text
stringlengths
29
4.56M
source
stringclasses
2 values
meta
stringlengths
2
234
Тил – адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Тилдин жардамы менен дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Тил табигый жана жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу тил табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалм...
wiki
{"id": "801", "revid": "507129", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=801", "title": "Тил"}
География (, география, түзмө-түз "жердин сүрөттөлүшү"), бул Жердин жана планеталардын жерлерин, өзгөчөлүктөрүн, жошоочуларын жана кубулуштарын изилдөөгө арналган илим тармагы. Γеография сөзүн алгачкы колдонгон киши Эратос (Б.З.Ч 276–194) болгон. География, Жер'ди жана анын адамдык жана табигый татаалдыгын түшүнүүгө ум...
wiki
{"id": "1030", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1030", "title": "География"}
Кыргызстан, расмий түрдө ― Кыргыз Республикасы (КР) — Борбордук Азиядагы мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө. Кыргызстан — унитардык, ма...
wiki
{"id": "1031", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1031", "title": "Кыргызстан"}
Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдери курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак же тоо-алтай тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан Республикасында Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009-жылы өткөн элди жана турак-жай ф...
wiki
{"id": "1033", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1033", "title": "Кыргыз тили"}
Кара сөз — топоними. Чыгарманын ыр түрүндөгү эмес, жөнүнчө, кадыресе сүйлөө түрүндөгү формасы же анын тили.
wiki
{"id": "1034", "revid": "40935", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1034", "title": "Кара сөз"}
Дин — араб тилинен келген сөз лексикалык жактан: акыбет, жаза, өкүм, саясат, баш ийүү, сыйлык, улут, шарият сыяктуу бир топ маанилерге барып такалат. Илимде. Адамдын жана адамдардын аң-сезиминде, кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда, иш-аракеттеринде өзгөчө таасирге ээ рухий көрүнүш; 1) табынуу, сыйынуу объектиси болуп сана...
wiki
{"id": "1035", "revid": "449524", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1035", "title": "Дин"}
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – жумушчу жана дыйкандардын социалисттик мамлекети, СССРдин карамагына эркин жана тең укукта кирген союздук советтик социалисттик республика. Борбор шаары Фрунзе болгон. Аянты 198.5 миң км². Калкы 3368 миң (1976-жылга карата).
wiki
{"id": "1036", "revid": "32161", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1036", "title": "Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы"}
Гагра - Грузиянын Абхазия автономия республикасынын Гагра районунун борбору, Кара деңиз түндүк-чыгыш жээгинде жайгашкан курорт, порт шаары.
wiki
{"id": "1037", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1037", "title": "Гагра"}
Медицина, эмчилик — адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында соо жана оорулуу адамдын организминдеги өтүп жаткан процесстерди изилдөөгө, ооруларды алдын алууга, дарылоого багытталган илимий жана практикалык иштердин тармагы. Адамзаттын илимий жана практикалык ишинде медицина көрүнүктүү орунду ээлейт. Ар бир а...
wiki
{"id": "1039", "revid": "456171", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1039", "title": "Медицина"}
Дүйнөдөгү 205 мамлекетти Бириккен Улуттар Уюмунуна мүчөлүгүнө жараша үч категорияга бөлүүгө болот: Мамлекеттүүлүктүн эл аралык укуктук стандарттары — 1933-жылы Монтевидео конвенциясында бекитилген мамлекеттүүлүктүн декларативдик теориясы болуп саналат. Конвенцияда мамлекет эл аралык укуктун төмөнкү квалификациясына ээ...
wiki
{"id": "1040", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1040", "title": "Мамлекеттердин тизмеси"}
Философия – (грек.) даанышмандыкты сүйүү. Философиянын бул аныктамасы анын алгачкы маанисин чагылдырып турат: Даанышмандык – тактап айтсак, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнүү. Философия чыныгы дүйнөнүн жана андагы адамдын ээлеген оордун эң алгач изилдеген жана аныктаган илимдин бир тармагы катары пайда болгон б...
wiki
{"id": "1467", "revid": "361857", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1467", "title": "Философия"}
Музыка — дүйнөнү үн жана көркөм образдарда чагылдырган искусствонун бир түрү.
wiki
{"id": "1488", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1488", "title": "Музыка"}
Тоголок Молдо (нукура ысымы — Байымбет, 1860-жылы—4-январь 1942-жылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргыз жазма акын жана манасчы. Өмүр баяны. Тоголок Молдо — 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасы Абдыракмандан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүрг...
wiki
{"id": "1492", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1492", "title": "Тоголок Молдо"}
План: 1Антропологияны жалпы тарыхый корунушу 2Антропология прелмети жана анын илимдеги орду 3 Антропологияны методу жана функсиясы Антропология-(грек тилинен "anthropos" - адам, "logos" - илим) - дүйнөнүн ар кайсы жеринде тарых боюнча жана азыркы күндө жашап жаткан адамдардын(адамдардын топторунун) изилдениши. Бул ...
