө жана калган федералдык советтик мекемелерине катышканга даяр экенин укуктуу деп айтылат. 1918-жылдын 14-январында Пишпектин Советинде большевиктер жеңип Петроград жана Ташкенттин борбордук бийлигине кошулушуна токтом кабыл алышкан. Советтин төрагасы катары большевик Г.И. Швец-Базарный шайланат. Январь айында Ошто. Май айында Пржевальскка Верный шаарынан келген кызыл гвардиячылардын колдосуу менен Совет бийлиги орногон, июнь айында Нарында. Ошентип, 1918-жылдын жайына карата азыркы Кыргызстандын аймагында кан төгүлбөй совет бийлиги орногон. 1918-жылдын 30-апрелинде V Түркстандык Советтердин съездинде мурдагы Түркстан крайында (1886-жылына чейин Түркстан генерал-губернаторлугу) ОСФСРдин курамында Түркстан Советтик Республикасы жарыяланган. 1918-жылдын 7-декабрында калкы негизинен бай орус дыйкандарынан турган Беловодское айылында Петроградтын бийлигине каршы козголоң көтөрүшөт. Козголоңду сол эсерлердин партиясынын өкүлү башкарган. Козголоңду басыш үчүн Жети-Суу облусунун аскердик комиссары Л.П. Емелев 1-чи Пишпектин советтик полкун (Я.Н. Логвиненконун буйрук астыгында) жөнөтөт. 26-декабрында Беловодское айылы басылган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жол. Түркстан АССРдин партиялык жана советтик уюмдарында Орто Азиянын улуттук-аймактык бөлүштүрүшү маселеси 1920-жылдан тарта көтөрүлө баштаган. 1921-жылы Түркстан АССРдин курамында "Тоолуу Кыргыз облусун" түзүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн, бирок бул маселе чечилген эмес. 1922-жылдын мартында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыковдун жүзүндөгү кыргыз интеллигенция кыргыз калкы бар уезддерди Тоолуу Кыргыз облусуна бөлүп чыгарууну кайрадан сунуштады. 25-мартта Түркстан компартиясынын Борбордук комитетинин (БК) секретариаты Түркстан Республикасынын курамында ушундай аталыштагы аймакты түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Эртеси күнү Түркстан АССРдин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) Кичи президиуму Пишпек, Каракол, Нарын жана Аулие-Ата уездинин тоолу аймактарынын курамында, административдик борбору Кочкор кыштагында түзүү жөнүндө токтомду бекитти. Түштүктө жашаган кыргыздар тууралу маселе ачык бойдон калды. Бирок, улутчулдук жана уруулук мүнөздөгү ар кандай топторунун ортосундагы пикир келишпестиктер 1922-жылдын 4-июнунда Пишпекте чогула турган уюштуруу съезддин Сталиндин түз буйругу менен тарашына алып келген. 1922-жылдын декабрында большевиктердин Орусия комунисттик партиясынын ((б)ОКП) БКсы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча мурда кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп таанып, съезддин демилгечилерин буржуазиялык улутчулдукка жана контрреволюциялык ишмердүүлүккө айыптаган. 1924-жылдын январында XII Бүткүл түркстандык советтердин съездинде кыргыз (ал учурда кара-кыргыз) делегаттары (б)ОКП БКсына жана СССР БАКтын Улуттар советине Түркстандын партиясынын жана өкмөтүнүн башкаруу аппараты жалпы саны бир миллионго чейин болгон дагы бир улуттун ― кара-кыргыздардын өзгөчөлүктөрүн билбейт жана эске албайт деген кат менен кайрылшат. Кара-кыргыз менен кайсак-кыргыздын (казактын) тили, чарба жүргүзүү жана жашоосу окшош болгондуктан, европалыктар аларды бир улут катары эсептешет жана Түркстандын кээ бир башкаруучулары аларды бир улутка бириктирүүгө аракет кылышат деп катта айтылат. Ал катты төмөнкү талаптар менен аякташат: Ошол эле жылдын 24-апрелинде (б)ОКП БКтын Ортоазиялык бюросу «Орто Азия республикаларынын (Түркстан, Бухара, Хорезм) улуттук бөлүштүрүшү жөнүндө» токтом кабыл алган. Белгилеп кеткенде ал учурда планданган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун кайсы республикасынын курамына кириши маселеси ачык турган. Даярдык иштери сентябрь айында аяктады. 1924-жылдын 16-сентябрында Түркстан АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) кезексиз сессиясы Орто Азияны улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү жөнүндө токтом кабыл алган. Бул токтом 1924-жылдын 14-октябрында Бүткүл орусиялык борбордук аткаруу комитетинин (БОБАК) 2-сессиясында бекитилген. Ошону менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (1925-жылдын майында Кыргыз автономиялуу облусуна аталышы өзгөртүлөт) ОСФСРдин курамында түзүлгөн. Орусиядагы Октябрь революциясы, социалисттик түзүлүштү орнотуу, элдердин өзүн өзү аныктоо укугу жана СССРдин түзүлүшү Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый бурулуш тап болгон. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсү менен советтик түрүндөгү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү башталган, бул болсо саясый татаалдашуусуз 1991-жылы толук эгемендик алууга мүмкүндүк берди. Кыргыз ССР. Социализм доору Кыргызстанды кайра жаратып, аны индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Көп тармактуу өнөр жайы, курулуш индустриясы жана курулуш, транспорт, байланыш, техникалык жабдылган айыл чарбасы, соода-сатык жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү республиканын бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык курамдык бөлүктөрү болуп калды. Эмгек ресурстарын жайгаштыруу көйгөйү жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо-турмушунун материалдык деңгээли жогорулаган. Өзгөчө отун-энергетика комплекси өнүккөн, 80-жылдарда көмүр өнөр жайынын үлүшүнө Орто Азияда өндүрүлгөн көмүрдүн 40%ына чейини туура келген. Энергетика комплекси, түстүү металлургия ийгиликтүү өнүккөн. Анда негизги орунду сурьма, сымап, чанда кездешүүчү жана башка түстүү металлдар ээлеген. Кадамжай комбинатынын сурьмасы эл аралык базарда сапаттын үлгүсү болгон. Хайдаркан сымап комбинатынын өндүрүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Айыл чарбасында жетектөөчү ролду мал чарбасы ойногон. Кыргызстан кой чарбасынын азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча СССРде үчүнчү орунда турган, алдыда ОСФСР менен Казакстан гана болгон. Өндүрүлгөн улуттук кирешенин өнүгүү темпи боюнча Кыргызстан Украина, Казакстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан жана Эстония сыяктуу союздук республикалардан алдыга кеткен. Шаарлар жана калктуу пункттар пайда болуп жана көрктөндүрүлүп турган, ал эми илимий-техникалык революция индустриалдык өнүгүүнүн гана эмес, ошондой эле социалдык маанидеги да элемент болуп калган. Улуу Ата мекендик согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошкондугун белгилей кетүү керек, кан майданга 360 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алар баатырларча салгылашкан, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 21и үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Кыргызстан өлкөнүн бирдиктүү аскердик-чарбалык организминин ишенимдүү бастиону болуп калды. Эвакуацияланган ишканалар калыбына гана келтирилбестен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк кубатын кеңейтишкен. Маданий курулуштун башкы багыттарынын бири сабатсыздыкты жоюу, билим берүүнүн жаңы системасын түзүү болуп калды, квалификациялуу кадрларды даярдаган жождор жана орто-атайын окуу жайлары ийгиликтүү иштеп жатты. Илимдин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө СССР ИАсынын Кыргыз филиалы (1943) чоң роль ойноду, ал 1954-жылдын декабрында республиканын Илимдер академиясы деген статус алган. Улуттук кесипкөй адабият кыргыз тилинде жазуунун түзүлүшү менен башталган. Улуттук жана дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун Чыңгыз Айтматовго таандык, анын чыгармалары дүйнө элдеринин 80ден ашык тилдерине которулган. Профессионал кыргыз искусствосу: театр, музыка, көркөм сүрөт жана кинематография да ийгиликтүү өнүктү. Талашсыз жакшы жактары менен бирге совет мезгили тоталитардык режимдин көптөгөн адам тагдырларын трагедияга кептеген терс көрүнүштөрү менен да тарыхта калды. 