wiki
{"id": "1496", "revid": "37721", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1496", "title": "Антропология"}
Археология (грек тилинен "archaios" - байыркы, "logos" - илим) - адам баласынын байыркы тарыхын зат түрүндөгү булактар боюнча таанып изилдөөчү илим. Археология- адамдардын өткөн турмушу жана оокат-тиричилигинен калган материалдык заттарды,буюм-тайымдарды изилдөөчү илим. Археология тарых илиминин эң чоң жана маанилүү та...
wiki
{"id": "1497", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1497", "title": "Археология"}
А ― 1) латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, анын ичинде кыргыз элинин алфавитиндеги биринчи тамга. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) кыргыз адабий тилиндеги кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылы...
wiki
{"id": "1498", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1498", "title": "А"}
Адабият (араб - адептүүлүк, ыймандуулук) ― искусствонун сөз өнөрү менен ишке ачуучу, дуйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү. Бул түшүнүк кең мааниде бардык эле жазылган чыгармаларга карата колдонулат. Маселен,илимий адабият, техникалык адабият, медициналык адабият жана башка. Ал эми тар мааниде – көркөм чыгарма...
wiki
{"id": "1503", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1503", "title": "Адабият"}
Алыкул Осмонов (21-март 1915-ж, Панфилов району, Каптал Арык а., Кыргызстан — 12-декабрь 1950-ж., Фрунзе ш., Кыргызстан) — кыргыз эл акыны. Өмүр таржымалы. Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде ад...
wiki
{"id": "1514", "revid": "34540", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1514", "title": "Алыкул Осмонов"}
Тил илими, лингвистика – тил жөнүндөгү илим. Негизги тармактары; фонетика, морфология, синтагматика, синтаксис, лексикология, стилистика, диалектология. Тил илими биздин замандан бир нече кылым мурда эле Индия жана Грекияда өнүгө баштаган. Индияда көбүнчө грамматика (морфология) менен фонетика иштелген. Байыркы инди гр...
wiki
{"id": "1515", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1515", "title": "Тил илими"}
Педагогика (Байыркы грек тили. παιδαγωγική — чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς — бала, ἄγω — алпаруу же жетелөө) Педагогиканын тарыхы. Педагог - (гр. paidagogos –тарбиялоочу) – жалпы билим берүүчү мектептин мугалими, кесиптик-техникалык, атайын орто же жогорку окуу жайынын окутуучусу, мектепке чейинки мекемелерде,...
wiki
{"id": "1516", "revid": "459272", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1516", "title": "Педагогика"}
Укук — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору ту...
wiki
{"id": "1517", "revid": "475586", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1517", "title": "Укук"}
Касым Тыныстанов (10-сентябрь 1901-жылы, Орусия империясы, азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагы ― 6-ноябрь 1938-жылы, СССР, Кыргыз ССР, азыркы Ата-Бейит) ― кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз професс...
wiki
{"id": "1520", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1520", "title": "Касым Тыныстанов"}
Инженердик геология – геологиянын имараттарды жана түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч жана башкалар) куруу иштерин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин курамын, түзүлүшү...
wiki
{"id": "1522", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1522", "title": "Инженердик геология"}
Адабият таануу - көркөм адабияттын маңызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзамченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы, б. а. рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структурасын, адабий проце...
wiki
{"id": "1523", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1523", "title": "Адабият таануу"}
Биология (грек тилинен bios - "өмүр, тиричилик" жана logos — "илим") — тирүү жаратылыш жөнүндөгү илимдердин жыйындысы. Ошону менен бирге эле биология жашоонун аспектилерин, башкача айтканда, функционалдаштыруу, өсүү, келип чыгуу, Эволюция жана Жер бетине тирүү организмдердин таралышын, алардын классификациясын, ошондой...
wiki
{"id": "1524", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1524", "title": "Биология"}
Брумдун "Effective Public Relations" (1978) аныктамасы боюнча коомчулук менен байланыш, кандайдыр бир мекеме жана анын чөйрөсү арасында эки тараптуу пайда камсыз кылган мамилелерди белгилөө, аныктоо жана дайыма улантып туруу үчүн жооптуу болгон бир башкаруу функциясы болуп саналат. Американын Коомчулук менен Байланыш К...
wiki
{"id": "1525", "revid": "395902", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1525", "title": "Коомчулук менен байланыштар"}
Өзбекстан, расмий түрдө — Өзбекстан Республикасы — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. Чектеш мамлекеттер: чыгышта ― Кыргызстан, түндүк-чыгыш, түндүк жана түндүк-батышта ― Казакстан, түштүк-батыш жана түштүктө ― Түркмөнстан, түштүктө ― Ооганстан жана түштүк-чыгышта ― Тажикстан. Борбору — Ташкент шаары. Расмий т...
wiki
{"id": "1551", "revid": "43806", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1551", "title": "Өзбекстан"}
Бишкек деген аталышта макалалар көп санда болгондугуна байланыштуу Бишкек (түшүнүк) багыты түзүлдү.
wiki
{"id": "1555", "revid": "39726", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1555", "title": "Бишкек (түшүнүк)"}
Баткен облусу ― Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан дубан. 1999-жылдын 13- октябрында Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларын чек арасында түзүлгөн. Облустун административдик борбору – Баткен шаары (2000-жылдан). Облустун курамындагы административдик-аймактык бирдиктер:...
wiki
{"id": "1561", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1561", "title": "Баткен облусу"}
Нарын облусу ― Кыргызстандын эң чоң облусу. СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдагы 21-ноябрындагы буйругу менен Тянь-Шань облусу катары негизделген. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын 14-декабрында кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн. Борбору — Нарын шаары. ...
wiki
{"id": "1566", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1566", "title": "Нарын облусу"}
Ош облусу ― Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Жалал-Абад Сузак р-ну, түн.-батышынан Өзбекстан, батышынан Баткен облусу, түштүгүнөн Тажикстан, түнд-чыгышынан жана чыгышынан Нарын облусу, Кытай менен чектешет. Ош облусу 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган...
wiki
{"id": "1568", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1568", "title": "Ош облусу"}
Ташкент - Өзбекстандын борбору. Ташкент областынын административдик борбору. Республикасынын түндүк-чыгышында, Чыйырчык дарыясынын өрөөнүндө (Сыр- Дарыянын алабы), деңиз деңгээлинен 455 м бийиктикте жайгашкан. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6°С, июлдуку 32°Ска жетет. Жылдык жаан-чачыны 360–390 мм....
wiki
{"id": "1582", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1582", "title": "Ташкен"}
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович (1928-2008) — кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана кыргызстандык жазуучу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры. Өмүр баяны. Балалыгы. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын...
wiki
{"id": "1626", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1626", "title": "Айтматов Чыңгыз Төрөкулович"}
Транспорт (лат. "trans -" «аркылуу» жана "portare -" «алып жүрүү») - эл чарбасынын жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташууга байланыштуу болгон тармагы, ошондой эле ташуу каражаттарынын ар кандай түрлөр
wiki
{"id": "1653", "revid": "364552", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1653", "title": "Транспорт"}
Психология (гр. «психе» — «жан», «логос» — «илим») — адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим. Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология инсандын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликте...
wiki
{"id": "1657", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1657", "title": "Психология"}
Түркмөнстан — Орто Азияда жайгашкан түрк мамлекеттердин бири. 1991 жылга чейин Советтер Союзунун мүчөсү болгон жана Түркмөн Советтик Социалистик Республикасы деп аталып жүргөн. Ал түштүк-чыгыш тарабында Ооганстан менен чектешет, түштүк жана түштүк-батыш тарабында Иран менен, Өзбекстан менен чыгышта жана түндүк-чыгышта,...
wiki
{"id": "1748", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1748", "title": "Түркмөнстан"}
Мажарстан — Борбордук Европадагы мамлекет. 1989-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде өлкө расмий түрдө Мажар Республикасы (, "Мажар Көзтаршашаг") деп аталган, бирок 2012-жылдын 1-январында Венгриянын жаңы конституциясы күчүнө кирген, анда мамлекеттин кыскартылган аталышы расмий түрдө бекитилген. - Венгрия (Magyarország)....
wiki
{"id": "1749", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1749", "title": "Мажарстан"}
Тажикстан же Тажикстан Республикасы — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүгүнөн Өзбекстан, Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Ооганстан менен чектешет. Тажикстан – КМШ өлкөлөрүнүн (1991), Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун (1992), БУУнун (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана ө...
wiki
{"id": "1788", "revid": "39726", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1788", "title": "Тажикстан"}
Жалал-Абад облусу ― Кыргызстандын түштүк-батышындагы административдик-аймактык бирдик. Жалпы аянты 33,7 миң км Административдик борбору — Жалал-Абад шаары. Табияты. Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Ф...
wiki
{"id": "1793", "revid": "21502", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1793", "title": "Жалал-Абад облусу"}
Спорт-биздин досубуз - ар кандай дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү системасы. С. адамдын ден соолугун чыңдоо, мелдеште жогорку көрсөткүчкө жана жеңишке жетүү максатын көздөйт; дене тарбиянын негизги бөлүгү. Спорттун ар кандай түрлөрү, оюндары, коомдору, комитеттери б...
wiki
{"id": "1796", "revid": "462885", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1796", "title": "Спорт"}
Астрономия ― ааламда болуп жаткан физикалык процесстер менен кубулуштарды талдоонун негизинде асман объекттеринин, тутумдарынын жана алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле аалам жөнүндөгү илим. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикада...
wiki
{"id": "1797", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1797", "title": "Астрономия"}
"Экология (грек тилинен oikos - үй, мекен,жашаган жер жана logos - илим,окуу. Түздөн–түз которгондо: үй жөнүндө илим, ал эми адамзат үчүн үй бул–Жер планетасы.)- организмдердин өз ара жана айлана–чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим. Тирүү организмдин жашоо шартын жана организмдердин жашоо чөйрөсү менен өз ара ...