1990-ж. Жалган Куран айында СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27 Тогуз айда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15 Бештин айында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22 Үчтүн айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5 Бирдин айында республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8 Бугу айда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19 Чын Куран айда “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган. Эгемендүү Кыргызстан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-жылдын 31-августунда «Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө» Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь, Орусия, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШ түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. 1991-жылдан баштап, СССР кыйрагандан кийин кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылган. 31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялады жана реформалоо этабы башталды. КПССтин мурдагы тоталитардык-авторитардык режими авторитардык-демократиялык режим менен алмаштырылды. Демократиялык башкаруу принциптери киргизилип, жалпы элдик (мамлекеттик) деп аталган менчиктин ордуна жеке менчикке артыкчылык берилүү менен менчиктин ар түрдүү формалары киргизилди. Пландык экономика базар экономикасына алмашты, мурда социалдык бир түрдүү коом тез эле дифференциялашып калды. Коммунисттик идеология буржуазиялык-либералдык идеологияга жол берип, жамааттык аң-сезим жекече индивидуалдуулук менен четке сүрүлдү. Коомдук-саясый жагынан республика мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарына ээ болду, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болуп калды. Бирок мурдагы СССРдин чарбалык байланыштарынын үзүлүп калышы республиканын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Инфляциялык процесстин күчөп кеткендигине байланыштуу 1993-жылы улуттук валюта (сом) киргизилген. Бул өлкөгө өз алдынча каржылык жана акча-насыя саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынат. Бирок базар экономикасынын реформаларынын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин өтө таңсыктыгына алып келди да, республика агрардык-индустриалдык өлкө болуп калды, ал эми калктын жарымына жакыны өтө жакырданып кетти. Коррупциянын өтө күчөп кетиши, коомдун тез дифференциялашуусу, криминалдашуу, бийликтин авторитаризми Кыргызстанды иштеп жаткан режимди эки ирет кулатууга (2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде) алып келди. Өткөөл убактылуу өкмөттөн кийин Кыргызстанда парламенттик республика орнотулуп, Жогорку Кеңешке кеңири ыйгарым укуктар берилген. Татаал социалдык-экономикалык кырдаалдын айынан Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзгөнгө аргасыз. Ал республикага инвестицияларды алып келүү максатында зарыл карым-катыштарды түзүп келет. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна (ЕККУ), ЮНЕСКОго, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ), Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Ислам Кызматташуу Уюмуна (ИКУ), Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгынын Кеңешине (ТМКК) мүчө болду, Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык коомдоштукка интеграцияланууга кадам таштап, жакынкы эле эмес, алыскы да чет өлкөлөр менен байланыштарды жөнгө салууда. Демократиялашуу процессинин аркасында эгемен Кыргызстандын руханий турмушунда да маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушуга байланыштуу аны базар мамилелерине ыңгайлаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Экономикалык кризистин кесепеттери илимий мекемелердин иштерине да терс таасирин тийгизди. Бирок, алар, анын ичинде Илимдер академиясы да ушул татаал шарттарга ыңгайлашууга жана илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө аракетин аяган жок. Коомдун руханий кайра жаралуусу үчүн маданий мураска, атап айтсак, оозеки эл чыгармачылыгынын шедеври — “Манас” эпосуна аяр мамиле жасоо зор мааниге ээ. Бирок терс көрүнүштөр дээрлик эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен жансактап жаткан маданият чөйрөсүнө өзгөчө залакасын тийгизгенин белгилебей коюуга болбойт. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет анын ченемдик-укуктук базасын түзүү боюнча бир катар чараларды көрдү. География. Жайгашкан жери. Кыргызстандын деңизге чыга турчу жери жок. Толугу менен Түндүк жана Чыгыш жарым шарларында жайгашкан, түндук кеңдигинин 39°11′—43°16′ жана чыгыш узундугунун 69°15′—80°18′ аралыгында. Өлкөнүн чыгышттан батышка карай 900 км, түндүктөн түштүккө карай 410 км созулат. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Мамлекеттик чек ара. Мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 4690,66 км түзөт: Казакстан менен — 1257,07 км, Кытай менен — 1084,35 км, Өзбекстан менен — 1378,44 км, Тажикстан менен — 970,8 км. Аны менен чек аранын 823,04 км аныкталган эмес: Өзбекстан менен ― 371,34 км жана Тажикстан менен — 451,7 км. Ошентип, Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугунан 1007,1 км такталган же 73,1 %, Тажикстан менен — 519,1 км же 53,4 %. Мамлекеттик чек ара негизи тоолордун кырларынан жана дарыялар менен өтөт. Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Шахимардан, Чоң Кара-Калча, Таш-Дөбө жана Тажикстандын Ворух, Батыш Калача деген анклавтары бар. Ошондой эле Фергана өрөөнүндө Өзбекстандын аймагы менен курчалган Кыргызстандын эксклавы ― Барак айылы бар. Талаш тилкелеринде улам чыр-чатактар болууда, алар кээ бир учурларда куралдуу кагылышууга да алып келет. Акыркы эң ири куралдуу жаңжал ― 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда болгон. Рельеф. Кыргызстандын аймагынын 3/4 бөлүгүн тоолор ээлейт. Өлкөүн аймагы эки тоо системаларынын айланасында жайгашкан. Түндүк-чыгыш бөлүгү Ала-Тоого (башка аталышы Теңир-Тоо) кирет, түштүк-батыш тарабы ― Памир-Алай тоолоруна карайт. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 м жогору бийиктикте жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 м. Кыргызстандын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана болжол менен үчтөн бири — 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Бийиктиги 7439 м түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери, ошондой эле дүйнөнүн эң эле түндүк тарабындагы жети миң метрге жеткен чоку. Чыгышта Теңир-Тоонун негизги тоо кырлары басымдуу тоо кырын түзүп, Меридиандык тоо кырынын районунда жакындашып кетет. Кытай жана Казакстан менен чектешкен жерде Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңири (7010 м же муз катмарын эсептебегенде 6995 м) көтөрүлүп турат. Кыргызстандын батыш тарабы Батыш Теңир-Тоодо жатат. Анын маанилүү орографиялык элементтери: Түштүктө Түркстан тоо кыркасынын түндүк жантаймасы, Алай тоо кыркасы, Алай өрөөнү жана Памирдин түндүк чети болгон Чоң-Алай тоо кыркасынын түндүк жантаймасы Кыргызстанга карайт. Чоң-Алай тоо кыркасынын эң бийик жери ошондой эле Кыргызстандын бийиктиги боюнча экинчи жери ― Ленин чокусу (7134 м). Түштүк-батышта Фергана өрөөнүнүн түндүк, чыгыш жана түштүк чет жактары Кыргызстанга карайт. Кыргызстандын башкы орографикалык элементтери: Республиканын эң жапыз жери — 401 метр Кулунду айылына жакын жерде жайгашкан. Климат. Кыргызстанда кескин континенттик, кургакчылыкка учурай турган климат, аны бийик тоолу рельефинен булут каптыгандык менен жаан-чачын артыганы бир аз жумшартат. Мындай болушуна үч фактор себеп: Тундүк жарым шарында, Евразиянын борборунда жайгашкандыгы, олуттуу суу жайларынан алыстыгы жана чөлдөрдүн жакындыгы. Дүйнө жүзүндө көбүрөөк кеңири колдонулуучу климатты классификациялоонун Кёппен-Гейгер системасынын негизинде Кыргызстанда климаттын 11 түрүн бөлүп кароо менен аларды негизги 5 типке топтоого болот: Суу ресурстары. Мөңгүлөр. Кыргызстандын мөңгүлөрү жалаң эле республиканын тузсуз суунун кампсасы эмес, жалпы Борбордук Азиянын кампасы. Мөңгүлөрдүн эриген суулары дырыялардын башкы булагы. Өлкө аймагынын 4 % (8 миң км² жакын) жайгашкан 8 миңге жакын мөңгү бар, кар эрибей жаткан жерлер менен өлкө аймагынын 40,5 % (81 миң км² жакын) түзүшөт. Бул Кавказ менен Альп тоолордун мөңгүлөрүнүн чогу эсептелген аянтынан ашат. Мөңгүлөрдө 650 км³ суу муз түрүндө сакталып турат. Андан тышкары мөңгүлөр Кыргызстандын электроэнергетикалык коопсуздугунун башаты ― 2019-жылда электроэнергиясынын 92 % ГЭСтерде өндүрүлгөн. Дарыялар. Кыргызстанда 30 миңге жакын дарыя бар. Алардын жалпы узундугу болжол менен 150 миң км, башка булактар боюнча — 35 миң км. Бардык ири дарыялар тоолордо башталып, негизи мөңгүлөрдүн жана карлардын эриген суулары менен азыгышат. Республиканын рельефи үчүн дарыянын тоолу жана түзөң бөлүктөрү бар. Дарыя тутумдарынын көпчүлүгү Арал бассейнине башкача айтканда Борбордук Азиянын ири дарыяларынын бирине — Сыр-Дарыяга (Аму-Дарыя менен Арал деңизине агат) таандык. Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндери Арал бассейнине таандык болгону менен, өз сууларын негизги суу артерияларына жеткизбей, Моюн-Кум чөлүндө жоготот. Республиканын түштүк-чыгышында Батыш Кытайга агуучу Тарим дарыясынын агымы пайда болот. Каркыра дарыясынын бассейни Балкаш көлүнүн бассейнине таандык. Чоң жана Кичи Нарындын биригүүсү менен республиканын эң ири дарыясы — Нарын жаралат. Сыр-Дарыянын негизги түзүүчүсү, ошондуктан Аралдын бассейнине таандык. Республиканын аймагындагы узундугу 535 км түзөт, бассейндин аянты — 53 700 км². Кыргызстанда эки гидрологиялык чөйрө: агымдын пайда болуш чөйрөсү жана агымдын таралыш чөйрөсү. Агымдын пайда болуш чөйрөсү республиканын 87 % камтыйт, агымдын таралыш чөйрөсү — 13 %. Ири дарыялардын таралыш чөйрөсүнүн чоң бөлүгү Кыргызстандын тышында жайгашкан. Таралыш чөйрөсү тоо жантаймаларына караганда жаан-чачындын бир кыйла аздыгы жана тез буулануу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан жердин үстундөгү агымдар пайда болушу чектелген, кээ жерлерде жок. Андан тышкары тоолордо жаралган агымдар бул жерлерден өтүп жерге сиңип кетет жана сугарууга алынат. Тоо астындагы түзөң жерлерде жер астындагы суу чыккан аймагы пайда болот, ошондой суулар көптөгөн дарыяларды кошумча толтуршат. Жер астындагы суулардын чыгышы майда агымдарын негиздешет, аларды тунук суусу үчүн «"кара суу"» деп аташат. Агым режими боюнча Кыргызстандын дарыялары тянь-шань жана алтай типтерине таандык. Биринчи типтеги дарыялар негизи кар жана мөңгүнүн эриген суулары менен азыгышат. Мындай дарыялардын суу көлөмү жайында катуу эрүү башталганда өсөт, максимумду июль-август айлырында жетет. Алтай тибиндеги дарыялар негизи орточо толуу аймактардын мезгилдик кары эриши менен азыгышат. Мындай дарыялардын көлөмү жазында көбөйөт, ар кандай бийиктиктерде кар өз маалында эригендиктен суу ташкыны чоюлат. Жайында бул дарыялардын агымы азаят. Көлдөр. Кыргызстанда 1923гө жакын көл, алардын жалпы аянты 6836 км² түзөт. Көлдөрдун көпчүлүгү бийик тоолу, деңиздин деңгээлинен 2500 метрден 4000 метрге чейин жайгашкан. Көлдөрдүн пайда болушунун негизги себеби ― мөңгүңгүлөрдүн эриши. Өлкөдө үч ири көл: Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл. Деңиздин деңгээлинен 1609 м жайгашкан Ысык-Көл — дүйнөнүн тереңдиги боюнча жетинчи орунда. Ысык-Көл Күңгөй Ала-Тоо (түндүк жагынан) жана Тескей Ала-Тоонун (түштүк жагынан) аралыгында жайгашкан. Көлдүн түндүк жагында көптөгөн пансионаттар, санаторийлер жана саякаттык базалар бар. Ысык-Көлдөн чыгыш тарапка 105 км алыстыгында бийик тоолу Мерцбахер көлү жайгашкан. Түндүк Эңилчек менен Түштүк Эңилчектин мөңгүлөрүнүн бириккен жеринде тапса болот. Суу сактагычтар. Суу сактагычтар Кыргызстандын рельефине чоң таасир эткен. Өлкөдө 34 суу сактагыч саналат. Кыргызстандын алгачкы болгон Орто-Токой суу сактагычы 1956-жылы Чүй дарыясында курулган. Токтогул суу сактагычы — республиканын эң ири суу сактагычы, 1974-жылдан бери колдонулат. Флора жана фауна. 2017-жылдын башына карата токойлор өлкөнүн аянтынан 3,5% түзүшөт (7041 км²). Кыргызстанда түтүкчө өсүмдүктөрдүн 4 миңден ашык түрү бар. 2000—2500 м бийиктигиндеги сейрек токойлордо ар түрлүү өсүмдүктөр өсүшөт. Жаныбар дүйнөсүсүндө омурткалуу жаныбарлардын түрлөрү 500 ашат (анын ичинде канаттуулардын 335 түрү жана балыктардын 49 түрү) жана курт-кумурскалардын 3 миң түрү, көбү сейрек болгондуктан Кызыл китебине киргизилген. Тоо өрөөндөрүндө түлкүлөр, бөрүлөр, жана сары чычкан (суслик) сыяктуу майда сүт эмчүүлөр бар. Тоо дарыялары жилингирге (форель) мол. Негизи бийик тоолу аймактарда жашаган илбирс, мурда өлкөнүн көпчүлүк аймагында болгон, эми популяциясы чектелген. Айгүл гүлү — Кыргызстандын түштүк аймагынын эндемиги. Алгачкы жолу Кыргызстандын жоголуп бараткан жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн СССРдин Кызыл китибине 1978-жылы киргизишкен. Эмки жылдары тизме кеңейип жана кырылуу коркунучу бар болгон түрлөрү тууралу маалымат көбөйүп жаткан. Ошондо, 1985-жылы Кыргыз ССРдин Кызыл китеби жарыкка чыккан. Андан кийин 2006-жылы ал Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби катары кайрадан жарык көргөн. Өзгөчө корголучуу жаратылыш аймактар. Кыргызстанда ар кандай статустагы 88 өзгөчө корголучуу жаратылыш аймак (ӨКЖА): жаратылыш коруктар, жаратылыш сейил бактар, өзгөчө коруктар, биочөйрөлүк аймактар жана башкалар. ӨКЖАнын жалпы аянты 1 476 121,6 га, же 14 761,21 км² (республиканын аянтынан 7,38 %) түзөт. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда: 10 жаратылыш корук; 13 жаратылыш сейил бак; 64 өзгөчө корук; 1 биочөйрөлүк аймак. 