wiki
{"id": "1820", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1820", "title": "Экология"}
Мифология (байыркы грекче «миф» уламыш, болумуш жана «логос» - сөз, аңгеме; илим) мифтерди чогултуп жана аларды изилдөөчү илим. Алгачкы коомдогу адамдардын өздөрүн курчап турган дүйнөгө болгон эң жөнөкөй фантастикалуу түшүнүктөрү: мисалы, бардык элдердин өнүгүүсүнүн алгачкы мезгилдеринде пайда болгон. Мифологиянын чагы...
wiki
{"id": "1824", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1824", "title": "Мифология"}
Экономика товарларды жана кызматтарды өндүрүүнү, бөлүштүрүүнү жана керектөөнү изилдеген коомдук илим. Экономика, экономикалык агенттердин жүрүм-турумуна жана экономикалардын кандай иштешине көңүл бурат. Микроэкономика, жеке агенттерди жана базарларды, алардын өз ара аракеттерин жана өз ара аракеттеринин натыйжаларын ка...
wiki
{"id": "1826", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1826", "title": "Экономика"}
Балык (Балык Ооз), (Балыкооз) Бекмурат Кумар уулу (1793(99), Кетментөбө, Коңурөгүз кыштагы - 1873(87),Чүй өрөөнү, Арчалы айылы) - манасчы, ырчы. Өз аты Бекмурат. Балык - эл тарабынан коюлган ылакап аты. Атасы Кумар сарыбагыш уруусунун ичинен чоңарык деген уруктан чыккан. Кумар туугандары менен Чүй өөрөнүнөн Таласка көч...
wiki
{"id": "1834", "revid": "4632", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1834", "title": "Балык Ооз"}
Тыныбек Жапы уулу, Тыныбек Жапый уулу - кыргыздын улуу даңазалуу манасчысы. Өмүр жолу. Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кайнар деген жерде туулган. Бугу уруусунун Тынымсейитинен. Атасы Жапый аргымактарды таптаган саяпкер адам балгон. Тили тантыгыраак болгон экен, атасынын. Апасы Бопуй. Он төрт жашында, Тянь-Шандан эжесиникине...
wiki
{"id": "1837", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1837", "title": "Тыныбек Жапы уулу"}
Этнография - эл жана башка этностук жалпылыктарды, алардын этногенезин, турмуш тиричилигин жана маданий-тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим. Бул илимий тармактын ар кыл өңүттөрүн изилдеген окумуштууларды "этнограф" деп аташат. Этнография (байыркы гр. этнос — эл жана графия — жазам) — элдердин этностук өнүгүшүн, аларды...
wiki
{"id": "1839", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1839", "title": "Этнография"}
Алфред Бернхард Нобель (швед. Alfred Bernhard Nobel; 1833-жыл 23-октябрь, Стокгольм, Швеция - 1896-жыл 10-декабрь, Сан Ремо, Италия) - швециялык химик, инженер, ойлоп табуучу, бизнесмен жана филантроп болгон; эл аралык Нобель сыйлыгын негиздөөчүсү. Динамитти ойлоп табуу менен белгилүү болгон Нобель Бофорско дагы ээлик ...
wiki
{"id": "1841", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1841", "title": "Альфред Нобель"}
Катовице (; ; 1953-1956-жылдары — Сталиногруд ) — Жогорку Силезиядагы Польшанын түштүгүндөгү шаар, Силезия воеводалыгынын борбору. 19-кылымда негизделген, 1865-жылы Пруссия королу Вильгельм Iнин чечими менен шаар статусун алган. 2004-жылга карата Катовице шаарынын калкы 321 163 адамды түзөт, агломерацияда жалпысынан 3 ...
wiki
{"id": "1861", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1861", "title": "Катовице"}
Байланыш – мейкиндикте жана мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүштөрдүн өз ара шарттуулугу. Байланыш түшүнүгү-илимдеги эң маанилүү түшүнүктөрдүн бири: адамдын таанып-билүүсү нерселерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи Байланыштын себеп, натыйжаларын талдоо...
wiki
{"id": "1862", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1862", "title": "Байланыш"}
Калпак - кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бир...
wiki
{"id": "1866", "revid": "445465", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1866", "title": "Калпак"}
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни — Кыргызстандын туусу жана герби сыяктуу эле мамлекеттик символикаларынын бири. 1992-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин № 1141-XII токтому менен бекитилген. Сөзүн Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. Баш...
wiki
{"id": "1868", "revid": "38591", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1868", "title": "Кыргызстандын гимни"}
Сөзү: К.Маликов, Т. Сыдыкбеков, М. Токобаев, А.Токомбаев. Музыкасы: В.Власов, А. Малдыбаев, В.Фере. Азаттыкты кыргыз эңсеп турганда, Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан. Улуу орус достук менен кол берип, Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан. Кайырма: Жаша, Кыргызстаным, Ленин туусу колунда. Алгалай бер, гүлдөй бер, Коммунизм ...
wiki
{"id": "1869", "revid": "445540", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1869", "title": "Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Мамлекеттик Гимни"}
Тeaтp (грекче theatron – оюн коюлчу жай; оюнтамаша) – искусствонун бир түрү, анын туюнтуу каражаты – актёрдун эл алдында оюн көрсөтүү процессинде келип чыгуучу сахна окуясы. Тeaтpдын башаты айыл чарбасына, мергенчиликке байланышкан байыркы үрп-адат, көпчүлүк катышкан элдик салтанаттардан башталат. Байыркы Грекияда өзүн...
wiki
{"id": "1871", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1871", "title": "Театр"}
Оюн – мотиви натыйжасынан эмес, жүрүшүнөн көрүнгөн жемишсиз иш-аракеттин бир түрү. Оюндун чыгышы - магиялык–культтук мүдөөлөргө же организмдин тубаса биологиялык муктаждыктарына, эмгек процессине байланыштырылат. Оюн- бул адамдардын жана жаныбарлардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү. Жаныбарлар дүйнөсүндө оюн – бул жаш жан...
wiki
{"id": "1872", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1872", "title": "Оюн"}
Туризм ( — сейилдөө, сапарга чыгуу) ― бош убакытта саякаттоо, активдүү эс алуунун бир түрү, 24 сааттан ашык башка жакка чыгып эс алуу. Түрлөр. Туризмдин түрлөрү негизги эки топко бөлүнөт: рекреациялык туризм, иш-чара туризми. Рекреациялык туризм организмди физ. жана психологиялык жактан калыптандырууга арналган. Анын ө...
wiki
{"id": "1873", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1873", "title": "Туризм"}
Телекөрсөтүү — радиоэлектрондук каражаттар аркылуу кыймылдуу сүрөттүрдү аралыкка берүүчү тармагы; көрмө маалымат берүү ыкмасы. Телеканалды аралыкка берүү үчүн анын сүрөтү жана үнү электрдик сигналга айландырылат. Бул сигналды акыркы колдонуучуга жеткирүүнүн эки салттуу ыкмасы болуп саналат радио эфир жана кабель аркылу...
wiki
{"id": "1874", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1874", "title": "Телекөрсөтүү"}
Кыргыз радио уктуруу (латын тилинен radio - "нур чыгарам", radius - "нур") – калкка сүйлөгөн сөздү, музыканы жана башка үн маалыматтарын радио аркылуу берүү, оперативдүү кабарларын, массалык үгүттөөнүн, калкка билим берүү ишин жүргүзүүнүн негизги каражаттарынын бири. Кыргызстан: Талас
wiki
{"id": "1875", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1875", "title": "Кыргыз радио уктуруу"}
Тарых — адамзат коомунун өткөн жолун изилдөөчү илим. Коом тарыхы Жер, жаратылыш тарыхынын бир бөлүгү жана уландысы. Коомдун тарыхы жер жүзүндө адамдын пайда болушунан башталат. - Коом менен жаратылыштагы өнүгүүнүн ар кандай жүрүмү. Тарых арабча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашы...
wiki
{"id": "1877", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1877", "title": "Тарых"}
Билим берүү - – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси. Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү; экинчиден, билим берүү – белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу про...
wiki
{"id": "1878", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1878", "title": "Билим берүү"}
Айыл чарба - мал чарба жана дыйканчылык азык-түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак-аш, азыктүлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы, дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%и айыл жерин...
wiki
{"id": "1879", "revid": "495858", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1879", "title": "Айыл чарба"}
Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878) - он тогузунчу кылымдагы кыргыздын ч ыгаан акыны, комузчусу жана ойчулу. Өмүр таржымалы. Түндүк Кыргызстандагы Ысык-Көл өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Тынымсейит уруусунан. Атасы Кокон ханы тарабынан Анжыянда тутулуп калганда, Анжыянга чейин барган. "Заманачылар" салтынын негиздөөчү...
wiki
{"id": "1880", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1880", "title": "Бойлош уулу Арстанбек"}
Молдо Кылыч (1866—1917) — кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу. Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дүйнөдөн кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоноёт. Анын Зилзала деп...
wiki
{"id": "1882", "revid": "37516", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1882", "title": "Молдо Кылыч"}
Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн атайын кесип кылган ырчы (акын). «Манасчы» деген сөз Октябрь революциясынан кийин пайда болуп, терминдик маани алган. Айрым жазма адабияттарда жана карыялардан жыйналган оозеки маалыматтарга караганда, Октябрга чейин, ошондой эле Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да «манасты» а...
wiki
{"id": "1884", "revid": "509500", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1884", "title": "Манасчы"}
Серб тили - славян тилдеринин бири. Болгар, македон, словен, хорват жана босний тилдери менен бирге түштүк-славян тилдер группасына кирет. Кээде серб, хорват жана босняк тилдерин бириктирип, бирдиктүү серб-хорват тили деп эсептешет. Негизинен Сербияда, Черногорияда, Босния жана Герцеговинада, Хорватияда таралган. Алипе...
wiki
{"id": "1901", "revid": "2259", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1901", "title": "Серб тили"}
Ысык-Көл — Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат. Кыргыздар бул көлдү "Кыргыз...