1959-жылы түзүлгөн Сары-Челек мамлекеттик биочөйрөлүк коругу 1979-жылы жана 1998-жылы түзүлгөн Ысык-Көл биочөйрөлүк аймагы 2001-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен дүйнөнүн биочөйрөлүк резерваттардын катарына киришкен. Ошондой эле өлкөнүн дүйнөлүк маанидеги корук аймактары бар: 1976-жылы Ысык-Көл жаратылыш коругу жана Ысык-Көл, Каратал-Жапырык коругуна таандык Чатыр-Көл (2005-жылы) менен Соң-Көл (2011-жылы) Рамсар конвенциясынын суу-саз жерлердин эл аралык тизмесине киришкен. Мамлекеттик түзүлүш. 2021-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган конституцияга ылыйык Кыргыз Республикасы ― эгемендүү, суверендүү, демократиялык, укуктук, мамлектеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Конституцияда башкаруу формасы жазылган эмес, бирок ченемдерине ылайык — президенттик болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлиги. Жогорку Кеңеш ― Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигинин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган. Кыргызстандын 2010-жылкы конституциясы боюнча Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн. Азыркы учурда 2015-жылы 4-октябрда шайланган Жогорку Кеңештин VI чыкырылышы ишин жүргүзүп жатат. Бул чакырылыштын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 4-октябрнда шайланган жаңы чыкырылыштын депутаттарынын ант берүүсү менен бүтмөк. Бирок, октябрь айындагы массалык нааразылык акциялар үчүн ал кездеги президенттин ― Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын шайлоосун 2021-жылдын күзүнө жылганына алып келген. Ошентип, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы конституция менен каралган иштөө мөөнөтүн ашып кеткен. Президент. Президент ― мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ички жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Президент катары 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам президенттикке талапкер болуп каттала алат. Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Президент кызматына киришерде Кыргызстандын элине ант берет, өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу ар кандай аракеттерин токтотот. 2021-жылдын 10-январында акыркы өткөн президенттик шайлоосунда Садыр Жапаров президент болуп шайланган. Мурдагы ― Сооронбай Жээнбеков, 2020-жылы болгон нааразылык толкундар айынан отставкага кеткен. Административдик-аймактык түзүлүш. Административдик-аймактык бирдиктердин катарына шаар, район, облус жана айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турган административдик-аймактык бирдик) киришет. Кыргызстан административдик-аймактык карашында 7 облус жана 2 республикалык маанидеги шаарга (Бишкек, Ош) бөлүнөт. Республикалык маанидеги шаарлардын райондору өз алдынча административдик-аймактык бирдиктер катары эсептелинбейт. Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик: Куралдуу күчтөр. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү — мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган мамлекеттик аскердик уюм. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү анын аймагында жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун Түркстан аскердик аймагына таандык аскер бөлүктөрүнүн 1992-жылдын 29-майында юрисдикциясына өтүшү менен негизделген. Кыргызстандын конституциясына ылайык Кыргызстандын куралдуу күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган баскынчылык учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Аскерди мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынган. Куралдуу күчтөр төмөнкүлөрдөн турат: Калк. Кыргызстандын калкы 6,7 миллиондон ашат. Бул өлкөдө 1959-жылда (2 065 000), 1970-жылда (2 935 000), 1979-жылда (3 523 000), 1989-жылда (4 258 000), 1999-жылда (4 823 000), 2009-жылда (5 362 793) жашагандардан караганда бир кыйла көбүрөөк. 2015-жылдын 25-ноябрнда Кыргызстандын калкы 6 миллион адамга жетти. Туруктуу калктын көпчүлүгү республиканын түштүк аймактарында турат — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары ( 3,4 млн жашоочу же республиканын калкынан 53 %), алардын тургундары негизи Фергананын кыргыз бөлүгүндө турушат. Дагы калктын бир кыйла бөлүгү Чүй өрөөнүндө жашайт (Чүй облусу жана Бишкек шаары; 1,9 млн жашоочу же республикасынын калкынан 31 %). 2019-жылы турукту калктын 34 % шаарларда, 66 % айыл аймактарда жашаган. 2021-жылдын башына карата туруктуу калктын 34,6 % эмгекке жөндөмдүү жашка чейинкилер түзгөн, 57 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылар, 8,2 % ― эмгекке жөндөмдүү жаштагылардан улуулар. Калктын орточо курагы аз-аздан өсүп жатат, 2020-жылдын башына карата 27,8 жаш түзгөн, эркектер үчүн ― 26,8 жаш, аялдар үчүн ― 28,7 жаш. Өлкөнүн калктын негизи — 4,89 млн ашуун адам бул кыргыздар, республикасынын бардык аймактарында жашашат. Саны боюнча экинчилер болгондор бул өзбектер — 0,98 млн ашуун адам, көпчүлүгү Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жашашат. Үчүнчү орунду орустар ээлешет — 0,34 млн адам, негизи өлкөнүн түндүк аймактарында турушат. Башка улуттардын саны 100 миң кишиден ашпайт. Тилдер. Кыргызстандын мамлекеттик тили ― кыргыз тили, расмий ― орус тили. Кыргызстандын конституциясында кыргыз тилине карата «мамлекеттик тил», орус тилине карата «расмий тил» түшүнүктөрүн колдонушу Конституциялык палатасынын (2021-жылдан Конституциялык сот) чечиминде ачыкталган:Кыргызстандын калкынын этникалык көп түрдүүлүгүн жана тарыхый түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен, Конституция расмий тил катары орус тилин алдын ала караган. «Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрү Конституциянын маанисинен алып караганда, жакын милдеттерди аткарышат, бирок окшош болуп саналбайт. «Мамлекеттик тил» жана «расмий тил» түшүнүктөрүнүн терминологиялык кесилиштери, ушул эки тил тең мамлекеттик расмий баарлашуу, иш кагаздарын жүргүзүү, мыйзам чыгаруу жана сот өндүрүш тармактарында керектөөлөрдү камсыз кылгандыгы менен шартталган. Бирок, мамлекеттик жана расмий тилдер тарабынан аткарылып жаткан иш-милдеттердин көлөмү жана аларды колдонуу чөйрөлөрү айырмаланышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруучу расмий тилдин макамын аныктоодо, анын коомдук турмушта, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөлөрүндө колдонулушу, маанилүү себептер боюнча мамлекеттик тилди колдонуу татаалдыкты туудурган учурларда жүзөгө ашырылат деп белгилейт. 2020-жылдын Пушкин атындагы орус тилдин институтунун постсоветтик өлкөлөрдөгү (СССРдин мурдагы 15 республикасы) орус тилдин туруктуулук индекси изилдөөсүндө Кыргызстан Беларустан кийин экинчи орунду ээлеген. Индекс үч көрсөткүчтүн натыйжасында түзүлгөн, алар өз кезегинде башка көрсөткөчтүрдү камтышат: СССРдин кулаганынан бери Кыргызстанда Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө караганда орус тилдин пайдалануу чөйрөсү кеңейип жатканы белгиленет. Башка факторлорду эсептебегинде бул көрүнүшкө Кыргызстандын Орусияга экономика жагынан көз карандыгы себептүү. Ажайып жайлары. Арсланбаб. Арсланбаб — бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб — бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири. Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган — бул баарынан мурда анын жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору. Бирок жемиштүү жаңгак токойлору — Арсланбабдын жападан жалгыз мактанычы эмес. Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен (ошондон улам жаңгактын бул түрү “грек жаңгагы” аталып калган дешет). Сулайман-Тоо. Сулайман-Тоо — батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу — 1140 м, туурасы — 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө болуп турат. Тоонун боорунда анын музейи да курулган. XVI кылымга чейин тоону "Бара-Кух", андан соң дээрлик XX кылымга дейре "Тахты-Сулейман" («Сулаймандын тактысы») деп аташкан. Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Тоонун чокусунда «Тахты Сулайман» мечити (1963-жылы жардырылып жиберилген. Кийин сакталып калган материалдарынын негизинде 1991-жылы калыбына келтирилген), ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген «Рават-Абдуллахан» мечити — XVIII кылымдын эстелиги жана худжра имараты бар. Сулайман-Тоодо «Чакка тамар» жана «Тепеүңкүр» үңкүрлөрү бар. Сулайман-Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт. Жети-Өгүз. Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо койнундагы капчыгай. Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска — жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт. Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан. Бурана мунарасы. Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан. Эң ар түрдүү максаттагы курулуштардын калдыктары шаарчанын ар кайсы жерлеринен табылат. Шаарчанын борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтукка окшоп кетет. Борбордук урандылардын чыгыш жагында Бурана мунарасы жайгашкан. Бул бышкан кирпичтен салынган мунара 10-11-кылымдардагы Орто Азиядагы архитектуралык курулмалардын эң мыктыларынын бири болуп саналат. Таш-Рабат. Таш-Рабат — бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат. Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган. Таш-Рабатты окумуштуулар 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан. 1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады. Таш-Рабаттын курулуш тарыхы карама-каршылыктуу. Документтерге ылайык ал жергиликтүү башкаруучу Мухаммед хандын буйругу менен курулган. Бирок көп жашаган карылар башка уламышты айтып, калтырышкан: “Таш-Рабатты атасы менен уулу курган. Курулуш аяктап калган кезде, куполго гана акыркы ташты коёрдо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Атасы болсо: “адегенде жумушту бүтүр, балам!” — деп айтат. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Көрсө, кербен менен кошо айчырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Таш-Рабат ошол бойдон жабуусу жок турат”. Нарын облусунда мына ушундай адаттан тыш архитектуралык эстелик бар. Таш-Рабаттан кызыктуу жол жүрүп, ашуу ашып, бийик тоодогу дагы бир кооз көлгө — Чатыр-Көлгө барса болот. Сары-Челек. Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты — 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан. Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат. Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат. Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз. Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур. Транспорт. Аба майдандар. Кеңештер мезгилинин аягында Кыргызстанда 50гө жакын абабекет жана учуу-конуу тилкелери бар болчу, алардын көпчүлүгү негизинен Кытайга жакын жайгашкан чек ара аймагындагы аскердик максаттар үчүн курулган. Темир жол байланышы. Коңшу өлкөлөр менен темир жол байланышы: Жолдор. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жакында түндүктү жана түштүк-батышты байланыштырган Бишкектен Ошко маанилүү жол аяктап калды. Бул өлкөнүн эки негизги калктуу пункттарынын — түндүктөгү Чүй өрөөнүнүн жана түштүктөгү Фергана өрөөнүнүн ортосундагы байланышты кыйла жеңилдетет. Бул жолдун кесиндиси узундугу 3500 метр болгон ашуудан кийин түндүк-батышта Талас өрөөнүнө бөлүнүп чыгат. Тышкы шилтемелер. Жалпы маалымат. kyrgyzinfo.ru
wiki
{"id": "1031", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1031", "title": "Кыргызстан"}
Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдери курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан Республикасында Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009-жылы өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул Кыргызстан калкынын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй алышат дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 6 700 000 адам сүйлөйт. Тарыхы жана бөлүнүшү. Кыргыз тилин шарттуу түрдө Байыркы кыргыз тили. Көпчүлүк окумуштуулардын (Б. Б. Радлов, В. Томсен, С.Е. Малов, М.Е. Массон, И.А. Батманов ж. б.) пикиринде Хакасиядагы, Тувадагы, Тоолуу Алтайдагы, Моңголиядагы, Таластагы, Кочкордогу жазуу эстеликтеринде сакталып калган жазуулар б. з. ч. 3 к. - б. з. 10-11-кк. чейин кыргыздар колдонуп келген тил болуп эсептелет. Бирок аталган тил андан мурунку доорлордо кезигерин унутпашыбыз керек. Мисалы, кийинки түркологдордун кээ бири (кара: Дроздов Ю.Н. Тюркская этнонимия древнеевропейских народов. М., 2008) сактардын тили дагы түрк (кыргыз) тилине жакын экендигин далилдеп жатат. Бул жерде «түрк» деген сөз жалпылама мааниде колдонулуп жүрүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек (кара: Кононов А.Н. Опыт анализа термина «турк». //СЭ. № I, 1949). Ал эми байыркы кытай маалыматтарында сакталып калган хунндардын 20 чакты сөзүнүн (мисалы, ch’eng-li - «көк» = «асман»; hiep-hō - χiәp-γәu = «йабгу», «жабгу»; eu-ta - wo-lu-to, ao-t’ot = «ордо», «кынгырак» - байыркы түрк. kɨŋrak = эки миздүү ийри бычак) уңгусу түрк тилине келип такалат. Демек, кыргыз тилинде колдонулган жазуулар Орхондогу жазуу эстеликтеринен эрте пайда болуп, кийин архаикалык мааниде айрым фонетикалык, грамматикалык, структуралык өзгөрүүлөргө ээ болушу мүмкүн. Орхон түрктөрү өз жазуу системасын түзүүдө байыркы кыргыздардын жазуу маданиятындагы тажрыйбаны пайдаланышкан (Шилтеме керек). Бул жазуу системасы ошол учурдагы кыргыздар пайдаланган тил катары мамлекеттик иш-кагаздарынын, дипломатиялык алакалардын талабына толук жооп берген дешке болот. Орто кылымдардагы кыргыз тили. 10-кылымга чейин саясий-согуштук кырдаалдар, согуштук аракеттер, миграциялар, кыргыз тилинин эволюциялык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу өз алдынча изилдөөлөр азырынча жүрө элек. Бирок Махмуд Кашгариде Киркиз, Кифжак, Угуз, Тухси, Йагма, Жикил, Уграк жана Жаруктардын тили – бир, таза түрк тили [туркиййя мах̣д̣а луг̣а вāх̣ида] экенин, Йамак менен Башгирт тили аларга жакын экени эскертилет. Ошону менен эле бир катар «бардык Йагма, Тухси, Кифжак, Йабаку, Татар, Кай, Жумул жана Огуздар «з» тыбышын «й» менен алмаштырып салышарын, башкача айтканда бул топтогулардан башкалар (анын ичинде кыргыздар дагы) кайыңды (жыгач, бак) «казиң», кийизди «кизиз», кездеменин кыйыгын (кыйык) «кузук» деп сүйлөөрү белгиленген. Негизи окшоштугу жагынан Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө колдонулган сөздөр дээрлик азыркы кыргыз тилинде, эң эскилерин алиге чейин түштүк кыргыздары колдонорун белгилөөгө болот. Мисалы, Махмуд Кашгариде «курум» – «аска-таш», «амаж» – соко. Азыркы учурда жергеталдыктар үйүлүп калган шагыл ташты курум дешсе, жалпы түштүктө сокону амач деп аташат. Бирок байыркы Энесайлык кыргыздардын жазуу тили азыркы кыргыздардын тилине тийгизген таасирин так кесе айтууга болбойт. Мисалы, кээ бир окумуштуулар (кара: Петров. К.