wiki
{"id": "1902", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1902", "title": "Ысык-Көл"}
Казакстан Республикасы – Борбордук Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет. Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Таң-Шаң то...
wiki
{"id": "1904", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1904", "title": "Казакстан"}
Хорватия, расм. Хорватия Республикасы — Балкан жарым аралынын батышындагы мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Хорватия 1991-жылы мамлекеттик эгемендүүлүгүн алган. Борбору - Загреб шаары, акча бирдиги - куна. Калкы 4.4 млн. Калкынын негизги бөлүгүн түштүк славян католиктер түзөт. Интернеттеги домени -.hr Хорватия...
wiki
{"id": "1906", "revid": "2286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1906", "title": "Хорватия"}
Интернет — Бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырса болот. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы. Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар ...
wiki
{"id": "1907", "revid": "38267", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1907", "title": "Интернет"}
Мьянма Союз Республикасы ( "«Пьидаунзу Мьянма Найнгандо»"), кыскача — Мьянма, (1989-жылы чейин Бирма) — Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индикытай жарым аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Индия жана Бангладеш, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Лаос, Түштүк-чыгышынан Тайланд менен чектешет. Түштүк-батыш...
wiki
{"id": "1911", "revid": "38119", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1911", "title": "Мьянма"}
Амур (тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо Xара–Мурэн – «кара дарыя»; кытайча Xэйлунцзян – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя. Шилка жана Аргунь дарыянын кошулушунан пайда болгон. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Узундугу 2824 км (Аргундун башатынан 4440 км), алабынын аянты 1855 миң км2, а...
wiki
{"id": "1925", "revid": "28330", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1925", "title": "Амур"}
Чыңгыз хан (моңголчосу: Чыңгыз Хаан, Чынгызхан {ᠴᠢᠩᠭᠢᠰ ᠬᠠᠭᠠᠨ} [tʃiŋɡɪs χaːŋ], өз аты Темужин, Темучин {ᠲᠡᠮᠦᠵᠢᠨ?}, моңголчосу: Тэмүүжин; болжолу (1155 же 1162-жж.) 25-август 1227-жыл) – Моңгол ханы, Улуу Моңгол империясынын негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң белгилиүү тарыхый адамдарынын бири, чачырап кеткен монгол жана түрк уру...
wiki
{"id": "1927", "revid": "497372", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1927", "title": "Чыңгыз хан"}
Орусия же Орусия Федерациясы ― Азия жана Европада жайгашкан өлкө. Борбору ― Москва. Калкынын саны ― 146 267 288 адам (2015-жылы). Аянты ― 17 125 407 км². Аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет жана калкынын саны боюнча тогузунчу орунда турат. Мамлекеттик тили ― орус тили. Бирлигдик түзүлүштөгү аралаш (президенттик-пар...
wiki
{"id": "1930", "revid": "8269", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1930", "title": "Орусия"}
«Ыйсанын Нукура Чиркөөсү» — Пекинде (Кытай) 1917 жылы түзүлгөн көзкарандысыз чиркөө. Бул христианчылыктын протестант бутагынын кытай бутактануусу. Бүгүн беш континентте 1.5 миллиондой мүчөсү бар. Алардын эларалык ассамблеясы Лос-Анжлесте (АКШда) жайгашкан. Ошондой эле бир бөлүмү Москвада 1995 жылы ачылган. 10 негизги п...
wiki
{"id": "1936", "revid": "12732", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1936", "title": "Ыйсанын Нукура Чиркөөсү"}
Архитектура – бул долбоорлоо жана куруу өнөрү жана техникасы, курулушка байланыштуу көндүмдөрдөн айырмаланат. Бул долбоорлоонун, ойлоонун, пландоонун, дизайн түзүүнүн жана имараттарды же башка курулмаларды куруунун процесси жана натыйжасы болуп саналат. Термин латынча architectura сөзүнөн келип чыккан; байыркы грек тил...
wiki
{"id": "1939", "revid": "34540", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1939", "title": "Архитектура"}
«Психология» деген сөз 16-кылымда эле немец жана француз тексттеринде пайда болгон. Бул сөздy байыркы грекчеден которгондо (psyche) –жан, жана (logia)- түшүнүү, билүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы күндө психология түптүү тамыр алган илимдердин бири экенин тануу мүмкүн эмес. Анын кылган кызматы коомдо чоң мааниге ээ. Теори...
wiki
{"id": "1941", "revid": "14370", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1941", "title": "Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы"}
Заманбап глобалдуу аудиториянын жаны мүмкүнчүлүктөрүнө кирүүгө дүйнөлүк желе же интернет чоң жол ачууда. Интернет бул академиктер, илим изилдөөчүлөр, студенттер, үчүн лабораторияларда, офистерде, класстарда калаберсе жеке үйлөрдө да колдонууга мүмкүн болгон билимдин жана илимдин булагы болууда. Кыргызстанга интернеттин...