И. Очерки происхождения киргизского народа. Фр., 1963) «XIII-XV кылымдарда Тянь-Шанда калыптанган тилдин моңголдордун чабуулуна чейинки (XIII кылымга чейинки)Тянь-Шанда жашаган калк жана енисейлик кыргыздарга тиешелүү тилге жатпагандыгын» баса белгилеген. Кыргыз тилинин моңголдордун чабуулуна чейин өзгөрүүгө учураганын академик Болот Жунусалиев (Юнусалиев) дагы көрсөтөт. Мисалы, «кыргыз-алтай тилинде лексика, фонетика жана морфологиядагы окшоштуктардан тышкары кыргыздын тагай, адигине уруулары колдонуп, бирок ичкиликтерде кезикпеген өзүнчө сөз тобу бар. Алар мындай: «сонун», «белен», «каалга», «унаа», «керээз», «арга», ж. б. Эми, биринчиден, бул сөздөр моңгол тилине кирген бардык тилде (анын ичинде жазуу тилинде да) кезигет; экинчиден, кыргыздын жогоруда көрсөтүлгөн урууларынан башка азыркы алтай, тува, кээде хакас тилинде да жолугуп, бирок булар менен уялаш башка элде колдонулбайт. Бул эмне дегендик? Мындай сөздөрдүн жалпы ортоазиялыктарда жана батыш түрк тилинде жолукпай, моңгол тилинде гана кезигип, кыргыздар менен алтайлыктар аны моңгол тилдүү элден кабыл алуусу төгүнгө чыкпай турган далил болуп эсептелет. Анда, алар аны качан, кайсы жерде кабыл алган деген жүйөлүү суроо туулат. Кыргыздар аны Орто Азияны моңголдор каратып алган мезгилде кабыл алды дешке негиз жок, эмне үчүн дегенде, ал сөздөрдү (жок дегенде кээ бирин) казак, өзбек, уйгур, тажик, түркмөн же башка элдер да кабыл алышы керек болчу. Моңголдор аларды да басып алган. Ошондуктан адигине жана тагай уруулары аталган сөздөрдү кыргыздар алтайлыктар менен алардан мурда аралашып, саян-алтай бөксө тоолорунда жүрүп кабыл алган деген тыянак чыгат. Ал эми мындай сөздөр ичкиликтердин диалектисине кирбей калышы – ичкиликтер ал туугандарынан өтө оолакта калганын, же кыргыз эли моңгол тилин сөзүн кабыл алып жүргөн мезгилде алардын алыскы түштүк-батыш чегинде калышканын далилдейт. Бул фактылар башка фактылар менен да түз байланышып турат» (кара: Юнусалиев Б.М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка.“Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР”, 1956, вып. VI). Соңку ислам дининин таасири менен кыргыздар араб арибин пайдаланууну өздөштүрүшкөн. Дал ушул мезгилден кыргыз тилине ислам дининин, кошуна жашаган түрк-иран тилдүү элдердин таасири астында иранизм, арабизм лексикалары кире баштаган. Ошол мезгилден тартып, азыркы Кыргызстанда 1928 ж. чейин, Кытайдагы кыргыздарда азыркы учурда дагы кыргыз тилинде жазуу араб арибин колдонуп жүргүзүлгөн. Айрым изилдөөчүлөрдун тыянагы (Н.А.Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери өз алдынча өнүгө баштаган. Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин өз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар өз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты. Азыркы кыргыз тили. Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-кылымда Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде өз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда өз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу өз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык. К.Тыныстанов, И.Арабаев, Б.Солтоноев ж.б. илим адамдары өз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1940 жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу Кыргыз тилин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген. Ариптери. Кирилл жазуусу расмий түрдө Кыргызстанда колдонулат. Араб жазуусу расмий түрдө Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна кирген Кызылсуу-Кыргыз автоном облусу, Или-Казак автоном облусу, Пакистан жана Ооганстанда колдонулат. Кыргыз Брайль алфавити Араб ариби 1927-жылы латын арибинин негизинде түзүлгөн алфавитке өткөнгө чейин колдонулган. Учурда араб ариби Кытайда колдонулат. Латын ариби Кирилл арибине алмаштырылганга чейин 1930-жж. Советтер Союзунда колдонулган. Кыргыз кирилл ариби Кыргызстанда колдонулат. 36 тамгадан турат: 33 орус алфавитинен, жана кошумча кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык 3 тамга: Ң, Ү, Ө. Азыркы кыргыз тамгалары. 1940 ж. орус арибинин 33 тамгасынын негизинде, ө, ң, ү, кыргыз тамгалары кошулуп, жалпысынан 36 тамга болуп түзүлгөн. Кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет.
wiki
{"id": "1033", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1033", "title": "Кыргыз тили"}
Кара сөз — топоними. Чыгарманын ыр түрүндөгү эмес, жөнүнчө, кадыресе сүйлөө түрүндөгү формасы же анын тили.
wiki
{"id": "1034", "revid": "40935", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1034", "title": "Кара сөз"}
Дин — араб тилинен келген сөз лексикалык жактан: акыбет, жаза, өкүм, саясат, баш ийүү, сыйлык, улут, шарият сыяктуу бир топ маанилерге барып такалат. Илимде. Адамдын жана адамдардын аң-сезиминде, кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда, иш-аракеттеринде өзгөчө таасирге ээ рухий көрүнүш; 1) табынуу, сыйынуу объектиси болуп саналган табияттан тышкаркы күчтөргө (Кудайдын кудуретине, арбактарга) берилип ишенүүгө негизделген түшүнүмдөр, ишенимдер, элестер, аң-сезимдер жыйындысы; 2) адам менен Кудайдын (же табияттан тышкаркы күчтөрдүн) ортосундагы мамилелер системасы, санжабы; 3) ишенимдердин, таатибадаттардын, табынуу-сыйынуулардын маңызын билдирген жалпы атамасы. Теологияда. Кудайды аңдап билүүгө, анын чексиз улуу кудуретине терең ынаным менен таанууга алып баруучу бирден бир жол; адамзат түзгөн илим-билим түрлөрүнүн эч бири Кудайды аңдоого, анын кудуретин таанууга жана түшүнүүгө жөндөмсүз делет. Атеизмде. Бир же бир нече кудай бар, табияттан тышкары кереметтүү илимге кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Дин түшүнүгүнө диний мекемелер (мечит, чиркөө, буткана жана башка) жана диний кызматкерлер (бакшы, поп, молдо жана башка) да кирет. Анын белгиси реалдуу дүйнөдөн тышкары сырдуу күчтөр бар экенине, аңдабастан, сокур ынануу; табияттагы же коомдогу кадыресе эле көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, байланыштардын, мыйзамченемдердин аңсезимде укмуштанып, теңирден тескери чагылышы («адамдардын башында, алардын күнүмдүк турмушунда үстөмдүк кылган сырткы күчтөрдүн фантастикалык чагылуусу жердеги күчтөр, жердик эмес формага ээ болгон чагылуу» Ф. Энгельс). Диндин тарыхта белгилүү алгачкы түрлөрү: магия, тотемизм, фетишизм, анимизм дагы ушул сыяктуу. Тарыхый өнүгүү формалары: уруулук, улуттук-мамлекеттик (этностук), дүйнөлүк (буддизм, христиан, ислам).
wiki
{"id": "1035", "revid": "449524", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1035", "title": "Дин"}
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата).
wiki
{"id": "1036", "revid": "32161", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1036", "title": "Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы"}
Гагра - Грузиянын Абхазия автономия республикасынын Гагра районунун борбору, Кара деңиз түндүк-чыгыш жээгинде жайгашкан курорт, порт шаары.
wiki
{"id": "1037", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1037", "title": "Гагра"}
Медицина, эмчилик — адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында соо жана оорулуу адамдын организминдеги өтүп жаткан процесстерди изилдөөгө, ооруларды алдын алууга, дарылоого багытталган илимий жана практикалык иштердин тармагы. Адамзаттын илимий жана практикалык ишинде медицина көрүнүктүү орунду ээлейт. Ар бир адам өзүнүн ден соолугун сактоого, коргоого же кокусунан ооруп калса таза сакаюуга ынтызар. Медицина өзүнүн көп жылдык тарыхында бараандуу жетишкендиктерге жетишти. Азыркы мезгилде диагностикалык, профилактикалык жана дарылоо каражаттары менен адам өмүрү сакталып, мурда айыкпаган ооруларды айыктырууда. Бирок али да болсо медицина түпкү максатына жете элек. Медицинанын өнүгүү деңгээли, мазмуну, абалы турмуштун материалдык шартына, коомдук түзүлүшкө, маданияттын жалпы деңгээлине жараша болот. Медицина өзүнүн өнүгүшүндө биология, физика, химия илимдери менен тыгыз байланышта. Ал өзүнүн басып өткөн көп жылдык тарыхында ооруну дарылоо, алдын алуу, анын пайда болуу себептерин табуу, ден соолукту сактоо жана коргоо чараларын жүргүзүү менен көптөгөн тажрыйбага жана билимге ээ болду. Медицинанын тармактары:
wiki
{"id": "1039", "revid": "456171", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1039", "title": "Медицина"}
Дүйнөдөгү 205 мамлекетти Бириккен Улуттар Уюмунуна мүчөлүгүнө жараша үч категорияга бөлүүгө болот: Мамлекеттүүлүктүн эл аралык укуктук стандарттары — 1933-жылы Монтевидео конвенциясында бекитилген мамлекеттүүлүктүн декларативдик теориясы болуп саналат. Конвенцияда мамлекет эл аралык укуктун төмөнкү квалификациясына ээ болушу зарыл:
wiki
{"id": "1040", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1040", "title": "Мамлекеттердин тизмеси"}
Философия – (грек.) даанышмандыкты сүйүү. Философиянын бул аныктамасы анын алгачкы маанисин чагылдырып турат: Даанышмандык – тактап айтсак, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнүү. Философия чыныгы дүйнөнүн жана андагы адамдын ээлеген оордун эң алгач изилдеген жана аныктаган илимдин бир тармагы катары пайда болгон болмуштун чектерин таануу. Философия - маданияттын кандайдыр бир өсүп жетилген деңгээлинде, адам өзүн дүйнөдөн айрып (мен, мен эмес), аң-сезимдүү жан катары өзүнүн иш-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин таанууга аракет кылып, талдоо жүргүзүп баштаганда алып пайда болот. Бул дүйнөгө болгон аңдап таануу жана теоретикалык мамиле кылуу жолу. Андан сырткары, философияда дүйнөгө, өзүнө, өзүнүн билимине рационалдык - сын көз караштуу мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүн дагы каралган. Адам өзүнүн билими чектелүү экендигин түшүнгөндө, ал ага тартылып баштаганда, даанышмандыкка болгон сүйүү – философия жаралат. Философ – бул өз билим деңгээлине канааттанбаган адам. Бул суроого жооп берерден мурда акылдуу адам менен акылман адамдын ортосундагы айырмачылыкты билишибиз зарыл. Акылдуу адам – көп билим алып, акылың кеңейткен адам, бул процесс төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейинки убакытты камтыйт, башкача айтканда мээ "сиңирүү" процесси. Акылман адам – бул табияттан же адам төрөлгөндө эле кан менен кошо берүлүүчү сапат. Философ – бул кыргызча акылман адам. Акылдуу адам эч качан акылман адам боло албайт. "Философ болуп калыптанбайт – философ болуп жаралат" Сократ. Философия көнүмүш болуп, кылымдар бою калыптанып калган түшүнүктөргө макул болбой, алардын шексиздигинен күмөн санап, жаңы түшүндүрүү, жаңы билим, издөө керек деген ой жаралгандан башталат. Сократ: “Мен эч нерсе билбестигимди билем, бирок, калгандар аны дагы билишпейт”- деп айткан. Философия өзүнүн болмушундагы эң негизги суроолорго жооп издөө жана табуу катары каралат. Философия даанышмандыкка болгон сүйүү, туура жана акылдуу жашоо катары. И. Кантын айтканына ылайык, философия “адам деген эмне” суроосуна жооп бериш үчүн: Дүйнөтааным жеке турмуштук жагдайлардын шарттары жана маданияттын таасири алдында калыптанат. Философиянын максаттары: дүйнөтаанымды системалаштыруу, б.а. тартипке келтирүү, байланыштарын тактоо, дал келишпөөчүлүктөрдү табуу, башкыны жана кадыресени айырмалоо. Философия, дүйнө тааным катары, адамдын жаратылыш менен эриш-аркак жашоонун ыргагын табууга жана өзүнүн жашоого болгон көз карашын аныктоого жардам берүү. Философиянын жыйынтыктоочу аныктамасы: Философия – дүйнөнү түшүнүү мамилесинин бүтүн системасы. Философиялык билимдин кеңири системасы буларды камтыйт: • Жалпысынан дүйнө, аны кыймылдаткан глобалдуу күчтөр, анын негизги уюшуу мыйзамдары жөнүндө – бул онтология (ontos - болмуш). • Адам, анын жаратылышы жана жашоодогу иш-аракеттеринин уюшулушу жөнүндө – бул антропология (antropos - адам). • Тааным, анын негиздери, мүмкүнчүлүктөрү жана чектери жөнүндө окуу/илим – бул гносеология. • Коом жана адамзаттын тарыхы жөнүндө, адамзатын жалпысынан караган окуу/илим – социалдык философия. • Баалуулуктардын жаратылыш жөнүндө окуу – бул аксиология. Өзгөчө тармак – бул философиянын тарыхы. Анткени көбүнчө философиялык маселелер аларды чечүүгө болгон мурунку аракеттердин тажрыйбасынын контекстинде каралат. Эреже катары, философтордун эмгектеринде баардык эле бөлүмдөр бирдей тегиз берилген эмес. Андан сырткары, маданияттын тарыхый учурларына байланыштуу тигил же бул бөлүм алдыңкы оорунга чыгып турат. Философия түшүнүгү дүйнө таанымдын түркүмү катары Уламыш, дин, философия – дүйнө таанымдын тарыхый түркүмдөрү: алардын жалпылыктары жана өзгөчөлүктөрү. Уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы. Дин орто кылымдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин, философиялык дүйнөтаанымдын негизи катары. Философия – дүйнөнү рационалдык түшүнүү. Ушуларды жыйынтыктаганда: дүйнөтааным – бул адам баласына аны курчаган дүйнөдө багыт табууга мүмкүнчүлүк түзгөн татаал, карама-каршылыктарынын биримдиги болгон окуулардын, баалуулуктардын, эмоциялардын, эрктин, түшүнүктөрдүн, ишенимдердин жана күмөнчүлүктөрдүн биримдиги. Дүйнөтаанымдын өзөгү болуп билим таанылат. Ушул көз караштан алганда, дүйнөтааным кадимки, адистик жана илимий болуп бөлүнөт. Философиянын тарыхы. Доорлордун алмашышы жана алардын бири-бирине көргөзгөн өз ара таасирлери төмөнкү жадыбалда берилген.
wiki
{"id": "1467", "revid": "361857", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1467", "title": "Философия"}
Музыка — дүйнөнү үн жана көркөм образдарда чагылдырган искусствонун бир түрү.
wiki
{"id": "1488", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1488", "title": "Музыка"}
Тоголок Молдо (нукура ысымы — Байымбет, 1860-жылы—4-январь 1942-жылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргыз жазма акын жана манасчы. Өмүр баяны. Тоголок Молдо — 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасы Абдыракмандан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да, дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон. – деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган. Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын 1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра баштан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес. Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замандаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун өзү да тарых үчүн зор табылга десек болот. Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай сыяктуу чыгыштын улуу акындарынын чыгармалары менен жакшы тааныш болгон жана кыргыздын оозеки чыгармалары менен жана мифтик түшүнүк, ишенимдерден кабардар болот. Эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшырган. Ошондой эле эл кыдырып кыргыз тарыхын, санжыраларын жыйнап жазган. Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Өмүр уулу Чоюке, Тойчубек уулу Алмабек, Абдыракман уулу Ыбырайым, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек болгондуктан аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот. Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон. Чыгармалары. ”Кемчонтой”, “Куштардын аңгемеси”, “Жер жана анын балдары”, “Эшек жана булбул”, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “Үрпүкан”, “”Арман жаш”, “Эркек жана аялдын сыры”, “Кара көз”, “Ак келин”, “Армияга арнайлы”, “Биз даярбыз”, “Жетишкенбиз, жеңебиз”, “Өскөн чак жана кайраттуу күн”, “Насыят”, “Телибай тентек”, “Жети таз менен жеке таз”, “Кемпир чал”, “Бабырган”, “Каркыра менен түлкү”, “Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы”, “Кыз Кенжекенин арманы”, “Чалга берген кыздын арманы”, “”Аткантаң менен Сүйгөнбай”, “Аялдар азаттыгы”, “Тарых жана түпкү аталар”, “Кыргыз тарыхы”, “Уруунун бөлүнүштөрү”, “Жаңыл Мырза”, “Шырдакбек”, “Эр Эшим”, “ Тайлак баатыр”, “Мендирман”, “Жусуп менен Зулайка”, “Козу менен көрпөштөй”, “Фархад менен Ширин”, “Боз жигит менен Жамал”, “Музыкантчылар”, “Ийнелик менен кумурска”, “Пил менен кандек”, “Коркок коён”, “ Бөрү менен түлкүнүн достугу”, “ Кожонун аңгемеси” ж.б.