wiki
{"id": "1942", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1942", "title": "Аралыктан (дистанттык) окутуу"}
Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы. В. Гумбольдттун жолун улантуучулардын бири А. Потебнянын минтип жазган: “Баланын жигит болгон мезгилин баланча сааттан башталды деп айтыш кыйын болгондой эле прозанын башталышын да так көрсөтө коюу өтө татаал. Прозанын эң алгачкы ирет кагаз бетине түшүрүлүшүн анын пайда болуп, жаралган учуру...
wiki
{"id": "1944", "revid": "10575", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1944", "title": "Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы"}
Юникод (Unicode же Уникод) — бардык жазуу тилдериндеги симболдорду кодтоо стандарты, компьютер технологиясында кеңири колдонулат. Бул стандарттын бир канч түрлөрү бар: UTF-8, UTF-16 (UTF-16BE, UTF-16LE) жана UTF-32 (UTF-32BE, UTF-32LE. Ошондой жаңы UTF-7 формасы иштелип чыккан. Бул стандарт 1991-жылы Юникод Консорциум ...
wiki
{"id": "1945", "revid": "32109", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1945", "title": "Юникод"}
Көркөм адабияттын түрлөрү- адабий чыгармаларды системага салуунун жана аларды жикке ажыратуунун дагы бир принциби. Бул чыгарманын сырткы белгисине карай аныкталат. Көркөм адабияттын проза, поэзия, драма, деген үч түрү бар, алар ар бири өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Колдонулган адабияттар. /Мамлекеттик тил жана энциклопедия...
wiki
{"id": "1951", "revid": "24577", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1951", "title": "Көркөм адабияттын түрлөрү"}
Казак тили — казактардын тили. Казакстан Республикасынын мамлекеттик тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Адабий казак тили түндүк-чыгыш диалектинин негизинде калыптанган. Жазма эстеликтери 19-кылымдан башталган. Казак тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбышынын ордуна «ш» тыбышы (мисалы, ...
wiki
{"id": "1955", "revid": "40286", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1955", "title": "Казак тили"}
Поэзия (грек. – жаратамын, чыгарамын) 1. Байыркы заманда жалпы эле көркөм адабият, сөз өнөрү поэзия деп аталган. Көркөм кара сөз (проза) түзүлгөндөн кийин, поэзия деген термин ыр менен жазылган чыгармаларды гана билгизип калды.2. Көркөм адабияттын прозалык чыгармалардан айырмаланып, ыр түзүлүшүнө негизделип жазылган тү...
wiki
{"id": "1959", "revid": "352366", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1959", "title": "Поэзия (ыр)"}
Драма (грек. – аракет) – сахнага коюга ылайыкталып жазылган чыгарма, өзүнчө бир адабият түрү. Ал байыркы грек адабиятында пайда болуп, ошол мезгилдеги негизги сапаты азыр да кадимкисиндей сакталып келе жатат, б.а. драмалык чыгармаларда окуя каармандардын речинде гана өнүгөт, мында прозадагыдай автордук баяндоо, сүрөттө...
wiki
{"id": "1960", "revid": "4632", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1960", "title": "Драма (диалогдук речь)"}
Кытай (кытайча 中國, 中国, пиньинь "Zhōngguó", "Жунго", кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет), расмий түрдө Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча: 中华人民共和国; пиньинь "Zhōnghuá Rеnmín Gònghеguó") — Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана Түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын...
wiki
{"id": "1962", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1962", "title": "Кытай"}
Конфуций (кытайлык кырг. Куңзы, кыт. 孔子 Кун-Зы, жай кыт. 孔夫子 Кун Фу-Зы, лат. Confucius) - Кун фу зы (б.з.ч.551-479)- байыркы Kытай ойчулу, кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган. Куңзы тектүү, бирок кедейленип калган үй бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыганда өткөргөн. Жаш кезинде чиновник бол...
wiki
{"id": "1964", "revid": "405391", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1964", "title": "Конфуций"}
Технология (грекче techne – өнөр, устаттык, билгичтик жана ...логия) – ар кыл өндүрүш тармагында, курулушта ж. б. сырьё, материал же буюм алуу, иштетүү жолдору менен ыкмалардын жалпы аты; ал жолдорду жана ыкмаларды иштеп чыгуучу жана өнүктүрүүчү илимий тармак. Толук аталышы - «технологиялык процесс» өндүрүштү техникалы...
wiki
{"id": "1973", "revid": "499368", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1973", "title": "Технология"}
Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясаттын негизи катары XX к. башында мурдагыдан да күч алган. Буга 1911-ж. 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго: «Жергиликтуу эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бү...
wiki
{"id": "1980", "revid": "462507", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1980", "title": "1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасири"}
Даосизм — 1) байыркы философия, диний окуулардын бири. Ал биздин заманга чейин 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин ...
wiki
{"id": "1981", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1981", "title": "Даосизм"}
Конфуцийчилик (Куңзычылык) - байыркы Кытайда пайда болуп, анын рухий маданиятына, саясий турмушуна жана коомдук өнүгүшүнө эки миң жылдан ашык таасир тийгизген этикалык-саясий окуу. Конфуцийчиликтин негизи б.з.ч. 6-кылымда Конфуций тарабынан түзүлүп, андан кийин анын шакирттери (Мэн цзы, Сюнь цзы ж.б.) тарабынан өнүктү...