wiki
{"id": "1492", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1492", "title": "Тоголок Молдо"}
План: 1Антропологияны жалпы тарыхый корунушу 2Антропология прелмети жана анын илимдеги орду 3 Антропологияны методу жана функсиясы Антропология-(грек тилинен "anthropos" - адам, "logos" - илим) - дүйнөнүн ар кайсы жеринде тарых боюнча жана азыркы күндө жашап жаткан адамдардын(адамдардын топторунун) изилдениши. Бул илим тармагы адамдарды айырмалаган жана окшоштурган ар кандай маалыматтарды топтоп,өндүрүүгө аракет кылат. Антропологиянын төрт негизги бутагы бар.1)Физикалык 2)маданий 3)социалдык 4)археологиялык антропология.Физикалык антропология кишинин биологиялык организм катары карайт,бул багытта кишинин эволюциялык өнүгүүсүн колго алат, инсан түрүнүн илгертеден азыркы күнгө чейинки биологиялык өзгөрүүлөрүн изилдейт. Маданий,социалдык антропологдор болсо өткөн мезгилдердеги жана азыркы убактагы адамдардын маданиятын изилдөө менен алек болушат.Ал эми археологдор өткөн маданияттардан калган заттарды,буюмдарды,нерселерди, сөөк жана адамдар,адам топтору жашаган аймактарды буюмдарды изилдеп, өткөн мезгилде жашап, жазылуу маалымат калтырбаган адамдардын маданияттары тууралуу маалымат,билим чогултат. Тилчилер (лингвисттер), маданияттарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн коммуникация системасы болгон тилди изилдешет. Ар бир антропология тармагы ар башка изилдөө ыкмасына ээ болсо дагы, баары биригип бир антропологиялык көз карашты түзүшөт. Колдонгон ыкмалары жагынан биологиялык жана социалдык илимдердин катарына кирет.Бирок адамдын социалдык өзгөчөлүгү антропологдорду тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки өнүгүү тарыхын, байыркы миграциялар, расалык типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мисалы:байыркы түрк доорундагы краниологиялык материалдар аркылуу Теңиртоодо жашаган адамдардын, Түштүк Сибирь м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, а-нын маданий а-я,этностук а-я,популяциялык а-я,экологиялык а-я,палеоантропология, физиологиялык а-я деген тармактары да бар. Антропологиянын өнүгүүсү. Антпропологиялык тармакта чоң мааниге ээ болгон эмгектер байыркы замандарга барып такалат. Мисал катары, Грек тарыхчысы Геродоттун 2500 жыл, Афкрикалык имимпоз Ибн Халдундун 700 жыл мурда жазган инсан топторунун (жамааттарынын,коомдорунун) маданияттарын салыштырган чыгармаларын алса болот. Ошондой эле Орто Азияда Махмуд Кашгаринин эмгектери дагы антропологиялык мааниге ээ. Бирок, антропологиянын өзүнчө билим катары бөлүнүп чыгышы жана өнүгүп баштоосун салыштырмалуу түрдө жаңы болуп эсептелет. Эгерде инсан өзүн жана башка инсандарга, жана да өздөрүнүн келип чыгышына, ошондой эле башка инсандардын келип чыгышына кызыкса эмне себептен антропология системалык түрдү илимий дисциплинага айлануусу мынча көп убакытты талап кылды? Себеби, кайсы бир деңгээлде инсандардын технологиялык жактан чектелүү болуусуна байланыштуу. Тарых боюнча узак мөөнөт ичинде инсандардын географиялык кыйыры чектелүү болгон. Узактагы инсандарды жана алардын маданиятын изилдөөгө көптөгөн күч, убакыт талап кылынып, байланыш курал жана каражаттарын өнүктүрүү менен гана мүмкүн болгон. Антропологиянын өнүгүүсүнө салым кошкон дагы бир фактор, бул Европалыктардын, башка жерлердеги инсандар менен баардык айырмачылыктарына карабастан негизги бир "инсандык" фактысын кабыл алуу болду. Мурда болсо өз маданий негиздерине (Европалыктардын) окшобогон инсандарга "примитивдүү (артта калган/алгачкы доордогу)", "варвар" же "жапайы" деп атап, убакыт өткөн соң ар түрдүү (инсан) топторду бир түргө (жаныбар түрүнө) тиешелүү экенин кабыл алышты. Инсандардын көп түдүүлүгүнө болгон күндөн күнгө көбөйгөн кызыгуу, өзгөчө жаратылыш мыйзамдарынын илимий тил менен ачыктоого аракет болуп жаткан убакта, ыйык китептердеги салттуу түшүндүрмөлөрдүн жетишсиз экенин көрсөттү. Жыйынтыгында баардык бул жагдайлар антропологиянын төрөлүшүнө даярдык болду. Антропология Европа маданиятынын ичинен келип чыкса дагы бүгүнкү күндө ааламдык деңгээлде таркаган. Антропологдор дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүнөн болуп, дүйнөлүк деңгээлде, ар кандай маданияттар жөнүндө изилдөө жүргүзөт.
wiki
{"id": "1496", "revid": "37721", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1496", "title": "Антропология"}
Археология (грек тилинен "archaios" - байыркы, "logos" - илим) - адам баласынын байыркы тарыхын зат түрүндөгү булактар боюнча таанып изилдөөчү илим. Археология- адамдардын өткөн турмушу жана оокат-тиричилигинен калган материалдык заттарды,буюм-тайымдарды изилдөөчү илим. Археология тарых илиминин эң чоң жана маанилүү тармагы.
wiki
{"id": "1497", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1497", "title": "Археология"}
А ― 1) латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, анын ичинде кыргыз элинин алфавитиндеги биринчи тамга. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) кыргыз адабий тилиндеги кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) байыркы кыргыз (түрк) жазмасында ф сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мисалы, алогикалык логикасыз; асимметрия симметриясыз); 5) иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет.
wiki
{"id": "1498", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1498", "title": "А"}
Адабият (араб - адептүүлүк, ыймандуулук) ― искусствонун сөз өнөрү менен ишке ачуучу, дуйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү. Бул түшүнүк кең мааниде бардык эле жазылган чыгармаларга карата колдонулат. Маселен,илимий адабият, техникалык адабият, медициналык адабият жана башка. Ал эми тар мааниде – көркөм чыгарма дегенди билдирет. Адабият адам жаралгандан бери эле жашап келет. Кыргыздарда термин катары бул сөз революциядан кийин тилибизге кошулду. Көркөм адабият – коомдук аң-сезимдин бир формасы. Анын өсүшү, өзгөрүшү ошол коомдук турмуш менен тыгыз байланыштуу. Искусствонун айрым түрлөрүндө, мисалы, сүрөттө ― боёк, бийде ― кыймыл-аракет, музыкада үн негизги курулуш материал болсо, адабиятта мындай кызматты сөз аткарат. Ошондуктан анда ар кандай идея, тема сөздүн жардамы аркылуу ачылат. Адабият оозеки айтылса, анда ал угууга ылайыкталат, ал эми жазуу формасында болгондо окурмандык кабыл алууга ыңгайлашат. Адабиятта ар түрдүү тектер, жанрлар турмушту чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүнө ылайык аракеттенет. Ал адамдарга таануучулук, тарбиялоочулук, өстүрүп-өнүктүрүүчүлүк, эстетикалык рахат берүүчүлүк кызмат кылат да, ар түрдүү көркөм методдордо, агымдарда ар кыл өзгөчөлүктөргө ээ болот. “Адабият – элдин аң-сезими, жарыгы, жемиши, алардын жашоо турмушу” (В.Г.Белинский) болуу менен “адамтаануу” (М.Горький) катары элдин рухий турмушун дайыма коштоп келатат. Адабият - сөз өнөрү деп да айтылат. 1. Илимий, көркөм, саясий жана башка чыгармалардын жалпы жыйындысы, ар кандай китептер, журналдар ж.б. 2. Турмуштук кубулуштарды, окуяларды, көркөм чыгармаларды, образдарды сөз аркылуу сүрөттөп көрсөтүүчү искусствонун бир түрү, проза же поэзия түрүндөгү көркөм чыгармалар. Булактар. Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
wiki
{"id": "1503", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1503", "title": "Адабият"}
End of preview. Expand in Data Studio
README.md exists but content is empty.
Downloads last month
10