wiki
{"id": "1982", "revid": "462687", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1982", "title": "Конфуцийчилик"}
Бий — уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымынан бий манс...
wiki
{"id": "1995", "revid": "38273", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1995", "title": "Бий"}
Жыгачтан түрдүү буюм жасоо чеберчилиги. Буга жыгач буюмдарын жасоо, алардын бөлүктөрүн бири бирине туташтыруу, бекитүү (аштоо), жыгачты механикалык жол менен иштетүү, желимдөө, фанерлөө, сүргүлөө, куроо, жасалгалоо, жылмалоо иштери кирет. Жыгач усталар кыргыздарда жыгаччы же түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу б...
wiki
{"id": "1996", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1996", "title": "Жыгач устачылык"}
Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тай-кунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан ...
wiki
{"id": "1997", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1997", "title": "Айырмач"}
Ыңырчак - 1. жүк артууга ылайыкталган, көбүнчө өгүзгө токула турган ээр. Шилтемелер: Темирбек Алымбеков. Американын ковбой ээри биздики менен киндиктеш Абдыкожо Жарбаналиев. Кыргыздардын күч унаалары, алардын токумдары Айылчы Токтогулов. Мезгил сапары. Роман. II китеп. Жыгач устачылык 2. Төлөк мырзанын кошумча аты. Ш...
wiki
{"id": "1998", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=1998", "title": "Ыңырчак"}
Жүндөн, кебезден жип ийирүүчү аспап. Анын сабы катуу кургатылган талдан жана тобулгудан тандалат. Ал сап төмөн карай ичкертилип, узуну 30—35 см, жоондугу 7—10 мм. болот. Тегерек таштан, коргошундан, оор металлдан же карападан ийик башы көзөлүп, сабынын жогорку учуна кийгизилет. Ийик саптын жогорку учу көзөлүп, ага ичке...
wiki
{"id": "2001", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2001", "title": "Ийик"}
Жагдан - кийим, буюм, кездеме, кооздуктар салынчу үкөктүн бир түрү. Жагдан ар кандай көлөмдө, бышык жыгачтан жасалып, сыртынан булгаары м-н капталган. Анын негизи, капкагы ашык-машыктар (топсо) менен бириктирилип, ачылчу жагынын негизине, капкагына кулпулук бекитилген. Жагдандын бурчтары, четтери калай, жез, алтын, күм...
wiki
{"id": "2002", "revid": "11149", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2002", "title": "Жагдан"}
Машаякчылык, христиан дини эң кеңири таралган дүйнөдөгү диндердин бири болуп саналат. Ал I кылымда пайда болгон. Андагы башкы каарман Нурхан (Иисус Христос), Нурхан пайгамбар Исламда пайгамбарлардын арасында болот. Ыйса Машайакты - Машаякчылар "Адам Уулу" менен "Кудайдын Уулу дешет" (Mатай 14:33), адам кудай болуп эсеп...
wiki
{"id": "2010", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2010", "title": "Машаякчылык"}
Асан Кайгы — XIII-XIV кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерде (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист-философ акын Өмүр бою элдин муңун муңдап,зарын зардап жүргөндүктөн, Асан кайгы аталган. Асан кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыр...
wiki
{"id": "2023", "revid": "458214", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2023", "title": "Асан Кайгы"}
Толубай сынчы — кыргыз уламыштарынын каарманы. Элдик уламыштар боюнча XIV - XV кылымда жашаган кыргыз сынчысы жана акылман-ойчулу. Толубай сынчы жаратылыштын жана коомдук турмуштун маселелерин таанып-билүүдө алысты көрө билген адам болгондугу айтылат. Ал Жаныбек хандын тушунда жашап, өз заманында жаныбарлардын касиетин...
wiki
{"id": "2024", "revid": "18484", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2024", "title": "Толубай сынчы"}
өз аты – Сансыз. Өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок. Уламыштарга жана эл оозундагы болжолго караганда С.с. солто (же эштек) уруусунан чыгып, XVI- кылымдын аягы –XVII кылымдын башында жашаган. Бул маалымат чындыкка көбүүрөк жакын көрүнөт. С.с. көргөнүн тартынбай айткан, айтканы айткандай келген өтө кыраакы, баамчы киши...
wiki
{"id": "2025", "revid": "27717", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2025", "title": "Санчы сынчы"}
Тап (таптык, тап күрөшү - саясий күрөш. К.Карасаев) Саясат - социалдык топтор ортосундагы мамилелер менен байланышып, негизги максаты бийликти жеңип алып кармоо жана пайдалануучу ишмердик чөйрө. Саясат деген бул улуттун же өлкөнүн "ооздуругун" кармоо деген мааниде келип чыгат. Саясат сөзү латын тилинен алынып, шаар дег...
wiki
{"id": "2026", "revid": "461564", "url": "https://ky.wikipedia.org/wiki?curid=2026", "title": "Саясат"}